Latin

Балдар фольклору - 18

Total number of words is 4111
Total number of unique words is 1902
34.4 of words are in the 2000 most common words
47.8 of words are in the 5000 most common words
53.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
келатканда жолунда табыптын турганын көрдү. Кан кайрылып салам берип:
«Жол болсун, табыбым» деди. Анда Адем табып: «Каным, кече дартыңызды
тапкан менен аялыңыздан айбыгып айта албадым, ал сулуу аял эмес — ажыдаар
экен» деп болгон окуяны канга айтып берди. «Анын ажыдаар экенин өз көзүмө
көргөз, анан ишенейин» деди кан. «Болуптур» деди табып. Биринчиси, тирүү
кекилик алып үйүңө киргин, кирери менен жан берет, себеби ал айбандардын
биринчи жоосу, көрөөрү менен жүрөгү түшүп өлөт. Экинчиси: агып жаткан сууну
какшытып башка бургуз! Кечинде туздуу жакшы бир тамак жасатып кадырың
салсаң да, жалдап жегиз! Үйүңө бир идишке да суу койгузба, анан уктамыш болуп
карап жаткын, анан билесиң, каным, андан кийинки амалды өзүм табамын» деди
табып.
Айткандай үйүнө кан тирүү кекилик алып аялына көргөзмөк болду, аял
колуна алганда кекилик тырп этпей жан берди. «Куштан жүрөгү түшүп калса
керек» деп кан шек алгызбады.
Бир аз күн өткөндө кан экинчи шартты жасады. Түн ортосу ченде кан
уктамыш болуп карап жатса, төшөктөн ажыдаардын башы сойлоп чыкты, куйрук
жагы кандын денесине тийип жатса да өтө созулуп ар кайсы идиштен суусаган
ажыдаар суу издей баштады, бирок суу таппай айласы кетип, кайра жыйрылып
мурдагы калыбына келип: «Үйдө суу жок экен, өзөндөн суу алып келе койчу» деп,
канды ойготту. Кан өзөнгө барып: «Анда да суу жок экен» деп куру кайтып келди.
Аңгыча таң да атты. Аялдын тынчы кетти.
Кан ордосуна барып көргөнүн бүт жигиттерине айтып, дарыяга сууну
бурдуруп, ыраактан карап турса, аялы эки жакты абайлап сууну бөгөп, ажыдаар
болуп суусуну канганча суудан шимирди.
Кан Адем табыпты дароо таптырып, ажыдаарды кантип жок кылуунун сырын
сураса: «Падышам, эми мунун 80 күндүк жашы калды, ошондон кийин чыныгы
ажыдаар болот, ошого чейин жок кылбасаң бүт шаарыңды сорот. Буга темирден,
терезеси жок үй салып, алдап киргизип, эшигин жаап, туш-туштан от коюп,
өрттөп гана жибербесек, башка айла жок, тамакка уу кошуп берсең сен жебесең,
деле ооз тийбейт. Сен шек алдырбай мурдагыдай эле жүрө бер» деди табып.
Кан бир жуманын ичинде усталарга темирден үй салдырат. Кан аялын
ээрчитип келип, баягы үйгө киргизет. Аялы үйгө кирип кылчайып канды
чакырганча, эшик шак жабылып кулпуланып калат. Даяр турган усталар көрүгүн
күркүрөтүп, туш-туштан отту үйлөп кирди эле, темир үйдүн ичинен кулак-мээни
жарган ажыдаардын үнү чыкты. Эртеси ачып караса үй толгон ажыдаардын күлү
калыптыр. Элди азаптан куткарган, Адем табыпты падыша сарайынан орун
берип, ордо кишиси кылып алган экен. Эл аман, жер аман, амалдуу ажыдаардан
кутулган кан мурдагы калыбына келип, аман-эсен элин жоодон сактап көп жыл
өмүр сүрүптүр.
ТАЛКАМЫШ
Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, бир кемпир чал жашаптыр. Алардын үч
кызы, бир уулу болуптур. Уулу эң улуусу, бирок үйлөнө элек кези экен. Баланын
бир карындашы турмушка чыгып, эки карындашы али жаш. Ал күндөрдүн
биринде колуна бир алма алып, «кимге тийсе ошону аламын» деп ант ичип,
ыргытып жиберсе, алма барып өзүнүн ортончу (карындашына тиет. «Атаа,
ушунча кыздын ичинен өз карындашыма тийгенин кара» деп, бала аябай кейийт.
Бирок, ант ичип койгондон кийин айла жок, карындашын алмак болуп,
ата-энесин айттырат.
Агасынын бул оюн карындашы билбейт, капарсыз ойноп жүрө берет. Бир күнү
кыз меке 1 кайтарып отурса, бир карга учуп келип аны жей баштайт. Кыз мекени
коруп, карганы кесек менен урду эле, карга:
— Ой келесоо кыз, сен жөнүндө эмне кеп болуп жатканын билбейсиңби? —
деди.
— Мен жөнүндө эмне кеп болмок эле, сөзгө алаксытып мекеден жеп алгың бар
ээ, жогол ары! — деп кубалай баштайт.
— Мен сен билбегенди билгизейин деп жатам, келесоо сени агаң алганы
жатат, — дейт.
