Latin

Балдар фольклору - 06

Total number of words is 4523
Total number of unique words is 1825
33.4 of words are in the 2000 most common words
46.2 of words are in the 5000 most common words
52.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жатканын даана билип туруп чабат. Алардын көбүнчө өчмөнтөйлү болуп калганы
бул оюнда кыз эркек дебей аралашып ойнойт эмеспи. Өзүнүн айлындагы кыз
тигил айылдын баласынын тарабында болуп чөктө бирге жатып калса ошонун ич
күйүсү менен аябай чабууга кыжырланат. Же мурда бир урушуп калган балдар
болсо баштапкы ичинде жүргөн кеги менен чабат. Аны байпакка таш салып
чапканы билинип калса бала айыптуу болуп тогуз шап берип кутулат. Шапты
таяк жеген бала өзү алат. Шап деген сөз сөөмөй ортону менен аябай билекке
чабат.
ЭЛДЕН-ЭЛДЕН ЭЛ ЧАБАР
Элден-элден, эл чабар деген боз балдар жана 10— 11 жашар кыздардын оюну
болот. Мунуда канча болсо да эки бөлүнүп алып ойнойт. Элден-элден, эл чабар
оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат. Чөптү
таппай калса тиги тарап биринин колун бири кармап кыркасы менен туруп берет.
Бул катар тургандар чымырканып, колдорун бекем кармашып туруп, тиги
тарапты чакырат.«Элден-элден, эл чабар, чала кыз деген бок чабар» деп чала кыз
эркек бала катуу чуркап барып күч менен катар турган балдардын кармашып
турган колдоруна катуу тийип өтөт. Аны өткөзбөй токтотуп калса, өз катарына
тизип алышат. Эгер токтотуп калалбаса, ортосунан бөлүп азыраак жагын айдап
кетип өзүнүн тарабына кошуп алат дагы кол кармашып катар туруп, тигил
алдырган жакты чакырат. «Элден-элден, эл чабар Итбай деген бок чабар», деп
Итбайдагы эң бир кайраттанып катуу барып, бузуп өтөм деп өтө албай калса
колго түштү деп аны дагы катарына тизип алышат. Очураты 1 менен тигилер
дагы чакырса, дагы барып бузуп кетсе кетти, бузалбай калса колго түшүп калат.
Кыскасы кезек менен бир тарабы, бир тарабын чакырып токтонуп калып, өз
тарабына алып качырып барганда буза коюп, бөлүп кетип жүрүп бир тарабын
калтырбай жеңип алганда эң артта калган баланы сен башчысың деп таардап
кетишет дагы кайрадан башка оюнга киришет.
ТОКТУ СУРАМАЙ
Токту сурамай деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки тарапка тең
бөлүнүп алып өйүз-бөйүз болуп кырка олтурат. Ар бир балага жашыруун ат коюп
алышат. Чөп жашырынып, кайсы таппай калган жагы тынч олтуруп калып, берки
Очураты — кезеги.
тарабынан бир бала туруп барып тиги тараптын бир баласынын көзүн эки
колдоп алаканы менен басып туруп өз тарабынан бир баланы
чакырат, жаңы коюлган атынан айтып. Мисалы Туткожо, Туткожо деп Туткожо
келип көзү басылып турган баланы чекеге катуу чертип кетет дагы өз тарабына
барып, ордуна олтуруп калат. Көздү басып турган бала, көзү басылып турган
баладан күзгүбү, таракпы деп сурайт. Ал бала көзгү деп койсо күзгү деп анын
көзүн алаканы менен бек сыдырып кетет. Көзүн сыдырткан бала ордунан туруп
басып тиги тараптан туткун деген жаңкы чекеге черткен баланы таап алат. Таап
алса колунан жетелеп алып келип өз тарабына кошуп алат. Эгер таппай калып
бөлөк баланы кармап калса, ошол тарапка олтургузуп алышат. Андан кийин
берки тараптан бир бала туруп барып тигилердин бир баласынын көзүн басып
туруп өз тарабынан бир баланы чакырат Чымчык бери кел деп. Жаңы аты
Чымчык коюлган бала келип өзү жабылган баланы чекеге катуу чертип кетип
барып ордуна олтуруп калат. Көзүн басып турган бала майбы, көмөчбү деп
сурайт. Май деп койсо майы деп көзүн сыдырып коет. Ал бала барып Чымчыкты
таап алат. Таппай калса ошол топко олтуруп калат. Кыскасы кезек менен
ошондой ойноп олтуруп акыры бир тарабы утуп чыгат. Утканы эле бир тарапка
бала койбой өз тарабына жыйнап алуу болот. Уттурган тараптын башчы болгон
баласын таардап бардык бала тебелеп кетишет. Бул оюн ушул түр менен ойнолуп
бүтөт.
