Latin

Асылбача - Бекбача - 12

Total number of words is 4209
Total number of unique words is 2246
29.3 of words are in the 2000 most common words
42.8 of words are in the 5000 most common words
49.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Көчүрүп такыр айдадым,
Бекбача терең ой ойлоп:
“Карсылдашсам кагышып,
Олжо алып келе аткан.
Кыргызды кырып салабы?
Кыргызмын деп айтпайын,
Кыйын уруш баштайын,
Олжолоп алып кетем деп,
Ушул кепти айтайын”
- Жымбы, жаман оолуктуң,
Сүйлөп жатып соолуктуң,
Айрым ачтай ач белде,
Мен бүгүн сага жолуктум.
Эл барбы деп күрдөлүү,
Мал барбы деп сүргөлүү.
Келе жаткан киши элем,
Калың малга жолуктум.
Жымбы сени сойойун,
Жымсал кылып койойун,
Уктасам кирбес түшүмө.
Жолумдун бүгүн болгонун!
Деп ошентип Бекбача,
Найзасын кармап ыргады.
Жымбы карап турбады,
Качырып найза сунганы.
Найзаларын кагышып,
Карсылдашып салышып,
Кармашта жүрүп Бекбача,
Албан акыл көп ойлоп:
“Өлтүрө сайып Таңгытты,
Өпкөдөн канын жайсамбы?
Оодара тартып атынан,
Кармап алып тартайтып.
Кыргыздын малы кайда деп,
Таптырып буга алсамбы?
Кадыры болсо элине,
Тили келет Таңгыттын,
Жандырып кайра дүйнөнү,
Өз колуна берүүгө.
Кадырсыз болсо калчаңдап,
Сен баатырсың деп койсо,
Жүргөн болсо далдаңдап.
Ажыратып алам деп,
Мыктылар келет барбаңдап,
Кырк балбан кетти элге деп,
Конушпай айткан канча кеп.
Бирден-бирден өлтүрүп,
Болгучакты кыйын иш.
Колго түшкөн кыргызды,
Койдой башын кеспесин,
Коондой кардын эшпесин,
Түбүнө Таңгыт жетпесин,
Пайда тийбей кыргызга,
Эл кырылып кетпесин,
Тирүү кармап көрөйүн”.
Бир сайгандан чыгарбай,
Көмөлөттү Жимбини,
Таңгыттагы балбандын,
Жымбы болчу кыйыны.
Жымбыны кармап байлады,
Бири урушта өлүптүр,
Ат салышып келишти,
Отуз сегиз калганы.
Калгандары калдаңдап,
Сыртынан кийген эндей тон.
Чапандары далбаңдап,
Тегерек таман көк наакы,
Буттары келет салбаңдап.
Отуз сегиз эр келип,
Чогуу баары тең келип,
Тегеректеп калышты,
Эр Бекбача балбанды.
Көп кишини көргөндө,
Көкжал баатыр каарданды,
Кыйгактуу найза карманды,
Качырып салды айгайды,
Манастап ураан чакырып,
Бет келгенде жалмады.
Бир аралап өткөндө,
Найзалары коройду,
Отуз сегиз балбандан,
Жыйырма экизи торойду,
Кайта тийди имерип,
Качып чыкты Таңгыттар,
Найза сайбай ийменип.
Калган балбан он алты,
Бир кишиге ал келбей,
Кырк балбан тартты убайды.
Чогулушуп кужулдап,
Бекбачага ал айтты,
Тоңкочуктап жүгүнүп,
Жымбыны бер деп сурашты,
Намыс кылбай кырк балбан
Таштап койуп уйатты.
Алдыңкы үч чабуулду,
Кеңешмек болду Таңгытта,
Кандай кылып түзөштү.
Бу сапар алып келгени,
Үч жүз үйлүү киши экен,
Өлбөгөнүн эсен-сак,
Кайта элине узатты,
Жымбы баштап балбандар,
Кыргызга колун салгандар.
Ордосуна барышты,
Беш жүз аскер кырк балбан,
Барганынан келгенин,
Башынан өткөн күндөрүн,
Бабырап кебин салышты.
Кебин угуп Ламасы,
Кер-сары болуп арданды.
Колу менен бутуна,
Баарына кишен салдырды,
Канча жылдан бер жакка,
Кыркыңды бактым сарбактап,
Бир кишиден качыпсың.
Кыркың жүрүп далбактап,
Адам болбой өлгүлө,
Душманды келет маа мактап!
Демейки күнү мактанып,
Сыйбайсыңар териге,
Алыбыз келбей койду дейт,
Жалгыз жүргөн кишиге,
Жери кайсы, эли ким?
Келген эрдин аты ким?
Мага толук билдиргин!
Жымбы айтат ошондо:
- Ким экенин билбедик,
Сурабадык эл жерин,
Дайнын сурап билбепбиз,
Кай тараптан келгенин.
Миңгени тору Тобурчак,
Жал куйругу чоң кучак,
Орто бойлуу кызыл бет,
Айтор, оңой эр эмес,
Мен-мендеген адамзат,
Беттешермин дээр эмес.
Көрмөк тургай мындайды,
Кулак уккан кеп эмес.
Карды салык кең экен,
Көзү кичи неме эмес.
Кыр мурундуу, көк көздүү,
Кишиге жагым бал сөздүү,
Бир өткөндө аралап,
Он алты киши калганы,
Андан башка балбанды,
Аңтара сайып таштады.
Өлтүрөм деп өчөшүп,
Өзү кастык кылбады,
Бекеринен кан төгүп.
Ал жамандык кылбады.
Жаман ниети бар болсо,
Колго түштүк баарыбыз,
Койбой такыр кырбайбы.
Эби келсе эл журтка,
Мурунку алган кыргыздын,
Малы-пулун жыйнайлы,
Айткан сөз болсун ордунда,
Жарым сөздүү кылбайлы.
