Latin

Балдар фольклору - 17

Total number of words is 4287
Total number of unique words is 1701
38.8 of words are in the 2000 most common words
52.6 of words are in the 5000 most common words
59.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жыгыла турган болгондо, бала: «Мен бармын» деп кыйкырып жиберет. Көрсө,
ошол жактын каны өлгөндө анын кушун учурушуп, куш учуп келип, эмнеге консо,
ошону кан көтөрүп алышчу экен. Баягы эл кушту учуруп артынан чыккан эл
турбайбы. Алар баланы көрбөй, терекке конгон экен деп теректи кесип
жатышыптыр. Качан гана «мен бармын» деп, доош салганда көрүшүп, ошону
менен баланы алып жөнөшөт. Алып барып кан көтөрүп коюшат.
Ошентип, Акчүкө кан болуп калды. Эми Куучүкө болсо, «барса келгис» жолго
түшүп жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир абышка кемпирге кез келет. Ал
абышканын баласы жок, эки үч эчкиси бар экен. Бала абышкага: «Баласы жокко
бала болоюн, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм» дейт. Абышка: «Мага бала
бол» деп, бала кылып алат. Бала эчкини кайтарып жүрүп, күнүнө үстүнө бирден
эчки сатып келип кошуп эчкини көбөйтүп, абышканы байытып коет.
Бир күнү кечинде бала асманды караса, асманда жанаша эки ай турат. Бала
таңыркап: «Ата, бир эле ай чыгуучу эле, эмне үчүн эки ай турат?» деп, атасынан
сурайт. Анда абышка: «Ал Айдын сага кереги жок, эмне кыласың, балам?» деп
айтпай коет. Экинчи күнү кечинде дагы эки ай турат. Бала дагы атасынан сурайт
экен. Атасы: «Ээ балам, көп эле сурап калдың, ал биздин кырк кыз, кырк кан деген
ошол. Ай менен сулуулук салыштырып турат» деди.
Эртеси Куучүкө баягы кызга кантип жетерин билбей, дөңгө чыгып отурса, үч
киши мушташып жатат. Жанына келсе үчөө бир тууган экен. Атасы өлгөндө
андан бир топу, үч таяк, бир жайыл дасторкон калган экен. Ал үчөө ошону
талашып жатышкан экен. Ал үч буюмда үч касиет бар экен. Топуну кийсе эч кимге
көрүнбөй калчу экен. Жайыл дасторкондо каалаган тамактар жайнап турчу экен.
Таягын кимди «ур!» десе уруп берүүчү экен.
Бала келип: «Эмне болдуңар?» десе, атасынан калган буюмду талашып
жатканын айтышат. Анда бала: «Үчөөң жарышып келгиле, чыкканыңар жайыл
дасторконду ал, андан кийинкиң топуну ал, эң аяккың үч таякты ал» деди. Үчөө
макул болуп, буюмдарды балага берип жарышканы кеткенде, бала баягы топу
менен жайыл дасторконду алып үч таякты минип кыз канга учуп жөнөйт.
Кыз-канга келсе, ал кырк кызы менен сейилдик куруп отурган экен. Куучүкө кыз
канды алып нечен дайралардан, өзөндөрдөн, тоо-токойлордон өтүп, бир кезде
тегереги арча-карагайлар менен курчалган жаркыраган кичинекей шаарга келип
түшөт. Түшсө шаардын ичинде бир да басып жүргөн жан жок.
— Адамы жок бул кандай шаар? Эмнеси болсо да мынабу дарбазасы алтындан
салынган короого кирели — деп киришсе, бир да жан жок.
Эртеси таң сүрөр менен Куучүкө: «Сен отура тур, мен аң уулап келейин» деп,
кызды үйгө коюп, өзү ууга кетет.
Эми сөздү баягы кыздын жанындагы кырк кыздан баштайлы. Алар кызды
алдырып жиберип түз эле канга келишет. Болгон окуяны төкпөй-чачпай канга
айтышат. Кан каарданып, бүт элди чогултуп:
— Менин кызымды тапкыла! — деп элди кыстады. Бирок элдин ичинен мен
табам, деп бир да киши чыкпайт. Муну көргөн кан башкача ойго келет да, элге
мындай дейт.
— Кимде ким менин кызымды таап, кайра бул жерге алып келсе кызымды
ошол кишиге берем. Кандай экенине карабайм дейт. Ошондо эл ичинен бир жез
кемпир чыгып, канга келди да:
— Урматтуу каным, сиздин кызыңызды мен таап келем, менин үйдөгү котур
балама бересизби? дейт.
— Иши кылып таап кел, сенин балаңдын котуруна карабай, кызымды сага
берем, кандын сөзү эки болбойт, — дейт. Жез кемпир сокусун минип, сок билегин
камчыланып, түз эле кыз турган шаарга келип түшөт. Кыз жайыл дасторконго
тамак-аштын түрдүүсүн коюп, жаңыдан бир чыны чайды ичкени жаткан экен.
Кемпир зордуктап кызды сокуга мингизип, сок билегин
камчыланып учуп жөнөйт. Көз ачып жумганча кандын алдында болушат.
