Latin

Балдар фольклору - 01

Total number of words is 3686
Total number of unique words is 1871
23.5 of words are in the 2000 most common words
35.0 of words are in the 5000 most common words
41.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кыргыз эли муундан муунга айтылып келе жаткан бешик
ырынан баштап жомок, табышмак, макал-лакап сыяктуу көөнөрбөс
көркөм поэтика аркылуу балдарга таалим-тарбия берип,
илим-билимин, дүйнө таануусун өстүргөн.
Жыйнакка элдик оозеки чыгармачылыктын башаты болгон
бешик ыры, балдар ырлары, жомоктор, табышмак- тар,
макал-лакаптар, жаңылмачтар, калптар, балдар оюндары киргизилди.

 

Басмага Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун
Окумуштуулар Кеңеши тарабынан сунуш кылынган.
Рецензенти — филология илимдеринин кандидаты
КЕҢЕШ КЫРБАШЕВ
Адис редактор – филология илимдеринин
кандидаты САМАР МУСАЕВ
БАШ СӨЗ
Кыргыз элинин жаралуу, өнүгүү тарыхы канчалык терең болсо, анын элдик
оозеки чыгармачылыгы, маданияты да ошончолук көөнө экендиги маалым.
Кыргыз оозеки чыгармачылыгында балдар фольклорунун алган орду,
генетикалык өсүп-өнүгүү жолу, жанрдык өзгөчөлүгү бар. Ошондой болсо да
балдар фольклору атайын бөлүнүп каралып, классификацияланып, жанрдык
өзгөчөлүктөрү тереңдеп изилденген эмес. Изилдөөчүлөр тарабынан тек гана
оозеки чыгармачылыктын алкагында фольклордук чыгармаларды жыйнап, кагаз
бетине түшүрүү, классификациялоо ишинде жалпысынан сөз болуп, иликтенип
жүрөт. Балдар фольклору да элдик оозеки чыгармачылыктын өсүү процессин,
генетикалык закон ченемдүүлүгүн изилдеп, үйрөнүп түшүнүүдө бирден бир
маанилүү булактардан болуп эсептелет. Ар бир фольклордук чыгарма өзүнүн
пайда болуу жана өсүү жолунда ошол элдин дүйнө таануучулук көз карашын,
географиялык аймагын, жашоо шартын, салт-санаасын, улуттук традициясын,
дүйнө таануучулук тажрыйбасын чагылдырат. Кандай гана жанр болбосун
көлөмүнө, чагылдыруу, баяндоо процессинин өзгөчөлүгүнө карабастан, өзүнчө
бир бүтүн ойго, философиялык жыйынтыкка ээ. Фольклордогу бай образдар,
тема, мотивдер, формалар жогорку көркөмдүктө өздөштүрүлүп, жеке жана
коллективдүү чыгармачылыктын татаал диалектикалык биримдигинде пайда
болору анык.
Кыргыз элдик оозеки адабиятын жыйноо, изилдөө боюнча XX кылымдын
20-жылдарынан тартып алгылыктуу иштер жүрө баштайт. Жаңы коомдук
түзүлүштүн шарты менен эл билим алууга умтулуп, руханий байлыгын жыйнап
изилдөөгө, профессионал адабият менен таанышууга жана жеке чыгармалар
жаратууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ал эми алгачкы фольклор
жыйноочулар жана изилдөөчүлөр туурасында бул кырк томдук «Эл адабияты»
сериясынын биринчи томунун баш сөзүндө кеңири маалымат берилген.
Көптөгөн изилдөөлөрдө 1 балдар фольклорунун бардык жанрлары, түрлөрү
изилдөө объектисине алынып, элдик оозеки чыгармачылыктагы орду, салмагы,
тарбиялык мааниси белгиленип жүрөт. Балдар фольклору үйдө, бала бакчада,
мектепте этнопедагогикалык, этнопсихологиялык тарбия берүүнүн негизги
каражаттарынын бири болуп кызмат кылат. Балдар фольклорунун табигый өсүү
генезиси аркылуу балдардын көркөм ой жүгүртүүсүнүн өсүшүн байкоого,
аңдоого болот. Мында сунуш кылынган чыгармалар адам, анын жашоо
тиричилиги, жаратылыш, коом, эмгек, кулк-мүнөз жөнүндөгү түшүнүктөрүн
өстүрүп, тарбиянын бардык элементтерин үйрөтөт.
Жыйнакка киргизилген материалдарды балдар фольклорунун динамикалык
өсүү тартиби менен жайгаштыруу максаты көздөлдү. Балдар фольклорунун
алгачкы баскычы болгон балдар ырлары шарттуу түрдө төмөнкүдөй түрлөргө
бөлүндү.
Ушинский К. Д. «Избранные педагогические произведения» — Баку, 1953.
• Горький М. О детской литературе. М. Детская литература, 1968.
• Богданова М. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Кол жазмалар фондусу.
Инв. № 1292, 247, 780, 1808. (Мындан кийин фонду деп кыскартылат).
• Суразаков С. С. Алтай фольклор-Горно-Алтайск: Алт. Кн. Изд-во. 1975.
• Захид Халил. «Детская литература Азербайджана, М. 1987.
