Latin

Балдар фольклору - 07

Total number of words is 4200
Total number of unique words is 1980
34.6 of words are in the 2000 most common words
47.1 of words are in the 5000 most common words
54.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
чаалыгып өлдү, өзүм жок калдым. Жөө баратып бир касапчыга жолуктум. Ал
касап бир өгүздүн кекиртегине коон эгип бышырган экен, — балам, кайда
барасың, — деп кайрылып калды. Өтүгүмдү издеп баратканым айтсам, —
табалбайсың, коон жеп ал, — деди. Бир коон үзүп берди. Коонду бычам деп
бычагымды коондун ичине түшүрүп ийдим. Бычагымы издөөгө чечинип коондун
ичине кирдим, беш ай, беш жыл коондун ичинде бычак издеп жүрүп мына бүгүн
сиздин шаарга келип олтурам, ханым, — деди.
Айтып ошо жерге келгенде, Тилехан кайра суроо салып, сен айткан кудуктун
суусу ашып жаткан маалда күн узун бекен, же кыска бекен? — деп сурайт.
Анда баланын жообу: — казандай ташты кудукка салсам бир күн кечке дейре
түбүнө жеткен жок, — дептир. Ошондо Тилехан өңү кубулуп вазирлерине өз
өкүмү боюнча кызын ушул кырк калпты айткан балага буйурган экен.
VI. МАКАЛ-ЛАКАПТАР
Эр элдин көркү, токой жердин көркү.
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
Ат тойгон жерине качат, азамат тууган жерине шашат.
Балаң жакшы болсо — эл башы,
Жаман болсо — эл душманы.
Жер бай болсо, эл да бай.
Жер кени кенен, жакшы эли менен.
Элдүү түлкү ачка болбойт.
Эрдин баркын эл билет.
Көптүн тилеги көл болот,
Көп түкүрсө көл болот.
Жамандан жазган, иттен иймен, элиңди сүй,
Уят өлүмдөн катуу.
Чечинген суудан коркпойт,
Кезенген жоодон коркпойт.
Аңдышкан айыл болбойт,
эсептешкен дос болбойт.
Жаман жолдош жоого алдырат,
Жаман сөз доого калтырат.
Жакшы көргөн досунан ат аяган жигитпи.
Ынтымак болбой, иш оңолбос.
Баатыр бир өлөт,
Коркок миң өлөт.
Жер бийлиги — тоо, эр бийиги — соо,
Жатаарда көп ичкен, жаман түш көрөт,
Оорунун жакшысы жок, дарынын ачуусу жок.
Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
Аш турган жерде, дарт турбайт.
Адам аштан калса, күчтөн калат.
Сыпалык сырт кийимден, тазалык ич кийимден.
Таздан тарак сураба.
Ороймун деп сестенбе, айыкпайм деп шектенбе.
Ый — көздү, күйүт — көкүрөктү алат.
Соо болом десең — сергек бол.
Врачтан качканың, ажалга эшик ачканың.
Мончонун пайдасы түшкөндөн кийин,
Тамактын пайдасы ичкенден кийин.
Тамакты ашык да, шашып да ичпөө керек.
Эң негизги дары-дармек, — бул таза аба, муздак суу, кол күрөк, араа, балта.
Ким ден соолугун чыңдагысы келсе, алгач айланасындагы абаны тазаласын.
Кирсиз жүрсөң, ооруксуз болорсуң.
Ылай суу — оору булагы.
Биринчи байлык — ден соолук.
Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт,
Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Жакшыга айтсаң билет, жаманга айтсаң күлөт.
Жакшынын пайдасы, жамандын кесепети тиет.
Жакшы бала — тил алчаак,
Жаман бала — уялчаак.
Акылдуу бала — эмгек,
Акылсыз бала — тентек.
Сен деген — сенек сөз.
Сиз деген — сылык сөз.
Эмгектин наны таттуу,
Жалкоонун жаны таттуу.
Дени сактын өмүрү узун.
Таза жүргөндүн дени сак.
Аба тазалыгы тамактан зарыл,
Айлана кооздугу курорттон зарыл.
Ажал алаңдаганды алат, оору салаңдаганды алат.
Татыгы менен ичкен тамак талабына жеткен өмүр.
Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
Көзүң ооруса, колуңду тый, ичиң ооруса тамагыңды тый
Дары — чөптөн, акыл көптөн.
Дүлөй болбос үчүн кулагыңды сакта.
Коркокко бир ок көп,
Баатырга миң ок аз.
Эр болсоң — көк бол,
Сөзүңө бек бол.
Адамды эмгек гана бактылуу кылат.
Эмгек — адамдын өмүрү.
Эмгек үстү — күлкү, күлкү арасы — өмүр.
Демдүү иштесең дендүү жүрөсүң,
Балдырап бош жүргөн адам дартка тез чалдыгат.
Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт.
Таза аба жуткуң келсе, эрте тур,
Таза өмүр сүргүң келсе эмгек кыл.
Эмгектен булчуң толот.
Берилип иштегендин бели оорубайт,
Коркпой иштегендин колу жоорубайт.
Адамды адам кылган асыл эмгек,
Жалкоого шылтоо көп.
Бекерчиден безе кач.