ЖӨӨ ООДАРЫШ
Жөө оодарыш деген оюндун түрү мындай болот. Баягы эки тарап эки топ
болуп туруп арасынан бирден балбан баланы ат кылып атайт. Бирден тең кылып
атап, эки балбан баланы эки баатыр бала минип алып оодарышка чыгышат. Бул
ат болуп жүргөн балдар төрт аяктап жүрөбү, эки тараптын убадасы боюнча
жүрүшөт. Ат болуп жүргөн балдар балбандыгынан үстүндөгү баатырын алдырбай
өтө омоктулук менен далайга сактап жүрөт. Минип жүргөн балдар колдон,
буттан, моюндан алып аябай жулкушат. Кай бирлери шымдан алышабыз деп
шым, ыштандарын айра тартып жулуп-жулуп алат. Шымымды, ыштанымды
айрып салды деп ызаланган бала уруша кетет. Калыс балдар баатырдын шымы
айрылганда уруша кетчү беле дешип аш тойдогу оодарыштарды көргөндөрү
ажыратып коет. Эгер ажырашбаса бир аз мушташып басылат. Кайтып башка
балдардан ат кылып баатырды аткарып оодарыштырат. Оодарыштан алып
кеткени байгеге сайган төөматегин алат. Төөматек деген сөз алдырган баланы
жылаңбаштап туруп оодарып алган бала колун шымаланып туруп төбөсүнө
чыканагын коюп туруп катуу тартып кайра СУУРУП, муштум менен бери сүрүп
кайта нары муштап кетет. Бул оюн кыскача ушундай түр менен гана ойноло
берип бүтөт.
САРТЧА АЛЫШУУ
Сартча алышуу деген оюнга көчүшөт. Бул сартча алышууда эки жаат болбой
эле чогу балдар арасынан эки тең баланы белине бышык кур курчап чыгарат, Ал
эки бала белиндеги курдан бекем кармашып алып бири кайкалай бергенде колун
кайчылап коюп которгондо кайкалаган баланы эки буту көтөргөн баланын эки
ийнине артыла түшөт. Ошону менен булар токтоло калбастан чек кылып койгон
он саржан жерге тынбастан шапа-шупа көз илешпей улам бирин сартча алып
жүрүп олтурушат. Булар чөккө жетсе баракелде, баракелде деп чурулдап
калышат. Жете албай бирин-бири түшүрүп жиберсе балдар күлүп калып түшүрүп
жиберген баланы четке отургузуп коет. Бул оюнду көп ойноп машыккан бала эч
бир түшүрбөй алыша беришет.
ЧИКИТ
Чикит деген оюндун түрү мындай болот. Эки бала чыгып чикит чаба турган
болсо, абал эле жерди узатасынан жырып коёт. Камчы саптай болгон бир
жыгачты таяк деп белендеп коюп, туташа ченеп бир жыгачты баягы жырган
жерге көпүрөө кылып коюп бир бала колундагы таягы менен жырган жерге
салып туруп көпүрөө болуп турган кыска жыгачты көтөрүп ийет. Ал кыска жыгач
көтөрүлүп жогору чамгарактай түшкөндө катуу чабат. Таамай тийсе жыгач алыс
барып түшөт. Берки жыгач чаппаган бала барып ал жыгачты баякы жыдыманды
болжоп өлчөм менен ыргытат. Жыгач келип жыдыманга келип түшөт. Жыдыман
менен жыгачтын ортосуна таякты салып көрүшөт. Таяк жетип калса жыгачты
алып келген бала жанакыдай үйрүп туруп чабат. Жыгачтын түшкөн жеринен
барып мурда чапкан бала жыдыманга болжоп ыргытат. Таякты салып өлчөп
көрүшөт. Жыдыман менен чикитке таяк жетпей калса чикитти чапкан бала
элеймин деп таягы менен чикитти элейт. Элегени таяктын учунурак чикит
жыгачты туура кылып алып, аста, аста өйдө секиртип астынан өйдө уруп
турганды айтат. Чикит деген жана чабылып жаткан кыска жыгач болот. Эми
элегенде нече жолу чикитке тийсе санап туруп чикитти учунан сол колу менен
ороп алып оң колу менен таякты алып катуу чабат. Баякы элегенде беш санаса
беш жолу чикиттин түшкөн жеринен нары карай чабат. Ал убакта чигит менен
жыдыгандын ортосу кыйла алыс болуп калат. Ошол алыс жерден берки бала
чикитти алып туруп «Акбай, Токбай, Караменде, Кашка тай колдо, колдо кула тай
куруп кетти Мандабай, Акылакей, Чакылакей чаар бака, темир така Баранбай
бүкүр, бооруңа түкүр чабалекей чамчым, — деп оозун кымтыган бойдон
жыдыманды көздөй катуу жүгүрөт. Жыдыманга чейин деген үнү басылбай келип
жетсе кутулат. Эгер жетпей келе атып үнү басылып калса берки баланы көтөрүп
алып кайта баштан «чамчым» деп жүгүрүп келип жыдыманган жетет. Анда дагы
үнү басылып калса. Кайра барып чикитти алган жерден жанакы сөздүн барын
айтып туруп чы-ым деп дагы жүгүрөт. Анда дагы келе атып үнү басылып калса
дагы берки бала көрүп алып чым деп келет. Үнүн баспай жыдыманга жетсе
кутулду, Эгер үнү басылып калса улам, улам кайта бара берет. Чикит абдан алыс
жерге чабылып калган болсо ал балайка кылынат. Жакын жерден чым деп келсе
кайта чикитин чабыша берет. Бул чикиттин алыс барып жакын барышы жанагы
элегенден болот көп эленсе көп жерге чабылат, аз эленсе жакын эле жерге чым
деп кутулуп калып ойной беришет.
