Latin

Асылбача - Бекбача - 06

Total number of words is 4145
Total number of unique words is 2368
27.9 of words are in the 2000 most common words
41.3 of words are in the 5000 most common words
48.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Коросон, испан элиңди,
Мен билемин жериңди,
Тете, Салаа ачып айт,
Ичиңдеги кебиңди.
Жедигер, муңгул, чыныңды айт,
Жашырбастан сырыңды айт.
Тажиктердин Көкбөрү,
Амалың элден көп бөрү,
Кабар бердиң көп элге,
Баштап келдиң бул жерге,
Башыңды салып унчукпай,
Олтурасың жөн эле.
Карылар нуска кеп айтат,
“Ичте бала болгунча,
Тышта талаа” деп айткан,
Күмөнү жок көрүнөө,
Өтө таамай төп айткан.
Нускасын эстеп карынын,
Силерге муну мен айтам,
Аста айтпай бек айтам.
Хан Калдык кебин укканда,
Кеп кумардан чыкканда,
Жедигердин Каракөз
(Андан чыгат көп кеңеш):
- Айт дедиңер, айтайын,
Кыргыздан көргөн дартыма,
Толтойдон бери карата.
Жедигерди кор кылды,
Жеринен киши табылбай,
Таластан бирди чоң кылды,
Тажиктердин Көкбөрү,
Көңүлдөкү иш кылды,
Беш урук келдик бул жерге,
Алаштын кыргыз элине,
Келген жерде бет келдик,
Баатыр Асыл эрине,
Кездешпедик эмгиче,
Эр Кененим дегенге.
Кененим деп келгенбиз,
Асыл ойдо жок эле,
Эр чыкты деп Асылды,
Угулбаган кеп эле.
Далай акыл курадык,
Эч бирин кыла албадык.
Күндү катка салалык,
Күн болжошуп алалык,
Айда катка салалык,
Айды аркандап алалык,
Пулду айап калбайлык,
Өмүржандын Кызылкыз,
Мыкты сыйкыр ушул кыз,
Аны колго алалык,
Анан келе калалык,
Алакандай кыргызга,
Акыр заман салалык.
Кылымдан ашкан сыйкыр кыз,
Кененим менен Асылды,
Кармап берет ушул кыз,
Мындан башка амал жок,
Менден кеңеш уксаңыз,
Ошол ойго жеткизбей,
Кененим, Асыл кекенип,
Кездешип туруп албаса,
Кызылкыз бара албаса,
Болбосо бизге каргаша.
Ушуну айтып токтолду,
Каракөздөн башкасы,
Унчукканы жок болду,
Чай кайнамча дымбыр-дым,
Зобон чыкпай токтолду.
Саламаттын хан Калдык:
- Каракөздөн башкаңда,
Кыргызда кегиң жок беле?!
Же алы канча дегенсип,
Көңүлүңөр ток беле?!
Жерди тиктеп ындыйып,
Унчукпайсың тим эле,
Хан Калдыктан кеп угуп,
Каары катуу жеме угуп,
Тажиктердин Көкбөрү,
- Келе албай жатып биздерге,
Кеп айтасың хан Калдык,
Баш-айагын билбестен,
Жеме айтасың, хан Калдык!
Карабуура, Чаткалда,
Асыл менен арбашып,
Калдың эле кармашып.
Сен кармашка түшкөндө,
Асылды алып келет, деп,
Азабын колго берет, деп,
Колго алып коргонду,
Курайын деп белендеп,
Биз беш киши болгон соң,
Бактыбай жалгыз эмеспи,
Алы кимге келет деп,
Желденип келдим кошуунга,
Жерге батпай дердеңдеп.
Эр урушу бир экен,
Эл урушу миң экен,
Ата-баба мурасы,
Айтышып көнгөн эл экен,
Киргизмек тургай коргонго,
Беттетпеди биздерди,
Амал кетип, айла жок,
Кара жанга күч келди.
Пайда таппай кыргыздан,
Баш калкалап уруштан,
Баатырлык кийим, хан таажы,
Бар кийимди бөктөрдүк,
Кайда калды хандыгың,
Кара аскер санга өткөнбүз.
Айла кетип келатып,
Өзүңүздү көргөнбүз.
Алып келсең Асылды,
Күркүрөйт элең күүлөнүп,
Качып келген белемсиң,
Кадамың катып сүйрөлүп,
Качып келсең чыныңды айт,
Асыл келет эми эле,
Ажыдаар сүрдөнүп,
Менче болсом ойумда,
Ар кайда кетсек самсаалап,
Асыл менен Кененим –
Ата-бала аттанат,
Барган жерге чуу салып,
Башка мүшкүл иш салат.
Арага киши салалы,
Жооптошуп жаналы,
Азуусун айга бүлөгөн,
Эр болсо издеп табалы,
Хан Каракөз айткандай,
Амалкөйдөн таап алып,
Анан келе калалы.
Тете, Салаа, Саранжа:
- Каракөз берген кеңеш кеп,
Кулакка турат жагымдуу,
Көкбөрү айткан ушул кеп,
Баарысы кабыл алыптыр,
Хан Кененим баатыры,
Жибермек болуп элчисин,
Камдап жолго салыптыр.
Жиберген киши алты экен,
Алты хандын атынан,
Атайлап жазган кат экен,
Узартып айткан кеби жок,
Сөзү кыска аз экен:
“Урушпай жатып албайбыз,
Беш жылдык мүдөт сурайбыз,
Аңгычакты камынып,
Айабай кошуун жыйнайбыз,
Уруша турган жериңди,
Мүдөт күн канча, Кененим,
Ачык жооп сурайбыз”
Берген катты көтөрүп,
Алты элчи жөнөп калганы,
Кененим менен Асылдын,
Кебин эми угалы.
Карабуура, Чаткалдан,
Жүрү, балам, жүрү, деп,
Жүрүп кетти Кененим,
Баатырдан калган коргонго,
Хан такталуу борборго,
Барып түштү Кененим.
