Latin

Асылбача - Бекбача - 10

Total number of words is 4247
Total number of unique words is 2253
31.1 of words are in the 2000 most common words
43.8 of words are in the 5000 most common words
50.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Шорун минтип катырды.
Каракөз, Калдык, Кызылкыз:
- Кандай амал кылабыз?
Туруп берсек өлөбүз,
Жалынып барсак алдына,
Жакшылык кайдан көрөбүз?
Өлүп кетти окшошуп,
Эки жубай төрөбүз.
Качып берсек калдаңдап,
Ого бетер эрдемсип,
Кууп кирет да дардаңдап,
Беттеше кетсек өчөшүп,
Кел бери деп барбаңдап,
Кан ичменин уулунан,
Кантип тирүү жан калмак?!
Дешип өңү кубулду,
Кең дүйнөсү куурулду,
Деги амалын табалбай,
Сарсанаа болуп куруду.
Анда айтат Кызылкыз:
- Хан Калдык, кебим угуңуз,
Мен күндү жайлап жаадырып,
Өзүнө сыйкыр өтпөсө,
Басаар жолун таптырбай,
Туман менен алдырып,
Тордойун жолун Асылдын,
Каңгайды карай чубатып,
Калмактын элин качыргын,
Башыңды алып мааналап,
Индикке кирип аралап,
Индистанга жашынгын.
Жедигердин Каракөз,
Жериңе баргын өзүң түз,
Сени хан катары карабайт,
Катарда киши санабайт,
Эмне болдуң акмак? деп,
Атайын киши саа барбайт,
Жергеси көп маңгыттын,
Улугуна арз айтса,
Батырып кетет таңгутун,
Бутка барып баш урат,
Аш тамагы бир турат,
Ал жерге барып Каракөз,
Туралбайсың сен чыдап,
Хандыктан кечип болбосо,
Кешмирге барып мааналап,
Тоо аралап жаның бак.
Экинин бирин кылбасаң,
Сага айла табылбайт.
Ары ойлонуп Каракөз,
Бери ойлонуп Каракөз:
“Эми болгон экемин,
Ордум менен жылма түз”,
Басар жолун биле албай,
Улутунуп үшкүрүп,
Өзөгүнөн өт жанып,
Куйкаланып от күйүп:
“Жедигерге барайын,
Жети ата өткөн эл эле,
Жер соңгубай турайын”
Деп ойлонуп Каракөз,
Жети суу жери кайда, деп,
Жедигер эли кайда, деп,
Бала кезден өстүргөн.
Баш маана болгон мага, деп,
Буйрук берди элине,
Жети сууга чуба, деп,
Жедигер чубап Жети суу,
Айласы кеткен эл ушу.
Маңгыттардын хан Калдык,
Муңгулдун элин узатып,
Каңгайды карай чубатып,
Бетиркенин ордуна,
Белгилеп киши бербеди,
Берден деген бирөөнү,
Баш болуп бар сен, деди,
Керек болсоң, каңгайлык,
Кабар кылам мен, деди,
Балан-пустан дебестен,
Башыңды бурбай кел, деди,
- Ортодо көп калк бар,
Жөн кеткиле катышпай,
Катылышып бирөөгө,
Калба таап албагын,
Качкан аскер дедирип,
Сыр алдырып салбагын,
Сыр алдырсаң элдерге,
Тирүүлүк жок силерге,
Турбагының, турба! – деп,
Чубагының, чуба, - деп,
Чубатып жолго салыптыр,
Мына ушинтип хан Калдык,
Ойуна муну алыптыр:
“Жакыныраак Ооганга.
Элин барып көрөйүн,
Жерин барып көрөйүн,
Ооган менен кыргыздын,
Чегин айрып бөлөйүн,
Ламдын бели Кыйма дейт,
Боз үй тиккен кыйба дейт,
Чүрчүт менен жуда дейт
Кыргызга душман бу да дейт,
Ламдын белин жер кылып,
Кыйбанын элин эл кылып,
Чүрчүт менен жуданы,”
Айдатып келип кол кылып,
Ооган менен колдошуп,
Мал айабай достошуп,
Ошолордон жол сурап,
Оогандан арбын кол сурап,
Берденден алып кол курап,
Аз курабай мол курап,
Карым казык болгончо,
Башым токмок болгончо,
Тукумуна Манастын,
Тутуш кылып көрбөсөм,
Тумшугу жок курган жан,
Бул көрөктү өлбөсөм!
Иранга киши салбасам,
Андан кошуун албасам!”
Санаасы менен ал байып,
Шабыркандын сайына,
Ламдын бели Кыймага,
Турмак болду түз барып,
Кыйбанын элин башкарып,
Чүрчүт менен жуданы,
Түп көтөрө кулданып.
Арасында калчаны,
Андай канча барчаны,
Ооганды көздөй жөнөдү .
Козголбостон жаткалы.
Асылбача арстанды,
Караңгы туман каптады,
Башы эки, колу төрт,
Мындай киши көп болду,
Караңгы туман арасы,
Жалындаган от болду,
Байкаса Асыл аңкарып,
Басар жолу жок болду.
Эки баштуу , төрт колдуу,
Кишилер кумдай куйулду,
Адам уулу көрбөгөн,
Ар саймандар колунда,
Чакчаңдашып келатыр,
Баатыр Асыл жолунда.
Бир денеде эки баш,
Ары-бери кылжыңдап,
Бир денеден төрт кол бар,
Ар тарапка арбаңдап,
Кишиге окшош буту эки,
Жүгүрүшүп тарбаңдап,
Туураланып жөнөсө,
Үрккөн төөдөй тайраңдап,
Курсагы чыгып чердейип,
Мойнун силкип калжаңдап,
Көккө тойгон уй , торпок,
Таначардай дардаңдап,
Кутурган иттей арсылдап,
Үндөрү суук карсылдап,
Аркасынан чуу чыгып.
