Latin

Балдар фольклору - 09

Total number of words is 4107
Total number of unique words is 1727
36.7 of words are in the 2000 most common words
50.3 of words are in the 5000 most common words
56.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
тең келип калат экен. Алтынай: «Киши ичсе уктабай турган тамак бар бекен?» деп
сурады эле, бир кемпир: «Киши ичсе уктабай турган тамак жок. Тырмагыңды таза
алып койсоң уктабайсың» деди. Алтынай тырмагын алып отуруп, бир тырмагын
таза жулуп коюп, ошол колунан кан чыгып кетсе, чочуган бойдон алиги кемпирди
жүрөккө муштап жиберсе, жүрөгү үзүлүп кетип, өлүп калат. Кыз уктабай карап
отурса, алды калдыр-кулдур этет. Карап турса бир жигит чыгып келди, сол
бетинен бир өөп, сол чачынан бир сылаарда Алтынай кармай калып: «Сен эмне
кылып жүргөн жансың?» деди.
Мен ушундай жер үстүндөгү Жаныбек хан дегендин уулумун. Сиздин
даңкыңызды угуп, атайын келдим эле. Кечээ сизге келип ойгото албай, оң
бетиңизден өөп, оң чачыңыздын бир талын алып кеттим эле» деди Алназар Бакы.
Кыз: «Мен эрге тийбей жерге тиемби? Жер үстүндө Жаныбек хандын баласы
болсоң, мен сага тийбегенде кимге тием? Мени алчу болсоң ата-энеме айт» деди.
Бала үйүнө барып, алиги багып алган атасына: «Айгандын кызы Алтынайга
жуучу бол. Мен Алтынайды аламын» деди. Анда атасы: «Оо кокуй балам, хан
биздин эмнебизди алат, эмнебизге кызыгып берет? Жеке өтүктүү жете албай,
жоор өтүктүү бата албай жүрсө, балам, бизге эмне деп берет» деди. «Сиз жуучу
болуп барбай турган болсоңуз, мен мындан көрө житип жоголом» деди. «Ушул
баламдан оңолдук эле. Таздын көөнү болбосо, таза кыздын көөнү эмеспи
дегендей, баламдын көөнү эмеспи? барсаң боло» деп кемпири абышкага айтты.
«Макул болот» деп, атасы көк өгүзүн минип алып: «Мен элчимин, жуучумун
ханым. Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок, ханым» деп барды. «Эй,
каңгыган абышка, эмне дейт? Өгүзүнүн куйругуна сүйрөтүп кое бергиле!» деди
хан. Абышканы жыга чаап, өгүзүнө артып кое берди. Кемпири көрө коюп: «Кокуй,
уулум, катының менен куруп кал, абышканы өлтүрүп, өгүзүнө артып кое
бериптир» деди.
— Деги эне көөдөнү бүтүн барбы? деди.
— Ооба.
— Эмесе кейибе, — деди да: «Эртең атам куландан соо болуп турсун деп
жатып калды. Эртең менен атасы азанын айтып турду.
— Ата, барасыңбы? деди.
— Эй, балам, барам, деп чал ханды карай жөнөдү.
— Мен элчимин, жуучумун, ханым! Элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук
жок, ханым! — деп жанына барды.
Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое бергиле! деди
хан жигиттерине. Абышканы өлтүрүп, жилик-жилик кылып, өгүзүнө артып кое
беришти.
Кечинде өгүз дагы келди! Кемпири көрүп: «Айланайын уулум, абышканы
жилик-жилик кылып кое бериптир» деди. «Эй, эне! Иши кылып мүчөсү келсе
болду» деп бала чалдын жилигин эптеп, кийимин жаап коюп: «Эртең менин атам,
азанын айтып турсун» деп жатып калды.
Атасы эртең менен азанын айтып турду.
— Эй, ата, ханга барасыңбы? деди баласы.
— Эй, балам, барамын, — деп көк өгүздү минип алып, мурунку айткан сөзүн
айтып дагы барды. «Абышканы өлтүрүп, сөөгүн өрттөп күлүн артып жибергиле»
деди хан. Абышканы өлтүрүп сөөгүн өрттөгөнү жатканда Алтынай бир күңүн
жумшап: «Томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна байлап
жибергиле» деди эле, алар томугун алып, ак чүпүрөккө түйүп, өгүздүн куйругуна
байлап жиберди.
«Кокуй, уулум, өгүз келе жатат. Абышка жок» деп кемпир дагы чыйпыйы
чыкты. Бала өгүздүн куйругундагы томукту таап алып, кийимин жаап: «Атам
эртең менен азанын айтып турсун» деди. Атасы эртең менен азанын айтып турду.
Абышкага баласы: «Дагы барасыңбы?» деди эле, ал: «Барамын» деп жөнөп кетти.
Абышка ханга келип: «Мен элчи жуучумун, ханым. Элчиликке өлүм жок,
жуучулукка кордук жок» деп дагы айтты эле хан: «Бул тегин чал эмес экен го» деп
ойлоп: «Сенин эмнеңди жейин, малың жок болсо, төрт-беш мөөрөй кылам. Ушу
мөөрөйдү бүтүрсөң ал. Уулуңду кечинде жибер» деди.