— Мынакей каным, сиздин буйругуңузду орундадым.
Кан ага макул болот да, кызын жез кемпирден жетелетип жиберет.
Куучукө кечинде үйүнө келсе, аялы жок. Ар жак, бер жакты карайт, бирок аялы
табылбайт.
Таң кылайып келе жатканда колуна жаа алып, жүрүп отурат. Нечен
белестерди, нечен тоолорду ашат. Бир кезде көгөрүп жаткан музга туш келет.
Муздан өтө берерде муз жарылып кетет да, Куучүкө сууга түшүп кетип агып
жөнөйт.
Ал канча жерге агып келгени белгисиз, бир кезде көзүн ачса суунун жээгинде
жатат. Оң тарабында бир ажыдаар, сол тарабында бир ажыдаар баланы карап
жатышат. Бирөөнү караса, экинчисине мин дегендей белги берет.
«Ии, булар, мени мингизип алып, анан бир жерге алып барып жеген жаткан го,
мейли жесе, баары бир өлдүм» деп, экинчи ажыдаарга келип минет.
Экөө асмандатып алып учуп жүрүп отуруп, көз жеткис бийик зоокага келип
конушат. Биринчи ажыдаар бир чоң кара ташты куйругу менен түртүп койсо, таш
кадимки эшиктей ачыла түшөт. Анан Куучүкөгө карап кир дегендей белги берет.
Куучүкө тартынбай кирет. Ал үңкүрдүн оозуна киргенде капкараңгы боло түшөт.
Караңгы жер менен бир аз басканда алтындан жасалган дагы бир эшик көрүнөт.
Ал эшикти ачып кирип келсе, төрдө бир ак сакалдуу карыя отурат. Баягы
карыянын белинен өөдө карай жагы кадим эле киши, ал эми белинен ылдый
жагы жылаан түспөлдөш экен. Куучүкө салам айтып, босогого туруп калат. Карыя
алик алып, баланы өзүнө чакырып, жанынан орун көргөзөт. Куучүкө карыянын
жанынан орун алат. Тамак желип бүткөндөн кийин:
— Кана, сүйлөй отур балам, кайдан болосуң, бул жерге кандайча туш болдуң?
деп кайрылды карыя.
Куучүкө башынан өткөн окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.
— Мен ажыдаарлардын падышасы Шаймерен деген болом. Өзүм көптөн бери
оорумун. Менин оорумду адам баласы гана айыктыра алат экен. Сен эми
айыктырсаң, сенден мен жардамымды аябаймын. Эки жолу жаңы төрөгөн аялдын
эмчек сүтүнөн эки кашык ичсем, куландан соо болуп айыккан турам. Ал сүттү
өзүң таап келбесең, башка эч ким табалбайт. Мен сага бир ажыдаарды башы
менен берем. Анын тилин да үйрөтүп коем, деди падыша. Куучүкөгө ажыдаардын
тилин үйрөтөт.
Падыша бир ажыдаарын Куучүкөгө берип, жолго чыгаарда: «Бул ажыдаарды
кайда уч десең ошол жакка уча берет. Кандай оюң болсо баарын аткарат. Бирок
сага айтарым: мындан мурун бир адам баласына ажыдаар берсем, сен келген ээн
калган шаардын эли бири-бири менен уруша кетсе, элди бүт сордуруп салыптыр.
Ошентип алиги шаар бүт элсиз калды. Сен андай кылбагын» дейт.
Бала макул болуп, сүт таап келүүгө жолго чыкты. Ажыдаар менен бала учуп
жүрүп отуруп, күүгүм кирип калганда бир кыштактын четине келип конду. Бала
ажыдаарын суунун боюндагы бир чоң таштын түбүнө коюп, өзү айыл аралап келе
жатса, бир үйдүн тегерегинде топураган элди көрөт. Жолдо келе жаткан
кемпирден: «Ээ, эне, бул жерде эмне болуп жатат?» деп сураса, «эмне болсун
балам, ушул айылдын бир келини жаңы төрөдү эле, эси ооп, эсине келе албай өтө
кыйналып жатат. Айылдагы аны-муну билген молдолордун колунан да келбеди.
Шордуу келин өлмөй болду» дейт.
— Мени ээрчитип барыңыз, балким колумдан келип калаар, — деди бала.
— Атаа, айланайын балам ай, дегеле, ырас болот, жүр, — деп кемпир баланы
ээрчитип алып үйгө кирет. Кирсе, келин чыдай албай жаткан кези экен. Ал колун
келиндин белине тийгизди эле келин бир аз эс алып, тынчып жатып калды.
Куучүкө келиндин сүт агып жаткан эмчегинен өзүнүн алып келген идишине куюп
алды да, кайра койнуна салып койду. Эл үйгө кирип келсе, келин өңүнө келип
жаркырап жайнап отурат. Келиндин ата-энеси, чогулган эл балага урмат-сый
көрсөтүшүп, айылдан узатышты. Бала ажыдаарга минип алып, түн бир оокум
болгондо падышанын сарайына келип түштү.