Жымбынын кебин укканда,
Кокүн деген бар экен,
Ордо баккан жандарда,
Ач бөрүдөй чамынып,
Этектерин кагынып:
- Эригип жаткан кезимде,
Келиптир эрмек табылып.
“Алганын берген жаман деп,
Ичкенин кузган чабал” деп,
Эл ичинде макал кеп.
Эл кыдырып ким жүрөт,
Кыргыздын малын жыйам деп,
Кокүн буйрук кылыптыр,
- Аскер турбай чуба – деп.
Унчукпай турду кеп тыңшап,
Жоголуп кетти деди эле,
Кененим келген –белем деп
Мени менен бир барып,
Кызмат кылсын кырк жаман,
Бирин койбой агыт!-деп,
Колу менен бутунан ,
Кишендерин алдырып,
Жүрөөрүндө алдырап,
Кара темир каруулар,
Кагылышып калдырап,
Көрүп келген кырк балбан
Басалбай мууну шалдырап,
Бирин бири тиктешип
Кеп кыла албай жалдырап,
Сүйлөсө тили так келбейт,
Жан үзчүдөй балдырап.
Ламасынан бата алып,
Кокүн жүрдү аттанып,
Кокүн койбой алат деп,
Көп киши келет шаттанып.
Келе берсин Таңгыттар
Сапырылып жол менен,
Сайып алыш ой менен,
Муну койо туруңуз.
Бекбачадан угуңуз.
Конушпайды чакырып,
Суроо салып чаптырып,
Тирүү кармап Матанды,
Алып келип жатыптыр,
Алып келди таптырып.
Өз ордуна Матанды,
Өз элине хан кылып:
- Калганың кайта кеткиле,
Ата-Баба конушуң,
Жай-жайыңа жеткиле.
Конушпай кал жанымда,
Далай жабыр тартыпсың,
Үч жылдан бери карата,
Алып берем кегиңди.
Жыдыгыңды чыгарам,
Таңгыттарга, Конушпай,
Алтын менен сырдатам,
Бүт бойуңду шыбатам,
Күзгүдөй көөнүң жаркытып,
Анан кийин уз атам.
Жолун билсең Конушпай,
Борборуна баштагын,
Элдин көөнүн агартпай,
Эми кантип жатамын?
Конушбай жолду баштады,
Байкуш көзүн жаштады,
Ошондогу айтканы:
- Эки жылдын алдында,
Ээр токуду далыма,
Беш манжамды каптады,
Эп келтирип колума,
Теке мүйүз чаптады,
Минип алып камчылап,
Лахасага алып барды,
Айланайын жолборсум,
Ошондо жаным аз калды.
Көөнүм бербейт күбөлүк,
Киши минип жол жүргөн,
Ушул жолду басканы,
Ушуну айтып Конушпай,
Эки көзүн жаштады.
Жорго минип ал эми,
Чайпалып жолду баштады,
Аладыр деген жер басты,
Алдайгыр деген бел ашты,
Белден түшүп келе атып,
Көрүп калды Чаңдакты,
Кырк балбан бар жандаган,
Толук кырк миң киши экен,
Кокүн курап айдаган,
Көрө салып Конушпай,
Керсары болуп кубарып,
Жерди тиктеп муңайып:
- Кээ бирерде көрчү элем,
Кокүн деген адамды,
Тытып жеген бир сапар,
Тирүү турган адамды,
Кантесиң деп айтарга,
Келбеди элдин абалы,
Мен көргөндө Лахаса,
Шаары буга карады,
Учурап калдык чочкого,
Чымын жан тирүү калабы?!
Кетели баатыр Бекбача,
Бир күн да болсо мааналап,
Жарыкты көрүп туралы,
Конушпайга , Бекбача,
Корко бербе сен анча,
Атам Манас болгон соң,
Сен коркпогун мен барда,
Оңуна келсе оң болот,
Солуна келсе сол болот.
Оң боло албай сол болсо,
Баатыры Кокүн Тормайлык,
Баарысынын Кожосу,
Тирүү кудай молдосу,
Түп оту менен жоголот.
Чоң экен кара бойу деп,
Убайлануу не пайда?
Жандан кечип урушмак,
Намыс үчүн мындайда,
Деп Бекбача бөлүндү,
Майтору менен жулунтуп,
Кой шыбактан башка жок,
Жаткан талаа түз экен,
Бекбачанын карааны,
Көргөн элге жүз экен,
Каар салышкан душмандын,
Өз башына күч экен.
Кылычы белде жалтылдап,
Ай балта жанда жаркырап.
Асаба башта калкылдап,
Боз кисе белде шалкылдап,
Найза колдо заңгырап,
Канжыгада доолбас,
Чымын тийсе зыңырап,
Туулганы башка чөмөрүп.
Бүтүлүү тоодой көгөрүп,
Жолун үйдөй чойун баш,
Чабына кысып өңөрүп.
Чарайнасын тартынып,
Далыда калкан калдактап,
Кара темир калдыркан,
Эки бутта салбактап,
Күүлөнүп Кокүн келе атат,
Таноолору барбактап,
Уй, букадай дардактап.
Балбандык белги башында,
Кулагында эшектин,
Кайчыланып делдейип,
Койбоочудай дүйнөнү,
Үйлөгөн мештей дердейип,
Бойунан чоң курсагы,
Бооз катындай чердейип.
Келип турду тенейип,
Бекбачаны бир тиктеп,
Карап калды делейип:
- Кырк балбанды кыйраткан,
Колго түшкөн кыргызды,
Койбой баарын куткарган.
Бейбаш киши сенсиңби?
Кокүн атка конголу;
Менин кылган ишимди,
Бузган киши болбоду.
Лахасада, Ламалар,
Бузулбайт ишим ушулар,
Туурадан келип капташып,
Буза аласың сен кандай?
Угуп билген кабарды,
Кыргыздан келген Кененим,
Бала кезде келиптир,
Кандайлыгын билбеймин.
