Latin

Асылбача - Бекбача - 05

Total number of words is 4227
Total number of unique words is 2142
29.8 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
50.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ээрдин кесе тиштенип,
Кара жанган күч келип,
Кайраты артык Асыл эр,
Эңиш тартып жөнөдү,
Асыл келет жол менен,
Алда канча ой менен.
Түндө кеткен Бактыбай,
Бара жаткан жол менен,
Жедигердин кошууну,
Капташып калды жолуна.
Кужур-кужур сөздөрүн,
Тыңшап калса Бактыбай,
Жедигердин эли экен,
Тосо чыгып Бактыбай:
- Катын баасы баарыңар,
Караңгыда уурданып,
Кандай жүргөн чагыңар?
Ким да болсоң жашырбай,
Кебиңди айта салыңар!
Уга салып Каракөз:
- Үнү ачуу заар экен,
Кененим бекен, ким экен?
Ылаа деген немесин, Четке желип чык, -деди,
Кимдер экен сүйлөгөн,
Анын жайын ук, - деди.
Ылаа желип чыгыптыр,
Бактыбайдын жанына,
Барып айтып туруптур:
- Караңгыда калдырап,
Жолдо жүргөн сен кимсиң?
Келе жаткан көпчүлүк,
Хан Каракөз жедигер,
Муну абдан билгиниң!
Жедигер эли дегенде,
Оштоно сүйлөп Бактыбай,
Өтө болуп көөнү жай:
- Ким да болсоң, арачым,
Каракөзгө айтып бар,
Куру кетпей угуп кет,
Менин атым Бактыбай.
Бузуктун кирип тилине,
Бузулупсуң, жедигер,
Ар канча жаман болсо да,
Ар кимдин жакшы өз эли,
Хан Каракөз пейлинен
Жанганы жакшы эмеспи,
Ойлонсо айткан акылым,
Ойлонбосо Каракөз,
Өзү билсин акырын.
Ар канча жакын болсо да,
Кыргыз эмес кылымга,
Кылымдакы урууга,
Жакындашпайт калмактар,
Жедигер менен биздерге.
Айырмабыз канча бар,
Барган киши кайта бар,
Менин айткан кебимди,
Төкпөй-чачпай айтып бар,
Жалпы кыргыз туташып,
Биригели, тил алса,
Коросон менен испандын,
Кошуп алсын олжосун,
Болбой койуп Каракөз,
Өзү шылдың болбосун,
Кененим бүгүн өзү жаш,
Элүүгө толук чыккан жок,
Өзүн ээрчип урпагы,
Асыл болду кызыл чок,
Бекбача жатат былк этпей,
Бейлин көрдүм мен анын,
Берен болчу неме экен,
Баарысынан мыктысы,
Эре болчу эр экен,
Мага келип Бактыбай,
Арачы болот дебесин,
Коркуп менден жалтанып,
Салаачы болот дебесин,
Тил албаса Каракөз,
Жазасын колго беремин,
Курбалдаш элек бир элдик,
Айтпай койду дебесин,
Мында турбай кечигип,
Менин ушул бар кебим.
Ылаа кайта барыптыр,
Уккан-көргөн кептерин,
Түк калтырбай салыптыр,
Угуп алып Каракөз,
Санын чаап каткырып:
- Кара кыргыз Бактыбай,
Теңтуш киши кептенип,
Мага салам айттырып,
Бул кудайдын иши экен,
Жалгызектин Бактыбай
Качантан бери катарга,
Кошулушкан киши экен?
Айтса эле кеп экен,
Жөөлүгөн экен Бактыбай
Мени менен тең бекен?!
Деп каткырып бир далай,
Аскерин карап сурданып:
- Кимиң барсаң аның бар,
Жөөлүбөсүн Бактыбай,
Жолумда турбай жоголсун,
Дөөрүбөсүн Бактыбай,
Жөнү менен тим болсун!
Деп айттырып Каракөз,
Жана кайра кеп кылса,
Башын алып кел, деди,
Тотой деген бар эле,
Толуктун бири ал эле.
- Тотой балбан барып кел,
Кетсе койгун эркине,
Кеп талашса кержеңдеп,
Башын кесип алып кел!
Күүлөнүп Тотой барыптыр,
Каракөз кебин салыптыр,
Хан Бактыбай карарып,
Ачып көзүн каранып,
Алдыңкы ээрдин жаланып,
Туз таткандай тамшанып:
- Каракөздүн кеби деп,
Айтып келген сенби? – деп,
Кызыталак жедигер,
Акимди кырып тилине,
Алжып бокту жедиң, деп,
Ал айтканың чын болсо,
Келген экен эбиң! – деп,
Найзасын алды колуна,
Сайар жерин белгилеп.
Бактыбайдын өңдөрү,
Карасур тартып көрүнүп,
Каар жүзүнөн төгүлүп,
Манастап ураан чакырып,
Тоодой болгон Тотойго,
Токтобой тийди качырып.
Камындырбай Тотойду,
Как жүрөккө муштады,
Муштаганда найзасы,
Кыр аркасын талкалап,
Аркасынан чыкканы,
Мына минтип Тотойго,
Найзанын канын чыктады.
Караңгыда ким билди,
Манас деген үн билди,
Жедигердин өлгөнүн,
Ал караңгы түн билди.
Жалгызектин Бактыбай,
Жалаң кылыч колго алып,
Калың жерге жол салып,
Кырын бузбай кыйратып,
Кызыл канды агызып,
Сабын бузуп бөлүнтүп,
Чар тарапка капканын,
Кездемедин боосун чубалтып,
Баш аламан суналтып,
Жеткенин сайын ыргытып,
Көгүчкөндөй зыргытып,
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Окчундап качкан немесин,
Кетирбеди Бактыбай.
