Latin

Балдар фольклору - 24

Total number of words is 4159
Total number of unique words is 1827
35.3 of words are in the 2000 most common words
48.1 of words are in the 5000 most common words
53.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
барбайын десе ат менен кушка ошончолук кызыгат. Экинчиден, бир жарым болуп
келиңиз дегени дагы сырдуу, айткан күнү барайын деп сөз берет.
Кан үйүнө баргандан кийин вазирлерин чакырып алып бир жарым киши
деген эмнеси деген суроону берет. Вазирлер ойлонуп отурушуп: «Аялыңызды да
алып жана 150 киши менен баралы» дешет. Ошентип — айткан күнү келишет.
Коноктордун ар бирин бирден үйгө кийирип, аябай сыйлайт. Конок күткөнү
кандыкынан да артып кетет. Чогулуп отурушкандан кийин, ар бир үйдүн
эшигине жазылган: «Жакшы болмок миң күндө, жаман болмок бир күндө» деген
жазууну окушат. Кандын оюна кызы түшүп катуу уялат. Ал кызына чоң алкыш
айтып, кандыгын күйөө баласына берет. Ошентип, жакшы аял жаман эркекти миң
күндө жакшы кылып, кандык даражага жеткирген экен.
ЖООМАРТТЫК
Мурунку өткөн заманда бир падыша болуптур. Анын кырк вазири бар экен.
Бир күнү падыша:
— Жоомарттык мал менен болобу же баш менен болобу? — деп вазирлеринен
кеп сурайт.
— Жоомарттык мал менен болот да, малы жок болсо кантип жоомарттык
болот, — дешет вазирлер.
— Жоомарттык мал менен болсо да силерде, дүйнө да силерде, үчөөң биригип
бир падыша элге той бергиле. Тоюңар кырк күндө тарасын — дейт падыша.
Ушуну менен той башталат экен. Тойду башкарган үч вазир болду. Той аяктар
күнү падыша думананын киймин кийип, башына күлө кийип, колуна аса таяк
алып, ийнине куржун салып, ак уруп биринчи вазир башкарып жаткан тойго
барат. Вазир көрүп: «Думанага кайыр алып чык!» деп, үйдөгүлөргө айтат. Тойдун
түрлүү тамагынан табакка салып чыгышат. Думана куржунуна салып алып,
экинчи вазир башкарып жаткан шаан-шөкөткө барат. Ал дагы думананы үйгө
киргизбестен, кайыр садагасын берип сырттан жөнөтөт. Думана үчүнчү вазирге
барат. «Үү» деп кайыр-садага сурап, үйгө конуп кетүүнү суранат. Бирок вазир:
«Үйдө төрө, мырзалар бар. Сен жатууга орун жок» деп жөнөтөт.
Ошондо думана караңгы киргенине карабастан көчө менен жүрүп отуруп, бир
кемпир менен баланын кара алачыгына дуушар болот.
Бала сыртка чыгып, думананы көрүп: «Думананы үйгө кондуралыбы?» деп
энесине айтат. Энеси: «Макул, айланайын, думана болсо үйгө кийир» дейт. Думана
үйгө кирет. Бала бир байга үч жылы малай жүрүп, ошо күнү үйүнө акысына он кой
алып келген экен. Бала энесине:
— Конокко бир кой соёлу — дейт. Энеси макул болуп коюн союшат. Ошондо
думана:
— Мага эки эле бөйрөгү керек, башка этин жебейм — дейт.
— Эки бөйрөккө да тоёбу! Андан көрө он койдун баарын соёюн. Жыйырма
бөйрөк болот, деп бала койлорунун баарын союп, думанага 20 бөйрөгүн берет.
Думана ак батасын берип, конбостон жүрүп кетет.
Эртеси кан өзүнүн падышалык таажысын кийип, той башкарып узаткан үч
вазирин чакыртып:
— Тойду кандай тараттыңар. Бай, кедей кылып бөлгөн жоксуңарбы? Тойго
думаналар келдиби? Жакшы коноктоп узаттыңарбы? — деп сурайт.
— Тойду абдан жакшы өткөрдүк, келген коноктордун баарын бирдей көрдүк.
Думаналарга кайыр-садага, чапан берип узаттык. Абдан ыраазы болуп кетишти,
— дейт вазирлери.
— Менин байлаткан он коюм бар эле. Түндө жок. Уурдаган ууруну таап
келгиле — деп вазирлерине буюрат. Вазирлери чапкылап акыры базарга
барышат. Он койдун этин жаңыдан сата баштаган баланы көрүшүп, «падышанын
коюн уурдаган ушул экен» деп, аны падышанын алдына алып келишет.
— Кой табылды. Ууруну алып келдик — дейт вазирлери. Бала малай жүрүп үч
жылдык эмгегине он кой алгандыгын, үйүнө жаңы эле келгенде бир думананын
келгендигин, ага он коюн союп бөйрөктөрүн бергендигин айтат. Падыша
вазирлерине баягы кайыр садагасын көрсөтүп «ушуларды тааныйсыңарбы?»