Биздин элдин борбору,
Бузулбай келген ордосу,
Лаха сага кол салып,
Гүлкаакы деген кушту алып,
Он жети кабат кызыл там,
Экөөнү чагып кол салып,
Кеткен экен деп угам,
Анда Көкүн бар болсо,
Бара алат беле борборго,
Кол сала албайт болучу,
Кызыл мастен ордого.
Лопнурдагы кыргызга,
Кол салгамын ошого.
Малын алып пул кылып,
Азаматын кул кылып,
Катын-кызын күң кылып,
Бузуп кеткен экөөнү,
Жасатайын бүтүрүп,
Ойлогонум ал эле.
Кыргызга келген кайрыгер,
Ким болосуң?- деди эле.
Ачууланып Бекбача,
Өзүңдү өзүң көтөрүп,
Мактанбагын сен анча,
Бойуң тоодой болсо да,
Мен турганда сен канча?!
Ордоңду бузуп талкалап,
Гүлгаакыны олжо алып,
Чынгыш кулду кошо алып,
Кеткен киши Кененим,
Кененимдин баласы,
Бекбача иним сен билгин!
Ажалың айдап жан шашып,
Кыргызга Таңгыт не тийдиң?!
Бир мал үчүн бир эрдин.
Канын чачам билип кал,
Адамкерлик жол менен,
Акылдашсаң аман кал.
Ачуу - шайтан, акыл - дос,
Акылыңа акыл кош,
Акыл менен кылган иш.
Ар качан орду козголбос.
Улууң барсың, кичүүң бар,
Кокүн кебин угуп кал.
-Эл башкарган ханыңа,
Эс акылдуу карыңа,
Эп келсе кебим баарыңа,
Кыргыздан алган олжолоп,
Эсебин тапкын мал канча?
Сандыкка салып жүктөгөн,
Сарпай канча, зар канча?
Өлгөндөрдү кум менен,
Кишиге киши кол менен,
Кектүүнүн кегин чыгарсаң,
Калгандын көөнүн агартсаң,
Мындан кийин тийбеске,
Убаданы бек кылсаң.
Катылбастан кетемин.
Каада-нарктуу кеп кылсаң,
Кырк балбанын кетирбей,
Кыйратат элем кек кылсам.
Кыш-кыштооңор аралаш,
Жай-жайлооңор чамалаш,
Жайы-кышы бөлүнбөй,
Жүрөсүңөр чамалаш,
Кымыз ичип козу жеп,
Санаасы жакын кадырнас,
Ирегең бирге эл элең,
Илгеркидей болсоңор,
Бекбача мында не келем,
Кырдуусуп Таңгыт кетпесең,
Кемсинип кыргыз калбаса,
Ким келет сенин айлыңа?
Убадаңды бек кылсаң,
Чачылган малды бүт жыйсаң,
Сандыкта зарды жам кылсаң.
Кете берем Бекбача,
Кержеңдесең тил албай,
Кекенчимди чыгарам,
Айдап малың чубатам,
Каратып туруп көзүңө,
Кырк балбаның сулатам.
Тийишпесең тийбеймин,
Катышпасаң кишиге,
Катышууну билбеймин.
Ата-баба жолу ошол,
Жообуңду бергин!- деп,
Жолборс сындуу Бекбача.
Карап турду күркүрөп.
Кокүндү кудай урганы,
Айал-уйал кылбады.
Качырып найза сунганы,
Каарданып Бекбача,
Кармап найза ыргады.
Кокүн сунган найзанын,
Үнү күндөй күркүрөп,
Көрүп туруп Конушбай,
Сийдиги агып дүркүрөп,
Кара жерди чаң кылып,
Качырганын ар качан,
Алып көргөн кар кылып,
Адатымча кыргызды.
Сайып алам дегенсип,
Сапырылтып тозоңду,
Адам карап туралгыс,
Кокүн деген ошону.
Шамал чыгып зыркырап,
Ат туйагы тийген таш.
Кумдай болуп быркырап,
Алдына минген Темиркөк,
Урган таштай дыркырап,
Күүсү менен бул чочко.
Бекбачаны жалтанбай,
Найза менен муштады,
Сайдырбастан Бекбача,
Найзасын кагып жиберип,
Качырып кирди Каракөк,
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Найзасынын учунан,
Жалындаган от күйүп,
Табарсыктын башы деп,
Калмак ээр кашы деп,
Найза менен сайганы,
Мөшкөй болот чарайна,
Өтпөй найза тайганы,
Найза каңгып так этип,
Ташка сайган немедей,
Кайта жанды чак этип,
Ээрден көчүк кыйшайып.
Бир жагына кынтайып.
Үзөнгүдөн бут тайып,
Ооп барып оңолду,
Ороңдогон чочкого,
Абдан шайтан толгону.
Алтымыш батман Ашкатең,
Бул чочконун колунда,
Чойун башы бар экен.
Күүлөп-күүлөп булгалап,
Буркун, буркун, буркун, деп,
Атын айтпай Ламалап,
Бекбачаны көмө чаап,
Жоготом деп талкалап.
Качырып келип урганы,
Көп үйрөнүп көп билген;
Бекбачадай ким билген?
Бекбачага жарашып.
Минген аты Майтору,
Эр билгенди ат билген.
Чокмор келип тийерде,
Тоого тийсе чокмору,
Казыктай жерге кирээрде,
Шайдоотук кылып Майтору,
Оордун сала берди эле,
Аттын асты такта таш,
Чокмордун өтүп зардабы,
Талкаланып кум болуп,
Тоздой учуп жоголуп,
Таштын орду көл болуп,
Көлгө көлчүк суу толуп,
Тирүү адам көрбөгөн,
Талкаланып таш кетип,
Орду сууга көлдөгөн.
Көк камандай күркүрөп,
Тартып алып чокморун,
Олоңдоп жерди карады,
Өлтүрдүм деп санады.
