Latin

Асылбача - Бекбача - 02

Total number of words is 4224
Total number of unique words is 2033
31.8 of words are in the 2000 most common words
44.3 of words are in the 5000 most common words
51.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ким экени билингис,
Кабарын айтып астыңа,
Андыктан, ханым, келдик биз,
Көкбөрү жуткуч кеп угуп,
Келатат киши, деп угуп,
Жан жагына бурулуп:
- Он алты балбан барсыңар,
Барасың кимиң жолугуп?
Тирүү кармап келиңер,
Терсайак болот кыргыздар,
Өлтүрүп ийбей оолугуп,
Алып келгин алдыма,
Ким экенин билген соң,
Боору менен жүрөгүн,
Аракка кошом мен кууруп.
Тажикте жүргөн калмактан,
Антала деген бар эле,
Балбандын бири ал эле:
- Кармап келе калайын,
Аны барып мен эле,
Ал Кененим болбосо,
Жалгыз келер ким эле?
Антала турду аптыгып,
Тажиктердин Татыбек,
Ал дагы турду ашыгып:
- Сен Антала, барбагын,
Азыркы жол биздики,
Мен тажиктен барамын,
Жалгыз калмак сен барсаң,
Тирүү туруп Татыбек,
Жаман атка каламын,
Татыбек барбай калбаймын,
Болбой бассаң оолугуп,
Жолдо сени жалмаймын,
Башка кыргыз тургайлык,
Кененим өзү болсо да,
Жазганып андан калбаймын,
Тажик тажик болгону,
Мен Татыбек атка конгону,
Такаңдашар мен менен,
Тартынбас бенде болбоду.
Келген болсо Кененим,
Тең сайышып болжолу,
Мен Татыбек бар туруп,
Антала, сага койомбу?
Татыбектин кебина ,
Ачууланды Антала,
Татыбекке карабай,
Чыгып минди атына,
Үч жүз киши ээрчитип,
Кошуун алды жанына,
Өзүнүн айткан кебине ,
Өжөрлөнүп Татыбек:
- Жол бойуна сойбосом,
Жолуң каткан Антала,
Көзүңдү чукуп ойбосом,
Татыбек болбой өлөм! – деп,
Беш жүз киши ээрчитип,
Татыбек жүрдү дүбүрөп,
Ачуусуна чыдабай,
Өзүнчө сүйлөп күбүрөп,
Алдыда кеткен Антала,
Атактуу балбан аты бар,
Алдыңкы балбан катарда,
Тажиктердин Татыбек,
Көкбөрү менен теңирээк,
Оозу барбайт Көкбөрү,
Бириң кой деп айтарга.
Бир калбаны табар, деп,
Антала менен Татыбек,
Бири өлүп тынар, деп,
Көкбөрү жүрдү аттанып,
Артынан өзүм барам, деп,
Бирине-бирин тийгизбей,
Алып келе калам, деп,
Эл бар жерде мындайлар,
Бөлүнүп турат далай кеп.
Алдыда кеткен Антала,
Камчы берип атына,
Жетише албай аскери,
Бөлүп калды аркада,
Тажиктердин Татыбек,
Жете келди аларга,
Анталанын карасы,
Көрүнбөдү караса.
Коркуп менден качты, деп,
Ойуна алды Татыбек,
Ал ашыга жөнөдү,
Анталага жетем, деп.
Болушунча Татыбек,
Минген атын камчылап,
Татыбектин тулпары,
Такымдан тери тамчылап,
Анталанын артынан,
Кирип келди жакындап.
Ат дабырты чыкканда,
Антала карап кылчаңдап,
Бул шашыла жөнөдү,
Баштагыдан ыкчамдап,
Ого бетер Татыбек,
Алып учуп чакчаңдап,
Жандап өтө берерде,
Антала калмак мунун айтат:
- Ой, Татыбек ойнуңбу,
Же ойун эмес, чыныңбы,
Ачык айтып сырыңды?
Хан алдында мен бастым,
Аркамда менин оолугуп,
Өзүнчө, тажик, не бастың?
- Ойун эмес, чын кебим,
Алдыңкы жумуш меники,
Антала сага бербеймин,
Болбой мойнуң толгосоң,
Өлүп кетип жүрбөгүн!
Сүйлөбөгүн бекер, деп,
Ойуңа такыр албагын,
Бул сапаркы жумушту,
Татыбек мага берет деп.
Мен турганда канчалык,
Киши болдуң, Антала?
Тилимди алып жөн эле,
Кетип калгын артыңа!
Ачууланып Антала:
- Кетирүүчүң менби? – деп,
Кет деп мени кетирип,
Кек алуучу сенби? – деп,
Каңгайдан жардам болбосо,
Качан тажик кыргыздын,
Караанына келдиңер?
Үйүңөрдө коржоңдоп,
Опузалуу кебиңер.
Тарт атыңды, Татыбек,
Түк кетпесин ойуңа,
Антала койо берет! деп,
- Мыкты болсоң, Антала,
Тажиктердин ичинде,
Не жүрөсүң темтеңдеп?
Кол аттанса тажиктер,
Кошо аттандың селпеңдеп,
Тең кишидей кеп кылып,
Теригесиң дердеңдеп!
Жол бойуна сойом, деп,
Хан алдында айткамын,
Жалганы жок, ырас кеп.
Кеткин дедим, кеткин!- деп,
Күчөп атты Татыбек.
Ачууланып Антала,
Кан ичмеси кармады,
Татыбекти качырып,
Найзасын колго алганы,
Анталадан жазганып,
Татыбек туруп албады,
Өткүр найза булгалап,
Тик качырып калганы,
Канкылдатып кагышып,
Качпай найза сайышып,
Өчүгүшүп бул экөө,
Өжөрлөнүп алганы,
Булар минтип жатканда,
Асылбача арыстан,
Анын келип калганы.
