Latin

Балдар фольклору - 25

Total number of words is 4118
Total number of unique words is 1672
36.7 of words are in the 2000 most common words
49.7 of words are in the 5000 most common words
55.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жатсам кандын кызынын жанына жаттым, үч чапкандай мен сага эмне жаздым?»
деп аябай сабап, эсин оодарып, мурдун кесип кете берет.
Кандын жигиттери байбачаны кууп, жетип кармап, кандын алдына алып
келишти. Кан: «Кана, жигит, эки ирет кылганыңдын жөнүн айтчы?» деди эле байбача жигит коркуп калтаарып, «минтип айт» деп ушул жерден бир жигит айтты
эле, мен өзүм башка шаардан келе жаткан бир жолоочумун» деп, чынын айтып
берип кутулду. Аңгыча болбой эшиктен бир жигит кирип келип: «Таксыр кан,
баягы бечаранын мурдун да кесип кетиптир» деди. Ошондо кан элине жар
чакыртты: «Кимде-ким ушул кылган ишин жашырбай айтып берсе, мен ошого
кандык тактымды, таажымды, казынамды жана кызымды да беремин» деди. Бала
муну угуп энтеңдеп Көсөөгө жүгүрүп барды да: «Жүрүңүз эртерээк, канга барып
чыныбызды айтып, кызын да тактысын да, таажысын да алалы» деди.
Аңгыча Көсөө: «Кан өз оозу менен айттыбы, сен өз кулагың менен уктуңбу?»
деп сурады эле, бала: «Кан өз оозу менен айтты, мен өз кулагым менен уктум»
деди.
Көсөө арыдан бери эки кулак, бир мурунду жанына салып, жакшы кийим
кийгизип, баланы ээрчитип канды көздөй жөнөп калды. Келишсе эл чуру-чуу,
күрү-күү: «Мен кылдым» деген чуудан кулак тунат. Ар ким ошентип жатканда
Көсөө баланы кандын алдына жетелеп келип: «Таксыр каным, кечсең күнөөм
мына, кессең башым мына» деп, бардык окуяны баяндап берди.
Кан Көсөөнүн сөзүн угуп отуруп: «Ушул айткандарыңды кантип
далилдейсиң?» деп сурады. Көсөө күзөтчүнү алдырып, кулагын кулагына, мурдун
мурдуна коё койду эле, кадимкидей кыналышып ордуна келди. Кан Көсөөгө
жыгылып, тактысын, таажысын балага берип, кызын да ага берген экен. Ошентип
бала тилегине жетип, кан болуп, түшүндө көргөн кызын алат. Баягы бечара
кемпир-чалды алдырып өргөө көтөрүп берет да, Көсөөнү үйлөндүрүп өзүнө
башкы вазир кылып алат.
Ошол кезде баланын өз атасы күйүткө алдырып, кандыктан ажырап,
жакырланып бүткөн экен. Бала өз атасын дагы көчүрүп алып, эки элдин башын
курап бардыгы жыргап жатып калышкан экен.
АМАЛДУУ КЕДЕЙ
Илгери бир кан: «Кимде ким мага жыл маалында Кыдырды көрсөтсө, бир
табак дилде берем, көрсөтпөсө башын аламын» деп жар салат. Бир кедейдин
аялы: «Барып кандын дилдесин алып келгин» деп күйөөсүн уруша берет. Кедей:
«Жыл маалында өлүп калайынбы, барбаймын. Анда аялы: «Үстүбүздө тиккен
үйүбүз болбосо, кийерге кийим, ичерге тамак жок болсо, баары бир жыл
маалында өлөбүз, андан көрө ичип-жеп бир жыл болсо да жашап туралы, барып
алып келгин» дейт. Аялынын тилине уугуп, айласы кеткен кедей канга барып;
«Менин азыркы абалым да өлгөн менен тең, дилдеңизди бериңиз, жыл маалына
чейин кудайдан тилеп көрөйүн» дейт. Кандын дилдесин алып келип, ичип-жеп
жата беришет.
Бир күнү эсептешсе, жыл маалына жети күн калыптыр. Ошондо кедейдин
аялы: «Жети күндөн кийин вазир келет, мен сени Кыдырды издеп кеткен
деймин» деп, күйөөсүн качырып тоого чыгарып жиберет. Тоо-ташты аралап
жүрүп, кедейдин чокоюу бат эле түшүп калат. Үйүнө келсе, аялы кайра кубалайт.
