Latin

Асылбача - Бекбача - 17

Total number of words is 4192
Total number of unique words is 2144
30.4 of words are in the 2000 most common words
44.1 of words are in the 5000 most common words
51.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Хандан буйрук болду деп,
Өлбөй калган аскерлер,
Жик айрылды ажырап,
Кыргыздын жанган аскери,
Бастырган бойдон кетпеди,
Өлбөй жаны барларын,
Такыр жыйнап кеткени.
Өлгөнү калды кыргыздын,
Чыкпаган жаны барларын,
Жыйнап кетти кыргызың.
Сегиз хандын аскери,
Бирине бири карабай,
Мен да ушундай бир күнү,
Боломбу деп санабай,
Бөлүнгөндө кыргыздан,
Кош-кошуна барыщты,
Курсактарын багышты,
Жесекчини мыктылап,
Жер-жерге койуп салышты.
Муну мындай таштайлы,
Каракөз салган элдерге,
Капсалаңдан баштайлы.
КАРАКӨЗ САЛГАН КАПСАЛАҢ
Аскер ээси сегиз хан,
Аскери жок өзү бар,
Каракөз менен тогуз хан,
Чогулушуп калышты,
Кеңеш кебин салышты,
Чындап кылды убада,
Кетирбеске намысты.
Маңгыттардын хан Калдык,
Жан алчуудай каарданып,
Өзүмдүн элим дебестен,
Ачуу сөзүн агытып,
Калгандарга заар салып:
-Эртеңден баштап жекеге,
Мен барамын дебегин,
Мен барам деп чыкканын,
Баш байланып келесиң,
Баш байланып келбесең,
Башыңды берип өлөсүң!
Кыргыз деген кысталак,
Кырып жатса түгөнгүс,
Уу тукумдуу санталак.
Манастан бери карата,
Мына бу турган буруттун,
Барбаган жери калбады,
Барган жерин соо койбой,
Баатырдын баарын жалмады,
Сегиз миң жыл жашаган,
Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн,
Сууруп тилин жеп алды.
Атасынан баласы,
Артып чыгат ар качан,
Урпагы жок Манастын,
Жакадан ажал албаса,
Ат үстүнөн кыйшайган.
Жедигердин Каракөз,
Айтканы так таттуу сөз,
Анткен менен Каракөз,
Ниетинде күмөн бар,
Колдон келсе иш бөлөк.
Сегиз хан элин чакырып,
Аскер жыйнап жам кылып,
Тегеректеп кыргызды,
Алабы деп кар кылып,
Баралы бирге дегенбиз,
Бадакшанга чогулуп,
Аңгычакты Каракөз,
Бактыбайга катышып,
Бейкут жаткан кыргыздын,
Баарына кабар угузуп,
Катын алды Жасанды,
Калкын кылды каранды.
Аз келгенсип анысы,
Бетирке менен экөөбүз,
Эрмектешип олтурсак,
Бизди неге кайтарды?
Каракөз бизге эл эмес,
Ак пейил киши деги эмес.
Бөлүнүп бизден Каракөз,
Кыргызга барып бата албайт,
Сегиз хандын баарысын,
Селдей канын төксө да,
Кыргыз кебин эп көрбөйт,
Кастык кылды коргонго,
Күнөөсүн мунун өткөрбөйт.
Ниети кара Каракөз,
Өткөрсө да жөн жүрбөйт,
Баскан-турган жеринен,
Илме-чалма кебинен,
Кишинин баары күмөндөйт,
Колунан келсе Каракөз,
Бактыбайды алмакчы,
Мен алдым деп кыргызды,
Айтып бизге бармакчы,
Ушу бүгүн Каракөз,
Бизден кебин танмакчы.
Бетирке менен Калдыктын,
Башын кесип алмакчы.
Ак киши болуп кыргызга,
Бекбачаны баш кылып,
Баш көтөргөн кыргызга,
Бир амалды кылмакчы,
Эбин тапса эңкейтип,
Баарынын жайын тапмакчы.
Өз-жат дебей ар кимге,
Ойлогону кара ниет,
Акылым артык меники,
Мени киши билбейт, дейт.
Испан менен оогандык,
Коркконунан кошулду.
Алаш уулу болгондун,
Он төрт ханы чогулду,
Чыгыштагы беш урук,
Мен батыштан кошулуп,
Түштүктөн испан, оогандык,
Сегиз хан эли чогулдук.
Кылбаса ал чогоолдук,
Таласка киши бастырбай,
Тойгузбай туруп кыргызга,
Хотен, Жерген, Кашкарды,
Турпан, Комул буларды,
Лопнур, Азык аларды,
Өзүбекти жоготуп,
Биз кылмакпыз каранды.
Алтай, Иле элдерин,
Бирине бирин көрсөтпөй,
Сойлотмокпуз эрлерин.
Ысыккөл менен Атбашы,
Алматы калса кыргызда,
Тумтак күнүн түгөтүп,
Томсортот элек кыргызды,
Тордун баарын жырылтып,
Каракөз салды бузукту.
Каракөз кастык кылбаса,
Акимсинген кыргызга,
Чийбейт белек сызыкты,
Кылбайт белек кызыкты,
Жашырбай чынын айтканда,
Кабар айтып уруштан,
Каракөз салды бузукту.
Бүгүндөн баштап билгиле,
Түзүк менен бузукту,
Жалындатып от жагып,
Мына бу турган Каракөз,
Жайнатып койду дозокту.
Бактыбайга Каракөз,
Барып көрсүн эр болсо,
Кайра качса жалтайып,
Башын алам мен болсо,
Мылтык атыш, жаа тартыш,
Кылыч чабыш, найза уруш,
Байкап турат эл болсо,
Өтсө сөзү кыргызга,
Кошулуп кетсин Каракөз,
Айткан кеби эм болсо,
Көөнүм тынат меники,
Каракөз элден жоголсо!
Каракөзгө хан Калдык,
Айыбын ачып кеп айтып,
Өзү билбей элге айтып,
Өткүрсүнгөн чочкону,
Эл ичинде муңу айтып,
Кызыл өңүн кубартып,
Жай-жайыңа жангын, деп,
Хандарды үйгө таратып,
Ана-мына кылгынча,
Сүрүп чыкты таң атып.
