Latin

Асылбача - Бекбача - 04

Total number of words is 4207
Total number of unique words is 2249
30.4 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
50.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Темир тондуу Шалкымат,
Адам жеңгис баары алп,
Кол салдың деп кыргызга,
Жалаңгыч сарык Кененим,
Баарынын канын агызса,
Алты урук келсек чогулуп,
Эми неге келдиң, деп,
Теңдик кепке келбесе,
Тентек уулу Асылды,
Күүлөп бизге жиберсе,
Карың казык болгуча,
Башың жастык болгунча,
Кан төгүшүп урушуп,
Теңешели кыргызга.
Темирбек атам өлгөндө,
Жаш экемин ал чакта,
Мени кандай жөн койгон?
Кандай жерден шар алса,
Бир кедейди баш кылса,
Хан болуп кедей эл бийлеп,
Касиет кантип токтосун?
Багдатты жөөт кысканда,
Барып калып кененим,
Жөөттүн элин жүдөтүп,
Далай алым төлөтүп,
Төрт жаштакы баланы,
Бааша койуп кетиптир,
Бала бааша атанып,
Ал муратка жетиптир.
Иран менен Багдаттык,
Көз каранды болуптур,
Жеңилгенге жөлөк деп,
Калыс атка конуптур.
Жашырбай чынды айтканда,
Тенимде жаным бар чакта,
Рахымым келер жерим жок,
Кыргыз деген бул журтка!
Алты уруктун элибиз,
Алты орунда жерибиз,
Албай кантип койобуз,
Аласыз болсо кебибиз.
Азгашпаса пейлибиз,
Тарыхы толду кыргыздын,
Алдырбайбыз эми биз!
Моңгулга кабар салабыз,
Жаңылап киши алабыз,
Маңгыттан келет хан Калдык,
Атасындай эр болсо,
Андан пайда табабыз,
Коросон, испан, тажиктер,
Өзүбүз карап турабыз.
Ар канча мыкты болсо да,
Асыл өзү жаш бала,
Кененим кайрат кылалбайт,
Көз кызарып карганда,
Не да болсо көрөлүк,
Жумуру баш бир жанга.
Карсылдашып көрөбүз,
Ажал жетсе урушпай,
Жатсак да үйдө өлөбүз.
Батыш менен чыгыштын,
Баары душман кыргызга,
Ооган менен индиден,
Андан кабар сурайбыз,
Алыбыз келбей баратса,
Кытай кылбайт жардамды,
Беш Бейжиндин калаасын,
Тартып алган Коңурбай,
Себеби менен Манастын.
Араңдан зорго колго алды,
Уссундун эли урумда,
Беребиз кабар ушуга,
Калбай баары бүт келет,
Бизден кабар укканда.
Манас айдап жиберген,
Которуп ордун башкага,
Эки ингендин бойунда,
Эркин ойноп жатканда.
Керкиттин эли келе албайт,
Эл башкарган башканы,
Авазири балбаны,
Баары кыргыз тарабы.
Андан ары ат жетпейт,
Ат жетсе да эл келбейт.
Жети дөөнүн элинде,
Эл башкара калбаган,
Баарын кыргыз жалмаган,
Кыргызды жеңбей калбайбыз,
Белиңди бекем байласаң.
Деп Көкбөрү күркүрөп,
Таласты карай чубагын,
Аттангын, деп дүркүрөп,
Көкбөрү жарлык кылганда,
Асылдан коркуп жазганып,
Таласка аскер барганга,
Таласка барсак өлдүк, деп,
Барбасак кордук көрдүк, деп,
Ажал жетпей өлдүк, деп,
Кара аскер жүрөт күбүрөп,
Мине албай атка кээ бири,
Тушалып буту бүжүрөп.
Көкбөрү жуткуч жол баштап,
Хан Каракөз кол айдап,
Жер сойулуп дүңгүрөп,
Байрактары желбиреп,
Коросон, испан, тажиктин,
Чамалаш тили бир экен,
Баарысынын үстүндө,
Көкбөрүсү пил экен.
Маңгыт, калмак тили бир,
Жедигер тили бир башка,
Көкбөрү баштап баратып,
Тарашанын жонунда,
Капташып калды асылгаКабылан Манас тукуму,
Кайраты артык ушуга,
Айчыгы алтын кызыл туу,
Кырга сайып таштады.
Кыргыздан чыккан кыраандын,
Кыйкырыгы таш жарып,
Жолунан тосо чыкканы,
Камчысын булгап Көкбөрү,
Каршы алдынан чапканы,
Хандан жарлык болгондо,
Калбай аскер каптады.
- Тостурганың кал,- деди,
Тостурбай өтүп кеткениң,
Таласка кире бар,- деди.
Таласка барсаң тең бөлүн,
Коргонго баргын бир бөлүм,
Күмбөзүнө барамын,
Колду баштап мен өзүм.
Коргонго колду киргизбейт,
Кененим бар коргондо,
Келген аскер ушул, деп,
Урушу менен болгондо,
Мен күмбөздү бузам ошондо.
Көкбөрү айтты акыл, деп,
Коросон, испан, жедигер,
Таласты карап беттеди.
Ашырабы Таласка,
Бала жолборс жеткени,
Бар кайратын ашырып,
Манастап ураан чакырып,
Желегин жерге жапырып,
Жетик тууган эр неме,
Бек кайгырып ачынып,
Аралап асыл киргенде,
Жүрөгү өлгөн нечен жол,
Жедигер, испан, коросон,
Жайнай берди чачылып,
Арасы ачык коо болду,
Ат буйдалбас жол болду,
Найзага утур келгени,
Жер жастанып жоголду.
Жайнап кошуун бөлүндү,
Манастын уулу Жайдары,
Алтын айдар жаш Асыл,
Ал жалаңгыч көрүндү.
Капташып калган бенденин,
Каны агып төгүлдү.
