Latin

Балдар фольклору - 22

Total number of words is 4209
Total number of unique words is 1710
37.2 of words are in the 2000 most common words
51.6 of words are in the 5000 most common words
56.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
тишиңиз күбө, «бердим» деп үч жолу айттыңыз эле» деди. Кыз ары ойлонуп, бери
ойлонуп сөз карматып койгонуна оңтойсузданып туруп, «мынча болду айтпаса
болбос, каздар: «Обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы» деп
учуп баратышат десе кутулат. Кичине кыз кубанган бойдон үйүнө келип, атасына
кандын кызынын сөзүн айтып берди. Эртеси вазир ушул сөздү айтып, кандан
кутулуп кетти.
Бир күнү кан вазирди дагы соного ээрчитип алып чыгат. Аңгыча жел жүрүп
бир камгак учуп өтүп кетет. Кан: «Камгак эмне деп баратат?» деп вазирден
сурайт. Вазир: «Таксыр, каным, жансыз немеде кайдан тил болсун?» дейт. «Жок,
«дың-дың» деп баратат, эртеңге чейин билип кел, билбесең башыңды аламын»
дейт. Вазирдин айласы куруп: «Бая күнкү каздарда да үн бар эле, эми муну кантип
билүүгө болот, ажалымдын жеткени ушул экен» деп, жашоодон түңүлүп, үйүнө
капа болуп түшүп калат. Вазирдин кичүү кызы дагы кандын кызына барып:
«Эжеке, башыма кайгы түштү, сиздин атаңыз менин атамды дагы кыйыктаптыр,
учуп бара жаткан камгактын «эмне дегенин» эртеңге чейин билип кел, антпесе
башыңды алам деп кыйнаптыр, атам бүк түшүп жатып калды» дейт.
Кандын кызы ары кетип, бери кетип, акыры кичине кыздын көңүлүн кыя
албай: «Конгонумду кокту билбейт, желгенимди жел билбейт, муну сураткан
каның да акмак, сураган сен да акмак» деп кетип баратат деп айтсын деди. Вазир
эртеси канга келип жогорку сөздү айтып берип кутулган экен. Кан болсо сөздү
кызынын үйрөткөнүн түшүнүп: «Ии, аттиң ай» деп, бармагын тиштептир.
Эртеси кан бардык миң башчыларын чакырып, «менин кызым эр тандайт, эл
чогулткула» деп буйрук берет. Эл ары чубайт, бери чубайт, кыз бир да бирине
көңүл бөлбөйт. «Кан бизди шылдың кылганы чакырткан экен» деп келгендер
нааразы боло баштаганда кан: «Келбей дагы ким калды?» деди. Анда бир абышка:
«Суунун эки аралында бир жан бар. Өзү же жинди эмес, же адам эмес. Башы таз,
жегени чөп, ошол гана калды. Кан жигиттерине баягы аралдагы кишини
алдырып келип, кызына нике кыйып, тамак-ашы менен бир тоонун арасына
жеткиртип таштады. «Аял жакшы — эр жакшы» дегениңди көрөйүн». Адамдарды
каттоого тыюу салды, бир жумада гана өзү дудук, кулагы кер бир чалды тамак-аш
ташысын деп буюрду. Бир күнү кыздын энеси ичи түтпөй, кандан кызына барып
келүүгө уруксат сурады эле, кан макул болду. Энеси келип «Күйөөң кана?» деди.
Кыз «мына» деп, тактанын алдында малчасынан жер аяктап уктап жаткан
ылжыраган кунарсыз тазды көрсөтө берди. Кыздын энеси тактанын алдында
жаткан күйөө баласын көрүп күйбөгөн жери күл болду, ыйлап-сыктап: «Ушундан
көрө же качып же муунуп өлбөйсүңбү, муну кантип, күйөө кылмакчысың? Же
муну өлтүрүп кой, эл-журтка шерменде болбой» деди. Ага кыздын ачуусу келип:
«Өзүм да өлбөйм, муну да өлтүрбөйм, бул бир мусапыр, мунун убалы кимге?
Колумдан келишинче багып, адам катарына кошомун. Ал эми чын-чынына
келгенде мен шерменде эмес, атам шерменде болду. Мени шерменде кылайын
десе, тогуз жолдун тоомуна алып барып таштасын, ары-бери өткөн жолоочу
көрөт, бул кабар бүткүл элге тарайт» деди.
Энеси канга келип, кыздын айтканын айтып берди эле, кан кыздын
айтканындай кылып, таз күйөөсү менен тогуз жолдун тоомуна алып барып
таштады. Кыз мурункусундай эле тазды тактанын алдына жаткырып жүк
жапкычты жаап коет да, бээнин казысына бөлөп бага берет. Акыры жараты
айыгып, жалгыз гана башынын тазы калганда тазга «бир чоң ороо каз» деп,
каздыртып, анын эки колун ылдый каратып топурак менен шилеп көөмп
таштайт. Андан кийин жаш козунун жаагын алып келип, башын таза кылып
кырып жууйт. Бир күнү караса, таздын башына сары чолок жаман чач чыгып
калыптыр. Кыз дагы топуракка көөмп туруп, жаман чачын искек менен терип
таштайт. Бир күнү караса, башына кундуздай кара чач чыгыптыр. Ошондо кыз
кооздоп бир топу сайып таздын колуна берип «ушуну базарга алып барып, ичи
толтура тузга сат, кайта келатып чачып ий. Ошо сенин шоруң» деди Таз кыздын
айтканындай, топуну ичи толтура тузга сатып жолдон чачып ийип, үйүнө келди.
