Latin

Асылбача - Бекбача - 13

Total number of words is 4233
Total number of unique words is 2187
30.7 of words are in the 2000 most common words
43.8 of words are in the 5000 most common words
50.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жеке жалгыз ал эмес,
Уруштан кайтып келген бар,
Баш ханыбыз ламабыз,
Биздин каада ушундай,
Кудайыбыз жана ошол,
Атын айта албайбыз.
Тайпаң деген жерибиз,
Өзүңүз мында келдиңиз,
Айтышарсыз хан менен,
Арада болсо кебиңиз,
Кайра жанып кетейин,
Мага уруксат бериңиз.
- Келген киши кайтып бар,
Көргөн билген укканың,
Төкпөй-чачпай айтып бар,
Кайнаган калың элиңе айт,
Тирүү кудай бегиңе айт,
Тайпаң болсо жериңер,
Хан төгүшүп жүрбөйлү,
Кыргыздан алган мал-пулду,
Алдында айткан кебим бар,
Бүт жандырып бериңер.
Ачып көздү жумгуча,
Чогулган элге барыптыр,
Көргөн-билген укканын,
Такыр айта салыптыр:
- Эл башкарган ханыбыз,
Менден угуп алыңыз,
Көөдөндө турсун жаныбыз,
Бекбача менен беттешпей,
Бир амалын табыңыз,
Болбой койсоң өзүң бил,
Эрегишсең эрдемсип,
Бош калгыдай шаарыңыз.
Адам жеңер пенде эмес,
Оңойлук менен адамга,
Оморулар бел эмес,
Оңой-олтоң жоо эмес,
Оморулар тоо эмес,
Көп көргөнмүн баатырды,
Мен көргөндөй деги эмес,
Бекбачаны ашырып,
Мактап жаткан кеп эмес.
Орто бойлуу, буудай жүз,
Кылкан мурут кызыл көз,
Орок мурун дөң маңдай,
Кең көкүрөк кууш айак,
Манжасы учтуу сом билек,
Темир өзөк таш жүрөк,
Күүгүм туман көзү бар,
Майлаган буудай жүзү бар,
Булчуңдары томолок,
Адамдан башка күчү бар,
Ажыдаардай сүрү бар,
Алп кара куш түрү бар,
Ак жолборстой сыны бар.
Оң далысы кең экен,
Ойротто жок неме экен,
Сол далысы кең экен.
Сол бөйрөгү солк этсе,
Солду бузар эр экен.
Кең көкүрөк сом далы,
Туткандын чыгат далдалы,
Турушуна карасам,
Бул замандын балбаны.
Такта соору кең карчыт,
Катышкындай ошого,
Ажалы жетип кан тартып.
Кабагы бийик өңү саз,
Адамдан артык түрү бар,
Кандай адам катышат?
Мингени тору макмал жүн,
Төрт айактуу жылкыдан,
Тору атта турат башка түр.
Кекчил тумшук кең таңдай,
Буура көкүл орокбаш.
Кек маңдайлуу кебез жал,
Аркар шыйрак нар туйак,
Жылкыдан чыккан жез билек,
Алты ай чапса арыбас,
Алтымыш асый болсо да,
Азуусун сөйкөп карыбас,
Жети ай минсе талыбас,
Жетимиш асый болсо да,
Жээгин сөйкөп карыбас,
Жеткилең күлүк мал турат,
Жылкыдан мындай табылбас.
Теке көөдөн тайган төш,
Кулжа мойун жалын көз,
Көмкөрүп койгон чарадай,
Жарашыктуу төрт туйак,
Чаткайагы колоттой,
Жер согору болоттой,
Кашка тиши кадоодой,
Кызыл тили бүлөөдөй,
Жылкыдан чыккан түр сайак,
Күлүктүк сыры боорунда,
Калбыр өпкө кур жүрөк,
Канаты бар сыртында,
Адамдан чыккан Бекбача,
Жылкыдан чыккан Тору атча,
Ат менен ээси келишкен,
Мен көрбөдүм бул чакка.
Айткан кепти укканда,
Кеп айагы чыкканда,
Калганга лама карабай,
Көптөн кеңеш сурабай:
-Кокүн эрди өлдү деп,
Эдепти кыргыз берди деп,
Качып келет тургандар,
Билип кел деп жиберсем,
Мактап келет уйалбай!
Кыргыздын малы кимиңде,
Бар болсо алып келгин, - деп,
Кыдырып жүрөм мен кимге?
Турбастан элим камдангын,
Качып келген аскерди,
Мактап келген элчини.
Эл алдында айдагын.
Бузулуп келген баарысы,
Айткан кебин карагын!
Жакшылап кызмат кылбаса,
Бекбачанын алдында,
Кылычты канга майлагын!
Деп бакырып ламасы,
Күнөөлүү кылып аларды,
Калтырбай элди айдады,
Ордодо жаткан багылып,
Алтымыш балбан бар дагы,
Баштап жүргүн аларды,
Ламасы бар сардары.
Бирге болуп ламасы,
Колдоочу кудай бир жүрүп,
Таңгыттын жок арманы.
Качып келген аскерди,
Айтып келген немени,
Алдына салып айдады.
Кайрат кылып Таңгыттар,
Алдынан тосо барышка,
Жалгыз деди Бекбача,
Жылдырбай карап алышка.
Ал келсе Көкжалды,
Казган орго салышка,
Ниетинде Ламасы:
“Мен барганда Бекбача,
Бир эсинен танат, - деп,
Эсинен танып эндиреп,
Жалдырап тиктеп калат,-деп,
Карап турат жалдырап.
Сүйлөй албай балдырап.
Күч кубаттан ажырап.
Мууну кетет шалдырап,
Амалсыздан Бекбача,
Эми бизге алдырат”,
Өзүнчө акыл кеп ойлоп,
Кетип барат калдырап.
Үпчүңдөп үстүн жаптырган,
Арабасын карасаң.
