Latin

Асылбача - Бекбача - 21

Total number of words is 4116
Total number of unique words is 2203
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.3 of words are in the 5000 most common words
47.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Оморулаар бел эмес.
Кармаган найза сары жез,
Алжырга бала болду кез,
Күүлөп найза сайышты,
Сайдырбастан кагышты,
Бир беттешип жанышты,
Бирин-бири билишип,
Белгилешип алышты.
Күркүрөгөн күү чыгып,
Үндөрүнөн сүр чыгып,
Үрпөйүшүп тиктесе,
Эки беттин ортодон,
Бир байпактык жүн чыгып.
Бойу пас болуп Жагалмай,
Басалек тоодой Алжырды,
Төбөдөн ылдый чаба албай,
Бүткөн бойун каптаган,
Бүт темирге чаптаган,
Же кардын жара сайалбай.
Алжыр доңуз акырып,
Бар кайратын бакырып,
Сайып өттү баланы,
Балык эттин сөөм жерин,
Жарып өттү баланы,
Соорудан канын чубуртуп,
Малып өттү баланы,
Чычалактай кызыл кан,
Чычаңынан куйултуп,
Жайып өттү баланы,
Бөйрөккө найза жетпеди,
Анчалык тийген найзага,
Аңтарылып кетпеди.
Балык эттен найза жеп,
Баатырдыгым кайда деп,
Намыстанып арданды,
Айбалтаны колго алды.
Алжыр кайра тийгенде,
Найзасын кагып жиберип,
Кайта тийди имерип.
Ана мына дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Арстан бала Жагалмай,
Алтымыш койуп жиберди.
Найза балта аралаш,
Көөдөндөгү чарайна,
Найзанын учу така-так,
Төбөсүнө бой жетпей,
Далысында калканга,
Балтанын сырты чака-чак.
Ителги тийген таандай,
Имерип тийген жаандай,
Көз ачырбай Алжырды,
Уруп турат Жагалмай.
Дембелеп ура бергенде,
Бүткөн бойу чымылдап,
Сөөгү какшап зырылдап,
Жыйырма экиде Жагалмай,
Жаштарда болбойт жан андай.
Коргошун жүрөк, жел билек,
Корко турган бала эмес,
Түп атасы Жамгырчы,
Кем калуучу жан эмес,
Бүткөн бойу тарамыш,
Жаштардан артык жаралып.
Кара бойу катуу күч,
Кармашканын кылат түз,
Тулку бойу туура күч,
Тутушканын кылат түз.
Турган бойу баары күч,
Төрт жүз кырк төрт устукан,
Куйуп койгон чойундай,
Үч жүздү койуп жиберди,
Билеги талып нойубай.
Балтанын сырты чакылдап,
Найзанын учу такылдап,
Талыкпай уруп бергенде,
Алжырдын жапкан калканы,
Жарылып кетти талаалап,
Торгой көз темир бадана,
Ыдырап кетти салаалап,
Салаңдап чынжыр самсаалап.
Ал Алжырдын көзүнө,
Өлүм жакын көрүндү,
Качайын деп ойлоду,
Узартам деп өмүрдү.
«Эрдемсиген баланын,
Эбин өзүм табайын,
Анталаган баланы,
Табарсыктан жарайын,
Ичегисин иймелтип,
Көк чаар кылып сүйрөлтүп».
Деп ойлонуп кара ниет,
Алдыртадан канжарын,
Сууруп алды кара бет.
Амал кылып жатканын ,
Акыл ойлоп тапканын,
Билип калды Жагалмай.
Билбегендей кылкыйып,
Көз кырын салып кылтыйып,
Канжарын сууруп алганын,
Табарсыкка маларын,
Анык билди Жагалмай,
Абалкыдан беш бетер,
Катуу тийди Жагалмай.
Кадимкидей найзаны,
Так көөдөнгө сайат деп,
Чарайнадан найза өтпөй,
Так этип кайра жанат деп,
Найзасы тайып кеткенде,
Жандап өткөн кездерде,
Анан канжар малам деп,
Алжыр турат белендеп.
Эми ойлонду Жагалмай,
Кар жиликтин сооту жок,
Эндей чапан эле деп,
Чыканагын коомайлап,
Колун оңдоп алганда,
Найза салбай көөдөнгө,
Кар жиликтин булчуңга,
Сайып өттү Жагалмай,
Тарамышын тарата,
Жарып өттү Жагалмай.
Кар жилиги кан какшап,
Алжыр калды сайа албай,
Чыканактын кырк муунга,
Уңгусу менен балтанын,
Уруп өттү Жагалмай.
Кан жоошулду боорунан,
Канжары түштү колунан.
Кайраты артык жаш бала,
Карк күчүнө мас бала.
Кастап алды балтаны,
Эсен калган жагына,
Кар жиликке чапканы,
Кар жиликтен тайгылып,
Балта тийди шакшакка,
Сол колунун шакшагы,
Талкаланып кыйрады.
Таканчыктап Алжырдын,
Турар алы калбады.
Жара сайып булчуңун,
Сынбай калган сөөгү сак,
Колуна алды балтасын,
Күүлөп-күүлөп кысталак,
Бир колу жок чолойуп,
Жалгыз колго балта ала,
Эби келбей солдойуп,
Көтөрүлүп колтугу,
Ачылып калды көбүк эт,
Жана жетти Жагалмай,
Кыйамына келди деп.
Алжырга балта чаптырбай,
Күрт дедире найзаны,
Муштап өттү Жагалмай.
Сооту жок этине,
Баш боконо кабырга,
Кошулушкан четине,
Кайра айланып сайганда,
Жоон өпкөдөн кечире,
Сайган найза жеткени,
Өпкөнү кечип кеткени.
Өпкөдөн өтүп бул найза,
Жүрөгүнө мылк деди,
Найзаны тартып алганча,
Оодарылып атынан,
Ойон Алжыр шылк деди.
