Latin

Балдар фольклору - 21

Total number of words is 4177
Total number of unique words is 1845
35.5 of words are in the 2000 most common words
49.2 of words are in the 5000 most common words
54.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
минип алып бир дөбөгө чыгып бардым, аттын үстүнө сексен кулач укурукту
коюп, теребелге көз жүгүртсөм, бээм көрүнбөдү. Укуруктун үстүнө тебетейимди
коюп, карасам анда да көрүнбөдү. Жерге түшүп, тебетейимдин үстүнө кепичимди
коюп, карадым эле, бээм суунун аркы өйүзүндө жаңы эле тууп, кулунун жалап
туруптур. Атыма олбуй-солбуй камчы уруп жетип бардым. Атка минип, бээни
учкаштырып, кулунду өңөрүп суудан өтмөк болдум эле, атым кайкалап жата
калды. Бээни минип, атты учкаштырып, кулунду өңөрүп өтөйүн десем, бээм
баспай койду. Ошондо кулунду минип, атты учкаштырып, бээни өңөрсөм, «чу»
коюп дарыядан өтүп кетпеспи. Суудан өттүм да, күн кечтеп кеткендиктен, эки
терекке атым менен бээмди аса байлап салып, тезек терип жагып жылынмакчы
болдум. «Тезек» деп этегимди толтуруп терип келгеним чил, бөдөнө кекилик
болуп чыкпаспы, «терек» деп аттарымды байлай салганым эки ак куу болуп
калбаспы, бир жегенде он бөдөнө бир жедим, отуз кекилик, отуз чил, эми эки ак
куу жумурума жук да болбой калды. Кантмек элем, кыңырылып уктамак болдум.
Катуу уктап кетипмин, аңгыча тоо менен тоо кагылышкандай катуу добуш
чыкты. Ойгонуп кетсем эки өтүгүм мушташып жатыптыр. Көрсө мен кекилик,
чилдин этин жегенден кийин май болгон колумду оң өтүгүмө аарчып, сол
өтүгүмдү жөн коюптурмун. Ошондон улам экөө мушташып жатыптыр. Иштин
жайын түшүнгөндөн кийин ачуум аябай келип, экөөн эки муштап, бирөөн
башыма, бирөөн аягыма жаздап жата кеттим. Эртең менен ойгонуп өтүгүмдү
киейин десем, бирөө бар, бирөө жок, көрсө май сыйпабаган өтүгүм мага таарынып
качып кетиптир. Артынан издеп чыктым. Жолдо келе жатып, аябай суусап
калыптырмын, бир арыктан суу ичтим. Ошентип түшкө маал бозокерлердин
айлына келсем, өтүгүм бозо сунуп жүрөт. Чакырып кийип алып кетмек болдум
эле, элдин баары эле: «Жарты чеке калак баш, карга менен бок талаш» деп мени
карап күлүп жатышыптыр. Көрсө баягы суу ичкен жериме жарты чекем түшүп
калыптыр. Суу ичкен арыгыма келип жарты башымды таап, чапташтырып
койсом, жиги билинбей калды.
Таксыр каным, кырк ооз калптан да ашып кетти окшойт, берер кызыңды
эртелеп жөнөт» деди.
Кан сөзүнөн танып, тазды теңсинбей, «бүгүн кел, эртең кел» деген болуп
кызын бербей койду. Таз ага кекенип «сага эле жети зыян кылбасам, таз атым
өчсүн» деп кетип калды.
Арадан көп убакыт өтпөй кандын казынасы уурдалды. Экинчи, үчүнчү күнү
дагы кайталанды. Ошондо кан вазирлерин чакырып: «Ууруну кантип
кармайбыз?» деди. Кандын баш вазири: «Казынанын оозуна калыңдап желим
төктүрүңүз. Келген ууру желимге жабышып чыга албай калат. Эртеси кармап
алабыз» деди. Сары таз атасын ээрчитип а күнү да ууруга келди. Баласы: «Ата
казынага мен түшөйүн» деди. Анда атасы: «Өлөрүм калды, өсөрүм калган жок,
мен түшөйүн» деп болбой койду. Кыраан ууру казынага түшүп алтындан сузуп
алып бере берди. Сары тартып ала берди. Бир убакта атасын чыгарып алайын
десе, балтырына чейин желимге бек жабышып чыга албай калыптыр. Сары
таздын айласы кетип, ары-бери чебеленди эле, акылын атасы тапты:
«Айланайын, балам, экөөбүз тең өлүм болбойлу, ичеримди ичтим, жээримди
жедим, мен эле өлөйүн, эгер мени эртең ушул калыбымда кармап алса, сени да
өлтүрөт, мени баары бир куткарбайт. Кайрат кылып акылыңды жыйгын да,
менин башымды кесип кет, тулку боюмду ким таанымак эле?» деди. Баласы
ыйлап-сыктап, акыры башка айласы болбогондон кийин атасынын башын кесип
көтөрүп алып үйүнө барды.
Эртеси кандын жигиттери канга келип: «Казынага түшкөн ууру кармалды,
бирок тулкусу калып, башы жок» дешти. Кан вазирлерин чакырып дагы кеңеш
курду эле, бир вазири: «Тогуз жолдун тоомуна чоң такта кактырыңыз да, өлүктү
илип коюңуз. Өлүктүн бир жагына кырк, экинчи жагына кырк кароолчу коюңуз.