Жөө кишиге тарттырган,
Экинчи Лама болгондор,
Элдин алып мал-пулун,
Шок дүйнөгө тойгондор,
Шодоңдошуп жөө басып,
Чапан менен теспеси,
Жер чийип барат чубашып.
Колунда теспе жүздөнбү,
Мойнундагы миң окшойт,
Мунун санын ким билди?
Тайпандын чети талаада.
Бекбачага кез келди.
Бекбачаны көргөндө,
Байрагын сайып мадатты,
Сапка элин санатты.
Бастырбай барын токтотту,
Аскерин сап-сап топтотту.
Сайган байрак, сап аскер,
Буларды көрүп Бекбача,
Майторуну кындыйтып,
Сыр найзаны шыңкыйтып,
Аларга назар салганы,
Аңгычакты болбоду,
Матан менен Конушбай,
Жыйырмасы келип калганы.
Карап туруп Бекбача:
- Матан менен Конушбай,
Келген жумуш не?-деди .
Камындырбай Матандын,
Баатырга берген кептери:
- Барып жаттым черченде,
Басылбай жүрөк желдеди,
Жатсам уйку келбеди,
Отуз киши ээрчитип.
Бастырганмын черчен ден,
Мен силерди көргөнү.
Аладырдын жеринде,
Алдайгырдын белинде,
Отуз миң ээрчен ат айдап.
Конушбай мага кез келди.
Качкан элдин артынан,
Кетти деп уктум кабарды,
Бир тобуна жигиттин,
Айдатып ийдим аттарды,
Амандыгын билсем деп,
Аркаңыздан жөнөдүм,
Конушбай жолду баштады,
Аман көрдүм мен сени.
Мындан артык бак барбы?
Айдалып жүргөн Таңгытка,
Тайынсыз өлө тас калдым,
Уруксат сурап турамын,
Жекеге чыгар жол барбы?
Өзүң карап турганда.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Азабым болсо көрөйүн,
Мындан кийин Таңгыттар,
Катылышпай тим жүрсүн,
Көрсөтөйүн өнөрүн,
Көпкөндөрүн Таңгыттын,
Көмө чаап жөнөйүн.
Каплет уктап жатканда,
Кармады Таңгыт элдери,
Кийер тонум минер ат.
Каруу жарак-жок болуп,
Амалсыз болуп жүргөмүн.
Айдалып келе жатканда,
Жалынсыз отко күйгөмүн,
Ак калпак кыргыз аркасы,
Алтымыш уруу Алаштын,
Ала-Тоодой калкасы,
Хан Мамайдан тараган,
Кырк жүздөн калган барчасы,
Үмүт кылат өзүңдөн,
Ошолордун канчасы,
Өзүңүз карап турганда,
Кайратым толук көөнүм ток,
Карсылдашып алайын,
Таталаган Таңгытты,
Астын-үстүн салайын,
Уруксат бер жолборсум,
Мен алдында барайын,
Хан Матан турду кеп уруп,
Кайраты толук деп уруп,
Барсаң баргын, Матан, деп,
Бекбача турду жол койуп,
Таңгыттан бирөө бөлүндү,
Орто жерге ат койуп,
Ламасынан бата алып.
Чыккан балбан аттанып,
Кудай карап турганда,
Койбоймун деп шаттанып,
Буркун, буркун, буркун, деп,
Мен келдим, кыргыз, курдуң, деп,
Айгай салып арсылдап,
Кутурган иттей карсылдап,
Күн чагылтып кылычы,
Көз уйалтып жалтылдап,
Бир жак жеңи желбегей,
Тизесинде салпылдап,
Этектери далпылдап,
Он сегиз миң ааламды.
Койбоочудай лакылдап,
Такасы жок миңгени,
Баса албай ташка тарпылдап,
Жакын кирип келгенде,
Баатыр Матан жөнөдү,
Матан минген сары кер,
Алоолонуп алкылдап,
Каскаксыз найза карманган,
Күн чагылып жаркылдап,
Манастап Матан бакырып,
Баатырдын атын чакырып,
Беттеп кирди катырып,
Жеткен жерде Таңгыттын,
Кагып ийип найзасын,
Көмө сайды эр Матан,
Минтип шорун катарып,
Баатыр Матан бакырып:
- Келээр болсоң келгин, - деп,
Келе албасаң Таңгыттар,
Таазим кылып кол куушур,
Бекбача сындуу эрге! - деп,
Түн катып малды уурдаган,
Жүз болобу сенде? - деп.
Матандан угуп жаман кеп,
Жана бирөө жөнөдү,
Мен жекеге барам, деп.
Кереги тиет кырк балбан,
Ачууланып Ламасы,
Айдап келген кырам деп,
Атынан айтып жумшады,
Бир четинен баргын деп.
Бирден бирден барыптыр,
Матан мыкты эр экен,
Бир сайгандан чыгарбай,
Он бирди сайып алыптыр,
Эң алдынкы бир менен,
Он эки болуп калыптыр,
Күн кечкирип аңгыча,
Жай-жайына жаныптыр,
Эл уктаган мезгилде,
Не да болсо Лахаса Борборума барам, деп,
Лама кетип калыптыр,
Качып жолго салыптыр,
Кеп баштады хан Матан:
- Эр Бекбача мен айтам,
Борбору бар булардын,
Кызыл мистен салган там.
Барып алса тамына,
Кирип алса шаарына,
Өлгөнүнө карабайт,
Суудай аккан канына,
Жата берет Ламасы,
Кырылып баары түгөнүп,
Жалгыз башы калганча,
Эл кырылып кеткенче,
Болжолдуу жерге жеткенче,
Бүгүн түнү Ламасы,
Шаарга качат мен билсем.
