Latin

Асылбача - Бекбача - 22

Total number of words is 4226
Total number of unique words is 2218
28.7 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
49.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жазбай тепсем экен деп,
Келе жатат салаңдап.
Эми кантер экен деп,
Коркуп турат Нурфану,
Эки көзү алаңдап.
Жайдары тууган каракөк,
Анча мынча немеден,
Кенебеген өзү бөк,
Атасы баатыр Сейитим,
Хан Калчадан олжого,
Алып келген нар кескен,
Зулпукардан кем эмес,
Жыгачка чапса таш кескен.
Кайда кетти капыр деп,
Жан-жанына карады,
Элестей түштү көзүнө,
Төбөсүндө карааны.
Хан Калчанын кылычын,
Кымтый колго кармады,
Татылданын бутунда,
Найзанын учу жетерде,
Туулгадан мылк этип,
Мээге кирип кетерде,
Төбөсүнүн төшжары,
Болжоп туура шилтеди.
Тамандан карыш алдынан,
Бутундагы найзасын,
Кылыч таарып кеткени.
Татылданын бутунда,
Чойундан куйган чоптору,
Көтөрүлүп асманга,
Тепкели кайра жатканда,
Балта менен тамандан,
Алдыртан өөдө какканда,
Шыйрагынан Татылдын,
Бир буту сынып кеткени.
Сынган буту салаңдап,
Маңдайда көзү алаңдап,
Канжарын сууруп жалаңдап,
Качырып кирди бакырып,
Күйдаң, күйдаң, күйдаң деп.
Атасын айтып чакырып.
Татылданын үнү деп,
Кырк миң аскер дайар бол,
Мени менен жүрү деп,
Ачып көздү жумгуча,
Асмандан түштү дөө пери,
Жааган күндөй себелеп.
Белги берди Нурфану,
Атасын бачым келгин деп.
Падыша Нурзат алдырап,
Кырк миң аскер периден,
Булар жетти шарактап,
Ээси менен аттары,
Канаттары калдаңдап,
Нурфану кантип жатат деп,
Нурзат келет далбаңдап.
Үн асмандан жаңырда,
Дөө менен пери баштары,
Алмадай жерде кагылды.
Чыга берди Татылда,
Айкырып жетти Табан дөө,
Баары дөөнүн балбаны.
Кандай жан деп баарысы,
Бекбачага таң калды.
Табан дөөнүн оозунан,
Оргуп чыккан көк түтүн,
Жердин бетин каптады,
Бороон болуп аркырап,
Каран калган кара жер,
Аңтарыла тас калды.
Чоң экен деп Бекбача,
Мындан кайдан жазганды?
Элөөсүздөн Табан дөө,
Бекбачаны бир сайды,
Майторудан Бекбача,
Ээрден көчүк бултайды.
Май сооруга найза жеп,
Каны акты шыркырап.
Ачууланды ошондо,
Көзүнөн учкун чыркырап.
Ага чейин Табан дөө,
Жана жетти чукулдап.
Жаалысы катуу каракөк,
Кармай калды адаты,
Оозуна алып акырды,
Айкөл төрө Манасты,
Карматмак болду каракөк,
Тоо да болсо тоңкойтуп,
Сайып өтчү адатты.
Сыргактан калга Сырнайза,
Булгап алды колуна,
Табандын кагып найзасын,
Кайта имерип качырды.
Баатырдан найза жеткени.
Тоодой Табан камгактай,
Томорулуп кеткени,
Жер тайанып копкунча,
Эшик эндүү ай балта,
Чыкыйга чаап өттү эми.
Айрандай мээси чачылды,
Абийири дөөнүн ачылды.
Чыдай албай Макан дөө,
Бекбачаны качырды.
Табан дөөдөн найза жеп,
Баатырдын эти ачынды.
Ошол бир күн ичинде,
Мен-мен деген дөөлөрдөн,
Отуздун каны чачылды.
Чыдай албай Татылда,
Капта деди дөөлөрдү.
Баатырдын уулу кара көк,
Өчөшүп кирген дөөлөргө,
Көрсөтөт эми өнөрдү.
Алдында жетти Бытбык дөө,
Сайып алып Бекбача,
Найзага илип көтөрдү,
Каптап келген көп дөөнү,
Бытбык менен койгулап,
Жүрөгү түшүп көргөн дөө,
Түк барбады чукулдап.
Күйдаң менен Татылда Ата-бала эки дөө,
Зордук менен каптатты,
Буйрук кылып дөөлөргө.
Нурзат шаадан ат келди,
Эр Бекбача минсин деп.
Эркинче учуп асманда,
Дөөлөр менен жүрсүн деп.
Майторудан ажырап,
Перинин атын минбеди,
Зымырык берген соогага,
Жеркени баатыр мингени,
Зымырыктын Жеркеси,
Аты менен Бекбача,
Бир четинде жүргөнү,
Канат менен калдаңдап,
Аралап кирди дөөлөрдү.
Найзага утур келгенин
Томолотту зойкойтуп.
Таш келте менен качканын,
Канчасын атты тоңкойтуп,
Колун кесип нечесин,
Чолок кылды чолтойтуп.
Кулагын кесип кай бирөөн,
Мулук кылды молтойтуп.
Кылыч тийип канча дөө,
Кызыл чие кан болуп.
Өлүп кетти он миң дөө,
Тепселип жерге сай болуп.
Чекелеп качып чыкканын,
Нурзат шаанын аскери,
Кетирбестен кармады.
Күйдаң менен Татылда,
Качып жолго салганы.
Качырда Татыл кара нээт,
Зымырыктын Жеркесин,
Үч жерден таарый атканы.
Канатынан айрылып,
Учалбай баатыр кайгырып,
Карап турган мезгилде,
Нурзатка Нурфану,
Барып мындай деди эле:
- Тетиги турган Бекбача,
Айкөл Манас тукуму,
Жар болуп Манас арбагы,
Дөөнүн баарын коркутту.
