Latin

Асылбача - Бекбача - 27

Total number of words is 4235
Total number of unique words is 2320
28.2 of words are in the 2000 most common words
42.8 of words are in the 5000 most common words
50.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Өрт жалындай заарданды,
Түпөктүү найза ыргады,
Кыйырдап кыркты сайуучу,
Кыйалы мунун кармады.
Отор келет көгөрүп,
Короодой чокмор өңөрүп,
Алты кабат туулганы,
Тултуйтуп башка көмөрүп.
Минген аты Кызылсур,
Кыйкырып чыккан Отордун.
Кызматын мунун угуптур,
Укмак тургай көрүптүр,
Оторду көргөн кишиге,
Укмушу көп билгенге,
Анча мынча дөбөнү,
Көмөрө чаап жалпайтып.
Өнүп турган чынарды,
Илип алып найзага,
Бутактарын тартайтып.
Жалбырагын салпайтып,
Сүр көрсөтүп алыптыр,
Көрүп турат баарысы,
Түр көрсөтүп алыптыр,
Кылганын элге дайындап,
Кыр көрсөтүп алыптыр,
Кылымда мендей ким бар деп.
Сыр көрсөтүп алыптыр,
Кылаарын мурун белгилеп,
Чыр көрсөтүп алыптыр.
Келе жаткан Отордон,
Чымдуу жерлер чытырап,
Суусу агып чылпылдап,
Какырга калса капташып,
Таштар учуп чыркырап,
Топурак учуп буркурап,
Эпкининен шамалдап,
Жел айдады зыркырап.
Карап турган көп элден,
«Өлөрүнө жер таппай,
Кутурган экен Бекбача,
Билип турду Оторду,
Чакырып ашка ошону,
Калкына алып келиптир,
Кан аралаш жошону!»
«Манастан бери карата,
Такта куруп Таласта,
Жыргап жаткан кыргызды,
Айабай олжо алабыз,
Бекбача өлүп калганда,
Отор сайып алганда».
Конокко түшпөй чыр кылып.
Отор туруп калганда,
Кошулушкан моңгулга,
Элдин баары кубанып,
Ээрчитип элим алпарган,
Эрдин бары кубанып,
Иран, Ирак, мисирлик,
Өңү өчүп кубарып,
Кыргыздын баарын муң басып,
Тумандап көзү тунарык.
Жагалданган куу калмак,
Жанынан тойгон бул калмак,
Найза бойу келгенде,
Тура калып токтолуп:
- Ой, Бекбача, Бекбача,
Жер тиктебей түз карап.,
Көрүп тургун өзүмдү,
Угуп тургун сөзүмдү,
Аш берем деп апкаарып
Ашка кел деп кат жазып,
Алып келдиң Бекбача,
«Өзү келип катылган,
Бала ыйлабайт»,- деди эле.
Кабар айтып, кат жазып,
Катылган бала сен болдуң,
Өзүң жатар көрүңдү,
Өзүң каздың белендеп.
Казган көргө салайын,
Канчалык бар алашың,
Колдогонун көрөйүн!
Өлүп калган Манасың,
Топосун көккө сапырып,
Жоготойун Таласың,
Мени менен теңдешип,
Пайданы кайдан табасың!
Теңтуш киши кептенип,
Өткөндө камчы чабарсың!
Алтымыш уруу алашты,
Алтымыш жерге бөлөйүн,
Иран менен Иракты,
Убара кылбай жыйыпсың,
Алардын кыйындыгын көрөйүн,
Сапырып ийип жөнөйүн,
Айтканымды кылбасам,
Адам болбой өлөйүн,
Эрдик менен сайышам,
Кезек менен кирели,
Ким экен баатыр билели,
Армандуу болбо Бекбача,
Мен турамын кезек ал,
Алдыңкы кезек сеники,
Соңку кезек меники,
Алдында кезек мен алсам,
Жоголосуң жалгандан,
Оолуккан бойдон мен сайсам!
Отор айтып турганда,
Кара көк тууган Бекбача:
- Опурулуп ороктоп,
Оозуңа келген кепти айтып,
Оолугасың сороктоп,
Алың келсе калмагым,
Айанбагын барыңды,
Катынчалык демиң бар,
Мен билемин алыңды!
Ата-бабам мурасы,
Душманга бериш кезекти,
Мурун кезек мен алсам,
Кийин кимден аласың.
Кекенишкен эсепти?
Кезек бердим, сен алгын,
Өзүмө кезек келгенде,
Эбиңди тапчу мен бармын!
Отор айтат ошондо:
- Акыл айтсам болбодуң,
Мурун кезек мен алсам,
Сен Бекбача оңбодуң,
Кел кезекке тургун деп,
Кержеңдеп калмак күүлөндү,
Бекбача туруп бергенде,
Жан алчудай сүрдөндү,
Жалындап көздөн от жанып,
Жаасын салып бетине,
Алда канча түрдөндү.
«Чокмор менен чокуга,
Чапсам кетет чачырап,
Кенедей көзгө көрүнбөй,
Жер бетинде жок калат.
Найза менен сайайын,
Илип алып көтөрүп,
Эл аралап барайын.
Көзү менен көргөндө,
Ашка келген баары жан,
Коркуп мага багынат,
Бекбачага кошулган,
Кыргыздан башка уруудан.
Жан соогалап тартуу деп,
Арбын дүйнө табылат,
Төрт тараптан келгендер,
Бүткүл мага жалынат.
Эгер андай кылбасам.
Бөлүшкө элди салганда,
Кыргыз эмес алашты,
Айабай бөлүп алганда,
Мага олжо бергин деп,
Баш оорутуп чыр кылат,
Туруп берген Бекбача.
Өзүм Отор сайганда
Өлүмдөн кандай кутулат?