Жебеге керген ок жетип,
Жети-сегиз немеси,
Катары менен тең кетип,
Топчу кулак кер аты,
Тулпарлыгы билинип,
Тууралап качкан немеси,
Найзага калды илиниип,
Мен-мен деген жедигер,
Как боорунан тилинип,
Жалгызектин Бактыбай,
Баатырлыгы билинип,
Жедигердин Каракөз,
Бактыбайга кездешип,
Батынып найза сала албай,
Айбатынан аптыгып,
Бута атым жакын бара албай,
Байкап көрсө кошуунун,
Туу кармаган зорунан,
Миң кишинин чоңунан,
Алты киши жок турат.
Амалы кетип алдырап,
Тил байланып жалдырап,
Кара тумоо болгондой,
Мууну кетип шалдырап,
Барабанын тарттырып,
Айласы кетти калдаңдап,
Барабан үнү чыкканда,
Туруп калды Бактыбай,
Каракөз турат далдаңдап,
Саранжа менен Көкбөрү,
Булардан кабар угалбай,
Тете менен Саладан,
Андан кабар ала албай,
Же качуунун эбин таба албай,
Тел музоо болуп турганда,
Тете менен Саланы,
Орунбайдын миң балбан,
Ойронун элдин чыгарып,
Коросон менен испанды,
Койбой айдап алыптыр.
Аңгычакты болбоду,
Калмактар келди анталап,
Аркасынан Асыл шер,
Келе жатат канжалап.
Төрт урук эли бет келди,
Мен-мен деген эрлериң,
Сынала турган кез келди.
Баатыр Асыл Бактыбай,
Орунбайдын миң балбан,
Четке чыккан немесин,
Миң балбан турат бастырбай,
Калың жерин аралап,
Асыл менен Бактыбай,
Тете, Салаа, Каракөз,
Кийимин башка которуп,
Ат бастырып чыга албай,
Бети калың ултаңдар,
Минтип калды уйалбай.
Каңгайлардын Саранжа,
Башы бышкан түгөнгүр,
Канча карчаш мындайда.
Кабар уккан калың эл,
Кабар алып алдыртан,
Ар бир эрдин башына,
Бирден тайар ат турган,
Алтымыш менен он бештин,
Ортосунда калбаптыр,
Кабар уккан кыргыздан.
Келген элдин ичинде,
Найза сайар мыктуу бар,
Балта чабар ыктуу бар,
Чокмор менен шыктуу бар,
Мылтык аткан мерген бар,
Жаага огун керген бар,
Сойулга андес тыңдуу бар,
Билеги жоон балбан бар,
Бири онду жеңген бар,
Ала көөдөн дардаң бар,
Ар бир кылда адам бар,
Капкачандан бер жакка,
Бук болуп жаткан кыргыздар,
Кой деген киши болбоду,
Кой дегенге болобу?
Тополоңдоп тоз болуп,
Топурак учуп боз болуп,
Каптап кирди кыргыздар,
Жалындап күйгөн от болуп,
Чуңкур чуңкур жерлерге,
Көлчөк болуп кан толуп.
Беш уруктун элдери,
Ажал алып жакадан,
Айдап мында келгенби?
Кантер айла таба албай,
Акылы кетип сенделди.
Күмбөзгө барып Кененим,
Амандыгын билгенде,
Карабуура, Чаткалдан,
Айланып кайта жүргөндө,
Тажиктердин Көкбөрү:
“Кезеги эми келди – деп,
Кененим коркуп коргондон,
Чыкпай койду билдим” деп,
Чымырканып чыйралып,
Үйдөй чокмор колго алып:
“Ачып көздү жумганча,
Мен күмбөзгө барайын,
Чокмор менен талкалап,
Топурагын тоз кылып,
Оорагымды чыгарып,
Күмбөздү бузуп салайын”
Дегендерди ойго алып,
Күркүрөгөн чоң тажик,
Күжүлдөп келе жатканда,
Аркасында кошууну,
Дүрүлдөп бара жатканда,
Эр Кененим көп колго,
Капташып калды Саздаңда.
Карасуунун боткулу,
Камалып калды буткулга,
Тажиктердин көп колу,
Арстан туулган Кененим,
Ат, кийими баарысы,
Тажиктин эли экен деп,
Атынан айтып акырды,
Көкбөрү, деп чакырды,
Баатырдын үнүн укканда,
Күркүрөгөн Көкбөрү,
Акылынан шашылды:
“Үнү ачуу заар экен,
Көрбөдүм эле уккан кеп,
Бул Кененим өзү экен,
Бетке чыксам белсенип,
Далайды алган эңшерип,
Мен өлөмбү тепселип,
Темирбек атам кептенип?
Арзан өлүп бербейин,
Кун аламын деп келип.
Белди берип аскерге,
Каптатып ийип Кененге,
Кайра тартып барайын,
Ар кайда кеткен бектерге,
Бел байлайым деп туруп,
Мен өлбөйүн бекерге.
Бектер менен биригип,
Беш урук бирге болгондо,
Биз жарайбыз керекке.
Бул жерде жалгыз мен өлүп,
Теңдеше албай Асылга,
Саранжа калмак ал өлүп,
Тете, Салаа дагы өлүп,
Хан Каракөз кошулуп,
Калбай хандын баары өлүп,
Маңгыттан келет хан Калдык,
Адашып жүрүп ал өлүп,
Беш жылга уруш узарбай,
Биз калбайлы түгөнүп”.
Акылын ойлоп аныктап:
- Таабалды баатыр кана? – деп,
Атынан айтты бакылдап.
Хан чакырды мени, деп,
Мен угайын кебин, деп,
Таабалды келди энтелеп.
- Сен Таабалды эр элең,
Мен Көкбөрү хан менен,
Оорагың элге тең элең,
Жыгылар жерде Таабалды,
Жөлөк болор дээр элем.