Ким өлүккө келип ыйласа, ошол уурунун туушкандары, жолдоштору болуп чыгат.
Ошондон улам таап алабыз» деди. Кан вазирдин сөзүн макул таап, тогуз жолдун
тоомуна өлүктү илдирет да, бир жагына кырк, экинчи жагына кырк кароолчу
коет.
Бул кабар Сары тазга да энесине да жетет. Энеси «Кыраанымды кантип көрбөй
каламын» деп күндө эки маал ыйлап таздын мазесин алат. Ошондо таз: «Көрөм
деп калдыңыз, барып көрүп келиңиз, кароолчулардын жанына баргын да,
мүдүрүлүп жыгылып «кокуй тизем» демиш болуп, ичтеги бугуңузду чыгарып
ыйлап алыңыз. Кандын желдеттери канга алып барат. Кан суракка алганда «өзүм
бир мусапыр кемпирмин, мүдүрүлүп жыгылып кетип, тиземди оорутуп алып,
ошого ыйладым, деңиз» деп кемпирди жөнөтүп жиберет. Кемпир уулунун
айтканын жасап, мүдүрүлүп жыгылып, ичтеги муңун чыгарып алат. Кандын
жигиттери дегдеңдетип канга кемпирди алып барышат. Канга кемпир уулунун
үйрөткөнүн айтат. Кан «өзүнчө бир жүргөн мусапыр турбайбы» деп,
кудайы-садага бердиртип кетирип жиберет.
Арадан эки күн өтпөй Сары таз кандын айтылуу кара жоргосун уурдап кетет.
Кечке маал аттын бир жагын, өзүнүн кийиминин бир жагын акка боеп, чапкан
бойдон келет да, атасынын сөөгүн ала качып жөнөйт. Кароолчулар айтылуу кара
күлүккө кайдан жетсин, кыркы «ак атчан, ак кийимчен киши алып кетти», кыркы
«кара кийимчен, кара ат минген киши алып кетти» деп кала берет. Кан эртеси
«сексениң жүрүп бир кишини айра тааный албайсың» деп сексенин тең башын
алдырып салат.
Кан дагы вазирлери менен кеңешип, «казынага ууру түшпөсүн» деп,
бакырчаак төөнү кайтартып коет. Аны Сары таз угат да, бир боо беде көтөрүп
алып, түн ичинде жетип барат. Көрүнбөстөн бедени узун жыгачка байлап туруп
төөнүн алдына таштап коёт. Ал улам жемек болуп обдула берет, таз акең улам
жүткүнүп коюп, кандын сарайынан алыстатып алың барат да, үйүнө алып келип
союп алат. Эртеси канга «бакырчаак төө уурдалды» деген кабар барат. Кан:
«Кимде-ким ууруну таап берсе, каалаганын орундатам деп, элине жар салат.
Ошондо бир мастан кемпир кандын алдына келип: «Он бештеги балага алып
берсеңиз, ууруну мен табамын» дейт. Кан макул болот. Кемпир: «Айланайын
эл-журт, жалгыз балам оору эле, ошого жаңы союлган төөнүн эти дары дейт,
соопчулукка берип койгула» деп айылдан-айылга кыдырат.
Сары таздын энеси мастан кемпирдин амалын кайдан билсин, куулук-шумдук
менен иши жок бечара «түндө эле союлган төөнүн эти» деп, бир асым эт берет.
Кемпир жаңы эле жөнөөрү менен Сары таз үйүнө келет да, иштин жайын
түшүнүп, кемпирдин артынан жете келип: «Айланайын энеке, ошол эттен кантип
жебей кетесиз деп, акедей асылып жатып үйүнө алып келет.
Кемпирди коноктоп отуруп: «Ээ энеке, кан кызынын күйөөсү каадалуу
Канбача кай күндөрдө колуктусуна күйөөлөп келет?» дейт. Анда кемпир:
«Кандын күйөөсү Канбача берекелүү бейшемби күнү кечинде кандын
сарайындагы чынар теректин түбүнө келип отурат. Ошол убакта кандын
кызынын нөөкөрлөрү чыгып, ак кийизге салып, кандын кызынын өргөөсүнө
алып кетишет» дейт. Сары таз «ал айтканың чын болсо, чындыгына күбө» деп
бир колун кесип алат. Ошентип улам бир мүчөсүн кесип отуруп, кемпирди
өлтүрүп коёт. Эртеси күнгө бейшемби экен, Сары таз көп ойлонуп отурбай, бир
койдун табарсыгын, кемпирдин бир колун алып, кандын сарайындагы чынар
терекке жетип келет. Аңгыча кан күйөөсү Канбача каадалана басып, сөөлөт менен
теректин түбүнө келип отурат. Бугуп жаткан Сары таз шапа-шупа баса калып
өлтүрүп, сөөгүн көлчүккө ыргытып жиберет да, анын кийимин кийип, отуруп
калат. Аңгыча кан кызынын нөөкөрлөрү келип: «Ии, жездекем күтүп калган
турбайбы» деп, ак кийизге салып, кан кызынын өргөөсүнө көтөрүп барышат.