Бала алып келген сүттү бир түндө эки маал берди эле, эртесинде падыша
сак-саламат айыгып, өз калыбына келди.
Падыша балага ыраазы болуп колуна бир дары берди: «Сен бул дарыны
башыңа кыйынчылык иш түшкөндө чекеңе тийгизип, эмне болом десең ошол
замат каалаган оюң аткарылат. Бул дарыны эч адамга көрсөтпө да, касиеттүү
сырын эч адамга айтпа» деп ажыдаарына мингизип Куучүкөнү жөнөттү.
Куучүкө жүрүп отуруп, баягы кыздын шаарына күүгүм кире келди.
Ажыдаардан түшүп, шаарды аралап кандын сарайын издеп келе жатса, бир
жепирейген там турат. Үйдүн терезесин шыкааласа төрдө салынган төшөктө
тырманган бирөө жатат. Терезенин түбүндө баягы кыз ыйлап отурат. Көрсө,
ыйлап отурган кыз баягы Куучүкөнүн аялы экен. Ошондо экөө кучакташып
көрүшүп, канга барышат.
Куучүкө сарайга кирип, кандын алдына келип, баш уруп ызат кылып, болгон
окуяны айтты эле, кан ачуусу келип, жигиттерине Куучүкөнүн башын алууга
буйрук берсемби деп ойлоду. Бирок кызынан чочулап Куучүкөнүн колунан келбес
бир ишке жиберүүнү ойлоп:
—Сага мен бир ишти тапшырамын, эгер ал ишти аткарып келсең, кызымды
сага беремин, аткара албай калсаң, башыңды аламын, — деди кан.
— Ал кандай иш, урматтуу таксыр?
—Алты айлык алыс жолдо бир түп чоң терек бар. Ошол теректин түбүндө
арстан бар. Анын оозунда аяктай алтын бар, ошол алтынды алып келесиң. Мен
сага он күндүк убакыт берем. Эгер он күндүн ичинде алып келбесең, анда
кызымдан үмүтүңдү үз, — дейт.
— Жарайт каным, айтканыңызды орундайм, — деп Куучүкө жолго түшөт.
Шаардан чыгар замат Куучүкө Шаймерен берген сыйкырдуу дарыны алып,
чекесине тийгизип ылаачын куш болуп учуп жөнөйт. Учуп жүрүп отуруп, жүрүп
отуруп, бир нече күн, бир нече түн дегенде баягы кан айткан терекке жетет.
Теректин түбүндө айбандардын падышасы арстан уктап жаткан экен. Уктаганда
оозу ачылып, дем алганда оозундагы алтыны бирде алкымына тийип, бирде
оозунун учуна келип, тиштерине тийип турат. Аны кайтарып жаткан
айбандардын да уйкусу келген түрү бар. Кайтарып жаткандардын көзү уйкуга
кетсе, бир чычкан келип, арстандын тиштерине илинген этти жеймин деп келип
улам эле арстанды ойготуп жиберет. Куучүкө муну бир топко чейин карап туруп
арстандын оозундагы алтынды кантип алуунун жолун ойлоду да, дарыны алып
чекесине тийгизип мышык болуп, арстан уйкуга киргенде, чычкандын келишин
күтүп жашынып турду. Бир кезде чычкан ийнинен чыгып келе жатканда, мышык
илип алып жеп койду. Ошол мезгилде арстан да, аны кайтарып жаткан айбандар
да мемиреп уйкуга киришти. Эми арстан оңой менен ойгоно койчу түрү жок.
Куучүкө алгыр бүркүткө айланып, арстандын жанына конду да, чеңгелин
арстандын оозуна салып, алтынды илип алып асманга атып чыкты. Арстан
ордунан ыргып туруп, асмандагы бүркүттү көрүп, теректи түбү менен жулуп
алып бүркүттү урганда, бүркүттүн куйругун чала-була жанып өттү.
— Урматтуу каным, мынакей сиз каалаган алтыныңыз, — деп Куучүкө
чөнтөгүнөн баягы алтынды алып берди.
Ошондо кан элин жыйып: «Мен эми карыдым, менин ордума күйөө балам кан
болот» деп Куучүкөнү кандыкка көтөргөн экен.
Бир күнү Куучүкө инисин эстеп, аны издетип жиберет, иниси коңшу шаарда
кан экен. Ошентип эки бир тууган эки шаарга кан болуп жыргап-куунап жатып
калган экен.
ӨНӨРЛҮҮ БАЛА
Илгери өткөн заманда бир кан болуптур. Ал кандын жалгыз сулуу кызы бар
экен.
Күндөрдүн биринде кандын төрт тулпарын багып жүргөн абышканын жалгыз
баласы кандын жалгыз кызына ашык болот да, атасына барып:
— Ата, сен кандын кызын мага алып бер, дейт.
Атасы баласына ачууланып:
— Иттин гана баласы, менин кейпим бул болсо, сенин кейпиң алдагы болсо,
кан кантип кызын берет? дейт. Бирок бала ага болбой жатып алат.
