Latin

Балдар фольклору - 08

Total number of words is 4165
Total number of unique words is 1753
35.1 of words are in the 2000 most common words
47.8 of words are in the 5000 most common words
54.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
деди. Көзгө атар Маамыт, Жейрен секиртпес Маамыт, көл ууртар Маамыт үчөө
бир заматта кырк маралдын этин даяр кылышты. Урумкандын Узун чач кызы,
Чалкуйрук, Төштүк Алпкаракуштун үстүнө отурду. Алпкаракуш алты күндө
айланып жер үстүнө чыкты дейт. «Качан башыңа иш түшсө, мен даяр болом» деп,
кайра тартты.
Ошентип, Төштүк жол тарта берсин, эмки сөз Чоюн кулак алп жөнүндө болсун.
Жер үстүндө киндиги темир, тырмагы жез, Чоюн кулак деген аттуу алп жашаган
экен. Ал адам аттууга тынчтык бербей кордук көрсөткөндөн кийин, бүткүл адам
баласы чогулуп кармап келип, терең орго салыптыр. Чоюн кулак Төштүктүн
дабышын угуп, «мени чыгарып ал» деп жалынып-жалбарат. Төштүктөн аялы:
«Ушуну чыгарба, акыр түбү өзүңө зыян кылат» деди эле: «Мунун колунан эмне
жамандык келет» деп, Төштүк ордон чыгарып алды. Ал дароо тоого чыгып, тоо
кийигин кырып, шиш кебектеп бүт жеди. Ойго түшүп ой кийигин шиш кебектеп
бүт жеди. Тоо суусу менен оозун чайкады, дайра суусун соолто соруп, суусунун
кандырды. Ошентип Чоюн кулак алп Төштүктүн атын токуп, отунун алып, отун
жагып бир топко жүрүп калды.
Бир күнү Төштүк адетинче Чоюн кулакка: «Чалкуйрукту току» деди. Анда
Чоюн кулак: «Төштүктүн атын Чоюн кулак токуйбу, Чоюн кулактын атын Төштүк
токуйбу?» деп, Төштүк менен кармаша кетет. Экөөнүн алышкан жери айры кезең
болду, сүрүшкөн жери сүйрү кезең болду. Акыры Төштүк көтөрүп уруп, башын
таш менен жанча турган болгондо Чоюн кулак: «Мен каруу-күчүм барбы? деп
сизге эркеледим эле өлтүрбөңүз» деп жалынып жалбарганынан аны өлтүрбөй
коё берди.
Чоюн кулак дагы бир топко Төштүктүн атын токуп жүрүп калды. Ошол арада
ой кийигин ойдон кырып, кыр кийигин кырдан кырып, дагы бир топко тамакка
бордонду. Күндөрдүн күнү Төштүк «ат току» деди эле, Чоюн кулак: «Катындын
атын минген кул, катындын тонун кийген кул» деп атын токубады. Экөө дагы
кармаша кетти, кармаш бир аптага созулду. Төштүктүн алы кетип алдырап, шайы
кетип шалдырап турду. Акыркы баардык күчүн жыйнап туруп, таш менен башын
талкалап өлтүрдү да, андан ары жол тартты.
Төштүк ыкчамдай бастырып жүрүп олтурса бир төө качып келе жатат. Төө
Төштүктүн жанына келип ботолоп жиберет. Төштүк төөгө айланчыктап туруп
калды эле, артынан бир кызыл тору келинчек жете келди. Келиндин жөн-жайын
сурады, келин: «Ушул ингендин ботолобогонуна быйыл жети жыл болду эле,
кудайдын буйругу менен бүгүн ботолоп отурат. Жети жыл мурун желмогуз
азгырып жер алдына түшүп кеткен Төштүгүмдүн келерине жакын калганбы, же
өлөрүнө жакын калганбы, сизге жол болсун, жолоочум, кайдан келе жатасың?»
дейт. Төштүк «жер астынан чыктым» деди эле, келин: «Жер алдынан чыксаңыз,
жети жыл мурун кеткен Төштүгүмдү көрдүңбү?» деп сурады. Анда Төштүк
сынамак болуп: «Өзүм көргөнүм жок, бирок Урумкандын шаарында уй кайтарып
жүрөт деп укканым бар эле» деди.
Келин: «Жолоочум, бул сөзүңдү адам угар кеп эмес, Төштүгүм оңой эр эмес, уй
кайтарса, башка киши кайтаргандыр, менин Төштүгүм уй кайтарбайт:
Чаалыган боз ат болбосо,
Чалкуйругум дээр элем,
Агала сакал болбосоң,
Алп Төштүгүм дээр элем.
деп тайлакты өңөрүп, төөнү жетелеп алып, Кенжеке үйүн көздөй кетмек болду.
Келин менен кошо Төштүк да жөнөдү. «Үйүңөр кайсы?» деди эле, жепирейген
сегиз чоң алачыкты көрсөттү. Төштүк барып, «атамдын үйү го деп болжолдоп,
жепирейген кара алачыкка түшүп калды».