“Каңкылдашып салышып,
Качырышат эки дөө,
Эки жерге топ болуп,
Аттан түшкөн аскер жөө,
Бул жерге келип жоо болуп,
Жулушуп жаткан кимдер? – деп.
Ким да болсо булардын,
Ачык дайнын билем” деп,
Кара аскерге барбады,
Кагышып жаткан дөөлөрдөн,
Силер ким деп сурады,
Эрегишкен эки дөө,
Дегеле жооп кылбады.
Жаңы Баатыр Асылдын,
Куршугу мунун кармады:
- Алыстан келип Таласка,
Арбагы бийик Манаска,
Жер таппай калган немедей,
Жерге киргир кимсиңер?!
Дегенче барып жаш арстан,
Каскактуу найза каз таман,
Кан чыгарбай денеден,
Катар сайып өттү эле,
Кара саат жаш бала,
Мына мындай күчтүү эле,
Тебетейдей телп этип,
Экөө тең аттан түштү эле,
Тура калып Антала:
- Кайдан келдиң, жаш бала,
Бейбаш өскөн мас бала?
Кол саласың! – деди эле.
- Карап билдим калмаксың,
Тирүү туруп арбаксың,
Кортоңдобой чыныңды айт,
Кай тарапка бармаксың?Татыбекти бир карап, Ой, айбалы, сен кимсиң?
Тажиктей турат кийимиң,
Тегиңди айтып билдиргин!
Антала айтат тамталап:
- Мына бул тажик, мен калмак,
Биздин талап кыргызда,
Катышып ага кол салмак!
- Катышып келсең кыргызга,
Армансыз болгун урушка.
Мен кыргыздын баласы,
Сейитинин тукуму,
Чечекейдин карасы,
Асылбача өз атым,
Атка миндим жаңыдан,
Кыргыздын тынды санаасы.
Түп атабыз зор Манас,
Манастан бери карата,
Кыргызды жеңип ала албай,
Кылымдын баары келатат,
Тажиктердин Көкбөрү,
Тийишкени келди, деп,
Көргөн-билген эл айтат,
Асылбача андыктан,
Жолун тосуп келатат.
Бириң тажик, бириң калмак,
Көкбөрүнүн кишиби?
Көрүнөө кесип башыңды,
Бүтүрөйүн ишиңди,
Өз башыңа какпасаң,
Оозуңдагы тишиңди!
Убара болбой таптымбы,
Издеп чыккан кишимди,
Тажиктердин Татыбек,
Темтиреп эстен танган кез,
Калмактардын Антала,
Карап туруп болду нес.
-Чоң атам аты Кененим,
Оңой киши дебегин,
Армансыз болуп өлгүлө,
Өлтүрбөй койо берейин,
Өлтүрөргө бата албай,
Айтып жатат дебегин,
Азар-түмөн болсоң да,
Азабың колго беремин.
Бириң калбай баарың кел,
Караң келбей, ханың кел,
Балбан-баатыр, алпың кел,
Алты хансың, жалпың кел,
Айкөл шерге сыйынам,
Теңдешээриң жалгыз мен.
Эми неге өзүңөр ,
Салыштыңар жообун бер!
Ашыккандан Антала:
- Кыргыз Асыл шер бала,
Сырымды айтам мен сага.
Жесекчиден кеп угуп,
Бир киши келет деп угуп,
Кармап алып кетмекпиз,
Сени менен жолугуп,
Калмак, тажик – эки урук,
Алар мени жумшаган,
Олтурганда чогулуп,
Мен барамын сен кал, деп,
Татыбек келди оолугуп,
Эрегиштик талаада,
Эми турду деми сууп.
Суудай сууду демибиз,
Армансыз болуп өлгүлө,
Кете бергин дедиңиз,
Кайта элге кетели,
Ырас болсо кебиңиз...
Көзүнүн чаарын чыгарып,
Көзүр бала тиктеди,
Татыбек менен Антала,
Оозунан түшүп кептери,
Кашын серпип кабылан,
Кеткин деген шек берди.
Калмак менен тажиктен,
Жеткенде экөөн наалытты
Манастын уулу экенин,
Душманына таанытты.
Антала калмак, Татыбек,
Аркасына жаншытты,
Утур чыкты Көкбөрү,
Болуп өткөн иштерди,
Божурап кебин салышты:
- Келе жаткан кишинин,
Жүзүн көрдүк биз, - деди,
Кебин угуң, сиз, - деди.
Минген аты Торкашка,
Адамдан түрү бир башка.
Балапан жүнү бата элек,
Балтыр эти ката элек,
Он беш менен он алты,
Жашы анда бар экен,
Баралына келгенде,
Падыша болчу бала экен,
Тулку бойу туура күч,
Тутушканын кылган түз,
Кара бойу кара күч,
Кармашканын кылган түз,
Атым менин Асыл, дейт,
Алың канча сенин, дейт,
Алты хан эли чогулуп,
Батыш менен чыгыштан,
Түндүк менен түштүктөн,
Ажал айдап келдиң, дейт,
Өзүм кыргыз уругу,
Манастын уулу, билгин, дейт,
Беттешээриң менмин, дейт,
Бүгүн атка миндим, дейт.
Татыбек менен Антала –
Экөөбүздү тең сайып,
Армансыз болуп өлгүн, деп,
Койо берди, кеткин, деп.
Алдында калды тутулуп,
Өзү койо бергенде,
Келе атабыз кутулуп,
Кыргыздын Асыл баласы,
Ажыдаардай көрүндү,
Антала менен Татыбек,
Алып келдик мойунга,
Кайыл болуп өлүмдү,
Эрегишсек эрдемсип,
Каныбыз суудай төгүлдү.
Көкбөрү айтат мындай кеп:
- Антала менен Татыбек,
Айтканыңар кандай кеп?
Мен жүрүпмүн силерди,
Белиме таңуу балбан деп.
Кебиңерди ит уксун,
Ит укпаса, ким уксун!
