Latin

Асылбача - Бекбача - 09

Total number of words is 4169
Total number of unique words is 2230
30.4 of words are in the 2000 most common words
43.0 of words are in the 5000 most common words
50.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Саранжа тирүү кезинде,
Кеңеш-кепке зар болдуң.
Жеңип алсак кыргызды,
Желденип барсаң элиңе,
Ала барсаң соогадан,
Ооруктагы бегиңе,
Кадырлуу киши болосуң.
Так ошондо сен элге,
Дайының чыкпай каласың,
Өлүп калсаң бул жерде,
Хандыкты кандай кыласың,
Өкүм сүрүп кимдерге?
Маңгыттардын ичинде,
Байтик деген бар эле,
Хандык барлык Калдыкта,
Баатырлык менде дээр эле.
- Бетирке, Калдык – эки хан,
Тетиги турган Кененим,
Жекеге жалгыз мен барам,
Өңү сары, көзү көк,
Өмшөңдөгөн кыргыздан,
Өлгөндүн канын кууп алам!
Өлтүрүп башын кесемин,
Ээрдинен көзөп тешемин,
Эл түгөткөн канкордун,
Күнөөсүн кантип кечемин?!
Өткөн иштин изин кууп,
Мен алайын эсебин,
Бакырып Байтек жулунуп,
Ажал алып жакадан,
Ашыгып Байтек урунуп,
Туулга кийген башына,
Найза, кылыч, айбалта –
Баарысы бар жанында,
Айкырып жетти желигип,
Кененимдин алдына.
Качырып найза сайганы,
Жалтанбаган Кара көк,
Күүлөп сайган найзанын,
Учунан улай кармады,
Учу колго тийгенде,
Сууруп алды найзаны,
Тегеретип найзаны,
Чокудан нары салганы,
Айрандай мээси чачырап,
Жайылып жатып калганы,
Адыр деген бир маңгыт,
Адыраңдап барганы,
Учунан кармап найзаны,
Сойул кылган Кененим,
Сокмогу менен бир салды,
Бир чабуудан чыгарбай,
Адырдан да жан алды.
Коркуп Калдык кирбеди,
Мыктысынган маңгыттан,
Отузу жерге киргени.
Күн кечкирип ашыгып,
Уйасын карап шашылып,
Мезгил толгон кезинде,
Бала жолборс эр Асыл,
Жетип келди ал жерге.
Орунбайдан бөлөкчө,
Окчундап тура калганы.
Ушул кезде Кененим,
Сай бойлоп чыккан чынардан,
Чынардан чыккан мунардан,
Көкүлдөн бурдай кармады,
Короо ордундай чым менен,
Коморо тартып алганы,
Туура кармап чынарды,
Алдындагы кула атты,
Сандан нары салганы,
Жайнай берди көпчүлүк,
Аралап кирип барганы,
Чынарды булгап имерди,
Бир миң сексен кишини,
Ал дүйнөгө жиберди,
Чынарды күүлөп алганда,
Күүсү менен эчен ат,
Тоголонуп жыгылып,
Үстүндөгү кишинин,
Топого башы тыгылып,
Эңиш жерге киргени,
Басырык болуп кырылып,
Жайнай качып көпчүлүк,
Жабыла жөнөп калганы,
Майторуга камчы уруп,
Асыл кирип барганы,
Жандай түшүп Кененим,
Баласын кармап алганы,
Балага бир ооз кеп кылбай,
Аркасын карап кылчайбай,
Бастырып кетип калганы.
Коргонду карап төтөлөп,
Жолборсуң жолго салганы,
Койо бер деп атымды,
Атасын айта албады.
Куладан түштү чойулуп,
Тизесинен кара жер,
Салмагынан ойулуп.
Сары улагын таптырып,
Жетелеп келген уулуна,
Садагасын чаптырып,
Сарбашыл уйду карматып,
Түктүү сан кылып талатып,
Бар кийимин тонотуп,
Ордо баккан элдер бар,
Өөдө-төмөн колбушуп,
Эскисин алган эзилип,
Дүнүйөгө жетинип,
Чепкенин алган чечилип,
Миң койлуудай эсирип,
Чапанын алган чак болуп,
Бүт дүйнөсү сап болуп,
Курун алган кубанып,
Ит дүйнөгө жубанып,
Топусун алган тойунуп,
Чөнтөктөн чыкпай эки кол,
Араң басып чойулуп,
Өтүгүн алган өрдөнүп,
Бок дүйнөсү көбөйүп,
Көйнөгүн алган көөнү өсүп,
Көр дүйнөсү көл болуп,
Байпагын алган магдырап,
Баары асыл экен, деп,
Байанын айтып бажырап,
Кемерин алган эсирди,
Шок дүйнөгө жетинди,
Түлөөгө малы айдалды,
Көкжал шердин күмбөзгө,
Токсон субай арналды,
Кошо барган киши көп,
Жетелеп бирден байталды,
Курмандыкка жараган,
Бейиштен чыккан малы, деп,
Эң алдында кой чалып,
Андан кийин уй чалып,
Бул дагы ача туйак, деп,
Асый каймал төө чалып,
Андан кала бергенде,
Ак бозунан бээ чалып,
Күмбөзүн тайып баатырдын,
Түлөө кылып эл жанып,
Кетерине калганда,
Атын алып камданып,
Калың элге ошондо,
Кененим айтып жар салып:
- Падыша кудай өзү зор,
Байкасаң кыргыз, ишиң оң.
Кызылкыздын сыйкыры,
Кыргызды басып бараткан,
Кырааным Асыл баламды,
Жандан тойуп жараткан,
Кара белдин кайкаңда,
Алды керүү тайпаңда,
Карап турсам Асылды,
Ак куу болуп кубулуп,
Канатын күүлөп бой уруп,
Айчүрөк энем бараткан,
Кылып көнгөн өнөрүн,
Каадасындай карматкан,
Канатынын күүсүнөн,
Кара туман тарашкан,
Бир көрүнсө көзүнө,
Кызылкыз эстен адашкан,
Каракөзгө Кызылкыз,
Канча түркүм кеп айткан,
Бетирке менен Калдыкка,
Каракөз айтып жетпейби,
Намысы жок адамдар
Жай-жайына жетпейби,
Баары тарап кетпейби.