Эмгексизге ыракат жок,
Күз — күрөш, жаз — жарыш.
Акыл — алтын, ой — күлүк.
Акыл — баштан чыгат, асыл — таштан чыгат.
Жамгыр менен жер көгөрөт,
Эмгек менен эл көгөрөт.
Кылыч курал эмес, акыл курал.
Көз коркок, кол баатыр.
Эр эмгегин жер жебейт.
Жигиттин түсүн айтпа, ишин айт.
Ачуу душман, акыл — дос, акылыңа акыл кош.
Кеңешти акылдуулардан сура.
Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
Ой — күлүк, дүйнөнү айланат.
Өзүң билбесең, билгенден ук.
Баатыр кол баштайт, чечен жол баштайт.
Ийне көзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак.
Билбегендин билеги оорубайт.
Кыймылдаган кыр ашат.
Эгизден төл өсөт, эмгек менен эр өсөт.
Билимдүүнүн сөзү өткүр,
Мергенчинин көзү өткүр.
Эмгекти сүйбөгөн адам, — эси жок наадан.
Куш канатсыз, адам эмгексиз жашай албайт.
Эмгек — эрдин көркү,
Эр — элдин көркү.
Эр — элдин көркү,
Токой — жердин көркү.
Кыздын кырк чачы улуу.
Тоону, ташты сел бузат,
Адамзатты сөз бузат.
Элин сагынбас эр болбойт,
Үйүрүн сагынбас ат болбойт.
Эр энеден туулат,
Эл үчүн өлөт.
Кен асылы жерде,
Сөз акылы элде.
Күзүндө чыгынбаган,
Кышында жылынбайт.
Көз-коркок, кол-баатыр,
Жаз-жарыш, күз күрөш.
Акыл — тозбос тон,
билим — түгөнбөс кен.
Окусаң озорсуң, окубасаң тозорсуң.
Ой түбүндө алтын бар,
Ойлой билсең табасың.
Күч кетет, билим кетпейт.
Акылы бар билимди самайт,
Акылы жок кийимди самайт.
Ата даңкын тузу арам уул булгайт,
Эне даңкын кара бет кыз булгайт.
Мал көтөрөт өлүмдү,
Дос көтөрөт көңүлдү.
Ынтымак достордун жолун ачат,
Ынтымак болбосо ырыскың качат.
Жакшы кыз — жакадагы кундуз,
Жакшы жигит — көктөгү жылдыз.
Атаны сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элге жагат.
Атанын уулу болуш — урмат,
Элдин уулу болуш кымбат.
Акылы жок уйкучу,
Санаасы жок күлкүчү.
Бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт.
Калп ырыс кесет, кайгы өмүрдү кесет.
Калптын казаны кайнабайт.
Актын иши оң болот,
Каранын иши кор болот.
Тоодой караны томуктай ак жеңет.
Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт,
Жаман жигит өз камы үчүн жүгүрөт.
Акылдуу мактанса, ишти тындырат.
Акмак мактанса бутун сындырат.
Өз камын ойлогон өспөйт,
Эл камын ойлогон көктөйт.
Жүк жүктөбө торпокко,
Жолдош болбо коркокко.
Чөптү кордосоң көзгө зыян,
Тишти кордосоң сөзгө зыян.
Жашыңда кылжың болсоң,
Карыганда мылжың болосуң.
Жаштык бар жерде жалын бар.
Өзүңдү эр билсең, өзгөнү шер бил.
Атаң алтымышка чыкканда,
Алдап-соолап күчүн ал.
Жаш жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жакшы көргөн досуңдун,
Атын алба, тайын ал.
Уста менен дос болсоң, наркескенин алаарсың,
Митаам менен дос болсоң, бир балаага калаарсың.
Талпак салганга талпак сал,
Олпок салганга олпок сал.
Суу менен ойносоң, чөгөсүң,
От менен ойносоң, күйөсүң.
Кекчил болбо, эпчил бол.
БАЛДАР ОЮНДАРЫ,
КАЛПТАР, МАКАЛ-ЛАКАПТАР
VII. КЕРЕМЕТТҮҮ ЖОМОКТОР
ТӨШТҮК
Илгери-илгери, кыргыз элинин кыпчак уруусунан Элеман аттуу адам болуп, ал
Опол тоо жакты жердеген экен. Өзү аябаган бай экен, төрт тарабы шай экен, тогуз
уулу бар экен. Айдан-ай, жылдан-жыл өтөт, а-бу дегиче Элемандын тогуз уулу бой
тартып, эрезеге жетет. Ошондо «Уул үйлөндүрмөк парс, кыз узатмак карыз» деген
эмеспи деп Элеман алты кулач ала атын минип, алты жылдык күл азык алып,
тогуз кыздуу киши таап, тогуз уулун үйлөндүрмөк болуп, кыз издеп жолго чыгат.
Элеман төгөрөктүн төрт бурчун айлана кыдырып, эже-сиңдилүү тогуз кыз
таппай, айласы кетет. Акыры арып-ачып, чаалыгып-чарчап, аты ыргайдай, өзү
торгойдой болгондо Орускан аттуу хандын шаарына кез келип, конок айттырып,
анын үйүнө келип түшөт. Элеман илинип турган сегиз сөйкөнү көрүп, «аттиң ай»
деп бармагын тиштейт. Кайра ойлонуп үйдүн ичин тегерете караса, жүктүн
бурчунда жалгыз сөйкө илинип турат. Аны көрө сала «бырс» этип күлүп жиберет.
