Latin

Балдар фольклору - 02

Total number of words is 3707
Total number of unique words is 1946
24.2 of words are in the 2000 most common words
36.4 of words are in the 5000 most common words
43.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Кыргыздын улуттук оюндары боюнча илимпоздор, көркөм өнөр
изилдөөчүлөр, педагогдор тарабынан азын-оолак изилдөөлөр, табылгалар,
ойлор, сунуштар жарыяланып жүрөт. Атап айта кетсек, өз алдынча жыйнак
катары С. Саипбаевдин «Кыргыз оюндарынын педагогикалык мааниси» (Ф.
1976); С. Токторбаевдин «Өспүрүмдөр оюндары» (Б. 1991); П. Ирисов түзгөн
«Балдарга арналган элдик оозеки чыгармаларынын үлгүлөрүнөн» («Балдар
оюндары» бөлүмү, Ф. 1972) жарык көргөн. Ал эми мезгилдик басма сөз беттерине
жарыяланган Т. Максүтов «Улуттук оюндар мектепке» (Кыргызстан маданияты,
1969, 26-ноябрь), Ж. Абдиллаев «Улуттук оюндар» (Мугалимдер газетасы, 1970,
19-август), С. Саипбаев «Кыргыздын балдар оюндары» (Жаш ленинчи, 1974, № 9,
35-38-6.), Ү. Кармиев «Элдик оюндарга арналган эмгек» (Мугалимдер газетасы,
1976, 9-июнь), С. Саипбаев «Улуттук оюндар жөнүндө, (Кыргызстан маданияты,
1977, 19-май), Раматов «Улуттук оюндар жөнүндө» (Советтик Кыргызстан, 1984,
26-июнь, 14-февраль), С. Бекназаров «Элдик оюндар» (Ленинчил жаш, 1987,
14-март), А. Акматалиев «Тил жана элдик оюндар» (Фрунзе шамы. 1989, 27-июль),
«Чикит» (Эмгекке даңк, Панфилов району, 1990, 23март), А. Токомбаева «Улуттук
оюндар боюнча» (Жаш ленинчи. 1990, № 9), А. Тыныбеков «Кыргыздын улуттук
оюндары» (Ала-Тоо, 1990, № 6, 7), С. Токторбаев «Уюм тууду» (Ленинчил жаш,
1990, 29-март), Г. Кенжегозуева «Ак бай, ток бай же кыргыздын балдар оюну»
(Бишкек шамы, 1990, 5-ноябрь) сыяктуу бир топ материалдарды мисалга алсак
болот.
Элдин көркөм фантазиясына чек жок. Эл жараткан улуттук оюндардын ар
бирине өзүнчө токтолуп, тарыхын, генезисин, типологиясын изилдеп чыкса
өзүнчө бир көркөм дүйнөнү, адамзат тарыхын, философиялык ойду ичине
камтыйт. Кыргыз оюндары өзүнчө изилдөөнү талап кылган искусствонун бир
чоң тармагы болуп эсептелет.
Калп — кара сөз жана ыр түрүндө айтылат. Калп айтылып жаткан предметти
фантастикалык түрдө сүрөттөп, окуяны болуп көрбөгөндөй баяндайт. Калп —
күлкүлүү, көңүл ачуучу жанр. Кыргыз фольклорунда анын алгачкы үлгүлөрү
жазылып алынган. Ал эми жанр катары аны профессионал адабияттагы
фантастика жанры улап кеткен сыяктуу.
Калптын мазмуну анын жыйынтыгына карама каршы. Башкача айтканда
калпты айтуу же угуу менен бала анын туура эместигин түшүнөт.
Калпычылыктын, алабармандыктын, мактанчаактыктын зыяндуу экенин
ажырата билүүгө үйрөнөт. Калптын ар түрдүү формалары бар.
1) Туула электе көргөндөрү.
Өз атам туула электе чоң атамдын жылкысын кайтардым. Тууй элек бээни
саап, тигиле элек сабага куюп, ичпей мас болдум. Чыга элек талдын чырпыгын
укурук кылып, эшиле элек жиптен боо тактым. Чыга элек табылганын түбүндө
тууй элек коен жатыптыр. Жасай элек таяк менен урдум эле казыла элек ийинге
кирип кетти.
Мында көрүнүп тургандай бардыгы жок, али боло элек нерселер жөнүндө
баяндалып, күлкүлүү, апыртмалуу аңгеме түзүлгөн.
2) Бир үч арык туруптур: экөө кургак, бирөө суусу жок. Үч арыкта үч балык бар
экен, экөө өлүк, бирөөнүн жаны жок. Анда үч киши туруптур: экөө жылаңач,
бирөөнүн кийими жок. Ал жылаңачтын этегине жаны жок балыкты салып берип
келе жатсам, үч там туруптур; экөөнүн төбөсү жок, бирөө тешик. Ал үч тамга
кирсем, үч казан туруптур: экөөнүн түбү тешик, бирөөнүн түбү жок. Түбү жок
казанга жаны жок балыкты салып, от жакпай бышырып, жебей тойдум.