Түн ортосу болгондо Сары таз: «Эшикке чыгып даарат ушатып келейин» деп
кийине баштайт. Кандын кызы «оо, мындай эле отура калчы» деп болбой коёт.
Анда Сары таз, «ишенбесең колумду кармап турчу» деп, кемпирдин колун
карматып, табарсыкты жарып коюп чыгып кете берет. Кан кызы колду кармап
тура берет, тура берет. Акыры тажап «ой болбодубу» деп колду тартып алайын
дегенде, табарсык бетине былч деп келип бир тиет. Эртеси бул кабар канга жетет.
Кандын кызын «түн ичинде бирөө келип шылдың кылып кетиптир» деген сөз
элге дүңк дей түшөт. Кан эми чындап ыза болот. Элин чакырып: «Ушуну ким таап
берсе, тилегин орундатам» деп жар салат. Ошондо эл арасынан бир мастан
кемпир чыгып: «Муну кызыңдын боюндагы бала табат. Баланын там-туң тили
чыгып калган кезде элиңизди жыйып чубатууга салыңыз. Ошондо кимди
«аталап» жанына келсе, баланын атасы ошол» дейт. Ошентип тогуз ай, тогуз күн
дегенде кан кызы эркек бала төрөйт. Атасы уятына чыдабай бүк түшүп жатып
калат.
Ай айланып, жыл жылат, бала экиден үчкө карап там-туң сүйлөй баштайт.
Ошондо кан элин эки айлантып чубатууга салат, бирок бала бир да бирөөн
карабайт. Акыры кандын жигиттери Сары тазды алып келишет. Бала аны көрө
салып «ата» деп кучактап калат. Кан тазды «даргага аскыла» дейт. Ошондо Сары
таз: «Таксыр каным, даргага асууга шашылбаңыз. Менин каным бөөдө
мойнуңузга кетет. Мен өзүм бала жылдыздуумун, жалаң эле бул бала эмес,
шаардагы ушул курактуу балдардын бардыгы мени «ата» дешет. Үч күндөн
кийин шаардагы ушул курактуу балдардын бардыгын жыйдырыңыз. Эгерде
ошолордун бардыгы мени көрө сала «аталап» жүгүрбөсө, башымды алып
саласызбы, даргага асасызбы, өзүңүз билиңиз» дейт.
Кан макул болуп, үч күндөн кийин шаардагы экиден үчкө оогон балдардын
баарын жыйдырмак болот. Сары таз ар кандай боёкко боёлгон беш-алты тулуп
чүкөнү үч күндүн ичинде кандын кызынын баласы курактуу балдардын
баардыгына таратып чыгат. Кан үч күндөн кийин шаардагы үч жашар балдарды
бүтүн жыйдырып, Сары тазды алдырып келди эле, балдардын баары көрө сала
«ата, чүкө» деп басып жыгылып калышты. Анда Сары таз: «Көрдүңүзбү, каным,
мен бала жылдыздуумун дебедим беле?» деди. Кан «айтканың ырас экен» деп коё
берди.
Арадан эки-үч күн өткөрүп Сары таз канга келди да: «Каным, сизге бир суроо
берсем болор бекен?» деди. Кан: «Ии, сура» деди. «Бир ачууңузду бересизби?». «Ии
берейин, эмне болуп кетти?» деди. Анда Сары таз: «Таксыр кулдугум бар, кырк
калп айткан кишиге кызымды берем» деп жар чакырганыңыз эсиңиздеби?».
«Ооба, эсимде». «Ошол кырк калпты айткан мен элем, убададан танган сиз
элеңиз». Ошондо ыза болуп «жети зыян кылбасам Сары таз атым өчсүн» деп,
өзүмө-өзүм ант кылдым. Биринчиси, капкалуу казынаңызга кол салдым. Экинчи,
караандатпас кара жоргону уурдап алып, көз жаздым кылдым. Атымдын бир
жагын, кийимимдин бир жагын акка боёп, чаап барып, атамдын сөөгүн ала
качтым. Кыркы «ак ат минген, ак кийинген киши алып кетти дешсе, кыркы «кара
ат минген, кара кийим кийген киши алып кетти» дешти. «Бир кишини айра
таанып албадыңар» деп, сексен желдеттин башын алдырдыңыз. Бул сизге кылган
үчүнчү зыяным болду. «Казынаны бакырчаак төөгө кайтарттыңыз, амал менен
азгырып алып барып союп алдым. Ишенимдүү мастаныңызды ууруну билип
келүүгө жумшадыңыз. Аны өлтүрүп, кемпирдин колун бир койдун табарсыгын
алып сарайыңызга келдим да, күйөөлөп келген күйөөңүздү өлтүрүп,
кызыңыздын өргөөсүнө барып жаттым. Түн ортосунда кемпирдин колун
карматып, койдун табарсыгын жарып коюп кетип калдым. Ошентип, күйөөңүздү
өлтүрүп, кызыңызды шылдың кылдым. Бала мени таанып койду, сизден үч күнгө
сүрүк алып, амал менен андан да кутулдум» деди.