Бир күнү кечинде кан эшигинин алдына ары-бери басып туруп, абышканын
баласына ачууланганын угуп коет да, абышканы чакыртып алып: «Сен балаңа
эмне үчүн ачууландың?» деп сурай баштайт. Абышка коркуп айтпайт. Ага болбой
жатып кан эмне себептен абышканын ачууланганын айттырып алат да
абышкага: «Андай болсо сенин балаң мага күн-түн дебей күйүп тура турган бир
алтын чырак таап келип берсин, андан кийин мен кызымды беремин» дейт.
Абышка үйүнө келет да баласына кандын тапшырмасын айтат. Бала аны
макул таап, алтын чыракты табуу үчүн жол тартат. Бала чыракты издеп, бир нече
күн, бир нече ай жол жүрөт. Бир күнү түштө бир ээн
талаада боз дөбөнүн үстүндө уктап калат. Бир убакта чочуп ойгонуп кетип,
ылдый жагын караса, бир кумдан оргуштап кичинекей булактын агып чыгып
жаткандыгын көрөт. Бала тура калып, калпагы менен булактагы сууну ташып,
башка жакка төгүп жатып соолтот.
Андан кийин булактын түбүн караса, түбүндө күйүп турган алтын чырак
турат. Бала түшүп барып чыракты алат да, кайра бир нече күндөр, бир нече айлар
жол жүрүп отуруп келип, атасынан канга алтын чыракты берип жиберет. Кан
алтын чырактын күн-түн дебей күйүп турганын көрөт да, абышкага: «Эми балаң
элимде жок, жеримде жок өнөр үйрөнүп келсин» дейт. Абышка кандын
тапшырмасын айтып келди эле, бала угар менен өнөр издеп жол тартат. Бала
нечен шаарларды кыдырып, эч кандай өзүнүн элинде жок өнөр таппайт.
Ошентип, бала өнөр издеп бир топ жылды өткөрдү. Чарчап-чаалыгып да, аябай
арып-ачып да бүттү. Кайра үйүнөн келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бир
жарды кемпирдикинде отун-суусуна каралашып, оокат кылып жүрө берет.
Бир күнү бала түн ортосунда эшикке чыкса, бир жаман тамдын жанынан
жылтылдап күйүп турган отту көрөт. Бала жүгүргөн бойдон жетип барат да, «бул
кандай шумдук болду экен?» деп көрүнбөй карап турат.
Бир киши акырын оттун ысыгына бутун салып күйгүзүп, күл кылып, кайра
бут жасап, колун отко салып күйгүзүп, күл кылып, кайра кол жасап жаткандыгын
көрөт да, кантип үйрөнүп алып, ушундай өнөрлүү болом деген ой менен карап
тура берди. Бир убакта эшикти шарак эттирип ачып, үйдөн бир кыз чыгып келет
да, баланы кармап алып: «Сен кайдан жүргөн баласың? Бул шаарда сендей
баланы көргөн эмесмин, чыныңды айт?» деп кыйнай баштайт. Бала айласы
кеткенде башынан өткөргөндүгүн бүт айтып берет. Кыз: «Андай болсо, сен
биздикине тургун, тигил менин атам, анын андан артык өнөрлөрү бар. Атам кээде
ат болот, кээде канаттуу куш болот, кээде төө болот, кээде адам жей турган тамак
болот. Мен сага ошол өнөрдүн баарын үйрөтөмүн. Ал өнөрдүн баарын
үйрөнгөндөн кийин үйүңө кетесиң» деп баланы үйүнө алып кирет. Кыз балага
атасынын баардык өнөрүн үйрөтөт. Бала кызга алкышын айтып коштошуп,
баягы өзү жатып жүргөн кемпирдин үйүнө келет.
Бала кемпирди чакырып алып:
— Эне мен азыр чоң кара ат боломун, сен базарга алып барып саткын да, ошол
акчага өзүң оокат алгын, бирок менин башымдагы ноктомду сатпа, эгер аны
сатсаң, менден ажырайсың, сатпасаң мен «кайра качып келем» дейт. Кемпир ага
макул болуп, атты базарга алып барып, бир топ теңгеге сатат, ноктосун алып
кайра жүрө берет. Ошентип жүрүп кемпир абдан ашкан бай болот.
Бир күнү бала кемпирге:
— Эне, эртең шаарда чоң базар болот. Мен эртең бир чоң кара нар болоюн, сен
мени базарга алып барып саткын, бирок ноктомду сатпа, анда мени карманбай
каласың, — дейт.
Кемпир ага макул болот. Эртеси, өзү айткандай эле бала чоң кара нар болуп
калат. Кемпир кара нарды жетелеп барып, базарга сатууга бир топ киши менен
соодалашып турганда баягы өнөрдүн ээси көрүп калат да, «бул менин өнөрүмдү
үйрөнүп алгандай кандай неме» деп, караса баягы өзүнүн үйүндө жүргөн бала.