Атылып мылтык тарсылдап,
Күн чагылып чартылдап,
Алай-дүлөй барсылдак,
Буурадай тиши кычырап,
Оозунан көбүк буртулдап,
Кабагын түйүп курчуңдап,
Жолборс болуп чамынып,
Кара кулак шер болуп,
Кара бойу керилип,
Кара суудай шарпылдап,
Каарын чачып арылдап,
Бууралар келет далпылдап,
Алдыңкы эрди шалпаңдап,
Тиши-тишке жанылып,
Таш чапкандай шакылдап,
Алп кара куш келатат,
Асман менен жык болуп,
Канаттары калкылдап,
Айгырлар келет аркырап,
Бээ кишенеп даркырап,
Койлор маарап чуркурап,
Шамал болуп дуулдап,
Чөптүн баары шуулдап,
Жердин бети буу болуп,
Көлдөр чалкып суу толуп,
Кара какыр шор болуп,
Кумдар ысып кор болуп,
Жыгачтар куурап жыгылып,
Зоңкойуп жатат торойуп,
Жерден чыгып кодойуп,
Таштын башы соройуп,
Доңуздары корсулдап,
Келарстары мултулдап,
Көк бөрүсү көп болуп,
Чөөлөр күлүп, шыңкылдап,
Мышыктары ыркырап,
Ысык шамал зыркырап,
Жебенин огу чыркырап,
Найзанын үнү күркүрөп,
Адамдын бойу дүркүрөп,
Тоодой дөөлөр келатат,
Жер жарылып сүлкүлдөп,
Оозунан оту буркурап,
Ак көбүктөр буртулдап,
Маймылдары жүгүрүп,
Аттап-аттап түйүлүп,
Көрүп турган адамзат,
Аманат жандан түңүлүп.
Ошондой заман кездерде,
Ойротто жок Кара көк,
Каадасы элден бөпбөлөк,
Жолборстук түрү кармады,
Калчадан калган найзаны,
Булгап колго алганы.
Адам уулу көрбөгөн,
Угуп атын билбеген,
Ар бир түрдүү жандарга,
Аралап кирди Кара көк.
Пилди сайып томпойтуп,
Дөөнү сайып зоңкойтуп,
Шерин сайып саксайтып,
Чөөнү сайып ырсайтып,
Жолборсту сайып жолуккан,
Кутулганы болгон жок,
Учураган жолунан,
Эки баштуу төрт колдун,
Кесилип башы мойнунан,
Теңи калды кодойуп,
Колдору калды чолойуп,
Бет келе албай баатырга,
Баары качып жоголуп,
Чыркыраган жебелер,
Зыркыраган шамалдар,
Баары кетти чачылып,
Кызылкыз кылган амалдар.
Эми күн көрүндү жаркырап,
Эркин шамал аркырап,
Кадимкидей кара жер,
Ордуна келди жадырап.
Күндү тоскон туман жок,
Манастан калган Кара көк,
Кылымда мындай адам жок,
Калдык кетти Ооганга,
Калмак кетти Каңгайга,
Басташып жүргөн көп кошуун,
Тарап кетти ар кайда,
Кызылкыз кетти ал кайда?
Из карады көп жерден,
Качкандар кайда кетти, деп,
Аркасынан барганга,
Аттын изин табалбай,
Амалсыз болуп калганда:
“Кең Кашкарлап жөнөйүн,
Качкан калмак жөн кетпей,
Катышкан болсо кыргызга,
Кыйындыгын көрөйүн,
Кароолчусу калар, - деп,
Көрсө кабар алар, - деп,
Асылды көрүп хан Калдык,
Келе жаткан экен деп,
Баары токтоп калар, - деп,
Бул кылганым меники,
Душманга кылган амал” деп,
Майторуну жетелеп,
Келе жатат энтелеп.
Ажал жетип эс танып,
Бүчүлүгү олпоктун,
Бири калбай чечилип,
Ырыскы түгөп, күн бүткөн,
Токтоо кылбай кечигип,
Жайдарың жаман келатат,
Боз баладай эсирип.
Кыпчактардын Койон алп,
Эл аралап, жер чардап,
Жат душман изи барбы, деп,
Келе жаткан жол карап.
Чыга калса бир белге,
Келе жатат шашылыш,
Калдаңдаган бир неме.
Дүрбүсүн бурап имерди,
Келаткан жанга жиберди,
Жетегинде Майтору,
Жат киши деп билди эми,
Атын аса байлады,
Алдыңдакы сеңирди,
Койчагыр мылтык бетке алып,
Мелжеп тиктеп калды эми.
Ошол кезде Кененим,
Бекбачаны ээрчитип,
Каңшаар кара кыр жакка,
Бул дагы жетип келди эми.
Көзү көрдү Кененим,
Келе жаткан караанды,
Мелтирете шыкаалап,
Тосуп жаткан адамды,
Майторуну көргөндө,
Кыйгач кармап найзаны,
Кыйрыма кирип келгенде,
Сайамын, деп камданды.
Мээнет, акыл таптырбайт,
Көкбөрүнүн Малакай,
Асыл кийип алганы.
Сеңирден чыга калганда,
Адам уулу ишенбе,
Шум дүнүйө жалганга,
Малакайды Койон алп,
Ачык айкым тааныды,
“Адамдан ашкан Асылды,
Көкбөрү сойгон экен” деп,
Ичинде сызып наалыды,
Жанды кантип айанды,
Машааны басып калганы!
Түтүн менен от жетти,
Жүрөктү кечип ок кетти.
Көкала аттан кайран эр,
Көмөрүлүп кеткени,
Кырданып барып оңолуп,
Көчүктөй түшүп олтуруп,
Айткан кеби бул болуп:
- Жыйырма беште мүчөлүм,
Дүйнөдөн кеттим жоголуп,
Көрбөй калдым Таласты,
А дүнүйө кеткен Манасты –
Чоң атамды бир көрбөй,
Маңдайга бүткөн шор болуп,
Белекке берип найзамды,
Тартып берип калканды,
Керээзим айтып өлсөмчү!
