Latin

Асылбача - Бекбача - 23

Total number of words is 4188
Total number of unique words is 2153
30.6 of words are in the 2000 most common words
44.1 of words are in the 5000 most common words
51.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ээрчитип мени алпарып,
Өзүңүзгө жолуктум,
Айчүрөк айтып мен барып,
Перилерди өлүмдөн,
Сиз койдуңуз куткарып.
Кылбырак, сексе элдерин,
Чакырып келди Татылда,
Өтө мүшкүл күндөрдө,
Айкөл Манас шер баштап,
Азирет арбак баарысы,
Көрүнө келди бул жерге.
Балыктардын баашасы,
Сагынкор салам бергенде,
Айкөлдүн коркуп каарынан,
Күйдаң дөө өлүп кеткенде,
Кылбырак, сексе элдери,
Жер жерине кайтканда,
Мыктысынган Татылда,
Өзүңдөн өлүп жатканда,
Ыраазымын мен бүгүн,
Сырымды сизге айтканга.
Көргөндөн бери жүзүңдү,
Көңүлүм эрип коргошун,
Карабай кетер бекен деп,
Мен уйкусуз болгонмун.
Өзүң үчүн болдум нес,
Арыктап мойнум болду кез,
Кызылым качып бетимден,
Башкача болду сары жез,
Жашырбай айтсам чынымды,
Жалганы жок ушул кеп.
Нурфануну көргөнү,
Бекбача жүргөн болучу,
Көрсө жүзүн дени ысып,
Көрбөсө калып деми сууп.
Нурфанудан кеп угуп.
Бекбача сен деп өңүмдөн,
Азып кеттим деп угуп,
Колдору колго тийишти,
Бири-бирине бой сунуп.
Каркылдап суудан каз учуп,
Чакылдап сайрап суучулдук,
Ак мөңгү тоодон суу агып,
Ак көбүктөп бууланып,
Саргарган кези жалбырак,
Көк жашыл тартып нурланып,
Жымыңдап жылдыз жылтылдап,
Балыктар сууда кылтылдап,
Капасы жок жер бети,
Кыз-уулан күлүп шыңкылдап,
Көөдөнүн салып шамалга.
Канаттуу учуп зыпылдап,
Абалап турган жыгачтар,
Жаңылап чечек бүр байлап,
Көбү чыгып кылтайып,
Көрүнүп көзгө бүр байлап,
Көлдөлөң күзгү күнүндөй,
Рапы мискин, Көйкапка,
Жуманын кадыр түнүндөй,
Үйдө жаткан чалдардын,
Абышка-кемпир андайдын,
Бойу балкып өзүнчө,
Күн бүркөлбөй чаңкайып,
Күн-түнү бирдей жапжарык,
Күнү кайсы, түн кайсы,
Айрып билген жандар жок,
Таң агарды кашкайып,
Дайардык көрдү Нурфану,
Аптабасын колго алып.
Дааратын алып бүтүрүп,
Кетмек болду Бекбача,
Жол керегин күтүнүп.
Атактуу Кеңкол, Таласка,
Жеткирип койду перилер,
Асман менен көтөрүп.
Аташканы Нурфану,
Бир жыл турду Таласта,
Алып келип той берип.
Атамды көрүп келсем деп,
Ак сүтүн берген энемдин,
Амандыгын билсем деп,
Бекбачадан жооп сурап,
Айтып кирди Нурфану.
Барбагын деш кыйын кеп,
Көп кечикпей келгин деп,
Жообун берди Бекбача.
Жообун алып Нурфану,
Учуп кетти асманга.
Ар укмуштуу иш келет,
Туулуп бүткөн адамга,
Адам уулу ишенбе,
Алдамчы ушул заманга.
Асман менен Нурфану,
Калкып учуп кайкактап,
Түндү улап түн учуп,
Эртеси күнү шашкеде,
Көйкапка барды чалкактап,
Атасы кармап колунан,
Энеси ыйлап кучактап,
Көзүнүн жашы буурчактап,
Аманбы деп Бекбача,
Күйөө жагын көп сурап,
Айкөлдүн салган күмбөзүн,
Көрдүңбү балам?- деп сурап,
Адамзаттын элине,
Көндүңбү балам Нурфану,
Айчүрөктөй асылды,
Кыз Куйалы баатырды,
Көрдүңбү балам?- деп сурап.
Көргөн билген баарысын,
Кеп салып берди божурап.
Кырк күн туруп элиңде,
Нурзат шаанын жеринде,
Кетемин деп Нурфану,
Басып кирди жооп сурап.
Энеси көзүн жаштады,
Айтып кебин баштады:
- Картайганда энекең,
Жүктүү болду Нурфану,
Бекбачанын келгени,
Куттуу болду Нурфану,
Тогуз айга күн саны
Толуп калды Нурфану,
Энеңдин бошоор мезгили,
Болуп калды Нурфану,
Жана кырк күн тургунуң,
Аман-эсен көз жарсам,
Эркекпи, кызбы көргүнүң.
Эркек болсо тууганың,
Атамдын ордун басар деп,
Көңүлүңдү тындыргын.
Жана туусам кыз бала,
Сиңдилүү болдум деп кеткин.
Айтып баргын элиңе,
Кайтып баргын жериңе,
Кандай да болсо абалды,
Айта баргын элиңе.
Бекбача биздин балабыз,
Аман болсо ал жерде,
Тынып турат санаабыз.
Неге келбейт сага бирге,
Сенден башка Таласта,
Же бар бекен зайыбы ал жерде?
Энеси мындай дегенде,
- Бекбача өзү адамзат,
Канаты жок энеке,
Мени менен келгенге.
Атам менен энеке,
Унутпайт, эстейт Бекбача,
Эсине алат ар күндө.
Менден башка жок экен,
Албаптыр зайып ал жерде.
Силерден башка кайны жок,
Менден башка зайыбы жок.