КӨЛГӨ ТҮШМӨЙ
Көлгө түшмөй боз балдар, ушулар катарлуу кыз балдардын оюну болот. Эки
тарап болуп ойнойт. Көлгө түшмөй деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки
жаат болуп алып чөп жашырынышат, анда чөптү таба албай калган жааты бир
аркандын учун туюктап алып ошол аркандын учуна чогулуп туруп алышат. Анда
чабал, кашаң, алы жок балдарды ортого коюп күчтүү, шамдагай, күлүк тың
балдар арканды жыйнап алып туш, туш жагын карап турат. Анда туш тарап,
туш-туштан камап кирип келип тебетей калпактары менен көлгө түшмөйдүн
ичинде турган балдарды туш келген жерине аябай чаап кетишет. Анда баягы
арканды жыйнап турган балдардын бир же экөөн бир жакты бет алып тигил
тараптын балдарын чабам деп келе атканда кармап алуу үчүн келе атканда
жыйнап алган арканын жазып жиберип катуу күч менен качырып калганда
кармап токтотуп калса тиги жаатты колго түшүрөт. Эгер токтото албай калса тим
тура берет. Ошентип кай бир убакта каруулу балдар арканын жазып жиберип
катуу качырганда өзүнүн колго түшмөйдүн ичиндеги балдар кыйрап жыгылат.
Анда берки тарап буларды тегеректеп алып кыйла токмоктоп салышат. Ал
жыгылып жатып кармап калса беркилерди колго түшүрөт. Бирок жыгылган
тарапты буттан колдон сүйрөп будалап жүрүп, жакында карматпайт. Ошентип
тигилердин бирин кармап токтотуп алмайынча көлгө түшмөйдүн ичиндеги
балдар көп таяк жеп калат. Кармап калганда булар дагы тиги тарапты ошондой
сабашат.
ЖАШЫНМАК
Жашынмак дагы жаш балдардын кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт.
Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп
жашырышат, чөптү таап алса берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган
тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучулар
эң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат. Мисалы, жыйган
отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жардын
түбү, терек, тал, карагайдын бутактардын арасына чыгып барып далдаланып
отуруп калышат. Же ундун ичине, чыгдандын 1 ичине, тактанын алдына, жүктүн
бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир
кыраакы балдар аялдын кыздын киймин кийе коюп, элдин катарынан орун алып
отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет.
Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.
Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса кайра жашынтат. Эгер таап ала
албай калса берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп
келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай Деген балдар
уткан болот. Эгер таап ала албаса алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси
утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай
койгону гана кыйын кыраакы эстүү бала экен делип калат.
ЖООЛУК ТАШТАМАЙ
Жоолук таштамай деген оюн мындай болот. Балдар канча болсо тегерете
олтурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган
балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын
аркасына эч кимге билгизбей таштап кетет. Анын таштаганын билбей калса дагы
айлана басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат.
Ал таяк жегени качып балдарды айлана качып кайтып келип ордуна олтурат.
Анан биринчи эле жоолукту таштап кетери менен билип калса, жоолук таштап
кеткен баланын аркасынан кууп жүрүп сабай берет. Ал таяк жеген бала качып
олтуруп сабап жүргөн баланын ордуна келип олтурат. Эгерде сабап жүргөн бала
өтө куу, шум бала болсо ал дагы кууп барган баланы колу менен, тебетей менен
Чыгдан — чийден согулган тосмо.
сабай берип жолугун бир башка баланын аркасына таштап кетет. Ал бала
тигилердин кызыгына батып күлүп жатып, билбей калса кайра барып ал баланы
сабайт. Балдардын баарын алаксытып күлдүрүп коюп, улам биринин аркасына
таштап кетип жүрүп далайын сабайт.
КАН ТАЛАМАЙ
Кан таламай деген оюн мындай болот. Бир топ бала чогулуп алып бир чүкөнү
же бир саканы кан деп коет. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Ал чүкөнү
калчаган бала эки бүгө, эки чиге, эки таа, эки алчы болсо бирин бирине атып ала
берет. Ал бала атып жатып тийгизе албай же башка чүкөлөргө тийгизип койсо
жыдып калат. Жана калчаган бала дагы ошондой тартип менен ала берет. Баякы
атып жаткан балдар канча чүкө атса дагы өзүмдүк кылып ала беришет. Кан атып
алганы байып калгандай бөлүп турат. Кайсы бир бала жалгыз чүкөнү да атып ала
албай тура берет. Эгерде кан алчы түшсө алчы менен атып алат, таа
түшсө таа менен, бүгө түшсө бүгө менен, чиге түшсө чиге менен атып ала берет.