Жогол, көзүмө көрүнбөй, карындашы агасына тийген каргаларда гана болот,
силерден бери өтпөсүн, бизге жетпесин.
— Агаңдын алма менен урганы эсиңдеби?
— Урса эмне болот экен?
— Анда сен билбесең, мен билем, акең алма кимге тийсе, ошону алам деп ант
ичип койгон, эми сени алат, — дейт да, учуп кетип калат.
Кыздын ачуусу келип, үйүнөн качып чыгат. Кете берет, кете берет. Акыры
чарчаганда бир таштын үстүнө чыгып отуруп алып аябай ыйлайт, асты 1 акесине
Меке — жүгөрү.
тийгиси жок, же өлгүсү жок. Ошентип, соолуган мекедей болуп отурса,
кайдан-жайдан бир киши чыга калат. Кыз коркуп кетип: «Ачыл, ачыл Талкамыш,
мен ичиңе кирейин» десе, таш ачылып кетет да, кыз ичине кирип, алиги кишиден
жашынып калат. Кыздын ата-энеси аны издеп ойду да кыдырат, тоону да
кыдырат, чөлдү да кыдырат, көлдү да карашат, такыр таба алышпайт.
Жолуккандын баарынан сурашат эч ким «көрдүм» дебейт. Издей беришип арып
чарчашат. Эптеп кызын таап уулуна алып бермек болушат.
Анткени, айткан антын аткара албаса, баары бир уулу өлмөк, кызы жоголмок.
Ошондуктан «уулубуз өлбөсүн» кызыбыз жоголбосун, экөө биригип өмүр сүрсүн»
деп байкуш ата-эне далбаса урушат. Ата-энеси издеп жүрүп бир кишиге жолугуп,
андан кызды сурашат: «Орто бойлуу, терең ойлуу, кара каштуу, узун чачтуу, оозу
оймоктой, бетинен каны тамган, эки көзү чырактай жанган кыз көрдүңбү,
жолоочум? » — Ооба, карыялар, айтпасам чындык уялар, айтсам көңүлүм кыярар,
ал кыздын айласы Кызырдай эле бар, тетиги таштын үстүндө отуруптур,
жакындасам көздөн кайым болду» дейт жолоочу.
Кемпир-чал таштын жанына барса, кызы көрүнбөйт. Ошондо чал мындай
дейт:
Анда кыз унчугат:
«Мен кызымды көрөйүн,
Ачыл, ачыл, Талкамыш,
Дидарыңа тоеюн?!»
«Кой, Талкамыш, ачылба,
Мен атамды көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Болду, кеткин, кайната!»
Талкамыш кыздын тилин алып ачылбайт, кемпир-чал ыйлап-ыйлап үйүнө
кайтышат, уулун аябай урушат. Кудайына даттап энеси кайрадан келет да:
«Айланайын Талкамыш,
Кылчы мага кол кабыш!
Мен кызымды көрөйүн,
Дидарына тоёюн.
Ачыла кой Талкамыш,
Коркот кызым жапжалгыз?!»
Кыз эми мурункудан да катуу кыйкырат:
«Менсиз такыр шашылба,
Кой, Талкамыш, ачылба!
Билем келди эмнеге,
Мен апамды көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Кете берсин, кайнене!»

Асты — дегеле, деги.
Апасы көзүнүн жашын көл кылып, үйүнө барат, уулун өлгүчө урушуп, улуу
кызын жиберет. Эжеси келип:
«Айланайын, тартынба,
Эжең турат жаныңда
Ачыл, ачыл, Талкамыш
Ачылбасаң чоң намыс,
Мен сиңдимди көрөйүн,
Дидарына тоеюн.
Ачыла кой Талкамыш
Кел садага болоюн?!»
Кыз мурункудан да ачуулуу кыйкырат:
«Бежирейсиң сен неге,
Мен эжемди көрбөймүн,
Дидарына тойбоймун,
Кое тургун, шашылба,
Талкамыш, түк ачылба,
Кете берсин, кайынэже!»
Эжеси шолоктоп үйүнө барат, акесин аябай жемеге алат. Ошентип, үй-бүлөнүн
башына катуу кайгы түшөт, күндүз-түнгө, түн түнөрүңгө айлангандай болот.
Ошондо кайраттанып өзү жаш секелек, өрүмгө чачы жете элек сиңдиси келет да:
«Ачыл, ачыл, Талкамыш,
Айланайын балкамыш
Мен эжемди көрөйүн,
Дидарына тоеюн!» дейт.
Анын үнүн угуп, эжеси да сүйүнүп кетет да:
«Мейлиң ачыл, Талкамыш,
Мен сиңдимди көрөйүн,
Дидарына тоеюн.
Макул болсо ширин тил,
Көтөрүп алып жөнөйүн!» дейт.
Талкамыш ачылат, кыз сиңдисин кучактап алып ыйлап: «Эми сен үйгө бара
бер, мен адамдын кулагы угуп, буту жеткис алыска кетем» дейт. Сиңдиси: «Мен
артыңыздан калбайм» деп болбой койгондо көтөрүп алып андан ары жөнөйт.