Кененимди көрүшүп,
Калбай кыргыз келишип,
Асылбача арстанды,
Алпештеп эли сүйүшүп,
Кубанычка кунан чаап,
Көкүлүн көккө шүйүшүп,
Куйругун ача түйүшүп,
Көкбөрү тартып солушту,
Эркин өскөн кайран эл,
Унутуп калды согушту.
Өз эркинче болушуп,
Чатыраш ойун салышып,
Кечте ойноочу кыйындар,
Бөлүнүшө калышып,
Кандай акыл берет деп,
Кененимден алышып,
Аксакалдуу карылар,
Эл башкарган жакшылар,
Кенениме барышып,
Кеңеш кебин салышып,
Эр Кененим төрөнүн,
Үстүнө кирди кыргыздар,
Кеңеш сурап Кененден,
Кебин салды жакшылар,
Оңдоп ордун олтуруп,
Кеп баштады Бактыбай:
- Каары катуу төрөбүз,
Кабагыңды бүркөсөң,
Кар жаагандай көрөбүз,
Жүр десеңиз бир жакка,
Баш тартпастан жөнөйбүз.
Башка келген жумуштун,
Баарысын актан көрөбүз.
Камаган хан деш эле,
Маңгыт келип кошулуп,
Атагы алты хан болду,
Үч-төрт күндүн алдында,
Бизге кыйын күн болду.
Тоодой болгон өзүмдү,
Токтотуп душман октоду,
Оолугуп кирип кетчү,
Арка-бутун ок кечип,
Кеңкулаң майып болгону.
Кеңкула буту сак болду,
Качып душман шарт койду,
Коргонду тартып алсак, деп,
Ойлогону ал болду.
Калк урушун салышып,
Карсылдашып чабышып,
Коргонду бербей койгону,
Оо дүйнө кеткен Манастын,
Арбагы бизди колдоду.
“Өзөктөн күйгөн өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман”,
Жээни эле кыргыздын,
Хан Калдык душман болгону.
Бир күн душман, бир күн дос,
Жедигер андай эл эле,
Кара калмак, каңгайлык,
Алты ата кубарсан,
Айтышып келген эл эле,
Испан менен коросон,
Дабытай менен Ачакан,
Калмактарга алданып,
Мал менен пулга жалданып,
Душман болгон кеп эле.
“Качкан жоону калдайып,
Катын алат”, дечү эле,
Жатып алыш кандайдыр,
Кеңеш сизде,- деди эле .
Кененим кеңеш бергенче,
Эшиктен бирөө кирди эле:
- Элчи келди хандардан,
Эшикке келди алты адам,
Киреби үйгө, кирбейби,
Элчиге жообун мен айтам.
Ал алтоону ханбы деп,
Элебеди Кененим,
Бучкагына алты итти,
Теңебеди Кененим:
- Каты болсо алардын,
Алып келгин каттарын,
Хан экен деп алты итти,
Катарыма албаймын.
Кененимден кеп угуп,
Келген киши кетиптир,
Элчилерге жетиптир:
- Катың барбы, бергин, - деп,
Катарга албайт ханыңды,
Силерди элчи экен деп.
Желдеттер турат маңдайда,
Кылычтарын жалаңдап,
Эси чыгып элчилер,
Көздөрү турат алаңдап.
Капчыкка колун салышты,
Каттарын сууруп алышты,
Ханга сунган немедей,
Карпаңдашып байкуштар,
Катты сунуп калышты.
Жесекчи катты алганы,
Үйдөгү элге алып барды,
Ордонун беги Орунбай,
Көрүнөө окуй салганы,
Ушул болду уксаңар,
Кененимдин айтканы:
- Элчилерди кайткын, де,
Ханыңарга айткын де,
Иттердин уктум каттарын,
Эси чыгып жалтанып,
Жаза албаптыр аттарын.
Болжогон беш жыл болгондо,
Тынч элди козгоп чуу салган,
Тажиктердин Балыкка,
Ошол жерге барамын,
Ээсин капкан алты иттин,
Эсебин анан табамын.
Өмүржандын Кызылкыз,
Сыйкырлап алып берет, деп,
Анык билем барарын,
Беш жылгача жыйнасын,
Колунан келчү тарабын,
Тажик менен маңгыттын,
Кетирет булар амалын,
Ойуна Калдык албайбы,
Оодарылып көр дүйнө,
Бир айланып келгинче,
Маңгыт деген уруунун,
Ооздон түшүп каларын.
Ошону менен жедигер,
Айтылып элге ат калат,
Ханы тургай кара жок,
Көз көрөөрү жок калат.
Жедигер, маңгыт элиңер,
Айабай алжып келдиңер,
Беш жылы жакшы камынсын,
Укпасаңар мейлиңер.
Коросон, испан эки урук,
Абалтан бери карата,
Козголбогон ушул журт,
Тете, Салаа өлгөндө,
Коросон, испан элдери,
Болуп өткөн иштерди,
Көзү менен көргөндө,
Андан кийин алашка,
Катылышпайт дегеле,
Өмүржандын Кызылкыз,
Кимдер душман, кимдер дос,
Биле албай мурун кошулат,
Бузук-түзүк бөлүнсө,
Андан кызык иш кылат,
Чакырып келип өздөрү,
Кантип качып кутулат?
Жедигер менен маңгытты,
Жер тайантып жок кылат,
Жедигердин элдери,
Ошол бойдон жоголот,
Тууганы көп, урук көп,
Маңгыт бир күн оңолот,
Маңгыттын көп жөлөрү,
Муңгул, таңгут жөлөгү,
Аркасында маңгыттын,
Тыргооту бар бөбөгү.
Атадан бөлүп энчисин,
Атасына таштабай,
Энесин ала кеткенде,
Баласын ээрчип кеткени.
Беш кандын бир эле,
Эри калды Женсейде.