Ал эми экинчи калпта «Экөө кургак, бирөө суусу жок», «Экөө өлүк, бирөөнүн
жаны жок», «экөө жылаңач, бирөөнүн кийими жок», «экөөнүн төбөсү жок, бирөө
тешик», «экөөнүн түбү тешик бирөөнүн түбү жок» сыяктуу синонимдер ыктуу
колдонулуп сүйлөмдөр түзүлгөн. Мындай ыкма баланын фантазиясын, ой
жүгүртүүсүн өстүрөт. Тилдик лексикасын байытат.
Суроо иретинде айтылып, табышмак — ребус түрүндө түзүлгөн калптар да
жолугат. Маселен «Кайсынысы чоң?» деген калптын жандырмагын табуу бала
үчүн бир топ түйшүктөнүүнү талап кылат. Калптар көбүнчө биринчи жактын
баяндоосу менен берилет.
Калп айтып кары-жашка бирдей жактым.
Кайтарып кумурсканы койдой бактым...
Көпөлөктүн сүтү менен бет жууганмын,
Айт-арапа күнү болгонунда,
Чегирткенин тору айгырын минип алып,
Чекчириле кыз кууганмын.
Калптагы окуялар гиперболалык баяндоо аркылуу фантастиканын апогейине
жеткирилет.
Макал-кыска, ритмикалык жактан чың уюшулуп, осуятчыл маанайда
айтылган элдик оозеки поэтикалык чыгармачылыктын жанры 1.
Оозеки чыгармачылыктын бай жанры болгон макал-лакаптардын генезисине,
пайда болуу тарыхына көз чаптырсак, ал ар бир элдин дүйнө таануучулук көз
карашынан, тарыхый өсүп-өнүгүү жолунан ошондой эле албетте, улуттук
өзгөчөлүгүнө жараша пайда болгон акыл-эстин жыйындысы экени көрүнөт.
Фольклордун башка түрүн айтууда көбүнчө атайын угуучу аудитория керек
болот. Ал эми макал-лакаптар адамдар ортосундагы диалогдордо кандай гана
шарт, кандай гана кырдаал болбосун, кайсы темада сүйлөбөсүн өз орду менен
колдонула берет. Макал-лакаптар сүйлөмдүн контекстине багынычтуу айтылат.
Кээде айтыла турган ойдун ордун макал өзү эле аткарып калат.
Сүйлөп жаткан киши макал-лакапты колдонуу менен сөзүнүн маанилик
деңгээлин көтөрүп, оюн терең, таасын берет. Ошондой эле айтып жаткан ойдун
чындыгы макал аркылуу бекемделет.
Макал-лакаптар элдик оозеки чыгармаларда (жомок, поэма, дастан,
эпостордо) өтө кеңири колдонулат. Макал-лакаптар оозеки речте, фольклордук
чыгармаларда гана колдонулбастан, жазма адабиятта да кеңири пайдаланылат.
Макал-лакаптар орду менен колдонулган адабий чыгармалардын баркы
байымдуу, көркөм деңгээли жогору болот. Эч бир илим атайын методологиялык
принципке таянбай, классификацияланбай, системага салынбай туруп илимий
жактан изилденбейт. Макал-лакаптар башка элдердин бардыгында кеңири
өнүккөн жанр болгондуктан илимий жактан изилденип 2, такталган көөнө илим
деп айтууга болот. Ал эми кыргыз макал-лакаптары боюнча жыйнактардын баш
сөздөрүндө 3, мезгилдүү басма сөз беттериндеги макалаларда 4, мектеп
программасындагы окуу китептеринде жазылып, изилденип, иликтенип жүрөт.
Көпчүлүк изилдөөлөрдө макалдарды мааниси жана формасы боюнча эки чоң
группага бөлүп жүрүшөт.
1. Макалда айтыла турган акыл, осуят сөз угуучунун өзүнө, башкача айтканда
биринчи жакка түздөн түз айтылат.
Кыргыз Совет энциклопедиясы, 4-китеп. Ф. 1979. 123-бет.
Р. И. Даль, Пословицы русского народа, М., 1957.;
• Г. Л. Пермяков, от поговорки до сказки, М., 1970.;
• Г. Л. Пермяков. Пословицы и поговорки народов Востока, М„ 1979.;
• Коновалов, Киргизские пословицы и поговорки. Рукопись 1948., Фонд, «Литература», Инв. №
798.
Б. Керимжанова, Кыргыздын макалдары менен ылакаптары, Ф. 1948, 1955, 1965.
• Ш. Усупбеков, Кыргыз макал, ылакаптары. Ф., 1982, 1986.
• Киргизско-русские пословицы, поговорки, изречения. Сост. и. пер. С. Шамбаев. Предисловие С.
Закирова, Ф. 1979.
