Latin

Асылбача - Бекбача - 26

Total number of words is 4295
Total number of unique words is 2395
27.5 of words are in the 2000 most common words
39.5 of words are in the 5000 most common words
46.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бака буттап өргөн чач,
Кыз экени таанылып.
Жубандар басып бурлып,
Айдай бети нурланып,
Бир эли кундуз жээктүү,
Белдемчи жерде чубалып,
Келиндер жүрөт молтоңдоп,
Алмадай эмчек томолок,
Кээ бир жазгак жаш балдар,
Кеп айталбай жоголот.
Кыштын күнү кийгени,
Жаштары бөрү, кашкулак,
Тышынан ичик кийишип,
Башында түлкү тебетей,
Желге ыргалып селкилдеп.
Чыныда буудай майлаган,
Сыр айакта шуулдап,
Үн чыгып бозо кайнаган,
Самоордон түтүн буркурап,
Дасторкондун бетинде,
Түрдүү тамак жайнаган.
Айалдар кийет кубултуп,
Сүлөөсүн ичик жамынып,
Аркасында сегиз бут,
Чач теңгесин салынып,
Төрөй элек келиндер,
Акыректе чоң сөйкө,
Аркасында чач багы,
Бооруна өңүр тагынып,
Колуна чек кап салынып,
Бутунда өтүк бийдана,
Көкшаалдап чеге кагылып,
Он сегиз менен отуз беш,
Ортосунда эчендер,
Каймана сырттан жалынып,
Бет маңдай келип сырдашса,
Бар дүйнөсү табылып,
Опколжуп жүрөк токтобой,
Кетүүчүдөй жарылып.
Айылда көркөм катын көп,
Элечеги зоңкойуп,
Түрдөнүп басат койкойуп,
Абышкалар чалкайып,
Ак сакалы жайкалып.
Кемпирлери кең көйнөк,
Казылары челектей,
Алалбайт айак эңкейип.
Кыргыз куунап жаткан кез,
Ойуна алды бир ишти,
Эр Бекбача кара көк:
“Алтымыш уруу алаштын,
Малы болду чөптөн көп,
Токсон уул түрктүн,
Жайылган малдан зары көп,
Алтыны көп, күмүш көп,
Дүр-дүйнөсү андан көп.
Аттанып үйдөн жөнөйүн,
Эл аралап, жер чардап,
Ат жетер жерге барайын,
Капыр менен мусулманАй менен күндүн кулагын,
Тийиштирип экөөнү,
Тамашага канайын,
Атактуу Манас көк жалдыАйкөл шерди баш кылып,
Алты эске алайын.
Айак жагы кечээги,
Кардыгач менен чакмакташ,
Ниредеги Жагалмай,
Ашын берип салайын.
Жердин бети томолок,
Тентип киши жоголбойт,
Конуш таппай жер чардап,
Аш беришке түк болбойт,
Көкөтөйдөн ашы, деп,
Көп жыйындын кашы, деп,
Айтылып жүргөн эмгиче,
Даңазалуу бул бир кеп.
Атагы чыккан бул ашты,
Каркырага бериптир,
Каары катуу чоң Калдай,
Күн чыгышты жердеген,
Беш урук эли келиптир.
Андан калса түрк уулу,
Инди, жөөт, арабдан,
Андан киши келбептир.
Инди, жөөт, арабдан.
Булардан киши не келбейт?
Булардын баары ойдуңда,
Каркыра түндүк сырт жакта,
Анча-мынча ат жетпейт.
Араб, жөөттүн элдери,
Анча-мынча ат минет,
Көбүнчөсү төө минет,
Куржунун артып мойнуна,
Өз жеринде жөө жүрөт.
Индинин эли жете албайт,
Жылкысы жүнсүз бүт делбе,
Сыртка келсе кырылат,
Кайта үйүнө кете албайт.
Келбестин жайы ушул го,
Түндүк менен түштүктүн,
Арасында аш берсе,
Калбай баары бүт келет,
Ыктуу болсо конолго”
Деп ойлонуп Бекбача,
Жерди чардап көрмөккө,
Конушту мурун белгилеп,
Анан ашты бермекке,
Аттанып баатыр жөнөдү,
Атайын жерди көрмөккө.
Батыштын көрдү бар жайын,
Чалыкпады көзүнө,
Аш берерге ыктуу жер,
Чөптүү жерде суусу жок,
Суулуу жерде чөбү жок,
Батыштан көөнү кайтканда,
Чыгышты карай тартканда,
Шор дайраны жакалап,
Чыгышка бара жатканда,
Кээде агын суу бойлоп,
Кээде керүү жер бойлоп,
Кээде деңиз жакалап,
Кээде адыр аралап,
Кээде тулаң күр басып.
Кээде какыр чөл басып,
Кээде Ала Тоо басып,
Кээде кыйма таш басып,
Кээде татаал бел ашып,
Ар сонунга кез болду,
Бет алган жакка баратып.
Аш берем деп жер чардап,
Ар бир ишке бышыктуу,
Күндүзү таттуу, түн ачуу,
Булактарга тушукту.
Мелтиреген көл калды,
Жарымы ачуу ичкисиз,
Жарымы таттуу балга окшош,
Аккан дайра суу калды,
Талкан чалган немедей,
Уйуп жаткан суу көрдү,
Жайы-кышы өчпөгөн,
Күйүп жаткан от көрдү.
Күн чыгып жарык болгондо,
Канаттуу учуп өтө албай,
Айактуу басып кете албай,
Гиеси жок баары таш,
Жаркыраган тоо көрдү.
Күндүзү турган жам-жайкыт,
Түндөсү турган чайпалып,
Кубулжуган тоо көрдү.
Чачы адамдын чачындай,
Кашы кара чийгендей,
Көзү адамдын көзүндөй,
Кирпик какса билинип,
Оозунда тиши кашкайып,
Күзгүдөй бети тастайып.