Абышка үйүнө келгенден кийин Алназар Бакы жолдоштору менен кечинде
хандыкына келишти.
«Келсеңер тамда эки бакма жолборс бар, ошону сойгула» деди хан.
Алназар жолборстун мурутун куйкалап койду эле, баягы дос болгон жолборс
даяр болду. Ал жолборстун төрөсү экен, сарайга кирип, экөөнүн мойнун сый
тиштеп чыга калды. Алназар Бакы жилик-жилик кылып союп, текче-текчеге
алып коюп, биринин терисин жамынып, биринин терисин салынып жатып алды.
Эртең менен хан ойгонуп туруп: «Эй желдеттер барсыңарбы? Бая жолборстун
үйүн сасытпай баланын өлүгүн сүйрөп таштагыла!» деди. Бир желдет барып: «Эй,
таксыр, жолборсту өлтүрүп коюптур» деди. Падыша калп айтты деп ойлоп, жана
бир желдетти жиберди эле, ал дагы: «Эй таксыр, айтсам да өлдүм, айтпасам да
өлдүм, жолборсту жилик-жилик кылып таштаптыр, биринин терисин жамынып,
биринин терисин салынып алыптыр деди.
Эртеси хан жүз теңгени камыштын арасына чачтырып: «Ушу теңгени таап
бер!» деди.
Алназар Бакы баягы кумурсканын бутун куйкалап койду эле, жүз кумурска
даяр болуп тура калды. «Мына бул камыштын арасына хан жүз теңге чачтыртты.
Ошону таап алып чыккыла» деди Алназар Бакы.
Кумурскалар акчаны бир-бирден сүйрөп чыгышты. Санаса бир теңге жок.
Кумурскаларды кайта жабылтты. Кайта жабылтканда караса баягы бир бутун
үзүп берген кумурска сүйрөй албай жүргөн экен. Алназар Бакы хандын акчасын
кумурскаларга бүт жыйнаттырып келип берди эле, хан: «Эми эртең менен бир
киши чыгарамын, Алназар Бакы бир киши чыгарсын. Экөөнүн колуна эки чайнек
беребиз. Алар көз көргүз жерден суу алып келет. Анын кишиси мурун келсе,
мөөрөй аныкы» деди.
Алназар Бакы тегирмендин ташын көчүгүнө байлаган кишисин жиберди. Хан
бир киши кошту. Хандын кишиси сууну чөмөрүп алып жолдун как ортосуна чейин
жеткизбей келе жатат. Ошондо берки тегирмен ташты ыргытып жиберип безип
жөнөдү. Хандын кишиси чалкасынан кетти, тигил киши кайра барып, сууну алып
келгиче, Алназар Бакынын адамы алда качан ханга алып барып берди. «Эми
кечинде жолдош-жороң менен ушу тамга кирип отур. Тамдын төбөсүнө жеткиче
көмүр төктүрөмүн. Туш-туштан көрүк менен бастырамын. Чыдап бересиңер —
деди.
«Көл ууртар, бир-эки көлдү ууртап кел!» деди Алназар Бакы. Хандын вазири
туш-тушунан усталарды жыйнап келип көрүктү бастырды. Темир ысып боз ала
болуп, ичиндегилердин демдери кысылып: «Төксөңчү сууну» дей беришти. Улам
«төк» деген сайын көл ууртар окшуп келип, «басып тура тургула!» деди. Бирөө:
«Ой бизди күйдүрүп өлтүрөсүңбү? » деп тура калып далыга бир муштады эле, көл
ууртардын оозунан суу атып чыгып, хандын шаарынын бир жагын кошо каптап
кетти.
Түнүндө Алназар Бакы кызга жүгүрүп келип, «эми эмне мөөрөй кылат?» деп
сурады, эле кыз: «Эртең кемегени казат, бир койду союп туруп, этин казанга
салат. Бир тутам шыбакты колуна берет. Ошону менен «этти бышыр» дейт. Кудай
берериңе алса, шыбак эт бышкыча күйүп турат, кудай бербесине алса, дүр этип
тамат да, өчүп калат. Кашыктагы кара суудан ууртатып, нике кыйып мени сага
алып берет. Тоюң ошо болот» деди.
Эртең менен койду союп, казанды асып, бир тутам шыбакты Алназардын
колуна берди. Алназар Бакы отту жакты. От күйүп, эт бышып жатты. Эт бышкан
убакта от өчтү.
Хан бир кашык кара сууга нике кыйып, Алназарга кызын берди. Алназар
кайнатасынын берген дүнүйөсүн үчөөнө бөлүп берип: «Эми жер үстүнө ким
чыгат» дегенде: «Алпкаракуш чыгат» дешти. «Алпкаракуш кайда болот» деди
бала. «Адырда бир булак бар. Ошол булакты өрдөп чыксаң, баш жагында калың
терек бар. Алпкаракуш так ошондо» дешти.
