Latin

Асылбача - Бекбача - 28

Total number of words is 3254
Total number of unique words is 1922
30.5 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
50.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кошуп берип эрлерге,
Уссун, маңгыт өлүгүн,
Жыйнаштырды ар жерге,
Жыйнатып барып салдырды,
Кыйан жеген аңгелге.
Бастырып салган таштарга,
Уссун менен маңгыттан,
Андан калган нугу, деп,
Айтып келет эмгиче.
Кармаган кашаа, тизген таш,
Кездешип калса кай жерде,
Уктан калган нугу, деп,
Айтылып жүрөт бул күндө.
Уссун менен маңгыттын.
Көрүнөө калды нук аты,
Текес, Күнөс, Жылдызда,
Манжулар кырып кыргызды,
Кай жерде үйгөн таш болсо,
Кыргыз бейит ат калды,
Жалганы жок баары чын.
Койулган ушул аттары.
Манжудан кегим алам, деп,
Аттанаарда Бекбача,
Элге айткан нускасы:
-Ашмура башы Жети төр,
Жердеген элим баарың кел,
Куру келбей келгиниң,
Ак бозунан бээ болсун,
Аксарбашыл уй болсун,
Ак сүт бото төө болсун,
Кочкор, козу, кой болсун.
Ыраңгиси көп болсун,
Аз болбосун, көп болсун,
Келер апта бейшемби,
Уй башына кишиден,
Аз болгондо экиден,
Кеңколдоку күмбөзгө,
Калбай тегиз шай болсун,
Бейшемби күнү барасың,
Жума күн өрүн аласың,
Ишемби күнү жанасың.
Кабар кылды калкына,
Катыны эркек тууган жок,
Күмбөзүн тайып арстандын,
Той берем деп айтууга,
Бекер жатып эриккен,
Кымыз ичип эт жеген,
Тамактан качып зериккен,
Кусур кылып кудайга,
Кыргыз жаткан кез экен.
Эл чогулуп барышып,
Күмбөзүнө баатырдын,
Малды коондой жарышып,
Ай тамактап агынан.
Алкымынан чалышып,
Карылары калжаңдап,
Тамаша кебин салышып.
Арстан шерге жалбарып,
Күнү-түнү айттырып,
Ырчыларын алпарып,
Көк жал төрө Манастын,
Көрөсөн бакай абаңдын,
Көзүр Чубак Алмамбет,
Камал бузган алардын,
Жоодон качып коркпостон.
Кой кашка Сыргак жолборстун,
Кылгыл чалы баштаган,
Кырк чородой жолдоштун;
Ажыбайдай чеченди,
Олуйа Кошой , Музбурчак,
Алп Төштүктөй неченди;
Жакып хандай кеселди
Каныкейдей жесирди,
Семетейдей жетимди;
Баштан-айак калтырбай,
Жомокчу айтып билдирди,
Кээ кезинде элдерди,
Сагызгандай күлдүрдү,
Кээ кезинде элдердин,
Алтымыш алты тамырын,
Зыркыратып күйдүрдү.
Айчүрөк олжо болгонун,
Кечиринен кесилип,
Гүлчоро кордук көргөнүн;
Семетей кайып болгонун,
Каныкей менен Бакайды,
Элден чыккан чыккынчы,
Канчоро кордоп койгонун;
“Колдо туруп билинбейт,
Камчыдан башка курал жок,
Койнунда жатып билинбейт,
Катындан башка душман жок”
Жалпы ургаачы болгонго,
Жаманатты калтырып,
Чачыкей макал болгонун;
Кыйаздын туруп колунда,
Тулпардан калган туйакка,
Тунжурдан калган чунакка,
Сейтек атты койгонун;
Момунжан болуп Илегер,
Кайрактык киши Токтосарт,
Манастын досу Медеткер,
Гүлчорону сакайтып,
Зор Кыйазды сойгонун;
Таластагы тактага,
Сейтек ээси болгонун;
Тайтору чаап төлгөгө,
Кайып болгон Семетей,
Канчоро менен Кыйаздан,
Майып болгон Семетей,
Кайтып элге келгенин,
Жаңшап ырдап ырчылар.
Жайын айтып бергени.
Айчүрөктөй перини,
Ургаачынын балбаны,
Кыз Куйалы келинди;
Жан бүткөндө жаралган,
Жалаңгыч Сарык аталган,
Тогузунда аттанган,
Топтотуп тогуз дөө сайган.