Эртеси кыз баланы базарга ээрчитип келип кийим-кечек, боз жорго сатып
берди да: «Сага илээшкениме жети жыл болду, эми сен эр болдуң, атты минип,
камчылана алдыга түш» деди. Үйүнө келгенден кийин кыз жигитти атасына
жумшады. Кыз: «Сен атты минип канга барып кел. Кандын эшигине барганда,
«менин канда жумушум бар» деп, бек-бек унчук. «Кириңиз» деп эшик ачат. Үйгө
салам берип киргенден кийин киши көргөн киши кишиге жакын отурат, кандын
өңүрүн баса отур. Ошондо кан: «Балам, эмне жумуштап келдиң эле?» деп сурайт.
Анда «бир кандын баласы элем, жети жылдан бери ушул жерде соода кылдым.
Быйыл элиме кетейин деп,' сизден бата алайын дедим эле де. Кан: «Кандай
жардам керек?» деп сурайт. «Жардамдын кереги жок, кырк жигитиңиз менен
конокко келиңиз, тогуз жолдун тоомунда жалгыз үйбүз. Келгендердин көбү
эшиктен келип, эшиктен кайтат де. Бир гана сурарым, шаарыңызда жети күн от
жагылбасын, сегизинчи күнү кырк жигитиңиз менен аттанып чыгыңыз» деп
убадасын бек алып кете бер».
Жигит канга барып убадасын бек алып кайра келет. Кан жети күнү менин
кандыгымда от жагылып, казан асылбасын» деп буюрат. Ошентип, кандын
айлында жети күнү от жагылбай, казан асылбай караңгылык өкүм сүрөт.
Ал эми баягы жигит аялынын айтуусу менен керели-кечке отун алат, кечинде
алган отундарын жагып алышат. Ошентип, бешинчи күн бүтүп, алтынчы күн
болгондо бир аксакал киши эшиктен кирип; «Кандын буйругуна баш ийбеген
кандай жансыңар. Шаардын эли жети күндөн бери казан асып от жакпайт. Силер
болсо, кандын жеринде отуруп, анын жардыгына каршы чыкканыңар кандай?
Беш түндөн бери эл кыдырам, жалгыз гана силердин үйдөн от чыгат, эмне болгон
жансыңар?» деди.
Келип ийилип ордунан тура калып чоочун кишиге ызаат көрсөтүп: «Аке, ушул
элге от жактырбай, казан астырбай кандын убадасын алган биз элек. Кан жети
күн бүтүп сегизинчи күнгө караганда жигиттери менен конокко келмек. Бүгүн
алтынчы күн. Берерге ашыбыз жок, кан башыбызды кестирип, жаман
алачыгыбызды өрттөп кетеби деп коркуп отурабыз. Кечке отун алып, кечинде
жагып алабыз» деди эле, тиги киши башын көтөрүп: «Эмне тилейсиңер» деди.
Келин: «Ашыбызды берекелүү, өзүбүз абийирдүү болсок» деген эле ой дегенде
чоочун киши: «Өзүңөр абийирдүү, тамагыңар берекелүү болсун» деп, батасын
берип чыгып кетти. Аксакал киши чыгып кетери менен аялы: «Бак карады,
Кыдыр даарыды. Биздин үйгө Кыдырдын өзү баш бакты. Эми отунуңду камдай
бер. Кудайдын бизге бергени ушул» деп, отту өчүрүп жатып калышты. Келин кан
келер күнү бир казан эт асып, бир казан нан жаап, бир самоор чай кайнатты. Күн
шашкеде кан кырк жигити, вазирлери, бай-бектери менен келип түшүп калды
эле, тамактары ашып-ташып, берекелүү болуп, артып да калды. Кан ошондо
кызын таанып, келишимдүү жигит баягы кызын баш байлаган таз экенин билип,
кемчилигин мойнуна алып, сөзгө жыгылды. Кыз-күйөөсүн көчүрүп барып,
кандыгын тазга берди.
Ошондон улам эл арасында «обозгер жакшы — кан жакшы, катын жакшы —
эр жакшы» деген ылакап сөз калыптыр.