Буйрук берип хан Калдык,
Аскер чыкты чубашып.
Ак калпак кыргыз Алаштан,
Бактыбай чыкты аттанып,
Манжулардын чоң Бодоң,
Барамын деп камданып,
Канча түрдүү жаракты,
Кабаттап жанга байланып,
Жүрөрүнө калганда,
Хан Калдык турду муну айтып:
-Тура тургун чоң Бодоң,
Бекбачага чыккының,
Мыкты болсоң эр болсоң,
Бактыбайга кол салып,
Кыргыздын элин жам кылган,
Каракөз барсын алдыңда,
Баатыр болсо Каракөз,
Бактыбайды өлтүрүп,
Башын кесип байланып,
Алып келсин жаныма,
Ага алы келбесе,
Өлүп кетсин алдында.
Чоң Бодоңго жол койбой,
Каракөздү зордоду,
Айткан бекер сөз калды,
Каракөз анда жок болду,
Каракөз кайда кетти деп,
Ормолоңдоп токтоду,
Каракөз жок караса,
Таппай келди кишиси,
Чатырынан каратса.
Жедигердин Каракөз,
Калдыктан угуп канча сөз,
Эл ичинде бузук, деп,
Айтып өттү көзмө-көз.
Чатырда жатып толгонуп,
Арбын акыл ойлонуп,
Үч авазир, өзү төрт,
Чогулушуп топ болуп:
-Барсам келбейм майдандан,
Бактыбайдай ажыдаар,
Ажал көрдүм маңдайдан.
Турсам өлөм Калдыктан,
Муунуп өлсөм жакшыраак,
Бу көрөкчү ардыктан.
Жалгыз барып кыргызга,
Ажырадым хандыктан,
Кыргызга барсак арз айтып,
Жалганы жок чынды айтып,
Кеп чынынан бузулбайт,
Агарарбы ал кайтып?
Же болду чала кулга, деп,
Эки миздүү шамшарды,
Жүлүнгө салып муузда, деп,
Эбимди кыргыз табарбы?
Ойлонгонум ырас деп,
Ойумдагы кебимди,
Таап айттың, Калдык, деп,
Калдыкка айтсам чынымды,
Же анда жаным каларбы?
Барарыма жер да жок,
Батарыма эл да жок,
Баш айланып тел болгон,
Мен өңдөнгөн бенде жок.
Мында минтип турганча,
Жети сууга баралы,
Жедигерди табалы,
Өзүбүз билип башкарган,
Элди колго алалы,
Жети суу сындуу кең өзөн,
Жерди колго алалы,
Айланышып бул жерден,
Кыргыз кайтып баргынча,
Хан болуп такка чыгалы,
Агар алтын, ак күмүш,
Зарды арбын жыйалы,
Киши койуп бу жерге,
Кабар угуп туралы,
Адатынча Бекбача,
Сегиз ханды кем кылып,
Агызып канын сел кылып,
Кара жерге тең кылып,
Кайра айланса Таласка,
Көр дүйнөнү көп алып,
Көпчүлүктөн таба албас,
Каканды карай жылалы.
Каракөздүн кеби, деп,
Абдан келди эби, деп,
Экөө кабыл алыптыр,
Бир авазир Жанадил,
Мындай кебин салыптыр:
- Жети сууга барабыз,
Хандыкты кандай алабыз,
Барган менен ал жерге,
Байлап алат Жедигер,
Оттой көздү жайнатып,
Айдап алат Жедигер.
Элдин баары кас бизге,
Элдин эсин тандырдык,
Бул жорук бүгүн аз бизге.
Барганда бизге хандык жок,
Башка келген балаага,
Амал канча, ардык жок.
Хан Каракөз, тил алсаң,
Биз кыргызга баралы,
Баштан–айак калтырбай,
Баардык кепти салалы.
“Сунуп барган мойунду,
Сунган кылыч кеспейт” - деп,
Айтса-айтпаса ырас кеп.
Кыргызга барсак батабыз,
Жети сууга барганда,
Хандык өкүм колдо жок,
Тирүү калыш ойдо жок,
Барган менен пайда жок,
Кыргызга барсак жан калат,
Мындан башка айла жок.
Хан болдуң бизге, Каракөз,
Бир кишиге агарбас,
Кара мүртөз кишисиң,
Сенден чыгат жана сөз.
Каныбыз суудай төгүлөт,
Ырайымсыз ушул кез,
Таң аткалы аз калды,
Кандай кылсаң болгун тез,
Ээн жерде кылалы,
Эми болсо кеп-кеңеш.
Жанадил айтты далай кеп,
Качып төртөө жөнөдү,
Таң агарат эми деп .
Кошуундан чыгып компойуп,
Чүкө ичинде томпойдой,
Элге батпай кортойуп,
Жети сууга барам деп,
Кетип барат Каракөз,
Аркамдан куугун жетет деп,
Санаасы сан, кыйал миң,
Нетип барат Каракөз,
Өлбөй тирүү бар туруп,
Кайран жандан түңүлүп,
Кечип барат Каракөз.
Каракөз жок дегенде,
Үксөңдөгөн чоң Калдык,
Манжулардын Бодоңго:
- Кулагың угуп жатасың,
Каракөз качып жоголду,
Кетсе-кетсин деп койсок,
Анда жакшы болобу?
Чогулушкан сегиз хан,
Ишибиз биздин оңобу?
Качып кеткен Каракөз,
Каракалпак түркмөндөн,
Калың аскер жыйбайбы,
Бекбачага жагынып,
Бизге колун сунбайбы,
Капшытыңдан бөлүнтүп,
Кылгылыкты кылбайбы,
Каракөздү кетти, деп,
Карап Бодоң турбайлы.
Ат изи менен жолго сал,
Жеткен жерден арамдын,
Колун байлап атка таң,
Бүгүн түнгө калтырбай,
Алып мында келе кал.
Ок өтпөскө жасаткан,
Калкан, туулга, чарайна,
Калтырбастан баарын ал.