Бекбача калган чоңойуп,
Эрме талаа, ээн чөлдө.
Сөөгүм калып көмүлбөй,
Тайынсыз болуп жоголуп,
Кажыр, кузгун, түлкүгө,
Калдымбы эми жем болуп!
Туйагым жок аркамда,
Тууганым жок жанымда,
Же катын алып койбопмун,
Үн салар жок артымда,
Кабар айтар карга жок,
Кайран кыргыз калкыма!
Кененим кейип буркурар,
Чыныке ыйлап чыркырар,
Жатындаш эле Бекбача,
Сөөгү күйүп зыркырар,
Асыл өлдү деп укса,
Ак калпак кыргыз чуу турар.
Топо суутат баарыны,
Менден кыргыз түңүлөр,
Жедигер, маңгыт, калмактар,
Кадиги жок сүйүнөр.
Кадырым калкым билбейби,
Кененим атам, Чыныке,
Бекбача үчөө күйбөйбү!
Карманып адам калган жок,
Каран калган дүйнөнү!
Жыйырма беште кезимде,
Которуп минип атымды,
Которуп кийип тонумду,
Өзүм таап алдымбы,
Орунсуз жерден өлүмдү!
Ордунан туруп Койон алп,
“Көкбөрүнү сайдым, - деп,
Ажыратып тору атты,
Ачык жолум болдум, - деп,
Бачымыраак жетем, - деп,
Аттын изин кубалап,
Каргага кардып жардырбай,
Кузгунга көзүн ойдурбай,
Сагызганга чукутпай,
Шимшитип түлкү жойлотпой,
Салпылдатып, кажырды,
Аны учуруп ойнотпой,
Табам, - деген ой менен, Таап алсам Асылды,
Көкала атка артпасам,
Майторуну жетелеп,
Туптуура Талас барбасам,
Кененимге жеткизсем,
Болбосо жолдо каргашам”
Деп ойлонуп Койон алп,
Ат койуп кетип бараткан,
А дүйнө кеткен Асылдан,
Учуруп шамал сөздөрүн,
Кененимге алпарган.
Асылды кейиш кептерин,
Анык уккан Кененим,
“Көкбөрү өлгөн экен, - деп,
Атын минип, тон кийип,
Айла иштетип душманга,
Келген экен балам, - деп,
Айласын билип душмандар,
Атканы жаман болду, -деп,
Кескели башын баратат,
Кестирбей башын баламды,
Ажыратып калам” деп,
Кеңкулага камчы уруп.
Камчы урганда катуу уруп,
Талкалатып таштарды,
Кумдай кылып, тозгуруп,
Асылга жетип Койон алп,
Таанып түшө калганча,
Жеткен экен Кененим,
Качыргандан кайтпаган,
Жалаңгыч Сарык дегениң,
Ким экенин билбеди,
Найза менен сайбады,
Чойунбаш менен салганы,
Чачылып кетти Койон алп,
Дайынсыз болуп калганы.
Бекбача жетти аңгыча,
Асыбача кайран шер,
Ачып көзүн бардады,
Атасы менен инисин,
Айландыра карады,
Как жүрөктөн ок кечкен,
Тилин күрмөй албады.
Суналып Асыл бой жасап,
Жан үзгөлү баратты,
Кучактай калсам экен деп,
Бекбача чуркап жанашты.
Бекбачаны жеткизбей,
Кармай алды баланы,
Кылайып көздөн жаш чыкпай,
Мелтиреп туруп Кененим:
Бекбачага айтканы:
- Бекбача балам бетиң бур,
Мени карап туруп тур,
Мелжемдүү эки кебим бар,
Пейлиңди салып угуп тур,
Адам ата, Аба эне,
Андан бери карата,
Дүйнөгө келген тамам жан,
Баарын ажал сермеди,
Кой деп айтыш ажалга,
Бенденин алы келбеди,
Канчалык кылды каршылык,
Көзүнө ажал илбеди.
Кара жер соруп тойбоду,
Какшаган менен койбоду.
Жаман айтты кагынып ,
Жакшы айтты жалынып,
Адамдын алы келген жок,
Бул өлүмгө таарынып,
Эгиз элең уйадан,
Эрмек кылып силерди,
Баккан менмин чоң атаң,
Керээзим да, насаатым,
Эми, балам, сага айтам.
Асылдын алып жасатын,
Бул дүйнөдөн мен кайтам,
Асылбача, Бекбача,
Атаңар өлдү Сейитим,
Жыйырма эки жашында,
Энеңер кетти Кылжыке,
Кырчын келин кезинде,
Эмгичекти унутпай,
Менин жүргөн эсимде.
Талгак болгон Кылжыке,
Силерди төрөөр кезинде,
Оозунан мурун чыкканы,
Жолборстун болду жүрөгү.
Экинчилеп айтканда,
Тукуму деди чоң куштун,
Мен ошондо билгемин,
Жалган дүйнө шумдугун.
Өмүрү кыска жолборстун,
Узак өмүр көрө албайт,
Эсептеп жүрдү жыл санап.
Ушу быйыл Асылдын,
Жыйырма беште мүчөлү,
Ошол үчүн, Бекбача,
Мен келгемин ээрчитип,
Капаланба, камыкпа,
Жалгызмын деп жабыкпа,
Ак көөнүң менен кызмат кыл,
Ата журтуң алашка,
Арбагына жалынгын,
Атабыз өткөн Манаска,
Душмандын атын бастырбай,
Ээлик кылгын Таласка.
Каразгөй болбо Бекбача,
Жок жеринен калп айтып,
Өч алам деп башканын,
Элине барба кол тартып,
Жериңе келген душмандан,
Жашырынба баш катып.
Келген душман элиңе,
Балбан болсун, дөө болсун,
Аттуу болсун, жөө болсун,
Жалынып барба ал айтып,
Айыгышкан душманга.