Тарашанын белинен,
Такыр бирин ашырбай,
Койгону жок кайран эр,
Чандандын шорун катырбай.
Шап-шап кылып бөлүнтүп,
Көзүнүн жашын төгүлтүп,
Найзанын учу жеткендин,
Кабыргасын сөгүлтүп,
Тобу менен сулатып,
Дөмөөр баштай томпойтуп,
Башы жок жаткан киши көп,
Мойундарын чолойтуп.
Арка жагын карабай,
Качты баары дүрдүгүп,
Баш аламан чуулдап,
Кетип барат сүрдүгүп,
Аркадан чаңы түрүлүп,
Күрөгөндөй сүрүлүп,
Коросон, испан, жедигер,
Тажик менен калмакка,
Качып барып биригип,
Булар качып келгенде,
Көкбөрү калды теригип:
- Тете, Салаа, Каракөз,
Аркаңан айың айтпаймын,
Бетиңе айтам көзмө-көз,
Үч улук катар турупсуң,
Бир жандан качып уйалбай,
Жалдырап карап турушуң,
Болбогон ушул ишиңер,
Аркаңда колбуп токсон миң,
Айдап жүргөн кишиңер,
Бир кишиден жазганып,
Кайтып келдик дедиңер,
Бул айткан кандай кебиңер?
Кебиңерди ит уксун,
Ит укпаса ким уксун!
Дөнө баатыр сен элең,
Белге таңуу эр элең,
Кыйналып калган күндөрдө,
Кызмат кылар дээр элем.
Тилимди алып сен баргын,
Алың келбей баратса,
Аркаңдан кирчү мен бармын.
Ана-мына дедирбей,
Ачып көздү жумгунча,
Байлап келгин сен эле,
Мурун өлгөн баатырлар,
Сага качан те эле?
Көкбөрүдөн кеп угуп,
Артык балбан деп угуп,
Эми байлап келем, деп,
Дөнө кирди оолугуп.
Бастыра түшүп токтолуп,
Аркасын карап чокчойуп:
- Ой, Көкбөрү, Көкбөрү,
Эркине койсом Асылды,
Эси жоктон көпкөнү.
Сакадай карчап ыргытып,
Саргартып айдап келемби?
Кежирлик кылып баспаса,
Кесип башын келемби?
Ээрдин тешип сүйрөтүп,
Же бүтүн алып келемби?
Ачык айтчы Көкбөрү,
Алып келер жолумду,
Же чачынан кармап шылыйтып,
Кан кылбастан колумду?
Көөдөктүн угуп айтканын,
Көкбөрү көөп жатканын:
- Жалган айтпай чын айтың,
Барганың деп мен айттым.
Кандай кылсаң андай кыл,
Эрдикти Дөнө карматкын,
Көкбөрүдөн кеп угуп,
Күүлөгөн кепти бүт угуп,
Өзүнчө сүйлөп күдүрөп,
Оозунан чыгып ак көбүк,
Күркүрөп Дөнө жөнөндү,
Келе жаткан калмактын,
Караанын Асыл көргөнү.
Майтору минип болкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп,
Он бештеги жаш бала,
Опол тоодой зоңкойуп,
Арбак конуп шаңданып,
Көргөн бенде таңданып,
Ондон жыйырма кулжа бар,
Эки жакта чаң салып,
Майторунун артында,
Созулуп чыккан чаң калып,
Келе жатат жаш арстан,
Азуусу айга бүлөнүп,
Жат душмандын көзүнө,
Ажыдаардай сүрдөнүп,
Көзүнөн оту жылтылдап,
Алгыр бүркүт төрдөнүп,
Ач арстандай чамынып,
Алдында минген Майтору,
Оозунан чыккан ак көбүк,
Омуроого чачылып,
Кош кулагын жапырып,
Араандай оозу ачылып,
Жаалысы келип жүзүнө,
Манастап ураан чакырып,
Асылга Дөнөн бет келди,
Дөнө ойунда баланы,
Аңтара сайам, деп келди.
Күркүрөгөн күч менен,
Жан алуучу түс менен,
Беттешип найза сайышты,
Сайдырбастан кагышты,
Машы чыккан андестер,
Кең майданда табышты.
Оролуп найза сайышып,
Оң-тетири салышып,
Жан айабай жабышып,
Туулгага балта чак этсе,
Көөдөнгө найза так этип,
Кылычтын баары кыйрады,
Кылымдан чыккан кыйындар,
Чыркыратып бир жанды,
Кылга байлап таштады,
Кыйын уруш башталды,
Дөнө өөдө көрүндү,
Заманды баатыр баш болуп,
Өлгөн мурун баштакы.
Кыйамына келтирип,
Кызыталак бул калмак,
Карчыганын балык эт,
Качырып найза сайганы.
Найзанын учу жеткени,
Карчыганын балык эт,
Карыш кирип кеткени.
Кан куйулду жыбырап
Майторунун сооруга,
Камчы саптай куйулат.
Асыл минген Майтору,
Айбандан эстүү жаныбар
Асылга найза жеткенде,
Октос берип ыргыштап,
Өксүтө берип кеткенде,
Суурулуп найза калганы.
Майтору октос бербесе,
Жыгылып кала тас калды.
Соорудан аккан кызыл кан,
Көзү көрүп эр Асыл,
Намыстанды абыдан:
“Атам Манас эр болсо,
Мени арбак урат го,
Айбатым мындан кем болсо!”
Канбасар деген дары бар,
Жан калтада дапдайар.
Дарыны алып колуна,
Жалап алды тил менен,
Кан куйулган жараны,
Сыйпап алды кол менен,
Оозу тийип, тил татып
Колу тийип жарага,
Кан кургады так катып.