В. Асаналиев, «06 элементах свободомыслия в киргизских пословицах и поговорках» Известия
АН КР. Серия общественных наук, 1961., т. 3. вып. 3. Стр. 15—24
• М. Мамыров. Сөздүн көркү макалда. Ала-Тоо, 1988, № 6.
• С. Закиров. Макалдардын жана лакаптардын тарбиялык мааниси. Мугалимдер газетасы., 1960,
10-июнь.
• С. Закиров. Макал-лакаптарды классификациялоонун мааниси. Труды ин-та языка и лит-ры АН
К. Вып. 9. 1957, 67— 76-бет.
• К. Рысалиев, Макал жана лакаптардын ритмикалык түзүлүшүнө карата. Ала-Тоо, 1959, № 7,
120-128-6.
Кирсиз жүрсөң оорусуз болосуң.
Бекерчиден безе кач.
Кеңешти акылдуудан сура.
Өзүң билбесең, билгенден ук.
Көзүң ооруса колуңду тый,
Ичиң ооруса тамагыңды тый.
2. Макалда айтыла турган акыл, осуят, нускоочу сөз үчүнчү жак туурасында
же жаксыз айтылат.
Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшойт.
Элге кылган жакшылык жерде калбайт.
Суу атасы — булак,
Сөз атасы — кулак.
Баатыр кол баштайт, чечен сөз баштайт.
Мазмуну боюнча макалдар турмуштун түрдүү жактарын байкоо, жалпылоо
иретинде айтылат.
Эл четине жоо келсе, жан аяган жигитпи.
Ажал алаңдаганды алат,
Оору салаңдаганды алат.
Тозокту көргөн от менен ойнойт.
Сөздүн семантикалык мааниси бузулбай, өзгөрүлбөй түз айтылат.
Кыздын баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат.
Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
Макалдар бир көрүнүштү баяндап келип, тыянак чыгарат же шартты айтып,
андан келип чыгуучу жыйынтыкты берет.
Сокурдан сакчы койсоң,
Элиңди чаптырасың.
Жаман атка жал бүтсө,
Жанына торсук байлатпайт.
Макал менен лакаптын чегин ажыратуу кыйын. Ошондуктан жыйнактарды
түзүүдө чаташууларга жол берилип жүрөт. Экөөнүн сырткы формасы боюнча
айырмачылык жоктой. Макал да лакап да дайыма кеңеш берет, акыл эске
үйрөтөт. Нравалык тарбия берүү, эскертүү, сындоо максатын көздөйт.
Макалда айтылчу ой, нускоочу акыл түздөн түз, так кыска, образдуу, афоризм
менен айтылат. Бүткөн бир ойду камтып турат.
Ийне көзүнөн сынат,
Адам сөзүнөн сынат.
Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Лакап — идиомага жакын, айтылган дидактикалык акылы, үйрөтүүчүлүк
мүнөзү кыйыр, каймана айтылат. Айтылчу ойдун чечмеленишин талап кылат.
Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур.
Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат.
Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз улагын сураптыр 1.
Макал-лакаптардын масштабы өтө кенен. Адам баласына тиешелүү болгон
түрдүү сапаттар, акыл-эс, ден-соолук, илим, билим, мекен жаратылыш,
жан-жаныбар, дегеле турмуштук категориялардын бардык аспектилери
камтылган.
Түрдүү тарыхый доорлордо коомдук, саясий өзгөрүштөргө карата жаңы
тематикадагы макал-лакаптар эл тарабынан жаралып келе жатат. «Сөздүн көркү
— макалда» дегендей кыргыз эли кылымдар бою сөз күчүн баалап, сөз кадырын
билген эл болгон. Алар таамай айткан курч сөзгө жыгылып, же мактоо сөздүн
таасири менен золобосу көтөрүлүп, эл алдында кадыр баркка жеткен.
Ошондуктан эл «жакшы сөз жарым ырыс», «малга жарды кылса да, сөзгө жарды
кылбасын» же «тил — кылычтан өткүр», — деп улуу тилдин, курч сөздүн баркын
түшүнгөн.
Макалдар элдин орошон акылынын, даанышмандыктын жыйындысы
болгондуктан анын таанып билүүчүлүк ролу чоң. Философиянын негизги
элементтеринин бири болгон макал-лакаптар аркылуу адамзатты туура жашоого,
мазмундуу өмүр сүрүүгө тарбиялап келишкен.
Элдик оозеки чыгармалардын башка жанрлары сыяктуу эле жомоктордун
бардык түрлөрү тең калктын каада-салтын, салт-санаасын поэтикалык көркөм
кыялын, фантазиясын ар түрдүү окуялардын түрмөгүндө чагылдырган кыргыз
оозеки прозасындагы негизги бир жанры. Анда элибиздин түрдүү доордогу
ой-пикири, турмуш абалы, түшүнүгү, дүйнөгө карата көз караштары көркөм ой
жүгүртүү аркылуу чагылдырылып сүрөттөлөт.
