Latin

Балдар фольклору - 20

Total number of words is 4187
Total number of unique words is 1737
37.6 of words are in the 2000 most common words
52.8 of words are in the 5000 most common words
58.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
келгенин Сыйпага билдиришти.
— Анда конок үйгө алпарып, тамактандырып, орунду жакшылап салып
бергиле, эс алсын. Күн баткандан кийин аны ордого алып келгиле, — деп буйрук
кылды. Эки желдет Сыйпанын айтуусу боюнча мейманды жакшылап
жайгаштырышты. Аңгыча күн да батты. Мейман уктап, сергип алды. Бир маалда
эки желдет келди:
— Сыйпа кыз сени чакырып жатат. Мейман «макул» деди да ыргып туруп, эки
желдеттин артынан жөнөдү. Жалаң каухар таштан салынган үйгө алып барса,
падыша кыз келип күтүп калган экен.
Мейман Сыйпа менен учурашып, аны алганы келгендигин айтты. Анда кыз
астейдил күлүп койду: «Мени бир түндө үч сүйлөткөн киши алат. Мени үч
сүйлөтө албасаңыз, башыңыз алынат». Берки: ал шартты билем, — деди. Кыз:
«Эмесе сүйлөтүүчү бөлмөгө киргин» дейт. Ошондо мейман мурда барып, кире
бериштеги кооз тактага отурду.
— Сыйпа кыз: — Ал такта меники, сиз тигинде өтүп отуруңуз, — деди.
Мейман: «Мен өлүүчү, же күйөө болуучу кишимин, ошон үчүн бир түн каалаган
ордума отурамын — деп, көшөрүп отуруп алды. Ошентип Сыйпа падыша үн
чыгарбай отуруп калды. Мейман ар түрдүү кептен баштады. Сыйпа түк
унчукпайт. Түн ортосу жакын калганда «баякылар келгендир» деп болжоп,
аңгемени мындайча баштады: Илгери-илгери бир жыгач уста, бир темир уста, бир
кийим тигүүчү, бир молдо болуп төрт адам жолоочу жүрөт экен. Ууру-бөрү күчтүү
болгондуктан, кезек менен аттарды күзөтмөк болушат. Биринчи кезек жыгач
устага тиет, ал эригип отуруп, жыгачтан кишинин түспөлүн жасап коюп, кезекти
темир устага бериптир.
Темир уста аттардын жанына барса, бир киши турат, киши деп караса жыгач.
«Бул жыгач устанын көрсөткөн өнөрү экен» деп темир уста ага сөйкө, билерик,
шакек, мойнуна мончок жасап кооздоп туруп, кийим тигүүчүнү ойготуп, кезекти
өткөрүп берет. Тикмечи барса бир кыз турат. Байкаса жыгач. «Жыгач уста менен
темир устанын жасаган өнөрү экен» деп, мен да силерден калбайм деп не бир
кооз кийимдерди тигип кийгизип жасалгалап, акыры кезекти молдого өткөзүп,
уктап калат.
Молдо туруп аттарды аралап жүрүп, тикесинен турган бир адамды көрөт.
Чукул барса кыз, түртсө жыгылып калат. Ошондо молдо: «бул мага тигил үчөөнүн
көрсөткөн керемети экен» деп дем салса, баягы жыгач кызга жан кирип, тил
бүтөт экен. Эртеси «мен алам, сен албайсың» дешип, катуу талашып калышат.
Сыйпа падыша, айтыңызчы, кызды төртөөнүн кимиси алат? деп сурап калды эле,
падыша кыз унчуккан жок.
Анда мейман: «Жандуу Сыйпа айтпаса, жансыз такта сен айтчы?» деп тактаны
бир салды эле, «Кызды жыгач уста алат» деген күңгүрөнгөн добуш чыкты. Ал
добуштан Сыйпа чочуп кетип: «Андай эмес, ал кызды жан салган молдо алат», —
деп жиберди. Сыйпа кыз «бир сүйлөдү» деп коңгуроо угулду. Бул кабар шаарга
дүңк дей түштү.
Экинчи аңгеме мындайча башталды. Илгери бир байдын жалгыз кызы
болуптур. Ошол кызга бир күндө үч кандын баласы жуучу жиберишиптир.
Кыздын атасы кимисине берерин билбей башы катып, ары-бери ойлонуп
туруп, үч күйөөгө: «Үчөөң үч түрдүү буюм алып келгиле, кимиңки артык болсо,
ошонуңа беремин» деп үч күйөөнү кайра кайтартып жиберген экен.
Арадан нечен айлар, жылдар өттү. Акыры үчөө үч түрдүү буюм сатып келе
жатышып, бир жолдон кездешип калышат да, ар бири өзүнүн сатып алган
буюмунун касиеттерин айтышып мактана кетишет. Көрсө алардын бири алма,
бири килем, бири күзгү сатып алган экен. Алманын ээси: «Мунун касиети өлгөндү
тиргизет» деди. Килемдин ээси: «Килемге олтурсаң, каалаган жериңе дароо
жеткизет» деди. Күзгүнүн ээси: «Дүйнөдө эмне болуп жатса, ошону даана
көрсөтөт» деди.