Кезектешсек экен деп,
Эсирген кыргыз Бекбача,
Эбин таптым амалдап,
Бекбачаны сайганда,
Келе берсин калган хан,
Кол куушуруп сабалап,
Нөөмөт жетпей көбүнө,
Эшигимди сагалап».
Ойлонуп Отор өзүнчө,
Колуна кезек тийгенде,
Оморбай туруп эрди алып,
Оорутпай турду жанды алып
Кол куушуртуп өзүнө,
Жер жүзүндө элди алып.
Оодара сайып алам деп,
Колуна найза карманып,
Оозунан түтүн буу жанып,
Оңдонуп минип комдонуп,
Орто тоодой зоңкойуп,
Чаначтай көөп дардайып
Тайган кууган текедей,
Мурундары барбайып,
Бөйөн менен жыландай,
Жети муунду чайандай.
Уусун чачып зарданып,
Качырып кирди кырданып.
Түп атасы ороңгу,
Кошой сайып өлтүргөн,
Атын атап үн салып,
Аркасында Отордун,
Жөө туман түшүп чаң калып:
«Алдынан кайдан барайын,
Май сооруга басайын,
Көмөрө сайып Тору аттан,
Тартып алып найзамды,
Как далыга бир койуп,
Көтөрүп алып барайын»,
Ойуна алып ошентип
Ак каңкы эрдин башы деп,
Куймулчактын учу деп,
Жыгылар жери ушу деп,
Кызыл сур менен кылаңдап,
Кыйын Отор кара ниет
Качырып найза шилтеди,
Болжогон жерге муштады,
Карыш жери найзанын,
Кызыл канга чыктады,
Бекбача минген Майтору,
Эки колу бүгүлүп,
Тизелей түшүп оңолду,
Отор калмак найзасын,
Кокус сынып кетет деп,
Тарамыш желим жаткырып,
Колу менен чырмаган,
Мелтиреген таш сайып,
Найзасы кеткен таш жарып,
Андай нечен сынаган,
Учун ууга сугарткан,
Таштан тайбас найзасы,
Бекбачадан тайганы.
Майтору колу бүгүлүп,
Демигип тура калганда,
Үзүлүп кетти белинен,
Отордун сайган найзасы.
Майторунун сооруга,
Кан куйулду шырылдап,
Найзасы сынып кур калып,
Турду Отор шалдайып.
Бекбача баатыр бурулду,
Айбат менен каарданып,
Мурас калган Сыргактан,
Сыр найзаны колго алып,
Аккан канды карабай,
Жаранын оозун таңбастан,
Сол жагына оролду,
Сол айланып оң болду,
«Манастап» ураан чакырып,
Оторду баатыр качырды.
Жаралуу болбой сак болсо,
Сайбайт беле анчалык,
Ал Манастын тукуму,
Жаман сайат башкача,
Жаралуу болсо жан ачып.
Майторудай тулпары,
Ооздук тиштеп нидерди,
Одурайган калмакты,
ТАкыр колтук алдына,
Таамай муштап жиберди.
Найзанын учу жеткени,
Чыдай албай бадана,
Чыдаштык бербей чынжырлар,
Чатырап чыгып кеткени,
Кош өпкөсүн жаралап.
Жүрөгүн найза аралап,
Оодарып жыкпай Оторду,
Сайган бойдон Бекбача,
Найзага илип көтөрдү,
Бекбача минген Майтору,
Кабаттап кантип көтөрдү,
Төрт айагы Тору аттын,
Казыктай жерге кагылды,
Туудай болгон куйругу,
Жер бетине жайылды.
Кошулгандар Оторго
Коркунуч кирди ошондо,
Чыр тапты Отор жөн турбай,
Сайышка чыгып мөөрөйгө,
Одураңдап жокту айтып,
Чолосу тийбей өлөөргө,
Жөө балбанды камдады,
Индилердин элинен,
Түктүү курт чыгып алганы,
Индилердин түктүү курт,
Быжыгыр тармал кара чач,
Андай бенде элде аз,
Жолум үйдөй башы бар,
Жолбун иттей кашы бар,
Камандай кашка тиши бар,
Кылган далай иши бар,
Бир жегенде Түктүүкурт,
Беш-алты батман тамак жейт,
Алтымыш күн жөн койсо,
Кана тамак мага дебейт.
Арак ичсе, суу ичсе,
Челектеп ичкен аракты,
Көлчөктөп ичет сууларды.
Токойго кирсе аралап,
Шер менен жолборс, каманды,
Катары менен кармаган.
Деңизге барса суу бойлоп,
Уктап калган жайанды,
Алып келчү көтөрүп,
Бир айылдуу кишинин,
Эти антип камдалган,
Жылында бирден пил кардап,
Согумуна жеп келген,
Өчөгүшүп нечен пил,
Такыр алы жетпеген.
Түктүү куртка бет келген,
Кутулуп бирөө кетпеген.
Алыскы жоого барбаган,
Инди,чын, какан журтунан,
Англис, бараң ушундан,
Иран, Ирак, Араптан,
Нечен сапар күрөшүп,
Бенде жыга албаган,
Жаман жери Түктүүкурт,
Күрөштө жыккан кишини,
Тирүүлөй тытып жеп алган.
Чийки тытып эт жеген,
Бендеден чыккан бир айбан!
Эки көздүн чуңкуру,
Лоптун бүткүл көлүндөй,
Сакал менен муруту,
Сагыранын чөлүндөй,
Бетинен чыккан ыдыгы,
Айателдин чөлүндөй,
Манжасы жок таманы,
Таманы пилдин бутундай,
Колдору ийри буурсундай,
Эки буттун жилиги,
Тамга арткан устундай.
Кечкил тумшук, дөң маңдай,
Жикир мойун дүм далы,
Туткандын чыккан далдалы,
Белсенип чыккан баатырдан,
Тирүүлөй жеген канчаны,
Жалпак мурун, капкан бел,
Жер бетинде бир балбан,
Жыгалбаган кеп экен,
Эки далы кең экен,
Мүчөсү балбан баарысы,
Телегейи тең экен.