Кечинде Кенжеке Чаар ингенди саап, бир казан ууз бышырды да бардык
кишиге бир аяктан берип:
«Төштүктүн арбагына да бир аяк ууз атап койгулачы» деди. Кайын атасы:
«Кайдагы устуканы упат, сөөгү сөпөт болгон Төштүккө ата дейсиң» деп,
жактырбай койду. Анда Төштүк: «Ээ ата, Төштүгүңдүн кандай белгиси бар эле?»
деп сурады. Абышка: «Баламдын эки далысынын ортосунда алакандын отундай
кызыл меңи бар эле» деди. «Анда ошол Төштүгүң мен болом!» дегенде сегиз
агасы, сегиз жеңеси, абышка кемпир баарысы Төштүктү басып жыгылып калды.
Аңгыча Кенжекеге толгоо кирди. Жети күн дегенде эркек бала төрөдү. Мал союп,
той берип, баланын атын Жоодарбешим койду. Төштүк азып-тонгон кыпчак элин
жыйнап, үзүлгөнүн улап, бузулганын курап, жатып калды.
ЖООДАРБЕШИМ
Илгери-илгери Кебез-Тоонун кең жайлоосунда ажыдаар менен арбашкан,
желмогуз менен кармашкан, ааламдын жүзүн кыдырган Төштүк деген баатыр
болгон экен. Ал сакалы агарып карыганча балалуу болбоптур.
Төштүк: «Ушул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе, ким калкалайт жеримди калың
кыпчак элимди» деп кайгыланып жүргөндө, байбичеси Кенжекенин боюна бүтүп,
жолборстун этине талгак болуп, маңдайында калы бар, арстандай жалы бар,
күмүш көкүлдүү бала төрөйт экен. Төштүктүн сүйүнүчү койнуна батпай, бүт
кыргызды чакырып, тоюна токсон союп, баласынын атын Жоодарбешим коет
экен.
Жоодарбешим беш айында каз туруп, алты айында басат экен. Ошондо атасы:
«Балама көз тийип калбасын» деп, Жоодарбешимди тогуз жашар болгончо ээн
жерге бактырат экен.
Жоодарбешим тогуз жашар болгондо атасы эр кийимин кийгизип, Кылкара
деген атын мингизип, жоонун жайын үйрөтө баштайт экен.
Күн өтөт, ай өтөт, жылдар өтөт. Жоодарбешимдин балтыр эти толуп, атасын
тарткан тоодой баатыр болот экен. Бир күнү атасы Жоодарбешимди мергендикке
алып чыгып, ак аркар атып, бөкөн кууп жүрүп: «Балам мен сага бир сыр айтайын»
дейт экен. Жоодарбешим: «Ал эмне сыр? Айткын ата»,— десе, Төштүк: «Ушул
жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп нечен дайра, нечен көлдөн өтүп, бир алтын
булакка келесиң. Ошол алтын булактан алтын баштуу Ак аркар суу ичет. Мен
дагы атайын издеп барып Ак аркарды кармай албай келгем. Ошол Ак аркарды
атып келип берсең, бул дүйнөдө ыраазымын» дейт экен.
Ошондо Жоодарбешим: «Ай жылдан жол бассам да, сага Ак аркарды алып
келип беремин» деп, үйүнө келип, жолго даярдана баштайт.
Энеси Кенжеке: «Быйылча токтой туруп, келерки жылы бар. Алыскы жолго
аттана турган убагың боло элек» десе, Жоодарбешим: «Мен ит көйнөгүм мойнума
иле түшкөн баламын. Мен аруу тонум жонума кие түшкөн баламын. Мен атам алп
Төштүктүн казабына калбаймын» деп болбой коет.
Ошондо Кенжеке көл башындай ак баштыкты уулуна берип:
— Балам, ушул жерден күн чыгышты көздөй жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң,
Оң оюл деген жер келет, он периште тең келет. Андан кантип өтөсүң? — деди.
— Анын онун он жерге чаап таштайм — деди Жоодарбешим.
— «Андан эптеп өтөм» деди Жоодарбешим.
Кайгылуу деген жер келет, Кырк жарактуу тең келет. Мындан кантип өтөсүң
балам? — деди энеси.
— Анын кыркын кырк жерге кыйрата чабамын. Андан эптеп өтөмүн энеке, —
деди Жоодарбешим.
— Эчен дайра суу келет, эчен кабат тоо келет, чытырман токой чер келет,
андан кантип өтөсүң? — деди энеси.
— Аны бир чагым кууну коюп өтөмүн — деди Жоодарбешим.
