Latin

Асылбача - Бекбача - 25

Total number of words is 4187
Total number of unique words is 2437
27.5 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
47.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кандагай менен чаптаган,
Тулку бойун күймөлөп,
Туйагынан башкасын,
Баарын күмүш түймөлөп,
Теке жаргак сары шым,
Бутундагы кийгени,
Нечен сапар качырып,
Найза менен муштадым,
Кылайып найза кирбеди,
Чапсам кылыч кеспеди,
Бараңдын огу батпады,
Жебенин огу житпеди,
Чандан кылдым аракет,
Бири да керге келбеди,
Манастан бери карата,
Укканыңдын баары чын,
Кыргыз кийген кийимге,
Айтып жүргөн кептери,.
Карап турган Бекбача,
Кара бойу катуу күч,
Кармашканын кылат түз,
Тулку бойу туура күч,
Туманын баары күч,
Тутушканын кылат түз.
Кимиң барсаң аның бар,
Бет келгенге өлүм бар
Балбаның бар, башкаң бар.
Ажалдан коркуп коржоңдоп.
Кайра тартып качпай бар.
Калдыктан булар кеп угуп,
Мени жеңчү кимдир деп,
Өздөрүнчө оолугуп,
Буркан шаркан кээ бирөө,
Ачууланып соолугуп,
Жүрүп кетти бир калмак,
Атын кержин чуу койуп,
Бекбача турат калдайып,
Кержин жетти ат салып,
Келди калмак Кержин деп,
Кетпейт баатыр апкаарып,
Калдык хандын кебине,
Келген Кержин арданып,
Найзасын күүлөп көтөрүп,
Көмүр кара калмактын,
Эки бети көгөрүп,
Өжөрлөнүп алыптыр,
Же өлтүрөм, же өлөм,
Экинин бири болот деп,
Качырып урду найзасын.
Баатыр тууган кара көк,
Андай урган найзанын,
Кагып көнгөн канчасын,
Балта менен Бекбача,
Балтаны өйдө какканы,
Балта тийген куу найза.
Көктү карай атканы,
Демжий түшүп Кержинди,
Дал төбөгө чапканы.
Чак деген үнү угулду,
Айрандай мээси куйулду,
Томолонуп кеткени,
Каны тартып, жан ачып,
Жана бирөө жеткени,
Найзасын кагып жиберип,
Чокуга койуп өткөнү,
Кержиндин жанын узатпай,
Белсенип манжу кез келди.
Бул дүйнөдөн Бекбача,
Кетип калдың деп келди,
Найзасын кагып жиберип,
Карап көрсө Бекбача,
Каары катуу, заары күч,
Кайраты бар кептенди.
Колуна жарак алгыча,
Үзөңгүгө тамандап,
Кобо калып Бекбача,
Төбөгө тартып жиберди.
Талкаланып калканы,
Дайынсыз болуп туулгасы,
Башы кайда? дени бар,
Бул дүйнөгө туралбай,
Буйдалбастан кеткени,
Өчөшүп улам жаңылап,
Калкандары калдаңдап,
Этектери далбаңдап,
Келе берди дардаңдап.
Ичтери көөп дум болуп,
Мурундары барбаңдап,
Бир балтадан чыга албай,
Каары катуу көк жалдан,
Өлө берди мээ жайнап.
Эртеден кечке жетпеди,
Күн бешимге барганча,
Дөөгүрсүгөн дөөлөрдүн,
Он сегизи кеткени.
Каңгайдан өлдү он сегиз,
Баары балбан эр тегиз.
Сынчы маңгыт, хан Калдык,
Бекбачаны карады,
Турнабайын түз салып,
Турганына жолборстун
Карап Калдык таңданып.
Бекбачаны караса,
Көл болуптур мелтиреп,
Каз каркылдап кечкисиз.
Бел болуптур Бекбача,
Абалаган таз кара,
Ашып учуп кеткисиз,
Томуруп адам жыга албас,
Тоо болуптур Бекбача,
Кайберен басып өткүсүз.
Жым-жым этип зымырап,
Зоо болуптур Бекбача,
Кара кулка кабылан,
Шер болуптур Бекбача,
Чалкайган жайлоо төрүндөй,
Кең болуптур Бекбача,
Кекенишкен ким болсо,
Кем болуптур Бекбача,
Аркадан шамал айдаган,
Кебездей булут тараган,
Жел болуптур Бекбача.
Башы туйук жери кең,
Аккан агын суусу бар,
Таштан ташка урунуп,
Күпүлдөгөн доошу бар,
Айагы кууш аскалуу,
Коо болуптур Бекбача.
Жети суудан жем жеген,
Желбегей Сыргак бүркүттөй,
Желигип турат Бекбача,
Алп кара куш кептенип,
Теминип турат Бекбача.
Тегеректеп кырк киши,
Коргон болуп калыптыр.
Ортосунда Бекбача,
Сарала атчан, сары сакал,
Кара бойун чаптаган,
Карк алтынга каптаган:
Оң жагында бирөө бар,
Темир көк жалдуу ат минген,
Көпкөк темир кийинген,
Өңгө жандан бойу узун,
Көргөн адам өлгүндөй,
Ким көргөн мындай жумушун;
Сол жагында бирөө бар,
Кылы тайкы кулун жал,
Күмбөзгө тарткан сүрөттөй,
Мингени сулуу жылкыдан,
Тышкы жүнү кызылдан,
Туулгасын кырдаган,
Найзасын оңдоп ыргаган,
Кызыл чийки өңү бар,
Капыстан чыккан качырып,
Ак жолборстой түрү бар,
Канатын ийип асмандан,
Качырган бүркүт сүрү бар,
Чылбыр бойу алдында,
Көрүнүп турган бирөө бар.
“Чынбы менин көргөнүм?
Мындайды мурун көрбөдүм,
Элебей калган экенмин,
Он сегиздин өлгөнүн.