Туубас болот окшоймун,
Эч нерсенин дайны жок.
Жүктүү болсоң энеке,
Жүзүн көрүп кетейин,
Эркекпи, кызбы тууганым,
Анык билип кетейин.
Эркек болсо тууганым,
Атамдын ордун баспайбы,
Менден бетер кыз туусаң,
Бойго жеткен кезинде,
Бирөөгө көзүн сатпайбы.
Жатка барып жатпайбы,
Атамдын ордун сактайбы?
Муңдуу сөз айтып ал жерде,
Туруп калды Нурфану.
Күн жыйырмага жетпестен,
Бошоду жүктөн энеси,
Нурзат шаанын алганы,
Эркек бала тууганы,
Чечекейин караса,
Уулдуу болуп Нурзат шаа,
Элдин тынды санаасы.
Тууганын көрүп Нурфану,
Көөнү өсүп жетилип,
Турбайын деп кечигип,
Эстеди жери Таласты,
Эли кыргыз алашты.
Арасы алыс жол экен,
Көйкап менен Таластын,
Атасына ал айтып,
Энесине зар айтып,
Перилерге кош айтып,
Он миң пери котчу алып,
Учуп чыкты Таласка,
Эртең жетем деп барат,
Элим кыргыз алашка.
Өтө тунук бир сууга,
Көзү түштү Нурфану,
Бара жатып асманда.
Аккан суунун бойуна,
Перилерди түш деди,
Сууга жуунуп таранып,
Тамагыңды ич деди.
Нурфанудан кеп угуп,
Баары түштү чубуруп,
Сууну бойлоп перилер,
Баары сууга чумулуп,
Учуп жүрүп асманда,
Кирдеген кирин жуунуп.
Перилер ойноп кетиптир,
Нурфану жалгыз чатырда,
Перилер кайтып келгенде,
Анан сууга барам деп,
Чатырда жатып дем алып,
Көзү уйкуга кетиптир.
Нурфануну алам деп,
Өлүп кеткен Татылда,
Жинге берген кызы бар,
Күйөөсү жинди ээрчитип,
Нурфануну жай-кышы,
Аңдып жүргөн иши бар,
Нурфануну кастаган,
Аркасында киши бар.
Өзү жалгыз чатырда,
Уктап жаткан мезгилде,
Ээрчитип эрин жеткени,
Уктап жаткан немени,
Мойнунан башын кескени,
Тирүү жанга билинбей,
Көйкапка качып кеткени.
Суу бойлоп ойноп перилер,
Чатырга келип караса,
Нурфанунун башы жок,
Дени жатат чатырда.
Чакчалекей, будуң-чаң,
Түшүп калды перилер,
Нурфануну көтөрүп,
Нурзат шааны алдына,
Учуп калды перилер.
Жан айабай катуу учуп,
Жетип барды перилер,
Баары болгон укмушту,
Айтып барды перилер.
Нурзат угуп бул кепти,
Тез учуучу периден,
Таласка бешти жиберди.
Таласка барып кайт деди,
Бекбачага айт деди.
Учканда пери тик учуп,
Көктүн чыгып каарына,
Төбөдөн ылдый тик түшүп,
Бекбачага барышты,
Айтып кабар салышты,
Нурфану аты чыкканда,
Жамандыгын укканда,
Ачык күн катуу бүркөлүп,
Түмпүйүп асман чүмкөлүп,
Үшкүргөн шамал жел чыкпай,
Кара туман каптады,
Оодарылбай Таластан,
Сасык туман жатканы.
Перини тиктей делейип,
Бекбача катып селейип,
Ачкан оозу жумулбай,
Тиктеген көзү ирмелбей,
Үшүгөндөй калчылдап,
Бекбачанын көзүнө,
Деңиз толкуп жаткандай,
Жердин бети калкылдап,
Колу буту токтобой,
Титиреп турат калчылдап.
Жумулган жок көздөрү,
Ачылган бойдон караган,
Билбей калды Бекбача,
Үч күн өттү арадан.
Тамандары какшады,
Тикесинен тик туруп,
Нурзат шаанын беш пери,
Үчүнчү күнү түш менен,
Көзү көрүп Бекбача,
Эсин жыйган кездери.
- Силер кайдан келдиңер,
Кебиңер барбы айт,- деди.
Жана айтса жана кеп,
Жанакыдай дагы кеп.
Жана айтты перилер:
- Биз келгени Таласка,
Үч күн өттү арадан,
Нурфанунун кабарын,
Айтып келдик баатырга,
Жиберген бизди Нурзат шаа,
Кеп кылбай туруп алдыңыз,
Үч күндөн бери карата,
Ал жердеги перилер,
Эмне кабар келет деп,
Сактап күтүп калгандыр,
Жердигине тапшырбай,
Өлүктү сактап салгандыр.
Перилерден кеп угуп,
Ичи ачынып от күйүп,
Эки жагын каранып,
Нурфанунун отурган,
Ордун көрүп Бекбача,
Жана кетти эс танып,
Кой эти бышым болгондо,
Ордунан турду эс алып.
- Нурфануну бул жерден,
Тиргизе албайм мен барып,
Жердигине койгула,
Кечиктирбей тез барып.
Кайнатама айткыла,
Эт көйнөгүн айабай,
Мага берсин кайнатам,
Кайненеме айткыла,
Сабыр кылсын ыйлабай,
Тынч жаткырсын жерине,
Нурфануну кыйнабай.
Татылданын бир кызын,
Жинге тийген эрге деп,
Айтчу эле Нурфанум.
Ошол кастык кылган го,
Ойлошумча так ошо,
Кызылкызды жиберем,
Жинге барып келгин деп,
Татылданын күйөөсүн,
Мага таап бергин деп.
Эри жинди кармасам,
Катынын анын таба алам.
Колго түшсө ушулар,
Кайнатама тапшырам.
Казынадан беш мата,
Алып чыгып Бекбача,
Нурфануга кепин, де,
Унутуп калбай айткыла,
Акылман энем Каныкей,
Өз колу менен кармаган.