Канды кандай учурда атып алса да боло берет. Чүкө атып олтуруп баардыгы
бүткөндөн кийин ар бир бала чүкөлөрүн санап көрүп, эң аз чүкө алып калган
баланын чүкөсүнө өлчөп салып калчашат. Анда канды атып алган бала канды
жолдошу менен чүкөнүн санатынан башка кылып салат. Калчашаарда анда такыр
чүкө албай калган бала оюнга кирбей гана томсоруп олтура берет. Берки чүкө
алган балдар калчашып жатканда кан таа түшүп калса сак болуп турган балдар
жалпы эле чачылып жаткан чүкөнү талап киришет. Анда кай бирлери көбүн
талап алып коет. Баякы чүкөнү көп атып алгандагы көп талап алып байып калат.
Кээ бир балдар ошол кан талашмайда дагы жакшы талап ала албай куру калат.
Ошентип баякы көп чүкөнүн барын кайсы бала алса ошол бала уткан болуп
эсептелип берки балдардан кош камчы, бөлчөй, төө матек окшогон сайган
байгесин балдардан алып көтөрүлүп калат. Кандын алчы бүгө, чиге түшкөнү жай
оюн болуп атып ойноло берет. Анда канды атып алган бала канды жолдошу
менен чүкөнүн сапатынан башка таа түшүп калганда гана талашакей болуп,
балдарды тытыштырып салат. Кандын таа түшкөнү кандын жаңылганы деп
билинет.
УПАЙ (2-вариант)
Упай деген оюн дагы ушул өңдүү көп чүкөнү калчап ойногон оюн болот. Бирок
айырмасы көп упайда канча киши болсо эки тарапка бөлүнөт. Кан деп бир чүкөнү
же бир саканы белгилүүсүн кан кылып коёт. Андан башка чүкөлөрдү үчтөн бир
басым деп санап, отуз басым же андан аз 28, 26, 20 же 18 басым кылып санап
коюп, канды жалгыз коет. Абал мурда байге сайышып туруп ат карчашабыз деп
эки жааты эки чүкөнү карчайт. Кайсы чүкөсү конгон тарабы мурун карчап көп
чүкөнү атмакчы болот. Чүкөнү карчаганда канды абал мурда атып алат. Кан бүгө
болсо бүгө менен, алчы болсо алчы менен кан кандай түшсө, ошондой жаткан
чүкө менен эң мурда канды атып алат дагы, канды жалгыз гана басып коёт. Басып
койгону обочо алып койгону болот. Андан кийин чүкөлөрдү бүгө менен бүгөнү
жаңкындай өз түрүнө карай атып үчтөн басып кандын жанына коё берет. Кыйын
упайчы болсо 30 басым чүкөдөн 16 басым атып же андан ашык атып
алса ажыраткан болуп ал чүкөлөрдү өзүнө таандык кылып коюп карчай элек
жолдошу карчап дагы атып үч чүкөдөн бир басым кылып ала берет. Бир тарапта
канча болсо, ошонун барысы карчап атып алышынча алат. Бирок анын жыдып
калмайы болот. Аткан чүкөсүнө тийгизе албай калса, же аткан чүкөсү мээлеген
чүкөсүнөн башка чүкөгө тийип калса, же аткандан кийин бир чүкөнү бир чүкө
басып учкашып калса, же жандаша жатып калып атылган чүкөнү алайын дегенде
жаткан чүкө кыймылдап калса анда жыдыйт. Жыдып калган киши колунда канча
чүкө болсо таштап коет. Жыдый электеги алып алган чүкөлөрү өзүнүкү болот.
Жана бир жыдымайы бар чүкөнү атып жатып тим эле жаткан бир чүкөгө тийип
алса, ошол чүкө баштапкы жаткан түрүнөн башка болуп өзгөрүлүп калса, анда да
жыдыйт. Ошентип берки кийин карчоочу тарабы беркилердин баары жыдып
калып атылбаган канча чүкө калса да аны карчап атып ала берет. Алар дагы бүт
атып ала албай калса, кайтып беркилер карчап алат. Ошентип чүкөнүн баары
атылып болгондон кийин кайсы чүкөсү аз болуп калган тараптын чүкөсүнө өлчөп
салып кайра карчашат. Бирок кан бир чүкөгө тийип жатса атылбайт, аткандан
кийин тийишип жатса ал бат жыдып калган болот. Оңко болуп калган кан же
чүкөлөр атылбайт. Оңко оюн бузат деп коет. Эң акырында үч эле чүкө калса да
аны атып алып бүтмөйүнчө карчаша берет. Эгерде бир тарабы үч эле чүкө алып
калса берки көп чүкө алган тарабы кандан башка үч чүкөсүн алып чыгып карчаша
берет. Карчаган чүкө кан менен жети эле чүкө болсо кан саны менен жетөөнү тең
атып алмайынча карчаша берет. Бир тарабы бир дагы чүкөнү тигил тарапка
жибербей алганда чүкөсү жок калган тарап уттурган болот. Байгеге эмине сайса
да берет. Жандырмак бар болсун дешип убада кылса көп чүкөнү кан саны менен
карчайт. Алдырган тарап анда барып алып кетсе ажырайт, же болбосо ажыратып
алганда эле жансын деген убада болсо ажыратып эле алган жанып калат. Ал
убакта байге берилбейт. Упай деген оюндун түрү ушундай болот.
