Latin

Балдар фольклору - 11

Total number of words is 4276
Total number of unique words is 1698
39.5 of words are in the 2000 most common words
54.7 of words are in the 5000 most common words
61.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Айым сулуу тазды ийне кылып жакасына сайып алды. Кан ары-бери таба албай,
айласы кетип: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр кел» деди. Таз дагы: «Мен
катыным менен кучакташып олтурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды.
Ошентип кан жеңилип, катынын уттуруп ага ичи күйүп, бирок кандыгына салып,
бербей койду.
Кан Айым сулууда бир керемет бар экенин билип дагы бир да ашык отко
күйүп чыдабай, эли-журтун жыйнап: «Ким ушу таздын катынын алып берет?» деп
жарлык кылды. Ошондо оозунда тиши жок алтымыш жаштагы бир мастан
кемпир: «Таксыр каным, мени он бештеги балага алып берсең, мен сени Айым
сулууга жеткиземин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң?» деди. Анда
кемпир: «Аны Ит Ичпестин ала көлүнөн суу алып кел, хан ооруп калды, ошол
дары экен, үч күндөн калбай келгин, үч күндөн кала турган болсоң, катының
кандыкы дейбиз. Ал сууга бара турган болсо, үч күн эмес, үч жылда да келбейт»
деди.
Кан макул болуп, тазды чакырып алып, колуна бир көнөк берип «Ит Ичпестин
ала көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң,
катының меники болот» деп буюрду. Таз макул болуп, көнөктү алып чуркап бара
жатканын Айым сулуу көрүп: «Кайда барасың» деди. Таз: «Каным катуу келди,
кара жаным таттуу келди, Ит Ичпестин ала көлүнөн канга суу алып келейин»
деди. Айым сулуу: «Качан кел деди?» деп сурады. Таз: «Үч күндөн калбагын» деди,
деп жооп берди. Айым сулуу «Үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын
жыйып, анан канга алып баргын да, «Ит Ичпестин ала көлү жылжып агып, суусу
сары болот экен деп айт» деди. Таз Айымдын айтканын жасап, үч күндөн кийин
көнөктү канга алып барды да: «Ит Ичпесин ала көлү жылжып агып суусу сары
болот экен, таксыр» деди. Кан Ит Ичпестин ала көлүнүн суусу» деп ичип, соо
жанын оору кылып алды. Ошентип төшөктө жатып кан калкына жарлык салды:
«Ким таздын катынын алып берет, алып берген адамды эмне тилесе тилегине
жеткиземин» деди. Анда бир чал: «Каным, мага он бештеги кызды алып берсең,
мен алып беремин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң? Эгерде
айтканымды орундатсаң, сенин каалаганыңды аткарам, сөзүм эки эмес» деди.
Чал: «Чыныбекти жаян балыкка жиберели, балыктын кабыргасын алтын уук
кылып, бир жак ыптасын сөгүп жети күндө кел, жети күндө келбесең, катының
кандыкы болот дейбиз. Ал жаян балыкка барса, жети күндө эмес, жети жылда да
жетпейт. Жетсе да жаян балык жутуп коёт» деди.
Кан тазды чакырып алып: «Жаян балыктын бир жак өңүрүн сөгүп кел, жети
күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, катының биздики болот» деди. Таз бул
сөздү катынына барып айтты эле, Айым сулуу тору атты, чолок кара кылычты,
алтын коңгуроону, алтын шакекти Чыныбекке берип, асман менен учуруп жиберди. Ал учуп отуруп жети күндө жетти. Жаян балык кудай жалгап суунун
түбүндө ойноп жүргөн экен. Ошондо Тору тулпарга тил бүтүп: «Мен, жаян балык,
аксак атыңды ал» деп чакырайын, чыгып келгенде башын кылыч менен жара
чап» деди. Таз макул болуп, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп
узарды. Аңгыча Тору ат: «Жаян балык, аксак тору атыңды ал» деп күңгүрөндү.
Жаян балык тору атымды аламын» деп чыгып келе жатканда таз кылыч менен
башын жара чапты. Тору тулпар балыкты алып чыкмак болуп сууга кирип кетти.
Бир топтоп кийин балыкты желкеден тиштеп суудан тышка алып чыгып, өзү
сулк жатып калды. Таздын айласы кетип, ары чуркап, ыйлап, бери чуркап ыйлап,
бир убакта бир колтук бетеге жулуп келип, аттын оозуна тыгып олтурса, тору
тулпар жаныбар ыргып тура калып, «Ат кадырын билбеген куйка таз, жети
күндүн ичинде асмандан учуп, келип жана да жаян балыкты тоодой кылып
суудан чыгарып отурсам, ачка болгондур, жаныбар» деп бир тутам чөп, бир
ууртам суу бербестен; балыктын бир жак ыптасын сөгөсүң. Өлгөн бойдон кайра
тирилбеймин дедим эле, бу да болсо Айым сулуунун кадыры» деп чөптү жеп,
сууну ичти. Тору ат антип-минтип тойгончо таз балыкты союп бир ыптасын
тулпарга кырк бүктөп салып, асман менен учуп, жети күндө кайта келип түштү.