Чачынан байлап аскандай,
Кебетеси, кешпири,
Сын-сыпаты баарысы,
Дал адамдын башындай,
Мөмөлүү жыгач чер көрдү,
Кылыч менен жара чаап,
Эки бөлүп койгондой,
Жарты адамды көп көрдү.
Канаттуусу ар түрдүү,
Айбанаты сан түрдүү,
Суу айбаны канча түр,
Кургак жерде бар айбан,
Суу бетинде такыр жүр.
Үч жыл жүрдү бир тынбай,
Аш бергенге жер таппай.
Азийага айланып,
Балтыктын сазы дегенге,
Учурап калды Бекбача.
Төрт тарабын тең карап,
Ойуна мындай ой алат:
“Аралап көрдүм көп жерди,
Көзүм көрдү көп элди,
Аш беришке ыгы бар,
Ылайык көрдүм бул жерди.
Тескей тоосу бул жердин,
Карагай, кайың кең экен,
Алдынкы саздын четинде,
Аралап айбан өткүсүз,
Караңгы токой чер экен.
Төшү тулаң жырылган,
Арасы булак жылжыган,
Чылпылдаган саздары,
Жандарга зыйан кылбаган,
Арасында баткагы,
Бөлөк-бөлөк буткулда,
Каркылдаган каздары,
Кара сууну бербеген,
Өрдөк, чүрөк соносу,
Адыры арка-кулжа экен,
Тоосунда эчки-текеси,
Куйулуп жаткан кум экен.
Бөксөсү бөрү, түлкү экен,
Кашкулак, борсук, ач күзөн,
Азамат эрдин мүлкү экен,
Керүүсү кенен түз экен,
Баш-айагы он күндүк.
Ат чабуучу жер экен.
Буткулда ойноп суучулдук.
Ит балыкты кубалап,
Кара куназ, көк кытан,
Сууга кирет шуңгушуп.
Жалтырап жаткан көлүнө,
Чалкайып жаткан төрүндө,
Какырында, сазында,
Эки канат, төрт айак.
Айбанаттын кени экен.”
Жерди көрүп жактырып,
Отуз алты ай он бир күн,
Санаты толгон кездерде,
Таласка келди бастырып.
Туш-тушка киши жиберди,
Бир айлык жолго чаптырып.
Ыраакы жерге жумшады,
Кызылкызды таптырып.
Түндүктө наамы орусту,
Жери жайлуу конушту,
Ыстамбулда Кайсарды,
Андай эчен канчаны,
Иран менен Иракты,
Мисир менен Кудусту,
Коросон, Испан элдери,
Аш беремин кел, деди.
Ооган менен Индистан,
Жайнаган инди журтунан,
Кешмирде кыргыз калкынан,
Баарына кабар айттырды,
Бекбачанын атынан,
Инди-чити үч арал,
Ошондон бери айтылган.
Кызыл чапан, жайдак төш,
Текши тоонун элдери,
Ашка келип бер, деди.
Амурдун бойун жердеген,
Ак кардан селде чалынган,
Атакта бар эки инген,Баарың ашка келгин. деп,
Арасында элдерден,
Соңгу жылы теке айы,
Ашка кел деп бар жанды.
Кабар айтып бар элге,
Үй тигишке камданды,
Кырк төрттүн ашын берем, деп,
Кылым элге жар салды:
-Кырк уруу кыргыз баарың кел,
Кырк урууң кырк миң үйдү бер.
Алтымыш уруу көп алаш,
Кызмат кылгын баарың тел.
Ашка тигер үй саны,
Токсон миң болот санаты,
Үй-бүлөң менен бир туруп,
Конок күтөм дебегиң.
Конокту тепсеп үстүнө,
Бекер киши кирбесин.
Чайыңды бергин үч убак,
Этиңди бергин эки убак,
Күнү-түндүк тамагы,
Конокко бергин беш убак,
Дасторконуң жай болсун,
Чайга кошуп берериң,
Капакка салган бал болсун,
Каймакка бышкан нан болсун,
Куру токоч болбосун,
Мисте, мейиз, кант болсун,
Сүттөгөн чай, сары май,
Кеми жок болсун баарыңар.
Ыстаканда чай болсун,
Куурдак менен май болсун,
Казы чыгар бээ сойгун,
Сүт бото тайлак төө сойгун,
Сыйыр сойгун, кой сойгун,
Мал арыгын сойбогун,
Май жей албай таарынса,
Мейли анда жөн койгун,
Тойбой конок таарынса,
Билип кой, жакшы болбойсуң!
Айаган малдын ордуна,
Кара башың сойлосуң!
Кем-керчи жок шай болсун,
Үй башына аз болсо,
Ондон балык бар болсун,
Бар керегиң жам болсун.
Көп болгондо отуз күн,
Аз болгондо он беш күн,
Конокту мыктап күтөсүң,
Эркек-катын аралаш,
Маңдайлашып жүрбөгүн,
Тартынбай айтам кепти деп,
Малжаңдашып жүрбөгүн,
Акылыңды төндүрүп,
Каныкейче болбосоң,
Акэркечче сүйлөгүн.
Акыл керек ар жанга,
Адеп керек бар жанга,
Сылык сөз менен сый керек,
Өлбөй турган тир жанга.
Эки жыл, элим, камынгын,
Кырк уруу кыргыз болгонуң,
Кырк жерде болсун айылың,
Бир үйгө төртөөң самоор ал,
Кытайдын кара чайынан,
Кырк капталдан чай алгын,
Жаркенттин кызыл чайынан,
Ага кошуп дагы алгын.
Ар уруудан бирден үй,
Он эки канат ордодон,
Бирден камдап алпаргын.
Бар дүйнөңдү жыйнагын,
Үй ичине тул салгын.
