Latin

Асылбача - Бекбача - 16

Total number of words is 4194
Total number of unique words is 2163
31.5 of words are in the 2000 most common words
44.3 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бу да атына камынып,
Касаба тоодой жарданып,
Кандуу найза карманып,
Шермат менен Буракүң,
Өчүгүшкөн жери бар.
Алтайдын арал көлүндө,
Ак чамбыл таштын белинде,
Шерматкандын айылына,
Карандай зордук жүргүзүп,
Баштап келип Шибени,
Казактын малын сүргүзүп,
Таракай кеткен казактар,
Жыйнап келер чама жок,
Беш жүздөн ашуун жылкысын,
Айдатып кеткен сүрдүрүп.
Белсенип тепсеп баралбай,
Беттешер себеп таба албай,
Антип жүргөн Шерматкан:
-Кыйамы келген күнү,-деп,
Буракүңдү өлтүрүп,
Кан жалаймын бүгүн,-деп,
Өлтүрө албай калганда,
Өлбөй тирүү калбаймын,
Экинин бири болдум,-деп,
Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп,
Кыз менен бирге кыйналып,
Жүз көрүшкөн күйөөдөй,
Сүйүнгөнсүп күлүңдөп,
Алдында өткөн урушта,
Өткөн күндү унутуп,
Калган болчу Шерматкан,
Эсине түшүп ич күйүп,
Ичинен мөжүк кан кетип,
Кара жанын унутуп,
Калган экен Шерматкан,
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оңду-солду теминип,
Оолугуп кирди Шерматкан,
Буракүңдүн найзасын,
Кагып ийип Шерматкан,
Кызыл түпөк куу найза,
Оңдоп кармап алганы,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кескерип найза чунайтып,
Минген аты Оркызыл,
Мойну кулач эң узун,
Артынан чаңын чубалтып.
Алактаган Буракүң,
Эки жагын каранып,
Жалактаган Буракүң,
Мас болгондой кылчыктап,
Шалактаган Буракүң,
Короздой мойнун көтөрүп,
Койкоктогон Буракүң,
Капканга түшкөн түлкүдөй,
Тойпоктогон Буракүң,
Күлгүн чалып көзүнө,
Тийип турган жарык күн,
Каркактатып найзасын,
Эки баатыр бет келди,
Кимге ажал кол сунат,
Кимге багы жар болот,
Муну болжоп ким билет?
Өз ойунда Буракүң,
Көмө сайып Шерматты,
Кетемин дейт тебелеп.
“Жылкысын алып короодон,
Колбутуп айдап алганда,
Коркуп чыкпай үйүнөн,
Башын катып калкалап,
Жанын катып мааналап,
Калган Шермат бул эле.
Бекбачаны караандап,
Келген экен аркалап,
Жөлөнгөн тоосу бар жерде,
Жоготойун талкалап”,
Дегенди алып ойуна,
Шерматканды теңге албай,
Найза салды чалкалап.
Балта менен Шерматкан,
Найзаны какты алдыртан,
Балта тийген чоң найза,
Сынып кетти быркырап,
Сыныктары найзанын,
Көккө учуп чыркырап,
Буракүңдүн тулпары,
Катуу келген күү менен,
Өтүп кетти даркырап.
“Кыйамына келди, - деп,
Кулду колго берди - деп,
Багым артып меники,
Талабым оңдон келди” - деп,
Оркызылга камчы уруп,
Куу найзаны сундуруп,
Шерматкандын найзасы,
Күүсү кулак тундуруп,
Карчыгадай кагынып,
Ач жолборстой чамынып,
Артынан жетип Шерматкан,
Кый сүбөөгө бир сайды,
Тоодой болгон Буракүң,
Аттан ооп кыйшайды,
Топо тиштеп тоңкойуп,
Ачылып оозу ырсайды,
Шерматкандын найзасы,
Күн тийбестен кылтайды.
Жана Шибе Йобалы,
Жолукканды кан кылып,
Кара башын маң кылып,
Алып көнгөн бу дагы
“Шерматканды куткарбай,
Буракүң кунун кубам, - деп,
Буракүңдү өлтүртүп,
Унчукпай кантип турам, - деп,
Колумдагы найзаны,
Кызыл канга жубам” - деп.
Учкан куштай дыркырап,
Урган таштай зыркырап,
Шерматканга жеткени.
Таталаган үн чыгып,
Таш жаргандай сүр чыгып,
Качырып жеткен кезинде,
Жоосун сайып кан жайып,
Тоосун сайып кубанып,
Антип турган Шерматкан,
Ат айабай камчылап:
-Канчаң келсең анчаң кел,
Кан аксын – деп - тамчылап!
Тарамышын чыйратып,
Карап турбай Шерматкан,
Бу да найза сунганы,
Бирине бири сайдырбай,
Кандуу найза салдырбай,
Оң айланып бурушту,
Опколжуп найза урушту,
Олпокторун бурушту,
Күн кеч кирди аңгыча,
Жай-жайына жанышты,
Жайланып жатып калышты.
Таң агарып аңгыча,
Жез барабан кагылды,
Ойдоку тоолор оңулдап,
Зоңкойгон тоолор зоңулдап,
Керме тоолор каңгырап,
Чирик жар көчүп таш кулап,
Кош кыйкырык үн чыгып,
Туш тараптан аңылдап,
Башкача болуп Йобалы,
Кызылдан чапан жамынып,
Кыйгактуу найза колго алып,
Ары баатыр, ары хан,
Ачууланып чамынып,
Шерматканга Йобалы
Качырып найза салганы.
Йобалы сайып болсун деп,
Шерматкан карап турабы?
Йобалынын найзасын,
Сайдырбай какты Шерматкан,
Ого бетер Йобалы,
Ачууланды ардыктан.
Баатырлыгы бар экен,
Башында бакты жар экен,
Кайта айланып сайганда,
Шерматканды Йобалы,
Аңтара сайган чагы экен.