Жүр, бастыргын, койгунуң,
Ашырып айтып мактадың,
Кыргыздан келген баланы,
Бендеби деп бейлебейм,
Бучкагыма теңебейм,
Кыйалымда мен аны.
Карып калган чак окшойт,
Менден коркуп Кененим,
Калып калган жайы окшойт,
Менин атым Көкбөрү,
Кененим Асылбачаны,
Жалмайын катар экөөнү.
Канча баатыр Каңгайдан ,
Шибе, солон, манжудан,
Баштап жүргөн муңгулдан,
Белдүүдөн бар төрт-бешөө,
Калмактан келдиң, Антала,
Жаныңда катар дагы бар,
Тажиктердин ичинде,
Татыбек, Нуске, Акул бар,
Бири миңден кишиге,
Жарай турган баатырлар,
Коросон, Испан, Жедигер,
Аларда кандай баатыр бар.
Маңгыттардын элинде,
Саламаттын хан Калдык,
Бүткүл дүйнө жер бетин,
Аламын дейт мен жалгыз.
Аттансын аскер турбасын,
Таласка түшөм түз барып,
Ким жүрөт белде сандалып,
Жаш бала менен кармашып,
Жыландан бетер арбашып,
Деп оолугуп Көкбөрү,
Аскерин айдап көчүрүп,
Жаккан отун өчүрүп,
Жайнаган калың кол менен,
Жабыла жөнөп алганы,
Келе жаткан аскерге,
Асылбача айбыкпай,
Байрагын сайып таштады.
Карабады байракка,
Белден карай бет алып,
Тажиктин эли башканы.
Асылды көзгө илбеди,
Көптүгүнө ишенип,
Дүбүрөп жолго киргени.
“Көкбөрү кандай жандыр, - деп,
Байрак сайсам билбесе,
Каадасыз кандай жандыр?”- деп,
Айкөлдүн уулу чунактын
Арстандыгы кармады,
Көп экенин билбеди,
Көптүгүн көзгө илбеди,
«Манастап» ураан чакырды,
Туу көтөргөн немесин,
Ирмебей тиктеп качырды.
Байрак кармап бараткан,
Бөлтө деген неме экен,
Ушул жүргөн элдерде,
Менмин жалгыз дээр экен,
Байрак сайса билбеген,
Каадасыз баскан тажикти,
Асылбача арстандын,
Качырары эп экен.
Асылдын көрүп караанын,
Айбатын көрүп баланын,
“Атым Бөлтө эр туруп,
Айанып кандай калайын”
Дегенди ойго жашырып,
Желегин жерге жапырып,
Тажик деп ураан чакырып,
Жөнөдү Бөлтө качырып.
Айанар Асыл эр бекен,
Акимсинген Бөлтөдөн,
Айбаты мунун кем бекен?
Жеткен жерде Бөлтөнүн,
Найзасын кагып жиберип,
Майтору менен аргытып,
Артынан чаңын баргытып,
Кайта тийди имерип.
Асылдан найза жеткени,
Алачыктай чоң Бөлтө,
Алдындагы ала аттан,
Аңтарылып кеткени,
Асыл сайган оңобу,
Жер тайанып кобобу,
Топого башы тыгылып,
Жыгылган бойдон жоголду,
Бөлтөнүн өлгөн дартынан,
Сороктотуп найзасын,
Үч калмак кирди артынан,
Манастын укум-тукуму
Душмандан качан тартынган.
Келе жаткан калмактар,
Бири найза алганы,
Бири балта кармады,
Жана бири буулугуп,
Бири чокмор алганы.
Тегеректеп үч калмак,
Ортосуна алганы,
Алганына болобу,
Айкөлдүн уулу эр Асыл,
Эндекей келген жан эмес,
Сайыштын жайын бүт билет, Отуз эки ат машы,
Ойунун билет шер Асыл,
Жетимиш эки эр Машын,
Жетик билет эр Асыл,
Адам билген арыпты,
Ачык билет эр Асыл,
Эрегишкен душманга,
Эрдиги бар баатырдын,
Жүйөлөшсө сөз айтып,
Теңдиги бар баатырдын,
Качыргандан кайтпаган,
Шердиги бар баатырдын.
Кайсаганы жолборстой,
Кармаганы илбирстей,
Катар сайды калмакты,
Бирине-бирин билгизбей.
Үч калмак кетти дүйнөдөн,
Көкбөрү жуткуч болгону,
Мындай ишти көрбөгөн,
Балбандарын чакырып,
Бол бачым, деп бакырып:
- Тажиктен бар беш балбан,
Теги кыргыз Асылды,
Кыбыратпай байлап сал!
Үч калмакты бир киши,
Үч жерге сайып таштады,
Бешөөң барып байлап кел,
Таманына шиш кагып,
Бачымыраак айдап кел!
Улай киргин аркадан,
Байлап алып келбесең,
Башыңды алам, билип кал!
Тажиктен чыккан ылгалдан,
Жыгып мөөрөй алгандан,
Күлүктү минип желгенден,
Уруштуу күнү качпастан,
Бири миңге тийгенден,
Эл ичинде аты бар,
Беш балбанды жиберген.
Асылбача жолборсуң,
Ашыгууну билбеген,
Бешөө эмес, беш жүздү,
Бейлеп көзгө илбеген,
Жетисуудан жем жеген,
Желбегей Сыргак бүркүттөй,
Жээлигип турган эр немең,
“Манастап” ураан чакырып,
Беш кишини бетке алып,
Ирмебей көзүн тиктеди,
Беттеп сайып бешөөнү,
Өлтүрө сайып үчөөнү,
Чала өлүк кылып экөөнү,
Минтип шорун катырды,
Менменсинген бешөөнү,
Тажик менен калмактан,
Өлүп кетти сегизи.
Оп тартып жалмап таштады,
Опсуз баатыр Асыл шер.