Колдоочум айтты мага, деп,
Кызылкыз үч жыл жатпайбы,
Толтуруп үч жыл убагын,
Чогулушуп баспайбы,
Дүмүрүн уулум казбайбы,
Качкан жоону кубалап,
Катын алат аны деп,
Антип жүрүш кандай кеп?
Тилимди алып, кыргыздар,
Аркасынан барба, - деп,
Кененим сөзүн айтканы,
Жай алып кыргыз жатканы.
Муну мындай таштайлы,
Көкбөрү салган кыргызга,
Каргашадан баштайлы.
КӨКБӨРҮНҮН КАРГАШАСЫ
Кабарын ук калайык,
Бетирке, Калдык, Каракөз,
Бир жерде булар болду кез.
Хан болгонун Бетирке,
Каракөз анык биле элек,
Каракөзгө хан Калдык:
- Саранжанын ордуна,
Бетиркени хандыкка,
Муңгулдарга шайладык,
Мындан ары кеп болсо,
Бетиркеге саларсыз,
Угуп алып Каракөз:
- Андай болсо жакшы иш,
Бетирке, Калдык – эки хан,
Кепти менден угуңуз,
Мага айтып кеңешин,
Элине кетти Кызылкыз,
Былк этпей үч жыл жатам, деп,
Жерине кетти Кызылкыз.
Саранжа менен Калдыкка,
Менден кеңеш айт, деди,
Эп келсе элге кептерим,
Козголбой үч жыл жат, деди,
Колдоочум айтты мага, дейт,
Менден уксаң ушул кеп,
Калдык менен Бетирке,
Абдан канды кеңешке,
Эки күн жатып бир жерде,
Кетмек болду жер-жерге,
Аңгычакты болбоду,
Тажиктердин көкбөрү,
Келип түштү бул жерге,
Кылып келген иштерин,
Көйрөңсүп айтат элдерге:
Башымдан өткөн көп жумуш,
Кыргыз менен кырылып,
Кызык уруш кылганда,
Муңгул, маңгыт – эки эл,
Тоо жакалап кеттиңер,
Бөксөдө калдык биз тажик,
Коросон, испан элдерин,
Асыл барып токтотту,
Эл башкарган эрлерин,
Токтоло калып азыраак,
Жөнөй берди калдаңдап,
Тете, Сала дегениң,
Абдан сырын билем, деп,
Аркасынан жүргөмүн,
Алданганын кыргызга,
Мен алардын билгемин,
Аркасынан чаптырып,
Атайын киши жибердим,
“Саранжа, Калдык, мен бармын,
Тете, Сала – эки хан,
Кайда барат калдайып,
Угуп кел” – деп жумшадым,
Кепке чечен мыктыдан,
Кеп айтканга шыктуудан.
Кайтып келди заматта,
Барган киши алардан.
“Коросон, испан элибиз,
Кыргын болуп кыргыздан,
Сынып калды белибиз,
Кыргыз менен биримтик,
Бузулбаска эми биз,
Бузулбаска байланган,
Убадалуу кебибиз”
Деп айттырып ийиптир,
Кебин угуп алардын,
Алдына бардым алдырап,
Жакшы кепти көп айттым,
Жай-жайы менен мен курап,
Канчалык айтсам болбоду,
Анча-мынча киши деп,
Мени тегин ойлоду,
Айткан кепке кирбестен,
Тете, Сала сүйлөдү.
Бүтүрдүм кылган ишимди,
Канын ичип баш кестим,
Тескери баскан кишини,
Калдык менен Каракөз,
Экөөң карап турасың,
Саранжа кайда, көрүнбөйт?
Көкбөрү сурап салганда,
Карпаңдаган хан Калдык:
- Биздер тоого жөлөнүп,
Бөксөдө өзүң сен калдың.
Не болгонду билбедик,
Саранжа менен экөөбүз,
Кыргызды карай жүргөнбүз,
Таласка жакын барганда,
Кененим менен Орунбай,
Кез болуп калды талаада.
Байтек чыкты жекеге,
Кененимге кез болуп,
Найзалашаар кездерде,
Асыл келди ал жерге.
Уулу Асыл келгенде,
Кылчайып артын карабай,
Кете берди Кененим,
Байтек эрди баш кылып,
Далайды асыл сойлотту,
Жалгыз Асыл талаада,
Түлкү куумай ойнотту,
Чыдай албай мен бардым,
Жан айабай арбадым,
Алым келе албадым,
Соотторум бузулуп,
Кийер немем калбадым.
Иле менен Асылдан,
Соот кийип найза алып,
Алты күндө келем, деп,
Андан мөөнөт сурадым.
Мен келгенде каарданды,
Карагай найза карманды,
Салгылашып Асылга,
Саранжанын барганы,
Барган менен Саранжа,
Алы келе албады,
Асылдан өлүп калганы.
Каракөз барып капташып,
Бул дагы өлө тас калды.
Жедигердин элине,
Буйрук бердим баргын деп,
Ажыратып ханыңды,
Аман айрып алгын деп,
Жедигер эли өмдөшүп,
Каракөз өлбөй кутулду,
Кызылкыз салды айабай,
Кыргызга арбын сыйкырды.
Асылдын жолу тордолду,
Саранжанын ордуна,
Бетирке баштык болгону.
Бетирке, Калдык жөнөдүк,
Кененим жолдо жүрүптүр,
Түбү менен чынарды,
Сууруп алды колуна,
Бир миңден ашык кишини,
Бирдемде салды жолуна.
Жайнап качтык жабыла,
Качпай турган ал кайда?