• Мирзоев А. С. Проблемы Азербайджанской детской фольклор. Баку. 1988 ж. б.
I. Балдар ырлары.
1. Бешик ыры.
2. Оюн ырлары: жаш өзгөчөлүгүнө аткарылышына жана маанисине карата
экиге бөлүнөт.
1) а) Майда жаштагы бөбөктөргө арналган оюн ырлар (Сал-сал билек, Тай-тай
балам, Манжалардын оюну ж. б. у. с.)
б) Балдардын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылуучу чымчыкейлер.
в) Айлана-чөйрөнү кабыл алуу, баамдоого карата айтылуучу ырлар.
2) Тестиер балдардын оюн ырлары.
а) Акыйнек айтышуу.
б) Мал-жанга, жаратылыш кубулуштарына арнап чыгарылган балдар ырлары.
в) Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балдар ырлары.
II. Жаңылмачтар.
III. Табышмактар.
IV. Балдар оюндары.
V. Калптар.
VI. Макал-лакаптар.
VII. Жомоктор.
Мында фольклордук чыгармалардын генетикасына, аткарган кызматына
карап, ошондой эле башка жанрлардын бири-бири менен болгон синхрондук
жана диахрондук байланыштарын эске алып, (балдардын жаш өзгөчөлүгүнө
ылайыктап) бардык жанрлардан чыгармалар киргизилди. Бирок, мындан
бардыгы такталып бүттү деген ойду түшүнбөө керек. Илим деген дайыма жаңыча
көз карашты, терең изилдөөнү талап кылуучу, көп кырдуу предмет.
Ааламда кайсы гана эл болбосун төрөлгөн ымыркайга кубанбай, ага
дүйнөдөгү бардык жакшы нерселерди арнабай, жакшы тилек, каалоолорун
айтпай койбойт. Жаңыдан жаралган нерсе үчүн кубануу жаратылыштын
диалектикасы. Кыргыз эли да илгертен эле бала төрөлүп, анын андан ары өсүп
жетилип, тукум улашына чоң маани берген. Ымыркай жаңыдан дүйнөгө келгенде
азан чакырып ат коюу аземин өткөрүп, бала көрүшөт. Баланы бешикке саларда
Өмүрүң узун болсун,
Ден-соолугуң чың болсун!
Өрүшүң толгон малдуу бол,
Кампаң толгон дандуу бол.
Короо толо малдуу бол,
Үйүң толо балалуу бол.
Жайытың толгон мал болсун,
Үйүң толгон уул, кыз болсун,
деп бата беришет.
Бешик ырларынын алгачкы формалары сакталып, ошону менен катар улам
мезгилге жараша өзгөрүлүп, улам жаңыланган түрлөрү да эл арасында айтылып
жүрөт. Булар мүмкүнчүлүктүн болушунча жыйнакка киргизилди.
Кыргыздарда бешикке салуу салты чоң майрам катары өткөрүлөт. Балага
карата бешик ырын ырдап терметишет:
Алдей, алдей, ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей, алдей бөбөгүм.
Алдей бөпөм, ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба.
Атаң тойго кетиптир
Ак кисе 1 толгон эт келет.
Энең тойго кетиптир
Эмчеги толгон сүт келет.
Ыйлаба балам, ыйлаба
Ата-энеңди кыйнаба.
Эл жайлоодон түшө элек,
Алдей, алдей бөбөгүм 2.
Бешик ырлары баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата түзүлгөн балдар
фольклорунун алгачкы формасы болуп эсептелет. Бул жөнөкөй гана түзүлгөн
ырларда эненин балага болгон мээрими, сүйүүсү, ой-тилеги камтылып,
музыкалуу ыргак менен сөздөрү гармониялуу айкалышып баланын угуусун
көнүктүрүп, бейпилдикке бөлөп, мемиретип уктоого шарт түзөт.
Бешик ырлары баланын музыкага болгон белгилүү ченемдеги кабыл алуусун
ойготуп, көркөм табитин өстүрөт. Бешик ырларындагы ар бир куплет же эки сап
ырдан кийин «алдей, алдей, алдей бөбөгүм» деп кайталанган ритмикалык саптар
анын поэтикалык таасирин, эмоциялык маанайын күчөтөт.
Фольклордогу бул жанр бала төрөлгөндө эле аны менен бирге жашап, дүйнө
таануусундагы эң алгачкы көркөм азык болот. Мына ошондуктан фольклор
менен катар классикалык акындар жана азыркы балдар акындары да бешик
ырларынын стилинде өздөрүнүн көптөгөн ырларын жаратып, балдарда бийик
нравалык сапаттардын болуусуна өз салымын кошуп келе жатышат.
Адамдын мүнөзүн эң жакшы билген психолог, тарбия берүүчү педагог бул —
эл. Ал баланын таанып билүүсүн андан ары өнүктүрүү үчүн жеңилден оорго,
жөнөкөйдөн татаалга карай окуусун улантып, байытып жүрүп олтурат. Ошентип
бешик ырларынан кийин балдар эркелетүү ырлары, оюн менен коштолгон
ырлар, акый ырлары, жаңылмачтар, табышмактар, макал-лакаптар, жомоктор
сыяктуу фольклордун башка жанрлары менен тааныша баштайт.
