Latin

Асылбача - Бекбача - 01

Total number of words is 4218
Total number of unique words is 2402
27.1 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
48.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
АСЫЛБАЧА –
БЕКБАЧА
Жусуп Мамайдын айтуусунда
БЕТ АЧАР
Улуулардан уккан кеп,
Ойноо бала жаш кезде,
Кулагыма жуккан кеп,
Айкөл Манас жомогу,
Калк аралап келген кеп,
Улаштырып улантып,
Улуктар айтып берген кеп.
Асылбача-Бекбача –
Эгиз уулга келген кеп.
Айкөл төрө Манастын,
Аркасында Семетей,
Семетейден Сейтек,
Сейтектен эки уул –
Алымсарык – Кененим,
Алымсарык тукумсуз,
Өмүрү кыска жаш кетти,
Аны айтып жүрбөйүн.
Алты жашка чыкканча,
Баспай бечел Кененим,
Тогузунда аттанып,
Жети дөөгө касталып,
Баарын сойгон береним,
Кимге кимдер кас болсо,
Маанайы кимдин пас болсо,
Айагынан жөлөгөн,
Акылы терең көз ачык,
Аркасын ойлоп көрөгөн.
Кененимдин Сейити,
Жыйырма эки жашында,
Бул дүйнөдөн жөнөгөн.
Сейитинин алганы,
Сулаймат кызы Кылжыке,
Эгиз эркек төрөгөн.
Чыга турган эшик бир,
Мурун түшкөн балага,
Асыл бала ат койду,
Кечинде түшкөн балага,
Бек бала деп ат койду.
Бара-бара балдарга,
Асылбача, Бекбача,
Айтылып калган ат болду.
Сейити өлдү атасы,
Кылжыке өлдү апасы,
Жетим калды бачасы.
Чоң атасы Кененим,
Арка болду балдарга,
Калка болду калкына.
Чоң энеси Чыныке,
Эмчегине сүт кирди,
Ак чач болгон кемпирге,
Эмизди эгиз балдарды,
Жашы үчкө келгенче,
Бешик тойун бербеген,
Берерге чама келбеген –
Эгиз төрөп эки уул,
Өлүп кеткен Кылжыке,
Өлүм-житим иш болуп,
Той бербеген бешикте.
Муну мындай таштайлы,
Асылбача-Бекбача
Бешик тойун баштайлы.
АСЫЛБАЧА МЕНЕН БЕКБАЧАНЫН БЕШИК ТОЙУ
Балдар үчкө келгенде,
Сейитектин Кененим,
Чоң Таласта той берди,
Тойго кел деп чакырган,
Кабар уккан эл келди.
Алматы, Капал казагы,
Аттанып баары бүт келди,
Үчкаркыра, Ысыккөл,
Иле, Алтай ал келди,
Күнөс, Текес, Бешбалык,
Баркөл, Турпан бул келди,
Лопнур, Азык, Кумдайра,
Калбай келди булар да.
Арал менен Жалаңсуу,
Тузкөлдүн эли калбады,
Чатыркөл эли кошулуп,
Бүт Таласка барганы,
Хотен, Жеркен, Кең Кашкар,
Абалкан, Темир, Жанадил,
Айдап элин барганы.
Мурунку аты Араник,
Кийинки аты Анжыдан,
Ташкен менен Самаркан,
Калбай тамам эл барган,
Бадакшан, Балык, Букардан,
Каракалпак, түркмөндөн,
Тажик, калча, жудадан,
Калбай тойго чубаган.
Оогандакы кыргыздан,
Ламдын бели Кыймадан,
Боз үй тиккен Кыйбадан,
Үчарал, Үргөнч бойунан,
Акунхандан бер жакка,
Келе жаткан тобунан,
Үйүндө эркек калбаган.
Жетисууда жедигер,
Коросондун элинен,
Кошулуп келди нечендер,
Урумдакы уссундан,
Көп адам келди ушундан.
Ногойдун эли калбады,
Теке түрк калбай барганы,
Жыргалдуу Кеңкол, Таласта,
Жыргап жаткан кыргыздар,
Үйүн тикти белендеп,
Чакырган эл келер, деп.
Жыргалдуу Кеңкол, Таласка,
Кайкап түштү, эл келди,
Жыргап жатат кыргыздар,
Бир-бирине дем берип,
Күлүктү байлап жем берип,
Шылуундар минип атына,
Комуздарын колго алып,
Торгойдон муңдуу күү чалып,
Келиндер кагып жез комуз,
Ырчылары үн салып,
Жасоолдору башкарып,
Конокко бөлдү элди алып.
Үч жүздөн бээси тууганга,
Бештен берди конокту,
Жүз элүүдөн белүүгө,
Үчтөн келди коногу.
Элүү бээси тууганды,
Конокко кызмат кылдырды,
Кылымды баскан Кененим,
Кыйалындай иш кылды,
Конокко тогуз кондурду,
Майга баарын тундурду,
Самавары кайнаган,
Дасторкондун бетинде,
Дүр-дүнүйө жайнаган,
Салган жерден алдырып,
Дасторконун жыйбаган,
Кылымда далай хан өткөн,
Кененимдей кылбаган.
Бир жүз элүү күлүккө,
Байге бар деп угузду,
Бир миң беш жүз жылкы деп,
Баш байгеге тургузду.
“Айдап кет атың чыкканда,
Ала турган мал ушу.
Алыскы эл мал айдап,
Кете албасаң жериңе,
Атың чыкса байгеге,
Элүү миң алтын аласың,
Оонабаска жүз жылкы,
Кете албасаң алыска,
Бир жылкыга эсептеп,
Отуз беш алтын аласың,
Жетимиш эки хан келдиң,
Бирден киши чыгаргын,
Калыстар атты айдасын,
Алматынын шаарына,
Аса байлап, ат суутуп,
Эртеси атты жолго сал,
Карабуура, Чаткалдан ,
Байрак сайып тосуп ал”.