Алдындагы бир киши,
Бекбачага чаптырбай,
Көмө чаап жатканбы?
Ал киши кагып найзасын,
Бекбача өзү чапканбы?”
Калдык абдан караса,
Оң жагында ыраакта,
Оолак турган бирөө бар,
Минген аты Койонбоз,
Салынганы Байандоз,
Аңкарып абдан караса,
Асманды карап эстесе,
Күн тийгендей жарк этет,
Жерди карап тиктесе,
Күн баткандай күүгүмдөйт,
Оң жагына караса,
От күйгөндөй жалындайт,
Сол жагына караса,
Алты сай мөндүр борошо,
Алай-дүлөй бургуйлайт,
Далысында мылтыгы,
Айнектен бетер жалтылдай,
Жанындагы кылычы,
Жакут таштай жылтылдайт,
Белиндеги айбалта,
Дүкөндөкү темирчи,
Узангандай шаңкылдайт.
Колундакы найзасы,
Отуз эки сырдалуу,
Он эки түркүм кырдалуу,
Уңгусу болот учу курч,
Тийген жери ырбалуу.
Кытайча кызыл доолбас,
Чымын тийсе кыңгырайт,
Найзасы колдо койкойот,
Зү ополдой зоңкойот,
Абдан байкап караса,
Кебетеси-кешпири,
Тулку бойу турушу,
Айдын көлдөй мелтилдейт,
Сакалы саадак кабындай,
Ыргаса шамал желпилдейт.
Мурутунун буурулу,
Букардан чыккан шайыдай,
Жакшы чыккан муруту,
Чоң балтанын сабындай,
Көзү көлдүн буткулдай,
Көрүнгөндү жуткудай,
Күүлөгөндө аттанып,
Бир шаарды бузгудай.
Сын-сыпатын караса,
Асман менен жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Алтын менен күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Күүгүм туман көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Ажыдаар сүрдөнөт,
Алп кара куш түрдөнөт.
Көрүп калдык камыгып,
Жакадан алып кол сунуп,
Ажал өлүм кабылып,
Ушалап көзүн бардады,
Жана чындап карады,
Бекбачага беттешип,
Барар шайы калбады.
Ажалдан качып шекинип,
Сепилдин кирип ичине,
Турайын деп бекинип,
Кирпигин ирмеп караса,
Жалгыз турат Бекбача,
Көргөнүнүн баары жок.
“Тиги турган Бекбача,
Сыйкыр экен жадыгер,
Эми билдим сырын”,-деп,
Карасурга камчы уруп,
Качырып кирди теминип.
Калдыктын көрүп караанын,
Карап турган Бекбача,
Күлүк аттай элирип,
Делбе тап болуп туурунда,
Токтобой турган бүркүттөй,
Канатын кагып жээлигип:
“Берсе кудай кезекти,
Дүйнөнүн баарын булгаган,
Бузук кол маңгыт Калдыктан,
Алайын, деп, эсепти”
Ээрдин тиштеп Бекбача,
Эми чындап кезенди.
Келе жаткан Калдыктын,
Каары жүзүнө төгүлүп,
Күүсү угулуп кулакка,
Канаттуудай дыркырап,
Урган баштай зыркырап,
Найзасынан куу чыгып,
Карышкыр улуп жаткандай,
Кулакка кирет чуркурап.
Качырып кирген Калдыктын,
Карап турган Бекбача,
Найзасын кагып жиберип,
Майторуну кындыйтып,
Кайта тийди имерип.
Бир Бекбача Калдыкка,
Эки болуп көрүндү,
Беттешип найза кагалбай,
Мойнуна алып өлүмдү,
Бөйрөккө сайган найзаны,
Алдындакы сур аттын,
Капталына салаңдап,
Жата калып жазгырып,
Оңоло минип сур атка,
Жайнап жаткан көп элге,
Калдык кирди аралап.
Буйрук берип аскерге,
Киргизбе деп бурутту,
Сепилге кирди мааналап.
Он миң аскер эшикти,
Тегереткен камалап,
Аралап кирди кара көк,
Күйгөн оттой жайнаган,
Он миң колду аралап.
Кылычынан баатырдын,
Кан куйулат салаалап.
Орто жерин коо кылып,
Туурасынын кеңдигин,
Аркан бойу жол кылып,
Арыкта суудай аккан кан,
Кулакка доошу угулуп,
Дарбазага Бекбача,
Күн түнүндө жеткени.
Айбалта менен бир койуп,
Кара темир каптаган,
Канча жерден мыктаган,
Каалгасын капшырып,
Каршы чыккан канчаны,
Ал дүйнөгө тапшырып,
Он миң колду Бекбача,
Жалгыз өзү жапшырып,
Коктукаттын шаарына,
Аралап кирди бастырып.
Коктукаттын шаарында,
Беттибет деген бар эле,
Алты бала бир катын,
Өзү менен сегиз жан,
Кулагы дүмпөр укпаган,
Тили кекеч ээ дебес,
Оозунан зобон чыкпаган,
Аны менен тогуз жан,
Мыкты агасы бар эле.
Хан болуп Калдык турганда,
Катын таап келгин, деп,
Бир жубанды алпарса,
Бойго жеткен кыз эмес,
Эрге тийген бул катын,
Хан башыма теңби? - деп,
Нил куйдуруп көзүнө,
Сокур болгон кез эле.
Кийген кийим жаткан үйБаарысын Калдык айыпка,
Тонотуп алган кеп эле.
Бекбачаны келет, деп,
Кыймыл эткен баарыны,
Калдык жүргөн белендеп.
Жайылма деген бир катын,
Эбегейсиз башкача,
Өтө сулуу неме эле,
Базар ачып өзүнчө,
Баш байлабай кара бет,
Күн кечирип жүрчү эле,
Шаарга кирип Бекбача,
Башкарып элди турганда,
Ким билет деп Калдыкты,
Элден муну сураса,
Беттибеттин алдына,
Жайылма барды ал айтып:
-Мына бу келген Бекбача,
Башкача адыл кең пейил,
Кем-керчи жок эр экен,
Карап көрсөм Бекбача,
Телегейи тең экен.