Бир күнү «Эмне болсо да үйгө барып өлөйүн» деп келе жатса, алдынан бир киши
чыгат. Андан качайын десе, артынан бир киши чыгат. Андан качайын деп,
алдынан келаткан кишиге капталып калат. Салам берип токтоп туруп ага чын
сырын айтат: «Жокчулуктун айынан убактысынча болсо да ичип-жеп туралы деп,
жыл маалында Кыдырды көрсөтмөк болуп кандан миң дилде алдым эле. Дилде
болсо түгөндү, бирок, Кыдырдын көрүнөр түрү жок. Тоо-ташта баш калкалап
жүргөнүмдүн себеби ушул». Тиги чоочун киши: «Оо жолуң болгур, кандан качып
кутула албайсың, кан сени өлтүрүп эмне кылсын, андан көрө: «Каным,
жокчулуктун айынан бир табак дилде алганым чын эле, Кыдырды таппадым» деп
эле алдына баргын» дейт. Анда Кедей «Канга да барар элем, бирок аялыма
баруудан корком. Жок дегенде үйүмө киргизип эле койсоңуз» дейт. Чоочун киши
кедейдин сөзүн кыйбай аялына ээрчитип келет. Кедей жан-маны калбай, колунан
келишинче сыйлап конок кылат.
Эртеси тиги киши: «Эми чочубай эле канга бара бер, мен кетейин» деди эле,
кедей: «Жок дегенде кандын дарбазасына чейин узатып койсоңуз, жүрөгүм
даабай жатат» деп, туткактап кетирбей койду. Кандын дарбазасынын жанына
келгенде, «киргизип койсоңуз, коркуп жатамын» дейт. Кедей кишини
кароолчуларга ээрчитип: «Канга айткыла, мен убада боюнча Кыдырды
көрсөткөнү алып келдим, тосуп алсын» деди. Аны угуп, кандын сарайы бүлгүнгө
түшүп калат. Муну укканда тиги кишинин эси чыгып, кетенчиктеп кетмек болду
эле, кедей: «Баары бир, эми сен да өлөсүң, мен да өлөм, ажалдан кутулуунун бир
гана жолу бар, кан кирип келип: «Ассалом алейкум, Кыдыр ата» деп салам берет.
Алик алба. Саламын дагы кайталайт, унчукпай тура бер, акыры Кыдыр ата эмне
унчукпайт» деп менден сурайт. Андан аркы жоопту мен берем. Сен белги
бергенде гана эшикке чыгып жок бол» деди.
Аңгыча кан кирип келип, эки колун бооруна алып, «Ассалом алейкум, Кыдыр
ата» дейт. Тиги алик албайт. Кан тизесин бүгүп саламын дагы кайталады. Чоочун
киши унчукпай тура берет. Кандын тынчы кетип: «Касиеттүү Кыдыр ата, эмне
унчукпайт» деп кедейден сурады эле, ал «Кыдыр ата адамдардын көзү ачык
турганда сүйлөбөй да, касиетин көрсөтпөй да коёт деп уккамын» дей салды. Кан
токтолбостон бүтүндөй сарайындагыларына көзүн жуумп турууга буйрук берди.
Ошол мезгилде кедей жигит «чыгып кет» деп кол шилтеди эле, тиги киши жылып
жоголду. Кан күтө-күтө чарчап көзүн ачса, Кыдыр түгүл карааны да жок. Кедей
болсо: «Бир көрөөрүн көрдүң эми каным, ыраазысың го» деп, басып кеткен экен.
АКЫЛДУУ ДЫЙКАН
Бир кан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине: «Мага акмак кишини таап
келгиле» деп, буйрук берген экен. Эки жигит жолго чыгып кеңешти: «Эми кимди
алып барабыз?» Алып барбасак жазага тартат». Экинчиси: «Сен акмаксыңбы,
кимди алып барабыз деген да сөз болобу, жолуккан эле кишини эркине койбой
алып келебиз, кан чакырып жатат десек, айласы жогунан барат» деди.
Ошентип, экөө келе жатып, бир карагай тарткан кишиге жолугушту. Эки
жигит: «Карагайыңды таштагын, азыр канга жүргүн, сени чакырып жатат»
дешти. Ал киши: «Токтогула, карагайымды үйүмө жеткирип коёюн, анан
барайын. Эмне деп чакырды?» деди. Эки жигит: «Эмне деп чакырды» дейт тура,
сенин жумушуң эмне? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү? Кан акмакты таап кел деген,
жүргүн!» деп шаштыра баштады.
«Жок, жигиттер, карагайды атайын тоодон мээнет кылып алып келе жатып,
жолго таштап бара албаймын. Мен акмак эмесмин, оокат кылып жүргөн
кишимин» деп бастырып кетип калды.
Эки жигити жүрүп отуруп, өрмөк соккон бир аялга жолугушту. «Жеңе, сени
кан чакырып жатат, тезинен жүргүн» дешти.