Азыктагы Алабек,
Атын карай тап берди,
Болбой койуп Бактыбай,
Сен барбагын дегени,
ЖеркендегиМалабек,
Жооп сурап келгени,
Буга жооп бербеди.
Хотендеги Козубек,
Койгон бойдон жөнөдү,
Тентек шамал этегин,
Чойгон бойдон жөнөдү,
Шерматканды Козубек,
Жетип атка миндирди,
Жүр кетели биз деди.
Шибелердин Йобалы,
Алдында минген тулпары,
Алты бута алыска,
Алып өтүп кеткени,
Атын тартып Йобалы,
Шерматканга келгенче,
Шерматканды Козубек,
Ала качып кеткени,
Артын карап алайып,
Алдыңкы ээрдин жаланып,
Шерматканды көрө албай,
Мойнун созуп каранып,
Кыргызга жетип Шерматкан,
Кирерине калганда,
Караанын көрүп Йобалы,
Жан алчудай заарданды,
Бузулуп өңү каарданды:
- Кыргыз түгүл Шерматкан,
Алтай, Иле кетсе да,
Аркасынан барам,-деп,
Алмадай башын кагам-деп,
Акыр заман башына,
Көз көрүнө салам-деп,
Өлбөй тирүү болгондо,
Буракүң кунун алам!-деп,
Ат койуп барат Йобалы.
Шерматканды кошуунга,
Киргизип ийип Козубек,
Бура тарткан убагы.
Жетимиш ашып жашаган,
Ак ала сакал Козубек,
Олуйалар колдо, деп,
Күлчоро, Хотен тоосунда,
Ушу бүгүн жөлө деп,
Аңгычакты Йобалы,
Жетип келди күжүлдөп,
Жеткен жерде Йобалы,
Козубекти тумактай,
Томолотту атынан,
Ак ала сакал кары деп,
Өлтүрөт экен аны деп,
Топчу кулак кер атчан,
Ыргып минди Бактыбай,
Тууга ээлик болгун деп,
Алабекке карматты,
Кол башкарып тургун деп,
Малабекке айтканы:
- Койон жүрөк коркоктор,
Корс кыйалдуу чоркоктор,
Башаламан чуу болсо,
Кан чайкалып суу болсо,
Кайра качып жүрбөсүн.
- Азыр бол, – деп - Козубек,
Малабек менен Алабек,
Козубек ага силерге,
Урушка барыш кыйын кеп.
Жетимиш менен сексендин,
Арасында жашыңар,
Аркада элге ээ болуп,
Оорукта хандар, жатыңар.
Кандай кылса Бактыбай,
Өзү билип кылсын-деп,
Унчукпай да кеп кылбай,
Туруп алды Бекбача.
Аттын башын оң тартып,
Бекбачага баш уруп,
Жүрүп кетти Бактыбай.
Аңгычакты кошуунга,
Кирип келди Йобалы,
Бактыбайга Йобалы:
- Шерматкан кана? Бергиниң,
Шерматканды бербесең,
Он төрт хан эли экенсиң,
Кан агызам билгиниң!
Анда айтат Бактыбай:
- Чын айтасың, Йобалы,
Бул сапаркы урушка,
Себепчи болгон хан Калдык,
Анык бузук Каракөз,
Кармап берип экөөнү,
Калганың кете бергиле,
Хан Калдык менен Каракөз,
Кармашка алың келбесе,
Кат жазды деп топоңдоп,
Кол айдап келе бергиле,
Ырайым-шапкат бизде жок,
Ачык муну билгиле!
Сен шибенин ханы Йобалы,
Мен каракыргыз Бактыбай,
Урушса өзү урушпай,
Жоолашса өзү жоолашпай,
Ооган менен испанды,
Кангайдагы беш ханды,
Айдап жүрүш ал кандай?
Эби келсе беш урук,
Элиңе кет кек албай,
Жериңе кет бир тынбай,
Кетпесеңер элиңе,
Жетпесеңер жериңе,
Эрегишсең биз менен,
Киресиңер көрүңө!
Каракөз менен хан Калдык,
Аларга бекер чулгашып,
Арбыттыңар калбаны.
Ачтыңар бузуп араны.
Анча-мынча кол салып,
Алтай, Чөйчөк, Иледен,
Баркөл, Комул, Турпандан,
Кутубий, Манас - булардан,
Чыгыш-түштүк Асман көл,
Батыш-түштүк Көккамыр,
Арадан эрен кабырга,
Мал алдыңар булардан,
Эч канчалык эмес деп,
Теңелбедик силерге,
Чыгыш түштүк беш урук,
Каракөз менен Калдыктын,
Көл тилине алданып,
Не келдиңер бул жерге?
Чекене алыс жерде деп,
Кол салбадык силерге,
Кара шаар, жылдыз элдерин,
Эркине койдук жерде деп,
Арабызда калмактын,
Аласын ала качпадык,
Ак теңгесин чачпадык,
Каңгайда шибе, солондун,
Көп орбодук буудайын,
Өрт койбодук айдаган,
Шекер кылчу куурайын,
Анча-мынча дем алып,
Келесиңер жыл сайын.
Аралап айылың баспадык,
Ак теңге пулуң чачпадык,
Кыз-келинге катышып,
Абийирди ачпадык.
Арыктан сууң чыкпадык,
Сен кептенип коржоңдоп,
Жетибизде жакын деп,
Аттанып үйдөн чыкпадык.
Деп Бактыбай айтканда,
Кеп таба албай айтканга:
- Коңурбай, Жолой, Нескара,
Сутуке менен Бозкертик,
Ошондон бери карата,
Кегибиз бар кыргызда,
Деп Йобалы айтты анда.
Токтоо кылбай Бактыбай,
Кебин айтты мамындай:
-Кек кыласың сен кандай?
Биз жүрөбүз кеп кылбай,
Көкөтөйдүн ашында,
Абал мурун башында,
Ашка келип тим кетпей,
Айдап кеттиң алашты,
Көзүңө илбей Манасты.