Өзүнө-өзү ишенип,
Шор дайранын бойунда,
Индыстандын ойунда,
Жалгыз менмин дээр экен.
«Мен чыгам деп балбанга.
Теңдешер киши такыр жок,
Туулупмун бекер жалганга,
Арманым ушул»,- дээр экен.
Кешмирдин Кынтын жеринде,
Ошондо туулган неме экен,
Туурасы кайсы, бой кайсы.
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Кийими жок жылаңач,
Чылбардай бар өргөн чач,
Жылдыздай көзү жылтылдап,
Уйдай мууну шылкылдап,
Эшектей кулак делдейип,
Оозу чолок кемейип,
Алдынкы эрди телпейип,
Келип турду майданга.
Кирген нардай деңкейип.
Ким чыгат деп турган эл,
Мен барам деп айталбай,
Мен мусулман дегендер,
Камалып калды токтолуп,
Кошойдун уулу Жалгызек.
Карындашы Агадил,
Агадилдин кызынан,
Эркек бала туулган,
Аты Бозой койулган.
Бала Бозой баатыр деп,
Жыйырма беш менен жыйырма алты,
Ортосунда бар экен.
Узун бойлуу кең далы,
Чубакка окшош тутканы,
Ажыдаар ооз жалын көз,
Алмамбеттен кем эмес,
Эбин табат ар иштин,
Андан чыгат көп кеңеш,
Өлүмдөн башын тартпаган,
Өлөмүн деп качпаган,
Хан Сыргактын пейли бар,
Кара көздөн от жанып,
Карчытынан кан тамып,
Хан Семетей нуру бар,
Алгыр бүркүт түрү бар,
Ак жолборстун сүрү бар.
Сепкили жок ак беттүү.
Ийриси жок түз сөздүү
Айтканы элге жагымдуу,
Ай ааламга таанылуу.
Кара бойу катуу күч,
Кармашканын кылган түз,
Тулку бойу туура күч,
Тутушканын кылган түз.
Тутушкан менен душмандын,
Туура күчү жетпеген,
Тирүү душман кетпеген,
Кармаганы камбылдан,
Кылган иши даңгылдан,
Карап көрсөң Бозойду,
Кебетеси-кешпири,
Гүлчоронун как өзү,
Элебей тиктеп турушу,
Кененимдин мүнөзү,
Хан Кошойдой көрөгөн,
Алагадил кызы Алмакан,
Муну кандай төрөгөн?
Мусулмандан жан чыкпай.
Түктүүкурт байге алат деп,
Түңүлгөн хандын баарысы,
Жалгызектин Бактыбай,
Бозойго жакын барышы:
- Жээним Бозой, кен элең,
Сыртыңдан сынап билчүмүн,
Жумуру баштуу айры төш,
Адамзаттан эр элең,
Индилерден Түктүүкурт,
Майданга келип отурду,
Ак калпак кыргыз алашка,
Башына кайгы туудурду,
Чыгасыңбы балбанга,
Жарайсыңбы намыска?
Сайышка чыгып Бекбача.
Сайып алды Оторду,
Уруш болсо жекеме жек,
Бекбача чыгат болуучу,
Таң тамаша майданга.
Аттуу сайыш, жөө күрөш,
Бекбача чыкса баарына,
Анда жакшы болчу эмес.
Чыгат элем карысам да,
Калдык менен кармашта,
Тарамышым кыркылып,
Текир болгон бир колум,
Серпишкенге жарабайт,
Найза менен сайышка,
Качан болсо Бактыбай,
Аа, балам, чыга берет тартынбай.
Түктүүкурт жүрөк алыптыр,
Мындан мурун чыкканын,
Тирүүлөй жеп салыптыр,
Баатыр Бозой козголуп,
Тиктей калып томсоруп:
- Айтканың чын, сөзүң ак,
Жылаңач чыксам мага уйат,
Кийип чыгар шымым жок,
Бир тосолго иш турат.
Унчукпастан Бактыбай,
Көрпөчөсүн ачтырып,
Көкөтөйдүн ашында,
Көп жыйындын кашында
Ороңгуга зор Кошой,
Күрөшкө кийген кандагай,
Каныкей энең жасаган,
Урпактан урпак эмгиче,
Бактыбайга келгиче,
Катылып келе жаткан шым,
Алып барды кийгин деп.
Арбактуу Манас, Кошойдун,
Арбагы ийбеп жөлөөр деп,
Бозой алып кийди эле,
Ойрон Бозой баланын,
Тизесинен келди эле.
Кошой кийсе тар келип,
Ажыбай менен Ырчы уул,
Тарткылашып бергенде
Олуйа Кошой кийгенде,
Сүйрөлүп калды деди эле.
Бырышып калган белем деп.
Катталуу жатып канча жыл.
Киришип калган белем деп,
Чойуп койгон киши жок,
Тырышып калган белем деп,
Он беште отуз балбанды,
Тарткылачы, балдар, деп.
Бактыбай айтып чойдуруп,
Көрүп турган кишиге.
Аркан бойу чойулуп,
Алып келип кийгизсе,
Тушарынан келди эле,
Алаштын баары таңданып,
Кандагай кийип ал Бозой,
Душманын карап шаңданып,
Тамак барбы мага деп,
Тиктеп калды тамшанып.
Алты балбан көтөрүп,
Алты чара эт алып,
Күйүктүрөт кымыз деп,
Алты чанач сүт алып,
Алып келип куйду эле
Алты чара келген эт,
Алты алып койду эле,
Алты чанач ак сүттү,
Алты ууртап койду эле,
Өзөгү араң ойгонуп,
Түлкү тойут болду эле,
Алты чара келген эт,
Алты тайдын эти эле,
Алты чанач ичкен сүт,
Алтымыш челек сүт эле.