Алданбагын кебине,
Атасы башка жат элди,
Келтирбегин элиңе,
Киргизбегин жериңе.
Оорутпай көөнүн кыргыздын ,
Элиңе болгун демилге,
Мээриңди салып караба,
Мен душманмын дегенге.
Кан кечишип кан ичкин,
Жалынып ага жүргүнчө,
Ууну чылап заар ичкин,
Тиги жаткан Асылдын,
Тур, кийимин сен чечкин.
Көйнөктү чечип салганбы,
Ок кечпейт эле жүрөгүн,
Кисесин, балам, карачы ,
Ошондо турат күмөнүм.
Киседен тапты көйнөктү,
Хан Калчанын найзасын,
Кармарына көрсөттү.
Башындакы туулга,
Көөдөнгө тарткан чарайна,
Үстүнө кийген бадана,
Далысында калканын,
Жоого чабар балтасын,
Кылычы кында салылуу,
Андай эчен канчасын,
Койон алптын Койчагыр,
Ал кезекте эрлердин,
Жоо кийими канчадыр.
-Алгын, балам, бол, - деди,
Агаң минген Майтору,
Минер атың бул,- деди.
Айткандын баарын Бекбача,
Амал кылып түшүндү.
Ал дегенин бүт алды,
Минген тору атты алды,
Көйнөктү алды, тон алды,
Алып бала болгондо:
- Чыныке өлсө, Бекбача,
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Жердигине койуп кой.
Уулу өлдү Сейитим,
Аманат жаным кейидим.
Асылбача эр өлдү,
Алжыганда Кененим,
Армандуу дүйнө не болду!
Назарың сынат, жаш бала,
Кеп кылбагын сен мага!
Кененимдин каарынан,
Көзүнөн чыккан жалындан,
Өңү өзгөргөн заарынан,
Көргөн адам түңүлөт,
Карап туруп жанынан,
Шамал жүрүп зырылдап,
Кененим турган жагынан,
Салынып кабак чүмкөлүп,
Кар жаачудай бүркөлүп,
Мурутуна муз туруп,
Ажыдаардай ышкырып,
Кеңкула минип болкойуп,
Кебез тоодой зоңкойуп,
Эңкейип алды Асылды,
Эч бир жакка карабай,
Муз жакты карай бастырды,
Барасың, ата, кайда?- деп,
Бекбача оозун ачканча,
Көрүнбөй көздөн жашынды.
Асылбача, Кененим ,
Кайып болду Муз тоодо,
Карап туруп Бекбача,
Карып болду ошондо.
Муну мындай таштайлы,
Кызылкыз менен Калдыктын,
Качканынан баштайлы.
КЫЗЫЛКЫЗ МЕНЕН КАЛДЫКТЫН КАЧЫШЫ
Ата менен аганын,
Экөөнөн тең айрылып,
Бекбача кыйын кайгырып,
Көкбөрүнүн көк ала,
Койон алптын Кой чаптарЭки атты жетелеп,
Таласты көздөй бет алып,
Жол тартып бала келе атат.
Сыйкыры артык Кызылкыз,
Асылды тосуп кала албай,
Амалы кетип аркадан,
Кайда барар экен, деп,
Бирге келген акмалап.
Койон алптын атканын,
Койон алпты Кененим,
Чачырата чапканын,
Бекбачага Кененим,
Акыл-насаат айтканын,
Асылдын алып сөөгүн,
Музтоону карай басканын,
Бекбачага Кененим,
Эми кайтып кыргызга,
Келбестигин айтканын,
Көк ала менен Кой чаптар.
Бекбача коштоп кеткенин.
Кагазга жазып кат кылып,
Көңүлүнө жат кылып,
Кара көз менен Калдыкка,
Баарын айтып билдирди.
Кызылкыздан кеп угуп,
Асыл өлдү, - деп угуп.
Токтоно албай удургуп,
Жедигер менен Маңгыттын,
Эли келди чогулуп,
Жедигер менен Маңгыттан,
Отуз миң киши жыйналып,
Жана булар жөнөдү,
Таласты көздөй бет алып,
“Кыргыздын баары ыйлоодо.
Кара жанын кыйноодо,
Кечиктирбей кыргызга,
Биз жетели ошондо.
Асыл өлүп сойлосо,
Кененим кетип жоголсо,
Таласты талап алабыз,
Эми барып биз болсо.
Бекбачасы канчалык?
Мыкты болсо, эр болсо,
Асыл менен жанашып,
Чыкпас беле аттанып,
Далдаланып чыга албай,
Үйдө жатты баш катып” Дешип булар калышты,
Күдүрөңдөп алышты,
Күүлөнүп жолго салышты,
Түн уйкусун бөлүшүп,
Өлүмдү сонун көрүшүп.
Кызылкыз айтат-мен көрдүм,
Бекбачаны баарыдан,
Кара мүртөз эр көрдүм,
Тулку бойу, турушу,
Ширөөсү капкан чойундай,
Канча күнү кармашта,
Жүрүүчүдөй нойубай,
Орто бойлуу, тууралжын,
Кең далылуу, кууш айак,
Копшогондой колдору,
Баатырлык сыны бар турат.
Мындай жүрбөй шашылып,
Ооган менен Каңгайдан,
Алсаңарчы кол сурап,
Көбүңдүн жараң бүтө элек,
Араң турат кансырап,
Жана барып кыргыздан,
Качпагыла самсаалап.
Сыйкыр өтпөс көйнөктү,
Ала кетти Бекбача,
Ар түркүн салдым өнөрдү,
Аларга сыйкыр өтпөсө.
Амал канча, ал канча,
Көп өнөрдү салаармын,
Көп амалды табаармын,
Дегеле сыйкыр өтпөсө,
Кандай амал кылармын,
Кызылкыздан кеп угуп,
Калдык менен Каракөз,
Болбой булар оолугуп:
- Бу сапар Талас киребиз,
Эркибизче кыргыздын,
Кара боорун тилебиз!