Күйдаң менен Татылда,
Качып кетти жерине,
Бекер кетпей баратып,
Бүлүк салып жүрбөсүн,
Ата сенин элиңе.
Ишенер кишиң жок эле,
Каршы чыгар дөөлөргө,
Байкап көрсөм элиңде.
Бекбачанын мингени,
Алпкара куш канаты,
Үч жеринен ок кыркып,
Учалбай калды карачы.
Адамы жок суусу жок,
Эрме чөлдө калабы,
Арстан шердин баласы?
Нурфанудан кеп угуп,
Нурзат туруп толгонуп,
Он миң балбан перини,
Бекбачага бар деди.
Аты менен өзүнү,
Килемге салып көтөрүп,
Шаарга алып кел деди.
Буйрук берип Нурзат шаа,
Он миң пери жиберди.
Он миң пери асмандан,
Жааган күндөй куйулду.
Эр Бекбача төрөгө,
Жараткандын күчү көп,
Мындай ызаат буйурду,
Перилердин алдында,
Нурфану келип баш урду.
Келип турду Нурфану,
Эки колу боорунда:
- Айкөлдүн уулу Бекбача,
Он миң пери ээрчитип,
Алдыңа келдим кызматка.
Күйдаң менен Татылда,
Качып жолго кириптир,
Кара нээттер жөн кетпей,
Элге бүлүк салат деп,
Атам кетти артынан.
Эркек болбой кыз болуп,
Жалгыз бала мен болуп,
Ал армандын үстүнө,
Дөөлөр келип кас болуп,
Өзүңүзгө баргын деп,
Дөөнүн кетти артынан,
Атам өзү баш болуп.
Аты тонуң өзүңүз,
Килемге чыгып алыңыз,
Перилерге көтөртүп,
Шаарыбызга барыңыз.
Барбай кетип калсаңыз,
Дөөлөр келет шаарыма,
Жана барам алдыңа,
Душмандын кетип артына,
Атам келбей мен келдим,
Алыбыз ушул таарынба.
Балан-пустан дегиче,
Бекбача кепке келгиче,
Көгүчкөн болуп зыпылдап,
Өтө жаман шашылып,
Эки кыз келди ал жерге,
Нурфануга баш уруп:
- Сизге келген жумуштун,
Жайын айтсак угуңуз.
Күйдаң менен Татылда Ата бала эки дөө,
Шаарга барды түз учуп,
Калаанын ичин кан кылды,
Кылычтан канды чубуртуп.
Эр Бекбача керек деп,
Эрлер келген чогулуп.
Карсылдашып күнү-түн,
Катуу жамана урушуп.
Татылданын элинен,
Жетип келди он миң дөө.
Агачалык бул жерден,
Нурзат барды отуз миң,
Кими күчтүү ким күчсүз,
Аны биздер билбейбиз.
«Нурфануга баргыла,
Бекбачанын жанында»,
Атаңыз берди буйрукту,
Учуп жолго киргенбиз,
Алдыңызга келдик биз.
Кыздардан кызык кеп угуп,
Качып кеткен Татылда,
Кыргын кылды деп угуп,
Көйкапка кетти Бекбача,
Калдыкты калды унутуп.
Аты менен перилер,
Килемге салып көтөрүп,
Ачып көздү жумгуча,
Рапы Мискин шаарынан,
Көйкапка кетти өткөрүп.
Он эки айлык жол экен,
Аш бышымда жеткирди.
Пери менен дөөлөрдөн,
Кыргын болуп көп өлгөн,
Бекбача жетип барганча,
Нурзат шааны Күйдаң дөө,
Байлап алып жөнөгөн.
Перилер турат чуркурап,
Нурфану ыйлап буркурап,
Булардын көрүп абалын,
Бекбача сөөгү зыркырап.
Жаңылап пери балбанын,
Көтөртүп ага бачымдап,
Күйдаң менен Татылды,
Кууп кетип баратат.
Перилерге Бекбача:
- Бириң бачым бар,- деди,
Не кылды экен Нурзатты,
Андан кабар ал,- деди.
Дал ушундай мезгилде,
Кечирим сурап баатырдан,
Кызылкыз жетип келгени.
Жайдары баатыр Бекбача:
- Кайдан келдиң сен?- деди.
- Күйдаң, Татыл качканда,
Бирге жүрдүм мен,- деди.
Жетип келди эки дөө,
Нурзат шаанын шаарына,
Шаардын ичин бойоду,
Перилердин канына.
Он миң дөөнү чакыртып,
Алып келди алдына,
Отуз миң аскер айгайлап,
Нурзат келди аңгыча.
Тууну тиктеп турушту,
Күнү-түнү урушту.
Татылда жаман мыкаачы,
Кылычтап канын чубуртту.
Туу түбүнөн Нурзатты,
Кармап алды мыкаачы,
Ырайым кылбай Нурзатка,
Айдап алды мыкаачы.
Нурзат колго тийгенде,
Жүрүп кетти мыкаачы,
Жолдо башын алам деп,
Эки миң пери аскерин,
Сүрүп кетти мыкаачы.
Өз шаарына Нурзатты,
Алып барды мыкаачы,
Өзү жаткан үйүнө,
Торго салды мыкаачы.
Бекбача келсе бул жерге,
Өлтүрөм деп көрсөтүп,
Жарлык айтты мыкаачы.
Кылбырак, сексе элдери,
Мага жардам берсин деп,
Кабар берди мыкаачы.
Уруксат бер мен барам,
Татылда менен Күйдаңга,
Көп амалды мен кылам,
Көөдөндө тирүү жан менен,.
Нурзатты куткарам.
Перилер барат дөөлөргө,
Дөөлөр тирүү койобу,
Перилерди көргөндө.
Кызылкыздан кеп угуп:
- Барсаң баргын Кызылкыз,
Нурзатка кастык кылбасын,
Татылда сени туйунуп.
Уруксат алып баатырдан,
Куткарам деп Нурзатты,
Татылдадай капырдан,
Жөнөп кетти Кызылкыз,
Эми Кызылкыздан кеп ачам.