Мен алпарам төрт ордо,
Тул толтуруп туу сайган,
Кырк төрткө толот ошондо,
Аш берели кырк төрткө,
Ак калпак кыргыз алашта,
Кем-керчиң жок бул күндө,
Айкөл арстан Манаска,
Арка болгон алашка,
Кара кытай, манжудан,
Шибе, солон, анжудан,
Сактап калган эсен-сак,
Калка болгон алашка,
Бакай, Кошой-карыга,
Музбурчак, Көкчө - хандарга,
Алмамбет, Чубак-шерлерге,
Эрен Сыргак беренге,
Хан Ажыбай чеченге,
Ак байбиче Чыйырды,
Кадырман эне Каныкей,
Ак куу энем Айчүрөк,
Кыз Куйалы балбанга,
Шер Семетей Сейитек.
Эр кененим Сардарга,
Ага дил туулган адамдан,
Шер Гүлүстөн абама,
Арбагын сыйлап аш берип,
Ат чабалы аларга.
Жыйырма экиде жаш кеткен,
Күн батышта жети дөө,
Кармашып алы жетпеген,
Шер Сейитим арстанга,
Кырк төртүнө аш берип,
Калтырамын дастанга,
Карыганда кан жутуп,
Какшап калган Чыныке,
Кара кийип кан ичип,
Кара элечек оронуп,
Эгиз бала көтөрүп,
Эмгек тартып эңкейип,
Асылбача- БекбачаБизди тууган Кылжыке,
Канчоро , Кыйаз-арамдар,
Таласка бүлүк салганда,
Арбагы үчүн Көк жалдын,
Коргонду сактап калам деп,
Токсон беште сары абам,
Уруш кылып кан кечип,
Алы келбей эки арам,
Уйатын койуп ор казып,
Түшүп өлгөн деп угам,
Унутуп калар киши эмес.
Канчоро такка мингенде,
Эл ийинге сийгенде,
Айтканын берип капырга,
Калганыбыз ар кайда,
Кетели качып дегенде,
Ажыбайдын Керменбай:
“Бойунда бар Айчүрөк,
Тулпардан калган туйакты,
Эркек тууса чунакты,
Семетейдей бир күнү,
Айланып табар Таласты,
Каңгыратып талаага,
Таштап качып кетпейли,
Арбагы бийик Манасты”
Ошентип айтып тоздурбай,
Токтоткон экен алашты.
Кантип таштап койобуз,
Эсепке албай Керменбай?
Айчүрөктү олжолоп,
Кыйаз алып кеткенде,
Сейитекти Айчүрөк,
Төрөй турган кездерде,
Таластан барган олжого,
Айсалкын менен Кутубай,
Кастык кыл деп балага,
Үйрөтүп Кыйаз киргизген,
Бакшы бүбү беш катын,
Эбин тапкан ушулар,
Урпагына айкөлдүн,
Кызматы турса ушундай,
Чечекей агып чел болор,
Унутуп калсак эске албай!
Батасы журтту байыткан,
Олуйа Кошой баатырдын,
Олутун баскан Жалгызек,
Агам асыл эр эсте,
Нурфану менен жубайым,
Унутуп аны калбаймын.
Хан Калдык менен кармашта,
Кан төгүшкөн чайкашта,
Котен, Жеркен, Кашкардын,
Хандары өлдү алардын,
Арал Азык, Лопнурдан,
Өлүп кетти канча хан,
Жакшы-жаман күндөрдө,
Өлүмдөн башын тартпаган,
Эске албай кантип мен калам?
Кутубий, Манас, Кумулдан,
Баш хандары калбаган,
Эстесем жүрөк эзилет,
Унута албай Бекбачаң.
Чакмакташ менен Кардыгач,
Куураган талды кармасаң,
Булактай агып суу чыгат.
Ниредеки Жагалмай,
Күнү-түндүк мезгилде,
Унутуп калбай Бекбачаң,
Буларды эске үч албай.
Эр Төштүктүн баласы,
Жоодарбешим абамды,
Төбөмдөн арбак урбаса,
Унутуп аны каламбы?
Кажыр менен кузгунга,
Талаадан тарпым тарттырбай,
Таласка кабар жеткирген,
Эр Сейитим атамды.
Айкөл Манас баатырга,
Ар түрдүү жарак шай кылган,
Төкөр уста Бөлөкбай,
Унутуп калар адамбы?
Гүлүстөндү сакайтып,
Өз күчүнө ээ кылып,
Айыктырган момун жан,
Ага куран окутам.
Өткөндөн санап кырк эки,
Аш берели дегеним,
Жонунан кырк төрт дегенимБактыбай менен Бекбачаң,
Аларга жолдош демекмин,
Саны толду кырк төрткө,
Арнап ашты беремин.
Тигээриң кыргыз кырк миң үй,
Балтыкка көчүп барасың,
Он беш күн конок аласың.
Кырк беш атка байге сай,
Жүз миң алтын баш байге,
Оонабаска он беш миң,
Унутуп калбай баарың бил.
Афрыка элинде,
Ысык кумдуу чөлүндө,
Шутуру көп, жылкы аз,
Аларга болор чоң жаман,
Ат байгеден кур калса,
Байгеден бөлүп берели,
Ат ордуна төө чапса,
Жана байге берели,
Күн батыштын тарабы,
Шүдүңкүт тандап уй чапса,
Жөө кишиге байге бер,
Жөө жүгүрүп чыкканга.
Алтындан санап жүздү бер,
Сайышка чыккан балбанга.
Батыш менен чыгыш де,
Чыгыштан чыгат кыргыз де,
Аларың кырк миң алтын де,
Жөө күрөшкө чыкканга,
Мусулман менен капырды,
Буга да кырк миң алтын де.
Мергендери жамбы атсын,
Атып кетсе жамбыны,
Кырк миң алтын сый алсын.
Теке тырмыш көл бука,
Он миң алтын байгеге,
Кур калтырбай буларга.
Чатыраш ойноп ордо атсын,
Булар куру калбасын,
Жеңип алган тарабы,
Беш миң алтын байге алсын,
Тогуз коргоол ойносун,
Ойуну куру болбосун,
Ойноп копкон жеринде,
Койуну куру болбосун,
Койуну куру болбоско,
Беш миң алтын а болсун.