Анда үчөө: «Кана көрөлүчү, колуктубуз эмне болуп жатат?» деп, күзгүнүн
бетин ача койсо, үчөөнүн талашкан кызы өлүп, мүрзөгө койгону жатыптыр.
«Кана килемдин өнөрүн көрөлү» деп, үчөө килемге отуруп, дароо жетип
келишти да: «Токтогула, койбогула» деп, кызды мүрзөгө койдуртушпай, кайра
көтөрүп үйүнө алдырып келип, алманы мурдуна тийгизсе, кыз тирилип тура
калды. Ал жерден: «Мен аламын, сен албайсың» деп, талаш чыгыптыр. Кана
падыша кыз, айтыңызчы, аны үчөөнүн кимиси алат? деди эле, Сыйпа дагы
унчуккан жок. Анда обозгердин кызы: «Жандуу Сыйпа айтпаса, айткыла деп дагы
тактаны бир салды. Ошондо: Жеткизген килемдин ээси алат» деп, тактадан үн
чыкты. Анда Сыйпа падыша чочуп кетип: — Андай эмес, кызды тиргизген
алманын ээси алат, деп сүйлөп жиберет. Аңгыча «Сыйпа кыз сүйлөдү» деп, экинчи
жолу коңгуроо кагылып шаардагылар бүлүк түшүп калды.
Кандын баласынын келинчеги үчүнчү аңгемесин айта баштады.
Илгери бир кемпир кандын уюн саап, күнүнө канга эртең менен эрте сүт алып
барып берүүчү экен. Күндөрдүн биринде баягы уй саачу кемпир адатынча таң
заарынан сүт алып бара жатып, сүттү жерге коюп, бир жакка чуркап кетет.
Дал ошол убакта бир айры куйрук келип, бир жыланды жерден эңип алып,
кемпирдин сүтүнүн үстүнөн алып өтүптүр. Ошол мезгилде жылан заарын төгүп
ийсе, сүткө келип түшүп калат экен. Кемпир билбестен сүттү алып келиптир. Кан
сүттү ичер менен мүрт өлүптүр. Бул кандын өлүмү үчүн үчөөнүн кимиси
айыптуу? Жооп берчи, Сыйпа? десе кыз унчукпайт. Ошондо кыз: — Бул канды
кудай дудук кылып жаратыптыр. Мындан жансыз сен өйдөсүң, ким айыптуу?
Кана айтчы? деп тактаны бир салды эле: — Кандын өлүмү үчүн кемпир эле
күнөөлү, — деген үн чыгат. Адилет Сыйпа чочуп кетип: — Жок андай эмес, айры
куйрук күнөөлү, — деп сүйлөп иет. Ушуну менен «Сыйпа падыша үч сүйлөдү» деп,
коңгуроо кагылып, калкына кабар берилет.
Эл: «Кызды сүйлөткөн кандай ырыстуу неме болду экен, же сыйкырчыбы, бат
эле таң атып, күйөөнү көрсөк экен» деп, аябай таң калышты. Аңгыча таң да атат,
эл жыйылып, кандын ордосуна келе башташты. Аял болсо Сыйпа менен
аркы-беркини сүйлөшүп отурду: — Менден башка сиздин колуңуздан аман
калган пенде барбы?
— Бирөө бар, аны уй кайтарган чалдын кемпири сурап алып кеткен, ал ошондо
болууга тийиш. Обозгердин кызы Сыйпага кайрылды:
— Ушул өлгөн пенделерди бир сыйра көрүп чыгууга болобу?
— Эрк сизде.
Ошентип, обозгердин кызы өлгөндөрдү бүт кыдырып чыгат, бирок,
күйөөсүнүн башы көрүнбөйт.
Андан таппагандан кийин: «Мен үч күн бир жерге барып келем» деп коюп,
баякы Сыйпа кыз айткан уйчу чалдыкына барса, күйөөсү музоо кайтарып
жүрүптүр. Чач, тырмагы өскөн, адам сыпаты кеткен. Аны таанып: «Ата, ушул
музоо кайтарган балаңды мага сатыңыз, жалгыз элем, жолдош кылып алайын»
деп жабышат. Чал макул болот. Баланын зайыбы чалдын сураган дилдесин берип,
күйөөсүн сатып алып, шаарга келет.
Андан кийин баланын чач, тырмагын алдырып, жуунтуп, тазалап туруп, эски
кийимдерин, чач, тырмагын бир чоң сандыкка салып бекитип, ачкычты өзү
катып алат да, «ушуну бек каткын» деп сандыкты Сыйпага алып барып берди.
Кайрадан келип, өзү кандай кийим кийсе, баланы да ошондой кийинтип,
өзүнүкүндөй окшош ат мингизип, үч күнү алып жүрүп тыңытып кол кармашып,
достошот да: — Мен тез кетейин, ошондой зарыл жумуш чыгып калды, Сыйпа
канышаны сүйлөткөн мен элем. Үйүмдө аялым бар, аны кыялбадым, Сыйпаны сен
ал. Сыр билгизбей кызга баргын, ашык сүйлөбө, сөз айтса сөзүнө жараша жооп
бер, тезирээк алып кайт, — деп бала менен коштошуп, обозгердин кызы кете
берди.
