Latin

Асылбача - Бекбача - 14

Total number of words is 4237
Total number of unique words is 2126
31.5 of words are in the 2000 most common words
44.3 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Алыңды билмек чамалап,
Билек күчүң майданда,
Беттешкенде сыналат!
Жүрөк күчүң ошондо,
Шум күндөрдө сыналат,
Топ-топ кылып бөлүнтүп,
Ажыдаардай көрүнтүп,
Уктап жаткан элдердин,
Умачтай көзүн ачылтып,
Ак калпак деп айтпаган ,
Адамдын канын чачылтып,
Деркенбай өтө илегер,
Жедигердин жесекчи,
Колго түшүп калганы,
Сурап сырын айттырып,
Аттарын алды алдында,
Аңдоосуз киши чаптырып.
Кудай бетин салбасын,
Уктап жатса Жедигер,
Манас деген бакырык,
Алоолонуп от күйүп.
Асманда эпкин жалындап,
Жан алуучу баатырлар,
Ат койуп кирди аралап.
Качып чыкса чекелеп,
Ак калпак деп айта албай,
Бекер өлүм табылат.
Отуз баатыр чекелеп,
Чет кайтарып калыптыр,
Чекчеңдеген далайдын,
Кесип башын алыптыр,
Деркенбай баштап алтымыш,
Эл аралап калыптыр.
Ай караңгы кара түн,
Жедигердин башына,
Болуп калды караан күн.
Бирине бирин жеткирбей,
Чекене басып кетирбей.
Жөөлөп калган элдерди,
Эдебин колго бергени,
Чуркурашып-чуулашып,
Амандык сурап бергени,
Жасанды деген шуркуйа,
Ак калпак деп тутулуп,
Каракөз кетпей эсинен.
Арамдык ойлоп бузулуп.
Үч авазир бир желдет,
Хан Каракөз бешөөнү ,
Алып барып беш атты,
Өзү минген бир аты,
Санатын кылып алты ат,
Ак калпак деп айттырып,
Ал бешөөнү куткарды,
Четке чыгып беш бөрү,
Чыгыш жакты бетке алды.
Таң атып чыкты аңгыча,
Эл башкарган Деркенбай,
Жыйылган элдин ичинен.
Каракөздү көрбөдү.
Өлүп кеткен элдерден,
Өлүгүн карап таппады,
Тирүү жүргөн кишиден,
Тиригин карап таппады,
Ар тараптан из карап,
Чар тарапка чапканы,
Малдыбай деген бар эле.
Бир акылды тапканы:
- Ой, ой Деркенбай кожобуз,
Тирүү болсок чогулуп,
Бир дөбөдө болобуз,
Өлүп калган күндөрдө,
Бир чуңкурда жатабыз.
Кыйалга кеткен кеп болсо.
Жашырбастан айтабыз.
Кимдердин аты жок экен.
Атты жоктоп көрөлү,
Ак калпак деп айттырып,
Кетирген киши бар болсо,
Таарый чаап мойнунан,
Канын суудай төгөлү.
Кара жерден из таппай,
Кайта келип барганда:
- Чылпылдак саз, агын суу.
Абайлап изин чалалы.
Уйат кылат Бактыбай,
Каракөздү табалы,
Дешип айтып калганы,
Кабыл алып Деркенбай,
Жедигерди билгенден,
Чакыртып келди элдерден,
Түндө атты алгандан.
Алып кимге бергенден,
Терип-тепчип сурады,
Деркембайдын ал жерде,
Өткүр болду сурагы.
Жедигердин келгени,
Айтып жообун бергени:
- Үч авазир бир желдет,
Хан Каракөз жок,-деди.
Ордодон ат алгандан,
Татан деген бир балбан:
- Билгенимди мен айтам.
Тааныгандан билгенден.
Колго түшкөн элдерден,
Толуктап, баатыр, сурасаң,
Хан Каракөз дегенге,
Тепсенди болгон кандай кыз?
Кызга бергис жубан деп,
Кыйшактаган ким экен?
Хан Каракөз сакчысы,
Мен билгенмин, мен айтам,
Мен эшигин кайтаргам,
Жасанды деген бир катын,
Сымбаты кыздан өөдө деп,
Каракөзгө жараган.
Каракөздүн кара атын,
Мингенин көрдүм Жасанды,
Жоголуп кетип бир далай,
Келгенин көрдүм Жасанды,
Ак калпак десең болот, деп,
Айтканын уктум Жасанды.
Коштоп келди беш атты,
Чиркеп алып Жасанды,
Ээрчитип алып чатырдан,
Алып кетти Жасанды,
Эркекче кийди кийимди.
Катындыгын ким билди,
Качып кетти Жасанды,
Билгеним менин ушу деп,
Айтып болду кабарды.
Аңгычакты болбоду,
Бактыбай келип калганы,
Баштан акыр жабырап,
Деркенбай кебин салганы.
Акыл ойлоп Бактыбай,
Ашыкпастан шашылбай:
- Колума түшсө Каракөз,
Койот элем мен тирүү.
Маңгыт менен моңгулдун,
Биринен өлөт Каракөз,
Манжу, шибе, солондун,
Чоңунан өлөт Каракөз,
Өзү менен бир жүргөн,
Курбалдаш болгон хандардын,
Колунан өлөт Каракөз.
Сууну бойлоп изин чал,
Суу менен агып кылтылдап,
Балык болуп сызгандыр.
Агып жаткан дайранын,
Бир жеринен чыккандыр.
Бактыбайдан кеп угуп,
Баары жапырт жөнөдү,
Аман-эсен баары бар,
Токсондон бири өлбөдү,
Кеткен жагын дайранын,
Изин чалып бир теңи,
Келген жагын дайранын,
Кедери чалып бир теңи,
Агыны менен өр тартып,
Ат жүрө албайт суу менен.
Аккан жакка кетти, деп,
Кайра тартып алышты.