«Ии, буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен. Кой муну сатып алайын да,
үйгө алып барып, баланы балталап өлтүрөйүн» деп, ойлоп: «Ай, кемпир, кара
нарыңды мага сат, мен көп теңге берем» деп сүйлөшө баштайт. Кемпир ага макул
болот. Абышка: «Төөнү ноктосу менен сат, жалаң ноктон үчүн 500 теңге беремин»
дейт. Кемпир теңгеге кызыккан бойдон төөнү ноктосу менен сатып жиберип,
үйүнө жүрө берет экен.
Абышка кара төөнү жетелеп алып, «эми муну колго тийгиздим, үйгө алып
барып, ак балта менен башын жара чаап өлтүрөйүн» деп кара төөнү үйүнө алып
келип эшигинин алдындагы чоң мамыга байлап коет. Аңгыча баягы өнөр
үйрөткөн кыз, баланын эшикте төө болуп байланып турганын көрүп: «Кой, бул
байкуш баланы агытып жиберейин, бул дагы бирөөнүн жалгызы экен, эптеп
күнүн көрсүн» деген ак дити менен баланы агытып жиберип: «Сен эми куш болуп
алып сызган бойдон качып жөнө да, өз айлыңа кеткин» дейт.
Абышка эшикке чыгып, баланын артынан бүркүт болуп кууп жөнөйт. Бала
менен абышка бири куш, бири бүркүт болуп куушуп жүрүп отурушуп, кечки
бешимде баланын турган шаарына келишет экен.
Бала зымырап учуп келип, дөбөнүн үстүндө отурган кандын жанына конуп
калат. Абышка баланын артынан келет да, обочороок барып конуп алып, бирде
кыргый, бирде каз, бирде өрдөк болуп кубулуп турат.
Бир кезде бала куштун кейпинен таруу болуп кандын төш чөнтөгүнө куюлуп
кетет. Абышка чоң кызыл короз болуп, «эми тарууну терип жеп коёюн» деп
ойлоп, кандын жанына келип, кандын эки жагын карап жер чукуп турган учурда,
бала таруулук кейпинен куш боло калат да, чоң кызыл короз болуп турган
абышканы басып жеп алат. Адам кейпине айланып өз үйүнө барат. Өз үйүнө келсе
ата-энеси аман-эсен жатышыптыр.
Кан кечинде көргөн укмуштуу ишине таң калып, эртеси өзүнүн элинин
баарын чогултуп: «Бул ишти ким билет? Мен ушул жашка келгени бир
канаттуунун кубулуп экинчи бир канаттуу болгонун көргөн жок элем, бул кандай
укмуш? Ошол ишти көргөн билгениңер болсо, айтып бергиле?» деп элине жардык
кылат.
Эл жымжырт. Бир убакта баягы бала тура калып:
«Каным, уруксат этиңиз, ал ишти мен билемин» — дейт.
Кан балага уруксат берет. Бала канга карап:
— Сиз мага менин элимде жок, жана жеримде жок бир өнөр үйрөнүп кел
дегенсиз. Ошол куш болуп, баягы корозду басып жеген мен болчумун, менин
үйрөнгөн өнөрүмдү ал короз да билет, бирок мага ал душман эле, ошондуктан ал
менин артыман кууп келген, бирок аны мен жеп койдум — дейт.
Буга элдин баары аң-таң болду. «Ошол куш сен болсоң, кана, азыр бир
өнөрүңдү көпчүлүккө көрсөтчү» дейт кан. Бала макул болот да бир чоң кара
аргымак болуп элдин ортосуна тура калат.
Кан менен эл баланын өнөрүнө ыраазы болушуп «өнөрлүү бала» деп аташат.
Кан убадасы боюнча кызын берип, жыргап жатып калган экен.
МЕНДИРМАН
Илгери өткөн заманда Мендирман деген жигит Каракандын шаарына тентип
барат. Ал адегенде ашпозчулукка өтөт. Анын иштегени орундуу болгондуктан,
Каракан өзүнүн тулпарын бактырып коет. Ал тулпарга айына үч кап арпа берип
туруучу экен. Бирок, баягы жигит тулпарды багып жүрүп, алты айга чейин
жемдик арпа сурап келбейт. Анын үстүнө .кандын тулпары мурдагыдан да жакшы
жүнү жылтылдап ыргыштап карматпай калат. Буга кан аябай таң калат.
Бир күнү кан баягы жигитти чакырып калат. «Атың ким?» дейт. «Атам —
Мендирман». «Мендирман, анда менин бир суроом бар, сага чейинки тулпарды
баккан адамдар үч кап арпа бир айга жетпей калды деп, улам кайра сурап алып
турчу эле. Эмне себептен үч кап арпаны алты айга жеткирдиң жана тулпар да
семиз чыкты?» деп, кан Мендирмандан сурады. Анда Мендирман: «Ээ, каным, ач
көз адамдын колунда береке болбойт. Алар тулпар менен кошо арпаны жешкен
да, Экинчи бир себеби, тулпар өзү тойбогон мал болот. Ач көзүрөөк келип, арпаны
чайнабай жутат. Мен ошол арпаларды заңынан кайра жууп, кургатып кайра
бердим. Ошентип үч кап арпа алты айга жетти деди. «Ии, мында бир кеп бар
экен» деп, кан ойлонуп калат.