«Ботом, аял кишини эмнеге чакырыптыр?» деди. Эки жигит «Аял кишини
кеп-сөзгө чакырмак беле? Акмак адамды чакырып кел деген. Эркектер менен
айтышпай тезирээк жүрбөйсүзбү?» дешти. Аял: «Оо, кокуй күн, ушул ала жазда
бекер жүргөн киши акмак болбосо, ким акмак болсун. Мен деле оокатым үчүн
өзүмө керектүү болгон жумушумду бүтүрүп алайын деп, жанталашып жатамын.
Акмакты тапчу жериңден таап алгыла! Мен барбаймын!» деди. Эки жигит бул
жооптуу угуп: «Эми жөнүбүздү айтып отурсак эч ким болбойт экен. Андан көрө
кезиккен эле кишини зордоп алып кетиш керек» дешти.
Жолдо келе жатып, жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп: «Ой, дыйкан,
жүргүн канга» дешти. Дыйкан: «Эмгек кайнап жатканда эмне үчүн барам?» деди.
Көп сүйлөбөй жүргүн! «Кан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң»
дешти. Жигиттерге дыйкандын ачуусу келип: «Силер үчүн акмакты даярдап
койгон жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула!» деди. Эки жигит: «Эмесе, акмакты таап
бериңиз» деп, дыйканды кармап коё бербей коюшту. Дыйкан: «Мени коё бергиле,
күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын» деди.
Жигиттер: «Жок, же өзүң канга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтып
бергин. Барыңар эле акмак эмеспиз дейсиңер, кимиңер акмак экениңерди биз
кайдан билебиз?» деп жакалашты. Дыйкан: «Макул эмесе, мен акмакты айтып
берейин коё бергиле», деди. Жигиттер: «Батыраак айт» деп шаштырышты.
Дыйкан ойлонуп туруп: «Акмакты таап кел» деген кандын өзү акмак, же акмакты
издеп жүргөн экөөң акмак. Мындан артык акмакты дүйнө жүзүнөн
таппайсыңар!» деди. Жигиттердин ачуусу келип: «Сен канга сөзүңдү тийгиздиң,
барып айтабыз!» дешти. Анда дыйкан: «Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну
канга угузуп айтсаңар экен!» деди.
Эки жигит канга келип айтышат. Кан: «Ошол дыйкандын колу-бутун байлап
алып келгиле!» деп буйрук берди.
Дыйкан жигиттердин айдоосу менен кандын астына келип олтурду. Кан
дыйканды кекетип: «Менин акмак экенимди сен билген экенсиң, билгич болсоң
ушул тулпарымды сынап билип берчи» деп, үч күн убакыт белгиледи. Дыйкан
тулпарын багып жем, берип, сугарып жүрүп, үч күнү бүткөндө кандын астына
келди да: «Каным, тулпарыңыз тулпар экен. Бирок, эшектен бүтүп, уйдан
жалгашкан экен» деди. Бул сөзгө кандын ачуусу келип, дыйканды өлтүртмөкчү
болуп жатканда, жылкычысы келип: «Бу кишинин сынаганы туура,
Кулундагандан кийин бээ өлүп калып, бир музоосу өлгөн уйга телигемин». Кан
дыйкандан: «Сен кантип билдиң?» деп сурады.
Дыйкан: «Каным, тулпарыңызды үч күн бактым, сугарганда суудан чыгып
келе Жатып, арткы бутун кагат экен. Ушул себептен уйдан жалгашкандыгын
билдим. Эшектен бүтүптүр деген себебим болсо: Түнкүсүн чөп салганда,
тулпарыңыз ар дайым эшекче бакырат экен. Ушунун үчүн эшектен бүтүптүр
дедим». Кан ыраазы болуп: «Баракелде, тапканыңа» деп сыйга бир нан берди.
Кандын аялы жоолугунун учуна беш сомдук алтын түйүп берип, дыйканды
узатты.
Эртеси кан дыйканды чакыртып алып: «Сен тапкыч болсоң азыр менин оюмда
эмне турат, ошону тапчы» деди. Кан эмне деп ойлоду экен деп ойлонуп туруп:
«Аа, ушу сөздү айтып жатканда, башын тырмап туруп жатпайт беле, чачымды
алып берсе деп турган экен го» деп, дыйкан унчукпай барып, кандын чачын
устарасы менен алып чыкты. «Тапканына баракелде!» деп, кан дагы бир нан
берип узатты.
Бир күнү дыйканды кан чакырып алып: «Сен кыйын тапкыч болсоң, менин
аялым кандын баласыбы, же мен кандын баласымынбы? Ошону билип берчи»
деди. Дыйкан ары-бери ойлоп убара болбой туруп эле: «Сиздин аялыңыз кандын
кызы экен, өзүңүз наабайчынын баласы экенсиз» деди.
