Latin

Асылбача - Бекбача - 08

Total number of words is 4277
Total number of unique words is 2252
30.1 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
“Сайып курч кыраан Манас, деп,
Уктум эле ар кайдан,
Чын белем элдин кеби,- деп,
Чымыркандым эми, - деп,
Дал үстүнөн артылып,
Учуп өтүп кетем» - деп,
Канатын ирмеп күүлөдү,
Кайрат менен жүрдү эми,
Артылып учуп өтөрдө,
Мыктысынган Кызылкыз,
Көөнү айнып, көз тунуп,
Опкоолжуп жүрөк эс чыгып,
Өтө албады түз учуп.
Айланып учуп Кызылкыз,
Айчүрөктүн чийирин кууп,
Төрткөлдүн төмөн жагына,
Гүлбактын түштү жанына,
Асталай басып барганы,
Айбанча тамдын алдына,
Аныктап байкап карады,
Көз алдына келтирди,
Көөдөнгө сыйгыс санааны:
“Алда кандай заман?” деп,
Капты айланып жөнөдү,
Чакырган жерге барам, деп,
Асмандан көрүп Асылды,
Жүрөгүн сынап багам, деп,
Баш он эки дене бир,
Буту эки колу кырк,
Оозунан жалын от чачып,
Арасынан бутунун,
Өркөчтөнүп кан агып,
Он эки башта көзү көп,
Баарынан күйгөн жалын өрт.
Чыга калды алдынан,
Ким көрсө үмүт үзгөндөй,
Аманат кара жанынан,
Селт этип карап койгон жок.
Канкордун уулу кабылан.
Оозунан чыккан жалынды,
Бүркүп көрдү Кызылкыз,
Жердин бетин от алды,
Талдынын бойу бүт жыгач,
Таман күйүп жок калды,
Ар канча отун бүрксө да,
Асылга зыйан кылбады,
Бутунан аккан сел калды,
Аны ишке салганы,
Кызыл кан агып бара албай,
Килтилдеп уйуп калганы,
Ошол кезде Кызыл кыз,
Түргөн чийдей жоондугу,
Жылан болуп алганы,
Ачайтып тилин чыгарып,
Аймап соруп жалмады,
Канча катар оп тартып,
Ордунан козгой албады,
Үч күндүк жерден тартуучу,
Мындай нечен чанданды,
Айласы кетип Кызылкыз,
Амалсыздан сандалды,
Асылбача Кызылкыз,
Ал экөөнүн иши бул,
Калгандар көрө албады.
Аркырады шер болуп,
Каман болду корсулдап,
Жолборс болду күркүрөп,
Жалтанып койбойт кара көк,
Жалын ооз, таш жүрөк,
Козголор бенде көрүнбөйт,
Коргошун салмак, жел билек,
Буура болду чамынып,
Балбан болуп көрүндү,
Үстүнө соот жамынып,
Мерген болуп жаа тартты,
Милте чоктоп ок атты,
Адам кылчу өнөрдүн,
Баарын койбой иштетти,
Байкап көрсө Асылдын,
Качан чоочуп солк этти,
Жолоочу болуп жол азган,
Салам айтып жылмайып,
Асылга жетип келгени.
Алик албай саламга,
Сөз салбастан “бала”га,
Залкарың турду кара көк,
Келбети элден бир бөлөк,
Көзүн көрбөс кылам, деп,
Көз байлоо дуба салганы,
Байланды бекен көзү деп,
Жакыныраак барганы.
- Не жумуш бар, жаш бала?
Мен көрбөгөн жат бала?!
Асыл эрден кеп угуп,
“Кер кылбады шыйкыр, - деп,
Мага болду кыйын кеп,
Чакырып барса Каракөз,
Барам депмин макул деп,
Сыйкыр өтпөс кандай сыр,
Аны ачып билем” деп,
Жерден алып топурак,
Ээрди-мурду кыбырап,
Топону чачып жиберди.
Зыркаар айдап, топо учуп,
Асыл шерге баралбай,
Туруп калды токтолуп.
Бул эмине шумдук, деп,
Кызыл кыздын ошондо,
Кыйалы кыркка бөлүнүп,
Кылганым сыйкыр кыргызга,
Зыйансыз болот белем, деп,
Кабыргасы сөгүлүп,
Санаадан жаш төгүлүп:
“Калганы кийин болор, - деп,
Алты ханга барайын,
Ашкере өзүм көрүнүп”,
Дегенди ойго төндүрүп,
Асманга туман тундуруп,
Алдында нөшөр куйдуруп,
Шамал менен айдатып,
Күн жаркырап чыкканда,
Өтө катуу күн ысып,
Ооз ачылып дем кысып,
Кумгандакы чай кайнап,
Чоктой болуп күн ысып,
Кишинин баарын тер басып,
Кары-картаң кеселмен,
Кайгы басып эң шашып,
Кыбыладан кырданып,
Кызыл сур тартып сурданып,
Буркурап шамал жүргөндө,
Борошолоп жамгырлап,
Коргоолундай тай төөнүн,
Мөндүр куйуп ийгенде,
Койнунан колу чыга албай,
Ашыккан киши сийгенге,
Тоолорго толук кыш болуп,
Жакага жалтыр муз тоңуп,
Агып жаткан кара-суу,
Кыңшылаган кыз болуп,
Акимсиген төрөлөр,
Катырып койгон кыш болуп,
Коросон, испан, жедигер,
Маңгыт, муңгул, тажиктер,
Келгенине бушман жеп,
Кыргыз салып сыйкырды,
Бизди кырат экен, деп,
Ойуна албайт эч кими,
Кызыл кыздын иши деп,
Тирүүлүктөн үмүт жок,
Өлүм жактан кайгы жеп,
Таласка кыргыз жеткирбей,
Тамам кылат экен, деп.
Ооганды Манас алганда,
Дубакөй көп Ооганда,
Ошолор сыйкыр салганда,
Сыйкыры артып кыргыздын,
Ооганды жеңип алган деп,
Айтылып жүргөн бул бир кеп.