Чараны жерге таштаса,
Талкаланып жоголду.
Чаначтын баары жарылып,
Эки жагын каранып,
Эрди, мурдун жаланып,
Басарына калганда,
Жана жетти жигиттер,
Алты чара эт алып,
Алты чанач сүт алып
Чараны колго кармады,
Бирден-бирден алганы.
Бирин эки албады,
Табакта неме калбады,
Сүткө көзүн салбады,
Кымыздан тартып көөкөргө,
Куйуп койгон арактан,
Беш көөкөр ичип алганы,
Ордунан туруп козголуп,
Басарына калганы,
Бата берди баркырап,
Бар мусулман чуркурап.
Артыкчасы Бактыбай,
Камчысын салып мойнуна,
Жашып ыйлап буркурап:
- Баргын, балам жол болсун,
Арбагы Манас колдосун,
Олуйа кошой бабамдын,
Жолборсу жолдо жойлосун!
Камбыл болгон чабандес,
Энөөлүк анча жакшы эмес.
Эр Кененим эренден,
Тирүү кеткен беренден,
Сурайм жардам сага мен!
Олуйалар колдосо,
Оорактуу Манас жар болсо,
Намысты алып берет деп,
Үмүт кылам сенден мен!
Эндегей чапан сыртынан,
Эр белгиси чапанды,
Тартып алды Бактыбай,
Баргын, баатыр, баргын, - деп,
Айтып калды Бактыбай.
Түктүүкурт Бозой көрүшүп,
Көөдөндөшүп тирешип,
Оңдоп-солдоп булкушуп,
Оң тескери алышып,
Орой- торой чалышып,
Букадан бетер сүрөшүп,
Бурадан бетер жөөлөшүп,
Кочкордон бетер койушуп,
Мурдунан канды чубуртуп,
Аркырашып алышып,
Айанбастан кармашып,
Айландырып имерип,
Ыргытышып жиберип.
Төрт айактап тик түшүп,
Кайта келип жармашып.
Жердин бети тытылып
Оодарылып таш калды,
Коморулуп чий калды,
Аңтарылып чым калды,
Көлчүк болуп жылтылдап,
Чуңкур жерди суу алды.
Күндүз-түнгө айланды,
Кастык кылар бекен деп,
Карап турган эки жак,
Балбандарын кайтарды.
Күркүрөгөн үн чыгат,
Күн күркүрөп жаткандай,
Сескендирип сүр чыгат.
Арадан кетип түн калып,
Агарып сүрдү таң атып,
Күн экиге айланды.
Түн экиге айланды,
Карап көрсө балбандар,
Карчыт тери канталап
Билектери сойулуп,
Карчыганын балык эт,
Кандар агып чубуруп
Кара бойдон аккан тер,
Былчылдап ылай жуурулуп,
Күн үчүнө өткөндө,
Түн экиге жеткенде,
Түктүүкурттун улугу,
Өзү кешмир уругу,
Куларып деген хан эле.
Көтөр, балбан, көтөр деп,
Көзүңдү ачкын неттиң деп,
Кайратың кайта кетти деп,
Качырып келип Куларып,
Сөөм болжоп найзаны,
Түктүү куртту бир сайды,
Тартып алып найзасын,
Алып Бозойду бир сайды.
Куларыптан найза жеп,
Баатыр Бозой арданды.
Түктүүкурттун белинен,
Камтый кармап алганы,
Айкөл Манас колдо деп,
Айкырыкты салганы,
Түктүүкуртту алп Бозой
Так көтөрүп алганы,
Ажалы жетип Куларык,
Карап турган убагы.
Тегеретип имерди,
Куларыпты алп Бозой,
Түртүүкурт менен жиберди.
Түктүүкурт тийген оңобу,
Аты менен Куларып,
Талкаланып жоголду,
Дайыны калбай күл болду.
Алтын тургай балбан жок,
Куларып менен Түктүүкурт.
Талкаланып күм болду,
Индыстандын элине,
Ай караңгы түн болду,
Ар түрдүү салган ойундан,
Алган бенде болбоду,
Жамбы атарга камынды,
Моңгулдан барды миң мерген,
Шибеден барды миң мерген,
Солон менен манжудан,
Мындан барды көп мерген,
Аш көрөм деп келгендер,
Калганы жок келбеген,
Мылтыгын жышып октогон,
Милтесин кызыл чоктогон,
Жалгыз кара бир башы,
Миң кишини токтоткон,
Жалгыз кылды жараткан,
Канчасы келди андайдан,
Керчитке огун кергенден,
Жаага адис дегенден,
Түндө өтчү келгинден,
Күндүз болжоп ок атып,
Атып алчу эренден,
Танапка аскан жамбыны,
Такыр атып барышты,
Аталбады баарысы,
Нөөмөттөшүп ок атып,
Үч күн кетти арасы.
Ашка келген адамы,
Жетимиш миң хан саны,
Карапайым калганды.
Аны кимдер санады.
Жетимиш миң хан атып,
Жетик туулган эр атып,
Жергесинен эл атып,
Жамбыны ата албады,
Жалгызектин Бактыбай.
Буурул мурут чагы экен,
Букарга барар табы экен,
Сакалынын агы экен,
Сапарга барар чагы экен,
Жамбыны өзүм атам деп,
Камданып калды Бактыбай.
Түрсүлдөк деген аты бар
Түбүнөн мерген салты бар,
Кыйшайа минип алганы.
Жамбыны атып алганы.
Жүз элүү танап тарттырган,
Элүүсүн таарый атканы.
Хандар карап калдайып,
Баатырлар карап далдайып,
Элдер карап элейип,
Мергендер турат делдейип,
Көктү тиктеп көп адам,
Катып калган селейип,
Атар киши жокпу деп,
Карап турган кезекте,
Элден элкин бөлүнүп,
Майторуну булкунтуп,
(Эр Бекбача жээлигип,
Алдында баатыр келбеген,
Армансыз болсун баары деп,
Карасы, ханы мергенден).