Демек, кыргыздын жөө жомоктору башка бардык элдердин жомоктору
сыяктуу эле миңдеген жылдар бою айтылып элдин арасына терең сиңген көркөм
чыгармалардан.
Белгилүү фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков «Кыргыз имласы» деген кол
жазмасында «... жөө жомоктун мааниси көбүрөөк ырсыз кара сөз менен
Биздин адабият. 5-класс. Ф. 1989. 44-6.
сүйлөгөндүктөн жөө жомок делинген...» деп аныктама берген. Бул кол жазма
эмгектеги жомоктор жөнүндөгү аныктама негизинен туура экендигин башка
илимпоздор 1 да өздөрүнүн изилдөөлөрүндө белгилеген.
Демек, эпикалык чыгармага караганда көлөм жагынан кыска мазмуну
жөнөкөй жана негизинен калыптанган формада өнүккөн кара сөз түрүндөгү
(кээде ыр аралашкан же ыр түрүндөгү жомокто да кездешет) турмуштук,
мал-жан, жан-жаныбарлар жөнүндөгү же кереметтүү, сыйкырлуу) окуялар
туурасындагы баяндоолорду жомоктор дейбиз.
Кыргыз эли элдик жомокторду жаштарга тарбия берүүдөгү, турмушту
үйрөнүүдөгү маанисине карай өтө жогору баалап келген. Алар аркылуу жакшы
сапаттар, жакшы мүнөздөр менен таанышышып, угуучуну патриоттуулукка,
гумандуулукка, түрдүү кыйынчылыктарды жеңүүгө багытташкан. Жакшы менен
жамандын, терс менен оңдун чегин ажырата билүүгө үйрөткөн.
Кыргыз жомокторунда адамдардан тартып бардык айбанаттар,
жан-жаныбарлар атүгүл жансыз, буюм-терим, тоо, таштар каарман боло беришет.
Жан-жаныбарлар адамча сүйлөйт, акыл кошот, алдайт, алданат. Ак же
карасанатай иштерди жасоосуна карата угармандардын (окурмандардын)
антипатия же симпатиясын жаратышат да оң же терс каармандын касиетине
эгедер болушат.
Жомоктордогу каармандардын мүнөздөмөлөрү, алардын жорук-жосундары,
кулк-мүнөздөрү дароо эле, алардын жомокто адеп аталган учурунан тартып эле
ачык айтылат. Атүгүл жомоктордун аттарында (темаларында) же андагы
каармандарга алгачкы мүнөздөмө, туруктуу эпитет катары берилет: «Акылдуу
кыз», «Жеке таз менен жети таз», «Аккөңүл менен Каракөңүл», «Өнөр үйрөнгөн
бала», «Сүйлөбөс кыз», «Акылдуу улак», «Алымкыл — түшчү», «Амалдуу кедей»,
«Айлакер бала» ж. б. Булардан тышкары элге кеңири тараган жомок-аңыздардан
«Толубай сынчы», «Жээренче чечен», «Акыл Карачач», «Алдар көсөө» сыяктуу
каармандардын ылакап аттары алар тууралуу жомоктордун аттарына айланган
жана муундан муунга жетип, кылымдан-кылым карытып, угуучулардын
аң-сезимине ошондой бир бүткөн образ (калыптанган туруктуу образ) катары
биротоло синтездешип, сиңип калган.
Жомокторду бул жомок балдардыкы, бул жомок чоңдор үчүн деп бөлүүгө
болбойт. Жомоктордун генезисине көз чаптырсак, бул жанр көбүнчө аялдар
тарабынан балдар үчүн жаратылган чыгарма экенин далилдөөгө болот. Бала
жарык дүйнөгө келип, бой жетип, өз алдынча жашоого жеткенге чейинки убакта
ал эне менен өтө жакын болот. Баланын жан-дүйнөсүндө кандай өзгөрүштөр
болуп жатканын эне биринчи сезип, туят. Турмуштун бардык жол-жобосун эне
үйрөтөт. Ата аны толуктап, сырттан көзөмөлдөйт.
Демек, балдар фольклорунун бардык жанры анын ичинде жомок
тарбиялоонун көркөм каражаты. Алардын (жанрлар) бардыгы бири-бири менен
тыгыз байланышта болуп, бири экинчисинин толуктап турат. Көркөм сөз
аркылуу эл өзүнүн көп кылымдык жашоо тажрыйбасын кийинки муунга
жеткирет.
Кыргыз фольклорунун тутамында ар түрдүү мүнөздөгү түрдүү формадагы
көркөм жомоктор бар. Бул жанр дүйнө элдеринин бай тажрыйбасына таянып
негизинен
С. Мусаев, Ж. Таштемиров Кыргыз адабияты орто мектептин 8-классы үчүн окуу китеби. Ф. 1972;
3. Бектенов, Т. Байжиев Кыргыз адабияты. Ф. 1948.
1.
2.
3.
4.
Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор.
Кереметтүү жомоктор.