АКЫЛМАН СЫНЧЫ
Бир адам жолоочу жүрүп келе жатса, жолдон бир киши жете келет да: «Бизден
мурун кеткен из төөнүн изи экен, бир жак көзү сокур экен» дейт. Жолоочу ага
көңүл бөлө бербейт. Андан ары жүрө бергенде: «Бир жагына таруу, бир жагына
буудай жүктөп алыптыр» дейт. Андан ары жүрө бергенде: «Үстүнө мингени кош
бойлуу аял экен, артында ээрчиткен куйругу чолок сары ити бар» дейт. Жолоочу:
«Сен жинди болсоң керек, буларды кайдан билдиң?» дейт. Анда тиги киши: «Мен
жинди эмесмин, шаарга жете баралы, анан менин сөзүмдүн чындыгын өз көзүң
менен көрөсүң» дейт. Шаарга жакындаганда «далилдесем болот эле, бирок
шашып баратам» деп жөнөп кетет.
Жолоочу жүрүп отуруп, бир кандыкына келип конуп калат. Кан чай
ичилгенден кийин, «алыстан келе жатыпсыз, көргөн билгенден, өйдө-төмөндөн
сөз сала отуруңуз» дейт. Анда жолоочу: «Жолдон бир кишиге жолуктум. Жинди
десем, жинди эмес, кебете-кешпири кадимкидей, соо дейин десем, жинди
кишинин кебин салат, ошого таң болуп отурмун» дейт. Кан: «А кандай кеп?» дейт.
«Айта турган деле кеп эмес, дөөдүрөп жатат да. Жолдо келе жатып, «бизден
мурун шаарга кеткен из төөнүн изи экен деп койду. Дагы бир аз жол жүрүп келип:
«Төөнүн сол көзү сокур экен, үстүнө мингени кош бойлуу аял экен, ээрчиткен
сары ити бар экен, бир жагына таруу, бир жагына буудай жүктөп алыптыр» деди.
Мен ишенген жокмун. Шаарга жакындаганда: «Далилдесем болот эле, шашып
баратам» деп жөнөп кетти» деди. Кан арыдан бери эки жигитти чаптырып,
жолоочунун таптырып келди да: «Кечээ эмне дедиң, аны кайдан билдиң?» деди.
Анда тиги киши: «Мунун билүү оңой эле иш, бизден мурун кеткен төө экенин
изинен билдим, сокур экендигин чөп жешинен билдим, анткени сол тарабындагы
чөптү сыдырып жеп отуруптур, оң жагына тийбептир, аял жерге түшүп заара
ушатып, боортоктоп төөгө араң минген экен, андан кош бойлуу экендигин
билдим, жумшак кумда сайылган из бар, сары жүн түшүп калыптыр, андан
куйругу чолок сары ити бар экендигин билдим, жолдун бир жагына таруу, бир
жагына буудай чачылыптыр, андан бир жагына таруу, бир жагына буудай
артынган экен деп ойлодум. Таксыр каным, аялды издеп таптырып алып
келиңиз, эгер айтканым калп болсо башымды алдыртыңыз» деди.
Аңгыча кандын жигиттери сол көзү сокур, төө минген, куйругу чолок сары ит
ээрчиткен кош бойлуу аялды алып келип калышты. Кан тиги кишинин
тапкычтыгына аябай таң калат.
Кан тулпарын сынатмакчы болуп жигиттерине алдыртып келет. Сынчы көрүп
туруп: «Уй эти, сөөгү тулпар экен» дейт. Кандын эми чындап ачуусу келип,
тулпарды таптаган кишини чакыртып: «Чыныңды айт, сынчынын айтканы
туурабы?» дейт. Анда саяпкер киши: «Каным, бул сынчынын айтканы чындык,
тулпар туулушу менен энеси өлүп кулунду уйга эмизгенибиз чын эле» дейт.
«Менин ата-тегимди билип бер?» дейт. Анда сынчы: «Сиз кулсуз, аялыңыз
кандын кызы» дейт. Кан каарданып: «Дөөдүрөбө, жети атамдан бери кан болсо,
мен кайдан кул болмокчумун» дейт.
Кан «эми энемди чакыргыла» дейт. Анда энеси: «Балам өсөрүм калбай, өлөрүм
калган чагымда бир кишинин канына ортоктош болгум келбейт. Муну бир кудай,
бир вазир, бир сенин энең, бир мен билчү элем. Вазир менен сенин энең эчак аркы
дүйнөгө кетишти. Эми биздин сырыбыз дагы бир кишиге маалим болсо,
кудайдын кудурети ушул экен, кулак салып ук, чынын айтып берейин. Сенин
атаң жети аял алган экен, жетөөнөн тең бала көрбөй, сегизинчи кылып мени алат.
Бат эле менин боюма бүтүп, төрөр күнүм жакындаганда кан: «Чыр эткен баланын
үнүн уга элек элем, жүрөгүм жарылып кетпесин, эркек төрөсө, сүйүнчү
жибергиле, кыз төрөсө, көзүмө көрүнбөсүн» деп, кырк жигити менен ууга чыгып
кетти. Айлам кетип, күнү-түнү ыйладым, чымындай жандан күдөр үзүп жакшы
көргөн вазир менен акылдаштым. Вазир мени эч кимге көрсөтпөстөн, сарайга
алып келип камап койду. Мен кыз төрөдүм. Вазир болсо үч күнгө чейин эч кимге
билдирбей, чар тараптан эркек төрөгөн аялды издеп жүрүп, үч күн дегенде сени
таап алып келди. Мен сарайда кызымды сага айырбаш кылып, кедейдин аялына
дүр-дүйнө берип узаттым. Кийин өз каным алыстап кетпесин деп кызымды сага
үйлөнттүм» дейт. Муну угуп, кан сынчыга ыраазы болуп, ат мингизип, тон
кийгизип узаткан экен.