Ысыккөл, Текес, Илени,
Такыр талап кеттиңер,
Тоо бойунда элдерди.
Ошондо баатыр шер Манас,
Ачууланып күүлөндү,
Элүү төрт илек кол айдап,
Бейжинге ырас киргени,
Ошондон чатак арбыды.
Алың келбей урушуп,
Айабадың малыңды,
Айабадың барыңды,
Алып келдиң тартууга,
Алдейлеген балаңды.
Аны менен тим болбой,
Семетейдин тушунда,
Кошуун курап кол чайкап,
Таласка хандар не барды?
Өз кылганы күч болуп,
Нескара, Уушаң, Мурадил,
Кылычка каны майланды,
Алманбет уулу Күлчоро,
Нескарадай чоң дөөнүн,
Башын кесип байланды.
Уушаң менен Мурадил,
Кутулуп кете албады,
Канчоро менен Жалгызек,
Канга кылыч майлады,
Аны менен тим болбой,
Амырдын агын бойунда,
Семетейди Коңурбай,
Чакыртып алып барганы,
Элинен эл ким келди деп,
Эрдемсип колун салганы,
Арамдык менен иш акпай,
Коңурбай өлүп калганы,
Сен кептенип кангайлык,
Айылыңа тепсеп ким барды?
Элебейсиң, билбейсиң,
Илгертен өткөн мындайды.
Кун кубалап алам деп,
Куру кантип калам деп,
Далайлар кылды кайратты,
Асмандан ташты кулатып,
Кылып көрдү айбатты,
Куландын сары сайында,
Козголбой жаткан эрлериңКалдагай кулак Чойун алп,
Жез киндиктүү Кикимат,
Темир тондуу Шалкымат,
Кокту каттан хан Чиктей,
Тажиктердин Темирбек,
Алар да келген тебелеп,
Коросон, испан, ооганды,
Кол чакырып куралып,
Жааган күндөй себелеп,
Келгендин өлүп чоңдору,
Калганы кеткен темтелеп.
Сагыныпсың өлүмдү,
Ажал алып жакадан,
Тура албайсың энтелеп,
Эсиңе алсаң Йобалы,
Элиңе бар эртелеп.
Жашырбай кебиң, айтып кет,
Өз элиңе кайтып кет.
Йобалы коркуп кетти деп,
Биз айтпайбыз дегеле.
Көрүнөө айткын баарыга,
Ар качан уруш болгондо,
Жүрөсүң шибе алдында,
Башың боолуу кулсуңбу,
Же манжу менен моңгулга?
Калгандан киши өлө элек,
Буракүң өлдү жана эле,
Өчөшүп кирсең тил албай,
Сен өлөсүң эми эле.
Уйалсаң шибе кайра кайт,
Урушар болсоң аныңды айт!
Күн кеч кирип барайтат.
Ойлоп болгон Йобалы,
Уйалбай кантип барарды,
Өлтүрөйүн сени деп,
Өткүр найза колго алды,
Өжөрлөнүп өчүгүп,
Чоктой жанып ич күйүп,
Бактыбай менен Йобалы,
Ортосунда от күйүп,
Айкырган үнү угулуп,
Ачып көздү жумганча,
Канчалап найза урулуп,
Найзанын учу түйрүлүп,
Балтанын сырты жарылып,
Кылычтын мизи айрылып,
Чарайналар чатырап,
Калкандын мыгы быдырап,
Чынжырлары үзүлүп,
Соотору жыртылып,
Соот тургай ичинде,
Буулумдары кырчылып,
Жең айрылып бурчулуп,
Жан алчу уруш башталып,
Күүгүм кирди күн батып,
Эл-элине кетишти,
Эми булар нетишти.
Жалгызектин Бактыбай,
Йобалыга айтканын,
Бекбачага кеп салып,
Баарын айтты жашырбай,
Бекбача угуп бул кепке,
Жакшы-жаман жооп кылбай,
Мурункудай турду жай,
Муну мындай таштайлы.
Башаламан салышта,
Бактыбайдын көрсөткөн
Эрдигинен баштайлы.
БАКТЫБАЙДЫН ЭРДИГИ
Йобалыга ой түшүп,
Бактыбайдын кебине,
Уруштан кайтып салпыйып,
Бул дагы жетти элине.
Чай куйушуп баатырга
Чогулушту чатырга.
Бактыбайдан укканын,
Өзүнүн жооп айтканын,
Баарын айтты Йобалы,
Бактыбай менен салышкан,
Алын айтты Йобалы,
Өзү ойлогон акылдын,
Дайынын айтты Йобалы:
- Уруксат бер, хан Калдык,
Өз элиме кетем - деп,
Аны айтты Йобалы, Манжу бодоң Жабыке,
Баштап келдиң Бетирке,
Мында туруп нетели,
Эп келсе биз кетели.
Манастан бери карата,
Батыш менен чыгыштан ,
Басташып көрдү далай дөө,
Бирөөнүн алы келбесе,
Көзүн карап Калдыктын,
Не турабыз бул жерде?
Ачыгын айт жашырбай,
Мени менен кетээрге.
Йобалынын кебине,
Жооп берген бенде жок,
Баары турду дымбырдым.
Падышасы Калдыктын,
Жалын чыкты көзүнөн,
Бир айтып он беш каткырып,
Күлкү чыкты сөзүнөн:
- Эл кыдырып түгөтүп,
Элсиз калыш ээн жерде,
Ар кимдин жок эсинде,
Кыргыз жеңди баарын деп,
Айтылат жердин бетинде.
Жабыр тартып жан кыйнап,
Тобурчак чалыш ат жыйнаш,
Азаматтан эр жыйнап,
Эртеден-кечке жан кыйнап,
Эмгек тартыш моминтип,
Намыс үчүн баарысы.
Уламадан укканда,
Ооздон - оозго чыкканда,
Адамзат жаралып,
Жер бетине таралып,
Бөлүм-бөлүм ар жерде,
Өз алдынча куралып,
Өкүм сүрүп турабыз.