Кененимге барып кел,
Кесип башын алып кел,
Көөкөргө канын куйуп кел,
Жүрөгүн кошуп сууруп кел,
Ак калпак кыргыз дегендин,
Заманасын кууруп кел,
Бар дебедим Асылга,
Мындан мурун сени мен.
Асыл өзү жаш бала,
Таанылбаган башкага,
Оорагың сактап, Таабалды,
Жумшабадым мен ага.
Деп Көкбөрү айтканда,
Өзүнөн өзү шаттанып,
Көйрөңсүнүп мактанып,
Жүрүп кетти аттанып,
Кетип барат күүлөнүп,
Кененимдин мен башын,
Келемин деп байланып,
Аңгычакты Көкбөрү
Аскерди тур деп камданып:
- Алып келсе Таабалды,
Сүйүнчү улак тартыңар,
Кыргыздын кымбат кыздарын
Бирден алып жатыңар,
Алдырып койсо Таабалды,
Мылтык менен атыңар,
Жебени чендеп тартыңар.
Кененимди кулаткын,
Төрт бутка атып кула атын,
Бастырбай сазга сулаткын,
Буйругумду кылгын, - деп,
Оозунан бурап көк түтүн,
Айтып турат Көкбөрү.
Айал-үйөл кылбады,
Таабалды карап турбады,
Көкбөрү мактап койгонго,
Көөп кеткен турбайбы.
Көкжал төрө Кененим,
Көөпайды карап турганы,
Күркүрөгөн Таабалды,
Күүлөп найза сунганы,
Ак жолборстой Кененим,
Таабалдыны найзасын,
Учунан улай кармады,
Кармаганча Кененим,
Найзаны тартып алганы.
Оңдоп кармап имерди,
Өткүр тууган кара көк,
Өз найзасын бооруна,
Таабалдыга жиберди,
Ээси экенин Таабалды,
Өткүр найза билбеди.
Жүрөгүн найза аралап,
Жүлүндөн чыкты жаралап.
Таабалдынын найзага,
Илип алды Кененим,
Аскери кылды тажиктин,
Көкбөрүнүн дегенин,
Жамгырдай кылып жаа тартып,
Мөндүрдөй кылып ок атып.
Мылтыктан жалын чыккан жок,
Боздоп учат аткан ок,
Зыркырап үнү бир башка,
Ташка жанып каккан ок.
Топурак учуп боз болуп,
Токтобой тоолор козголуп,
Суу чайкалып чулкулдап,
Ак сазаң балык жылтылдап,
Кара суунун буткулда,
Жайнап жаткан канаттууКаз-өрдөк учуп каркылдап,
Аңыр учуп аңкылдап,
Каракунас, көк кытан,
Таманын суудан тарта албай,
Канаттары салпылдап,
Асманга учуп чыга албай,
Суунун бети шарпылдап,
Коргошун, коло, чойун ок,
Сууга түшүп чулпулдап,
Алай-дүлөй тарсылдак,
Баш аламан барсылдак,
Очогор үнү зүңкүлдөп,
Жер айрылып дүңкүлдөп,
Бараңдын үнү барсылдап,
Ашкере үнү таанылбай,
Кулак тунган карсылдак.
Тажиктердин Көкбөрү,
Аскерине билинбей,
Аркада калган элдерди,
Издеп кетти салпылдап,
Сиркенин Сары талаада,
Жеткен жерде Көкбөрү,
Капташты кара балаага.
Муну мындай таштайлы,
Кара нээт хандардын,
Чогулганынан баштайлы.
ЧАПКЫНЧЫ ХАНДАРДЫН ЧОГУЛУШУ
Бактыбай келе жатыптыр,
Топчу кулак кер атчан,
Бактыбайды көп уккан,
Тажиктердин Көкбөрү,
Көп укканда бек уккан,
Атасы Темир өлөрдө,
Тажиктерди Бактыбай,
Кырып кетти деп уккан,
Угуп жүргөн баатырга,
Өзү келип жолуккан.
Баатырдын бири Бактыбай,
Көкбөрүнү көргөндө:
- Алда кандай адам-деп,
Ат-тону бөлөк не жан, - деп,
Алда кайда барасың?
Калдаңдаган караан? – деп,
Алдын тосуп сурады,
Куучудай болуп кубулуп,
Кулжуңдаган Көкбөрү,
Сакалы жок ээгинде,
Мулжуңдаган Көкбөрү,
Мойну бүкүр дүм далы,
Култуңдаган Көкбөрү,
Өзүнүн кебин эп көргөн,
Чултуңдаган Көкбөрү:
- Карбалас бара жатканда,
Капташып кара талаада,
Жолумду тосуп кеп сурап,
Жолтоологон ким элең?
Кененимди өлтүрүп,
Күмбөздү чагып салгын, деп,
Колду анда түшүрүп,
Кабар айтып хандарга,
Арка жакта калганга,
Келе жаткан мен элем,
Тажиктин элин башкарган,
Көкбөрү деген эр элем.
Кабар айтам элдерге,
Тете, Салаа, Каракөз,
Саранжа деген эрлерге,
Сен качкан кыргыз болбогун,
Жүрүпсүң жалгыз бул жерде,
Олжо кылып атыңды,
Коштоп ала кетейин,
Куру барбай хандарга,
Соогатына берейин!
Опураңдап Көкбөрү,
Токтоно албай удургуп,
Топураңдап Көкбөрү,
Ичи жалын, боору чок,
Күйүп барат Көкбөрү.
Анда айтат Бактыбай:
- Арам айбан алаңдап,
Эки бутуң салаңдап,
Өңдөн азып кетипсиң,
Каның качып саруулап.
Менин атым Бактыбай,
Далай күндөн бер жакка,
Болбой жүрдүм көөнүм жай,
Атыңды коштой барайын,
Кененимге кур барбай!