Сыйкыры мыкты Кызылкыз,
Туман болуп түрүлүп,
Бир четинен сүрүлүп,
Куйун болуп бурулуп,
Шамал болуп шуулдап,
Зыркар болуп дуулдап,
Камыш болуп куулдап,
Капчыгай болуп зуулдап,
Алтымыш арып, кырк кыйал, Кызылкыз баарын салыптыр.
Жинден аскер чакырып,
Нурзатты жакшы кайтар деп,
Сакчы койгон Татылда,
Жиндер курчап калыптыр.
Кызылкыз жетип караса,
(Өмүржандын Кызылкыз,
Дөө пери жиндин баарынан,
Сыйкыры арткан ушул кыз)
Инжил менен куранды,
Калтырбастан бүт билген,
Бүт билгенде жат билген.
Купуйа окуп буларды,
Көз байлоочу дубаны,
Маскара кылып дөөлөрдү,
Татылданын үстүнө,
Басып өзү киргени.
Көрө салып Татылда;
- Ким болосуң сен?- деди.
- Тааныбасаң Татылда,
Нурфанумун мен,- деди.
Сынап көрдүм сени мен,
Аламын дедиң мени сен,
Сырдашайын деп келсем,
Тааныбасаң билбесең.
Сенин атаң Күйдаңдай,
Менин атам шаа эле,
Жеңил киши кептентип,
Байлап келдиң жөн эле.
Сыйлабадың алып келип,
Капазка салып камадың,
Мени алар пейлиң жок сенде.
Сыйламак тургай кыйнадың,
Кадырымды кылбадың,
Алың келбей пендеге,
Качып келип бул жерге,
Элимди кандай кырганың?!
Кара эмес башың хан туруп,
Акылыңдан азгашып,
Ушулбу сенин кылганың?!
Сага тийип Нурфану,
Кандай көөнүм тынамын?
Атамды бер кайтайын,
Алып барып үйүмө,
Көп насыйат айтайын.
Тил алдырып атамды,
Анан сага тийемин,
Нааразы кылып атамды,
Билип кой, өлсөм тийбеймин!
Өлүмгө байлап ашымды,
Алдыңа келип турамын,
Арзымды Татыл угасың,
Атамды берип мени ал,
Ага Татыл көнбөсөң,
Атама кошуп башымды ал.
Экинин бирин кыласың,
Ачык жообуң угайын.
Кубулжуган Кызылкыз,
Нурфану болуп айтканда,
Татылда аттуу кыйар дөө,
Тулку бойу бир дөбө:
- Айтканың чын Нурфану,
Жанымды жаман кыйнадың,
Өзүңө теңтуш кылбадың,
Пери тургай бендеден,
Белдүүнүн баарын жыйнадың,
Эсиңден чыгып кеттиби,
Сенин мага кылганың?
Бендеден чыккан белдүүдөн,
Бекбачаны тапканың,
Кайгырбаймын калганга,
Табан, Каман дөөлөрдү,
Өлтүртүп аны салганың.
Табан өлдү Нурфану,
Белим сынып какшадым.
Каман өлдү Нурфану,
Сынбай бутум аксадым.
Атам Күйдаң карыды,
Каралды болчу дөөлөрдөн,
Ажыратып таштадың.
Бекбача бенде болсо да,
Өтө белдүү эр экен,
Ааламдан ашкан өнөрпоз,
Бек айлакер неме экен.
Чыдай албай качкамын,
Алып барган кырк миң дөө,
Адамдан башка дөөлөрдөн,
Бирин тирүү таппадым.
Шаарыңа келип Нурфану,
Элиңди кырып таштадым.
Капташып калды урушта,
Баш аламан жумушта,
Атаңды алып кайтканмын,
Кыйнап койдум атаңды,
Ырас сенин Нурфану,
Таарынчы кылып айтканың.
Таарынчыңды көтөрөм,
Сен өлгөндө мен өлөм,
Ушунча тарттым азабың,
Ажырап калып Нурфану,
Тирүү кайдан күн көрөм!
Эртең менен атаңды,
Аттап тондоп жөнөтөм,
Шаарыңа жакын шаарым бар,
Шаардын аты саза бар,
Кулдугуңа өткөрөм,
Мингизип алып мойнума,
Атаңды аттай көтөрөм,
Айткандын кылам баарысын,
Бүгүн эртең дебестен,
Нур бетиңди көрсөтсөң,
Айтканыңа көнбөймүн,
Кызыгыңды көрбөсөм.
Кызылкыз туруп кеп айтат,
Кеп айтканда муну айтат:
- Каргылдантып үндөрүң,
Буулугуп сүйлөп тилдериң,
Алалабайсың Татылда,
Нээтиңди мен билдим,
Атаң дедиң ар качан,
Атам деп оозуң келбеди,
Ээрибес боору кара таш,
Кимдер көргөн сендейди,
Өзү келген алдыңа,
Сен таппайсың мендейди.
Атам тордо чатылуу,
Бийикте турса асылуу,
Колун артып мойнуңа,
Ким жатат сенин койнуңа?!
Бербесең мейли атамды,
Чычырып алып богун же,
Күдөрүңдү такыр үз,
Нурфану мага тийет дебе,
Өлүп алып кутулам,
Зордуктап алам дегенде!
Айткан сөздүн сыры бар,
Ар жагында кылтылдап,
Элестеп турат көрүнүп,
Сымаптай болуп жылтылдап,
Татылданын жүрөгү,
Чыдабай турат зырпылдап.
Бекбача жетип келсин деп,
Азгаштырып Кызылкыз,
Күлүп кетет шыңкылдап.
Бекбачанын болжолу,
Болуп калды келер чак,
Көрөйүн деп атамды,
Капазды алды шапа-шап,
Жалп дей түштү билгиз.
Жанып турган шам чырак,
Аңгычакты Кызылкыз,
Төбөсүндө шакылдап:
- Бойу канча чоң болсо,
Ошончо болот дөө акмак.