Каракандын бир адаты болор эле, ал жакшы көргөн адамына ар убакта өз колу
менен нан берүүчү экен. Бул жолу да Мендирманды эркелетип, нан сындырып
берет. Андан кийин «Мендирмандын баскан турганына көз сал» деп, артынан бир
жигитти аңдытып коёт. Ал жигит Мендирмандын баскан-турганын канга
жеткирип турат.
Бир күнү Мендирман кандын тулпарын сугарып жатып: «Уйга чалышкан жери
бар экен» деп күбүрөп калат. Аны баягы жигит канга жеткизет. Кан
Мендирманды чакыртып: «Ээ, Мендирман, саяпкер көрүнөсүң, менин
тулпарымды сынап бер» дейт. «Жок, каным, Кан менен кандын тулпарына сын
жок» дейт Мендирман. «Тулпарды сынайсың: Сынабасаң башыңды алам» дейт
кан.
Мендирмандын айласы кетип, тулпарды жетелеп чыгат. Суунун ары жагына
бир тартып, бери жагына бир тартып, кечирип: «Тулпарың тулпар экен, бирок,
уйга чалышкан жери бар, андан башка айыбы жок» дейт.
Кан буга таң калат. Чынында эле тулпардын ысыкта элирип, салкында жакшы
жүрмөй адаты бар экен. Бирок, «мунун уйдан чалышканын кантип билди?» деп
ойлойт кан. Ал жылкычысын чакырып: «Тулпардын кандай туулгандыгын айт»
дейт. Ал киши: «Мунун уйга чалынышканы чын. Мунун туулганын адегенде мен
көрбөй калдым, бирок кийинчерээк барсам, уйду ээмп турган экен, чаар бээ
жанында оттоп жүрүптүр, мунун уйга чалышканы ушул» дейт.
Кан Мендирманга ыраазы болуп: «Тулпардын сынын туура айттың, бирок
тиги ысыкта элирип, салкында жакшы жүргөнүн кайдан билдиң?» дейт. «Аны
билүү оңой. Төрт түлүк мал ичинен ысыкта сайгактаган уй, ылаалаган ат. Тулпар
ылаалабайт, бирок элирип кетет, бул — уйдан калган адат» дейт Мендирман.
Кан: «Ээ, Мендирман, эми мени сынап көр» дейт.
«Канга сын жок» дейт Мендирман. «Мени сынабасаң башыңды аламын» дейт
кан. «Эми болбостур» дейт да, Мендирман канды «ары кара, бери кара» дейт.
«Ары карасаң кандын уулу кейиптенесиң, бери карасаң наабайчынын уулу
экенсиң» дейт.
Кандын ачуусу келип энесин чакыртат. Энеси сексенге барып калган экен.
«Эне бул жигит мени — наабайчынын уулу деди. Ачык айтып ак сүйлө, жалган
айтсаң башыңды алам» дейт. Анда энеси, «өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, эми
кантип калп айтайын, жазыксыз кишинин күнөөсүн тиги дүйнөгө кантип алып
кетейин, мунун айтканы чын. Атаң баласыз жүрүп, карыганда боюма бүхүп, мен
төрөр күнү да наабайчынын аялы да толготту, экөөбүз бир күнү төрөдүк.
Меникин карасам кыз, аныкы эркек экен. Аны кара басып эс учун билбей жаткан
эле, алдымдагы кызды ага жылдырып, анын алдындагы эркек баланы өзүм
алдым. Менин жазыгым ушул, кааласаң башымды ал же тиги жигитти бошот»
дейт.
Кандын ачуусу келип, энесине сөз айта албай, Мендирманга дагы суроо берди:
«Менин наабайчынын уулу экенимди кантип билдиң?».
— Ал эң эле жөнөкөй, — дейт Мендирман. Ар кимдин өз иши өзүнө кымбат.
Сиз ар убакта көңүлүңүзгө жаккан кишиге нан сындырып берчү элеңиз.
Наабайчыга нандан кымбат нерсе жок. Ошон үчүн «наабайчынын баласы го»
дедим.
Кан мунун таап айтканына ыраазы болуп: «Сен мындан ары ат багуучу
болбой, кырк жигиттин бири болчу» деди.
Мендирман мындан дагы бат эле көрүнө баштады. Ал барган жердеги иштер
бат бүтүп, жигиттер да кадырлай баштады.
Аны көргөн кан адегенде оң башы, анан кырк башы кылды. Каракандын алты
шаар эли бар эле. Эл дагы Мендирманды кадырлай баштады. Муну көргөн
Каракан бир күнү аны чакырып алып: «Ата-баладай болуп калдык, мага башкы
вазир бол, алты шаарды кыдыр сүйгөн кызыңды алып берейин» деди,
Мендирман ат арытып жүрүп, Гүлгаакы деген кызды жактырды. Ал ай десе
арксыз, күн десе көрксүз ашкан сулуу экен. Чоң той берип жатып, Мендирман
үйүнө алып келет... Аны көргөн кандын жигиттери канга барып: «Каным,
Гүлгаакы Мендирманга эмес, сизге ылайык» дейт. Каракандын көңүлү бузулуп,
кандай жол менен аларын билбейт.