Кененимдей Сардарды;
Күн батышка жол салган,
Жанжүрбөстүн кумунда,
Жалгыз сайып жоо алган,
Сейитимдей даананы;
Асылбача, БекбачаЭгиз эркек баланы,
Жаага огун кергенин,
Эсине алып Бекбача,
Кырк төрттүн ашын бергенин;
Элге айтып эзилтип,
Эт жүрөгүн жетилтип,
Түйүлгөн жерин чечилтип,
Алып келип айагын,
Бекбачага бекитип,
Атагын атап таласка,
Арбагы азыр Манаска,
Отуз алты жомокчу,
Улап айтып токтолду.
Менде бар айтаар кебим, деп,
Эр Бекбача октолду:
-Кеңколдогу көпчүлүк,
Келдиң баарың чогулуп.
Текес, Күнөс, Жылдыздын,
Ичим күйөт жалындап,
Кабарын элдин мен угуп.
Тетир сууда моңгулдун,
Топтоп көмдүм чогултуп.
Үч өрөөндө кыргызды,
Манжу кырып кетиптир,
Кылычтын канын чубуртуп.
Тирүү туруп Бекбача,
Жаманатка конуптур,
Кырылып кыргыз, болупсуң.
Кутубий, Манас, МайбулакАнда кыргыз азыраак,
Текес, Күнөс, Жылдызда,
Калыптыр кыргыз алсырап,
Кылычынан манжунун,
Кан агыптыр тамчылап.
Ноокас болуп алты жыл,
Мен жатыпмын саруулап,
Тиштенип душман жүрүптүр,
Тиши тишке кычырап,
Кан агыптыр кээ жерде,
Жуурулуп ыйлай былчылдап,
Эми тура албаймын,
Угуп туруп мен чыдап,
Мен барбаймын манжуга,
Кошуун жыйнап, кол курап.
Ортосу алыс жер ыраак.
Уссун менен маңгыттан.
Үстүңө келди тебелеп,
Канчалык кылсам сапырды,
Болбой туруп алышты.
Үстү-үстүнө дембелеп,
Өчүгүшкөн иттердин,
Өзүнө жерди каздырдым,
Үстүнө жыйган таштарга,
Нук деп катты жаздырдым,
Тетир сууда өлгөнгө,
Калмак обо болсун , деп,
Унутпаска айттырдым.
Таласта жердеп турганың,
Алчын, аргын-эки урук,
Ногой-нойгут-төрт урук,
Араңарда азыраак,
Далай кыргыз көп урук.
Алматы жакын таласка,
Канатташ казак элиң бар,
Эминеден кемиң бар?
Эрегишип жоо келсе,
Кара кыргыз Бактыбай,
Алматыда көп казак,
Аркаңарда демиң бар.
Киргит, Котен, Лопнурда,
Комул менен Турпанда,
Арал, Азык, Кашкарда,
Атпай кыргыз ак калпак,
Элиң жатат жер жайнап,
Кантип душман батынат,
Беттешип чыксаң бел байлап.
Кутубий, Манас, Майбулак,
Калың кыргыз эл турат.
Бүркүт салып жейренге,
Кумда жүрөт куу-куулап,
Жылдыз, Күнөс, Текесте,
Ээн калган жер турат,
Мен келемин манжудан,
Ошол жерге эл курап.
Кең Ысыккөл, Каркыра,
Энесайдан Алтайга,
Муз деңиздин бойунда,
Арасында артууда,
Кыргыз, казак ушунда.
Орол менен канатташ,
Букар менен талапташ,
Кара калпак өзүбек,
Бадахшан, Үркөнүч жергелеш,
Алтымыш уруу көп алаш.
Атагың кыргыз, ак калпак,
Каныкей берген касиет,
Арзан эмес ат калмак,
Ай-ааламга таанылып.
Ак калпак кыргыз аталмак.
Айкөл Манас баатырдын,
Акылынын даанасы,
Кылган ишин карачы,
Токсон уруу түрк уулун,
Алтымыш уруу алаш деп,
Баш коштурган санаты,
Он төрт хан кылып чогултуп,
Тынган экен санаасы.
Олуйалар ошолор,
Ынтымагын карачы,
Бирине бири жок экен,
Ичинде чаар аласы,
Ырысын кара Манастын.
Алдында кызмат кылыптыр,
Кытайдын келип баласы,
Кара эмес хан экен,
Чечекейдин карасы.
Кытайдан чыгып таарынып,
Аралаган алашты,
Чендеп келген Манасты,
Бейжинге Манас кул салды,
Ошол Алмамбет баатыр жол ачты,
Арбагы колдоп Манастын,
Эмгиче кыргыз келатты,
Канчоро чыгып каргаша,
Азыраак анда азгашты,
Хан Семетей, Сейтек,
Эр Кененим, Сейитим,
Кыргыз үчүн тер чачты,
Маңдайдан терин агызды,
Ченебей кылып намысты,
Асылбача жаш кетти,
Артында бала калбады,
Балалуу болмок турмайлык.