Эркелетүү ырлары бала кичине чоңоюп, сөздүн маанисин түшүнө баштаган
мезгилден баштап колдонулат. Мында баланын колу бутуна кыймыл (көнүгүү)
жасатып, көңүлүн көтөрүп, «Сал, сал билек» ырын ырдашат. Колу буттун
манжаларын кыймылдатып:
Баш бармак
Бадал тырмак.
Кисе — Иран сөзү: кап, мешок, баштык. Курга, кемерге боосунан бекитилген булгары баштыкча.
КИУА, Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Кол жазмалар фондусу. Инв. №
180 (Мындан ары Борбордун фондусу делип кыскартылат).
Ортон оймок
Оюу чөбөк.
Кичине бөбөк.
Баш бармак — башта,
Сөөмөй — көрсөт.
Ортон — мерген
Аты жок — чечен
Чыпалак — бөбөк.
Баш бармак сен малга бар,
Бадал тырмак отун ал.
Ортон оймок от жак,
Оюу чөбөк казан ас.
Кичине бөбөк тамак же 1.
сыяктуу оюн ырларын ырдап, манжаларды ачып-жумуп көнүгүү жасап же ар
бирине кызмат тапшырып, чоңдор менен кичинекейлер бирге аткарып, балдарды
эркелетип көңүлдүү оюндарды ойлоп табышат.
Бала чүчкүргөндө «ак чүч, айран ич, кырга чык, кымыз ич» деп айтышат.
Ошондой эле «Буудай куур, арпа куур» деген оюн бар. Баланын колун жазып,
алакандын ортосуна сөөмөй менен тегеретип:
Буудай куур,
Арпа куур.
Таза эле,
Талканы элге2,
деп, андан ары ийинге карай улам бир жерди басып, «мында мышык, мында
чычкан, чычканга арпа буудайды уурдатпа, «кытыгы, кытыгы» деп баланын
колтугун кытыгылап күлдүрөт.
Баланын буту чыгып, алгач кадам шилтегенде тушоо кесүү аземин өткөрөт.
Тай, тай, тай балам,
Жыгылбастан тур балам.
Тай, тай балам
Таятаңа бар балам.
Тору атын мин балам,
Тай, тай, тай балам,
Чоң атаңа бар балам
Аргымагын мин балам.
Чочубастан бек туруп,
Чуркап кеткин тай балам3.
1,2,3
Изилдөөчүнүн өзү жыйнаган материалдарынан.
Мындан ары да айлана-чөйрөнү аңдап, таанып, көптү билүүгө аракет жасай
баштайт. Ырларды өзү жатка үйрөнүп, өзүнүн түшүнгөнүн чечмелеп, жеке
чыгармачылык фантазиясы өнүгө баштайт. Сүт тиш түшкөндө:
Сүт тишимди ал,
Азуу тишиң бер.
Жаман тишим сен ал,
Жакшы тишиң мага бер, 1 —
деп нанга ороп итке салып берет. Иттин тишиндей бек, катуу тиш чыксын деген
түшүнүктө улуулардын айтуусу менен аткарат.
Балдардын чымчыкей (дразнилки) ырлары адатта балдардын терс
жоруктарына же башка бир кемчиликтерине байланыштуу келип чыгат. Маселен
уурулук кылса
УУРУ, УУРУ, УУРУ.
Уйдун богун жууру.
Таарынчак балдарга карата
Ыйлаак балага карата
Таарынчак, таарынчак,
Тайдын жүгүн артынчаак.
Ыйлаак, ыйлаак,
Иттин жонун тырмаак.
Деген сыяктуу ыр формалары кезигет. Мындай жагдайлар баладан чечендикти,
сөз тапкычтыкты талап кылат. Кээде чымчыкейлер ыр түрүндө эмес, бир эле
сүйлөм менен да берилет. Мисалы «Чөйчөгүн жууп турат», «Баштыгын сыгып
турат». Балдар ырларынын бул чымчыкей түрү эл арасында аз сакталган.
Бала жаратылыштын кубулуштарына көңүл буруп, ой жүгүртөт. Уккандарын
жаттап алып аткарат. Айлана-чөйрөнү кабылдоого, баамдоого өз алдынча
катыша баштайт.
Өткүн, өткүн өтүп кет,
Кара тоого көчүп кет.
Душман үйүн талкала,
Биздин үйдү калкала.
Жаан нөшөрлөп жааганда жаандын суусу чачты өстүрөт деп кыздар чачын жазып,
жаандын алдына туруп:
Жаан, жаан жаай бер,
Менин чачым суулай бер — дешет.
Суур жазында ийинден чыкканда:
Суур жеңе салам айт,

Изилдөөчүнүн өзү жыйнаган материалдарынан.
Салам айтсаң туруп айт.
Легенда боюнча суур байдын келини болгон экен. Ошол легендага ишенип,
балдар чуркурап ырдаганда үнгө карай көңүл буруп, суур эки колун бооруна алып
тура калат. Балдар «мына салам айтты» деп кубанып калышат.
Фольклордук чыгармалар (кайсы гана жанр болбосун) бири-бири менен
тыгыз байланышта болот. Бир жанрдагы мотив, сюжет экинчи бир жанрда
башкача формада жана максатта берилет. Маселен, манжалар жөнүндөгү балдар
ырынын мифтик түрү 1 түрк элдеринде (алтай, тува, казак, казан татарлары,
кыргыз) кезигет.