дейт.
Вазирлер: «Биздин дасторкондон берилген жемиштер турбайбы. Думана
тойго келгенде бергенбиз» дешет. Ошондо падыша өзү думана болуп барганын,
коноюн десе «төрөлөр, мырзалар бар, үйгө батпайсың» деп, кондурбагандарын
айтып: «Жоомарттык мал менен болот бекен, же баш менен болот бекен?
Жоомарттык баш менен болот » мына деп вазирлерине көрсөткөн экен. Он коюн
бир думанага бүт сойгон бала жоомарт, деп вазирлерин уят кылган экен. Падыша
ошондо баланы биринчи вазир кылып алыптыр.
КАН МЕНЕН САЯТЧЫ
Бир күнү Чомотой саятчынын кабары каардуу кан Алдаярканга жетип калды.
Чомотой дүйнөдө эмне куш болсо ошол куштун тилин билет экен. Кай жерде
катылган казына болсо, чачылган алтын, күмүш, каухар болсо куштарды жумшап
жыйдырып алат экен, азыр Чомотой саятчынын байлыгындай эч бир кандын
байлыгы да жок имиш.
Дүйнөнү ажыдаардай соргон ач көз кандын сугу саятчынын өнөрүнө эмес,
анын дүнүйөсүнө катуу түштү. «Эптеп айыпка жыгып, байлыгын тартып алууга
баш кесер желдеттерин «тез алып кел» деп саятчыга жөнөттү. Кан буйругу көз
ачып жумганча аткарылды. Саятчы канга баш урунуп сурагынан өттү: «Алдаяр
каным, биринчи намыр алланыкы, экинчи сиздики, кулдук уруу биздики,
чакыртыпсыз келип калдым, буга айып этпеңиз». Мурунтан суроо берүүгө
камынган кан кардуу жүзү менен: «Сен акмак куштардын тилин кайдан жана
кимден үйрөндүң, ушуну айтчы?» Анда саятчы сабырдуулук менен жай гана:
«Алдаяр каным, муну өзүм да билбеймин, тилим чыкканда эле адамча жана кушча
сүйлөп чыкты. Ата-энемден сурабай калыптырмын, алар илгери заманда эле а
дүйнөгө кеткен, азыр менин эмне үчүн адамча да, кушча да сүйлөп калганымдын
сырын билген киши жок. Бул жообума ыраазы болуңуз, каным, эми менин
суроомо жооп берер бекенсиз?» деди саятчы. Саятчынын тубаса кушка тилмер
экенине кандын көзү жетти, так берген жообуна кошумча суроо берүүгө чамасы
келбей калды да, «кана, эмне сурамакчысың?» деди. «Алдаяр каным, мен сиз
менен ушу жашка келгени көрүшкөнүм ушул, ооз ачып сүйлөшкөнүм да ушул. Сиз
сөз баштаганда эле мени акмак дедиңиз, мунун жайы кандайча?» деди. Кандын
эки көзүнөн чаар чыгып катуу ачуусу эми кайнады: «Сен чыныгы акмаксың» деди
кан. «Акмактыгың ушул менин алтын, күмүш, каухарымды уурдап жатасың,
куштарды жумшап ташытып алдың, ал күнөөңдү билбейсиңби? Башың менин
кылычымдын мизинде турганын түшүнбөйсүңбү, акмак? Акмактыгыңды эми
билдиңби?»
— «Кечирим, Алдаяр каным, — деди саятчы. Аларды мен уурдап алган
жокмун, менин дос куштарым сиздин өлкөнүн чегинен эмес, али да жапайы
айбандан башка адам изин сала элек, сырт өлкөдөн алып келишкен. Мен ал
өлкөнүн кай тарапта экенин айтсам, сиз таң калбаңыз. Сиздин жерди чегин
жакшы күлүк ат менен бир жумада кыдырып чыгууга болот, ал эми тиги бай
өлкөгө куштун учкуну кузгун бир жумада түз учуп жетип, кайра экинчи жумада
гана келет». Саятчы сөзүн бүткөнчө кан чыдап тура алган жок. «Акмак» деди кан:
«Сен ууру эмесмин деп актанба, жеткен ууру экениңди мойнуңа аласың.
Биринчиден, менин чегимди буздуң, экинчиден, менин чегиме келген барлык
нерсе жалгыз гана меники, мага айтпай катып алганың үчүн башың алынат».
Саятчыга дагы башка күнөө таап жабайын деди эле, анда саятчы озунуп мындай
деди: «Алдаяр каным, менин башымды кескенде эмне чыгат, болгон дүнүйөмдү
сиз алыңыз, өз башым калса эле болгону. Бирок, Алдаяр каным, ошол алып,
келген дүнүйөнү элге таратып ийдим эле, үйүмдө жарым кадак да жок, болсо, да
анын мага кереги жок.