Турмуштук жомоктор.
Анекдоттук, сатиралык жомоктор. —
деп бөлүнүп жүрөт. Бирок мында бардык окумуштуулар бир бүтүмгө келген деп
түшүнүүгө болбойт. Жомокторду классификациялоо боюнча XIX кылымда И. И.
Снегирев, П. А. Бессалов, С. Ф. Миллер, Г. И. Успенский, Б. Ф. Миллер, П. В.
Владимиров сыяктуу жыйноочу, жазуучу, окумуштуулар жана XX кылымда Ю. М.
Соколов, В. И. Чечеров, Э. В. Панеранцева, В. Я. Пропп, А. А. Кайев, М. А. Валинова,
Реми Дор өңдүү окумуштуулар жомоктордун мазмундук жана формалык,
тематикалык же идеялык критерийлерин көңүлгө алып өздөрүнүн түрдүү
концепцияларын жазып чыккан.
Кыргыз эл жомокторун классификациялоодо фольклорчу-окумуштуулар К.
Мифтаков баштаган М. Богданова, К. Рахматуллиндердин жасаган эмгектери чоң.
Башка оозеки чыгармалардай эле кыргыз жомоктору да XIX кылымдын аяк
ченинен баштап, негизинен XX кылымдын 20-жылдарынан тартып чогултулуп
жарыялана баштайт. XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жергесинин
түндүгүндөгү археологиялык эстеликтерди, этнографиясы менен маданиятын
изилдөө иши башталып, ар түрдүү курамдагы экспедициялар келип иш жүргүзөт.
Ушул саамалыкта Ф. В. Поярков Суусамыр, Жумгал, Нарын, Чүй өрөөндөрүндө
болуп, кыргыз элинин каада-салтын, ырым-жырым, этнография, улама,
легендалары менен таанышат, түрдүү фольклордук материалдарды жыйнайт.
Жыйналган материалдарын иргеп 1889-жылы өзүнчө жыйнак чыгарат1. Бул
кыргыз жөө жомоктору боюнча жарыяланган биринчи жыйнак болуп эсептелет.
Мындан кийин И. В. Андреев (псевдоними Алибий) казак, кыргыз жергесин
аралап, фольклордун бардык түрүн жыйнап, мүмкүн болушунча жарыялап 2
турган. И. В. Андреев кыргыз-казак тилдерин бирдей жакшы өздөштүргөн,
билимдүү киши болгон.
1920-жылдардан кийин жаңы коомдук түзүлүштүн кыргыз улутуна тийгизген
таасири аркасында эл өзүнүн руханий дүйнөсүн байытууга, илим-билим алууга
жетишти. Ошондой эле көптөгөн прогресстер менен бирге эл оозеки
чыгармаларын жыйноого, жарыялоого ыңгайлуу шарттар түзүлө баштайт.
Ошентип биз сөз кылып жаткан жөө жомокторду жыйноо ишинде
1922-жылдардан баштап К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов, С. Сооронбаевдер жер
кыдырып Нарын өрөөнүндө жашоочу жомокчулар Осмонаалы Дордоев, Байсабыр
Кожошев, Койлу Тукелеев, Алтай Айдарбеков, Талас өрөөнүндөгү жомокчулар
Ыйманбек Шаменов, Чаки Каптагаев, Өмүраалы Маанаевдерден көптөгөн жөө
жомокторду жазып алышат. Андан кийин да Кыргызстандын башка баардык
райондорун кыдырып жомоктор жыйналат. Согушка чейин жыйналган
жомоктордун саны арбын, бирок сапаты өтө жогору деп айтууга болбойт. Буга
биринчиден фольклорду жыйноонун методикасынын, методологиялык жол
Ф. В. Поярков Кара-киргизские легенды, сказки и верования. Пишпек. 1889.
И. В. Андреев «Молдожаш», Туркестанские ведомости. 1913. № 51
• Алибий «Алангасар и алп», Туркестанские ведомости 1903 № 51 . И. В. Андреев Из нашей
глуши. «Мергенчи Жаңыбай» Туркестанские ведомости. 1913. X» 51
• Алибий По верховьям Таласа. Туркестанские ведомости. 1904. № 98, 99, 101.
• И. В. Андреев По горным хребтам за чумой. Туркестанские ведомости. 1913. № 23, 24.
жобосунун жоктугу, экинчиден, элдин билим деңгээлинин төмөндүгү,
жыйноочулардын чамасы аздыгы, үчүнчүдөн улам бир жазмага (араб, латын, орус
алфавити) өтө бергендигибиз тескери таасирин тийгизип, жаңыдан башталган
иштин деңгээлин төмөндөткөн. Мына ушундай түйшүктүү эмгектин натыйжасы
катары 1939-жылы Л. Кошоеванын редакторлугу менен Ы. Абдырахманов түзгөн
«Балдар жомоктору» 1 деген алгачкы жыйнакты сыймык менен атоого болот.