Мен өлүмдүү киши, деп,
Бузулган менин ишим, деп,
Сага кастык кылбасын,
Атып салып тынбасын,
Беттешип алы келалбайт,
Мындай шумдук кылбасын.
Бура тартып чоң Бодоң,
Жүрүп кетти чуу койуп,
Айал кылып турбастан,
Атырылтып дуу койуп.
Чоң Бодоңдун тулпары,
Куйун минип кууса да,
Кууган душман жетпеген,
Куйун минип качса да,
Кутулуп душман кетпеген,
Бөлөкчө сонун мал экен,
Буудандыгы таанымал,
Өтө башка жан экен,
Ат изине салыптыр,
Түндө кеткен качкынга,
Түштө жете барыптыр.
Аркасын карап кылчактап,
Келе жаткан Каракөз,
Жоор аттай кыйшактап,
Чоң Бодоңду көргөнү,
Көңүлүн башка бөлгөнү,
Аттын башын тартканы,
Жанындакы авазирЖолдошуна айтканы:
- Чоң Бодоң келет мен көрдүм,
Бизди алып кайткалы,
Колго түшүп өлгөнчө,
Аңдып туруп аталы,
Башын кесип байланып,
Бекбачага кайталы.
Бодуңдун башын байлансак,
Бул ырайдан биз жансак,
Бекбача бизди таштабас,
Жанадил анда кеп айтат:
-Барган менен биздерге,
Бекбачадан айла жок,
Тие турган пайда жок.
Андан көрө Бодоңдун,
Жолунан тосо чыгалы,
Тобо-томук кылалы,
Коркуп качып кете албай,
Кылчаңдап жүрдүк эле деп,
Ушу кепти кылалы.
Ар канча болсо хан Калдык,
Каракөз, сени кыйабы?
Тосуп туруп атарбыз,
Өлсө таштап качарбыз,
Кайда барып батарбыз?
Өлбөй калса Манжудан,
Жанды кантип катарбыз?
Жайыл Манжу Бодоңду,
Жаман угам кабарын,
Бекбача менен беттешип,
Көргөздү бизге абалын.
Кыймыл эткен кишиге,
Кылган ишиң бул болсо,
Көрүңө кантип батасың?
Оодарылып дем албай,
Тынч алып кандай жатасың?
Каракөз ага болбоду,
Болбой мойнун толгоду,
Тосуп туруп аткын деп,
Авазирин зордоду,
Кеби өтпөй Жанадил
Каракөзгө жол койду.
Тана мылтык октоду,
Келе жаткан Бодоңдун,
Жолун тосуп торгоду.
Ата турган мылтыктын,
Шыйрагын жерге мадады,
Жыдыманды житирип,
Кароолун абдан карады.
Кең көкүрөк Бодоңду,
Как жүрөктүн тушу, деп,
Өлөөр жери ушу деп,
Кашайа тиктеп ирмебей,
Машаны басып жиберди.
Тарс дегенде тап этти.
Түтүндөн мурун ок жетти,
Сооттон өтүп кеталбай,
Кой башындай коргошун,
Кайра жерге чалп этти,
Салмактуу тийген коргошун,
Зардабынан чоң Бодоң,
Чалкасынан кеткени,
Башын кесип алам деп,
Канжыгама байланып,
Бекбачага барам деп,
Каракөздүн жеткени.
Жыгылып кетип чоң манжу,
Тура калып ордунан,
Кан куйулган жери жок,
Карап көрсө бойунан,
Чоң Бодоңдун турганын,
Көрө салып Каракөз,
Колуна түшсөм өлөм деп,
Көргүлүктү көрөм деп,
Минген атын Бодоңдун,
Айдай качып жөнөдү.
Турпандагы Турумбек,
Манжулардын чоң Бодоң,
Токтотпостон кетти деп,
Не жумуш бар буларда,
Иш айагын билем деп,
Бу да жөнөп алыптыр,
Бодоңду атып Каракөз,
Атын ала качканда,
Турумбек келип калыптыр,
Токтогун деп акырып,
Каракөздү чакырып,
Турумбектин тулпары,
Кош кулагын жапырып,
Турумбекти көргөндө,
Далдаңдаган Каракөз,
Минген аттан шашылып,
Чөгө түшүп олтуруп:
- Ой Турумбек, Турумбек,
Менин кебим уккун-деп,
Жигимди бөлүп бул элден,
Кыргызды издеп чыктым - деп,
Тосуп туруп жолунан,
Чоң Бодоңду аттырдым,
Өлбөсө да Бодоңду,
Өлгөндөй жаман шаштырдым.
Өлтүрө алсам Бодоңду,
Башын кесип байланып,
Арбагын эстеп Манастын,
Бекбачага бармакмын,
Жамандыгым жашыр, деп,
Жакшылыгым ашыр, деп.
Кесейин десең баш мына,
Төгөйүн десең кан мына,
Алайын десең жан мына.
Жашырбай чынын айтканда,
Бар Алаштын боору бир,
Бар кыргыздын жаны бир.
Жайыттагы малы бир,
Ак калпак кыргыз алаштын,
Көөнү менден болду кир,
Эми мындан калганын,
Эр Турумбек өзүң бил.
Анда айтат Турумбек:
- Сен айтканың Каракөз,
Баштан айак куру кеп.
Мен билгеним Каракөз,
Тиги турган Бодоңдун,
Канына кылыч майлаймын,
Сен үчөөңдү Каракөз,
Сарпочтоп атка айдаймын,
Бекбачага беремин,
Каракөк өзү билбесе,
Калган ишти билбеймин!
Булар минтип жатканда,
Чоң Бодоңдун тулпары,
Чылбырын тиштеп тартканы.
Сууруп алып чылбырын,
Бодоңду карай качканы.
Каракөз калды шалдайып,
Турумбек калды далдайып.
Чоң Бодоңдун тулпары,
Өзүнө жетти түз качып.
Калдайган Манжу камынып,
Атка минди жармашып,
Турумбек жетти аңгыча,
Ажыдардай арбашып,
Манжулардын чоң Бодоң:
- Кой, Турумбек сен болсоң,
Каракөз качып изин кууп,
Келген киши мен болсом.
Майданга чыгып беттешкин,
Баатыр болсоң эр болсоң!