Өзү катын албады.
Асылбача жаш өлүп,
Бул иши мага калганы.
Ушул бүгүн Бекбача,
Алтымыш бирде мүчөлү,
Агам Асыл өлгөнү,
Отуз алты жыл болду,
Бир күн тыным албады,
Атактуу Манас айкөл шер,
Мен барган жерге барбады,
Тирүүлүктө Бекбача,
Калганы жок арманы.
Нурпануну периден,
Бекбачанын алганы,
Пендеден алдым үч катын,
Биринен бала калбады,
Колумда бар Айбала,
Адамдан артык Акмаңдай,
Булбул тилдүү жез таңдай,
Алты жыл ноокас болупмун,
Текес, Күнөс, Жылдызда,
Кырылып кыргыз болуптур.
Мендей болбойт шор маңдай,
Бекбача жатпайт дем албай,
Манжудан барып кек албай.
Эби келген кези экен,
Эки ингендей жерди албай,
Эртеңден калбай аттанып,
Кокту кат барам бир тынбай,
Карыңды бактын каркыттап,
Энеңди баккын сүт актап.
Иниңди баккын урматтап,
Кызыңды баккын кымбаттап,
Элиңди баккын туз актап.
Жериңди баккын душманга,
Ат бастырбай сак-сактап,
Ырыстын алды ынтымак.
Ак калпак кыргыз көп алаш,
Кол сунушуп манжа ууштап.
Манжа башка, билек бир,
Ушак айтпа аркадан.
Укса болот көңүл кир,
Жамандык жерге жашынбайт,
Ашкере чыгат баары бир.
Манжуга барам мен мындан.
Чачыласың бузулуп,
Ынтымактуу турбасаң.
Бузулбайсың ар качан,
Бириңди бириң аркадан,
Ушак айың кылбасаң.
Айрыкча качат дөөлөт-бак,
Агып жүргөн кептерди,
Кулак төшөп тыңдасаң.
Короолош коңшу жүргөндөр,
Жасоол курап чыкпасаң.
Атпай журт, сага айтаарым,
Кулак салып тыңшасаң,
Эртең күнгө шаршемби,
Аттанып үйдөн чыкпасам.
Кайыр айтып, кош айтып,
Келген элди таратып.
Кужурап барат келгендер,
Үйүнө кетип баратып:
-Кандай болгон жумуш бу,
Акыл-нуска аралаш,
Керээз өңдүү кеп айтып?
-Түшүндө белги болгонбу?
-Алтымыш бирде жашым дейт,
Аксакалдуу карынын,
Айтаары ушул болбойбу,
Күбүр-шыбыр кеп менен,
Жүрүп кетти кыргыздар,
Коргонго түнөп ал түнү,
Ары-бери толгонуп,
Таң атырды көз жумбай,
Таңга жакын болгондо,
Кеп сурады Акмаңдай:
-Тегеренип Таласты,
Коргонду душман камаса,
Жатаар элең козголбой,
Таң агарды бүгүн түн,
Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жашырбай, баатыр, сырыңды айт,
Эмне болсо чыныңды айт.
Жакшылык менен жамандык,
Калемде кеткен жазууну,
Жапкан менен жабылбайт,
Сен жашырып катпагын,
Мен билгеним айтамын.
Куран окуп күмбөзгө,
Бараар күнү түшүмдө.
Мурун сенин белиңе,
Оролгон экен сур жылан.
Бир баштан көбөйүп,
Үчөө болду бул жылан,
Ачып көздү жумганча,
Бүткөн бойдон суу агып,
Кан аралаш зил агып,
Сен болупсуң жаралуу,
Эки бетим тилинип,
Мен болупмун каралуу.
Эмизе албай калыпмын,
Курсактагы баламды,
Дабалар киши табылбай,
Бойуңдагы жараңды,
Элиң ырдап шакылдап,
Калгандары какылдап.
Кетирдиң деп чаманы.
Сен дагы агып жоголдуң,
Мен агып жоголдум.
Аңгычакты сел каптап.
Сен сала албадың куш таптап,
Мен бага албадым баламды,
Жетим калды кан какшап,
Таластын күнү түн болду,
Гүлдөрү соолуп куу болду,
Кайсы экенин билгисиз,
Кулак тунган чуу болду,
Жашырбай жору Бекбача,
Көргөн түшүм бу болду.
Жаман жерин жасабай,
Көргөн түшүн жашырбай,
Акмаңдай айтып болгону.