Карап туруп Көкбөрү:
- Тажик менен моңгулдан,
Отуз балбан баргының,
Тиги турган Асылды,
Алыңар келсе ошону,
Тирүү алып келиңер,
Алыңар ага келбесе,
Амал менен өлтүрүп,
Башын кесип келиңер.
Ичин жара салгыла,
Жүрөгүн сууруп алгыла,
Канын жерге тамызбай,
Алып келе калгыла!
Эгер андай кылбасаң,
Баарыңдын башын аламын,
Балакетке саламын,
Эбин табам эми эле,
Сереңдеген баланын!
Баланын башын кесемин,
Ээрдинен көзөп тешемин,
Кененим коркуп келбеди,
Мурунку өлгөн элдердин,
Мен аламын эсебин!
Балбандарым, баргыла,
Эси жоктой иш кылып,
Бекер өлүп кетпестен,
Бир айласын кылгыла!
Отуз балбан күркүрөп,
От кеткендей дүркүрөп,
Найзалары короктоп,
Баш аламан сороктоп,
Алмаң-телмей көрүнүп,
Баштары келет кодоктоп.
Найзалары сүлкүлдөп,
Эми кандай болор, деп,
Эстери чыгып бүлкүлдөп,
Чогоолдору чокчоңдоп,
Кодоолору кортоңдоп,
Өтө семиз немеси,
Ээрге батпай көчүгү,
Оодарылып бултулдап,
Жорго басык аттуусу,
Келатышат кылтылдап.
Буларды көрүп Асыл шер,
Айласы артык кеменгер,
Сырнайзаны зыңкыйтып,
Майторуну кындыйтып,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кез келип найза чунайтып,
Манастап ураан чакырып,
Майторуну чуратып,
Имерип тийген жаандай,
Ителги тийген таандай,
Сайып өттү, суналтып.
Беттей сайды бешөөнү,
Эптей сайды экөөнү,
Жер тайантты жетөөнү,
Аңтара сайып атынан,
Антип өттү алтоону.
Бир аралап өткөндө,
Жыйырмасын аттан түшүрдү,
Оролуп кайра киргенде,
Ондун ишин бүтүрдү,
Ойротто жок Асыл шер,
Отузду аттан түшүрдү,
Найзасын Асыл камдады,
Отуздун баарын жалмады,
Бири да тирүү калбады,
Тажиктердин Көкбөрү,
Эми минтип өкүрдү:
- Бириң калбай баргыла,
Тостурбай өтсөң турбагын,
Түз Таласка тарткыла!
Көкбөрүдөн кеп угуп,
Жайнап жаткан көп аскер,
Баары кирди дүркүрөп,
Кылданган баатыр анда бар,
Мас болгон нардай күркүрөп,
Караса келет быжылдап,
Кумурскадай кыжылдап,
Калмак менен тажиктин,
Билинбей тили жужулдап,
Татаалап калмак кужулдап,
А-алап тажик чуркурап,
Кыбыладан жел согуп,
Шамал чыкты зыркырап,
Асыл минген Майтору,
Канаттуудай дыркырап,
Манастап Асыл бакырып,
Алдына тийди жапырып,
Эри менен ал-элдин,
Эндекей кара аскерин,
Сабын бузбай сулатып,
Чапкан чөптөй кыйратып,
Калың жерин аралап,
Арасын ачып жол салып,
Андай топко келгенде,
Кылыч менен кайсалап,
Жайнап кача бергенде,
Сырбараң үнү тарсылдап,
Алай-дүлөй барсылдак,
Койго тийген бөрүдөй,
Жалгыз жүрөт аралап,
Жаалысына чыдабай,
Жайнап качып эки урук,
Асыл эрге кыла албай,
Алты балбан баш болуп,
Бере албай ага туруштук,
Тобун бузбай тура албай,
Токтолуп булар урушуп,
Сапырылып сан миң кол,
Өңдөн азып саргарды,
Не кылайын биле албайм,
Айласы кетип сандалып,
Майторуну аргытып,
Койуп кетип баратат,
Албарс менен кайсалап,
Жойуп кетип баратат,
Чамбыл ала чаң кылып,
Кызыл ала кан кылып,
Сойуп кетип баратат,
Орто жерин коо кылып,
Ойуп кетип баратат,
Беттеп аскер тура албай,
Качып барат талаалап,
Кылыч, найза, айбалта,
Кан куйулуп салаалап,
Отуз алты балбандын,
Тобун кирди аралап,
Калмак, тажик баатырдын,
Алын билди чамалап,
Каскактуу найза карманып,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланып,
Жаалысы келген Асылдын,
Жалыны чыгып көзүнөн,
Заары чыгып жүзүнөн,
Тик багып бенде карабай,
Азыркы айбат түсүнөн,
Оозунан оту буркурап,
Көзүнөн учкун чыркырап,
Баары темир кийинген,
Отуз алты балбаны,
Жайыла берди быркырап,
Туш-тушуна таралып,
Качып калды чуркурап.
Сундуруп найза тартпады,
Жалгыз жүрөт аралап,
Жаалысына чыдабай,
Жайнап качып эки урук,
Асыл эрге кыла албай,
Алты балбан баш болуп,
Бере албай ага туруштук,
Тобун бузбай тура албай,
Токтолуп булар урушуп,
Сапырылып сан миң кол,
Өңдөн азып саргарды,
Не кылайын биле албайм,
Айласы кетип сандалып,
Майторуну аргытып,
Койуп кетип баратат,
Албарс менен кайсалап,
Жойуп кетип баратат,
Чамбыл ала чаң кылып,
Кызыл ала кан кылып,
Сойуп кетип баратат,
Орто жерин коо кылып,
Ойуп кетип баратат,
Беттеп аскер тура албай,
Качып барат талаалап,
Кылыч, найза, айбалта,
Кан куйулуп салаалап,
Отуз алты балбандын,
Тобун кирди аралап,
Калмак, тажик баатырдын,
Алын билди чамалап,
Каскактуу найза карманып,
Кайра жаачу булуттай,
Каар жүзүнө айланып,
Жаалысы келген Асылдын,
Жалыны чыгып көзүнөн,
Заары чыгып жүзүнөн,
Тик багып бенде карабай,
Азыркы айбат түсүнөн,
Оозунан оту буркурап,
Көзүнөн учкун чыркырап,
Баары темир кийинген,
Отуз алты балбаны,
Жайыла берди быркырап,
Туш-тушуна таралып,
Качып калды чуркурап.