«Үркөр, үркөр топ жылдыз» деген ырдын түпкү тарыхы байыркы түрк монгол
урууларына кеңири тараган («үркөр», «жетиген») мифтик чыгармага барып
такалат. Бул мифтик чыгарма эл арасында түрдүү вариантта айтылып, балдар
чыгармасына, ырына айланып кеткендей көрүнөт. Ырдын ар түрдүү көлөмдө
айтылган варианттары бар.
Үркөр, үркөр топ жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
— Тоо желимге барамын.
— Тоо желимде эмнең бар?
— Аштык айдар уулум бар.
Жибек созор кызым бар.
Аштык алып нан кылам,
Жибек алып тон кылам,
Аштык алып уулумдан
Азык түлүк камдаймын.
Ашка кардым тойгон соң
Анан айды жандаймын.
Жибек алып кызымдан
Кийим кечек камдаймын.
Анан айды жандаймын 2
Андан ары бала өз алдынча ой жүгүртүүгө ыр тизмектерин, уйкаштыктарды
табууга аракет кылат. Чыгармачылык фантазиясы, эске тутуусу өсө баштайт. Өз
ара жарышып сөз таап, ыр формасындагы куплеттерди түзүүгө жетишет. Ыр
аркылуу мелдешке б. а. акыйнек айтышат. Акыйнек айтышуу баладан
уйкаштырып сөз тапкычтыкты, күлкүлүү, тамашалуу жагдайды орду менен
баяндап, ыр аркылуу бере билүүнү, бир топ чыгармачылык түйшүктү талап
кылат.
Балдар ырларынын акыйнек түрү өзүнүн мааниси боюнча кордоо ырларынын
түрүнө кирет. Бара-бара бул түр өзүнүн алгачкы кордоо маанисин жоготуп,
сатира, юмор тамашалуу түргө өтүп, балдардын фольклоруна айланат. Акый ыр
Г. Н. Потанин. Очерки Северо-Западной Монголии. Вып. IV 1881 г. Караңыз: Б. Кебекова
Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф. 1982. 34-бет.
Ошондо 37-бет; Караңыз: Кол жазмалар фонду. Инв. № 1808, 39-бет, Инв. № 180 а 5-6.
түрүндө болуп көбүнчө кыз балдардын ортосундагы айтышуу формасына өтүп
калган.
Мисалы:
Менин энем сурасаң,
Сыр аякка бал куйган.
Сенин энең сурасам,
Ит аякка кан куйган.
Менин атам сурасаң
Арчалыга жайлаган.
Сенин атаң сурасам
Арпа ташып куураган.
Чериктердин кыздары,
Чепкен бычкан турбайбы?
Челек-челек жарманы
Кептеп ичет турбайбы.
Ашкабакты коон деп,
Союп жеген аркалык
Аттын богун алма деп
Алып жеген аркалык.
Алайга барсаң кой соёт,
Колуңда жилик томпоёт.
Өзгөнгө барсаң гүрүч жейт,
Колуңдун учу чүрүшөт.
Жайылган деген айылдын балдары менен Бостон деген уруунун балдары:
Жайылгандык жалайык,
Жарты нанга ылайык.
Жапкан наны бит экен,
Жайылгандык ит экен.
Бостон, бостон, бостон чал,
Бостон чалга кийиз сал.
Кийиз салбай талпак сал,
Тайгылып өлсүн бостон чал.
Бүгүнкү күндө акыйнектер балдар арасында алгачкы курч, орой, кордоп
айтылган формасынан тамашалуу формага өтүп, сылыгыраак маанайда айтылып
жүрөт.
Ак көйнөгүм бар дейсиң,
Эмнеге аны кийбейсиң?
Бешинчи класста окуп,
Таблицаны билбейсиң.
Аркы бетте тегирмен
Берки бетте тегирмен
Ушул турган Эмирлан
Ашкабакты кемирген.
Сени болсо көп кыздар,
Уйкучу кыз деп жүрөт.
Уй сааганда үргүлөп
Сүтүн төгөт деп күлөт.
Сени болсо айылда
Кой келгенде короого
Чачын жууйт деп жүрөт.
Үй оокатка кош көңүл
Жалкоо кыз экен деп көп күлөт.
Акыйнек ырлары биринчиден балдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүнүн
горизонтун кеңейтет, экинчиден бала жаман, жакшы жоруктарды салыштырып,
өзүн-өзү туура жолго салат. Ошондой эле юморду, тамашаны түшүнүүсүн өстүрөт.
Мындан тышкары канаттуулар («Каркыра», «Турумтай», «Каак, каак
каргалар»), үй айбанаттары («Торпогум», «Тайлак», «Кой»), аалам («Үркөр, үркөр
топ жылдыз») ж. б. темадагы балдар ырлары бар. Ал эми коомдун өнүгүшүнө,
адам баласынын жашоо шартындагы прогресске карата балдар ырларынын
башка жаңы тематикалары пайда болуп, түрдүү коомдук, социалдык, саясий
өзгөрүштөргө, тарыхый окуяларга карата жаралган ырлар арбын кезигет.