Ойрон болгон Бекбача,
Обон салып күлдү эми,
Кокүн катуу каарданып,
Мени шылдың кылды, деп,
Ачууланып арданып,
Алаканга түкүрүп,
Чокморду чыңдап карманып,
Өрдөктөй мойну узарып,
Өпкөдөй бети бышарып,
Кузгундай көзү кызарып,
Темиркөктү камчылап,
Түлкү алчу бүркүттөй,
Мурдунан суусу тамчылап,
Ачка калган бөрүдөй,
Азуулары шакылдап,
Чокморун күүлөп булгалап,
Кирип келди жакындап,
Көмө чаап кыргызды,
Жүрөгүн сууруп жесем деп,
Тамакайы такылдап,
Тили батпай оозуна,
Суусаган иттей акылдап,
Токтоно албай жүрөгү,
Дүк-дүк этип лакылдап,
Чокморду шилтеп ийгенде,
Манастын уулу Каракөк,
Каадасы журттан бир бөлөк,
Төбөдөн урган чокморду,
Кокүн өңдүү чочкону,
Ач билектен кармады,
Тарамышы тырышып,
Чокмор түшүп калганы,
Чокмор түшкөн кара жер,
Жер айрылып аң болуп,
Карап турган кырк балбан,
Кырк миң аскер таң болуп,
Беш манжанын башына.
Мөлтүрөгөн кан толуп,
Чыдай албай чоң Таңгыт,
Тарк осуруп жиберди,
Сасык туман уйуду,
Чай кайнамда суйулду,
Одураңдап бул чочко,
Ого бетер арданды,
Жан алчудай заарданды.
Жасылыгы төш жары,
Жалаң болот испаанды,
Кармай алды сабынан,
Сууруп алды кабынан,
Көргөн адам жалтанат,
Көзүнөн чыккан жалындан,
Мына ушуну көргөндө,
Конушбайдын жүрөгү,
Чыга жазды кабынан,
Кыргыз эмес, Таңгыттар,
Үмүтүн үздү жанынан,
Өз элинин коркушу,
Куршугу кармап калганда,
Беш-алтыдан кишини,
Титиркенбей жарычу,
Бүтүн бойдон тиштеп жеп,
Кумары анан канычу.
Тээтиги турган кыргыздын,
Башын кесип алат деп,
Кумардан кайдан канат, деп,
Бизден кошпой бир топту,
Кокүн кайдан тынат деп,
Коркуп турат бүжүрөп,
Эки-экиден күбүрөп.
Көзүн бардап ача албай,
Өлүчүдөй үлүңдөп,
Каарданып бул Таңгыт,
Жаман кирди күжүлдөп,
Жалт-жулт этип кылычы,
Жалындап кызыл от күйөт,
Жаалы менен барганда,
Жаркылдатып кылычын,
Жан айабай салганда,
Бир жагына жалт берип,
Чыга берди Бекбача,
Урчук кара сеңир таш,
Кылычтын учу жеткени,
Жеткен жерин кескени,
Таш бөлүнүп жатканы,
Чапкан жерде киши жок,
Муну Көкүн байкады,
Башын булгап чайкады,
Көрүп туруп түрпөтүн,
Бекбачанын айтканы:
-Баатыр Көкүн сен болсоң,
Эл сактаган эр болсоң,
Теңдик кепке келели,
Кыргыздын малын кемитпей,
Оозуңа алгын берерди.
Угуп алып бул кепти,
Чын ачуусу келди эми.
Чымырканып акырын,
Чындап катуу бакырып,
Ак көбүк ооздон буртулдап,
Жалыны көздөн чачылып,
Алдындагы Темиркөк,
Топону көккө сапырып,
Качасың кантип кыргыз деп,
Жана тийди жапырып.
Колундагы кылычы,
Күн чагылып жалтылдап,
Айбатынан чочконун,
Жерге кирди калтылдак,
Ирмебей кирпик каранып,
Алдыңкы ээрдин жаланып,
Бузулуп өңү карарып,
Кара сур тартып муң басып,
Ачуусунан өң азып,
Качырып кылыч чабарда,
Карап турбайт Бекбача,
Төбөдөн чапса булт бермек,
Капталдан чапса канетмек?
Кылычты кыйгай кармады,
Кыйырдатып салганы,
Туура белден кыйа чаап,
Бекбачаны алмагы.
Мындайдын көргүн чандамын,
Бекбача билбей калабы.
Чабар жери белем деп,
Төмөн калат ээрим деп,
Чалкасынан шалк этип,
Жата кетти Бекбача,
Ат соорусу такта, деп,
Атам Манас арбагы,
Аманатың сакта деп,
Каңкып кылыч кеткени,
Капташты мунар бир дөбө.
Тийген жерден дөбөнү,
Кылыч таарып кетти эми.
Оңолуп минип тор атка,
Одурайган Таңгытка,
Ойротто жок Бекбача,
Качырып найза неткени.
Таамай сайса Бекбача.
Тоо да болсо койобу,
Тоодой болгон чоң Көкүн.
Томолонуп торойду.
Башындагы туулгасы,
Ыргып кетип жоголду,
Демжип өөдө болоордо,
Балта менен Бекбача,
Чокудан нары бир койду,
Казан бактай кара баш,
Алты талаа жарылды,
Айрандай агып кайран мээ,
Кара жерге жайылды.
Карап турган кырк балбан
Кырк миң аскер сандаган.
Жайнап качып бөлүндү,
Жалгыз баатыр Бекбача,
Ошончолук көп элге,
Ажыдаардай көрүндү.
Муну мындай таштайлы,
Текши тоодо жошулган,
Кызыл кандан баштайлы.
ТЕКШИ ТООДОГУ КЫЗЫЛ КЫРГЫН
Бекбачанын айбатын,
Көрүп турган көп Таңгыт,
Көзүнөн жашы төгүлдү,
Санаасы сан кыйал миң,
Кандай дээрин биле албай,
Мойнуна алып өлүмдү,
Кырк балбаны кыжырап,
Кырка туруп быжырап,
Таранчыдай кожурап:
- Тиги турган кыргыздан,
Каражан кантип кутулат?