Кан бир чети ыза болуп, бир чети сөз берип койгонуна өкүнүп: «Болуптур,
азамат экенсиң. Мени менен коңшулаш кан: «өзүңдү ушунчалык шылдың кылган
бир ууруну таба албагандан кийин эмнең кан» деп ар дайым сөзгө сындырат.
Ошого бир сыр көрсөткүн, мен кандыгымды, кызымды да берем» деди.
Таз макул болуп чоң эркечтин чаначын алып, дубананын кийимин кийип
экинчи кандын шаарына жөнөп кетти. Кандын сарайына кирип, бир чынар
теректин түбүнө жашынып жатып калды. Аңгыча кеч кирди. Эки чынар терекке
чаначты кере байлап, кандын эшикке чыгышын күтүп жатты. Бир убакта кан
эшикке чыкты эле, аңдып турган таз акең, койчубу, ары бери чаначка кандын
башын киргизе түртүп, оозун байлап аркасына көтөрүп жөнөп калды.
Кароолчуларга келди да: «Алдымды тоспогула, каныңарды бир шайтан
тегеректеп жүрүптүр. Дубанын күчү менен шайтанды жеңип чаначка салдым.
Шаардын четине алып чыгып бир чай кайнамда өрттөп ийбесем, кайра тирилип
келиши мүмкүн. Анда шаардын бүт элине зыян кылат» деди. Кароолчулар
«кудайлап» жакаларын кармашып, жолун тоспой чыгарып ийишти. Ал гана эмес,
ат менен шаардын четине жеткирип коюшту.
Сары таз чаначты, көтөрүп, кайнатасы кандын сарайына келди, да: «Бул жолку
олжо сиздики» деп, алдына таштап коёт. Кан чаначтын оозун чечсе, берки кан
чыга келди. Ошондо уурдалып келген кан сөзгө жыгылып, эки кандыкты кошуп,
тазды кан көтөрүүгө макул болду. Ошентип, Сары таз эки элдин каны болуп,
кандын кызын алып, жыргап куунап жатып калды.
АККӨҢҮЛ МЕНЕН КАРАКӨҢҮЛ
Аккөңүл менен Каракөңүл эл кыдырып, жер кезип жүрүүгө сапарга чыгышты.
Аккөңүл бир атка сылай күл азык, Каракөңүл бир атка сылай күл азык жүктөп,
кулак угуп, көз көргүс башка чет жерге жүрүп кетишет. Арасынан бир ай, эки ай
өттү. Бирок, жолдо азык түлүктүн бары да Аккөңүлдөн болду. Каракөңүл азыгын
да, акчасын коротпой Аккөңүлдөн жеп-ичип жүрө берди.
Каракөңүлдүн: «Качан сенин азыгың, каражатың түгөнгөндө меникин жейбиз,
ага чейин сеникин гана түгөтөлүк» деген убадасы бар эле. Аккөңүл эчтемеден
кабары жок бейкам жүрдү.
Бир убакта Аккөңүлдүн азыгы түгөндү. Аты арыктады. Кезек Каракөңүлгө
келди. Бирок, Каракөңүл ага азыгынан бербеди. Аккөңүл ачка болду, алы куруду.
Каракөңүлгө: «Баатыр, убадаңыз ошондой беле? Меникин түгөткөндө, сенин
азыгыңды жемек эмес белек? » деди Аккөңүл.
Анда Каракөңүл айтты: «Жок, сенин азыгың бүт түгөнгөн жок. Жетелеп
жүргөн атыңды сой! Атты жеп болгондон соң, менин азыгымды жейбиз».
Аккөңүл байкуш дагы макул болду. Жетелеген атын сойду. Аттын эти
түгөнгөндө, Аккөңүл: «Кана, Каракөңүл жол азыгыңды алып кел! Баатыр,
убадабыз ушундай беле?» деди. Анда Каракөңүл: «Сенин азыгың дагы бар, бир
көзүңдү оюп берсең, токоч берем» деди. Бербеске айласы жок, ачкачылыкка
чыдабай, Аккөңүл бир көзүн бир токочко сатты. Аккөңүл алдан тайыды: «Ээ
баатыр азыгыңды алып кел, ортоктош бололу» деди. Анда Каракөңүл: «Жок,
сенин азыгың дагы бар. Эми бир көзүңдү чукуп берсең бир токоч беремин» деди.
Бербеске ылаажысы жок, Аккөңүл калган көзүн дагы чукуп берип, бир токоч
алды. Аккөңүл тамагы үчүн эки көздөн айрылып, темселеп калды. Каракөңүл:
«Кош, Аккөңүл өзүңдү карга кузгун жесин» деп атын шарт камчыланып жөнөп
кете берди.
Мен үйүмдөн чыкканы
Алты ай, он беш күн болду.
Эки көздөн айрылып
Жүрөккө кайгы чер толду.
Жарык шоола көрө албай,
Ай караңгы түн болду.
Сары чачтуу шайтандай
Азгырган шайтан ким болду?
Же көргөндөй көзүм жок,
Же бир тыйын бөзүм жок,
Азыгым жеп көз чукуп,
Каракөңүл бачагар,
Кете берди көңүл ток.
Тирүүлөй берип жалгандан,
Талаада тентип мен калдым.
Кутула албай армандан
Уялбадың таш көңүл,
Көзүмдү чукуп алгандан.