Көзүр Чубак көк жалдын,
Таш келтесин колго алып,
Окчо кармап мелтиреп,
Күүсү менен Тору аттын,
Этектери делпилдеп,
Тартып ийди машаны,
Бири калбай кыркылды,
Жамбыны тарткан Танабы,
Жамбыны жерге түшүрбөй,
Бекбача кармап алганы.
Жамбыны колго алганча,
Кайтып кетти Бекбача,
- Кырк миң алтын соогаңыз,
Сиздики, аба, болсун,- деп,
Бактыбайга бергенин,
Айтып кетти Бекбача.
Көргөндүн баары баатырды,
Бекбачаны жактырып:
«Балбан экен, эр экен,
Жолборс экен, шер экен,
Ушунча жандан Бекбача,
Ырысы артык неме экен,
Кызыл түктүү пил экен,
Кыраакынын бири экен,
Балта чапса мыктуу экен,
Найза сайса ыктуу экен,
Мылтыкка мерген уул экен,
Жетимиш эки өнөргө,
Өтө жетик бул экен,
Буга барып ким тийсе,
Аны кудай урчу экен.
Телегейи тең экен,
Пейли асмандан кең экен,
Кырк ууру кыргыз ак калпак,
Ырысына Бекбача,
Жаралып калган эр экен.
Кабарын угуп жүрчү элек,
Бүгүн көрдүк көз менен,
Эр эле тургай шер экен,
Теңдешкен бенде кем экен.
Ырысы суудай шарылдап,
Агып турган неме экен.
Кара суудай кан кечсе,
Камыкпастын бири экен,
Так токсон күн урушса,
Талыкпастын бири экен,
Талкалашса тартынып
Чалыкпастын бири экен,
Минген аты Майтору,
Кырк күн чапса кыргынга,
Чалыкпай турган мал экен,
Аркандай уккан кептерде,
Ашырып айтат дечү элек,
Айтканынча бар экен,
Бактыбай карып калыптыр,
Акылчыга зар экен,
Жаш курамы Бекбача,
Элүү ашкан чагы экен.”
Сыртынан сынап турганда,
Бабырашып жатканда,
Кептерче учуп зыпылдап,
Кызылкыз келди аңгыча:
-Сыйкырчыдан калбаган,
Ат айдоого барбаган,
Ханың, караң- баарың ук,
Аттан кабар мен айтам.
Беш күн айдап барганбыз,
Беш күн өөрүн алганбыз,
Баш айагы он күндө,
Атты жолго салганбыз.
Чабууга барган сап буудан,
Бактыбайдын Кераты,
Кандай бээден туулган?
Үмүтүм үзүп турамын,
Үстүндөгү баладан.
Койо берип аттарды,
Аркасынан салганбыз,
Чалкандуунун бойунда,
Атты эсепке алганбыз.
Ошончо аттын ичинен,
Көрө албадык Кератты,
Кайта карап жөнөдүк,
Аркабызга ал атты,
Бир күнчүлүк аркада,
Калганын көрдүк ал атты.
Адашып ачка өлөм деп,
Элди мен кайдан көрөм деп,
Ыйлап бала келатты.
Баспай калган болукшуп,
Агын сууга келгенде,
Сууга салды бала атты,
Чылбырга тийер ал барбы,
Кайра тартып жөнөдүк,
Балага берип тамакты.
Ал түнү жаттык таң атты,
Биз санадык бар атты,
Аркада калды Керат деп,
Санаты кем бир атты,
Дүрбү салып караса,
Кере күндүк эл жактан,
Көрүп калдык караанды.
Жолдун кошкон атпы, деп,
Ким болсо калба тапты, деп,
Күүлөй- күүлөй жөнөдүк,
Учуп көнгөн канатты.
Жеткен жерде тааныдык,
Бактыбайдын Кератты,
Учту десек көрүнбөйт,
Уча турган канаты,
Көзүбүз көрдүк баарыбыз,
Куйругу менен чапкылап,
Жайдак боз ат баратты.
Жетип келди топ сыйкыр,
“Таң калба, деп, Кератка,
Анда бала бизге айтты,
Көрдүңөрбү боз атты?”
“Жалгызектин Жалманбоз
Мен болом”-деп ат айтты,
“Жалынан тиштеп Кератты,
Көтөргөнүн билемин,
Таманы жерге тийген жок,
Асманда сызып келемин.”
Баладан угуп бул кепти,
Айтып келди кабарды,
Аш бышымда келет го,
Бактыбайдын Кераты.
Байкап көрдүк баарысын,
Тирүү келер бирөө жок,
Байгеге чапкан көп атты,
Беш күн нары айдадык,
Үч күндүк келдик бер жакка,
Эки күндүк жол калды.
Куйруктары булактап,
Кулактары шалактап,
Арыган көрдүк көп атты,
Алдыңкы колу очоңдоп,
Арка буту чочоңдоп,
Келатат көрдүк топ атты,
Каңгайлыктын аты окшойт,
Баары окшош каратты.
Үч күндө келет сенделип,
Болжоп көрсөк чамасы.
Аңгычакты көрүндү,
Топчу кулак Кераттын,
Келе жаткан карааны.
Кераттын келип көөн тынып,
Бактыбайдын айтканы:
-Атыңды сүрөп чыгарган,
Эртең түштө келгиниң,
Эсептеки алтынды ал,
Эртең түштөн калганың,
Алтыны жок атыңды ал.
Жалган болбойт айткан кеп,
Шүдүңгүт деп уй чапсаң,
Желмайан деп төө чапсаң,
Чубатууга азыр сал!
Көптүн иши көп экен,
Көп турмайлык көл экен,
Желмайан деп төө таптап,
Шүдүңгүт деп уй таптап,
Антип жаткан көп экен.