Сундуруп найза тартпады,
Айыгышып жоо жеңген,
Тукумуна Манастын
Өзүнөн калган санатты,
Айдары алтын жаркылдап,
Асабасы калкылдап,
Өңү сары, көзү көк,
Оттук таштай жалтылдап,
Билеги батпай жеңине,
Булчуң эти балкылдап,
Коргошун жүрөк, сом билек,
Коркпойт Асыл Кара көк.
Ажыдаар ооз, жалын көз,
Жаштан чыккан Кара көк,
Кайраты башка бөп бөлөк,
Көкбөрүнүн найзасын
Сайдырбастан какканы.
Найзаларын кагышып,
Кайра айланып сайышып,
Найзадан айла кеткенде,
Балталашып чабышып,
Балтанын сыртын жарышып,
Кылычты кындан суурушуп,
Кыйкырык менен урушуп,
Камтып белден кармашып,
Ат үстүндө жармашып,
Ажыдаардай арбашып,
Бирине-бири заар чачып,
Ач бөрүдөй жулушуп,
Айабай жаман урушуп,
Соотторун булушуп,
Үзөңгү боого салышып,
Этектен түрө алышып,
Эпсиз балбан эки жаш,
Калган экен табышып,
Ажыратып кете албай,
Аттары турат тайышып,
Күнү күнгө уланды,
Муну көргөн эрлердин,
Жүзүнөн каны кубарды,
Түнү эки, күнү үч,
Бешке барды убагы.
Эр күрөшү – оодарыш,
Мындан айла таппады,
Найзаларын ыргашып,
Качырыша баштады,
Асылдан найза жеткенде,
Тентектин бири Көкбөрү,
Ыргып кете жаздады,
“Кайра айланып сайганда,
Кадемимди катырат,
Кайратымды кем кылат,
Кара жерге тең кылат”,
Деп кара нээт Көкбөрү,
Каралык кылып уйалбай,
Кайрат кылып тура албай,
Качырып найза уралбай,
Камчысын баштан имерип,
Каптатып аскер жиберип,
Калың аскер тажикке,
Качып кирди калдаңдап,
Кара бойун жыйнабай,
Кайран жанга күч келип,
Карбаластап далдаңдап,
Караган адам күлгөндөй,
Кажырдан бетер далбаңдап.
Аркасынан Асыл шер,
Аргытып кирди Тору атты,
Аралаша киргенде,
Айгайлаган аскердин,
Агызып канын баратты,
Ажыдаардай эрлерин,
Акимсиген немесин
Аңтара сайып кулатты,
Аңгек менен кандекке,
Астын-үстүн сулатты,
Аралап келген тажикти,
Күзгү койдой жуушатты.
Тору ат менен зыргытып,
Найзага келген немесин,
Көгүчкөндөй ыргытып,
Көчүккө найза мылгытып,
Качыргандан кан алып,
Капташкандан жан алып,
Алмадай кагып баш алып,
Ичин жарып эт алып,
Боорун жарып өт алып,
Кайраты бар кабылан,
Мурункудан күч алып,
Кылычтан канын чубуртуп,
Кызыл канын куйултуп,
Падышалык туусуна,
Баатырың жетти ушуга.
Көкбөрүң жаман шашылды,
Көзүрлөрүн чакырды,
Буйрук кылып желдетке,
Барабанын кактырды,
Желегин жерге жаткырды,
Өлгөн күнүн узартып
Көкбөрү тапты акылды.
Желегин жерге жыкканда,
Барабан үнүн укканда,
Манастын уулу Каракөк,
Кайра тартты ушунда,
Муну мында таштайлы,
Асылбача жолборстун,
Сакычак баштуу беш эрди,
Сойгонунан баштайлы.
АСЫЛБАЧАНЫН САКЫЧАК БАШТАГАН БЕШ БААТЫРДЫ СОЙУШУ
Бөксөлөй тартып бастырып,
Темир тоонун сыртынан,
Чыгып келди баатыр шер,
Кулжалуу төрдүн кырына
“Жалгыз мага жолугуп
Жайнаган аскер бул экен,
Кастап келген кыргызды,
Муңгул, тажик эл экен,
Бөлүнүп кетип булардан,
Бүлүк салып тынч элге,
Бүлүндүргөн болбосун,
Дүрбү салып Кеңколдун,
Эсендигин билем”,-деп,
Ооздугун чыгарып,
Отко койуп тору атты,
Суулугун чыгарып,
Суу каптырып тору атты
Өзү чыгып кыраңга,
Көчүгүн койуп олтурду,
Үстү эптүү бир ташка.
Турнабай салып караса,
Таластын эли жай жаткан,
Андан нары караса,
Желеги сары көп аскер,
Барабан согуп, баң тартып,
Бейабанды чаңдатып,
Мана минтип келаткан.
Асыл баатыр жаш чунак,
Тааный албай болду таң,
Таласты карай бет алса,
Жолунан тосуп чыгарга,
Башка жакка баратса,
Барып сырын угарга,
Карап калды буларга.
Коросон менен Жедигер,
Биригип келген эл эле,
Кененим өзү хан кылган,
Коросондо жаңы хан,
Жедигерде Жаанбай,
Жергесинен Кыйаздын,
Жээн жагынан туулган,
Каракөз деп бир бала,
Өзү өткүр тили так,
Өзгөчө болгон бул бала.