Билесиң го, Татылда,
Алдыңа келип Нурфану,
Тиемин деп айтпасын.
Өзүм адам насили,
Мен Кызылкыз айткамын,
Элебедиң, билбедиң,
Мен үстүңө киргенде,
Нурзат шаанын үйгө кайтканын.
Үйүңдө турсаң өлөсүң,
Эшикке чыксаң белдүүдөн,
Бекбачаны көрөсүң.
Талкуудай болгон чоң дөбөт,
Үйгө турбай жөнөгүн!
Сүйлөгөн үн басылды,
Күүгүмдөп калган тунарып,
Дөөнүн көзү ачылды.
- Жинси, Минси канасың?
Сакчыларын бакырды,
Амал арзан жиндерге,
Толук жайын билгенге.
Отун жыйнап, от жагып,
Түтөтүп койсо бир жерге,
Эчтемеге карабай,
Жин чогулат ал жерге,
Бакшылар билет амалын,
От жактырып салганда,
Жин чогулуп барганда,
Кармап алат кээ бирин,
Колго түшкөн байкуш жин,
Өткөрүп берет бирлигин,
Айыктырды бакшы дейт,
Аны кайдан эл билсин?
Жинси, Минси келгне жок,
Кызылкыз койгон от жагып,
Жиндин баары ал жерде,
Татылда аны билген жок.
Татылда чындап бакырып,
Жинси менен Минсини,
Канасың деп чакырып,
Татылда үнүн укканда,
Алар келди шашылып.
- Нурзатты бачым келтир!- деп,
Өкүм кылды шаштырып,
Элүү миң жинге кайтартып,
Татылда койгон астырып,
Канчадан айткан кайталап,
Азыр бол деп Нурзатка,
Улам-улам тапшырып.
Алдырап жиндин шашканы,
Шашкан менен Нурзатты,
Аскан жерден таппады.
Жинси менен Минсиге:
- Элүү миң калбай баргын, -деп,
Көп болсо барды шаарына,
Алып келе калган!- деп,
Элүү миң жиндин кеткени.
Барган сайын эң кызык,
Кызылкыздын иштери.
Тоо башына Кызылкыз,
Токсон жерге от жакты.
Ойдуң жерге Кызылкыз,
Отуз жерге от жакты.
Аралга жакты канчаны,
Кызылкыз жалгыз кылалбайт,
Перилер кылды анчаны.
Элүү миң жин келатып,
Ой-тоодо отко бөлүндү,
Мойнуна алды байкуштар,
Татылдадан өлүмдү,
От колдуу өлсө жин пери,
Бейишке чыгат өлүмү.
Татылданын алдына,
Кабарчы жин келгени:
- Жинси, минси барбады,
От ойунда дегени.
- Андай болсо кабарчы,
Чакырып кел сен!- деди.
Жиндер келди шашылып,
Элүү миң жинди Татылда,
Тизип туруп чаптырып,
Аңгычакты шаарына,
Бекбача кирди бастырып.
Баатыр төрө көкжалдан,
Манас деген үн чыкты,
Чагылгандай күркүрөп,
Үнүн угуп дөөлөрдүн,
Заарасы акты бүркүрөп.
Өзүм чыгам буга деп,
Күйдаң дөө келди дүңкүлдөп,
Аткан мылтык, тарткан жаа,
Замбирек үнү зүңкүлдөп,
Атылган мылтык заңкылдап.
Токтоно албай Көйкаптын,
Тоолору турат калтылдап,
Дайралар толуп чалкылдап.
Жаба койуп жарларга,
Жайнай түшүп шарпылдап.
Күйдаң дөө келди сүр менен,
Келгин суудай бууланып,
Алда канча түр менен.
Эр Бекбача бакырды,
Манастап ураан чакырды,
Орто-карта үн менен,
Ташкелтени кошо атты,
Күйдаңга окшоп сүр менен.
Доолбасты карс койду,
Ташкелтени тарс койду,
Учуп жүргөн канаттуу,
Ирмебей канат жаңылды.
Сууда жүргөн балыктын,
Барсылдагы жарылды.
Жер айрылып суу чыкты,
Тоо жарылып таш көчтү.
Сууда жүргөн каз-өрдөк,
Үнү чыкпай тыйылды.
Тоодо жүргөн кайберен,
Бийик тоого жыйылды.
Түбү куурап өнө албай,
Калкып турган кайың-тал,
Томолонуп жыгылды.
Үп эткен шамал жок жерде,
Бороон чыкты аркырап,
Жер жарылып чыккан суу,
Агып кетти шаркырап.
Сегиз баштуу бир дене,
Келе жатат бир баатыр,
Колунда кылыч жалтылдап.
Бир денеде сегиз баш,
Ар башында төрттөн көз,
Жылдыздай болуп жылтылдап,
Көздөрүнөн от жанып.
Бул өңдөнгөн инсанды,
Перилер угуп-билбеген,
Баары турду таңданып.
Эки буту арбаңдап,
Сегиз башы калжаңдап,
Эки колу тарбаңдап,
Көп башында көп мурун,
Чаначтай көөп барбаңдап.
Алжапкыч бар тартылган,
Андан башка кийим жок,
Жылаңач келет тартаңдап.
Ары кетип кыйышактап,
Бери кетип кыйкактап.
Ойун салып керүүдө,
Ойногон төөдөй тайтактап,
Улам бойун түзөтүп,
Тура калып кайкактап.
Тикен кирген буттанып,
Байкап басып байпастап,
Көтөрө албай куйругун,
Семирген койдой чайпактап,
Чычаңы кулач бар экен,
Камчыдан бетер салпактап.
Бүткүл дене баары түк,
Көрүнбөйт көзү бүтүйүп,
Тура калып селейип,
Көөдөнүн керип денейип,
Бет маңдайдан караса,
Доңуздай мурду тенейип,
Адам билер көрүнбөйт,
Бул айбандын жумушун,
Кылычын шилтеп кыйкырып,
Баштай келди урушун.