Бала болсо Сыйпа кызга барат. Сыйпа каныша себин сексен төөгө жүктөтүп,
күң жана кулдарын алып, бала менен жөнөйт экен. Обозгердин кызы болсо,
мурунураак келип, жүдөңкү тартып үйүндө отуруп калат. Бир аз күндөн кийин
кандын баласы Сыйпа кызды алып келип, өзүнчө өргөө көтөртүп, чоң той берет.
Мурунку аялын болсо: «Кет, селпейген каракчы десе, дале кете элек тура» деп
уруп кирет. Ошондо обозгердин кызынын ачуусу келип Сыйпага барат: — Мен
бир сандыкты аманат таштадым эле, ошону мага бериңизчи — деп, сандыктын
ачкычын койнунан сууруп алат. Сыйпа кыз болсо оозун кармап, өзүн сүйлөткөн
ушул келинчек экенин билет да, сандыкты алып келип, таазим кылып алдына
коет. Обозгердин кызы сандыкты ачып, элден мурун баланын самтыраган
кийимин сууруп чыгат. Анда бала: — Бул эски кийим меники эмес бул чач менен
тырмак да меники эмес, — деп танат. Обозгердин кызы: — Сыйпаны кантип
сүйлөтүп алдың айтчы? — дегенде унчуга албай жер тиктейт. Ошол жерден бала менен Сыйпа кыз экөө тең обозгердин кызынын бутуна жыгылып, бүт
бийликти ага берип, үчөө ынтымактуу болуп жыргап жатып калышкан экен.
ЗАР МЕНЕН МЭЭР
Илгери-илгери бир падыша болгон экен. Күндөрдүн биринде вазири экөө куш
салып ууга чыкса, башка падышалар жанына балдарын ээрчитип, куш салып
жүргөнүн көрөт.
Падышанын көңүлү бузулуп, вазирине: «Кудайым бизге эмне үчүн бала
бербеди, биздин катындарыбыз эмне үчүн туубайт?» деп капа болуп үйлөрүнө
келип, катындарын сабап кирет. Бечара катындар бала үчүн зарланышат, тилек
тилешет. Алардын зары өткөнбү, үч-төрт айдан кийин катындарынын боюна
бүтөт экен.
Падыша дагы бир жолу куш салып жүрүп: «Эми кудай берсе, катындарыбыз
туумак болду. Менин катыным эркек тууп, сенин катының кыз тууса, кызыңды
менин балама бер, сенин катының эркек тууп, менин катыным кыз тууса,
кызымды сенин уулуңа берем, эгер экөө тең эркек болсо экөө акыреттик дос
болсун» деп экөө баталашып, ант кылышат.
Айлар өтүп, күндөрү жетип, катындары толготордо: «Жүрү куш салалы,
төрөгөндө бир киши сүйүнчүлөп, барар» дешип, экөө жүрүп кетишти. Буйрук
менен вазирдин катыны эркек, кандын катыны кыз төрөдү. Бир мастан кемпир
сүйүнчүлөп вазир менен падышага: «Аман-эсен катындарыңар төрөдү, вазирдин
катыны эркек падышанын катыны кыз төрөдү» дейт. Экөө сүйүнгөн бойдон
жарышып келе жатып, вазир атынан жыгылып, арка-мойну астында калып өлөт.
Падыша той жасап, кыздын атын Мээр, уулдун атын Зар койду.
Зар менен Мээр бир жүрүп, бир ойноп 16 жашка чыгышты. Мээрдин сулуулугу
жандан ашып, ар кайсы падышалардын балдары ашык болуп, куда түшүүгө
суратты. Кээ бир падышалардын балдары «Мээрди албасак да, жүзүн бир көрөлү»
дешип, ашык болуп, ак боз аттары менен жыландай ойнотуп, Мээрдин астынан
өтөр эле. «Куда түшөм» деп келгендерди падыша: «Кызым күйөөдөн жутаган жок,
күйөөсү бар, убара болуп келе бербегиле» деп, кайтара турган.
Падыша элден коркуп, адам эшигин тапкысыз бир сарай жасатып, Мээрди
киргизип, эшигин бир мастан кемпирге кайтартып койду. Зар ары жактан карап,
бери жактан карап, Мээрди эч таба албай, ичи күйүп: «Куда түшөм деп жүргөн
падышалардын бирөө ала качып кеттиби?» деп ичинен сызып ыйлайт. «Эне,
менин курдашым, акыреттик жарым Мээр жок. Кайда экенин билесиңби? Же
падышалардын балдары менен качып кеттиби?» деп Зар энесинен сурайт экен.