Муну угуп Бекбача,
Кабагы карыш чөмүлүп,
Кар жаачу күндөй бүркөлүп,
Кара жанга күч келип,
Көргөн түшү Акмаңдай,
Көрүнүп турат көзүнө,
Бекбачанын өзүнө:
“Кокту каттан бир катын,
Алдым эле башымда,
Сур жылан ошол болбойбу,
Эгиз тууду деп уктум,
Үч жылан үчөө болбойбу,
Калап тийген ал катын.
Маа жамандык ойлойбу?
Өңүңдө көрсөң жыланды,
Тирүү койбой жанч деген,
Түшүңдө көрсөң жыланды,
Табылбаган кенч деген,
Адал жубай Акмаңдай,
Мага көргөн түш экен.
Бул сапаркы жумушта,
Мен жолугар кенч экен.
Ыйлаган экен Акмаңдай.
Сүйүнөт экен кубанып.
Кара кийип жатканы,Мен аттанып сапарга,
Жүрөгүндө санаасы,
Эрке туулат кептенет,
Эмчек эмбес баласы.
Баарын айтып жүрбөйүн,
Эркек туусаң, баланын.
Сомбилек атын кой дейин,
Калбасын иштин чаласы.”
Дегенди ойлоп Бекбача,
Күлүп ийип жарк этип.
Кургак күлүп шаңк этип:
-Мен келгенче айланып,
Эркек туусаң Акмаңдай,
Аты болсун Сомбилек,
Өзүмдү тарткан эр болсун.
Душмандан коркпос таш жүрөк.
Түшүңдө көргөн жыландар,
Мындан кийин Акмаңдай,
Сен көрүчү жыргалдар.
Түштүн баары тетири,
Түштөн коркпо, Акмаңдай.
Бекбача айтып болгону,
Анда айтат Акмаңдай:
-Мындан мурун манжуга,
Бир баргансың алдында,
Досу-жарың бар болсо,
Сен ишенбе аларга,
Пейлиңди бекем бурупсуң,
Кыргыздын кегин манжудан,
Кетирбестен аларга.
Досуң болсо жат элде,
Душманың ошол, Бекбача.
Жакшылыкка жорудуң,
Коркуп турат жүрөгүм.
Амалдашып Бекбача,
Аттанып чыкты Таластан,
Ак калпак кыргыз алаштан,
Кокту катка баруучу,
Жолду билет Бекбача,
Манжулар кырган кыргызды,
Элди карап, жер чардап,
Жүрүп калды бир канча,
Түк кыргызга билинбей,
Кокту каттын шаарына,
Жетип барды Бекбача.
Төгөрөктөн төрт бурчун,
Төрт айланган Бекбача,
Көптү көрүп, көп билген,
Билбей калбайт Бекбача.
Кубулуп турмай табийгат,
Тагдырда кеткен жазууга,
Амал канча, ал канча?
Катынга барып жолугуп,
Манжунун жайын укмакка,
Ойуна барды Бекбача,
Өзү көргөн короого,
Кирип барды күүгүмдө,
Көз байлаган бүрүлдө.
Өзү айткан Бекбача,
Он эки жылдан ашырып,
Он үчкө айак басыптыр,
Аттуу туруп Бекбача,
Дарбазаны кагыптыр.
Тегин киши эмес деп,
Эми катын тааныптыр,
Эки бала үйүндө,
Чакырып жанга алыптыр,
Мындан мурун балдарга,
Үйрөткөнү аныктыр:
- Мен айтып жүргөн Бекбача,
Бүгүн келип калыптыр.
Окмогой менен Чокмогой,
Атаң эмес Бекбача,
Уу берели биз ага.
Эми калсын жок ногой,
Атыңарды айтпаңар,
Эр жакка эргиз баспаңар.
Бириңдин атың Алача,
Бириңдин атың Карача.
Үйгө кирет Бекбача,
Көз жиберип караба.
Карасаң таанып билүүчү,
Тик бооруңдан тилүүчү.
Сен экөөңөр тең өлүп,
Силер менен мен өлүп,
Эртеңки күнгө жете албай,
Биз калбайлык түгөнүп.
Балдарга айтып үйрөтүп,
Эшикке чыкты сүйрөлүп.
Дарбазадан шыкаалап:
-Карача менен Алача,
Ак чөйчөккө суу алып,
Бачым кел,- деп чакырат,Окмогой менен Чокмогой,
Тоого кеткен аң уулап,
Он күн болду келбеди,
Бүгүн келбейт окшонот,
Эмгичекти жок турат.
“Чыйрак балдар белем?- деп,
Чыр чыгарган манжунун,
Чын эдебин берем” -деп.