Андан кийин Л. Кошоеванын даярдоосу менен газета, журналдарга 2 бир нече
жомоктор басылып чыгат. 1944-жылы Н. А. Мучник кыргыз жомокторун 1-жолу
орус тилине которуп жарыялайт. 1956-жылы Дм. Брудныйдын которуусунда орус
тилинде экинчи чоң жыйнак чыгат. Дм. Брудный бир топ сын пикирлерди,
мүчүлүштөрдү эске алып, бул жыйнакты оңдоп, 1962-жылы кайра бастырып
чыгарат.
Жомокторду чыгаруу иши улантылып Д. Сулайманов менен К.
Эшмамбетовдун түзүүсүндө 1957-жылы чыгат. Ушул жыйнак кайра оңдолуп
1960—1972-жылдары кайрадан басылып чыгат. М. Богданова түзгөн
«Киргизские народные сказки» 1972-жылы Москвадан («Детская литература»)
басылып чыккан.
Башка жыйнактардан айырмаланып, тексттер илимий көз карашта такталып,
жомоктордун сапаттуусу тандалып, илимий түшүнүктөрдүн, тиркемелердин
коштоосу менен биринчи жолу Кыргыз ИА ТАИнин илимий кызматкерлери Б.
Кебекова менен А. Токомбаева тарабынан 1975-жылы «Кыргыз эл жомоктору»
жарык көрөт. Мындан кийин 1985-жылы «Кыргыз эл жомоктору» (түзгөн А.
Токомбаева) деген дагы бир жыйнак чыгат. Мына ушинтип кол жазмалар
фондусунда сакталган жомоктор тынымсыз жарыяланып турганын көрдүк.
Ал эми кыргыз элинин жөө жомокторун изилдөө жайы жөнүндө сөз кылсак,
алар айрым жыйнактардын баш сөзүндөгү жалпы пикирлер, очерк мүнөзүндөгү
изилдөөлөр 3, окуу китептериндеги жомок туурасындагы бөлүмдөр сыяктуу
айрым изилдөөлөр бар. Ал эми кыргыз жомоктору жөнүндө ар тараптуу жалпы
илимий монографиялык изилдөө зарылдыгы турат.
Жыйнакка Апендинин жоруктарынан айрым жомоктор киргизилди.
Ар түрдүү коомдук өзгөрүүлөрдүн негизинде бийлик ээлери, бай-манаптар,
молдо, кожолор, ач көздөр менен болгон карама-каршылыктардын
Балдар жомоктору. Ф. 1939.
«Ленинчил жаш» 1956, 5-август.
3 П. Д. Дементьев, Киргизские легенды о нтицах. В кн. Охрана природы. М. 1949.
• С. Даронян, «Родник народной мудрости. Советская Киргизия». 1957, 30-июль.
• Кивицский «Сокровище народное» Советская Киргизия», 1962, 15 мая.
• «Сказки киргизского народа» Комсомолец Киргизии, 1963, 3 февраля.
• К. Кыдыралиев, «Народная сказка — источник познания». Мугалимдер газетасы. 1973, 19
декабря.
• Д. Брудный «Киргизская сказка и дети» Детская литература. 1981, № 11. Стр. 26—27.
• Б. И. Левутис «Ступени осмысления действительности в киргизских народных сказках». В. кн.
«Сознание и понимание». Ф. 1982, стр. 102 — 112.
• Ш. Тавлинцев «Все ли киргизское? Все ли народное? «Литературный Киргизстан, 1957, № 3 стр.
115—117.
• К. Касымов «Сыйкырдуу жөө жомоктор» Кыргызстан маданияты. 1981, 1-октябрь. «Сыйкырдуу
жана кереметтүү жөө жомоктордун көркөмдүк өзгөчөлүктөрү». Ала-Тоо, 1981, г 5. 154—160 б:
«Элдик жөө жомоктордун классификациясы» Мугалимдер газетасы, 1981, 21-октябрь.
• Кыдыралиев «Элдик педагогиканын таасири» Эл агартуу, 1974. г 4. 62-64-6.
• С. Жигитов «Жомоктордун сыры» Жаш Ленинчи. 1968, г 3, 36-37-6.
• А. Үсөнбаев «Турмуштун жөө жомокторун үйрөнүү» Ф. 1976.
натыйжасында элдик массанын аң сезими ойгонуп, өзүнүн эркиндиги, теңдиги
үчүн, чындык үчүн күрөш адамзаттын дүйнө таануусунун түрдүү жактарын ачат.
Мына ошол турмуштук, адеп-ахлактык, салттык көрүнүштөр биздин күнгө
предметтик-образдык түрдө көркөм сүрөттөлүп, элдик акылдын жыйындысы —
поэтикалык сатиралык аңыз аңгеме түрүндө жетти. Мында өзгөчө бир
каармандын тегерегиндеги окуялар кызыктуу өнүккөн. Мисалы, кыргыз, казак
элдериндеги Апенди, Алдар көсөө, өзбек, тажик, казак элдериндеги Кожо
Насредин 1, армян элинде Пыл Пуги 2, въетнам элинде Нгуен Куинь сыяктуу
чукугандай сөз тапкан, чындык үчүн күрөшүп, дайыма жапа тарткан тараптын
мүдөөсүн колдогон элдик куудулдардын образы аркылуу турмуш чындыгы
берилген.