Кылычын шилтеп ийгенде,
Кылычтын мизи тийерде,
Кыраан баатыр Бекбача,
Балта менен какканда,
Кырк бөлөк кылыч бөлүнүп,
Асманды карай атканда,
Бир колунда найзасын,
Оңтойлоду сайганга.
Күүлүү найза сундуруп,
Күүсү кулак тундуруп,
Бекбачага жеткенде,
Баатырдын уулу кара көк,
Карап турбайт бекерге.
Найзасын улай кармады,
Тартып алып найзасын,
Өзүн кайра сайганы.
Дал ортосу ушу деп,
Дал өпкөнүн тушу деп,
Качырып баатыр муштады,
Өз найзасы чочконун,
Өпкө-боорун аралап,
Күн тийбестен чыкканы,
Жалгыз дене сегиз баш,
Тоңкойуп жерди жыттады,
Адам укпас бир укмуш,
Кан кызарып чыкпады.
Сегиз колдуу бир баштуу,
Бир балбандын чыкканы.
Сегиз түрдүү жарак бар,
Сегиз колго кармаган,
Мурункудан канча өөдө,
Бул капырды байкасаң.
Найзанын учу от жанып,
Кылычтын мизи жаланып.
Чойун башы үн салып,
Канжардын учу жылтылдап,
Кетелеги короктоп,
Келе жатат сороктоп.
Сегиз колу арбайып,
Жалгыз башы короктоп,
Көзүнөн жашы токтобой,
Ыйлагандай шолоктоп.
Сакалы жок мултуйуп,
Туулгасы тултуйуп,
Кирип келди жакындап,
Соотун тетир кумтунуп.
Чаба турган балтасы,
Чоң балыктын тиши экен,
Сайа турган найзасы,
Кабыргасы өзү экен.
Туулганын ордуна,
Баштын сөөгүн кийиши,
Колундакы калканы,
Ал балыктын териси,
Куралдарын карманып,
Жүз кулач келген жыландан,
Белге кемер курчанып.
Шерди багып телчитип,
Ит ордуна ээрчитип,
Пили келет томпойуп,
Куйругу жок чолтойуп,
Зараба келет чаң салып,
Жандай чуркап койкойуп.
Маймыл келет жабылып,
Жер бетиндей жайылып.
Келарс келет кырсылдап,
Суу иттери мултулдап,
Суу уйлары култулдап.
Канча түрдүү айбанат,
Калбай келет чуркурап.
Бекбачадан башкасы,
Туралбады аа чыдап.
Перилер качып бийиктеп,
Дөөлөр качып кийиндеп.
Дөө менен пери аскери,
Тарап кетти бириндеп.
Арканча сыйкыр болсо да,
Кызылкыз коркту дирилдеп,
Сегиз колдуу бадырек,
Кирип келди күжүлдөп.
Сыйынып баатыр Манаска,
Арбагы азыр Таласка,
Сыргактан калган жез найза,
Темир болот кез найза,
Жерден булгап көтөрүп,
Манастап баатыр бакырып,
Ураанын айтып чакырып,
Беттеп кирди чочкону,
Белдүү көкжал качырып,
Алдындагы майтору,
Топону көккө сапырып,
Койондой кулак жапырып,
Көрүнөө чыкты колдоочу,
Жүрсө да мурун жашынып.
Куйругу жерге чубалып,
Акырын басып суналып,
Бекбачанын алдынан,
Жолборс чыкты сүр салып.
Куйругунун учунда,
Чокмору бар казандай,
Шерлер чыкты чакчайып,
Саамайы жерге сүйрөлүп,
Айуу чыкты саксайып,
Илбирс келет имелип,
Куйругу жерге сүйрөлүп,
Камандар келет курсулдап,
Тумшуктары түйрөйүп.
Жана сонун жана бар,
Сойлоп барат жыпылдап,
Түргөн чийдей ажыдаар.
Куландар келди чаң салып,
Кулжалар келди даң салып,
Бууралар келет күркүрөп,
Жердин бетин от алып,
Жайнаган жалын дүркүрөп,
Бугулар келет калжактап,
Тоо теке келет дардактап,
Алгыр бүркүт асманда,
Канаттары далбактап.
Айкөл шердин Кумайык,
Кирип келди кыңшылап.
Буркулдап жетти Каралөк,
Боздоп жетти куу инген,
Алып келген эр Сыргак,
Кум баашасы кумара,
Соогага берген бул инген,
Кумдан Сыргак таап алган,
Тайлакты тапкан жерине,
Келтайлак деп ат алган.
Семетейдин Акшумкар,
Баркылдады асмандан,
Айчүрөктүн канаты,
Калкылдады асмандан.
Күнгөй-тескей Көйкапты,
Канаты басып күн тийбей,
Алп Каракуш көрүндү,
Асманда булут сурданды,
Кыбыла жакты караса,
Кызыл желе кырданды,
Күн чагылган айнектей,
Жердин бети нурланды.
Асмандагы периге,
Дөө пери менен элдерге,
Кээ бирөөнүн жүрөгү,
Кумарланып кубанды.
Ке бирөөнүн жүрөгү,
Оозунан ыргып булт этип,
Чыга жаздап тас калды.
Достордун көөнү кубанды,
Душмандын өңү кубарды,
Кыбылада сүрүлүп,
Жердин бети тунарды.
Аккула минип болкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп,
Айкөл Манас зоңкойуп,
Эки беттен түшкөн нур,
Жамгыр жаап ачылган,
Жайдын күнкү күн болп,
Эки көздөн жанган от,
Жер өрттөнүп кор болуп,
Карарып булут түрүлүп,
Кандуу суулар бүгүлүп.
Караанын көргөн айкөлдүн,
Кара жандан түңүлүп,
Ач албарс кында кыңгырап,
Айбалта белде шыңгырап,
Кытайча кызыл доолбас,
Чымын тийсе зыңгырап.