Кете беришет, кете беришет. Арып ачып, аябай суусашат. Бирок, такыр эле суу
жолукпайт. Бир жерге барышса, эчкинин мүйүзү сыяктанган суу агып жатат.
Сиңдиси «ушу суудан ичем» дейт. Эжеси болбойт, сиңдиси ыйлап баспай
койгондо айласы кетип, «мейлиңчи» деп тим коет. Жата калып эчки мүйүз суудан
шимирет да, ошол замат кийиктин улагына айланып, таптак секирип маарап тура
калат. Эжеси ага аябай өкүнөт, өкүнгөндө айласы канча? Сиңдиси кийиктин
улагы болуп аркасынан ээрчийт, кете беришет. Күндүзү жүрүп, түнүндө укташат.
Капталы каркайган тоолордон азуусу аркайган аскалардан өтүшөт.
Бир кезде алдыга көз таштаса, ааламда жок ак сарай турат. Кыз улагын
мааратып, сүйүнгөн бойдон кирип барат. Ак сарайда бир бай жигит жашап турат
экен. Аялы аябаган тажаал, адамга ырайымы жок таштан катуу адам экен. Кыз
улагы менен анда жашап калат. Байдын оту менен кирип, күлү менен чыгып, ага
жагат. Бай кыз үйгө кирсе үйгө кирип, сыртка чыкса сыртка чыгып аябай кызга
кусадар болуп калат. Күндөрдүн биринде жигит кызды алмак болуп, той
түшүрмөккө макулдашып, ууга чыгып кетет. Ал ууга кеткенде аялы алдап
ээрчитип барып кызды сууга түртүп жиберет да, кечинде күйөөсү уудан
кайтканда: «Кыздын сенде көңүлү жок, той түшүрөм дегенди угуп, эртең менен
эле, кетип калган» деп коет. Жигит аябай капа болот. Аялы аяк-быягына чыгып,
«улактын эти таттуу деп угам, улакты союп жаш сорпо ичпейлиби» дейт. «Соебуз»
дегенди угуп, улак жүгүрүп сууга барат да: «Эжеке мени сойгону жатышат» деп үн
салып ыйлап жиберет. Анда кыз: «Кагылайын чунагым, кандай күнгө туш болдуң,
эми айлаңды кантем, белимден кумга басылып, чыга албай жатпаймынбы» деп
кыйкырат. Бай улак менен кыздын сөзүн угуп, иштин жайын түшүнөт да, жети
күн бою өзүнүн сандаган төөлөрүнө, эчкилерине, койлоруна, уйларына,
жылкыларына — төрт түлүк малына суу ичирбей туруп, сегизинчи күнү баарын
айдап чыгарды эле, сай кагырап кургап калды. Ошентип, кызды суудан чыгарып
алды. Көрсө баягы кыз жашынган таш кубулуп жүргөн байдын өзү экен, аты
Талкамыш экен. Ошондо эле кыздын дидарын көрүп ашык болуп калыптыр. Улак
сүйүнгөнүнө чыдабай ары-бери жүгүрүп, оюн салды эле, мурунку калыбына келе
калды. Талкамыш кырк күнү тоюн, отуз күнү оюн кылып кызды аялдыкка алды.
Алар азыркыга чейин бактылуу жашашат экен.
АЙБАНАТТАР ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОМОКТОР
АБЫШКА МЕНЕН ТҮЛКҮ
Бар экен, жок экен, бир түлкү бар экен, ал бир тоодо жашачу экен. Анын
барган сайын бир жагынан жей турган оокаты түгөнүп, бир жагынан аңчылар
көбөйүп, түлкүнүн турмушу кыйындай баштайт. Ары-бери караса, жан багар
жайдын ылайыгы жок, эгер аңчылар көрүнсө, кутулар чарасы жок, түлкүнүн
амалы куруйт.
Ошол түлкү жашаган тоонун этегинде дагы бир абышка-кемпир оокат кылып
туруучу экен. Бир күнү түлкү абышка-кемпирге келип: «Менин ичимде жети
балам бар, кыштан аман-эсен багып чыгарсаңар, жети баламды беремин, андан
көрө мени жакшылап баккыла» деп суранды. Абышка-кемпир акылдашып:
«Айтса-айтпаса төгүнбү, жети түлкү бир ичик турбайбы, ийгиликтин эрте кечи
жок, жаз жакында чыгат, түлкүнү багып алалы» деп макул болушту. Кемпир-чал
күндө бир аз сөөк таштап коюшат, ага түлкү канааттанбай жүдөп кетти.
Бир күнү түлкү абышка-кемпирге: «Менин ичимдеги балдарым өлүп кала
турган болду. Мага шерик болуп жардам кылсаңар, тоодогу мыкты аңдарды
колуңарга түшүрүп беремин. Силерге териси мага эти пайда болор» деди эле
абышка: «Ал кандай аң?» деди. Түлкү: «Арстан, жолборс аюу, бөрү» деп жооп
берди. Кемпир түлкүнүн сөзүн угуп, «оо, чедирейген желмогуз, биздин түпкө
жеткени жүргөн турбайсыңбы» деп, аны как тумшукка сабоо менен бир салды.