Биз артынан жеткенче,
Убаралуу иш болот,
Мага уруксат бериңиз,
Аттанайын эртелеп,
Алдын тосуп турайын,
Качып калса энтелеп,
Жиберейин шаарына,
Жеткирбейин тагына,
Эртең менен жок болсо,
Сиз түшөөрсүз артына.
Бекбача анда кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
- Алдын тосо мен барсам,
Аркасында сен калсаң,
Айласын мунун түгөтүп,
Анан убадасын албасак,
Анда Матан мындай дейт:
- Аркасында мен калсам,
Астынан сени көргөндө,
Ээ кылбастан эл мага,
Индистанды чет алып,
Кешмир жакты бет алып,
Качып кирет тостурбай.
Индистан барса киши алдайт,
Пара берип эр жалдайт,
Каптап келсе Индистан,
Кумурскадай арбын журт,
Узакка кетет бул жумуш.
Аркадан сени көргөндө,
Тостурбай өтсө шаарына,
Кайра тартар жери жок,
Тар капчыгай дарыйа.
Дарыйадан кечкенде.
Жолборсум барса алдына,
Жолун билет Конушбай,
Жолдош кылып жаныңа.
- Матан, кебиң чын, - деди,
Эмесе бастыр, тур – деди.
Бекбачадан кеп угуп,
Барсаң баргын деп угуп,
Жолдош алып он киши,
Жөнөп кетти бургутуп,
Жоргосун жолго чулгутуп.
Зантан кыйма дегенде,
Лама кирип келгенде,
Кыргыздын кыраан Матаны,
Алдынан чыкты жол тосо,
Бир күнү Матан эр сайып.
Он эки балбан бир сайып,
Таанылып калган Таңгытка,
Таңгыттан мен деп чыкпады,
Матанга беттеп барууга,
Он беш балбан бирге бар,
Ламасынын жанында.
Камалып туруп кыйналды,
Кайра тартып түз жүрүп,
Кешмирге кетип калгалы.
Экинчи Лама кеңешти,
Минтип айта салганы,
Лама анда кеп айтат:
- Биз Тайпанга барганча,
Таң атып кетет, - деп айтат.
Бекбача келбей калыптыр,
Өткөрөбү биздерди?
Кешмирге жетип болгончо,
Тоонун бойу бүт кыргыз,
Чекесинен кеп угуп,
Лама качты деп угуп,
Калбай келет чогулуп,
Жер жарылган чуу болуп,
Кан төгүлөт суу болуп,
Жаман атты болобуз,
Калың элге дуу болуп.
Саатыбыз тийип Кешмирге,
Сүткө тийген күчүктөй,
Тик багалбай калбайлы,
Арылбаган чуу болуп.
Таң агарып атканда,
Бир Матанга тостурбай,
Тепсетип өтүп кетели,
Аламандап чуу койуп.
Айтканын кабыл алыптыр,
Таңды карап калыптыр,
Таң атканда Бекбача,
Аркадан жолго салыптыр.
Таң агарып атканда,
Он беш балбан ороктоп,
Найзалары короктоп,
Башаламан ат койду,
Мойундары кодоктоп.
Он кишисин Матандын,
Ондото кармап алыптыр,
Он жолдоштон айрылып,
Ачууланып хан Матан,
Сарыкерди чууратып,
Аркадан чаңын чубалтып,
Аралап Матан өткөндө,
Бешөөнү сайды сулатып.
Аңгычакты болбоду,
Кара саат Ламасы,
Камчыны булгап койгону.
Кара курттай көп аскер,
Каптап кетти сабалап,
Жалгыз башы Матандын,
Көпчүлүктү аралап,
Сарыкер аты шаңданып,
Чанданын сайын чаңдантып,
Дөбөдөй нечен Таңгытты,
Жол бойуна дардайтып,
Этек-жеңин жайылтып,
Аттан чыгып далдайтып,
Тоңкочуктап канчасы,
Мурундарын барбайтып,
Жыгылып-кооп жаткан бар,
Колу-бутун арбайтып.
Кокуйлатып канчасын,
Томолотуп анчасын,
Куткарып бирөөн кетирбей,
Топтоп турган барчасын,
Тумтак күнүн түгөтүп.
Кетиргенде айласын,
Матан жалгыз таңгыт көп,
Кара бойу дал болуп,
Найза сайар ал калбай,
Эки колу шал болуп,
Эми айласын таба албай,
Эси ооп шай болуп,
Эндиреп турган кезинде,
Матанды байлап алганы,
Таңгыттардын бир тобу,
Бара жаткан мезгилде,
Бекбача чыгып таңданып,
Карап турган кезенде,
Көрүп туруп абалды,
Байлатып ийсем бекер деп,
Арабыз артуу топ белес,
Мен жеткенче Матанды,
Башын кесип кетер,деп,
Алдында көргөн адырдын,
Барар жолун белгилеп,
Жагалмайдай тору атты,
Көз тайгылта сыздырып,
Алты белес беш кокту,
Арада калып канча жер,
Бекбача жетти сурданып.
Матанды байлап алыптыр,
Атына мыктап таңыптыр,
Ламасына соога деп,
Алып жөнөп калыптыр.
Көмүскөдөн Бекбача,
Көкжалың жете барыптыр,
Жолборстун көрүп түрпөтүн,
Көпчүлүк эстен таныптыр,
Жеткен жерде Таңгыттан,
Далайдын жанын алыптыр,
Байлоодон Матан бошонуп,
Табына келген шумкардай,
Жылмайа түштү боштонуп,
Тартынбаган эр экен,
Ламанын турган тобуна,
Киргиси бар ат койуп.
Билип калып Бекбача,
Барбагын деп токтотуп:
- Матан менен Конушбай,
Тамаша көр көөнүң жай,
Камсыз болгун кайгырбай,
Бекбачадай уулуң бар.
Айкөл атаң Манастын,
Арбагына сыйынам,
Мына бу турган Таңгытты,
Шаарына айдап барбасам,
Бекер калат айтылбай,
Бекбача деген даңазам.