Айдалыда Аккелте,
Күн чагылдып жаркылдап,
Айчыгы алтын кызыл туу,
Асабасы калкылдап,
Сары жаргак кандагай,
Багалеги балкылдап,
Алдында минген Аккула
Алоолонуп алкылдап,
Оң жагында кан Бакай,
Бозжорго минип шалкылдап,
Ителгидей баркылдап,
Аселде оозун чайкаган,
Ак сакалы жаркылдап,
Айагын арска жөлөгөн,
Башы сары алтынга бөлөнгөн.
Өткөн күндү унутпас,
Келер ишти болжолдоп,
Өтө Бакай көрөгөн,
Тар көчөдө жол тапкан,
Талашканда кеп тапкан,
талкаланган сынганга,
Дары салып эп тапкан,
Түртүшкөндө кеп тапкан,
Түн ичинде жол тапкан,
Күпүр айтпай кишиге,
Өз көзүнө чорт айткан,
Абаң келет жандашып.
Сол жагында айкөлдүн,
Тоодой тору ат минген,
Толгомо саптуу камчы алган,
Жоо жоолашып жүрсө да,
Колунда алгыр куш салган,
Ээрчитип тайган ит алган,
Кечээ Бейжиндеги урушта,
Оронгудай эр сайган,
Батасы журтту байыткан,
Токсондогу жаш менен,
Олуйа Кошой келаткан.
Муруту келет чоң кучак,
Будайык кандын муз бурчак,
Айдар кандын эр Көкчө
Бардашы журттан бөлөкчө,
Көк күбө чопкут тон кийген,
Көк ала сындуу ат минген,
Музбурчак, Көкчө - эки хан,
Казактан экөө келаткан.
Оң жагында айкөлдүн,
Сарала минип теңселип,
Сары сакал сеңселип,
Ийриси жок түз сөздүү,
Сепкили жок ак жүздүү,
Алтын айдар чок белбоо,
Азиз кандын Алмамбет,
Жалайак ооз жалын көз,
Жан катылчу эр эмес,
Коргошун жүрөк жел билек,
Коркпой турган Алмамбет,
Бадана тонун кийинип,
Бар кудайга сыйынып,
Барча тоодой Алакең,
Бастырып келе жатыптыр,
Анын арка жагында,
Көк ырапыс тон кийген,
Көк теке сындуу ат минген,
Ачкыйкырык куу сүрөөн,
Ал өңдөнүп ким жүргөн?
Жетимиш миң кол болсо,
Желденген бойдон бир тийген,
Узун бойлуу кең далы,
Туруп душман баталбас,
Ал замандын балбаны,
Акбалта хандын Чубагы,
Азирейил сүрдөнүп,
Ал да келе жатыптыр.
Анын ары жагында,
Сундуруп найза тартпаган,
Сумсайып жоодон качпаган.
Өлүмдөн коркпос өзү бар,
Өкүм-өткүр сөзү бар,
Зердүү таажы башында,
Сексен нөөкөр кашында,
Кара калпак кыргагы,
Кабылан Манас чыйрагы,
Хан Жакыптын Сыргагы,
Телкызылды кындыйтып,
Темгектүү найза зыңкыйтып,
Ал дагы келе жатыптыр.
Кырктын башы Кыргыл чал,
Кыркында көпкөн жинди чал,
Кыштын кыраан чилдеде,
Кырк жараган сүргүн чал,
Кара сакал жайкалып,
Мингени жорго чайкалып,
Бий Ажыбай баш болуп,
Кырк чоро келе жатыптыр.
Көрүнгөндөн көрүнүп,
Бетинен нуру төгүлүп,
Буурулду минип булкуйуп,
Эр Семетей көрүндү,
Эркечтей Сурду жаркытып,
Артынан чаңды баргытып,
Топону көккө сапырып,
Кабагына кар туруп,
Мурутуна муз туруп,
Абасы Семей жиберип,
Чалгын чалган кезиндей,
Ошол күнкү салт менен,
Он экинин өзүнө,
Чыгар чыкпас жаш менен,
Күлгөнү кыздын үнүндөй,
Шер Гүлүстөн көрүндү,
Көрүп турган дөөлөрдүн
Көзүнөн жашы төлүлдү.
Бөлүнгөндөн бөлүнүп,
Тунарык туман сөгүлүп,
Сарыбай менен сайышкан,
Салттуу күнү баатырдын,
Сейтектин карааны,
Элестеп көзгө көрүнүп.
Андан ары караса,
Күн батышта дөөлөргө,
Жору куйрук кызыл алп,
Ат минбеген жөөлөргө,
Суунун уулу Суумерген,
Атактуу баатыр Сурмерген,
Акым, Шакым эки дөө.
Боз чаар минген Боромбай,
Чыңгыш менен Айтумуш,
Карала атчан Калыбек,
Эр Кененим баатырдын,
Кармашып жүргөн күндөрү,
Сегиз миң жыл жашаган,
Жүйрүн дөөнүн Кененим,
Сууруп тилин жегени,
Тамга тарткан сүрөттөй,
Таанылып элге көрүнүп,
Жүйрүн тилин жегенде,
Дөөлөрдүн калды дени өлүп.
Андан ары караса,
Телкүрөңдү теминип,
Кыл муруту керилип,
Эр Сейитим көрүнөт.
Карадөө менен кагышкан,
Шабдаттын бузган күмбөзүн,
Бай кылган Керкит көп элин,
Жанжүрбөстүн кызыл кум,
Бүгүн турат ошол кум,
Кайнатасы Сулаймат,
Катуу кылып карамдык,
Ак санабай карарып,
Жанжүрбөстүн кумуна,
Киргизип койуп алпарып,
Аркадан аскер көп барып,
Каардуу Калча баштаган,
Суктанма менен Шукшурма,
Шатыке менен Сатыке,
Карадөөнүн кенжеси,
Кайкаган аскер беш жүз миң,
Каптап кумда келгени,
Кененимдин Сейити,
Жалгыз жүрүп жеңгени,
Сулайматты сойгону,
Алпарып Абылды,
Бааша кылып койгону,
Алтынай менен Чолпонай,
Көкбука менен Жетилбай,
Аларга алып бергени,
Сулаймат кызы Кылжыке,
Өзү алып келгени,
Айгине көзгө чалыкты.