Бекерге кетип калгындай,
Куру кайрат андайда,
Аркасынан барганда.
Өлбөй тирүү калгандар,
Чогулуштук ал жайда,
Алсырадык шай кетип,
Таласка кайра барганга,
Коросон, испан, көп тажик,
Жок болдуңар караанга,
Коросон менен испанды,
Жоготупсуң бир жолу,
Сенден акыл Көкбөрү,
Сен айткандай бололу.
Хан Калдыктан кеп угуп,
Беттеше албай кыргызга,
Качып келдик деп угуп,
Баралы деп айтканга,
Батына албай оолугуп,
Башын салып бир далай,
Акыл ойлоп, олтуруп:
- Уруш баштаар убакта,
Ханга сени шайладык,
Кандай болсо акылды,
Өзүңүздөн алалык.
Айтып болуп Көкбөрү,
Үшкүрүндү муңайып,
Аны угуп хан Калдык:
- Маа берсеңер бийликти,
Мына мындай кылалык,
Кызылкыздын кебине,
Амал кылып туралык,
Жата бербей бул жерде,
Аттын башын буралык,
Баш оорутпай жок ишке,
Ушунубуз ылайык.
Хан Каракөз, саа кеңеш,
Кызылкыз менен сүйлөшүп,
Тил алышка ким керек?
Мен барамын дебесе,
Өзү билет, ким билет.
Каракөз айтат ошондо:
- Барып келип алдында,
Билип калдым жолдорун,
Кызылкыздын кабарын,
Кабар кылып силерге,
Угузайын болжолун.
Каракөздүн кебине,
Ыраазы болуп баарысы,
Мен барамын дегенге,
Жай-жайына тарашты.
Дүйшөмбү кетип баратып,
Ойуна алды Көкбөрү:
“Атбашыда Бактыбай,
Эркин жатат эсирип,
Эбин таап ошонун,
Элин талап алайын,
Эмгекти тирүү тарттырып,
Малын талап алайын,
Бир канатын сындырып,
Жалаңгыч сары Кененим,
Мен табайын амалын.
Байакында көргөмүн,
Баатырлыгы бар эле,
Анткен менен Бактыбай,
Ар бир иште чала эле”
Жергенин сары талаада,
Жеткире толук Кененим,
Үйрөткөнүн билбеди,
Атбашыны бет алып,
Ат айабай жүрдү эми,
Келе берсин Көкбөрү,
Эл бүлүнткөн түгөнгүр,
Кыргызды талап алам деп,
Келатканың күмөндүр.
Ат арытып, жол тартып,
Атбашыга жеткени,
Эми чыгат айтылып,
Бактыбайдын кептери.
Жалгызектин Бактыбай,
Жаткан эмес жайма-жай.
Атбашы, Нарын дегенде,
Кочкората, Кошдөбө,
Каракойун белдерге,
Тетири суу Тойунга,
Баары ашуунун жолуна,
Кароолчусу туруучу,
Аскарлуу тоонун боорунда,
Бактыбайдын кароолчу,
Келаткан элди көрүптүр:
“Кайдан келген көп эл? – деп,
Не жумуштап келди? – деп,
Келе жаткан жол ача,
Кимисине кирер? ” – деп,
Теше тиктеп олтурду,
Туманга күндү бөлөдү,
Атбашы көздөй жөнөдү,
Көрүп туруп кароолчу,
Чечдөбө Ата кайда деп,
Бактыбайга барам, деп,
Оң-тескери теминип,
Ойдолотуп мингенин,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Өңгүл-дөңгүл түйүлтүп,
Оголе кийин келатса,
Алдынан чыкты үч караан,
Ат-тону бөлөк башка жан.
Көмөскөнү бет алып,
Көрбөй калар бекен деп,
Көк өзөн жакка салганы.
“Кош көрүнөт коркконго”
Келе жаткан үч караан,
Бактыбай өзү болучу,
Кароолчунун көзүнө,
Көлөкөсү, тайганы,
Үч киши болуп көрүнүп,
Ачык таанып Бактыбай,
“Тиги биздин кароолчу,
Мыкты жигит болучу,
Коркунчусу бар белем
Көрө салып качты” деп,
Тосо чыкты жолунан,
- Барасың кайда токто, - деп.
Бактыбай үнүн укканда,
Эсин жыйнап алыптыр,
Элейип тиктеп калыптыр:
-Эмне болдуң ашыгып?
Бактыбай сурай салыптыр.
- Баатыр төрө Бактыбай,
Түгөнгүс айтам кебим бар,
Келаткамын сизди деп,
Деги болбой көөнүм жай.
Кара тоонун белинде,
Кароолдо турган жеримде,
Келе жаткан көп элге,
Көзүм түштү туу белде.
Кай тараптан келди ,деп,
Кайсы жакка барат, деп,
Карап турдум шашылбай.
Ат башы карай жөнөдү,
Айбаты бар эр көрдүм,
Эл өлчөөсүн ,болжолун,
Он эки миңче эл көрдүм,
Карбаластап ,калдастап,
Сени карай жөнөдүм.
Келе жатып алдастап,
Алдыман көрдүм үч киши ,
Кайгуулчу экен өлдүм, деп,
Көмөскөнү самадым,
Доошуңузду укканда,
Көзүмдү ачып мен көрдүм,
Тоодой болгон өзүңдү,
Көлөкөңдү, тайганды,
Үч киши деп көргөнүм,
Ажалым жок экен деп,
Эми кантип өлөйүн.
-Калдастаган түгөнгүр,
Бул көргөнүң күмөндүр?
Бул көргөнүң чын болсо,
Каңгайлардын Саранжа,
Тажиктердин Көкбөрү,
Экөөнүн бирөө жүргөндүр,
Жүрү бастыр, жүрү! - деп,
Келайткан жоону тосоттоп,
Жүрүп кетти Бактыбай.
Арадан анча өтпөдү,
Атырылтып кер атты,
Үч күндүк жолго жеткени,
Топурак учуп тоз болуп,
Тунарыктап боз болуп.