Алжыр аттан жыгылды,
Көрүп турган бир балбан.
Атын санга салганы.
Атырылып аргытып,
Артынан чаңды баргытып,
Айкырыгы таш жарып,
Аңтара сайып дүйнөнү,
Астын үстүн кылчудай,
Өрдөктөй мойну узарып,
Өрттөй көзү кызарып,
Аты-жөнүн сурабастан,
Айал-үйөл кылбастан,
Жагалмайды качырып,
Сала берди найзасын,
Жагалмайдай баатырдан,
Алып көнгөн канчасын,
Адатым деп ал доңуз.
Карап турган Жагалмай,
Найзасын өлчөп караса,
Как жүрөктүн тушунда,
Арзан амал таптым деп,
Сайдырбастан ушуга,
Найзанын учу тиерде,
Ат сооруга Жагалмай,
Чалкасынан сулады.
Каңгып найза кеткени,
Аттын оозун имерди,
Ашкере мыкты Жагалмай,
Аркасынан киргени.
Туулганын чети деп,
Мойун эттин бези деп,
Муштап өттү Жагалмай,
Кызыл канга найзаны,
Чыктап өттү Жагалмай.
Кулак түпкө найза жеп,
Томолонуп жыгылды.
Ат үстүнө тура албай.
Бирден-бирден баргын деп,
Калдык айткан бизге деп,
Ат койуп бирөө келатыр,
Арзан эмес бул баатыр,
Кабаттап темир кийинип,
Көкө теңир колдо деп,
Койнунда будка сыйынып,
Жаткан уйдай чойун баш,
Арта салып ийгенде,
Артылып келатат.
Чойун баштын күүсүнөн.
Шуулдаган үн чыгат.
Булгап-булгап күүлөсө,
Жайкы күндөй күркүрөп
Дуулдап үнү угулат,
Сапта турган далайдын,
Сийдиги агып чубурат.
Белин түйүп дүктүйүп,
Сары түк бетте үксүйүп,
Опурулуп күпүлдөп,
Көрсөтөм деп дүпүлдөп,
Качырып жетти чапканы,
Чаптырбастан Жагалмай,
Буга айла тапканы.
Каарданып жаш бала,
Андайга андес маш бала,
Кармай алды балтаны,
Чокморду шилтеп ийгенче,
Алдыртан өйдө Жагалмай,
Чыканакка чапканы.
Карс дей түштү оң колу,
Ыргып кетти чокмору,
Кайра атына бурулду,
Сак калган колго Жагалмай,
Балта менен бир урду,
Эки колу тең сынып,
Амалы жаман куурулду.
Кисепчесин ыргыта,
Сайып өттү Жагалмай,
Балта менен тизеге,
Салып өттү Жагалмай.
Эки колу бир буту,
Талкаланып жоголду,
Атка минип тура албай,
Томолонуп торойду.
Бирөө келет тың атчан,
Аркасынан чаң чыккан,
Алды жагын карасаң,
Куйун ойноп бургуйлап,
Туура жагын карасаң,
Бороон болуп жаткансып ,
Асманга чыгат топурак.
Жалгыз элден бөлүнгөн,
Алтоо болуп көрүнөт,
Найза бойу алдына,
Алты сай мөндүр куйдуруп,
Күн чагылып чартылдап,
Кулак мээни тундуруп,
Чоргосун алган көнөктөй,
Жамгыр жерге төгүлүп,
Жөө туман болуп бөлүнүп,
Тунарыктап сөгүлүп,
Аркасы ачык күн тийип,
Төбөсү тийип асманга,
Жер козголуп басканда,
Бир дөө келет далдактап,
Жандай чаап жете албай,
Жекеге чыккан Калдыктын,
Балбаны келет салбактап.
Ал экөөнүн артынан,
Алп кара куш келатат,
Канатын серпип калдактап.
Оозунан көбүк чачылып,
Эки буура келатат,
Төрт айагы тарбактап.
Эки кулжа келатат,
Мурду көөп барбактап.
Эки бука келатат,
Жерди чапчып дардактап,
Айуу келет саксаңдап,
Кара кулак шер келет,
Эки көзү чакчаңдап.
Жолборс келет күркүрөп,
Чөөлөр күлүп шаңкылдап,
Карышкыр келет кабышып,
Азуулары шакылдап,
Илбирс келет иймелип,
Куйругу жерге сүйрөлүп.
Каман келет дүктүңдөп.
Тапек мурун түйрөйүп,
Алган экен ал чочко,
Сыйкырды далай үйрөнүп.
Пилдер келди томпоңдоп,
Куйругу жок чолтоңдоп.
Жылан келди жыйрылып,
Жан-жаныбар калбады,
Куураган чөлгө жыйылып.
Кыргыздын турган бүт эли,
Мындайды мурун көрбөгөн,
Башын салды шалпыйып,
Калдык хандын аскери,
Ырсактап күлөт мылжыйып.
Майдандагы Жагалмай,
Жаштык кылып апкаарбай,
Жалгыздык кылып жалтанбай,
Алдында келген чоң дөөнү,
Сайып өттү жазганбай.
Баатырдан найза жеткени,
Сыйкырдын иши эмеспи,
Чалкалаган чоң дөөсү,
Чалкасынан кеткени,
Андан калган көп айбан.
Баары жерге житкени,
Жалгыз балбан калыптыр,
Жагалмайды качырып,
Жакасынан алыптыр.
Ачууланып Жагалмай,
Андай эмес, мындай деп,
Чачынан чапчый кармады.
Аргамжыдай чач экен,
Жолум үйдөй баш экен,
Чачы менен этегин,
Бириктире кармады,
Үзөңгү боого салганы,
Капталда булар кагышып,
Карсылдашып салышып,
Эңишке кирип жарышып.