Сакталып келген бул демге,
Нурфануга арналган.
Мынча күндүн алдында,
Казынага мен барсам,
Жыйып койгон текчеден,
Чачылыптыр маталар,
Жыйнайын деп карасам,
Нурфану деп аты бар,
Алда кандай заман деп,
Келер бекен аман деп,
Мен жүргөнмүн кайгы жеп.
Чачылганы матанын,
Жазылганы Нурфану,
Бүгүн билдим ушул кеп.
Жалгыз кыздан айрылып,
Кайнатам менен энеме,
Аларга болду кыйын кеп.
Нурфану өлүп каран түн,
Мага болду мүшкүл күн!
Бекбачадан кеп угуп,
Кайненеси баатырдын,
Эркек бала тууганын,
Сүйүнчү деди перилер.
Алдында айтып күйүнчү,
Артында аттып сүйүнчү.
Жанындагы акшамшар,
Алып берди Бекбача:
- Балага берген белегим,
Алып келип бергиле,
Нурфанумдун көйнөгүн,
Нурфанумдун ордуна,
Көйнөгүн кармап жүрөмүн,
Күнү-түнү түшүрбөй,
Мен этиме кийемин.
Айтып болуп жөнөттү,
Перилер учуп жөнөштү.
Перилер жетти, ашыгыш,
Алда эмне болду деп,
Турган экен шашылыш.
Жеткиз десе Бекбача,
Жеткизебиз анда деп,
Койгон экен Нурзат шаа,
Алтындан сандык жасатып.
Бекбачанын айтканын,
Жаңы туулган балага,
Ак шамшарын тартканы,
Кабар угуп Бекбача,
Үч күн эстен танганын,
Ордун көрүп Фанунун,
Кой эти бышым жатканын,
Матанын кандай экенин,
Айтып берди бар кебин.
Матадан көрүп белгини,
Нурфанунун билгенин,
Эт көйнөгүн Бекбача,
Күн-түнү жок кийерин.
Айтканындай кылышты,
Нурзат бааша тапшырды,
Жинди издеп табышты,
Бекбачага көйнөктү,
Алып келип атайын,
Перилер кайта жанышты.
Кызылкызды Бекбача,
Чакырып жанга алышы,
Нурфанунун кунун кууш,
Табылып калса душманы,
Кылычты майлап канга жууш.
Угуп болуп Кызылкыз:
- Кыйын эмес бул жумуш,
Эртең күнү түш менен.
Алып келем кебимди ук.
Өмүр жандын Кызылкыз,
Он эки кабат ордодон,
Ойу менен тиктирди,
Көрүп көргөн башкадан,
Жетини алып келтирди,
Түндүккө желек байлады,
Байланган желек жети түр:
- Жети бакшы үйгө кир,
Айгай салып бакыр деп,
Жин перини чакыр деп,
Жин баашасы Жылызы,
Алдырып келгин азыр деп,
Кызылкыз турду тостойуп,
Жылызды чакыр дегенде,
Бакшынын баары мостойуп:
- Айталбайбыз ага деп,
Жылыз келсе бул жерге,
Тирүү киши калтырбай,
Кырып кетет жана деп,
Чоңдугу Жылыз ал турса,
Келип калса бул жерге,
Кайда батат капыр?- деп,
- Жылызга алың келбесе,
Алың келген жиндерди,
Алып келгин мында дейт.
Жети бакшы бакырып,
Жиндердин атын чакырып,
Кабарчысын чаптырып,
Бирине-бирин айттырып,
Отко кетмен салдырып,
Колу менен бастырып,
Кызык ойун салганы.
Жин периден жети уруу,
Калбай келип калганы,
Чогулушуп жин пери,
Бул ойунга таң калды.
Кайта учуп бир пери,
Жылыз жинге барганы,
Адам айран калгындай,
Көргөнүн айтып калганы.
Ойундун угуп кабарын,
Катынын кошуп ээрчитип,
Жылыз жөнөп калганы,
Ойунга Жылыз жеткени,
Жердин бети толгон жин,
Томолонуп калганы.
Дөө менен жин перинин,
Сыйкырын билген Кызылкыз,
Катыны менен Жылызды,
Катар кармап алганы.
Эртеси күнү түш менен,
Бекбачага алпарды.
Нурзат шаанын алдына.
Перилер келип калганы.
Татылда кызы Жинсыра,
Жылыз менен экөөнү,
Нурзат шаага жөнөттү.
Жинсыра менен Жылыздын,
Жанын алды Нурзат шаа,
Нурфанунун ордуна,
Канын алды Нурзат шаа,
Нурфану өлүп катын жок,
Ашыгын эстеп Бекбача,
Ичи жалын кызыл чок.
Муну мындай таштайлы,
Кардыгач менен Чакмакташ,
Өлүмүнөн баштайлы.
КАРДЫГАЧ МЕНЕН ЧАКМАКТАШТЫН ӨЛҮМҮ
Бир жарым жыл жол жүрүп,
Ат арыктап тай болуп,
Бит семирип, мар болуп,
Калдык барды каңгайга,
Ээси кетип дал болуп.
Коктукаттын улугу,
Элеңкырдын тукуму,
Курчун деген бар эле,
Каңгайлыктын ханы эле,
Калдык барып арыз айтып,
Курчунга ыйлап дарт айтып,
Жан жыргатып жатыптыр,
Бир күн келип бир киши,
Курчун ханга айтыптыр:
- Чаңбейсендик элдерден,
Деңиздин бойун жердеген,
Андан келип көп адам,
Амырдын бойун карады,
Чоң ингендин элдерден,
Таман чаап алганы.
Чыканак жерге салбастан,
Чырым уйку албастан,
Күндүз басып түн басып,
Алдыңа Курчун хан келдим,
Өзүңө кабар айтканы.