Айтып болуп Бекбача ,
Манастап баатыр бакырып,
Бар кайратын ашырып,
Аралап кирди Таңгытты,
Бир четинен жапырып.
Бирлигин алып эсине,
Каны катып каңалтыр,
Чапкан кылыч мизине,
Көргөндүн баары таңданып,
Бекбачанын ишине,
Жан-жанына каранып,
Жалпы жайык жан алып,
Аралап кирген жерине,
Арасын ачып жол салып,
Тобун бузуп кол салып,
Торопойун тостуруп,
Топуракты боз кылып,
Тобун бузуп түз кылып,
Топтоп келген Таңгыттын,
Өз башына күч кылып,
Туура кармап найзаны,
Карысынан кан кечип,
Как балтырдан жин кечип,
Учурап калган немесин,
Бүткүл кырып түгөттү,
Барган сайын Таңгыттар,
Өлбөгөндөй күчөштү.
Ойуна алды Бекбача:
“Карапайым Букара,
Буларда жок эч жазык,
Күндөн-күнгө көбөйтүп,
Мен жүрбөйүн кан чачып.
Байрагын басып чыгайын,
Ламасын кармап тынайын,
Ачык сырын билейин,
Таңгыттардын абалын”.
Байрагын тиктеп омсоңдоп,
Кара бойго күч топтоп,
Кара болот жойкума,
Тартып алды кабынан,
Кармап алды санынан,
Караган киши таң калар,
Мизинен чыккан жалындан,
Күүгүм туман көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Жаралуу болуп токойдон,
Чыккан жолборс түстөнүп,
Кабагына кар тоңуп,
Мурутуна муз тоңуп,
Ызгаары чилде кыш болуп,
Мындан мурун адамзат,
Көрбөгөн сонун иш болуп,
Манастап баатыр бакырып,
Айкөлдүн атын чакырып,
Үнүн уккан балбандар,
Акылынан жаңылып,
Анча-мынча кишилер,
Ат үстүндө токтобой,
Томолонуп жыгылып,
Карга башы тыгылып,
Ат басалбай калтырап,
Таштар кулап калдырап,
Муздар көчүп шалдырап,
Жер айрылып ачылып,
Жетимиш миң киши экен,
Эстен танып шашылып,
Жан жагына карашып,
Үңкүргө кирип жашынып,
Аманат жандан түңүлүп,
Корккон элдин көзүнө,
Асмандагы күн күйүп,
Кар агарбай карарып,
Жер көрүнбөй күдүңдөп,
Ак кара айра таанылбай,
Күлгүн тартып бүрүлдөп,
Жер козголуп жайкалып,
Тоо токтобой чайпалып,
Кар көчкүлөр күрүлдөп.
Калтылдап жер дүрүлдөп,
Аттуу турган, жөө турган,
Багалектен тамчылап,
Сийдиги агып бүркүрөп,
Аралап келет Бекбача,
Мас болгон нардай күркүрөп.
Кармагын деп күпүлдөп,
Кайрат берип күпүлдөп,
Ак көбүк чачып оозунан,
Антип жаткан молдосу,
Баса албай турду бүжүрөп.
Бастырып жетип Бекбача,
Байрагын жулуп ыргытты,
Адырайган Ламасын,
Коштоп алып жөнөдү,
Камчылап атын зыргытып.
Ошондо ыйлап Ламасы,
Мурутун булкуп ыргытып,
Сакалын жулкуп ыргытып,
Мурдунан суусу булактай,
Жамгырдай жашы төгүлүп,
Алдындагы Бекбача,
Ал Ламанын көзүнө,
Азирейил көрүнүп,
Акырет алып кетчүдөй,
Булкулдатып жөнөдү,
Чылбырдан алып сүйрөтүп,
Жулкулдатып жөнөдү.
Жердин бети аппак кар,
Ламага заман болду тар,
Дыркыратып Бекбача,
Ламаны алып коштоого,
Кылчайып карап ошондо:
- Алың кандай күч кандай?
Баатыр кандай эр кандай?
Баткактай болуп жуурулган,
Кыргында аккан кан кандай?
Жайыттан элдин малдарын,
Айдатып Алыш ал кандай?
Лопнурдагы кыргызды,
Үч жылы катар талапсың,
Кызыл канын агызып,
Кылычтын канын жалапсың,
Кулдантыпсың уланын,
Көң кылыпсың жубанын,
Сен кылгандай мен кылып,
Тегиз тоодой элиңди,
Талап алып тынайын,
Талкалайын шаарыңды,
Кетирейин арыңды,
Кескилетип өлтүрүп,
Кем кылайын жаныңды,
Дорболотуп качырга,
Жүктөтөйүн зарыңды,
Жыпжылма-түптүз талкалап,
Кызыл мистен тамыңды,
Жагымдуу үнү сайраса,
Куш сонунун алайын,
Чыраксыз түндө жарыган,
Таш сонунун алайын,
Алтындан куйуп катырган,
Кишиңди койбой алайын,
Отуз эки оозуңда,
Тишиңди койбой алайын,
Кыргыздан алган олжолоп,
Малды койбой алайын,
Сай-салаага тараткан,
Жанды койбой алайын!
Кыздарыңды ар кайда,
Таратайын олжого,
Таш тердирип койоун,
Эркегиңди жол-жолго,
Сан миңдеген кулдарың,
Жанын кылып садага!
Эми көрүп турайын,
Ажыратып алайын,
Жай жаткан элге кол салып,
Кадыксыз жерге жол салып,
Карандай талап олжолоп,
Кай жерде бар бул заңгыт?!
Капаланып Бекбача,
Далайды айтып салыптыр.
Ламанын көзү жалдырап,
Кеп кыла албай жалдырап,
Шорпо ичкендей тер агып,
Беттеринен балбырап.