Жайнаган топтун ичинде,
Бактыбайдын калышы,
Муну койо туруңуз,
Эми Каракөздөн угуңуз.
- Жасанды жактың мага-деп,
Мен эриңмин сага-деп,
Тактасын алып Таластын,
Ордун басам Манастын,
Мен падыша болгондо,
Сен Каныкей болосуң.
Манасчалык болбосом,
Мен Семетей сен Чүрөк,
Жасанды, сенин ишиңе,
Кан эзилет, эт жүрөк.
Аз болгондо элүү жыл,
Өлбөй-житпей бир жүрсөк.
Каракөздөн кеп угуп,
Кара жүз катын Жасанды,
Сен Каныкей деп угуп,
Жүрөгү кагып зырпылдап,
Токтоно албай удургуп,
Жасанды айтат ошондо:
-Хан Каракөз кебимди ук,
Байланып багым жүргөнүм,
Жайсыз жерге жолугуп.
Тарылгы деген бир жер бар,
Аркан бойу жери бар,
Аркан бойу жерине,
Ат көрпөчө кийимдин,
Баарын жайа салалы.
Үстү менен жетелеп,
Атты өткөзүп алалы.
Нары жагы жандоокум,
Ар канча көсөм болсо да
Аттын изи табабы?
Боз жон деген жери бар
Андан дүрбү салабы.
Түндөгү элдин ичинде
Бактыбай жок чамасы
Бактыбай анда бар болсо,
Жашыруун уруш кылабы
Эрдигин сатып Бактыбай,
Мындай уруш баштасак,
Хан Каракөз баш болуп,
Кишиң тирүү калабы,
Белгилүү бизге башынан,
Бактыбайдын абалы,
Кыргыз эмес кылымдан,
Издеген менден табабы,
Бактыбайдай баланы?
Теңсинбеген башында,
Көкбөрүдөй балбандай,
Калдык менен Бетирке
Толук билет чамаңды,
Мактап жаткан жериң жок.
Билесиң толук сен дагы,
Жасанды айтты акыл деп,
Кайыл болуп макул деп,
Аркан бойу топудан,
Амал менен өтүптүр,
Мына минтип Каракөз,
Аман-эсен кетиптир.
Боз жондо жатып Каракөз,
Турнабай салып карады,
Кыргыз экен тааныды,
Аккан сууну бойлогон,
Топ болгон токсон адамды,
Кыйа тартып караса,
Жайнаган кошуун келатат,
Жайылган жазы талаада.
Жан айабай жол жүрүп,
Жакын барып акмалап,
Мойун сунуп караса,
Каңгайлардын Бетирке,
Беш урук эли бараткан.
Айра таанып Каракөз,
Бадакшан өтүп кетет деп.
Алдынан чыкты жол тосуп.
Амандашып жол кошуп,
Колун сунуп көрүшүп,
Колдун учун өбүшүп,
Амандыгын билишип,
Карсылдашып күлүшүп.
Токтоно албай Каракөз,
Жоор жылкыдай кыйшактап,
Түлкүдөн бетер шыйпактап:
- Хан Бетирке кебим бар,
Бери карап кулак сал,
Андан келсе ачууңуз,
Кытайды бузар демиң бар,
Калың Кангай турганда,
Эминеден кемиң бар?
Ирегени бир жайган,
Короодо малың бир жаткан.
Жакшылык менен жамандык,
Туз-даамыңды тең таткан,
Шибе, солон элиң бар,
Манжу, кидан белиң бар,
Беш урук калбай келипсиң,
Кыргызга кылым болот тар.
Бадакшан кетип баратып.
Жаза баскан жериң бар,
Каракыргыз элимде,
Бактыбай деген эри бар.
Бекер кетпей кыргызды,
Талап ала кетем, деп,
Мен кишиге болдум зар.
Нарындын Куртка сазында,
Он миң кошуун жанымда,
Утур келген кыргызды,
Унутулгус кылдым кар,
Оймоктуудан уз койбой,
Бой тартып калган кыз койбой.
Ак чач болгон кемпирин,
Жолтоолодук жөн койбой,
Бирден сулуу кучактап.
Алып жаттык жөн койбой.
Жесекчи койуп ал жерге.
Камсыз жаткан мезгилде,
Манастап ураан чакырып,
Ал жерден чыгып каткырык,
Карбаластап шашкалаң,
Талаага чыктың шашылып,
Атты айдап алыптыр,
Колго түшкөн бүлөөсүн,
Кошо кыргыз качырып,
Кантээр айла таба албай,
Жөөлөп калдык акыйып,
Жанымда турган эр эмес.
Акылы эрден кем эмес,
Жасанды деп алганын,
Аныктап көрдүм пайдасын,
Өзүм минген кара атты,
Ага кошуп беш атты,
Алып кирди алты атты
“Ак калпак деп айтсаңар,
Катылбайт сага” деп айтты.
Айла менен акыл таап.
Бешөөбүздү куткасты,
Агын суунун ичинен,
Суу кылаалап жол тапты.
Аркан бойу бир жерге,
Көпчөк, чапан жаздырды,
Үстүнөн атты бастырды,
Мына минтип кыргызга,
Из куудурбай жазгырды,
Бозжон деген бир жерге,
Алып келип жаткырды,
Боз жондо бекер жатпадым.
Турнабай салып карадым.
Суу бойлогон элдердин.
Көрүп кардым караанын,
Санаты токсон жан экен,
Тобун бузбай санадым,
Кылчайып карап кыйырма,
Өзүңдүн көрдүм караанын.
Адырдан чыгып акмалап.
Ашкере таанып Бетирке,
Алдыңа келген убагым,
Уксаң ушул абалым.
Он миң кошуун көп элдин.
Не болгонун билбедим,
Басар жолум тар болуп,
Мына минтип турамын.
Бактыбайга катышып,
Бар кошууңдан айрылып.