Көкөтөйдүн ашында,
Көп жыйындын кашында,
Ат сүрөгөн чактарда,
Азизхандын Алмамбет,
Коңурбайдан амалы,
Алда канча ашкан, деп,
Калкка маалым мурунтан,
Канча түрдүү болгон кеп.
Жер көрүнбөй чүмкөлүп,
Күн көрүнбөй бүркөлүп,
Түнөрүп баткан кездерде,
Жер жарылып үн чыгып,
Жаркырап-жайнап күн чыгып,
Жалтыр муз эрип жыбырап,
Карлар эрип суу агып,
Жылгалардан шырылдап,
Тоңуп калган тили жок,
Торгойлор сайрап быжырап,
Торгой менен тең сайрап,
Азуусун айга курчутуп,
Суу ордуна уу жутуп,
Кыз бойунча жасанып,
Колуна кызыл гүл алып,
Кырчын талдай буралып,
Жаагынан саамай чубалып,
Басып келди түгөнгүр,
Пери кызындай суналып.
Каракөздөн башкасы,
Көрбөгөн соң тааныбайт,
Арызын айтып наалыбайт,
Кызылкызды көргөндө,
Кыз экенин билгенде,
Көкбөрү менен хан Калдык,
Эсинен танды бул экөө,
Жер табалбай сийгенге,
Таазим кылып Каракөз:
- Талдынын бойу агынга,
Алдыңды тосуп келгемин,
Өзүңдөн жооп болгондо,
Өзгө элге кабар бергемин,
Болжолдун он күн алдында,
Хандар келсе уйат деп,
Беймаал болуп калат деп,
Өзүм мында келгемин.
Кабар берген ким экен,
Анык аны билбедим,
Асылбача Таластан,
Ошол күнү келгени,
Кабызет кылып карпаңдап,
Каршылаштым барпаңдап,
Колуна курал албады,
Мага курал чаптырбай,
Мана минтип кардады.
Бир колумду шакшактан,
Талкандап чаап таштады.
Коросон келип кол салды,
Он балбаны бир барды,
Адам кылар иш эмес,
Он балбанды чогултуп,
Бир шилтеп башын алганы,
Кылычын канга майлады,
Испандыктын чоң пилин,
Найза менен жайлады.
Мындан мурун эр өттү,
Найза менен пил сайып,
Кандай балбан алганы?
Бир найзадан чыга албай,
Пилдин шору кайнады,
Маңгыттан чыкты Калдалаң,
Калдалаңдын сыпатын,
Кантип тилим айта алам.
Бендеден башка беренди,
Белдүү туулган эренди,
Бир сайгандан чыгарбай,
Жер алдына жиберди.
Мындан мурун Асылды,
Далай жолу көргөмүн,
Мен көргөндөн көбүрөөк,
Артып кетти өнөрү.
Кандайлыгын билбедим,
Муңгулдан келди Саранжа,
Улам балбан жиберип,
Салгылашты далайга.
Чыккан балбан ким болсо,
Чырпыктай чаап турганда,
Чыдай албай чуу тартып,
Ортого алып киришти,
Дегеле амал кыла албай,
Өлүм жолун билишти,
Өзүңүз көрүп турасыз,
Дөбө-дөбө жыйылды,
Кандай сайды жалгыз жан,
Баш аламан жыгылды.
Ат өлүгү ар тоодой,
Ар кайда жатат тартайып,
Эр өлүгү ар жерде,
Толуп жатат суналып,
Өлбөй жаткан дагы бар,
Ичегиси чубалып.
Аңгыча келип Көкбөрү,
Ажыратып чыгарды,
Өчөшүп туруп Саранжа,
Канча адамды кырдырып,
Ашкере калды убалга,
Андан кал бергенде,
Табийат түрдөп кубулуп,
Тарлык келди адамга,
Жер таба албай кыйналдык,
Баш калкалап барарга.
Жайдын күнү кыш болуп,
Кара суулар кыз болуп,
Төшөгүнөн кобо албай,
Төрөнүн баары кыш болуп,
Түгөл айла кеткенде,
Кызыл кыз келдиң кез болуп.
Жаркырап күн ачылды,
Жалпы жандар жай алды,
Ушунчалык өзүңө,
Менден уксаң кабарды,
Баштан өткөн ишибиз,
Бизден уксаң абалды.
Саранжа, Калдык, Көкбөрү,
Тете, Салаа барышып,
Кызылкызга кол берди,
Сенден жарлык болсун деп,
Чогулушуп жол берди.
Кызылкыз айтат бир кепти,
Көңүлгө тийер шум кепти:
- Эй, калайык, калайык,
Бул айтканың ылайык.
Кастарын тигип кыргызга,
Алты хан эли турабыз.
Мен бир келген кишимин,
Билбеймин элдин биришин.
Ылайыктап ичиңен,
Башкаргыла бир кишиң.
Каракөз барды ал айтып,
Барайын дедим, келишим,
Азыраак сыйкыр билемин,
Силерге жардам беришим,
Мусулманбы, каапырбы,
Ким экенин билбеймин,
Кыргыз сенин кай кишиң?
Кызылкыз кебин укканда,
Хан Калдык айтат ушунда:
- Биз катышкан кыргыздын,
Айтып адам болгусуз,
Булардын кылган кылмышын,
Ат жеткен жерге жан койбой,
Адамдын баарын кырышын.
Бул олтурган алты хан,
Баарысына кыргыздын,
Арылгыс санаа табылган.
Коросон, испан, жедигер,
Маңгыт, муңгул менен тажиктен,
Кызыл канга бойолуп,
Өлүп кетти далай эр.
Айткан менен кеп жеткис,
Кыйын болгон кез экен,
Кыргызга бүгүн кол жеткис.