Этектери жайылып,
Жакалашып тирешип,
Тамандашып тебишип,
Ат үстүндө күрөшүп,
Аттар тердеп чылпылдап,
Жуурулуп ылай былкылдап,
Куйкалары курушуп,
Азуулары кычырап,
Булкуп-жулкуп тартышып,
Соотторун булушуп,
Чынжырларын үзүшүп,
Койгулакка чыдабай,
Балтанын сырты жарылып,
Пар келгенсип бул экөө,
Баатырдыгы таанылып,
Туруштук кылбай туулга,
Төбөсүнүн жарылып,
Найзанын учу түйрүлүп,
Кылычтын мизи айрылып,
Кармашты булар камыкпай,
Күн кечирип түн келип,
Айрылышып баатырлар,
Аскерине келишти.
Жагалмайды кыргыздар,
Аттан жулуп алышып,
Алдына көрпө салышып,
Асырашып калышты.
Этинде бүтүн деги жок,
Айрылбаган жери жок,
Сөөгү эсен эт жара,
Тулку бойу турманы,
Ак жери жок бүт кара.
Карап көрүп Бекбача,
Кажырдын өтүн таптырып,
Жарасына чаптырып,
Кашкулак өтүн алдырып,
Ичине эзип бердирип,
Эр сийдиги, ат сийдиги,
Курмушуну чылатып,
Жылаңачтап жаткырып,
Эбептен берип чагынча,
Себептен берип алынча,
Медетти берип барынча,
Майга чылап жылкы этин,
Орто карта табынча,
Айыктырды баатырды,
Таң агарып атканча.
Барабан уруп аскерлер,
Атка минди аңгыча.
Ысык күндө какырда,
Көз тайгылып закымдап,
Асабалар калкылдап,
Байагы таңгут майданга,
Жана чыкты далпылдап.
Бүтөлбөгөн сооту,
Оңдолбогон шайманы,
Үлдүрөп шайы калбаган,
Көөдөнүндө бар жаны.
Тоо жылгандай талаада,
Кылычын ташка бүлөгөн,
Айрыгы отто ширеген,
Балтанын мизин эгеген,
Сыртына коло чырмаган,
Найза, кылыч, балтаны,
Баарын ууга сугарган,
Туулгасын оңдогон,
Соотторун тордогон,
Калкандарын кадаган,
Чарайнанын тешигин,
Темир койуп жамаган.
Олоңдорун чыңытып,
Минип чыккан атынын,
Куйушканын узартып.
Чойулуп кеткен турбайбы,
Мурунку күнкү урушта,
Үзөңгү боосун кыскартып,
Керек болчу шаймандын,
Жыртык жерин жаматып,
Кемтик жерин куратып,
Үзүлгөнүн улатып,
Кем-керчи жок камдаган,
Аттанып чыкты Жагалмай,
Ач арстандай кыргыздан.
Асабасы калкылдап,
Албарс кылыч жаркылдап,
«Манастап» ураан чакырып,
Жаш балапан баркылдап,
Күүлөп найза сундуруп,
Күүсү кулак тундуруп,
Качырышып беттешти,
Жан айабай сайышып,
Найзаларын кагышып,
Чама келип чарк жетсе,
Өлтүрө сайчу жерлерин,
Өлчөмдөшүп алышып,
Өлчөмдүү жерин тиктешип,
Алдыңкы эрдин тиштешип,
Кап сениби шүк дешип,
Кара жанга күч келип,
Аманат жандан кечкендей,
Кылга байлап таштады,
Кызыгышкан баатырлар,
Кыйын уруш баштады.
Балта, кылыч, найзадан,
Чойулуп чапкан чокмордон,
Аткан мылтык, тарткан жаа,
Эр куралы шаймандан –
Баарынан айла табылбай,
Амалы кетти кайран жан.
Аттан түшө калышып,
Карпаң-курпаң этишип,
Белден кармай алышып,
Кочкордон бетер койушуп,
Мурдунан канын чубуртуп,
Букадан бетер сүрүшүп,
Этегин белге түрүшүп,
Койун колтук алышып,
Орой-торой чалышып,
Эпсиз кыйнап жандарын,
Эмгекти мындай табышып,
Тегеретип серпишип,
Каттай бутка тебишип,
Айкырышып имерип,
Аркан бойу жерлерге,
Ыргытышып жиберип,
Аркага сүрүп барышып,
Алдын карай тартышып,
Жыгылбастан ийилип,
Тизеден жерге батышып,
Тегеретсе бурулуп,
Буту тизеге урунуп,
Өнүп турган түптүү чий,
Түбү менен суурулуп,
Томурайып жыгылып,
Таштын бети жойулуп,
Талаанын баары тилинип,
Кой эти бышым күрөшүп,
Көөдөндөшүп тирешип.
Бура тарткан жерлерди,
Буурсундай буту жирешип,
Бирин-бири жыга албай,
Далай амал кылышып,
Дегеле пайда табалбай,
Күрөштөн айла кеткенде,
Ат атына миништи,
Мурункудай баатырлар,
Карсылдашып киришти.
Этекти белге түргөндө,
Жөө күрөшүп жүргөндө,
Көрүп койгон Жагалмай,
Беттешип жаткан балбандын,
Соотторунун жыртыгын.
Байкап койгон белгилеп,
Баштан айак кийимин.
Ачууланып ал доңуз,
Айбалтасын алганы,
Таамай жакшы чаба алса,
Жагалмайдай баатырды,
Жалпайта чаап салганы,
Коондой башын мойнунан.
Корооздой үзүп алганы,
Кезенип келе жатканда,
Көтөрүлүп күрөкө,
Карчыганын балык эт,
Күрөкөсүз калганы.
Анык көрүп төп билип,
Балтаны таштап жиберип,
Найзаны кармап имерип,
Ирмебей көзү тиктеди,
Эрдин кесе тиштеди.
Балта менен чапкынча,
Күрөөкөсүн көтөрө,
Карчыганын сүбөөгө,
Найзаны муштап жиберди.