— Балам, андан ары сен барсаң, тогуз жолдун тоому бар. Андан ары сен
барсаң, бир боз дөбө турат. Ошого барсаң, таятаңдын боз ордосу бар. Алачыктай
кызыл кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик
кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит, кулун салып
турат. Таенең: — «Балам, сен кимдин баласысың, бат айтчы» деп сурайт. Анда:
«Суусап келген балага, суусун берип туруп кеп сурагың де. Бир чоң кесе кымыз
берет. Ошону ичкенден кийин: «Мен Кенжекенин ботосу, Төштүктүн баласы
Жоодарбешиммин де. Анда үчөө басып жатып калат. Токмок жалдуу боз айгырды
минип жигит сүйүнчүгө чабат. Орусканды ээрчитип жигит келет. Айтылуу
Алтын-Булактагы Ак аркарга аттанып бара жатканыңды айткын. Ошондо таятаң:
«Төштүк дагы курусун, Кенжеке дагы курусун, балага кийим камдабайт,
жарак-жабдык, ээр токум камдабайт» деп, жоого кийчү жарак-жабдык, ээр берет.
Ал ээрди албагын. Атамда капталы алтын, кашы күмүш, Төштүк мага күйөөлөп
барганда, сурап калган ээр бар, ошону сурасаң бербейт. Өзүң кирип эле: «Өзүмдүн
ээримди өзүмдөн аяйсыңбы? » деп алып чыгып аны токуп ал. Эми сени
Кылкарага тапшырдым, Кылкара экөөңдү бир кудайга тапшырдым» деп Кенжеке
оң батасын берип, Жоодарбешимди оң жолго салып жиберди.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, баягы энеси айткан эчен дайра
суу, эчен кабат тоону ашып, Боз-Дөбө деген жерге келет. Келсе, баягы Кенжеке
айткан кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик
кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит кулун салып
турат. Жоодарбешимдин ким экенин билгенден кийин баягы кызыл тору жаш
жигит Орусканга сүйүнчүгө чапты. Таятасы келип Жоодарбешимди басып
жыгылат.
Жай сурашып далай отургандан кийин, Жоодарбешим айтылуу
Алтын-Булакка бара жатканын айтат.
Ошондо Орускандын кемпири көзүнүн жашын көл кылып; «Ээ абышка,
Төштүк менен Кенжеке курусун, ушундай дагы жибереби, же жоого жарай турган
жарак жабдыгы жок, же ээри жок? деди.
Эми Орускан кишилерин жиберип, акбула алдырды. Уз кыздардан,
келиндерден алып келип, акбуланы эритип алды.
Мергенчилерин «Тоо текенин мүйүзүн алып келгиле» деп буюрду. Ошентип
Орускан мергенчилерге тоо текенин мүйүзүн алдырып келип чеберлерин бүт
жыйнап, алтын жаак, сыр жебе жасатты.
Алтымыш текемин терисин малмага малдырып, кандагай жасатты. Алты
аяктуу ала атын токуп, Жоодарбешимди мингизип: «Эми балам сен калкагардын
как ыргайын алып кел» деп жумшады. Бала баягы жерге барып, атка артынып
алып келди. Баягыны уста ийрип, ак олпок жасады. Жоодарбешимдин бардык
жарак-жабдыгы бүттү.
Ошондо Орускан жети аяктуу жээрде атты токутуп: «Эми балам, жолуң
шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!» деп батасын берди. Анда Жоодарбешим:
«Таята, Төштүк атам энеме күйөөлөп келгенде, сага капталы алтын, кашы күмүш
ээр берген экен. Ошо ээриңдин күчүн берип тур» деди эле, таятасы берген жок.
Жоодарбешим: «Өз ээримди өзүмөн аяйсыңбы?» деп үйдөн алып чыгып
Кылкарага токуп алды.
Желенин башындагы Кылкаранын башына жүгөн салганда кунан болду,
жонуна тердик салганда, бышты болду Кылкара, куюшкан салганда куру ат
болду. Олоң тартканда опол тоодой ат болду.
Чыбаш баскан куйругу
Жан жибектей созулду.
Чүрүшүп калган туягы
Айтабактай жазылды.
Кемпир-чал балага оң батасын берип узатып чыгышты. Балдар жарлап карап
турушту. Баланын карааны жоголгондо, үйгө киришти.
Ошентип жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде, Кылкара бугудай
мойнун буруп, Жоодарбешимге кайрылып:
Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Энөө баатыр экенсиң
Мен билгенди билдиңби,
Мен туйганды туйдуңбу?
деди анда Жоодарбешим: «Мен эчтекени билген жокмун, батыраак айтчы
Кылкарам!» деди.
Кылкара: «Кайнардын Кара-Көлүнө ара күндүк жол калды. Ошол жерде
жандан ашкан Жанаалы деген дөө бар. Анын Куу кулан деген аты, куу жебе деген
жаасы бар. Ал аңгыча канды өлтүрүп, Аксаамай деген кызын тартып алган. Ошол
Аксаамай сени түшүндө көрүп, сүйүп калган экен. «Эми Жоодарым келет» деп
сени күтүп жүргөн кези. Жанаалы дөөнү өлтүрсөң, сага кудай бергени. Аны
өлтүрө албасаң, сен үйүңдү көрбөйсүң, мен үйрүмдү көрбөймүн» деди...