Мисалга Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги ырларды алсак болот. Бул
ырлар кат формасында согуштагы атасына, агасына, жалпы согушка кеткен
агаларга, жоокерлерге, же согуш майданынан баласына, кызына, инисине,
карындашына багышталып кат формасында жазылган үндөө, чакырык
стилиндеги ырлар. Мындай патриоттук сезимге сугарылган балдар ырлары
согуш темасындагы ырлардын катарын байытып турат. Согуштан кийин мектеп,
бактылуу балалык, келечекке болгон таттуу ой тилек жөнүндөгү ырлар балдар
арасында айтыла баштайт. Бирок булар фольклорго эмес, жазма адабияттын
нормасына жакын.
Жогоруда балдар ырларынын жанрдык өзгөчөлүгүнө көңүл буруп, анын
түрлөрүн, тематикасын талдап, өз алдынча жанр катары эволюциялык өсүшүн
көрдүк. Балдардын салттык ырлары айлана чөйрөгө, жаратылыш
кубулуштарына, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнө, ал гана эмес коомдогу
тарыхый окуяларга аралашып өз алдынча байкоого, ой жүгүртүүгө түрткү берет.
Алар бара-бара баланын эстетикалык суроо талабын канаттандыруучу
поэтикалык каражат болуп калат.
Кыргыз поэзиясынын антологиясы. (Ф. 1980), «Балдарга арналган элдик
оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнөн» (Түзгөн П. Ирисов. Ф. 1972), «Кыргыз
балдар поэзиясынын антологиясы» (Түзгөн — А. Кыдыров, Д. Сулайманов, Ф.
1987), «Өспүрүмдөр оюндары» (С. Токторбаев, Б. 1991), деген жыйнактарга
балдарга арналган ырлардын айрым үлгүлөрү жарыяланган.
Балдар фольклорунун дагы бир жанры жаңылмачтар. Жаңылмачтар баланы
эрте жашында так жана туура сүйлөөгө үйрөтүүнүн негизги каражаттарынын
бири болуп саналат. Анын жардамы менен бала так сүйлөөгө, сезимталдыкка, өз
алдынча ойлоого, тез реакция кылууга үйрөнөт. Ошондой эле баланын поэзияга
болгон шыгын арттырат. Эске тутуусун бекемдейт. Ой жүгүртүүсүн, акыл-эсин,
көркөм табитин өстүрөт.
Жаңылмачтар бири-бирине жакын, кээде окшош сөздөрдөн туруп, тез-тез
кайталап айтканда, сөздөр сырткы формасы окшош б. а. уйкаш сөздөр менен
эрксизден алмаштырылып айтылып кетет.
Ал аралда да марал,
Бул аралда да марал.
От экен маралга да арал,
Оттосун аралга да марал.
Бир түп тыт,
Бир түп түрп.
Түрп тытты түртөт,
Тыт түрптү түртөт.
Айтууга татаал сөздөрдөн, фразалардан, тыбыштардан курулуп, тез айткан
учурда сөз так айтылбай, башка тамгалар алмашып, тил сынчудай чайналып
айтылат.
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт,
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо,
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой,
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт.
Санак (считалка) ырларынын бир түрү1 болуп эсептелген жаңылмачтар
бардык элдердин фольклорунда кезигет. Жаңылмачтар менен санак ырлары
мааниси жана формасы жагынан өз ара тыгыз байланышта. Ошондуктан кыргыз
балдар фольклорунда санак ырлары өз алдынча бөлүнбөй, жаңылмачтар менен
синтезделип калган.
Бир ак чымчык,
Эки ак чымчык.
Үч ак чымчык,
Төрт ак чымчык...
Беш кашка кой
Бешөө беш башка кой.
Кырк кыл куйрук,
Кырк кызыл куйрук
Кырк кызыл куйрук ичинде
Ылгый кызыл кыл куйрук.
Кээде текст диалог, суроо салуу формасында айтылып, табышмак, жооп
аралашып берилет. Бүткөн бир ойду, жаңылмачтын пайда болуусун түшүндүрүп
тургансыйт.
Сен эмне мага олураясың?
Мирзаев Али Сары оглы. «Проблемы Азербайджанской детской поэзии» Авчфреферат на соиск.
Уч. ст. доктора фил. наук. Баку. 1992.
Олураярыңа олурай!
Бул кайсы арал?
Каргалы арал.
Камыш башын кайрып
Карга уялар.
Ошондой эле жансыз нерселер жандуу болуп, табышмак сыяктанып айтылган
жаңылмачтар кезигет.
Чамгаракта чарт элек,
Чартылдашкан эки элек.
Босогодо эки элек,
Болтулдашкан эки элек.
Мына ушундай ыр түрүндө курулган кыскача чыгармаларды тез, туура айтуу
менен балдар арасында мелдеш болот. Бул жагдай өзүнчө бир тамашалуу,
күлкүлүү оюнга айланат.
Балдар акындары фольклордун бай казынасынан пайдаланып, элдик акыл
эстин жыйындысын негиз кылып көптөгөн жаңылмачтарды жаратышкан. Бул
жанр мектеп программасында кеңири пайдаланылып, окутулуп жүрөт.