Баш калкалаа жер таппай,
Белиме таңуу эр таппай,
Үч авазир бир желдет,
Алганым бар Жасанды,
Мындан башка караан жок.
Бадакшанга бет бурбай.
Бара турган абал жок,
Кайта барып кыргызга,
Катышарга чама жок,.
Каңгайдан келген Бетирке,
Башы катып маң болуп.
Каракөздүн кебине,
Мына мындай деди эле:
- Сен Каракөз ханмын деп,
Жүрүптүрсүң даң болуп.
Арам кыйал ой менен,
Бадакшан барар арада,
Катышасың тынч элге,
Мен катышпай түз келдим,
Кара жолдун бойунда,
Жайнап жаткан көп элге.
Атагы алаш болгондор,
Алатоо бойлоп ар жерден,
Кырк уруу кыргыз малы бар,
Орто Асийа бар жерде.
Алым келбей калам деп,
Катышпай келген кеп эмес,
Сенин минтип жүрүшүң,
Адам кылар иши эмес,
Ишти бузат ар качан,
Сага окшогон кара ниет.
Өчөшүп сага Каракөз,
Он миң мыкты жигитти,
Кулдантып ийсек оң эмес.
Айтышыңча Каракөз,
Бактыбай азыр кете элек.
Кеткен менен Бактыбай
Атбашыга жете элек,
Жүр Каракөз жол башта,
Биз жетели тебелеп.
Беш уруктан он миңден,
Элүү миң киши бизде бар,
Каптап барсак калдайып,
Бактыбай бизге не кылат?
Манжулардын каман алп,
Качырганын куткарбас,
Солондордун чынары,
Чындап бенде тура албас,
Кар бойу мунар бул,
Шиберлердин Буракүң.
Кара баштуу адамдан,
Кашкайа турган баатыр бул.
Кидандардан Кытан алп.
Каңгайлардын Калдаң алп,
Алптан бизде бешөө бар,
Бекбача менен Бактыбай,
Экөөнөн башка кими бар?
Жүр Каракөз жүргүнүң,
Маңгыттардын хан Калдык,
Испан менен оогандык,
Алар жатат камданып.
Тогузубуз бир барып,
Токтоо кылбай жамдалып.
Бактыбайдай балбанды,
Андан башка калганды,
Куткарып алсак калтырбай,
Өлбөй тирүү бар жанды,
Хан Калдыктын каарынан,
Кутулабыз Каракөз.
Эгер андай кылбасак,
Сен Каракөз турмайлык,
Мага тийет жаман сөз,
“Бөлүнгөндү бөрү жейт”,
Акылман айткан ушул сөз.
Сен бөлүнүп Каракөз,
Жем болгонуң эмеспи,
Аскериң жок калдайган,
Башкалардын алдында,
Кем болгонуң эмеспи!
Деп жемелеп Бетирке,
Жедигердин Каракөз,
Душман эмес досуна,
Каралыгы билинип,
Каада менен айткан сөз,
Так мойнуна илинип.
Араң турат Каракөз,
Уйаттан өлүп тирилип,
Бетирке айтып шаштырып,
Бактыбайды бет алып,
Жүрүп кетти бастырып.
Топуракты асманга,
Тозоң кылып чачтырып.
Жерге тал деген жер келди,
Жергеталдын бойунда,
Бетиркенин алдында,
Токсон балбан бет келди.
Көрө салып Каракөз:
-Мени айдап колуман,
Кол куушуртуп боорума,
Чыгарган токсон балбан бу,
Кара күндү башыма,
Салган токсон балбан бу.
Аттарынын куйругун,
Ачамай кылып түйүшү,
Жеңишке салчу күлүктөй,
Көкүлүн көккө шүйүшү,
Аракети булардын,
Мени издеп жүрүшү....
Каңгайлардын Бетирке,
Каракөздөн кеп угуп,
Каракыргыз элинен,
Келген балбан деп угуп:
- Жекелешип буларга,
Жол узартып жүрбөйлү,
Бирден чыгып кезекке.
Иш узартып жүрбөйлү,
Болор-болбос иш үчүн,
Күн узартып жүрбөйлү,
Тегеректей калалы,
Былк эттирбей булардын,
Колдорун байлай салалы.
Бактыбайдын алдында,
Башын кесип алалы.
Айтышыңча Каракөз.
Бактыбайдын артында.
Тиреги булар чамалуу.
Деп Бетирке бакырды.
Беш уруктун балбанын,
Калбай кел деп чакырды.
Бетирке үнүн улады,
Алптын баары чубады,
Жете барып чогулуп,
- Не жумуш деп сурады,
Анда айтат Бетирке:
- Бир жумуш бар силерге.
Токсон балбан кыргыздан,
Тобу турат анаке.
Жүрөсүң бешөөң алпмын деп,
Кылар жумуш мынаке.
Алптан бешөөң жетип бар,
Токсон балбан кыргызды,
Тобун бузбай байлай сал,
Баш кишиси булардын,
Каракыргыз Бактыбай.
Колго түшпөйт ойлоп көр,
Бул токсондон айрылбай,
Деп Бетирке айтканда,
Манжуулардын Каман алп,
Мен барамын жеке деп,
Токсонду байлап албасам,
Алптыгым менин бекер деп.
Бура тартып шойт койуп,
Чыкмак болду чекелеп.
Солондордун Чынары,
Мен барам деп кекенет.
Шибелердин Буракүң,
Мен боломун жеке деп.
Кидандардын Кытан алп,
Менден мурун алдыма,
Бастырып кана ким чыгат?
Моңгулдардын Калдан алп.
Алды аркасын карабай,
Мен барам деп анталап,
Алптан бешөө талашып.
Бирине бири кыйбастан,
Намыстанып жаны ачып.
Бешөөң катар бар десе.
Мойнун толгоп болушпайт,
Бетиркенин кебине,
Кулагын салып койушпайт.
Бирине бири кыйбастан.