Бала эртең менен чыгып жүрүп отуруп, баягы булакка барды. Барса теректин
башында эки балапан: «Жеди эле жеди, жутту эле жутту» дейт.
Караса, тереке бир ажыдаар оролуп чыгып бара жаткан экен. Ошондо Алназар
Алтынайдын алтын шакегин колунан чыгарып алып: «Сен Алтынайдын шакеги
болсоң, ушул ажыдаарды мага өлтүрүп бергиң» деп урду эле, шакек бир жагынан
тийип, бир жагынан чыгып, ажыдаар бир убакта жерге шалак деп жыгылды.
Алназар кылыч менен ажыдаарды бөлө чаап алып, айбалта менен теректи
тепкичтеп отуруп, башына чыгып барды.
Барса эки балапан «Жутту эле жутту, жеди эле жеди» деп чыңырып жаткан
экен. Алназар: «Силер эмне кылып жаткан жансыңар?» деп сурады. «Биздин
энебиз чабыттап кетти эле. Ажыдаар келип жеймин дегенде, чыңырдык эле»
дешти. Алназар ажыдаардын куйругун эки балапанга бөлүп берип: «Энең кайсы
маалда келет?» деп сурады.
— Энем күүгүмдө келет.
— Кандай келет?
— Жолу болгондо, үйдөй таш үдүрөңдөп, койдой таш кодураңдап келет. Жолу
болбогондо, кызыл шамал ышкырык менен, бороон-чапкын менен келет.
Бир убакта балапандардын энеси келет. Келгенде бороон-чапкын менен узун
терекке келип конот. Узун терек чайпалып токтобой, кыска терекке келип конду.
«Жылда тууганымда балдарымды ажыдаар жеп кетүүчү эле. Бул маалга калмак
эмес эле. Башыма балаа балдарсыңарбы?» деп чыркырады. «Эй, энеке, башыңа
балаа эмеспиз. Жаныңа жапаа балдарбыз» деди балдары.
— Жакшылыкты көргөзөлүбү, жамандыкты көргөзөлүбү?
— Эй балам, жамандыкты көргөзчү! дегенде балдары ажыдаардын көкүрөгүн
көрсөттү эле, Алпкаракуш жутуп жиберди.
— Эй балам, эми жакшылыкты көрсөткүлө! дегенде, балдары баланы көрсөттү
эле, аны да жутуп жиберди.
«Кокуй, как баш, сал эле сал, ташта эле ташта!» десе кулгуп коюп таштабайт.
«Кой, как баш, ичинде ирип кетет, ташта эле ташта» дегенде: «Атаа, балдарым,
кое турсаңар болот эле. Баштагысынан эки эсе артык эр кылдым эле. Эми
биртике кое турсаңар, бүткөн боюн чылк темир кылат элем» деди. Жерге таштап
жибергенден кийин Алпкаракуш баладан: «Сен эмне кылып жүргөн жансың? деп
сурады эле, Алназар Бакы: «Мен үстүндөгү адам элем. Сени жер үстүнө чыгат
дегенинен келдим эле» деди. «Эми бүгүн балдарымдын кайгысы менен чабытым
аз болуп калды эле. Эртең чабыттап алайын. Бүрсүгүнкүгө кел. Кырк кашык суу,
кырк торгой ал», деди. «Бер дегенде бир кашык суу, бир торгойдон берип тур».
Убадалуу күнүндө Алназар Бакы Алтынайды алып келди. Алпкаракуш даяр
болуп турган экен. Алпкаракуш Алназарды үстүнө мингизип алып учуп жөнөдү.
Бер деген жеринен суу берип, эт берип жүрүп отурду. Бир жерге келгенде
Алпкаракуш: «Келе суу?» деди. «Суу түгөнүп калды», «Келе эт?» деди. «Эт түгөнүп
калды эле» деди Алназар.
Алы кеткен Алпкаракуш ылдыйлай баштады. Алназар ыйлап туруп ийри
такымынан кесип берди. «Келе суу» деди. Бир көзүн чегип берди. Жер үстүнө
чыкканда Алпкаракуш тамшанып: «Кийинки берген этиң менен сууң аябай
таттуу экен» деди. «Эт түгөнүп эңиштеп баратканда, ийри такымымдан кесип
бердим, суу дегенде көзүмдү чегип бердим» деди Алназар. «Эми далда жердеги
такымың турар деп, — көзүн бүркүпжиберген экен. «Жакшылыкка жакшылык, ал
өлгөнчө жакшылык, жамандыкка-жамандык, ал өлгөнчө жамандык» деп,
Алпкаракуш коштошуп алып, жерин карай учуп кетти. Алназар Бакы келинчегин
ээрчитип алып, жез кемпирди карай жөнөдү. Бир нече күн жол жүрүп, Алназар
Бакы бир күнү үшкүрүндү. «Сен эмне үчүн үшкүрүндүң?» деп сурады Алтынай.
«Эми мен сага жок, сен мага жок» деди Алназар Бакы.