Үч уулу турду Каңгайда,
Анда туулган үч уулга,
Таңгут, маңгыт, тыргоот деп,
Мындай аттар койду эле.
Таңгут алыс ыраакта,
Ат бастырбай бийакта,
Маңгыт жүргөн арада,
Ээ болуп чандан шаарга.
Тыргоот жүргөн дайынсыз,
Кыдырып-көчүп мал багып,
Тийишпей жүрүп эч кимге,
Келе жатат баш арбып.
Кийинче түптүү эл болот,
Далай жерге ээ болот,
Маңгыт менен жедигер,
Ар кайда азып жоголот.
Ушуну айтып Кененим,
Болжоп берип беш жылды,
Элчилерин кетирди.
Элчилер кайта кеткенде,
Асылбача, Бактыбай,
Ордонун ханы Орунбай,
Ошолорго жекиди:
- Айтканымды алыңар,
Асылбача, Бактыбай,
Түз күмбөзгө барыңар.
Бул бойдон кетпейт келгендер,
Ат изин кайра бир салбай.
Ордодоку Орунбай,
Жаныңда бар миң балбан,
Эл аралап барыңар,
Эси жоктой иш кылып,
Элге бүлүк салбаңар,
Коргонго келсе коржоңдоп,
Жооп айтуучу өзүм бар.
Катышып калса кол салып,
Түп көтөрө чабам деп,
Түгөнгүс олжо алам деп,
Аркасынан барбаңар,
Баатырсынып дердеңдеп,
Деп тапшырып Кененим,
Элдин баарын кетирди,
Четке чыккан эрлерге,
Душманды кууп кетпеске,
Улам-улам жекиди.
Муну мындай таштайлы,
Асылбача баатырдын,
Эл бийлеген колуна,
Алганынан баштайлы.
АСЫЛБАЧАНЫН ТИЗГИН АЛЫШЫ, КЫРГЫЗДАРДЫН ЖЫРГАЛЫ
Элчилер кайтып келиптир,
Оозчо айткан кептерин,
Бир-бирден айтып бериптир.
Алты хан абдан кеп угуп,
- Кененимдин чоңдугу,
Баш жутуучу зордугу,
Хан катары көрбөгөн,
Бул эмине кордугу!
Деп Калдык катуу күүлөндү,
Коргондо жаткан баатырга,
Каймана сырттан сүйлөндү,
Жамгырда аккан кыйандай,
Бузулуп өңү түрдөндү:
- Мен хан Калдык айтамын,
Кулак салып угуңар,
Айтканды кабыл кылыңар,
Карап минтип турбаңар,
Аттангыла баарыңар,
Беш жылды болжоп кетти, деп,
Эндекей калды кыргыздар.
Мен барайын коргонго,
Көкбөрү бар күмбөзгө,
Тете, Салаа, Каракөз,
Аралап баргын элдерге.
Кабарлашып туралы,
Киши койуп ар жерге,
Жөнөп кете берели,
Кара жанга күч келсе.
Качып жолго салалы,
Өзүбүз айткан беш жылды,
Болжол кылып алалы,
Бадакшан менен балыктын,
Арасында Куукумга,
Биз чогулуп баралы.
Хан Калдыктын кеби, деп,
Абыдан келип эби, деп,
Коросон, испан, жедигер,
Күмбөздү көздөй жөнөдү.
Тажиктердин Көкбөрү,
Эл аралап жөнөдү,
Элдин ичин көргөлү,
Колунан келсе кыргызды,
Тирүүлөй жерге көмгөлү,
Маңгыттардын хан Калдык,
Кырк миң аскер кол менен,
Коргонго барды калдайып.
Мындан мурун сүмбөлөп,
Сандолунду аткалы,
Сайып койгон коргондо,
Дарбазанын оозунда,
Алтымыш катар терекке
Алып келип таңдырды.
Кунан уйдай огу бар,
Тышын темир каптаган,
Жигин киши таппаган.
Копурук менен кулатып,
Сандолунга салдырды,
Куржун башы дарыны,
Кулагына куйдурду,
Колодон кылган сүмбөнү,
Кулдуратып аркадан,
Окту чындап урдурду.
Нуршабдар менен от берди,
Атканда дүйнө солк деди,
Каптаган темир жарылып,
Жайнаган сансыз ок кетти.
Чайпалып көлдүн деңизи,
Чайкалып тоонун эгизи,
Кырк миң аскер маңгыттан,
Хан Калдык баштап жүз киши,
Бир четинде калыптыр,
Калган кырк миң аскерди,
Сандолун огу алыптыр,
Кылчайып артын карабай,
Караганга жарабай,
Хан Калдык качып кетиптир,
Тете, Салаа, Каракөз,
Саранжа, төртөө биригип,
Күмбөзгө булар жетиптир.
Сандолун үнү угулду,
Бизди атып жатат деп,
Саргарып өңү кубулду.
Алды–аркасын карабай,
Кайра тартып чу койду.
Артынан түштү Бактыбай,
Алдынан Асыл шер чыкты,
Хандары колго кирбеди,
Асыл менен Бактыбай,
Карапайым аскерге
Калганына тийбеди.
Кабар угуп ал элден,
Тажиктердин Көкбөрү,
Эл аралап кетти деп,
“Элге бүлүк салбасын,
Элден олжо албасын,
Белдүү тажик Көкбөрү,
Кыргызга кыргын салбасын,
Кырылып кыргыз калбасын”,
Дегенди ойго алышып,
Асыл менен Бактыбай,
Ат күлүгүн айабай,
Айап жанын калалбай,
Бирине-бири карабай,
Кеңкол өрдөп жөнөдү,
Ашмурабаш жети түр,
Ишенбесең барып көр,
Майбулак менен жаакташ,
Арасында талаада,
Орунбайдын миң балбан,
Аралашып аларга,
Тажиктердин Көкбөрү,
Калбалашып жатыптыр,
Бирден чыгып жекеге,
Бөлүнгөндөн чекеге,
Кыргыздардын кырк балбан,
Кызыл канга батыптыр,
Кыйрап өлүп жатыптыр.