Элеманды байкап турган Орускандын алачыктай байбичеси «аягымдан кир,
ашымдан кыл таптыңбы, эмне күлдүң?» деп сурады эле, анда бай: «Ээ байбиче
күлдү деп айып этпе, издегеним ушул үйдөн табылды. Менин да тогуз уулум бар,
бир кишинин тогуз кызы болсо алып берейин деп издеп жүргөм. Сегиз сөйкөнү
көрүп, бирин таба албай капаланып отурдум эле, дагы бир сөйкөнү көрүп, ошого
кубанып күлдүм. Сегиз кызыңызга сегиз уулум, балдарымдын кенжеси, Төштүк
касиеттүү кул эле, ага кичүү кызыңызды баш байлайын» — деди.
Куш салып кеткен Орускан кечинде үйүнө келип, Элеман байды жакшылап
конок кылды. Элеман бай ага жөн-жайын түшүндүрүп, «менин тогуз уулум бар,
тогуз кызыңызга куда түшөйүн» — деди. Анда Орускан — «Элеман, куда болоруң
чын болсо, кудалыкка жарагын, жай жайлоочу жайымды, кыш кыштоочу
кыштоомду малга толтур. Эшигимдин алдына эки чынар терек орнот, бири
күмүш, бири алтын болсун, биринин булбулу экинчисине сайрап учуп конуп
турсун. Андан башка эшигимдин алдына бир май көл, бир сүт көл орнот. Биринин
чабагы экинчисине секирип ыргып түшүп турсун. Ушуну аткарсаң, тогуз
кызымды тогуз уулуңа беремин» — деди.
Бул калыңды угуп, Элеман бай алдырап: «Балдарыма кеңешейин, ошондон
кийин жооп берейин», — деп, үйүн көздөй жөнөдү. Балдарына барып,
Орускандын жөнүн айтты. Элемандын балдары «малды го эптеп табабыз, май
көл, сүт көл, чынар теректи кантип орнотобуз? Булбулду кантип табабыз?» —
дешип, таң болуп отурушту. Ошондо Төштүк «баарын мен табам, бул оңой эле иш.
Жылкы атасы Боз айгыр менен жылкы энеси Боз Бээни Орускандын өрүшүнө
алып барып союп, каны менен жинин чачып ийсеңер, айтканынын баары
орундалат» — деди.
Төштүктүн сөзү менен Элемандын балдары касиеттүү айгыр менен бээни
алып, түн ичинде Орускандын өрүшүнө союп, Төштүктүн айтканындай кылып
канын чачып кайтышты. Орускан эртең менен турса айтканынын баары
орундалып, ой да, тоо да малга толуп, май көл, сүт көл орноп, алардын балыктары
биринен-бирине секирип түшүп турат. Чынар терек асман тиреп, булбулдары
сайрап жатат.
Элеман бай кабар алууга келди. Айтканынын баары орундап, көңүлү
жайланган Орускан: «Элеман бай, эми коюңду союп, келиндериңди алып кет» —
деди. Элеман бай тогуздап мал союп, Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык
кылып, чоң той берип, ач-арыктарды тоюнтту, тойго келген балдар торпокко
жүктөп эт алды, эл арасында «Элемандын тоюндай» деп кеп калды.
Ошондо Элемандын эр Төштүгү тойго келбей үйүндө калыптыр. Ошондон
улам кыргыз элинде «Төштүкчө катынды үйүндө алабы?» деген лакап айтылып,
калган экен. Кырк күн дегенде тойдун тамашасы бүтөт. Эртеси Элеман сегиз
келинин4 көчүрүп жөнөйт. Ал эми сегиз кыздын кенжеси, бир кудайдын эркеси,
Кенжеке атасына алаамат салды. Чаар ингенге себимди артпай, Чалкуйрукту
алдыма минбей, Куйту күңдү жаныма албай, ок өтпөгөн Кыл торко тонду, Көк
жеке өтүктү кийбей атамдын байлыгын, мартабасын эл билбей, үйдөн
чыкпаймын деп бүк түшүп ыйлап, көчтү токтотуп, өргөөсүнүн түндүгүн тартпай
жатып калды. Орускан ары чалып кепке салды, бери чалып кепке салды. Акыры
аялына мындай деп акыл салды: «Барып кызыңды көндүр, мени элге күлкү
кылбай тезирээк аттансын. Кыз бала душман дегени чын белем, жылкымдын
атасы — Чалкуйрук, төөмдүн куту — Чаар инген, аларды коюп, калган малымдан
канча кааласа алсын. Жоого аттансам, жолдош болор, көзүм өтсө, атадан балага
калар мурас, Кыл торко менен Көк жекени таштап, жети кабат казынамдан
каалаган буюмун алсын, душманчылыгын көрсөтпөсүн» деди. Энеси барып
кызына атасынын сөзүн айтты эле, Кенжеке ыйлап туруп: «Атам мени эрге
берген жок, шорго берди. Төштүк менен жети күнү жолдош болбой, жети жылга
айрылып, жети жылы жесир отурам. Ошондо Төштүккө адамдан эстүү Чал куйрук
арка болор деп суратып жатам» деди. Орускан муну угуп, кызымдын сураганы
жөн экен, ыйлаганы эп экен деп, тогуз кыздын кенжеси Кенжекеге ок жетпеген,
кырк эки жандуу Чалкуйрук атты мингизип, Чаар ингенге жүк артып, Кер
байталга мингизип, Куйту күндү көч менен кошо жөнөтөт. Көч узай бергенде
Элеман Төштүк берип жиберген болот өгөөнү кичи келинине тапшырды. Ал өгөө
жөнөкөй өгөө эмес, касиеттүү өгөө эле. Төштүк төрөлгөндө энесинин курсагынан
кошо түшкөн болучу. Кенжеке аны бек катып алды. Ошентип көч жүрүп отуруп
бир суунун жээгине келет. Ал күнү суунун жээгине тогуз өргөө тигип, өр алышат
да, эртеси андан ары жол тартышат. Ошондо сөөлөт менен көчүп келаткан 'көч
алдынан Түштүктү көрүп, ага ашык болуп калган перинин кызы Бектору тосуп
чыгып, Кенжекеге тийиштик кылат:
— Минген атың Чалкуйрук,
Маарек болсун, кут болсун, Кенже!