“Арбагы айкөл жар болсо,
Канчасы чыкса жекеге,
Бөлүнгөнүн чекеге,
Айтканым жалган болбосо,
Кетирбейин дегеле”
Аңгычакты болбоду,
Мыктысып Дөнө келди эле,
Өзү ооп түшөт, деп,
Карап турган кеп эле,
Айнектей көзү чачырап,
Ачуусуна чыдабай,
Дөнөнүн тиши качырап:
- Чын ачуум келди, Дөнө мен,
Өлөсүң Асыл эми сен,
Найзага илип көтөрүп,
Алып кетем сени мен!
Качырып кирди кызыталак,
Оозунан жалын от жанат,
Манастын уулу жаш Асыл,
Андан кайдан жазганат.
Качырышты эки дөө,
Өтө сонун көрөргө,
Баатыр шер кылды кайратты,
Тоодой болгон Дөнөнү,
Найзага илип жөнөргө.
Ал Дөнөнүн найзасын,
Сайдырбай кагып жиберип,
Ылаачындай Асыл шер,
Кайта тийди имерип.
Манас, Манас, Манас! деп,
Баатыр ураан чакырып,
Бардап үнүн бакырып,
Кый сүбөөгө найзасын,
Уруп өттү качырып,
Катуу урган найзаны,
Дөнө тийген үстүнө,
Кабаттап темир канчаны,
Ал Сыргактын найзасы,
Тепчип өттү анчаны,
Аңтарып аттан түшүрдү,
Орто тоодой барчаны.
Тажиктердин ичинде,
Күпүлдөгөн Көкбөрү,
Көрсөтөмүн өнөр деп,
Дүпүлдөгөн Көкбөрү,
Дөнөгө айткан кеп менен,
Бөлүнүп элден жөнөдү.
Бастырып жөнөй берерде
Бала жолборс Асылга,
Басташып барып тийерде,
Тажиктердин элинде,
Атынек деген бар эле,
Эл карыткан чал эле,
Ат арбытып жол жүрүп,
Жер арыткан чал эле,
Шыйпаңдатып көк атын,
Көкбөрүгө барды эле:
- Ой, Көкбөрү, жанымсың,
Калың тажик ханысың,
Элиң тажик турмайлык,
Коросон, испан, каңгайды,
Башкарыпсың баарысын.
Бас десең басып атышат,
Тур десең туруп жатышат,
Улуу-кичүү ушул журт,
Оозуңду сенин карашат,
Башкарышың бул элди,
Балам, сага жарашат,
Маңдайдагы багыңды,
Кимдер сенден талашат.
Сен барбагын тил алсаң,
Баш байланып канжалайт,
Тээ Манастын уулу кызталак.
Сенин көзүң жоголсо,
Акылын сендей ким билет?
Ээси жок калган биздин эл,
Ээсин таппай сандалат.
Ар кайда тарап жоголот,
Элин таппай самсалап.
Коросон, испан, каңгайлык,
Айбатыңдан жазганат,
Сенин көзүң жумулса,
Мына бу турган тажикти,
Талап алып түз кылат,
Өздөрү мында келгенин,
Биздин элге күч кылат.
Тилимди алсаң Көкбөрү,
Ат арытып минген деп,
Тон тоздуруп кийген деп,
Көп жашаган кары деп,
Карынын сөзүн укканга,
Катырган сары барпы деп,
Коркуп калган кептенбей,
Койгулашкын качырып.
Күндү күнгө улабай,
Түндү түнгө улабай,
Жаныңды кыйнап бурчултпай,
Ок өтпөс тонуң жыртылтпай,
Буулумуңду кырчылтпай,
Бура тартып ыгын таап,
Белги берип аскерге,
Каптатып ийип Асылды,
Чыга бергин бир четке,
Душманды мактап жатат деп,
Сен албагын көөнүңө,
Манастын укум-тукумун,
Төгөрөктүн төрт бурчу,
Төбөлөшүп салышып,
Жеңгени жок эмгиче,
Амал менен туралы,
Саламаттын хан Калдык,
Таңгут, маңгыт, тыргооттор,
Калдайып мында келгинче,
Өлгүнчөктү Саламат,
Урпагына Манастын,
Жакын болду санаалаш.
Жалаңгыч сарык Кененим,
Батыш менен чыгыштан,
Баш көтөргөн ким болсо,
Түгөтө кырып олжо алды,
Саламат анда тең алды,
Хан Калдыктын колунда,
Адам өлчөп билгисиз,
Ар түрдүү бар жарагы.
Түбү хандын тукуму,
Бойунда тоодой талабы,
Асыл менен курбалдаш,
Хан Калдыкты салалы,
Деп Атынек айтканда,
Арамзаада Көкбөрү,
Ичинде ойлоп акыл , деп,
Айтканы жок, макул, деп,
Акырайа бир тиктеп,
Калжырабай нары тур, деп,
Өрттөй көзү кызарып,
Өпкөдөй бети бышаарып.
Өрдөктөй мойну узарып,
Өткүр миз найза карманып,
Өрттөгөн арча беттенип,
Төбө чачы тиктенип,
Белин бектеп курчанып,
Теңдиги кетип колунан,
Деги жаман муңканып,
Сом темирин артынып,
Чарайнасын тартынып,
Туулгасын көмөрүп,
Намысы үчүн көгөрүп,
Жонунда калкан темирден,
Кара бойу кем эмес,
Орто- карта сеңирден,
Толук кези отуз жаш,
Кутурган иттей элирген.
Кыл муруту бириндеп,
Кирген нардай күркүрөп,
Кейпин көргөн адамдын,
Бүткөн бойу дүркүрөп,
Аркасынан чаң калып,
Ач бөрүдөй жаланып,
Жан айабай качырды,
Манастын уулу жаш Асыл,
Андан кайдан шашылды:
- Сен, Көкбөрү, мен Асыл,
Жандан тойсоң, кел, баатыр!
Манастап ураан чакырып,
Бу да кирди качырып,
Өзү жалгыз душман көп,
Ичи жаман ачынып.
Эки бала бет келди,
Он бештеги Асылды,
Өз ойунда Көкбөрү,
Оодара сайам деп келди.