Калдыктан качып базарга,
Баралбай жүрдүм аралап,
Ата тегим өзүбек,
Калмакка кантип тийем, деп,
Билинбей жүрдү мааналап.
Албаса да Калдыгың,
Жолтоо катын кылат, деп,
Алтымыш уруу алашка,
Угулуп калса уйат, деп,
Көзү кыйбай алганым,
Мага окшогон жалжалым,
Соодагер болуп келгенбиз,
Чаңбейсенге барарда,
Эримди үйдөн Курчун хан,
Аскерге алды айдатып.
Кара сакал жанайдан,
Өлгөн окшойт алганым,
Келгени жок ал кайтып.
Дүнүйөмдү таштап бул жерге,
Катын башым эр эмес,
Кеталбадым түн катып.
Күндүзү чыкпай талаага,
Жалгыз жаттым уурданып.
Калдыктан көргөн кордугуң,
Сага кылган зордугун,
Сен баргының арыз айтып,
Сени менен, Беттибет,
Мен барайын дарт айтып.
Перенжемди башымдан,
Алып таштап киремин,
Кыргыздар тартпайт перенже,
Айылдаш жүргөм билемин,
Жолумду ачса кудайым,
Алты жыл болду сагындым,
Эрдин жытын, Беттибет,
Бекбачага тийейин.
Бекбача жетсе заарыңа,
Күмөнү жок Беттибет,
Коктукаттын шаарында,
Алтын такка минериң.
Жайылма айтып акыл кеп,
Беттибет угуп макул, деп,
Ээрчише басып ал экөө,
Бекбачага келишет,
Баштан өткөн жумушун,
Байандап айтып билгизет.
Калдыктын кайда кеткенин,
Такыр булар билишпейт.
Айтканындай Жайылма,
Беттибетти Бекбача,
Алтын такка мингизет,
Хан болду деп Беттибет,
Айтып элге билгизет.
Бекбачанын алдына,
Жайылма кирди делбиреп.
Перенжи жок бетинде,
Жамандык жоктой көрүнөт,
Каранда неетинде:
-Жайылма келдим алдыңа,
Айкөлдүн уулу Бекбача,
Алымды менин уктуңуз,
Эримди жеген кара бет.
Самаркан, Ташкен, АнжыданАларга барсам аралап,
Калмакка тийген канчык, деп,
Жайымды угуп түшүнбөй,
Өлтүрүп таштайт өзүбек,
Башымды байлап өзүңө,
Кыргызга мени ала кет.
Баш байлабай барбаймын,
Барсам алат да бирөө,
Жолоочу катын дедирип,
Ал атакка калбаймын,
Жообуңду уксам айткының,
Кулакка чакпас кеп болсо,
Өзүмдү өзүм жайлаймын,
Канжар салып кардыма,
Тимеле өлүп калбаймын.
Кыргыздын ханы курусун,
Эри барбы- жокпу, деп,
Сурабастан ал-жайын,
Күндө бирден катынды,
Алып кирип жатат, деп,
Бүткүл элге жайамын,
Өзүң тургай, Бекбача,
Түп атаң айкөл Манасты,
Калганда бүткүл алашты,
Жаман атты кыламын.
Караладым кат менен,
Алтымыш байрак кагаздын,
Бир эмес кагаз жүз барча,
Элөөсүз элге карматтым,
Түбүмө менин жеткенде,
Бекбача мында кеткенде,
Ар кайдан келген кербенге,
Тараткын деп элдерге.
Ишенбесең Бекбача,
Бир барчасы мынаке.
Көзүң тирүү турганда,
Тилиң өтөт бар элге,
Ажал айдап кеткенде,
Кебиң өтөт кимдерге?
Кербенге берген кагаздар,
Бүтүн тарап кетпейби,
Жер жүзүндө жүргөнгө.
Деп Жайылма айтканда,
Ойлоп калды Бекбача:
“Өлтүрүп койсом катынды,
Кагазы тарап кеткидей,
Өз башым менен кетпестен,
О дүйнө кеткен арбакка,
Зардабы мунун жеткиндей”.
Кандай дээрин биле албай,
Айтканга катын тил албай,
Беттибетке кеңеш сал,
Кебиң болсо, деди эле.
Жырылгыс жерден өпкөнү,
Илип алар кезеги,
Кыйамына келди эле:
-Айтканың чын, Бекбача,
Акылыңа кошулдум,
Чынкожо, Толтой зарпына,
Кыйналган элдин дартынан,
Барып тийди Айчүрөк.
Андан башка алашта,
Айтып тийген иш эмес.
Хан кылган кишиң Беттибет,
Нарк-нускаңды билгендей,
Алаштан келген киши эмес.
Албасаң алба Бекбача,
Алашты булгап ааламга,
Бул айтканың кандай кеп?
Кулуң болду Беттибет,
Жайылмага сен айтып,
Мага алып бергин, деп,
Мындай айтсаң эп келет,
Бойго жеткен кыз болсо,
Жез оймоктуу уз болсо,
Мен алам деп ушуну,
Эркек айтат эмеспи.
Деп Жайылма турганда,
Ылайык көрдү Бекбача,
Беттибетке айтканга:
- Айттың Жайыл дартыңды,
Мага үйрөттүң акылды,
Айтканым, чын ишенгин,
Сени алайын макулбу,
Калдыктан мурун өч албай,
Мен албаймын катынды.
-Кебиңди уктум Бекбача,
Ишенбей жаткан жерим жок,
Алып таштап кеткиниң,
Айрылбаймын сенден мен,
Ээрчитип ала жүргүн , деп,
Асылып алар пейлим жок.