V. КАЛПТАР
ЧОҢ ЧЫМЫН
Жылкы жайып, аң уулап чыктым желип,
Сан-Таштан төрт бугу аттым, он беш элик.
Эликти бөлүп жарып, артып алып үйгө келдик,
Тайымды таң ашырсам «кудай» урган экен,
Мамыдан каргып түшүп турган экен.
Ооздуктап он беш жигит алган экен,
Ошондо да ары-бери чалган экен.
Жолум болгон Сан-Ташка келдим эми,
Санаамдын калыстыгын «кудай» билип,
Чымынымды чымын баатыр тууган экен,
Ок салдым мылтыгымдын ичин сылап,
Өңүп бардым «кудайга» таза ыйлап.
Төшү деп өпкө-боордон аттым элем,
Чымыным тоодой болуп кетти кулап.
Чымыным кулап кетти туура-туура,
Алдыңда миң карагай паара-паара.
Териси чымынымдын шондо калды,
Беш жигит он өгүзгө чана салды.
Чана менен алып барып, сууга салып,
Алтымыш бычак курчутуп, жүнүн алды,
Токсон көөкөр, кырк саба бычып алды,
Шондо да төрт бучкагы артып калды.
Чымынымды чымын баатыр тууган экен,
Чымындын нык семирген убагы экен.
Томугу тогуз карыш казандан чоң,
Кар жилиги өгүздүн белинен жоон,
УЛАК ЧЫМЫН
Бир адам бир ак бараң сатып алып,
Бир жайлоонун башына чыккан экен.
Бир топ чымын уктап жаткан экен,
Бириндетип жүрүп бирин аткан экен.
Урап кетти урандынын башынан,
Кырк карагай, он арча кулап кетти.
Барса, чымындын үлкөсү эмес, улагы экен,
Куп семирген убагы экен.
Отуз уулу кырк өгүз айдап алды,
Терисин сыйрып, эки өгүзгө арта салды.
Отуз сегиз өгүзгө этин артты, үйгө барды,
Отуз саба, кырк көнөк кесип алды,
Отуз уул чокойго ултаң алды.
Жана ошондон ашканы —
Бир түндүк, бир жабуудай артып калды.
Жана бир кемпир убак-чүйөк майын жыйып,
Алты кацтын оозун бууп алды.
ЧЕГИРТКЕ МИНГЕН КИШИ
Көпөлөктүн сүтү менен бет жуугамын,
Айт-арапа күнү болгонунда,
Чегирткенин тору айгырын минип алып,
Чекчириле кыз куугамын.
Чылым тарттым көпөлөктүн куу башынан,
Чыкта түйдүм боз торгойдун чуудасынан.
Айыл кечпеген дайрадан кечип чыктым,
Чегирткенин тору айгырын минип алып туурасынан.
ИЙНЕЛИК МЕНЕН КИШИ
Чылбыр эштим чымчыктын чуудасынан,
Чылым кылдым чымындын кайышынан,
Калп жомок сиз да айтыңыз, мен да айтайын,
Ак дайра өтө чыктым туурасынан.
Чымчык союп, сыртынан айыл алдым,
Бирди союп ичинен майын алдым.
Аттын баскан жерине кайырмак салып,
Узундугу кырк кездей жаян алдым.
Ак серкени минип алып арка кеттим,
Көлбаканын сөөгүн көпүрө кылып,
Көз жетпеген дайрадан ыргып өттүм.
Ийнеликти минип алып соно куудум,
Үч күн жатып сонону коно куудум,
Жыгылып ийнеликтен бутум сынып,
Эми ийнелик минбеске тобо кылдым.
Бир дөбөгө чыгыптыр бир топ ыраң,
Ал дөбөнү жайлайт экен эки түрлүү аң,
Жарыктык чөбүн жебей, жерин жеди,
«Куданыны» кудуретине болдум айран.
ЧЫНЧЫЛ КИШИ АТКАН ЧЫМЫН
Калп айтып кары-жашка бирдей жактым,
Кайтарып кумурсканы койдой бактым,
Айгырын чегирткенин чертип минип,
Башынан кара тоонун түлкү кактым.
Бооруна кара тоонун жетип барсам,
Жолборсту чычкан чайнап өлтүрүптүр.
Бир жайдан чычкан көрдүм андай семиз,
Чымындан чыгат экен мындай семиз.
Чымындын жык семирген убагы экен,
Томугу тогуз карыз казандай бар,
Жилиги кара өгүздөн жоон экен.
Ойлонуп он беш жигит жыга салды,
Терисин денесинен сыйрып алды,
Алтымыш бычак курчутуп жүнүн алды,
Терисин сүйрөп барып сууга салды.
Он бучкак, он беш саба бычып алды,
Анда да төрт бучкагы артып калды.