Өткөн өчтү куубасак,
Эмне үчүн туулабыз?
Чыгыш менен батыштан,
Кыргыздын аты баспаган,
Жерде бүтүн калган жок,
Кыргыз найза сайбаган,
Эрде бүтүн калган жок,
Кыргыз олжо албаган,
Элден бүтүн калган жок,
Чыгыштагы зорлордон,
Баш көтөргөн баарысы,
Кырылышып жоголгон,
Намыскөй кыргыз кыйын журт,
Моңгулдардын Алооке,
Манас туулат экен деп,
Кыргыздын бооз катынын,
Койгон экен жардырып,
Жатындагы балдарын,
Такыр баарын алдырып.
Кийин Манас туулуп,
Өткөндү угуп ардыгып,
Баары жерден чогултуп,
Алаш уулун жан кылып,
Чоң уруунун баштыгын,
Өз-өзүнө хан кылып,
Антип көөнүн жай кылып,
Хан Мамайдын кырк чоро,
Кырк жүз атка конуптур,
Ойдо туулуп, кырда өсүп,
Кырк уруу кыргыз болуптур,
Манас атка мингенде,
Чогулушуп конуптур,
Түрк атанган уруулар,
Бир ниетте болуптур.
Кошой таап кеңеш кеп,
Бакай акыл болот деп,
Кырк уруу кыргыз журтуна,
Алтымыш уруу алашка,
Кимдер душман, кимдер кас,
Сыр түйүнүн чечмекке,
Көкөтөй ченсиз бай экен,
Бир кишинин малынан,
Түп көтөрө кечмекке,
Көкөтөйдүн ашы деп,
Эл чогулткан кеп экен,
Кыргыздын билбей амалын,
Чыгыштагы беш урук,
Кыргыз менен казактын,
Алыптырсың малын кууп,
Аз келгенсип аныңар,
Маңгыт менен ооганга,
Кат жазыпсың тукуруп.
Алтын менен күмүшкө,
Көп дүйнөгө алданып,
Ооган, маңгыт элдери,
Беш урук сага кошулуп,
Ошондон бери карата,
Кан агып келет жошулуп,
Тынч элдин баарын козгогон,
Беш урук сенин залдарың.
Өткөндү Калдык билбейт деп,
Бузулуп көрчү четиңен,
Бириңди койбой жалмайын!
Түп атаңан бер жакка,
Түгөнгүз чырды табасың,
Кыргызда Манас чыгат деп,
Бооз катынды жарасың.
Хан Чигитейдин тушунда,
Чойун алпты баш кылып,
Тажикти кошуп азгырып,
Бүткүл элдин баарысын,
Кыргыз менен кас кылып,
Кеткиң барбы Йобалы,
Бүгүн кайра бастырып?!
Кыйа баскан ким болсоң,
Териңди тетир сойомун,
Колуңан байлар астырып!
Бөлүнүп барып кол салып,
Каракөз турат жылмайып,
Мени жаза бастырып.
Кыргызда жок эч жазык,
Жедигерде чоң жазык Неге барат ооганга,
Куда болуп кыргыздын,
Алганы жүргөн катынын,
Аламын деп талашып,
Ар кимдин келет ачуусу,
Койнундагы катынын,
Аламын десе кол салып.
Түп атам менен Мады көл,
Кылган иши мунуку,
Түбүнөн жаман баарың бил!
Карманап тирүү бар турса,
Катынын берсин мага деп,
Семетейден өлүптүр.
Бараң менен Шаңкайдан,
Соогага бергин он беш ат,
Жолдо багыш жолукса,
Соогат десе бериптир,
Атасын жүрсө урматтап,
Ойлобой ата урматын,
Айчүрөктү алам деп,
Жедигердин Толтойу,
Көргүлүктү көрүптүр,
Семетейдин өзү эмес,
Кулунан ырас өлүптүр,
Мындай болуп түбүнөн,
Өчүгүшүп келиптир.
Бактыбай жайын айтты деп,
Шибелердин Йобалы,
Кетемин деп келипсиң,
Кетчү киши темтейип,
Бетиркенин артынан ,
Ээрчип неге келгенсиң?
Чынын айтсак жашырбай,
Көбүнчө бар бизде айп;
Элчилешип эп болуп,
Эзилишип жүрсөк деп,
Бир ооз кепке келбеген,
Кыргызда бар дагы айп;
Кыргыз менен биздерде,
Катар турат тең айып,
Кол куушуруп кыргызга,
Эми барабызбы ырсайып?
Манастан бери карата,
Алты ата болду кыргыздар,
Бады көлдөн бер жакка,
Беш ата болду маңгыттар,
Алышып келе жатабыз,
Ошондон бери бир тынбай,
Канча ата болдуң беш урук,
Бери карап кебимди ук,
Кимди басып ким келсе,
Келген жагы көп өлөт.
Кыргыз барып чыгышка,
Беш урук башы биригип,
Беттешип чыккан урушта,
Эбегейсиз жумушта,
Басып кирген кыргыздан,
Уламадан угушта,
Алманбет Чубак тең өлүп,
Музбурчак, Көкчө хан өлүп,
Кырк чоросу Манастын,
Ажыбай баштап көп өлүп,
Манас болуп жарадар,
Кыргыз болуп санадар,
Баатыр Сыргак эр өлүп,
Өлүп жатып түгөндү,
Тепсеп кирип өчөшүп.
Семетейдин тушунда,
Коңурбай баштап кол менен
Нескара баштап келиптир,
Отуз эки зор менен,
Талкан кылып Таласты,
Алабыз деген ой менен,
Коргонду камап алыптыр,
Кордукту кыйла салыптыр.
Жекеде өлүп орок кыр,
Колу сынып Коңурбай,
Кыргыздар кууп көгөрүп,
Нескара менен Мурадил Экөө катар тең өлүп,
Кошулуп Уушаң дагы өлүп,
Коңурбайдан башкасы,
Катардагы хан өлүп,
Таанылган элге жан өлүп,
Калгандыгын укканбыз,
Мына минтип түгөнүп.