Өтүп кеткен күндөрдө,
Катар кирип кыркыбыз,
Катар аттан куладык,
Күүсү менен баатырдын,
Кыйган талдай суладык,
Ошол бойдон келбесек,
Билбейт эле Бекбача,
Кокүн эрге ишенип,
Минтип бүгүн куурадык!
Кайран жанды кыйдык - деп,
Кара жер болуп тындык – деп,
Асыл жанды кыйдык – деп,
Ажырап элден тындык - деп,
Чуулдашып турушту.
Ошол кезде Бекбача,
Тору атты кайта бурушу,
Аттын башын бурганда,
Каралдысы Конушбай,
Жетип келип кашына,
Саламдашып кашкайып,
Күлүп туруп айтканы:
- Тегиз тоо мага жер болуп,
Ушул элге эл болуп,
Мен турганы, жолборсум,
Ашып калды төрт жылдан.
Уругу Таңгыт элинде,
Жалгыз менмин дээр эле,
Мен көргөндө бул элде,
Айтса-айтпаса эр эле,
Азыр өлүп ал жатты,
Азыраак сабыр кылалы,
Арз айтып келет эми эле.
Конушбайдын кебине,
Бекбача карап турабы,
Барган сайын алчактап,
Алдына минген бууданы,
Бастырып жолго киргенде,
Батак деген бар экен,
Таңгыттардын элинде,
Аттан түшүп бүгүлүп,
Талпалактап жүгүрүп,
Кан жыттанып мурдуна,
Энтелеңтеп күйүгүп,
Бекбачага жакындап,
Жата калып жер жыттап:
- Кызыл чаар жолборсум,
Кырааным сизге жол болсун,
Кыйа карап катышган,
Эми билдим оңбосун.
Кыркыбызды эсен-сак,
Койо бердиң баргын, деп,
Кокүн айдап биздерди,
Алып келди жүргүн деп,
Кошо келдик кубанып,
Көкүн жеңип берет, деп,
Өлүп жатты тигине,
Болбой келип дердеңдеп.
Чапсаңыз мына мойнубуз,
Кол куушуруп алдыңда,
Боорубузда колубуз.
Мына мындай кылсак деп,
Бул жерде турган элдерде,
Айтууга келбейт оозубуз.
Кетирсеңиз жаналы,
Уккан-көргөн бар ишти,
Ламага айтып баралы,
Арбагыңды жолборсум
Жашырып кантип калалы.
Өлтүрүп койсоң биздерди,
Өлүптүр деп күйүнбөйт,
Өксөп ыйлап барсак биз,
Өлбөй аман келди деп,
Кабагын ачып сүйүнбөйт.
Кокүн өлдү дегенде,
Мууну кетет шалдырап,
Кеп кылалбай кыйлага,
Тиктеп калат жалдырап,
Ачууланса биздерди,
Кайта айдайт калдырап,
Келбей койор айла жок,
Келебиз кайра жалдырап,
Кокүнгө айткан кебиңди,
Койбой баарын укканда,
Акыл ойлоп табалса,
Алдыңа киши жиберет.
Кыргыздын малын жый десе,
Алгандар келет жетелеп,
Төлүн кошуп бер десе,
Толтурат санын тотолоп.
Жыйнап берсе алганын,
Жибип көөнүң агарат,
Башы бүтүн боору эсен,
Ламабыз аман калалат.
Кара таандай кол айдап,
Алдыңа келсе сабалап,
Өлбөй кантип тим калат?
Батак айтып бар кебин,
Бардап көзүн жаштады,
Жамап-жалгап айтпады,
Жашырбай чынын айтканы.
Кеп чынынан бузулбайт,
Батактан угуп бар кепти,
Бекбача айтып жатканы:
- Сенин атың Батакбы?
Байатан айттың канчаны,
Кырк миң аскер, кырк балбан,
Элебеймин анчаны.
Ламага айтып баргыла,
Койо берди Барчаңы.
Кокүн өлдү баш кишиң,
Кыргыз деген кандай эл,
Кенендигиң билгиниң.
Элчилешсең элчиң кел,
Чендешер болсоң ченчиң кел,
Баатырың кел, балбан кел,
Караң менен ханың кел,
Ламаң баштап барың кел.
Он беш күндөн калбай кел,
Болжолдуу күнү келбесең,
Утур келген кишиңди,
Бүтүрөмүн ишиңди,
Ойрон кылам шаарыңды,
Суудай төгөм каныңды?
Толуктап кел камынып,
Сен кептенип Таңгыттар,
Мен жүрбөймүн зарылып.
Катышып келсең карпаңдап,
Мен качпаймын балпаңдап,
Канча келсең анча кел,
Атам Манас болгон соң,
Жалынбаймын жалпаңдап,
Эми кандай болом деп,
Эми коркпоймун талтаңдап.
Он беш күнү күйөмүн,
Аладырдын жеринде,
Алдайгырдын белинде,
Он беш күндө келбесең,
Бар малыңды жыйнатам,
Кыргызды карай айдатам,
Талкан кылып шаарыңды,
Андан кийин кыйратам,
Таштан салган шаарыңды,
Талкалаймын баарыңды,
Кумдан салган шаарыңды,
Кулатамын тамыңды,
Кууратамын баарыңды.
Келгис кылам жериңе,
Өзүмчө келип катышып
Тийбейт элем кишиге,
Тийиштиңер тим жатпай,
Оокатын кылып жан сактап,
Өзүнчө жүргөн элдерге.
Турбагыла, кеткиле,
Ламаңарга жеткиле,
Ажал алса жакадан,
Айанбастан келгиле.
Келе албасаң бетиме,
Кыргыздан алган канча мал,
Бир жылдык төлүн ээрчитип
Айдап келип бергиле.