Жан айабай сайышты,
Найзаларын сайдырбай,
Каңкылдатып кагышты.
Колтуктарын чойушуп,
Айбалта менен койушуп,
Кылычты кындан суурушуп,
Жан кыйнашып урушуп,
Олпокторун булушуп,
Үзүп-жулкуп жыртышып,
Үзүлгөнүн ыргытып,
Бар сайманын иштетип,
Ээрдин кесе тиштешип,
Алаканга түкүрүп,
Кар жанга күч келип,
Кара бойдон аккан тер,
Саздак жердей чылпылдап,
Ылайланып топурак,
Ат алдында былчылдап,
Титирек кирди Көкбөрү,
Бүткөн бойу кылчылдап,
Өзөгүнөн от жанып,
Ооруп сөөгү зырпылдап,
Кара баскан немедей,
Азуулары кыйчылдап,
Тура албай калды Көкбөрү,
Асыл менен тең чыдап,
Канча кыйал-ой, санаа,
Акылга келди ошол чак:
“Бир суранып көрөйүн,
Андан нөөмөт бербесе,
Каптатып ийип аскерди,
Качып мындан жөнөйүн,
Тирүүлүгүм канымет”,
Деп ойлонуп кара нээт:
- Баатыр Асыл, кеп айтам,
Кебиме кулак сала алсаң,
Айткан кепке көнө алсаң,
Канча күндөн бер жакка,
Карчашта жүрүп калганда,
Кардым ачып кайышып,
Кабырга сөөгүм майышып,
Сени менен тең жүрөр,
Калбады алым алышып,
Чыдаар алым калган жок,
Карчылдашып салышып.
Уруксат бер сен мага,
Тамактанып келейин,
Тамактанып келгенде,
Сайдырып койсом мен сага,
Армандуу калдым дебейин.
Деп Көкбөрү айтканда,
Баатыр туулган эр Асыл:
- Көкбөрү барсаң бар, -деди,
Так үч күнү күйөмүн,
Так үч күндө келбесең,
Карарып жаткан кошуунга –
Беш уруктун тобуна,
Мен аралап киремин,
Бабам Манас шер турса,
Мен мактанар эрлерден,
Семетей менен Сейтек –
Эки баатыр тең турса,
Эр Кененим тирүү бар,
Бенде эмес баатырдан,
Жүйрүн дөөлөр кем турса,
Жору куйрук Кызыл алп,
Карала атчан Калыбек,
Катардакы жети дөө,
Айтумуш, Чынгыш, эки хан,
Баарынын алы келбеген,
Кененимден Сейитим,
Кашкайа жалгыз эр экен.
Сулаймат кылып кастыкты,
Кара дөө менен көк күмбөз,
Адамдын алы түк келбес,
Карадөө каны чачылды,
Сыйкырлуу күмбөз ачылды,
Жан жүрбөстөн Кызылкум,
Адамы жок , суусу жок,
Арамзада Сулаймат
Азгырып жолго салганда,
Жетик калча баш болуп,
Жети дөөнүн тукуму,
Жете келип асылды,
Жетик туулган эр Сейит,
Качан андан шашылды?
Ажал алып жакадан,
Айдап келген жети иттин,
Каны кумда чачылды,
Сулаймат ишин бүтүрдү,
Минген тактан түшүрдү.
Атасын Кара дөө жеген,
Абылды такка мингизди,
Жетилбай менен Көкбука,
Тилегин колго тийгизди,
Сейиттен эгизбиз,
Телегейи тегизбиз,
Атаң Темирбек болсо,
Болжолдуу күнү келиңиз,
Адам алдап, сөз танып,
Алдамак болсоң, Көкбөрү,
Анда өзүң билиңиз.
Коросон, испан, каңгайлык,
Жедигер, тажик турасың,
Хан Калдык келип калар деп,
Үч күндүк сурап уруксат,
Ошол го сенин кыйасың?
Айткандан тансаң тайгактап,
Айлаң кетсе да бир күн,
Анда кандай кыласың?
Көкбөрү, барсаң, барып кел,
Деп айтканда Асыл шер,
Тажиктердин Көкбөрү,
Жүрүп кетти келем деп,
Көкбөрүнүн ойуна,
Жолдо түштү далай кеп:
“Канкор Манас элине,
Катышыпмын бекер, - деп,
Жалганы жок баары чын,
Асыл айтып өткөн кеп.
Жан бүткөндөн жан алган,
Жалаңгыч сарык атанган,
Кененим бүгүн бар турса,
Он бештеги Асылдын,
Кылган иши бул турса,
Жан койбойт го кыргыздар,
Жамандыккка бет бурса.
Үч күн өтөт эми эле,
Келбей койсом жекеге,
Айткан сөзүм бузулса.
Келип калса хан Калдык,
Жалганы болбойт сөзүмдө,
Жекени берем өзүнө,
Баш кошкондо беш урук,
Кымыз ичип бабырган,
Ордо салып короого,
Чүкө атканда чуулган,
Аламан өскөн кыргызды,
Келбей калса хан Калдык,
Аскерди төрткө бөлбөсөм,
Алакандай Таласка,
Ар тараптан кирбесем,
Астын-үстүн кылбасам,
Ыракым кылбай кыргызга,
Жашы менен карысын,
Айал-эркек - баарысын,
Как боорунан тилбесем,
Ойноп жүргөн балдарын,
Көзөй сайып шилиден,
Бутактарга илбесем,
Намысын колдон кетирип,
Кызы менен келинин,
Айак асты кылбасам,
Селпектетип буттарын,
Акактатып кемпирин,
Далысын жерге сүрбөсөм,
Оорактанган коргонун,
Ойротто жок күмбөзүн
Өрттөп ийип тынбасам,
Көкбөрү атым бекер!” - деп.