Кабар угуп Курчун хан,
Сансыз аскер кол жыйган:
«Билсең дагы билбесең,
Чаңбейсенди жердеген,
Намысын колдон бербеген,
Кара сакал Жанайдыр,
Кара сакал Жанайдын,
Бул кылганы кандайдыр?»
Деп ойлонуп Курчун хан,
Чакырып алып Калдыкты,
Курчун айтат мындай ал:
«Чаңбейсен тоосун жайлаган,
Деңиздин бойун айдаган,
Башкача сүрдүү адамдан,
Мунун түбү тараган.
Кара сакал Жанай хан,
Амырдын бойун караптыр,
Ингендин элин талаптыр,
Мага айтып кабарды,
Адам келди алардан.
Эрдешип өлбөсөм,
Элдин четин ким бөлсө,
Ээси жоктой талаган.
Камдап болдум баргалы,
Жол керегин дайардап,
Бекбача кыргыз элинен,
Качып келдим мында деп
Сен турасың Калдык хан.
Беш жыл болгон келгели,
Керме менен Жанай хан.
Кайраты артык эр экен,
Кажыбастын бири экен,
Кабар антип угулган,
Бүгүн элдин четинен,
Чыгарыптыр чуулган,
Жанайдын башын жебесем,
Хандыгым бекер Курчун хан!»
Деп Калдыкка айтканда,
- Андай болсо хан Курчун,
Мен да бирге барайын,
Кара сакал Жанайга,
Катылышып багайын,
Чынары болсо Бекбача,
Кыркып санаам тынайын.
Курчун хан барбай кал деди,
Болбой Калдык желдеди,
Жүрүп кетти Курчун хан,
Калдык кошо кеткени.
Чаңбейсен барды жол жүрүп,
Тынымы жок мол жүрүп.
Чапты деген кайсы эл,
Чабылганы кайсы жер,
Ушуну айта кетейин,
Андан кийин Курчундун,
Артынан кайта жетейин.
Чаңбейсендин чыгышы,
Деңиздин бойун жердеген,
Чарба баккан эл экен,
Мурунку жүргөн кишилер,
Качкын кыргыз дээр экен.
Алтай каңгай тоолорун,
Жердеп жүргөн кыргызды,
Моңгул айдап чапканда,
Ойноп жүргөн балдардын,
Шилисинен тизмектеп,
Тал башына асканда,
Алтай менен каңгайда,
Кыргызда айдап көчүрүп,
Ала-Тоого өткөрүп,
Жерин тартып алганда,
Кара сакал Жанай деп,
Бир бөлүмдүн ханы экен,
Ары качып чыгышка,
Деңиздин бойун мааналап,
Туруп калган чагы экен.
Ингендеги моңгулдар,
Качкан кыргыз мында деп,
Дайынын угуп билиптир,
Ылганып бир жүз отузу,
Чаап алам деп кириптир.
Алты жүз үйлүү киши экен,
Эки миңче жан экен,
Жанай анын ханы экен.
Ылганып барган жүз отуз,
Айал-үйөл кылбастан,
Четинен талап алыптыр.
Эндегей жаткан кыргызга,
Кыйла бүлүк салыптыр.
Колуна тийген кыргыздын,
Бооз катынын жарыптыр.
Бойго жеткен кыздарын,
Талпак кылып тебелеп,
Ак чач болгон кемпирди,
Ары-бери сүйрөлөп,
Орто жашта жубанды,
Билгенин кылып буларды,
Уландын баарын сойуптур,
Карынын көзүн ойуптур.
Жүз үйлүүчө кыргызды,
Талап алып кетиптир,
Эгин эгип, жер айдап,
Элге жаккан жанайга,
Ушул кабар жетиптир.
Каарданып хан Жанай,
Жүз элүүчө киши алып,
Чаңбейсенден аттанып,
Ингенге жете барыптыр,
Жолукканды жолтолоп,
Бу да талап алыптыр.
Ингендик моңгул жыйылып,
Экинчи ирет барыптыр.
Моңгулдар барып колбушуп,
Жанай чыгып жол тосуп,
Кырылышып кайран эл,
Кан агызып кетиптир.
Кара сакал хан Жанай,
Кайраты бар эр экен,
Касиеттүү неме экен,
Ал сапар барган моңгулду,
Талап алган кеп экен,
Кеңешип инген моңгулу,
Бизди Жанай чапты деп,
Коктукатка Курчунга,
Кабар кылган кеп экен.
Ак карасын сындабай,
Кепти абдан сурабай,
Акимдик кылып Курчун хан,
Чаңбейсенге барыптыр,
Кара сакал хан Жанай,
Мындан кабар алыптыр,
Камынып тосуп Курчунду,
Алдынан тосо барыптыр,
Болгон ишти катырбай,
Жанай кепти салыптыр,
Эл башкарган Курчун хан,
Уйалгансып калыптыр.
Маңгыт калдык кеп баштап:
«Уйалба Курчун деп баштап,
Кыргыз деген эл экен,
Аба ачык, суу тунук,
Тоо бойлоп жүрүп ар кайда,
Тили тактын бири экен.
Ырас болсо хан Жанай,
Бейбаштык кылган моңгулга,
Калбалашып кол салбай,
Четтен талап мал албай,
Киши өлтүрүп жан албай,
Кунун кууп өлгөндүн,
Кан ордуна кан албай,
Сага барса болбойбу,
Сени көрүп Курчун хан,
Бүгүн таба койгону.
Эми эки жыл өткөндө,
Бекбача чыгат тийактан,
Жанай чыгат быйактан,
Ортого алат моңгулду,
Ойлобойсуң бурутту.
Чаңбейсенди аралап,
Жашырынып түбүндө,
Калган бурут турбабы,
Уйалгансып жөн койсоң,
Коңшусунан кол алат
Анан сага кол сунат.