Тажиктердин Көкбөрү,
Ичи заар, кара жүз,
Жашыруун киши жиберип,
Чынкожо, Толтой, Кыйаздан,
Кабар айтып бу жактан,
Жедигердин элине,
Бүлгүнчүлүк салыптыр.
Эки тарап эл болуп,
Каракөз сөзү эм болуп,
Жаанбай жагы кем болуп,
Алдын алып Каракөз,
Таласка киши бастырбай,
Жол тостуруп, эр койуп,
Жаанбайды өлтүрүп,
Каракөз өзү хан болуп,
Хан Каракөз ат конуп,
Көкбөрүдөн тил алып,
Коросон барып аттанып,
Кененимден келдим, деп,
Жаңы ханга кеп салып,
Жаңы ханга жагынып,
Жай алып далай туруптур,
Дарттуулардан кеп сурап,
Далай сонун угуптур,
Кара нээт Каракөз,
Анык кудай уруптур.
Жаңы ханды аздырып,
Тоого алып барып азгырып,
Жаңы ханды жайлады,
Кылычка канын майлады,
Башын кесип байланды,
Жаңы хандын ордуна,
Дабытайдын тагасы,
Коросонго баш болуп,
Ал түгөнгүр шайланды,
Дабытай кунун кубам, деп,
Жанына кылыч байланды.
Испандан алды кабарды,
Испандык айтты барарды.
Асылбача көргөн эл,
Коросон, испан, жедигер,
Кошуун курап, кол жайкап,
Келген экен ошол эл.
Үч уруунун элинде,
Белдүүдөн бар жетимиш,
Айдап келген кошууну,
Токсон алты миң имиш.
Байыркынын иштерин,
Киши айтып билгисиз,
Балбандын тону темирден,
Көтөрүп киши жүргүсүз.
Кырда карап олтурса,
Таласка жолун салбады,
Болжошкон жери эл экен,
Тарашаны бетке алды.
Каракөз кытмыр, арамза,
Жедигер отуз эки миң,
Коросон отуз эки миң,
Испан отуз эки миң,
Оргутуп жерди чаңдатып,
Каракөздүн буйругу,
Сарыдан байрак карматып,
Так байрактай кыргызды,
Саргартамын деп айтып,
Алдыга бешти чаптырды,
Аларга мындай тапшырды:
- Жолдо киши учурап,
Жолтоолосо кеп сурап,
Татыксыз кепти салгыла,
Баарың сүйлөп кожурап,
Акылман киши кептенип,
Сыр чыгарба божурап.
Тажиктин элин билгенде,
Көкбөрүнү көргөндө,
Менден салам айткыла,
Амандашып кайткыла.
Коросон, испан, жедигер,
Калбай келди дегиле,
Коросон менен испанга,
Өзү барды дегиле.
Хан Каракөз жиберген
Сизге, баатыр, келдик де,
Бизге жолдош болдук де.
Аскер токсон алты миң,
Үч хандын эли биз дегин,
Теңибиз Талас кирелик,
Уруксат берсең сиз дегин.
Балбаны бар, баатыр бар,
Коросон, испан ханы бар,
Хан Каракөз дагы бар,
Сизге бизди жиберди,
Эртең келип калат де,
Азыр аскер өтө кыл,
Кыргызга бүлүк салат де.
Беш киши жолго киргени,
Белдүү Асыл баатырдын,
Жолдо экенин билбеди.
Көкбөрү жатат кошуунда,
Келе жатат беш киши,
Көрүшмөккө ушунда,
Жетип келди беш киши,
Асыл эрдин тушуна.
Кырдан ашып кылт берип,
Сыртты карай киргенде,
Майторуга зоңкойуп,
Баатыр Асыл минди эле.
Көмөскө менен желбеди,
Көк колот менен чуратып,
Көк жалың жетип келгени.
Көрө салып беш киши:
- Аты-тону келишкен,
адамдан башка не киши?
Кыргыз болуп калбасын,
Ата кокуй, бул киши!
Кыргыз болсо нетебиз?
Биз беш киши бул жалгыз,
Байлап алып кетебиз,
Айттырып кепке канабыз,
Көкбөрүнүн алдына,
Байлап алып барабыз,
Андан кийин кыргыздан,
Эркин чалгын чалабыз.
Дегенинче бул бешөө,
Бабырашып баратты,
- Токтогунуң, ким болсоң!
Бала жолборс шер айтты.
Үнүнөн бешөө аптыгып,
Жүрөктөрү жарылып,
Кете жазды жан чыгып.
Эстери чыгып энтигип,
Маңдайынан тер чыгып,
Калтаарышып баарысы,
Карап тура калышты.
Асылбача эр айтат,
Ал бешөөнө кеп айтат:
- Ат жаратып, тон ылгап,
Алыстан жүргөн кишисиң,
Не ишиң бар Таласта,
Кай тараптан келишиң?
Жоокалатпай чыныңды айт,
Боло турган сырыңды айт,
Бултактасаң кеп жасап,
Силерге даба табылбайт!
Токсон алты байрагың,
Тобун бузбай санадым,
Атам Манас, мен Асыл,
Кебиңди айтчы угайын!
Хан Каракөз кеби, деп,
Айтууга келди эби, деп,
Жарыша сүйлөп калышты,
Жабырап кебин салышты.
Асыл баатыр кеп айтат:
- Ажылдабай акмактар,
Бирден айткын! – деп айтат.
Жашырар жери калбады,
Жедигерлик Койтолоң,
Баштан-айак болгонду,
Көкбөрү киши жиберди,
Жаанбайды өлтүрүп,
Каракөз ханы болгонду,
Таласка киши бастырбай,
Жол тостуруп койгонду,
Такырайтып сайрады:
- Коросонго барганы,
Жаңы ханды өлтүрүп,
Ордуна киши шайлады,
Испанга киши жиберип,
Андан кошуун алганы,
Коросун, испан, жедигер,
Колбутуп кошуун айдады,
Көкбөрүгө баргын деп,
Бешөөбүздү жумшады.