Мындан кийин кыргызга,
Катылышпай жүрүүгө,
Убаданы кылгыла.
Экинин бирин кылгын, - деп,
Эр Бекбача айтты кеп.
Кет дегенде турбастан,
Чуу койушту дүбүрөп,
Ламасына барышты,
Кол куушуруп бүжүрөп.
Көзүн жаштап отуруп,
Батак кебин баштады,
Бекбача менен Кокүндүн,
Айтылып өткөн кептерин,
Кокүн болбой коржоктоп,
Кокус өлүп кеткенин,
Кокүн өлүп калганда,
Кырк миң аскер кырк балбан,
Жүрөгү чыккан иштерин,
Бекбачага жалынып.
Өздөрү айткан кептерин,
Бекбачанын аларга,
Жамандык кылбай кеткин деп,
Бар ишиңди жашырбай,
Ламаңа айтып жеткин деп.
Он беш күн кылып болжолдуу,
Кыскартып айткан кескин кеп“Катышпай кетем калкыма,
Үч жылдык төлүн эсептеп,
Бар малымды бергин –деп,
Алтын-күмүш алган зар,
Асыл-түркүм буйумдар,
Төөгө жүктөп кеткин” деп,
Зир-зеберин калтырбай,
Мактап айтып ашырбай,
Ламадан коркуп жашырбай,
Баарын Батак айтканы,
Угуп болуп ламасы,
Уруштан башын тартпады:
-Ордодо бар он балбан,
Мына бул турган кырк балбан,
Жүз миңге толсун аскериң,
Келген киши Бекбача,
Жалгыз атчан жалгыз баш,
Сандаган элим сен туруп,
Көкө теңир урбайбы,
Бир кишиден жазгансаң,
Беш күндөн кийин жол алып,
Ар нерсени мол алып,
Аркаңардан мен барам,
Бекбача өлбөй калабы,
Ачууланып каргасам,
Шыйкырым артык кишимин,
Жолумда жок каргашам.
Кыргызга кантип беремин,
Кызыл тамдуу шаарымды?
Жыландай чагып салайын,
Кысталакка заарымды.
Өлтүрбөй кармап алайын,
Өзүнөн алып алтын-зар,
Кененим чагып кетилткен,
Кызыл тамды салайын,
Айтканымды кылбасам,
Лама болбой калайын!
Койдой башын алайын,
Коондой кардын жарайын,
Андан кийин аттанып,
Чакалык черчен, каргалык,
Лопнурдагы кыргызды,
Түп көтөрө чабайын,
Котен, Жеркен,Кашкарды,
Колго өткөзүп алайын,
Кешмирдеги кыргызды,
Орун бербей бийактан,
Түндүккө сүрүп салайын,
Амалсыз калсын кыргыздар,
Айтканым акыл угуңар!
Деп оолугуп ламасы,
Башын силкип буркундап,
Нары кетип шалактап,
Бери болуп булактап,
Опсуз жаман күүлөндү,
Оозунан көбүк буркулдап,
“Каргаса лама оңобу,
Бекбача иши болобу?
Катуу ооруйт Бекбача,
Шашыла басып турбастан,
Кармап алсак болбойбу”.
Деп күжүлдөп он балбан,
Жүз миңге толуп кыймыл жан,
Кыжырашып жөнөдү.
Уктагалы Бекбача,
Так он эки күн болду,
Конушбай байкап караса,
Бутун солбуп койбоду,
Аңгычакты болбоду,
Аладырдын жерине,
Алдагырдын белине,
Кайкап аскер толгону,
Конушбай көрүп күйүгүп,
Буту үзүлүп кетчүдөй,
Бекбачага жүгүрүп,
Көптүгүнөн түрүнөн,
Келгин селдей сүрүнөн,
Аманат жандан түңүлүп,
Шашканынан Конушбай,
Бекбача деп айта албай:
- Ой Кыргызбай, Кыргызбай,
Аскер каптап сел кылды,
Жер сойулган эл кылды,
Күн тетири желдеди,
Түнөрүп жаткан бул элге,
Бенденин алы келеби?
Үрүстөм Дастан болсо да,
Муну киши жеңеби?
Мындан кеткен кырк балбан,
Ордодон ону кошулуп,
Келе жатат жабылып,
Элүү балбан, жүз миң кол,
Таңгыт менен урушуп,
Каткан экен биздин шор!
Лопнурдагы кыргыз деп,
Кылым жердин бетинде,
Кыймыл эткен кыргызга,
Тийет экен зардабы,
Мындан киши калабы?
Он беш күндөн бер жакка,
Белде жатып алгынча,
Кыргызга бербей кабарды!
Чогулуп мында кел дебей,
Же кетирип ийбей Матанды!
Айтамын кимге абалды?
Айнектей талаа ач белде,
Көрмөк болдук Бекбача,
Башка келген заманды!
Уйку-соодо Бекбача,
Конушпайдан кеп угуп,
Кеп укканда жеме угуп,
“Эми өлдүктү” бек угуп,
Кырданып жатып толгонуп,
Көзүн ачып ойгонуп,
Ат ооздугун чыгарып,
От чалдырып алсам деп,
Майторуну караса,
Үч күн болгон Конушпай,
Бош агытып койгону,
Конушбайга Бекбача,
Бек ыраазы болгону.
Башын өөдө көтөрдү,
Күрс дегенче жөтөлдү.
Бекбачадан кеп угуп,
Оттоп жаткан Майтору,
Жетип келди бурулуп.
Лама каргап чың ооруп,
Жаткан экен кыргыз деп,
Кайкаган калың көп кошуун,
Жакын келди чубуруп,
Булут болуп сийдиги,
Конушбай турду куурулуп.
Ордунан туруп Бекбача,
Оңолуп минди тору атка.