Эстен танып селдейип,
Кылбырак сексе элдери,
Дөөлөр эстен танышты,
Айкөл Манас ошондо,
Элирип элден бөлүндү,
Карагандын көзүнө,
Мындай укмуш көрүндү:
Кабагынан кар жаады,
Мурутунан муз жаады.
Карчытынан кан тамды,
Кара көздөн от жанды.
Ичине эңшер сырты көк.
Бендеден башка кара көк,
Күүгүм туман көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп.
Дөөлөрдүн каны Күйдаңды,
Акырайа карады,
Тик тура албай ордунда,
Жалп жыгылып калганы,
Суудан чыгып Сагынкор,
Балыктардын баашасы,
Салам айтып барганы,
Сегиз колду сексенин,
Жанындагы айбандан,
Бирөө да калбай тарады.
Сегиз колду Сексенин,
Бекбача сайып алганы.
Найзага илип көтөрүп,
Аралап кирди Сексени,
Найза ордуна байагы,
Сегиз колду булгалап,
Чыгарды элден жексенди.
Ал ошентип баратса,
Кылбырактын улугу,
Сегиз баштуу кез келди.
Кылбырактын сегиз баш,
Кийим кийбей жылаңач,
Денеси мунун кара таш.
Чапса кылыч кеспеген,
Найза сайса тешпеген,
Балта чапса батпаган,
Чокмор чапса өтпөгөн,
Ошондой туруп бетбактын,
Эти жумшак өпкөдөн.
Көзү көрүп көп ишти,
Ого бетер өрчүгөн,
Сегиз башы сеңселип,
Качырып кирди белсенип,
Карсылдашып киргенде,
Далайлар өлдү тепселип.
Үкүдөй көзү жалындап,
Курал өтпөс териси,
Мындай нерсе табылбас,
Алалбай аттан арбашып,
Жөө күрөштү кармашып.
Орой торой чалышып,
Оң-тетири серпишип.
Кочкордон бетер койушуп,
Көөдөндөшүп тирешип,
Кезектешип урушмак,
Кепке келди кеңешип,
Бирине-бири бой бербей,
Мен турамын кел дешип,
Мени койуп сен дешип,
Болбой жатып Бекбача ,
Сегиз башка бергени,
Кең майдандын бетине,
Өзү туруп бергени.
Белдүү баатыр сегиз баш,
Ары кетип кайкактап,
Бери келип тайпактап,
Көөдөндү керип чалкактап,
Үйдөй болгон бир ташты,
Алмак болду чапканы.
Кайрат кылып канчалык,
Тизеден өйдө көтөрүп,
Ташты жерге таштады:
- Муну менен бир чапсам,
Өлөт элең Бекбача,
Көтөрүп көрчү бул ташты,
Сенин күчүң бар канча?
Анда айтат Бекбача:
- Ташты койуп кезек ал,
Менин күчүм канчалык,
Андан кийин көрүп кал!
Сегиз баш ага болбоду:
- Сен көтөрсөң бул ташты,
Сеники кезек болгону.
Майторудан илбирстей,
Жылып түштү Бекбача.
Ырандыга салганды,
Томолок экен жаткан таш,
Камтый ташты кармады,
Так көтөрүп Бекбача,
Төбөсүнө алганы,
Туруп берди Сегизбаш,
Так төбөгө салганы,
Талкаланып Сегиз баш,
Табылар тарпы калбады.
Көзү көрдү дөөлөрдүн,
Адамдан чыккан балбанды.
Сегизкол өлдү алдында,
Сегизбаш өлдү аркада,
Кылбырак сексе элдери,
Кайта качты аркага.
Эки көзү алаңдап,
Амалы кетти Татылда.
Күйдаң дөөнүн жүрөгү,
Кабынан чыгып кетиптир,
Ажалы анын жетиптир,
Амалы кеткен Татылда,
Эми аргасы нетиптир,
Баргын десе тил албай,
Дөөнүн жолу бекиптир.
Айла кетип Татылда,
Өзү чыкты майданга,
Жалгызмын деп жалтанбай,
Бекбача турган маңдайда,
Татылда артык балбан дөө,
Керээзин айтты элине,
Эрегишке жөнөрдө:
- Мен барамын урушка,
Кандуу майдан жулушка,
Бекбачаны өлтүрсөм,
Падышасы болгонум,
Перилердин баарына.
Өлүп кетсем кокустан,
Башың боолуу болгонуң,
Эмне десе макул деп,
Бекбачага жол койгун,
Кулак угуп көрбөгөн,
Адам мындай болгонун.
Деп кайгырып, кан жутуп,
Дөөлөрдөн чыкты бөлүнүп.
Төбөсү тийип асманга,
Найзасын сүйрөп жанына,
Чокморун алып колуна,
Бойу узун басканда,
Сүлкүлдөгөн Татылда,
Салмагы жерди солкутуп,
Дүңкүлдөгөн Татылда,
Өзү тоодой зоңкойуп,
Чокмору дөбө томпойуп,
Найзасы узун соройуп,
Айбаттанып Татылда,
Келе жатат короктоп,
Колундагы найзасы,
Жерге батпай сороктоп,
Көтөрө албай Сегизбаш,
Бекбача урган үйдөй таш,
Татылда келип кеткени,
Камгактан бетер үйдөй таш,
Капкайда учуп кеткени,
Сүйүнгөндөн далай дөө,
Албырып кетти беттери.
- Бекбача келип бул жерге,
Секселердин Сегизкол,
Кылбырактын Сегизбаш,
Белдүүлөрдү жайладың,
Сен кептенген жадыгер,
Дегеле көрө албадым.
Атаң Манас өлдү деп,
Айтылганы кандай кеп?