Көөнүбүз толгон күнүбүз,
Өзүңүз жаңы келдиңиз,
Барабан уруп чыгалы,
Бар аскерди жыйалы,
Сиздин күчкө жөлөнүп,
Асылды байлап алалы,
Анан кала бергенде,
Биз Таласка баралы,
Анан калба салалы,
Асыл колго тийгенде,
Айанып кантип калалы,
Береги турган Таласка,
Ат жарыша баралы.
Кененимди алганда,
Кеңири жол бар анда,
Жолуң ачык шар болот,
Кайда болсо барганга.
Алты шаар, Анжыдан,
Алар арзан баарыдан,
Самаркан, Ташкен, Наманген,
Чай кайнамда алабыз,
Ар жагы Кашкар, Хотенге,
Ат изин салып барабыз,
Лопнур, Азык, Аралды,
Биз каратып жанабыз,
Атбашыда Бактыбай,
Түп көтөрө чабабыз,
Уугун учтап шиш кылып,
Куйкасын тилип туз куйуп,
Унуткусуз иш кылып,
Антип кекти алабыз;
Кутубий, Манас дегенде,
Турпан, Кумул, Баркөлгө,
Алтай, Чөйчөк, Илеге,
Ысыккөл, Текес дегенге,
Ат бастырып барабыз;
Казак, кыргыз бир тууган,
Кечээ Бэйжинге Манас барганда
Кыргызга казак тең турган,
Жылкы кууса бир кууган,
Кеп-кеңешин бир кылган;
Бэйжинди колго алганда,
Казактын элин каркыттап,
Үрбүсүн анда хан кылган,
Казактан калган элдерди,
Качанда ага тең кылган?
Алтайдын жолун тостуруп,
Айдаркандын Көкчөдөн,
Калган элди кем кылган?
Кыпчактын ханы Төштүктү,
Ооруса Манас бел кылган,
Алтымыш уруу алаштын,
Баарысы окшош тең тууган,
Атагы түрк болгону,
Токсон уруу өзүбек,
Толкуган кыргыз ушул кез.
Алтымыш уруу алаш дейт,
Кырк уруу кыргыз жана дейт,
Токсон уруу өзүбек,
Толкуган кыргыз эли дейт,
Чогултуп айтса бул бир кеп,
Биз жүрөбүз бурут деп.
Саны да көп, эли көп,
Ат бастырып булардын,
Алган жери дагы көп,
Шагы сынбай эмгиче,
Келип жаткан эри көп;
Тоодой алтын зары көп,
Оторго батпай малы көп;
Ойрон болгон кыргызда,
Акылчы көп, чечен көп,
Алты жашка чыкканча,
Кененимди бечел деп,
Угулуп жүргөн бул бир кеп,
Жалгыз Асыл баш бербей,
Бизге болду кыйын кеп.
Чогулуп келдик Талдыга,
Кезеги толгон маалы деп,
Чакырып келдик Кызыл кыз,
Чакташса чама келбеген,
Кылымдан ашкан сыйкыр деп.
Жүйрүн дөөнү жалмаган,
Кененим арзан киши эмес,
Ойлоп көрсөк кыргызды,
Оңойлук менен жеңилбес.
Душманды кандай алабыз?
Ишти кандай кылабыз?
Адашып калган акылды,
Чогултуп кандай жыйабыз?
Менче болсо, алты хан,
Аттаналы түз мындан,
Ат арытып тон тозуп,
Капкайдан келдик алыстан,
Кан төгүшүп жатабыз,
Карчалышып намыстан,
Алып келдик атайлап,
Кызылкызды калыстан,
Тартынбайлы ойлоңор,
Коркпогун өлүп калыштан,
Тартынар кыргыз эл эмес,
Өмүрлүк кыргыз чабыштан,
Таласка жылып баралы,
Туруп бербей чогулуп,
Тушма-туш уруш салалы,
Чыканак жерге салдырбай,
Чырым уйку алдырбай,
Чын мүшкүлдү салалы,
Жерге эгин салдырбай,
Оторго малын жайдырбай,
Токойдон отун алдырбай,
Тосуп жатып алалы,
Тумтак күнү түгөнүп,
Түгөсүн кыргыз амалы,
Алапайын таба албай,
Куурулуп калсын заманы.
Карылары какшаса,
Катындары боздосо,
Чыркырап чалдары ыйласа,
Чымын жаны кыйналса,
Кыргыздын бели сынабы
Мындай жумуш кылбаса?
Талдыда жатып хан Калдык,
Кыргыздын тапты амалын,
Анык деди ойунда,
Кыргызды минтип аларын.
Хан Калдык айтса акыл деп,
Баарысы кайыл макул деп,
Кызылкыз айтты ошондо:
- Кеңеш кылдың алты хан,
Байатанкы кеңешиң,
Акыл дедиң абыдан.
Талдыга болжоп кат жазып,
Сен чогулуп келгенче,
Асыл келсе бул жерге,
Жол береби кыргыздар.
Ойуң менен ой-тоону,
Аралап элин жүрөргө,
Хан Манастан бер жакка,
Тоздурбай элин сактаса,
Жалаңгыч сарык ат койуп,
Жактырып баары мактаса,
Жаңы өспүрүм Асылга,
Беттешип бенде чыкпаса,
Эл өстүрдү мени деп,
Элин эркин сактаса,
Элге кылып кызматты,
Ичкен тузун актаса,
Бөлүнүп чыксаң бириндеп,
Кекилик, чилдей тербесин,
Танабың тартып боо такпай,
Эдебиңди бербесин,
Самсаалатып сай-сайда,
Каныңды чачып жүрбөсүн.
Сыйкыр өтпөй кыргызга,
Шылдың болот окшоймун,
Менин да бар күмөнүм.
Сегиз миң жыл жашаган,
Далайдын башын ашаган,
Жер бетинде Жүйрүн дөө,
Канча динди жасаган,
Сыйкырдын бири ал эле,
Салтанаттуу жан эле,
Жалгыз барып Кененим,
Өлтүрүп тилин жеди дейт,
Ошондо турат күмөнүм.