Орунбай баштап миң балбан,
Чын шаштысы кетиптир,
Кысталаңда кыргызга,
Бактыбай андан жетиптир.
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Айкырыгын ашырып,
Алманын башын жапырып,
Манастап ураан чакырып,
Манастын аты чыкканда,
Бактыбай үнүн укканда,
Тажиктердин Көкбөрү,
Алып учуп жүрөгү,
Ал Бактыбай баатырдын,
Алдына утур келгени,
Колундагы найзаны,
Оңдоп кармап сермеди.
Күүлөп найза сундурду,
Күүсү кулак тундурду,
Бар кайратын чогултуп,
Бактыбайга бет бурду.
Темирбек деп бакырып,
Катуу найза сундурду.
Бактыбай карап турабы,
Балакет найза колго алды,
Машыгып кеткен эрендер,
Башын тартпас өлүмдөн,
Баш жутуучу берендер,
Найзаларын кагышып,
Кайта-кайта сайышып,
Найзаны таштап салышып,
Чокморлорун алышып,
Колтуктарын чойушуп,
Чокудан нары койушуп,
Акакташып турушту,
Тилдерин салып солушуп.
Айбалтасын алышып,
Айанбастан чабышып,
Найзанын учу такылдап,
Чокмор тийип шакылдап,
Айбалтанын уңгусу,
Туулгага чакылдап,
Бактыбайдан Көкбөрү,
Өөдөлүк кылат кысталак,
Көрүп туруп бул ишти,
Кыргыздын эли кысталат.
Ачып көзүн бардашып,
Ажыдаардай арбашып,
Алар антип жатканда,
Аскердин баары кырылып,
Жүз кишисин ээрчитип,
Хан Калдык кайра качканда,
Кайраттуу канкор Кененим,
“Бактыбай, Асыл нетти экен,
Күмбөзгө барып келемин,
Кай тарапка кетти экен?”
Деп күмбөздөн из чалып,
Күмбөздөн көөнү тынч алып,
Бактыбай менен Асылдын,
Атынын изин чалыптыр,
Ашмурага барыптыр,
Келе жаткан ат изи,
Эки айрылып калыптыр.
Топчу кулак кер аттын,
Изи ушул экен, деп
Кененим жөнөп калыптыр.
Келе берсин Кененим,
Берен бала Асылдын,
Кебинен айтып берейин.
Майбулак өрдөп басыптыр,
Бурана менен Төө жайлоо,
Суусамыр менен Тараша,
Такыр элге барыптыр,
Элден кабар алыптыр.
Калтырбай бара кетем, деп,
Бөкөнүн бөксө жол менен,
Үч Кошой, Сарыкоо менен,
Капка менен Эчкилик,
Калдырак Кара тоо менен,
Маңдай жагы кең тескей,
Жергенин сары талаасы,
Жерин чардап эл көрүп,
Кыргыздын кыраан баласы,
Жаакташка барыптыр,
Майбулак менен Жаакташ,
Кошулушкан тумшуктан,
Чыга калса кокустан,
Бактыбайды дардайтып,
Көкбөрү сайып салыптыр,
Кылычын тартып кынынан,
Баш кескели калыптыр!
Кайран Асыл ошондо:
“Кара кыргыз калкына,
Кадыры өткөн жан эле,
Канча атасы хан эле,
Сайдырыптыр тажикке,
Жер тайанбас жан эле!”
Дегенди ойлоп Манастап,
Бакырып баатыр сүрдөнүп,
Көкбөрүгө чаптырбай,
Ажыратып кеткени,
Айтылып калды ыр болуп,
Аңгемелүү кептери.
Топчу кулак кер атка,
Бактыбайды мингизип,
Баатырлыгын билгизип,
Бала баатыр барбаңдап,
Пайдасын элге тийгизип.
Бактыбайдын карчытка,
Найзанын учу тийиптир,
Кере карыш төрт эли,
Ичкерилеп кириптир.
Бактыбайды эр Асыл,
Орунбайга тапшырып,
Коргонго алып баргын, деп,
Жүрүп кетти жаш арстан,
Бачымдата бастырып,
Аңгычакты Көкбөрү,
Оозунан ашын алдырып,
Эси оогандай далайга,
Карап калып далыйып,
Кылычы жалаң колунда,
Кыйкырыгы таш жарып,
Асылга тийди качырып,
Кыргыздын кыраан Асылы,
Камаарап койбойт шашылып,
Келе жатат Кененим,
Учурап калды Орунбай,
Опсуз жаман шашылыш,
Кененимди көргөндө,
Аттан түштү ашыгыш.
Көзүнөн жашын имерди:
- Жарадар болду Бактыбай,
Алып келе жатам, - деп,
Болгон жумуш баарысын,
Баарын айтып жиберди, Атама алып бар дедим,
Кара кыргыз калкына,
Кадыры өткөн жан дедим.
Көргөн жерде Кененим,
Карап көрүп жарасын,
Мен табам деп, чарасын,
Эбеп менен себептен,
Эзип туруп чапканы,
Кабыгы менен кайыңды,
Тышынан аны чаптады.
Медет менен кубаттан,
Эзип туруп ичирди.
Дары куйуп жарага,
Агызбай канын катырды.
Атка минсе, болбойт, деп,
Анда иши оңбойт, деп,
Зембилге салып, көтөртүп,
Коргонго алып жөнөттү.