Көңүлгө бүгүп далай кеп,
Келе жатат көкбөрү,
Өзүнчө сүйлөп күбүрөп,
Элдер турат ойунда:
“Кайра тартты Көкбөрү,
Качкан жери деги жок,
Асыл менен бүтүшүп,
Келатабы көөнү ток?”
Анда ойлойт Атынек:
“Мен айткамын акыл кеп,
Намыс кылып Көкбөрү,
Айткан эмес макул деп.
Анык шайы кеткенде,
Асылга алы жетпеске,
Ачык көзү жеткенде,
Тамактанып келем, деп.
Келе жатат бекен,- деп,
Ойлоп турат Атынек, -
Төрткө бөлүп аскерди,
Таласка кирер бекен, - деп,
Болжоп турат Атынек,
Башын салып шылкыйтып,
Акыл ойлоп келет, - деп,
Келип калса хан Калдык,
Тарашанын кырында,
Алай-күн өтүп кетет, - деп,
Аны ойлойт Атынек,Көкбөрү келип эми эле,
Мага салат кеңешти,
Мен акылдын кени, -деп,
Менин тилим албаса,
Жеңемин деп Асылды,
Кыла берсе талпаза,
Өзү өлүп кетет”, деп,
Көкбөрүнүн акылы,
Атынектин көзүнө,
Айнектен тунук жарыйа,
Болор ишти болжолдоп,
Ойлоп турат карыйа,
Калың кошуун аскерге,
Көкбөрү келди аңгыча,
Каарданып карарып,
Кандуу бетке заар салып,
Жигиттер барып ат алып,
Алдыга асыл салышты,
Чай-тамагын көтөрүп,
Алып келе калышып,
Куйрук койуп, май койуп,
Куймак койуп, бал койуп,
Канык кара чай койуп,
Бар тапканын тажиктер,
Көкбөрүгө жай койуп,
Тайар болуп желдеттер,
Кызмат кылып калыптыр,
Көкбөрүгө көрүшүп,
Каракөз, Тете, Салаалар,
Булар жетип барышты,
Көкбөрү менен көрүшүп,
Жабырашып калышты,
Жедигердин Каракөз,
Минтип айтып калышты:
- Карчалыштык канча күн,
Асыл жалгыз биз менен,
Тапатак-беш күн салышты,
Көкбөрү баатыр сиз менен,
Кандай жанып келдиңиз,
Кайсы түрдүү иш менен?
Томолотту атынан,
Тоодой болгон Дөнөнү,
Манастын уулу Асылдай,
Мындай тыңды ким көрдү?
Ойлоп акыл табалы,
Жекелешип Асылга,
Мойунга албай өлүмдү,
Сизге жакса кебибиз,
Беш баашанын элибиз,
Беттешмекке кыргызга,
Белди байлап келгенбиз,
Беш бөлүнүп киргели,
Беш жеринен эми биз.
Кененим кары, Асыл бир,
Беш жерден кирсек бөлүнүп,
Кыргыздын көөнү болсун кир.
Коргонун колго алалы,
Күмбөзүн чагып салалы,
Тай семизин сойолу,
Баш көтөргөн кыргыздын,
Баарын тиздеп койолу,
Бар дүйнөсүн алалы,
Кетер күнү коргонун,
Өрттөп ийип жаналы,
Деп Каракөз токтолду.
Тажиктердин Көкбөрү,
Түбүнөн бузук арам кул,
Тынч элге салып козголоң,
Коросон менен испанды,
Копурук салып козгогон,
Маңгыт менен калмактан,
Алардан аскер топтогон,
Каракөздү жалдаган,
Жедигер элин айдаган.
Алты уурудан кол алган,
Кененимди өлтүрүп,
Кыргыздын ишин бүтүрүп,
Таласты алам деп келген,
Маңгыттын эли келбеген,
Беш урук мында бар экен,
Хан Каракөз айтканын,
Көкбөрү жуткуч улады,- Хан Каракөз айткан кеп,
Кулакка сонун жагымдуу,
Бас десем бастың баарыңар,
Тур десем турдуң ханыңар,
Маңдайга бүткөн багым бу,
Тажиктен башка беш урук,
Ээрчип келдиң калдайып,
Булутка минген чагым бу,
Беш бөлүнүп беш улук,
Таласка кылгын чабуулду.
Келип калса хан Калдык,
Белин бекем буунсун,
Кан менен колун жуунсун,
Келбей калса хан Калдык,
Биз койолук олжосун,
Камынгыла, баарыңар,
Убадабыз шол болсун.
Кыргыздын кызы сулуу, деп,
Кылымга кеткен наамы бар,
Таластын жерин алганда,
Манастын тагын алганда,
Бул олтурган улуктар,
Үчтөн сулуу алыңлар,
Кыңшылатып кыздарды,
Кылтылдатып жоргону,
Анан элге барыңар,
Тете, Салаа, Каракөз,
Каңгайлардын Саранжа,
Кабарды менден алыңар.
Көкбөрү менен Каракөз –
Биз коргонго баралы.
Тете, Салаа – экөөңөр,
Өрттөнүп өлгөн Манастын
Күмбөзүнө баргыла,
Каңгайлыктын Саранжа,
Асылды элге жибербей,
Сен болгунуң каргаша.
Кененимге мен бармын,
Каракөз алат коргонду,
Ушундай айтып болжолду,
Бабырышып оозунда,
Таласты алып болгону.
Муну койо туруңуз,
Буйактан кепти угуңуз.
Ордонун ханы Орунбай,
Жатканы жок ой кылбай,
Кыргыздан кошуун жыйнады,
Кененимге туйдурбай,
Аты-тонун ылгатты,
Найза сайар кылдатты,
Айбалтага мыктууну,
Чойунбашка шыктууну,
Күрөшсө онду жыкчууну,
Жебени жаага кергенди,
Атканын жазбас мергенди,
Беттешкенин жеңгенди,
Колунан жумуш келгенди,
Басташканын алганды,
Жеңишке чыккан чанданды,
Чалкасынан салганды,
Кең көкүрөк кууш айак,
Балбан болчу балдарды,
Мындайды элден ылгады,
Санап туруп миңди алды.