Кененимден бер жакка,
Болгон уруш дайындуу,
Ар качан келип Таласка,
Биз жүрөбүз түгөнүп,
Бастырып кыргыз барбады,
Сенин кулаңды кууп албады.
Өткөндөрдүн өчүн кууп,
Өлгөндөрдүн кунун кууп,
Жай албады жаныбыз,
Убаданы бир кылып,
Жыйналыштык баарыбыз,
Кетели деп бир четтен,
Ушулбу биздин алыбыз?
Терең ойлоп кеңеш бер,
Күллү олтурган баарыңыз.
Кеп түгөтүп хан Калдык,
Түрө тиктеп алдыртан,
Каарын салып сурданып,
Баштан болгон жумушту,
Өмүрлүк өткөн урушту,
Жыйнап келип барышты,
Беш урукка чогултту,
Кеңеш берип кеп айтып,
Кечирим болбос жерди айтып,
Түрк уулу Алаш калгандын,
Төрт тарабын тең айтып,
Кеңеш берер жер койбой,
Бар тарабын кең айтып.
Мелтиреп карап олтурду,
Жергесинде сегиз хан,
Өзү менен тогуз хан,
Жакшы жаман кеп чыкпай,
Жалдырашып оозунан,
Кеп айттырып Калдыкка,
Өз атасы Турмайлык,
Чоң атасы Доосунан,
Ошондо айтты Бетирке:
-Хан кылганбыз баарыбыз,
Карыңыздан жаныңыз,
Калганды камап олтурбай,
Айланы таба салыңыз,
Баш бурбайбыз баарыбыз,
Көөдөндө турса жаныбыз.
Элебей туруп иш кылып,
Элден калды бөлүнүп,
Жедигердин Каракөз,
Шибелердин Йобалы,
Оозунан чыкты жаман сөз.
Калган кеңеш өзүңдө,
Биз каталык өткөрсөк.
Жалдырашып хандары,
Карап турду жардашып.
Намыс деген бир сөзгө,
Баары калды кармалып.
Йобалыны хан Калдык:
- Барбай койсоң коркту дейт,
Жекеге чыксаң азыр бол,
Жалгызектин Бактыбай,
Жандан тойгон эсир кул,
Алың келбей баратсаң,
Камчы булгап белги бер,
Беттеше барып баарыбыз,
Түгөтө кырып кетели,
Кыргыз деген журутту,
Түбү душман бурутту.
Түгөнүп эли азайса,
Бели сынат Бекбача,
Көрбөсөм да билемин,
Котендеги Козубек,
Азыктагы Алабек,
Жеркендеги Малабек Баары кары какчайган,
Сакалы аппак саксайган,
Жамандык келбейт колунан,
Байкап көрсөк алардан,
Ысыккөлдөн Медербек,
Анда турат далай кеп;
Казактардын Курмушу,
Алматыны сактаган,
Атагы бар эр ушу;
Таластагы Татыбек,
Кашкардагы Турдана,
Анча кыйын күч кетпейт,
Чынын айтсам буларга,
Өзүбектин эр Мурат,
Ошондо бир аз шек турат;
Алтай, Иле, Шерматкан,
Лопнурдагы хан Матан,
Азыр болгон ар кимиң,
Калың топто капташсаң,
Ошол экөө эң жаман.
Комулдагы Таабалды,
Адам коркор эр ушул;
Турпандагы Турумбек,
Түбү уунун бири бу;
Манастагы Такырбаш,
Тап бергенин качырбас,
Анткен менен Такырбаш,
Өзү мыкты амал аз;
Жалгызектин Бактыбай,
Кан ичменин бири бу,
Бекбачадан кем эмес,
Белдүү баатыр мына ушу.
Жалаңгыч сарык Кененим,
Токсон күн тамам болгунча,
Үч ай жүзү толгунча,
Асылча менен Бекбача,
Бактыбай бар жанында,
Отуз эки ат машын,
Саны толук кырк экен,
Эр жигиттин жөө машы,
Бир кишиге аз деди,
Жетимиш эки өнөрдү,
Ошонун баарын үйрөтүп,
Оорагын мунун көтөрдү.
Сегиз миң жыл жашаган,
Жүйрүн дөөнү сойгондо,
Тилин жеген Кененим,
Жүйрүн дөөнүн билгенин,
Баарын билген Кененим,
Бактыбайдан ар качан,
Мен күмөнсүп жүрөмүн.
Калың элдин ичинде,
Капташты деп Бактыбай,
Барбаңдап кирип барбаңар,
Элебей барып капташып,
Эмгектүү болуп албаңар.
Канча өлсө кара аскер,
Кадыры анын анча эмес,
Ханы өлүп эл калса,
Акылын табыш кыйын кеп.
Ханы өлүп эл калса,
Саадагын салып мойнуна,
Кол куушуруп тизелеп,
Бир жүгүнүп кутулат,
Кара аскер өлүп хан калса,
Калкынан жана кычырат.
Бакай айткан кеп экен,
“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет”
Бөлүнүп калды кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет.
Айтса айтпаса ырас кеп,
Бөлүнүп барып Каракөз,
Үч авазир, өзү төрт,
Ажырап калып калкынан,
Ичи жалын кызыл өрт.
Аз келгенсип анысы.
Жалаң кылыч байланып.
Басып жүрөт иши көп,
Меникин билбейт деп ойлойт,
Көпчүлүктүн көзү көп,
Таалим берип хандарга,
Тайарлангын баарың деп,
Таам тартып Калдык хан,
Барып демиң алгын деп,
Өзү жатпай Калдык хан,
Барабанын кактырып,
Сурнайларын тарттырып,
Жоругун журттан арттырып,
Күзөт кылып аскерди,
Өзү айланып бастырып,
Испан менен оогандан,
Качабы деп шек кылып,
Көбүнчөсү Каракөз,
Эл бузат деп кек кылып,
Аңгычакты таң атты,
Жер жаркырап күн чыгып.