«Акмак» деди кан: «Сен жөн эле мага дүнүйөңдү кыйгың келбей жатат, сенин
дүнүйө казынаң меникинен да көп деп эл бекер айткан жок, казынаң кайда? Азыр
жигиттериме айтып көргөзүп бергин, бир сөзүм эки эмес» деди кан. Саятчы:
«Эгер дагы жок десем башым кесилип калбасын, андан көрө болгон дүнүйөмдү
көргөзүп берейин» деп жигиттерди ээрчитип үйүнө жөнөдү. Кан болсо казынам
эми толот деп каткырып ордодо калды. Кандын жигиттери саятчынын короо
жайын нечен күн, нечен түн тинтип алтын, күмүш таба алышпады. «Сен эмне кан
менен ойногуң келеби, казына кайда, айтпайсыңбы?» деди жигит башчысы.
«Мен аларды элге таратып жибергем» деди саятчы. Болгон окуя канга түгөл
айтылды. Чомотой саятчыны зынданга салдырып, кан бүт элге: «Кимде ким
Чомотой саятчыдан алтын, күмүш, каухар алса, кандын казынасына жеткирсин.
Эгер жеткирбей жашырса, баары бир билинет, саятчы менен кошо зынданга
түшөт, башы алынат» деп буйрук бердирди. Эл өз ара кеңешип: «Казына канга
гана ылайык, биздей букарага алтын, күмүштүн эмне кереги бар, кандын
казынасына жыйнап берели да, саятчынын өмүрүн сурайлык » дешип, алтын,
күмүш, каухарларын алып келишти. Чынында эле кандын казынасынан алда
канча ашып түштү. Кан ага да болбой, «дүнүйөнү элге таратып, элдин көөнүнө
жагып алып, куштарга да, элге падыша болгону жүргөн неме экен» деп, саятчыны
катуу жазага тартмай болду.
Саятчы өлөрүн билип, желдеттен бир гана нерсе өтүндү: «Канга бир кезигип
өлсөм арман жок эле» деди. Каардуу кан акыркы жолу бир сөз сурап калууга өзү
да макул эле.
«Алдаяр каным, менин өтүнүчүм ушул, башымды кечиңиз, бирок менин
денемди жерге көмдүрбөңүз, тетиги ак кар баскан Ала-Тоого таштатыңыз, бүт
канаттуу талап жеп кеткендей болсун, себеби мен ал канаттуулардын акысынан
кутулган жокмун, жалгыз гана өз денем менен кутулбасам, менин колумда
алардын керегине жарачу эч нерсе жок. Ушуну аткарсаңыз, мен чексиз
ыраазымын, аткарууга «ооба» деген бир гана сөз айтыңыз да, менин башымды
кесе бериңиз. Менде башка сөз жок, балким, каным, сизде болуп жүрбөсүн, айта
бериңиз билсем, жооп берейин, билбесем дагы күнөөлүү болуп кете беремин».
Кан саятчынын өлүм алдындагы өтө зор кайратына жана камырабастыгына
таңданды. Кексе кан өзү ичинен аяган менен айтканынан кайтпаска тырышты,
бирок саятчыга суроо берди: «Буга жооп берсең да, бербесең да башың алынат,
ойлонуп туруп жооп бергин. Сенин тилегиң орундалат. Кана, акмагым, дүйнөдө
кайсы жаныбар узун өмүр сүрөт жана анын себеби эмнеде?» деди. Саятчы
кенедей да токтогон жок: «Дүйнөдө узун жашаган кузгун, анын себеби кузгун
учкул канаттуу эмеспи талбай учат экен жана мүрөктүн суусун кайдан чыгарын
билет экен. Ошондон ичет экен да миңге чыгат экен. Узун өмүрдүн дабаасы ошол,
каным, ыраазы болгонуңузду билгизсеңиз мен да көңүлүмдү жайлап алайын»
деди саятчы. Кан ыраазы же ыраазы эмес экенин айтпастан: «Мүрөктүн суусу
кайда болорун билесиңби?» деди.
Саятчы: «Билем, бирок, өзүм өлүм алдында туруп, дүшманымдын узун
жашашын каалабаймын, сизге мен эртеңки күнкү өмүрдү да кыйгым келбейт. Сиз
жазыксызды айыптап, эч сураксыз башын алдырып, алсызга күчүңүздү көргөзүп,
өкүмүңүздү аткарып жатасыз. Ошондуктан, ал сыр менин каным менен жерге
төгүлүп сиңип жок болушу мүмкүн».
Кан ойлоно түштү: «Чын эле саятчы акмак эмес, мен акмак болуп
жатпаймынбы, өз башы кесилген жатса, мага мүрөктүн суусун таап бермек беле?
Андан көрө саятчыны мүрөктүн суусун таап бергенче өлүмдөн куткарып турсам,
иш өңү эмеспи, акыры менин кылычымдын мизинен кутулбасы айдан ачык да».