Бекбача алган деп укса,
Эл унчукпай тыйылат,
Эримдин жогун эл билди,
Албай таштап сен кетсең,
Элдин баары чыр кылат,
Тентектен чыгат нечени,
Алаштын төгүп абийрин,
Унутулгус сыр кылат,
Жашырылбайт жамандык,
Элге тарап угулат.
Укпаган болсоң, Бекбача,
Анда мейли эмеспи,
Угуп туруп таштасаң,
Убалым сага эмеспи.
Бекбачаны эркине,
Койгону жок жайылма,
Наштардай кебин өткөрүп,
Бекбачанын жанына,
Аңгычакты Беттибет,
Келип калды алдына.
Беттибеттен жашырбай,
Сырын айтты Жайылма,
Бекбачага тиерин,
Чынын айтты Жайылма,
Катын антип жатканда,
Эркек туруп кача албай,
Алып койду Бекбача.
Отуздан жашы ашканча,
Согончогу канабай,
Антип жүргөн Жайылма,
Бекбачага тийгенде,
Курсакта бар төрт айча.
Алты күн туруп Бекбача,
Хан Калдыктын зарпынан,
Аттанмак болуп сапарга,
Беттибетке тапшырып,
Жайылманы Бекбача:
- Эрди-катын болгон соң,
Эркек-айал бой коштук,
Бойкат болсо Жайылма,
Эркек болсун, кыз болсун,
Өзүң билип ат койгун,
Мен туудум деп Жайылма,
Катынсың атын койбогун,
Өлбөй тирүү болгондо,
Кайрылып сапар алар кез,
Он эки жыл болжолум.
Жыл он эки болгунча,
Кек албаймын бул жерге.
Зарыл болуп кыйналсаң,
Киши чаптыр Беттибет,
Болор болбос аз ишке,
Убара болуп кат жазба.
Кек алам деп өткөнгө,
Өз элиңе, Беттибет,
Жакшы-жаман кеп айтпа,
Өтүп кеткен иштерге,
Тилимди алсаң кек кылба,
Жакшы көрүп бирөөнү,
Жаман көрүп бирөөнү,
Элди эки бөлүнтпө,
Азыраак ишке көп сүйлөп,
Элге жаман көрүнбө,
Курсагыңды кең салып,
Канаат кылгын бул күнгө,
Булап талап эл бузган,
Кумар ойноп мал чачкан,
Карасынан кан төккөн,
Капташып калса алдыңа,
Шапкат кылба андайга,
Атын тартып, тон жапса,
Алданбагын андайга,
Азбы-көппү өмүрүң,
Ачык аны ким билет?
Жазганы болбойт маңдайга.
Кан төгүшүп бирөөгө,
Коржолоңдоп кол салба,
Пас көрүп сени кордосо,
Андан жаның айаба.
Акыл айтып аз гана,
Аттанып кетти Бекбача.
Куландын сары сайында,
Сур атчан кетип барат, деп,
Кабар уккан аңгыча,
Аркасынан сайа кууп,
Ылдамдады Бекбача:
“Баркөл, Коңул, Турпандан,
Бир калбаны табабы?
Кызыталак кытмыр хан,
Эл табардан калдым, деп,
Жер табардан калдым, деп,
Утур келген кишини,
Бүтүрөбү ишини?
Кутубий, Манас, МайбулакБулар менен басабы?
Бекбача менен бир жүрүп,
Мага өткөн деп азабы,
Мындан калба табабы?
Чыгыш түштүк асман көл,
Батыш түштүк Көккамыр,
Мындан калба табабы?
Азын оолак мал айдап,
Карашаар, Камбыл, Жылдызда,
Кыргызга башын катабы?
Эмгиче киши катышпай,
Тынч жаткан бойдон тынч койдук,
Барган менен батабы?
Иле бойлоп жүрөбү?
Кулжа, күнөс, текеске,
Залалы бара тиеби?
Арал менен азыкты,
Аралап басып өтөбү?
Болоорунча болдум, деп ,
Жанжайкыт жаткан жакшынын,
Башын чаап кетеби?
Кең кашкарлап басабы?
Анжыдан белин ашабы?
Маргалаң, Кокон, Наманген,
Самаркан, Ташкен, дегенден,
Бир калбаны салабы?
Же болбосо кара нээт,
Ат-Башыга жетеби?
Кара кыргыз элинин,
Калканчысы Бактыбай,
Уурданып барып туйгузбай,
Буга колун салабы?
Элдин тынчын алабы?
Ысыккөлдү жакалап,
Чоң Таласка барабы?
Коргон менен күмбөзгө,
Чаң-будуңду салабы?”
Ойуна алып Бекбача,
Айал-үйөл кылбады,
Ат чалдырып бир эрде,
Чыккан жерге салбады,
Чырым уйку салбады,
Аттын бирин жоготпой,
Артынан баатыр баратты.
Качып барат хан Калдык,
Камчыга Бөлүп суратты.
Бурулбастан өтмөккө,
Нил деңизден кечмекке,
Бекбача кууп барбас, деп,
Жер четине кетмекке:
“Нил дайрадан кече алсам,
Жер четине жете алсам,
Күн батыштын элине,
Күлө сүйлөп батынсам.
Теңдиги кеткен ким болсо,
Алып берип теңдигин,
Баатырлыгын таанытсам.
Баш кишиге жууланып,
Араз кылып кээ бирөөн,
Арасына жуу салып,
Тынчын алып чуу салып,
Эки жагын колго алып,
Эптүүлүк менен жагынсам,
Кызматым элге жакканда,
Кыйыгыс болгон чактарда,
Эстүүсүнөн жол сурап,
Элдүүсүнөн кол сурап,
Апкаарытып кай бирөөн,
Ашыктырып сүрбөсөм,
Караганды таңдантып,
Кара жерди чаңдатып,
Барабан согуп баң тартып,
Чуулатып аскер кол тартып,
Таласына кирбесем.