АКЫЛМАН ВАЗИР
Илгери, илгери бир кан болгон экен. Ал кандын атагы элге жайылып, айткан
сөзү эм болуп туруптур. Ал кан өзүн акылман деп ойлочу экен. Бирок «аял жакшы
— эр жакшы, вазир жакшы — кан жакшы» дегендей кандын жакшылыгы
вазиринин акылмандуулугунан болгон. Кан аны түшүнгөн эмес. Бир күнү кан
менен вазир ууга чыгат. Уудан кеч кайтып, айлына жете албай калат. Ошондо кан
менен вазир алдынан жолуккан үйгө түнөп кетүүнү ойлошот. Алар келатса бир
жыбытта бир ак үй, бир кара үй тигилип турган экен. Эки үйдөн эки ит үрүп
чыгат. Вазир айбандын да, чөп-чардын да тилин билген неме экен. Ак үйдүн ити:
«Кан менен вазир бүгүн биздикине конот. Менин ээм бир кой соёт, мен
кан-жинине тоём, таң атканча ыксырап уктайм» деп мактанып, үрөт.
Кара үйдүн ити үрөт дейт: «Кан менен вазир биздикине конот. Менин ээм
жалгыз ак токтуну соёт, мен кан жинине тоём. Кан менен вазирдин атын таң
атканча кайтарып чыгам. Сен уктап калып, кан менен вазирдин атын ууруга
алдырасың».
Кан менен вазир кара үй менен ак үйгө жакындап келгенде кан ак үй жакка
бастырат. Вазир чылбырдан алып, кара үйгө түшүрөт. Кандын ачуусу келет. Үйгө
барганда сүйлөшөрмүн деп ойлойт. Кан менен вазир кара үйгө түшкөндөн кийин
кембагал дыйкан чайын берип, жетине албай, жалгыз коюунун козусун алып
келет. Ошондо сырттан кой маарайт: «Атаңдын көрү ай, он бирди туудум, бири
дагы тукум болгон жок. Ушунумду калтырса болот эле. Миң төлдүн башы ак
токту деген болот эле, андан көрө мени сойсочу». Аны вазир түшүнөт да
мыйыгынан жылмайып, бата тилегени турган дыйканга кайрылып, «кой, алдагы
козуңду сойбо. Бизге сыртта маараган коюңду сой» дейт. Үйдүн ээси макул болуп,
козуну коё берип, энесин соёт. Мында да кандын ачуусу келип: «Мунун эмне
кылганы?» деп ойлойт. Үйгө барганда сүйлөшөйүн, мунуку өттү. Козу сойдурбай,
кой сойдурат дегени эмнеси?» деп ичинен кек түйүп калат.
Өткөн-кеткенди сүйлөшүп, эт желгенден кийин, жомок айтуу башталат.
Үйдүн ээси бир канча кызык жомокторду айтат. Вазир күлкүлүү жомокторду
айтып берет. Кандын эрксизден капасы жазылып, өзүнүн билген үч жомогун
айтып берүүнү ойлойт. Бирок, «ушул жаман кара үйгө жомогумду кайдан айтып
берейин» деп айтпай коёт. Анда кандын үч жомогу кеңешет. Биринчи жомогу
айтат: «Мени бул ызалады. Мени ушул үйдө эле айтса болмок. Мен эртең менен
буга көрсөтөм. Кара курт болуп өтүгүнүн башына кирем да муну чагып өлтүрөм.
Анда экинчи жомогу айтат: «Эгер сенден аман калса, жолдон кан чаңкаган кезде
уу булак болуп алдынан чыгам. Бир ууртаганда кан өлөт».
Анда үчүнчү жомок айтат: «Эгер силерден аман калса, мен уктап жатканда
жабыктан ажыдаар болуп түшөм. Андан аман калбайт. Жомоктордун
сүйлөшкөнүн вазир билет. Эртең менен кан өтүгүн кийгени жатканда, вазир
өтүгүнүн башын чарт кесип алат да өзүнүн өтүгүн бере салат. Кандын ого бетер
жини келип: «Сени үйгө барганда даргага тарттырбасам» деп ойлойт.
Эртең менен чай ичип аттанышат. Жолдон кетип бара жатышып,
сүйлөшүшпөйт. Кандын кабагы карыш түйүлүп, эптеп үйгө жетип ачуусун
чыгаргысы келет.