Орунбай уккан кабарды,
Элөөсүз жумшап адамды,
Көрүп келген көз менен,
Беш урук эли чогулуп,
Болуп жаткан абалды,
Камдап койуп миң балбан,
Орунбай өзү асталап,
Кененимге барганы,
Уккандарын калтырбай,
Бардлык кебин салганы,
Угуп болуп Кененим:
- Ордонун беги Орунбай,
Орунсуз го бул кебиң?
Сейитимдин Асылды,
Начар бала дебегин,
Айтышыңча душманды,
Толук жүз миң бар дедиң.
Миң баланы алып барып,
Ата-энесин ыйлатып,
Калба таап бербегин.
Эртең күнгө ишенби,
Иштин башы эмеспи,
Тарашанын сыртына,
Өзүм барып келемин,
Чымыркансын чыйралып,
Жардам берем дебегин.
Эл сактап эрди өстүрүп,
Канча көрөт керегин?
Эр болот деп Асылды,
Элим, кыргыз, мактадың,
Куйругуна май төшөп,
Жер бастырбай бакканың,
Жакшыраак го Орунбай,
Убара болбой жатканың.
Калың эл, ойноп жата бер,
Карысам да карпаңдап,
Кененим деген ат менен,
Аркасында мен бармын,
Бекбача бар иниси,
Асыл аман турганда,
Бастырбаймын бир иши,
Ойлонуп айтат Орунбай:
- Ойуман кетпейт Асылбай,
Бир барып көрүп келбесем,
Болбойт менин көөнүм жай,
Уу кылалы миң адам,
Алыстан кабар алалы,
Караанын көрүп жаналы.
Көкүм деген бар эле,
Кирип келе калганы,
Каадасы менен баатырга,
Көкүм кылды саламды:
- Көк жал баатыр Кененим,
Көрүп келдим балаңды,
Алып келдим кабарды.
Он беш ашуун күн болду,
Мен ал жерге баргалы,
Асыл эрдин көзүнө,
Көрсөтпөдүм карамды,
Күндө тыным алдырбай
Түндө чырым алдырбай,
Же чөпкө атын чалдырбай,
Жаман экен Көкбөрү,
Айлакер экен Каракөз,
Жаңылап киши чыгарып,
Кыйнады Асыл баланы.
Элинен тандап эр ылгап,
Чыгып жатат найза ыргап,
Карчап жатат келгенин,
Баатыр Асыл күч чыңдап.
Келген элдин кандарын,
Баарын билдим аларын,
Каңгайдан келген Саранжа,
Жедигердин Каракөз,
Коросондун Тетеси,
Испандан Салаа дегени,
Тажиктердин Көкбөрү,
Өзү чыгып Асылга,
Айанбастан көшөрдү.
Алы келбей акыры,
Жооп алып Асылдан,
Тамактанып келем, деп,
Көп кошуунга жөнөдү.
Из кубалай мен бардым,
Атым Көкүм калмакча,
Бир калмак болуп алганмын,
Кирип-чыгып чатырга,
Кеңеш-кепке канганым.
Саламаттын хан Калдык,
Бүгүн келип калар, дейт,
Келбей калса хан Калдык,
Олжосун толук алар, дейт.
Аскерди бөлдү үч бөлөк,
Тажик менен жедигер,
Сен коргонго бар, деди,
Коросон менен испанды,
Коргон менен күмбөзгө,
Бирине-бирин каттатпай,
Жолун тосуп кал, деди.
Саранжаны сен барып,
(Таш топурак оозуна!)
Айкөл шердин күмбөзүн,
Айоосуз бузуп сал, деди,
Ала тоодой өзүңдү,
Айабаган чал, деди,
Али канча ал, деди,
Тунжур төрө Бекбача,
Түк оозуна кирбеди,
Ак калпак кыргыз көп элди,
Катарга деги илбеди,
Беш бөлүнүп аскерди,
Талашты тепсеп кир, деди,
Саранжаны кошумча,
Асылды элге жеткизбей,
Аласкытып тур, деди,
Менин көргөн-билгеним,
Уксаң, баатыр, бул – деди,
Карбаластап Көкүмдүн,
Келиш жайым ал, - деди,
Угуп туруп Орунбай,
Ачынып жүрөк желдеди.
Кабагын ачып күлбөгөн,
Күлгөнүн киши көрбөгөн,
Карамүртөз Кененим,
Мыйыгында күлгөнү.
Аңгычакты болбоду,
Алар антип жатканда
Жалгызектин Бактыбай,
Айнектей көзү жаркылдап,
Салам айтып киргени.
Саламга алик алгынча,
Аман-соосун билгинче,
Акылы жаштын тунугу,
Алматынын улугу,
Ал казактын уругу,
Музбурчактын тукуму,
Ителгидей баркылдап,
Майлашып бети жылтылдап,
Аккубак кирип келгени,
Бактыбай менен Аккубак,
Жарыша сүйлөп эки жак,
Тура калып Кененим,
Амандашты кучактап,
Ордонун ханы Орунбай,
Конок келип калганда,
Тура алабы кам кылбай,
Ал Көкүмгө Кененим,
Кебин айтат мамындай:
- Жайбаракат жаткыла,
Эчтемеден кам кылбай,
Бузулуп кыргыз кетпесин,
Айтып койгун сен барып,
Угуп калсын Орунбай.
Көкүм барып айтыптыр,
Солк этпей кыргыз жатыптыр,
Кысыр эмди тай сойуп,
Кымызга чайкап бал куйуп,
Дасторкондун бетине,
Канча түрдүү даам койуп,
Конокторго тартыптыр,
Бирге олтуруп Кененим,
Таамды бирге татыптыр.