Мына ушулар жасоолдун,
Айткандары туйуп ал.
Бир миң үч жүз сап буудан,
Саналып жолго чубаган,
Жетимиш эки калыстан,
Отуз алтоо ат айдап,
Ортодон атын кошот, деп,
Эми кандай кылат, деп,
Карап турат эл жардап,
Жасоолдор менен жарышып,
Ырчы келди тил кайрап,
Үнү менен улашып.
Кыл, кыйагы так сайрап,
Ыраба деген ырчы бар,
Ырдаганы ушундай:
- Алматы менен Самаркан,
Арасы мунун чеп болду.
Чыгыш жагың бир бөлүн,
Батыш жагың бир бөлүн,
Кайрыдинден азыраак,
Беттеше албайт саа чыдап,
Батыш жактан бириң чык,
Чыгыш жактан бириң чык,
Кан төгүлүп той болбойт,
Жөө күрөшүп балбан жык.
Тер агызып, күрөшүп,
Чыксаң алар байгеңди ук,
Ком-чому менен жүз нар ал,
Жыгылсаң карап куру кал.
Жасоолдордон кеп угуп,
Жарай эки бөлүнүп,
Жардап карап турушту.
Чыгыштан чыккан балбаны,
Чынар деген киши экен,
Батыштан чыккан балбаны,
Нуран деген киши экен.
Эр кийимин кийгизип,
Балбанга экөөн киргизип,
Беттешип кирди бул экөө,
Ийиндерин тийгизип,
Алты күнү күрөшүп,
Жыгыша албай койушту,
Ажыра десе укпады,
Алар качан болушту.
Чынардын жайын сураса,
Кырк бир эрдин бөйрөгүн,
Чыгара кармап алган дейт,
Нурандын жайын сураса,
Алтымыш эрди сойгон дейт,
Ага качан койгон дейт,
Кой деп айтса укпады,
Ажыратып жибер деп,
Хан Кошойдун жээни эле,
Алп Бозойду жумшады.
Алптын иши ар кандай,
Кой десе тилин албады,
Чынар менен Нурандар,
Кычыратып тиштерин,
Тилдерин кесе чайнады.
Басып барып алп Бозой,
Оң колу менен Нуранды,
Сол колу менен Чынарды,
Аткып белден кармады,
Колу-бутун арбайтып,
Бакадан бетер тарбайтып,
Батыш менен Чыгыштын,
Эки жаат элине,
Алып барып таштады,
Катар чыгып экөөнү,
Баатыр Бозой байге алды.
Аңгычакты болбоду,
Жамбы атарга чубады,
Кененим өзү барбады,
Андан башка келгенден,
Хандар өзү баш болуп,
Мылтык атып, жаа тарткан,
Аты чыгып маш болуп,
Деги киши калбады.
Үч жүз сексен бир кулач,
Жамбы аскан кадаасы.
Жаасын алып мойнунан,
Бирден тиштеп огунан,
Моңгулдун эли чубады,
Алты жүз киши жаа тартып,
Бири да ата албады,
Артынан казак барыптыр,
Мылтык атып жаа тартып.
Бир миң беш жүз ок атып,
Булар куру калыптыр.
Түркмөн, тажик, бадакшан,
Албай барган булардан,
Барган менен убара,
Атып адам албаган,
Хотен, Жеркен, Кашкардан,
Лопнур, Азык, Аралдан,
Баркөл, Кумул, Турпандан,
Ата албады бир адам,
Бешбалыктын баарынан,
Кутубийдин наамынан.
Тазбайматтын Майбулак,
Манастан барган канча жан,
Ата албады эч бир жан,
Текес, Күнөс, Иледен,
Алтайдан бери келгенден,
Ата албады жамбыны,
Ылганып чыккан мергенден.
Үч Каркыра, Ысыккөл,
Чечдөбө, Нарын, Анжыдан,
Наманген, Ташкен, Самаркан,
Жамбыны атып кададан,
Түшүрө албай бир адам,
Төгөрөктүн төрт бурчу,
Чогулушуп турган жан,
Кыргыздан башка элдерден,
Жетимиш эки келген хан.
Токсон илек киши деп,
Эсебин айтып угузган,
Кошойдун уулу Бактыбай:
- Жамбыны өзүм атам, - деп,
Байгесин билем жамбынын,
Кырк миң кызыл алтын дейт,
Кырк нарга жүктөп алам, - деп,
Батасы журтту байыткан,
Элге нуска сөз айткан,
Арбактуу Манас айкөл шер,
Чоң Бейжинге барарда,
Бир күн калса аркада,
Айкөл Манас баш болуп,
Алдынан тоскон он төрт хан,
Арбагы мага жар болсо,
Касиеттүү атамдын,
Айкөл Манас шер үчүн,
Олуйа Кошой пир үчүн,
Тирүү Бакай кары үчүн,
Мергендигим суранам.
Эр Алмамбет султандан,
Билек күчүн сурайын,
Айтылуу Чубак арыстандан,
Өзүнөн үмүт кыламын,
Өткүр түрү Сыргактан.
Деп сүйлөнүп өзүнчө,
Койуп барат Бактыбай,
Топчу кулак, кер атчан,
Бактыбайдын атканы,
Жалгызектин ак бараң,
Акбараңды октогон,
Милтесин кызыл чоктогон,
Каданын учун тиктеди,
Ак милтеден чок жетти,
Ак бараңдан ок кетти,
Бир жүз кырк бир танапты,
Таарып өтүп кеткени.
Жамбыны жерге түшүрбөй,
Кармап алды Бактыбай,
Кырк миң кызыл алтынды,
Санап алды Бактыбай.
Намысы бирге алаш, деп,
Бириңе бириң караш, деп,
Жетимиш эки келген хан,
Кырк алтысы мусулман,
Жыйырма алтысы башкадан,
Кырк миң кызыл алтынды,
Бөлүшүп алды мусулман.