Муштаган найза нетиптир,
Катарынан бөйрөктү,
Тепчип өтүп кетиптир.
Кырк кабырга кыйрады,
Кыйынсыган кысталак,
Кырданып жерге кулады.
Тоо жыгылган немедей,
Тоңкойуп өлүп жатканы.
Намыстанып дагы бирөө,
Майданды көздөй ат салды,
Аскер кайра түшүүчү,
Болуп калган убагы,
Жагалмай сындуу жаш бала,
Кыргыздын күйгөн чырагы,
Жыйырмада жашы бар,
Солкулдап турган убагы,
Карт күрөңдөн кем эмес,
Алдында минген бууданы,
Тоодой эрди сулатып,
Толгон жаштын чыйрагы.
Каскаксыз найза өңөрүп,
Келаткан чочко көгөрүп,
Найзасын какпай катышып,
Найза салбай сайышып,
Өтө берип Жагалмай,
Кайта тийди имерип.
Сайып өттү торойтуп,
Жазылыгы төш жары,
Жалаң болот испанды,
Кармай алды сабынан,
Сууруп алды кабынан,
Башын кесип жөнөдү,
Таарый чаап мойнунан.
Мен-мен деген балбаны,
Качырып найза салганы,
Чокморун үйдөй чоңдору,
Колтуктарын чойгону,
Эшик эндүү балтачан,
Жаркылдатып жанына,
Жалаң кылыч байланган,
Тирүү таңгут келбеди,
Чакмакташ менен Жагалмай –
Эки жашка барганда,
Буйрук берди капта деп,
Чыдай албай Калдык хан,
Кара аскер башын тартабы,
Каны кылган жардыктан.
Элүү миң аскер кырк балбан,
Тоодой Калдык баштаган,
Ат койуп кирди турбастан.
«Манастап» кыргыз урааны,
Адамдын тунат кулагы.
Мындай чууну укпаган,
Найза, кылыч, балтасын –
Баарын таштап атыптыр,
Кулагын басып кош колдоп,
Таңгуттун баары жатыптыр.
Айкын билип Кетиркей,
Буйрук кылды мындай деп:
- Ураанды жакшы салгын,- деп,
«Манастап» ураан айтканча,
Тоңкойуп жаткан элдердин,
Көзгө толгон эрлердин.
Шайманын жыйнап алгын деп.
Белиндеги кылычын,
Чечип алса белинен,
Кантесиң деп айтпады,
Кулагын басып кол колдоп,
Үстөмөндөп жатканы.
Тепсеп жүрсө турбады,
Башын өйдө кылбады,
«Бөрк ал десе баш кескен»
Мындай эчен ургандар,
Былк этпей жаткан чандандын,
Башын кесип салганы,
Кылычын канга майлады.
Сүр-сүр түшүп ызы-чуу,
Таң агарып кылайды.
Шоолалап Калдык караса,
Кыргыздын туусу солк этпей,
Хан Кетиркей турганы.
Өзүнүн элин караса,
Ат үстүндө бирөө жок,
Карапайым кыргыздар,
Далайдын башын алганы.
Байкаса Калдык аңкарып,
Жүзчөлүк кыргыз бир жерде,
Чылбыр, тизгин бош кеткен,
Жыйнап жүрөт атты алып.
«Жагалмай менен Чакмакташ,
Бир күндүккө чыдабас.
Кан Кетиркей калганы,
Каарыма чыдап тура албас,
Бекбача бар балакет,
Эрдемсип кирсем теминип,
Өлүп кетет курган баш.
Жашым кыркта кырдамын,
Бекбача көрүп калганча,
Бир жакты көздөй жылайын,
Адырда жүргөн бир топтун,
Бирин койбой кырайын,
Бир четинен кыргыздан,
Өч алганча турайын,
Жагдай келсе жарашып,
Айбалкайдан тик жарып,
Өт алганча турайын»
Деп хан Калдык кобурап,
Арамдык бүгүн ниетине
Ат жыйнаган элдердин,
Жетип келди четине,
Кардыгач анда бар экен,
Ошол элдин ичинде,
Кардыгач кандай жан экен.
Аны Калдык билбеген,
Сексенчелик киши экен,
Буларды көзгө илбеген,
Жеткен жерде тоңкойтуп,
Сайып кирди бир четтен.
Жыгылды деп тим койбой,
Ичинен канын чубуртуп,
Боорун жарып өт алып,
Куну деген дары деп,
Жүрөк канын кошо алып,
Жыйырмача кишини,
Өлтүрүп ийди өч алып.
Көрө койуп Кардыгач,
Чакмакташ менен жатындаш,
Бир курсактан эгиз баш,
(Кээ бирлери кошмок деп,
Эки түрдүү кеп айтат)
-Эрди сайып алмак бар,
Ичин жарыш кайда бар?
Нарк нусканы билбеген,
Сендей айбан кайда бар?!
Айкырып жетти Кардыгач.
«Жаш гана кай бала экен,
Ажал алып жакадан,
Жолу тийбей өлгөнгө,
Шашып калган чагы экен»
Деп ойлонуп Калдык хан,
Айбан деген кеп угуп,
Айабай жаман ардыккан,
Күркүрөтүп найзасын,
Күүлөп алды кара ниет,
Жаш карынын ылгабас,
Ичи заар, кара бет.
Теектүү найза албады,
Такалып калат кокус деп,
Каскаксыз найза алганы,
Качырып жөнөп калганы,
Калдык менен беттешип,
Кардыгачтын ичинде,
Калганы жок арманы.
Калдык келет мекийип,
Ирмебей көзүн чекийип,
Алайын деп баланы,
Найзага илип көтөрүп.
Сайдырбады Кардыгач,
Он тогуздан өзү жаш,
Өзү аргын уруусу,
Бала мындай туулбас.
Найзасынан үн чыгып,
Кайраты толук жетик баш.