- Мен Турумбек сен Бодоң,
Каракөз колго түшүрүп,
Көөнүмдө ишин бүтүрүп,
Кетейин деп турганда,
Кайдан келдиң сен Бодоң?
Каракөз сага керекпи?
Сага өтүнүп беремби?
Мыкты болсоң Манжу кул,
Баатырлык менен алгының,
Кыргызды кыргыз алды деп,
Калдыкка айтып баргының!
Үксөңдөгөн чоң Бодоң,
Үйрө кармап камчыны,
Турумбектей баатырды,
Айландырып салганы,
Кап бетинде жаак тери,
Салаңдап түшө калганы.
Киши камчы чаппаган,
Сен жаман деп айтпаган,
Турумбек буга арданды,
Кара жаак булдурсун,
Карсылдатып салганы,
Манжу Бодоң дегендин,
Жаагынан кан жайганы.
Камчылашып салышып,
Кызыгышкан кезекте,
Кезкерип найза алышып,
Найзалашып сайышып,
Андан айла кеткенде,
Балталашып чабышып,
Бар кайратын иштетип,
Балтанын сыртын жарышып,
Кылычты кындан суурушуп,
Кыйкырышып урушуп,
Эрме чөл, ээн талаада,
Эпсиз булар жулушуп,
Эрегишип алганда,
Эстен чыкты Каракөз,
Каракөздүн санаасы,
Капкайда кетет ар бөлөк,
Авазирлер жанында,
Аларга айтат кеңеш кеп:
- Бодоң менен Турумбек,
Кимисине жар болуп,
Киришели төртөөбүз?
Же болбосо турбастан,
Жолго түшүп жөнөйлү,
Экинин бирин кылбасак,
Элден мурун өлөбүз,
“Жол башы айры болгондо,
Ит башы каңгы болот” - деп,
Илгеркилер айткан кеп,
Токтоно албай Каракөз,
Качып жолго салыптыр.
Турумбектин кеткенин,
Байкап калган Жабыке,
Солондон жалгыз бөлүнүп,
Жетип келди жеп жеке.
Турумбек, Бодоң бет келип,
Салгылашып жатканын,
Тынч жаткан элге чуу салып,
Каракөздүн качканын,
Көзү көргөн Жабыке:
“Бири өлүп бири калсын,
Турумбек Бодоң бул экөө,
Мыкты болсоң Каракөз
Жалгыз качпай ала кет,
Айдап кетем төртөөңдү,
Менин алым саа келет”.
Дегенди ойго алганы,
Каракөз турат ал жалгыз,
Үч авазир Каракөз,
Жабыкеге жабылды,
Солондордун Жабыке,
Кирген нардай чамынды.
Жабыке найза мылгытып,
Жедигерден үчөөнү,
Көгүчкөндөй ыргытып,
Каракөз менен кагышып,
Качырышып сайышып,
Калбалашып жатканда,
Бодоң менен Турумбек,
Салгылашып жатканда,
Дабырап аттын табышы,
Жакын жерден угулуп,
Ким экенин билем деп,
Каракөз карап бурулуп,
Маңгыттардын хан Калдык,
Чалдыкты көзгө урунуп,
Каракөздүн жүрөгү
Кете жазды суурулуп.
Маңгыттардын хан Калдык,
Каракөзгө каарданып,
Акырайа бир тиктеп,
Турумбекке бет алып,
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезкерип найза чунайтып,
Карасурду камчылап,
Качырып кирип барганда,
Акырыгы таш жарып,
Бактыбай жетти аңгыча,
Бактыбай, Калдык бет келди,
Баштан-айак жомок ыр,
Байыркынын кептери.
Эштектердин Турумбек,
Каракыргыз Бактыбай,
Манжулардын чоң Бодоң,
Маңгыттардын хан Калдык,
Жедигердин КаракөзАлты баатыр айгайлап,
Айкын түстө салышып,
Айанбастан чабышып,
Жеткени найза батырып,
Топону көккө сапырып,
Топурак учуп боз болуп,
Тоо токтобой козголуп,
Таш быркырап түз болуп,
Баш аламан барсылдак,
Алай-дүлөй карсылдак,
Мылтыктын үнү тарсылдап,
Боз мунарык кызыл чок,
Боздоп учат аткан ок.
Найзанын учу такылдап,
Балтанын сырты чакылдап,
Кылычтын мизи айрылып,
Туулганын сырты жарылып,
Бүчүлүктөр үзүлүп,
Бурумунан ажырап,
Сооттун көбү бузулуп,
Чыдай албай чынжырлар,
Чыгып кетти үзүлүп,
Чарайна, калкан сүзүлүп,
Чакчалекей-будуң-чаң,
Аңтарылып кетчүдөй,
Араң турат бу заман.
Кыргыз менен беттешип,
Киши чыкпай жекеге,
Күн бешимге жеткенде,
Хан Калдыктын артынан,
Жүрүп кетти Бетирке.
Ооган, испан-эки урук,
Калып калды бөлүнүп,
Алты хандын аскери,
Баары жүрөт өмүлүп,
Кудай бетин нары кыл,
Ким экени билинбей,
Топого баары көмүлүп,
Сегиз хандын аскери,
Селдей болгон көп эли,
Чыккан жердин чөбүндөй,
Жер жайнатып келгени.
Бетирке келип караса,
Хан Каракөз, Жабыке,
Зор Бактыбай, хан Калдык,
Бодоң менен Турумбек,
Былчылдашып жатыптыр.
Эби келди эми деп,
Кыйамы келди кези деп,
- Кабат-кабат тор таштап,
Бактыбай менен Турумбек,
Каракөздү карма!-деп,
Буйрук берди Бетирке,
Алтымыш киши тор таштап,
Бактыбайга жетти эле.
Зор Кошойдун тукуму,
Арзан киши ал эмес,
Оңойлук менен кишиге,
Оодарылар бел эмес,
Омурулар тоо эмес.