Уй менен төөнү жөнөттү:
- Бир күн айдап барасың,
Түнкүсүн суутуп саласың,
Эртеңки күнү шашкеде,
Берини карай чабасың!
Муну айдаган жери түз,
Уйдун саны эки жүз,
Төөнүн саны алты жүз,
Эки жүз уйдан тогузга,
Байге сайды угузуп.
Чыккан уйга жүз алтын,
Оонабаска он беш,-деп,
Он беш төөгө байге бар,
Алдында чыгып келгенге,
Бир миң беш жүз алтын бар,
Оонабаска алтымыш.
Айдасаң эми айдадың,
Сыйкырчылар айдагын.
Айдап барып кондуруп,
Аса байлап койдуруп,
Таң атканда чалдырып,
Кара суудан кандырып,
Балдардын баарын сийгизип,
Жалпы баарын мингизип,
Уйду салып алдына,
Койо бергин удаалаш,
Артынан төөнү жүргүзүп!
Атка кеткен адамдар,
Жетип келди аңгыча,
Болжогон түшкө үлгүрүп,
Үч ат келди белгиге,
Каңгайлыктын бир аты,
Кыргыздардын эки аты.
Тирүү калбай бүт өлүп,
Түгөнүптүр калганы.
Ашка келген хандардын,
Өлүп калып аттары,
Кайгы басты аларды:
“Аш берем деп кылымга,
Чакырып келип баары элди,
Чама жетип чарк келбей,
Чакташа турган баатырдын,
Экөө өлүп жыйналды,
Өлбөй тирүү тургандар,
Аттары жок жөө калып,
Антип жаны кыйналды.
Чакырган ашка турбайбы,
Бизди ушундай кылганы!”
Аңгычакты болбоду,
Төөлөр келип калганы.
Каткан деген кыргыздын,
Төөсү чыгып байге алды.
Аталаш жакын тууганы,
Алп Бозойдун агасы,
Буржуй деген бар эле,
Үч жүз үйлүү бай эле,
Тогуз уйдун төртөөнө,
Буржуйдун уйу келиптир,
Калгандарга такыр жок,
Олжону кыргыз бөлүптүр.
Аштын күнү толгону,
Кетээр маалы болгону,
Мал табуучу ырчылар,
Эми уйкусун койгону,
Кырк уруу кыргыз эл берди,
Андан башка элдерден,
Берген киши болбоду,
Чыгыштан келген беш урук,
Таңгут, маңгут кошулуп,
Тыргоот, ойрот бир болуп,
Урумдагы уссундан,
Кеңеште бар көп адам:
“Аш берем деп Бекбача,
Алпыбызды өлтүрүп,
Түктүүкуртту Бозойго,
Шыбыш берип жайлатты,
Алыскы жерге атты чаап,
Аны мындай айдатты.
Көй бууданды өлтүрүп,
Көп баатырды жөө койуп,
Таанылмак экен турбайбы,
Өзү жалгыз дөө болуп,
Желмайан менен шуудуңгүт,
Эл оозунда макалда,
Өтө башка бир шумдук,
Көзү менен көрүүгө,
Алардын жайын билүүгө,
Атайын кастап чаптырып,
Өлчөп көргөн турбайбы,
Канчалык жоого уй жарайт,
Канча доого төө жарайт,
Жайын көргөн турбайбы,
Турган жерде катышсак,
Иран, Ирак, мисирлик,
Буга жардам кылбайбы,
Коросон, ооган, испандык,
Шек алдырбай жылбайбы,
Кол салган киши биз болуп,
Түп көтөрө кырбайбы,
Тукум курут кылбайбы,
Сынбай бутуң аксайбы,
Жилигиңди чакпайбы,
Жып-жылма түптүз кылбайбы,
Жылас кылып тынбайбы,
Азыркысын кетели,
Келеркисин дешели,
Келер жылы жайында,
Уруумдан, усун, кол кура,
Чыгыштагы беш урук,
Кол салалы кыргызга”
Деп кеңешип киргенде ,
Өмүр жандын Кызылкыз,
Эч кишиге таанылбай,
Моңгул болуп дулуйуп,
Уссун болуп тулуйуп,
Шибе болуп чулуйуп,
Солон болуп кулуйуп,
Манжу болуп мылжыйып,
Кидан болуп дыңкыйып,
Канча түрдүү кубулуп,
Арасында кеңештин,
Бирге отурган болучу.
Акырында бир манжу:
- Моңгул сенде арың жок,
Ар кыларга алың жок,
Оторду кыргыз өлтүрдү,
Урушу жок жеңиште,
Кимдер балбан өлтүрчүү?
Бирге келдик беш урук,
Келер жыл деп жокту айтып,
Колуңдан келбес ишти айтып,
Куру кеңеш кылгынча,
Тарап-тарап басалы,
Жолундагы кыргыздын,
Жылкысын айдай качалы.
Келер жылы чогулар,
Чырдын башын ачалы.
Жөн жатпайлы чогулуп,
Кыргыздын алып малын кууп,
Илгертен бери карата,
Эч кимдин колу тийбеген,
Жоо дегенди билбеген,
Эндекей жаткан кыргыз бар,
Батыш жагы алардын,
Жаңыжер, Улан, Нарынкол,
Түштүк жагы Алатоо,
Айлана курчап турган зоо.
Чыгышка агат баш айрык,
Түндүкө агат орто айрык,
Батышка агып бурулат,
Айагында бир айрык,
Чогулушуп үч айрык,
Иленин суусу аталып,
Тегеренип айланып,
Батышка кетет түз агып.
Күнгөй бети көк камыр.
Кыргыздар жатат мал багып.
Текес деген эри бар,
Күнөс деген ханы бар,
Жылдыз деген көлү бар,
Текес эри токсондо,
Тебелесек жок сонго.