Алып барып жаткызып,
Кашкулак менен кажырдын,
Өтүн сурап таптырып,
Түлкүнүн өтүн коштуруп,
Бириктирип ийлетип,
Ууга сугарткан найза экен,
Мөшкөй уйду салдырып,
Күнүгө үч маал ичирип,
Бээнин сүтүн алдырып,
Чоң чарага куйдуруп,
Бактыбайды салдырып:
- Буткул сууну жердеген,
Кургак жерге келбеген,
Сырты кара, боору ак,
Суучулдук деген чымчык бар,
Андан кармап келиңер,
Жүнүн жулуп алгыла,
Күнгө жайа салгыла,
Чай кайнамда какжырайт,
Талкан кылып тарткыла,
Жараатына чапкыла,
Сүт тикенден тергиле,
Кайнатып туруп бергиле.
Тапшырып Кенен баарыны,
Кырма кызыл дарыны,
Кайнатма кара дарыны,
Катырып койгон сарыны,
Адырашман, эрменден,
Жашыл мийа дегенди,
Кылтырык арпа, медийан,
Ошолордун баарынан,
Даны бар чөптөн чогултуп,
Жетимиш эки уруудан,
Чогулутуп туруп катырды,
Күндө берип үч талдан,
Бактыбайды бактырып.
Үнү ичке таратпай,
Берген сүт тышка кеткени.
Таратып этин карартпай,
Саалган сүт тартып кеткени,
Айтса жомок ыр экен,
Байыркынын кептери.
Күндө бирден мууздатып,
Канын берди кептердин.
Күнү кыркка толгондо,
Туруп кетти Бактыбай,
Сак сакайтты Кененим,
Этинде так калтырбай.
Баатыр Асыл, Көкбөрү,
Бешимгече салышты,
Андай кезде Көкбөрү,
Арамдык ойлоп алышы.
Камчысын булгап имерди,
Каптатып элин жиберди,
Тополоң чаңда билинбей,
Качып жолго киргени,
Аралашкан жоо менен,
Асыл муну билбеди,
Өздөрүнүн тилинче,
Бир кишиси сүйлөдү.
Топ-топ болуп качыптыр,
Туш келгендей басыптыр,
Кеч киргенде урунбай,
Асылды карай барыптыр,
Түн ичинде уу-чууга,
Аралашып калыптыр.
Эртең менен Орунбай,
Эл өлчөөсүн караса,
Элүүчө киши калыптыр.
Элди Асыл көргөнү,
Көкбөрүнүн артына,
Из кубалай жөнөдү.
Орунбай элүү кишини,
Айдап алып кетиптир,
Кененимге жетиптир.
Кепти угуп Кененим,
Кайда кетти зоруң?- деп,
Тажиктерден сурады.
Көкбөрүнүн кеткенин,
Элге айткан кептерин,
Баарын укту Кененим.
Жылбас деген бир ат бар,
Сөөгү начар, чабал мал,
Болбосо анда канат бар.
Күлүктүгү Жылбастын,
Мааникерден кем эмес,
Тулку бойу Жылбастын,
Тотучалык деги эмес.
Тайчабар деген бар эле,
Бирин-серин муруту,
Ак ала болгон чак эле,
Орто бойлуу он жашар,
Балачалык бар эле,
Так ошого Кенендин,
Айткан кеби бул эле:
- Жылбасты мин, Тайчабар,
Узатпастан Асылдын,
Изин кууп жетип бар,
Атаң кайтсын деди деп,
Менин кебим айтып бар.
Алты күндүн алдында,
Беш жылдык мөөнөттү мен берсем,
Айткандан кайткан боломун.
Тилимди алып Таласка,
Кайтып келсин кулунум.
Мен Кененим болголу,
Жаза сүйлөп көрбөдүм,
Айтып баргын, Тайчабар,
Кайтып келсин бөбөгүң.
Тайчабар кетти жээлигип,
Илбирстен качкан эликтей,
Жылбас барат элирип.
Бешимде жетти Тайчабар,
Майторудай бууданга,
Кененим кебин угузду,
Асыл өңдүү балага,
Кайаша айтар чама жок,
Касийеттүү атага,
Бура тартып жөнөдү,
Кайра артына Таласка,
Тайчабар, Асыл жанаша,
Көргөн элең тамаша,
Учурады беш жейрен,
Жолдо кетип баратса.
Жылбас менен Тайчабар,
Тепсетип алды баарысын.
Бешөөнү Асыл байланды,
Күүгүм кире Таласка,
Коргонго жетип барганы,
Эр Кененим төрөгө,
Салам айтып калганы.
Алик алып саламды,
Бир карады баланы,
Кармашкандан кажыбас,
Болгон экен убагы,
Жыйырма бештей толуптур,
Ошол кезде курамы.
- Кайсы жерде жеттиң?- деп,
Тайчабардан сурады, Сен жеткенде Асылга,
Күндүн кайсы убагы?
- Жетисуунун белинде,
Жедигердин элинде,
Анда жеттим бешимде.
Келе жатып жейрен кууп,
Шамда келдим бул жерге.
Эшикке чыгып Кененим,
Аттарды барып караса,
Сары тап болуп байлоодо,
Жайы-кышы турган Жылбасы,
Сууга салган чычкандай,
Майторуну караса,
Жылма тер болуп көөдөнү,
Боор этине кетпептир,
Карчытка тери жетпептир.
Тулпарлыгы билинди,
Билгизбей Кенен сынаса,
Сынаганын ким билди,
Майторуга эр Асыл,
Күрүчтөн жемди илдирди,
Кара суудан каптырды,
Алып келип астырды.
Мындай таптап Тору атты,
Мингенден тартып көндүрдү.
Атты таптап Асылым,
Аттын сырын алыптыр,
Элине кылып кызматты,
Эмгеги менен жагыптыр.
Кайта кирип кененим,
Минтип айтып калыптыр:
- Алпештеген кулунум,
Кубатысың муунумдун,
Белге таңуум, медерим,
Беренден калган белегим,
Он беш жаштан бер жакка,
Элиңе тийди керегиң.
Кыйбастыгың билдирдиң,
Кел десем кайра келгениң,
Мындан кийин кулунум,
Эл багар ишин саа бердим,
Эч кайда баспай жан багыш,
Жатаар ишин маа бергин.