Уктай албай Каракөз,
Которуп кийип кийимин:
“Бетирке менен Калдыктын,
Сойоун – деп - мен бирин.
Биринин башын алсам, - деп,
Жаңылыпмын жаздым деп,
Бекбачанын алдына,
Көтөрүп алып барсам - деп,
Барган менен көтөрүп,
Мага ишенбейт Бекбача,
Эгер калса ишенип,
Колума алсам ишентип.
Жаткызамын бир кезде,
Кара жерди тиштетип.
Бетиркени сойлотсом,
Хан Калдыкты жоготсом,
Хан Калдыктын ордунда,
Хан тактага мен коном,
Тогуз ханга ээ болсом,
Кырылышып кыргыздан,
Кумардан чыгам мен болсом”.
Дегенди ойлоп өзүнчө,
Караңгыда күдүңдөп,
Басып жүрсө бүжүрөп,
Басканы башка көрүнөт.
Түзүк киши эмес деп,
Кантсе ушу Каракөз,
Ачык сырын билем деп,
Аттуу туруп эшиктен,
Каракөздү чакыр деп,
Карап турду Калдык хан,
Шектенип калган Каракөз,
Жетип келип ар жактан:
- Жети хандын чатырга,
барып келдим Калдык хан,
Күмөн кылган барбы деп,
Сиздин кылган жарлыктан,
Караңгыда калдырап,
Хандыгымдан ажырап,
Жалгыз калган ардыктан.
Жагынган менен ар канча,
Жакшылык жок кыргыздан,
Деп Каракөз айтканда,
- Акылы бар эр эле,
Эптүү жандын бири эле,
Эл кыдырып кеп тыңшап,
Жүрөбү деп сени эле,
Же болбосо жымыйып,
Жатабы деп тим эле,
Чатырыңа Каракөз,
Келген жайым бул эле.
Жакшы-жаман күн болсо,
Сен экөөбүз көрөбүз,
Тынч жаткан элге чуу салып,
Мына минтип жүрөбүз.
Элдин чети бузулса,
Кызыл чокко экөөбүз,
Элден мурун күйөбүз,
Ошончолук жүйө айтып,
Жүрүп кетти хан Калдык.
“Эл барда кеби бир башка,
Түндө кеби бир башка”.
Каракөз калды таңданып,
Ага чейин болбоду,
Таң агарды жер жарып,
Жайнап чыкты калың кол,
Майдалашып аттанып.
Шибелердин Йобалы,
Жекеге чыкты чекелеп,
Жалаң кылыч байланып.
Каракыргыз Бактыбай,
Бу да чыкты аттанып,
Кимиси мыкты чыгат деп,
Карап турду таңданып.
Анда айтат Йобалы:
- Ой, Бактыбай, Бактыбай,
Сениң кебиң элге айтып,
Жеме уктум айабай,
Аттанып чыктым жекеге,
Найзалашам айанбай.
Менин атым Йобалы,
Урушта канат кумары,
Бозкертиктин тукуму,
Билип алгын сен дагы.
Шайандын алды ойдуңда,
Бозкертикти өлтүргөн,
Кыргыздардын Сыргагы,
Сени өлтүрүп баш албай,
Кумарым менин чыгабы!
Түп атамдын кунун кууп,
Алуучу келди убагы!
Мындан мурун кыргызга,
Келген шибе көп болгон,
Бозкертиктин кунун кууп,
Келгендери жок болгон,
Азамат чыкпай шибеден,
Мен Йобалы окшогон.
Бүгүн чыктым жекеге,
Боор жарып өтө алам,
Баш байланып өч алам.
Көөкөргө куйуп кан алам,
Көрсөтүп туруп жан алам,
Сен Бактыбай турмайлык,
Бекбачаңды кошо алам!
Деп чакыйып түрдөндү,
Опурулуп күүлөндү,
Айкырып сүйлөп күпүлдөп,
Көрсөтөм деп дүпүлдөп,
Күркүрөтүп найзасын,
Күүлөп колго алганы,
Күркүрөтө сундуруп,
Качырып жөнөп калганы.
Бет келишип сайышты,
Найзаларын кагышты,
Бир беттешип жанышты.
Аттын башын бурушту,
Кайта-кайта урушту,
Жалындап көздөн от жанып,
Жаалы салып турушту,
Чокморлошуп койушту,
Колтуктарын чойушту,
Кылычтарын алышып,
Кыйкырык-сүрөөн салышып,
Кылычтын мизи ыдырап,
Балталашып киргенде,
Калкандары быдырап,
Чарт айрылып чарайна,
Найза тийип такылдап,
Жарылып калган жиктенип,
Балтанын сырты шакылдап,
Тили батпай оозуна,
Йобалы суусап акылдап,
Бактыбайдын балтасы,
Барган сайын чакылдап,
Жердин бети жаңырык,
Йобалынын туулгасы,
Дал төбөдөн жарылып,
Анткен менен Йобалы,
Жан айабай жалынып,
Эми чапса өлөм деп,
Алдын алып камынып,
Булгап камчы имерди,
Шибенин саны алты миң,
Ат койушуп киргени,
Кайра тартып шарт койуп,
Качып калды Йобалы,
Душманын колдон качырып,
Бактыбай карап турабы,
Кылычдашып кан төгөр,
Жетип келди убагы,
Жашыл түпөк найзасын,
Күүлөп алды колуна,
Аралап кирди Бактыбай,
Шибелердин тобуна,
Белги берип ишарат,
Кылганы жок Бактыбай,
Өзүнүн кошуун колуна,
Бет келип бенде туралбай,
Бактыбайдын жолуна,
Каптап келген элдерди,
Мен-менсинген эрлерди,
Утур келген немесин,
Оодара сайып жөнөдү,
Каттап сайып канчадан,
Ат үстүндө калган жок,
Утур келген адамдан.