Бул эмине иши, деп,
Эсепке албай киши, деп,
Ачууланды калган хан.
Баш болуп чатак чыгарды,
Кепти жасап моңгулдан:
- Кычырды кыргыз тойуна,
Карайлы иштин соңуна,
Өз байгесин өзү алды,
Иш келди деп оңуна,
Чапкан атка күйөлү,
Чыгып калса биздин ат,
Бул тургандар бөлөлү.
Соогат бербей кыргызга,
Жолубузга жөнөйлү.
Кирбей калса чапкан ат,
Калбалашып көрөлү,
Ат байгеден чатак таап,
Кантер экен ошондо,
Кыргыз деген кызталак.
Угуп турган элдерден
Уссундан тойго келгенден
Башжаны айтат калганга:
- Силерге кеңеш мен берем,
Чатак салып кыргызга,
Теңдеше албай кырылып,
Түгөнөбүз урушта.
Беттешип бенде жеңген жок,
Манастан бери бурутка.
Биз дагы өрттөй жанчу элек,
Эки ингендин алдында,
Эркибизче жатчу элек,
Эриккенде аттанып,
Кызыл уук кылып кытайды,
Кыйратып элин чапчу элек.
Бизди айдап кыргыздар,
Алып барды Батышка,
Сүргүн кылып таштады,
Биздин элди Урумга,
Жай аттанып коноктон,
Жайыла тарап басалы,
Ат өргүтүп бир күндөн,
Ар кайсы жерде жаталы,
Туш келген жерден жылкысын,
Жылдырып айдап качалы.
Кененим менен Бактыбай,
Кимге жетет чамасы,
Карбалас түшүп алдастап,
Кыргыздын кетет аргасы.
Чакчелекей будуң-чаң,
Болуп калат арасы,
Уссундардын жанынан,
Ушундайча кеп угуп,
Анык акыл экен деп,
Атты карап калышты,
Чапкан ат келе жатат, деп,
Аттан кабар алышты.
Сүрөбөй чапмак күлүктү,
Сынамак антип жүйрүктү,
Ат чыкпаса жыйырма алты,
Кыргызга салмак түйшүктү.
Отуз алты ат айдап,
Аттын баарын каты айдап,
Аркада калган караансыз,
Орто жолдо сактаган,
Отуз алты кишиден,
Ачык кабар угабыз.
Талас жакта четинде,
Моңгулдан бири бар эле,
Кабар айтып көп элге,
Кирип келген чагы эле:
- Чабууга кеткен сап буудан,
Эки ат келет мен көрдүм.
Бөлүнүптүр сай буудан,
Үйүр өскөн мал окшойт,
Бирин-бири күйүшүп,
Келе жатат байкасам,
Окшош экөө күрөңбү?
Тер басып кетип таанылбай,
Же мен көргөнүм күмөнбү?
Бөлүнөт эле бири озуп,
Тосуп койду сүрөөнү.
Сеники кандай эле? – деп,
Биринен-бири сурашып,
Кара тер, топо-чаң басып,
Тааныбай калган аттарыңн
Каралар калды ордунда,
Хандар чыкты чубашып,
Кеңкула менен Кененим,
Четке чыкты чуратып.
Кайрыдиндин кеңешин,
Чоң Таластын айбаны,
Айтып жатат чуулдашып:
Сагызганы шакылдап,
Чакчыгайлар чакылдап,
Канатын кагып суу чачып,
Каздар айтып каркылдап,
Ителги менен ылаачын,
Жарыша сүйлөп баркылдап,
Жарды бойлоп кыдырып,
Аңыр айтып аңкылдап,
Мен баатырга айтам деп,
Төөлөр барат далпылдап,
Сынык өркөч төөлөрдүн,
Өркөчтөрү салпылдап,
Кыройттоп учуп кузгундар,
Асмандан айтып каркылдап:
Куулар учуп куркулдап,
Букалар мөөрөп бултулдап,
Мен да айтам кабар, деп,
Толкуп суулар чулкулдап,
Мен айтамын анык, деп,
Кашкулактар мултулдап:
Айгыр айтып аркырап,
Бээлер айтып каңшылап,
Койлор маарап чуркурап,
Иттер айтып кыңшылап,
Кененимди көргөндө,
Жан-жаныбар бөй-чайан –
Баары чыкты кыбырап,
Өлбөгөн тирүү немеси,
Бири калбай мыдырап,
Жаңы алысын чөп чыкты,
Жердин бети жыбырап,
Алар кабар угузду,
Жетип келип тыбырап.
Жандуу менен жансыздын ,
Тилин билет Кененим,
Баштан айтып жүрөбүз,
Сегиз миң жыл жашаган,
Азазилдин жолдошу,
Жүйрүн дөөнү өлтүрүп,
Тилин сууруп жегенин.
Кастыгы бар хандардын,
Баарын билди Кененим.
Чабууга кеткен сап буудан,
Күлүктү айтып берейин.
Окшош эки күрөңдү,
Жүйрүктү айтып берейин:
Керкиттен чыккан Кылжээрде,
Жетилбайдын тың жээрде,
Соогага берип Жетилбай,
Минип келген Кылжыке.
Сейитинин Телкүрөң,
Келген күлүк бул экөө,
Куйрук чачып, жал жайып:
“Сейити менен Кылжыке,
Аркасында эгиздин,
Асылбача-Бекбача –
Эки түгөй тегиздин,
Чалыккан менен чайпалбас,
Ак калпак кыргыз теңиздин,
Намысына жарадык.
Берсе биздин тилекти,
Аккула менен Сарала,
Көктеке менен Телкызыл,
Зор Кошойдун Тоотору,
Эр Көкчөнүн Көкала,
Музбурчактын Бозбуудан,
Ажыбайдын Карткүрөң,
Кызматына баралы”
Деп ушинтип бул жандар,
Мурдуна аккан каны бар,
Мана минтип бул экөө,
Өлүп кетти жаныбар.