Ат койушту турбастан.
Деркенбай баштап токсону,
Каракөз издеп таба албай,
Же кайра кетип кала албай,
Калдайган калың кол көрүп,
Эл өлчөөсүн мол көрүп,
Эки элдин арасын
Ат чабымдай жол көрүп,
Кандай жүргөн кол экен,
Кайдан келген эл экен,
Кабарын уксак экен деп,
Малдыбайды баш кылып,
Барып кел деп белендеп,
Ким экенин билгин деп,
Камындырып жатканда,
Карпаңдаган калдаңдап,
Этектери далбаңдап
Найзанын учу жылтылдап,
Манжу, моңгул кытай деп.
Шибе, солон деген үн,
Ач кыйкырык бакырык,
Беш киши келет маминтип,
Ураанын айтып чакырып.
Беш урук атын укканда,
Кеткен жок кыргыз шашылып,
Ажал жетсе өлдүк деп,
Азап болсо көрдүк деп,
Деркенбай менен Малдыбай:
Жалгыз эмес Каракөз,
Булар баары келген деп,
Сегиз жылы камынып,
Армансыз болгон бул эл, деп,
Маңгыттардын хан Калдык,
Ал Таласка баргандыр.
Баарысынан балбансып,
Кайра тартып жүрбөйлү,
Булардан коркуп калгансып.
Келе жаткан бешөө деп,
Жиберди бешти белендеп,
Кыргыздардын беш балбан,
Жөнөдү катуу бакырып,
Манастап ураан чакырып.
Кыйгактуу найза зынкыйтып,
Кыйкырыгы таш жарып,
Таштан өтүп баш жарып,
Аркасында чаң калып.
Каңгай жактан кылданып,
Четке чыккан беш балбан,
Ырас-чынын айтканда.
Бендеден чыккан эң жаманМанжуулардын Каман алп,
Беттебес бенде бул жаман.
Сапырылтып чаң кылып,
Найзасын күүлөп колго алып,
Качырып кирди кырданып,
Беш кыргызды беттетпей,
Сайып өттү Каман алп.
Деркенбай менен Малдыбай
Карап туруп арданып.
Кандуу найза карманып,
Манасташып бакырып,
Баатырдын атын чакырып,
Сексен бешиң калба деп,
Келе жаткан бешөөнү,
Бирин койбой байла, деп,
Калдайган кара кошуунду,
Калтырбастан айда деп,
Карбаластап жөнөдү,
Кыргыздардан сексен беш,
Душмандардан беш киши,
Сексен бешти беш киши,
Сайып өттү чубатып,
Тоңкойтуп жыкты суналтып,
Тобун бузбай токсонду,
Топоңдотуп кубалап,
Бетиркеге алпарды:
- Каракөздү какшаткан,
Кармап келдик токсонду,
Балбан токсон бул болсо,
Карапайым кыргыздар,
Тирүү бенде окшондо...
Бетиркеде жооп бергинче,
Жедигердин Каракөз,
Жетип келди жулунуп,
Туулгасы тулуйуп,
Кулагы чолок мулуйуп,
Кылычын сууруп кабынан,
Кыйа чаап баштарын,
Алайын деп барынын:
- Кара кыргыз элдери,
Мага алың келеби?
Эл кырылып кетет, деп,
Азгаштырып бул жерге,
Алып келдим силерди,
Жалгыз эмес Каракөз,
Жанымда канча кишим бар,
Адам билгис ишим бар,
Аркамда жөлөк белим бар,
Моңгул, манжу элим бар,
Шибе, солон, кытайлар,
Мага кылып кызматты,
Кат жазсам келет ушулар.
Маңгыт, ооган, испан бар,
Тогуз хандын элибиз,
Айабайбыз сени биз!
Менден качып мааналап,
Келбей койду Бактыбай,
Калган келген эриңиз?!
Деп Каракөз айтканда,
Байлоодо турган Деркенбай,
Алда кандай болом деп,
Тилин тартып жазганбай:
- Сен Каракөз Жедигер,
Качантан бери эр болдуң?
Ар качан келип кыргызга.
Кара жерге тең болдуң!
Мыкты болсоң Каракөз,
Катынча жоолук салынып,
Жасандыга жалынып,
Качып күнүң не болду?!
Бетиркени көргөндө,
Күүлөнөсүң мыктуусуп,
Кеп айтасың ыктуусуп.
Бетиркенин беш баатыр,
Бели катуу эр экен,
Баарысынан Каман алп,
Кайраттуусу ал экен,
Деп Деркенбай айтканда,
Ого бетер арданып,
Алаканга түкүрүп,
Оңдоп кылыч карманып,
Ороолонду Каракөз.
Көрүп туруп Бетирке,
Каракөзгө айтат сөз:
- Кой Каракөз кебиңди,
Оңдоп турчу пейлиңди,
Коркпосоң качып не келдиң,
Таштап койуп элиңди?
Бадакшанга келгин, деп,
Кабар бердиң биздерге,
Болжогон жерге барбастан,
Не үчүн келдиң бул жерге?
Аттын башын бурбастан,
Бактыбайга баралы,
Он миң аскер анда экен,
Биз куткарып алалы,
Ишенген токсон балбанын,
Көрсөтүп туруп чабалы.
Карап туруп кан жутуп,
Ичтен мөжүк кан кетип,
Бактыбай бели сынбайбы?
Деп Бетирке жүргүн деп,
Жүрүп кетти беш урук.
Качып жүргөн Каракөз,
Аркалап калды бөлүнүп.
Караганды таң кылып,
Кара жолду чаң кылып,
Калдайтып кара кошуунду.
Айдап алып жам кылып.
Келе берсин Бетирке,
Муну койо туруңуз,
Жалгыз эктин Бактыбай,
Жайын айтып баштайын,
Андан кепти угуңуз,
Каракөздүн көп кошуун,
Өлбөгөндөн калганы.