Жетелеген Чаар инген,
Маарек болсун, кут болсун!
Ээрчиткениң Куйту күң,
Маарек болсун, кут болсун!
Үстүңдөгү Кыл торко,
Маарек болсун, кут болсун!
Бутуңдагы Көк жеке,
Маарек болсун, кут болсун!
Кошулганың алп Төштүк,
Маарек болсун, кут болсун!
Бекторунун күнүлүгү бар экенин аяр катын Кенжеке алдын ала билчү экен,
ошондо ачуусу келип:
— Минген атым Чалкуйрук,
Атакем берди, мен миндим.
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Жетелеген Чаар инген,
Атакем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Ээрчиткеним Куйту күң,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Үстүмдөгү Кыл торко,
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу?
Бутумдагы Көк жөкө.
Энекем берди мен алдым,
Сеникин тартып алдымбы, долу? —
деп кагып салып бастырып кетет.
Көч жүрүп отуруп, намаздигер ченде бир чоң сууга келип жетет. Элеман:
«Жүктү түшүрүп, өргөө көтөргүлө», — деп буюрат. Кенжекенин чый-пыйы
чыгып: «Атакеме айт, ушул жерден өтүп барып өрүш алсын» деп киши жиберет.
Элеман: «Келбей жатып, кепке-сөзгө аралашканын кара» деп болбой коет.
Кенжеке көзүнөн жашын чубуртуп, бирок айласы канча, алеки саатта өз өргөөсүн
тиге салып, түтүн булатат. Элеман: «кап ушул келинде бир касиет бар көрүнөт,
сөзүн угуп койсом да болмок экен. Эми болору болду» деп коюп, жатып калат.
Элеман эртеси эрте туруп, аттарды сугарып турса, сууда бир өпкө агып келе
жатат. Өпкөнү укурук менен сайгыласа, токтобойт, түшө калып колу менен
кармаса, өпкө жети баштуу желмогуз кемпир болуп абышканы көтөрүп уруп,
көөдөнүнө минип алып желе баштайт. Ошондо Элеман кемпирге жалынып:
«Үңкүр толгон пулум бар, короо толгон коюм бар, өрүш толгон жылкым бар,
жайыт толгон төөм менен уюм бар, баарын сага берейин, жанымды кой» деп
жалынат.
— Сен ошондо үңкүр толгон пулуң, короо толгон коюң, өрүш толгон жылкың
меники эмей кимдики —
деп ыгырып-ыгырып алганда чалдын оозунан буудак-буудак кан чыкты.
Элемандан ал кетти: — «Көчүрүп келе жаткан тогуз келиним бар, баарын
берейин, жанымды кой» деди. Кемпир ага дагы болбоду эле, Элеман «сегиз уулум
бар, баарын берейин, жанымды кой!» деди. Кемпир ага дагы болбой
ыгырып-ыгырып алды. Ошондо Элеман ыйлап туруп мындай деди:
Тогуз уулдун кенжеси,
Бир кудайдын пендеси
Төштүгүмдү берейин.
Жез кемпир Элеманды кое берип: «Бая эле ошентпейсиңби, Төштүктү мага
кандайча кылып бересиң?» деди. Элеман: «Төштүк төрөлгөндө өзү менен бирге
энесинин курсагынан түшкөн болот өгөө бар, эртең көч жөнөгөндө өгөөнү түп
тулганын түбүнө сайып кетем. Аны издеп Төштүк келет, ошондо кармап ал» деди.