БЕШ ЖҮЗ ӨГҮЗ, БИР КЫЛКАРА
Айдаттым беш жүз өгүз кара жарга,
Сатып кел деп бирин койбой кылкарага
Саттырып Кылкараны алып келсе,
Жеңи жок чапан чыкпайт бир балага.
БЕШМАНТ
Алтымыш атка араба чектим — баары көктөн,
Бир бешмант тиктим лампүктөн,
Этеги элүү кулач, кырк топчусу бар,
Дагы да тар болду деп ичимде,
Аз-аз гана кичине арманым бар.
КЫРК ОО3 КАЛП
Кичинемде турна бактым,
Арка-арыгына жабуу жаптым,
Өз энемдин ичинде экенимде
Чоң атамдын жылкысын бактым,
Чоң атамдын баскан изине көл токтоттум,
Көл токтотуп, кырк кулач балык алдым,
Балыгымдын жоон терисин тилип алдым.
Олтуруптур дегенде олтуруптур,
Карагайдын башына,
Кайнап-кайнап көл туруптур,
Бир кумурска менен бир карышкыр күрөшүп туруптур,
Карышкырды кумурска өлтүрүптүр.
Кумурсканы кой кылып кумга жайдым,
Чегирткени ат кылып черге миндим.
Чегирткени куш кылып көл кыдырдым
Чылым кылдым чычкандын куу башынан
Чылбыр эштим торгойдун чуудасынан
Бир торгойдон бир табак сөөк алдым
Сөөгү менен көккө көпүрө салдым
Башкасы калп болсо да ушунум чын.
БИР ЖЫЛЫ АШТЫК БАККАНДА
Бир жылы аштык бакканда,
Пычанды калың чапканда,
Чымын менен чымчыштым,
Көгөөн менен күрөштүм,
Чиркей менен чиркештим,
Аары менен арбаштым.
Аары чакты мойнумду,
Аары кууп берди такымдап,
Качып бардым жакындап.
Жакындап кирип келгенде,
Качайын десем дарак жок,
Колумда чолок камчыдан башка жарак жок.
Жакындап кирип келгенде
Камчымды бүктөп туруп бир чаптым,
Бел көчүк кисесин сый чаптым,
Ийнелик минип соно куудум,
Ал сонону эки күнү коно куудум.
Эки күнү коно кууп,
Ал соного жете албадым.
Андан кийин ал сонону
Куубаганга тобо кылдым,
Чака курт минип коен куудум,
А коенду эки күнү коно куудум.
Эки күнү коно кууп,
Үстүнө баса минип алдым
Үстүнө баса минип бара жатсам,
Бир четке барганымдан соң
Ташбаканын үстүнө ыргып миндим,
Өзүмдүн шамдагайлыгымды мындан билдим,
Бир күлүгүмдү суутуп алты ай миндим,
Аягына жем түшүп өлө жазды,
Бир чегирткенин бир санын сууруп алдым,
Өзүмдүн балбандыгымды мындан билдим.
Бир чегирткени таптап миндим.
Көлдөлөңдүн сазына көкбөрү тарттым,
Төрт көңузга жүк артып, түндө көчтүм,
Жаныбарымдын аргамжысын кылдан эштим.
Бир коңузга куржун салып минип алдым,
Аттан үркөт деп башын тарттым,
Каткан кардын үстүнөн күрт-күрт желдим,
БИР ЖОЛБОРС МЕНЕН БИР КАРЫШКЫР
Бир жолборс менен бир карышкыр
Кармашып туруптур
Жолборсту карышкыр басып алып жеп туруптур.
Башкасы калп болсо да ушунум чын.
УУГА ЧЫККАНДА
Бир күнү айлыбыз ууга чыкты,
Айлыбыз ууга чыккандан кийин мен да бардым
Кашка байталымды минип алдым,
Минип алып бара жатсам,
Бир жерге барганымдан кийин
Кашка байталым бир кашка кулун тууп берди
Кашка кулунумду ошол жерде токунуп минип алдым
Минип алып, желип бара жатсам,
Бир жерде бир алты элик турган экен,
Алты эликти атып алдым,
Бут-бутунан байлаштырып,
Кулунумду артып алдым.
Үстүнө баса минип алдым,
Үстүнө баса минип кетип бара жатсам,
Кашка байталым башы-көзүн калтаңдатып баспай калды
Баспай калганын минип алдым,
Ыйык жалдан кармап алдым,
Байталымды алдыма басып алдым,
Алты күнчүлүк жолго
Кулунум менен бир куптанда жетип алдым.
Башкам калп болсо да ушунум чын.
КАШКА ЧЫМЫН
Бир күнү айылыбыз ууга чыкты.
Айлыбыз ууга чыккандан кийин мен да чыктым
Бир жерде калың карагай турган экен,
Калың карагайды аралап бара жатсам
Бир кашка чымын жаткан экен.
Ушу чымындын колунда
Отун алуучу балтасы бар экен.
Ошо жерде келберсинип,
Эки бутун эки карагайга арта салып,
Башын бир карагайга жөлөй салып жаткан экен.