— Эмне үчүн биз бири-бирибизден ажырайбыз?
— Бир жез кемпир сага жумшады эле, ошонун күчү менен сага бардым эле.
— Атаганат, аны атамдын төрүндө экенде айтсаңчы! Атамдын Мыка деген
кушу бар эле. Ошону алып келип, көзүн чокутуп өлтүрөт элек. Адамга жай
бербеген желмогуз абышкасынын көзүн чокутуп өлтүрттүм эле. Өчөштүк менен
мага жиберген экен. Анын өзү качып кутулуп кетти эле. Эми илгери барсак, бир
түптүү көк таш бар. Ошого барганда мен жибектен аркан эшейин, мени ошо
ташка бек таңып байлап кой. Анан сен баргын: «Алып келдиңби?» дегенде, «алып
келдим» деп айткын. «Кайда?» дегенде, «балан жерде» деп айтарсың. Ошондо
жылан болуп мени карай окторулуп сойлоп жөнөр. «Атаңдын көрү, түбү куртка
жакшылык кылган оңбосун» дегин. Ошондо «эмне болду» деп кылчайып тура
калат. «Менин карыным ач» деп айтсаң, «ме ачкыч, тамакты өзүң барып ич» деп
ачкычты ыргытып жиберер. Дарбазаны ачып, коргондун ичине кирсең, төрүндө
бир боз там бар. Ичине кирсең, тыягы сандык, быягы сандык, орто жеринде
койдой боз сандык. Ошону бат жара теп. Аны жара тепсең ичинде кол башындай
сандык бар. Кол башындай сандыкты жара тепсең, ичинде жети кара кучкач
жаны бар. Ошолордун башын бат-бат үзүп өлтүр» деди. Алназар жез кемпирге
барды. «Алып келдиңби?» — деди.
— Алып келдим, палан жерде турат — деди. Кемпир жылан болуп окторулуп
сойлоп жөнөдү.
— Атаа, деги куртка жакшылык кылган оңбосун. Мен ачып-арып,
жөө-жалаңдап келсем, тамак жөнүн айтпастан кетип баратасың.
— Мына тамакты өзүң алып ич, деп кемпир ачкычты ыргытып жиберди.
Алназар дарбазаны ачып, төрдөгү боз тамга кирип, койдой боз сандыкты жара
тээп, ичиндеги кол башындай сандыкты жара тээп, ичиндеги жети баштуу
кучкачтын башын үзүп, кайта кызды карай жөнөдү.
Кызды карап жүрүп келсе, бута атым жерде ажыдаар жыгылган экен. Кызга
жүгүрүп эси ооп жаткан экен. Кызды таштан чечип, сууга салып эс алдырып,
кемпирдин шаарына келишти. Экөө эзилишип, «бизге оңой менен мындай шаар,
мындай дүнүйө табылбайт» деп жатты. Алтынайдын боюна бүтүп, эгиз эркек
бала төрөдү. Агасынын атын Асан, инисинин атын Үсөн койду.
Бир күнү каалганы бекитип койсо, бир киши келип, каалганы кагат. Алтынай
нан бышырып, Алназар Бакы үйдө олтурган экен.
Алназар Бакы тура калайын деди эле, зайыбы басып койду. Өзү барып эшик
ачты. Ал киши Алтынайдын сулуулугунан чалкасынан кетти. Алтынай жоолук
менен желпип эс алдырып, бир нан берип, кошунуна жиберди. Көрсө, жаңыдан
келип конгон кербен экен. Ал кайрылып кошунуна: Эй кербен башы, бир сулуу
айым көрдүм. Ошону сага алып берсем мага эмне берер элең? деди.
— Ушу жолго алып чыккан малымдын жартысын берер элем. Айымды мага
кандай кылып алып бересиң?
— Адам өлтүрө турган уу таап бериңиз. Бир аттын жүгүн бериңиз. Калган
айласын өзүм табамын.
Кербендерди жөнөтүп жиберип, алиги кербенчи Алназар үнүн угардай жерге
келип: «Как жүрөгүм, кара боорум» деп чыңырып жатты. Алназар Бакы: «Ушул
кудай урганды жөнөтүп жиберейинчи, кишинин кулак-мээсин жеди» деп
кербенчинин жанына келип жайын сурады.
— Эй садагаң кетейин. Бир аттын жүгү менен жолдошторум таштап кетти.
Кара боорум, как жүрөгүм ооруйт.
Анда Алназар Бакы мен эле жүктөп берейин деп, бир жаккы жүгүн жөлөтүп
туруп, экинчи жагын жаңы коюп жатканда кербенчи ууну үйлөп жиберди.
Алназар Бакы ошол замат чалкасынан кетти. Аңгыча кыйкырык чуу чыгып,
кербенчилер шаарга кирип келди. Коркуп кеткен Алтынай эки баласын бир
чуңкурга тыга салып, үстүн бир курмушу менен жаба салып, бир карын майды
үстүнө таштай салды. Кербенчилер дүнүйөсүн алып, Алтынайды олжо кылып
жөнөдү.