Аңгычакты Бекбача,
Саамай чачка ак салар,
Кара болоор жүрөгү,
Калың элден жазганар.
Каңалтыр кара Балыктын,
Этин жесем тамамат,
Менин чачыма кайдан ак салар?
Бекбачадан башкасы,
Каарыма менин ким чыдаар?
Кара кыргыз Бактыбай,
Ага чалык өлбөсө,
Көзүнүн жээги ириңдер,
Көкүрөгү кирилдер,
Качып бара жатканда,
Катышпайын башкага,
Буйдалып калсам болбоймун,
Бекбача бар артымда.”
Деп ойлонуп капырың,
Коктукаттан качыптыр,
Күрдөлүү элге көрүнбөй,
Ара жолдон басыптыр,
Арпадан түшүп Нарынга,
Барганда кара куйунга,
Атбашыда Бактыбай,
Калдыктын түштү ойуна:
“Атбашыга барайын,
Кара кыргыз Бактыбай,
Башын кесип алайын.
Кошойдон бери буларды,
Бузулбай келди деди эле,
Алтын –күмүш, зары көп,
Жакут, шуру дагы көп,
Торгун, дуудун андан көп.
Дүрүйө, буулум мындан көп,
Карала көп, шайы көп,
Манат, макмал жана көп,
Кара малын колбутуп,
Айдап алып нетемин,
Кара мал айдап калдайтып,
Кай муратка жетемин?
Көчмөн кыргыз элинде,
Пил окшогон лөгү көп,
Жону туйук нары көп,
Айры өркөч атан көп,
Казынада дүйнөсүн,
Арттырып алып нарына,
Катырбастан барынча,
Жетелетип кетейин,
Кудустакы жөөткө,
Тартуу кылып берейин.
Булар араб эли эле,
Урушка мыкты деди эле,
Көп жылдар бери жай жаткан,
Жүрөгү жалкып , кайтпаган,
Баштап алып аларды,
Таласына барбасам.
Бактыбайды олжолоп,
Жөөткө берип сыйлыкка,
Өз майына кыргыздын,
Өзүн кууруп тынбасам,
Калдык атым курусун.
Кылгылыкты кылбасам,
Кымызга сууну куйбасам!”
Ойу менен олжо алып,
Олжону берип кол алып,
Жөөткө барып кошулуп,
Таласка кайта келгенде,
Кандар агып шаркырап,
Сууга куйду жошулуп,
Жана ойлоду мамындай:
“Атбашы барсам Бактыбай,
Кароолчусу бир малай,
Карсылдашар бир далай,
Мен чыдаймын талыкпай,
Ат чыдайбы чалыкпай?
Коктукаттан чыкканы,
Каны толуп суу ичпей,
Карды толуп чөп жебей,
Кара сур келет кебелбей,
Анткен менен кара сур,
Кара жолдо жүрсө да,
Карсылдашта чаалыгаар,
Азыраак жатып дем алып,
Ат чалдырып алайын,
Көз ачуусун чыгарып,
Кирпик ирмеп канайын.”
Ооздугун чыгарып,
Отко койду сур атты.
Суулугун чыгарып,
Сууга койду сур атты,
Башын ташка жаздады,
Коңурук тарта баштады,
Алты күнү дым тартпай,
Өлгөндөй уктап жатканы,
Күн жетиге жеткенде,
Көзүн ирмеп ачканы,
Атын кармап минген кез,
Атбашы карай басканы.
Кара мойнок артуудан,
Бекбача чыкты арстаны.
Капчыгай ичи тар экен,
Суу агыны шар экен,
Белестен ашып түшкөнү,
Кең майданы бар экен,
Бетке алып белести,
Калдык капыр жөнөдү,
Ашырбай белден алам, деп,
Эр Бекбача көгөрдү,
Алдындагы тору атты,
Камчыга басып бөлөдү.
Жөлөнүшкө келгенде,
Башын чайкап Майтору,
Баспай турду шылыйып,
Майтору баспай калганын,
Көзү көргөн Калдык хан,
Өзүнчө күлүп жымыйып,
Сүйүнгөнү бөлөкчө,
Оозу ачылып ыржыйып,
Талаадай бети жайылып,
Талпайып мурду мылыйып,
Арамдык кылып жатабы,
Качып кетет экен, деп,
Имере тартып тизгинин,
Абдан байкап көз салып,
Тиктеп калып кылыйып,
Жана өзүнчө каткырып,
Жалпайган мурду былчыйып,
Ого бетер Майтору,
Сендиректеп шылкыйып,
Ачууланып Бекбача,
Эки этегин түрүнүп,
Жеткиси келет жүгүрүп.
Өлөмүн деп ойлобойт,
Калдык менен урушуп,
Майтору жок жөө жүрүп.
Кылычын кармап сабынан,
Тартпай туруп кабынан,
Башын чаап алсам, деп,
“Чоң атабыз Кененим,
Көзү көргөн мал эле,
Эмчектешип эр Асыл,
Эңишке минген ат эле,
Бул кезге чейин Майтору,
Шек бербеген дегеле,
Жетелеп алып чыгайын,
Көрүнүп турган белеске.
Күнүм бүтүп Бекбача,
Топурак басып мени оорлоп,
Майтору баспай жатабы?
Же каны тартып Калдыктын,
Ырыскысы оор келип,
Ал үчүн баспай жатабы?”
Албан акыл кеп ойлоп,
Ар тарабын тең ойлоп,
Аттан түшүп жетелеп,
Бекбача чыгып келатат.
“Арыган экен аты, -деп,
Жатканым болду акыл,- деп,
Башын кесип буруттун,
Найзага илип көтөрүп,
Чуркуратып эл-журтун,
Көрүнө алып барайын,
Жаш-карысы улусун,
Кошомат кылып корккондон,
Мени ээрчип чубурсун.”
Алды жагын эңкейип,
Карап көрсө хан Калдык,
Жалама жалтаң зоо экен,
Жалгыз аттын жолу экен.