Энеси чуркап барып, баласынын башын көтөрүп: «Зар балам, башыңды көтөр,
ыйлаба. Кайнатаң жаңыдан салган сарай үйдүн терезесин барып карачы көңүлү
болсо Мээр сага бир сөз айтар» дейт экен. Энесинин сөзүнө кубанып, Зар чуркап
барып терезени карап турса, Мээр терезени ачып, күзгүнүн бетин өзүнө, сыртын
Зарга каратып, терезени жаап кетип калды. Зар капаланып энесине келди да:
«Эне, менин досум, акыреттик жарым менден күдөрүн үзүптүр. Күзгүнүн бетин
өзүнө, сыртын мага каратып кетип калды. Кулдун баласы деп, мени теңине
албагандыгы үчүн мен бул дүйнөдө турбаймын» деп дагы ыйлады. Анда энеси:
«Андай эмес күзгүнүн артын көрсөткөнү күндүз эмес, түнкүсүн кел дегени
эмеспи» деди.
Зар сүйүнүп, ордунан ыргып туруп барып терезеден карап турду. Ары басты
бери басты, күндүн кеч кирмеги кыямат кайымдай болду. Намаз шам менен
куптан арасында Мээр Зарды чакырып алып: «Сүйүктүү досум, сен чоң ак чийдин
түбүнөн кетпе. Эл жатарда мен атамдан уурданып, сандыктагы ак бараң менен
көк бараңды, акырдагы ак тулпар менен көк тулпарды алып чыгамын. Экөөбүз
качабыз. Сен даяр тур» деди.
Бул экөөнүн сүйлөшүп жатканын мастан кемпир угуп: «Силерге бирди
кылайын» деп кекенип калат.
Ушуну менен Зар барып, ак чийдин түбүнө Мээрди күтүп олтурду. Мастан
кемпир акырын келип караса, Зар уктап калыптыр.
Зарды ордунан көтөрүп башка жерге коюп, ордуна өзү чүкөдөй болуп олтуруп
калды. Мээр аттарды алып келип: «Мингин тулпарга» деди. Мастан кемпир
тулпарга минди. Түн бою экөө жүрүп отуруп, күн шашке болгондо арт жагын
караса, Зардын ордуна мастан кемпир аргымакка минип келе жатат. «Кылмакчы
элең кылдың, жемекчи элең жедиң, ушинтип кууратмаксың? Канча кылганың
менен көптү көргөн эмессиңби, жол башта» деди Мээр.
Мастан ак тулпар менен кыя тартып, алдына түшүп бара жатат. Мээр ак
бараңды колго алып, астында бара жаткан кемпирди шыкаалап: «Эки далынын
ортосу, так жүрөктүн толтосу, өлөр жериң ушул» деп, атты эле, мастан чыңырып
кулап түштү.
Канча кылганы менен акылы бар эмеспи, тулпардын изи менен Зар таап келер
деген ой менен Мээр ошол жерде үч күнгө чейин күтүп жатты.
Зар уктап бир убакта турса, эч ким жок. Жалгыз өзү калган. Күн алда качан
шашке болуптур. Эки жагын караса, анда-санда аяктай жерди томура баскан
тулпардын изи жатат. «Кой, мени алдап уктатып коюп, качып жоголгон экен.
Тулпардын изи менен таап, канчалык сен деп жүрсөм да карабайсың, эң жок
дегенде жолдоштук акымдан кеч дейин» деген ою менен артына түштү. Узак
жүрүп отуруп, акыры Мээрге жетти. «Акыреттик досум, келдиңби, мастан кемпир
экөөбүздү ажыратып кое жаздады. Эмне болуп адаштың?» деди Мээр. «Бу да
болсо мастандын азгырып уктатканы» деди Зар.
Мээр Зарды атка мингизип жүрүп олтуруп, бир теректин түбүнө келип,
тамактанышты да, ошол жерге түнөмөкчү болушту. «Зар, сен уктап ал, аттарды
мен карап турайын» деди Мээр. Зар уктап болгондон кийин Мээр уктады. Зар
аттарды карап турат. Ал үч күн тамаксыз жөө келгендиктен көзү уйкуга кетти.
Бир убакта шылдыр-шылдыр этип, теректен түшкөн жалбырак Мээрдин бетине
тийди. Көзүн ачып караса, бир кара чаар жолборс теректин башына чыгып бара
жаткан экен. Акырын тура калып ак бараң менен атып жиберди эле, жолборс
жерге кулап түшөт. Терисин сыйрып алып, экөө андан ары жүрүп кетишти. Бир
шаарга жакындаганда аттары боругуп өлүп, өздөрү жөө калып, дагы илгери
жүргөндө жолунан чоң суу кез болду. Жөө өтө албай, сууну бойлоп жүрүштү эле,
бир кайык көрүндү. Анда бир сокур абышка отурат. Мээр: «Айланайын аке, бизди
аркы өйүзгө чыгарып коюңузчу» деди эле, абышка: «Чыгарсам бирден чыгарам
экөөнү кемем көтөрө албайт» деди. Мээр чалдын ойлогонун билип кемеге ыргып
түшүп жүрүп кетти. Суунун ортосуна барганда чал Мээрдин бетинен жыттап,
асылып калды. Мээр абышканы кармашып жатып сууга түртүп жиберип, кемени
кайта айдап келсе Зар жок. Ары карады, бери карады, эч таба албады. Зарды
жоготуп, кайдан табарын билбей, акыры чарчап бүтүп, бир теректин түбүнө
уктап калды.