Баягы кербенчи Алназар Бакыга ууну чала үйлөгөн экен, эс алып үйүнө келсе,
эч нерсе жок экен. Карап турса, бир чуңкурда кың-кың үн чыгат. Ача салса бир
карын май менен эки баласы. Алназар Бакы баласын көтөрүп алып, мурунку
келген эски жолун карап жөнөдү. Жөнөп кетип бара жатса, алдынан бир өзөн суу
жолукту. Улуу баласын жээкке коюп, кичүүсүн көтөрүп алып суудан кечти.
Суунун ортосуна келгенде сыйгаланып, жыгылып сууга түшүп агып кетти.
Жээктеги баласын карышкыр ала качты. Алназар Бакы эки баласынан ажырап
аябай ыйлап, тентип жөнөдү.
Ошол учурда бир шаардын ханы өлгөн экен. Хандын эркек баласы
болбогондон кийин керээз калтырыптыр. «Кушумду учургула кимге консо, ошол
хан болсун!» дейт. Хандын кушу үч күнгө чейин эч кимге конбойт экен. Үчүнчү
күнүндө шаардан чыга учуп баягы Алназар Бакы жаткан терекке конду. Терекке
келип кессе, ичинен Алназар Бакы түшүп келди. «Мына хан, мына бек» деп
Алназар Бакыны хан көтөрүштү.
Алназар Бакы хан болуп, ит агытып куш салып жатып калды...
Эмки сөз Алтынайдан. Алтынайды кербендер алып баргандан кийин «мен
алам, сен аласың» болуп талашып калышты. Алтынай: «Эй, кербен-башчылар, мен
бир ой кылсам, силер көнөсүңөрбү? деди.
— Эй, садага кетейин айым! Сиздин айтканыңызга биз көнбөгөндө эмне
кылабыз?
— Эми көнө турган болсоңор, баарың кийимиңерди чечип, көйнөк дамбалчан
болуп, көйнөгүңөрдүн этегин байлаштырып алып жарышып келгиле, кимиңер
мурун келсеңер ошонуңарга тием.
Баары: «Эй таза адилет адам экен да» дешип жарышканы кетишти. Алар
кеткенден кийин Алтынай бир атын минип алып, башка аттарын айдап алып,
баягы шаарга кирип кетти. Калаага барып аттарды жоготуп жаман кийим
кийинип алып, калаанын ичин кыдырып жүрдү.
Баягы карышкыр ала качкан баланы койчу ажыратып, чоңойтуп, кой
кайтартып алат. Берки сууга аккан бала балыкчынын торуна түшүп балыкчы
багып алат. Койчу ажыратып алган бала кой жайып келсе, бир бала суудан балык
алып жатат. «А баатыр бир балык берчи?» десе, «эмине деп берем?» деп, балыгын
көтөрүп жөнөйт.
— А баатыр токтой турчу, атың ким?
— Атым Үсөн.
— Эмесе менин атым Асан. Экөөбүз Алназар Бакы дегендин баласы экенбиз.
Мени карышкыр ала качып, койчу ажыратып алып, койчунун баласы болуп
жүрөм. Сен сууга агып, балыкчы кармап алып, сен чоочундун баласы болуп
жүрөсүң. Биз минтип жүргөнчө кетели ,— деп апасы кирген калаага кол
кармашып кирип келишет.
Алназар Бакы бир күнү отуруп үшкүрөт. Аялы сураса айтпайт. Анда Алназар
Бакы ит агытып, куш салып кеткенде, зайыбы Куйту күң деген күңүнө «ушул
Алназар Бакыда чоң күйүт бар, ага түспөлдүү бала болсо, же азган-тозгон катын
болсо карай жүргүлө» дейт.
«Макул» деп издемек болду. Куйту күң эртесинде калааны кыдырып жүрсө,
Алназар Бакыга окшош эки бала ар кимден нан сурап жүрөт. Куйту күң: «Кимдин
балдарысыңар?» деп сурады. «Алназар Бакы дегендин балдарыбыз. Атабыз кайда
экенин билбейбиз» деди.
Куйту күң баланы чакырып алып, жакшы кийим кийгизип, үйүнө отургузуп
койду. Алназар Бакы ит агытып, куш салып, үйүнө кечинде келсе, эки баласы
үйүндө олтурат. Алназар Бакы балдарын көрүп бакырып ыйласа, балдары атасын
көрүп бакырып ыйлап, кучакташып калды.
Алназар Бакы дагы бир күнү балдарын ээрчитип, ит агытып, куш салып
кыдырып кетти. Нечен күн, нечен түн жүрүп үйүнө келип үшкүрдү. Зайыбы:
«Балдары болсо табылды, эми ушу балдарынын энеси бар го» деп ойлоп, Куйту
күңгө: «Бир азган-тозгон катын болсо карай жүр» деди.
Күң калааны карап жүрсө, бери караса киши көргүдөй эмес, ары караса сөөгү
таза аял чүмкөнүп жүрөт. Күң аны чакырып алып:
— Бери кел, балам, баш карашып алалы, — деди.