Шааддаттан калган көк күмбөз,
Сейитим бузуп алыптыр,
Ичиндеги дүйнөнү,
Карып-жакыр, мискинге,
Таркатып баарын чачыптыр,
Бир укмушу болбосо,
Күмбөздү кантип ачыптыр?
Угуп жүргөн улама,
Улуулардан угушта,
Жүйрүн дөө кийген эт көйнөк
Барбы деймин кыргызда.
Эт көйнөк жайын сурасаң,
Кулак салгын мен айтам,
Азырети Жакыптын,
Көз жашына чылаган,
Исмаазамдын дубасын,
Ар күнү кырктан окуган.
Азизхандын Алмамбет,
Бир күнү керек болор деп,
Бейжинден качып чыкканда,
Ала келген деп угам.
Ошол көйнөк бар болсо,
Аны менен бет келиш Асман-жердин арасы.
Кененим бүгүн саламат,
Элинде турат эсен-сак,
Маңдайда Асыл бар турат,
Жалгыз кирсе аралап,
Асманга учат топурак,
Кызыл кыйан сел агат,
Сууга барып кошулат.
Алды менен дем урбай,
Жок жеринен кеп урбай,
Койго тийген карышкыр,
Жалгызмын деп карабай,
Кара башын айабай,
Аралап кирет жаланып,
Карышкырдай бир Асыл,
Көп экен деп билбесем,
Көптү көзгө илбесе,
Деп Кызылкыз айтты эле,
Баарысынын көңүлү,
Өрт өчкөндөй катты эле.
Сынамак кылып көрөм, деп,
Кызыл кыз сырын билем, деп,
Буйрук берди хан Калдык,
Барабанды ургун деп,
Жез барабан кагылып,
Аскер атка камынды,
Баары чуркап жабылды,
Казасы жеткен адамга,
Ажал-өлүм табылды.
Барабанды укканда,
Чымыроон үнү чыкканда,
Чымырканып Асыл шер,
Кан төгөөр белги карматып,
Сыртына кызыл жамынды,
Калыбектин урушта,
Кан чачышкан жулушта,
Арстан Күлүс абакең,
Атайын берген Кененге,
Белек көйнөк бар эле,
Баласы Асыл баатырга,
Кийип ал деп берди эле,
Кийилүү көйнөк этинде,
Кишиден калар тартынып,
Асылдын жок нээтинде,
Сары түгү айланып,
Заары чыгып бетинде,
Кызылкыздын кылыгы,
Кете элек азыр эсинде.
Өрттөй көздөн от жанып,
Мындан мурун Асылдын ,
Найзанын учу тийбеген,
Маңдайында алты хан,
Эрде бүтүн калбаган,
Ат туйагы тийбеген,
Жерде бүтүн калбаган,
Топчулугу үзүлбөйт,
Соотто бүтүн калбаган,
Бырык-тырык тагы жок,
Этте бүтүн калбаган,
Бала жолборс Асылдын,
Бар куршугу кармады,
Туура кармап найзаны,
Кекер менен турганы,
Хан Калдыктын буйругу,
Балбан чыкпай жекеге,
Бөлүнбөстөн чекеге,
Жабыла баары шарт койуп,
Таласты карай жөнөдү,
Карап турган эр Асыл,
Майторуга камчы уруп,
Манастап ураан чакырып,
Беттеп кирди качырып,
Кызылкыз кылып сыйкырды,
Айланасын Асылдын,
Канаттуу учуп өтпөсө,
Айбан баскыс зоо кылды,
Асман тиреп заңкайган,
Ак карлуу бийик тоо кылды,
Тоонун түбүн от кылды,
От туташып күрүлдөп,
Күйдүрүп баарын жок кылды,
Жамгыр куйуп шабырап,
Май төккөндөй жанган от,
Алоолонуп жалындап,
Атырылып өркөчтөп,
Суулар акты шарылдап,
От менен суудан айанбай,
Алды аркасын карабай,
Баатыр Асыл киргенде,
Жалыны жайнап бөлүндү,
Суулар какшып чөл болуп,
Кургак сайлар көрүндү,
Ала тоолор заңкайган,
Ача берди арасын,
Тосо албады көп сыйкыр,
Көкжал шердин баласын,
Элге аралап кирерде,
Айуулар чыкты саксаңдап,
Кара кулак шер чыкты,
Кызарып көзү чакчаңдап.
Илбирс келет чубалып,
Жолборс келет суналып.
Пилдер келет томпоңдоп,
Куйруктары чолтоңдоп.
Арстан эрдин баласы,
Кайра тартар пейли жок,
Канча жанга толсо да,
Асман жердин арасы.
Айбанаттын артынан,
Шамал келет каркырап,
Таштар ташка урулуп,
Үнү угулуп шакылдап,
Такалуу аттын доошу бар,
Туш-тушунда такылдап,
Булутту минип ат кылып,
Камчы кылып жыланды,
Жалгыз бирөө сорчудай,
Бүткүл дүйнө ааламды,
Калайман салып Кызылкыз,
Канча айлантып кубултуп,
Каран калган заманды,
Кайра качпас кеменгер,
Манастын уулу Асыл шер,
Каарданып бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Майторуга камчы уруп,
Аламан кирген аскерди,
Айдап кирди жапырып,
Желегин жерге жапшырып,
Аманат жанын алардын,
Жан алчуга тапшырып,
Орто жерин ойултуп,
Калың жерин суйултуп,
Чекелеген эмесин,
Жыга чаап курутуп,
Кыйа чаап мойнунан,
Денеси калган коройуп,
Чыканактан кыр кылып,
Карысы калган чолойуп,
Жаак териси шалбырап,
Кулагы жок мулуйуп,
Коркуп жаткан жана бар,
Койондон бетер кулуйуп,
Балтанын сырты жандаган,
Жаагы шишип чулуйуп,
Асылдын көрүп түрпөтүн,
Анча-мынча кишилер,
Саруулап өңү кубулуп,
Топ-топ аскер туралбай,
Жайнай качты жарылып,
Качып берди ар кайда,
Адырлуу тоого жамынып,
Муңгул, маңгыт тажиктер,
Коросон, испан жедигер,
Коросон ыспан элдери,
Бөлүнүп түздө калыптыр,
Бөксөнү тажик алыптыр,
Муңгул, маңгыт, жедигер,
Адырлуу тоого жамынып,
Көмөскө маана тааптыр.