Күн ысып, кан менен вазир чаңкайт. Кетип баратса эле, алдынан бир булак
агып жатат. Кан аттан түшкөнчө болбой вазир булактын көзүн ат менен
тепсетип, атын зааралатып жиберет. Кандын дагы ачуусу келет. Ошол ачууланган
боюнча үйүнө жетет. Күн батып кетет. Эртеси вазирди даргага асмакчы болуп кан
жатып калат. Кан аялы менен жаткан өргөөдө вазир таң атканча күзөт кылууну
ойлойт. Кылычын кармап, көзүн ирмебей эшиктин алдында турат. Даяр турган
вазир ажыдаардын башын ыргыта чабат. Ошондо ажыдаардын бир тамчы каны
төшөктөн ачылып жаткан кандын аялынын төшүнө таамп калат. «Ажыдаардын
каны уу болчу эле» деп ошол жерден вазир аялдын көкүрөгүндөгү канды соруп
салат. Ошол кезде кан ойгонуп кетип: «Вазирдин шиши толгон экен. Тиякта
кылганы тигил, эми койнумдагы аялга кол салганы турбайбы?» Кармагыла
жигиттер, муну!» деп кыйкырат. Кандын жигиттери вазирди таңып таштайт.
Эртеси элдин көзүнчө кан аны даргага асмакчы болот.
Эл чогулуп келгенде, вазирди жакшы көргөн карыялар: «Алдаяр каным,
вазирдин кылмышы эмне?» дейт. Анда кан: «Мунун кылбаганы жок. Өтүгүмдүн
башын кести, ичээр суумду булгады. Аягында аялымдын койнуна кол салды.
Мындан да ашык кылмыш болобу?» деди.
Анда карыялар: «Кандын айтканы туурабы?» деп, вазирден сурашат. Вазир:
«Кандын айтканынын баары туура. Бирок болгонун болгондой угуп алгыла» деп,
болгон тарыхын айтат. Экөөнүн ууга чыкканын, адашканын, ак үй менен кара
үйгө жолукканын, козу сойдурбай кой сойдурган себебин, кандын үч жомогунун
максатын айтып, өтүктүн башындагы кара куртту, жолдогу уу сууну, үйдөгү
ажыдаардын баардыгын көрсөтөт. Кандын аялынын көкүрөгүнө ажыдаардын
каны таамп калганын айтат. Вазирдин сөзүнүн чындыгына кандын көзү жетип,
катуу уят болуп, «кандык мага ылайык эмес экен» деп ойлойт да, кандыгын
вазирине берет. Ошентип, вазир акылмандуулугу менен кандык даражага
жетиптир.
КАН МЕНЕН ВАЗИР
Илгери бир кан болуптур. Ал вазири экөө дос экен. Экөөнүн тең 40 жашка
чыкканча баласы жок, аялдары төрөбөй нечен аял алып, алар да төрөбөй жүрөт.
Ал экөө ар дайым тоого барып мергенчилик кылуучу экен. Бир күнү экөө «кайра
ушул жолдон жолугушалы» деп экөө эки жол менен кетип калат.
Кан барган жер токойлуу, шаркырап аккан суусу бар, адырлуу аскалуу тоонун
этеги экен. Кан минип барган атына чидер салып коюп, аскалардан кийик караса
эч нерсе көрүнбөйт. Күн кеч кирет. «Бүгүн эч жолум болгон жок» деп, үйүн көздөй
кайтайын деп келе жатса, чоң асканын түбүндө бир эчки турат. Атайын деп
мылтыгын таптаса, жанында жаш улагы бар экен. Анда кан: «Кой, мен балага
жетпей жүрсөм, мунун баласын жетим таштап атканым болбойт» деп атпай
атына келип минип эки жолдун айрылышына келсе, жолдошу жок. Буга эмне
болду деп күтүп турса, бир топтон кийин ал да куру келет. Кан жолдошунан «жол
кандай?» деп сураса, ал дагы баягы кандын айтканын айтат. Анда кан:
«Экөөбүздүн тең оюбуз, тилегибиз бир экен, мага да ошондой улактуу эчки
жолукту, жүрү эми кетели», үйлөрүн' көздөй кайтып келе жатса, ыраактан көп
караан көрүнөт. «Бул эмне караан, эмне шаарга жоо тийгенби?» деп чочуп, экөө
ылдамдап бастырышат. Жакындап калган кезде аларга кыйкырып, сүйүнчү
дешип чабышат.
Кан менен вазир эмнеге «Сүйүнчү!» деп жатканын түшүнүшпөйт. Кан бир
убакта: «Болсун, айткылачы» дейт. Сүйүнчүлөгөн адамдар: «Экөөңөрдүн тең
аялыңардын үч айлык боюнда бар экен. Бир олуя кемпир көрүп айтты» дешет.
Анда: «Андай болсо сүйүнчүңөргө ар бириң бирден ат, бирден чапан алгыла» деп
кетирет.
Кан менен вазир жолдо келе жатып: «Эгер экөөбүздүн аялыбыз тең эркек
төрөсө, дос болсун, кыз болсо да дос болсун, бири эркек, бири кыз болсо, куда
бололу» деп катуу убада кылышат.