“Майтору күлүк болсо да,
Карап турсам капталдан,
Кутулар жери жок экен.
Аты баспай калса да,
Жалтангансып буруттан,
Капталга кайдан барайын,
Карап туруп туу белде,
Кесип башын алайын.”
Түшө калып атынан,
Олоңун оңдоп чиңитип,
Куйушканын узартып,
Үзөңгү боосун кыскартып,
Сагагын илип бекитип,
Баса минип сур атка,
Белин тартып мекийип,
Чанагынан чыкчудай,
Ирмебей көзү чекийип:
“Каалгадай белестен,
Карап турсам калдайып,
Туу белде турсам далдайып,
Баспаган атка шылтоолоп,
Күдүңдөп жүрө бербесин,
Күн олтуруп кетпесин,
Караңгыда калдаңдап,
Кара ташты аралап,
Качып кетип жүрбөсүн,
Бекбача менден качат,-деп,
Акылы чындап шашат,-деп,
Аты жок калган буруттан,
Арбагым менин ашат,-деп,
Белестен кире берейин,
Эми да менден качты ,деп,
Эрдемсип чыксын батыраак,
Эсебин колго берейин,
Талпагын ташка керейин,
Жүрөгүн сууруп жебесем,
Көөкөргө канын куйбасам,
Көйрөңсүгөн кыргызга,
Көрүнөө сырды кылбасам!
Маңгыт менен тыргоотту,
Таласына жыйбасам,
Таңгут менен моңгулду,
Эки Инген менен Алтайды,
Батышы Текес, Ысыккөл,
Аларга конуш кылбасам,
Бааша болуп аларга,
Кайран жаным тынбасам!”
Кырда туруп хан Калдык,
Кыйла журтка баш болду,
Атагы алаш дегенге,
Эрибес боору таш болду.
Өзүнчө туруп белесте,
Башына сыймык бак конду,
Ойлоп койбой кенедей,
Боолук салып мойнуна,
Тузактап ажал койгондо,
Бута атымча белестин,
Жандоосуна келгенде,
Баспай калган Майтору,
Кош кулагын кайчылап,
Ачуу үн чыгып кишенеп,
Айгырдан бетер аркырап,
Ооздугун тиштеп нидерип,
Алдын карай ыкыстап,
Дегдеңдетип көкжалды,
Желе басып ыкчамдап,
Айбан да болсо Майтору,
Кош айтышкан немедей,
Аркасын карап кылчаңдайт.
Кененимдин Кеңкула:
“Капчыгайдан хан Калдык,
Кабуусун таап тосот, -деп,
Ажалы жок Бекбача,
Жарадар болуп кутулат,
Бекбачаны өлдү деп,
Кара нээт бул маңгыт,
Көөкөрлөп канын жутат,- деп,
Тар жерге кире бергенче,
Сайып алат баатыр”- деп,
Майторуну бастырбай,
Жолун торгоп алганда,
Өзүнчө элге хан болуп,
Алданып Калдык жалганга,
Койо берип Кеңкула,
Белеске жакын калганда,
Куйругун булгап Кеңкула,
Бурулуп жолго салганда,
Эркиндик келип Тору атка,
Кош айтышкан маалда,
Куймалуу алтын үзөңгү,
Теппей ыргып Бекбача,
Баса минди тору атка.
Калдыкты кайдан табам, деп,
Алдырап чыкты кайкаңга,
Бурут качан чыгат, деп,
Турган экен хан Калдык,
Туурасында тайпаңда,
Сүр көрсөтүп буруттун,
Чыкканын көр акыр, деп,
Маңгыттап Калдык бакырды,
Кыйрынан капыр качырды,
Чанданын көргөн мындайдын,
Бекбача кайдан шашылды,
Армансыз болуп өлсүн, деп,
Кагып ийип найзасын,
Качырып найза сайбады,
Тартып тура калганы,
Найзасы жок кур калып,
Калдык катуу арданып,
Балтасын алды белинен,
Сөөгүн таппай калсын, деп,
Бекбачадай буруттун,
Кара жердин бетинен.
Кош колдоп Калдык чапканда,
Уңгусу менен балтанын,
Бекбача кайра какканда,
Жана Калдык арданды,
Сабы калып колунда,
Балтасы жерде жатканга.
Кылычын тартты кынынан,
Бекбачаны чапканга,
Беш жүздөн ашык соодагер,
Белге чыгып капташты,
Койгулашып жатканда.
Кыйкырыгы таш жарып,
Таштан өтүп баш жарып,
Кылычты шилтеп ийгенде,
Жалаңдаган кылычты,
Сырты менен балтанын,
Жалпагына какканда,
Кырк бир жерден кылычы,
Кыйрап кетти ар кайда.
Чокмордон башка жарак жок,
Куру кол Калдык калганда,
Чабындагы чокморун,
Сууруп алды хан Калдык,
Жалын жайнап көзүнөн,
Жаалысы келип каарданып,
Чокудан ылдый шилтеген,
Чокмордун үнү күр этти,
Колтугун Калдык чойгондо,
Балта менен Бекбача,
Кар жиликке койгондо,
Чыканактан оң колу,
Сынып кетти карс этип.
Калдык хандын чокмору,
Жерге түштү шалк этип,
Жанындагы канжарын,
Калдык алды шап этип,
Бекбачанын балтасы,
Шакшакка тийди шак этип.
Экөө бирдей тең сынык,
Бир жолу өлүк хан Калдык,
Кеткени жок жан тынып.
Сар почтоп таңып суратка,
Бекбача алып жөнөдү,
Муну мындай таштайлы,
Манас баштап кырк төрткө,
Аш бергенден баштайлы.
МАНАС БАШТАГАН КЫРК ТӨРТ ЗАЛДЫН АШЫ
Калдыктан кыргыз кутулуп,
Кой үстүнө торгой тууп,
Калың эл жатты туйтунуп.