Каары келип камыгып,
Карчыгадай кагынып,
Жаалысы чыгып жүзүнөн,
Жалынын чыгып көзүнөн,
Жайдары тууган Бактыбай,
Кара болот Жойкума,
Кармай алды сабынан,
Сууруп алды кабынан,
Билегин чыңдап чыйратып,
Бет келген жагын талкалап,
Аралап кирди Бактыбай,
Күчү кетип талыкпай.
Аралап кирген жеринде,
Болот менен кайсалап,
Туулга кийген немесин,
Балта менен талкалап,
Сүрдүгүп келген немесин,
Найза менен көмөрүп,
Өжөрлөнүп Бактыбай,
Өчөшүп кирди көгөрүп.
Турумбекке он беш тор,
Оролуптур бойуна,
Эрдик менен Турумбек,
Албарсты алып колуна,
Тор кармаган он бешти,
Тобу менен кулатып,
Томурайтып сулатып,
Оң-тескери тоңкойтуп,
Ойронун элдин чыгарып,
Каны качып ачуудан,
Керсары тартып кубарып,
Кездеп кирди эрлерди,
Башын тартып калбастан,
Дегдеп кирди өлүмдү:
“Алп Жамгырчы түп атам,
Шайманбет менин чоң атам,
Сатыбай менин өз атам,
Өзүмдүн атым Турумбек,
Туусун жыгып бул элдин,
Тобун бузуп чыкпасам,
Мага болду уйат” - деп.
Көк түпөк кызыл найзаны,
Көпчүлүккө мылгытып,
Найзага кирген немесин,
Көгүчкөндөй зыргытып,
Карчыганын балык эт,
Май куйрукка мылгытып,
Зор Бактыбай, Турумбек,
Кызык уруш салыптыр,
Кылычтан канын чубуртуп,
Кыргын кылып салыптыр,
Он төрт хан Алаш аскерин,
Оордунан козгоду,
Жик-жиги менен топ болду,
Ооган менен испанды,
Өз элиңе кет деди,
Кете албасаң Калдыктан,
Артынан улап жет деди,
Кет дегенди укканда,
Эки хан эли кеткени.
Каракөз качып бузулуп,
Эки хан эли кутулуп,
Калмак менен маңгыттын,
Сыйкыры качкан кез ушу.
Муну мындай таштайлы,
Эр Татыбек баштаган,
Баатырлардын кыргында,
Өлгөнүнөн баштайлы.
ТАТЫБЕК БАШТАГАН БААТЫРЛАРДЫН ӨЛҮМҮ
Он төрт хан Алаш элдери,
Урушуп жаткан майданга,
Аккан селдей келгени.
Кара аскерди таштады,
Азыктагы Алабек,
Жеркендеги Малабек,
Хотендеги КозубекҮч карысы калганы,
Эр Бекбача баштаган,
Калган хандар ат салды,
Ылганып чыккан элинде,
Балбандары ат салды,
Бири миңден алгандан,
Билеги жоон андайдан,
Зардалдары ат салды,
Манастап ураан чакырып,
Ачуу менен бакырып,
Таластан келген Татыбек,
Ысык көлдөн Медербек,
Бирине бири эш болуп,
Теминип кирди эки бек.
Казактардын Курмушу,
Өзүбектин эр Мурат,
Бирин бири кайтарып,
Көөнү тынып чоң Кубат.
Нойгуттардын баатыры,
Лопнурдан келген хан Матан,
Кашкардын ханы Турдана,
Кантип адам беттешет,
Каары катуу буларга.
Алтай Иле жеринен,
Ылгалдан келген эринен,
Хан Көкчөнүн урпагы,
Касиеттүү Шерматкан,
Манастан келген Такырбаш,
Комулдагы Таабалды,
Адам уулу көрбөгөн,
Азыркы жүргөн адам да,
Булар өңдүү балбанды.
Бала жолборс Бекбача,
Манастап баатыр бакырып,
Алманын башын жапырып,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Аркасынан тозоңду,
Жөө тумандай сапырып,
Алдындакы тору атка,
Туйагы тийген жерлерин,
Жер очоктой каздырып,
Арандай оозун ачтырып,
Жолум үйдөй көбүктү,
Жол бойуна чачтырып,
Койуу жерин суйултуп,
Сейрек жерин чогултуп,
Калың топко кол салып,
Арасын ачып жол салып,
Калкандуусун какшатып,
Карылуусун кыйратып,
Сапта турган немесин,
Катары менен сулатып,
Найзалууга сайдырбай,
Сандалатып сапырып,
Балталууга чаптырбай,
Көз ачырбай башка уруп,
Кылычтууну кыйратып,
Кыйырын бузбай сулатып,
Олпоктуусун онтотуп,
Бастырбай тосуп токтотуп,
Кылычтын мизин кан кылып,
Элдин башын маң кылып,
Эңкейиште эр сайып,
Экиден беттеп бир сайып,
Сүрдүктүрүп сайганда,
Кырк-элүүдөн кулатып,
Жол бойуна томпойтуп,
Күзгү койдой жуушатып,
Жебедей кылып тор атты,
Кызыгында сыздырып,
Кыраан Манас көкжалдын,
Атын атап кыйкырып,
Капталдай качкан немесин,
Катар сайып баратат,
Кетемин деп өксүтүп,
Өргө салган немесин,
Өлтүрө сайып баратат.
Жетик тууган Каракөк,
Жеткирдин бири эмеспи,
Өчөшкөнүн өлтүргөн,
Өткүрдүн бири эмеспи,
Кара сууга кан куйган,
Канкордун бири эмеспи,
Өз-жат дебей чыр салган,
Анткордун бири эмеспи,
Адамга сырын алдырбас,
Манткордун бири эмеспи,
Эл үчүн жанын коргогон,
Канкордун бири эмеспи.
Ала качып баштарын,
Хандын баары мааналап,
Анык билди Каракөк,
Душмандын алын чамалап,
Таластагы Татыбек,
Андан чыгат далай кеп:
“Мени менен беттешип,
Келүүчүсү кайда? - деп,
Кез керип найза сундуруп,
Жеңүүчүсү кайда?” - деп;
Ысыккөлдөн Медербек:
“Жетимиш миң аскерге,
Жеке тиер менмин - деп,
Түп атам Агыш, Кулетен,
Бул сапар сайып жоо албай,
Куру кантип мен кетем?