Айдан ай өтүп, тогуз ай, тогуз күндө экөөнүн тең аялы эркек төрөп чоң той
берип, экөөнү дос кылып, бирдей кийим кийгизип багып жүрүшөт. Балдар сегиз
жашка чыккандан кийин ар бирине кырк жигит берип ойнотуп, экөө тең ит
агытып, куш салып жүрөт. Ошол учурда кандын вазири өлөт.
Вазирдин баласынын аты — Саагат, кандын баласынын аты — Самат. Бир
мезгилдерде обозгердин кырк жигити ойлойт: «Эмне үчүн биздей эле обозгердин
баласына жигит болгудай кандай жөнүбүз бар, муну өлтүрүш керек». Бирок, аны
кан билип калып, кырк жигитти таратып жиберет. Саагатты музоо кайтартып
коёт. Самат болсо ит агытып, куш салып ойноп жүрө берет.
Бир күнү көлдүн жээгине сейилдикке барып, кандын баласы кырк жигити
менен ойноп отурса, көлдүн аягына кайык менен бир келин келип, колун жогору
көтөрүп, кайра ылдый түшүрүп, чачын алдына салып, колун ылдый шилтеп,
кайра кайык менен кетип калат. Кандын баласы баягы келиндин сулуулугунан
эси ооп жатып калат. Эмне деп жандаганын эч ким түшүнбөйт.
Ошол жерден Самат өкүргөн бойдон үйүнө келет. «Сага эмне болду?» деп,
атасы сураса, «бир келинге ашык болдум» дейт. «Кайдагы келин экен?» деп
сураса, «көлдүн аягынан келип, кайра кетти» дейт. Келиндин көрсөткөн
белгилерин айтат. Кан эртеси элди бүтүн чакыртып алып: «Көлдүн аягынан бир
келин келип ушундай дептир. Ошол келинди ким билет?» деп жар салат. Бирок, эч
ким билбейт. Кандын баласы болсо «мага ошо келинди алып бербесеңер
болбойт» деп өксөп ыйлап жата берип өңүнөн азат. Мына ошол кездерде бир күнү
кечинде кан дөбөдө отурса, Саагат музоо айдап келе жатат.
Анда кан ичинен: «Атаа, бекер кылган окшойм, бул бала канча кылса да бала
экен. Кырк жигиттен ажырап музоо кайтарып калдым деп капарына албайт»
деген ойго келет да, Саагатты чакырып «Эмне кылып жүрөсүң?» деп сурайт.
Саагат күлүп: «Музоо кайтарып жүрөм» дейт.
Анда кан: «Досуң беш-алты күндөн бери капа болуп ыйлап жатат. Бир келин
табышмак айтыптыр, табалбай жатат. Досуңдун капасын ачпайсыңбы?» дейт.
Анда Саагат: «Курусун, анын капасын мен табам» дейт. Кан сүйүнүп: «Каалаган
дүнүйөңдү берем» дейт. Саагат: «Дүнүйөнүн кереги жок. Бизге эки жакшы ат, жүз
дилде болсо болду» дейт. Кан Саагаттын баркын көтөрүү үчүн: «Келиндин
табышмагынын жандырмагын Саагат тапты» деп, элин бүтүн чогултуп алып, «бу
баланын сөзүн угуп тургула» деп жар салат. Ошондо Саагат жандырмагын айта
баштайт. «Келиндин колду жогору көтөргөнү — ал бир кандын келини экен,
кандын ордосунун жанында узун терек бар экен, колун ылдый түшүргөнү —
күйөөсү жаман неме экен, колун булгаганы — ары чети беш күн, бери чети төрт
күндө жетсең алдың, жетпесең калдың дегени. Колун ылдый шилтегени —
үйүбүз көлдүн аягында дегени» деп, Саагат айтып, бүтөт. Элдин баары таң калып:
«Өзү жаш болсо, муну кантип билди? деп калышат. Саагат менен Самат экөө эки
жакшы ат минип алып, күн-түн дебей жол жүрүп отуруп, аты ыргайдай, өздөрү
торгойдой болуп, баягы келиндин бакчасынын жанындагы бир дубалга атын
байлап коюп, бакчага кирип жатышат. Бир убакта бир кемпир келип: «Силер ким?
Кеткиле!» деп кыйкыра баштаганда, Саагат апа «андай-мындай» деп он дилде
берип, баягынын кыйкырганын басат. Сураса алиги кемпир кандын келининин
кызматчысы экен. Ал бакчадагы жер жемиш бышып калганда ооз тийгизиш үчүн
келинге барып бергени жатыптыр. Саагат биз да теришип жиберели» деп
теришет. Ошондо Саагат кемпирге «эмне эрте келдиң» деп келин сураса, «өзүң
көргөндөр теришип берди де, башка эч сөз айтпа» дейт.
Кемпир баягыларын көтөрүп алып барды эле, келин: «Эмне эрте келдиң?» деп
сурады. Кемпир: «Өзүң көргөндөр теришип берди» дейт. Анда келин: «Өзүм
көргөндөр деген эмне?» деп кемпирди кууп чыгат. Кемпир кайра келип
кыйкырып: «Кеткиле, өзүм көргөндөр жок деди, кеткиле!» дейт.