Кара койум дүмпүлдөк,
Ака чөлүм, чөөбөрү,
Балдар этек кармамай,
Баары ойнолсун кыргыздын,
Ойундары бүт калбай,
Ар ойундан жеңгени,
Алтын алсын кур калбай.
Акындары айтышсын,
Тыңдары улак тартышсын,
Селкинчек салып тебишсин,
Ыр ырдашып жеңишсин,
Куру болуп калбасын.
Баарына алтын берилсин.
Шумпал алыш, алма алыш,
Буга да керек чоң намыс.
Маңдайы тердеп күч кеткен,
Убара болуп калбасын,
Байгеси жок кур кетип.
Кылданып жаштар теңге эңмей,
Чечендер тилин жанысын,
Сыйласын кыргыз карысын,
Ат минер алы бар болсо,
Алып барсын баарысын.
Аз калганда өмүрү,
Көптү көрүп алышсын,
Карылар барсын чалкайып,
Аксакалы жайкалып,
Кемпирлер барсын чайпалып,
Элечеги заңкайып.
Атасы барда эл тааныр,
Аты барда жер тааныр,
Балдар калып калбасын.
Билеги жоон алашта,
Балбан калып калбасын,
Калкты карап жалтанган,
Хандар калып калбасын.
Хан менен калкты бийлеген,
Сардар калып калбасын.
Кең көкүрөк, кууш айак.
Алпың калбай бүт баргын.
Кортундулап айтканда,
Кырк уруу кыргыз болгонуң,
Алтымыш ата алаш деп,
Ушул атка конгонуң.
Токсон уруу өзүбек,
Толгон түрүк болжолуң,
Калтырып салтың койбогун,
Кырк төрттүн ашын беребиз,
Кем-керчиңер болбосун.
Бир көрүнөөр кезегиң,
Түбөлүгүн ойлогун.
Капыр менен мусулман,
Бет келишер убагың,
Ай менен күндүн кулагы,
Кагылышар кыйамың,
Ашка барам деп барсаң,
Жоо жарагың кылдагын.
Таң атканда намазда,
Түштө тамак убакта,
Кечиндеси болгондо,
Күн уйага батарда,
Найзамды кармап ыргагын.
Тарамышың чыйратып,
Кара бойуң чыңдагын,
Жүз жууганга ар күнү,
Аптабаңды камдагын,
Жоолук, самын керектүү,
Бар нерсеңди жамдагын.
Ойлоп тапкын ойуңда,
Жок нерсеси калбасын,
Баары болсун колуңда.
Ашка кел деп чакырдык,
Батыш менен чыгышты,
Түндүк менен түштүктү,
Эл койбой жердин боорунда.
Көбү келет кекенип,
Эби келди алаштын,
Эми талап алсак, деп,
Айрыкчасы каңгайдан,
Кара кытай, калмактан,
Шибе, солон, манжудан,
Ашка келсе беш урук,
Байкап көрүп чамаңды,
Кайра жанбайт чабуудан,
Кырылышып көнгөнбүз,
Кайра качпа чабуулдан,
Олуйа Кошой абамдын,
Кыздын кызы тукуму,
Ала барсын Бактыбай,
Баатыр Бозой жээниңди,
Өлүмдөн коркор эр эмес,
Мен көргөмүн пейлини.
Жыйырма үч менен жыйырма беш,
Ортосунда чамасы,
Эндекей жүргөн эр экен,
Балбанга кийер кийимди,
Болбосун анда чаласы,
Беш уруктан ким чыкса,
Өзүм чыгам Бекбача,
Атка чыкпайт калгандар,
Жөө көрүшкө жарачу,
Балбандар бар бир канча.
Эшигиңдин алдында,
Бирден атың шай болсун.
Кырк төрт үйгө тул салган,
Кырк төрт катын жам болсун,
Оозунан чыккан сөздөрү,
Шекер менен бал болсун,
Үнүн уккан кай бирөө,
Эми кантип угам, деп,
Уйку көрбөй зар болсун.
Кыргыздардын айалы,
Кара жаак, жез таңдай,
Кандай туулган экен, деп,
Кылым элге даң болсун,
Шаңкылдаган жез комуз,
Кыз колунда бар болсун,
Зыңгыраган обону,
Сыздырып бойдон тер алсын.
Уккан сайын уксам, деп,
Моокуму элдин канбасын.
Айкөл Манас төрөдөн,
Айак жагы Бекбача,
Айтар кебин камдасын.
Кошой менен Бакайдын,
Айтканына сөз жеткис,
Көргөнүнө көз жеткис,
Кохарды ташка катпасын,
Арышы жетсе канчага,
Айтуудан тилин тартпасын.
Айкөл шерди айткандар,
Ар тарабын ойлосун.
Телегейи тең болсун,
Ар кандай айтса эп келет,
Ким калтырып койбосун.
Алтымыш уруу алашты,
Баш коштурган Манасты,
Тенип калган кыргызга,
Жер кылган Кеңкол, Таласты,
Токсон уруу түрк уулун,
Чогултуп оозун каратты,
Алтымыш уруу алашты,
Он төрт ханга суратты.
Абдан ачуу келгенде,
Козголбогон Күн чыгыш.
Күжүрөгөн көп элди,
Өз үйүндө чуулатты,
Тартып алып тактасын,
Таздын уулу Үрбүгө,
Кырк төрт күнү суратты.
Сорандык Сошойа,
Жүйрүн дөөдөн үйрөнүп,
Өнөр алып жүргөндө,
Алоокенин чоң уулу,
Алачыктай Коңурбай,
Эсен ханды ээ кылбай,
Кантонду басып киргенде,
Элчилешип Эсен хан,
Сорандыкка караштуу,
Жердин көбүн бергенде,
Кайта келип Сошайа,
Эсен ханга киргенде,
“Жерди бөлүп мен бердим,
Каары жаман Калчага,
Катышпайлы” дегеле,
Калбалашып Сошайа,
Качып келип Кытайдан.