Хан катары арамдар,
Кат жазып элчи жиберди,
Беш жылдык мөөнөт мен бердим,
Убада сөзгө туралбайт,
Болжоп койдум ой менен,
Үч жылда кайра келерин.
Үч жылда келет алты арам,
Арбагы Манас жар болсо,
Жазасын бергин, сен, балам,
Келе албаса үч жылда,
Беш жылдык болжол Бадакшан,
Сени менен мен барам.
Барган менен кулунум,
Эрдигиңди талашпайм,
Эч ишиңе карашпайм,
Өмүржандын Кызылкыз,
Алып келет алты хан.
Сыйкырга өтсө Кызылкыз,
Байкап көрүп чамасын,
Азизхандын Алмамбет,
Ала келген эт көйнөк,
Аны сага тапшырам.
Көйнөктү чечип кийгизем,
Көкжалдан калган белектин,
Кысылса тийсе керегин,
Аны элге билгизем,
Өзүм көрүп көз менен,
Көөнүм тийип келбесем,
Тынч алып кантип мен жүрөм?
Жана, балам, чалаң бар,
Отуз эки ат машы,
Жетимиш эки жөө машы,
Баарын сага көргөзөм,
Бар өнөрүм үйрөтөм,
Андан кийин өлбөсөм.
Эр адиси бир жүз төрт,
Толук билгин азамат,
Жанып турган кызыл өрт.
Деп Кененим, жүргүн деп,
Асылбача-Бекбача,
Эгиз түгөй шерди алып,
Жалгызектин Бактыбай,
Жандан ашкан эрди алып,
Жергенин Сары талаасын,
Жүрүп кетти бетке алып,
Баш кошкону төрт киши,
Бир жүз төрттүү үч киши,
Толук билбейт бир иши.
Жайдары тууган Кененим,
Жанындакы эрлерин,
Бирден атка мингизип,
Бирине-бирин киргизип,
Найзалашкан сайышка,
Балталашкан чабышка,
Колтуктарын чойушка,
Чокмор менен койушка,
Кылычты кындан суурушка,
Кыйамын таап урушка,
Шилтегенин куткарбай,
Мойунунан таарып турушка,
Арыбастык-талбастык,
Апта-апта урушта,
Канжар менен сайышка,
Сайганда канын жайышка,
Жанын койбой алышка,
Бирден –бирден көрсөттүм,
Асылбача, Бактыбай,
Ар күнү булар жулушта,
Бекбачаны бир четтен,
Мелтиреп тиктеп турушка,
Үч баланы токсон күн,
Жумада бирден таап берип,
Адис кылып көндүрдү,
Уктабай турган жумушка.
Койун колтук алышмай,
Колтукташып турушмай,
Ача кармап ыргытмай,
Табарсыктан бут менен,
Оңкосунан чыгышмай,
Жата калып көтөрмөй,
Күч чыңдашып жөтөлмөй,
Аркасына сүрүшмөй,
Башын такап көөдөнгө,
Төбөсүнө көтөрмөй,
Отуз эки ат машы,
Жетимиш эки жөө машы,
Токсон күндө бүтүптүр,
Булардын кылган ишине,
Караан калган кара жер,
Катуулуктан түтүптүр.
Соотторун булуптур,
Сонун жумуш болуптур,
Жергенин Сары талаасын,
Талаа-талаа тилиптир,
Кээ кезекте буттары,
Тизесинен кириптир.
Жердин бети тилинип,
Кененимдин көзүнө,
Асылбача, Бактыбай,
Баатырлыгы билинип,
Белде кемер үзүлүп,
Бүтүн калбай бүчүлүк,
Найзанын учу мукуйуп,
Балтанын мизи түйрүлүп,
Кылычтын мизи кетилип,
Чокморлору былчыйып,
Бадана тондор бурчулуп,
Олпоктору жыртылып,
Ичтен кийген буулумдун,
Этектери кырчылып,
Торгой көз темир күрөөкү,
Тарпы калбай бузулуп,
Жаалы салып карашып,
Өңдөрү эчен кубулуп,
Сүйлөй албай бирерде,
Балдырап тили бурулуп,
Ого бетер өчөшүп,
Ошондой кезде бой уруп,
Кара тер агып былчылдап,
Бучкагынан чубуруп,
Бүткөн бойу суу болуп,
Чылпылдап ылай жуурулуп,
Азуулары качырап,
Айнектей көзү чачырап,
Бүдөмүк тартып күдүңдөп,
Буулуккандай күжүлдөп,
Үндөрү күндөй күркүрөп,
Адамсыз талаа дүркүрөп,
Адырдакы айбанат,
Арыштап айак таштабай,
Тушагандай бүжүрөп,
Кызарып кыздан күн батып,
Агарып сүрүп таң атып,
Токсон күн калды аркада,
Айы үчкө барганда,
Жай-жайыңа кайткын, деп,
Жообун берди балдарга.
Тарамышы чыйралып,
Булчуңу катып бошобой,
Баштары шишип күпүйүп,
Жол-жол болуп жошодой,
Атбашы кетти Бактыбай,
Бир жүз төрттү үйрөнүп,
Ачык болуп көөнү жай,
Кармашарга эл болсо,
Бодолгосуз жолу шар,
Кездешип калган душмандын,
Кетер жолу болот тар.
Асылбача, Бекбача,
Таласка барып жай алды,
Бейчеки баскан барбы, деп,
Бел-белден Асыл жол чалды,
Күзгө салкын шамалда,
Ит агытып, жаа тартты,
Токойдон жолборс, бугу атты,
Төр-төрдөн карап айуу атты,
Курбудан кулжа сулатты,
Текесин таштан кулатты,
Илбирс менен чөө атты,
Ийри мойун төө атты.
Аралдан атты маралды,
Аралап элик карады,
Түнөрүп жаткан бадалды.