Дүңгүрөгөн калың кол,
Жер силкинтип козголуп,
Бактыбайды көргөндө,
Элкин кезде таптым, деп,
Көкбөрү турат кош болуп,
Оңдонуп минип атына,
Көөдөнүн керип оштонуп.
Келе калып Бактыбай,
Кепке-сөзгө келгенче,
Көкбөрү айтат ушундай:
- Ой, Бактыбай, Бактыбай,
Жолумдан тосуп келдиңби,
Кепти угуп туралбай?
Арасырттап жүргөмүн,
Мен Таласыңа киргемин,
Бешиктеги баланын,
Кара боорун тилгемин.
Катыныңды качыр деп,
Кара кыргыз жакыр деп,
Бирин тирүү койбодум,
Кененим менен Асылды,
Катары менен сойгомун,
Жеткирип кабар угузуп,
Жедигердин элине,
Каракөздү Таласка,
Хан көтөрүп койгомун.
Талан кылып Таласты,
Талкалатып күмбөзүн,
Түптүз кылдым Манасты.
Кыргыздын бири сени деп,
Келайткамын мен издеп.
Келерим билип Бактыбай,
Кепти угуп калтырбай,
Тартууга алып кулуңду,
Жол тосупсуң келер деп.
Муну угуп Бактыбай:
- Кажылдаган сен тажик,
Качан мыкты болгонсуң?!
Байатан айткан кебиңди,
Түшүңдө көрүп ойнопсуң,
Бактыбайды жолтоолоп,
Аламын деп ойлопсуң,
Ажал алып жакалап,
Каның тартып келипсиң,
Менден өлүп сойлопсуң!
Кененим алдым дегениң,
Таласка барып тамтаңдап,
Качып келдим дегениң.
Асылды сайдым дегениң,
Акылың таппай алдырап,
Амалсыз айткан бир кебиң.
Күмбөздү буздум дегениң,
Уктабай ойлоп түш көрүп,
Жөөлүп айткан кептериң.
Айанбагын, айаба,
Алың келсе мага сен.
Тентип жүрбөй темтеңдеп,
Темирбек атың таап алгын.
Көзүң кыйбай жарыкты,
Өлалбай жүргөн экенсиң,
Өлтүрөйүн сени мен!
Он эки миң аскериң,
Аралжы болот дебегин,
Азабың колго берейин,
Атбашыга темтейип,
Ажалың айдап келгениң,
Батасы журтту байыткан,
Падыша Кошой турган жер,
Үч ата болдук бузулбай,
Ойноп-күлүп турган жер,
Олуйа Кошой тактасын,
Олутун таап курган жер,
Деп Бактыбай айтканда,
Баатырсынып Көкбөрү,
Кеп билемин өнөр, деп,
Көйрөңсүнүп өзүнчө,
Көкала атын теминип,
Көтөрүп найза жөнөдү.
Күүлөп найза сундурду,
Күүсү кулак тундурду,
Көкбөрү менен Бактыбай,
Качырышып бой урду,
Найзаларын кагышып,
Кайта-кайта сайышып,
Кер ат менен Көкала,
Чыдай албай майышып,
Кирпик ирмеп, көз жумбай,
Бирине бири кайышып,
Туулгага балта чакылдап,
Көөдөндөкү чарайна,
Найзанын учу такылдап,
Чокмор менен салышып,
Тоо жаңырып шакылдап,
Бактыбай менен Көкбөрү,
Аманат кара бир жанды,
Кылга байлап таштады,
Кыйын уруш баштады.
“Качангача кыргыздан,
Жеңилем” деп Көкбөрү,
Өжөрлөнүп урушуп,
“Төрөбүз биздин Кененим,
Көп өнөрдү берди, - деп,
Кайратым мындан кемби” деп,
Кабызет кылып Бактыбай,
Ага кылып туруштук,
Түпөктүү найза, көк желек,
Күч келтирип дембелеп,
Амал ойлоп ар кандай,
Бирине бири бу экөө,
Таамай найза сайалбай,
Балталашып чабышып,
Чокмор менен салышып,
Мындан айла табалбай,
Жүрөктүн канын агызып,
Кумардан чыгып каналбай,
Жарактарын таштады,
Ат үстүндө алышып,
Эр урушун баштады.
Булкуп-жулкуп тартышып,
Мойунга колун артышып,
Ат салышып каргытып,
Оодарышып жармашып,
Этектен орой кармашып,
Ээр кашына орошуп,
Эми алдым деп ойлошуп,
Билегин сала беришип,
Эрегишип, эңишип,
Алалган жок бул экөө,
Бирин-бир жеңишип.
Тамандашып тебишип,
Таноолору дердеңдеп,
Колтуктарын керишип,
Аттары чарчап жарышып,
Кармалбай колу карышып,
Ойду, кайкы урушуп,
Соотторун булушуп,
Бүчүлүгүн үзүшүп,
Буулуп жерге түшүрүп,
Билектери сойулуп,
Колдо бүтүн калган жок,
Жака-жеңин бүлүнүп,
Тондо бүтүн калган жок,
Жошологон челектей,
Башта бүтүн калган жок.
Жаактын каны чубуруп,
Бетте бүтүн калган жок,
Көгала болуп канталап,
Этте бүтүн калган жок,
Найза тийип жырылып,
Тилик-тилик жырыйып,
Көттө бүтүн калган жок.
Карчыганын балык эт,
Анда бүтүн калган жок.
Талкаланып тарп болуп,
Санда бүтүн калган жок,
Чама кетип, чарк келбей,
Тенде бүтүн калган жок,
Чарайналар чатырап,
Туулагалар жарылып,
Калкандын чыгып талканы,
Кийимдин чыкты далдалы.
Балта, чокмор, кылычтын,
Жарылбаган сырты жок,
Айрылбаган мизи жок,
Түйрөйбөгөн учу жок,
Керекке келер бирөө жок,
Темирдей ширеп кайран жан,
Күйүп-бышып болду чок.