Бата-дуба кылганда,
Дасторконун жыйганда,
Бактыбай кебин салыптыр:
- Музбурчактын Аккубак,
Жолдо калдык учурап.
Аңгеме-дүкөн кураштык,
Жүргөн жөндү сураштык,
Атбашыдан беш киши,
Келаткамын сизди деп,
Алтымыш нарга дөдөлөп,
Актап күрүч арттырып,
Келайтканмын жесин деп,
Таласка жакын калганда,
Учурады Аккубак,
Келайтыптыр сизди издеп.
Жай келген кишиң мен элем,
Арыз айтып келе жатыптыр,
Жанымдакы Аккубак.
Бактыбай айтты өз кебин,
Эми Аккубак келгенин:
- Алдыңа келдим Аккубак,
башымда мүшкүл иш турат,
Беш айга толуп баратат,
Тура албадым мен чыдап.
Саламаттын хан Калдык,
Айга бүлөп азуусун,
Келип жатты эл камап.
Беттешип көрдүм эки жол,
Алым келбей болдум кор,
Каркыра, Иле казагы,
Чакырсам да барбады,
Сибир жаккы казактан,
Кан ичме Калдык каапырдан,
Атка токтоор калбады,
Беттешип чыккан бендени,
Бирин койбой жалмады,
өтүп кетти казакка,
Маңгыттын салган зардабы,
Алдыңа келдим маана издеп,
Сенден жооп алгалы.
Кайратың артык эр элең,
Алтымыш уруу алашка,
Арка болгон бел элең.
Акылымдан айныдым,
Сексен ашып карыдым,
Баштакыдай азыр жок,
Жаш кездеги калыбым,
Бирге жүрүп алгамын,
Эр Семетей, Күлүстөн, –
Ал экөөнүн таалимин.
Алтайлык казак бузулуп,
Жапандакы Кызылдөө,
Жалгыз көздөө жалаңгыч,
Көкбукачан Мадыкан,
Нескаранын Жубатай,
Ушаңдын уулу Усанген,
Мурадилдин Карагул,Баарын казак кычырып,
Күрпүлдөктүн бойунда,
Кан кечишкен ойунда,
Ошондо элге таанылдым.
Манас менен бир барып,
Бээжинден өлдү Музбурчак,
Атанын жолун кубалап,
Жакшы –жаман ар иште,
Семетейдин жанында,
Бирге болдум Аккубак.
Айлам кетип карганда,
Алдыңа келдим арыз айтып,
Мейлиңди салып угуп бак.
Жүз отуз миң үй саны,
Дүңгүгөн казак элим бар,
Мал-пул сурап жүрбөймүн,
Эминеден кебим бар?
Сексен ашып жаш кетип,
Жабыркатып кылды кар,
Кайратымды качырып,
Кененим, сага болдум зар.
Жообуңду бергин, Кененим,
Барсаң дагы, барбасаң,
Калың казак журтума,
Болжоп келген күнүм бар,
Айтып келген айым бар,
Алдыңа келген Аккубак,
Мына мындай жайым бар.
Кененим, сага туйдурбай,
Алдыртан киши жиберсем,
Алтайдакы казакка,
Келбей койду Медетбек:
“Маңгыт, муңгул бир тууган,
Капшытта турат муңгулдар,
Элимди талап кетет”, деп.
Айтаар арзым түгөндү,
Менден уксаң ушул кеп.
Тарашага барам, деп,
Дайарланган күтүнүп,
Кененим кепке түшүнүп:
- Карыйабыз Аккубак,
Сакал-чачың баары аппак,
Болуп жаткан иштерди,
Жашырып-жаппай биз айтсак,
Тажиктердин Көкбөрү,
Ары баатыр, ары хан,
Өзү куйбу жылкыдай,
Чубут туулган адамдан.
Кангай, испан, коросон,
Жедигер, маңгыт элине,
Мындан бузук тараган,
Маңгыт сага барыптыр,
Калмак, тажик, коросон,
Испан менен жедигер,
Таластын келип сыртына,
Кошууун түшүп алыптыр,
Талдынын бойу кырчынга.
Караанын көрүп камынсам,
Уулдун-уулу чунагым,
Секирген ташка улагым,
Деңизге суусу кошулган,
Аскадан аккан булагым,
Асылбача кулунум,
(Урматын көрдүм уулумдун)
Жалгыз кеткен болбостон.
Ошондон бери карата,
Чыйралсын деп катыгып,
Унчукпастан мен койсом,
Ордонун ханы кол жыйнап,
Барамын деп келиптир.
Барбагын деп жатканда,
Изчиден келди бир бала,
Эл аралап, келдим, дейт,
Элдин сырын билдим, дейт,
Беш бөлүнүп аскери,
Бүгүн түнү болжолу,
Кирмек экен Таласка,
Бир бөлүгү катылмак,
Арбагы бийик Манаска.
Бир бөлүгү Асылды,
Келтирбей туруш урушуп,
Бастыргалы турганын,
Ошол кепти мен угуп,
Бактыбай менен Аккубак,
Келип калдык жолугуп.
Кененим кебин укканда,
Кептин кени чыкканда,
Бактыбай турбай жулунуп,
Аккубак кетти оолугуп,
- Он беш жашта баланы
Жалгыз аны жиберип,
Кантип жаттың тынч алып?
Кыргыз, казак, өзүбек,
Каракалпак, түркмөндү,
Келген экен курчашып,
Эки жааттап кириптир,
Андан бетер уу чачып,
Таластакы коргонду,
Келмек экен кур чачып,
Ааламга анык күмбөздү,
Чакмак экен кол салып.
Күмбөздү элге чактырып,
Таластын бетин бастырып,
Бизди кудай урбайбы,
Карап турсак далдайып!
Бүгүн келсе беш урук,
Башын кесип байланып,
Ат-тонун олжо алып,
Алматыга баралы,
Топтуу караан калдайып,
Көргөн күнү курусун,
Баш калкалап жан багып!