Карышкыр атты кандырдан,
Аркарын атты адырдан,
Бүркүт салып алдырды,
Жейрен кууп какырдан,
Жазгы, күзгү келгинде,
Шумкарын кармап колуна,
Асыл көлдүн жээгинде,
Тоодакты топтоп тептирди,
Каркыра менен таанды,
Түшүрбөй көктөн эңдирди.
Тайлактай ак куу алдырды,
Өрдөк, чүрөк кыргоолдон,
Айабай кумар кандырды.
Илбээсинди бүлдүрдү,
Кайырма менен сонону,
Карчыгага илдирди.
Шернеге тайдан сойдурду,
Кымыздан тарткан аракты,
Күбү менен койдурду.
Карылары бир жерде,
Жаштары чогуу ар жерде,
Кыз-келиндер бир бөлөк,
Ак чөөлүм, көлбука,
Теке тырмыш бир жакта,
Ордосун атып дүркүрөп,
Бозосун ичип күркүрөп,
Чын курандын айында,
Байге бөлүп, кунан чаап,
Баш бошобой жайында,
Күндө ойун-тамаша,
Ак калпак кыргыз айлында.
Кымызды чайкап бал салып,
Кызымтал болуп карыйа,
Байбичелер чалкайып,
Басып турат айылда,
Жубандары залкайып,
Алганынын жанында,
Кыздары үкү сайынып,
Бооруна шуру тагынып,
Саамайын талдап таранып,
Тоту куштай сыланып,
Он бештен чачы тизилип,
Сагагын салып мойнуна,
Жүрөкчөсү карк алтын,
Беш манжага ак күмүш,
Шакектерин салынып,
Кулпулама билерик,
Күн чагылып жаркылдап,
Кулакка сүйкүм угулуп,
Күлкүсү башка шыңкылдап,
Керегедей жарданып,
Башында кундуз тебетей,
Мойундары койкойуп,
Кийгенине жарашып.
Мен алам деп уланды,
Сыртынан жүргөн талашып.
Төрөй элек жаш келин,
Алтындан кылган чоң сөйкө,
Акыректе жаркылдап,
Эки бут чачпак кызыл чок,
Сегиз буттуу чач теңге,
Аркасында шаркылдап,
Туура тарткы күмүштөн,
Маңдайында жалтылдап,
Элечеги заңкайып,
Кийгени кызыл дейилда,
Келишимдүү залкайып,
Булгаары тердик беш кадак,
Бурчунда, чеге жаркылдап,
Кундуз менен жээктеп,
Куйушканын байлабай,
Күмүш менен тээктеп,
Үзөңгү күмүш жалтылдак,
Тогоосу алтын жаркылдап,
Артайыл, тогоо алтындан,
Сарамжалы артылган,
Ээр-токумдун жанында ,
Бара албай киши тартынган.
Көрпөчө кызыл макмалдан,
Кылка чети саймадан,
Келбетин көргөн келиндин,
Сыртынан көрүп таңданган,
Жандай басып күйөөсүн,
Ак маралдай шаңданган.
Белдемчи жерде чубалып,
Барынча кийип буралып,
Жеңине жең кап салынып,
Бооруна өңүр тагынып,
Жаңы келген келин деп,
Бир көргөндө таанылып.
Таң ата туруп ордунан,
Улууларга жүгүнүп,
Кайната-кайненеге,
Таазим кылып бүгүлүп,
Алмадай бети тастайып,
Айнектен тунук кашкайып,
Сүлөөсүндөй суналып,
Кырчын талдай буралып,
Кызымтал көрсөң келинди,
Агарып жүзү тунарып.
Боз улан күлүп шалкылдап,
Белинде кемер жаркылдап,
Башында кийген суусар бөрк,
Көз тайгылтып кулпурат.
Мырзалары керилип,
Сөз айтардан эринип,
Тыштан келген душманга,
Жазганбай тиет теминип.
Нускалуу сүйлөйт чечени,
Далбаса кылып далбактап,
Жетише албайт нечени.
Комузчулар күү чертип,
Ырчылары какшанып,
Аты чыгып нечени,
Барган сайын такшалып.
Көкүлүн шүйүп күлүк чаап,
Күлүгү чыкса байге алып,
Ит агытып куш салып,
Талаадан олжо мүлк алып,
Капкан жайып бөрү алып,
Тамашага бугу атып,
Ар сонундун терисин,
Салаңдата байланып,
Кара көрпө тебетей,
Абышкалар калкайып,
Ак–карасы аралаш,
Сакалдары чайкалып.
Казандары боркулдап,
Казы-карта, май салып,
Конок келсе каркыттап,
Карчыга, уча, жал салып,
Ап-аппак кылып казанга,
Кардай кылып май салып,
Тамашалап бир-бирин,
Борсулдашып күлүшүп,
Урматташып карылар,
Бирин бири сүйүшүп,
Сагынышкан немедей,
Мойундашып көрүшүп,
Кемпирлери келишип,
Бирин-бири өбүшүп,
Бир кемпирди бир кемпир,
Ээ, кызбай, деп сүйлөшүп.
Киши өлсө сөөгүн сыйлашып,
Чогулуп келип ыйлашып,
Казганаттап үй тигип,
Кермеге атын байлашып,
Мөөрөйгө сайып көп дүйнө,
Күлүк атын айдашып,
Жабырап ырчы ырдашып,
Сайыпкер атын сындашып,
Атың чыкты, соогат, деп,
Ат ээси болсун-болсун, деп,
Аз-маздан соогат беришип,
Колуна соогат тийгени,
Сороктошуп келишип,
Балбандар чыгып эңишке,
Эрегишип эңишип,
Эңген балбан дардактап,
Эки буту салбактап,
Байгесин алып колуна,
Териге сыйбай далактап,
Эңдирген балбан томсоруп,
Жекелеп элден компойуп,
Элден мурун кээ бири,
Жүрүп берет комдонуп.