Бекбача ичтен кубанат,
Чөйчөктө сууга күбүрөп,
Тегеретип имерип,
Сууну чачып жиберип,
Таазим кылып бүгүлүп,
Калп эле канчык жүгүнүп,
Каткырыгы таш жарып,
Кара күчкө сүйүнүп:
- Келдиңби аман баатыр?- деп,
Ыйлап ийип бышаңдап,
Чылбырдан алып түшүрүп,
Таскактап катын жүгүрүп,
Билинип калса өлдүм деп,
Кара жандан түңүлүп:
- Карача менен Алача,
Окмогой менен Чокмогой –
Балдарыңдын кулдары.
Балдар жаман ат койду,
Сен тапшырган Беттибет.
Айтып кеттиң кетерде,
Эмне деп ат койсо,
Ошону кабыл алгын деп,
Сенин кебиң бузалбай,
Мен жүрөмүн макул деп.
Беттибетти кокустан,
Айтат деп канчык чакыр деп,
Беттибетке уу берип,
Небак эле сойгон кеп.
- Балдар менен Беттибет,
Ууга кеткен бирге,- деп,
Алдын ала угузуп,
Бекбача оозун буултуп:
- Элиң аман, жер аман,
Турасыңбы падышам?
Кырк төрттүн ашын берипсиң,
Баргызбадың падышам.
Кыз тийбей жесир тийипмин,
Алдырбадың падышам.
Балдарымды баксын деп,
Айттырбаган экен деп,
Ойлоп калдым падышам.
Айткан менен Беттибет,
Айткан кепке бек экен,
Эмгичекти бул элге,
Сыр бербеди эр экен.
Кыргызды кырып манжулар,
Кыз-катынын олжолоп,
Алып келди деп угуп,
Аман болсо падышам,
Бир күн келер дечү элем.
Эми келсе падышам,
Айлабызды табар деп,
Эки балаң, Беттибет,
Пикирлешип жүрчү элек.
Карача менен Алача,
Бачым балдар жүгүр,- деп,
Мал сойчуну чакыргын,
Кысыр эмди кер тайды,
Биз сойолу бүгүн,- деп,
Бүгүн тайды сойбосок,
Кулак-мээни тундурат,
Ичтен балдар күдүңдөйт,
- Тамак жерге шайым жок,
Кек алам деп манжудан,
Алыскы жерден келдим- деп,
Алганымдан кеп сурап,
Абдан жайын билем,- деп,
Он үчкө чыкты балдарым,
Таңуу кылып белиме,
Тартынбастан кирем,- деп,
Кыргызды кырган манжунун,
Тик боорунан тилем,- деп,
Жок экен үйдө балдарым,
Кыргыздан алган катындан,
Балалуу боло албадым,
Эки балам эр экен,
Эми толду дарманым.
- Эртең келип көрүшөр,
Эсен болсо балдарың.
- Түшкө чейин келбесе,
Алдынан тосо барамын,
Эр жетип калган балдардын,
Мен көрөйүн караанын,
Бүгүн эркин жатайын.
“Эртең эбин тапсам”- деп,
Ойлоп турган шум катын,
Түшкө чейин келбесе,
Алдынан барам дегенде,
Ачык болуп арамдык,
Өлөрүн анык билгенде,
Шашыла туруп от жагып,
Суу жылытып камданып,
Бар керегин жамгарып:
- Топо болдуң, тер болдуң,
Жол азабы эң кыйын,
Таза сууга жуунгун.
Деп бу канчык түйүлүп,
(Элебей алган Бекбача,
Моңгулдан чыккан жалапты)
Таскактап катын жүгүрүп,
Башка кылып талапты,
Ченебей сууга уу салып,
Шек алдырбай буйдалып,
Өзү бетпак суу куйуп,
Бүткөн бойун жуунтуп,
Эт көйнөгүн кийгизип,
Эптүүлүгүн билгизип,
Эшикке чык деп балдарды,
Көз кыруусун тийгизип:
- Тазаланып келем,- деп.
Тазаланып болгон соң,
Төшөк салам белендеп.
Эшикке таштап чайнекти,
Майторуга жеткени.
Учкаша минип Тору атка,
Качып катын кеткени,
Манжу, моңгул чоңуна
Кабар айтып жеткени,
Айбан да болсо Майтору,
Билип турат көзү ачык,
Сүйлөйүн десе тили жок,
Арамдыктан сөз ачып,
Жакындап катын барганда,
Кошкуруп калды жер чапчып.
«Бекбача өлөт бир демде,
Тору атты анан минебиз,
Чоңдорго кабар беребиз.».
Эки бала бир катын,
Чогулушту биригип.