Буга кур ачуунун кереги жок экенин сезген кан кекселик менен куру жылмайып
күлүп: «Саятчы досум, сени кайраттуу жана акылман адам дегендиктен, өз көзүм
менен бир көрүп сынайын дегенмин, эми сыныма толдуң, өмүрүң азат. Жанагы
мен койгон айып куру жалаа, элден жыйган дүнүйө кайра таратылат, кабагың
ачып күлүп, катын балаңа баргын жана кандын сени көп убара кылганын
көңүлүңө албагын» деп, кан бурулуп ордосуна кирип кетти, саятчыны сакчылар
үйүнө кое беришти. Саятчы түнөрүп үйүнө келди, эл кубанышты бирок, карыя
кубанган жок. Эми токтоосуз кандын акыркы каардуу касабынан кутулуунун
амалын издеди. Карыя өзүнүн конушуна конуп ары-бери өткөн канаттууларга
сырын айтып, кандан кутулуунун амалын сурады эле, бардык куштар: «Адамзат
менен кезикмей тургай жанына баргандан коркобуз» дешти. Акыры амалды бир
жылкы окуяны, алдын ала мурун билген Соно куш ойлоп тапты. «Саятчым, —
деди Соно — эч нерсеге капа болбо, каныңдын алты айлык гана өмүрү калыптыр,
мүрөк суусу келерки ушул күнү даяр болот дегин, ага чейин кан өлүп калат, сен
күткөн жыргал заман келет, кан өзү өлө койбой ага кошуна кан кол салат,
камылгасыз жатканда басып алат, ал кан сендейди урматтаган эл баккан адилет
кан».
Бир күн кан саятчыны чакырып мүрөктүн суусун алдырып бер деди. Саятчы
кыйылымыш болуп туруп:
«Ал алыс жерде бир жылсыз колго тийбейт» деди. Кан ага сүйүнүп макул болду.
Көңүлү жайланды. Саятчыны коноктоп жолго салды.
Күткөн күн да келди, согушта арсыз кан жеңилди, эл согушка катышпай
качып-житип жок болушту. Жеңген кан элди жыйып Чомотойду элге башчы
кылып, кайра өз жерине кайткан экен. Чомотой куштун да, элдин да падышасы
болуп көп жыл жыргап өмүр сүргөн экен.
КӨСӨӨ
Илгери бир кандын жалгыз уулу болгон экен. Ал бир күнү жатып түш көрөт,
түшүндө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок бир кыз көрүп, ага ашык болот.
Эртеси баланын эч нерсеге көңүлү чаппай, сырын эч кимге айтпай, бүк түшүп
жатып калат. Бул кабар канга жетип, ал келип: «Балам, сага эмне болду? Көңүлүңө
кандай кайгы толду?» деп, сыр сурайт. Анда баласы: «Ата бир ажайып түш
көрдүм, ай десе аркы, күн десе көркү жок бир кыз көрдүм» дептир. Кан иштин
жайына түшүнүп: «Түшүндө көрүп ашык болгон кызыңды издеп тапкын» деп
баласына уруксат берет. Бала атасынын калкын бүт кыдырып түшүндө көргөн
кызды таппайт. Нечен сулуу кыз көрөт, бирок, бир да бирөө көңүлүнө жакпайт.
Акыры атасынан кырк төөлүк дилде алып, шайдоот жигиттерден кырк жигит
ээрчитип, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып чыккан экен. Бирок, издеген кызы
табылбай, арып ачат. Акыры кырк төөлүк дилде түгөнүп, аттарынан ажырап,
мусапырчылык баштарына түшөт. Ошондо кырк жигит өз ара акылдашып:
«Таксыр каным, кырк төөлүк дилдени да түгөттүк, аттардан да ажырап,
мусапырчылык башка түштү, аман-сообузда элди көздөй кайталык» дешти. Анда
бала: «Кырк жигитим силерге уруксат элге, кайткыла, атама кабар айткыла, кырк
төөлүк пулдан жок, же аттан жок, же издеген кызымды таппай, элге кантип
барамын, мен ошол түшүмдө көргөн кызды издеп, жер кезип тентип кетемин»
деген экен.
Бала аларды жөнөтүп жиберет да, эки этегин кайра кыстарып, колуна темир
таяк алып, бутуна темирден чарык тартып, жолго жалгыз өзү чыккан экен.
Барбаган эли калбай, баспаган жери калбай, кыдырып отуруп, ыргайдай болуп
арып-ачып, араң дегенде бир шаардын четине келип калат. Эртеси шаардын
четиндеги бир чөп алачыкка кирсе, бир чал-кемпир отурат. Бала кирип барып:
«Ассалом алейкум!» дейт. «Алекима ассалоом, о балам, кайдан, эрдиң кеберсиңки,
этегиң түгөнүңкү, алыс жолдон келе жаткан түрүң бар» дейт. Бала: «Ата, баласы
жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөмүн». Ага баласы жок бечаралар
кубанышып, «жакшы болот» деп бала кылып алышат. Кемпир, чалдын бир
эшегинен башка эч нерсеси жок, күнүгө эки тең отунду базарга сатып, ошону
менен жан сактаган бечаралар экен. Бала күнүнө эки тең отунду базарга алып
барып сатып, түшкөн тыйынга кант, чай алып кемпир, чалды багып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде бала каадасынча эшекке эки тең отун артып базарга
келсе, базар тарап калган кези экен. Отунун эптеп бир теңгеге өткөрүп кайра
келатса, жанына кырк кыз ээрчитип, сурнай-керней тарттырып, шаан-шөкөт
менен баягы түшүндө көргөн сулуу кыз алдынан чыгат. Бала кызды көрүп, эстен
танат. Эсин жыйып жанына барайын десе, желдеттер кубалап жибербейт.