Коросон менен испанды,
Эл төрөсү эр Асыл,
Тете менен Саланы,
Бери кел, деди аларды:
- Тете, Сала сен болсоң,
Тукумуңду үзөмүн,
Бүгүн сага тең болсом.
Алдыңда өткөн хандарың,
Тажик менен муңгулга,
Алданып келдиң барларың,
Кетип калгын тил алсаң,
Кектеп сага барбайым,
Коркуп жатат дебегин,
Болбой мойнуң толгосоң,
Койдой башың кесемин,
Коондой кардың эшемин.
Тийишпесең тийбеймин,
Тете, сала хан деди,
Кубангандан келгенсиң,
Курнаамга келип кубанып,
Кырылып кетти элдериң,
Жалынбаймын мен сага,
Жакшылыкча бул кебим.
Тете, Сала – эки хан,
Баатырдын кебин угуптур,
Кубангандан чыдабай,
Кургап, тердеп туруптур,
Тете, Сала – эки хан,
Тоңкочуктап бүгүлүп,
Тообо кылып жүгүнүп,
Аралап Асыл келгенде,
Жандан турган түңүлүп,
Жарыша койуп кош айтып:
- Жаныбыз калды өлгөнбүз,
Жакшылыкка жакшылык,
Болсун баатыр – деп айтып,
Артына салып аскерин,
Алар жөнөп калыптыр,
Тажиктердин Көкбөрү,
Муну көрүп алыптыр,
Арча асты жубасты
Ылам дыйону басты...
Аскер менен сүйлөшүп,
Коросон менен испанды,
Артынан жолго салыптыр,
Асмандап учуп Кызылкыз,
Асыл эрдин үстүнө,
Борошолуу жамгырды,
Карайлатып куйдурду,
Ызылдатып ышкыртып,
Шамал менен урдурду.
Шамал улуп чуркурап,
Борошо уруп бургуйлап,
Кымкаар учуп закымдап,
Бет чыдабай тызылдап,
Жыландай шамал ышкырат,
Талас кайда, жер кайда?
Чыйыр кайда, жол кайда?
Ак калпак кыргыз эл кайда?
Тел болуп башы айланды,
Кайсы жакка барарга,
Жөө туман жүрүп жарык жок,
Кызылкызга жалынып,
Саранжа, Калдык, Каракөз,
Бул иттердин көөнү ток,
Кыйын болду Асылга.
Кылымда мундай болгон жок.
Маңгыт, муңгул, жедигер,
Жазылып чери жымылдап,
Таласты карай жөнөдү,
Кара курттай кыжылдап ,
Таластагы кыргыздын,
Анда эмне кеби бар,
Андан кабар угуп бак.
Муну мындай таштайлы,
Кыйынсыган Кызылкыз,
Качканынан баштайлы.
КЫЗЫЛКЫЗДЫН КАЧЫШЫ
Ордонун ханы Орунбай,
Жата бербейт ой кылбай,
Кененимдин үстүнө,
Басып кирди бурулбай:
- Аттанып Асыл кеткели,
Далай күн болду келбеди,
Палан жерге барам деп,
Же элге айтып кетпеди,
Сагындым бала жолборсту,
Эт жүрөгүм дегдеди,
Айткалы келдим өзүңө,
Уруксат бер өзүмө,
Көк жалдын изин кубалап,
Көрүнөйүн көзүнө.
Бакчадагы боз үйдө,
Баатыр төрө бул күндө,
Эшиктеги жыгачка,
Сагызган келип шакылдап,
Келгенин душман жакындап,
Жол таппай Асыл жүргөнүн ,
Айтып жатат какылдап,
Кененим айтат ошондо:
- Ой, Орунбай, ат току,
Айалдабай бат току!
Кеңкула минип болкойуп,
Жүр, Орунбай, жүрү, деп,
Жөнөп кетти зоңкойуп,
Желе-жорто бастырып,
Жолум үйдөй топону,
Жол бойуна чачтырып,
Баспай туруп Кең кула,
Байлоодо туруп бук болгон,
Туйагы тийген жерлерди,
Кемегедей каздырып,
Ардактаган Кеңкула,
Жорголой басып шайбаңдап,
Топтуу караан жүргөндөй,
Топурак учуп, жол чаңдап.
Саранжа, Калдык, Каракөз,
Келе жатат чакчаңдап.
Кененимдин келгенин,
Көрө салды Каракөз,
Саранжа менен Калдыкка,
Карап туруп сөз айтат:
- Кан төгүлөр чак болду,
Караанын көрдүм Кененим,
Кандай заман күн болот,
Кайсы экенин билбеймин,
Кара бойу зоо экен,
Капка кара тоо экен,
Аны менен беттешип,
Кандай жандар уңчү экен!
Мингени кула сур экен,
Кийгени суптун була экен,
Келе жатат Таластан.
Деп Каракөз айтканда,
Карап калып хан Калдык,
Саранжаны чакырып:
- Кененим келди тигине,
Тим келбеди бул жерге,
Беттешели бир бирден,
Сакалынын агы жок,
Ат салышып көрөлү,
Алы мунун канча экен?
Кара бойу дөбөдөй,
Карап турсаң барча экен,
Мен барамын мурун, - деп,
Карасурду камчылап,
Кандуу жаш көздөн тамчылап,
Маңгыттап ураан чакырып,
Күүлөп найза колго алып,
Кененимге хан Калдык,
Катуу тийди качырып.