Күнөс ханы карыйа,
Күч коробойт аларга,
Талап алып кетели,
Мындан кайра жанганда..
Урумдагы уссундар,
Убара болуп сандалба.
Тирүү койбой кыргызды,
Топ-топ кылып жыйабыз,
Токтотуп туруп кырабыз,
Чогултуп ташты жыйабыз,
Кыйаматка аты өчпөс,
Кыргыз бейит ат койуп,
Мына минтип тынабыз.
Кеңешин угуп Кызылкыз,
Мындан кетип калыптыр,
Уккан -көргөн иштерин,
Бекбачага айтыптыр.
Муну мындай таштайлы,
Бекбачадай баатырдын
Өлүмүнөн баштайлы.
БЕКБАЧАНЫН ӨЛҮМҮ
Элдер тарап кеткенде,
Аркасынан Бекбача,
Катышпаса катышпай,
Жерине кайра кеткенге,
Катышып калса кыргызга,
Түбүнө мунун жетмекке,
Акмалап жүргөн кездерде,
Чыгышты карай баратып,
Моңгулдардын кошууну,
Тетир суулап басыптыр,
Текесин таштап атыптыр,
Өзөндү бойлоп каз уулап,
Бейкут кыргыз жатыптыр.
Четинен моңгул кол салып,
Темселетип тийгенде,
Кыргызды кырып киргенде,
Бекбача жетти ал кезде.
Камап туруп какшатып,
Өзүнө ташты жыйнатып,
Бирине-бирин көмдүрүп,
Калмак обо ат койду.
Тетир суу атын жойгону,
Какшап калдык мында , деп,
Какшаал атын койгону,
Тетир суу аты жойулуп,
Эмгичекти айтылып,
Какшаал атка конгону.
Манжунун ханы жол баштап,
Нарын кол менен кириптир,
Текес хан өлгөн алдында,
Ашка барып Күнөс хан,
Элдин калган артында,
Тың бастырып жүрө албай,
Карылыктын дартында.
Манжулар салды бүлүктү,
Унутулгус түйшүктүЖыргап жаткан кыргызды,
Айдатып келип жыйдырды,
Кылычтатып кыргызды,
Топ-тобу менен көмдүрдү,
Өкүмүнө көндүрдү,
Кылычында манжунун,
Кырыгздын каны дат калды,
Текес, Күнөс, Жылдызда,
Чогулуп калган таш болсо,
Кыргыз бейит ат калды.
Оролдон келип ээ болду,
Эмки жылдыз калмагы,
Артынан жүрдү Бекбача,
Манжудан кегин алганы.
Алты жылы амалсыз,
Айабай ооруп калганы,
Кылымдагы илегер,
Кылбаган даба калбады.
Ырысына кыргыздын,
Оорудан акыр айыгып,
Атка минди Бекбача.
Бекбача ооруп жатканда,
Батыштагы элдерден,
Басташып жүргөн эрлерден,
Усундан келип үч катар,
Абайлап кетти кыргызды.
“Өлөт экен Бекбача,
Кыргыз эсин жыйгыча,
Биз баралы тебелеп”
Деп ойлошуп алышты,
Усун менен маңгыттар,
Чогулуша барышты,
Беш миңчелик кол менен,
Таласка келип калышты,
Кадалуу хандар келгенсип,
Арага элчи салышты,
Элчи келген кезекте,
Эл аралап Бекбача,
Атка минип калышы.
Усун менен маңгыттан,
Келген киши үч экен,
Жазган каты бул экен:
“Усундан келдик үч миң кол,
Маңгыттан келдик эки миң,
Кеңколдоку коргонду,
Бошотуп бизге бергиниң,
Кол куушуруп келгиниң,
Бекбача эле эрениң,
Бекбачадан айрылдың,
Эми, кыргыз, не дейсиң?
Уруудан чыккан узуңду,
Бойго жеткен кызыңды,
Кадырлаган кишиңди,
Кызыл ээк карыңды,
Кызыл муштум балаңды,
Убара кылбай биздерди,
Чогултуп тургун аларды.
Алаңды айрып бир жыйна,
Торуңду топтоп бир жыйна,
Бешке бөлүп жылкыңды,
Аралаш койбой бөлүп кой,
Көгү менен кызылды,
Кызыл жерде сарала,
Башка–башка бөлүнсүн,
Чаар менен карала,
Айткан ишти кылсаңар,
Кары- жашың калбастан,
Алдыдан тосуп чыксаңар,
Акылыңа төндүргүн,
Ушул бизден уксаңар,
Кылбасаңар айтканды,
Кылык кылам айткандай,
Каныңарды агызам,
Тегирмен эгин тарткандай!”
Каттын жайы ал экен,
Каткаты жазылган,
Кеңке менен Жертебер.
Катты көрүп Бекбача,
Токум салып тору атка,
Элчилерди кайт, деди,
Өлбөптүр, тирүү Бекбача,
Бул кабарды айт деди,
Уссун менен маңгыттын,
Канына эгин тарт деди,
Кыргыздан кылдап миң жигит,
Мени менен бас, деди,
Миң жигит, кирбе урушка,
Жыйарың сени ат деди.
Маңгыт менен уссундан,
Бирди тирүү кетирсем,
Мен Бекбача оңбоймун!
Бекбача бара жатканда,
Элчилери кабарды,
Көргөн ишти айтканда:
“Бекбачаны өлдү деп,
Бекер келген экенбиз,
Уруша кетсек өлөбүз,
Жинди чачып төгөбүз,
Качып берсек калдайып,
Качкан жоону сайгын, деп,
Калкына кабар айтпайбы,
Боз уландар аркадан,
Кылычтап башты чаппайбы”
Жертебер, Кеңке кеңешип:
- Ооруп копту Бекбача,
Оорагынан качпайлы,
Алты жылы ооруган,
Кишиден капсак далбактап,
“Уссун менен маңгыттай,
Болбогула силер” деп,
Эл түгөнүп болгунча,
Жер жайкалып болгунча,
Элге калат жаман ат.