Одураңдап бул экөө,
Оолугуп жолго салышты.
Кимдин күнү бүттү экен,
Алдырашып калышты.
Эки тулпар ат алып,
Күн-түнү жок жол тартып,
Бекбача барды Таласка.
Кабар берип элине,
Чогултуп келип кыргызды.
Арбагы азыр Манаска,
Канчалаган мал сойуп,
Эч нерседен кабар жок,
Майга чыктап эл тойуп,
Куран окуп кол ачып,
Бата-дуба кылган соң,
Бекбача элге кеп айтат:
- Ак калпак кыргыз көп алаш,
Кебимди уккун-деп, айтат.
Баары журттун атасы,
Кылган иштен чыкпаган,
Эмгичекти катасы,
Салам айтты баарыңа.
Чыгып кетти Кененим,
Музтоо ата бооруна.
Асыл шер өлдү арманда.
Койон алптын колунда.
Койон алпты чоң атам,
Чокмор менен жайлады.
Эл-журтту издеп табаарга,
Сөөгүнүн тайны калбады.
Керээз кебин хан атам,
Айтып мага бүтүрүп.
Агам Асыл баласын,
Кеңкулага өңөрүп:
“Ак калпак кыргыз аман бол.
Бекбача, элге маана бол.
Чыныке өлсө күн бүтүп,
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Жердигине койуп кой”Деп, тапшырып алды жол.
Аманат кебин угуздум,
Баарың аман тургунуң.
Көк бөрүнү алган бейм,
Соот, чопкут, көк ала ат,
Алып келдим мен мында.
Койон алптын Койчаптар,
Коштоп келдим мен мына.
Кененимден кеп келди.
Алдыңарга Бекбача,
Боорлошун жеп келди,
Эки тулпар ат келди.
Кыргызга колун ким сунса.
Кыйкырышаар кез келди,
Кыжырланган душманга,
Кысталышкан заманда,
Ата журтум Алашка,
Кызмат кылар чак келди.
Чапкыласа чаалыкпас,
Алты ай чапса арыбас,
Такасыз минсе жай-кышы,
Туйагы болот жаралган,
Ташыркабас Май тору,
Минээр аты ал болду,
Жоо жарагым, кийимим,
Калбай баары тел болду.
Бекбачадан кеп угуп,
Асыл өлдү деп угуп,
Асылдын сөөгүн өңөрүп,
Кененим кетти деп угуп,
Кеп кыла албай далайга,
Келген кыргыз токтолуп:
“Асыл өлсө көмбөсө,
Кененим сөөгүн өңөрсө,
Сыйкыры артык эр эле,
Алып барып баланы,
Киши көрбөс бир жерге,
Дабаа кылып жатабы?
Ээрчитип асыл арстанды,
Бир күн келип калабы?”
Дешип булар муну айтып,
Кишинин баары муңайып,
Күн бузулуп сурданып,
Жайкалган Талас кайран жер,
Чөптүн баары кубарып,
Тоонун баары томсоруп,
Жандын баары мостойуп,
Жадыраган кайран жер,
Аңтарылып калгандай,
Күндүз болбой түн болуп,
Жөө туман каптап тунарык,
Жылдыз чыкпай жаткандай,
Муң басып туруп далайга:
“Кененим тирүү келет,-деп,
Асылбача эр болсо,
Бекбача бар эриң, деп,
Эриң тургай шериң” - деп.
Бирөө насаат айткандай,
Сүрүлүп туман чүмкөлгөн,
Ачылып күн бүркөлгөн,
Элдин көбү эс жыйнап,
Ак калпак кыргыз бүт ыйлап,
Алаштын эли жан кыйнап,
Мелтиреп акпай калган суу.
Агып кетти шаркырап,
Тумандын баарын тоздуруп.
Шамал жүрдү аркырап,
Арбагың, айкөл колдо деп,
Бекбача бар, болду деп,
Эки-экиден күбүрөп,
Алды туруп камынып,
Атын карай басканда.
Кош артуу сеңир тумшуктан,
Көп киши чыкты дүркүрөп.
Чыккан элдер тумшуктан,
Ак күмбөздөн эл көрүп,
Аз көрбөстөн мол көрүп:
“Алаштын эли амалсыз,
Арбагына Манастын,
Келген экен жалынып,
Туш-тушка тарап кетпесин,
Тымтыракай жайылып,
Тегеректеп калалы,
Ортого алып камынып.
Кененим кетип жок болсо.
Асыл өлүп жоголсо,
Чок-чоңдоп келип көрүнөөр,
Чогулган кыргыз эл болсо.
Күмбөздөн камап чыгарбай,
Убада сөзүн алалы,
Коргонго кирип так минип,
Кыймылдагыз болгондо,
Кызыталак кыргызга,
Кылбаганды кылалы,
Канын кыйан сел кылып.
Кылычтап башын кыйалы,
Жыйырмадан жашын ашканын,
Эркек-айал дебестен,
Кырып салып тыналы!”
Кара көз менен хан Калдык,
Жылдырбай туруп кырууга,
Жыпжылма-түптүз кылууга,
Кеңеш кебин тындырып,
Алтыга бөлүп аскерин,
Чар тарапка чаптырып,
Булар минтип жатканда,
Бекбача айтат кыргызга:
- Ушу турган кары-жаш,
Эркек-айал аралаш,
Бириндеп кетпей таракай,
Бириңе бириң каралаш,
Тиги топ душман кептенет,
Камынып келген армансыз.
Турган кыргыз саның аз,
Байрагын байкап карадым.
Жедигер, Маңгыт кептенет,
Байрагы жок Кангайдын,
Элүү менен жыйырманын,
Ортосу бери бөлүнгүн,
Карааның канча экенсиң.
Байкап мен бир көрөйүн.