Таңгыттардын ичинде,
Моңгулдан бар бир канча,
Бурутту кудай урду деп,
Бөлүнүп чыкты бир жакка,
Урушту ойун деп билген,
Ордодо жаткан он балбан,
Экөө чыкты чет жакка,
“Пейлин бузуп урушка,
Белин байлап келди - деп,
Өз убалы өзүндө,
Эми өлгөнү мейли” деп,
Каарданып камыгып,
Кабагы карыш салынып,
Кан төгүүчү белгиси Үстүнө кызыл жамынып,
Токойдон чыккан жолборстой,
Күркүрөп баатыр чамынып,
Найзаны кармап ыргады,
Кездемдин боосу чубалды,
Кезкерген найза чунайды,
Алдында минген Майтору,
Шамалдан бетер чурады,
Белсинип четке бөлүнгөн,
Экөө катар сулады,
Тоо жыгылган немедей,
Тоңкойуп аттан кулады.
Карап турган камданып,
Беш балбаны ат койду,
Жойкумасын жойкутуп,
Бирөө келет каарданып,
Темирден найза койкойтуп.
Бирөө келет заарданып,
Арта салып ийинге,
Айбалтасын жаркытып,
Бирөө келет кумсарып,
Шылкы мойун чойун баш,
Айландырып булгалап,
Бирөө келет сумсайып,
Өңүндө кан жок кумсарып,
Беш балбан келет бөлүнүп,
Түркүм саймам колунда,
Жазганбаган Бекбача,
Карап турат жолунда,
Кыйамына келтирип,
Катар бешөөн Бекбача,
Бир кулатыш ойунда.
Келе жаткан беш балбан,
Биринен бири калбаган,
Өз элинде буларды,
Көк таман деп мактаган,
Таңгыттардын Ламасы,
Жел тийгизбей сактаган,
Бири миңге жарайт деп,
Эл ичинде баптаган.
Жагалданган жан алгыч,
Келе жатат ар жактан.
Бекбача турат кылтылдап,
Оң жагына булт берип,
Сол жагына кылт берип,
Аркасында жылт этип,
Алдын карап шырп этип,
Жолборсу минген Майтору,
Кош кулагын жапырып,
Аркасын карап кылчактап,
Сымаптай болуп кылтылдап,
Койондон бетер бултуңдап.
Таңгыттар алып жарагын,
Кандай барып сайарын,
Кылыч менен маларын,
Чойун башты кан этип,
Таамай башка чабарын,
Ойлосо да балбандар,
Келатышат качырып,
Табыша албай амалын,
Карап туруп Бекбача,
Баарынын билип абалын,
Каз таман найза карманды,
Беш экен деп алардан,
Жалгыз баш кайдан айанды,
Ачып көзүн каранды,
Ордуна акыл жай алды.
Эсине албайт эр неме,
Пайда менен зыйанды.
Кыйамына келтирип,
Кыжырланып Бекбача:
“Манас, Манас бабам - деп,
Жардамың болсун маган” деп,
Майторунун чуратып,
Артынан чаңып чубалтып,
Беттей сайып бешөөнү,
Түшүрдү аттан кулатып.
Жыгылган өөдө кобобу,
Копконуна Бекбача,
Өз ойуна койобу,
Найзаны таштап жиберип,
Ай балта кармап имерип,
Башка чаап жалпайтып,
Мээ жайнатып малжайтып,
Ачып көздү жумгуча,
Жетөөнү сойдум майданда,
Тоо текедей дардайтып.
Ал жетөөнүн аттарын,
Бекбача койду алпарып,
Конушбайга карматып,
Калган үчөө ат койду,
Ичи күйүп арданып.
Мылтык атып жаа тартып,
Салмоор менен таш уруп,
Үч башка келет кубулуп.
Токсон күнү Кененим,
Толук өнөр үйрөткөн,
Ким кетет мындан кутулуп?
Чымырканат Бекбача,
Алгыр куштай жутунуп.
Баатыр минген Майтору,
Тоо текедей түйүлүп,
Арыш таштап аркардай,
Албан түрдүү жүгүрүп,
Артынан чаңы бөлүнүп,
Аткан таңдай сөгүлүп,
Жалгыз турган Бекбача,
Карааны токсон көрүнүп,
Кабызет кылган үч балбан,
Найзанын учу тийгенде,
Кабыргасы сөгүлүп,
Калды каны төгүлүп,
Жүз миң аскер кырк балбан,
Калбай баары өмүлүп,
Аткан мылтык тарткан жаа,
Асманда жалын бөлүнүп,
Мылтыктын үнү зүңкүлдөп,
Жер айрылып сүлкүлдөп,
Жебенин огу зыркырап,
Үнү угулуп чыркырап,
Салмоор менен урган таш,
Асмандап учур дыркырап,
Кынсыз кылыч жалтылдап,
Найзанын учу жылтылдап,
Айбалталар жаркылдап,
Асаба-желек калкылдап,
Элүү миң аскер бөлүнүп,
Төө тайап алыптыр.
Таштар кулап күпүлдөп,
Кармагын деп кыргызды,
Башчылары күпүлдөп,
Койон жүрөк немеси,
Көчүктөрү бүлкүлдөп,
Жүз миң аскер кырк балбан,
Бир кишиге жабылды,
Түрпөтүн көрүп булардын,
Эр Бекбача камынды,
Ачууланып Каракөк,
Манастап салды айгайды,
Айбаты басып далайды.
Бузулуп өңү түрдөнүп,
Ач жолборстой сүрдөнүп,
Көздөн жалын от жанып,
Бет келбей киши апкаарып,
Айбатынан баатырдын,
Тик карабай жалтанып,
Айдары аттын жалындай,
Аркасында жайылып,
Утур келген кишиге,
Бей ажал өлүм табылып,
Сабын бузбай сулатып,
Сапырып барат Каракөк,
Кыйгай шилтеп кылычты,
Кырк-элүүдөн баш алып,
Кыйратып барат каракөк.