Абышка көпкө ойлонуп отуруп, акыры түлкүнүн сөзүнө макул болду. Эртеси
түлкү тоого чыгып, кандын жигиттеринен качып жашынар жер таппай, шашып
жүргөн бир каманды жолуктурду. Каман: «Түлкү досум, мени кубалап келе
жатышат, жардам бергин» деди эле, түлкү: Төмөн жакта жүргөн абышкага
баргын. Сени ошол аман алып калат» деди. Каман жалынып-жалбарып:
«Айланайын, түкө, мени ошол абышкага ээрчитип барчы?» деп суранды. Түлкү
каманды абышкага ээрчитип келди. Каман: «Мени кандын жигиттеринен аман
алып кал» дегенде, абышка макул болуп, «үйгө кир» деп каманды үйгө киргизди.
Ушуну эле күтүп турган түлкү акең карап турчубу, «капка кире койгун, мен оозун
байлай салайын» деп, каптын оозун ача койду. Аңгыча кандын жигиттери келип,
үйгө кирип, каманды таба албай кайта кетишти. Абышка алар кеткенден кийин:
«Айдап койгон аштыкты жеп, жуп-жумуру болуп бу капырдын семиргенин
карачы, мага пайдасы тийген эмече «аңчылардан ажыратып койгун» деп
келгенин көр, деп каманды өлтүрүп, терисин сыйырып алып, этин түлкүгө берди.
Дагы бир күнү түлкү ууга чыкты. Аңгыча аңчылардан качып кайда барарын
билбей шашып жүргөн бир бөрү жолугуп: «Эптеп мени жашырып кал, досум» деп
жалынып-жалбарды. Түлкү муну да алдап абышка-кемпирдин кабына түшүрдү.
Кемпир: «Былтыр көк улагымды жеп койгон көк чунак ушул болчу, эми колума
түшкөн турбайбы» деп, сокбилек менен солкулдатып уруп өлтүрдү. Мунун да
терисин абышка сыйрып алды, этин түлкү жеп тоюнуп калды. Түлкү дагы бир
күнү тоого чыгып, бир жыгачтын башында отурган аюуну көрүп, жанына барды.
«Айланайын түкө, жолборстун аңдыганына беш күн болду. Ошондон бери коркуп,
жыгачтан түшпөй отурам. Кандай айла кыламын?» деди эле: «Мында бир
абышка-кемпир бар, ошолор куткарат» деп, муну да ээрчитип алып келди.
Абышка капка киргизип оозун байлап: «Жалбыр, жалбыр жалпаңдаганынан көр,
салбыр, салбыр салпаңдаганыңдан көр, абышка-кемпир кой ичигине жарыбай
жүрсө, мунун дүнүйөнүн ичигин жалгыз өзү кийип алганын көр», деп, чоюн баш
менен уруп өлтүрдү. Ал арада жолборс келип: «Аюу ушунда келдиби?» деп
сурады. Жолборсту көрүп абышка, түлкү шашып калды. Абышка алдоого
тырышты, түлкү актанууга шашты. Аңгыча болбой жолборстун артынан арстан
кууп келип калды. Жолборс өңдөн кетип, түлкүгө жалынып: «Айланайын түкө,
бир жакшылык кылып, жашырып кал» деди. Түлкү кемпирдин көң салган кабына
алып келип: «Ушунун ичине кире калгын» деди.
Жолборс каптын ичине кирер замат абышка оозун байлап кемпири тура
калып: «Бул менин агамды өлтүргөн, агамдын кунун аламын» деп, как маңдайга
чоюнбаш менен чакылдатып уруп өлтүрдү.
Аңгыча арстан үйгө кирип: «Жолборс кайда кетти?» деп, айкырык салды.
Абышка-кемпир коркуп дирилдеп эстен танды, түлкү жойпуланып ар жак бер
жагына чыгып, ачуусун тарката албай, берер жообун камдай чебеленип калды.
Ошол мезгилде найзаларын жалаңдатып, мылтыктарын арбайтып, жааларын
эрбейтип, бир топ аңчылар жетип келди. Арстандын шаштысы кетип: «Эмне
кылсаң да куткар, сенин кулуң болоюн» деп абышкага жалынды. Абышка кырк
бээлик сабаанын оозун тиле салып, арстанды ичине киргизип жиберди эле,
кемпир ошо замат оозун тигип койду да: «Азуулуунун падышасы болбой, кудай
болуп калсаң да, эми сабадан чыгар алың жок» деп, чоюнбаш менен ура баштады.
Ошентип, абышка-кемпир арстанды да өлтүрүп, жолборстун терисине кошуп
экөөнүн тең боз үйдүн ортосуна керип коюшту. Аңгыча аңчылар келип, арстанды
сурап үйгө киришти эле, бирөөнүн колундагы бүркүт түлкүнү көрүп «аламын»
деп жулунду. Түлкү коркконунан кирерге тешик таппай бүжүрөп калганда,
кемпир чыйпылдап тура калып: «Үйдө жаткан абышка-кемпир аюу, жолборс алса,
тайган ээрчитип, бүркүт алып, жарак-жабдык асынып жүрүп, кур кайтканыңарга
жол болсун?! Эмне, аңды менин алты канат үйүмдүн ичинен издеп келдиңерби?