Авазирлер далбаңдап,
Этектери далбаңдап,
Саадагын илип мойнуна,
Жүгү оогон уйдай салбырап,
Өңүрлөрүн тарта албай,
Төө жабуудай далбырап,
Жыгылып кооп темтеңдеп,
Жетип келди алдырап:
- Касиеттүү Бекбача,
Кебибиз бар бир канча.
Чылбырдан алып Ламаны,
Чыңыртып сүйрөп алыңыз,
Бүгүндөн баштап сиздики,
Бүткүл Таңгыт болгондун,
Малыбыз тургай жаныбыз,
Көпчүлүктүн тилегин,
Баатыр, кабыл алыңыз.
Башта таажы багыбыз,
Баашалык минген тагыбыз,
Баардыгын, Баатыр алыңыз!
Бейбаштык кылып кыргызга,
Барып бүлүк салганда,
Баарысы өлдү колуңдан,
Баатырсынып балбансып,
Баргандар тосуп жолуңдан,
Канча жылдык кыргыздын,
Малына төлүн кошуп ал,
Өлгөндөрдүн кунун ал,
Жараса сага Бекбача,
Уругу Таңгыт болгондун,
Уулу менен кызын ал.
Жарабаса уул-кыз,
Жайылып жаткан малды ал,
Тирүү келген бул жерге,
Эр-айалды эсепке ал,
Баарын койбой такыр ал.
Алтын алгын зар алгын,
Асыл буйум дагы алгын,
Катылышпай жүрүүгө,
Убада сөздү жана алгын,
Бирде кегиң калбасын,
Лопнурдун жери тар десең,
Алдайгырды жайлагын,
Ал адырдын тарабын,
Жерди кошуп сен алгын.
Аа болбосоң Бекбача,
Кылычты канга жубарсың,
Таңгыттын элин кырасың,
Бийагы Кытай, Каканга,
Алды Индистан буларга,
Талатып ийип тынарсың,
Сапырылып биздин эл,
Шаар аралап кетебиз,
Ушунча эл бузулса,
Убара болор Бекбача?
Сени жалгыз биз көп деп,
Ойлонгонбуз башында,
Ойубуздай болбоду,
Убайлуу заман күн болду,
Асмандакы жарык күн,
Бүгүн кара түн болду!
Деп божурап авазир,
Муңун айтып турду эле,
Ламанын көзү алактап,
Эси чыгып далактап,
Турган кезде так ошол,
Конушбай менен хан Матан ,
Кирип келди шалактап,
Матан менен Конушбай
Бекбача айтат момундай:
-Ламаны сойуп хан алып,
Лахаса тартып шаар алып,
Текши тоолуу жер алып,
Самсыган Таңгыт эл алып,
Уулун жумшап кулданып,
Кызын жумшап күңдөнүп,
Жүрөсүңбү хан Матан?
Же болбосо кыргыздын,
Эсебин алып эл санап,
Жалган айтпай мал санап,
Үч жылы талап алыптыр,
Үч жылкысын үч санап,
Төлү менен малыңды,
Талап алган Таңгыттар,
Алтын-күмүш зарыңды,
Асыл буйум буулумду,
Канча жылдык тулуңду,
Жоголуп кеткен буйумду,
Кулданып алган эр акын,
Олжолоп алган кыздарын Баарын алып лопнурлук,
Аладыр алып кыштакка,
Алдайгыр алып жайлакка,
Тынасыңбы Лопнурлук?
Кандай кылсаң андай кыл,
Баш алсаң Лама колуңда,
Шаар алсаң турат жолунда,
Мал алсаң жайыт бооруңда,
Токтоно албай Конушбай,
Анда айтат момундай:
- Жолуң ачык жолборсум,
Кырк чилтен болсун жолдошуң,
Айкөл төрө Манастын,
Арбагы сени колдосун,
Кыйа карап кыңшыган,
Эгерим эки болбосун,
Кимисине чыдарын,
Таңгыт өзү ойлосун.
Шаары жок киши эмеспиз,
Кире, Нире шаарлары,
Лопнур, Черчен бар дагы.
Чакалык, Котен, Каргалык,
Баарысы кыргыз калкыбыз,
Шаарын алып нетебиз,
Алдайгыр менен Аладыр,
Жерин ала кетебиз,
Өзү билип мал берсин,
Талап алып биздерди,
Түз кылды кыргыз дебесин,
Бирине бири кылбасын,
Биз кеткен соң жемесин,
Колго түшкөн эрлерди,
Эркек-айал дегенди,
Өзү билип узатсын,
Он күндүк болжол берени.
Билген айтты Конушбай,
Конушбайдын кеби деп,
Мал алыш келди эби, деп,
Жагалданып хан Матан:
- Падышабыз төрөбүз,
Таңгыттар минип турганын,
Бекбача сизден көрөбүз.
Шаары менен курусун,
Кызы менен уулун да,
Күңү менен кулун да,
Биз албайлы бирин да.
Өлгөндөргө кун алып,
Көзү жокко пул алып,
Киришибиз чыкканча,
Кампайта биз мал алып,
Кетели деген ой менде.
Конушбай менен Матандын,
Кебин угуп Бекбача,
Ичинде бир аз ойлоду,
Кыйа карап алдыртан,
Ламаны тиктеп койгону,
Тогуздап Лама жүгүнүп,
Чырпыктай бели бүгүлүп,
Эми сойот экен, деп,
Кайран жандан түңүлүп,
Ламасы айтат ошондо:
- Ала Тоодой аркаңды,
Кара Тоодой калкаңды,
Тийгизип кет Бекбача,
Төрө баатыр Манастын,
Анык уулу экенсиң,
Билгисип кет Бекбача,
Бүткүл Таңгыт калкына,
Султан кылып аркаңды,
Тийгизип кет Бекбача,
Санаабызды жай кылып,
Тындырып кет Бекбача,
Алтын канча мал канча,
Айабаймын барынча.