Таймас деген падыша куш салып жүрсө, кушу Мээр жаткан терекке конду.
Падыша келип, Мээрди көрөр замат ашык болуп калды. Падышанын тогуз
катыны бар экен. Мээрди онунчу аялдыкка алмак болуп чоң той берди. Мээр:
«Таймас падыша, мен да бир падышанын кызы элем, кудай никемди сизге
буюруптур. Эми сиз мени, тогуз катыныңызды кошуп сейилдикке жибериңиз.
Баарыбыздын аттарыбыз, кийимдерибиз бирдей болсун, анан кимибиздин
өнөрүбүз ашык болсо, ошонубуз эрке катын бололу» дейт.
Таймас падыша макул болуп, Мээрдин айтканынын баарын оюндагыдай
орундатты. Бир күнү тогуз катынды ээрчитип келсе, баягы кемеси ордунда
турган экен. Тогуз катынга кемени көрсөтүп: «Ар жакка чыгып ойноп келелиби?»
дейт.
Катындар сүйүнүп кемеге түшүштү. Мээр кемени айдап суунун агымы менен
бара жатып, суунун көлгө куйган жеринде ары-бери өткөндөрдү карактап турган
он каракчыга кармалып калды. Каракчылар «өзү келген олжо» деп кубанышат.
Мээр каракчыларды «той кылгыла» дейт. Каракчылар той жасап нике кыйып,
катындарды алмак болду. Алар той камылгасын көрүп жүргөндө Мээр аялдар
менен сүйлөшүп: «Чайга уу кошуп берип буларды уулантып өлтүрөлү» деди.
Айтканындай чай менен кошуп уу берип, каракчылардын баарын өлтүрүп,
эркекче кийинип, чачтарын төбөлөрүнө түйүп, кылычтарын жана мылтыктарын
асынып, аттарын минип, жүрүп кетишти.
Катындар жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир шаарга жетишти. Ал шаардын
падышасы өлүп, падыша кылууга баласы, же жакын туугандары болбогондуктан,
талаш болуп жаткан экен. Өлгөн падышанын бир кушу бар экен. Ошо кушту
учуруп, кимдин башына консо, ошону падыша кылабыз деп жатышыптыр.
Катындар жыйылган элдин ичине барышат. Бир убакта эл кушту учурду эле, куш
Мээрдин башына конуп калды. Элдин баарысы келип Мээрди караса, жанында
тогуз жигити бар, жарак-жабдыгы келишкен бир сулуу жигитти көрүп: «Өзү деле
падыша экен» деп, Мээрди көтөргөн бойдон алып барып такка олтургузушту.
Мээр падыша болуп, Зарды табуу үчүн бүтүн шаарындагы жыгач усталарды
чакырып: «Менин сүрөтүмдү өзүмдөй кылып жыгачтан жасагыла» деп буйрук
кылды. Усталар бир-эки күндүн ичинде жасап, аларды падышага алып келип
берди. Мээр сүрөттөрдү көчөгө койдуруп, бүтүн журтуна, ар кайдагы
падышаларга кабар берет. «Биринчиден, менин сүрөтүмдү эл көрсүн, экинчиден,
менде ушундай усталар бар экенин эл билсин деп иштеттим» деди сурагандарга.
Шаарындагы адамдар жыйналып, көчөдөгү сүрөттөрдү карап өтүп жатты. Түш
ченде бир сокур абышка сүрөттү көрүп тура калып: «Атаганат, жыгачтыгы
болбосо Мээр деп айтсам боло турган экен» деди. Мээр аны чакыртып алып, бир
үйгө кийиртип койду. Журт чубап өтүп жатты. Эртеси түштө орто бойлуу, отуз
кырк жаштагы бир киши дагы: «Атаганат, жыгачтыгы болбосо Мээр деп айтсам
боло турган экен» деди. Мээр аны да өзүнчө бир үйгө кийирттирди.
Журт өтүп жатты. Эртеси кечке жуук, этеги тизесине жетпеген бир бала өтүп
бара жатып, сүрөттү карап: «Айланайын Мээрсиңби? деп, келип сүрөттү кучактай
калды.
Мээр: «Алып келгиле чунак баланы!» деп аны да каматып койду.
Эртеси Мээр келип, сокур абышкадан: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп
сурады. Абышка калп жеринен: «Мээр менин катыным эле чанып качып кеткен»
деди. Сокур абышканын калп айтып отурганына Мээр ачууланып, сокур көзүнүн
үстүнө соо көзүн чукуп, таза сокур кылып кое берди.
Андан чыгып орто бойлуу кишиден: «Мээр сиздин эмнеңиз эле?» деп сурады.
Бул киши Таймас падыша экен: «Мээр эмнем болсун талаадан таап келип, алайын
деп турганда сейилдикке чыгамын деп, тогуз катынымды алдап ээрчитип кетип,
ошо бойдон жок» деди.