Ошондой кезде Көкбөрү,
Түрдүү амал ойлонот:
“Качайын, - дейт, - эбин таап,
Качсам мени куткарбайт,
Суранайын мен мындан,
Жөн көрөбү Бактыбай?
Айтканың сенин жүйө деп,
Жол береби Бактыбай?”
Тумтак күнү түгөнүп,
Амалы кетип Көкбөрү,
Бактыбайды караса,
Бузулган күндөй түнөрүп,
Жан алуучу периште –
Азирейил сүрдөнүп,
Бактыбайды Көкбөрү,
Байкап кебин кылалбай,
Кадимкидей карпаңдап,
Кайрат кылып туралбай,
Нары кетип койшоңдоп,
Бери кетип тойпоңдоп,
Күн уйага киргенде,
Көз байланган бүрүлдө,
Качкан киши кутулчуу,
Түнөргөн кара күүгүмдө,
Асманда булут бүркөлүп,
Борошолоп чүмкөнүп,
Күн жамгырлап киргенде,
Нары кетип акырып,
Бери тартып бакырып,
Темирбек деп чакырып,
Бактыбайга тийчүдөй,
Тайарланып качырып,
Тик качырып келатып,
Көмөскөгө келгенде,
Көрүнбөй калды жашынып,
Качып кетти Көкбөрү,
Бактыбайды азгырып.
Өзү жайчы Көкбөрү,
Апаң-сапаң куйдуруп,
Карды калың жаадырып,
Аттын изин жашырып,
Айкырык салып жүргөндө,
Бактыбай тилин билбеген,
Күн жаадырып качарын,
Элине айтып билдирген.
“Мен кетемин күүгүмдө,
Түн бойунча жүр” деген,
Күн жамгырлап киргенде,
Тажиктин эли кетиптир,
Тажиктердин Көкбөрү,
Өзү жайчы өрт бөрү,
Аркасы бүркөк, алды ачык,
Элин баштап жөнөдү,
Из кубалап келет, деп,
Арка жагын калыңдап,
Ак атанды чөгөрдү,
Арбак урган чочконун,
Ар амалы көбөйдү.
Бактыбайдын кароолчу,
Эси чыгып элеңдеп,
Ары-бери сереңдеп,
Бактыбай, деп бакырып,
Атынан айтып чакырып,
Алдастады ал байкуш.
Бактыбай доошун салганы,
Божомолдоп барганы,
Эр Бактыбай, кароолчу
Борошодо калганы,
Айкын түздө туралбай,
Бет алып жолго салганы,
Чай кайнамча басканда,
Асман ачык чайыттай,
Жымыңдап жылдыз турганы.
Жатып калды ал жерде,
Бактыбай турду эртелеп,
Таң зыркаары мезгилде,
Келип жаткан кеп экен,
Акмойнок деген бир белге.
Дүрбү салып караса,
Чыгыш жактын баары кар,
Батыш жагы капкара.
Кубаласа артынан,
Аттын изин табалгыс,
Денесинде бүтүн жок,
Ат бастырып баралгыс.
Мурункудай күчү жок,
Жүрүгүнүң, жүрү деп,
Жүрүп кетти Бактыбай,
Кабызет менен келатат,
Кабагын чытып, көз жумбай,
Атбашы келди айлана,
Көкбөрүнү эстесе,
Көз жумбай калды кайгыда.
Үч күн өрүүн алыптыр,
“Алты шаар анжыдан,
Наманген, Ташкен, Самаркан,
Маа тапшырган Кененим.
Андан кабар алам, - деп,
Кокустан эле бүлүнсө,
Чоң уйатка калам” деп,
Аттанып чыкты Бактыбай,
Атасындай салт менен,
Алты киши котчу алып,
Колуна илгир куш алып,
Ээрчитип тайган ит алып.
Болжогон жердин баарынан,
Кабар алып абыдан.
“Кашкардагы Жоодардын,
Уулу Эбиш жаш эле,
Койон алып элге баш эле.
Андан кабар алсамбы?
Эркечтам менен Кашкарлап,
Тойун менен келсемби?”
Ойуна алып Бактыбай,
Эчтемеден кам кылбай,
Дабан ашып, таш басып,
Кашкардан кабар алыптыр.
Эти чирип ириңдеп,
Сары суу сыркып агыптыр,
Дүйшөмбүгө бармакчы,
Баралбастан жаныптыр,
Баалап кетип денеси,
Үч жыл жатып калыптыр.
Мунун мындай таштайлы,
Асылбача арстандын,
Өлүмүнөн баштайлы.
АСЫЛБАЧАНЫН ДҮЙНӨДӨН ӨТҮШҮ
Жылы үчкө толгондо,
Бетирке, Калдык, Каракөз,
Кызылкыз менен биригип,
Баралы деп Таласка,
Беттей албай барышка,
Кашкардакы кыпчактан,
Чоң тойундун кыштактан,
Айдап жылкы алыптыр,
Эбиштен алып жылкысын,
Көкбөрүгө барыптыр.
Алты сан жылкы олжо алып,
Алтымыш миң кол алып,
Дүйшөмбүгө жык толду,
Койон алп менен бала Эбиш,
Кууп барып биригип,
Атышып жүрүп ал келбей,
Как өпкөдөн ок кечип,
Таамай жыйырма жашында,
Эбиш өлүп кетиптир.
Балтыр бешик кези эле,
Баатырбек жетим калыптыр,
Болгон ишти айкындап,
Эр Кененим төрөгө,
Кыпчактан киши барыптыр,
Уга замат турбастан,
Асыл шер жолго салыптыр,
Аттанып жүрүп кеткени,
Айалдабай жол жүрүп,
Ат айабай мол жүрүп,
Дүйшөмбүгө барганы,
Камынып жаткан кези экен.