Түрк элдеринин фольклорунда анын ичинде кыргыз фольклорунда жаңылмач
жанры бай эмес. Бул элдерде бардык эле дидактикалык жанрлар сыяктуу
жаңылмачтардын да окшош варианттары кезигет. Мисалга элдик оозеки
чыгармачылыгы өтө жакын казактарды айтпаганда да, каракалпак, алтай, өзбек,
азербайжан элдерин алсак болот. Маселен, «Кыл куйрук» деген жаңылмач
азербайжандарда 1 да айтылат. Кыргыз жаңылмачтарын алгач жазып алып,
жарыялаган илимпоздордун бири, профессор А. Н. Самойлович. Ал 1916жылы
«Живой Старине» деген журналга казак, кыргыз жаңылмачтарын жарыялаган.
Андан кийин М. Ф. Гавриловдун «Кыргызские скороговорки» (Ташкент, 1927
г.) деген китепчеси чыгат. Мектеп программасына ылайыкталып Эне тили,
Адабият окуу китептерине киргизилген. Андан кийин «Кыргыз эл
табышмактары, жаңылмачтары, калптары», (Ж. Мукамбаев менен Ж. Таштемиров
түзгөн. Фрунзе, 1971) «Балдарга арналган элдик оозеки чыгармалардын
үлгүлөрүнөн» (түзгөн П. Ирисов, Фрунзе, 1972) деген жыйнактарга айрым
үлгүлөрү басылып, газета-журналдарга азын оолак жарыяланып жүрөт.
Табышмак — элдик оозеки чыгармачылыгынын эң байыркы жана өтө
кеңири тараган, жаратылыш кубулуштарын, заттар менен түшүнүктөрдү
каймана мааниде сыпаттап, жандырмаксыз айтылган кыска поэтикалык
чыгарма. 2
Табышмактар өзүнүн тарыхый өнүгүү доору, турмушту жана кубулушту
камтуу, көркөмдүк тарбиялык мааниси жагынан кыргыз элинин элдик оозеки
чыгармаларынын ичинен эң байыркы жана көп варианттуу жанр болуп
эсептелет. Алар фольклордун жомок, айтыш, макал-ылакап, комуз күүлөрү
сыяктуу жанрлары менен сиңишип тыгыз байланышта экени маалым.
Табышмактар коомдук түзүлүштүн өсүп-өнүгүшүнө, мезгилдин талабына,
адамдардын аң сезиминин өсүшүнө жараша өсүп-өнүгүп, татаалдап жүрүп отурат.
Эльчин Т. «Слова, песни, сказки, колыбельные». Баку. 1969, стр.18
К.Ибраимов, Табышмактар. Ф. 1985 г.
Адам жашоосунда байкалган кубулуштар, окуялар, жаратылыш, андагы
өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, турмуш тиричиликке керектүү нерселер
жөнүндөгү байкоолорунун кыскача жыйынтыгы. Демек, табышмактар адамдын
аң-сезими аркалуу текшерилген реалдуу дүйнө. Табышмактар аркылуу
философиялык ой жүгүртүп, анын жандырмагы аркылуу көп нерседен кабардар
болобуз. Табышмакты айтуудагы, жаратуудагы максат — адамдын ойлоосун,
сезгичтигин, тапкычтыгын, билимин өстүрүү.
Табышмак жанрынын тематикасы өтө бай. Маселен мурда турмуш
тиричиликте күнүгө жолуга турган боз үй, анын эмеректери, мал, жаныбарлар
тамак аш туурасындагы чөйрөсү тарыраак жөнөкөй табышмактар болсо,
бара-бара илим-техниканын өсүп-өнүгүшүнө жараша машина-техника, аалам,
космос, туурасындагы жаңы түшүнүктөр, жаңы буюмдар жөнүндө табышмактар
пайда болуп, анын жанр катары дайыма жаңыланып тематикасы кеңейип өсүп
отурганын көрөбүз.
Кыргыз эл табышмактарын классификациялоодо, жарыялоодо
фольклористтер түрдүү методологияны 1 колдонуп келишкен. Көбүнчө
тематикалык принцип кээде алфавит тартиби менен ошондой эле
табышмактардын окшоштуруу предметине карай классификацияланган
учурлары да кезигет.
Табышмактардын кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын ичинен алган орду,
дүйнө таануучулук ролу, тарбиялык мааниси зор. Табышмактардын фольклордук
жанр катары калыптануусу анын өсүү тарыхына, таралышына, баяндама
сөздөрдүн тактыгы, жандырмактагы предметти туура көрсөтүшү менен тыгыз
байланышта болот.
Бул жанрдын чыгышына өбөлгө түзгөн негизги нерсе — тергөө сөздөрү,
тактап айтканда нерсенин аталышынын ордуна табышмактуу б. а. шарттуу түрдө
колдонулган, купуя маанидеги сөздөр. Мындай законченемдүүлүктөр жөнүндө
белгилүү фольклористтер Г. Л. Пермяков, В. П. Аникин, И. М. Колесницкая, В. В.
Виноградов, Д. К. Зеленин, И. 0. Капицалар өздөрүнүн изилдөөлөрүндө айтышкан.