Карса-курса сайышып,
Каңкылдатып найзасын,
Сайдырбастан кагышып,
Имериле калышып,
Эми чындап салышып.
Найзасы сынды Кардыгач,
Калдык жаман каарданды,
Сайамын деп баланы.
Апкаарыбай Кардыгач,
Жалындаган найзаны,
Жазганбастан кармады.
Сабы калды колунда,
Байыркынын кептери,
Байандап айтса сонунда!
Учунан кармап Кардыгач,
Тарткылаша кеткенде,
Учунда уңгу темири,
Суурулуп чыгып кеткени.
Сабы калды Калдыкка,
Учу жок найза сайганга.
Сойулдай күүлөп имерип,
Кардыгачты чапты анда.
Чаптырбастан Кардыгач,
Балта менен какканда,
Найзанын сынган жыгачы,
Зыркырап учат асманда,
Кайраты толук Кардыгач,
Жазылып калды дастанга.
(Эрикпейт да зерикпейт,
Элден жыйнап мындайды,
Акын Балбай жазганга.
Алтымыш бештен ашканда,
Эстеп Жусуп айта бер,
Агаңдан калган нускаңды,
Жайып элге чачканга)
Найзадан булар айрылып,
Балтасын алып камынып,
Жана кирди Калдык хан,
Ач бөрүдөй чамынып.
Туулгага чаптырбай,
Балтаны тосо бергенде,
Айбалтасы Калдыктын,
Сырты кетти жарылып.
Тик качырды Кардыгач,
Балтасы жок Калдыкты,
Чабайын деп жапшырып.
«Таамай чапсам ким болсо,
Бул дүйнөдөн узатам,
Ал дүйнөгө тапшырып».
Жаш балапан Кардыгач,
Жан айабай баратат.
Маңгыттардын Калдыгы,
Ичине батпай ардыгы,
Такымдагы чойун баш,
Жолум үйдөй чоңдугу,
Булгап-булгап имерди,
Кардыгачты чокуга,
Чойун баш менен жиберди.
Балта менен чокморду,
Салып калды Кардыгач,
Сырты тийбей балтанын,
Мизи тийип чокморго,
Калдыктын чапкан чокмору,
Күчтүү чапкан чоң балта,
Капталынан тийгенде,
Ыргып кетти капкайда.
Кардыгачтын балтасы,
Кошо кетти чокморго,
Сабы калды колунда.
Капыр Калдык карарып:
- Эмикинин балбаны,
Ааламга тийген зардабы.
Бекбача мындай кылбады,
Муштумдай болгон жаш бала,
Мени ушундай кыларбы?
Жанындагы кылычты,
Кабынан суурганы,
Кыйамына келтирип,
Кыйа чаап белинен,
Кыйырынан кылыч урганы.
Билбей калбайт Кардыгач,
Найза кагар шылк баш,
Бүлдүргөсү белгилүү,
Кемерине илинүү,
Жулуп алды Кардыгач,
Кылычты кандай чабарын,
Байкап калды Кардыгач.
«Кысталак буруттун,
Жарык күнү түгөндү,
Бул дүйнөдөн жөнөдү»
Деп Калдык катуу кезенип,
Жайылданып алыптыр,
Туура белди болжолдоп,
Кылыч шилтеп калыптыр.
Ылаачындай шамдагай,
Өтө андес Кардыгач,
Кармап турган оңтойлоп
Шылкы мойун чойун баш,
Дал бетине кылычтын,
Жаза чаппай какканда,
Өзү болот темирден,
Сугаты катуу берилген,
Шылкы баш катуу тийгенде,
Үзүлүп кетти белинен,
Сабы калды колунда,
Тутамчалык темирден.
Калдыкты кудай урганы,
Кардыгачты жакадан,
Колун сунуп кармады,
Кардыгач туруп албады,
Жакадан бу да кармады.
Кардыгач адис бала экен,
Кан Калдыктын колуна,
Канжыга орой салганы.
Кардыгач мурун көрбөгөн,
Калдык өңдү балбанды.
Калыңдыгы бир эли,
Жазылыгы төрт эли,
Ийлеген бугу кайышты,
Чирене түшүп тартканда,
Үзүлүп кетти чарт этип,
Билегинин териси,
Сойулуп чыкты шалп этип.
Кан Калдыктын колунда,
Билегинде тери жок,
Аны Калдык кенебей,
Элеп койгон жери жок,
Эр азамат неме экен,
Эрдигинин эби жок.
Эрлеринен ажырап,
Ичи ачынган Калдыктын,
Жанын айар жери жок.
Он тогузда Кардыгач,
Ушунчалык кылганга,
Калдык жаман ардыгат,
Капаланып хан Калдык,
Кайгыдан өңү саргарып,
Кетелек деген куралын,
Эптей кармап колго алып,
Чачыратып жоготуп,
Кетейин деп бир салып,
Ачууланып белсенип,
Эрдин кесе тиштенип,
Кардыгачты качырды,
Күүлөп алып тап берип.
Чаптырбады Кардыгач,
Сала берип олутун,
Кара жерди чаптырып,
Эрди чаппай жерди чаап,
Эң эле жаман ардыгып,
Улай үчтү чапканча,
Чаптырбады жаздырып.
Калдык жаман кара ниет,
Абийири жок кара бет,
Чаптырбады Кардыгач,
Чабалбай Калдык ардыгат.
«Кардыгачтын өзүнөн,
Кыйын экен Буурул ат,
Буурулду бутка атайын,
Ажырап аттан калганда,
Жер жаздантып чабайын».
Арамдык кылып ал доңуз,
Жебени алды колуна,
Аткан огун Калдыктын
Тийгизбей кармап алсам деп,
Кардыгачтын ойунда.