Казакка келип эл болгон,
Хан Көкчөдөн таарынып,
Кыргызга келип токтогон.
Тиктегенин көргөн эр,
Тилегин кудай берген эр,
Айтканы кабыл келген эр,
Акылы артык кеменгер,
Казакка келип турганда,
Сошайа аты жоголуп,
Алмамбет атка конгон эр,
Ар кандай айтса эп келер,
Узун бойлуу кең далы,
Туткандын чыккан далдалы,
Угабыз көк жал Чубакты,
“Нойгуттан ногой көп эмес,
Чубактан Манас эр эмес,
Айтылган элдин макалы,
Ар кандай айтсаң бап экен,
Айтылар Чубак чагы экен.
Хан Жакыптын Сыргагы,
Акбалта хандын Чубагы,
Сорандыктын Алмамбет,
Согушка туулган чунагы,
Эни менен таштай бер,
Айтаарга келген кыйамы.
Айтышканда сөзү бир,
Тиктегенде көзү бир,
Айрышканда бөзү бир,
Жаткан жерде жатын бир,
Копкон жерде койуң бир,
Кармашып турган колу бир,
Ойлоп турган ойу бир,
Бара жаткан жолу бир,
Жайытында малы бир,
Көкүрөктө жаны бир,
Конушунда айыл бир,
Пайда-зыйан баары бир,
Алаштан чыккан он төрт хан,
Биринин көөнү кирдесе,
Баарысынын көөнү кир,
Чогулушуп турганда,
Орунду алган олуттуу,
Ойунча алган конушту,
Ак калпак кыргыз көп алаш,
Ордолуу алаш журту, деп,
Ошол атка конушту.
Оорактуу Манас баштаган,
Өтүп кеткен кырк эки,
Тирүү турган Бактыбай,
Бекбача менен бар эки,
Санаты кырк төрт кишиге,
Аш бербей койсок болчубу?
Томсоруп карап турганда,
Анда кыргыз оңчубу?
Өтүп кеткен кырк төрттүн,
Эрегишкен жоосу көп,
Ээрчип жүргөн доосу көп,
Акылдашы андан көп,
Андайды айтсак сандан көп.
Ошончо журтту ийгерип,
Олутун таап жер берет,
Ордолуу алаш дедирген,
Эстегенде көөн тойгон,
Айтканда оозго жык толгон,
Ажыдаар ооз, жалын көз,
Өлүгүн койгон жери, деп,
Арбагы колдоор элди, деп,
Таластан алаш кете албай,
Айланып жүргөн ошол кеп.
Кызыганда айтылган,
Кыргыздан чыккан Кыз Сайкал,
Ооздон-оозго айтылган.
Орус хан кызы Кенжеке,
Карахандын Агеркеч,
Андан качпайт акыл кеп.
Акылына көндүргөн,
Алты жүз кызды чогултуп,
Килем токуп, чий чырмап,
Букарда жасап дүрүйө,
Пулу оор карала,
Иш жасатып көндүргөн,
Алмамбеттин алганы,
Каныкейдин сиңдиси,
Кара хандын Арууке,
Эркек эмес айалы,
Баш карашып, бит сыгып,
Байпак чечип, бут чойуп,
Бирге басып, бир туруп,
Маңдай-тескей олтуруп.
Өйүз-бүйүз болушуп,
Тамаша сүйлөп шаңк күлүп,
Тазаланып кир жуушуп,
Бир көөкөрдө кымызды,
Талашпастан сунушуп,
Суусаганда тең жутуп.
Чогулуша калышып,
Талпак салып, жүн сабап,
Аз-көбүнө карабай,
Оокат болсо тең жасап,
Сайма үйрөтүп кыздарга,
Кеңеш салып келинге,
Баш ыйгарып аларды,
Акыл-нуска кебине,
Өтүп кеткен нечендер,
Кайаша айтып какшатпай,
Өмүрүнчө эч кимге.
Жакшы болбой баарысы,
Жаман да болот турбайбы,
Акылы жок жаманы,
Алды-аркасын карайбы,
Жакшы иштешип ойунда,
Жаман ишти кылганы.
Кыргыздан чыккан Чачыкей,Семетейдин алганы,
Эси жок жаман иш кылып.
Эстен түшүп калганы,
Оозуна албай бир киши,
Кептен түшүп калганы,
Эр Көкчөнүн Буудайбек,
Жалганды айтып ырас деп,
Хан Көкчө менен Алмамбет,
Арага айтып ушак кеп,
Алмамбет кетип калганы,
Жалган кепти ырас деп.
Жакынынан айрылган,
Айдаркандын эр Көкчө,
Канатып өсүп жеткенде,
Кабарым алыс кеткенде,
Куйругум өсүп жеткенде,
Оорагым алыс кеткенде,
Ойлонбой минтип калдым, деп,
Кейигени бөлөкчө.
“Кубакай катын журт бузат”
Макал болуп бул экөө,
Жамандыкка айтылып.
Келе жатат бул күндө,
Көзүң көрсө көрбөгүн,
Керге келбес жаманды,
Ит дүйнөгө коргонуп,
Кем көрбөгүн калганды.
Өзүн өйдө көтөрүп,
Жактырбаган башканы,
Кишинин ушу жаманы.
“Эр ойлосоң өзүңдү,
Шер ойло, деп, калганды”
Киши унутаар кеп эмес,
Кошойдун айткан макалы.
Элге күйгөн ким экен?
Эл эстеген ким экен?
Өлүп кетип жоголуп,
Сөөгү сөпөт болсо да,
Кары-жашы тең эстеп,
Кейигени ким экен?
Эсине түшсө кылт этип,
Эригени ким экен?
Элин эстен чыгарбай,
Элдин тарткан эмгегин,
Элине күйгөн эр экен.