— Эне сиздин башыңызды карап берейин. Менин башым таза эле, — деди. Күң
башын каратып атып байкаса, бети жарк-журк этет.
— Сени падышанын катыны ээрчитип кел, кайыр берем деди эле, жүр, — деп
Алтынайды хандын үйүнө алып келет.
Кечинде Алназар Бакы үйүнө келсе, Алтынай үйүндө отурат. Ошентип,
Алназар эли-журту, бала-бакырасы менен жыргап-куунап жатып калган экен.
МУҢДУУБАЙ
Илгери өткөн заманда бир жандан ашкан Муңдуубай деген бай бар экен.
Жерге батпас малы бар, бир балага зар экен.
Бай бир күнү тойго барат. Балалуу элди караса, баласын учкаштырып келди.
Баласы жок Муңдуубайды караса, ак айгыр минип коколой башы бастырып
келди. Балалуу элди караса, баласына атын карматып кирди. Баласы жок
Муңдуубай болсо, ал балага берсе кармабайт, бул балага берсе кармабайт,
ээринин кашын кагып туруп калды. Элдин баары тамакка киргенде бир чоң кыз
эшикке чыгып: «Баласы жок Муңдуубай эшикте калды» деп кайра үйгө кирип
кетти. Баягы сөздү уккандан кийин Муңдуубай айгырын башка бир салып кайра
тартты. Муңдуубай үйүнө: — Кемпирим, сени жебесем! деп ачуусу келип кирди.
— Эмне кылдым, какбаш? — деди кемпири.
— Мени баласы жок деп бүгүн көпчүлүк жаман өлтүрдү.
Кемпири:
Кудайың берген баланы, как баш,
Курдашың мен бакпай койдумбу?
Теңириң берген баланы как баш,
Теңтушуң мен бакпай койдумбу?
Алчалуу мазар олуя
Азыр берет деп уктум,
Төрт түлүк малдан төрт тогуз,
Алалы да Алчалуу мазар баралы, — деди.
Кемпирдин сөзүн Муңдуубай кабыл алды. Төрт түлүк малдан төрт тогуз мал
алып, бир айчылык жолго жүрдү. Темирден чокой жыртылды, ыргайдан таяк
түгөндү. Мазарга барып тобо тасым кылып жатып калды. Алып барган малды
союуга киши таппай Муңдуубай: «Ээ, кудай, пендем десең көзүмө бир караан
көргөз» деп чуркап жолго чыкты. Эки жагын караса, бир топ кербен келе жатат.
Баягынын алдын тосуп чуркап барды.
— Салам алейкум, кербен башы! — деп салам берди.
— Алейки салам, жол болсун! — дешти.
— Андай болсун кербендер. Силерди тосуп келгеним анча-мынча даамым бар
эле, ошону бүгүн конуп ичип-жеп берүүңүздү сураймын, — деди. «Макул, болот»
деп баары түшүп калышты. Жегенин жешти, жебегенин айдап кетти. Батасын
беришти, бакыт тилешти.
Таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда, кыбыладан кызыл мунар жел
болуп, эми дабыш берди дейт: «Бир эмес үч кылдың, кыйын-кыйын күч кылдың.
Мусапыр болуп бир келдим, кемпириң байкуш
канетсин, сообу тийсин байкуш» деп, бир аяк каймак бергенде, «тентип жүргөн
мусапырга аягымдын алдын, ашымдын ырыстуусун берет» деп, колумдан жулуп
алдың. Экинчи ирет келүүмдө дубана болуп бир бардым. Кемпириң байкуш
канетсин, «дубанам, сопум» деп, короодогу туу кара боз соолукту жетелеп
киргенде, колуман сүйрөп чыгардың. Үчүнчү ирет зээрчи болуп бир бардым.
Кемпириң байкуш канетсин, табакка этти салганда, астыма келип калганда,
астымдан табакты тартып алгансың, как оройго салгансың. Карыш жерим
айрылып, какшап куурап калгамын» деп байдын койнуна аяктай ак алманы,
байбиченин койнуна көнөктөй көп алма салып кеткенсиди. Бай энтиге тура
калганда байбичеси: «Бай, сага белги болдубу?» деп сурады. Бай: «Мага бир
жышаан болду» деди.
Кемпирдин боюна бүттү
Келберсип жолуна түштү.
— Байбиче сен үйгө бар, мен жылкыны көрүп келейин» деп, бай жылкыга
кетти. Ошондо курсактан бала сүйлөдү:
— «Айланайын энеке,
Тобулгуну кармай көр.
Тобулгу кармап түшөйүн,
Тобулгудай жаным бек болсун.
Айланайын энеке,
Ыргайды кармай көр,
Ыргай кармап түшөйүн.
Ыргайдай жаным бек болсун!»
деп чиренип-чиренип кеткенде, байбиченин белдемчисинин боосу быт-чытынан
үзүлүп кетти дейт.
Байбиче сыртка чыкты дейт,
Тобулгуну кармады,
Топ этип бала түштү дейт.