Калдыктын тарткан жебеси,
Буурулдун тийди колуна,
Колу сынды Буурулдун,
Калдыктын аткан огунда,
Карап турган Жагалмай,
Арткы элдин тобунда,
Койгон бойдон жөнөдү,
Кардыгачты куткарып,
Ала кетиш ойунда.
Жагалмайды Калдык кан
Жазбай таанып билгени,
Минген аты Эликсур,
Атын атып жиберди,
Жебенин огу жеткени,
Кулак түптүн безине,
Жебенин огу мылк деди,
Жаадай учкан Эликсур,
Бутадай учуп кетти эми.
Калдык койуп баратат,
Кардыгач менен Жагалмай,
Катар башын кескени.
Калдык башын кесер деп,
Кардыгач менен Жагалмай,
Катар өлүп кеткенде,
Ишибиз болоор бекер деп,
Басып калган Чакмакташ,
Бутун айап чебердеп,
Бозала менен койгулап,
Зырылдатып жебени,
Демеп тартып чойгулап,
Манас деген үн менен,
Канаттуудай зыркырап,
Көргөнгө түрү бир башка,
Ажыдаардай сүр менен
Чакмакташты көргөндө,
Калдыктын бойу сезгенди,
Колундагы жебени,
Чакмакташка имерди.
Жебесин Калдык тартканча,
Чакмакташ тарткан жебеси,
Калдыктын колун шакшактан,
Талкалап чыгып кеткени,
Колундагы тарткан жаа,
Жерге түшүп кетти эми.
Кайра тартып калдактап,
Калдык качты далбактап,
Өпкөлөтө теминип,
Эки буту салпактап,
Бозала менен Чакмакташ,
Кууп барат дардактап,
Коркуттум деп Калдыкты,
Чаначтай көөп барбактап,
Эр чырагы эки көз.
Маңдайында алактап,
Аркардай таштап арышты,
Бозала барат шалактап,
Териге сыйбай Чакмакташ,
Бара жатат далактап.
Калдык минген Карасур,
Жаадай учуп зыркырап,
Ылаачындай дыркырап,
Аркасында чаң калып,
Бута атым жерде быркырап,
Бозала менен Чакмакташ,
Жетер-жетпес баратат.
Алдыңкы жерди карабай,
Ой-чуңкурду санабай,
Өлүмдү калды унутуп,
Кылча жанын айабай.
Аркан бойу эни бар,
Калдык жетти бир аңга.
Айагы эки бөлүнгөн,
Аңкайып Калдык караса,
Аттатып өтүп бир аңдан,
Жарды бойлоп жөнөдү.
Көрө салып кардыгач:
- Калдыктын алды аң экен,
Аң болбосо жар экен,
Түз кете албай бултактап,
Жол таба албай калды,- деп,
Мен тосойун алдын деп.
Минген атын чуратып,
Артынан чаңды чубалтып,
Кыйа артып жөнөдү,
Каргаша келип капташса,
Адамдын көзү көрөбү,
Катар келген кош аңдын,
Туурасы сүрөө бута атым,
Бозаланы Чакмакташ,
Камчы менен шыбады,
Эти ачынган Бозала,
Арыштап катуу чуркады.
Аттап чуркап кош аңдан.
Эки колу жар чапчып,
Эки буту аң тепсеп,
Чалкасынан жыгылды,
Аты менен Чакмакташ,
Жер кемерге тыгылды.
Аркасын Калдык карабай,
Качкан бойдон кетиптир,
Чакмакташтын артынан,
Кардыгач улай жетиптир.
Чакмакташты тар аңдан,
Тартып алды Кардыгач,
Бели үзүлүп кетиптир,
Жашылданып көздөрү,
Өлүп кетти Бозала ат.
Чакмакташты Кардыгач,
Мингизип алып атына,
Жетелеп кетип баратат.
Кылчайбай Калдык качканча,
Индустан кирип кете албай,
Текси тоо бойлоп жөнөдү,
Улуу ингенге жете албай,
Моңгулдан башка Калдыкка,
Баш калкалаар жери жок,
Башка элге Калдык бата албай,
Коктуга кетти кан Калдык,
Муну мындай таштайлы,
Бекбачанын Көйкапта,
Жомогунан баштайлы.
БЕКБАЧАНЫН КӨЙКАПТАГЫ ЖОМОГУ
Чакмакташ менен Жагалмай,
Ажырап аттан жөө калып,
Кан Кетиркей Жагалмай,
Чакмакташ менен Кардыгач,
Бекбачаны таба албай,
Кай кеткени белгисиз,
Эч дарегин биле албай,
Жай жайына тарашып,
Калдык келип калат деп,
Күндө жолду карашып,
Көргөн билген барбы деп,
Бекбача менен Калдыкты,
Кулакташып турушту,
Лопнур, Азык аралдан,
Кашкар, Жеркен, Анжыдан,
Таластан бери сурашып.
Мындай күнү пайдасыз,
Жоголуп кетти Бекбача,
Мындан кабар угалык.
Эр Бекбача төрөбүз,
Адамзат бендеге,
Ар түркүмдүү иш келет,
Аны кимден көрөбүз?
Азелде кеткен жазууга,
Амалсыз адам көнөбүз.
Аралашып кең кумда,
Уруш болгон күнүндө,
Бойго жеткен бир кызга,
Учурап калды Бекбача,
Шамга аралаш бүрүлдө.
Учураган көркөм кыз,
Кийгени көркөм дүрүйө,
Мындай көркөм болбоско,
Жаралган жалган дүнүйө.
- Баатырдын уулу Бекбача,
Арызым бар сага айтарга,
Арбагы үчүн атаңдын,
Атыңдын башын бура тур,
Арызымды айтам уга тур.
Атам пери баашасы,
Нурзат койгон өз аты,
Жалгыз кызы Нурфану,
Арызым айтам уксаңчы.
Көйкаптын жери чамалаш,
Дөө менен пери аралаш,
Мусулман пери, капыр деп,
Дини экиге айрылат.