Бир күнү ага бир кемпир келип: «Алтын-күмүш мол берсеңиз, мен
Мендирмандын аялын кантип алып берүүнүн жолун табамын» дейт. Кан макул
болот. Анда мындай дейт кемпир: «Карт ооруган адамга Айөкөндүн сүтү дары.
Карт ооруп калыптырмын деп Мендирманды Айөкөндүн сүтүнө жибер. Ага
барган киши көп болгон да, келген киши жок болгон. Барган кишини Айөкөн
жутуп таштайт. Андан башка Айөкөндүн жолунда кырк каракчы бар, же кырк
каракчыдан же Айөкөндөн өлөт» дейт.
Кан карт оорумуш болуп, Мендирманды чакыртып келип: «Мендирман балам,
ата-баладай болуп калдык эле, карт ооруп калдым. Айөкөндүн сүтү дары дейт,
сенден башка жигит жарай турган көрүнбөйт. Ошол Айөкөндүн сүтүн алып келип
бер» дейт. Мендирман: «Барса барайын, бирок жети күнгө уруксат бер» дейт. Кан
макул болот.
Мендирман кандын оюн түшүнүп, алты шаардын темир усталарын жыйнап,
жети катар темир үй салдырат. Сегизинчи күнү канга келип: «Мен Айөкөндүн
сүтүнө барууга даярмын» дейт.
«Бузукунун тилине кирип, жакшы көргөн вазиримен айрылып каламбы, сулуу
аял кайда жок» деп, Каракан кайра ойлойт да: «Мендирман балам, жакшы болуп
калыптырмын. Айөкөндүн сүтүнө барбай эле кой» дейт. Анда Мендирман: «Тарт
колуңду тарт! Мен айтканымдан кайткан эмесмин» деп, атынын башын буруп
жүрүп кетет.
Айөкөнгө барчу жол алыс экен. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Мендирмандын
аты ыргайдай, өзү торгойдой болот. Бир күнү Мендирмандын аты:
«Мен, мен, мен бийик,
Мен үстүмдө сен бийик.
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?
деп сураганда Мендирман төмөнкүдөй жооп кайтарат:
«Кара айгырдын көзүнө Калчарыңкы көрүнөт. Мендирмандын көзүнө Түк эчтеме
көрүнбөйт»
Анда ат:
— Тээ алыскы көрүнгөн кара тоонун этегинде кырк каракчы жол тосуп
олтурат. Сен да өлөсүң, мен да өлөмүн — деди.
—Бара көрөбүз, ажалсыз чымын өлбөйт, ажалыбыз жетсе, качсак да өлөбүз,
куусак да өлөбүз. Тике бара бер — дейт. Мендирман.
Кырк каракчы:
— Аттан түш, башыңды алабыз, атыңды соебуз — деп Мендирманды
тизгиндер алышат.
— Өлтүрсөңөр өлтүргүлө, даарат алып алайын, уруксат бергиле, — дейт
Мендирман. Мендирман даарат алып жатканда кырк каракчы кеңешет:
«Алдыбыз ак сакал болдук, артыбыз көк сакал болдук, мындай неме көрө элек
элек, колго түшкөн кишинин баары: «Балам жаш эле, ата-энем кары эле» деп
ыйлашчу, бул тегин киши көрүнбөйт, аны айткан жок, талаалап жүрүп өлөбүзбү,
белдүү киши болсо, ушуну бел байлап, эл четине барып оокат кылсак кантет?» Ак
сакалдын сөзүнө баары макул болушат. Мендирман келгенде алжайын сурап,
кырк жигит кылып алуусун өтүнүшөт. Мендирман макул болуп, Айөкөндүн
сүтүнө бараткандыгын айтат, «кайра келатып алып кетем» дейт. Кырк каракчы
ай туяктуу бээ чалышып, курларын моюндарына салышып, кудайга жалынышып,
Мендирманды Айөкөнгө жөнөтүштү.
Бир күнү Мендирмандын аты сүйлөйт:
«Мен, мен, мен бийик Мен үстүмдө сен бийик. Мен көргөндү көрдүңбү? Мен
билгенди билдиңби?
Мендирман:
«Кара айгырдын көзүнө Калчарыңкы көрүнөт. Мендирмандын көзүнө Түк эчтеке
көрүнбөйт.
Анда ат айтат: «Тээтиги жүлүндөй жерден түтүн чыгат, ошол жерде Айөкөн
бар: «Ассалоомалейкум, энеке?» деп айт. «Салам айтпасаң саргайтат элем, балам»
дейт. «Алик албасаң алсыратат элем энеке» де. «Эмнеге келдиң, балам?» дейт.