Таласка булар баргалы,
Ошо жылы Асылдын,
Жыйырма төрттө убагы.
Мылтык атып жаа тартып,
Найзалашып сайышып,
Балталашып чабышып,
Баарын билет эр Асыл,
Өзү жалгыз жүрсө да,
Баарысына тең асыл,
Шаар четине туу сайды,
Асыл келген экен, деп,
Тууну көрүп туйганы,
Баскалы турган көп аскер,
Сап тизилип чубады,
Миңге бирден желегин,
Баатыр Асыл санады.
Сексен миңге аскердин,
Саны толуп калганы.
Шуркуйа кыз Кызылкыз,
Шайкелеңдүү ушул кыз,
Түркүм-түркүм дубасын,
Түрмөгү менен салганы.
Өзүн көйнөк колдоду,
Бастырбастан торатты,
Майторуну тордоду,
Андай кезде жаш баатыр,
Жеңин алып көйнөктүн,
Байлай салды жалына.
Мурункудай алчактап,
Тору аты бар шайбаңдап,
Бетиркенин элинен,
Бир калмак келди жакжаңдап,
Сырдаган найза карманып,
Сыдырып келди ал калмак,
Карап турат жаш Асыл,
Ойунда жок тартынмак.
Найзанын учу жетерде,
Кагып ийип найзасын,
Чокмор менен чокудан,
Жалпайта чаап таштады.
Арка-аркадан эрдемсип,
Ат салышып чапканы,
Утур келген немесин,
Ойронун Асыл чыгарып,
Жандырып эки чаппады.
Башын жарып мээ алды,
Канын чачып жан алды,
Барганы тирүү жанбады,
Жалгыз күндүк урушта,
Мен-мен деген баатырдан,
Элүү бешти жайлады,
Балтадан башка которуп,
Колуна жарак албады.
Айласын таппай сандалып,
Саруулап өңү саргарып,
Бүгүнкү күн кетти, деп,
Эртеңки күнгө айланса,
Андай айлабыз нетти, деп,
Таң атканча уктабай,
Бетирке, Калдык, Көкбөрү,
Каракөз – төртөө кайгы жеп,
Таң агарып сүргөндө,
Камыштын башы куудурап,
Жыгачтын учу шуулдап,
Капчыгайы куулдап,
Ала карга азанчы,
Үн алышып чуулдап,
Каракаш торгой чулдурап,
Жан-жаныбар кыбырап,
Жандын баары мыдырап,
Зыркаар жүрүп зырылдап,
Жалбырактар дирилдеп,
Дүйшөмбүнүн жери шор,
Шамал жүрүп ыркырап,
Кум да учуп шыркырап,
Күн көрүндү жаркырап.
Аттанып чыкты эр Асыл,
Алтындуу саадак жаркылдап,
Ак албарс белде жалтылдап,
Айбатын көрүп баланын,
Душманга кирди калтылдак,
Токтобой калды шум дүйнө,
Оодарылып калтылдап.
Мылтык атып, жаа тартып,
Жалпы калмак чуу тартып,
Найзасын күүлөп узартып,
Жазганып Асыл калабы,
Көп экен деп сумсайып.
Карматмак болду баатыр шер,
Баштакыдай адатты,
Башын тартпай өлүмдөн,
Камчыга бөлөп тору атты,
Элден окчун алдында,
Бетирке өзү келатты.
Аркамда колум бул турса,
Кутулат кантип менден, деп,
Ойунда калмак баратты.
Качырып найза салганда,
Камындырбай сайганга,
Найзасын кагып жиберип,
Бетирке сындуу калмакка.
Кайта тийди имерип,
Найза менен сайбады,
Далыдан аткый кармады,
Эңип алган улактай,
Атынан жулуп алганы.
Дүркүрөтүп имерди,
Алачыктай жаткан таш,
Бетиркени эр Асыл,
Ташка чаап жиберди.
Мээси чыкты чачылып,
Көк чаар болуп көрүнүп,
Ичегиси ачылып,
Падышасы өлгөнгө,
Баары калмак ачынып,
Жайнап кирди теминип,
Аттарына камчы уруп.
Оң жагына эр Асыл,
Серип салып караса,
Узундугу он кулач,
Өнүп турган чынарды,
Кармай алды башынан,
Сууруп алды тамырдан,
Кантип качып кутулат,
Капташып калган ажалдан.
Утур келген жан өлүп,
Учу тийген дагы өлүп,
Сабын бузбай эл өлүп,
Шагы тийген жана өлүп,
Майторуну ойнотуп,
Аралап кирген жеринде,
Эсеби жок мол өлүп,
Күчү бардан эр өлүп,
Күүсү тийген жана өлүп,
Баш аламан жыгылып,
Капташкандан көп өлүп,
Качып чыкты калмактар,
Кайра тартып дүрдүгүп,
Тепселип өлдү канчасы,
Көпчүлүктө сүрдүгүп.
Чыдай албай Көкбөрү,
Көкаласын түйүлтүп,
Куйругун жерге шүйүлтүп,
Өлүп кеткен атасы,
Темирбекти чакырып.
“Чынар менен өлтүрсөм,
Тигилер шылдың кылат, - деп,
Көп бакырдын ичинде,
Мен боломун уйат” деп,
Чынарды таштап найза алып,
Чымырканып чыңдалып,
Ачуусу келген Асылдын,
Мурутуна муз туруп,
Кабагына кар жабып,
Жаш эмес, көздөн кан тамып,
Жайдарың турат шаңданып.
Кетүүчүдөй эми эле,
Көкбөрү жетти жанды алып,
Найзасынын учунан,
Кызыл жалын от жанып,
Кыйкырыгы таш жарып,
Таштан өтүп, баш жарып,
Карыган койдой чакчайып,
Качырып найза сайышып,
Калды булар табышып.