Дөө перинин учарга
Экиден бар канаты.
Мусулман пери биздерде,
Окшош учар канаты.
Дөө перинин аттары,
Өзүндөй эки канаттуу,
Мусулман пери аттары,
Төрттөн болот канаты.
Падышасы дөөлөрдүн,
Күйдаңдын уулу Татылда,
Эдебин берген ар кимдин,
Кокусунан катылса.
Мени көрүп суктанып,
Аламын деп кастады,
Кырылышып ар айда,
Дөө менен пери аздады.
Адамдан чыккан Кызылкыз,
Сыйкыры артык ушул кыз,
Периге барып ойунга,
Айчүрөк жайын айтканы.
Кызылкыз ээрчип Көйкаптан,
Айчүрөк келдим маана издеп,
Айтуусу менен Чүрөктүн,
Эми таптым сени издеп.
Изимди жазбай кубалап,
Татыл дөө келет мени издеп.
Атаң Манас шер болсо,
Көйкапка батпай периге,
Маана издеп келдим мен болсо,
Татылга тийип кетмекмин.
Динибиз окшош эр болсо,
Динибиз башка болгон соң,
Тийе албадым Татылга.
Көйкаптан учуп сени издеп,
Келип турам алдыңа,
Рапы Мискин жериңе.
Рапы Мискин төрт бөлөк,
Сени издеп Бекбача,
Асманда учтум көкөлөп.
Күмбөзүнөн Манастын,
Бакай абам Айчүрөк,
Көрүп келдим көз менен,
Алдыңа келдим Бекбача,
Чоң энең айткан сөз менен.
Алтын чырай нур жүзүң,
Көрүп турам өзүм мен.
Карсылдашып кан кечип,
Урушта жүргөн күнүңдө,
Өзүң менен көрүштүм,
Караңгы шам бүрүлдө.
Касташканың Кызыл кыз,
Хан Калдыкка талапташ.
Болгон экен башында,
Барба деди чоң энең,
Келе албады кашыңа.
Чоң энең айтып далай кеп,
Уйалып калды Кызылкыз,
Кылганына бушман жеп...
Ушинтип айтып турганда,
Күркүрөгөн күү чыкты,
Күн чагылган сүр чыкты,
Калчылдады Нурфану,
Калтылдады кара жер,
Соолуду өңү Нурфану,
Солкулдады кара жер.
Таманы жерди солкутуп,
Төбөсү көккө такалып,
Келе жатат бир неме.
Токтоно албай Нурфану:
- Татылдөө келди мынаке,
Жолум үйдөй балбылдап,
Эки көздөн от жанып,
Көөрүктөн чыккан жалындай,
Оозунан күйүп от чыгып:
-Барасың кайда Нурфану,
Менден качып кутулуп?!
Зыйаның жок Нурфану,
Пайдаң тийди сеники.
Өкүм кылган Сулайман,
Өтө албайбыз бул жерге,
Келе албайбыз бул элге,
Качып келип Нурфану,
Рапы Мискин жерине,
Багымды ачып жол бердиң,
Адамдын этин жегенге.
Биздер үчүн чоң сыймык,
Адамдын этин жээрге.
Качып келип бул жерге,
Башыңды каткан маанаң ким?
Жол көрсөтүп бул жерге,
Баштап келген даанаң ким?
Кутулбайсың сен менден,
Ойлоп койгун баары бир,
Кадырлашып алганга,
Болбойт элең Нурфану,
Олжо болдуң бүгүн бил!
Канча сапар кагышып,
Кызыл канды агызып,
Алы келбей Татылга,
Бели сынган Нурфану.
Кылмышкер болуп унчукпай,
Карап турат сумсайып,
Колун сунду Татыл дөө.
Өңүн бузуп кумсарып,
- Тарт колуңду айбан дөө,
Зордук кылып кыз алмак,
Сага окшогон айбанда,
Ары жоктун иши экен.
Мыкты болсоң бери кел,
Нурфануга колуңду,
Тийгизбеймин сени мен!
Тынч элге салып бүлүктү,
Тарттырыпсың кайгыны,
Сен колдуу өлгөн перинин,
Мен алайын каныны.
Сен кылганды мен кылып,
Агызайын каныңды!
Баш калкалар бай таппай,
Маана болор жай таппай,
Кетирейин арыңды!
Деп Бекбача айтканда,
Оозунан жалын буртулдап,
Кирип келди Татыл дөө,
Бекбачага жакындап.
Кененим берген эт көйнөк,
Бекбачада кийилүү,
Татылданын жалыны,
Кайта өзүнө жабылды,
Жалындан айла кеткенде,
Капка тоодой капыр дөө,
Жарагын алып камынды.
Он эки кабат ордодой,
Уйутуп койгон чойун баш,
Опколжуп келип урганда,
Ооморулчу тоодой таш.
Адатынча Татылда,
Күүлөп алды чокморун,
Күчөп чачып оозунан,
Кызыл жалын отторун.
Бекбачага чокморун,
Күчү менен салганы,
Күрзүдөн мурун Бекбача,
Колтуктун көбүк этине,
Найза менен сайганы.
Бекбача бекер сайбады,
Кара канын өпкөнүн,
Ургуштатып жайганы.
Чоркоктук кылып Татылда,
Артылта чаап салганы,
Жана чапсын Татыл деп,
Бекбача карап турбады.
Манастап салып ураанды,
Кайта айланып сайганы.
Кар жиликтин булчуңун,
Жара сайды тарата,
Эки колдун булчуңу,
Эби кетип тараша,
- Токтой тур- деп,- ким болсоң,
Кеп сурады Татылда:
- Атам Күйдаң болголу,
Татылда атым койгону,
Мындай шумдук болбоду.
Чыканактай баладан,
Мындай кордук көрөм деп,
Татылда качан ойлоду.