Дегенче кайран Бактыбай,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезгерип найза чунайтып,
Топчу кулак кер атты,
Аркадай кылып чуратып,
Артынан чаңды чубалтып,
Ээрдин кесе тиштенип,
Мас болгон нардай эстенип,
Тажиктердин Көкбөрү,
Кара жанга күч келип,
Качырып кирди бу дагы,
Бактыбай деген кепти угуп,
Албан-албан бууланды,
Качырышып сайышып,
Найзаларын кагышып,
Бир беттешип алышып,
Белдүүлөр кайра жанышып,
Салгылаша киришти,
Кайта-кайта салышып,
Элебей булар калыптыр,
Маңгыттардын хан Калдык,
Ошондо жете барыптыр,
Кошууну артта калыптыр.
Көкбөрү деген кепти угуп,
Жолдошум менин экен, деп.
Манас деген кепти угуп,
Жоолошум менин экен, деп,
Кимисин сайып ким алат,
Көрүп турсам бекен, деп.
Көп кыйлага туруптур,
Көмө сайып Бактыбай,
Көкбөрүнү жыгыптыр.
Алар антип жатканда,
Бактыбайды табам, деп,
Кайда кеткен агам, деп,
Асыл келип туруптур.
Көкбөрү аттан жыгылса,
Качырып кирди хан Калдык,
Темир кызыл ат менен,
Атасы өткөн Саламат,
Как ошондой салт менен.
Каргадай сызып хан Калдык,
Бактыбайга жеткени,
Топчу кулак кер аттан,
Аңтара койуп өттү эми.
Көкбөрү менен Бактыбай,
Аттарына жабышты,
Асыл менен хан Калдык,
Карсылдашып салышты,
Кайраттуу эрлер табышты,
Ойуна алды Көкбөрү,
Калгандарга барышты,
Карап турбай Бактыбай,
Күмбөздү карай салышы.
Кептештен чыккан Чаткалда,
Карасуу чалчык саздаңда,
Мылтыктын үнү тарсылдап,
Кызыл жалын от чыкты,
Алоолонуп асманга,
Өлүмдөн коркпос баатырлар,
Айтылып калды дастанга,
Келе жаткан Бактыбай,
Желип чыкты капталга.
Он сегиз миң кол экен,
Тегеректеп алыптыр,
Кең кула жатат дардайып,
Ойротто жок Кененим,
Жөөлөп жалгыз калыптыр,
Арстанды көрүп Бактыбай:
“Атанын арман күн бул, ай,
Ай, караңгы түн бул, ай,
Ак калпак кыргыз элине,
Арылгыс мындай муң бул,ай!”
Дегенди алып ойуна,
Өлөмүн деп санабай,
Өзүнүн жанын айабай,
Асман тиреп өрттөнгөн,
Алоолонгон жалында,
Кылчайып артын карабай,
Олуйа Кошой асынган,
Койчагырды колго алды,
Куржун башы дарыны,
Кур дедире куйганы,
Колодон кылган сүмбөнү,
Колдурата урганы.
Машаага милте илинди,
Бир атканда Бактыбай,
Ара жери коо болду.
Кеңдигин өлчөп караса,
Тай жарышым жол болду.
Топтоп турган тажиктин
Миңден ашык немеси,
Бир ок менен жоголду.
Уланта куйуп дарыны,
Чачыратма ок салды,
Койчагырды Бактыбай,
Окчо кармап бетке алды.
Асманда түтүн бур деди,
Тажиктин эли чур деди.
Бир тарапта кошуундан,
бирөөн тирүү койбостон,
Жоготуп кетти бул элди.
Кененимдин жанына,
Бактыбай жетип келгени.
Анда айтат Кененим:
- Колго түшпөй Сыр коргон,
Аман барбы кыргызда,
Аны, баатыр, билдиңби?
Анда айтат Бактыбай:
- Коргондон болгун көөнүң жай.
Маңгыттан келди хан Калдык,
Асыл шер калды арбашып,
Ой-тоодон калбай, кыргыздар,
Бүт келиптир чубашып.
Сиркенин сары талаада,
Кыргын болду көпчүлүк,
Суу ордуна кан агып,
Өзүңдөн кабар алам деп,
Келе жаткан кезимде,
Көкбөрү калды капташып.
Өөдө-төмөн кеп айтты,
Өлтүрүп келдим, деп айтты,
Өлдү деп угуп өзүңдү,
Жаш кылып эки көзүмдү,
Апкаарып андан качпадым,
Аңтара сайып таштадым,
Жана айланып сайгынча,
Хан Калдыкка капташтым.
Аңтара сайды хан Калдык,
Ажыратты эсен-сак,
Асыл келип капташып.
Көкбөрү кетти ар жакка,
Мен келдим, баатыр, сиз жакка,
Аман барбы күмбөзү,
Айкөл шердин бул жакта?
Кененим айтат ошол чак:
- Күмбөздү турдум мен сактап,
Күмбөзгө киши барбады,
Кептештен чыгып капташып,
Көрүп калдым буларды.
Далайга аты угулган,
Жекеге чыкты Таабалды,
Абакең аны жайлады,
Камындырбай тажиктер,
Барсылдакка алганы,
Алдымдакы кула аттын,
Шыйрагына ок жанды.
Дарылап таңдым шыйрагын,
Үпчүнү жаап үстүнө,
Жаткырып койдум Куланы.
Кеңкула атты көтөрүп,
Мен күмбөзгө барайын.
Бүт дүйнөгө Манастын,
Көрүнө ошол белгиси,
Кула аттын бутун дарылап,
Сарайды сактап турайын.
Кайта тартып коргонго,
Бактыбай, баатыр, сен баргын.
Ак калпак кыргыз элиң бар,
Аркаңда Асыл иниң бар,
Кененимдин айтканын,
Баарың акыл алыңар.
Бекбача балам чыкпасын,
Азыр болгун баарыңар,
Аганын жолун талашып,
Атага наалат келтирип,
Шылдың болуп албаңар,
Качып душман жөнөсө,
Артынан кууп барбаңар.