Кулак угуп, көз көрбөйт,
Ызгардуу шамал жел болдуң.
Карга кузгун тил билбейт,
Мен буларга жем болдум.
Эл кыдырып, жел кезип,
Жолоочу жүрүп келгенче,
Каракөңүл каапырга,
Көзүмдү чукуп бергенче,
Күндөп-түндөп жол жүрүп,
Намыс кылып келгенче,
Өткөн айдын ичинде,
Кайта кетпей не болдум,
деп өксүп-өксүп ыйлап зарлап жатып уйкуга кетти. Уктап жатып түш көрдү.
Туулган жеринде, көнгөн элинде алты саны аман, эки көзү бүтүн баштагысынан
эки эсе жыргап жаткан кезде кимдир бирөө: «Тур өйдө!» дегендей болду.
Аккөңүл чочуп тура калса эчтеке билинбейт. Эки көзү ордунда, жүрөгү алапта,
көңүлү сүйүнчүлүктүү эки эсе кубаттанып калган, Курсагы ток, кайгысы жок.
Түндө түшүнө кирген керемет, алтымыш күндүк азык, кырк кишилик кубат
берген эки көзү ордуна келген. Аккөңүл күндөп-түндөп жүрүп отуруп, бир ээн
талаа, эрме чөлгө кез келет. Ал жерден жаңыдан тууган беш баласы бар канчыкты
көрөт. Канчыктын азыгы жок. Балдары жаш. Баштыгын аңтарып бир жарым
нандын кагынчыгын таап, таштын бетине салып, канчыктын астына койду да;
«Сен да мендей карыпсың» деп, бир-эки сөз айтты:
Берейин десем азык жок,
Шекер-шербет жем чачып,
Үлбүрөйсүң алың жок.
Беш балалуу жаш канчык,
Эл кыдырып, жер кезип,
Мен да сендей байкушмун.
Муңканып ыйлап жүргөндө
Арманым угар болсоңчу,
Тирүүлөй отко күйгөнчө Сураганым берсеңчи! деп көзүнүн жашын төгүп
жиберди. Канчык кыңшылап эркелеп, Аккөңүлдү ээрчийин десе, балдарын
таштай албай кала берди.
Аккөңүл жолго түштү. Күндү күн дебей, түндү түн дебей жүрүп отуруп, бир
күнү кечинде жол боюндагы көп коргонго кез болду. «Бул тегеректе эл бар экен.
Эмне болсо да ушул коргондун арасына коноюн, эртең менен эки жактан эл
карайын» деп, ой кылды да, төбөсү түшкөн бир көрдүн ичине кирип жатты.
Уйкусу да келбейт, жүрөгү дегдейт. Түн ортосу болгон кезде тарсылдаган дабыш
угулат. Дабыш уламдан-улам жакындап, кобур-күбүр адамдын үнү чыкты. Аттын
дабышы анык билинди. Калың коргонду аралап тигилер да коно турган болду.
Аттарын байлап коюп, алоолонтуп от жагышты. Бирок, Аккөңүл өзүнүн
бардыгын билдирбеди. Тигилердин арасынан бирөө бакылдап сүйлөп чыкты:
— Туугандар, тогузубуздун тең катын, балдарыбыз жок. Үй-жайыбыз жок.
Ушинтип талаалап жүрүп өтүп кетебизби?
— Аның ырас, оокатты кыла тургандын акылын мен таптым, менин акылыма
киресиңерби? деди экинчи бирөө. Башкалары: Айт, айт, акылыңа киребиз —
дешти.
— Ушул өзүбүз турган коргондун арасында бир далай мал бар. Тетиги
коргондун арт жагында бир чычкан бар. Ошол чычкандын тогуз дилдеси бар.
Күндө эртең менен күн чыккан кезде дилделерин күнгө сергитет. Аңдып туруп
муну алсак, бул мал эмеспи, ал оокат эмеспи. Бир күндүк жерде чоң калаа бар.
Ошол калаада баланча көчөдө Кунакун сарттын короосунда ат башындай жамбы
бар. Короомду сатам деп жүрүүчү эле. Анын короосун сатып алсак, ал мал эмеспи,
оокат эмеспи. Жана ошол шаардын канынын алтын казынасы бар. Ай сайын:
«Кимде ким алтын казынамдан алтын, күмүш алып берсе, теңме-тең кызмат
акысына берип, теңин өзүм алам» деп жар салып жүрөт. Ага кызмат кылып,
алтын-күмүш алсак, ал мал эмеспи, ал оокат эмеспи?» деди.
Калгандары бул акылды макул көрдү. «Ушундай кылалы» — деп убадага
токтошту. Аккөңүл бул сөздөрдүн барын тыңшап жатып абыдан угуп, анык
билди, түшүндү. Таң атып, күн чыккандан кийин, Ак-көңүл баякы кишилерди
байкап караса, эч дайыны жок. Жымжырт. Түшкөн ордуна барса адамдын изи,
аттын такасынын тагы түгүл түндөгү жаккан оттун күлү да жок. Кадимкидей
мунун бир керемет экенин билди. «Кудай мага берген экен. Мен бул жердин
баарын издейин, карайын, табайын» деп, коргондун арт жагына чыкса, бир
чычкан дилде ташып жүрөт. Аккөңүл аңдып туруп тогуз дилдени алып,
чөнтөгүнө салды.