Таздын кеткени жети күндөн ашкандан кийин кан Айым сулууну аламын деп,
калкын жыйнап, нике кыймакчы болуп жатканда, Айым сулуу жети катар темир
үй болуп жатып калган эле. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай,
акыры от менен чыгар деп тегерете карагайды үйүп темирди ысытты. Таздын
келген убагында жети катар үйдүн алты кабаты күйүп, жетинчиси ысый
баштаган экен. Аңгыча алтын коңгуроонун үнү чыгып калат. Айым сулуу таздын
келгенин билип, сыйкырын жандырды эле, темир үй да жок, от да жок болуп,
катын таз менен бирге отуруп калды.
Кан таздын катынын кандай кылып алууну билбей жинди болуп кала
жаздады. Дагы акыл сурап, калкка жар салса, анда бирөө: «Ушу жакта көчүгү
күмүш, башы алтын элик бар, ошону алып кел деп жиберсек, кудай албаса да
өлөт, жолдо ажыдаарлар көп» деди. Чыныбек таздын катыны алардын сөзүн
керемети менен билип, эрин чакырып: «Кан сени көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын
эликти алып кел деп жумшайт. Канча күндө келесиң десе, «күнү-түнү он күндө
келейин дегин, ат алсаң, жылкынын артына сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал»
деди. Аңгыча кандын жигити келип, Чыныбек баатырды алып кетти. Чыныбек
баатыр үстүнө кирер менен кан ага: «Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын
элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жароочу киши жок, канча күндө
келесиң?» деп сурады. Чыныбек баатыр: «Күнү-түнү он күндө келемин» деди. Кан:
«ат алгын» деди. Чыныбек баатыр баягы жылкынын артында сүйрөлгөн жаман
кунанды алып, катынына жетелеп келди. Ал жүдөө көрүнгөнү менен тулпар эле.
Айым сулуу багып, тулпар алына келтирди да: «Тулпарды минип жолго чык,
кечкисин барып эс алгың да, эртең менен мойнуңа куруңду салып, элик жуушап
жаткан чынар теректин түбүнө бар. Бул арканды үч тегеретип ыргытып, кайра
чуу койгуң, элик болсо артыңдан кошо жөнөйт» деди. Баатыр тулпарын минип
закымдап жүрүп отурат. Нечен ажыдаарлар тулпардын туягын чагып өттү, бирок
тулпар былк этпеди. Кечкисин түнөп, эртеси эликке барса, ал чынар теректин
түбүндө жаткан экен. Чыныбек Айым сулуунун айтканын жасап, арканын үч
тегеретип, кайрадан чуу койду. Аңгыча элик барпаңдап артынан кошо жөнөдү.
Чыныбек үйүнө келерине бир күн, бир түн калганда Айым сулууга кандын вазири
келип: «Жүрүңүз, баатырдын ашын берели» деди. Айым сулуу: «Бара бериңиз
эртең келбесе, өзүм барамын» деди. Эртеси Чыныбек эликти алып келип берди
эле, кан эми эмне кыларын билбей калды.
Ошондо кандын бир вазири: «Сиз оорумуш болуп калыңыз, Чыныбек
баатырды Күлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберели, анда барса кудай албаса
да өлөт» деди. Айым сулуу муну керемети менен билди да күйөөсүн чакырып:
«Каныңыз оорумуш болуп жатат, сени «Күлгаакынын гүлү дары» деп ошого
жиберет. Сен «барбаймын» дебегин «барамын дегин» деди. Аңгыча кандын
жигити келип Чыныбекти алып кетти.
Барса кан ооруп төшөктө жатыптыр: «Мен ооруп калдым. Бул ооруга
Күлгаакынын гүлү дары дейт, ошону барып алып келгиң, сенден башка жарай
турган жигит жок, экен» деди эле, Чыныбек макул деп, баягы Тору тулпарды
алып, үйүнө келди. Эртеси Айым сулуу кат жазып чөнтөгүнө салып берди да:
«Нечен күн, нечен түн жүрүп отурганда жар боорунан бир жарты
алачык көрүнөт. Анда бир кемпир жашайт. Кирип салам бер, ал сага туякка айран
куюп берет. Оң колуң менен айранды алгың да, сол колуң менен катты алып бер»
деди. Чыныбек баатыр макул деп жүрүп кетет. Жүрүп отуруп баягы жарты
алачыкка келсе, бир кемпир туякка айран куюп берди. Айранды оң колу менен
алып, сол колу менен катты сунду эле, кемпир катты окуп: «Айымдын айтканын
бербеске ылаажым жок. Сенин албаска ылаажың жок экен, күндүн танабын
тартып, азыр үч кызымды чакырамын, сен кудуктун жанына жашынып жаткың.