Батыш менен чыгыштан,
Баш кошулуп чогулган,
Арамдардын түбүнө,
Абийирин ачып жетпесем!”
Казактардын Курмушу,
Кылымга жалгыз теңелер,
Кыйындын бири мына ушул.
Саймалуу калпак сары шым,
Саадагы күмүш сары алтын,
Салтанаттуу Курмушу,
Сакалы саадак кабындай,
Залкардын бири мына ушу.
Күүлөнгөндө аттанып,
Бир кишиче көзгө илбей,
Миң колго кирип чыгуучу.
Өзүбектин эр Мурат,
Өткүргө чыдап ким турат?
Өчөшүп келген кишиге,
Өлүмдөн кабар угулат.
Кийген тону чылт жибек,
Кыргоолдой болуп кулпурат,
Мингени айгыр аргымак,
Каршы келген Муратка,
Кантип качып кутулат?
Түп атасы Сынчыбек,
Арстан Манас төрөгө,
Акылдашса акыл бир,
Жаткан жерде жатын бир,
Жат душманга намыс бир,
Алты шаар, Анжыдан,
Атактуу Кеңкол, чоң Талас,
Жайыттагы малы бир,
Сандыкка салган зары бир,
Сактап алган даны бир,
Санаалаштын бири бул.
Кашкардын ханы Турдана,
Жандашып адам келбеген,
Жат кишиден жан буга.
Өзү кыпчак уругу,
Кең Кашкарга караштуу,
Далай шаардын улугу,
Адамдан башка зер акыл,
Азыркынын тунугу.
Кабаттап белин буунган,
Айыгышкан душманга,
Намыс үчүн туулган,
Карсылдашып келгенде,
Канга колун жуунган.
Эрте туруп, кеч жаткан,
Жаман айтпай кишиге,
Жайына койуп эл баккан,
Эгин эгип жан баккан,
Эби келсе мал баккан,
Акыл ойлоп мал таап,
Кар кылбастан эл баккан.
Тийбегенге тийбеген,
Тийишип келген душманга,
Дегеле башын ийбеген,
Кой маарек улук Турдана.
Азыктагы Алабек,
Жеркендеги Малабек,
Хотендеги Козубек,
Бекбача айткан буларга,
Колдон чыкпай тургун, деп,
Карсылдашар шайы жок,
Картайып калган бары, деп.
Ичинен сызып бул үчөө:
“Карылыгың куру! - деп,
Кары эмес жаш болсок,
Карсылдашкан кызыкка,
Аралашат элек, - деп,
Көкүрөк керип эр сайып,
Жүрбөс белек дердектеп,
Карылыктын айынан,
Бөлүнүп калдык эл четтеп,
Карыларга Алабек,
Айтып турду мындай кеп:
- Карыганда хан болуп,
Калк бийлеген жан болуп,
Карсылдакка келгенде,
Карап турсак кар болуп,
Качырып найза сайа албай,
Эрдигиң кетип зар болуп!
Малабек менен Козубек,
Ылайык келсе ушул кеп,
Карыганда хан болбой,
Үйдө жатып жан багыш,
Ойлоп көрсөм дурус кеп.
Алабектен кеп угуп,
Малабек менен Козубек,
Карсылдап күлүп кошулуп:
- Айтканың акыл, Алабек,
Бекбача кайтып келгенде,
Үчөөбүз кайтып кетсек-деп,
Кеңеш кылып олтуруп,
Куунак көңүл турушту,
Кеңеш кебин толтуруп.
Лопнурдан келген кол менен,
Нойгуттардын эр Матан,
Түбү кандай Матандын,
Түшүндүрүп мен айтам.
Ак балта хандын Чубагы,
Акылдашы, ынагы,
Үзүктөй калпак эр Шууту,
Мына бу турган эр Матан,
Ал Шуутунун тукуму,
Атагы Лопнур болсо да,
Черченде болгон туругу,
Черченде төлдөп көбөйгөн,
Жибек курттун уругу.
Тукуму өскөн төл арбып,
Жибектен түшүм көп алып,
Жардысы калбай Нойгуттун,
Бары кеткен бүт байып.
Жеңилбеген эр Матан,
Эчен сапар эр сайып,
Ар жагынан Индистан,
А да келген кол салып,
Кызыл чапан жайдак төш,
Чингилден түшкөн жол салып.
Кешмир менен танапташ,
Киргит менен канатташ,
Колу узарган Матанга,
Коркпой кимдер кол салат?
Хан Матанды байкасаң,
Канча түрдүү сыры бар,
Так азамат эмеспи,
Он эки түрдүү кыры бар,
Каршылашкан кишиден,
Канбай турган чыры бар.
Алтайдын арал көлүндө,
Акчамбыл таштын белинде,
Сан жылкысы жайнаган,
Сары ала кулун байлаган,
Айдаркандын хан уулу,
Эр Көкчөнүн тукуму,
Үч каркыра, Көкдөбө,
Илени кошо башкарган,
Алматыда Аккубак,
Түбү тууган аталаш,
Манас менен Көкчөдөн,
Ошолордон бер жакка,
Казак, кыргыз дебеген,
Ак көңүлдүү талапташ,
Эл баштыгы Шерматкан,
Кайраты көптү жапырган,
Кайкап сан миң кол келсе,
Жазганбай жалгыз качырган,
Темир кийген неченди,
Жер жаздантып жапырган.
Алтай, Иле, Каркыра,
Калгандардан жери көп,
Жер жайнаган эли көп,
Жерге чыккан чөбүнөн,
Колбуп жаткан малы көп,
Жыгачы көп, жери көп,
Бугусу көп, муңдуу көп,
Элиги көп, куран көп,
Жээрени көп, кулан көп,
Аркар-кулжа андан көп,
Эчки-теке сандан көп,
Карышкыр көп, түлкү көп,
Адамга керек мүлкү көп,
Төр-төрдө илбирс, айуу көп,
Борсугу көп, сууру көп,
Жилик чагар ташы жок,
Жылтылдаган чөбү көп.