Көч жөнөрдө Элеман Кенжекеден: Жүгөнүмдүн кадаасы чыгып кетиптир,
кадап алайын, өгөөнү алып бер» деди. Кенжеке бери карап күлүп, ары карап
ыйлап туруп, өгөөнү алып берди. Аңгыча көчдүн алды узай берди. Кенжеке кете
албай кылчактап; «Өгөө бошосо сандыкка салайын» деп сурады эле, Элеман:
«Азыр бошой элек, бастыра бер деп койду. Кенжеке Чаар ингенди оодара жүктөп,
оңдогон болуп тулганын түбүндөгү өгөөнү алсам деп аттанбады. Аны кайнатасы
байкай коюп: «Келбей келин баштарбы, жер ыраак жете конобуз, бастыргыла»
деди. Кенжеке кайнатасынын сөзүнө ызаа болуп: «Жетимиштеги атасынын жаны
аялуу болсо, мейличи» деп чү коюп бастырып кете берет экен.
Көч жүрүп отуруп, эл четине жакындап калганда Төштүк көчтүн алдынан
тосуп чыкты эле, Кенжеке:
— Кызыл куурай кыякчы,
Кыяктын үнүн укпаймын,
Кыйкаңдатпай оолак тарт, Төштүк!
Чогоно куурай чоорчу,
Чооруңдун үнүн укпаймын,
Чойкоңдотпой оолак тарт, Төштүк!
Атакемдин төрүндө, Төштүк!
Энекемдин колунда, Төштүк!
Же шыбыраша сүйлөшүп, Төштүк!
Же шыңкылдашып күлүшүп, Төштүк,
Сенин эч урматың көрбөдүм, Төштүк! —
деп буркурап-боздоп ыйлап, Төштүктү жанына чеңдетпей койду. Кенжеке айлына
барып үйүн тикти. Төштүк үйүнө кирсе да даарытпады. Буга ал капаланып: «Атам
бир долуну мага алып келген экен» деп, желенин жанына барып жатып алат.
Эртеси Элеман чоң той берип, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылды. Тойго
кырк уруу журттан эл чакырылды. Ошентип, той аяктап, жети күн өтүп,
сегизинчи күнгө аяк басканда гана Кенжеке долу жибип, Төштүктү кепке-сөзгө
алып:
— Алтымышта атакең жаны аялуу,
Алдейлеген алп Төштүк,
Сенин жаның аёсуз,
Жетимиште атакең жаны аялуу,
Жетилип келген алп Төштүк
Сенин жаның аёсуз, —
деп көчкөн журттагы тулганын түбүндө калган болот өгөөнүн жайын айтты.
Эртеси Кенжеке Төштүккө: «Өгөөгө минип бара турган атыңды алып кел!» деди.
Төштүк жайытка барып алты аяктуу ала атты алып келди эле, Кенжеке атты
көрүп:
— Карган бээнин баласы,
Картасы кыска мал экен,
Алты күнү жол жүрсө
Ичи катчу неме экен.
Бул жорго жарабайт, дагы башка атың болсо алып кел дейт. Төштүк жайытка
барып, аяктуу жердени алып келди эле, ал да Кенжекеге жакпады:
— Жети аяктуу жээрде,
Байтал бээнин баласы,
Маңдайы жука мал экен,
Жети күнү жол жүрсө
Жеттигип калчу неме экен.
Эки-үч таң ашканга туруштук бере албайт. Дагы башка атың барбы?» дейт.
Төштүк «жок» дейт. Анда Кенжеке:
— Катындын аты дебесең,
Чалкуйрукту мин, Төштүк!
Катындын тону дебесең,
Кыл торкону кий Төштүк!
Катындыкы дебесең,
Көк жекени кий Төштүк! —
дегенде Төштүк макул болду. Ошентип, Кенжеке Төштүккө ок жетпеген
Чалкуйрукту токуп мингизип, ок өтпөгөн Кыл торко тонду жана Көк жекени
кийгизип: «Эрдигиң бар, эсиң жок Төштүк, элирип кете көрбөгүң, адамдан эстүү
Чалкуйрук адашсаң оңго салар, алдансаң жөнгө салар. Аттын сөзү дебестен,
айтканына көнө көр. Сени Чалкуйрукка тапшырдым. Чалкуйрукту кудайга
тапшырдым» деп батасын берип буркурап ыйлап кала берди.
Төштүк Чалкуйрукту минип, журтта калган өгөөнү көздөй жөнөдү. Ана-мына
дегиче, ачып-көздү жумгуча, журтка жакындап калды. Ошондо адамдан эстүү
Чалкуйрук адамча сүйлөп:
«Түп тулганын түбүндө бир кемпир ийик ийрип отурат. Мен ооз жарма
үйрөнбөгөн тай болоюн, сен алты жашар бала болгун. Желмогуз кемпирге
барганда, «Ассалоом алейкум, эне киши!» де, кемпир: «Алейкима салам, алеки
бала киши. Ата балам, саламың болбосо саргартар элем» дейт. «Атаа, эне алигиң
болбосо алсыратар элем» деп сен айт. «Энеке мына бул өгөөнү алып берчи,
мингеним ооз жарма ылоо тай эле түшсөм аттана албайм, аттансам түшө албайм»
де. Кемпир: «Олтурсам туралбаган, турсам отура албаган бир кемпир элем, өзүң
түшүп ала кой» дейт. Ошондо мен боз коёндой жапыз болоюн, сен боз куштан
илгир бол, кемпирдин жети башын ыргыта чаап, өгөөнү илип алсаң, бизге кудай
бергени, ала албасаң бизди кудай урганы, Чалкуйрук үйрүн, сен үйүңдү
көрбөйсүң» дейт.