Ошентип, ыйлай-ыйлай, үйүнө кайтат. Үйүнө келсе кемпир, чал: «Ээ балам, аман
эсенсиңби?» дешип башынан суу айландырып, чачып басып жыгылышат. «Ээ ата,
жарыктык, мынчалык эмне кабатыр болдуңуз, барып жүргөн эле базарым,
эмеспи, келет элем да?» дейт. Анда чал: «Ээ балам, бу дүйнөдө бирөө шапар тээп,
жан жыргатат бирөө биз сыяктуу бир тойгон тамагына курсант болуп күн
өткөрөт. Бүгүнкү күнү кандын кызы кырк кызын ээрчитип, керней-сурнай
тарттырып базарга чыкмак. Сага эскертпей унутуп калыптырмын, ал күнү эч бир
эркек базарга чыгууга тийиш эмес. Жума күнү базарга барган эркекти кан
өлтүрүп койчу эле, ажалың жок экен» деп сүйүнүшүп, баласын караса, эки көзү
шишиген, кемпирдин эптеп кайнаткан чайына да табыты тартпай бүк түшүп
жатып калат.
Кемпир менен чалдын шаштысы эми чындап кетип: «Айланайын балам, бизди
кыйнабачы, бирөөдөн запкы көрдүңбү, же бирөөдөн жаман сөз уктуңбу, эмне
болду?» дешти. Бала башынан өткөргөндөрүн бүт айтып берди: «Мен кандын
баласы элем, түшүмдө бир кыз көрүп, ага ашык болуп, издеп чыкканыма жети
жыл толду. Ошол кызды ушул шаардан таптым. Же силерде каруу-күч жок, же
өзүмдө айла жок, ошого капа болуп жатамын» деди. Кемпир-чал муну угуп,
аябай кейишет. Акырында чал: «Балам, урушта туруш жок, эртерээк аракет жаса.
Бир айланы тапса: «Көсөө» деген эл табат, ал элдин атасынан баласына дейре
айлакер чыгып, амалдуу келет. «Айыгаар оорунун дабасы өзү табылат» дегендей,
эбепке-себеп болуп калса ажеп эмес» деди.
Бала кемпир-чал менен коштошуп, жөнөй турган болгондо баягы чал: «Ээ
балам, бала-бото болуп калдың эле, жөө жүрбөй мына бул эшекти минип кет»
деди. Бала: «Ата, мен жалгыз эшегиңерди минип кеткенде күнүңөр эмне болот,
оокатыңар өтпөй калбайбы?» деп болбой койду. Чал: «Балам, аз да болсо
анча-мынча күнгө жол азык болоор» деп баягы бала отун сатып алып келген бир
теңгени чөнтөгүнө салып берип, жөнөтүп жиберди. Ошентип, бала эки этегин
кайра түрүнүп «көсөө» деген калкты издеп жүрүп отуруп, жолдо жер айдап
жаткан бир дыйканга жолукту. Дыйкан өгүздү жетелесе, буурсунду кармоого
киши жок, буурусунун кармаса, өгүздү жетелеген киши жок, аябай кыйналып, жер
айдап жаткан экен. Баланы көрө коюп сүйүнүп: «Ай, жигит, кел ортоктошуп жер
айдайлы, же буурсунду карма, же өгүздү жетеле» деп чакырып калды. Бала:
«Зарыл иш менен жүрөт элем, дүнүйөнүн кереги жок» деди. Анда дыйкан: «Ээ,
балам, эрдиң кеберсиңки, этегиң түгөтүңкү, жабыр тарткан адам экенсиң,
издегениң эмне?» деди. «Аке, «көсөө» деген калкты издеп чыктым эле». «Бол эми
батыраак, ишке кир, «көсөө» деген элдин өзү чыгарбыз. Болгондо да эки көзү
чыгарбыз, жетеле дегенде жетеле, өгүздү» деп дыйкан ачуулана баштады.
Бала издегени оңой табылганына кубанып, дароо чечинип кош өгүздү келип
жетеледи. Экөө бат эле жерди айдап бүтүрүшүп жайланышып отурганда,
дыйкан-көсөө баладан сыр сурады:
«Кана, балам, эмне сырың бар? башыңан өткөн-кеткенди сүйлөчү?» деди.
Бала түшүндө бир кызды көрүп, ага ашык болуп издеп чыккандыгын, бир
шаардан ошол кызды көргөндүгүн төкпөй-чачпай дыйканга айтып берди да:
«Эми аке, бир үмүтүм сизде калды. Эптеп кызды алып бериңиз» деди.