Карап туруп Кененим,
Сейитим менен Кылжыке,
Мурдагы өткөн алптардын,
Арбагына ататып,
Жеңдей жээрде Телкүрөң,
Биссмилла деп мууздатып,
Кестирип алып баштарын,
Мазарга башын чыгартып,
Эки күлүк күрөңдүн,
Эти жетпейт элге, деп,
Кыргыздан башка кишиге,
Кылайтып кесип бербе, деп,
Ата уулу кылып кыргызга,
Бир кесимден жеткирди,
Башка аттан кабар жок,
Антип күнү кечкирди,
Моңгул менен уссундар,
Шибе-солон ушулар
Анжу менен манжулар
(Анжуну кийин кидан деп,
Айтылып калыш жайы бар),
Катуу убайым тартышып,
Үшкүрүп калды ушулар.
Ал күнү конок аш берди,
Эртеси түштө ат келди,
Көп келбеди, аз келди,
Моңгул, уссун, шибеден,
Анжу, манжу дегенден,
Араң эки ат келди,
Так ошондо Кененден,
Айтылып парман бат келди:
- Келгени ушул атыңдын,
Келген эл эми кет, - деди.
Мусулман кет алдында,
Кайрылып көзүң салгыла,
Кайрыдиндин калкына,
Уссундар кетет Урумга,
Узатып кой алп Бозой,
Кошо барып бул журтка,
Анжу, манжу, шибени,
Моңгул, солон дегенин,
Кыргыздан кылдап жүздү ал,
Узатып кой, Бактыбай.
Беш уруктун журтуна,
Өрүүн берип оңдурба,
Уктатып түндө кондурба,
Алды жагы кум болот,
Жадоочунун чөлүнөн,
Үстү жагы тоо келет,
Элемандын көлүнөн.
Эң аркасын булардын,
Оркундун кызыл суусунан,
Калтырбай баарын кечирип,
Кайта келгин сен анда.
Деп Кененим айтыптыр,
Кеңеш кеби хандардын,
Керге келбей калыптыр.
Келтирчү керге немесин,
Айдатып жолго салыптыр,
Чалалык кылып Бактыбай,
Оркундун кызыл суусунан,
Кечирип айдап сала албай,
Алтайдан кайта жаныптыр,
Казак менен кыргызга,
Аралашып буларга,
Моңгул, шибе, солондон
Бир далайы калыптыр.
Эл кубанып, той тарап,
Элирип ойноп эл жатты,
Канкордун уулу Кененим,
Алашты минтип жыргатып,
Карылары нуска айтып,
Боз балдары чүкө атып,
Самаварын кайнатып,
Сары кантын жайнатып,
Куурдак менен май жешип,
Келе кымыз, чай дешип,
Табакка салып бал жешип,
Каймакка салып нан жешип,
Козу ордуна тай жешип,
Казы кертип, жал жешип,
Кымыз куйган сабаага,
Кышында жарма ачытып,
Эки тарап бөлүнүп,
Мөөрөйгө чүкө атышып,
Кымыздан тарткан аракты,
Кыйгылдуу даамын татышып,
Келин-кыз эки бөлүнүп,
Селкинчегин тебишип,
Ырчылар тилин сайратып,
Ырдап бирин жеңишип,
Байбичелер залкайып,
Ак кулжадай маңкайып,
Казылары челектей,
Капчыгайдай жайкалып,
Эшиктен кирип үшкүрүп,
Жөлөнүп жүккө чалкайып,
Орто жашта жубандар,
Карагайдай бой жасап,
Басып турса залкайып,
Кырк оромдон элечек,
Туура тарткы күмүштөн,
Накыштары келишкен,
Башында турат заңкайып.
Ургаачысы нең эркин,
Касиет тапкан кыргыздар,
Мына мындай бир иштен,
Кырчын талдай буралып,
Белдемчи жерде чубалып,
Жыла басып илбирсче,
Сымбаты сонун суналып,
Ителгидей кара көз,
Жоодурап тиктеп муңайып,
Караса көзгө токтобой,
Ак саргыл тартып тунарып,
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Акыректе жарк этип,
Күмүштөн чачпак сегиз бут,
Аркасында шарк этип,
Кулагында коохар таш,
Көз уйалтып жарк этип,
Карашы башка бир порум,
Аркасын карап жалт этип,
Күлкүсү сонун келиндин,
Жез комуздай шаңк этип,
Шөкүлөсү томпойуп,
Мойундары койкойуп,
Чачбактын боосу салаңдап,
Тоту куштай сыланып,
Жан-жагына каранат,
Мен-мен деген далай жан,
Тик карабай жалтанат.
Кыздары сонун кыргыздын,
Тебетей кийип башына,
Сонун-сонун кундузун,
Саамайы тал-тал делбиреп,
Таамай тиктеп байкасаң,
Ак мейкин зоодой мелтиреп,
Бойго жеткен кыздары,
Озунган сууну келтирет,
Адашып калат эчендер,
Эсин таппай темтиреп,
Кыргый сөөк, кымчак бел,
Кырмызы көйнөк тасма бел,
Тал-талдап тизип өрдүргөн,
Желкесинде чачын көр,
Бешенеге жарашкан,
Калемдей кара кашын көр,
Ийини салык, мойну кез,
Алмадай болгон башын көр.
Билегинде билерик,
Буруп соккон имерип,
Анча-мынча кишилер,
Кымбат баа кыргыз кызына,
Кеп кыла албайт ийменип,
Манжага шакек жарашык,
Жасагандай табигат,
Колдоруна жарашып,
Маңдайы шамдай жапжарык,
Мөлтүрөп бети агарып,
Мөндүрдөй тиши саналып,
Кызылы кызыл, агы ак,
Чыккан ай кызга таңданып,
Туурга конгон тунжурдай,
Турушу башка шаңданып,
Сымбаттуу сулуу кээ бир кыз,
Көргөндө калат жанды алып,
Азаматтын канчасы,
Өңүнөн азат саргарып,
Элеси көзгө чалыкса,
Сүлөөсүн ичик, кундуз бөрк,
Турушу башка суйкайып,
Бойуна чачы жарашып,
Кырчын талдын бүрүндөй,
Салаңдап жерге суйсалып,
Башындагы кундуз бөрк,
Оң чекеде кыйшайып,
Кеп сурасаң жооп берет,
Акырын сүйлөп муңканып.