Мыдырар жаны барлары,
Айдоого түшүп чубады,
Бактыбай андан сурады:
-Кайдан келдиң барыңар?
Каракөздүн жанында,
Жакын жүргөн бирөө бар,
Жашырып-жаппай жабырап,
Жайын айтып баштады,
Кулагы менен укканын,
Көзү менен көргөнүн,
Баарын айтып таштады.
Угуп болуп Бактыбай,
Эки күн жатты кеп кылбай,
Эки күн күйдү билгизбей,
Келбей койду Деркенбай,
Үч күн болот дегенде,
Каракөз колун кошо алып.
Жүрүп кетип Бактыбай,
Баса элек тоонун урчуктан,
Жалгыз өзү Бактыбай,
Чыга калса тумшуктан,
Иш оңунан келгени.
Деркембайды баш кылып,
Атка таңып сарпочтоп,
Бир топ аскер кез келди,
Утур келип Бактыбай:
- Баштыгыңар ким? - деди.
Айдаган киши кырк экен,
Башчысы бирөө бар экен,
Койтолоң деген жан экен:
- Баш кишиси - мен деди,
Утур келген азамат,
Булардын жайын – бил деди,
Мына бу турган токсону,
Каракыргыз эли экен.
Жедигердин Каракөз,
Карчалышып келиптир,
Катылгандын катыгын
Каракыргыз бериптир.
Качып барып Каракөз,
Биздин элге кез болду,
Каман алптын кайраты,
Баарысынан тез болду,
Байлап алдык буларды,
Буйрук кылды Бетирке,
- Бактыбайга барарды.
Кылыч алды Каракөз,
Өлтүрөм деп буларды,
Болбой койду Бетирке,
Бактыбайдын алдында,
Баарынын башын алам дейт,
Бактыбайдын көзүнө,
Бир көрүнүп жанам дейт,
Андан кала бергенде,
Бүт кыргызды чабам дейт.
Менин атым Койтолоң,
Угар болсоң кеп ошол,
Койтолоңдон кеп угуп.
Калмак келди деп угуп:
- Кайда кетти Бетирке,
Баштап жүргөн улугуң?
Койтолоң айтты мындай кеп:
- Арка жакта калган - деп,
Бачым бара бергин, - деп,
Бизди жолго салгын - деп,
Колдун көбү аркада,
Колбуп келет азыр, - деп.
Бактыбай айтат ошондо:
- Атың болсо Койтолоң,
Айдап жүргөн балбанды,
Байлоодогу жандарды,
Мага чечип бересиң.
Айтканымдай кылбасаң,
Менден кордук көрөсүң,
Ажалдан мурун өлөсүң!
Бактыбайдын сүйлөсө,
Заары болот сөзүндө,
Акырайа тиктесе,
Каары болот көзүндө.
Айтып болуп Бактыбай,
Бардап көзүн карады,
Жүрөгү чыгып Койтолоң,
Ат үстүнөн кулады,
Тизмектеген арканын
Кесип ийди Бактыбай.
Байлоодогу элдерди.
Чечип ийди Бактыбай.
Муздак суу сээп бетине,
Койтолоңду кобор, деп,
Буйрук кылды Бактыбай.
Чала өлүк болгон Койтолоң,
Сенделип туруп ордунан,
Катындарча баш уруп,
Колун албайт боорунан,
Көөдөндөн чыгып кетпеген,
Араң турат курган жан.
Аңгычакты болбоду,
Жедигердин кошууну,
Ээрчип келди изин кууп,
Бактыбайдын артынан.
Деркенбай баштап токсону,
Калмактардын колунда,
Жоголмок болгон жоксону,
Малдыбай бар жанында,
Бактыбайды көргөндө.
Кайрат кирди баарына.
Жедигердин кошууну,
Саадагын алып мойнуна
Чубап келди алдына,
Деркенбай айтат ошондо,
- Силерге тийбей Бактыбай,
Таштап койуп келиптир,
Карабастан алдыга,
Качып кетпей келипсиң,
Хан Каракөз жанына.
Деркенбайдын кебине,
Татан көзүн жаштады,
Айтып кебин баштады:
-Хан Каракөз каарынан,
Өлүмдүн коркуп заарынан,
Өлөбүз деп келгенбиз,
Үмүт үзүп биз жандан,
Кегибиз жок силерде.
Айдалып келдик бул жерге
“Миң күнчөлүк бейиштен,
Бир күндүк жарык” деди эле,
Бактыбайдан ажырап,
Биз кетпейбиз деги эле.
Канча жылы Каракөз,
Эркектен аскер таба албай,
Томолок беттүү катындан,
Аскер алды канча жол.
Хан Калдык менен бирлешип,
Кыргызга келип салды кол.
Алы келбей кыргызга,
Өлүм болду элге шор,
Жыйнап келген аскердин,
Көбү катын ушу жол.
Эл ичинде эркектен,
Кызыл ээк чал калды,
Кызыл муштум ал калды,
Жетимиш менен он үчтүн
Ортосунда калбады,
Кыз төрөгөн айалды,
Эркек бала туубай, деп,
Андан бетер кыйнады,
Бойкат болгон айалдар,
Кыз төрөсөм кантем деп,
Ого бетер кыйналды,
Колго түшкөн биздерге,
Жакшы-жаман бир ооз кеп,
Эр Бактыбай кылбады.
Кыргызды жеңбейт Каракөз,
Өлбөй барса элине,
Жетисуунун жерине,
Бириктиң деп кыргызга,
Баарыбызды кырбайбы.
Ушу турган көп элди,
Уу ичкендей кылбайбы!
Алып калсын кыргыздар,
Бойго жеткен кыздарды,
Жедигерге кетпейбиз,
Эркек болгон биз дагы.
Каракөз өлсө урушта,
Көз көрбөсө тиригин,
Ачык кабар уга алса,
Башкадан бирөө хан болсо,
Элдин көөнү жай болсо.