ТУУЛА ЭЛЕКТЕ КӨРГӨНДӨРҮ
Өз атам туула электе чоң атамдын жылкысын кайтардым эле. Тууй элек бээни
саап, тигиле элек сабага куюп, ичпей мас болдум. Чыга элек талдын чырпыгынан
укурук кыйып, эше элек жиптен боо тактым. Чыга элек табылгынын түбүндө
тууй элек коён жатыптыр. Жасай элек таяк менен урдум эле, казыла элек ийинге
кирип кетти.
Бир үч арык туруптур: экөө кургак, бирөө суусу жок. Үч арыкта үч балык бар
экен, экөө өлүк, бирөөнүн жаны жок. Анда үч киши туруптур: экөө жылаңач,
бирөөнүн кийими жок. Ал жылаңачтын этегине жаны жок балыкты салып берип
келе жатсам, үч там туруптур: экөөнүн төбөсү жок, бирөө тешик. Ал үч тамга
кирсем, үч казан туруптур: экөөнүн түбү тешик, бирөөнүн түбү жок. Түбү жок
казанга жаны жок балыкты салып, от жакпай бышырып жебей тойдум.
ОЛЖОЛУУ НЕМЕНИН СОНУН ИШИ
Суудан чыгып кетип бара жатсам, чыга элек чийдин арасынан тууй элек коен
качты. Аны чаап алдым. Андан кетип бара жатсам бир топ өрдөк оюла элек музга
кире качты. Музга бардым да, башымды кесип алып, музду ойдум. Өрдөктү
кармап алдым. Кармап алып өрдөктү алып кетип бара жатсам, башым унут
калыптыр. Башымды эстеп кайтадан барып алдым. Менин сонун ишим ушул эле.
КАЙСЫНЫСЫ ЧОҢ
Мурунку, мурунку өткөн бир заманда ага-инилүү үч бир тууган бала бар экен.
Үчөөнүн ортосунда жападан-жалгыз бир өгүзү болуптур. Ошол өгүздү үчөө тең
багышчу экен. Өгүздүн узундугу үч күнчүлүк жол болгондуктан, кичүүсү жем-чөп
берип, суусаганда сугарып дайыма баш жагында туруучу экен. Ортончусу орто
жеринде туруучу, эң улуусу соору жагын тейлөөчү экен.
Күндөрдүн биринде өгүз жампа таштабай калат. Ал ортончусуна келсе, ал
дагы ичи катып калганын айтат. Ошону менен кичүүсүнө барса, чүкө ойноп
кетип, өгүздү сугарбай тим койгон экен. «Өгүз суу ичпей калгандыктан ушинтип
жаткан турбайбы» дешип, аны бир чоң көлгө жетелеп барышат экен. Суусап
калган өгүз бир шимирүү менен алиги көлдү жутуп коюптур. Ошондо түбүнөн
бир чоң балык чыга калып, өгүздү жутуп жибериптир.
Ошол убакта бир бүркүт асманда учуп келе жаткан. Балыкты көрө сала дароо
илип алып жөнөп отуруп, конорго эч ээн жер таба албай, беш эчкинин арасында
турган текенин жалгыз мүйүзүнө барып коно кетти. Баш эчкини кайтарып
жүргөн абышка алиги бүркүттөн коркуп, текенин санына жашына калыптыр.
Бүркүт балыкты жеп, анын ичиндеги өгүздү кошо бүтүрүп, андан ары учуп кете
берди. Өгүздүн бир далысы текенин сакалынын арасында жашынып олтурган
абышканын көзүнө түшүп, ал эмне экенин билбей убараланды. Үйүнө барып
айтты эле, кемпири ала бакан менен ары бир копшоп, бери бир копшоп, таба
албай койду. Ошондо айылындагы бирөө аты-тону менен кирип барып, ары-бери
чапкылап жүрүп, далыны таап чыкты. Аны этибарга албай, талаага ыргытып
жиберишкен эле.
КЫРК КАЛП
Илгеринин илгери заманында Тилехан залим хан болгон экен. Ал бир күнү
отуруп өзүнчө жинденип, кан ичмейи кармаптыр да, мындай өкүм жарыялаптыр:
— «Ким кырк калп айтып берсе, мен ошого кызымды берип аны күйөө бала
кылып алам. Эгерим, кырк калп айтып бере албай, менин алдыма келгенди дарга
асып өлтүрөм, — деп бозо менен аракты аралаштырып ичкен хан күпүлдөптүр
вазирлерине. Ошону менен көптөгөн кишилер хандын алдына келип, калп айтып
берип, кызын алам деп, айтып бере албай өлө бериптир. Хандын дарына асылып,
анын тамашасына хан кумарын кандырып жатат экен күнүгө.
Бир күнү, бир жетим бала: «— мен Тилеханга кырк калп айтып бере алам, —
деп келип калат. Баланын кебетесин көргөн кишилер балага насаат айтып,
курулай өлүп каласың, жөн кетип кал дешет. Баланын кейпи жүдөө, колу-буту
туурулуп жарылып, кийими жыртык, бутунда жаман чарыгы бар экен. Өмүрүндө
нанга карды тойбой териси сөөгүнө чапташып, ыргыйдай көрүнөт, курамы он
беш жаштарда бар экен. Эл кой дегенге көнбөй, бул жетим: — Тилехандын
дарынан өлгөн кишилердин жанынан менин жаным артык беле, ошонун бирөө
боломун, — деп койду. Ошондо элжурт ал жетимдин оюна коет.