Жапандан алат жасоолду,
Аралдан алат адамды,
Ар кайдан табат андайды,
Аралап кирип четиңден,
Айабай бүлүк салбайбы,
А, көрөкчө бурутту,
Койбой талап алалы,
Капка тигип жанайлы,
Коктукат алып баралы.
Курчунду койбой эркине,
Маңгыт Калдык бурады,
Кара сакал Жанайдын,
Өтпөй калды сурагы,
Арзандык менен ал Жанай,
Кол сунса мойун сунабы,
Кандуу майдан курулуп,
Беттешер болду убагы.
Эми булар нетиптир,
Мен-мен деген балбандан,
Жекеге чыккан андайдан,
Бешти Жанай сойуптур,
Чыдай албай хан Курчун,
Өзү чыкмак болуптур.
Курчунду Жанай өлтүрсө,
Моңгулдун ханы болдум деп,
Такка учуп кондум деп
Калдыктын көөнү толуптур.
Кандуу майдан кагышта,
Карсылдашкан салышта,
Курчунду Жанай сойуптур.
Кыргыз, Моңгул кектешип,
Жекеге чыкпай хан Калдык,
Калгандар менен кеңешип,
Коктукатка баргыча,
Хан болду Калдык кылам деп,
Эрдемсиген Жанайды,
Эми эле эбин табам деп,
Жекеге чыкты элеңдеп.
Калдыкка Жанай кез келди,
Курчун менен ону өлгөн,
Ошондой кылам деп келди.
Эрегишип эки күн,
Эрикпей Жанай салышты.
Көзү жетти Жанайдын,
Калдык менен кармашып,
Алы келе албасын.
Эми Жанай ойлонду:
«Табайын эптеп айласын,
Түштүктү көздөй жылыштап
Качып кетип калайын».
Көзү жетип Жанайдын,
Калдыкты кууп барбасын,
Элине кайтып келишип,
Эстүүлөрүн чогултуп,
Кеңеш кебин бериши:
- Калдык деген каар экен,
Айтканынча бар экен,
Качыргандан кайтпаган,
Бөйөн менен чайандай,
Жыландан жаман заар экен.
Эби келсе силерге,
Азыраагың калыңар,
Калганың кайта барыңар
Үй-үлкүмөт , мал-пулду,
Жыйнап алып калганды,
Чыгыш түштүк тарапка,
Качып жолго салыңар.
Эки күнү калдыкка,
Айла менен урушуп.
Амал кылып турушуп.
Аркаңардан жетермин,
Ажал жетсе аңгыча,
Ажырашып кетермин.
Тандап туруп он бешти,
Алып калды хан Жанай,
Караңгыда калдастап,
Кайра кетти калгандар,
Жанай, Калдык беттешип,
Күч ортосун чектешип,
Эрегишип сайышты,
Калдык күчөп күркүрөп,
Жанай чарчап калышы,
Экинчи күндү кеч киртип,
Караңгыда калдаңдап,
Качып жолго салышты.
Сары деңиз бойунда,
Жандан деген эл бар дейт,
Жанайдын эли бекен деп,
Кыргыздын эли күмөңдөйт,
Качып Калдык кыргыздан,
Моңгулга барып хан болуп,
Курчундун минип тагына,
Ээ болуп алып багына,
Кайтып келди хан Калдык,
Коктукаттын шаарына,
Мансаптарды чогултуп,
Кишиси көптүн мансабын,
Өйдөлөтүп чоңойтуп,
Мындайраак көздөө болгонун,
Эбин таап жоготуп,
Каранды кылды кара ниет,
Моңгулдун элин колбутуп,
Кыргызга бармак ойунда,
Моңгулду айдап колбутуп.
«Бир четинен кыргызды,
Түгөтө кырып барайын,
Кумул менен Турпанды,
Мен аралап багайын,
Найза сайбай кан төкпөй,
Аралап өттүм Лопнурду,
Алды менен чабайын,
Чогулса кыргыз баш бербейт,
Хан Кетиркей, Жагалмай,
Кардыгач менен Чакмакташ,
Алардын эбин табайын.
Арал азык кашкарды,
Анжийан, Ташкен, Маргалаң,
Баарын талап албасам,
Наманген менен Самаркан,
Буларга бүлүк салбасам,
Атбашыда Бактыбай,
Туйдурбастан баспасам,
Кан ичменин бири экен,
Умачтай көзүн ачпасам,
Жалпайтып баарын тебелеп,
Жыпжылма түптүз кылганда,
Менден кандай кутулат,
Жалгыз калат Бекбача».
Каңгайда жатып Калдык хан,
Кыргызды жеңип ой менен,
Айдап чыкты кулбутуп,
Алтымыш миң кол менен,
Кээде суулуу, кээ чөл,
кээде чөптүү, кээде кум,
Азаптуу мүшкүл жол менен,
Лопнурга кирип аралап,
Утур келген кишини,
Кылыч менен кыймалап,
Мен кыргызмын дегенди,
Үйүн өрттөп сыйдалап,
Карарган коргон там койбой,
Талкалатып,жылмалап,
Көл жээгине жеткенде,
Бул кабар элге жетти эле,
Лопнурдагы Турумтай,
Туш-тушка киши чаптырып,
Кире, Чире, Котенге,
Аларга кабар айтыптыр,
Лопнурда нойгут элдери,
Ой-тоодон баары келгени,
Кырылыш ар күнү,
Калдыкка алы келбеди,
Түгөнүп калар мезгилде,
Хан Кетиркей, Кардыгач,
Кайраты артык Чакмакташ,
Нигердеги Жагалмай,
Жалпы жетип келгени,
Хан Кетиркей баштаган,
Эштек нойгут кыпчактан,
Элүү миң аскер кол келди,
Чакмакташты көргөндө,
Калдыктын көөнү кирдеди,
Хан Кетиркей келгенде,
Калдык туусун тиктеди.
Маңдай тескей кайкаган,
Каңгай, кыргыз эки кол,
Кара жанга күч келди.