Чөптөрү белден буралган,
Байчечекей сандаган,
Тиктесе көз уйалган,
Ошончо жерге ээ болгон,
Ошончо элге баш болгон,
Казактардын Шерматкан,
Качырып кирген жеринде,
Карысынан кан болуп,
Ат карыдан жин болуп,
Туура кармап найзаны,
Көндүм болгон эр ошол,
Душман менен урушуп.
Комулдагы Таабалды,
Аргын кыргыз элинен,
Атактуу эр бул дагы.
Түп атасы Чойунбаш,
Кыпчакбайдын тууганы.
Кыпчакбайдан Абдылда,
Которгон аты Ажыбай,
Чойун баштан Сарыкер,
Кылымдан ашкан дарыгер,
Сарыкерден Эрболот,
Болоттун уулу Таабалды,
Түбүнөн бекер келбеген,
Сардардын бири бул дагы.
Канча сапар сапырып,
Душман кууган Таабалды.
Жуңгардын ары жагында,
Куландын сары сайында,
Калмагы бар, дүнгөн бар,
Карсылдашып келген бар,
Түштүк жаккы кырында,
Жашырбай айтсак чынында,
Кызыл чапан эли бар,
Аңгеменин кени бар,
Чыгышында Комулдун,
Каракытай манжу бар,
Шибе, солон бу да бар,
Калмактардын эли бар,
Кыйпач түштүк жагында.
Какандын ханы олтурган,
Чоң шаарынын чеби бар,
Калдыраган кара таш,
Шыңшыңдын ашуу бели бар.
Тынч уктабай Таабалды,
Баарысынан шеги бар,
Ошончолук түйшүктөн,
Билдирбей элин сактаган,
Таабалдынын бели бар.
Белдүү баатыр Таабалды,
Душмандан качып кажыбас,
Кайратынын кени бар,
Көбүнчөсү каңгайдын,
Таабалдыдан шеги бар,
Көрүп – билип баатырды,
Ошолордон кол салып,
Келе албаган жери бар.
Жеке баатыр Таабалды,
Аралап элге киргенде,
Көргөндүн баары таңгалды,
Манастап ураан чакырып,
Бет келгендин баарысын,
Самандай кылып сапырып,
Жел тийгендей дүргүтүп,
Короодо койду үркүтүп,
Сүрдүгүп токтоп туралбай,
Таабалдынын сүрүнөн,
Качып жүрөт уйалбай,
Качырып найза суналбай,
Түрүнөн коркуп туралбай,
Манастагы Такырбаш,
Баатыр Манас барында,
Кутунай жүргөн акылдаш,
Ажыбай жокто ордуна,
Бий болучу какылдап.
Падыша Манас башында,
Бешбалыкты алганда,
Алганым жалган болот ,деп, Манастын шаарын салганда,
Кутунайды бир шаарга,
Бий көтөрүп койуптур,
Кутунай аты жойулуп,
Кутубий атка конуптур,
Беш балыктын баарына,
Жалгыз аким болуптур.
Кутубий өзү барында,
Кызынан чыккан бала экен,
Такырбашты Манаска,
Улук кылып койуптур,
Кутубий көзү өткөндө,
Манаста туруп Такырбаш,
Баарына аким болуптур.
Кайраты бар эр жүрөк,
Кажыбаган сом билек,
Үстүнкү ээрди далбайган,
Алдынкы ээрди калбайган,
Кең көкүрөк далдайган,
Ичине эңшер капкан бел,
Жалгыз башым мен деген,
Жалтанбаган эр экен ,
Оттой күйүп жайнаган,
Жалындуу эрдин бири экен,
Беттеп кирди душманга,
Бей ажал өлүп эчени,
Армандуу кетти бушманда.
Баатырдан кирди он бир хан,
Бекбача менен он эки,
Топ-топ кылып бөлүнтүп,
Канды суудай көбүртүп,
Корккон элдин көзүнө,
Түптүз жер аңдай көрүнүп,
Алты хандын элине ,
Акыр заман күн болду,
Жарык күнү түн болду,
Ажал-өлүм кез болду,
Амалсыз элдер нес болду.
Кыргыздын калың аскери,
Карап турат жардашып,
Жүз отуз миң аскерге,
Он эки киши кармашып.
Маңгыттардын Калдыгы,
Ичине батпай ардыгы,
Өкүм сүйлөп сөз кылып,
Өткүр болуп жарлыгы,
Он алты миң балбанды,
Кычырып алды жанына.
Беш миңден бөлүп он миңди:
-Бактыбай менен Муратка,
Жазганбай торду сал,-деди,
Жалдыратып көздөрүн,
Азыр байлап ал,-деди,
Алты миң балбан, кулак сал,
Алты жүз тайган итим бар,
Аны кошуп бирге ал,
Иттерге атын талатып,
Бекбачаны байлап сал!
Он миң киши ат койуп,
Бактыбай менен Муратка,
Жабыла жетип барганы,
Туш-тушунан ыргытып,
Жалпы торду салганы,
Өзүбек Мурат баатырды,
Азы калып көбү өлүп,
Аты менен тордоду,
Ордунан козгоп Муратты,
Алпарар заман болбоду.
Беш миң киши жабылып,
Бактыбайга барганы,
Үч миңче өлүп түгөдү,
Торун сала албады.
Бары торун көтөрүп,
Беш жүз балбан барганы,
Баары өлүп түгөндү,
Бири сала албады.
Бодоң барып беттешип,
Калгандар торун эптешип,
Бактыбайга элүү тор,
Амалсыздан оролду,
Кыймыл этер амал жок,
Эр Бактыйбай тордолду,
Калдыктын кылган амалы,
Бактыйбай менен Муратка,
Капталдан кара шор болду.
Ошончо бүлүк болсо да,
Ишарат болбой булардан,
Кыргыздын эли айран-таң.
Алты жүз тайган ит менен,
Алты миң балбан жабылып,
Бекбачага жармашты.
Алты жүз ит арсылдап,
Тоо кабышып каңкылдап,
Кээ бир иттин көздөрү,
Чакмак таштай жалтылдап,
Бекбачага жабылды.
Мындан мурда мындайды,
Кабылан тууган Бекбача,
Көзү менен көрбөгөн,
Көрмөк түгүл укпаган.