Уруксат алып кел, деди,
Таласка барам мен, деди,
Ошого бара жатабыз,
Көкбөрүгө көрүшүп,
Жообун алып келгени.
Жашырарын таба албай,
Жайын айтып бергени,
Четин эмес, чок орто –
Баарын айтып бергени.
Кебин угуп элдердин,
Не жумуштап келгенин,
Жайын билди эр Асыл,
Коросон, испан, жедигер,
Которулуп калганын –
Баарын билди шер Асыл,
Тажик менен калмактын,
Алын билди эр Асыл,
Теги жаткан маңгыттын,
Кошулганын буларга,
Дайынын билди шер Асыл,
Кимдер душман, кимдер дос,
Анык билди баарысын.
Анда Асыл эр айтат,
Айкөл Манас тукуму,
Тартынбай турган шер айтат:
- Коросон, испан, жедигер,
Үч урук эли келдиңер,
Баарыңарды башкарган,
Көкбөрү экен билгиңер,
Жобурап мында турбастан,
Көкбөрүгө баргыла,
Хан Каракөз жиберген,
Кабарын андан алгыла,
Көкбөрү деген бийиңе,
Менден айта баргыла.
Учурадык эрге де,
Тарашанын белинде де,
Атым Асыл билгин дейт,
Бар сырыңды билдим дейт.
Коросон, испан, жедигер,
Тажик, калмак элиңер,
Чогулушуп бир жерге,
Анан мага келиңер.
Беш киши сени беймаал,
Өлтүрөр киши мен эмес,
Жана таап келгиле,
Бул беш урук сен эмес,
Канчалык келсе сел каптап,
Агызып кетер бекен деп,
Айанып калчу мен эмес,
Түп атамдан бер жакка,
Жоодон корккон эл эмес.
Көптүгүң сенин беш урук,
Түп Бейжинден көп эмес,
Коңурбай эмес, Көкбөрү,
Мурадилче эр эмес.
Турбай бешөөң кайтып бар,
Көргөнүң менен укканың,
Көкбөрүгө айтып бар.
Туу белде турам эл карап,
Чогулушсаң беш улук,
Тобуңа тийем аралап,
Беш уруктун элдерин,
Алын билем чамалап.
Таласты талап алганы,
Келипсиңер сабалап,
Ак калпак кыргыз алаштын,
Туурдугу бүгүн Саламат.
Атадан калган салтыбыз,
Канкор баатыр Семетей,
Калтырган бизге наркыбыз,
Түгөнгүс кыргыз эли бар,
Аттанып чыкса жалпыбыз.
Элдер жыргап жай жатыш,
Баатырлар барыш шартыбыз,
Алышарга жоо десе,
Кыргызда жок тартыныш,
Көкбөрү деген төрөңө,
Барып кабар айтыңыз.
Асыл шерден кеп угуп,
Бешөө кетти чубуруп.
“Кете бергин деп койуп,
Жаш бала чыгат жол тосуп.
Төртөөбүздү өлтүрүп,
Бирибизди жиберет,
Амалы көп бала окшойт,
Айтор, сырын ким билет...”
Дегенди ойлоп байкуштар,
Бачымдап бара жатышат,
Өпкөгө атын тепкилеп,
Камчылап атын токмоктоп,
Ач белес кайкы кезеңде,
Асыл чыгып калат деп,
Мойнун созуп омсоңдоп,
Жик-жик болуп көчүгү,
Эңкейиште томпоңдоп,
Коктуга келсе кажырдай,
Алдын карап жогжоңдоп,
Жан айабай мол жүрүп,
Ат айабай жол жүрүп,
Уйку уктабай түн катып,
Сүрүп чыкты таң атып,
Көкбөрүнүн тобуна,
Кирип келди жанашып,
Кутулдук деп кыргыздан,
Бирин-бири карашып,
Жеңишке салган күлүктөй,
Тизгиндерин талашып,
Үзөңгүлөр кагышып,
Жаш баладай жарышып,
Көкбөрүнүн тобуна,
Калмак, тажик тобуна,
Ат чабып кирип барганда,
Жесекчилер жолунда,
Токтогунуң, тургун, деп,
Токтотуп аттан түшүрүп,
Тогуздап таазим ургун, деп,
Ат чабым жерге тургузуп,
Тогуздап таазим ургузуп,
Таанышпаган эл үчүн,
Барасыңар кайда? – деп,
Анан кебин урушуп,
Баштан-айак салдырып,
Баарлык кебин угушуп,
Ким экенин билгенде,
Анан барып жесекчи,
Көкбөрүгө угузуп:
- Алыстан келди беш киши,
Ат-тону башка бир иши,
Тосуп жолун тургуздук,
Ким экенин угуштук,
Урматың үчүн, Көкбөрү,
Тогуздап таазим ургуздук.
Коросон, испан, жедигер –
Үч уруктун эли дейт,
Баштап жүргөн аларды,
Хан Каракөз беги дейт,
Токсон алты миң киши,
Токтобостон келдик дейт.
Жиберди дейт Каракөз,
Көкбөрүгө баргын деп.
Мен Таласка барайын,
Уруксат берсе Көкбөрү,
Көрүнүп койуп көзүнө,
Ал үчүн келдим өзүңө,
Карап калып Көкбөрү:
“Кененим менен Асылды,
Катары менен сойдум, – деп,
Мурунку өлгөн эрлердин,
Кун кубары болдум, - деп,
Чалчык элем, көл болдум,
Кокту элем, төр болдум,
Аз киши элем, көп болдум,
Учкун элем, өрт болдум,
Толкуган дайра сел болдум,
Тоо менен бүгүн тең болдум,
Кем-карчы жок ишинде,
Телегейим тең болдум,
Улуктугум билинсин” – деп,
Бутун жерге тийгизбей,
Боортоктоп кирсин, деп,
Буйрук кылды келсин, деп.