Табышмактар кыргыз тилинин лексикасын, сөздүк составын окуп үйрөнүүдө
балдардын көркөм фантазиясын өстүрүүдө алардын жашоосунда күн сайын
кездешип туруучу буюм-теримдерди, жан-жаныбарлардын, жаратылыштын
түрдүү кубулуштарын таанып билүүдөгү аң сезимин, ойлоосун өстүрүүчү
дидактикалык материал 2 болот.
Кыргыз үй-бүлөсү илгертен бери эле кыштын узун кечтерин от боюнда
жомок, табышмак жаңылмач айтышып өткөргөн. Айрыкча балдар, кыздар
курбу-курдаштары менен чогулуп алып табышмак айтышуусу көңүл ачуунун
өзүнчө бир түрү болгон.
Табышмактардын тематикасына, мазмунуна, түзүлүшүнө жараша балдар жана
чоңдор үчүн айтылган табышмактар деп бөлүүгө болот. Чоңдор үчүн татаал
«Байгабыл менен Чата кыздын айтышы» 3, «Байгабыл менен Кудачанын
а) Кыргыз эл табышмактары, жаңылмачтары, калптары. Түз: Ж. Мукамбаев, Ж. Таштемиров,
Фрунзе, Мектеп. 1971.
б) Табышмактар. Түз: К. Ибраимов, Фрунзе, Илим, 1985.
в) Т. Абдракунов. Кыргыз эл табышмактары. Автореферат канд. дисс. Фрунзе, 1973.
Т. Абдракунов. «Кыргыз табышмактарын классификациясы», Ала-Тоо. 1972, № 8. 158-160-6.
Фонду. Инв. 260.
айтышы» 1, «Эки ырчынын айтышы» 2, «Жеңижок менен Барпынын айтышы» 3,
«Буурабай менен Ыбырайдын табышмак айтышы» 4, «Талым кыз менен Көбөктүн
айтышы» 5 сыяктуу өзгөчө философиялык терең мааниси бар суроо жооп,
аңгеме-маселе, ыр түрүндөгү табышмактар, табышмактуу айтыштар кирет. Булар
көбүнчө акындар арасында айтылат.
Ал эми балдар үчүн жөнөкөй табышмакталып жаткан нерсенин образын
түрдүү ыкмадан, метафорадан же аталуучу предметтин сырткы көрүнүшүн, ички
касиетин, аткаруучу жумушун, эмнеге колдонула турганын сыпаттаган
баяндамалардан, кыскача сөз түрмөгүнөн курулат.
Токумдай жерге күн тийбейт.
(мүрзөнүн оозу)
Суусу ичилет, коюусу калат.
(чай, чама)
Көбүнчө уйкаш, ритмикалык ыр түрмөктөрүнөн түзүлөт.
Асты таш, үстү таш,
Орто жеринде бышкан аш.
(жаңгак)
Минсең — канат,
Чапсаң -шамал.
Аны сыйлабаган,
Кишилер жаман.
(ат)
Кыргыз эл табышмактарын алгачкылардан болуп башта эскерткендей К.
Мифтаков эл арасынан (Каракол уездинен 1921-жылы), (Нарын уездинен
1922-жылы), (Талас өрөөнүнөн 1923-жылы) жыйнап кол жазмалар фондусуна
өткөргөн. К. Мифтаков табышмактарды эл оозеки чыгармалардын башка түрлөрү
менен бирдикте жыйнаган.
Табышмак жанрына атайын көңүл бурулуп, экспедициялар уюштурулуп,
жыйноо, изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Фольклористтер, изилдөөчүлөр
тарабынан адегенде окуу китептерине (Э. Арабаев Кыргыз алиппеси. Ташкент:
Орто Азия мамлекеттик басмасы, 1924; Т. Байжиев Биздин адабият. Орто
мектептин 5-классы үчүн хрестоматия. Фрунзе. Кыргызмамбас, 1948; 3.
Бектенов, Т. Байжиев. Кыргыз адабияты (фольклор) Орто мектептин 8-классы
үчүн окуу китеби. Фрунзе. Кыргызмамбас, 1948; С. Мусаев, Ж. Таштемиров
Кыргыз адабияты. Орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби. Төртүнчү
басылышы. Фрунзе, 1957); Кыргыз фольклору боюнча атайын жыйнактарга
бөлүм катары (Кыргыздын Советтик фольклору. Түзгөн — А. Тайгүрөңов
Фрунзе: Кыргызмамбас, 1947; Ж. Мукамбаев Башталгыч класстарда элдик
оозеки чыгармачылыкты үйрөтүү жолдору. Фрунзе; Мектеп, 1966;
Фонду. Инв. 413
Фонду. Инв. 1623
3 Барпы. В. 1995
4 Фонду. Инв. 5127 а
5 Фонду. Инв. 1022, 180.
Балдарга арналган элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнөн. Түзгөн — П.
Ирисов. Фрунзе, 1972; Кыргыз акын-жазуучулары балдарга. Түзүүчүлөр — М.
Рахимова, А. Мураталиева Фрунзе; Мектеп 1973. (Мында элдик табышмактар да
камтылган); Жерге-Талдык кыргыздардын эл оозеки чыгармалары. Түзгөн — А.
Токомбаева, Фрунзе: Илим, 1987); Өз алдынча жыйнак катары (Кыргыз эл
табышмактары, жаңылмачтары, калптары (Түзүүчүлөр — Ж. Мукамбаев, Ж.