Кыргыз эки бөлүндү,
Элүү менен жыйырманын,
Карааны үч миң өңдөндү,
Кары менен жаштары,
Катын менен кыздары,
Миңден ашуун чамасы.
- Мына бу турган кары-жаш,
Тобуңду бузбай тургула,
Бөлүнүп чыккан эрендер,
Үч миңче экен карааның.
Мен айтамын Бекбача,
Тилимди, кыргыз аласың.
Тегеректеп биздерди,
Дым чыгарбай алууга,
Колго түшүп калганды,
Артык сыйлай салууда,
Айла иштетип алдында,
Артында кыргын кылууда,
Алты бөлүм турган топ,
Жолдон кайтпайт аткан ок,
Аткан октой жанбас бол,
Ойрон кыргыз, оңбодуң,
Келээр ишти ойлогуң.
Алты киши айтамын,
Бу турган алты бөлүккө.
Жазбай сайып найзаны,
Кадагыла жүрөккө.
Ыктуу-шыктуу болгула,
Балта менен чокморго,
Орунбай, кал ордодо,
Абышка-кемпир балага,
Орунсуз киши жолотпо.
Токотай, Үмөт, Сатар кел,
Ормотой менен Койчу кел,
Беш бөлүккө ээ болгун,
Аты чыккан сен бешөөң,
Тозо чыккын жолунан,
Тобурлардын алдынан,
Беттешип калсаң чукулдан,
Бетиңди бурбай тик качыр,
Үмүт үзсүн жанынан,
Кол салбаса, кол салба,
Аралап элге кетпесин,
Билбей калба алдаса,
Эрдемсип чыкса жекеге,
Мен барамын алдында,
Атам Манас болгон соң,
Ким чыдайт менин каарыма?
Уу ичкендей кыйрасын,
Учур келген заарына.
Амал менен тор жайып,
Биз туралы камына.
Антип-минтип түн болсо,
Тыңдуулап ондон бөлүнүп,
Аралап тийгин сен болсо,
Манастап ураан чакырып,
Жакындап баргын эл болсо.
Ичибизде кыргыз деп.
Кырылып санын кемиткин,
Айла менен иш кылып,
Амалын жоонун кетиргин.
Таң атканда жаланып,
Мен киремин кол салып,
Коо кылып, топ бузуп,
Арасына жол салып,
Кыргын болуп кетпегин,
Теңелип мага эл барып.
Укмаксан болуп ким барса,
Жатындаш асыл келсе да,
Айабай башын кесемин,
Агам да болсо кечемин,
Отуз миңче карааны,
Бир күндө табам эсебим.
Качса душман калдаңдап,
Куубагының далдаңдап,
Аркамдан ээрчип чаппагын,
Эки буту салбаңдап,
Эрдемсип кирип барбаңар,
Көпкөн балдар, барбаңдап.
Арасында Кызылкыз,
Ар түрдүү салат сыйкырды,
Тирүү киши буза алгыс.
Кандай неме кез болсо,
Манастан башка айтпаңар,
Баарыңарга эп болсо,
Эртең күнгө азына,
Айчүрөк энем келет го,
Кызылкыздын сыйкыры,
Кылдай түптүз болот го,
Деп Бекбача айтканда,
Кыңк кылган киши жок,
Башын салып турушту,
Пейилин салып бекемдеп,
Кепти толук угушту,
Ар ким алды мойнуна,
Кыла турган жумушту.
Аңгычакты болбоду,
Алты жактан ар жерден,
Чаң көрүндү бар жерден.
Чакчалекей будуңчаң,
Топурак учуп жөө туман,
Маңгыттап ураан чакырат,
Жедигер деп бакырат.
Жеп ийүүчү немедей,
Келди тегиз чапкылап.
Белгилеген адамдар,
Алдын тосо барышты,
Бирине бири кол салбай,
Токтолушуп калышты.
Маңгыттардын элинен,
Жекелеп чыкты бир балбан,
Балакет баскан маңгыттын,
Келайтышын мен айтам:
Күүгүмдөгү устадай,
Күлгүндөп өңү таанылбай,
Керп миниптир менчейтип,
Маңдайда көзүн чекчейтип,
Колунда найза мекийип,
Ирмебей көзү чекийип,
Таноосу көөп барбаңдап,
Уй букадай дардаңдап,
Буурусундай буту сүйрөлүп,
Бутунун башы тийген жер,
Айдагандай жирелип,
Төрт карыш келет калыңы,
Алдыңкы ээрди түйрөйүп,
Үстүнкү ээрди калбайып,
Тердик беттей кулагы,
Ат кулактай далбайат.
Эки бети чарадай,
Далысы кең талаадай.
Эки эмчеги салаңдап.
Эгиз тууган баладай,
Булчуң эти салаңдап,
Кысыр эмди танадай,
Кабагы кез, өңү саз.
Кара нээт бул бетбак,
Тоо жылгандай дүңкөйүп,
Күркүрөп чочко келайтса,
Саздуу жерлер чылпылдап,
Көлчөк-көлчөк суу чыгат,
Кургак жерге келгенде.
Жер айрылып асманга,
Учуп жатат топурак.
Тил сүйлөбөс дудук бул,
Кулагы укпас дүмпөр кул,
Качырганды кайсаган,
Камандын бири манабул.
Өлүмдөн мунун шеги жок,
Эки айактуу кара баш,
Жумуру баштуу пендеде,
Мындай неме деги жок.
Маңгыт деп ураан чакырар,
Айта турган тили жок,
Сүр өттүү адам айбан бул,
Ачакей найза колунда,
Качырып жетти мына бул,
Жергенин сары талаада.
Асылбача - Бекбача,
Жалгыз бектин Бактыбай,
Жат үйрөткөн Кененин,
Жыйырма бешке чыкканча,
Кишиге найза сунбаган.
Жекелеп уруш кылбаган,
Манастын уулу Бекбача,
Бейбаш өскөн жаш бала.