Андан ары аттанып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жоодарбешим баягы
Жанаалынын айлына жакындап калган кези экен. Ошондо Жанаалы аялына:
«Куюккан кула талаада карга десем, кагындай кагын десем, каакымдай канаттуу
десем, аяктуудай бир нерсе көрүнөт» деди. Аңгыча Жоодарбешим да жетип
келди. Жоодарбешим Жанаалы менен бир нече күн бир нече түн күрөшүп, дөөнүн
башын кыя чапты. Аксаамайды өзү никелеп алып, андан ары Ак аркардын сары
изине түшүп, саргара кууп жөнөйт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Кылкара: Ак аркар булак
суулап, күмүш күнгөй оттоп, Чаар-Арчанын башында жатат. Бутуңду чечип,
байпакчан болуп жанына өңүп бар! Менин ооздугумду чыгарып отко кое бер,
суулугумду чыгарып сууга кое бер!» деди. Жоодарбешим шашып Кылкараны кесе
байлап, кең тушап салат.
Ал Чаар-Арчанын башына келип, шыкаалап туруп жааны чоюп бир кезде
тартып жиберди эле, аркардын башын жаа үзүп кетет. Аркардын башын алып,
Кылкарага жакындап келгенде, асмандан бир кара неме Жоодарбешимди эңип
кетет. Көрсө бул Жоодарга ашык болуп жүргөн Нуркандын кызы Нурпери экен.
Нурпери Жоодарды үйүнө алып барып, жатып калат.
Күндөн күн өтөт, айдан ай өтөт. Ошентип жыл маалы болгондо бир күнү
Нурпери: «Жоодарбешим, сенин бир күйүмдүү нерсең бар беле, ошонун
периштеси келип, мени тебелеп жаман кылды» дейт.
Ошондо Жоодарбешимдин эсине Кылкара түшөт да:
Алаканын шак коюп,
Артын жерге так коюп,
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып,
Ичкен тамагын кайта кусуп, бүк түшүп жатып калат. Нурпери: «Эми сен,
Кылкараны алып кел!» деп, Жоодарбешимди Кылкарага жиберет. Жоодарбешим
келсе, баягы атынын ордуна бир тери жатат. Көрсө, Кылкара ошол экен.
Өлбөс-өлбөс жаны бар экен. Кылкара Жоодарбешимди таанып:
Айтсам тилим албаган
Аңкоого башым не коштум.
Сүйлөсөм тилим албаган,
Шүмшүккө башым не коштум?
«Ооздугумду чыгарып, эми мени отко коё бер! Суулугумду чыгарып сууга коё
бер» деди.
Жоодарбешим Кылкаранын ээрин алганда териси куюшкан менен кошо кетет.
Ошондо Кылкара: Эми мен үч жыл оттоюн, үч жылсыз келбе» деп, Жоодарбешимди кайра Нурпериге жиберет. Жоодарбешим Нуркандын элинде дагы үч
жыл жашайт. Бир күнү Нуркан кызына чоң той берип, аткармакчы болот да, отуз
күнү ойнотту, тогуз күнү тойлотту. Ошондо Кылкара өзү келет.
Нуркан алтын өргөө, ар шайманды элүү төөгө жүктөтүп, алтын жамбы, ак
күмүштү атан төөгө арттырып Асмайыл жана Ысмайыл деген эки жигитти кошуп,
Нурпери менен Жоодарбешимди жөнөтөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жыламыштын тоосуна келгенде Нурпери менен
Жоодарбешим эс алмак болушуп, ак өргөө көтөрүшөт. Ак өргөө көтөртүп, алты
күн конгондон кийин бир күнү Жоодарбешим менен Нурпери сейилдеп токойго
чыгып кетишет. Алар токойдо жүргөндө баягы Асмайыл менен Ысмайыл:
«Экөөбүз уу коргошундан өлбөгөндөй жеп алып, ооруп калдык деп жатып
калалык. Жоодарбешим менен Нурпери кандай дары берсе да, «Эски оорубуз
кармап калды. Биз айыксак Гүлгаакынын гүлүнөн гана айыгабыз» деп жата
берели. Ит Ичпестин көлүнө барган киши келчү эмес. Жоодарбешим барса
келбейт. Ошентип Нурпери бизге калат» деп акылдашышат.
Жоодарбешим менен Нурпери келсе, Асмайыл менен Ысмайыл ооруп онтолоп
чыдай албай жатат. «Эмне болдуңар» десе: «Биздин эски оорубуз кармап
калыптыр. Эч кандай дары жардам бербейт. Бир жардам болсо, Гүлгаакынын гүлү
дары болот» деп ого бетер онтолошот.
Ошондо Жоодарбешим Кылкараны токунуп, Кынсыз кылыч байланып алтын
жаак сыр жебени акырекке илип Гүлгаакынын гүлүнө жөнөйт.
Жоодарбешим эчен белес тоо, эчки жүрбөс зоо, адам зат келип көрбөс жер
менен жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир эле жер жайнаган мыкка жолугат. Андан
Кылкара бутун мыкка тийгизбей өтүп кетет.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир желмогуз кемпирге жолугат.