Каз таман найза колунда,
Канчанын аты бош калды,
Бактыбайдын жолунда,
Кайра тосту үркүтүп,
Беттеп шибе тура албай,
Жайнай берди дүрдүгүп,
Кайра тартып аркага,
Качмак болду сүрүлүп,
Буйрук берип Йобалы,
Кайта кирди түрүлүп.
Көрүп туруп Козубек:
-Каракыргыз кошууну,
Бириң калбай баргын!-деп
Алып келген Малдыбай,
Баш кишиси Деркембай,
Алып келген коргондон,
Беш миң киши бүт калбай,
Ат койушуп дүбүрөп,
Аралашып шибеге,
Кыргыз кирди күжүлдөп.
Койон жүрөк коркоктор,
Корс кыйалдуу чоркоктор,
Бастыралбай бүжүрөп,
Эси чыгып элеңдеп,
Сийдиги агып бүрүлдөп,
Ажалдан мурун өлдүк деп,
Өзүнчө сүйлөп күбүрөп,
Аралашып киргенде,
Кыларын билбей алдырап,
Найзасын колго ала албай,
Шибе менен кыргыздан,
Нечени турат жалдырап,
Так айта албай бурулуп,
Буулуп тили балдырап.
Шибелердин элинде,
Ишенгени Йобалы,
Каракыргыз элинде,
Калка болгон Бактыбай,
Ар качандан бир качан,
Арка болгон Бактыбай,
Өз элинде Бактыбай,
Ордодогу беш миңди,
Мизин ташка түйрөйтүп,
Найза сайыш үйрөтүп,
Кылычты кындан алдырып,
Канча түрдүү чаптырып,
Балта менен урдуруп,
Барсылдакка көндүрүп,
Чокмор менен койдуруп,
Колтуктарын чойдуруп,
Чабыштырып балбанды,
Алыштырып калганды,
Ал беш миңге үйрөткөн,
Эр Кененим төрөдөн,
Өзү таалим алганды.
Ат үстүндө алдырбас,
Жөө күрөштө чалдырбас,
Сойул чапса талыкпас,
Күнү-түнү күрөштө,
Тили куурап чаңкабас,
Таалим алган беш миң кол,
Шибени кирди аралап,
Кас таман найза кармашып,
Өлтүрө сайбай келгенди,
Оодара сайып атынан,
Көрүп туруп кыргызды,
Солондордун Жабыке,
Шибенин кирди артынан,
Солонду көрүп Татыбек,
Манас деген чуу менен,
Ат койуп элден бөлүндү,
Бактыбай менен Татыбек,
Шибе менен солонго
Ажыдаардай көрүндү.
Эр Бактыбай, Татыбек,
Бирин бири кайтарып,
Бет алган жакка жол салып,
Беттешкенди сулатып,
Йобалы менен Жабыке,
Жанаша жүрөт бул экөө.
Хан Калдык айткан акыл деп,
Бактыбайга барбастан,
Татыбекке кездешип,
Качырып найза сайбастан,
Айарлык менен чекелеп,
Кыйамына келсе деп,
Сыртынан байкап мекелеп,
Билип калып Бактыбай,
Татыбекке айтты жай:
- Йобалы менен Жабыке,
Кайтарып калды сыртыңдан,
Билбейт деп бизди бул экөө,
Тик качырып тийели,
Акмалатпай а көрө.
Сен Татыбек качыргын,
Артыңдан улай мен барып.
Алдыңды абдан байкагын,
Бет келгенин кетирбей,
Томолотуп таштагын,
Аркасында Бактыбай,
Адам билгис сыры бар,
Мурункунун кебинде,
Жалганы бар чыны бар,
Алдында минген кер атты
Кубултуп турмай жабуу бар,
Көрпөчөнүн үстүндө,
Алты бүктөп алдында,
Салып жүргөн жайы бар.
Жайа салып кер атка,
Минип алды далбайа,
Оркызыл менен Татыбек,
Кетип барат алдында,
Жабыкеге Йобалы:
- Татыбек жалгыз калыптыр,
Байкап аны карачы,
Бактыбайдын арада,
Көрүнбөйт көзгө карааны,
Татыбекти кетирбей,
Өзөктөн канын жайалы,
Минтип эбин табалы.
Алактаган Жабыке,
Жаңы чыгып жекеге,
Далактаган Жабыке,
Найзасын күүлөп булгалап,
Шалактаган Жабыке,
Сотукени оозго алып,
Сонун келди эби деп,
Татыбекти бетке алып,
Тик качырып баратыр,
Жабыкенин артында,
Йобалы Шибе келатыр,
Аты башка Бактыбай,
Атырылтып жеткени,
Йобалыны тоңкойтуп,
Көмө койуп өттү эми.
Татыбекти Жабыке,
Аңтара сайып таштады,
Атын оңдоп тартканча,
Бактыбай жетти аңгыча.
Жабыкени жалпайта,
Сайып өттү Бактыбай,
Йобалыны сайганда,
Калдык кирди тура албай,
Бактыбайга жеткенде,
Көрүп калды Бекбача,
Карасурду камчылап,
Кара ниет Калдыктын,
Көзүнөн каны тамчылап,
Бактыбайга жакындап,
Чукул кирип барганда,
Алдындагы сур атты,
Камчыланып алганда,
Кутуласың кантип деп,
Алчыланып алганда,
Татыбекти Такырбаш,
Алып кетти ат салып,
Бактыбайга хан Калдык,
Найза урду сурданып.
Калдык сайган оңобу,
Топчу кулак кер аттан,
Томолонуп Бактыбай,
Жер кучактап торойду.
Манжулардын чоң Бодоң,
Жабыкени мингизип,
Коштоп алып чуу койду.