Жарды киши калган жок,
Карыз-өтүнө мал сурап,
Бар кереги үйүндө,
Жатты кыргыз тунжурап,
Жайдын күнү төр-төрдөн,
Шамал айдап май бурап,
Самоор кайнап ар үйдө,
Ызы-чуу түшүп чуркурап,
Тиш кычуусун кандырып,
Жаштардын жеши бир мезгил,
Куйрукка буудай чөгөрүп,
Семизинен баса албай,
Кишинин баары көгөрүп,
Боз улан кемер курчанып,
Кыздары үкү сайынып,
Тогуз-ондо кыз балдар,
Кыркалап шуру тагынып,
Буластай басып келиндер,
Чач теңге, чачпак салынып,
Жең кабы менен өңүрүн,
Саймалашып тагынып,
Эки эли кундуз жээктеп,
Белдемчисин кагышып.
Желелешип бээ байлап,
Казанда аппак май кайнап,
Сары кант, куурдак, бал каймак,
Канчалаган даамдары,
Дасторкондо түр жайнап.
Жабык баш, туштук, чырмак чий,
Жуп секичек көшөгө,
Үйдүн ичи бөлөкчө,
Көз уйалып жаркылдайт,
Тегеретип көргөнгө,
Атактакы үйлөрдүн,
Желбоосу жез чынжырдан,
Чамгарагы жылт карай,
Үй санаты бир далай.
Алтындан кылган жан казан,
Ашкананын оозуна,
Күмүштөн кылган туулгага,
Дүмүнөн салып көмөргөн,
Салган шырдак четине,
Күмүштөн чеге чөгөргөн.
Төөнүн жүнүн бойогон,
Чырмак чийдин четине,
Кара оозуна оргон,
Он эки түрдүү жибектен,
Чийди кылдап чырмаган,
Үйгө жапкан кийиздин,
Тышын аппак тордогон.
Кереге-уугу жыгачын,
Кызыл сырга сырдаган.
Тастар боосу эшиктин,
Алты кыр чалган кенептен,
Ууктун боосу сегиз түр,
Окшобогон жибектен.
Алты боосу үзүктүн,
Аруулап соккон термеден,
Жазылыгы төш жары,
Тегиричи дейилда,
Кермеден кетпей жергелеп,
Ат котолоп айылда,
Тегеректеп желеге,
Жылкы жуушап калганда,
Туйактанып баса албай,
Жөө киши барбай айылга,
Жойлоп барган ит тийбей,
Төгүп салган майына.
Балдары майга карабай,
Катындар каймак жалабай,
Шернеге сойуп балдары,
Кысыр эмди азоо тай.
Кыз-келиндер чогулуп,
Үй-үйдө козу сойулуп,
Алдыртан тиктеп мелтиреп,
Келиндин көзү койулуп,
Жыла басып илбирстей,
Кыз балдары чойулуп,
Сүт бото тайлак төө сойуп,
Абышка кемпир чогулуп.
Ичигин жыйнап көтөрүп,
Кемпирлер чала жөтөлүп,
Абышкасы карсылдап,
Кемпирдин көөнүн көтөрүп.
- Өңшөйбөй басчы кайкалап,
Көп чалдардын көзүнчө,
Чандырбастан чалкалап.
Жанындагы абышка:
-Кемпириңди мактайсың,
Өңшөйбөй кемпир канатет,
Өзүң белес ашпайсың.
Капакка толуп суу куйсаң,
Кемпириңе мактангын.
Кайран чал, ачык айттың, деп,
Калгадары күлүшөт.
Ургаачы ажыз эмеспи,
Оозуңа алың жетпейт, деп,
Абышкага күбүрөп,
Ордунан турган кемпирлер,
Олтура кете бүжүрөп.
Аа-аалашып талаада,
Он сегиз менен отуз беш,
Ортосунда азамат,
Улак тартып күжүлдөп,
Кымыз ичкен кызымтал,
Токтоно албай дуулдап,
Бакырышып бабырып,
Баш аламан чуулдап.
Ордо аткан андан көп,
Чүкөдөн өтүп кеттиң, деп,
Бирин-бир кычылап.
Тогуз коргоол ойногон,
Сексен бир таш ээлиги,
Кыдырата үй санап,
Эки тишти ак колтук ,
Байым атын чулпулдак ,
Туз алам, деп мултуйат.
Туз бербесең тартып кет,
Тетиги байды алам, деп,
Аны карай кол сунат.
Биле албай көчүп калганы,
Зыйан ачуу эмеспи,
Кимисин берсем болор, деп,
Кыжалат болуп кысталат,
Байын берсе аз калат,
Тузду берсе мейли-эп,
Чулпулдаткан туз алса,
Таш бербестен бүт алат,
Эки тишти ак колтук,
Ал экөөнөн туз берсе,
Кийин көчтөн кыйналат,
Мээсинен түтүн буу чыгат,
Ойногондо таш санап,
Кеште менен чатыраш,
Ойногондор топ болуп,
Алдырап келе жатса да,
Келе жаткан кишилер
Тура калат токтолуп.
Кыйын билген ким болсо,
Топусун оңдоп оштонуп,
Жаш-карысы аралаш,
Дүбүрөп жөнөп калышат,
Ат чабууга козголуп.
Ача түйүп куйругун,
Көккө шүйүп көкүлүн,
Күлүктөрүн коштошуп,
Калыстын салып алдына,
Айдатып атты топтотуп.
Ат айдаган тарапты,
Аты бар, аты жогу да,
Баарысы тиктеп карашып,
Чаң созулуп чыкканда,
Дүрдүгүп турат жайнашып,
Даекчилер ат минип,
Дайарданып жардашып,
Күлүк аттын ээлери,
Көзүн бардап карашып,
Сүйүнөбү, күйөбү,
Көздөрүнөн жаш агып.