Беттешип кирди качырып,
Каразкөй Маңгыт арданды.
Сайалбай найза кактырып,
Жана кирди кырданып,
Мурункудай аттыгып.
Кабылан туулган Бекбача,
Кайраты мунун башкача,
Каңгыта кагып найзасын,
Манастап баатыр бакырды.
Үнүн уккан Көкжалдын,
Тургандын баары шашылды,
Имерилип Кара көк,
Ылаачындай качырды,
Жеткен жерде найзаны,
Далысына батырды,
Эки имерип сайдырбай,
Маңгыттын шорун катырды.
Тоңкойуп керктен жыгылды.
Бекбача мыкты чабендес,
Жер тайанып болгончо,
Желкеден баш кыйылды,
Жана чыкты маңгыттан,
Мындан өткөн кыйыны.
Тор эти толгон Бекбача,
Карап турат кенебей.
Кара суудай уу келет,
Муну бучкагына теңебей,
Армансыз болсун эри, деп.
Көрүп турсун ханы деп,
Туруп берди кебелбей,
Тоо да болсо Бекбача.
Кулады тору аттан, деп,
Маңгыт менен Жедигер,
Кубанычты дуулдашып.
Туруп берген баатырга,
Күчү мыкты болсо да.
Андес эмес сайганга,
Өпкө боордун тушу, деп.
Күрс дедире найзаны,
Чарайнага сайганда,
Чарайнасы чатырап,
Үйдөй жалын чачырап,
Найзанын учу түйрүлүп,
Тай гылып кайта тайганда,
Жандап өтө берээрде,
Жанында чолок ай балта,
Чаап калды Бекбача.
Оң тарапка далыга.
Бекбача чапкан оңобу.
Өлбөй тирүү кобобу?
Залдарынан балтанын,
Үзүлүп кетти колкосу.
Көмөрүлүп дүм кетти,
Оозунан мөжүк кан кетти.
Ошол күнү Бекбача,
Менменсиген Маңгыттан,
Так он бешти түгөттү.
Күн уйага бекинди.
Күүгүм кирип, кеч кирди.
Душмандын эли алты топ,
Отуз миң колу саны көп.
Калдык менен Каракөз,
Таң агарып сүрүлсө,
Чабуул койуп кыргызды,
Талап алып кетүүгө,
Талабына жетүүгө,
Ниетинде турат бул экөө.
Жылдыз такта болгондо,
Бекбача айткан бизге, деп,
Алты бөлөк ар жерден,
Ондон киши бөлүндү,
Манастап ураан чуу болду,
Алты жерде оп-окшош.
Кан төгүлүп суу болду.
Ондон калган башкасы,
Жакындап барат Манастап,
Туруп албай бир жерде,
Ар тараптан чуу салат,
“Ичибизде кыргыз, - деп,
Таң атканча биздерди,
Түгөтмөк экен кырып” - деп,
Алты топ кошуун сүрүлүп.
Бир жерге келип жыйылды,
Кандан кыйан сел агып,
Таң атканча кырылды.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Арпа-буудай таанылып,
Келин каш болгон маалада,
Арстан баатыр Бекбача,
Амалы көп арбача.
Бир киши зыйан болбогон,
Кыргыз аман байкаса.
Бекбача амал кылды, деп,
Эси чыгып бизден, деп,
Жаман атты кылат, деп,
Майторуга камчы уруп,
Топуракты чачтырып,
Аралап тийди качырып,
Кыргыздар чыга бериптир,
Кыраан баатыр Бекбача,
Кыйырынан элге тийиптир,
Утур келген немесин,
Как боорунан тилиптир.
Сейрек жерге барбады,
Калдайган калың жеринен,
Жанын айап калбады,
Калык жерге кол салды,
Арасын ачып жол салды,
Орто жерин коо кылды,
Эр өлүгүн тоо кылды,
Ат өлүгү ар жерде,
Дөбө болуп жыйылды,
Беймаал жерден адамдын,
Мойнунан башы кыйылды.
Көрүп туруп Кызылкыз:
“Эми бир күн Бекбача,
Эл ким жүрсө аралап,
Жедигер менен Маңгытта,
Мыдыр этер жок калат.
Амал кылып буларды,
Ажыратып алам” – деп,
Апсун окуп үшкүрүп,
Ачкан оозун жыйганча,
Айагына дубасын,
Окуп тамам кылгынча.
Айланта курчап кыргызды,
Алоолонуп от күйүп,
Бир жагы Ала Тоо болуп,
Калдыраган муз көчүп,
Бир жагы кара зоо болуп,
Үнү сүрдүү таш кулап,
Жер жарылып жык чыгып,
Мелтилдеген көл болуп,
Турган жери кыргыздын,
Кара какыр чөл болуп,
Кыбыладан сурданып,
Булут чыгып бууланып,
Шамал болуп аркырап,
Бир жагынан закымдап,
Ысык чыгып лепилдеп,
Дымык болуп тер агып,
Кар бузулуп аңгыча,
Жер кайкаган сел агып,
Үстү көбүк буу болуп,
Айласын таппай кыргыздар,
Ичинде ызы-чуу болуп,
Аттын баары тушалып.
Эрдин колу шал болуп,
Айласы кетип кыргыздар,
Амалын таппай дал болуп,
Карылар ыйлап каркылдап,
Кыздар ыйлап солкулдап,
Катындар ыйлап эчкирип,
Арбагың менен колдо, деп,
Айкөл шерге жалынып.
Калбай ыйлап болкулдап,
Бекбачадан башкасы.
Басарга жолу тар болуп,
Кадимкидей чагы жок.
Калды кыргыз зар болуп.
Эркин жүргөн Бекбача,
Өзүнө сыйкыр өтпөдү.
Кызылкыз эми неткени.
Алмаштырып кошуунду,
Жедигер менен маңгытты,
Кыргыз кылып көрсөттү.
Кебелбеген кыргызды,
Жедигер менен Маңгытты.