“Ачуу – шайтан, акыл – дос,
Акылыңа акыл кош”
Арзан эмес ушул сөз,
Унутуп муну калбаңар.
Деп Кененим кеп айтып,
Бактыбайды узатып,
Кеңкуланы жетелеп:
Арка буттун шыйрагын,
Толорсуктун алдынан,
Ок сындырган эмеспи,
Элебей калып Кененим,
Түрүлүп калып үпчүнү,
Жүйрөн дөөнүн тилин жеп,
Жан-жаныбар чыккан чөп,
Аркайган тоо, аккан суу,
Тилин билет Кененим,
Жетелеп жолдо баратып,
Мыдыраган жаныбар,
Жайнаган чөп баары бар,
Кебин тыңшап баратат,
Башында жашыл бүрү бар,
Бир жалбырак чөп айтат:
- Менден тапса жетини,
Он төрттү берсе атына,
Күн он бешке толгондо,
Болобуз даба дартына.
Ажырык деген бир чөп бар,
Башы келбейт керекке.
Түбүндөкү тамырын,
Казып атка жедирсе,
Сөөгү бүтөт эт толот,
Кулун кездей сак болот.
Ошондон казып бербейби,
Минген күлүк тулпары,
Асыйы он беш келбейби,
Келмек тургай он бешке,
Карыбастан жүрбөйбү.
Угуп алып Кененим,
Үзүп алды гүлдөрдү,
Ажырыктын тамырын,
Казып кошуп жедирди.
Он беш күндө сак болду,
Нык семирип, карк толду.
Муну мындай койолу,
Асыл шердин жанында,
Эми азыраак бололу.
Асыл менен хан Калдык,
Күнү-түнү салышып,
Болотторду талкалап,
Болушунча чабышып,
Найзасында уч калбай,
Балталарда курч калбай.
Кылычта кесер миз калбай,
Эрдин колу шал болуп,
Кайрат кетип дал болуп,
Бири-бири ала алалбай,
Айла калбай шай болуп,
Эрдигине Асылдын,
Хан Калдык турду таң болуп,
Сын табалбай Асылга,
Айланып башы маң болуп:
- Атыңды сурап билбедим,
Сен сурап мени билбедиң,
Бендеден сендей көрбөдүм,
Көөнүм даттап кирдедим,
Афырыка, Йавропа ,
Арасында жүргөмүн,
Менмен деген чанданды,
Мен найзага илгемин.
Өзүмдүн атым хан Калдык,
Көкбөрү киши жиберди,
Атайын мага кат жазып,
Кырк миң аскер колго алып,
Ошол үчүн келгемин,
Атыңды айтчы, жаш жигит,
Ким экениң билейин.
Атамдын аты Саламат,
Кабаттап канча эр сайдым,
Эмгиче аттан кыйшайып,
Болгонум жок жаман ат,
Атаңды айт, атыңды айт.
Антип сурап турганда:
- Түп атам Манас угасың,
Неге эмнеден сурадың?
Өз атам аты Сейити,
Жыйырма экиде жаш кетти,
Чоң атамдын колунда,
Эркин өсүп чоң болдум.
Чоң атам аты Кененим,
Жер жүзүнө дайындуу,
Жалаңгыч сарык дегенин,
Атым Асыл дегенмин,
Кат жазды деп Көкбөрү,
Эми неге сен келдиң?
Угуп Калдык оолугуп:
- Кененим атам дегениң,
Канжардай тийет маа кебиң!
Саламатты Кененим,
Өлтүрүптүр башында,
Мен билбепмин ал кезде,
Өзүм кичик жашымда.
Көк бөрүдөн кеп уктум,
Саламатты Кененим,
Өлтүргөнүн мен уктум.
Калмак, тажик, коросон,
Испан менен Жедигер,
Биз барабыз кыргызга,
Сен да келгин деп уктум.
Коросон менен испандын,
Баш көтөргөн кишисин,
Койбогон экен Кененим,
Калмак менен тажиктин,
Ханы менен карасын,
Койбогон экен Кененим.
Жедигердин элине,
Хандыгын колго бербептир,
Кыйаздан кийин жедигер,
Ээ болобуз элге деп,
Айтууга алы келбептир,
Өзү билип Кененим,
Өз элиңе ээ бол деп,
Теңдик кебин бербептир.
Маңгыт биздин эл экен,
Көп жерди билип башкарган,
Бадыкөл деген эр экен,
Каракалпак, түркмөнгө,
Катыштың деп шылтоолоп,
Манасың сойгон кеп экен.
Бадыкөлдөн Мадыкөл,
Жалгыз көздүү бенде экен,
Жалгыз көзү бар үчүн,
Желмогуз менен дээр экен.
Каракалпак эли үчүн,
Мадыкөлдүн Семетей,
Башын кесип кетиптир,
Минтип түпкө жетиптир.
Мадыкөлдөн Сарыбай,
Суурула чыгып башкадан,
Ат жетер жерге эр койбой,
Сарыбай баарын жалмаган,
Кыргыздын угуп кылганын,
Эки атасын өлтүрүп,
Маңгыттарды кырганын,
Шайтаны мунун кармаган,
Денеси таштан жаралган,
Ок өтүп найза тешпеген,
Чапса кылыч кеспеген,
Чокмор тийсе башына,
Жарылып сөөгү кетпеген,
Жетимиш миң кол айдап,
Ойунда бар Сарыбай,
Семетейден өч алмак,
Жедигерди аралап,
Семетейдин кишиси,
Карадөөнү жалмаптыр,
Таласты карап кошуунду,
Кондурбастан айдаптыр.
Карыйа Бакай, Семетей,
Гүлчөрө менен Сейитек,
Каршылашып салышып,
Сарыбай дөөгө чогулуп,
Алы келбей албаптыр,
Айчүрөк барып ошондо,
Кайыпдаңдын кыз балбан,
Куйалыны алдаптыр.