Балдар жомокторун бул жыйнакка киргизүүдө кол жазмалар фондусунда
сакталган жомоктордун ылайыктуусун тандап алууга аракет кылдык. Бирок
мында кирген жомоктордун дээрлик бардыгы жогоруда аталган жыйнактарга
чыккан.
Жыйынтыктап айтканда, фольклордун дээрлик бардык жанры балдардын
табиятына жакын келет. Балдар фольклорунун окуяларынын байлыгы,
кызыктуу, көркөм, жөнөкөй тили, түзүлүш манерасынын өз алдынчалыгы,
идеялык жана маанилик жыштыгы, фантазия менен романтиканын айкалышы,
мажбурлабаган тарбиялык мүнөзү, баланын эстетикалык суроо талабына туура
келген сапаты менен ар түрдүү жаштагы балдардын көркөм табитин, рухий
дүйнөсүн байытып турат. Жогорку нравалык сапаттарга тарбиялайт.
ГҮЛБАРА ОРОЗОВА,
КРУИАнын Манастаануу жана көркөм
маданияттын улуттук борборунун илимий
кызматкери.
«Похождения Коджа-Насредина». Ташкент, 1965 г.
«Армянский фольклор». Составитель Г. О. Карапетян. М. 1967; Забавные и назидательные
истории армянского народа. Составитель Г. О. Карапетян. М. 1975 г.
БАЛДАР ЫРЛАРЫ
I. БАЛДАР ЫРЛАРЫ
БЕШИК ЫРЫ
(1-вариант)
Алдей алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисе толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин.
АЙЛАНАЙЫН АЙ САРЫМ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Айланайын ай сарым,
Туурдуктан сапсарым,
Түлкү ичиктин сүлөөсү,
Сулуу кыздын күйөөсү.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кандын кызы кайнысы,
Бектин кызы жеңеси,
Туруп салам бергенде,
Сарымдын шылдыр теңгеси.
Алдей, алдай бөбөгүм,
Ыйлаба, балам ыйлаба,
Ата-энеңди кыйнаба,
Эл жайлоодон түшө элек,
Арпа буудай быша элек.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Куштун жүнү калпагың,
Эл сүйбөсө сүйбөсүн,
Өзүм сүйгөн аппагым,
Ыйлаба, балам ыйлаба
Апакеңди кыйнаба,
Алдей, алдей бөбөгүм.
БЕШИК ЫРЫ
(2-вариант)
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Аста балам, ыйлаба,
Апаңдын жанын кыйнаба!
Эстүү балам, ыйлаба!
Энеңдин жанын кыйнаба!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Элин багып, сыйлаган,
Эл менен бирге жыргаган,
Эмгекчи болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Калкын багып, сыйлаган,
Калк менен бирге жыргаган,
Камкор болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Корооң толгон койлуу бол,
Өрүшүң толгон малдуу бол,
Кампаң толгон дандуу бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Өнөрүң менен өргө чап,
Эмгегиң менен элге жак!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Колунан көөрү төгүлгөн,
Өнөрү көзгө көрүнгөн,
Өнөрпоз болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Курулушту куп билген,
Куруу ишин төп билген,
Уста болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Илимдин кенин издеген,
Илимди тапса сиз деген,
Илими жаккан элине,
Илимпоз болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ырдын кенин ыргаган,
Ырдаса эли жыргаган,
Ырчы болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Сыртынан сындап адамды,
Келечегин кең билген,
Бардык жагын тең билген,
Сынчы болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Адамга тийип пайдасы,
Тамырдан билген ооруну,
Табып болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Уккулуктуу үнү бар,
Булбулдун ширин тили бар,
Чечен болгун бөбөгүм!
УУЛ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң айкөл Манастай,
Баатыр болгун, эр болгун,
Кабылан болгун, шер болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң баатыр Манаска
Акыл насаат кеп айткан,
Бабаң Бакай, Кошойдой,
Акылы терең көл болгун,
Түгөнбөс казына, кен болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы терең деңиздей,
Кеменгер болгун, кең болгун,
Бардык элге тең болгун,
Эрдиги элде сакталган,
Эне сүтүн актаган,
Элин сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Арбашкан жоо туш келсе,
Жоого каршы аттанган,
Ансайын күчөп ташыган,
Аркырап аккан дайрадай,
Агыны катуу сел болгун,
Ата журт сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан,
Семетей, Сейтек бабаңдай,
Кызыл жалын чок болгун,
Атылып турган ок болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Куштар менен сүйлөшкөн,
Кушту таптап үйрөткөн,
Мүнүшкөр болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Жылкы менен сүйлөшкөн,
Жылкыны таптап үйрөткөн,
Саяпкер болгун бөбөгүм!