Хан Калдык үнү чыкканда,
Уктап жаткан немедей,
Кененим көзү ачылып,
Кеңкула менен тап берип,
Эр Кененим тийерде,
Кудай бетин салбасын,
Кантип бенде карасын,
Манас деген үн чыгып,
Жер солкутуп түр чыгып,
Титирек баскан сүр чыгып,
Топурак учуп чаң чыгып,
Карагандан кан чыгып,
Кармагандан жан чыгып,
Токмок жал тору айгырдай,
Аркасынан, Асылдын,
Айдар кара жал чыгып,
Жалындуу көздөн от чыгып,
Жайнаган кызыл чок чыгып,
Ажыдаардай сүрдөнүп,
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Жаш арыстан жетти эле,
Асылдын мында келиши,
Мына мындай кеп эле:
Жеңдери башка эт көйнөк,
Байлап коймо бүчүлүк,
Бүчүлүгүн чечиптир,
Бала жолборс Асыл шер,
Булгап-булгап желпиптир,
Көйнөктүн жели туманды,
Такыр айдап кетиптир.
“Таласка кетти булар, деп,
Атакем калса кабарсыз,
Алашты кандай кылар” деп,
Кыжырланып келатса,
Маңгыттардын хан Калдык,
Кез келиптир баатырга,
- Картайган ата, неттиң? - деп,
Уулуңдун уулу жеттим, - деп,
Айтканы анын ушул кеп.
Жаш Асылды көргөндө,
Ойрон болгон Кененим,
Оозунан зобон чыкпаган,
Зобон чыкса бузбаган,
Жаш Асылга башында,
Сеники эрдик балам деп,
Ойлобой айтып таштаган.
“Көп эле болсо коркту, дер,
Жалганы чыгат кебимдин,
Деп ойлонуп Кененим,
Бура тартты береним,
Тордоду жолун Кызылкыз,
Коргон кылып бузулгус,
Жүйрүн дөөнүн тилин жеп,
Жүрөгүнүн майын жеп,
Алган экен Кененим,
Алтын балык кеби деп,.
Кызылкыздын сыйкыры,
Жолободу тайгылып,
Амалы кетип Кызылкыз,
Өлүүчүдөй кайгырып,
Сыр тону сыйкыр чечилип,
Деги азыраак Кененим,
Боотко бооду кечигип.
Асылды беттеп хан Калдык,
Сундуруп найза мекийип,
Наал таштап көзү көк,
Мадылдай болуп чекийип,
Баатыр Асыл хан Калдык,
Бакырышып бет келди,
Баатырлар найза кез керди.
Найзанын күүсү күркүрөп,
Оозунан оту буркурап,
Качырып найза урушуп,
Солк этпестен турушуп,
Эрдиктен булар чыдады.
Урчук кара тоо болсо,
Кетет болчу куланып,
Киргин суудай бууланып,
Жакалашып алыптыр,
Жанашып булар калыптыр,
Карасур менен Майтору,
Аркардай арыш салыптыр.
Каарданган кара көк,
Кайраты жандан бир бөлөк,
Толгой кармап тартканда,
Хан Калдыктай Маңгыттын,
Топчулугу үзүлүп,
Сооттору сүзүлүп,
Калкандары быркырап,
Чарайнасы чытырап,
Барган сайын Асылдын,
Азуулары кычырап,
Чыдай албай хан Калдык,
Бир түйүндүү кеп айтат:
-Кийерге соотум калбады,
Чыгып кетти далдалы,
Курал сынса жаңылап,
Курал алыш наркта бар,
Тон жыртылса тон бүтөп,
Кийе турган салтта бар,
Аскерим бар, элим бар,
Кереги тийет бир күн деп,
Ала келген киймим бар,
Мен элиме барайын,
Кийим кийип тамак жеп,
Анан келе калайын,
Алты күн болсун аралык,
Жети күн болот дегенде,
Күн менен тең майдандан,
Кездешер жерден табалык,
Макул деди эр Асыл,
Болуп калды чалалык,
Андан мурун урушта ,
Жадагандан хан Калдык,
Кеткен болчу суранып,
Бул сапарда Калдыкка,
Бербесе келмек ылайык.
“Күнүнөн калса, айга деп,
Айынан калса жылга” деп,
Ушундай ишти айтабыз,
Арамдык кылып бул маңгыт,
Кыскарган күнүн узартып,
Өчкөн отун тамызып,
Жүрүп кетти шарт койуп.
Барган жерде хан Калдык,
Саранжага көз кысып:
- Соотторум жыртылып,
Бүчүлүктөр үзүлүп,
Чын амалым кеткенде,
Алты күндүк аралык,
Сурап келдим бул жерге,
Барып келгин саранжа,
Алты күндү бүтүрүп,
Мен мындан кайра баргынча,
Дем алдырбай Асылды,
Арыталы, Саранжа,
Кара чачын агартып,
Карыталы, Саранжа.
Хан Калдыктан кеп угуп,
Барып байлап алчудай,
Саранжа жүрдү оолугуп,
Найзалашып салышты,
Асыл шерге жолугуп,
Саранжа айтат бир кепти:
- Хан Калдыктын бүчүлүк,
Койуптурсуң сен үзүп,
Саранжа келдим билип кой,
Аманат жандан күдөр үз,
Анда Асыл эр айтат,
Артык туулган шер айтат:
- Калп айтып маңгыт арбагың,
Алдаганын карагын,
Бириң эмес баарың кел,
Арыбас-талбас мен бармын!
Амалым кетип баратса,
Айкөл атам Манастын,
Арбагынан сураймын.
Азганакей кыргызды,
Алым келсе айаймын,
Канаттууга кактырбай,
Тумшуктууга чокутпай,
Жел тийгизбей багармын.
Сандап келген сендейдин,
Санынын эбин табармын!
Деп айтканда эр Асыл,
Калмактардын Саранжа.