Ырайымсыз иш кылды,
Моңгулдун чыккан жалабы,
Арам сийдик эки кул,
Ал манжудан тамганы,
Эр Бекбача баатырдын,
Бүткөн бойу жыйрылып,
Дүр-дүр этип чыйрыгып,
Кырс-кырс этип үн чыгып,
Исиркектенип суу чыгып,
Кайнаган суудай тызылдап,
Бүткөн бойдон буу чыгып,
Катындан болуп арамдык,
Кылганын билип жамандык,
Сойулуп тери кеткиче,
Карта-курта тырманып,
Кийимин кийип камданып,
Тышынан каба курчанып,
Жоо-жарагын колго алып,
Таңга жакын болгондо
Үйдөн чыкты чубалып.
Жан үзгөндө чиренип,
Үнүн угуп барам деп,
Кара ниет шуркуйа,
Карап турган кубанып.
«Бекбачага куйганым,
Көбү заар, азы суу,
Басып жүрөт кенебей,
Алда кандай укмуш бу?»
Тору атты чечип минерде,
Бурулбай жолго кирерде,
Адамдан эстүү Майтору,
Чылбырды сууруп алганы,
Көк чөпкө жаткан оронуп
Катынды чапчып чыгарды,
Шамшары бар жанында,
Жалаң кылыч колунда,
Катын чуркап калганы,
Чаптырбастан Бекбача,
Желке чачтан кармады,
Балдардын дайынын сурады,
Мукактанып айталбай,
Буйдалып катын калганы.
Тегеретип имерди,
Терекке чаап жиберди,
Энесин көрүп күйүгүп,
Чөптөн чыкты жүгүрүп,
Балта менен Бешилик,
Кармап колго түйүлүп,
Жерде жаткан сойулду,
Кармап алды Бекбача,
Тоңкойуп балдар жыгылды,
Кыйырдата чапканда.
Кемегеден Майтору,
Жайнап кызыл чок кетти,
Отту чапчып тартканда,
Чөпкө жалын от кетти,
Кучкачтары дүр этти,
Там, даракка от кетти.
Баса минип тору атка.
Бекбача жөнөп кеткени.
Келгенин да кеткенин,
Бекбачаны билбеди.
«Тим жүрбөгөн шуркуйа,
Талашкандар башташып,
От койуп кеткен экен» -деп,
Элдин ошол күмөнү.
Аркардай болуп көз жайнап,
Кулжадан бетер баш чайкап,
Тору ат кетип баратат,
Бекбачанын денинен,
Тырсылдап тери жарылып,
Сары суу менен кан агып,
Суу менен атка жармашып,
Жалы жыдып Тору аттын.
Куйругу түшүп бул аттын,
Кычышып бойу кырсылдап,
Капталын кашып Майтору,
Тиштеп тартып баратат.
Ташка келсе сүйкөнүп,
Жыгачка этин тыттырып:
«Адамы жок жер менен,
Айбан баспас чөл менен,
Таласка эптеп жеткирип,
Ана өлсөм экен»- деп,
Кетип барат Майтору,
«Кулунумда кучактап,
Кененим бакты башында,
Тай кезимде талтактап,
Куйругум салып сыртыма,
Ойноп өстүм Таласта.
Кунанымда койон кууп,
Асылбача эр минди,
Жаңы бышты кезимде,
Жалыма тумар тагылды.
Сайа кууп душманды,
Тулпардыгым таанылды.
Асыйым он беш болгондо,
Бекбачага туш болдум,
Күрүч берди жемиме,
Күмүш какты бутума,
Адам уулу көрбөгөн,
Минип барды Көйкапка,
Кастык кылып кара жүз,
Карып болдум бул чакта.
Бекбача ичкен уу өтүп,
Жал куйруктан айрылдым,
Түшүп калып талаага,
Таласка жетип эр өлсө,
Аркада калбай тартайып,
Карып болбой Майтору,
Ээси менен тең өлсө!»
Ойлоп барат кайран ат,
Заардын өтүп зардабы,
Муундары шылкылдап,
Ажырап барат бөлүнүп,
Кабырганын баштары,
Чыгып барат сөгүлүп,.
Арыбы артык Майтору,
Күндөп-түндөп баратат,
Адам эмес, айбанга,
Жанга койбой көрүнүп.
Терилери тилинип
Кабыргасы каркактап,
Сойулуп түшүп жүн калбай,
Шыйрактары тартактап,
Жердин тартып танабын,
Баштагыдай жүрө албай,
Көөдөндү жайып алчактап,
Кычышканга чыдабай,
Капталын кажап кылчактап.
Ооп түшпөй Тору аттан,
Бекбача кетип баратат.