Ал: «Жут ийрегим, жут карт ийрегим, карт» деп Жоодарбешимди жутканда
кекиртегине токтоп калат. Ошондо кемпир: «Сен кекиртегиме токтоп калдың,
менин бир жакынымсың го» деп сурады эле, Жоодарбешим: «Мен Төштүктүн
баласы, Кенжекенин ботосумун» деди. Кемпир: «Кенжеке менен мен карын бөлө
элем» деп кайта кусуп алды. «Гүлгаакынын гүлүнө бара жаткандардын жолун
тоскон элем. Ушуга чейин эч кимди өткөргөн эмесмин. Ал жерге барган кайтпайт.
Менин тилим алсаң кайт!» дейт. Жоодарбешим болбой жөнөп кетет.
Жоодарбешимдин кеткенине кыйла күн болгондо, Асмайыл менен Ысмайыл
Нурпериге «сени алабыз» дешет. Ошондо Нурпери: «Мен экөөңө тең тиймек
белем, бириңди бириң өлтүр, тирүү калганыңа тием, сен мынабу кудукка түшүп
жуун! Сен тарт дегенде тартып алам» деди.
Ысмайыл сууга киргенде Нурпери көтөрмөнү кыркып жиберип, Ысмайылды
өлтүрөт.
Эми сөздү баягы Кылкарадан баштайлы. Бир күнү Кылкара: «Эми
Гүлгаакынын гүлүнө жакын келдик. Эртең түшкө жакын жетебиз. Гүлгаакынын
үч кызы бар, алар көлгө түшүп тамаша кылышат. Сууга түшөөрдө кептерин алып
коюшат. Ошол учурда мен кырк канатымды жайып боз коёндой жапыз болуп,
аткан октой жетем, сен боз карчыгадан илгир болуп кептерин иле көр! Сен
жөнөгөндө төөдөй таш төкүрөңдөп, уйдай таш утураңдап, жылкыдай таш
жылмаңдап, койдой таш кодураңдап, куушат. Кызыл жалын өрт да кууйт, ошондо
артыңа караба! Атаң Төштүк да «кайрыл балам, кайрыл» дейт, мен канатымды
жайып качам, энең таятаң — баары «кайрыл!» дейт. Ошондо да караба. Ак
көгүчкөн учуп алдыңа чыгып, колдорун маңдайыңа тийгизет, шерт ошол, ошондо
гана токто, көгүчкөндүн кебин бер. Алар кебин кийип, гүлдү алып келип берет!»
дейт.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эртеси түшкө жакын баягы
Кылкара айткан жерге келет. Келсе, Гүлгаакынын үч кызы кийимдерин чечип
коюп, сууга түшүп жатышыптыр. Кылкара коендой жапыз болуп Жоодарбешим
боз карчыгадан илгир болуп, кыздардын киймин илип жөнөдү. Жоодарбешимди
уйдай таш утураңдап, койдой таш кодураңдап кууйт. Жоодарбешим эч
кайрылбайт. Ак көгүчкөн учуп алдына чыгып, колдорун маңдайына тийгизгенде
гана Жоодарбешим токтоп, көгүчкөндүн кебин берет. Алар кебин кийип алып,
баягы гүлдү Жоодарбешимге алып келип беришет. Гүлгаакынын гүлү кышында
соолубас, жыты аңкыган, көркү адамды таң калтырган гүл экен.
Жоодарбешим, Гүлгаакынын гүлүн алып келсе, баягы эки жигит жок. «Булар
кайда кетишкен?» деп сураса, Нурпери:
Асмайыл менен Ысмайыл,
Адамдан ашкан куу экен.
Акылын эч ким билбеген.
Ашып түшкөн шум экен.
Асмайыл менен Ысмайыл,
Кыял менен ооруптур,
Көңүлүн тетир буруптур,
Көрүнөө амал кылыптыр.
Ит Ичпестин көлүнө барган кайра келбесин билип, сени жиберишкен экен»
деп болгон окуяны айтып берет.
Ошондо айлап, жылдап жүрүп отуруп Жоодарбешим Нурпери менен
ата-энесине келсе, Чоюндун уулу Темир алп чоң бүлүктү салып айлын чаап,
атасын орго салып койгон экен.
Жоодарбешим Темир алп менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, акыры
жеңет.
Ошентип, Жоодарбешим элине хан болуп, ата-энеси, аялы менен жыргап
жатып калган экен.
АЛНАЗАР БАКЫ
Илгери-илгери Жаныбек хан деген хан бар экен. Анын сегиз уулу болуптур.
Сегиз уулунун алды агала сакал болгончо катын алып берген эмес экен. Байдын
сегиз уулу чогулуп үч күнү кеңеш кылып: «Атабызга катын алып бер деп кантип
айттырабыз?» дейт экен. Алар ары ойлонуп, бери ойлонуп Алназар Бакыны
алдырат экен. Алназар Бакы келип: «Мени эмне үчүн чакырдыңар?» десе, алар:
«Биз бир энеден сегиз экенбиз, алдыбыз ак ала сакал, артыбыз кара сакал
болуптурбуз. Сен бир энеден жалгыз экенсиң. Кер мурут болупсуң. Ушул убакка
чейин бирөөбүздүн да катыныбыз жок. Бир жака барсак «Жаныбек байдын сегиз
аңгиси» келе жатат деп жаман аттуу болдук. Атабызга катын алып бер деп кантип
айттырарды билбей, сени чакырдык» дешет. «Силер айыл-айылды кыдырып, кыз
карай берсеңер, атаңарга бир теңтушу кеп айтар, анан силерди эсине алып катын
алып берер» деп, Алназар Бакы кеңеш берген экен.