Жоголуп кеткен Бекбача,
Кыргыз кабар уккан жок,
Баары жогун билбеди,
Каңгайлыктын калкынан,
Калдыктын жүргөн артынан,
Дайындуу болгон абалтан
Каарданса кан жуткан
Каркап кырк миң жоо сайган,
Сакан деген бар эле.
Ок садаадагын салынып,
Бадана тонун жамынып,
Көнөктөй болгон шуру таш,
Төбөсүнө тагынып,
Ары баатыр, ары хан,
Бар белгиси таанылып,
Кара темир калканды,
Далысына тартынып,
Көөдөнүндө чарайна,
Башында темир туулга,
Тизесинде кисепче,
Темирден кылган калдыркан,
Үзөңгүгө жабылган,
Кылычты салып кынына,
Айбалта байлап жанына,
Найзасы бар колунда,
Чойун башы такымда,
Асабасы жайылып,
Буркунуна жалынып
Мас болгондой чамынып,
Кутурган иттей арсылдап,
Кел бери деп карсылдап:
- Бурут деген кысталак,
Бириңди койбой эсен сак,
Жоготойун жылмалап!
Деп күркүрөп күүлөнүп,
өзүнчө жаман сүйлөнүп,
Майданда туруп күпүлдөп,
Көрсөтөм деп дүпүлдөп,
Маңдайга келген кезинде,
Чыдай албай кардыгач,
Уруксат сурап ханынан,
Хан Кетиркей залынан,
Желип чыкты Кардыгач.
Кардыгач Сакан бет келди,
Качырышып жеткени.
Бир беттешип жанышты,
Найзаларын кагышты,
Кайта имерип сайышты,
Өжөрдөн экөө беттешип,
Өчүгүшүп чектешип,
Өмүрлүк болгон булар жоо,
Моңул кыргыз кектешип.
Карсылдашып чабышып,
Качырышып сайышып,
Кылычты кындан суурушуп,
Кыйкырышып урушуп,
Туулгага тийген балтанын,
Үнү чыгып шаңкылдап,
Чарайнага найзанын,
Учу тиет такылдап,
Канча кабат калканга,
Чойун баш тиет чакылдап,
Алоолонуп аттары,
Ала качып булкунат.
Аттуу булар алышып,
Жөө күрөшүп чалышып,
Кардыгач, Сакан эки эр,
Эрдигин элге таанытып.
Эч кандай айла таба албай,
Булар калды чарчашып,
Дем албастан карчашып,
Бирин бири марашып,
Ирмебей кирпик карашып,
Кандай сайсам жеңем деп,
Ой жүгүртүп санашып
Асабасын жайышып,
Жана кирди сайышып.
Каңгайлыктын Саканы,
Кардыгачты качырып,
Капталга найза сайганы,
Кыйамын таап сайыптыр,
Карчыттын канын жайганы,
Саканга найза сайдырып,
Кардыгач жаман арданды.
«Өлсөм өлүп калайын,
Өлбөсөм сайып алайын!»
Деп найзаны карманды,
Манастан ураан чакырып,
Качырып жөнөп калганы,
Манас деген үндү угуп
Акылдан Сакан тайганы,
Кардыгачтын найзасын,
Кагар шайы калбады.
Кардыгач батыр жеткени,
Капталга муштап өткөнү,
Капка тоодой чоң калмак,
Каңтарылып кеткени,
Алдында минген атынан,
Аңтарылып кеткени,
Жер тайанып копкуча,
Чоркуга балта чак деди
Айрандай мээси жайылып,
Чачырап чыгып кеткени,
Арасынан каңгайдан,
Сакандын кунун алам деп,
Келип жатат бир-бирден.
Сундуруп найза кактырбай,
Же туулгага балта чаптырбай,
Найза менен кулатып,
Балта менен башка чаап,
Айрандай мээсин чачылтып,
Каңгайдын ичин ачынтып
Сакан менен он бир дөө,
Сайып алды кулатып,
Мышык алган чычкандай,
Тизилип жатат суналып,
Калдыктын көзүн каптады,
Кара туман тунарык,
Аскерин кайта түшүрдү,
Сурнайдын үнүн чыгарып.
Меңсептердин баарысы,
Ханы Калдык жанына,
Чогулушту жыйналып,
Кабагы бийик чуңкур көз,
Калдык турду муну айтып:
- Бул отурган баарыңар,
Эл башкарган чоңдорсуң,
Эми кандай кыларсың,
Элдин камын ойлогун,
Кардыгачтан он бириң,
Катар өлүп сойулдуң,
Элден сурап тапкыла,
Төлгөчү, далы, балчыны,
Күн жаадырчуу жайчыны,
Күндүн көзүн көрсөтпөй,
Сасык туман салчуну,
Түн ичинде билинбей,
Айарлыкка барчуну,
Уктап жаткан чоңдордун,
Башын кесип алчуну,
Жабылбас түндө ызчыны,
Он күндүн ары жагында,
Өткөн изди чалчууну,
Канчалап түркүн сүйлөгөн,
Көп элдин тилин билчүүнү,
Эртеңки күнү кечинде,
Мага алып келгиле,
Кыргызга кылар амал бар,
Андан кийин билгиле.
Эртең менен жекеге,
Мен чыгам деп барбагын,
Баарың жалпы турасың,
Ушул жерди тандагын,
Хандан кандуу кеп угуп,
Балбан тандап калышты,
Бири миңди алгандан,
Билеги жоон андайдан,
Зардал тандап калышты,
Андан-мындан шыйгарып,
Көпкөк темир кийгенден,
Аргытып тулпар мингенден,
Качыргандан кайтпаган,
Каарыга найза илгенден,
Башына туулга көмөргөн,
Өжөрлөнүп, көгөргөн,
Колуна балта кармаган,
Чапканын албай калбаган,
Кынына кылыч байланган,
Чапканын жазып калбаган,
Миң колду жалгыз айдаган,
Сан колдон коркуп калбаган,
Колтугун керип чойгондон,
Чокмор менен койгондон,
Көргөн адам корккондон
Он төрттү ылгап табышы,
Биринчиден он төрткө,
Белгилеп Калдык барышты,
Таң агарды аңгыча,
Аттанып чыга калышты.