Оозунан чыккан илеби,
Сары алтындын буусундай,
Шилекейи бар окшойт,
Абу замзам суусундай,
Түгөтө айтып тил жетпейт,
Кыргыздын кызы ушундай.
Абышкасы кыргыздын,
Аселдеп оозун чайканып,
Шамал тийсе сеңселип,
Ак сакалы жайкалып,
Этек-жеңи жайылып,
Эл карысы таанылып,
Үйдөн чыкпай карысы.
Бөрү ичигин жамынып,
Чайына шекер-бал салып,
Сары майын томоруп,
Кошкон май кылып дагы алып,
Төрүнөн коппойт чардайып,
Көлдөлөңдөн жай алып,
Сойо турган малына ,
Балдары кетет бата алып,
Нарык сурап эл-журту,
Кайта кетет нуска алып.
Кемпир менен абышка,
Каргылданып муңдашып,
Кээ бир сонун абышка,
Үйүр өскөн букадай,
Уулу-кызы, келин көп,
Сулуу салган супадай,
Абышкага жарашып,
Кемпири бар жанында,
Майы калың учадай,
Сыр алдырбай зымырап,
Ийи майда матадай,
Келини бар буларда,
Кездеменин жибиндей,
Поруму түз мунайым,
Булгаарынын ийиндей,
Теңтуштары келгенде,
Күлө сүйлөп каркылдап,
Кучакташып көрүшүп,
Жаш кезиндей шаңкылдап,
Эрежеден адашпай,
Биринен-бири кеп сурап,
Санжыра айтып кетишип,
Сыр түйүнүн чечишип,
Тамашалап бир-бирин,
Булкулдаша кетишип,
Ой кургур ай, сени, деп,
Жулкулдаша кетишип,
Той-торопо, айттарда,
Уулдун уулун ээрчитип,
Айырмачка мингизип,
Бут капка бутун киргизип,
Үйүрү өсүп жатканы,
Антип элге билгизип,
Ай сайын киймин талатып,
Кембагалга бергизип,
Билгизбей андай карылар,
Жардамын элге тийгизип,
Жаштарга насаат кеп айтып,
Өз уулуна бек айтып,
Бири укпаса, бири угат,
Эрикпестен көп айтып,
Темсил, макал, лакап,
Тегеретип аны айтып,
“Керегем сага кеп айтам,
Келиним уксун деп айтам”,
“Уугум сага кеп айтам,
Уулум уксун деп айтам”,
Эси болсо билет, деп,
Мындай темсил кеп айткан.
Уулдуу киши башканын
Уулун палан дебегин,
Келиндүү киши бирөөнүн
Келинин керең дебегин,
Кыздуу киши бирөөнүн
Кызын жаман дебегин,
Мындай кептер элде көп,
Нечен түрдүү бенде көп.
Касиети кыргыздын,
Карысы менен кыздарын,
Анык сыйлайт мындайын.
Карыйасы кыргыздын
Уул-келин, кыз-күйөө,
Урматын көрөт булардын.
Уул-келин, кыз-күйөө,
Башына жастык жасатат,
Жүнүн салып улардын.
Карыйасы кыргыздын,
Көзгө илбейт анчасы,
Көрмөксөн болот канчасы,
Урпактан урпак умтулбай,
Келе жатат айтканы.
Эл башкарган эстүүсү,
Элин сактайт кыргыздын,
Малы-пулу, эл-жерин,
Баарын сактайт кыргыздын.
Душмандын изин салдырбай,
Чебин сактайт кыргыздын,
Четке четин чыгарбай,
Сырын сактайт кыргыздын.
Элине келген зыйанды
Өз зыйаны билишет,
Чекесине тийгенде,
Чечинип койуп киришет,
Бирине-бирин улашат,
Билгизбей алын сурашат,
Элге зыйан салганды,
Тамырынан кууратат,
Эл башкарган эстүүсү,
Калгандарын жыргатат,
Карчалышкан душмандын,
Канын кечип кыйратат,
Эндекей жаткан элдери,
Мындай ойноп жыргашат.
Кыштын күнү болгондо,
Бээ сойушуп, ордо атып,
Жарма ачытып, бозо ичип,
Аймак-аймак бойунча,
Чогулушуп жоро ичип,
Эрди-катын олтуруп,
Тобун бузбай бирге ичип,
Жайдын күнү шерне деп,
Кысыр эмди тай жешип,
Казы- карта, - май жешип,
Күрпөң сойуп, куйрук жеп,
Козунун эти эң сонун,
Бүгүн башка болду, деп,
Түндө короо кайтарып,
Бекбекей айтып безилдеп,
Саксакай айтып заңкылдап,
Казанда кайнап козулар,
Бышып жаткан быркылдап,
Эт бышырган катындар,
Эт оодарып шыпылдап,
Жанаша басып келин–кыз,
Күлкүлөрү шыңкылдап,
Бөрүнүн көрсө элесин,
Чүчкүрүп эчки быйтылдап,
Дөбөттөр үрүп арсылдап,
Кыйкырып койчу заңкылдап,
Азоону минип жылкычы,
Жин тийгендей шалкылдап,
Бөрүнүн үнү угулса,
Атылып мылтык тарсылдап,
Эшигинде байлардын
Ат котолоп казганат,
Бай балдары жалтылдап,
Күмүштөн кемер курчанат.