Көсөө муну угуп: «Канча пулуң бар?» деп сурады. Бала: «Бир теңгемден башка
эч нерсе жок» деп жооп берди. Дыйкан: «Ошол жетет» деп, баланы ээрчитип алып,
бир топ койчуларга келди да, кызык окуялардан кеп салып, сөзгө уютуп отуруп
«эми мырзалар, бир теңге берейин, бир жандык саткыла» деди.
Койчулар бирин-бири карашып туруп, бир серке жетелеп келишти эле,
дыйкан серкени бир колуна, теңгени бир колуна кармап туруп, дагы кызык
аңгеме салып, койчуларды кыраан-каткы күлдүрүп отуруп, кеч киргизди.
Койчулар кетмек болуп камынып калышты эле, Көсөө: «Ээ, мырзалар менин бир
серке, бир теңге пулум бар, экөөн тең берейин, бир токту саткыла» деди.
Койчулар бир теңгени, серкени алып, бир токту беришти. Эртеси күнгө жума
экен. Көсөө токтуну балага жетелетип алып базарга чыкты. Аңгыча
керней-сурнай тартылып, кандын кызы кырк кызы менен базарга келип кирди
эле, Көсөө балага: «Мен эмне кылсам ошону жасап мени туурай бергин» деди да,
койду жерге көтөрүп уруп, арт жагынан мууздап кирди. Кыздар муну көрүп таң
калышты. Аңгыча бир кыз: «Ой, адамдар, аягынан мууздабай, башынан
мууздагыла» деп, көрсөтүп бере койду. Бала койду мууздады эле, Көсөө жонунан
жирей баштады. Анда экинчи кыз: «Ой, жонунан жиребей, бут жагынан
жирегиле» деди. Ал аңгыча болбоду, «эмне эл үймөлөктөшөт» деп кандын сулуу
кызы да келип калды. «Кайдан келген, эмне болгон жансыңар?» деп суроо салды.
Анда Көсөө: «Ээ: биз бир жүргөн мусапырбыз, береги койду бирөөдөн кудайы
сурап алып, союп жейли деп жаттык эле» деди. Кандын кызы бир нөөкөр кызына:
«Булар бир бечаралар экен, казан, тулга алып келип бере сал, бышырып жешсин»
деп буюрду.
Ал кыз келгенче Көсөө кыздарга кызык кептерден салып, күлдүрүп отурду.
Аңгыча болбой казан, тулга алып, кыз келди. Көсөө тура калып тулганы коё
койду эле, бала казанды көмкөрөсүнөн аса салды. Көсөө карап турсунбу,
көмкөрөсүнөн аскан казанга суу куюп киргенде, карап турган кыздар: «Андай
аспай, мындай аскыла» деп, казанды асып, суу куюп, эт салып беришти. Аңгыча
бала тезекти алып келип, капкактын үстүнө калай баштады. Муну көргөндө
кандын кызынын боору ачып үч кызга: «Бул бечаралардын этин бышырып
берип, тойгузуп койгула сообу тиер» деди. Бул учурда Көсөө кыздарды кызык
аңгемеге кызыктырып, кыраан-каткы күлдүрүп, алаксытып кечке калтыруунун
амалында болду. Анткени кандын уруксаты боюнча кыздар бешимге чейин гана
базарламак; эгер бешимден калса, кан алардын башын алмак.
Кыйлада барып койдун эти бышты. Кыздар этти чарага чыгарып, эки байкуштун
алдына коюшту эле, экөө этти үзүп алышып, биринин оозуна экинчисин салып
кирди. Кандын кызы: «Ар кимиңер өз-өзүңүр жегиле» деди. Алар: «Биз өз
оозубузду көрө албайбыз, ошондуктан бири-бирибиздин оозубузга салып
жатабыз » деп коюшту.
Ошентип, эрмектеп отуруп, этти жеп бүткөнчө убакыт өтүп, кыздардын
тынчы кетип, дүрбөлөңгө түшүп калышты. Көсөө болсо бешим окуп, кыйкырып
кирди. Кандын кызынын жаны чыгып: «Айланайын, соопчулукка акырын окуй
көр, кан угуп калса биз да өлдүк, силер да өлдүңөр» деди. Анда Көсөө: «Мен өлөт
элем деп, намазымды таштамак белем» деп, ого бетер үнүн бек чыгарып окуй
берди. Акыры кыздардын айласы кетип: «Эмне кааласаң ошону ал, деги акырын
окуй көр» деп суранышты эле, Көсөө: «Бизди ортоңорго жашырып, өзүңөр менен
бирге сарайга ала киргиле» деди. Кыздар макул болушуп, аларды ортого алып
көрсөтпөй, кандын сарайына алып кирип кетишти. Аңгыча дигер окуй турган
убакыт болду. Көсөө адатынча заңгырап кыйкырып киргенде кандын кызы бир
вазир кызын ээрчите чыгып: «Ой, жана эле айтпадым беле, акырын окусаң боло,
кан укса мени да сени да өлтүрөт» деди эле, Көсөө: «Оо, каныша жана мен бешим
намазымды саткам, азыр мен дигер намазымды окуп жатамын» деп жооп берди.