Оро-пара турушуп,
Ороолонуп урушуп,
Орко чорлоп күүлөнүп,
Чокморлошуп койушуп,
Балталашып басташып,
Бирин-бири касташып,
Этектешип алышып,
Үзөнгү боого салышып,
Эрегешип бул экөө,
Эпсиз жаман чабышып,
Аманат жандан кечишип,
Эрдин кесе тиштешип,
Кармаштан тердеп камыгып,
Кара бойдон тер кетип,
Карсылдашып күч кетип,
Ок деп окшуп жөтөлсө,
Ооздон мүжүк кан кетип,
Кара тер басып шай кетип,
Акакташып солушуп,
Абыдан чындап койушуп,
Куйкалары курушуп,
Андан айла таба албай,
Аттарын таштап салышып,
Орой-торой чалышып,
Айкырышып, серпишип,
Жата калып тебишип,
Ача кармап күрөшүп,
Көөдөнгө көөдөн тирешип,
Буурсундай буту аң кылып,
Аңтарып жерди жирешип,
Чымдуу жерлер сойулуп,
Чылпылдап суусу куйулуп,
Чыдай албай сойулуп,
Топурак учуп тоз болуп,
Таш быркырап кум болуп,
Чуңкур жерлер жылтылдап,
Чөөт-чөөт көл болуп,
Мындан амал кылалбай,
Намыстанып туралбай,
Мойнун толгоп бура албай,
Темирбектин Көкбөрү,
Нөөмөт сурап уйалбай:
- Найзага нөөмөт берели,
Азап болсо көрөлү,
Ажал жетсе өлөлү.
Манастын уулу жалын чок,
Жазганып калар жери жок,
Айтканың болот макул, деп,
Туруп берди калдайып,
Өлүмдөн коркоор жери жок,
Эрдигинин чеги жок,
Кылым жердин бетинде,
Асыл өңдүү деги жок.
“Айлаңды таптым эми, - деп,
Ажалың жетти сенин, - деп,
Тоо да болсоң бул сапар,
Томкоромун сени” деп,
Күркүрөтүп найзасын,
Күүлөп чочко сундуруп,
Күүсү кулак тундуруп,
Кый сүбөөгө бир сайды,
Кыраан бала Асылдын,
Ээрден көчүк кыйшайды,
Кыйшайып барып оңолду,
Эсин жыйып соо болду,
Көкбөрү берип нөөмөттү,
Асыл сайар кез болду,
Эрдиктен танып Көкбөрү,
Туруп берсем өлдүм, деп,
Бурулбастан чу койду.
Качканын билди Кара көк,
Акылынан адашып,
Шашканын билди Каракөк,
Эрдигинен танганын,
Эси чыгып качканын,
Анык билди Каракөк.
Алдында минген тору атка,
Айабай камчы басты эми,
Аркыратып тору атты,
Артынан топо чачты эми.
Жаныбарым Майтору,
Жагалмайдай сызды эле,
Жебедей болуп жетти эле,
Эл аралап Көкбөрү,
Кире берген кезинде,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезкерип найза чунайтып,
Муштап өттү кечирге.
Асыл сыйак эр муштап,
Көкала аттын үстүнөн,
Томолонду жер жыттап.
Ала келген Сейити,
Хан Калчанын найзасы,
Кызыл канга булаган,
Учу тийген канчаны,
Таамай сайган каракөк,
Тамылжыган Көкбөрү,
Карчыт эти канталап,
Канча барча бөлүндү.
Чубуттук кылып эл бузуп,
Коросон, испан, жедигер,
Кангай, маңгыт элдерин,
Аласы жок тең бузуп,
Өлүп кетти далай хан,
А ар түмөн канча жан.
Кыргыздын эли кыйналды,
Чыркырап балдар ыйлады,
Төшөктө чалдар туйлады,
Тажиктердин көкбөрү,
Далай зыйан кылганы,
Ажал жетип, күн бүтүп,
Ааламда бу да турбады,
Тажиктин эли кыжылдап:
“Айдап жүрүп биздерди,
Түгөтүп койо жаздады,
Хан болдум деп кызталак.
Ордун басар уулу жок,
Өлүп жатты жер жыттап,
Бетирке, Калдык биригип,
Асылга алы келеби.
Ээси жок ээн калды деп,
Талап алып биздерди,
Эдепти колго береби,
Жыпжылма кылып чаап алып,
Чоң калбааны салабы,
Катындын баарын күң кылып,
Азаматты кул кылып,
Кыздын баарын олжолоп,
Төөнүн баарын буйлалап,
Жылкыны айдап колбутуп,
Уйду айдап мөөрөтүп,
Чуркуратып койду айдап,
Алда кандай кылар” деп,
Ар бир санаа, ой-ойлоп,
Тажиктер турду ошондо,
Бетирке, Калдык, Каракөз,
Кызылкыз – төртөө кеңешип:
“Кылбай жатып козголбой,
Койгулашып асылган,
Ары-бери болгунча,
Ар тараптан тажиктер,
Темирбек деп бакырып,
Туш-туштан калба салабы?
Четтен уурдап ат алып,
Чекене көрүп биздерди,
Асылга жардам кылабы?
Сыр алдырбай тажикке,
Жети суу карай жылалы”
Кабыл алып баарысы,
Кеңеш кепке токтоду,
Жети сууга барышты,
Алы келсе ортодо,
Атбашыда кыргызды,
Айабай талап алышты,
Караңгыда калдырап,
Караса көзү жалдырап,
Ар кимиси ар башка,
Жайма сүйлөп балдырап,
Жалпы аттанып жөнөдү.
Бир канчасы тажиктин,
Билгичтери бөлүнүп,
Берен бала асылга,
Баш урушуп көрүнүп:
- Кызылкыз, Калдык, Бетирке,
Жедигердин Каракөз,
Бизден кетти бөлүнүп,
Ээрчип жүрүп Көкбөрү,
Айдап жүрүп биздерди,
Каныбыз кетти төгүлүп,
Алдыңызга келдик биз,
Өзүңүзгө көрүнүп.