Келини ыйлап шолоктоп,
Кызы ыйлап эчкирип,
Эли ыйлап эске алып,
Абысыны унутпай,
Кысканы улап кураган.
Үзүлгөнүн улаган,
Жыртылганын жамаган,
Билбегенин билдирген,
Кылбаган ишке көндүргөн,
Саамайын сылап тараган,
Чачын тизип өрдүргөн,
Кырга кылык жараткан,
Келинге кеңеш карматкан,
Касташкан душман келгенде,
Качырышып жоо сайган.
Кыз Сайкалдай эр болсо,
Каныкейдей айалдын,
Төрт тарабы тең болсо,
Агеркечтей айтканы,
Акыл-нуска кеп болсо,
Ар түркүмдө иш тапкан,
Аруукедей уз болсо,
Айчүрөктөй асманда,
Абалап учкан куш болсо,
Кенжекедей кеңешкор,
Ар кайда жеткен арышы,
Айылда туруп сунса кол,
Кыз Куйалы балбандай,
Сарыбайдай дөө сайган.
Сейтектей эр тапкан,
Кененимдей уул тууган,
Мындайларды дос-душман,
Унутпайт эстейт ким болсо.
Карадөөнүн колунда,
Канча жыл жаткан бушманда,
Баш ийбеген местейип,
Кармоодо туруп душманга,
Кылжыкедей бек болсо,
Эркек эмес айалды,
Унутпай айтат ким болсо.
Чачыкей менен Буудайбек,
Эсине түшсө кемпирлер,
Түкүрөт жерге түү-түүлөп,
Кылганын угуп кыз-келин,
Дүркүрөп бойу жийиркенет,
Мындайларды ким эстейт?
Элден чыккан эренден,
Мурун берен дегенден,
Канчоро менен Шаймамбет,
Кылган иши кыргызга,
Кылым элге дайындуу,
Алар кантип эстелет?
Урпагына уу берген,
Чыныга куйса шуу деген,
Жакып хандай как башты,
Кандай адам эскерет?
Атын укса ар кимдин,
Бүткөн бойу сезкенет.
Көмсө кара жер албай,
Таштап атса талаага,
Айбан туруп сезгенип,
Карга-кузгун коно албай,
Сууга салса суу жукпай,
Майлаганда май жукпай,
Кучактатып кара итти,
Жерге көөмп таштаса,
Топосун бузуп уй ачып,
Өлүгүнө жолобой,
Тиштебестен ит качып,
Карга-кузгун, ит жебей,
Кайып жандын көзү ачык,
Сүйлөйүн десе тили жок,
Элге кастык кылган, деп,
Элге жаккан эмгеги,
Эрге кастык кылган, деп,
Айбанаттар качкан кеп,
Булар жатса жамбаштап,
Жерге убал болот, деп,
Бул жаткан жерден чөп жесек,
Айагынан суу ичсек,
Бизге убал болот, деп,
Уйлар көрүн ачкан дейт,
Эркелетип эр кылып,
Эрди баккан эл экен,
Элге кара санаган,
Канчоро менен ШаймамбетДал экөөндөй болчу экен,
Эл кайгырып кимди эстейт?
Элине жаккан кызматы,
Айал- эркек дебестен,
Тирүү жандын баары эстейт.
Ал өңдөнгөн адамдар,
Өзү өлсө да аты өлбөй,
Элге кылган иши өлбөй,
Унутулбайт турбайбы,
Бул өңдөнгөн кишини,
Унутуп койгон ким болсо,
Төбөсүнөн урбайбы,
Алтымыш уруу Алаш деп,
Ак калпак кыргыз баарыңды,
Анык кудай урбайбы,
Азирет арбак урбайбы,
Айабагын барыңды,
Карап, кыргыз, турбайлы.
Бекбачанын айтканын,
Баары угуп алышты,
Бара келди, баатыр, деп,
Барайтканы акыл, деп,
Тон жакасы болгондор,
Журт атасы болгондор,
Ар уруунун баштыгы,
Эл жакасы болгондор,
Жай-жайына барышты,
Күн-түнү жок күдүрөп,
Камын кылып калышты,
Болжогон айдан калбастан,
Балтыкка көчүп барышты,
Дөбөдөй болгон токсон миң,
Үйдү тигип салышты,
Мамыга тартып кермени,
Суурулган күлүк, жоргону,
Кежимдеп үрдүк жабышты,
Келиштирип кермеге,
Абдан байлап салышты.
Күн чыгышта беш урук,
Аш берет кыргыз деп угуп,
Он сегиз менен жетимиш,
Боорунан сийген немеси,
Баары калбай чогулуп,
Найзаларын ыргашып,
Кылычтарын кылдашып,
Балтанын сабын чыңдашып,
Канжарларын камдашып,
Мизин ууга сугартып,
Үзөнгү боосун бекитип,
Олоңдорун оңошуп,
Оронгунун тукуму,
Беш уруктун улугу,
Балтыкты карай чубурду.
Ашка келип түшкөндө,
Алды-артына көз жетпей,
Айткан менен сөз жетпей,
Жазгы келген келгиндей,
Кара таандай куйулду.
Алдынан тосо барышты,
Беш урукта беш улук,
Беш бөлүнүп түшкөндө,
Жасоолдор айта салышты,
Элиңдин саны канча деп.
Үй беребиз анча деп.
Минтип сурап калышты.
Оронгунун тукуму,
Баш улугу болуучу,
Кейпи суук бадирек,
Айтып турган кеби ушул:
- Алты жүз миң эл менен,
Алты миңче эр менен,
Аш берем деп чакырдың,
Айлыңа издеп мен келем.