Ушунчалык жер жайнаган аңдан тырмагыңарга илинбей, үйдө жаткан түлкү
баламдын жүрөгүн түшүрүп, бүркүтүңөрдү телпеңдеткениңер кандай?» деп
сабоону алып, бүркүттү башка бир чаап өлтүрүп салды. Муну көрүп турган
аңчылар «Жолборс менен арстанды өлтүргөн мастан кемпир бизди да өлтүрөт
экен» дешип үйдөн чыга жөнөштү...
Ошентип, абышка-кемпир олжого тунуп, түлкү этке тоюп, жыргап-куунап
жатып калышкан экен.
МЫШЫК, ТҮЛКҮ, АЮУ, КАРЫШКЫР
Мышыкты бир күнү ит кубалап, иттен качып бара жатса, алдынан түлкү
чыкты. «Ой, сен кимсиң?» деп түлкү мышыктан сурады.
Мышык: «Мен азуулуу айбандардын падышасымын, сенин үйүң кайда, сага
конокко келдим» деди. «Менин үйүм мына» деп түлкү ар жагына бир чыгып, бер
жагына бир чыгып, жылмаңдап бир ийинге ээрчитип барат экен. «Сен азуулуу
айбандарга кабар кылгын, мени жакшылап конок кылышсын» деди мышык.
Түлкү жасоол болуп, азуулуу айбандарга бара жатса, алдынан карышкыр
чыкты. Карышкыр: «Сен кайда бара жатасың?» деп сурады. «Биздин үйгө
азуулуулардын падышасы мейманга келип калды, тамак камдагын деп жиберди»
деди. Карышкыр бир кой жетелеп алды. Түлкү андан ары жүгүрүп бара жатса,
алдынан аюу чыкты. «Түлкү, сен кайда чаап баратасың?» деп сурады аюу.
«Биздин үйгө азуулуулардын падышасы мейманга келип калды. Тамак
камдагын» деп түлкү аюуга айтты. Аюу бир торпогун жетелеп алды.
Аюу, карышкыр, түлкү үчөө мышыктын үстүнө келип: «Падышага үйрөнүшкөн
сен тамак бергин» деп аюу менен карышкыр торпогун, коюн өлтүрүп түлкүгө
беришти. «Падышаны ыраактан көрөмүн» деп аюу карагайдын башына чыгып
кетти. «Мен мына бул жерден көрөмүн» деп карышкыр ийиндин оозундагы чөпкө
жашынып жатты.
«Падыша аке, тышка чыгып, тамак жеңиз» деп мышыкка түлкү кабар берди
эле, ал ийинден чыгып тамакты кырылдай жей баштады.
Аюу карагайдын башында турса дагы коркуп отурду. Падышаны көрөйүн
дегендей карышкыр чөптү кыймылдатып койду эле, мышык чычкан экен деп
жутунуп калды. Карышкыр: «Мени көргөн экен» деп былк этпей калды.
Карышкыр чыдай албай дагы чөптү кыймылдатты. Мышык секирип барып басты
эле, карышкыр тура качты. Баягы мени кууган ит экен деп, мышык карагайды
көздөй чыга качты. Мени көрүп койгон экен деп карагайдагы аюу качам деп учуп
өлүптүр.
ТОРГОЙ
Учуп келаткан торгойдун топусу эрмендин арасына түшүп кетти. Торгой
эрменге карап:
— Эрмен, эрмен топумду алып берчи, — деди.
— Сенин топуң эмес, өзүм ордуман козголо албай турам, — деди эрмен.
—Анда сени эчкиге айтып жегизем, — деди да, торгой эчкиге келди.
— Тетиги жерде көп эрмен бар экен, ошону жесең болбойбу?
— Эрменди жемек тургай, улагымды көтөрө албай араң эле жүрөм, — деди
эчки.
— Сени карышкырга айтып жегизем, — деп торгой учкан бойдон карышкырга
барды:
— Карышкыр, карышкыр, төмөн жакта бир эчки турат, жесең боло.
— Эчки жемек түгүл, үңкүрүмдү каза албай жатам, — деп жооп берди
карышкыр.
— Сени жылкычыга барып айтайын, азыр чаап алсын! — деди да, торгой
сызган бойдон жылкычыга жетти:
— Жылкычы, жылкычы төмөнкү коктуда бир карышкыр үңкүр казып жатат,
чаап алсаң боло.
— Карышкыр чапмак түгүл, жоголгон жылкымды таба албай жүрөм, — деп
жылкычы сүйлөдү.
— Сени байга айтпасамбы, — деди торгой.
Анан байга келди:
— Бай, бай, жылкычың жылкыларды жоготуп, таппай жүрөт, аны урсаң боло.
—Жылкычыны урмак түгүл, казымды көтөрүп баса албай отурам, — деди бай.
— Сени чычканга айтып казыңды тештирейин, — деп торгой чычканга келди.
— Байдын казысын тешмек түгүл, балдарыма ийин каза албай жатам, — деп
чычкан чыйылдады.
— Сени тентек балага айтып, ийиниңе суу куйдурбасам! — деп торгой
кекенген бойдон тентекке барып айтты.