Эли кылып көрсөттү.
Тааный албай Бекбача,
Чыгарарда тамтыгын,
Миңген аты Майтору,
Баспай турду былк этпей,
Айак серпип солк этпей.
Алда эмне болду, деп.
Башка чапсам тору атты.
Асыл көөнүн оорутпай.
Асыраган мал эле,
Түбүндө жаман болор, деп,
Карааны кыргыз көрүнгөн,
Жедигер менен маңгытка,
Бура тартып бастырса,
Мурункудай Майтору,
Басканына мал жетпей,
Желе басса жел жетпей,
Кылыктанып басканда,
(Баштакынын малдары,
Ал үчүн калган дастанда),
Жедигер, маңгыт чыдабай,
Камынышты качканга,
Ага чейин Кызылкыз,
Алмаштыра салды эле,
Арстаны минген Май тору,
Баспай туруп алды эле,
Алдында минген тору атты,
“Алда кандай болду, деп,
Душманды карай бурулсам,
Туруп алат Майтору,
Тууганды карай бет бурсам,
Алчактап басат Майтору”
Деп токтолуп ойлонуп,
Тура калып толгонуп,
Жана кыргыз жагына,
Бастырып көрсө бет буруп,
Башын силкип Майтору,
Эрекче басты шаңданып,
Жакындап кирип барганда,
Кыргыз тургай пенде жок,
Бир талаада турганы.
Кылымдан ашкан сыйкыр кыз,
Душман менен кыргызды,
Кайта-кайта кубултуп,
Эбин тапты баатырдын,
Эки айланып бурулуп.
Жедигер, маңгыт бет алып,
Кыргызга кирди ат салып.
Кылычтарын суурушуп,
Кыргызга кылыч жетээрде,
Кыргын кылып кетээрде,
Айкөл Манас арбагы,
Абаң Бакай карыга,
Не турасың , деди эле,
Абаң Бакай алдырап,
Ителгидей баркырап,
Аксакалы жаркылдап:
-Канасың, балам Айчүрөк,
Болгон белем кыргызга,
Кутулгусуз кыйын кеп.
Айкөлүм Манас мага айтты,
Не турасың, Бакай, деп.
Кана, балам турбагын,
Бир амалын тапкын,- дейт.
Ак куу болуп учпады.
Адамдан артык Айчүрөк,
Кардыгач болуп сызганы,
Асманда туруп Айчүрөк,
Кызылкызды көрүптүр,
Көлөкөсүн тийгизип,
Көрбөс кылып өтүптүр,
Кыргыз менен душмандын,
Арасына Айчүрөк,
Бекбачаны туйгузбай,
Жеткире салып кетиптир,
Көзү көрбөй Кызылкыз,
Күдүң көзүп тааныбай,
Эркин жүргөн кара бет.
Тура албады наалыбай:
-Заманында үч жылы,
Үйүңдө барып жат деген,
Бойго жеткен кыз болуп,
Барып турду Айчүрөк.
Атың сенин Кызылкыз,
Сендей сыйкыр табылгыс,
Ушул кылып жүргөнүң,
Болгону жок жакшы иш!
“Ороо казсаң тайыз каз,
Өзүң түшсөң, чыгарга”
Жер бетинин макалы,
Угуп алгын Кызылкыз,
Алдыңда келген кезимде,
Барбы, кызым, эсимде,
Айткан кепке тил алып,
Үч жыл жаттың үйүңдө.
Жана кайта келипсиң,
Талас деген бул жерге,
Көп элине Айкөлдүн,
Көрүнөө бузук салыпсың,
Асманда учуп калкылдап,
Артылып учур алкылдап,
Айкөл аттуу баатырдын,
Арбагы уруп калыпсың.
Таласта кылып сыйкырды,
Колуңа тийбейт намысың,
Тилимди алып, Кызылкыз,
Таластан алыс жылгыла,
Башка жерге мааналап,
Анан уруш кылгыла,
Жедигер, Маңгыт – эки урук,
Акыр түбү кыргыздан,
Түгөнүп калат кырылып,
Айтканда Чүрөк мындай деп,
Жылмаңдаган Кызылкыз,
Көзү көрбөй күдүңдөп,
Кулагы угат укмуш кеп.
Үнү угулат, сөздө жок,
Көрөйүн десе көздө жок,
Биринен бирин зор кылган,
Атанын арман дүйнө шок!
Ачык айтпай, үзө айтпай,
Кете берди Айчүрөк,
Айчүрөк кете бергенде,
Бүдөмүк болгон бу кыздын,
Умачтай көзү ачылды,
Көпчүлүктү карады.
Өзү баштап алдында,
Эки айлык жолго алып барып,
Таштап келген Бекбача.
Жедигерге бет алып,
Кетип барат зуңкуйуп,
Алда эмне шумдук деп,
Арамзада Кызылкыз,
Тиктеп калды сомсойуп,
Бекбачанын келгенин,
Көрө салып Кызылкыз,
“Алда кандай болду, - деп,
Эки айлык жолдон Бекбача.
Эми элге кандай келди, - деп,
Кыргызда кызык иш турат,
Көрүмбөй көзгө шыбырап.
Уктум элем укмуштан,
Акундун кызы Айчүрөк,
Ак куу болуп учат деп,
Ак балык болуп сүзөт, деп,
Сымап болуп көйкөлүп,
Жер түбүнө түшөт, деп.
Алтымыш эки дубаны,
Анык билет деди эле,
Жер жүзүнө сыйкырды,
Канык билет деди эле.
Манастын уулу Семетей,
Алган жары деди эле,
Ар качан келип Таласка,
Айла-амал кылганда,
Абдан ичи күйгөнбү?
Ар түрдүү кылып сыйкырды,
Аздырып мени жүргөнбү?
Абыдан сырын билейин,
Аз канакей кыргызды,
Кекилик кылып ийейин,
Абалап учуп баркылдап,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 11
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.