Мээр: «Эми Мээрди кошо алар белеңиз?» деди. Анда алиги киши: «Дегеле
Мээрге ыраазы элем, тогуз катыным гана табылса болду эле» деди. Тогуз катыны
эркекче кийинип, Мээрдин жанында сурак сурап турганын билбеди.
Мээр чыгып балага келди. Бала көрсө Зар экен. Экөө кучакташып көрүштү.
Зарды жуундуруп тазалап, падышалык кийимдерин кийиндирип, падыша кылып
койду. Мээр менен Зар кошулуп, Таймас падышага: «Адам баласы канаат
кылбайбы, чүрөктөй катыны турса, мени алам дедиң. Мына менин өмүрлүк
жолдошум. Мына катындарың, мен сатып жиберген жокмун» деп, Таймас
падышанын катындарын
берип, конок кылып узатып жиберет. Ошентип, Зар менен Мээр максаттарына
жетип, түбөлүк жыргап куунап жатып калышкан экен.
ЖЕКЕ ТАЗ МЕНЕН ЖЕТИ ТАЗ
Илгери бир жеке таз жана жети таз бар экен. Жети таздын жети кара торпогу,
жеке таздын жалгыз кара торпогу, жети таздын жети энеси, жеке таздын жалгыз
энеси бар экен. Жеке тазды жети таз жеткен жерден жердеп жекелеп уруп, тазын
сүрүп койчу экен.
Жеке таз ушул жети таздан кантип кутуларын билбей жүрдү. Бир күнү бир
байдын баласы жети өгүз айдап келе жатыптыр. Жеке таз: «Ой, байдын баласы
жети өгүздү кайда айдап барасың? деди. «Кайтарып жүрөмүн, жеке таз баатыр»
деди.
«Байдын баласы, ушул жети өгүзүңдү сайып мелдешесиңби? Мен жердин
мээсин, ичеги кардын чыгара муштайын» деди. «Макул» сен ошондой кылсаң,
жети өгүзүмдү берейин, антелбасаң, сен мага эмне бересиң?» деди алиги байдын
баласы. «Анда мен баш отум менен кул болуп берейин» деди таз. «Сен эртең дагы
өгүзүңдү ушундай кайтарып кел, эртең мушташалы» деди. Байдын баласы
«макул» деп жеке таз менен убадалашып кетти. Жеке таз жалгыз торпогун сойду,
дагы мээсин алып, бир жерге, ичеги-кардын алып, бир жерге көөмп, этин үйүнө
илип койду. Эртеси баягы байдын баласы өгүздөрүн жайып чыгып келди. «Кана
эми, жеке таз баатыр, жердин мээсин, ичегисин чыгара муштаймын дебедиң беле,
муштагын» деди. Жеке таз ары-бери кайсалап туруп, анан мээ көмгөн жерди
катуу муштады эле, мээ чыкты, ичеги көмгөн жерди муштады эле, ичеги чыкты.
Баягы жерден байдын баласынын жети өгүзүн мелдешке алып койду. Жеке таз
жети өгүздү айдап алып кечинде баякы жети тазга келди. Аны көргөн жети таз:
«Ээ жеке, таз баатыр, бул өгүздөрдү кайдан алып келдиң деп сурашты. «Ой баякы
жалгыз торпогум гана, ошону союп жети бөлүп жерге көөмп, ар бириң бирден
өгүз болуп тур десем эле, жети өгүз болуп калышты» деди.
Жеке таз кетип калгандан кийин: «Атаң көрү, биз деле жети торпогубузду
союп, ошентсек ар бирибиздики жетиден өгүз болсо көп эле өгүз болбойбу»
дешти. Анан баягы торпокторун союп, жетиге бөлүп коюп,
«өгүз бөлүп тур» десе эчтеке жок. Жетөө жети торпогунан айрылып, жеке тазга
келип: «Сен эмне бизди алдайсың?» деп уруп, тазын ташка сүрүп, өгүздөрүн
тартып алып, жетөөнү жетөө бөлүп алды.
«Ай атаңдын көрү, буларга дагы эмне кылсам экен» деп жеке таз ойлонуп
калды. Анан бир күнү бир байдан «көмүр жүктөп алайын» деп, бир төөсүнүн
күчүн сурап алып кандын ордосуна барды. «Ой жеке таз баатыр, тартынып
жүргөнүң эмне?» деп ордодогу кыздар сурады. «Ой, бул кандын алтын, күмүшү
ушундай сейилдикке арттырып койду. Ар кайсы жерге барып жүргүн деди» деп
жооп берди.
«Ой, баатыр, көрсөтсөң көрөлүк, ал кандын алтын, күмүшү кандай болот
экен?» деди кыздар. Анда жөкө таз: «Кой көрсөтпөймүн, көрсө көмүр, күлсө күл
болуп калат» деди. «Кой баатыр, көрсөтсөң күл, көмүр болсо бизде деле алтын,
күмүш бар, ошондой биз деле салып беребиз» деп болбой жатып түшүрдү.