Уруксаат сурап баатырдан,
Биз кетебиз ошондо.
Татан кебин бу деди,
Татандын кеби ырас деп,
Баары тегиз чур деди.
Сүрдүү чыкпай үндөрү,
Бышаңдап ыйлап быркылдап,
Айалдыгы билинди.
Анда айтат Бактыбай:
-Бир чекеге чубуруп,
Бөлүнүп чыккын айалдар.
Он миң элден сегиз миң.
Айал чыкты бөлүнүп.
-Малдыбай атың бур,-деди,
Сен Татанды ээрчитип,
Жумгалдын Кара көлүнө,
Айалдыгын билгизбей,
Анда апарып тур, -деди.
Сакалы жок киши экен,
Жетимиш жашта ал Татан,
Эрдиги жок баштатан,
Бел оору болуп башында,
Ат болуп калган жаштатан.
-Менден кабар болгончо,
Жумгалда барып жат-деди,
Токойдон жандар ат-деди,
Желе тартып тузак кой,
Антип жанды бак-деди,
Жеткирип койуп Деркенбай,
Андан ары чап-деди,
Таластан баатыр Бекбача,
Толук кабар айт - деди.
Коргондо кошуун беш миңди,
Бачым алып кел - деди,
Эки миң сексен сегизди,
Ээрчитемин мен - деди,
Күнү күндөп Малдыбай,
Кошуунду алып кел - деди.
Түнү эки-күнү үч,
Санаты бешке толгондо.
Деркенбайды Бактыбай,
Мында жетип кел, деди.
Айтканда мойун бурабы,
Булар карап турабы,
Кол менен жолду Деркенбай,
Колбутуп ал баштады.
Жумгалдын Каракөлүнө,
Баш кылып Татан карыны,
Алып барып таштады.
Анан Шамшынын белин бетке алып,
Таласты карай чапканы,
Коргондо жаткан чойулуп,
Эр Бекбача төрөгө,
Болгон кепти айтканы.
Бастырамын эми деп,
Түнөбөстөн кайтканы.
Муну мындай таштайлы,
Чабуулга каршы кыргыздын,
Чогулганынан баштайлы.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЧАБУУЛГА КАРШЫ КОЛ КУРАШЫ
Кабар уккан Бекбача,
Ордонун ханы Орунбай,
Сөзүн айтты ага жай:
- Майбулак, Жаакташ, Кеңтескей,
Карабуура, чоң Чаткал,
Бууракужур, Акташтан,
Жергенин сары талаасын,
Азыр болгон элиңе,
Эл ырысы жериңе.
Таласка келип талаадан,
Кол салды душман дедирбе,
Ак калпак кыргыз элиң бар,
Таңуу болот белиңе,
Мен аттанам түн бойу,
Жалгызектин Бактыбай,
Кабар берген жерине.
Каракөз менен хан Калдык.
Адам болбой өлөйүн.
Боло албасам анчалык!
Шибе менен солонго,
Кара кытай, манжуга,
Айдалып жүрүп моңгулга,
Ата-баба тукум кууп,
Кылып жүргөн калчалык.
Ооган менен испандык,
Кошулуптур чайкалып.
Ажал жетсе өлбөсөм,
Азабым болсо көрбөсөм,
Бирине бирин кошпостон,
Жигин айрып бөлбөсөм.
Каракөз менен Калдыктын,
Байланып башын албасам,
Качып калса жылыштап.
Көйкапка чейин барбасам!
Жедигердин Каракөз.
Чолок ээк алаң көз,
Журт бузардын нак өзү,
Токтобой турат кылыңдап.
Байкап көрсөм ит көзү.
Маңгыттардын хан Калдык,
Кабагы калың өзү саз,
Өңгө киши турмайлык,
Бир курсактан туулган,
Жатындашка сыр айтпас,
Булардын жетип түбүнө.
Эрдинен көзөп тешпесем,
Кекиликтей мойнунан,
Кедери толгоп үзбөсөм,
Арбагы Манас жар болсо,
Биргелешкен тогуздун,
Тобун бузуп келбесем,
Келгис кылып Таласка,
Жолун тосуп келбесем!
Бол Орунбай кат жаз-деп,
Кат жазганда бат жаз-деп,
Атамдан калган алтын мөөр,
Айчыгын анык келтирип,
Айагына бек бас-деп,
Карбалас катты жаздырып,
Алтындан мөөрүн бастырып,
Ысыккөлдө ээлеген,
Кыргыз, казак аралаш,
Ирегелеш жердеген,
Баш кишиси Медербек.
Ага киши чаптырып,
Арпанын түзү жайыкка,
Беш күндө тайар болсун деп,
Абдан мыктап айттырып,
Алматыда ак кубак,
Токсондон жашы арткан чак,
Баатыры бар Курмушу,
Буга киши жиберди,
Таласта бар Татыбек,
Башында бар касиет,
Колуң менен жүр деди,
Саны болсун миң деди.
Кийген тону ак калат,
Өзүбектин эр Мурат,
Кашкардакы Турдана,
Азыкта бар Алабек,
Жеркендеги Малабек,
Котонде бар Козубек,
Лопнурда Матан ханына,
Иле менен Алтайга,
Шермат хан деген залына,
Комул, Турпан, Манаска,
Кабар кылды аларга.
Калбай баары келгенге,
Кабар айтпай таштады.
Шаңкай, Бараң дегенге,
Он төрт киши чаптырды.
Айтып кабар бергенде,
Кабар айтып ханына,
Ошончо элдин баарына
Эр Бекбача, Татыбек,
Бир миң мыкты эр менен,
Жер жайнаган эл менен.