Сегиз ага-иниси айткандай кыз издейт экен. Байдын теңтушу келип
балдарынын кыз издеп жүргөнүн айтат. Ошондо Жаныбек хан: «Атаганат, мен
эмнени унуттум десем, балдарыма катын алып бербей унуткан экенмин» деп,
санын бир чапкан экен.
Хан: «Сегизине сегиз жерден кайындап, башка-башка кыз алып бергиче
өмүрүм өтүп кетер, андан көрө сегизине бир жерден кыз алып берейин» деп кыз
издеп жөнөйт экен.
Бай төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып, сегиз кыздуу киши издеп таппай кечке
маал бөлгөндө бир байдын үйүнө келип отуруп, эки жакты караса керегенин
башында жети сөйкө илинип турганын көрүп, «атаа бир балама жетпей калды»,
деп, оң карап ыйлап, сол карап күлгөн экен. Ошондо байдын байбичеси көрүп:
«Атаа, оозуңа кап толгур, айт жөнүңдү эмне ыйлайсың?» деп ханды жакасынан
кармап туруп, эки жаакка эки чабат.
«Атаа, байбиче сегиз уулум бар эле. Керегенин башындагы жети сөйкөнү
көрүп, ыйлаганым да, күлгөнүм да ушул эле» дейт экен.
Анда байбиче: «Оозуңа кара кан толгур, менин тогуз кызым бар. Экөөсү
сөйкөнү салбай кеткен тура» дейт экен. Кан токолунун баласы Алназар Бакыны
унутуп калган экен: «Атаа, байбиче, менин да тогуз уулум бар эле» дейт экен.
Бай: «Мен кыздарымдын калыңына мал албаймын, эшигимдин алдына бир
май көл, бир сүт көл орнот. Биринин чабагы бирине ыргып түшсүн, бир алтын
терек, бир күмүш терек орнот. Биринин булбулу сайрап, бирине конуп турсун.
Көчүгүмдү коюп отургудай алтын так болсун. Эшигимдин алдынан өзөн суу агыз.
Өйүз-бүйүзүмө мамы тизилсин. Ошону тегиз жериме жеткирсең, кыздарымды ал»
деди.
Жаныбек хан үйүнө кетип баратып: «Май көл, сүт көлдү орнотсом, чабакты
кайдан табам? Теректи орнотсом, булбулду кайдан табам. Өзөн сууну бурдурсам,
мамыны кайдан тиздирип бүтүрөм?» деп Жаныбек хан үйүнө кайгыланып түштү.
Ошол учурда Алназар Бакы уктап жаткан экен. «Тур Алназар Бакы, жанындагы
жүгөндү алып, атаңдын кашка жоргосун кармап минип, ары-бери чапкылап, кара
сууга чөмүлтүп барып, атаңа салам бер. Ар жакка карап кетет. Ар жагынан салам
бер, бер жакка карап кетет. Бер жагынан салам берсең, ал: «кысталактын башын
ал!» дейт.
«Таксыр, арыз» дегиң. «Айт» дейт. «Кайгырып келген ишиңди мага бериңиз.
Үч күнгө чейин бүтүрөмүн» деп түшүндө аян берет экен.
Алназар Бакы түшүнөн ойгонуп тура калса, жанында бир жүгөн жатат.
Жүгөндү алып, жүгүрүп барып, атасынын кашка жоргосун кармап терге
чөмүлтүп, атасына барып, салам берсе, атасы ары карап кетет экен. Бер жагынан
барып салам берсе, «кысталактын башын ал!» дейт. Аны укканда Алназар Бакы:
«Таксыр арыз» дейт экен. «Айт арызыңды» десе, «ушу кыжалат кылып аткан
ишти мага берсең үч күндө бүтүрөмүн» дейт экен. «Бүтүрбөсөң башыңды
аламын!» деп Жаныбек хан уруксат берет.