Көмүр жагын чечти дагы, «көрсө көмүр болуп калат дебедим беле? Мына
көмүр болуп калыптыр. Эми эмне кылам?» — деп алаканын шак коюп, көчүгүн
жерге так коюп ыйлап калды эле, баягы кыздар шылдыңдап күлүштү. «А күлүп
койдуңар, эми биягы күл болуп калды, мени өлтүргүлө, эми мени жуткула» деп
эле ыйлай берди. Анан баякы кандын кыздары көмүр жагына алтын, күл жагына
күмүш салып артып берип, жеке тазды кетиришти.
Алтын менен күмүштү төөгө артынып алып, жеке таз баягы жети тазга келди.
Жети таз: «Ой, жеке таз баатыр, бул артынып жүргөнүң эмне?» деп сурашты. «Бул
артынып жүргөнүм алтын менен күмүш». «Аны кайдан алдың?» дешти. «Муну
кандын кыздарынан алдым, баягы жаман алачыгымды өрттөп жиберип, күлүн
бир жагына көмүрүн бир жагына артынып: «Күлгө күмүш, көмүргө алтын
бересиңерби? десем эле берди» деди. «Кана, баатыр алтын, күмүшүңдү
көрсөтчү?» дешти. Жети таздын көрүп көөнү жайланды. «Биз дагы ушундай
кылалы» деп, алачыктарын өрттөп, жетөө жети өгүзүнө артып алып, кандын
кыздарынын ордосуна жөнөштү. Кандын кыздарынын ордосуна баргандан
кийин кыздар чыгып: «Жети таз, бул эмнеңер?» деп сурашты эле, «күлгө күмүш,
көмүргө алтын бересиңерби?» дешти. «Булар жинди болгонбу?» деп, кыздар
таздарды кармап алып тазын сүртүп кое беришти.
Жети таз кайта келип: «Сен калп айтыптырсың» деп жеке тазды карсылдатып
сабап алтын, күмүшүн тартып алышты.
Жеке таз: «Атаңдын көрү, булар мени, ар качандан бир качан уруп жүрүп жок
кылмак болду, буларды бир жолу өлтүрүп жаным тынбаса болбойт» деди.
Бир күнү жеке таздын энеси өлүп калыптыр. Энеси өлгөндөн кийин, бир
байдын атынын күчүн сурап минип, энесин кымкап менен жаап өңөрүп алып,
кандын кыздарынын ордосуна барды.
— «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөрүп жүргөнүң эмне?». «Бул кандын кызы,
сейилдикке өңөртүп жүрөт» деди, жеке таз. «Бизге көрсөтчү, жеке таз баатыр»
деди кыздар. «Ой, кокуй, атым азоо үркүп жыгып кетет, өлүп калса кандын
кызынын кунуна калбаймынбы?» деди.
«Ой, өлүп калса, бизде деле кызга жарагыдай кыз бар, алып кел, көрөбүз»
дешти. «Ай, силер ар качан эле ушинтип каласыңар, эми атым үркүп өлтүрөт»
деди, жеке таз. Анда кыздар: «Ой, түгөнгүр, өгүнү деле алтын, күмүшүңдү төлөп
бербедик беле, өлсө төлөп берели» дешти. Анан баягы кыздар тегеректеп келип
түшүрө турган болгондо, жеке таз согончогунда бир шибегеси бар экен,
теминип-теминип койгондо эле ат мөңкүп-мөңкүп келип, аны көтөрүп урду.
«Атаны кокуй, наалат күн ай, кандын кызы өлүп калды, эми эмне арга кылам?»
деп жеке таз боздоп ыйлай берди. «Кой, эми буга бир кыз берели» деп, ордодогу
кыздан бир кыз беришти. Жеке таз энесин бир жерге көөмп коюп, кызды өңөрүп
алып, жети тазга келди. «Ой, жеке таз баатыр, бул өңөргөнүң эмне?». «Бул
өңөргөнүм кандын ордо кызы, энемди өлтүрүп алып, «өлүү кызга тирүү кыз
бересиңерби?» десем, энемди алар алып калып, ушуну берди» деди.
«Атаңдын көрү, биз деле энебизди өлтүрүп алып, ошентип барып бирден
катын алып алсак болбойбу» дешти, дагы жетөө жети энесин өлтүрүп алып:
«Өлүү кызга тирүү кыз бересиңерби?» деп кандын кыздарынын ордосуна
барышты. Кыздар кармап алып: «Өлүү кызга тирүү кыз дагы берүүчү беле?» деп,
тазын сүртүп, бетин тытып кое беришти. Андан ыза болуп келген жети таз: «Сен
бизди алдап энебизди өлтүрттүң, өзүбүздү ургуздуң», дешип жеке тазды
өлтүрмөк болушту. Жеке таздын мойнуна сыйыртмак салып токойдун четиндеги
чынар терекке сүйрөп барып чытырата таңып, өрттөш үчүн өздөрү отунга
кетишти. Ошол учурда сур жорго минген, суусар тебетей кийген, бир көзү сокур,
алдында айдаган отуздай чаар аты бар байдын баласы келатат. Аны көрө коюп
байланган чынарды сүзгүлөп; «Көзүмдү бер, көзүмдү бер» деп жеке таз
кыйкырат. Байдын баласы таңыркап токтой калат. Ошондо гана жаңы көрө
калган болуп: «Ой бай, болгур көзүм ордуна келиптирби, карап койчу» дейт.