Биринчи деп санаган,
Бири чыкты каңгайдан,
Кадимкидей салт менен,
Эрлерден калган нарк менен,
Кардыгач чыкты кыргыздан,
Каңгайдан келген Солонду,
Каары катуу тозоку,
Ырас, чынын айтканда,
Жалындап күйгөн тозок бу,
Чарайнасын тартынтып.
Сом темирин артынып,
Буттай темир курчанып
Бузулуп өңү сур чалып,
Көлдөй көзү жылтылдап,
Жан казандай башы бар,
Жаткан иттей кашы бар,
Сакал, кирпик муруту,
Алты аркан эшсе чыккандай,
Алышканын мент кылып
Ойносо кумар уткундай,
Үңкүрдөй оозу карарып,
Камандай тиши саналып,
Мас болгондой күркүрөп,
Салмагына кара жер,
Козголгонсуп сүлкүлдөп,
Саптап турган кыргыздын,
Кардыгач кантер экен, деп,
Көтөндөрү бүлкүлдөп,
Айта-буйта дебестен,
Ат сурашып билбестен,
Бакырыгы баш жарып,
Баштан өтүп таш жарып,
Балтасын артып ийнине:
- Элимдин аты койулган,
Атым Солон меники,
Ажалың жетти, Кардыгач,
Аны танып билдиңби?!
Ийиндеги балтасы,
Күн чагылып жалтылдап,
Кирип келди жакындап,
Балтасын башка чаптырбай,
Балта менен Кардыгач,
Алдыртан какты карыга,
Кар жиликтин кырк мууну,
Талкаланды какканда ,
Колун сынып Солонду,
Карысынан чолойду,
Кайра айланып Кардыгач,
Ылаачындай оролду,
Найза менен Кардыгач,
Капталдан ары бир койду,
Тоодой болгон Солонду,
Томолонуп торойду.
Жер тайанып копкончо,
Ылаачындай Кардыгач,
Балта менен башка чаап,
Жайнатып мээсин таштады.
Агачалык каңгайдан,
Жана да бири чыкканы.
Мойну жикир, орто бой,
Беттери толук болтогой,
Далысы кең бел кыска,
Бендеден сөөгү бир башка.
Беттегенден бакырып,
Бадирек чочко качырып,
Найзасын капыр кактырбай,
Кардыгачты камынтпай,
Сайып өттү жапшырып.
Кайра айланып келгиче,
Жагалмай жетти качырып.
Жагалмай менен каңгайлык,
Жан айабай сайышты,
Найзаларын кагышты.
Күн бешимге жеткенде,
Жагалмайды каңгайлык,
Сайып өттү камгактай,
Кайра айланса балакет,
Жагалмайды сойот деп,
Чакмакташ жетти бакырып,
Жагалмайды куткарып,
Өзү барып Чакмакташ,
Карсылдашып кагышып,
Качырып найза сайышып,
Эки айланып сайышты,
Эрендин бири Чакмакташ,
Каңгайдан келген баатырды,
Кардыгач менен Жагалмай,
Катар сайган капырды,
Кабуусуна келтирип,
Ээктин алды бези деп,
Кулак түбү ушу, деп,
Муштап өттү Чакмакташ,
Кызыл канга найзаны,
Чыктап өттү Чакмакташ,
Жер кучактап жыгылды,
Топтого башы тыгылды,
Денеден башы бөлүндү,
Бу да көрдү өлүмдү,
Агачалык каңгайдан,
Жана бир бөлүндү,
Алдынкы өлгөн экөөнүн,
Балбаныраак көрүндү,
Найза сайып көрбөгөн,
Найзалашып көнбөгөн,
Чокмору куру кайтпаган,
Балтаны жаза чаппаган,
Кылычка андес бардан,
Кырк – элүүдөн кишини,
Катар чаап таштаган,
Өзү кытай элинен,
Укмуштуу чыкан жеринен,
Мала кашка ат минип,
Ат куйргун чарт түйүп,
Көккө шүйүп көкүлүн,
Күркүрөтүп найзасын,
Сайып көнгөн канчасын.
Айал-үйөл кылбады.
Айарланып турбады,
Качырып найза урганы,
Урдурбай какты Чакмакташ,
Буга кытай ардыгат,
Кайра айланган мезгилде,
Мелтиретип Чакмакташ,
Найзасын чындап сунганы,
Чакмакташка сайдырбай,
Найзаны кагып таштады,
Калбаны катуу баштады.
Чокморун алып чочоңдоп,
Кирип келди очоңдоп,
Чокмор чапчу колуна,
Чоң балта менен алдыртан,
Кагып калды Чакмакташ,
Катуу айгайлап карыга,
Салып калды Чакмакташ,
Бул чочконун бир колун,
Чагып салды Чакмакташ.
Салгылашып Чакмакташ,
Чакчалекей будуң чаң,
Болуп жаткан кезинде,
Өмүрхандын Кызылкыз,
Көйкапка барып келатып,
Көрүп калып асмандан,
Кыз супатын таштады,
Эркекче кийе баштады.
Байрагын таанып кыргыздын:
«Кандай жумуш билем,- деп,
Бекбача баатыр бар болсо,
Уруксат кылып жол койсо,
Нурзат шаага барайын,
Периден алып аскерди
Ким да болсо душманга,
Чоң бүлүктү салайын,
Муну ойлоп Кызылкыз,
Кылымда мындай табылгыс,
Кирип келди жакындап,
Кең майданда Чакмакташ,
Уруш кылып бакылдап,
Майданга барбай Кызылкыз,
Хан Кетиркей алдына,
Келип айтты саламын:
Билбесе да Кетиркей,
Жүзү жылуу адам,- деп,
Дайынын сурап калыптыр:
Кайдан келдиң балам? - деп,
-Кызылкыз айтат мындый кеп:
Менден ханым, сурасаң,
Мен да адам баласы,
Мен жүрөмүн аралап,
Рапи-Мискин, Көйкапты,
Алыс эмес арасы.