Жетим бала, Тилехандын алдына кирип, ийилип салам берет. Тизе коюп баш
уруп, отурат. Ошондо хан сурайт — Сен эмнеге келдиң? — Мен сизге кырк калп
айтып бергени келдим, — деп жооп берет. Анда хан: — Кырчын өмүрүңө кыйбай
жөн кетип кал, деп баланы таназарына албаптыр. Бирок бала: «Жыгылсаң нардан
жыгыл, бир буйласын кармай жыгыл» — деген сөз бар ханым, сиздин дардан
өлгөндөрдүн жанынан менин жаным чымындай жаным артык эмес, — деген экен.
Хан кекээрдене кана эмесе башта, — дептир.
— Мен, атамдын белинде, энемдин курсагында жатып, неберемдин
жылкысын багып, он жыл ичинде калың бүтөп, өзүм катын алдым, мунун бирөө
да калп эмес, баары чын, ханым — дептир.
Жылкы багып жүрүп, жай саратандын ысыгында жылкылар суусап кетти. Суу
издеп бир жерге барсам, бир кудуктан суу ашып чыгып, тоңуп калыптыр, мына
көрүң, ханым, жай саратанда муз тоңгонун ошондон көрдүм. Ал музду чагып суу
чыгаруу үчүн, балта менен чаптым, балтамын мизи сынды, темене менен
чокудум, темененин учу токол болду. Бир маалда курсагыма кеңеш салсам,
мындай акыл болду: — башыңды жулуп алып урсаң, анан муз жарылат, — деди.
Моюнумду толгой кармап, башымды жулуп алып, музга урсам, муз эки бөлүндү.
Муздун жаракасынан жылкымды сугарып алдым, жылкыларым суудан ичип,
муздун үстүнө чыккан чөптөн, ооба, бел курчоодон чыккан чөптөн жуушап калды.
Мен ошондо уктап калыпмын. Ойгонсом жылкыларым жок. Жылкы карап
жүрсөм, чөптүн арасынан бир коен чыга качты, мылтыгым менен коенду атсам,
огум алыс кетти, мылтык оозун анын көөдөнүнө такап атсам коен өлдү. Союп
жатсам, атым үркүп кетти, эмне болду деп карасам, атымды аккуунун мойнуна
байлап койгон экемин, атымды кармап коенду соеюн деп камдансам бычагым
жок экен. Аны тишим менен сойдум. Коендун этин бышыруу үчүн, тезек тердим,
кемегеге тезекти салайын деп жерге төксөм, тезектерим учуп кетти, карасам
тезек терем
деп чөптүн арасынан бөдөнө терип алыпмын, ошолор пыр деп учуп кетти.
Коендун этин туздап, күнгө кактап кебек кылып жеп, майын бир бүтүн эле
казанга сызгырып алайын деп куйсам, агып токтобой берди, соңунда тешик
казанга сызгырып алдым, коендун майын бир төөнүн, бир өгүздүн кардына
куйдум, ашканын өзүнүн кардына куюп алдым. Ошолор менен илешип жатсам,
бир айгырым жоголуп кетиптир. Аны он күн, он ай, он жыл издеп таба албадым.
Акыры, теменени сайып анын үстүнө чыгып карасам көрүнбөдү, бычагымды
сайып карасам көрүнбөдү, анын үстүнө кынын улап карадым көрүнбөдү. Мундай
керексиз көздү чукуп салайын деп карасам, башым баягы муз жарган жерде
калган экен, таппай калдым. Курсагыма кеңеш курсам, — айгырың асманда
жүрөт, — деди. Булутка минип, асманга чыгып карасам, айгырым ошондо туруп
калган экен. Кулунун кармап, айгырга өңөрсөм, айгыр көтөрө албады. Кулунду
минип, айгырды өңөрүп, бычагымы калак, кынымды кайык кылып жерге
түштүм. Чаалыгып, чарчап калган жаным уктап калыптыр. Бир маалда ойгонуп
жылкымы тойдуруп келип баягы койдун майынан бир жутуп алдым да, калган
майын өтүгүмдү майладым, оң жак өтүгүмө жетип, сол жак өтүгүмө жетпей
калды, уктап калыпмын, бир маалда дүбүрт чыгып калды. Ойгонуп кетип
карасам, эки өтүгүм мушташып жаткан экен. Май жеткени, май жетпегени менен
кызылдай эле мушташып калыптыр. Башы көзү жарылыптыр, экөөн эки чертип,
эки жакка жалжайта коюп салдым да, кайра уйкумду улай бердим. Эртеси саар
менен турсам, май жетпеген өтүгүм качып кеткен экен. Эки бутуму бир өтүккө
кийип, аны беш күн, беш ай, беш жыл издедим. Ал арада аялым өлүп, атым
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 07
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.