Бул сөзгө кан ачууланып, дыйкандын башын алмакчы болуп, энесинен
сурады: «Чыныңды айткын, эне, мен кимдин баласымын?». Энеси: «Уулум, мен
жаш кезимде жалаң гана кыз төрөгөнүм үчүн күйөөм кордой баштады. Ошондо
шаарыбыздагы бир кембагал өзбектин аялы менен достошкон элем. Экөөбүздүн
тең боюбузда бар болучу. «Эгер мен кыз төрөп, сен эркек төрөсөң, экөөбүз
алмашып алалык, экөөбүздүкү тең кыз же эркек болсо акыреттик дос кылалык»
деп көп дүнүйө берип, убадалашкан элем. Кийин толгоо келер убакта күйөөмдү
шаарга жиберип, өзүмдүн үстүмө эч кимди кийирбей, элге билдирбей жатып
төрөгөн кызымды ошол аялга бердим. Эки жумадан кийин аял эркек төрөп,
баласын элге көрсөтпөй түн ичинде мага алып келип берген.
Эки-үч күн өткөндөн кийин шаардан күйөөм келди. Мен сырымды адамга
билгизгеним жок. Кийин чоңойгондо кызым бөлөк болуп кетпесин деп, уулум
сага алып берген элем» деди. Кан энесинин сөзүн угуп: «Сен кантип билдиң?» деп
дыйкандан сурады. Анда дыйкан: «Мен табышмагыңызды таап, эки жолу
келгенимде тең бир нандан бердиңиз. Ошон үчүн сизди наабайчынын баласы
экен дедим. Аялыңыз бир жолу келгенде эле алтын түйүп жоолук берди. Мына
ушундан кандын кызы экендигин билдим» деди. Кан мунун билбегеңи жок экен
деп, дыйканга айтты: «Кудай кайсы жерде турат, билип берчи!» деди. Дыйкан:
«Каным, мен ушул кебетем менен канга акыл айткандай болуп, кудайдын кайсы
жерден турганын айтсам; кусур уруп кетер. Ошондуктан, сиз менин кийимимди
кийип, кечирим сурап, тизелеп туруңуз, мен сиздин кийимиңизди кийип,
тагыңызга олтуруп, кан болуп туруп айтайын, болбосо ушул сыягым менен
кантип айтам?» деди. Кан макул болуп, кийимин чечип берди, өзү айыптуу киши
болуп тизелеп турду.
Дыйкан кандын кийимин кийип, тагына олтуруп, жигиттерди чакырды да:
«Ушу убакка чейин акмакты таппай жүрөсүңөр, мындан артык акмак болучу
беле? Алып барып акмактын башын алгыла!» деди. Көпкөн жигиттер башка сөздү
уксунбу, канды жетелеп барып, башын кесип кумардан чыгышты. Дыйкан кан
болуп такка олтуруп кала берди.
АЙЛАКЕР БАЛА
Илгери заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим
жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн
отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл
кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт.
Анда бала: «Атым — Айлакер, кайдан келгенимди, эли журтумду билбеймин,
ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.
— Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер койгон ким?
— Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.
— Эмесе, балам, бары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун,
— дейт.
Бала: «Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин
тилегеним да ошол эмеспи» деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.
Ал бир күнү эшикте ойноп олтурса атасы чакырып: «Ээ, Айлакер, сен мына бул
бактын башында эмне бар экенин билесиңби?» дейт. Бала: «Билем, ата, анда ак
сары деген куштун уясы бар» деди. «Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка
билгизбей жумурткасын уурдап келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып,
кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.
Чал: «Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып кел» дейт. Айлакер
бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле,
атасы: «Колуң эптүү өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар
көрүнөт» дейт. Кечке маал болгондо атасы: «Мына бу жердеги
абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?» дейт. Анда Айлакер: «Билбегендечи,
билем» дейт. «Ошол кемпир-чалдын бир карын сары майы бар. Аны же өздөрү
жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып
жатат, баргын да, ошону уурдап келгин» дейт.
Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса чынында да
абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан
экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жаныңа барат да, абышканын үнүнө
окшотуп кырылдап, «кемпир ары жат» кемпирди акырын түртүп коёт. Кемпир
арылап кетет. Андан кийин «абышка ары жат» деп кемпирдин үнүнө окшотуп,
үнүн жасап абышканы бир түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган
Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.
Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок.
Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу
болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө
жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап
алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп
алып келип калды эле, абышка: «Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып
жетип кел» деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: «Өзүмдүн атам
экен» деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт, Жүгүргөн бойдон суу алып
келип: «Мына, ата, суу» дейт. Анда атасы: «Ээ балам, сени суу алып кел дедик беле,
май алып кел дебедик беле» дейт.
Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса,
абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына
салынып, абышканы тосуп турат да: «Түлөөң курган чал, кайда кеттиң,
эчкилериңди карышкыр кууп кетти» дейт. «Кайда кетти, ме майды» деп, абышка
майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө
келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе эчкилери короодо жатат.
Аны көрүп кемпирине ачууланып: «Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле»
дейт. Анда кемпири: «Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле? дейт. Абышка
Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.
ДЫЙКАН МЕНЕН КАН
Илгери бир байдын малын багып, эгинин айдап, чөбүн чаап, оокат кылган
дыйкан болгон экен. Ал жаздын күнү эки өгүзгө буурусун кошуп, жер айдап
жүрсө, бир убакта буурусунду эки өгүзү тарта албай туруп калды. «Буга эмне
болду?» деп эңкейип караса, ага ат башындай алтын такалып калыптыр. Дыйкан:
«Киши көрбөсө катып алайын» деп, эки жагын караса, чоң жол менен бир атчан
киши чаап бара жатат. Анда дыйкан: «Тиги киши менин алтынды катып
алганымды көрүп, канга айтканы бараткан экен, андан көрө ачыгын айтып канга
өзүм алып барып берейин» деп чакырып калат. «Оо, бери келе бериңиз», чоочун
адам бастырып келип: «Эмне дейсиң?» дейт. Дыйкан: «Балким алтынды көрбөгөн
чыгар» деп амалданып: «Мен кызыл өгүз күчтүү дейм, катыным кара өгүз күчтүү
дейт, мунун кайсынысы күчтүү?» деди. Анда тиги киши: «Ой, акмак десе, кудай
урган сөздү айтат, ушул үчүн да адамды убара кыласыңбы?» деп бура
тартты, дыйкан: «Жөн эле билмексен болуп жатат, эми чындап канга айта турган
болду жана эле чынын айтпай» деп ойлонуп, кайта чакырат: «Ой, бери кел!..
Кайрыла кет, эми чынымды айтайын» дейт. Чоочун киши «ай ушунукун уга
кетейинчи, балким бир маанилүү сөз болбосун» деп, кайрадан кайрылат. Дыйкан
кайтадан кууланып: «Бул айдалган жерге мен таруу себейин дейм, катыным
буудай сепкиниң дейт, кайсынысын сепсек жакшы чыгат?» деди эле, анда
жолоочу:
— Айтканың ушубу?
— Ооба, ушу.
— Башка сөзүң жокпу?
— Жок.
— Анда сен, жеткен акмак экенсиң — деп, бастырып кете берди.
Дыйкан эми чындап коркуп: «Кой, эми бул ачуусу менен барып канга айтса,
кан мени өлтүрөт, андан көрө мындан мурун өзүм алып барайын» деп, өгүздөрүн
чыгарып, алтынды капка салып көтөрүп үйүнө келди да: «Ой, катын бол, мен
канга барам, тезирээк тамак бер» деди.
— Канга эмнеге барасың?
— Өзүмчө жумуштап эле.
— Кан чакыртыптырбы?
— Жок.
Анын сөзүнө катыны каткырып күлүп: «Бар, жолуңдан калба, кан сага кызын
берип калса ажап эмес» деп тамак берип коюп, эшикке чыгып: «Эмне алып
келдиң?» деп, каптын ичин ачып караса, ат башындай алтын жатат. Катын
алтынды катып коюп, ошончолук чийдин дүмүрүн капка салып коёт да,
билмексен болуп кайта үйгө кирет. Дыйкан шашып-бушуп тамак ичип, эшикке
чыгат да капты көтөрүп жөнөп калат. Канга келип кирейин десе кароолчу жигит
киргизбейт.
— Кайда барасың?
— Канда жумушум бар.
Анда жигит: «Сен туруп тур, мен канга барып айтайын» деп кирип кетет да:
«Таксыр каным, сизге бир адам келди, көтөргөн кабы бар, кирүүгө уруксат
сурайт» деди. Кан «Кирсин!» деп, уруксат берди. Дыйкан кирип келип, таасим
кылып, эмне айтарын билбей делдиреп кандын маңдайына туруп калды. Кан:
«Эмне келдиң?» деп сурады эле, «Сизге муну алып келдим» деп, кабындагысын
силкип жиберсе, чийдин дүмүрү тоголонуп, топурак-мопурагы менен кандын
алдына түштү. Аны көрүп: «Мен алтын алып келдим десем, чийдин дүмүрү болуп
чыкса, кан мени чындап өлтүрөт экен» деп, дыйкандын эси чыгып кетти. Кандын
чындап эле ачуусу келип каарданып: «Эй акмак, сен эмне үчүн тактымды
булгайсың? Буга окшогон чийдин дүмүрү талаада азбы, мунун эмнеси таңсык,
желдеттерди чакырып башыңды алдыртайынбы?» деди. Дыйкан шашкан бойдон:
«Кулдугум бар, каным, кандын акылы миң кишиге барабар» деген сөз бар эмеспи.