Саагат кемпирге он дилде берип дагы жемиш теришип тез жөнөтүп жиберет.
Кемпирге: «Дагы эле баягы өзүң көргөндөр теришип берди деп айт, сураса» деди.
«Макул» деп, кемпир дагы үйүнө келет. «Эмне ылдам келдиң?» деп, келин сурап
калды. Анда кемпир: «Дагы эле өзүң көргөндөр теришип берди» деди. Келин
кемпирди дагы тилдеп уруп кууп чыгат. Кемпир кайра келип, дагы: «Кеткиле!»
деп аябай урушат. Саагат кемпирге дагы жыйырма дилде берип гүлдөн бир кучак
теришип берип жиберди.
Кемпир үчүнчү жолу келгенде, келин короодо калбырга көмүр калбырлап
жаткан болот. Кемпирге унчуккан жок. Кемпир кайра эки балага келди эле,
Саагат: «Эмне деди?» дейт, кемпир: «Унчуккан жок» деди. Саагат Саматка мындай
дейт: «Ал көмүр баягы жалгыз терек өрттөнүп кетсе керек, ошол теректин
көмүрүн калбырлап жаткан турбайбы? Анын анткени — ал түндө сени ошол
жерге барсын деп жатканы» кеч киргенде: «Уктабай жатып, жакшы сүйлөшүп
кел» деп, Саматты келинге жиберет. Ал түнү Самат уктап калып, келин келип ары
бери басып жүрүп, чөнтөгүнө бир чүкө салып коюп, кайра кете берди. Самат кайта
келгенде «Эмне болду? деп, Саагат сураса, «келген жок» дейт. «Самат, уктап
калба?» «Жок, уктаган жокмун, келген жок» деп карганат. Бирок, анын уктап
калганын Саатат билет. Чөнтөгүнө карап, чүкөнү көрүп: «Сени чүкө ойногон жаш
бала» дептир дейт.
Экинчи түнү «жат» деп, Саматты дагы жиберет. Экинчи түнү жатып дагы
күтүп отуруп, Самат уктап калат. Келин келип, ары-бери басып ойгонбогондон
кийин чөнтөгүнө алма салып коюп, дагы кайра кете берди. Самат кайра дагы
келет. «Эмне болду?» «Келген жок». «Уктап калба?» «Жок уктаган жокмун» дейт
Самат. Бирок, уктаганын Саагат билет. Уктабасаң чөнтөгүңдү карачы» дейт.
Чөнтөгүн караса, алма жүрөт. Алма жеген жаш бала дептир дейт. Саагат, Самат
уялып калат.
Анда Саагат мындай дейт. «Биринчи күнү кечээ чүкө ойноп жүргөн бала экен
деп, чүкө салып кетти. Андан кийин алма терип жеп жүргөн бала экен деп алма
салып кетти. Эми уят, бүгүн уктабай жат» деп Саматты дагы жибермей болуп
дагы акыл үйрөтөт. «Келин келгенден кийин эмне үчүн эки күндөн бери уктап
калдың десе, мындай де: «Сен деп беш-алты күн жол жүрүп, атым ыргайдай, өзүм
торгойдой болуп чарчап келсем, ойготууга жарабайсың де».
Бир убакта келин "келип ары-бери басат. Бирок, Самат сүрдөп, эмне айтарын
билбей, бир топко чейин уктамыш болуп жата берет. Келин кете береринде араң
баягы Саагат үйрөткөн сөздөрдөн айтып, акыры келинди кармады.
Экөө ошол жерде көпкө сүйлөшүп олтуруп уктап калып, кароолчуларга
карматып коёт. Кароолчулар: «Кандын келининин койнунан эр кармадык» деп,
зынданга салуу үчүн айдап бара жатканда келин Саматтан: «Куткаруучу кишиң
барбы?» деди. Самат: «Мендей эле жаш бала, башка жолдошум жок» дейт. Анда
келин: Саматты минтип кыйкыр дейт: «Жылкычы эле, жылкычы, жылкың эгинге
кирип кетти, куткарсаң куткарып ал, куткарбасаң кой деп, жинди немече
кыйкыр» дейт. Самат келиндин айткан сөзүн кайталап кыйкыра кетти.
Саагат аны угуп, колго түшкөн экен дейт да, куткаруу үчүн акыл ойлой
баштады.
Кароолчулар Самат менен келинди орго салып коёт. Саагат базарга барып,
аялдын кийимин сатып алып кийинип, төрт нан көтөрүп кайтаргандарга келет
да, аларга мындай дейт: «Мен алты ай ооруп айыктым эле. Ошондо өлүмгө бара
турган адамдарга даам ооз тийгизейин деп чоң убада кылдым эле. Мүмкүн болсо
өз колум менен кирип берүүнү уруксат этиңиздер». Алар уруксат этет. Саагат
кирип келинди чыгарып жиберип, өзү ордо калат.