Сулуудан тандап кыз алгын,
Жез оймоктон уз алгын,
Канаттуудан куш алгын,
Аргымак тандап ат алгын,
Айры өркөчтөн төө алгын,
Лахасаны жана алгын,
Байламталуу сөз алгын,
Аз албагын көп алгын,
Кирсиз көөнүң агарсын,
Он күндүк бер каралды,
Тайарлайын кемитпей,
Колумдан келген амалды.
- Айтканымды кылгының,
Атын айтып жүрбөймүн,
Берүчүңдү жыйгының,
Авазириң бүтүрсүн,
Өзүң мында тургунуң.
Деп Бекбача айтканы,
Калың журт тарап кайтканы.
Он күндөн бир күн ашырбай,
Айдап келди Таңгыттар,
Кыргыздан алган малдарын,
Олжолоп кеткен кыздарын,
Кулданып кеткен уулдарын,
Төөлөрүнө артышып,
Алтын-күмүш зарларын,
Калтырбай алып келиптир,
Асыл буйум барларын,
Жаргылчак куйрук кой келди,
Аз келбеди, мол келди,
Аргымак келди ат келди,
Айалдабай бат келди,
Коркулдап топоз ал келди.
Матандан сурап Бекбача,
Малдын санын алыптыр.
Колго түшүп өлгөнүн,
Элдин санын алыптыр,
Келген мал-пул караса,
Кыргыздан кеткен мал-пулдан,
Көп ашөпкө барыптыр.
Кыздын саны миң экен,
Кулдун саны миң экен,
Алтын артып жетелеп,
Келген пили бир экен.
Көрүп туруп Бекбача:
- Алдайгыр менен АладырЖерге катын жаз,-деди,
Ламаны мөөрүң бас, деди,
Миң кул менен миң күңдү,
Малды айдап бас деди.
Алтын, күмүш зар менен,
Азар-түмөн мал менен,
Катарлаган төө менен,
Топоз менен кой менен,
Алоолонгон ат менен,
Жерге алган кап менен,
Лопнурду көздөй жөнөдү,
Эр Бекбача салт менен,
Чиндил деген жер келди.
Эңиш тарткан бел келди,
Ошол жерге келгенде,
Конушбайдан Бекбача:
- Канчалык калдык жериңе,
Лопнурдакы элиңе?
Дегенди сурай калды эле,
Конушбай айтат ошондо:
- Тээ алыстан көрүнгөн,
Жайылып жаткан жалтырак,
Лопнурдун көлү эмеспи,
Ушул турган белибиз,
Алдайгырга ашуучу,
Чиндилдин бели эмеспи?
Эңиш тартып киргенде,
Кайра качар жери жок,
Бир өзөндүн ичи бул.
Бура карап Бекбача:
- Бер кел, - деди Матанды,
Кеңешкор кылып, жаныңа ал
Конушбайдай агаңды.
Бирин койбой кетиргин,
Таңгыттан келген адамды,
Таңгыт менен жакын жүр,
Мындай кылып амалды.
Таңгыттар эми келалбайт,
Келип колун сала албайт,
Миң уулу менен миң кызы,
Кайта элине барганда,
Көңүлүндө кир калбайт.
Бекбачанын кеби деп,
Бизге акыл эми деп,
Келгендердин ат-тонун,
Өзүнө берип бүт баарын:
- Кереги жок кишинин,
Кыргыздын алдым өз малын,
Мында турбай телмирип,
Үй-үйүңө кет барың.
Таңгыттын элин кетирип,
Малды айдап жеткирип,
Ак калпак кыргыз элинин,
Ат жетер жерин калтырбай,
Аксакалын келтирип,
Алып келген малдарды,
Мурунку кеткен малынын,
Азы-көбүн эске алып,
Таратып элге бердирип,
Аш-тамагын жегени,
Бүлдүргөчө бир нерсе,
Олжо буйла дебеди,
Жүрүп кетти Бекбача,
Эл аралап желдирип,
Котен жеркен-буларды.
Баарын көрүп алардын,
Абыдан көрүп аралап,
Азык менен аралды,
Кашкар менен жол жүрүп,
Ак калпак кыргыз эл көрүп,
Чеч төбө келип бел ашып,
Бактыбай менен көрүшүп,
Эсен-соосун билишип,
Таласка кетти Бекбача,
Карсылдашып күлүшүп.
Муну мындай таштайлы,
Тогуз хандын кыргызга,
Чабуулунан баштайлы.
ТОГУЗ ХАНДЫН ЧАБУУЛУ
Маңгыттардын хан Калдык,
Эки сапар жеңилип,
Жаталбады ардыгып,
Коросон, Испан элине,
Киши жумшап кат жазып,
Коросон, испан элдери,
Барбайбыз деп айтышты,
Кебин угуп алардын,
Баргандар кайта тартышты,
Карасаат хан Калдык,
Жедигердин Каракөз,
“Он эки миң кол алып,
Коросон менен испанды ,
Катар чаап олжо алып,
Кыргызга анан келели,
Таласына кол салып,
Коросон испан элдерин,
Катар чаап алганда,
Өзү келет жалбарып,
Ооган кошо барганга,
Кабар берип Каңгайга,
Бетиркени алабыз,
Алты хан эли баш кошуп,
Анан Талас барабыз.
Ар канча мыкты болсо да,
Жалгыз калды Бекбача,
Эркибизче талайбыз”.
Хан Каракөз, хан Калдык,
Айабаган кам кылып.
Он эки миң аскерди,
Алты миңден жам кылып.
Жуда, жүржүт, калчаны,
Колго айдап кар кылып,
Шанкай менен бараңды.
Талап алып аларды,
Коросон көздөй жол алды,
Коросонду кар кылып,
Кокуйлатып чаап алды.
Коркуп кетип испандык,
Кошуун берди аларга,
Кайыл болду оогандык,
Таласка бирге барганга.