Төштүк кемпирдин жанына барып айтышып туруп, алты башын кылыч менен
кыя чапты. Кемпир качып берди. Төштүк артынан кубалап калды. Аттын
туягынын дабышынан тоо жарылып, көл болду. Тоодой таштар үбөлөнүп, кумга
айланды, аңгыча кара жер как жарылып кемпир жер астына кирип кетти. Төштүк
кууп артынан кошо кирди. Көрсө, желмогуз кемпирдин Төштүккө келишинин
себеби мындай экен. Жер алдындагы Урумкандын Узун чач аттуу кызы жер үстүндөгү тогуз уулдун кенжеси, Элемандын эркеси Төштүккө ашык болуп калат
да: «Төштүктү азгырып алып кел» деп, Жети баштуу желмогуз кемпирди
жиберген экен.
Төштүк жер алдын кыдырып жүрүп отурса, тээ алыстан бир тоо көрүнөт.
Жакын бастырып барса, тоо эмес, дөө көрүнөт. Көрсө ал Урумкандын Ак тулпар
деген аты, алты баштуу Айкулак аттуу алпы экен. Төштүк жер алдына түшүптүр
деген кабарды угуп, «аны менен кармашам» деп, анын жолун тосуп, күтүп жаткан
экен. Аңгыча Айкулак алп: «Катындын атын минген, катындын тонун кийген,
Төштүк сага жол болсун? Айкулак аттуу алпты уккан жок белең. Алың болсо,
алышка түш, күчүң болсо күрөшкө түш» деп айкырат. Ошентип экөө ат үстүндө
жети күн, жети түн кармашты. Аттары чарчап, жүрбөй калды. Атчан эч алыша
албай, жөө күрөшкө түшүштү: Алышканы айры кезең, сүрүшкөнү сүйрү кезең
болуп, тополоң болуп тоо көчтү, мунар болуп боз түштү. Акыры Төштүк
Айкулакты көтөрүп ыргытып, алачыктай ак таш менен башын жанчып өлтүрмөк
болгондо Айкулак жалынып: «Төштүк мени кыйнабай өлтүр, батегимдин
алдында, көк желкенин үстүндө алты бүктөлүп ак албарсым бар, ошону бек
көтөрүп, аста таштап башымды ал» дейт. Чалкуйрук «Сабыр кыл баатыр» дегиче
Төштүк ач албарстыны алып катуу шилтеп калды эле, алптын башын алып, ач
албарс жер алдына түшүп кетти.
Төштүк Айкулакты өлтүрүп, андан ары кетип бара жатса, жолдон бир адам
жаасын чоюп асманды карап турат. Төштүк келип, тигинин жөн-жайын сурады
эле, ал: «Көзгө атар Маамыт деген менмин. Жер үстүнөн Элеман байдын эр
Төштүк азып, чарчап келатат дегенди угуп, аны жети жылы туу калган казды
атып конок кылайын деген элем, мени жаздырып коё жаздадың» дейт. Анда
Төштүк: «Ошол сен күткөн Элемандын Төштүгү менмин» дейт. Ал жерден тиги
киши асмандагы жети жылы туу калган казды атып түшүрүп, конок кылат.
Төштүк көзгө атар Маамыт менен достошуп, андан ары жөнөп кетип бара жатса,
алдынан бир жейренди кубалаган адам чыгат. Ал жейренге жете келип, башынан
секирип кетет да, кайта кубалап калат. Төштүк бул эмнеси деп таң калып, жанына
келип: «Сен эмне кылып жүргөн адамсың?» деп алигинин жайын сурады. Анда
тиги жейрен кубалаган киши: «Жейрен секиртпес Маамыт деген менмин, жер
үстүнөн Элеман байдын эр Төштүгү келатат дегенинен аны конок кылайын деп,
күтүп жаттым эле» деп жейренди союп, Төштүк менен достошот.
Төштүк андан жөнөп бара жатса, бир дайраны бир ууртап алып кургак жерге
төгүп коюп, бир адам жолдо отурат. Төштүк: «Сен эмне болгон адамсың?» дейт.
Анда тиги адам: «Аты арып, өзү суусап, жер үстүнөн Төштүк келатат дегенинен
таза суу даярдап, күтүп отурдум эле, көл ууртар Маамыт мен болом» дейт. Төштүк
көл ууртар Маамыт менен достошуп андан ары жөнөдү.