Бул чийдин дүмүрүн мен беш кадак десем, катыным сегиз кадак дейт. Канча
экенин биле албай, чечсе да кан чечет деп, сизге алып келдим» деди. Анда кан:
«Кууланып жаткан баш кесер болуп жүрбөсүн, сынап көрөйүнчү» деп, ойлоп: «Бул
итти эшикке чыгарып сабап туруп, камап салгыла» деп жигиттерине буйрук
берди.
Дыйканды эшикке алып чыгып сабап туруп, камап салышты эле: «Канда сөзүм
бар, эми бир эле алып баргыла» деп кыйкырды. Жигиттер ээрчитип канга алып
барды эле, кан: «Эмне сөзүң бар?» деди. Анда дыйкан: «Бул топуракты мен семиз
жердики десем, катыным арык жердин топурагы дейт, экөөбүздүн кимибиздики
туура, адилет кан эмессиңби, эртерээк чечип берип үйүмө жөнөтчү» деди. Кан:
«Бул бир келжиреген келесоо эме көрүнөт, уруп туруп, сарайдан чыгарып
таштагыла деп, жигиттерине буйрук берди. Дыйкан сенделе басып үйүнө араңдан
зорго кечинде жетти. Катыны алдынан тосуп, каткырып күлүп: «Ии, кандын
күйөөсү Канбача, кадырлуу конок болуп, кайткан түрүң бар» деп, үйгө киргизип
майлуу эт, казы-карта алдына койду эле, дыйкан көрүп турган көзүнө ишенбей:
«Катын мен бир балаага жолуккандай көрүнөм. Көрүнчүсү көзүмө көрүнүп
жаткан окшойт. Буурусун айдап жүрүп, аттын башындай алтын таап алдым.
Канга алып барсам чийдин дүмүрү болуп чыкты. Кан сабаттырып коё берди. Үйгө
келсем, нанга кенен жетчү эмес элек, казы картаны алдыма коюп отурасың. Бу да
кудайдын көрсөткөн бир сырыбы деп, көзүмө ишене албай отурам» деди. Анда
катыны күлүп: «Алтын тапканың да чын, алтын деп чийдин дүмүрүн канга алып
барып таяк жегениң да чын, азыр жей турган казы, карта экени да чын, көзүңө
көрүнгөн эч нерсе жок, коркпой колуңду салып жей бер» деди. Дыйкан иштин
жайына түшүнүп: «Катын сен акылдуу, кан экөөбүз акмак экенбиз, мен канды
алдасам, экөөбүздү Тең сен алдапсың, бирок аз гана таяк жегеним болбосо, иштин
баары биздин пайдабызга чечилиптир» деп катынына аябай ыраазы болду.
Ошентип дыйкан алтынды четинен сатып, керегине жумшап, жыргап жатып
калган экен.
КАН БУКАСЫ МЕНЕН ЖАРДЫНЫН
БУКАСЫНЫН СҮЗҮШКӨНҮ
Кан бир табактан дилде мөөрөй сайып: «Мени менен ким бука сүзүштүрөт?»
деп калкына жардык кылды. «Кандын сөзү эки болбойт» деп, калкы жардыкты
уккандан кийин букаларын алып келе баштады. Көп эл чогулгандан кийин чоң
кылып тегерек чийим чийдирди. «Кимдин букасы ушул чийимден сүзүп чыгарса,
мөөрөй ошонуку болот» деди. Букаларды сүзүштүрө баштады.
Кандын ээликтирип эркин өстүргөн букасы букаранын арык тарбайган жаман
букасын койсунбу? Ары челип, бери челип, чийимден сүрүп чыгарып жатты. Кан
дилдеге карк болду. Арадан бир нече күндөр өттү. «Кой, эми биздин бука кандын
букасын сүрүп чыгара албайт, арыктыгы бул болсо, кайдан күчү болот дешип
тарай турган болушту. Ошентип үмүтүн үзгөн кезде бир жардынын букасы ээсине
айтты:
— Сен мени арык, жаман деп, тиги калк чогулган мелдешке алып барып
салганың жок. Кеп арык-семиз, жаманда эмес, кеп кайрат менен качырып алууда.