Куралышып жыйналып,
Баш-айагы эсеби,
Элүү түмөн кол алып,
Таласты көздөй жөнөдү,
Жедигердин Каракөз,
Акылын башка бөлгөнү,
Ажал айдап шаштырып,
Көргүлүктү көргөлү.
- Маңгыттардын хан Калдык,
Сиз аркадан келиңиз,
Испан менен ооганды,
Аскерлерин жам кылып,
Балбандарын шай кылып.
Каңгайда жаткан Бетирке,
Аларга кабар салайын,
Андан ары түз жүрүп,
Жетисууга барайын,
Жетисууда Жедигер,
Жаңылап кошуун алайын.
Хан Каракөз келди деп,
Кыргыздын көөнү кир болсун,
Бетирке келсе кошулуп,
Кан агар жерден жошулуп,
Кубанчым бар көөнүм ток,
Каңгайдан кабар мен угуп,
Капкайда жаткан беш урук,
Баш билги эрлер баш кошуп,
Келет экен чоголуп,
Беш урук эли чогулуп,
Бетиркеге жол койуп,
Манжу, шибе-эки урук,
Кыдан моңгул –төрт урук,
Какандыктан бир далай,
Сөз бериптир кошулуп,
Шибе, солон азыраак,
Манжу моңгул көп эле,
Какандын эли кара курт,
Каптап келсе кызыл журт,
Уктабастан таң атат,
Ушуларды мен угуп.
Жүз миңге санын толтуруп,
Алакандай Таласты,
Талап алып кетели,
Ушул сапар кыргыздын,
Мүчөлү чыгар кезеги,
Деп Каракөз айтканда.
Анда айтат хан Калдык:
- Не жумуш болду Каракөз,
Мынчалык калдың ашыгып?
Кыргыз оңой жоо эмес,
Нечен катар барганбыз,
Канча миң аскер жам кылып,
Баш көтөргөн хандарды,
Эл сактоочу балбанды,
Баарысын койдук сайдырып.
Бекбача арзан эл эмес,
Кыргыз оңой эл эмес.
Оңойлук менен адамга,
Оморулар бел эмес,
Томтолото чабуучу,
Тоголок дөбө деги эмес,
Жер белгилеп алалы,
Күн болжошуп алалы,
Болжогон күндөн ашпастан.
Болжогон жерден жазбастан,
Чогулушуп калалы,
Чогуу жолго салалы,
Чоңу менен кичисин.
Ханы менен карасын,
Балбаны менен башкасын,
Көбү менен эли азын,
Биз билели барысын.
Барсаң баргын Каракөз,
Күн эсеби сегиз ай,
Калдык менен Каракөз,
Көөнү болуп өтө жай:
“Чогулушаар жерибиз,
Бадакшан болсо канетет?
Кыргызга болуп жар жөлөк,
Өзүбек жүрөт дердеңдеп.
Алты шаар Анжыдан,
Чаап алып кетели,
Бүтүн койбой тебелеп.
Самаркан, Ташкен,Маргалаң,
Анжыдан, Кокон, Наманген,
Атактуу шаарлар бул экен,
Майда-барат шаарлары,
Санаты далай бар экен.
Түндүгүндө Нарынды,
Атбашыда Бактыбай,
Каракыргыз ханыны,
Жып-жылма талап аларды,
Түгөтөлү барыны,
Жардам берер эл койбой,
Жар жөлөк болор эр койбой,
Жарымдатып элдерин,
Жарадар кылып эрлерин,
Жан-жанынан тийгенде,
Колго кирген кыргыздын,
Тик боорунан тилгенде,
Азык-түлүк кемитпей,
Берип жаткан Анжыдан,
Өзүбектен ажырап.
Өзү жалгыз калганда,
Карды ачып элдери,
Ачкалык азап тартканда,
Амалсыздан алдырат,
Анан бизге Бекбача,
Эгер андай кылбасак,
Тирек болгон өзүбек,
Томолото барбасак,
Басар жолун тар кылып,
Баш айлантып маң кылып.
Антип кыргыз албасак.
Алакандай кыргызга,
Азапты кантип салбасак.
Жүз миңге толуп кол барып,
Туш-туштан талап мал алып.
Күндүзү тыным алдырбай,
Түндөсү чырым алдырбай,
Колунда малга ээ кылбай.
Алалбайбыз кыргызды,
Мына мындай иш кылбай”.
Испандын туруп элинде,
Кеңеш кебин бүтүрүп,
Хан Каракөз жөнөдү,
Ошол жерден күчөнүп.
Жетисуу барып жай алып,
Кем-керчи жок камданып:
“Бадакшанга барганча.
Атбашыда Бактыбай,
Аны алганча барайын”,
Ойуна алып Каракөз.
Атбашы барды арсылдап,
Ат дабырты тарсылдап,
Ээрчиткен тайган иттерди,
Үн алышып карсылдап,
Мылтык атып тарсылдап,
Доолбас уруп заңкылдап,
Кернейдин үнү бапылдап,
Кулак-мээни тундуруп,
Таң калгандай шаңкылдап.
Нарындын кара койундан,
Каптап чыкты калкылдап.
Аргымак аттар алкылдап,
Асаба туулар жалпылдап,
Албарс кылыч жаркылдап,
Шайбандата бастырып,
Он миң киши шартылдап.
Душмандыгын билгенде,
Нарындагы кыргыздан
Эки киши жөнөдү.
Атбашыда Бактыбай,
Кабар айтып чапкылап,
Чалдыбарда коргондо,
Кошойдон калган ордодо,
Жаткан экен Бактыбай,
Эч немеден кам кылбай,
Алды-арты болуп ээрчишип,
Эки киши келиптир,
Душман келип калды, деп,
Айтып кабар бериптир,
Келген душман кайсы элден,
Анык дайнын билбептир.
Бактыбайдын ордодо,
Жайы-кышы былк этпей,
Багылып жаткан коргондо.