Бала үч күнгө чейин бир кетмен топурак чаппай: «Мага чын көрүндүңбү, калп
көрүндүңбү?» деп үчүнчү күндө баягы дөңгө чыгып уктап жатса: «Тур Алназар
Бакы! Атаңдын көк өгүзүнүн бир көзүн чукуп, сүт көл бол деп ыргыт, бир мүйүзүн
алтын терек бол деп ыргыт, бир мүйүзүн чынар терек бол деп ыргыт, биринин
булбулу бирине консун деп ыргыт, ичегисин үйүн айланган алтын болсун деп
ыргыт, тогуз кашык канын көчүк коюп отургандай сокудай алтын болсун деп
ыргыт. Жанындагы куу таякты алып, чуу деп жүрүп отур. Эки жагыңа караба,
тизилген мамыны санаба, өзөн суу агып, өйүз-бүйүзгө мамы тизилет» деп дагы
түшүндө аян берет. Бала ойгонуп түшүндө көргөндөрүн аткарат. Баары
бүткөндөн кийин бай: «Баары бүттү. Келиндерин алып алсын» деп Жаныбек
ханга киши жиберет. Жаныбек хан сегиз уулун ээрчитип, Алназар Бакыны дагы
унутуп таштайт экен. Мындай чыгып эстеп: «Бардык баламдын башы, толгон
балам толугу, ушул ишти бүтүргөн. Алназар Бакыга өзүм барбасам келбес» деп
үйүнө келет. «Алназар Бакы кайда? » деп энесинен сураса: Бая эле атам менен
барам деп кетип калган» дейт экен. Атасы үйүнө барып караса Алназар Бакы
тактысына минип отурган экен. «Балам жүрбөйсүңбү?» десе, «сен да кетсең, мен
да кетсем, мында сиздин тактыңыз куру калабы? Балдарыңыздын улуусу
улуусун, кичүүсү кичүүсүн алар, мага кенже кызы Кенжекени берет. Кайнатам
мага кара болот өгөөсүн берет. Ошону мага сактап алып келип бериңиз. Кайта
келе жатканда көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган бир булагы бар.
Ошого конбоңуз!» дейт экен Алназар Бакы.
Жаныбек хан кудасына барып, отуз күн ойнотуп, кырк күн кыңшылатып
байдын кыздарын алат экен. Кудасы улуу кызын улуусуна, кичүү кызын
кичүүсүнө, кенже кызын, Кенжекени Алназар Бакыга берет экен.
Жаныбек хан келиндерин алып, кайта үйүнө келе жатканда баягы баласы
айткан көлөкөсү көйкөлгөн, көк шибери жайкалган булакка келет экен. Ошондо
Кенжеке: «Ушул жер жин пери ойногон жер экен, атам конбосун» дейт экен.
Баягы сегиз уулу: «Как баш келинин ээрчитип кете берсин, атка жайлуу жер экен
түшөбүз» деп түшүп калышат.
Эртең менен балдары келиндери уктап жатканда Жаныбек хан «аттарды
сугарып келейин деп, сууга барат. Аттарын сууга айдап келсе сууда казандай өпкө
калкып турган экен. Аттары кошкурук атып, суу ичпей үркөт экен. «Ай жылас
болгон жылкычылар жылкынын баарын союп өпкөсүн сууга таштап жиберген
экен го» деп, атынан түшө калып, өпкөнү суудан алып ыргытайын дегенде, жети
баштуу жез кемпир тура калып, байды чап билектен алып көмөрүп уруп,
көөдөнгө минип: «Ай как баш, мага эмне бересиң? дегенде: «Өрүш толгон
жылкым бар, муну берейин» деди. «Ай как баш, сен өлгөндөн кийин ал жылкылар
меники эмей кимдики» деп дагы желип койду эле, Жаныбек өлүп кете жаздап;
«Дүнүйө толгон төөм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин
меники эмей кимдики?» деп дагы желип-желип койду. Акылынан шашкан бай:
«Короо толгон коюм бар, муну берейин» деди. «Ай как баш сен өлгөндөн кийин
меники эмей кимдики?» «Үңкүр толгон үйүм бар, муну берейин». «Ай как баш, сен
өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?»
— Сегиз уулум, сегиз келинимди берейин.
— Ай как баш сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?
Өлөрүнө көзү жетип, акыры айласы кетип: «Бардык баламдын башы, толгон
балам толугу, Алназар Бакымды берейин» — деди Жаныбек хан. «Ай курган чал,
бая эле ушуну айтпайсыңбы?» деди желмогуз кемпир. «Алназар Бакыны мага
кантип бересиң?» десе, анда Жаныбек хан: «Кайнатасы берген кара болот өгөөсү
бар эле, ушуну эптеп алып, түп тулганын түбүнө жөлөп кетейин. Андан аркысын
өзүң эптеп аларсың» деди.
Жаныбек хан аттарын айдап барып: «Балам, өгөөнү алып таштачы, ат
кургурдун бутуна чөңөр кириптир» десе келини ары карап ыйлап, бери карап
күлүп, өгөөнү алып таштады.
Бай балдарын жөнөтүп өзү атынын бутундагы чөңөрүн алып, өгөөнү түп
тулганын түбүнө жөлөп коюп, үйүнө барып жатты.
Кенжеке үйүнө барып түшкөндөн кийин Алназар Бакы Кенжекеден «Кайнатам
берген кара болот өгөө кана?» деп сураса, Кенжеке өгөөнү атаң алды» дейт.
Алназар Бакы атасына барып: «Ата менин кайнатам берген кара болот өгөөм
кайда?» десе: «Алда эсиң алгыр ай! Аты кургурдун бутуна чөңөр кирип, ошону
өгөп алып туруп, түп тулганын түбүнө жөлөп койдум эле, унутуп калган экем да»
деди.