Анан шаар бар деген жакка жөнөдү. Жакын арадагы шаарга жетип,
Кунакундун короосун алты дилдеге сатып алды. Бир дилдеге жалаң жабдык,
кетмен, күрөк алды. Бир күнү короону аңтарып, баякы жамбыны карап жүрдү.
Бир күнү кетмен «чак» деп кайта ыргыды. Караса, ат башындай жамбы чыкты.
Аккөңүл аны да алып, жакшы оокаттанып калды. Бир күнү бул шаардын каны:
«Кимде ким менин алтын казынамдан алтын алып берсе, ага теңин берем» деп
жар салды. Бирок эч адам чыкпады. Кандын алтын казынасы алты жүз саржан
ылдый жер астында экен. Ошол себептен эч адам чыкпады. Аккөңүл: «Мен алып
чыгамын» деп канга барды. Кан макул болуп, Аккөңүлдүн белинен алты жүз
кулач арканды улаштырып байлап алтын орго салды. Аккөңүл алтын кенге
жеткенде, койнуна да, кончуна да катты. Койнуна бир бутка жакын алтын
батыптыр. Арканды солкулдатты эле, кан кайра тартып алды. Кан убадасы менен
тең бөлүп берди. Ошол күндөн баштап кан Аккөңүлдү чакырып алтын, күмүшүн
алдыра турган болду. Аккөңүлдүн байлыгы, кадыры кандан аша баштады. Акыры
ал ошол шаардан чыккан чоң бай, төрт түлүгү шай болду, катын балалуу болду.
Аягы барып чоң жакшылыкка айланып, Аккөңүл муратына жетти.
Эми Аккөңүл ушул жыргалы менен тура турсун. Төмөндө Каракөңүлдүн
аңгемесин айталы: «Баягы Аккөңүлдөн айрылгандан бери далай жер кыдырып,
эл көрүп жүрүп, аягында калың малга кез болду. Малчыдан: «Бул ким дегендин
малы?» деп сурады эле, «Аккөңүл дегендин малы» деди.
— Тетиги алтын чатыр кимдики?
— Аккөңүл байдыкы.
Бул ким болду экен деп анын жайын сурады. Малчы Аккөңүлдүн көргөн
кордук, азабын бул абалга жеткен себебин аныктап айтып берди.
Ошондо Каракөңүл Аккөңүлгө барып башын ылдый салып уялганына
чыдабай төмөндөгү сөздөрдү айтып салам берди:
— Ассалоом алейкум Аккөңүл бай
Бал шимип, казы кертип жегениң май.
Мал күтүп төрт түлүктүү доорон сүрүп,
Жатыпсыз ак чатырда конушуң жай.
Ичкениң кант сапырып кыпкызыл чай,
Билбеймин, элебеймин акмак болуп,
Кечиргин бир күнөөмдү теңизим ай,
Качсам да, узабаймын мен кутулуп,
Бир кезде шайтандаймын жин кутуруп,
Баксаң да, өлтүрсөң да эрк өзүңдө,
Мен келдим алдыңызга кол куушуруп,
Башыңда сапар тартып бирге чыгып,
Аягы мен жаңылдым иттик кылып,
Канчалык ит болсом да сизге кулдук,
Алик ал, саламымды жарык кылып.
деп Каракөңүл какшанып байды карап турду. Аккөңүл «битке теңелип
көйнөгүңдү отко салба» деген макалды оюна алды да, саламын алик алды.
Аккөңүл Каракөңүлдү жакшылап конок кылат. Көргөн билгенинин баарын,
баякы коргондон көргөн кереметин, кандайча бай болгонун айтып берди.
Каракөңүл да ошол көп коргонго барып байымак болду. Жол жүрүп бир күнү
баягы Аккөңүл көргөн коргонду көздөй жөнөдү. Ал жүрүп отуруп коргонго жетип,
баягы төбөсү жок көрдүн ичине кирип жатты. Бир кезде дабыш угулуп тогуз адам
келди. Каракөңүл өзүнүн бардыгын билгизбей, кудайга сыйынып жата берди.
Тиги кишилер мурункудай кеп сала башташты. Баякы бакылдап сүйлөгөн адам
дагы бакылдап сүйлөп чыкты: «Туугандар, тогузубуз тең эле ушинтип жүрүп өтүп
кетебизби? Мал күтүп, катын алып, оокат кылып бир жерге туруп алсак
болбойбу?» деди. «Качан да болсо кайгыланып жүрүп, бизди түгөтө турган
болдуң. Бул коргондун арт жагында тогуз дилде бар эле, кайгыланып жүрүп,
андан да айрыдың. Кунакундун короосундагы жамбыдан да айрыдың. Былтыр
келгенибизде эле тетиги көрдүн ичинде бир киши тыңшап жаткан окшойт.
Биздин түбүбүзгө ошол киши чыга турган болду. «Кана» деп жабыла чуркап,
Каракөңүлдү жаткан жеринен таап алып өлтүрүп, сөөгүн өрттөп, күлүн сапырып
жиберишти. Аккөңүлгө казган оруна аягы барып өзү түштү.