Кетип бара жатса, бир дарыянын боюндагы Чынар терекке оролушуп бир
ажыдаар теректин башына чыгып бара жатат. Төштүк теректин башын карап,
чыпылдап турган Алпкаракуштун эки балапанын көрөт да, ажыдаарды атып
өлтүрөт. Ажыдаарды бөлө-бөлө чаап, аны көтөргөн бойдон уяга чыгып барса,
Алпкаракуштун балдары сүйүнүп тосуп алышты да, мындай дешти:
«Энебиз келер маалга жакын калды. Сени катып коёлу, ачуусу таркагандан
кийин көрсөтөбүз». Ошентип балапандар ажыдаар менен Төштүктү канатынын
алдына катып, коёт. Бир мезгилде күн бүркөлүп катуу шамал болуп, мөндүр төгүп
өтөт. Аңгыча бир чоң кара неме чынар теректин башына келип конду эле,
теректин башы үч жолу жерге тийип, үч жолу асманга көтөрүлүп барып ордуна
келди. Көрсө Алп каракуш учуп келген экен, төгүлгөн мөндүр анын көзүнүн
жашы экен, Алпкаракуш балдарын көрүп, алардын аман калганына сүйүнүп: «Ээ
балдарым, кандайча ажыдаардан аман калдыңар?» деп сурады. Балапандар: «Эне,
жакшылыкты мурун көрсөтөлүбү, же жамандыкты мурун көрсөтөлүбү?» дешти.
Алпкаракуш: «Жакшылык кылганга башым токмок, каруум казык, болгуча
жакшылык кылам. Элден мурун жамандык кылганды көрсөткүлө» деди.
Балапандар ажыдаарды көрсөттү эле, Алпкаракуш аны ап эттирип жутуп
жиберип: «Эми жакшылыкты көрсөткүлө» деди. Төштүктү көрсөткөндө аны да
жутуп жиберет. Балапандардын чыйпыйы чыгып: «Өлгөн жаныбызды тиргизген,
өчкөн отубузду тамызган кишини кайра кус» деп ыйлап энесинин тамагын
тыткылап жиберишет. Алпкаракуш өкүнүп: «Атаа, балдарым ай, баштагыдан да
эр болот эле, ок өтпөс, кылыч кеспес кылат элем, кичине коё турбай» деп кайра
кусканда Төштүк баштагыдан да нурдуу болуп түшөт. Ошондо Алпкаракуш
жүнүнөн бир тал жулуп берип: «Башыңа кыйын иш түшсө ушул бир тал жүндү
түтөт, мен даяр боломун» деди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, бир ак жолборсту бир кара кулак кабылан
шер такымдап кууп келе жатат. Төштүк далдааланып туруп «качканды атпай,
кууганды атайын» деп кара кулак кабыланды атып жиберди эле, ал кулап түштү.
Аңгыча качкан жолборс жүгүрүп келип: «Досум, Төштүк жакшылыккажакшылык, жардамым тиер, качан башыңа кыйын иш түшсө, түтөтсөң, мен даяр
болом» деп мурутунан бир кыл жулуп берди.
Төштүк андан ары жөнөп отурса, алдынан калың токой чер кезигет. Черди
аралап бара жатса, аюунун үч баласы кыңылдайт. Төштүк караса буттарына
чөнөр кирип, ириңдеп кетиптир. Аны алып таштады эле, жандары жай алып
калды. Эне аюу Төштүк менен достошуп, «Башыңа кыйынчылык келсе, муну
түтөт, ошо замат мен даяр болом» деп бир мурутун жулуп берди.
Төштүк андан жөнөп олтуруп, Урумкандын шаарына барат, ханга жуучу
салып: «Узун чачын мага берсин» деп ай1*?ырат. Анда Урумкан «Мен Төштүктөн
мал албайм, мөөрөй коем, ошого жараса берем. Биринчиси — менин жолборсума
жолборс таап келип күрөштүрсүн» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле,
жолборс досу дароо даяр болду. Ачыккан жапайы жолборс Урумкандын тоодогу
жылкыларын тоодон кырды, ойдогу жылкыларын ойдон кырды. Андан эки
жолборсту күрөштүрдү эле, Төштүктүн жапайы жолборсу хандын бакма
жолборсунун мойнун сый тиштеп салды.
Анда У р у м к а н: «Экинчи мөөрөйдүн шарты — бул. Менин бир илбирсим бар,
ошого илбирс таап келип күрөштүр» деди. Төштүк баягы кылды түтөттү эле,
илбирс досу дароо даяр болду. Ачыккан илбирс койчубу, Урумкандын ойдогу
койлорун ойдон, тоодогу койлорун тоодон кырып хандын бакма илбирсинин
мойнун сый тиштеп, кете берди.
У р у м к а н: «Үчүнчү мөөрөй бакма карышкырым бар, карышкыр таап келип,
кармаштыр» деди. Төштүк баягы карышкыр досу берген кылды түтөттү эле,
карышкыр досу даяр болду. Урумкандын калган каткан койлорун кырып,
беттештиргенде бакма карышкырдын мойнун сый тиштеп баса берди.
У р у м к а н: «Төртүнчү мөөрөй, бакма аюум бар, аюу алып келип кармаштыр,
төйдун эти бышкандай тоодой отун жый» деди. Төштүк кылды түтөттү эле, досу
отуз аюуну айдап, аюуларга отунду жүктөй келди. Жапайы аюу Урумкандын
аюусунун мойнун сый тиштеп өлүм кылды.
У р у м к а н: «Бешинчи мөөрөй, Ит ичпестин Ала-Көлүнүн түбүндө кырк
кулактуу миз казан бар, ошону алып кел, эт салып бышырабыз деди. Төштүк
көлдүн боюна барып чечинип» казанды алып чыгам деп, түшмөк болду эле,
адамдан эстүү Чалкуйрук күйүп күл болду:
Эрдигиң бар, эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок.