Каары катуу хан Калдык,
Кайра тартып кырданып,
Бактыбайга жеткенче,
Майторуну чуратып,
Аркадан чаңын чубалтып,
Эр Бекбача жеткени,
Күүсү менен найзанын,
Аскар тоодой Калдыкты,
Аңтара койуп өттү эми,
Майторуну бурганча,
Калдыкка найза урганча,
Манжулардын чоң Будуң,
Бекбачага беттешип,
Найзалаша кеткени,
Топчу кулак кер атка,
Ыргып минди Бактыбай,
Калдык минди сур атка,
Маңдайлашып эки дөө,
Кандуу найза алышты,
Карсылдашып салышты.
Угуп жүргөн укмуш да,
Моңгулдан өткөн Коңурбай,
Манжудан чыккан Дөдүр алп,
Азыркысы чоң Бодоң,
Дөдүр алптан кем эмес,
Бекбачадан башкасын,
Көзгө илер эр эмес,
Оңой-олтоң жоо эмес,
Оморулчу тоо эмес.
Зым-зым этип зымырап,
Манжулардын чоң Бодоң,
Эч нерсени элебей,
Эр Бекбача жолборсту,
Бучкагына теңебей,
Бекбачаны баш кылып,
Кетемин деп талкалап,
Кереге таштай кеңкейип,
Көөдөндө керип чалкалап,
Найзасын күүлөп булгалап,
Манжулап Бодоң бакырып,
Кирип келди кысталак,
Бекбачаны качырып,
Бекбачаны карасаң,
Ак мейкин зоодой зымылдап,
Асмандагы жылдыздай,
Эки көзү балбылдап,
Өңкүр кабак үнү ачуу,
Жетисуудан жем жеген,
Умтулганын узатпас,
Желбегей Сыргак бүркүттөй,
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Ак жолборстой сүрдөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Майлаган буудай жүздөнүп,
Муруттары бириндеп,
Жүзүн көргөн адамзат,
Бүткөн бойу дирилдеп,
Мас болгон нардай күркүрөп,
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Орто-карта баатырдын,
Сийдиги чыгып бүркүрөп,
Касаба тоодой жарданып,
Албарстан найза карманып,
Качырып кирди шаңданып,
Манжу Бодоң, Бекбача,
Эрегишип кездешип,
Өлөр жерин чиктешип,
Өчүгүшүп көгөрүп,
Өткүр найза өңөрүп,
Качпай туруп сайышып,
Найзаларын кагышып,
Каңкылдатып какканда,
Найзаларын сындырып,
Куру кол болуп калышып,
Чоң Бодондун найзасы,
Кыйрап сынып кеткенде,
Эрлик кылбай Бекбача,
Эми сайса өчөшүп,
Канын төгөр кездерде,
Манжу Бодоң кеп айтат,
Кеп айтканда муну айтат:
- Сен Бекбача кыргыздын,
Чыйрагысың-деп айтат,
Сени менен беттешип,
Сайышам деп чыкпадым,
Куткарам деп Калдыкты,
Ошондуктан чыккамын,
Найзам жок сени сайарга,
Балтам жок баатыр чабарга,
Беттешкен майдан жер эмес,
Элден сурап аларга,
Күч ортосун чектешип,
Күрөшөлү майданда,
Аскер карап турганда,
Күңгөй-тескей маңдайда,
Кимдер чебер ким чоркок,
Хандар сынап турганда,
Найзалашып эр сайыш,
Балталашып жоо алыш,
Балбан карап турганга,
Намыска тууган эр кандай,
Зардал карап турганда,
Эби келсе Бекбача,
Беттешели андайда,
Жарагым жок колумда,
Толук эмес кийимим,
Катын баасы турганда,
Сайайын десең, Бекбача,
Жайып берем төшүмдү,
Найзаңдын тийер жерине,
Кармап берем өзүмдү,
Өлсөм кетет көөнүмдө,
Кайрылып келбейт өкүнчү.
Чоң Бодоңдон кеп угуп,
Өлүмдөн коркуп жалооруп,
Өзүн-өзү сындырып,
Катын баасы деп угуп:
- Коркпосоң кел майданга!
Корксоң келбе маңдайга,
Ушуну айтып Бекбача,
Жүрүп кетти чуу койуп,
Калдык менен Бактыбай,
Карсылдашып жатканда,
Өжөрлөнүп өчүгүп,
Үксөңдөшүп жатканда,
Майтору менен бастырып,
Бекбача келе жатканда,
Бактыбай менен Бекбача,
Ортосуна алат деп,
Оңкомдон мени салат деп,
Маңгыттардын хан Калдык,
Качып келди калдаңдап,
Эттектери далбаңдап,
Эки буту салбаңдап,
Аркасынан Бактыбай
Кууп калды дардаңдап,
Эрдемсип мурду барбаңдап,
Чылбырынан Бекбача,
Кармай калып ат жандап:
- Өлбөсө да Калдыктын,
Өлүмдөн өтүп кеткени,
Мени көрүп качканы,
Акылынан азганы,
Жаны коркуп шашканы,
Мен келдим чыга бергин деп,
Деги айтамын мен сени?
Найзасы сынып кеткенде,
Саргарып Бодоң жалынды,
Армансыз болуп өлөйүн,
Койгунуң деп жанымды,
Амалсыз турган ал кетип.
Калдыгыңдын алы бу,
Жабыке менен Йобалы,
Шайын көрдүк жанагы,
Ырас-чынын айтканда,
Калдыктын кыйын амалы,
Хан Калдыктан башкасы,
Кармашка чыдап турабы?
Жүргүн ага кетели,
Жана келет кыйамы,
Белги берип бөлүнтүп,
Элди бөлүп чыгалы,
Деп айтканда Бекбача,
Тууга жетип Бактыбай,
Буйрук кылды мамындай:
- Козубек хан кайдасың?
Аскер чыксын бөлүнүп,
Кылбайсыңбы аргасын!
Ажырап аскер чыгуучу,
Сурнайын кыргыз тартканча,
Сегиз хандын элинен,
Сурнайдын үнү шакылдып,
Кернейдин үнү какылдап,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 17
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.