Жесекчи келип жүрү деп,
Алып келип чатырга,
Боортоктотуп жылдырып,
Тобо-томук кылдырып,
Ал бешөөнү киргизди,
Көкбөрүнү үстүнө.
Тизелешип олтурду,
Көзүн жашка толтурду,
Жедигердин Койтолоң,
Кеп баштады ошондо:
- Коросон, испан, жедигер,
Кошуун айдап келсин деп,
Кабар кылып ийдиңер.
Алыстан келдик атайын,
Келгенимди айтайын,
Жедигердин Каракөз,
Жиберди сага Көкбөрү,
Кошулган экен турбайбы,
Өзүнө кылган казапты,
Сен өңдөнгөн улукту,
Мындан мурун ким көрдү?
Кыргыздан чыккан кыраанын,
Келатып жолдо көз көрдү,
Жакшы-жаман дебестен,
Жайынча айтып өткөрдү,
Тамызгыдай кыргыздар,
Ысыгы калып өчкөндү.
Салам айтып Каракөз,
«Уруксат кылсын бизди, - дейт,
Таластагы кыргызга,
Талаан койуп тийем, - дейт,
Бешиктеги балдарын,
Карагай-кайың, талдарга,
Шилисинен илем, - дейт,
Катын менен кыздарын,
Өз билгимди кылам, - дейт,
Кымызын төгүп сабаадан,
Ордуна суудан куйам, - дейт.
Кул кыламын уланын,
Күң кылам дейт жубанын.
Абышка менен кемпирди,
Ичер ашка зар кылам,
Аңтара сайсам Кененим,
Алаш уулу дегеним,
Айдап жүрүп кыдыртып,
Кылгылыкты кыламын,
Кыйа карап койгонун,
Кылычтап башын кыйамын.
Ойлогонум бүт кылып,
Андан кийин тынам!”- дейт.
Ал Каракөз дегендин,
Айткан кеби мына ушул.
Ачык айтсаң жообуңду,
Ачык кылсаң жолуңду,
Каракөзгө барамын
Көкбөрү жандын кеби деп,
Көргөнүмдү айтамын.
Бар десең барат Каракөз,
Барба десең Каракөз,
Бара албай Таласка.
Чогуу турсаң жакшыбы?
Айбатына таң калдым,
Жолдо турган балага.
Койтолоң кебин бүтүрдү,
Айтып болуп үшкүрдү,
Көкбөрү кепке түшүндү,
Туруп калып делейип,
Жооп бербей денейип,
Анда айтат Көкбөрү:
- Атың болсо Койтолоң,
Кайра чапкын сен болсоң.
Хан Каракөз дегениң,
Таласка барам дебесин,
Кененимди кары деп,
Келдим эле бул жерге.
Жалгыз эмес Кененим,
Жанында жана бар экен,
Асыл бала аты экен,
Ал ажыдаар мар экен,
Чын ачуусу келгенде,
Бөйөн-чайан заар экен,
Кез болгон бенде Асылга,
Кең дүйнөсү тар экен,
Келишип алган кишинин,
Кетер жолу шар экен.
Көптү көрсө шашпаган,
Көп экен деп качпаган,
Көкжалдыгы кармаса,
Көөнүндө ишин баштаган,
Көптү көрсө күйүнбөс,
Азды көрсө сүйүнбөс,
Аралап кирсе сан колго,
Ажалды туура көзгө илбес,
Өкүм өткүр сөзү бар,
Өлүмдөн коркпос өзү бар,
Өрттөй жалын көзү бар,
Өөрчүп турган бала экен.
Балалык кылып калтаарбас,
Кызыл кан агып чайкалса,
Кылчайып артын карабас,
Асман тиреп от күйсө,
Башын тартып жалтанбас,
Баатыр экен кызталак,
Тентип кетсек ар кайда,
Теңдешип ага ким чыдайт?
Бирди бирге жеткирбей,
Асылбача, Кененим,
Карышкырдай кан жалайт.
Белибизди бууганбыз,
Тирүү болсо бир дөңдө,
Убада сөздө турганбыз.
Өлсөк чогуу чуңкурда,
Бололу деп айтканбыз,
Ошондо айткан кептерден
Кантип кайра тартабыз?
Көкбөрүнү кеби деп,
Каракөзжанга айткының,
Болгун бачым бастыр! – деп,
Баашасы айтты мындай кеп,
Баашанын кебин укканда,
Койтолоң карап турбады,
Кара аттын башын бурганы,
Камчыга бөлөп кара атты,
Хан Каракөз барам деп,
Жан айабай баратты.
Асылбача арстан,
Караанын көрдү алыстан,
Токтогун деп акырды,
Үн чыкканда Койтолоң,
Жүрөгү чыкты кабынан,
Билеги сынды сабынан,
Жыга чапкан немедей,
Кулап кетти атынан.
Тура калып ордунда,
Эки колу боорунда,
Корккондон өңү саргарып,
Сийдиги агып шырылдап,
Баса албай турду шалдырап,
Багшалеги шалбырап,
Тоңгон уйдай чакчайып,
Эки көзү жалдырап.
Асылбача эр айтат,
Ал айтканда нени айтат:
- Кеткениң болу күнү-түн,
Беш киши элең бир бүтүн,
Жалгыз кайдан келесиң,
Жан айабай сен бүгүн?
Эсин жыйнап Койтолоң:
- Каракөздүн кабарын,
Көкбөрүгө айтканга,
Көрүшүп ага барганбыз.
Көкбөрү кайра тарт деди,
Каракөзгө бар, деди,
Алып келе кал, деди,
Тирөө болсок, бир дөңдө,
Өлсөк чогуу чуңкурда,
Бирге туруп болобуз.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 03
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.