Конокко алып кечинде,
Колунда бары тай сойуп,
Калгандары кой сойуп,
Ала-шалбырт табакка,
Шак-шактаган май тоңуп,
Коноктор жатат керилип,
Камсыз көөнү жай болуп,
Дасторкондон өксүтпөй,
Капакка салып бал койуп,
Каймакка бышкан нан койуп,
Канык кара чай койуп,
Чыны менен жай койуп,
Куурдак менен май койуп,
Көөкөрлөп арак көп койуп,
Магзым менен күп койуп,
Бал чайкаган кымыздан,
Сапты айакка куйушуп,
Эңкейе басып кош колдоп,
Конокторго сунушуп,
Отко койчу аттарын,
Жетелеп балдар суутуп,
Той болгондо кыз куушуп,
Күйөөгө берчү кызына,
Жасалгалап үй тигип,
Керилтип-кертип жүк жыйып,
Садага чаап улагын,
Жеңеси күйөө кийинтип,
Жеңгетайга төө алып,
Тогуздап чиркеп мал алып,
Аз келди деп пул алып,
Той этин элге тартканда,
Кызды тууган катынга,
Карчыгасын көтөрүп,
Толгоо табак сизге, деп,
Уул энеси баруучу.
“Карындын бурчу кап түбү”,
Каадамды менин бергин, деп,
Тогуздап кийит алуучу,
Төө комдотуп жүк жүктөп,
Келинди алып жануучу.
Кызды тууган энеси,
Болбосо жакын жеңеси,
Кыз жеткирип баруучу,
Кетер күнү кудасы,
Сүт акына төө берип,
Болбогондо ат берип,
Кудагыйын кетирип,
Анан туруп калуучу.
Кыз алышып, кыз бермек,
Кыргыздын наркы мына ушу.
Кызы келип төркүлөп,
Кур кете албайт кызым, деп,
Бул душмандын көркү деп,
Кийерине тон берип,
Минерине ат берип,
Жетелетип төө берип,
Короодон бөлүп кой берип,
Анан жолго салуучу.
Көөнү ачылып кыз бала,
Кайын ата, кайнене,
Жупташына жаркылдап,
Күлгөн бойдон баруучу.
Калың мал жеп, кыз бериш,
Энчиге бөлүп мал бериш,
Кыргыздын салты мына бул.
Эркин жатсын кыргыздар,
Байакы кеткен алты хан,
Эми андан кабар угуп ал.
Муну мындай таштайлы,
Алты хандын кыргызга,
Чапкынынан баштайлы.
КАЛДЫК БАШТАГАН ЧАПКЫНЧЫЛАРДЫН ТАЛАСКА КОЛ САЛЫШЫ
Алды-аркасы качкандар,
Бирин-бири карашып,
Күйүшүп жүрүп табышты,
Катышып келип кыргыздан,
Катыгүн кордук көрдүк, деп,
Бабырап кебин салышты,
Жайма сүйлөп жажалап,
Жаагы талып калышты.
“Беш жылдык дедик болжолду,
Жата берсек болобу?
Кайра келип үч жылда,
Таласка кайкап тололу,
Жедигердин Каракөз,
Өмүржандын Кызылкыз,
Аны издеп баргын” деп,
Айды аркандап кат кылды,
Калбай баары келишке,
Ок тиштешип ант кылды,
Чырпык кыркып шарт кылды,
Бир жандары муздашып,
Колдорун такыр кан кылды,
Бузулбастык иш кылып,
Көңүлдөрүн жай кылды.
Баш кошоор жери алтоонун,
Чоң Таластын талаасы,
Жеңип алчу душманы,
Шер Манастын баласы,
Эми келип кырылат,
Мурун калып чаласы,
Таласка бутун малдырбайт,
Кененимдин санаасы.
Бактыбайга тапшырды,
Алты калаа Нарынга,
Алты шаар Анжыдан,
Наманген, Ташкен, Самаркан,
Кетмен-Төбө булардан,
Кабар алып турушка.
Жеркен, Хотен, Кашкарга,
Лопнур, Арал буларга,
Беш балыктын баарына,
Манас, Баркөл, Турпанга,
Алтайда казак калкына,
Аласы жок жалпыга,
Ачык кылды жарыйа:
“Бизге кылба жардамды,
Тайар болгун баарыңар,
Өзүңдү сактап калышка.
Иленин бойу агынга,
Чөйчөк менен кулжага,
Үч-Каркыра, Капарга,
Нар жакта Каңгай, муңгулда,
Алтымыш уруу алашка,
Кастарын тиккен хандар бар,
Караан болуп каңгайга,
Келүүчү манжу жана бар,
Түштүктөн келчү элиңе,
Ат бастырып жериңе,
Коросон, испан, тажик бар,
Кыйпач батыш тарапта,
Жедигер бар, маңгыт бар,
Маңгыт менен келүүчү,
Уусун менен таңгут бар.
Урумдакы кыргыздар,
Астубалдын адырда,
Аргын, алчын кыргыздар,
Таланга малың кетпесин,
Маңгыт менен уусунга.
Кар кылбастан жаныңды,
Талан кылбай малыңды,
Такыр бөлүп багып ал,
Алаш уулу дегенге,
Айыгышты алты хан.”
Кабар кылган жерлерге,
Алты хан эли айтылган,
Батыш менен чыгыштан,
Калбай алаш угушкан.
Түндүк менен түштүктөн,
Кабар кылган бүт элден,
Маңгыт менен жедигер,
Бул эмине иши, деп,
Сүйлөнгөнү дагы бар.
Коросон менен испанды,
Курутамын аны деп,
Күүлөнгөнү дагы бар.
Муңгул менен тажик деп,
Тентип кетет тажиктер,
Муңгулчалык эмес деп,
Ойрон болгон уусунду,
Астынбал, Урум кыргызы,
Жоготом деп ушуну,
Күүлөнүшүп басылды,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 07
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.