Токсон балбан бар экен,
Аттанып чыкса ак жолтой,
Ачык жолу шар экен.
Тобурчак аттан мингизип,
Ок өтпөс тондон кийгизип,
Тайарлап токсон балбанды,
Токтотпой жолго салганы.
Душманды тосо бар, деди,
Ким экенин аныктап,
Мага кабар сал деди.
Айылдагы кишиден,
Алтымыш киши атказып:
-Тарагай, Аксай, Арпага,
Малчыларга кабар айт,
Азыр болсун малына,
Ээлик болсун жаныңа,
Атбашыга бастырбай,
Кекенген душман ким болсо,
Мен барамын алдына.
Эр Бактыбай кам кылып.
Эл-журтуна угузуп,
Элдин көөнүн жай кылып,
Топчу кулак кер атчан,
Токсон балбан артынан,
Жүрүп кетти бастырып.
Элге азыр болсун,деп,
Кашкар жакка айттырып,
Азык менен аралга,
Хотен,Жерген буларга,
Лопнурда жаткан Матанга,
Эл бийлеген хандарга.
Атайлап киши чаптырып,
Кабардар кылып кыргызды,
Баарын тайар тургузду.
“Лопнур, Хотен, Жеркенге,
Азык, Арал, Кашкарга,
Манжу, моңгул, шибе бар,
Кара кытай солон бар,
Күн чыгыш,түндүк аржакта,
Ооган,испан,маңгыттар,
Жедигердин Каракөз,
Сегиз ай жүзү болгондо,
Бадакшанда табышып,
Кыргызды кылмак болуп түз,
Самаркан, Ташкен, Наманген,
Анжыдан, Кокон, МаргалаңЖерден эгин алдырбай,
Чабабыз деп быйыл күз,
Угулуп жүргөн кеп эле,
Жаздан бери ушул сөз.
Кабар уктум,көрбөдүм,
Кол келди деп Нарынга,
Угуп жүргөн кеп үчүн,
Тайар болуп тургун деп,
Кабар салдым барыңа,
Жашырынып сайларга,
Азыр болуп малыңа,
Келе жаткан ким болсо,
Мыктысынып катышпа,
Кабарсыз азыр бул иштен,
Таласта көкжал Бекбача,
Бекбачадан кеп укпай,
Бекеринен катышып,
Калбагыла капага,
Силерге окшош бир киши,
Жиберемин баатырга,”
Деп айттырып Бактыбай,
Кошойдон мурас калган кеп,
Элдин көөнүн кылып жай,
Тосо чыкты душманын,
Өзү жатып жай албай.
Келе берсин Бактыбай,
Токсон балбан алдында,
Алда эмне кеби бар,
Баштык болгон аларга
Деркембай деген жана бар,
Ошондон кепти угуңар.
Токсон балбан ат койуп,
Ат койгондо шарт койуп,
Тополоңдоп боз- түшүп,
Аркасында чаң калып,
Куртканын сазы дегенде ,
Кирип барды кечинде.
Жедигердин кара көз,
Талап алып элдерди,
Ырайына карабай,
Утур келген бендени,
Эркек-айал дебеди,
Барар жериң ошол деп,
О дүйнөгө жиберди .
Ким экенин билбеди,
Тик боорунан тилгени,
Койдой башын кескени,
Коондой ичин эшкени,
Бойго жеткен кыз болсо,
Талпак кылып тепседи,
Мөлтүрөгөн келинге,
Ак чач болгон кемпирге,
Билген ишти иштеди,
Мындан мурун ким көргөн,
Адамдан мындай иттерди?!
Алоолонуп мал сойуп,
Булоолонуп эт бышып,
Жалындатып от жагып,
Жаткан экен жан багып.
Акылга тыкан Деркенбай,
Жеткен жерде тил алып,
Элөөсүз кабар таратып:
“Эркек-айал дебестен,
Четте чыккын тең качып,
Утур келген кишиге,
Ак калпак деген кеп айтып.
Ак калпак кебиң болбосо,
Элөөсүз башың кесилет,
Эсиңди минтип кетирет.
Түн жарымы мезгилде,
Токсон балбан аралап,
Биз киребиз тебелеп,
Жедигердин кара көз,
Жашы аксын себелеп,
Алмадай болгон баштарын,
Ат алдында тебелеп,
Баатырдык кылсак жекелеп,
Бизге кимдер тең келет?
Шайы кетсе шалдырап,
Колго түшкөн силерден,
Койбой тамам баш кесет,
Келип калса Бактыбай,
Бизге жаман кеп жетет.”
Айтып кабар таратып,
Колго түшкөн элдерди,
Жолго көзүн каратып,
Эми качан келет,деп,
Жылдызды бирден санатып,
Карбаластап калганда,
Эрдемсиген жедигер,
Жесекчи койуп жай-жайга,
Жай алып жатып калганда,
Кара басып жесекчи,
Катындарга алданып,
Жол карабай калганда,
Колго түшкөн эр- айал,
Калбай жөнөп калыптыр,
Ак калпак десе ак калпак,
Оозунан муну алыптыр,
Колго түшкөн элдердин
Алды жетип келгенде,
Ак калпак сөздү билгенде,
Чыгара берип чет жакка,
Укмуш угуп алардан,
Эркек калбай келгенде,
Кызылкыз көргөм келинди,
Алып калды дегенде,
Деркенбай карап турбады,
Алты бөлүп он бештен:
- Манастап ураан чакырып,
Тиесиң,-деп,-ар жерден,
Бүт аралап кетпегин,
Жети ачык калганда,
Чыгып душман кетпесин,
Бириң миңден киши ал,
Эркелетип биздерди,
Эркин бакты кыргыздар,
Арам болуп калбасын,
Бекер жатып жеген нан.
Жаныңды айап айарлап,
Чабыттап жүрсөң мааналап,
Касиеттүү Бактыбай,
Мунуңарды таба алат,
Алдында бизди жиберди,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 14
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.