— Ийинге суу куймак түгүл, балдарга чүкөмдү уттуруп, музоомду кайтара
албай жүрөм, — деди тентек бала.
— Сени энеңе айтпасамбы! — деди да торгой баланын энесине учуп кетти:
— Балаң чүкөсүн уттуруп, музоосуна карабайт экен, сабасаң боло!
— Аны сабамак тургай, жүн сабай албай жатам, — деди энеси.
— Сени куюнга айтып, жүнүңдү учуртайын, — деди да торгой куюнга барып
айтты. Анын колу-жолу бош экен, макул болду. Куюн кокту ылдый келип,
кемпирдин жүнүн учурду, кемпир баласын урду, баласы чычкандын ийнине суу
куйду. Чычкан чыга калып, байдын курсагын тырмады, бай жылкычысын урду,
жылкычысы карышкырды кууду, карышкыр кара эчкини кууду, эчки эрменди
жеп, торгойдун топусун алып берди. Ошондон кийин торгой топусун башынан
түшүрбөй, дайыма баса кийип жүрүүчү болуптур.
ТҮЛКҮ МЕНЕН КЕНЕ
Түлкү менен кене шерик болуп, буудай айдашты. Митаам түлкү «башым
ооруйт, ичим ооруйт, кымыз ичип келбесем» деп күндө эле жайлоого кетип калат.
Кене жалгыз өзү буудайды сугарып, оруп-жыйып, бастырды. Бир күнү түлкү
үйүлгөн кызылды көрүп, ичинен кымыңдап, кенени алдап эгинди бүт өзү алыш
үчүн:
— Кене, муну бөлүп убара болбойлу, Андан көрө жарышалы да, кимибиз
чыксак, ошонубуз буудайды бүт алалы. Артта калганыбыз куру калалы, — деди.
Кене ойлонуп туруп, түлкүнүн айтканына көндү. Жарышчу жерге барып экөө
катар турду. Түлкү «кеттик» деди да, куйругун көтөрүп, кулагын жапырып,
чуркаган бойдон жөнөдү. Кене чап түлкүнүн куйругуна жармашты. Түлкү
кырмандын четине келип: «Кене кайда келе жатат?» — деп артын карайт. Карап,
анан токтой калып, силкингенде кене ыргып түшүп: үйүлгөн кызылдын үстүнө
чыгып:
— Сен эмне карап турасың? — деп кыйкырды, Түлкү чочуп кетип:
— А сен качан келдиң?!
— Сени күтө берип эригип кеттим, — деди кене.
Түлкү эми айласы жок, же тапкан пайдасы жок жолго түштү.
Кене өз эмгегине өзү ээ болуп, буудайын кампага ташып төктү да,
жыргап-куунап жатып калды.
ТӨРТ АЗАМАТ
Коркпой суудан кечемин, Көчтү кууп жетемин; Козу-улакка кошулуп, Кулун
ойноп өсөмүн, Жалгызмын деп ыйлабайм, Ыйлап жанды кыйнабайм: Жолдош
чыгат жолуман, Жөнөйм элдин соңунан...
— деп жетим улак ырдап келатты.
Энеси өлүп, бул байкуш жетим калганда, ээси сүт берип торолткон. Бүгүн
эртең менен да сүт ичкенден кийин бир аз чөп оттоп, анан топ куурайдын түбүнө
жатып уктап калды. Элдин баары жайлоого шашып көчүп, эч ким муну эстеген
жок.
Ойгонор замат аркы-терки жүгүрүп, эки жагын элеңдеп карап эч кимди
таппай койду. Эски журтта жалгыз калганын билип, жакшы эле коркту, бирок,
ошондо да кайраттанып жолго чыкты.
Түшкө чейин ээн талаада жалгыз келатып, акыры тоо түбүндөгү төштү
таянды. Андагы чоң түп карагандыны көрүп, бир аз эс алмак болду.
Аңгыча бөлөк бирөөнүн ырдап келаткан үнүн укту:
Жолборско жолобойм, Аюудан кам санабайм, Карышкырга карматпайм, Түлкүгө
түк алдатпайм, Көчтү кууп жетемин, Көп жол басып өтөмүн. Козуларга кошулуп,
Күрпөң болуп өсөмүн.
Улак карагандын түбүнөн акырын гана шыкаалап көрсө, өзүнө теңтуш козу экен.
— Мэ — ээ! — деп маарап жиберди бул.
Козу да маарап, мунун жанына жүгүрүп келди. Экөө бирине бири эреркеп
ыйлап, арыз-муңун айтып көпкө чейин маарап турушту.
Акыры улак өпкө-өпкөсүнө батпай араң сүйлөп:
— Кайдан келатасың? — деп сурады.
— Эски журттан, — деди козу.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап.
— Сүттү аябай ичкенден кийинби?
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле мендей болгон турбайсыңбы, эмесе экөөбүз бирге жүрөлү... Эл азыр
кайда көчөт, билесиңби?
Улактын бул суроосуна козу бир аз ойлонуп туруп, анан жооп берди:
— Азыр жайлоого чыкчу мезгил эмеспи... Жайлоо жалаң тоодо болот. Мен
ошол тоого көчтү деп баратам.