Каарданып арданып ,
Кайта-кайта заарданып,
Кандуу найза карманып,
Каңгайлап салып ураанды,
Кайратына карк толуп,
Качырып кирген убагы,
Саранжа, Асыл бет келди.
Өз ойунда Саранжа ,
Чарчады Асыл, деп келди.
Аңтара сайып алам, деп,
Эрдик жолун табам, деп,
Сайдырбай кагып найзасын,
Алып көнгөн эр Асыл,
Саранжадай канчасын,
Найзаны туура тутушуп,
Туу тиктешип урушуп,
Найзанын учу түгөнүп,
Андан айла табалбай,
Кылычты кындан суурушуп,
Кыйын жаман урушуп,
Миздеринен ыдырап,
Чандан кылыч кыйрады,
Кылычтарын кыйратып,
Булардын жаны тынбады.
Колтуктарын чойушуп,
Чокморлошуп койушуп,
Алакан тери сойулуп,
Жаза чапкан нечен жер,
Ородой болуп ойулуп,
Бака-шака болушуп,
Балта менен койушуп,
Калдыркан кара темирлер,
Калкандары жарылып,
Балтанын сырты түйрүлүп,
Кара жанга күч келип ,
Кабылан Асыл ошондо,
Найзасын колго карманып,
Капаланып каарданып,
Кабагы карыш чүмкөлүп,
Кайра жаачу булуттай,
Уйгу-туйгу бүркөлүп,
Айкөлдү алып оозуна.
Майторуну чуратып,
Кырданып кирди ушунда,
Аркасында чаң калып,
Касаба тоодой жарданып,
Мөрөйдү алчу күлүктөй,
Элөөрүп баатыр шаңданып.
Саранжанын найзасын
Кагып ийип каңгытып,
Булгап алды найзасын,
Учунан отун жаркытып.
Имерип тийген жаандай,
Самсаалатып калмакты,
Саранжаны кулатты,
Шумкар тепкен таандай.
Каракөз келет качырып,
Ажыратып алам деп,
Жаны жаман ачынып,
Каракөздү кабылан,
Кадигине албады,
Саранжаны коборбой,
Кыйа чаап мойнунан,
Башын кесип салганы,
Келген менен Каракөз,
Саранжаны өлтүртпөй,
Ажыратып алалбай,
Бекер туруп калалбай,
Найзасын кармап бекемдеп,
Каадалуу балбан кептенип,
Беттеп кирди кекеңдеп,
Алмак-салмак теминип,
Эки буту тепеңдеп,
Ирмебей көзү чекчейип,
Киндигин тартып, бел түйүп,
Кууратам деп мекчейип.
Каракөз жакын келгенде,
Кайраты артык кабылан,
Кылычын салып кынына,
Үзөңгү теппей минди эле,
Нардай болгон тору атка,
Каскактуу найза кармады,
Каракөздүн найзасын,
Кагып ийип кабылан,
Каңтара сайып салганы,
Аңыраңдап келгенде,
Аңтара сайып салганы.
Хан Калдык берип жарлыкты,
Жедигер эли каптады,
Кабылан Асыл ошондо,
Каракөзгө карабай,
Каптап кирген жедигер,
Канын төктү айабай,
Колунда найза беш кулач,
Учу менен сайбады,
Сойулдан бетер койгулап,
Аралап кирди аларды.
Таамай тийген жан өлдү,
Тагдыры бүткөн дагы өлдү
Күнү-түнкү чабышта,
Беш-алты миң эр өлдү,
Кары өлдү, жаш өлдү,
Баатыр өлдү, бош өлдү,
Ага-ини тең өлдү,
Улуу-кичүү дагы өлдү,
Бир үйдөн келген үчөө өлдү,
Колу сынып кокуйлап,
Чолок болду эчени,
Көзү чыгып олойуп,
Сокур болду эчени,
Бели үзүлүп мент болуп,
Минтип жатат анчасы,
Буту сынып кобо албай,
Жылып жүрөт канчасы,
Жедигердин элдери,
Деги алы келбеди,
Арка кылган кан Калдык,
Асли жардам бербеди,
Ар кайда качып бириндеп,
Жедигер эли сенделди.
Жедигер менен Асылды,
Кандуу уруш майданды,
Хан Калдык таштап андайды,
Кызылкызды чакырып,
- Арка болот сени деп,
Алып келдик биз барып,
Сенин ишиң укканда,
Айран калам таңданып,
Мыкаачы Асылбачанын,
Айласы кетсин сандалып.
Көп акылды таба көр,
Көп сыйкырды сала көр,
Топурак туман тоз кылып,
Күн көрүнбөй кала көр,
Күн көрүнтпөй бүркөлтүп,
Кетирбей бурут чүмкөлтүп,
Ар амалды саларсың,
Кошуунду айдап түн катып,
Мен Таласка барайын,
Шаарын тартып алайын,
Адыр-тоого батпаган,
Малын тартып алайын,
Кыйналталы карысын,
Ыйлаталы барысын,
Кененимди тордогун,
Өзүңдү өзүң зордогун.
Кененим менен Асылды,
Дегеле бекер койбогун,
Жолун тосуп бастырба,
Мен кылайын башкача,
Деп, тапшырып Калдык хан,
Элин айдап жөнөдү.
Топурак учуп тоз болуп,
Асман ачык, күн бүркөк,
Жердин бети боз болуп,
Кызылкыздын айласы,
Асыл эрдин көзүнө,
Жедигердин элинин,
Көрсөтүп койуп карасын,
Топурак менен тоздуруп,
Көрсөтпөйүн андан башкасын,
Жедигердин элдерин,
Бир чекеге бөлүптүр,
Асыл шердин жолуна.
Сүрөтү киши кептентип,
Айбаалыны койуптур.