Ит Ичпестин Ала-Көлү оңой жоо эмес, көлгө мен түшөм жети күнү күт. Жети
күн дегенде көлдүн үстүнөн ак көбүк оргуштап чыкса, кудай бизге бергени, кан
аралашып оргуштаган көбүк чыкса, мен үйрүмдү, сен үйүңдү көрбөйсүң деп,
Чалкуйрук көлгө кирип кетти. Ал көл жээгинде жети күн күттү. Жети күн дегенде
көлдүн үстүнөн кан көбүк толкуп чыкканда Төштүк коркуп:
Ит Ичпестин Ала-Көл,
Аталуу көлүм сен болсоң,
Айтылуу Төштүк мен болсом,
Жолоочунун жалгыз атын бер деймин,
Жалгыз атын бербесең,
Айры кетмен албасам,
Алты арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун
Жебелүү кетмен албасам,
Жети арыкка бурбасам,
Төштүк атым курусун,
Эгерде ага болбосоң,
Айры кетмен аламын,
Алты арыкка бурамын,
Жебелүү кетмен аламын,
Жети арыкка бурамын,
Түбүң менен соолтуп,
Түгөл чалчык кыламын.
Көл ууртар Маамытка ууртатып, кургак жерге куйдуруп, түбүң менен соолтуп,
ак чопо кылам деп, жерди тепкилеп турду дейт. Ошондо көл — көл башы менен
эси чыгып толкуганда казандын бир кулагы көрүндү. Төштүк ачуусу менен алып
ыргытканда Урумкандын шаарынын бир бөлүгүн суу басып, бир бөлүгүн казан
басты. Муну көрүп Урумкандын эси чыгып: «Балам Төштүк, мөөрөй сеники
казаныңды ал» деди. Төштүк казанды алып, кайта көлгө ыргытып жиберди.
Ошол кезде Чалкуйрук көлдөн чыгып келип:
«Эрдигиң бар эсиң жок,
Эчтеме менен ишиң жок
Айтсам тилим албаган,
Аңкоого башым не коштум.
Кырк эки жаным бар эле, жети эле жаным калды, чымчып чөп бербей кочуштап
суу бербей, казан менен алек болгонуң кандай?» деп таарынды. Төштүк аттын
сөзүнө жыгылыштуу болуп, жетелеп тойгузуп, жейрендей секирип калганда
Урумкандын шаарына алып барды.
«Урумкан: Алтынчы мөөрөй эми күрөш болот» деди. Урумкан өзү балбанга
чыгып, Төштүктөн жыгылып калды.
Урумкан: «Жетинчи мөөрөй, эми ат чабылат» деди. Төштүк Чалкуйрукту
Жейрен секиртпес Маамытка мингизип чаптырды. Баягы желмогуз кемпир жети
күнчүлүк жерге ат айдап, болжогон жерге келгенде» аттар сууганча жатып эс
алып алалы» деп, Маамытты алдап уктатып коюп, «чу» коюп кете берет. Кемпир
кара санын камчылап бир күнчүлүк жолго барганда Чалкуйрук жерди чапчып
Маамытты араң ойготот. Ал тура калса, Урумкандын аты эчак кеткен. Маамыт
шашып-бушуп Чалкуйрукту көтөрүп алып чуркап, кемпир тууга жакындаганда
алдыга чыгып барат экен.
Урумкан: «Сегизинчи мөөрөй, эми жамбы атыш» деди. Жамбыны көзгө атар
Маамыт атып түшүрдү.
Урумкан: «Тогузунчу мөөрөй, жер дөңгөчүм бар, ошону мүйүз саптуу шырыган
кийиз балта менен жара чап» деди. Төштүк: «Эмне арга кылам?» деп, алапайын
таппай, айласы кетип Узун чачка Маамыттын бирөөн жиберди эле, Узун чач
колундагы алтын шакегин чыгарып берип: «Үстүртөн теңиримдин, астыртан
ата-энемдин деми, колуктум Узун чачтын деми» деп жазбай чапса, тең жарылат
деп айтып жиберди. Төштүк алтын шакекти оозуна салып туруп, кыздын айткандарын айтып, мүйүз саптуу шырыган кийиз балта менен дөңгөчтү чапты эле
эки бөлүнүп жатып калды.
Баардык мөөрөйдөн жеңилген соң, Урумкан: «Эми мөөрөй бүттү колуктуңду
ал» деп, Узун чачты Төштүккө нике кыйып алып берип жер үстүнө жөнөмөк
болду. Той да бүттү, кыз-күйөөнүн аттанаар маалы жакындады. Ошондо Урумкан
Төштүккө: «Эми жер үстүнө кантип чыгасың?» деди. Төштүк Алпкаракуштун
жүнүн түтөттү эле: «Ээ досум, башыңа не иш түштү?» деп Алпкаракуш дароо даяр
болду.
Төштүк досуна иштин жайын баяндап, «эми мени жер үстүнө чыгар» деди.
Алпкаракуш макул болуп: «Мага кырк маралдын эти керек, кырк чака суу керек»
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 08
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.