— Таптың. Мен да ошондой ойлогом. Жат көлөкөгө. Азыраак тыныгып алып,
анан жөнөйлү.
Козу да көлөкөгө жатты.
Аңгыча дагы бирөөнүн ырдаган үнү угулду:
Тоссо душман жолуман,
Тоотпостон өтөмүн,
Тооруп мени жейм десе,
Тоголото сүзөмүн,
Мөөрөсөм кыйын үнүм бар,
Качырсам катуу сүрүм бар,
Жалгыз калып өлбөймүн,
Жашайм — көрөр күнүм бар.
Улак менен козу маараган бойдон алдынан тосо жүгүрдү, анткени ал музоо
эмес — таянар тоо сыңары көрүндү. Музоонун өзү да мөөрөп жиберди. Үчөө
бирин бири жыттап, көз жашын мөлтүрөтө бышактап ыйлап, анан бат эле
сооронуп, кепке келишти.
— Сен кайдан жүрөсүң? — деп сурады улак музоодон.
— Эски журттан.
— Эмне үчүн жалгыз калдың?
— Уктап...
— Сүттү көп ичип койгонсуң го? — деп сурады козу.
— Ооба.
— Жетим белең?
— Ооба.
— Так эле биздей турбайсыңбы?.. Жүр карагандынын түбүнө бир аз
тыныгалы. Көчтү кууп жетиш үчүн анчалык кыйын эмес. Үчөөбүз бирге жүрүп,
эмнеден коркмок элек! — деп улак мурдакы ордуна кайрадан ээрчитип барды.
Аңгыча дагы бирөөнүн үнү угулду:
Маң-маң бастым, маң бастым,
Чуудамды бүт чаң бастың.
Уктап калып талаада
Өз тобуман адаштым.
Калкым кайда көчтү экен?
Кайсы жерден өттү экен?
Калганымда мен уктап,
Кантип таштап кетти экен?..
— Бул келаткан бото турбайбы, — деди улак. — Жүргүлө курбулар... Жакшы
эле эс алдык. Эми эч кимден коркпойбуз. Төө тукуму жаныбызда жүрсө, дагы
өзүбүз төртөө болсок — эмнеден коркобуз?
Үчөө келип ботонун боздогон үнүн тыйып, ага кайрат айтып, көңүлүн
көтөргөндөн кийин жолго чыгышты. Маңыроо музоо: «Сен да жетим белең» деп
ботодон сурай коюп, ошондо бул ырас эле жетим экенин айтып боздогондо, улак
урушуп, музоо мөөрөп жатып араң токтотушту.
— Сенин эркелей турган энең эмес, элиң да жок, эмне мынча озондойсуң?! —
деп жиберди улак. — Андан көрө оболу элди табалы, анан канчалык боздосоң —
өз эркиң. А бул жерде озондоп отуруп, жырткычтарды бүт жыйнап алганы
жатпайбызбы!..
— Ырас эле, тигине жырткыч жолборс! — деп өлгүдөй коркуп кетти козу.
— Беркилер да бүт коркуп, бирок жакшылап караса, ал жолборс эмес,
жолборстун териси экен, жолдун жээгине түшүп калыптыр!
— Биздин кожоюн анык аңкоо жана эч нерсени элес албас киши экенин эми
билдим, — деди улак. Төртөөбүздүн тең энебизди так ошол байкабай жүрүп
өлтүрүп алган окшойт. Ал аз келгенсип, өзүбүздү уктаган жерде унутуп коюптур.
Азыр мында эң эле кымбат териси жатканын көр! Көч үстүнөн түшүп калган
терини бирөө да байкабаптыр. А керегеде илинип турганда, кокус чайнап коет
деп, мени мунун жанына жакын жолотчу эмес...
Ошондо гана беркилердин жүрөгү ордуна келип биринен сала бири үшкүрүп
жиберишти.
— Чөк! — деди улак, тайлакка карап, — Жолборстун терисин жамын.
Анан бизге аюу, жолборс же карышкыр тургай, арстандын өзү да кол саларын
көрөлү?
Тайлак чөктү. Үчөөлөп терини анын үстүнө жаап, эми ээн-эркин суу ичмек
болуп өзөнгө барышты.
Суунун боюндагы таш үңкүрдө уулдап-чуулдап, улуп-уңшуп, дайны жок
ырдаган үн угулду. Тайлак менен музоону жакын жерге тургузуп коюп, бул эмне
болгон уу-чуу экенин билиш үчүн улак козуну ээрчитип, үңкүргө кирди.
Куу түлкү өзү корккон айбандарды конокко чакырыптыр. Төрдө жолборс, аюу
жана карышкыр олтурат. Түлкү аларга кошоматты кош айтып, тамакты ырдап
сунуп, мындай деди:
— Калк өстүргөн көп малдан,
Кагып жеген мына биз.
Эл өстүргөн көп малдан,
Илип жеген мына биз.
Жокем биздин башчыбыз,
Какем азык тапчубуз,
Аюу биздин аксакал,
Кана муну ала сал!
— деп колундагы этти аюуга берди.