Желпилдеп кызыл туу менен,
Жез барабан чуу менен,
Коргондон чыгып аттанып,
Камчы булгап Бекбача,
Татыбек бар жанында,
Орунбайды чакырды,
Ага жана тапшырды:
-Ордодо калдың Орунбай,
Багып тургун Таласты,
Элдин көөнүн орутпай,
Жок жерден салык таппагын,
Жазыксыз камчы чаппагын,
Жатсаң-копсоң ойлонуп,
Элдин тузун актагын,
Арбагы азыр Манастын,
Чыгарбай ойдо сактагын,
Карымын деп шылтоолоп,
Бастырбай үйдө жатпагын.
Мен кечигип каламбы,
Таалайым билет Орунбай,
Пайда менен залалды.
Калдык менен Каракөз,
Ал экөөнү албасам,
Чыгышдагы беш урук,
Жерине айдап салбасам,
Элдин ичи тынч болсун,
Унутуп, Орун калбасаң,
Жазды-күздү эки убак,
Ак сарайды тайыгын,
Эсиңде сактап чыгарба,
Эр Кененим таалимин,
Жатсаң-копсоң алгансың,
Унутпассың тарыхын.
Жакшы болсо Таласты,
Жаман болсо алашты,
Эсебин сенден аламын.
Кар болбосун карылар,
Мас жүрбөсүн жаш балдар,
Керишпесин келиндер,
Урушпасын уландар,
Урматтуу болсун жубандар,
Кылыктуу өссүн кыз-балдар,
Бузулбасын боз балдар.
Жаатташып урушуп,
Жаак айрышып жүрбөсүн,
Эки уул энчи талашып,
Мал айрышып жүрбөсүн,
Куру намыс талашып,
Кулжуңдашып жүрбөсүн,
Сенден кантип калам деп,
Мулжуңдашып жүрбөсүн.
“Тоң айрыган май жейт” деп,
Ынтымактуу болгула,
“Дос айрылган бок жейт” деп,
Ыраак качкын мындайдан.
Бириңе бириң тындуусуп,
Кыр көрсөтүп жүрбөгүн.
Чеченсинип чекчеңдеп,
Чыйрак сынып тиртеңдеп,
Эптүүсүнүп ырсактап,
Калпты айтып кыйшактап,
Өзүнчө барып бирөөгө,
Жагынам деп шыйпаңдап,
Анткендерге азыр бол.
Туш-тушуңдан кол салып,
Душман минтип жатканда,
Күн бүркөлбөй күдүңдөп,
Таң атпастай бүрүлдөп,
Күн калгылдап жатканда,
Которулуп кубулуп,
Жер калтылдап жатканда,
Сага айтам Орунбай,
Көп ойлонуп аз укта.
Сага такоол эр эле,
Татыбек кетти урушка,
Тирүүлүктөн өлүм ак,
Эбегейсиз жумушка.
Жаш эмессиң Орунбай,
Кары эмессиң Орунбай,
Элүүдөн ашкан курагың
Акылың толгон убагың.
Деп тапшырып Бекбача,
Жүрүп кетти бастырып,
Кол көтөрүп дүр этип,
Бата берди калың эл:
- Ачык болсун жолуң шыр,
Жолдошуң болсун кыдырлар.
Аттандың баатыр жол болсун,
Жолуңда жолборс жойлосун.
Кастарын тиккен Алашка,
Таманында кор болсун,
Эл үчүн кылган эмгегиң,
Эзелден дениң соо болсун,
Ишиңди кудай оңдосун,
Каз санаган душмандын
Каны агып сел болсун!
Бата берип баркырап,
Баары журт калды чуркурап,
Кадырын билген баатырдын,
Кабырга сөөгү зыркырап,
Бастырган бойдон көкжалын,
Баатыр шердин күмбөзгө,
Кирип келди чукулдап.
Тобо кылып сыйынып,
Томук кылып ийилип,
Аксарбашыл кой арнап,
Сүттөй аппак төө арнап,
Арнаган малын арбакка.
Алдырып келип мууздатып,
Шайыктарга карматып,
Камчысын салып мойнуна,
Чылбырын кармап колуна,
Күмбөзгө карап сыйынып,
Эки колу боорунда.
Көзүнүн жашын иргилтип,
Бекбача ыйлап турганда,
Күмбөзүнөн Манастын,
Үн угулуп дуулдап,
Шамал болуп шуулдап,
Күркүрөп күмбөз сүрдөнүп,
Кубулуп канча түрдөнүп,
Түрдүү-түрдүү угулуп,
Ашкере белги үн берип,
Капкачан сөөгү куураган,
Кумайык үнү карсылдап,
Ак шумкардын доошу,
Асмандан чыгып баркылдап,
Доолбас үнү шаңкылдап,
Элестеп көзгө көрүндү,
Кызыл желек жалпылдап,
Кара лөгү Манастын,
Тайраң салып далпылдап,
Аккуланын үнүбү,
Ат кишенеп даркырап,
Ай балта үнү шаңкылдап,
Чокмордун үнү каңкылдап.
Кылычтын үнү шыңырап.
Найзанын куусу зыңырап,
Куйун ойноп бурулгуп,
Чыгышты карай созулду,
Бастыргын деди мени, деп,
Бекбача баатыр чуу койду,
Кабар берип муршаптар,
Жер бетине чуу болду,
Ар бир түркүн кеп тарап,
Ааламга бүтүн дуу болду,
Кабар уккан он төрт хан,
Келе берсин ар кайдан.
Жалгызектин Бактыбай,
Эми андан кабар тыңдасам.
Жедигерден эки миң,
Бошоткон токсон балбаны,
Бастырып жолго салганы,
Бетиркеси баш болуп.
Беш уруктун көп эли,
Утур чыгып калганы,
Бактыбайды көргөндө,
Каракөз жаны калбады.
Байрагын сайып эл токтоп,
Карап турду котолоп,
Кошуунун көрүп Каракөз,
Сегиз миңче киши жок,
Өңүнөн азды күлгө окшоп.