Куйалы келип жардамга,
Сарыбай менен Куйалы,
Канча сапар сайышкан,
Жанжүрбөстүн кумдарда.
Манастын сыйкыр Сырнайза,
Таш жарылат тик сайса,
Сарыбайды Таласта,
Кыз Куйалы жайлаптыр,
Манастын сыйкыр найзасын,
Кызыл канга майлаптыр.
Сарыбайдан Саламат,
Канча жылы кыргызда,
Бирге жүргөн аралаш.
Семетейдин кызы деп,
Калмактан багып кыз берип,
Саламатты алдаптыр,
Кыйа басып койдуң, деп,
Жалаңгыч сарык жалмаптыр.
Саламаттан мен элем,
Эчтемени билбепмин,
Кыргызды коргоп жүрчү элем,
Көкбөрүдөн кеп угуп,
Болгон ишти бүт угуп,
Мында келдим хан Калдык,
Эми каның аксын жошулуп!
Менин атым хан Калдык,
Төрт атамдын кунун кууп,
Мен кетемин кек алып.
Тете, Салаа тегим бар,
Саранжа менен Көкбөрү,
Жөлөнө турган белим бар,
Хан Каракөз дагы бар,
Алты түркүм элим бар,
Эминеден кебим бар?
Колумда кошуун түгөнсө,
Жайнап жаткан алты урук,
Жаандан ашкан элим бар,
Ак калпак кыргыз сен тургай,
Мен кытайды бузар демим бар!
Санаадар кылам карыңды,
Саргартамын баарыңды,
Кетиремин арыңды,
Айдап кетем малыңды,
Артып кетем калтырбай,
Алтын-күмүш зарыңды!
Бошотомун муунуңду,
Кул кыламын уулуңду,
Күң кыламын кызыңды,
Бүтүрөмүн ишиңди!
Кызыл муштум балаңдан,
Калтырбаймын мен андан!
Ала тиктеп койгондун,
Жазасын колго бербесем,
Талпагын ташка кербесем,
Коргонуңду бузбасам,
Коморуп баарын таштасам,
Күмбөзүңдү чакпасам,
Күлдөй кылып жанчпасам,
Эдебиң берип колуңа,
Эсебиңди таппасам!
Кутурдуң, кыргыз, канча жыл,
Дүмүрүңдү казбасам!
Манас туулат экен, деп,
Алооке сага кылганды –
Бооз катының чогултуп,
Боздотуп кардын жарганды,
Үч үйгө бирден кечилди,
Башын койуп тыйганды,
Как ошондой кылбасам,
Хан Калдык атым курусун!
Канабы менин мудайым,
Санаага койдой чубуртуп,
Он эки менен алтымыш,
Ортосунда кишимди,
Өз ойумча кырбасам!
Катын менен кызыңды,
Олжого алып нетебиз?
Кай муратка жетебиз?
Ичегисин иймелтип,
Ийри-буйру чиймелтип,
Жарып салып кетебиз!
Асыл айтат мындай кеп:
- “Жесе дагы жебесе,
Бөрүнүн оозу кандуу”, деп,
Байатан, Калдык, сен айттың,
Ата-баба баарыңды,
Койбой кесип башыңды,
Алып көнгөн мен бармын.
Алты урук эли келипсиң,
Алың келбей баратса,
Тилиңди алар кишиге,
Такыр кабар бергиниң,
Кимдер канчык, ким жолборс,
Сен ошондо билгиниң.
Карылардын макалы,
Кезеги келди, айталы:
“Бака секирип түшөт изине”,
Элден калган ылакап,
Мактанасың күпүлдөп,
Туруп алып, сен акмак,
Атаңдан калган мурасың –
Ашөпкө айтып кеп сатмак.
Менин ата мурасым –
Кыйа баскан кишиден,
Башын кесип кек алмак.
Алты эмес он урук,
Орус, ойрот кошулуп,
Баарың келгин чогулуп.
Жалынып барып алдыңа,
Кол куушуруп турбаймын,
Айкөлдүн турат арбагы,
Өлүп кетсем мен сенден,
Дегеле арман кылбаймын,
Жалынбаймын бендеге,
Жанымды айап калбаймын,
Алашка келген селдерге.
Үйөр агып сел келгин,
Үй токтоткус жел келгин,
Асман тиреп от келгин,
Жайнаган кызыл чок келгин,
Жаным тирүү турганда,
Жалтанаар бекен дебегин,
Сен хан Калдык тургайлык,
Сендейден келсе сексени.
Көп экен саны дебеймин.
Бириңди бирге кошпоймун,
Ата-бабаң жолун кууп,
Ажал алып жакадан,
Ашыгып келген окшойсуң,
Тете, Сала дегениң,
Сен бел болот деп жүрсөң
Мен киши-миши дебеймин!
Кан Каракөз дегениң,
Караанга келген көлөкө,
Саранжа менен бул экөө.
Тажиктердин Көкбөрү,
Канчык иттей кылчактап,
Койондон коркок бултактап,
Ошолорго тиштенип,
Убара болгон сен акмак!
Алың келсе канчага,
Айанбагын маңгытын,
Алың келсе узартып,
Урушуңду арбыткын!
- Маңгытым деп айткындай,
Кулуң беле маңгыттар?!
Деп арданып Калдык хан,
Найзасын алып чакыйып,
Чакчырылды ардыктан.
Асыл айтат ошондо:
- Кул эмей, маңгыт, бай белең?
Көөнүң куунак жай белең?
Башың ачык бош белең?
Баштана көөнүң кош белең,
- Маңгытым деп айткандай,
Менин ыгым жок белем?
- Сенин атаң Саламат,
Сандалып жүрдү ат токуп,
Күйөөмүн деп бүжүрөп,
Көтөрүп жүрдү күл төгүп,
Элден ашкан этти жеп,
Илик алган киши жок,
Аны келип кетти деп.