Ээрдин кашын кучактап,
Бүт денеден аккан кан,
Мөндүрдөй болуп буурчактап.
Тиш тери калбай төгүлдү
Муундары ажырап,
Шалак-шалак бөлүндү,
Жакшы жүрмөк бар экен,
Жакшы өлмөк жок экен,
Мойнуна алып өлүмдү
Өткөнүн ойлоп Бекбача,
Санаасы санга бөлүндү:
«Кан төгүшүп кармашып,
Канды суудай чайкалтып,
Жүргөндө кандай өлбөдүм?
Алданып жаман катынга,
Ажырап сөөгүм өлгөнүм!
Колтуктарды чойушуп.
Чокморлошуп койушуп,
Жүргөндө кандай өлбөдүм?
Найзаларды сайышып,
Сайдырбастан кагышып,
Сайышта неге өлбөдүм?
Салп этек күңгө алданып,
Заар ичип өлгөнүм,
Балталашып чабышып,
Туулганы жарышып.
Калкандарды кыйратып,
Тарамышты чыйратып,
Чабышканда өлбөдүм.
Башыма чыккан чач калбай,
Ээгимде сакал бүт калбай,
Ак сазан болуп түк түшүп,
Жылбырска болуп өлгөнүм!
Жазганы экен кудайдын,
Жазаланып өлгөнүм!
Асаба – желек – туу сайган.
Атышта кандай өлбөдүм?
Бүгүнкүдөй кор болуп.
Мына минтип өлгөнүм,
Кол кармашып күрөшүп,
Колтукташып тирешип
Олпокторду жыртышып,
Соотторду, булушуп,
Жүргөндө неге өлбөдүм?
Жүрөгүмдө муңум бар,
Этимдин аккан каны бар,
Эптеп мени Таласка,
Жеткизе көргүн, жаныбар!
Көйкапка барып кол салып
Дөөлөр менен кармашып,
Жыландан бетер арбашып,
Анда кандай өлбөдүм?
Айлымдын четин көрө албай,
Армандуу болуп өлгөнүм!
Канын төктүм канчанын,
Жинин чачтым мынчанын,
Бей ажал өлгөн адамдын,
Же кысасын тартып жатамбы?
Каргышка кеттим дегендей,
Алым келсе асырап,
Каркытаттым бабамды,
Жазыксыз камчы чаппастан,
Энемдей сүйдүм жеримди,
Эркиндеттим элимди,
Кеңири туттум пейлимди,
Акка салып нетимди,
Ажарлуу туттум бетимди,
Ажыраттым сөөгүмдүн,
Түшүрдүң бөлүп этимди.
Канатым сынып кетилди,
Кайгыдан жүрөк эзилди,
Баш болдум деп жашымда,
Чайкабадым кесирди!»
Амалы кетип шай кетип,
Жыгыларга Тору аттан,
Ооп калган кезинде,
Айланып жерди кыдырып,
Асмандын бетин сыдырып.
Келе жаткан Кызылкыз,
Учурап калды тушугуп,
Айыктырып алсам деп,
Ар акылды санады,
Абдан байкап карады,
Эч амалы калбаптыр,
Айыгыштын чарасы.
Сөөгүнүн жүнү калбастан
Танапташкан тамырдан,
Тартып турган тарамыш,
Ажыраптыр бүт калбай.
Төрт бөлөк баштын талаасы,
Бөлүнүптүр жик түшүп.
Жыгылар чагы болуптур,
Төбөсү менен тик түшүп,
Амал кылар жери жок,
Төрт жүз кырк төрт устукан,
Ажыраптыр деги жок.
Саны үч жүз алтымыш,
Алты тамыр баарысы,
Баары чирип жарылып,
Сөөк менен калганды,
Тери кармап туруптур,
Заар алайыл дегенден,
Төрт айакча куйуптур,
Эрдик менен Бекбача,
Эмгичекти туруптур.
«Ушул бойдон таштасам,
Арбагы урат Манастын,
Тузу урат Алаштын.
Суусу урат Таластын».
Деп ойлонуп Кызылкыз,
Байкап көрсө Майтору,
Басаар шайы калбаптыр,
Капталында тери жок
Кабыргасы көрүнүп,
Аркалары арсайып,
Кабыргасы каркайып,
Териси жок, эти жок.
Сөөгү калган тартайып.
Ичи ачышып Кызылкыз,
Сыйкыр менен сыр байлап
Көргөн элге таанылгыс,
Майторуга жүн байлап,
Бекбачаны эр кылып,
Мурункудай көрсөтүп,
Баскандай кылып жылдырып,
Ачып көздү жумганча,
Алып барды заматта,
Ордо ханы Орунбай,
Кабар айтып Кызылкыз,
Акмаңдайга туйдурбай,
Орунбайга сыр айтып,
Бекбачаны бир жерге,
Алып келип түшүрүп.