Келгендерден кеп угуп,
Кетти төртөө деп угуп,
Атбашыга ар качан,
Кол салат деп, шек уруп,
“Атбашыга барбаса,
Каңгайды карай Бетирке,
Калың колду баштаса,
Кашкардын шаары дарбаза,
Алдында алды жылкысын,
Эми кала бергенде,
Кыпчакты талап албаса,
Лопнур, Жеркен, Аралды,
Талап кетип калбаса,
Кайдан болсо бул иттер,
Бирден табат каргаша.
Артынан куба барайын,
Тынч алдырбай күн-түнү,
Толук калба салайын”
Дегенди ойлоп эр Асыл,
Келген элге кеп айтып,
Кеп айтканда бек айтып:
- Алдыма кандай келдиңер,
Бул кеңешти ким айтып? –
Деп сурады ал кайтып.
Татыке деген бар эле,
Кеңешти тапкан ал эле,
Коркуп өңү бузулуп,
Кобо калды озунуп?
Муну тапкан мен элем,
Көкбөрү атка мингели,
Төгөрөктүн төрт бурчу,
Чайкалып калды тынч кетип,
Же кыргызды жеңип алган жок,
Чогулушуп ал жетип.
Үч жыл жатып дем алып,
Төртүнчү жылы кан кечип,
Көкбөрү бүгүн сойлоду.
Ээрчип жүргөн үч улук,
Ажыратып алсак деп,
Козголуп бирөө койбоду,
Ошол үчүн алдыңа,
Келгенибиз бул болду.
- Андай болсо, Татыке,
Тынчтык керек ар кимге,
Жан кишиге катышпай,
Жаныңды сакта Татыке,
Отургун элдин ичинде,
Улук кылдым тажикке,
Убадаңды бекем кыл,
Кишиге тийбей жүрүүгө.
Өз элиңди сактагын,
Жазыксыз камчы чаппагын,
Жаныңдакы кишини,
Жагалдантып мактагын,
Бекеринен элиңе,
Жоктон чыгым таппагын.
Элиң берген эмгек сүт,
Энемки деп билбесең,
Мен баш киши болдум деп,
Оргу-баргы сүйлөсөң,
Оңолбойсуң ал күнү,
Көпчүлүктү кас кылып,
Көздүн чаарын чыгарсаң,
Жоголосуң ал күнү.
Жаныңды жаткын жай багып,
Жыргатар болсоң жаныңды,
Эгин эгип, чарба бак,
Адал иштеп, адал тап,
Сен ошентип элге жак.
Деп Асыл шер муну айтып,
Тажиктин элин жыйган жок,
Жыйганча карап турган жок.
Сапка турган тизилип,
Отуз миң аскер калың топ,
Ошол элге угузуп,
Татыкени тажикке,
Улук кылып тургузуп,
Кеткен элдин артынан,
Жүрүп кетти бургутуп.
Көкбөрүнүн жоо кийим,
Алып кетти эр Асыл,
Ажалга себеп болорун,
Билгени жок шер Асыл.
Көкаланы албады,
Жетекке аны салбады,
Шайбаңдата бастырып,
Баатырың жөнөп калганы,
Шабыркандын сайында,
Душманга жете барганы.
Жайнап жаткан көп элге,
Бетирке, Калдык, Каракөз,
Мен-менсинген эрлерге,
Кыйыны бар Кызылкыз,
Мен сыйкырмын дегенге,
Жалтанбай Асыл тийди эле,
Манас деген үн чыгып,
Баатырдан башка сүр чыгып,
Мындан мурун көп көргөн,
Окшобогон түр чыгып,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезкерип найза чунайтып,
Майторуну чуратып,
Сайып кирди четинен,
Чөп чапкандай сулатып.
Эңкейиште эр сайып,
Киден беттей бир сайып,
Топтоп сайып тогуздан,
Оңтойуна келгенде,
Оморо сайып отуздан,
Найзага илип ыргытып,
Койондой кылып зыргытып,
Көк түпөк кызыл найзаны,
Көчүгүнө мылгытып,
Сооттууну сойлотуп,
Олпоктууну ойнотуп,
Карылуусун какшатып,
Ок жетпес деп качканын,
Жебе менен башка атып,
Кылычтуусун кыйратып,
Кыйрын бузбай сулатып,
Тобу калың жерине,
Тоздуруп кирет кайран эр,
Тору ат менен чуратып,
Ээр-токумдуу ат чыгат,
Тобу менен чубашып.
Тополоңдоп тоз болуп,
Топурак учуп боз болуп,
Асыл жалгыз, душман көп,
Арасы күйгөн от болуп,
Учурап калды Бетирке,
Ошондой чакта кез болуп,
Бура тартар шайы жок,
Кез келдиңби, бурут? деп,
Келаткамын сени издеп,
Арамзада бул калмак,
Артына салып жүрүүчү,
Алтымыш балбан адамды,
Ойуна алды Бетирке:
“Чыгалбайт Асыл камалды,
Кетирбей тирүү кыргызга,
Табамын, дейт амалды,
Башына мунун салам, дейт,
Арылгыс акыр заманды”
Кайдан Асыл айанды,
Бузуп көнгөн эр неме,
Андай канча камалды.
Кара болот Жойкума,
Кармап алды сабынан,
Сууруп алды кабынан,
Тиктеп бенде туралгыс,
Бетинин ызгаар табынан,
Кутулган жок бир киши,
Утур келген алдынан,
Асылдын көрүп түрпөтүн,
Алтымыш балбан ошондо,
Үмүтүн үздү жанынан.
Бир айланып өткөндө,
Тирүү киши калган жок,
Мен-менсинген балбандан,
Карап туруп Бетирке,
Каны тартып арданган.
Арданганы атчалык,
Кордонгону койчолук,
Качырып кирди Бетирке,
Токтоно албай от болуп,
Качырып келген калмактын,
Кагып ийип найзасын,
Жойкума менен башка чаап,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 10
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.