Кашкулак ичик, суусар бөрк,
Түлкүнүн кийип кызылын,
Дүйнөнүн көрүп кызыгын,
Жылкынын минип жоргосун,
Шайыдан кийип буралып,
Бел боолору чубалып,
Кеп айтардан эринип,
Керсары тартып муңайып,
Келин-уул бир басып,
Желеден барып бээ саашып,
Эриккенде жаштары,
Арыдан аркар уулашып,
Кызык кылып чуулашып,
Байге бөлүп, кунан чаап,
Бабырашып, дуулашып,
Көкбөрү тартып дүбүрөп,
Ителгисин куу-куулап,
Кара суудан каз уулап,
Жеңишке салчу күлүктү,
Үпчүн менен жабуулап,
Жоргосун ылгап жылкыдан,
Буулумду тандап асылдан,
Сулууну тандап кыздардан,
Жез оймоктуу уздардан,
Көчкөндө төөсүн комдоткон,
Жасатып комун оңдоткон,
Алдыңкы төөнүн үстүнө ,
Адеми жагдан орноткон,
Бош тартылып калганы,
Арканын тартып толготкон.
Эркекке төөнү тарттырган,
Жин бүркөт деп бакырса,
Байбиче, жубан, келин-кыз ,
Жакындабай турушкан.
Бир киши кылат кызматты,
Калганы байга жөлөнүп,
Карылык тартпай жан бакчу.
Күчкө минип бир атты,
Күндө жүктөп төөлөрүн,
Бекер ичип сүттөрүн,
Сүйгөнүнчө иштетет,
Таштап койгон жүндөрүн.
Согум айы келгенде,
Кырк-элүүдөн бээ сойуп,
Канчалаган кой сойуп,
Короосунда төккөн жин,
Тоңуп жатат тоо болуп.
Оторго малын салышып,
Басаке менен багышып,
Кочкорунун мойнуна,
Кош коңгуроо тагышып,
Буркулдатып буурасын ,
Самсаалатып чуудасын,
Жүккө төөнү көбөйтүп,
Жазында эгин эгишип,
Кырманда кызыл жайнатып,
Эгизден тууп койлору,
Бир соолуктун жанына,
Экиден козу байлатып,
Кедейи жок, бай болуп,
Баары сыртка жайлашып,
Өтө жарды дегени,
Ондон бээни байлашып,
Эрте туруп кеч жатып,
Элирип кыргыз жаткан кез.
Мезгил өтөт турбайбы,
Аткан октой бачым тез.
Ай кубалап, ай өтүп,
Ай айланып, жыл өтүп,
Күндүз өтүп, түн келип.
Өмүр өтүп түгөнүп,
Жылдар өтүп кетиптир,
Асылбача, Бекбача,
Он бешке жашы жетиптир,
Эл жайлоого козголуп,
Өтүп жаткан жакшы кез,
Кыргыздарга капташып,
Бир каргаша болду кез.
Муну мындай таштайлы.
Асылбача баланын,
Ат жалын тартып аттанып,
Чыкканынан баштайлы.
АСЫЛБАЧАНЫН АТКА МИНИШИ
Эр Кененим жолборсуң,
Эрте туруп ордунан,
Таластын бетин жоо басчу
Жамандык кетпей ойунан,
Турнабайын алганы,
Коргондун алды жагынан,
Боз дөбө деген бар эле,
Көк жалың басып барганы.
Олтуруп копчу баргандар,
Падыша Манас тушунда,
Орнотуп койгон ташы бар,
Көчүгүн койуп олтуруп,
Туш-тушка дүрбү салыптыр,
Темир тоонун сыртында,
Тарашанын кырына
Адам келип калыптыр.
Жайында киши барбаган,
Кышында киши барбаган ,
Күзгү эгин бышканда,
Узун айак бодо мал,
Баарын анда бакчу эле,
Эмне кылган, адам, деп,
Аттанып ага барам, деп,
Турнабайын шыкаалап,
Тиктеп калып бекемдеп,
Кырка тоону караса,
Байрак турат делбиреп,
Адам жүрөт делдеңдеп.
Батынып биздин Таласка,
Кандай киши келди, деп,
Өзүм барып ким экен,
Ачык дайнын билем, деп,
Коргонго келип компойуп,
Кула атты минип зоңкойуп,
Бастырганы турганда,
Асылбача арстаны,
Ойноо бала жаш чагы,
Талаага чыгып баратып,
Көрүп калды Кула атты.
“Мен он бешке чыкканча,
Мындай токуп койгондун,
Көрбөдүм эле бул атты”
Ойуна алды чунагың,
Кайсы жакка барарын,
Чоң атасы Кара көк,
Кененимден сурашты.
Баатырдын кирди үстүнө,
Байкап көрсө атасын,
Адам баккыс түсүнө.
Салам берип заңк этип,
Алтын айдар көкүлү,
Төбөсүндө жарк этип,
Жылтылдап чачы көрүнүп,
Асылбача чунактын,
Жүзүнөн нуру төгүлөп:
- Канаттууга кактырбай,
Тумшуктууга чокутпай,
Асырап мени баккансың,
Бар шайманы тел болуп,
Токулуптур Кула атың.
Он бешке жашым келгенче,
Токулганын көрбөпмүн,
Бул өңдөнүп Кула аттын,
Жоодурап бала турганда,
Кененим айтты балага:
- Кой, кулунум, сураба,
Мен барбаймын ыраакка.
Элдин ичин аралап,
Жолдун баарын акмалап,
Жол аруусун билемин,
Темир тоонун Тараша,
Түйүнү эле Таластын,
Жерин көрүп келемин,
Асылбача кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
- Айланайын атаке,
Мен барайын, -деп айтат.
Он бешке жашым толуптур,
Эл багар чагым болуптур,
Ат семирип кетиптир,
Жер көрөр чагым жетиптир.
“Тогузумда аттанып,
Тоо томордум” - деп айттың,
Он бешке жашым жеткенче,
Ойноп үйдө мен жаттым,
Пайдасыз бала жетимди,
Убара кылып не бактың?