Көкөтөйдөн ашында,
Ээси жоктой иш кылып,
Коңурбай менен Нескара,
Ороңу, Жолой дагы бар,
Мурадил, Уушаң бар анда,
Айтканындай иш кылып,
Сыр алдырып кыргызга,
Аты чыкса байге албай,
Эр сайышып чыгалбай,
Жөө күрөштө жыгылып,
Андан жана байге албай,
Мергендик кылып жамбы атпай,
Түп көтөрө кыргызды,
Айдап алып түз кайтпай,
Кетерде жылкы алыптыр,
Кектеп жүрүп Манасың,
Бейжинге колун салыптыр,
Сен көрбөгүн мени андай!
Эмне десең макул деп,
Акылыңа көнбөймүн,
Коногуңду жебеймин,
Түшпөй туруп атымдан,
Түп көтөрө алашты,
Айдап алып жөнөймүн.
Кыйынсынган кыргыздын,
Кыйындыгын көрөйүн.
Кылымдын баары чогулду,
Малы-башы – баарысын,
Камчыга ченеп бөлөйүн!
Деп Отур хан күүлөндү,
Ашка келген көпчүлүк,
Отордун көрүп түрпөтүн,
Үрпөңдөшүп коркушуп,
Урумдан келген усундар.
Кошула кетти чуу туруп.
Маңгыт , тыргоот элдери,
Таңгуттан ашка келгени,
Беш урукка кошулуп,
Караан болуп бергени.
Короосун, Испан, Индыстан:
«Кыргыздын бели бүгүлсө,
Кошулалы моңгулга,
Кийликпестен кирели,
Шибе, солон, манжуга».
Сөз байлашып Кеденге,
Оогандын эли абайлап
Аңдып турат бир жерде.
Истамбул, Багдат, мисирлик,
Кеңеше кетти биригип:
«Колдон кеткен Багдатты,
Алып берген Кененим,
Кара жанга күч келсе,
Душманга боосун чечтирбей,
Кыргыздын үйү токсон миң,
Биз кайтарып берелик,
Бириндеп кыргыз тараса,
Жан айабай кирелик,
Жер жүзүндө бендеде,
Баш кесер болбой моңгулдай,
Жан айап кайдан жүрөлүк,
Аб-Зейин бул элдин,
Кимге кимдер болушат,
Абдан байкап билелик».
Алар антип жатканда,
Токсон миң үйдө эр бүлө,
Бүт калбастан аттанды,
Ары-бери тынбастан,
Чапкан киши короктоп,
Найзалары сороктоп,
Катын-калач, жаш бала,
Эми кандай болот деп,
Ыйлаган бар шолоктоп,
Ошол кезде карасаң,
Кудай бетин көрсөтпө
Манастын уулу кара көк,
Башына сары чалынып,
Үстүнө кызыл жамынып.
Оозунан түтүн буркурап,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Отко койгон чайнектей,
Үн угулуп шыркырап,
Майтору менен аралап,
Топко кире бергенде,
Жарыла берди быркырап,
Тең жарылып турган эл,
Жайнай берди дыркырап.
- Сени менен урушуп,
Кан жаласам экен деп,
Алдап алып келбедим,
Аш берем деп кылымды.
Мен чакырып келгенмин,
Кастарлап келдим чакырып,
Кадырлап конок ашым же,
Өчөгүшүп болбосоң,
Өз башыңды азыр же!
Канасың абам Бактыбай,
Отор хандан башкасын,
Конокко бөлүп айдабай!
Бекбачадан кеп угуп,
Кырк уруу кыргыз айлына,
Бөлүп-бөлүп жөнөттү,
Айбаты элди колоту,
Бөлүүгө салды конокту.
«Өзүм кылган аш үчүн,
Өксөтсөм жакшы болобу?
Ашка кел деп чакырып,
Чыр чыгарды деп айтат,
Чатакташып Отор хан
Чатак тапты деп айтпайт.
«Аш берген киши айыпкер,
Той берген киши кылмышкер»,Байыркынын кеби экен».
Деп ойлоду Бекбача,
Отор ханды жүр деди,
Аркасында элдерин,
Жасоолдорду сүр деди,
Жасоолдору эл сүрүп
Чубап калды дүрдүгүп,
Улак тартып, кунан чаап,
Алдыман чыгып күтпөйсүң,
Аш жебеймин кыргыздан,
Мен айылыңа түшпөймүн.
Жойпулук кылып Бекбача,
Жойполоңдоп сен мага,
Кур кебиңе кубанып,
Алданбаймын мен сага!
Деп Отор хан ороңдоп,
Чылгый үйдүн терисин,
Толгоп өргөн камчысын,
Толгой кармап имерди,
Эр Бекбача баатырды,
Камчы менен жиберди.
«Калмакка камчы чаптырып,
Кантип жүрөм ат минип?!»
Асый өгүз терисин,
Алакан кылган булдурсун,
Кунуна уйдун терисин,
Бүлдүргө тарткан бүлдүрсүн,
Кайаша айткан катынды,
Кан сийгизген булдурсун,
Оңдой кармап алганы,
Ороңдогон Оторду,
Оройлото салганы.
Түшкөнү тийип бетине,
Төшжары жери тилинди,
Жакасы ылдый куйулуп,
Жаагы кетти кан жалап,
Эшик эндей териси,
Жаагында турат салаңдап.
Тартып алып камчысын,
Сооруга атын салганы,
Топоңдотуп кубалап,
Айдап жөнөп калганы.
Орун берип оңдурбай,
Көтөргөн үйгө кондурбай,
Кара суунун буткулга
Айдап барып салганы
Өлүүсүн бирдей үй,
Коногуна бергизди,
Көк жал тууган Бекбача,
Коржоңдогон Оторго,
Акимдигин билгизди,
Аңдап турган элдерди,
Ийинге баарын сийгизди.
Туу байлаган үйлөрдү,
Туш-туштан кошок кошушуп,
Атайлап айтып Манасты.
Баш коштурган алашты,
Байандап айтып ырчылар,
Баардык элди ыйлатты,
Эр Семетей, эр Сейтек,
Кененим төрө Сейитим,
Асыл бала арстанды
Эр Бекбача көк жалды,
Ак калпак кыргыз эл үчүн,
Айанбай кылган кызматты,
Биргелешип моңгулга,
Далайлардын келгенин,
Айыр түштүү жумур баш,
Адамзаттан артылып,
Көйкаптагы перинин,
Дөөлөрүн жеңип келгенин,
Канча жылы карчашып,
Кан кечишкен Калдыктын.