Өлтүрүптүр Кененим,
“Кул кутурса кузгунга,
Жем болот” – деген ушул кеп.
Сен жүрүпсүң ойуңда,
Башым ачык баймын деп,
Жолум ачык шармын деп,
Тарпың калсын талаада,
Сүйрөп жүрүп, кажыр жеп!
Деп айтканга хан Калдык,
Каарын салып арданып,
Жан алуучу зар салып,
Ууга чылап суулаган,
Өткүр найза карманып,
Темир кызыл ат менен,
Теминип кирди жээлигип,
Карап турат Асыл шер,
Күлүк аттай элирип.
Качырып найза сайышып,
Сайдырбастан кагышып,
Балта менен койушуп,
Колтуктарын чойушуп,
Булкуп-жулкуп тартышып,
Соотторун булушуп,
Үзүлгөнүн ыргытып,
Этектен түрө кармашып,
Үзөңгү боого салышып,
Бардык күчүн арнашып,
Билектердин териси,
Кызыл ала сойулуп,
Кызыл кандар куйулуп,
Майтору менен Темир көк –
Эки тулпар жарышып,
Капталдашып кагышып,
Чаптап койгон немедей,
Ээрге көтү жабышып,
Эңишке кире бергенде,
Алдындакы тулпардын,
Эликтей колу сайылып,
Асылбача , хан Калдык,
Этектери жайылып,
Өргө салган салышта,
Тулпар тердеп былчылдап,
Куйкалары курушуп,
Азуулары кычырап,
Күнү күнгө уланды,
Күндө тыным албады,
Түнү түнгө жалганды,
Жамбаштап уйку албады,
Асманда учкан канаттуу,
Адырда жүргөн кайберен,
Аңкайып баары таңданып,
Адамзаттан туулуп,
Айтпай кантип турамын,
Мындай чыккан балбанды!
Бири кыргыз, бир маңгыт,
Намыс үчүн тер агып,
Амал кетип, ал кетип,
Көз акыйып, шай кетип,
Хан Калдык турду маминтип:
- Мен элимден чыккалы,
Далай өткөн күн болду,
Күн айланып түн болду,
Эрте басып кеч жатып,
Уйкум жакшы канбады,
Кардым ашка тойбоду,
Аркамда калган аскердин,
Келер маалы болгону.
Уруксат бер кетейин,
Аскерге барып жетейин.
Элиңдин четин бүлүнтүп,
Калба салып жүрбөсүн,
Темир тоонун сыртына,
Тегеретип түшөйүн,
Чакырган мени беш урук,
Алардын жообун күтөйүн.
Чогулушуп баш кошуп,
Чогуу хандар бир болуп,
Салгылашып көрөлү.
Кеп талашып жүрбөдү:
- Барсаң, мейлиң бар, -деди,
Эрегишсең эрмин деп,
Эңишип келе бергин,-деп,
Эрдикке алың келбесе,
Кабыргаң менен кеңешип,
Ачык жообун бергин, - деп,
Калдыкка берип уруксат,
Карап асыл турбады,
Калган элге бет алып,
Майтору башын бурганы,
Атадан калган белек, деп,
Ак калпак кыргыз журтуна,
Ар качан коргон керек, деп,
Жер чаңдатып ат койуп,
Жүрүп кетти шарт койуп,
Хан калдык кетти элине,
Ичине кызыл кан толуп,
Жүрөгү кирдеп дат болуп.
Бара жатса талаада,
Кайкаган кошуун көрүндү,
Чаң созулуп абага,
Тердебеген темир көк,
Тердебеген ат менен,
Хан Калдык жетти аларга,
Аскерге кирип аралап,
Сурады алын чамалап,
Сураган киши кеп айтат:
- Жолуң болгур! – деп айтат,
Куралып келип беш улук,
Камалып жатып кыргызга,
Канча миң аскер кырылып,
Качып келе жатабыз,
Хан Калдык маана болот, деп.
Калбай такыр чубуруп,
Таластан чыктык таң ата,
Кызыл канга жуурулуп.
Хан Калдык сурап кеп угуп,
Ого бетер башы ооруп:
- Баш кишиңер кайда? – деп,
Мен барамын анда, - деп,
Антип сурап калганда,
Сураган киши кеп айтат:
- Балбандык кийим хан таажы,
Баарысы калды катылып,
Кара аскердин катары,
Элге келет жашынып.
Алдыңкы өткөн кездерде,
Имиштен уккан кептерде,
Карахан кызы Каныкей,
Атка үпчүн жасаптыр,
Көкөтөйдүн ашында,
Алмамбет жапса атына,
Коңурбай тааный албаптыр,
Укмушташып угушуп,
Атка үпчүн жабышып,
Келе жатат эл менен,
Жашырынып алышып,
Тете, Салаа, Саранжа,
Тажиктердин Көкбөрү –
Ар амалы көп бөрү,
Тарашанын сыртында,
Талдынын бойу кырчында,
Үчкө бөлүп аскерди,
Коргон менен күмбөзгө,
Эки хан эли бар, деди,
Каңгайдан келген Саранжа,
Асылды элге жеткирбей,
Сен урушуп кал, деди.
Айткан кепке көнгөнбүз,
Ар бир жерге келгенбиз,
Бөлүнгөндө жөнөдүк,
Койбоочудай эрдемсип,
Караңгыда капташты,
Бактыбай деген бир баатыр,
Таң атканча кырылдык,
Кызыл кыйан кан жатыр.
Таң атканда Бактыбай,
Күмбөзгө кетти бурулбай,
Миң балбанын ээрчитип,
Жетип келди урунбай.
Кыргыз келди чубуруп,
Манастап ураан чакырып,
Тоо бузулуп угулуп.