Кел бери деп бакырды,
Мурункудай коржоктоп,
Бетиркенин Койтолоң,
Узун мойун койколоң:
- Жедигердин Каракөз,
Сага айтам мен бир сөз,
Аскер менен ханыңар,
Турасыңар көзмө-көз,
Өз элиңде Сакычак.
Сен ошондон уккун сөз.
Сакалы саадак кабындай,
Чачы кардын агындай,
Сакычак айтты момундай:
- Тура турчу Каракөз,
Кадимкидей айкырбай.
Беш жылдан бирден айдайсың,
Үйгө элди жаткызбай,
Жилктүү жылкы миндирбей,
Ар кайда киши жиберип,
Чапкылайсың бир тынбай.
Эркектин баарын кырдырдың,
Элдин белин сындырдың,
Тултук беттүү катындан,
Бу сапар аскер жыйдырдың.
Токсон киши кол салса.
Туруштук кылып урушпай,
Жасандыга жалынып.
Араң качып кутулдуң,
Жем болосуң кузгунга.
Неге мынча кутурдуң?!
Экинчи жүзүн көрбөйбүз,
Араң сенден кутулдук.
Беш катар салып салымды,
Ар жылы элден жыйнасаң,
Кыз төрөгөн катынды,
Эркек бала туубайт деп,
Аны айабай кыйнасаң.
Өңү сулуу келинди,
Өз эрине кыйбасаң,
Сыга кармап жаканы.
Сыйынабыз кудайга.
Каракөз тактан куласаң!
Баш кишибиз Бактыбай,
Биздин көңүл болду жай,
Калгандарга мааналап.
Кара жанын, баккының,
Бизди карап кыйкырбай!
Сакычактан кеп угуп.
Каракөз залым деп угуп,
Сүйлөй албай Каракөз,
Кекечтенип буулугуп.
Уйалгандан тер басып,
Каракөз турду унчукпай.
Кара бойу жуурулуп,
Каракөздү каркыттап,
Карап турган Бетирке,
Барабанын урдурду.
Жез барабан кагылып,
Жердин бети жаңырып,
Мурун мындай көрбөгөн,
Адашып эстен жаңылып,
Манжулардан Каман алп,
Жекеге чыкты камынып,
Кара бойун упчулап,
Капталынан топчулап,
Минген атын камчылап,
Каары катуу чочконун,
Көзүнөн каны тамчылап,
Үксөйүп башка чыккан чач,
Өңөргөнү бадырек,
Жолум үйдөй чойун баш,
Аргамжыдай чубалат,
Аркасында өргөн чач,
Алдыңкы эрди калбайып,
Үстүңкү эрди далбайып,
Камандан бетер дардайып.
Качырып келет бакырып,
Кара жерди жапырып,
Азуулары шакылдап,
Ат дабырты такылдап.
Турган элди бетке алып,
Келе жатат жакындап,
Карап турат Каракөз,
Тамакайы такылдап:
“Каман алп жеңсе кыргызды,
Сакычакты баш кылып,
Жедигердин тыңдарын,
Жүрөгүн сууруп алсам-деп.
Тик бооруна жарсам” - деп,
Жүрөгү салып лакылдап.
Борончу деген бир адам,
Токсондон чыгаан ал балбан,
Жооп алып элинен.
Бөлүнүп чыкты элинен,
Борончу менен Каман алп.
Качырышып бет келди,
Күүлөтүп найза сайдырбай,
Борончуну Каман алп
Ыргыта сайып кеткени,
Каман алп башын кескенче.
Салкынбай деген жеткени.
Салкынбайды Каман алп.
Сайып өттү сулайтып.
Бара берди токсон алп,
Арты-артына чубашып.
Бирин бирге жеткизбей,
Манжулардын Каман алп,
Сайып турду кулатып.
Саны кыркка жеткенде,
Көңүлдөгү мыктынын
Баары бүткөн кездерде.
Топчу кулак кер атчан,
Койуп калды Бактыбай,
Найзаны ыргап колтугун,
Чойуп калды Бактыбай,
Каман алптын найзасын,
Кагып өттү Бактыбай.
Тоодой болгон чочкону,
Томолотуп атынан,
Сайып өттү Бактыбай.
Дембелеп бирөө жеткенче,
Чокмор менен чыкыйга,
Койуп өттү Бактыбай.
Айрандай мээсин жайнатып.
Сойуп өттү Бактыбай,
Манжулардын элинен,
Мыктысынган эринен,
Келе берди бир бирлеп,
Бактыбай тирүү койобу,
Өлө берди жер тиштеп.
Ана мына кылганча,
Ачып көздү жумганча,
Айта-буйта дегенче,
Кара жер тиштеп кан агып.
Өлгөн Манжу элүүчө.
Тоголонуп тоңкойуп,
Жаткан манжу кырк тогуз,
Каптап кетти Манжулар,
Бактыбайга ат койуп.
Адамдан арстан Бактыбай,
Капаланып камыкпай.
Элине айтат момундай:
- Токсон балбан барсыңар,
Жедигердин элине,
Азыр болгун барыңар,
Бактыбай кантер экен деп,
Бириң кирип барбаңар,
Кара ниет Каракөз,
Кылгылыкты кылбасын,
Эки миңче кишини,
Ээ дедирбей кырбасын.
Айтып койуп элине,
Манастап ураан чакырып,
Дөө Кошойлоп бакырып,
Чеч дөбө деп акырып,
Беттеп кирди Бактыбай,
Кирпик ирмеп көз жумбай,
Тиктеп кирди Бактыбай.
Атка токтор немесин,
Чиктеп кирди Бактыбай,
Кененимден токсон күн,
Таалим алган Бактыбай,
Булгап алып найзасын,
Сайып кирди Бактыбай,
Ат үстүнөн кулатып,
Алып кирди Бактыбай,
Калың жерин аралап,
Жол салганы Бактыбай,
Бетке келген Манжунун,
Бирин тирүү калтырбай,
Өзөктөн канын агызып,
Жайып кирди Бактыбай,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 15
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.