Жалтылдатып балтаны,
Жалпайта чаап канчаны,
Колтугун керип жаа тартып,
Аз болсо жүздөн бир окто,
Короодо койдой жуушатып,
Шылкы мойун чойун баш,
Шалкылдатып булгалап,
Тогуз-ондон кишилер,
Чокмор менен чогулуп,
Тайны калбай сөөгүнүн,
Ылайдай болуп жуурулуп,
Кызыл кан агып жошулуп,
Агында сууга кошулуп,
Бара жатып Каракөк,
Тобун бузбай бир турган,
Кырк балбанга жолугуп,
Турган кыркы камынып,
Алдес болгон немедей,
Тор таштады жабылып,
Ороло түштү кабылан,
Отуз торго чалынып,
Жойкумасын колуна,
Сууруп алды камынып.
Оролгону отуз тор,
Атанын кокуй кордук бул!
Көрө салып Конушбай,
Оозуна Манас кире албай,
Семетейлеп бакырып,
Канкордун атын чакырып,
Коркуп атта турбады,
Тоголонуп кулады,
Конушбай үнү чыкканда,
Мойнун буруп карады:
“Ээрчип жүргөн Конушбай,
Өлүп кетсе кокустан,
Жаман атты болом” деп,
Өз ойунда санады.
Аркасында аскерден,
Бир канчасы ат койуп,
Конушбайга чубады,
Оозуна алды Бекбача,
Ойрон күлүс көк жалды.
Алдындагы тору атты,
Согончоктоп тебинип,
Отуз балбан торчуну,
Тобу менен сүйрөтүп,
Кара ташка тыттырып,
Кабыргасын түлөтүп,
Конушбайга жеткенче,
Баарын кырып түгөтүп,
Эндей калган темир тор,
Түрө кармай калганы,
Конушбайга жабылган,
Жүз кишиге салганы,
Анталаган жүз киши,
Оролуп торго калганы.
Тордун оозун түйгөнү:
- Кандай кылсаң андай кыл,
Конушбай ага, өзүң бил.
Деп Бекбача дуу койуп,
Кайта артка жанганы,
Өлбөй калган кишиден,
Беттеп бирөө барбады,
Тымтыракай бөлүнүп,
Чар тарапка тарады.
Жүз кишини Конушбай,
Тордолгон торго таштады,
Ээсиз калган аттарды,
Доолбас уруп айдады.
Оттоп жүргөн бош аттан,
Отуз миңди жыйганы,
Көбү кыргыз аттары,
Жер сагынган кайран мал,
Лопнурду көздөй чубады,
Чакалык барган хан Матан,
Барып жата албады,
Отуз балбан ээрчитип,
Алдайгыр белге барганы,
Ээр-токумчан көп атка,
Утур чыгып калганы,
Жеңген экен баатыр, деп,
Жеңилген экен капыр, деп,
Ойуна Матан алганы.
Аңгычакты алдынан.
Конушбай чыга калганы,
Ханмын дебей эр Матан.
Конушбайга саламды,
Камынып айта калганы.
Салам айтмак карыга,
Кыргыздын ата мурасы,
Урмат кылат карыны,
Ак калпак кыргыз баласы,
Башканы койуп хан Матан,
Кабылан эрди сурады,
Конушбай кебин салыптыр,
Матан кабар алыптыр.
Хан Матан менен бир барган,
Катарда отуз балбандан,
Онду бөлүп хан Матан,
Отуз миң атты айдатып:
- Лопнурга баргын сен- деди,
Бир кишиге соогат деп,
Бирди берип салбаңар,
Кандай болот акыры,
Бир балаага калбаңар,
Деп тапшырып жөнөттү,
Жүргүн Конуш жүргүн деп,
Көкжалдын арка жагынан,
Калгандары жөнөштү,
Келе берген хан Матан,
Бекбачадан мен айтам.
Качкан элдин артынан,
Майторуну алкынтып,
Кыл мурутун калкытып,
Утур келген ким болсо,
Тийишпесе тийбеди.
Тийишип келген кишинин,
Кара боорун тилгени,
Калдайтып качкан жоону кууп,
Алтындан кемер белин бууп,
Кызыл канга кылыч жууп.
Өскөн чөптөр жайкалган,
Тайпаң деген жер келди,
Кайнаган калың эл келди,
Жакындап кирип барганда,
Алдынан чыкты бир адам,
Аттан түшүп бүгүлүп,
Тоңкочуктап жүгүнүп:
- Алдыңан келген элчимин,
Атыңды айткын сен кимсиң?
Келбетиңден байкасам,
Бекбачабы деп турам.
Качкандар келди калдырап,
Сүйлөй албай балдырап,
Бирин бири тиктешип,
Ирмебей кирпик жалдырап,
Калаадан чыккан ханыбыз,
Учураштык баарыбыз,
Чогулуштук жалпыбыз,
Ханыбыз мени жумшады,
Кара жолго сал, деди,
Учурашкан кишиден,
Атын сурап ал деди,
Аты болсо Бекбача,
Мага кабар бер деди.
Кол куушуруп алдыңда,
Жооп күтүп турабыз,
Айтып берсең азамат,
Атыңызды угабыз,
Атыңыз болсо Бекбача,
Айлыбызга барабыз,
Ханга кабар кылабыз,
Кандай кылат жарлыкты,
Буйругун күтүп турабыз.
Башка болсо атыңыз.
Илгерилеп барабыз,
Издеген киши кез болсо,
Андан артка жанабыз,
Карап көрсө Бекбача,
Бек кыйналган киши экен,
Колдорду туурук кесилип,
Тамандары тешилип.
- Сурасаң атым Бекбача,
Алыстан келип жол тосуп,
Мени издеген хан кайда?
Айтып маган билдиргин.
Бекбача атым дегенде,
Карпалаңдап калдастап,
Шашыла сүйлөп алдастап:
- Карарып жаткан калың эл,
Хан менен бирге келгендер,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 13
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.