Кой сен мени алпарып бир сынап көр, — деди. Анда ээси: «Мен бир табак дилдени
кайдан табамын?» деди.
Анда бука: «Сен мени алпаргын да канга: мен букамдын башын саяйын. Сиз
букаңыздын башын сайбай, баягы айткан дилдеңизди сайыңыз» деп айт, кан
макул болот» деди.
Жарды бир далай ойго калып туруп, оокат кылып турган жалгыз букасын
кандын букасы менен сүзүштүрөм деп алып барды.
«Дилдең жок, мөөрөйгө эмне саясың?» деп кан сурады.
Жарды: «Мүмкүн болсо, мен букамдын кара башын сайдым» деди. Кан
мурутунан күлүп жардынын сунушуна макул болду.
Баягы жыйналган калк: «Ай байкуш, тим эле койбой, оокат кылып турган
жалгыз букасын канга алдырып жиберип, андан кийин кантип жан сактаар экен»
дешип турду. Кандын букасы мындай жаман бука эмес, мындай эки келген
букаларды качырып жатат дешти.
Жарды букасын алып келип, ыраактан мурунтугун туруп, агытып жиберип
туруп калды.
Бука жер чапчып өкүрүп, кандын букасын качырды. Кандын букасы сүзүшмөк
тургай, кандын дарбазасын талкалап короосуна кире качып кетти. Эл таңданды.
Кан оозун ачып калды. Эмне балакет болгонун эч ким түшүнбөдү.
«Бу түгөнгүр өкүрүп койсо эле, кандын букасы дарбазасын бузуп кире качты.
Деги бир табак дилдени кудай ушуга буюрган экен» дешип калк тарады.
Жарды бир табак дилде алганына сүйүнүп, кудуңдап букасын минип алып
үйүнө кайтты.
Жолдо келе жатып жарды букасынан сыр сурайт: «Ээ, досум, кандын килейген
букасы сенден эмне болуп качты?»
— Анын эмнесине таң каласың, мен аны музоо кезегинде аябай эсин оодара
сүзгөм. Ошондон кийин: «Музоосунда сүздүргөн, өгүз болгондо да коркот» деген
сөз калыптыр.
АСАН КАЙГЫ МЕНЕН АЗИЗ ЖАНЫБЕК КАН
Илгери, илгери Асан Кайгы аттуу акылман Сырдын боюнда жашаган экен.
Күндөрдүн биринде Азиз Жаныбек кан: «Ээ Асан аке, дүнүйөдө малга киришпей
турган адам болобу?» деп сураптыр. Анда Асан Кайгы: «Биздин бала — Төлөн
мырза малга киришпейт» деп жооп бериптир. Акылман кеткенден кийин
Жаныбек кан эки жигитин чакырып: «Асан Кайгынын эки туу бээсин жайдак
минип кара терге чумултуп, Төлөндүн астынан чыккыла. Эмне дегенин мага
айтып келгиле» деп буюрат. Ошондо эки жигит кандын айтканындай, эки туу
бээни терге чумултуп Төлөндүн алдынан чыккан экен. Төлөн мырза карап туруп:
«Ээ азаматтар, астыңарга тердик салып минсеңер болбойбу, жайдак минип
көчүгүңөр жоорубайбы» деп бастырып кетиптир. Жигиттер келип Төлөндүн
сөзүн Жаныбек канга айтып беришти.
Азиз Жаныбек кан дагы бир күнү Асан Кайгыны чакыртып алып: «Ээ Асан аке,
алдыдан миң кол качырып чыкса, ошо миң колго айбыкпай качырып кирүүчү
азамат чыгабы?» деди. Асан Кайгы: «Биздин Төлөн мырза качырып чыгат» деди.
Азиз Жаныбек кан жигиттерин чакырып жарак-жабдыктары менен миң кол
даярдап, «Төлөн келе жатканда капыстан качырып чыккыла» деп буюрду.
Жарак-жабдыктуу миң кол Төлөндү качырып алдынан чыкты эле, Төлөн мырза
колундагы кушту асманга ыргытып, мылтыгын колуна алып, миң колго бөрүдөй
тийип, төртөө-бешөөн атып жиберди.
Кол Жаныбек канга көргөндөрүн айтып келди. Жаныбек кан: «Төлөн мырзаны
чакырып кел» деп, жигитин жумшайт да, Төлөн мырза келгенде: «Мага эмне
киришпейсиң?» деди. Анда Төлөн: «Бери караса маңдайы ысык, нары караса
соорусу суук, кыйкырса жоо алат, ышкырса жут алат, малга карабайын, эр
азаматтын көөнү калбасын деп ойлочу элем» деп жооп берди. «Асан Кайгынын
уулу, сен миң кишиге жалтанбай качырып тиет дейт, бул кандайча? Миң киши
сенин саныңды сапат, устаканыңды упат кылбайбы? мындан эмне качпайсың?»