Салык салып Орунбай,
Алтымыш батман сүт алып,
Бекбача менен Тору атты,
Сүткө салып жуудурду,
- Ошол бойдон коргонго,
Алып барсак буларды,
Заардын жыты таралып,
Биз кырабыз кыргызды.
Жууган сүттү Кызылкыз,
Чоң казанга куйдуруп,
Отко асып кайнатып,
Кырмычык кылып катырып,
Элди сактап калам деп,
Ар амалдап иш кылып,
Бекбачаны сүткө жууп,
Сүттү отко кайнатып,
Күйгүзүп заарды жоготуп,
Сактап калды Таласты,
Таластагы алашты,
Ыраазы кылды арбагын,
А дүйнө кеткен Манасты.
Бекбачанын өлүмүн,
Айтып элге угузуп,
Ак кепиндеп аруу жууп,
Жерден алган топурак.
Жерге киши аманат,
Сөөгүн жерге тапшырып,
Акмаңдайга угузбай,
Угузмак тургай туйгузбай,
Эстүү баштуу аксакал,
Абдан кеңеш кылышып:
- Акмаңдайга айтпайлы,
Бекбачаны угузуп.
Бойунда бар Акмаңдай,
Курсагы жетип чалкайып.
Ашып кетсе элүү күн,
Арага калса отуз күн,
Төрөп алсын көз жарып.
-Семетейден бер жакка,
Жетим болуп торолмок,
Бойго жетип чоңоймок,
Сейитимден башкасы,
Буларга мурас из калып,
Эркек тууса Акмаңдай,
Ак калпак кыргыз алдейлеп,
Эрке кылып алалы,
Кой баштатып суу кечер,
Серке кылып алалы.
Барарында Бекбача,
Акыл айткан бир канча,
Өлөрүн билип өзүнүн,
Бүткөнүн билип өмүрүн,
Бизге айткан турбайбы,
Ички пикир көңүлүн.
Сабыр кылып туралы,
Акмаңдай аман төрөсүн.
Элдер дегдеп күтүптүр.
Эртеңки күнү баатырдын,
Кыркын берсек экен деп,
Эл дайындык күтүптүр,
Шаршембинин күнүндө,
Бейшембинин түнүндө,
Көз байланган бүрүлдө,
Бала жерге түшүптүр,
Ыйлап бала баркырап.
Арамдык бар ичинде,
Антип жүргөн кишиге
Бойуна кирди калтырак.
Арамы жок ак ниет,
Кишилердин денинен,
Тер чубурду балбырап.
Эркек бала экен деп,
Катындар калды бажырап.
Кубаныч кирди баарына,
- Атагы кыргыз ак калпак,
Эрсиз кыргыз калабы?
Ээсиз Талас калабы?
Эки катын көтөрүп,
Жерден үзүп алалбай,
Эси кетти баланын.
Көзүн ачып Акмаңдай.
Колу менен сыйпалап,
Белгисин көрдү баланын,
Эркектигин билгенде,
Элге айтат Акмаңдай:
- Бекбачанын саламын,
Мен айтамын жашырбай.
Эркек туусаң балага,
Сомбилек атын кой деген,
Баланын аты Сомбилек,
-Бекбача тирүү өлүүбү?
Талаадагы кишинин,
Аныгын анын ким билет?
Шайым кетип алсырап,
Мен барамын эндиреп
Айтпасаңар жашырып,
-Жүр, кетели, жүрү- деп,
Бекбача болбойт жетелеп,
Эмчектин сүтүн Сомбилек,
Тата турган чагы жок.
Балага эмчек эмизер,
Акмаңдайдын шайы жок,
Ушундай кылып амалсыз,
Алдыратат дүйнө шок!
Өлбөй аман чоң болор,
Ак калпак кыргыз элим бар,
Ата конуш мурдагы,
Атактуу Талас жерим бар.
Атасын тартса Сомбилек.
Артыла кеткен эр чыгар,
Бешиктеги баланын,
Не болушун ким билет?
Кар кылбай, кыргыз, багып ал...
Айткан сөзү түгөнбөй.
Шылк дей түштү акмаңдай,
Тагдырдын иши кыргызга,
Жазууда ушул экен деп
Жайын казып бүтүрүп,
Ак кепиндеп аруу жууп,
Акмаңдайды жердеди.
Муну мындай таштайлы,
Сомбилектин эми биз,
Жомогунан баштайлы.
Басмага даяардаган :
ТОЛКУН ТУРДУ

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.