Тору атты иттер жарганда,
Кармайбыз деп тор кармап,
Алты миң балбан жардады.
Тумшуктан атты алчудай,
Жолун тосуп көп дөбөт,
Куйругуна сүйрөлүп,
Кырк элүүчө ит жүрөт.
Үзөңгүгө асылып,
Арсылдаган канчасы,
Улуп-уңшуп ажылдап,
Ыжылдаган мынчасы,
Кудай бетин көрсөтпө,
Алты жүз тайган ажылдап,
Бир кишини камаса,
Баатыр минген Майтору,
Жылкыдан сыны бир башка,
Анын ырысына жараша,
Аркасын карап кылчаңдап,
Жорголой басып ыкчамдап,
Кыйгач тиктеп жаныбар,
Кыйырдата тепкенде,
Жүздөн ашык ит өлүп,
Бир канчасы жарадар.
Аркасынан келген ит,
Качып калды бара албай.
Туурасынан келгенин,
Чарпып тартты Майтору,
Алтымышча көп дөбөт,
Көмөлөнүп торойду,
Кара жаак булдурсун,
Кармай алды Бекбача,
Камчыны булгап ийгенде,
Канча итке тийгенде,
Оро-пара көп дөбөт,
Айрыкчасы көк дөбөт,
Тиши чыгып ырсайып,
Тумшугу менен жер сайып,
Мурдунан каны шорголоп,
Жаныңда калбай жалгыз ит,
Маңгыттардын тобуна,
Качып кирди корголоп,
Элкиндей басып Майтору,
Кетип барат жорголоп.
Манжулардан чоң Бодоң,
Кирип келди коржоңдоп:
-Мен беттеше калам ,- деп,
Калгандар торун салар ,-деп,
Бактыбайды амалдап,
Бекбачаны алам,-деп,
Качырып найза салганы,
Жазганбаган Бекбача,
Найзаны улай кармады.
Тээктүү жерин найзанын,
Манжу Бодоң колунда,
Учунан кармап Бекбача,
Күч келтире тартканы,
Тээги чыкпай колунан,
Тоодой болгон чоң Бодоң,
Томолонуп жатканы,
Аңгычакты торчулар,
Далай торду таштады.
Эр Бекбача төрөбүз,
Үч жүзчөлүк темир тор,
Эми ичинен көрөбүз.
Бактыбай менен Муратты,
Байлануу турган жеринде,
Көзү көрдү Бекбача.
Эр Медербек , Курмушу,
Татыбек менен Турдана,
Шерматкан, Матан, Таабалды.
Торго алсак деп буларды,
Маңгыттардын аскери,
Жабыла жетип барганы.
Турпандагы Турумбек,
Манастагы Такырбаш:
«Бекбача менен Бактыбай,
Муратты булар байлады,
Байлайбыз деп жабылды,
Колго түшпөй калганды.
Жекелешип эр келсе,
Качкан болуп жөнөйлү,
Өчүгүшүп эр сайып,
Алдамына көнбөйлү.
Ары качып далбактап,
Бери качып салпактап,
Биз да амал табалы,
Бактыбай, Мурат, Бекбача,
Биз куткарып алалы»
Кеңеш кеби бүтүштү,
Эрлер менен беттешпей,
Эл аралап кетишти,
Чоң Бодоң кылды амал, - деп,
Беттешип турсак биз бирден,
Торчулар байлап алар, - деп.
Алты хандын элдери,
Атка минген эрлери,
Кыргыздын тогуз ханына,
Жол тосоттой келгени,
Калдык барбай калыптыр,
Калганы такыр барыптыр Манжулардын чоң Бодоң,
Солондордун Жабике,
Шибелердин Йобалы,
Кара кытай Зоңтары,
Моңгулардын Бетирке,
Хандар жөнөп алганы.
Хандардын арка жагынан,
Манжулардын Каман алп,
Солондордун Чынары,
Кара кытай Кампалаң –
Моңгулдардын Калдалаң,
Балбан жөнөп алганы.
Жеке чыгып сайышка,
Жарабастан намыска,
Жабылып булар өмүлдү.
Баатыр менен балбанга,
Кыргыздагы хандарга,
Беттешкен болуп амалдап,
Тор салып тордоп байларга,
Булар мунтип баратыр,
Эр Такырбаш Турумбек,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Асылбача - Бекбача - 18
  • Parts
  • Асылбача - Бекбача - 01
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2402
    27.1 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 02
    Total number of words is 4224
    Total number of unique words is 2033
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 03
    Total number of words is 4167
    Total number of unique words is 2177
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 04
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 2249
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 05
    Total number of words is 4227
    Total number of unique words is 2142
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 06
    Total number of words is 4145
    Total number of unique words is 2368
    27.9 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 07
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 2166
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.9 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 08
    Total number of words is 4277
    Total number of unique words is 2252
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 09
    Total number of words is 4169
    Total number of unique words is 2230
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 10
    Total number of words is 4247
    Total number of unique words is 2253
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 11
    Total number of words is 4282
    Total number of unique words is 2270
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 12
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 2246
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 13
    Total number of words is 4233
    Total number of unique words is 2187
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    43.8 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 14
    Total number of words is 4237
    Total number of unique words is 2126
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 15
    Total number of words is 4138
    Total number of unique words is 2147
    28.9 of words are in the 2000 most common words
    40.8 of words are in the 5000 most common words
    47.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 16
    Total number of words is 4194
    Total number of unique words is 2163
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 17
    Total number of words is 4192
    Total number of unique words is 2144
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 18
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 2261
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    40.9 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 19
    Total number of words is 4245
    Total number of unique words is 2140
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 20
    Total number of words is 4306
    Total number of unique words is 2154
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    52.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 21
    Total number of words is 4116
    Total number of unique words is 2203
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 22
    Total number of words is 4226
    Total number of unique words is 2218
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 23
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2153
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    44.1 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 24
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2199
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 25
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2437
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    47.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 26
    Total number of words is 4295
    Total number of unique words is 2395
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 27
    Total number of words is 4235
    Total number of unique words is 2320
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Асылбача - Бекбача - 28
    Total number of words is 3254
    Total number of unique words is 1922
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.