Жалгыз уулуң Сейитиң,
Он төртүндө кетиптир,
Сыйкырлуу күмбөз,кең Керкит,
Кызылкумда урушта,
Кызыл канды кечиптир,
Жети дөөнүн тукумун –
Душмандын башын кесиптир.
Кара дөөнү жалмаптыр,
Жамандык кылган Сулаймат,
Айнып андан калбаптыр.
Жедигердин жерине,
Желмогузга барыптыр,
Желке чачын сексейтип,
Айдап алып келиптир,
Тукумун уруп жакырдын,
Жаманбайга бериптир,
Бекерге атты тер кылып,
Баспайт элең, атаке,
Жашырбай ички сырыңды,
Айтып бергин жетимге,
Талапка кудай жеткирсе,
Жетимиң жарайт керекке.
Угуп алып Кененим;
- Оо, куу туйак кулунум,
Мен көргөндү жашырбай,
Айтып эми берейин,
Эрте туруп азандан,
Боз дөбөнүн башынан,
Дүрбү салып карасам,
Тарашанын кырынан,
Көрүнүп калды бир топ жан,
Кастарын тиккен хан барбы?
Жамандык ойлоор жан барбы?
Камындым эле барганы.
Үйдө, балам, ойноп тур,
Эки күндө келемин,
Күндү санап болжоп тур,
Атасынан кеп угуп,
Кайраты толук жаш бала,
Токтоно албай удургуп:
- Андай болсо, атаке,
Талапты кудай бериптир,
Аттанаар чагым келиптир,
Эригип жаткан кезимде,
Эрмек экен жоо болсо,
Мен берейин эсебин,
Элге келген доо болсо.
Кырда киши көрүнсө,
Кызыл желек билинсе,
Ачык-айра таанылбай,
Карааны анын көрүнсө,
Өзүң аман турганда,
Асылбача-Бекбача –
Эки уулуң бар жаныңда.
Ак калпак кыргыз элиң бар,
Айтылуу Талас жериң бар.
Коргону турат Кеңколдо,
Күмбөзү турат Чаткалда,
Айкөл төрө Манастын ,
Эминеден кемиң бар?
Батаңды бер, атаке,
Аттанайын жолум шар.
Ак калпак кыргыз алашка,
Айтышып келген доо болсо,
Атышып келген жоо болсо,
Азап эмес мен үчүн,
Анык эрмек экен го,
Ашырбай белди астынан,
Мен чыгайын жол тосо,
Минер атым акырда,
Кудай эрмек бериптир,
Өзү сүйүп асылган,
Айкандын уулу Көкбөрү,
Койонаалы чунакка,
Арнап баккан Майтору,
Кененимге соога, деп,
Келген малдан болучу.
Асыйы азыр алтыда,
Андай сындуу мал болбойт,
Төрт айактуу жылкыда,
Тайбуурулдай чоңдугу,
Кеңкуладай соорусу,
Телкүрөңдөй жүрүшү,
Жетилбайдын жээрде аттай,
Күлүктүгү бар анча,
Бөктөргүсү Карткүрөң,
Ажыбайдын күлүгү,
Суркойондун айрылгыс,
Башы менен көкүлү,
Төрт айагы казыктай,
Телкызылдын сыны бар,
Жал менен куйругу,
Бакай хандын Бозжорго,
Маңдайында кашкасы,
Каныкейдин Кара кашка аргымак,
Май канжыга, кең карчыт,
Жылкыдан чыккан түрс айак,
Көмөрүп койгон чарадай,
Бутундагы төрт айак.
Атам баатыр Сейиттин,
Ээрин токуп иштейин,
Дат бастырбай калканын,
Айдалыга илейин,
Чарайнасын тартынып,
Сом темирин артынып,
Бүтүн соотун кийейин,
Төрө Сыргак жолборстун,
Сырбараңын алайын,
Кырда турган жоо болсо,
Кыр көрсөтүп барайын,
Атамдан калган Жойболот,
Айыгышкан душмандын,
Агып каны суу болот.
Эр Сыргактын Сырнайза,
Атам алып жүргөн мүлк,
Эшик эндүү айбалта,
Сыртына коло орогон,
Аны алайын колума.
Туулгасын атамдын,
Чөмөрөйүн башыма,
Кастарын тиккен хан болсо,
Мен барайын алдына.
Он бешке жашым жеткенде,
Мага калат жаман ат,
Четтен душман кол салса,
Картайганда, атаке,
Калкыңдын тургун ичинде,
Колдосо бабам арбагы,
Намысымды алдырып,
Кетирбеймин кишиге.
Жаш баладан кеп угуп,
Мындан мурун укпаган,
Атам Сейит деп угуп,
Барбагын деп айталбай,
Барсаң баргын, балам, деп,
Жообун берди Кененим.
Кененимдин көзүнөн,
Чычаладай от жанып,
Майторунун акырдан,
Алдырып келди бат барып.
Эп келтирип токуптур,
Сейитимдин ээрин,
Баарын алып келиптир,
Эр Сейити кийимин:
- Ордун бастың атаңдын,
Кийимин, Асыл, кийгиниң.
Он бештеги чунакка,
Узун-кыска келбеди,
Өз бойуна ченетип,
Жасаткандай келгени,
Аңыртын угуп Асылдын,
Ак калпак кыргыз эл келди,
Кары келди, жаш келди,
Айал-эркек аралаш,
Калбай баары бүт келди,
Боз улан келди, кыз келди,
Болгон кыргыз журт келди,
Аңгычакты болбоду,
Ордонун ханы Орунбай,
Эр Кененим көргөн эл,
Кабарын айтып келгени:
- Алты күндөн бери жакка,
Асили уйкум келбеди,
Ирмесем кирпик жетишпей,
Дегеле жүрөк желдеди.
Бүгүн болду эки күн,
Кеңколдун чети айрыгын,
Араладым мен бүтүн.