Бактыбай минди атына,
Бастырчудай камданып,
Бактыбай айтат ошондо,
Аркасын карап кылчайып:
- Карыйабыз Аккубак,
Жатып тургун коргондо,
Жайбаракат көөн куунак,
Ак калпак кыргыз аркасы,
Алаштын болгон калкасы,
Кененим, көкжал, өзүң тур,
Айткан кепке көңүл бур,
Ордонун ханы Орунбай,
Токсон балбан ээрчитип,
Сен коргонду карап тур.
Тарашага барамын,
Асылды таап аламын.
Арбагы Кошой колдосун,
Арстан Манас жар болсун,
Утур келген душманды,
Тик боорунан жарамын,
Ээрчитип Асылбачаны,
Мен күмбөзгө барамын!
Бактыбайдын кеби, деп,
Баарыга келет эби, деп,
Айтканындай кылышты,
Жолду акмалап турушту,
Кудай бетин нары кыл,
Бул сапаркы урушту!
Бэйжиндеги бектерде,
Белдүү Коңур дегенде,
Падыша Манас барганда,
Макыл дөөсүн баш кылып,
Бозкертикти жаш кылып,
Беш жүз алпты алганда,
Болсо анда болгондур,
Андан кийин болбогон.
Көз байланган бүүрүлдө,
Таанылбас кара күүгүмдө,
Бактыбай кетти аттанып,
Топчу кулак кер аттын,
Басканы сонун шаңданып.
Шайбырлап басып бергенде,
Караса көзгө илинбей,
Аркасында чаң калып,
Көкүмдөн угуп кабарды,
Кыргыз эли камданып,
Орунбайдын миң балбан,
Кайтарып Манас ордосун,
Карап турат каарданып,
Касаба тоодой жарданып,
Карапайым букура,
Алда эмне шумдук, деп,
Карап калат таңданып.
Күүгүм кирип күн бата,
Элдин алды жөп жата,
Көкбөрүнүн көп кошуун,
Кылган кеңеш кеп менен,
Бүтүшүп койгон иш менен,
Селдей толкуп түрүлүп,
Каракурттай кыжырап,
Кумурскадай быжырап,
Сепсергелеп асмандан,
Жааган күндөй жыбырап,
Таласты кайда дегенсип,
Эми эле барып Таласты,
Талап алыш дем менен,
Үйөр аккан сел менен,
Үй токтоткус жел менен,
Үркөрдөй жылып жөнөдү.
Тарашанын таш мойнок,
Майторуну кындыйтып,
Сырнайзаны зыңкыйтып,
Асыл турат күркүрөп,
Анча-мынча кишинин,
Сийдиги агып бүркүрөп.
Каңгайлардын Саранжа,
Кажылдаган калмактар,
Чыгып келди дүркүрөп,
Шириден кылган доолбас,
Үн алышып дүңкүлдөп.
Караңгыда Асыл шер,
Машыгып бышкан кеменгер,
Тукумуна Манастын,
Кандай айтсаң эп келер,
“Караңгыда калдырап,
Келди калмак бул жерге,
Беш бөлүнүп душмандар,
Жөнөгөн белем уурданып,
Таласка барып чабуулга,
Эркин элге тийерге?
Учурган немесин,
Арбагы Манас жар болсо,
Уйпалап көргө тыгайын,
Коргондо атам Саламат,
Карабуура, Чаткалдан,
Күмбөзгө карай басканын,
Алдынан тосо чыгайын”,
Деп ойуна алганы,
Найзаны ыргап кармады.
Манастап ураан чакырып,
Аралап кирди жапырып,
Утур келген неменин,
Ушинтип шорун катырып.
Каскактын учун кан кылып,
Калмактын башын маң кылып,
Чамбыл ала чаң кылып,
Заманасын тар кылып,
Кырып кетип баратат,
Кыйырын бузбай кыйратып,
Кабыргасын каркайтып,
Тоногон төөдөй тартайтып,
Талаага чыгып топ кылып,
Кыйан жыйган чабардай,
Кемерге жыйып тоо кылып,
Арасын ачып коо кылып,
Аңырайган жол кылып,
Саранжанын кошууну,
Тең жарымы кырылып,
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда,
Калмактын калкы башталды,
Туш-тарапка качканга,
Асылбача ошондо,
Дүрбү салып караса,
Төрткөлдүн төмөн жагында
Калдайган кара кошуун бар,
“Эмне шумдук, капырай,
Уктап жаткан элдерди,
Уйалбай барып чапканбы?
Кызыл ээк чалдары,
Кызыл муштум балдары,
Кызыл канга батканбы?
Кысыр эмди тай жешип,
Кымыз ичип, жай жаткан,
Кыйноону бүгүн тартканбы?
Ааламга аты таанылган,
Айдыңын уккан наалган,
Атам аман бар бекен?
Көтөрүп жүрүп жонуна,
Уйуп бели ооруган,
Кызарып ийни жооруган,
Өргө басса өңшөйгөн,
Эңишке басса бөкчөйгөн,
Энем аман бар бекен?
Кыргызга болгон мурабы,
Атадан калган мурасы,
Айкөл атам арстандын,
Күмбөзү аман бар бекен?
Таң атканча мен менен,
Таталашып урушкан,
Бул калмактын эли экен,
Тиги калдайып кара көрүнгөн
Кайсы хандын эли экен?
Калганы кайда барды экен?
Алла-таалам колдосо,
Арбагы Манас жар болсо,
Баралы деп коргонго,
Жыйылышып баргандыр,
Элибиз аман калгандыр,
Аралап кирсе жай элди,
Селдей канын агызып,
Кырып элди салгандыр?
Калмактын эли сандалып,
Сан кара болуп жыйналып,
Чогулушуп болгунча,
Бир аралап барайын”
Дегенди алып ойуна,
Карарып жаткан кошуунга,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 05
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.