Кеңеш бүтүп качпаска,
Менден корксоң келбе, деп,
Жекеге чыгып турмакка,
Белин бекем байлады,
Канчага жетсе алдары,
Ошончолук камданды,
Сапка тизип кошуунун,
Таласты тепсей баргалы.
Асаба- желек желбиреп,
Ажалы жеткен байкуштар,
Эстен тамып темтиреп,
Бастырганы турганда,
Эр Бекбача баштаган,
Кыргыздан чыккан миң балбан,
Жетип келди ,Таластан.
Жекеге чыгып жер тебер:
«Мага теңдеш ким келер?”
Өзүн-өзү дөө ойлоп,
Калгандарды чөп ойлоп,
Ойнотуп атын акырып,
Мыкты болсоң, эр болсоң,
Өзүң кел, деп Бекбача,
Атынан айтып чакырып,
Чымыроондой чыңырып,
Ачууланып бакырып,
Кайратын көрүп капырдын,
Атагы жок баатырдын,
Майторуну кындыйтып,
Бастырып чыкты баатырың.
Араң турган арыктап,
Алты жыл жаткан табыптап,
Кыйкырган жоону көргөндө,
Көөнү өсүп жетилип,
Мурункудай семирип,
Тап бүркүттөй желигип,
Жерге батпай Майтору,
Жорголой басып элирип,
Майданга жетип келгенде,
Тик карабай Жертебер,
Өлгөнчөктү ашыгып,
Ажал айдап ченебей,
Мурду көөп дердеңдеп,
Найзасын күүлөп кыйкырып,
Чыга келди Бадырек,
Карды чыгып чердеңдеп.
Туруп берди Бекбача,
Тутамдаган найзасын,
Уруп өттү баатырга.
Найзасы сынды карс этип,
Жандап өтө берерде,
Этегинен кармады,
Эңип алган улактай,
Атынан тартып алганы.
Оодарылып калганда,
Илип алып найзага,
Кеп сурарга калганда,
Эки буту тепеңдеп,
Желке чачы сепеңдеп,
Кеңке барды аңгыча,
Бакырыгы баш жарып,
Белдүү баатыр баштанып.
Найза менен көкжалды,
Сайып өттү капталга,
Оодара сайа албады,
Ороңдоп жана барганы,
Сундуруп сайган найзаны,
Учунан улай кармады,
Катуу кармап, бек силкип,
Алың канча, деп силкип,
Оодара тартып салганы.
Өз найзасын өзүнө,
Кабаттап сайды соотуна,
Кармап туруп Бекбача,
Экөөнү эки колуна:
- Кайдан келген элсиңер?
Качандан бери эрсиңер?
Не жумуш бар бул жакта,
Эмне үчүн келдиңер?
Элиңер ким, атың ким?
Карасыңбы, хансыңбы?
Баатырсыңбы, алпсыңбы?
Жашырбай айткын атыңды?
Деп сурады Бекбача.
Жертебер, Кеңке салаңдап,
Илип койгон чаначтай,
Найзанын турат башында.
Жертебер, Кеңке шашканы,
Ашта болгон кеңештен,
Уссун, маңгыт келгенин,
Ушугача айтканы,
Укмуш айтты ушулар,
Текес, Күнөс, Жылдызы,
Кырганын манжу кыргызды,
Баарын айтты ушундай,
Моңгул, шибе, солондун,
Калганын айтты катышпай.
-Биз келгенбиз Таласка,
Элчи салдык арага,
Алты жыл ооруп араң жан,
Антип турган Бекбача,
Кантип жарайт намыска,
Минтип келип өзүбүз,
Илинип калдык найзага,
Бизди ушундай найзага,
Койосуң илип канчага?
Жертебээр, Кенке айтканы,
Эстүү-баштуу келгин, деп,
Уссун менен маңгыттан,
Элден адам чакырды,
Эси чыгып баралбай,
Элдер турду акыры,
Жакының ким, жакшың ким?
Жертебээр менен Кенкеге,
Эр Бекбача айттырды,
Айтып берген кишинин
Атынан атап алдырды.
-Келген элдер кеткиле,
Жер-жериңе жеткиле,
Жертебээр, Кенке дегенди,
Бекбача алып калды, деп,
Элге айткыла, деди эле,
Чакыртып келген ар жактан,
Усун менен маңгыттан,
Жарыша койуп жабырап,
Айтып калды далай кеп:
-Жертебээр менен Кеңкени,
Таштап кетчү биз эмес,
Элин таштап томсортуп,
Алып кетчү сен эмес.
Маңгыт, усун эл турса,
Кантип алып каласың?
Ал келбесе көз жетип,
Калп эле үкүс кыласың?
Ар жактан келген адамдар,
Үчтөн алты киши экен,
Үйрүп кармап камчысын,
Үксөңдөп калды чакыйып,
Аңтара тиктеп көздөрүн,
Асманды тиктеп акыйып,
Орунбайды келгин, деп,
Эр Бекбача бакырып,
Жертебээр менен Кенкени,
Орунбайга тапшырып,
Үксөңдөгөн алтоонун,
Камчы менен үчөөнү,
Кара жерге жапшырып.
Айдап алып үчөөнү,
Элге барды бастырып.
Жетээр-жетпес барганда,
Уссун менен маңгыттар,
Каптап кетти ат салып.
Алты жылы Бекбача,
Кумар болгон урушка,
Эми амал калган жок,
Буларды айап турушка.
Эндекей беш миң аскерин,
Эбин таап үч күндө,
Ажал жетип өлбөгөн,
Отузчасы калды эле,
Жертебээр менен Кенкени,
Алып келди ал жерге.
Өзүнүн отуз кишисин,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 28
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.