Бүгүн тирүү барысы,
Мында жүрөт темтелеп!
Адамдан асыл кара көк,
Татылдага мындай дейт:
- Кылбырак менен Сексени,
Алдырыпсың Татылда,
Алың келбес эрлерге,
Башын жарып өлтүртүп,
Сүйүнүпcүң Татылда,
Айкөлдүн көрүп айбатын,
Атаң өлдү Татылда,
Эрегишсең мен менен,
Сен өлөсүң Татылда,
Айкөл Манас арбагы,
Көрүнө бүгүн жар болду,
Сегизбаш менен Сегизкол,
Менден өлүп жоголду.
Бекеринен катышып,
Перинин канын сен төктүң,
Аларга келип жардамга,
Кылбырак менен Сексенин,
Алардын канын мен төктүм.
Өжөрлүк кылсаң тил албай,
Бүгүн менден өлөсүң!
Бекбачадан жеме угуп,
Өлөсүң менден деп угуп,
Булгап алды найзасын,
Ачууланып оолугуп:
- Абийириңди Бекбача,
Азыр бүгүн ачайын,
Аккан сууга кошултуп,
Мен каныңды чачайын.
Атамдын кунун кубамын,
Адамзат болгондун,
Бирин койбой кырамын.
Тартаңдаган капыр дөө,
Аттан бачым жүгүрүп,
Найзасынын учунан,
Жалындаган от күйүп,
Бекбачаны тору аттан,
Аңтара сайам деп келди.
Алактаган чоң дөөнүн,
Балта менен найзасын,
Кагып калды Бекбача.
Балта тийген чоң найза,
Токсон талаа тараша,
Сексен жерден сынганы,
Дайны калбай найзанын,
Тарпы кетип калганы,
Шашып кетип Татылда,
Чокморуна камданды.
Чокморун колго алганча,
Каруусунан сол колун,
Талкалай чаап таштады.
Үзүлүп кетип чучугу,
Ооруп колу какшады.
Толгонуп тийди Бекбача,
Тоодой болгон Татылга.
Татылда көзүн ачканча,
Сак колу менен сыйпалап,
Чокморун таап алганча,
Арстан туулган Бекбача,
Капталга чаап какшатып,
Кабыргасын кыйратып,
Далыга чаап балталап,
Кыр аркасын талкалап,
Кашка жилик жотого,
Канчаны чапты ошого,
Томукка чаап токмоктоп,
Жарылып кетти томугу,
Түз тура албай Татылда,
Амалы жаман куурулду.
Эңкейип жерди тайанса,
Башына бойу жеткиче,
Боло түшөт Татылда,
Так төбөгө балталап,
Койуп өтөт Бекбача.
Ана-мына дегиче,
Орой төбө чокуга,
Отузду койуп өттү эле.
Дөөнүн көзү тунарып,
Каны качып кубарып,
Чачылды мээси айрандай,
Тоңкойду дөө суналып.
Жыгылганда карасаң,
Алтымыш арыш бой экен,
Ошол кезде Көйкапта,
Татылда дөөнүн чоңу экен.
Татылда кулап калганда,
Жан алгыч жанын алганда,
Баашасы жок Көйкапта,
Дөөлөр жетим калганда,
Мусулман пери асмандан,
Жааган күндөй себелеп,
Түшүп жатат талаага.
Кыпкызыл болгон алтындан,
Карыптарга таратты,
Бекбачага садага.
Жакыр пери бай болду,
Жоксуздарга пул толду.
Арстандын уулу Бекбача,
Перилерге нур болду.
Перилердин баашасы,
Нурзат келип жолукту,
Ала келди колуна,
Адимиден жоолукту.
Урмат кылган кишиге,
Мойнуна жоолук салышы,
Нурзат шаанын шаарына
Алып кетип калышты,
Мейман кылып күтүштү,
Урмат менен сый менен,
Конок болду Бекбача,
Бекбачанын жанына,
Нурфану келди аңгыча.
Нурфану кирип келгенде,
Эр Бекбача караса,
Өңү мунун жадаңкы,
Көрүнүшү бир башка.
Нурфанудан Бекбача:
- Абал мурун башында,
Сени көрдүм күүгүмдө,
Көргөндүн баары таңданаар,
Ал күндөгү түрүңө,
Өңүң жадап кер сары,
Болуптурсуң бул күндө.
Эмне болсоң чыныңды айт,
Ички пикир сырыңды айт.
Мен кеткенде Нурфану,
Дартыңа даба табылбайт,
Олжолоп ала кетет, деп,
Коркунчуң болсо дагы айт.
Асмандагы бир күндү,
Этекти канча далдайтып,
Жапкан менен жабылбайт.
Бекбача минтип айтканда,
Башка түшкөн күн болду,
Бекбачага айтканга.
Көзүнүн жашы буурчактап,
Нурфану турду кыйлага,
Бекбача сөзүн жалгады,
Токтоло түшүп кыйлада:
Нурзат шаанын жалгызы,
Азыркы сенин турушуң,
Бул жалгандын нур кызы,
Ар канчалык иш болсо,
Жашырбастан айтсаңчы.
Мен адамдын баласы,
Рапы мискин, Көйкаптын,
Канчалык калды арасы?
Кан төгүшкөн уруштан,
Алып келдиң бул жерге,
Нурзат шаанын баласы.
Кантип жатат биздин эл,
Душмандын көп айласы,
Каардуу Калдык каапырга,
Ар кимдин жетпес чамасы,
Бүгүндөн калбай мен кетем,
Айт сырыңды жашырбай,
Нурзат шаанын баласы.
Бекбача мындай айтканда,
Айтпаска эми калбады,
Нурфанунун чарасы:
- Мен айтайын чынымды,
Жашырып жаппай сырымды,
Татылданын дартынан,
Рапы мискин, Көйкапты,
Айланып чыктым кылымды.
Адамзаттан Кызылкыз,
Ички пикир сырды айтып,
Айчүрөккө көрсөтүп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 23
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.