Изчинин баарын алдырдым,
Из кубалап чалдырдым,
Далычы менен төлгөчү,
Буларга балын салдырдым.
Далычы менен төлгөчү,
Душман келди, деп айтты.
Барып келип изчилер,
Ашкересин ал айтты.
Көкүм изчи барыптыр,
Көрүнүп элге калыптыр,
Кармап алып Көкүмдү,
Чоңуна айдап барыптыр,
Көкүмдү көрүп башчысы,
Минтип кебин салыптыр:
“Менин атым угуп ал,
Баш кишиңе айтып бар,
Өзүм тажик уругу,
Атамдын аты Темирбек,
Тажиктердин улугу.
Кошулдуң, деп, моңгулга,
Өлтүрүптүр Кененим,
Мындан кабар угулду.
Атымды уксаң, Көкбөрү,
Элдер айтат жуткуч деп,
Кыргыздан кунун кубам деп,
Атайын келдим ушул кеп.
Каңгайга кабар мен салдым,
Канча түмөн кол алдым,
Жедигер ханын сойдурдум,
Каракөздү хан койдум,
Хан Каракөз колунда,
Качан келер экен деп,
Кароолчусу жолумда,
Коросондун жаңы хан,
Колу бутун байлаттым,
Көз жеткис жерге жайлаттым,
Коросонду аз дедим,
Испанды кошо караттым,
Каңгай, тажик, жедигер,
Коросон, Испан, - беш улук,
Жоголдуң ,кыргыз, эми сен.
Маңгыттын элин кар кылдың,
Манастан бери карата,
Баш кишисин өлтүрүп,
Заманасын тар кылдың.
Саламаттын хан Калдык,
Ага кабар мен кылдым.
Беттешип чыксаң, белсенип,
Баатырың жок менчелик,
Алты хан эли чогулса,
Сен каласың тепселип”.
Баш кишиси Көкбөрү,
Айткан кеби ал экен,
Орунбайдан кеп угуп,
Турган кыргыз чогулуп,
Асылбача күпүлдөп,
Амалы кеткен алты хан,
Көрсөтөм деп, дүпүлдөп:
- Ак калпак кыргыз баарыңар,
Айал-эркек карыңар,
Кененим атам турганда,
Эминеден камың бар?
Чычканга кебек алдырбайт,
Он бешке чыгып мен калдым,
Асылбача уулуңар,
Аттанамын мен өзүм,
Аман болгун баарыңар.
Ак сүтүн берген чоң эне,
Алда эмне болот, деп,
Ой ойлобо дегеле.
Тажиктердин Көкбөрү,
Элге бүлүк салды, деп,
Теңтуш киши кептентип,
Киши ээрчитиш кайсы кеп?
Чоң атамдан бер жакка,
(Өз атам Сейит жаш кетти),
Жалгыздык бизге мурас- деп,
Үзөңгүгө бут салды,
Майтору менен аттанды,
Кара бойу капталып,
Соот менен чапталды,
Аттын башын оң тартып,
Ак күмбөздү бет алып,
Кененимди баш кылып,
Бүткүл элден бата алды.
Бура тарта бергенде,
Алдынан түтүн буркурап,
Аркадан шамал зыркырап,
Алоолонуп жанган от,
Асманды карай созулат,
Ийинине койуп арстандын,
Эки алгыр куш турат,
Соорусунда Тору аттын,
Бойго жеткен кыз турат,
“Кыз олуйа Кеңкол” деп,
Ошол үчүн айтылат,
Он бештеки чунактын,
Жалгыз өзү сексендей,
Караанын көргөн өлгөндөй,
Каршылашып бет келбей,
Алдынан утур караса,
Алгыр бүркүт талаада,
Аркасынан караса,
Шерге окшош сыны бар,
Капталынан караса,
Ажыдаардай сүрү бар,
Төбөсүнөн караса,
Кайра жаачу булуттай,
Каары катуу түрү бар,
Алдындагы Тору аттын,
Кой макмалдай түгү бар.
Алтындан кулжа он эки,
Жандай чуркап даң салып,
Майторунун дүбүртүн,
Он беш аттай угузуп,
Топурак учат чаң салып,
Карап турат артынан,
Кыргыздын эли шаңданып:
“Асылбача барында,
Ак калпак кыргыз калкына,
Келе албайт душман кол салып,
Эми эле келет тажикти,
Дүбүрөтүп олжо алып.”
Бабырашып дүр этип,
Арбагың айкөл, колдо, деп,
Бата берип чур этип.
Тескей тоону калаалап,
Теги Асыл ылдамдап,
Жалгыз кетип баратса,
Так токсондой жол чаңдап,
Алдындагы Майтору,
Желе басып ыкчамдап,
Асылбача жаш арстан,
Койго тийчү бөрүдөй,
Эки жагын каранып,
Эрди-мурдун жаланып,
Ителгидей кылчаңдап,
Белди карай бет алып,
Тарашага жөлөндү.
Эрен баатыр Семетей,
Кара хандан келгенде,
Эр Бакай жолун тоскон жер,
Үстү жагы Каракум,
Темиртоонун Тараша,
Аша турган бел ушул,
Элөөрүтүп Тору атты,
Эрен бала келатты.
Жесекчиси тажиктин,
Энтелеп келип элге айтты:
- Тарашанын кырында,
Кароолдо турган чагымда,
Жалгыз эмес, он киши,
Бирге турган жанымда,
Кийгени темир баары көк,
Салты эрден бир бөлөк,
Мингени Тору кашка экен,
Жылкыдан сыны башка экен.
Келе жатат бир киши,
Бет алышып алдында,
Турар эмес миң киши,
Он бештен өтүп кетпеген,
Жашы бардай бир иши.
Кененим жайын айтканда,
Мингени Кула дегенсиз,
Кийгени була дедиңиз,
Келе жаткан кишинин,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 02
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.