«Сиздин сүтүңүзгө келдим» дейсиң. «Менин сүтүм ушул» деп, кырк кулачтуу
казанды тегеретет. Ошондо мен коендон жапыс болоюн, сен кыргыйдан илгич
бол. Кырк кулачтуу казанды жалыма койсоң, качып жөнөймүн. Казанды алалбай
калсак өлдүк, сени да мени да жутат. Казанды алып кетсек, «Мен жеңилдим» деп
ал чакырат, кайра барабыз ».
Ошентип, Айөкөнгө барышат. Жолдо сүйлөшкөндөй кылышат. «Менин сүтүм
ушу» деп, кырк кулактуу казанды тегеретип жиберди эле, аны лып илип алып
Мендирман казанды ат жалына коюп качып жөнөйт. «Мен жеңилдим, балам» деп,
Айөкөн кайра чакырып калды. Мендирман келсе, анда Айөкөн айтат: «Балам,
менде сүт жок, сени касташкан бирөө жиберген экен. Мага келген киши көп
болгон, кеткен киши жок болгон. Башыңа иш түшсө түтөткүн» деп мурутун жулуп
берет.
Мендирман келатса, кырк каракчы кырк дөбөнүн үстүнө туруп алып, буркурап
ыйлап отурушкан экен. Мендирманды көрүп сүйүнүшүп бээ союп, той беришет.
Мендирман Каракандын шаарына келсе, аялына жасаткан темир үйдүн алтоону
талкалап, жетинчисине киришкен экен. Кырк жигит менен Мендирман согушка
кирет. Кан көптүккө салып, Мендирмандын жигиттеринин көбүн өлтүрүп
жиберет. Мендирман чарчап-чаалыгып качып чыгат. Ошондо Айөкөндүн айтканы
эсине түшүп, анын мурутун күйгүзгөндө ал даяр болот. Ага бардык окуяны айтат.
Айөкөн үрүп чыккан итин жутуп, мөөрөгөн уюн жутуп, кандын айлын талкалап
жиберет. Кандын айласы кетип «Мендирман эле, Мендирман, жеңилдим эле,
жеңилдим, желмогузуңду алып кет, ордума кан бол» дейт.
Ошондон кийин Мендирман кан болуп жашап калган экен.
АЖЫДААР АЯЛ
Илгери бир мүнүшкөр кан жигиттери менен куш салып жүрсө, кушу учуп
кетет экен. Кандын бир жигити артынан барып, таппай кайра келет. «Каным
бир укмуш, мен кушту кубалап баратсам, жолумда чоң таштын тубундө ай десе
арксыз, күн десе көрксүз бир сулуу кыз туруптур, салам бергени барайын деп
сулуулугунан сүрдөп жанына бара албай койдум» дейт экен жигит.
Кан бул кабарды угары менен баягы жерге келсе, жигит айткандай ааламда
жок бир сулуу кыз турат.
«Кай тараптан, кай элден келе жаткан периштесиң?» деп сурады кан. Сулуу
жылмайып: «Күн чыгыш тараптан, өзүмө теңдеш бактылуу күйөө табар бекенмин
деп өңдөн азып, жер кезип келем» деди. «Андай болсо мен бир элге канмын,
жактырсаң мага тийгин» деди. Сулуу бир аз ойлонду да: «Мен сизге тиемин,
бирок, мен бир шарт коемун. Мен турган үйдө сиз гана болосуз. Башка адамга
кирүүгө тыюу саласыз». «Сулуунун айтканын аткарбаса айнып кетеби? деп кан
макул болуп, кызды жоргого миндирип алып шаарын көздөй жөнөдү.
Кан-шаан-шөкөт менен чоң той берип, аялын өзүнчө ордого коюп, айтылган
шартты толук аткарды. Ортодон күндөр өттү. Кан катуу жүдөй баштады: каны
качып арыктап, сөлөкөтү гана калды. Кандын ордосуна жан келмек турсун,
абадан куш учуп өтпөйт. Ошол убакта падыша «сыркоолоп жүрөм» деп табып
чакыртат. Адем аттуу табып кандын аялы турган ордого келип, «эмне бар экен»
деп ордонун жарып аккан сууну бөгөп көл кылып агып жаткан ажыдаарды көрөт
экен. Табып жүрөгүн токтотуп, «дагы эмне болор экен» деп, тиктеп турса, бир
оокумда баягы ажыдаар келишкен сулуу болуп, созула басып үйүнө кирип кетет.
Адем табып кандын оорусу эмнеден болгонун эми түшүндү. Кайра канга барып:
«Үйдөн көрүп дарылайм» деп табыптыктын бардык ыгы менен кандын ден
соолугун шашпай текшерип чыкты, кандын аялы сынын бузбай созулуп гана
отура берди.
«Дартым эмне экен?» деп сурады падыша. «Дартыңыз жок, ден соолугуңуз
түзүк, жөн эле мүнүшкөрлүктү таштап коюпсуз, жигиттериңизди ээрчитип, көңүл
ачсаңыз эле ордуна келет» деп табып эч нерсе ооз тийбей таазим кылып чыгып
кетти.
Кан эртеси кушун кондуруп, жигиттерин ээрчитип чыкты. Кайра тартып
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 18
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.