«Кудай жалгагыр, деги каалаганыңды ал, анчалык озондобочу» деди. «Эми
бир баштык алтын берсең экен». Каныша: «Бир баштык алтын алып келип
бергиле» деп кыздарына буюрганда, кыздар дароо бир баштык алтын алып келип
беришти. Аңгыча намаз шам болду. Көсөө намаз окуган болуп дагы да, кыйкырып
киргенде кандын кызынын вазири чыгып: «Дагы эмне кемтигиң бар, акырын
окуй албайсыңбы?» деди эле, Көсөө: «Биз бул жерден коркуп жатабыз, өзүңөрдүн
үстүңөргө алсаңар экен» деди. Кыздар: «Кан угуп калат экен» деп жандарынан
коркушуп, үстүлөрүнө киргизип коюшту эле, Көсөөнүн тынч алар көзү жок, дагы
бир куптан окуп заңгырады. «Кайдагы эмелерге кезиктик эле» деп кандын
кызынын чындап айласы кетип: «Ээ, бөөдө мерт боло турган болдук, максатыңар
эмне?» деди. Муну укканда Көсөө ордунан ыргып туруп, баланын башынан өткөн
окуясын баяндап келип: «Ушунча жер кезип, сен үчүн тентиреп жүргөн баланын
көңүлүн жубатып, жок дегенде өзүң жаткан үйгө кийирип койсоң» деп суранды.
Кыз макул болуп, баланы өзү жаткан үйгө кийирип алып, жөн-жайын сурап
билип, ашык болуп калат. Таң атып келаткан мезгилде Көсөө баланы чакырып
чыгып, коргондун түбүнө ээрчитип келет да, адегенде аны дубалдан секиртип
түшүртүп андан кийин алтынды алып берет. Акыры өзү түшмөк болуп жатканда
кандын кароолчусу ойгонуп калып, Көсөөнү зым камчы менен бутка үч чабат.
Ошондо Көсөө дубалдын кырында туруп: «Ээ, ит, алсак кандын алтынын алдык,
жатсак кандын кызынын жанына жаттык, кызталак сенин эмнең кетти, акыры
сага үч кылбасам» деп дубалдын сыртына кулап түшүп кеткен экен.
Экөө бир баштык алтынды көтөрүп алып Көсөөнүн үйүнө келишет. Эртеси
Көсөө базарга чыгып, аялдын жасалгалуу кийим кечегин, атыр-упа, эндик, жыпар
сатып келет да, кечинде аялча кийинип, атырдан куюнуп, эндикти сүйкөнүп
сулууланып алып, кандын сарайынын астынан өтүп баратканда баягы кароолчу:
«Ой, беймаал убакта өткөн ким, бери кайрыл» деп кыйкырып калды эле, Көсөө
үнүн аялдардыкындай жасап ичке чыгарып, «ии ботом, мен эле» деди.
«Беймаалда кайда баратасың?». «Бир байбачанын зайыбы элем, күйөөм үстүмө
токол алам дегенинен ызама чыдабай төркүнүмө кетип баратамын». Күзөтчү
жыпардын аңкыган жытына мас болуп, кыйшалактап: «Азыр бирөөлөр беймаза
кылаар, бул жерде конуп ал, эртең таң эрте жолго салайын» дейт. Көсөө макул
болуп күзөтчү менен сарайга кирсе, кире бериште төрт казык кагылып туруптур.
Аны көрө сала ойсоктоп: «Ии ботом, бул эмне деген казык?» деп сурады. Күзөтчү:
«Күнөөкөр болгон адамды керип сабай турган жай» деди. Көсөө түшүнбөгөн
киши болуп: «Ии, ботом, кантип кересиңер?» дегенде кароолчу: «Мунун эмнесине
түшүнбөйсүң?» деп, баягы жерге жата калып, колу-бутун төрт казыкка керип
түшүндүрө баштады эле, Көсөө: «Ии ботом, мындай-мындай турбайбы» деп,
кароолчунун колу-бутун керип, төрт казыкка байлап: «Ээ ит, алсам кандын
алтынын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, сен мени дүрө камчы
менен үч чапкандай эмне жаздым» деп, күзөтчүнү дүрө камчы менен сабай
баштайт. Аябай эсин оодарып, бир кулагын чырт кесип алып, бир өчүмдү алдым,
«экөө сенин мойнуңда» деп кете берет.