Таштемиров). Фрунзе: Мектеп, 1971; Табышмактар. Түзгөн — К. Ибраимов.
Фрунзе: Илим, 1985) жыйналып, иреттелип, изилденип, жарыяланып келе жатат.
Мындан тышкары табышмактар боюнча көптөгөн пикирлер, сунуштар,
изилдөөлөр, табылгалар мезгилдүү басма сөз беттерине М. Мураталиев
«Табышмактар жана анын мааниси» (Мугалимдер газетасы, 1962, 5июнь) (Б.
Карабаев Элдик мурастар — элге. (Советтик Кыргызстан, 1972, 20-январь); У.
Мамытов Элдик чыгармалардын жыйнагы. Кыргызстан маданияты, 1972
22-июнь; Т. Абдырахунов Кыргыз табышмактарынын классификациясы.
Ала-Тоо, 1972, № 8; Ж. Токтогазиев Табышмактардын жыйнагы туурасында.
Кыргызстан маданияты, 1972, 7-сентябрь) байма-бай жарыяланып жүрөт.
Фольклордун башка түрлөрү сыяктуу эле кыргыздын улуттук оюндары да
көптөгөн кылымдардан бери эл арасында жашап, ойноонун алгачкы шартын,
эрежесин, мүнөзүн сактап, ошол эле учурда (убакыт өткөн сайын) түрдүү
өзгөрүүлөргө жаңыланууларга дуушар болуп келе жатат.
Улуттук оюндар ар бир элдин тарыхый өнүгүшүнө, жашоо шартына, улуттук
өзгөчөлүгүнө салт санаасына жараша түрдүүчө мүнөздө болот. «Элдик оюндар
элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү» 1. Оюндар адамзаттын көп кылымдык
маданиятын сактап келе жаткан маданий-этнографиялык мурас, элдик тарых.
Оюндарга элдин өткөндөгү жашоосунун калың катмарына сиңген салттык,
традициялык элементтер, улуттук атрибуттар колдонулуп, ар бир оюн бүткөн
бир ойду, максатты түшүндүрөт. Балага акыл жана дене тарбиясын берет. Ар бир
оюндун ойной турган мезгили, орду, көздөгөн максаты, ойноо эрежеси
жыйынтыгы болот.
Кыргыздын улуттук оюндарын шартту түрдө «Салт оюндары», «Ат оюндары»,
«Кыймыл оюндары», «Спорт оюндары» 2 деп бөлүштүрүүгө болот. Мындай
классификациялоо улуттук оюндардын бардык түрлөрүн мүнөзү, формасы
боюнча системага салып, мектеп программасына киргизүүгө ыңгайлуу. Бул жерде
айта кетчү нерсе ат оюндары же ат менен ойнолуучу оюндар шартка жараша
мектептерде ойнолбой жүрөт. Атайын адистештирилген (Конно-спортивная
школа) мектептерде жана улуттук оюндар ойнолгон мелдештерде, майрамдарда
ойнолуп жүргөнү маалым.
Оюндардын да чоңдор жана балдар ойной турган түрлөрү бар. Кыргыз
Илимдер Улуттук Академиясынын Манастаануу жана көркөм маданияттын
улуттук борборунун кол жазмалар фондусунда эл арасынан түрдүү оюндар
жыйналып, жазылып алынган. Мында өзгөчө эмгек А. Тыныбековго тиешелүү.
Бул жыйнакка А. Тыныбеков жазып тапшырган кыргыз улуттук оюндарынын
балдарга ылайыкталган түрлөрүнөн жана башка материалдардан балдар
оюндары тандалып киргизилди.
С. Токторбаев. Өспүрүмдөр оюндары. В. 1991 ж.
С. Токторбаев. Өспүрүмдөр оюндары. В. 1991 ж.
Кыргыз эли жоокер жана көчмөн эл болгондуктан элдин табиятына жараша
улуттук оюндары («Ат чабыш», «Балбан күрөш», «Кыз куумай», «Эр оодарыш»,
«Жөөчабыш», «Тогуз коргоол», «Ордо атышуу», «Кыз оюну», «Уюм тууду»,
«Жоолук таштамай», «Чикит», «Ак терек, көк терек» ж. б.) бар. Ыр менен
коштолгон балдар оюндары өзгөчө кызыктуу. Мисалы «Чикит» оюнунда
Ак бай, ток бай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай
Кадик болгон башка тай
Катуу чапса, чарчаба,
Жеткирбегин башкага
Үстүндөгү жаш бала
Чабандессиң башкача
Жеткирбегин башкага.
Чабалекей чам чуу-у-у-ум.
деп оюнга өзгөчө шаң, салтанаттуулук берип турат. Ошондой эле «Ак терек — көк
терек» балдар оюнунда ырдалчу ырдын бир топ варианттары жолугат:
— Ак терек, көк терек
Бизден сизге ким керек.
— Кетирекей Керимбек
Келсин бизге тезирээк.
— Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек.
— Санитарка жетишпейт,
Салый бизге эң керек.
Бирок, оюндун эрежеси өзгөрүлбөй, алгачкы формасында эле ойнолот.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 02
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.