«Көзүңүз ордунда эле турат, эмне болду эле? дейт. «Эмнеси курусун, көзүм
кыйшайып көрбөй калган, эми көрө түштүм, касиеттүү чынар деген эле» дейт.
«Ой айланайын аке, менин дагы көзүм сокур, бир жардам кыл? Жеке таз
кыйылгансып туруп: «Болуптур эми, менин кийимимди кий, аркан менен таңып
коем, бир чай кайнамда көзүң оңолот. Теректи үч жолу: «Көзүмдү бер, көзүмдү
бер?» деп үч жолу сүз» дейт. Жеке таз байдын баласын терекке таңып, кийимин
кийип, жоргону минип чаар жылкыларды айдап жолго түшөт.
Ал аңгыча жети таз отун көтөрүп жетип келишет да теректин түбүнө отунду
үйүп өрттөй баштайт. — Өл курган таз — дешет.
— Ой, айланайын акелер мен ал эмесмин, байдын уулумун аман калтыргыла,
сураганыңарды берейин ,— деп байдын баласы жалбарат.
— Ии, куусун мунун дагы алдаган турасың, — деп болбой коюшат. Чучуктай
чыңырып жатып бай баласы күйүп бүтөт. Анын күлүн кудукка салып көңүлдөрү
куунак жети таз, жеке таздын катынын алып келелик деп, үйүнө келсе жеке таз
суусар тебетейди кийип төрдө отурат. Үйдүн тегереги толгон чаар жылкы. Жети
таз айран таң калат.
— Ой, жеке таз баатыр, кайдан?
— Ээ, кайданды эмне кыласыңар. Мен силерге ыраазымын. Силер мени өрттөп
күлүмдү салбасаңар мындай бай болбойт элем. Кудуктун түбү толгон мал, чоң
энеме жолуктум. Силердин чоң атаңар салам айтты.
— Эми биз кантип жолугабыз, аларга, — деп жети таз жалбарды.
— Иттен арзан, колдоруңарга узун чырпык алып кудукка салсаңар чырпык
айланса, чакырганы, анда шар кире бергиле.
Жети таз колдоруна узун чырпык алып кудукка барышат. Эң улуусу кудукка
түшкөндө колундагы чырпык айланып кетет. Бизди чакырып жатат деп
калгандары сууга кирет. Ошентип, жеке таз айла-амал менен душмандарынан
кутулган экен.
САРЫ ТАЗ
Илгери, илгери бир Кыйран ууру деген болуптур. Ал жашынан малдуунун
малын койбой, баштуунун жанын койбой уурдап жүрүп Кыйран аты калып —
Кыраан ууру аталыптыр.
Ошол Кыраан ууру кыркка чыкканга чейин бир перзент көрбөптүр, элүүгө
эңкейип, бели бекчейип көзү чекчейип калганда өзү сары, көзү көк, оозу
жалжайган, мурду балчайган, башы таз, бою пас балалуу болуптур. «Баланын өзүн
көрүп, атын кой дегендей» эли-журту чогулуп атын Сары таз коюптур.
Бирок, Сары таз бала кезинен баштап эле чуулуу чыкты, айылдагы куюшкан,
жүгөн, көмөлдүрүк дегенден койбоочу болду. Күндөрдүн биринде атасы «өзүм
болсо карып бара жатам, балам өнөрүмдү алып калчуудайбы, жокпу» деп
сынамакчы болуп ээрчитип алып, айылдын четине чыгат да: «Мен тетиги
терекке чыгып барып, басып жаткан сагызгандын жумурткасын уурдап келем,
сен карап, тур» деди. Бала «макул» деди. Атасы көз ачып жумганча, терекке
чыгып барып, сагызганга билгизбей, басып жаткан жумурткасын уурдап алып
түшүп келди. «Көрдүңбү балам, өнөрдүн күчүн?» деди. Сары таз санын чаап:
«Кокуй ата, шымың кана?» деди. Ошондо Кыраан ууру баласына: «Анык өзүмдү
тарткан экенсиң» деп батасын берди.
Күндөрдүн биринде ошол элдин каны элге жар чакырды: «Кимде ким эч чын
кошпой кырк ооз калп айтып берсе, ошого кызымды беремин, айта албаса башын
аламын» деди. Нечендер: «кырк ооз калпты айтпай эмне?» деп оңой көрүп бөөдө
өлүм болушту. Ал кабар Сары тазга да жетти.
Жээрде чолок кунанын минип, желке ээрдин жаланып-жуктанып кандын
ордосуна желдире бастырып келди да: «Кырк ооз калп айтып, чыны жок, жалкы
айтып, кызыңды алганы келдим, айталбасам өлгөнү келдим» деди. Кан: «Ии,
айткын» деди. Ошондо Сары таз малдаш урунуп туруп мындай сөз баштады. «Өз
атам туула электе чоң атамдын жылкысын кайтардым. Күндөрдүн биринде
жылкы арасындагы кырк кулач бээм жоголуп кетти. Отуз кулач кара атыма
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 21
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.