Катар сапты аралап,
Байкады бала чамалап,
Кылчайып артын караса,
Сабоодой болуп эл турат,
Сыйкыр менен Кызылкыз,
Сырдаган экен мени деп,
- Айкөл атам Манас кел,
Олуйа Кошой кошо кел,
Алмамбет султан азыр кел,
Арстан Чубак баатыр кел,
Өткүр Сыргак көзүр кел,
Музбурчак жан өзүң кел,
Айдаркандын Көкчө кел,
Сыйкырдын иши сыздатты,
Азирети арбак, жардам бер,
Азиз Бакай кеменгер,
Атам Семей артык эр,
Ак калпак кыргыз элинин,
Айлакери Күлүс кел.
Каракалпак түркмөндөн,
Бөлүнбөй жүргөн кыргызды,
Ак калпак атка кондурган,
Азиз энем Каныкей,
Урпактарың кысталды,
Жардамың болсо кылсаңчы?
Асманда учуп калкыган,
Ак куу болуп жаркыган,
Жүзүндө нуру балкыган,
Айкөлдүн сыйлап арбагын,
Так кырк жыл сактаган,
Олжого түшүп күң болбой,
Кайгырып башы муң болбой,
Он төрт жыл Кыйаз колунда,
Өзүн сүттөй сактаган,
Адам эмес, периден,
Акылын эч ким таппаган,
Айчүрөк энем жардам бер!
Деп зарланды жаш бала,
Ошол кезде Бакайдын,
Айчүрөккө айтканы:
- Айчүрөк балам, сен турба,
Карбалас учуп ылдамда,
Сыйкырдын барып сырын чеч,
Үч жылдык кызга ноокас бер,
Жан кишиге билинбей,
Ошону менен кайтып кел.
Учуп келип Айчүрөк,
Топуракты тоздурду,
Тумандын баарын жок кылды,
Периден бетер нурланды,
Кызылкыздын жанына,
Жакын барып турганы.
- Ой, Кызчак, - деп жылмайып,
Кызылкыздын чачынан,
Айчүрөк энем сылады.
Кызылкыздын жүрөгү,
Алып-учуп дегдеди,
Асили тынчтык бербеди,
Жүрөгү туйлап токтобой,
Оозуна дуба кирбеди,
Кирдегенсип көңүлү,
Кайсы экенин билбеди.,
Көрүнбөдү энебиз,
Кулагына айтты эми:
- Үмүт кылсаң жаныңан,
Сен үйүңө кайт, - деди.
Жай алып үч жыл жат, - деди,
Хан Калдыкка жетпейсиң,
Каракөзгө айт, - деди.
Өзү да жок, үнү жок,
Көрүнөө турган бири жок,
Жүрөгү туйлап токтобой,
Тура ала турган амал жок,
Кызылкыздын жүрөгүн,
Сууруп тартып жаткандай,
Нур көрүнүп от болуп,
Жалындай түшүп чок болуп,
Токтоно албай Кызылкыз,
Турарга дарман жок болуп,
Каракөзгө жөнөдү,
Ордунан учуп козголуп,
Кызылкызды көргөндө,
Каракөз кетти кош болуп,
Кара күчкө карсылдап,
Күлүп ийди оштонуп.
Каракөзгө Кызылкыз:
- Сага болдум бүгүн туш,
Жүрөгүм туйлап токтобой,
Мага болду кыйын иш,
Кайыптан болду белги деп,
Колдоочум бүгүн көрүнүп,
Өзүмө келип болду кез,
“Үмүтүң болсо жаныңан,
Каракөзгө айт, - деди,
Айтып койуп кайт, - деди,
Козголбостон элиңде,
Үйүңдө үч жыл жат”, - деди.
Алыңар келсе урушуп,
Амал кылып турушуп,
Айла кылып көргүлө,
Же болбосо ар кайда,
Жер-жериңе кеткиле.
Үч жылдан кийин чогулуп,
Бир айласын кылалы,
Айтып кебин болгуча,
Сыйкыр кыздын ошондо,
Өңү эчен кубулуп,
Олтура калып чиренип,
Тура калып чалкалап,
Эки эмчеги салаңдап,
Ийилип бели кайкалап,
Тура албай эчен ойдолоп,
Ичегиси чубалып,
Чурку болгон эмедей,
Эңкейип ичин карманып,
Кубулуп өңү саргарып,
Тура албады тынч алып.
Үйүн карай бет алып,
Учуп чыкты кайкактап,
Мурункудай уча албай,
Канатын сабап талпактап,
Жыйнап алып учалбай,
Көк жорудай салпактап,
Кызылкыз учуп кетиптир,
Жер арылып туман жок,
Баатыр Асыл нетиптир?
Караса жандын бири жок,
Кыбыр эткен тирүү жок,
Түп тутат кимге ойлоп көр,
Атаңдын көрү дүйнө шок!
“Туман менен жолумду,
Тордогон экен сыйкырлар,
Картайган атам баш болуп,
Канетти экен кыргыздар?”
Эми турбай ал жерде,
Ат айабай жөнөдү,
Таласка жете кетерге.
Такыр аттын изи жок,
Жоготуп кеткен Кызылкыз,
Кубакай кыз, кумпай кыз,
Кудай урган шумпай кыз,
Азыраак чыгат кылымда,
Сыйкырчыдан мындай кыз.
Баскан аттын изи жок,
Басып жүргөн киши жок,
Барамын деп Таласка,
Баатыр Асыл баратыр,
Байандап айта кетели,
Бер жакта далай кеп жатыр,
Хан Калдык баштап калың кол,
Жер тумандап кара жол,
Саранжанын элине,
Башчы болду Бетирке,
Териге сыйбай баратат,
Баш кишилик жеткенде,
Кененим менен Орунбай,
Учурап калды жолунан,
Таласка жакын жеткенде,
Калдыкка барып Бетирке,
- Бул сапар жолду мага бер,
Мен чыгайын жекеге,
Тор этиме карк толуп,
Болгон кезим – деди эле.
Бетиркеге хан Калдык:
-Сен барбагын, Бетирке,
Саранжа өлүп хан болдуң,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 09
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.