Бекбача барбы мында,- деп,
Келген элем жок экен,
Мен кетемин Таласка,
Хан Кетиркей ошондо,
Экиге бөлүп санаасын:
«Каңгайдан келген элчиби?
Кайгуулга келген ченчиби?
Же болбосо Таластан,
Келе жаткан кишиби?
Абдан сурап билейин»,
Деп Кетиркей кеп айтат:
Кызыл тору жаш бала,
Бери кара, - деп айтат.
Бекбача кайып болгону,
Киредеги урушта,
Алты жыл ашып, жети жыл,
Болуп калды азамат,
Бекбача аман-соо барбы,
Кызылкыз угуп бул кепти,
«Кыйналып жаткан кыргызга,
Өзүмдү айтып билгизип,
Анан кепти баштайын»
- Хан Кетиркей менден ук,
Менден уксаң бейлеп ук.
Менин атым атым Кызылкыз,
Өмүрхандын кызымын,
Жигит болуп көрүндүм,
Кыз экеним билгиниң,
Бөркүн алып таранып,
Күзгүгө өзүн каранып,
Кубулжуган кыз болду,
Бекбача баатыр саламат,
Татылдадан Нурфану,
Качып мында келгенин,
Бекбачаны Перилер,
Алып барган жерлерин,
Көйкаптагы дөөлөрдүн,
Кылбырак, сексе элдердин,
Чогулушкан эрлерин,
Ошондой кыйын заманда,
Айкөл Манас зор баштап.
Алмамбет, Чубак – шер баштап,
Сыргак өңдүү эр баштап,
Олуйа Кошой, зор Бакай,
Музбурчак, Көкчө- эки хан,
Кара сакал Ажыбай,
Кыргыл чал баштап, кырк баатыр,
Арбактардын келгенин,
Сагынкор суунун улугу,
Кол куушуруп урматтап,
Манаска салам бергенин,
Абаң Семей, шер Гүлүс,
Жан бүткөндө жаралган,
Жалаңкыч Сарык наам алган,
Кеңкула менен Кененим,
Кайыптардын келгенин,
Эр Сейтек, Сейитим,
Арбактары көрүнүп,
Өлүк-тирик аралаш,
Дөөлөрдүн көөнү бөлүнүп,
Бекбача менен беттешкен,
Баарынын каны төгүлүп,
Бекбача дөөнү жеңгенин,
Нурфануну Нурзат шаа,
Бекбачага бергенин,
Таласка алып келгенин,
Татылданын кызынан,
Нурфанунун өлгөнүн,
Татылда кызым кызылкыз,
Эри экөөнү тең кармап,
Нурзат шаага бергенин,
Колу менен кылганын,
Көзү менен көргөнүн
Кетиркейге Кызылкыз,
Баарын айтты билгенин.
Кызылкыздан кеп угуп,
Болгон ишти көп угуп,
Эр Бекбача жанына,
Келгендей болуп дем уруп,
Шолоктоп ыйлап Кетиркей,
Араңдан зорго соолугуп,
Кеп кылалбай кыйлага,
Күрмөлбөй тили буулугуп,
Күйүнсө киши буулугат,
Сүйүнсө киши кубанат.
Күйүнгөн киши азыраак,
Сүйүнгөн киши көбүрөөк,
Бышаңдап ыйлап соолугат:
Хан Кетиркей солугуп:
- Кызылкыз балам кебимди ук,
Пейлиңди салып бекем ук,
Ниредеги урашта,
Эр Бекбача жоголуп,
Чакмакташ менен Кардыгач,
Жагалмай ага кошулуп,
Жаштар кылып кайратты,
Калдык качып жоголуп,
Калдык кайтып келет,- деп,
Жол карадык чогулуп,
Эки жыл өттү арадан,
Дем алып Калдык соолугуп.
Лопнур, Арал, азыктан,
Кашкар, Жеркен, Анжыдан,
Самаркан, Ташкен, Маргалаң,
Атбашы, Нарын, Таластан,
Тың тыңдадык кеп сурап,
Бекбача барбы деп сурап.
Баатырдан кабар угалбай,
Эшитер кулак кер болду.
Эт жүрөктөр чер болду,
Алты жыл ашып, жыл жети,
Болуп калган мезгилде,
Лопнурга Калдык келиптир
Мен кыргызмын дегендин,
Кызыл муштум балдарын,
Көзөй сайып шилиден,
Тал башына илиптир,
Кызыл ээк карынын,
Көзү ойуп алыптыр,
Талпактай тепсеп кыздарды,
Өз билгенин кылыптыр,
Орто жашта жубанды,
Ак чач болгон кемпирди,
Ары- бери сүйрөптүр,
Жаш-карысын билбептир,
Теке тери кайыштай,
Тепсеп баарын ийлептир.
Кабар берди биз келдик
Үмүт үзбөй баатырдан ,
Үч ирет киши жибердик.
Акылга акыл кошуптур,
Жолду калдык тосуптур,
Кармап келди кеткенди,
Каратып туруп ич жарып,
Боорунан бөлүп өт алып,
Мына минтип өч алып,
Калдык берди эдепти,
Кардыгач менен Жагалмай,
Жарадар болду жаш балдар,
Чакмакташ турат майданда,
Күндө уруш дем албай.
Арбагы бийик Манастан,
Жердеген жери Таластан,
Анык кабар алалбай.
Үмүт үзүп айактан,
Кумул, Турпан, Баркөлдөн,
Куту бий, Манас - алардан,
Кабар алып келдим деп,
Ал жердеги кыргыздар,
Баары калбай келсин, деп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 24
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.