Баландын аты экен ,деп,
Көпчүлүк чууну салганда,
Буулугуп үнү апкаарып,
Кобо калып атына,
Үзөңгүгө тамандап,
Эки жеңин камчылап,
Көзүнүн жашы ыргылып,
Агып кетет тамчылап.
Ат байгесин алышып,
Жандай чаап канчасы,
Соогат сурап жанашып,
Ырчылар ырдап жабырап,
Ат менен ээсин жамактап,
Ар экөөнү тең мактап,
Чирене тээп кайкайып,
Кирип келет жалтактап,
Ырчынын антип жүргөнү,
Азын оолак мал тапмак,
Ат ээсинин көөдөнү,
Чыга түшөт чалкактап.
Кээ бир аттын ээлери,
Жерге батпай кайкактап,
Кошоматчы андан көп,
Жарыша чапкан далбактап,
Дайынсыз сүйлөп көбүрүп,
Оозун тынбай жалжактап.
Жорго салып мөөрөйгө,
Кообузчу жорголор,
Кандай сонун көрөргө,
Төрт айагы такылдап,
Арка буттун туйагы,
Үзөңгүгө чакылдап.
Жоргого минген кишинин,
Таманы ооруп зыркырап,
Томпойдой таштар төбөдө,
Учуп турат чыркырап,
Даңкаңдан учкан топурак,
Чаң созулуп буркурап,
Өтө чыгаан жоргонун,
Койо берсе чылбырын,
Жерге тийбейт дирилдеп,
Жерге тиймек тургайлык ,
Көрүнбөйт көзгө элестеп.
Ит агытып теке уулап,
Айгайлашып чуркурап,
Уу кылганда капчыгай,
Зоо кабышып жаңырып,
Бараңдын огу барсылдап,
Кулак тунуп тарсылдап,
Текени камап таш- ташта,
Тайган үрүп тарсылдап.
Адырда кулжа дардаңдап,
Бугулар качып каркаңдап,
Айулар качып саксаңдап,
Токойдо доңуз корсулдап,
Мылтыктын үнү чыкканда,
Кузгун жетет куркулдап.
Адамсыз жердин черине,
Каракулак шер чыгат.
Жолборс чыгат суналып,
Илбирс чыгат чубалып,
Карышкыр чыгат кабышып,
Чөөлөр чыгат каткырып,
Адамдай күлкү салышып,
Көрүнгөн жанды кетирбей,
Такыр атып алышып.
Адырдан бөрү, түлкү алып,
Кышында ичик кылсак, деп,
Азаматтар мүлк алып,
Капкан жайып бел- белге,
Тузак койуп булукка,
Шибе кармап уларга,
Чарба баккан элдердин
Эрмеги ушул буларда.
Көпкүлөң тарткан боз балдар,
Эригип үйдө жаталбай,
Сазды бойлоп куш салып,
Өрдөк, чүрөк, каз алып,
Каркыра ,турна, тоодакты,
Ителгиге тептирип,
Кекилик, чил, кыргоолду,
Карчыгага илдирип,
Илбээсинди бүлдүрүп,
Шумкар салып, куу алып,
Ак сакалдуу карыга,
Тартуу кылып алпарып,
Алып барган азамат,
Айры өркөчтөн төө алып,
Азуусу тутам ат алып,
Баланчага куу тартып,
Төө жетелеп, ат минип,
Келатам деп мактанып,
Айу кармап алганы,
Ээрин тетир токунуп,
Ырысы качкан немеси,
Жарак асый жылкы алып,
Бугу аткан мерген шаттанып,
Терисин ийлеп бугунун,
Күйөөгө берчү кыз болсо,
Тагып койуп атына,
Бирден кунан жылкы алып,
Тим кишиге алпарса,
Нарк токтотуп койгондой,
Бирден жарак ирик алып.
Кыргызда болду кыз пулдар,
Андан калса кыргызда,
Кообузган жорго, күлүк ат,
Кыздан кийин ал пулдар,
Кыраан бүркүт, алгыр ит,
Андан кийин ал пулдар.
Көркөм сулуу чыгаан кыз,
Кыраан бүркүт, күлүк ат,
Бөрүдөн качпай тиш салган,
Атагы чыккан тайганга,
Баасы жок деп аларга,
Айтылып жүргөн кептер бар.
“Кызга бергис жубан, деп,
Атка бергис кунан” деп,
Эл ичинде макал бар.
Жана макал кеби бар,
Кандай айтса эби бар.
“Суратпай берген күйкөнүн,
Ак шумкарча баасы бар,
Сымбаттуу сулуу жубандын,
Бир кызчалык баркы бар”
“Ырыстуунун үйүнө,
Жуучу келсин, баатыр, деп,
Ырысы жоктун үйүнө,
Доочу келсин такыр” деп,
Макал айтып, кеп жасап,
Кыз сурамай салты бар,
Куш сурамай наркы бар.
Ат сураса, айтылар,
Бирөөнүн кызын сураса,
Бирөөнүн атын сураса,
Бирөөнүн кушун сураса,
Куйулушуп айтылган,
Кулакка сонун жагымдуу,
Жогоркудай кептер бар.
Жайдын күнү болгондо,
Айран- жуурат, каймак, бал,
Күндүз- түнү жегени,
Кысыр эмди азоотай,
Сүткө бышкан коозудан,
Кыштын күнү жегени,
Кеткен кызы, куыйма жал,
Майлуу уча, карчыга,
Сары май, бал, экчеме,
Боорсок, куймак, токоч нан.
Жайдын күнү кийгени,
Башында калпак агарган,
Кызыл шайы, дүрүйө,
Карала менен бейкасам.
Курчанганы белинде,
Булгарыга тыштаган,
Алтындан жасап кынаган,
Адамдын көзү уйалган,
Кемери бар белинде,
Жигиттери буралган.
Кыздары үкү сайынып,
Кыркалап шуру тагынып,
Башында кундуз тебетей,
Кыпкызыл бети албырып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 26
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.