Буулугуп калган эл экен,
Кыргыздын баары эр экен,
Аңгычакты каңгайды,
Айдап келди Кырчындан,
Ашкере Асыл шер экен.
Көкбөрү келди түш менен,
Кутулдум деп Асылдан,
Өлбөй тирүү күч менен,
Бешимде келди Каракөз,
Кененимди сойдум, деп,
Көкбөрү айтты жөн турбай.
Кененим өлдү дегенде,
Ажыдаардай аркырап,
Ачууланды кыргыздар,
Айдап чыкты Таластан,
Тамандатып тургузбай,
Ким болосуң сен өзүң?
Бизден уксаң ушундай.
Арбактуу Асыл ат койуп,
Сыр коргонго барыптыр,
Болгон иштин баарысын,
Элден угуп алыптыр,
Качкан душман артынан,
Карбалас жөнөп калыптыр,
Жайылманын талаада,
Келе жатса эр Асыл
(Азыркысы душманга,
Теңдеши жок шер Асыл)
Кеңкула менен залкайып,
Кебез тоодой даңкайып,
Эр Кененим келатыр,
Атасын көрүп жаш бала,
Түшө калып атынан,
Камчысын салып мойнуна,
Каада менен турду эле,
Кандыргылап бүгүлүп,
Катындарча жүгүнүп,
Кендиргелеп бүгүлүп,
Келиндерче жүгүнүп,
Салам айтып калды эле,
Саламга алик алды эле,
Залкар тоодой Кененим,
Минтип айтып калды эле:
- Аттаныпсың, карбалас,
Келатыпсың калдаңдап,
Кайсы жакка барасың?
Кененимден кеп угуп,
Барасың, кайда, деп угуп,
- Айланайын атаке,
Маңгыт, испан, коросон,
Жедигер, тажик, муңгулдан,
Кол келди алты уруудан,
Тарашанын сыртынан,
Чар тарапка бөлүнүп,
Каптап кирди кыргызга,
Муңгулдар менен салышып,
Мен калыпмын алыста.
Таң атканда муңгулдар,
Качып берди кужулдап,
Артынан келсем Таласка,
Карабуура, Чаткалда,
Тажиктердин Көкбөрү,
Жалгызектин Бактыбай,
Жан айабай салышып,
Жаткан экен байма-бай,
Мен келгенде Бактыбай,
Жүрүп кетти кылчайбай.
Көнүшүп калган Көкбөрү,
Күрсүлдөшүп жатканда,
Келип калды хан Калдык,
Кете берди Көкбөрү,
Күндү күнгө уладык,
Түндү түнгө уладык,
Дүмөктөштүк далайга,
Бир кезекте хан Калдык:
- Аш жебеген ачкамын,
Мен алдыраш башкамын,
Келе жатат аскерим,
Арка жакка таштадым,
Эл аралап бүлүнтүп,
Эпсиз калба таппасын,
Мен барамын элиме,
Алты урук эли чогулуп,
Биз түшөлү бир жерге.
Кабыл алдым айтканын,
Коргонду карай баскамын,
Ак калпак кыргыз көп элди,
Мен коргондон тапкамын.
Эр Бактыбай, Орунбай,
Айдап жолго салыптыр,
Коргонго жакын тургузбай.
Калың элден кеп угуп,
Качты душман, деп угуп,
Артынан кууп келаттым,
Сизге калдым жолугуп.
Аңдап болуп Кененим:
- Анталап качкан душмандын,
Артынан барам дебегин,
Жүргүн, балам, жүргүн,- деп,
Жүрүп кетти берениң.
Баш кошулган алты улук,
Байандап айтып берейин:
Хан Калдык элден кеп угуп,
Белге таңуу бектерди,
Кара аскердин катары,
Келе жатат деп угуп,
Ал аскерге карабай,
Желип кетти бурулуп,
Алдындагы темир көк,
Чабына батпай суурулуп,
Өз аскери бет келди,
Келе жаткан чубуруп,
Аскерлерин түшүрдү,
Барабанын урдуруп.
Аскер түшүп болгондо,
Качкан аскер капташты,
Жааган күндөй куйулуп,
Хан Калдыктын чатырга,
Хандар келди чогулуп.
Асыл шерди макташып:
- Адам жеңер журт эмес,
Бул кыргызга чакташып,
Бири бекер калбаса,
Найзага темир ашташып.
Чойунбашка мыктуу экен,
Айбалтага шыктуу экен,
Сойулу чабар көп экен,
Кененим, Асыл барында,
Кыргыздын көөнү ток экен,
Кары-жашын билгисиз,
Баарынын колу шок экен,
Басташкан жоодон тартынбас,
Атылган мылтык ок экен.
Жаңы келдиң, хан Калдык,
Баатырдын баарын сойдуруп,
Биздер калдык сандалып.
“Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү Манас тукуму”
Элдер айткан кеп эле,
Жалганы жок чын экен.
“Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Өткүр Манас тукуму”
Өз-жат дебей айтчы эле,
Төгүн эмес, чын экен,
Өрттөнүп өлгөн кыргыздар,
Баштан-аяк чыр экен!
Асылга бенде тең эмес,
Жалгызектин Бактыбай,
Оңой-олтоң эр эмес,
Оңойлук менен адамга,
Оодарылар бел эмес,
Ордонун ханы Орунбай,
Оңой киши деги эмес...
Оң-тескери айтышып,
Оолугушуп жатканда,
Анда айтат хан Калдык:
- Айтканыңар кандай кеп,
Атышып чыккан душманды,
Мактайсыңар мыкты деп.
Бул кебиңер курусун,
Кебиңерди ит уксун,
Ит укпаса ким уксун!
Баарың келдиң чогулуп,
Айтканыңар чын болсо,
Кетипсиңер кырылып,
Чогулушуп калыппыз,
Бир чатырга жыйылып,
Баарың айткын акылды,
Унчукпай калбай жымыйып.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 06
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.