Бала жерге түшкөндө,
Эки колдун башына
Кан чеңгелдеп түштү дейт,
Асты жагын караса
Алты тутам көкүл бар,
Аркасына караса,
Аяктай кара калы бар, — экен дейт.
Үйүндө Куйту күң деген күңү бар эле. «Жан кишиге билдирбестен байдан
сүйүнчүнү өзүм алам» деп, жөнөп кетти.
— Байым сүйүнчү, түлкү ичигин кийинчи! Түрпүлөнүп сүйүнчү! Балкы ичигин
кийинчи! Бапалаңдап сүйүнчү! — деп чуркап байга барды.
— Болсун эмне экен? — деди.
— Сүйүнчүмдү бербесең айтпаймын.
— Бир тулуп дилде берейин.
— Жок албаймын.
— Анан эмне аласың?
— Менин башымды азат кылыңыз деди.
— Андай болсо башың азат, алтымыш кулач ала байтал энчиңе баскамын,
кырк кулач кара өгүз энчиңе басканым, мурду көзөлбөгөн жүз төө энчиңе
баскамын, — деди бай.
Куйту күң: «Аз гана айтпай көп айтчы, байым» деп туруп алды. Ошондо
Муңдуубай:
Он эки капка шаарым бар,
Куйтум, Он бештеги жигит бар Куйтум,
Өзүң билип, өзүң тий, Куйтум, —
дегенде Куйту сүйүнүп: «Байбичең алтын көкүлдүү бир эркек, күмүш көкүлдүү
бир кыз тууду деп шаарга кирип кетти.
Муңдуубай сүйүнүп, үйүн көздөй чаап кетти. Аладан бээ союп, ашыркы элди
жыйып, куладан бээ союп, кумдагы элди жыйып, тоодой эт кылып, көлдөй чык
кылып элге берди. Той тараарда Муңдуубай баласын этегине салып барды да,
«атын коюп бергиле» деди. Ак сакал көк сакалды карап, көк сакал кара сакалды
карап, кара сакал боз баланы карап, боз бала жерди карап, эл балага ат коё албай
койду. Баарысы минтип турганда эшиктен бир киши кирип: «Ассолоому алейкум,
эмне кылып жатасыңар?» деди. Ошондо үйдөгүлөрдөн бир киши: «Муңдуубай
карыганда бир перзент көрдү эле, ошонун атын кое албай жатабыз» деди.
Баягы киши: «Көкүлдүү бала турбайбы? Аты — Көкүл болсун!» деп бата берип
чыгып кетти. Ошону менен баланын аты Көкүл болуп эл тарады.
Муңдуубай эми «Кудайга шүгүр» деп жылкысына жөнөп кетти. Келсе
жылкысынын баары чөп жебейт. «Суу ичпей жылкынын баары куураган
турбайбы» деп жылкысын сууга айдады эле, жылкысы сууга барбай эле кайра
өзүн көздөй качты. «Бул эмне болду?» деп сууга барса, сууда казандай өпкө агып
келе жатат. «Бул жогорку элдин малы кара өпкө болуп жатат деди эле, кара санап
өпкөсүн сууга салып жиберген экен го» деп, укуругуна сайып, бери тартайын десе,
өпкө экиге жарылып кетти. Түшө калып алайын десе, жети баштуу желмогуз
экен. Муңдуубайды жерге көтөрүп уруп, төшүнө минип алып: «Айт Муңдуубай,
малыңды алайынбы, сенин жаныңды алайынбы?» — деп коркута баштады.
Ошондо Муңдуубай:
Желинин көрсөң казандай,
Эмчегин көрсөң камчыдай,
Мүйүздөрү жылтылдак,
Туяктары шылкылдак,
Сан-сарала сан уюм,
Сан өзөн толгон көп уюм,
Көп уюмду берейин
Өйдө тур, кемпир, өйдө тур, —
деп жалынды.
Анда кемпир: «Сен өлгөндө анын баары меники эмей кимдики?» деп желе
берди. Муңдуубайдын оозунан зил кетти. Муңдуубай:
— Ак тикен көрсө аймаган,
Тилин тикен сайбаган,
Чөк дегенде бук деген,
Тизесин жерге бүктөгөн.
Кош аркан салып жүктөгөн,
Сан-сарала сан төөм,
Сары өзөн толгон көп төөм,
Ойсул ата малым бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер кемпир колумду, —
деп жалынды.
Кемпир: «Сен өлгөндөн кийин меники эмей кимдики?» деп желкилдетти.
Муңдуубай:
— Кекире башын керт оттойт,
Кетмендей куйрук ал оттойт,
Тапырап башын тарт оттойт,
Табактай куйрук ал оттойт.
Сан-сарала сан коюм,
Сары өзөн толгон көп коюм.
Чолпон ата малым бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер колум, кое бер! —
деп дагы жалынды...