Ата тегиң, өз атың,
Айтып мага койсоңчу,
Көйкапта туруп дөө пери,
Рапы Мискин жеринде,
Атактууну билебиз,
Ата тегиң ким экен,
Айтсаң угуп билелик.
Татылда антип сураса,
Атасын катпайт Бекбача:
- Сен сурасаң мен айтам,
Кулагың салып тыңдап ал.
Түп атабыз Бөйөнкан,
Бөйөн хандан Чайанкан,
Чайанкандан Кара хан,
Кара хандан тараган,
Кадырлуу тууган Орозду,
Ороздудан Жакып хан,
Бай Жакыптан туулган,
Кан менен колун жуунган,
Катылышкан ким болсо,
Салып келген чуулган,
Атактуу Манас айкөл шер,
Рапи Мискин жер эмес,
Көйкаптан бери угулган.
Айкөл шердин Семетей,
Бүткүл дүйнө жер бетин,
Бучкагына теңебей.
Семетейден Сейтек,
Сейтектен Кененим,
Жан бүткөндө жаралган,
Жалаңгыч сарык дегениң.
Кененимден Сейитим,
Күн батышта жети дөө,
Баш ийдирген бүт элин,
Жан жүрбөстүн кумунда,
Агызган кыйан кан селин.
Сейитимден кош башпызАсылбача, Бекбача.
Мен Бекбача дегенмин,
Нурфану кызда алам деп,
Элебестен не келдиң?
Ата баба наркыбыз,
Абалтан калган салтыбыз Тийишпесе тийбеген,
Тийишип келген ким болсо,
Тизе бүгүп жүрбөгөн.
Татылда кайтып кетип кал,
Нурфануга тийбестен.
Кет дегенде кетпесең,
Мен дөөмүн деп кек жейсең,
Кутулбайсың менден сен!
Деп Бекбача айтканда,
Татылда турду муну айтып:
- Ата тегиң Манаспы?
Жердеген жериң Таласпы?
Адамзаттын ичинде,
Элиң сенин алашпы?
Көйкаптын элин билебиз,
Атам деген Манасты,
Семетей ким Сейтек,
Биз укпадык аларды.
Жүйрүн дөөнү Кененим,
Тилин сууруп жеди деп,
Толук уктук кабарды.
Шабдаттын сыйкыр күмбөзүн,
Сейитим бузуп кетти деп,
Бул кабар бизге таралды.
Айчүрөк менен КуйалыКыздарды анык билебиз,
Периден булар тарады,
Бүгүн сенден Бекбача,
Толук уктум аларды.
Түп атасы Манас деп,
Нурфануну албастан,
Татылда кетип каламбы?
Ойлобойсуң Бекбача,
Акыр заман башыңа,
Азыр келип каларды!
Байкабай айтып таштадың,
Жүйрүн дөөнүн кысасын,
Бүгүн сенден аларды,
Унутабы Татылда,
Кулакка жакпас мындайды!
Деп коржоңдоп мыкаачы,
Күн карарып, ай күйүп,
Аңтарылса жер асман,
Сезгенбеген Татылда,
Жер токтобой калтылдап,
Тоолор көчүп калдырап,
Канаттуу качып алдырап,
Жер силкинип жарылып,
Суулар агып жайылып,
Зил-зил болуп кетсе да,
Кыйшаңдоону билбеген,
Бул мыкаачы Татылда,
Манастын атын укканда.
Кененим аты чыкканда,
Каарданып камыгып,
Каар жүзүнө жайылып,
Камандан бетер чамынып,
Кызыл жалын көзүнөн,
Көктү көздөй жабылып,
Жалтылдаан болотту,
Кармай алды сабынан,
Чаба турган кылычын,
Тартып алды кабынан.
Кылтылдатып сымаптан,
Куйдуруптур сыртына.
Жаркылдатып жакуттан,
Чаптырыптыр жанына.
Зыбыржат менен лахылдан,
Жаптырыптыр сабына.
Андай эчен асыл таш,
Тагыныптыр бооруна.
Асылдын баары жалтылдап,
Көз уйалып жаркылдап,
Мындай түрүн көргөн жан,
Качырып кастык кылалбай,
Калчу мындан калтылдап.
Кара бойун каптаган,
Бүт асылды чаптаган.
Бетмаңдай келген ким болсо,
Жазганбай чаап таштаган.
Беттешип чыккан балбандар,
Көз уйалып жер тиктеп,
Амалсыздан чаптырган.
Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк,
Бекбачада кийилүү,
Сыйкыр өтпөйт, нур түшпөйт,
Бардык жанга белгилүү.
Бузулган күндөй бүркөлүп,
Башына кара чүмкөнүп,
Качырып кирди Татылда,
Эр Сыргактын Сырнайза,
Сейитимден бер жакка,
Алып көнгөн жоо сайса,
Томоро сайып таштаган,
Зоңкойуп турган тоо сайса.
Ташка салса жанбаган,
Сыргактан калган бул найза.
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезкерип найза чунайтып,
Дайарданды Бекбача.
Айкырганда Татылда,
Асмандагы күн күйдү,
Нуру кетип жер бети,
Жылдызы жок түн кирди.
Татылда бойу жаркылдап,
Баатырга жетип жакындап,
Кылычын шилтеп жиберди.
Кыргыздан чыккан кара көк,
Каадасы элден бир бөлөк,
Жантайа берип бир жакка
Чаптырбастан кылычка,
Карчыганын балык эт,
Сыр найзаны сундуруп,
Муштап өттү Бекбача,
Бөйрөк майдын канына,
Найзанын учун төшжары,
Чыктап өттү Бекбача.
Кайра айланып имерди,
Сак калган жаккы колтукка,
Жана муштап жиберди.
Эки катар найза жеп,
Элебей турган канча деп,
Эндирей түшүп Татылда,
Асманга канат сермеди.
Булутка башы аралап,
Бутунда болот найза бар,
Бекбачаны чокуга,
Тебейин деп дайардап,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 22
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.