Үйүнө барып кулакты кебезге оротуп каттырып коёт да, эртеси ат сатып
алмак болуп, баланы ээрчитип алып базарга чыгат. Базарда не бир тулпар, не бир
жорго, не бир аргымактарга Көсөө көңүл бурбайт. Акыры кечке убара болуп
жүрүшүп бир кыска, бир узун эки ак кийим, куйругу сопол соңк-соңк желген бир
коңкойгон чаар атты, бал китеп, түрлүү дары-дармектерди сатып алып үйлөрүнө
кайтышты. Кечинде Көсөө узун кыскалуу ак кийим кийип, селде оронуп, бир
куржундун бир жак көзүнө китептерин, бир жагына дарыларын салып намаз
шамдан өткөн убакта чаар ат менен соңк-соңк желип, кандын эшигинин алдынан
өттү эле кан: «Бу беймаалда өтүп бара жаткан ким тарт бери!» деди. Көсөө аттан
түшүп, эки колун бооруна алып: «Таксыр каным береги жактагы бир ооруу
кишиге дары-дармегимди, бал китебимди алып бараттым эле, кеч чыгып
калыпмын» деди. Кан: «Андай эле олуя болсоң, менин кандыгымда эмне окуя
болуп жатат айтып берчи?» деди. Көсөө: «Куп болот, таксыр» деп бал китепти
ачып, окуган болуп болгон окуяны баяндады да: «Сиздин элде бир оору бар экен,
ал киши кулагынан оор жарадар экен, азыр кыйын абалда жатса керек» деди. Кан
анын көз менен көргөндөй таамай айтканына таң калып: «Олуям, ошол бечараны
айыктырып бербейсиңби, жарасы кудум сиз айткандай» деди. Кандын сөзүнө
макул болуп: «Таң атканча окуп чыгып, таң атканда жаратына дары сыйпайм,
айыгып кетер, бирок, менин айтканым орундалбаса, эмим конбой калышы да
мүмкүн» деди.
Анда кан: «Эмне болсо да орундатайын, айтыңыз» деди. «Эмесе үч боз үйдү
катар тиктирип, жыйырма жигитке үч үйдү курчап кыйкырып турууга буйрук
бериңиз. «Алар мен болду дегенде гана үндөрүн бассын» деди. Кан макул болуп,
Көсөөнүн айтканындай жыйырма жигит камдап, үйдү тегеректетип койду. Көсөө
болсо атын үйдүн жанына байлап, кандын жигиттерин: «Таң саарында бир боо
чөп алып келип салып койгула» деди да, оорулуунун үстүнө кирип кетти. Элдин
алды жатканда жыйырма жигит кыйкырып кирди. Ошентип, күрүү-күү, чуру-чуу
түшүп жатканда Көсөө: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым, жатсам кандын
кызынын жанына жаттым, сен үч чапкандай мен эмне кылдым?» деп, таң атканча
күзөтчүнү тепкилеп, экинчи кулагын да кесип алып кете берет.
Таң саарында кандын жигиттери бир боо чөп алып келип атка салып, оору
жаткан үйгө кирсе, эч ким жок. Күзөтчү айыкмак тургай тулуптай шишип, экинчи
кулагынан да ажыраган, канга боёлуп, араң эле жаны калыптыр.
Жигит кыйкырыкты араңдан зорго басып канга чуркап келип: «Каным,
күзөтчүнү айыктырмак тургай, айласын кетириптир, араң эле жаны жатат,
олуяңыздан дайын жок» деди. Көсөө болсо үйүнө келип, экинчи кулакты да
балага каттырып койду.
Кан каарына катуу алып: «Миң башы жүз башына айтсын, жүз башы элүү
башына, элүү башы элге айтсын, бир кишини калтырбай жыйып берсин, мен аны
тааныймын» деп буйрук берип, элди чогултту. Муну угуп баланы ээрчитип Көсөө
келди да: «Капырай кандын керемети болот дечү эле, таанып койбосун, сен
барып байкап келчи» деп баланы жумшап жиберип, өзү элдин четирээк жагында
карап турду.
Аңгыча башка шаардан келаткан бир байбача жигит желмаян минип,
Көсөөнүн алдынан чыгып: «Бул эмне деген чаң-тополоң?» деп сурады эле, Көсөө:
«Оо жигит, желмаянды такымга бир салып, кандын алдынан: «Бакырыңа эки
кылган мен элем» деп өтсөң, кан тактысын да, кызын да сага берет, өзүңдү «кан
күйөө, бек күйөө» деп, кадырлап, тактыга отургузушат. Кудайдан корксоң,
бирөөнү мага берерсиң» деди. Ала көөдөн байбача желмаянды такымга бир
салып: «Бакырыңа эки ирет кылган мен элем» деп, желмаяндын оозун коё берип,
кандын алдынан өттү. Кан: «Кармагыла» деп буйрук берди. Кандын жигиттери
анын артынан жөнөп калды. Желмаян жеткирүүчүдөй эмес, жел менен кошо
закымдап, учуп отурду. Ал эми ала көөдөн байбача: «Качан мага жетишип, «кан
күйөө, бек күйөө» деп кулак, мурдумдан чоюшат, деп, желмаяндын оозун тартып
кылчактап жүрүп отурду. Кандын жигиттери байбачаны кууп кеткенде, Көсөө
баягы күзөтчү жаткан үйгө кирип: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 25
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.