Аюу аны жеп көрүп:
— Этиң сасып калыптыр, жебейм аны, андан көрө өзүм көтөрүп келген
ышкынды жейм, — деп аюу таманы менен оозу-мурдун аарчып, ышкындан
барс-барс эттире жей баштады.
— Эт эмес эле талаада жаткан тарпты таап алган окшойсуң, — деди жолборс,
карышкырга каардуу карап.
— Аттиң ай, семиз козунун жаш эти болсочу! — деп түлкү куйтулана сүйлөдү.
Ошондо улагада турган козу коркконуна чыдабай маарап жиберди.
Түлкү жалт карап, эми ого бетер шаттанып ырдады:
Экөө бирдей энтелеп,
Келген тура даяр эт,
Качыр каке козуну,
Козгол буга ылдам жет!
Козу байкуш тирилей өлүп былк этпестен туруп калды. Улак дагы эле эрдик
кылып, минтип айтты:
— Сыртта биздин сырттан бар, Бириңди соо койбойт ал: Жону жолборс, өзү нар,
Сүрү катуу чын көк жал, Карышкырдын терисин, Сыйрып ичик кийебиз. Түлкү
бизге чак тумак, Же тебетей кийебиз, Жолборсту жүгөндөп, Жоого каршы
минебиз. Аюу болот чоң талпак, Капшыт жакка биз жайып, Канча бассак былк
этпей Жатсын жерди кучактап.
— Ал анчалык эмне экен? Барып карачы түлкү! — деди жолборс.
Түлкү сыртка жүгүрүп чыгып, же жолборс, же бөлөк эмне экени билинбеген
укмушту көргөндө куйругун кыпчыган бойдон качып жөнөдү.
Анан карышкыр чыгып баратып, козуну бир карап алганда, бул байкуш ого
бетер бүрүшүп, өлүп кете жаздады.
Коркконуна чыдабай бото боздоп, музоо мөөрөп жибергенде, алардын үнүнөн
да, сүрүнөн да кошо корккон карышкыр кайрылбастан кетти.
— Жанагы экөө кайда жоголду? — Эми сен барып карачы, аюу! — деди
жолборс. Аюу да талпаңдап качты.
Акырында жолборс өзү чыгып: «Тиги турган менби же мен эмесминби?» —
деп аң-таң боло карап, бирок бото коркконунан атасы буураны туурап
буркан-шаркан түшкөндө, жолборс да булт коюп жөнөдү.
Төрт жетим үңкүрдөгү даяр ашка караган жок. Себеби, булар үчүн жайлоонун
көк жашыл чөбү ансыз да жайнап турат.
Ошондо улак минтип айтты:
— Биз азыр ач көз байдын малы эмес, көпчүлүккө таандык малбыз. Бизге
жакшылап көз салбаган кишинин жазасын көпчүлүк аябай берер. Бирок,
көпчүлүктүн пайдасы үчүн өсүп берүүгө мына ушинтип өзүбүз да аракет кылалы.
Анан көчтү кууп, жайлоого жаңы конгон элге бат эле жетип барышты. Өздөрү
аман, анын үстүнө жоголгон жолборс терисин таба келгенине буларга ыракмат
айтты.
— Мен силердин алдыңарда өлгүдөй уят болдум,— деди ээси.
Ал эми көпчүлүктүн алдында мыктап жазамды тартканмын. Өзүм багып
жүргөн малдын кайда калганын мына ушинтип көрбөй же билбей калып отурсам,
анда менин эмнем малчы?!
АЙБАНДАРДЫН ДОСТУГУ
Төө, аюу, түлкү, карышкыр, жолборс, улак — баары чогулуп кеңешип: «Бирге
жан багабыз» деп дос болуп жайлоого чыгышты. Төө, козу, улак үчөө чөп жеп
жакшы семиришет экен. Аюу, түлкү, карышкыр, жолборс болсо эч тамак таба
албай ачкалыктан аябай арыкташыптыр.
Бир күнү түлкү: «Баарыбыз ачка өлүп калбайлы, азырынча улак менен козуну
жей туралы» деди. Буга жолборс жана башкалары макул болушту. Улак менен
козуну эки күн азык кылышат. Дагы жээр эчтеке таба албай ачка болушту. Дагы
бир күнү түлкү: «Минтип жүрүшүбүз болбойт экен, төөнү да жейли» деди. «Төө
биздин төрөбүз болсо, муну кантип жейбиз?» деп жолборс сурады.
«Эгер силер макул болсоңор, төөнүн жайын өзүм табамын» деди түлкү.
Жолборс, карышкыр макул болушту.Түлкү төөгө барып, ар жагына бир, бер жагына бир чыгып эркелеп: «Төө аке,
тигил досторум азыр сизди союп жеп, көктөмдө кырк козулуу кой берели дейт.
Буга макул болосузбу» деди.
Төө ары ойлонуп, бери ойлонуп, бат эле байымак болду: «Көктөмдө сүйрөтпөй
жыйып берсеңер эле болду» деди. Түлкү жолдошторуна барып, карышкырды
төөнү союуга ээрчитип келди. Төө мойнун созуп, чөгүп берди. Түлкү менен
карышкыр сое башташты. Төөнүн ичин жаргандан кийин түлкү ичине кирип, ич
майынын баарын жеп чыкты.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 19
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.