КЫДЫР, АКЫЛ, ЫРЫС
Мурунку бир заманда Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө жолдош болушат. Бир күнү
үчөө жолоочу жүрүшүп баратып, жолдо бир нерсени талашышат. Акыл
мактангансып: «Экөөңдөн мен кыйынмын, акылга баймын. Силер мага баш
ийгиле» дейт. «Жок силер мага баш ийгиле. Менин ырысым көп, силердин
ырысыңар жок» дейт, — Ырыс, Кыдыр экинчи жактан: «Экөөңдөн мен
кыйынмын, силер мага баш ийгиле, элдин баары мага баш иет» дейт. Ушинтип
үчөө талашып отуруп, кош айдап жаткан бир дыйканга жолугушту. Дыйканды
көрүп, Кыдыр алаканын жайып, сакалын сыйпап: «Айдап жаткан жериңе жалаң
алтын менен күмүш чыксын» деп батасын берди.
Айтканындай эле ошол замат айдаган жеринен эгин ордуна алтын, чөп ордуна
күмүш чыгыптыр. Кыдырдын бул ишине каршы, Акыл дыйкандын башын
тегеретип, акылын алып койду. Дыйкан акылынан ажырап калгандан кийин,
айлындагы бир чоң байга барып: «Менин жериме эгин чыкпай эле, какыраган
таш чыгып жатат» деди. Бай дыйкандын жерин көрүп: «Эмесе мен жериңе жер
берейин, жериңдин үч бөлүгүнүн бир бөлүгүн мага бергин» дейт. Дыйкан байдын
айтканына макул болуп сүйүндү. Дыйкандын алтын-күмүшүн бай ташып алды
эле, анын казынасына батпай ашып-ташып толуп чыкты. Акылы жок дыйкандын
көзүнө алтын менен күмүш какыраган таш болуп көрүндү. Дыйкан алтын менен
күмүштү эки жакка чачып, ыргыта берди. Дыйкандын бул абалын Ырыс көрүп,
ичи күйүп, боору ооруп, дыйканга ырыс берди. Ырыстуу болгондон кийин
жолдон бир топ кербенчилер өтүп бара жатып дыйканга жолугушту. «Бул кудай
жакшы көргөн киши экен. Мындагы алтын, күмүштүн баарын алалык,
дыйкандын өзүн аксакал кылалык, алыбыздын келишинче ак сакалды баарыбыз
сыйлайлык» деди. Кербенчилер макул болушуп, алтын менен күмүштү төөлөрүнө
жүктөп алышты. Дыйкандын сакалын тарап, башына суусар тебетей кийгизип
үстүнө алтын жакалуу ичик кийгизип, чоң боз жорго мингизип, эки жагынан эки
жигитти жөлөттүрүп алиги дыйканды алып кетишти.
Булар жүрүп отуруп, бир байдын айлына келип түшүштү. Бай айыл-апасы
менен таң калышып: «Ушунча сөөлөттүү, ушунчалык да ырыстуу соодагер
болот экен» деп, шыпшынышты. Кечки күүгүм кирип, намаз шам болгондо
кербен башы байга кеп салды. «Бай, сиздин бойго жеткен сулүу кызыңыз бар
экен, эгер ылайыгы келсе, биздин аксакалга куда түшсөк кандай болор экен?»
деди.
Бай бул сөздү уккандан кийин төбөсү көккө жеткендей сүйүнүп: «Эгер сиздин
аксакал биздин кызды көңүлүнө жактырса, менин сүйүнчүмдөн башка
каршылыгым жок, болор эле, мен мындай сөөлөттүү, ырыстуу кишиге кызымды
бербегенде, кимге бермекчи элем?» деди. Кербен башы байдын сөзүн урматтап,
аксакалды алып келмекчи болду. Бай өргөө көтөрүп, күйөө күтүп, айлы менен
кымкуутка түштү. Эртеси аксакалды эки жигит эки жагынан жөлөп кандын үйүнө
кийирди. Айыл-ападагы кыз-келиндер «Кымбаттуу күйөөнү көрөбүз» дешип,
үйдүн жабуусун сыйырып жиберип, биринен соң бири жол талашып, төрдөгү
олтурган ак сакалга көз түшүрүштү. Күйөөнүн сөөлөтү болгон менен акылы жок,
сүйлөйүн десе сөз билбейт. Кыздын жеңелеринин жандары калбай, «кокуй
биздин кызыбызды чанып жатат го, бир ооз дагы сөз сүйлөбөйт» дешип,
экиден-үчтөн болуп күбүр-шыбыр, ал сөз үйдөн-үйгө жетти, аягы кыздын атасы
байга угулду.
Кабарды бай уккандан кийин ңамызданып: «Менин кызыма сүйлөбөгөнү
эмнеси? Мени шылдың кылгысы келеби?» деп, эртеңкиге чейин сынамакчы
болду. Эртеси дагы күйөө сүйлөгөн жок. Бай аялына сүйлөнүп: «Кызымды чанып
кетет деген эмне жакшылык? » деп, элинин баарын короосуна жыйды. Эртеси
кечке катырган дөңгөчкө окшоп кыздын жанында олтурган аксакалды даргага
асып өлтүрмөкчү болду. Турган эл-журттар байга нааразы болушуп: «Ушунчалык
сөөлөттүү кишини дарга асканыңыз жакшы иш эмес го» дешип, байга
даттанышты. Бай эч бирөөнүн сөзүн укпады.