Ким чыкканын алар билбейт. Түштө даргага асуу үчүн экөөнү алып барат.
Кандын келини болсо үйүндө жүргөн. Ал жерден Саагат туруп: «Бул экөөбүз бир
тууган элек. Бул менин карындашым эле. Шаарыбызды жоо чаап качып келе
жатып, талаага уктап калыптырбыз. Ал жерден бизди ууру деп камап салды.
Бизде эч күнөө жок. Ишенбесеңер карагылачы» деп, паранжысын ачса эле башка.
Ал жерден кан ак жерден УУРУ Деп кармап жана кандын келинин жаманатты
кылгандары үчүн алтымыш кишини даргага асмак болот, бирок Саагат астырбай
коёт. Мына ошентип Самат болсо кыз болуп, Саагат жигит болуп, ак жеринен
аларды кармагандыгы үчүн кароолчулар уятка калышты, кан болсо:
«Карындашың үйдө келин менен жүрө берсин, сен болсоң жигиттер менен бирге
жүрө бер» дейт.
Бир күнү кан көп жигиттер менен талаага аңчылыкка бармай болуп, Саагатты
да «кошо жүргүн» дейт. Саагат: «Макул, карындашыма бир ооз сөзүм бар эле,
сүйлөшөйүн» деп барып, Саматка мындай дейт: «Сен бүгүн түштө өз кийимиңди
кийип алып, боз кайкыдан биздин астыбыздан жолуккун». Аны айтып коюп,
Саагат бир кендир алып чыгып кетет.
Баягы эл менен кандын баласы да кошо барган. Таалада ит агытып куш салып
ойноп жүрүшөт. Бир убакта кандын баласы жалгыз бөлүнүп бир чолок коёнду
кубалап кетет. Жолдо боз кайкыдан бир сонун кийинген, сонун ат минген жигит
менен Саагат көрүшүп ыйлап жатып калат.
Кан: «Бул ким?» деп сурайт. Саагат: «Бул менин карындашымдын күйөөсү,
бизди издеп келиптир. Эми мен барып учураштырайын» деп карындашын
чакырып келүүгө чыгып кетет. Карындашына барып, кайра сабыры суз кирип
келип, кандын жанына отуруп калат. «Эмне болду?» дейт кан: «Эмнеңиз курусун,
менин карындашым менен сиздин балаңыз жок» дейт. Кан: «Акылсыз неме ала
качып кеткен го» деп ичинен ойлоп, балага жыгылып: «Балам, кызымды да,
келинимди да алгыла» деп, аларга кошуп, дагы кырк төөгө дүнүйөсүн жүктөп
жөнөткөн экен.
Саагат менен Самат үйлөрүнө келишип, чоң той өткөрүп жатып калышкан
экен.
АТА СӨЗҮ
Илгери бир Ашымкан аттуу байдын жалгыз уулу болгон экен. Ашымкан
анчалык атагы чыккан чоң бай болбогону менен жүздөн ашкан майда жандыгы
бар, элүүдөй жылкысы бар адам экен. Бай өлөр алдында баласына мындай осуят
калтырыптыр: «Балам, мен өлгөндө менден калган дүнүйө сага опаз болбойт.
Сага калтырарым жети осуят: биринчи — кандын вазири менен дос болбо,
экинчи — жаңы байып келаткан адамга карыз болбо. Үчүнчү — долу аялга сыр
айтпа, төртүнчү — туз арамы кылба, бешинчи — эртеңки ашка күйсөң күй, кечки
ашка күйбө, алтынчы — тобокелге бел байла, жетинчиси — калыстыгыңдан
жанба!» деп, дүйнөдөн кайтат. Бала атасынын өлгөнүнө санааркап өңдөн азат.
Күндөрдүн биринде «атамдын жети осуятын» сынайынчы» деп, кандын
вазирине миң дилде берип дос болот: «Атам өлүп жалгыз калдым, өйдө бассам
өбөк, ылдый түшсөм жөлөк бол. Атамдын калтырып кеткен мал-мүлкү, дүнүйөсү
сага да, мага да жетет» дейт. Бала дагы бир күнү отуруп «атамдын экинчи
осуятын сынайынчы» деп, жаңы байып келаткан байдан «үч күнгө» деп миң
дилде карыз алат. Бир күнү жай отуруп аялына сыр айтат: «Менин баланча
байдын уулу — байбачадан 1 өчүм бар. Барып ошонун башын кесип келем, сен
жүктүн астына ор каздырып кой» деп үйдөн чыгып кетип, караңгылатып кызыл
ала бир нерсени алып келип орго көөмп таштайт. Эртеси вазирдин келе
жатканын көрүп, «атамдын осуятынын биринчисин сынап көрөйүн» деп, аялын
ура баштайт. Вазир арага түштү эле, арачы бербей койду. Аялы: «Кечээ эле
байбачаны өлтүрүп келген кан ичкич» дейт. Бала муну угуп «аттигиниң атамдын
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 23
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.