Кармап башын кескенин,
Айкөл Манас баштаган,
Өлбөй тирүү бар туруп,
Өзү менен кырк төрттүн,
Бүгүн ашын бергенин,
Кабар уккан калайык,
Калбай баары келгенин,
Көрүнө айтып жашырбай,
Чатакты Отор салганын,
Жок жеринен жаңжал таап,
Жарылып жаагы калганын,
Калгандардай күттүрбөй,
Сазга камап салганын.
Басса буту чылпылдап,
Олтурса куйрук чыланат,
Бул кордукту Отордун
Өзү таап алганын,
Ырчылар ырдап салыптыр.
Арданып Отор калыптыр.
Он күнү элди кондуруп,
Самоор менен чай койуп,
Куурдак менен май койуп,
Ичкен чайдын ичине,
Каймак менен бал койуп,
Үч күндө бирден коноктун,
Кир кийимин жуудуруп,
Жөнөтмөк болду аттарды,
Жеңишти карай чубуртуп,
Жасоолдору жакылдап,
Токтобостон жапылдып
Угузуп турат мамындай,
Оозун баспай шакылдап:
-Кырк беш атка байге бар,
Жүз миң алтын баш байге.
Он абасы, он беш миң,
Эр сайышат балбандан,
Даңк атакты алгандан,
Атка чыккан балбандан,
Кыргыз менен моңгулдан,
Жөө күрөшкө чыгаары,
Капыр менен мусулман,
Арап жактын элдери,
Көбүнчө төө мингени,
Он миң алтын байге алсын,
Төөсү чыгып келгени.
Күн батыштын элдери,
Уйга ынак деди эле,
Уй болсо чапсын мингени,
Уйдан чыккан жүйрүккө,
Он миң алтын берели.
Жорго салсын коо бузган,
Байге алсын алтындан.
Кеште ойносун билгендер,
Кер эсепке киргендер,
Утуп алган кишиге,
Санап үч миң алтын бер.
Кыдыртып көчсүн кумулак,
Бирин-бири кубалап,
Кумулагын ойносун,
Утуп алган азамат,
Колу куру болбосун,
Буга алтын миң болсун.
Ака чөлүм, чөбөрү,
Кара куйум, дүмпүлдөк,
Жылдыр токмок, дымбыр-дым,
Теке тырмыш, көл бука,
Балдар этек кармамай,
Кыргыздардын ойуну
Баары ойнолсун, бүт калбай,
Көк бөрү тартып теңге эңиш,
Эки жакка бөлүнүп,
Ойун ойноп жеңгенге,
Кур койбой алтын беребиз,
Санаты миңден кем эмес,
Коосунда калар кеп эмес,
Айдоого кетти сай буудан,
Санаты бир миң жети жүз,
Тандалып чыккан сап буудан,
Бактыбайдын алдына,
Барып турду Бекбача.
Эки колу боорунда,
Урмат салам айтканча.
- Келипсиң, иним кебиңди айт,
Келген иштин, жөнүн айт,
-Алдыңа келдим абаке,
Топчу кулак Кераттын,
Карып калган чагы эле,
Кошолу атка хан аке?
Топчу кулак Кераттан,
Өтөр күлүк элде жок,
Өрүү калган Кератты,
Өксүп калып баратса,
Өкүм күлүк тор аттын,
Өкүмүнө салаарбыз,
Өткөрүп байге аларбыз,
Майторуну чаппадым,
Элдин сырын байкадым.
Батыш менен чыгыштан
Аш берем деп чакырсам,
Келгендердин канчасы,
Аш көрөм деп келбеди,
Астыртан кабар алышып,
Илме-чалма сүйлөшүп,
Чаап алам деп келгени,
Чыгыштагы беш урук,
Усун, мангут, тыргооттор,
Таңгут ага кошулуп,
Коросон, Ооган, Испанга,
Кокусунан желберип,
Сен да бизге кошул деп,
Индыстанга дем берип,
Дайарданып жаткандыр,
Кадамебиз катпасын,
Желип чыгар ат калбай,
Отордун аты калганы,
Чубатууга салбады,
Көрүп тутуп абаке,
Майторуну чабамбы?
Кыйалыма бүккөнмүн,
Кызы талак Отордун,
Жекеге чыкса эрдемсип,
Кесип башын аларда,
Чыгыш менен батыштан
Түштүктөгү Индыстан,
Чогулушту он үч хан,
Жамандык келбейт биздерге,
Иран менен Арактан,
Мисир менен Басыра,
Бизге жакын чынында.
Жөө күрөшкө ар качан,
Индыстан Түктүүкурт,
Ошол чыгат жулунуп,
Жээниң Бозой абаке,
Барбай туруп албасын,
Башын катып кулуйуп,
Түктүү куртту мен көрдүм,
Ар кандай адам корккудай,
Түрү суук тулуйуп,
Эмчеги турат салаңдап,
Эки жашар баладай,
Кар жиликтин булчуңу,
Кысыр эмди танадай,
Алакандын бүлтөгү,
Эт чыгарган чарадай,
Соорусу менен далысы,
Тай чабуучу талаадай,
Отор чыкса сайышка,
Менден башка кимиң бар?
Түктүү курт чыкса күрөшкө,
Иним Бозой жетип бар,
Айтып болуп насаатты.
Коштоп алып Кератты,
Чубатууга салганы,
Майторуну чаппады,
Минген бойдон калганы,
Беш күн ара кондуруп
Жасоолдор атты айдады.
Атты айдатып жиберип,
Башка ойунду салганы,
Сайышка өзүм чыгам деп,
Отор чыгып калганы,
Оторду көрүп Бекбача.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 27
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.