Ушул убакта жол менен Кыдыр, Акыл, Ырыс — үчөө кетип бара жатып,
дыйканды дарга асканы жатканын көрүштү. Кыдыр менен Ырыс ошондо Акылга
баш ийип, жалынып: «Эми ушул дыйкандын акылын берип, жанын сактап
калгын» дешти. Акыл ошондо дыйканга өзүнүн мурунку акылынан эки эсе
ашырып акыл берген экен. Ошо жерден дыйканга акыл кирип, көзүн ачты.
Байдын даргага асканы жатканын көрөөр менен түшүнүп: «Байым, эки ооз сөзгө
уруксат этсеңиз экен» деди.
Короодо турган эл бут дүргүй түштү. «Айтсын, сөзгө уруксат берсеңиз» дешип,
туш-туш жактан чурулдашты. Бай бөйрөгүн таянып туруп: «Кана, эки ооз сөзүңдү
айтып көрчү, аксакал күйөөм!» деди. Аксакал тебетейин алып, элди карап сөзүн
баштады. «Мен жаш чакта, элибизди жоо чаап, ашуудан ашып качып бара
жатканда, айлыбыздагы бир кандын кызы чачын төбөсүнө түйүп, башына калпак
кийип, эркекче шымаланып, жарак-жабдыктарын байлап, атты тандап жоонун
астынан бетме-бет жалгыз чыкты. Жоо менен чабышып, беш жүздөй кишини бүт
бойдон кырды. Андан келгенден кийин качып бара жаткан элибизди токтотуп,
чачылган калкты жыйып, катылган жоонун жазасын берип турган эле. Ошол
убакта кан кандыгынан түшүп, өзүнүн кызына берди. Мен кечээтен бери сиздин
кызыңызды ошол кыздай баатыр болор бекен деп мүнөздөп ойлоп жаттым,
каным» деди.
Бай: «Андай болсо иш жакшы болуптур. Мен кызымды шылдыңдап жаткан
экен дедим эле», деп, дыйканды көтөрүп келип үйүнө кийирди. Элин чакырып
кызына той берди. Кызды алып, дыйкан кербенчилерге аксакал болуп, соодасын
башкарып, сөөлөтүн күтүп туруп калды. Ошондон кийин эл арасына: «Акыл жок
жерде ырыс менен дөөлөт да жок» деген сөз калган экен.
КАНДЫН КЫЗЫ
Илгери бир кан вазири менен ууга чыгыптыр. Аңгыча кайдан жайдан келгени
белгисиз ызгаардуу шамал согуп, суук боло түшөт. Аттары чыйрыгып, өздөрү
калчылдап үшүп кетишкенде вазир: «Таксыр, үй жакка барып түштөнүп алалы»
деди. Кан: «Ии, үйүң жакын жерде болсо барса баралы» деп жөнөп калды.
Вазирдин аялы, ары сулуу, ары жылдыздуу адам экен, түр-түркүн тамак менен
коноктоп, кандын купулуна толду. Кан болсо аялды көрүп «канга ылайык аялы
бар экен, мага ушул үчүн көрсөтпөй жүргөн турбайбы, кандай да болсо, тартып
алышым керек» деп көңүлү бузулуп, ичинен тынды.
Эртеси күнү кан менен вазир экөө дагы ууга чыгышат, ит агытып, куш салып,
көңүл ачышат. Аңгыча «карк-курк» деп, жети каз учуп өтөт. Анда кан: «Тетиги
каздар эмне деп баратышат, айтып бергин, айтпасаң, башыңды аламын» дейт.
Вазир эртеңге чейин ойлонууга уруксат алып, үйүнө барып, оозуна наар албай,
капаланып жатып калды. Вазирдин кичүү кызы: «Атам капа болуп келди, билип
бергин» деп энесине барды. Вазирдин аялы барып, кыздын суроосун күйөөсүнө
айтты эле, вазир болгон иштин жайын аялына баяндады. Өзү беш жашка өтө
элек, саамайы өрүмгө жете элек вазирдин кызы атасынын сөзүн угуп, бир балага
өңөртүп алып акылдуулугу менен даңкы чыккан кандын кызын көздөй жөнөп
калды. Кандын кызы: «Ии айланайын, караңгыда эмне кылып жүрөсүң, башыңа
кандай иш түштү?» деп, кичине кызды кепке салды. Анда кыз: «Эже, башыма иш
түшүп, сизден бир иш сурап келдим, сураган ишимди берсеңиз айтайын,
бербесеңиз убара болбой кайтайын» деди. Кандын кызы үч жолу «бердим» деп
айтып жиберди. Анда вазирдин кызы: «Сиздин атаңыз менин атамды
кыйыктаптыр. Эртең асмандагы «карк-курк» деп учкан жети каздын эмне
дегенин чечпесе, атамдын башы алынмакчы, ошого капа болуп жатып калды.
Ушуну чечип берсеңиз?» деди.
Кандын кызы «мен билбейт элем» деди. Анда кичине кыз: «Тилиңизге,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 22
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.