деди эле, Төлөн мырза: «Жок, каным, ажалым жетпесе, миңи да мени өлтүрө
албайт. Ажалым жетсе бирөөнөн гана өлөм» деди.
— Аны кайдан билесиң?
— Бир убактарда бир сан миң кол аттандык эле. Ошол бир сандан миңибиз
мылтыкчан элек. Аңгыча табылганын түбүндө жаткан бир коён алдыбыздан
качып өтө берди. Коёнду миң мылтыкчан атты эле, миңинин огу тең тийген жок.
Эң аягында мен барып атканда, боор терисинен алакандай жери түшүп калып,
ошондо да өлбөй жүгүрүп кетти. Менин атканым жаза кетчү эмес эле, ажалы
жогунан, миң бир октон коён өлбөй кеткен. Ошондон улам билемин» деп жооп
берди. Жаныбек Төлөнгө ыраазы болуп, бир сарпайы жаптырды.
Дагы бир күнү Азиз Жаныбек кан жигиттерине Асан Кайгыны чакыртып
алып: «Асан аке, мен күнүгө куш салсам, асманда бир муштумдай сары неме учуп
чыгып, жолтоо болчу болду, ошону атып берчү адам бар бекен?» деди. Асан
Кайгы: «Аны биздин Төлөн мырза атып берет» деди. Кан: «Эртең балаңызды
жиберип ийиңиз» деп калып калды.
Асан Кайгы үйүнө барып: «Балам, сен эртең канга барасың. Кан кушун алып
сени менен талаага чыгат. Ошол кушту саларда асмандан учуп буудайык келет,
келе жатканда дүрмөттөп туруп бөтөгөсүн жара ат, жара ата албасаң, өзүңдү зыян
кылат.
Аны атып берсең кан: «Балам, сенин башыңан ылдый дилде куяйын» дейт.
«Ага ыраазымын» де, «Эки кызымдын бирөөн берейин» дейт, ага дагы
«ыраазымын» деп болбой койгун» деди. Эртеси Төлөн мырза жөнөмөк болуп
атасынын алдына келип: «Ата, эмне сурайын?» деди эле, Асан Кайгы:
«Теминдидей жер сура, жырындыдай суу сура» деди.
Төлөн Жаныбек канга келет. Атасы айткандай, Жаныбек колуна кушун
кондуруп, жигиттерин ээрчитип талаага чыгат. Аңгыча бир муштумдай сары
неме асманга атылып чыгат. Аны Төлөн мырза атып түшүрдү эле, кан ыраазы
болуп: «Өз боюңдай дилде ал» деди. Төлөн: «Ыраазымын» дейт. «Кызымдын
бирөөн ал» дейт. Төлөн ага да, «Ыраазымын» деп болбой коёт. Акыры Төлөн
атасынын айтканын айтып, теминдидей жер, жырындыдай суу сурады эле, Азиз
Жаныбек «Сүйгөн жериңди алгын» деп балага уруксат кылган экен.
Төлөн атасына келип «сиздин айтканыңызга уруксат алып келдим» дептир.
Ошондо Асан Кайгы Сырдан көчүп Чүйгө келет да, Чүйдү көрүп: «Бул Чүй эмес,
Чуу экен» деп, Чүйдөн көчүп Кочкорго түшөт. Кочкорду көрүп: «Кочкор эмес
кокуй экен, тогуз жолдун тоому, бөрү койдун чаркы экен» деп, Асан Кайгы
мындан көчүп нары түшүп желмаян минип Жумгалга келет. Жумгалды көрүп:
«Табын тапса алтын көмүркөй деген жер экен, табын таппаса колун жумган жер
экен» деп, андан көчүп Нарынга келет. Нарынды көрүп: «Нарын эмес кайгыр»
деп, андан көчүп Текеске түштү. Мындан көчүп отуруп Үч-Күбөккө келди да,
Төлөнгө бир жерди көрсөтүп, «казчы» деди. Бала казды эле, «топурагын тебелеп
туруп, кайра салчы» деди. Тебелеп туруп, топурагын кайра салса топурагы батпай
калды. Анда Асан Кайгы Төлөнгө: «Ушу жерден не кармасаң, алтын болот,
жайы-кышы отурууга жайлуу Үч-Күбөк деген жер ушул» деди. Үч-Күбөк аңга бай,
берекелүү жер экен, сууга барган катындар кундузду челек менен тоголото коюп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 26
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.