Алназар Бакы ошондон кийин үйүнө келип, жөнөмөк болгондо келинчеги
Кенжеке: «Бүгүн жатып, эртең барарсың» деп токтотуп, ал күнү жатып, эртесине
өгөө калган журтка жөнөдү. Барса, таш тулганын түбүндө шилби шыйрак, шиш
аяк, түлкү тумшук, бөрү көз бир жадыгер кемпир отурат.
— Ассалоом алейкум, энекеш! деди.
— А-алейкум ассалам, балакеш! Балам, саламың болбосо саргартар элем ээ!
— Энеке алигиң болбосо алсыратар элем ээ.
— Эмне келдиң балам?
— Өгөөм калыптыр* эне, өгөөгө келдим эле.
— Эй, балам өгөөңдү мен алып калгамын. Сени бир жумушка жумшайын —
деди.
— Ээ эне атым жок, тонум жок, жарак-жабдыгым жок. Сенин ишиңе кайдан
жараймын? Жутуучу болсоң жут. Жутпасаң өгөөмдү бер!
— Атаа балам, сени жутпайт элем. Сен ушул ишиме жарайт элең, — деп
кынжыла берди.
— Атаа, эми болбостур деп, өгөөсүн алып, Алназар Бакы кемпирди ээрчип
жөнөдү.
Кемпир темирден капка шаарына баланы алып барып: «Жер астында
Айгандын кызын алып келип бер» деп жумшады. Алназар Бакы Айгандын кызы
Алтынай сулууну карай жөнөдү. Кетип бара жатса, бир жолборстун бутуна
чегедек кадалып калыптыр. Алназар Бакы жолборстун бутунан чегедекти сууруп
алды эле, капчыгайдын ичин ириң каптап кетти. Жолборс: «Эмне башыңа иш
түшсө, отко куйкалагың» деп, бир мурутун жулуп берди. Бала мурутту жанына
салып алып, андан ары жүрүп кете берди. Андан ары бара жатса, бир адам
тегирмендин ташын көчүгүнө байланып алып, ал жейренди барып бир тебет.
Алназар Бакы карап туруп таң калат да: «Эй тегирмендин ташын көчүгүнө
байланган аке, ушул өнөрүңө баракелде» деди. «Эй, балам ай, ушул өнөрүмдү
карыгыча бирөө баракелде деген эмес эле. Мен да сага жолдошмун» деп ээрчип
алып жөнөдү.
Андан ары кетип бара жатса, бир киши бир көлдүн суусун бир көлгө ууртап,
куят. «Эй, көл ууртар аке, карап турсам бир көлдү ууртап, бир көлгө куясың. Ушул
өнөрүңө баракелде» деди.
— Эй, балам ай, карыганча ушул өнөрүмдү бирөө: «Бали! — деп айткан жок
эле. Мен да сага жолдошмун» деп ал да ээрчип алды. Андан жүрүп отуруп Алназар
Бакы жер астына түшүп кетти.
Жер астында кетип бара жатса, бир ийин казган чычканды бир күйкө аңдып
калыптыр. Алназар Бакы чырпыктан жаа, чийден ок кылып күйкөнү атып салды.
Чычкан жүгүрүп келип: «Досум, сен жакшылык кылдың, башыңа кыйынчылык
түшсө куйкалап койсоң мен даярмын» деп, бир кирпигин жулуп берди.
Андан жөнөп кетип бара жатса, бир жерде жүз кумурсканын бир жагынан өрт
кысып, бир жагынан суу кысып өлө турган болуп жаткан экен. Алназар Бакы
этегин тосуп кумурскаларды өткөрүп жиберди эле, «Башыңа кыйын иш түшсө
куйкалап кой» деп, бирөө бир бутун жулуп берди. Андан ары Айгандын
шаарынын четине барып: «Үчөөбүз бир жерде жата албайбыз. Бири-бирибизге
кабардар бололу» деп, туш-туш жакка тарап кетишти.
Алназар Бакы бир абышка кемпирге бала болду. Антип-минтип абышка
кемпир бала баргандан кийин малданып кетти. Бир күнү Алназар Бакы
чычкандын мурутун куйкалап койду эле, чычкан келип: «Башыңа эмне мүшкүл
түштү досум?» деди. «Ушул мен жаткан жерден Айгандын кызы Алтынайдын
үйүнөн чыга турган кылып, бир киши баткандай жер алды менен жол казып бер»
деди Алназар Бакы. Чычкан: «Жакшы болот, досум» деп, күндөп-түндөп казып,
«бүтүрдүм» деп кабар берди.
Алназар Жердин алды менен түн ичинде барып, уктап жаткан Алтынай
сулуунун оң бетинен бир сылап, оң чачынан бир сылап, бир тал чачы жулунуп
калды эле, катып алып жүрө берди.
Алтынай кырк кызы менен кошо күндө таразага түшүүчү экен. Эртесинде
таразага түшсө, бир тал чачы жок. Алтынайдын бир тал чачынын оордугунан
кырк кызды оодарып түшүүчү экен. Ал күнү таразага түшсө, Алтынай кырк кызга
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 09
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.