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп желип-желип алды эле,
Муңдуубайдан ал кетти:
— Кокту жерлер келгенде,
Койкоңдошуп оттогон,
Жылга жерлер келгенде,
Жылтылдашып оттогон,
Бооруна борколдой чычкан ийин казган
Жонуна карышкыр, түлкү жол салган,
Сан-сарала асан жылкым,
Сан өзөн толгон көп жылкым,
Муну дагы берейин,
Кое бер: кемпир, колумду, —
деп көзүнүн жашын көл кылып жалынды.
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп дагы желкилдетти.
Муңдуубай:
— «Чек дегенде мекирет,
Ташка чыгып секирет,
Сан-сарала сары эчким,
Сан өзөн толгон көп эчким,
Муну дагы берейин,
Кое, бер, кемпир, колумду! —
деп дагы жалынды.
Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» деп ого бетер желди.
Муңдуубайдын айласы кетип:
«Таз карадай таарынып,
Такымга чачы оролуп,
Сүлөөсүндөй керилип,
Сүйлөөгө сөздөн эригип,
Алачыктай ак байбичем бар,
Муну дагы берейин
Коё бер, кемпир, колумду!» —
деп жалынды.
Анда кемпир: «Сен өлгөндө кемпириң меники эмей кимдики?» деп дагы
желип, Муңдуубайды өлтүрмөй болду.
Акыры өлөөрүнө көзү жеткенде Муңдуубай:
«Эми көз канамдын карасы,
Тиш канамдын сарысы,
Көзүмдү ачып көргөнүм,
Эр Көкүлдөй ботом бар,
Муну дагы берейин,
Кое бер, кемпир, колумду!» —
деп жалынды.
Ошондо жез кемпир: «Алда байкуш ай, мурун эле эмне айтпадың, эми качан
бересиң?» деп алкылдатты. Чал шашканынан: «Жети күндө берейин» деди.
Ошондо желмогуз кемпир «макул» деп көздөн кайым болуп кетти.
Муңдуубай Болжомонун боз дөбөгө чыгып, өйдө карап өкүрсө, күн айрылып
кеткендей болуп мурутун булкуп ыргытып, боздоп турду. Ошондо алачыктай ак
байбиче муну кереметинен билип келип:
— Кагылайын байым, малдан кемсиңби же баштан кемсиңби? Не башыңа күн
тууду? — деп сурады.
Муңдуубай:
— Мен куруйун, байбиче, тиш канамдын сарысы, оозумду ачып өпкөнүм,
көзүмдү ачып көргөнүм, Көкүлдөй ботомду жети баштуу желмогуз кемпирге
бермек болдум, — деп буркурап, боздоп ыйлады.
Анда байбиче:
— Сен ага эмне ыйлайсың? Жаман чал, жүр үйгө, — деп үйүнө алып барып,
байтал бээнин бал кымызын баса чайкап, кунан бээнин курч кымызынан куя
чайкап берди да: «Ай, бай, сенин Кедең дос деген досуңа бар. Болсо ошондон айла
болот» деди. Муңдуубай Тору айгырды минип аркыратып учкан бойдон Кедең
досуна жөнөдү.
Ошондо Кедең дос ит агытып, куш салып, кырк жигитти бош чалып жүргөн
кези экен. Кедең дос алыстан бир караан көрүп:
— Ой жигиттер, карга десем карга эмес, караанын көрүп турам. Тетиги келе
жаткан Муңдуубай досум болбосун. Чапкыла! Эгер Муңдуубай досум болсо ак
кийизге салып, бутун жерге тийгизбей, алтын тактын үстүнө алып келип
койгула» — деди.
Кедең досу Муңдуубайды ал күнү аябай сыйлап конок кылды. Эртеси: —
Досум, айда келүүчү эмес элең, жылда келүүчү эмес элең, башыңа не күн түштү?
— деп сурады. Муңдуубай досуна жүзүн буруп, эчтемени жашырбай болгон ишти
айтып берди. Ошондо Кедең дос: «Сабыр кыл, сенин балаң Көкүлдү туулду
дегенде» жер астындагы үч алп жер үстүнө чыгып, жер үстүндөгү жети алп жер
астына түшкөн. Ошон үчүн алп энеси желмогуз кемпирди: «Боорткол жүнү
боорунда, чырымтал жүнү соорунда кезинде соолтуп кел» деп жиберген. Сенин
жылкыңда бир Кер бээ бар эле. Ошол качып Ала-Тоону ашып барып, Муздак-Төр
деген жерде үстүнө мөңгү жамынып, астына таш төшөнүп жатат. Ошону барып
жети кат ак кийизге туудур, кара уузун кер кулунуңа эмиз, сары уузун Көкүлгө
күл азык кыл.
Усталарды жыйдырып айырмач жасат. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн
казык кактырып, Кер кулунду алып келип байлап кой. Көкүлдүн башына төбөсү
карыш кара бөрк кийгизип, Кер кулунга мингизип, Боорукер кан дегенге
качыралы, деди.
Муңдуубай аттанып жөнөп кетти.
Баягы Кедең дос айткандай Муңдуубай Муздак-Төр деген жерге келсе, Кер бээ
жатып-туруп, кайкалактап калган экен, алдына кийиз төшөп туудурду. Кара
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 10
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.