КЫЗ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкей сенин түп энең,
Айчүрөк сенин чоң энең!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Айкөл баатыр Манаска,
Атайлап арнап ак олпок,
Ок өтпөс тиккен Каныкей!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкейдей уз болгун,
Калкың сүйгөн кыз болгун!
Энең сенин уз болгон,
Элин сүйгөн кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы мол айлакер,
Алган жары кеменгер,
Аялдан чыккан уз болгон,
Айчүрөктөй кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Эрендер менен аттанган
Элин жоодон сактаган
Элинде даңкы сакталган,
Караан Манас кымбаты,
Карача кандын кыз Сайкал,
Кыз Сайкалдай баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Кыраандар менен аттанган,
Кыргыздап ураан чакырган,
Кылымга даңкы сакталган,
Касташкан жоосун бас кылган,
Жаңыл мырза эжеңдей,
Жалпы элин сүйгөн баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ак эмгек менен жашагын,
Алыска кетсин атагың!
САЛ БИЛЕК
Алдей, алдей ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек,
Алдей-алдей ак бөбөк,
Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош билек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк!
ОЮН ЫРЛАРЫ
Кыргыз балдарынын элдик оозеки чыгармачылыгынын ичинде эң көбү жана
кызыктуусу «Оюн ырлары» болуп эсептелет. Анын түрлөрү абдан көп, төмөндө
биз бир нече кичине түрүн гана үлгү катары көрсөтөбүз.
ЧЫМЧЫКЕЙ
(Эки бала өздөрү биринин колунун учунан колтугуна чейин чымчып, төмөнкү
ырды айтып токтогон жерине чейин барып, колтукту кытыгылайт). Алакандан
баштап:
Арпа куур, буудай куур,
Ток талкан, ток талкан,
Бул жериңде ак бит,
Бул жериңде көк бит,
Бул жериңде түлкү,
Бул жериңде күлкү. (кытыгылайт).
— Чымчыкей,
— Чийдин башына конду,
— Өгөй энем сойдукей,
Боор этиме тойдукей.
МАНЖАЛАР КЕҢЕШИ
Бармак: _— Ууру кылбайлыбы?
Сөөмөй: — Кылса кылалы.
Ортон: — Кудайдан кантебиз.
Аты жок: — Кудай келгиче.
Чыпалак: — Кууруп-сууруп жутуп ийебиз.
Мында, бармак — Уурулук кылбайлыбы деген кеңешти баштаган үчүн
күнөөсү көп болуп, кыска болуп калган экен. Ортоң: — Кудайдан кантебиз деп
ыйбаа кылгандыгы үчүн күнөөсү жеңил болуп, узун болгон экен. Башка манжалар
да өздөрүнүн күнөөсүнө карай, узун кыска болуп, беш манжа бирдей болбой
калган имиш.
Баш бармак,
Бадал иймек,
Ортон оймок,
Оюу чиймек.
Кичинекей бөпөлөй.
АК ТЕРЕК, КӨК ТЕРЕК
Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек.
— Жепирейген Жээнбек,
Жетип келсин тезирээк.
— Ак терек, көк терек,
Бизден сизге ким керек,
— Элден эл жагаар,
Бизден сизге ким жагаар.
— Тойго минген тору аттай,
Топчуланган маанаттай.
Кызыл бешмант кыз керек.
Жайлоодон түшкөн тору аттай
Жайдары сулуу сымбаттуу
Жашыл чапан кыз керек.
ЧИКИЛДЕК ОЮНУ
Чикилдектен жеңилгенде, чикилдектин бир жабым узундугунан болбосо үч
чабым узундугунан жеңилген бала өтө ылдам төмөнкү ырды ырдап келет:
Акбай, Токбай,
Уяттары жок бай.
Катуу жорго кашка тай,
Кадик болгон башка тай.
Катуу чапса чарчаган,
Жеткирбегин башкага.
Үстүндөгү жаш бала,
Уруп кетип аркага,
Чабалекей чам-чум.
ТАШ МЕЛЖӨӨ
(Таш урганда, урган ташка айтат).
Какты көр, Караны көр,
Как жүрөктүн башын көр.
Олокой, солокой,
Оңго тий, солго тий,
Как жүрөктүн башына тий.
ТАК ТЕКЕ
Так теке, ай,
Так теке, ай,
Муундарың бош теке ай,
Мүйүздөрүң кош теке ай,
Туяктарың шалактайт.
Кулактарың шалактайт.
Бул ыр ооз комуз менен коштолуп, ооз комузга уланган жибек жипти
чыпалак менен серпип, жасалган текечерчени ойнотуп кыздар ырдаган,
КОЁН ТОМУК ТУТУУ
Баатыр болсом маңдайыман чык,
Чечен болсоң таңдайыман чык.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 03
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.