Аңгыча үч кызым үч көгүчкөн болуп учуп келет, кичүүсү бардыгынан кийин
келет, ошол кичүүсүнүн кийимин катып алып «тиемин» деп убадасын
бермейинче түк бербегин» деди. Бир убакта кемпир күндүн танабын тартты эле,
айтканындай үч көгүчкөн учуп келди. Кичүүсү кийин келди. Ошондо жашынып
жаткан Чыныбек кичүүсүнүн киймин катып алып, канчалык жалынса да бербей:
«Мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин» деди. Акыры кыз «тиемин» деп
убадасын бергенде кемпир келди да, төрт шакекти төрт жагына ыргытып
жиберди эле, тиги жактан дале, бу жактан дале «той болот экен» чуулдашып
кишилер келе башташты. Кемпир чоң той жасап, Күлгаакынын гүлүн берип,
Чыныбек менен кызын узатты. Орто жолго келгенде кыз: «Жүрү кайра баралы,
энемдин баягы төрт шакегин албай; мен кетпеймин деймин, сен да алмайынча
кетпейбиз деп жатып ал. Айласы куруганда шакегин берет» деди. Ошентип кайра
үйүнө келишти.
Кыз энесине: «Шакегиңди бермейинче, барбаймын» деди. Баатыр да:
«Алмайынча кетпеймин» деди. Кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп
кыйылып туруп төрт шакегин берди. Экөө шакекти алып жүрүп кетишти.
Чыныбек үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Айым сулууга келип:
«Жүрүңүз баатырдын ашын берели» деди.
Анда баатырдын катыны: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди. Ошол
күндүн эртеси колуктусун алып, баатыр келип калды. Кийинки күнү гүлдү алып
барып, сууга чайкап канга берди эле, кан ичкен болуп, айыгып кетти. Бирок
таздын сулуу колуктусун көрүп, андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды.
Чыныбек баягы төрт шакекти төрт бурчка ыргытты эле, баягыдай кишилер
чогулуп келе башташты. Аларды көрүп кандын тынчы кетип: «Бул эмне деген
кишилериң, шаарды алабыз деп келгенби?» деди. Анда Чыныбек баатыр: «Элиңе
эл, журтуңа журт кошомун, залал болбос» деди. Кан сөзгө жыгылып калды. Бирок
«таздын катындарын кантип аламын» деп вазирине акыл салды. Анда вазир:
«Сен өлгөн атамдан кат алып келгиң деп жибер, андан кудай албаса да өлөт»
деди. Муну баатырдын катыны дагы керемети менен билип, эрине айтты: «Кан
өлгөн атамдан кат алып келгин деп жумшайт. Сен барбаймын дебегин, барамын
дегин» деди. Ошол чакта кандын вазири келип Чыныбекти алып кетти. «Атам
бейиште бекен же кейиште бекен, барып кабарын билип келгин, кат алып
келгин» деди. г
Чыныбек макул болду. «Канча күндө келесиң?» деди.
«Күнү-түнү он күндө келемин» деди да, бир дөңгөч он аркан даярдатып, алып
кайта үйүнө келди. Катыны өзүндөй кылып Чыныбектин сүрөтүн тартып,
дөңгөчкө байлап караңгыда аркан менен учуруп жиберди да, күнү бүткөнчө
күйөөсүн катып койду. Тогуз күн болгондо кандын вазири келип: «Жүрүңүз
Чыныбек баатырдын ашын берели» деди. Анда таздын катыны: «Эртең келбесе
өзүм барамын» деди. Вазир кеткенден кийин Чыныбектин катыны кандын
атасынын атынан: «Балам мен бейиштемин келип көрүп кеткиң» деп кат жазып,
даярдап койду. Эртеси баатыр жазылган катты алып барып канга берди.
Кан катты окуп ыйлап: «Менин атам келип кет дептир Чыныбек мени да
өзүңдөй кылып учургун» деп кыйнады. Чыныбек өчүн алгыдай кылып, элинен
кыл аркан жыйып, канды кабыргасынан кан тамганча таңып, тоонун боорунан
ылдый карай тоголотуп учуруп жиберди. Бир эки күн өткөн соң, Чыныбек баатыр
кандын аялына барып: «Жүрүңүз кандын ашын берели» деди. Аялы Чыныбек
баатырдын Айым сулуусун туурап: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди.
Кан тоодон учуп коктуга түшүп өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш
берип, катынын алып, анын ордуна кан болуп, эл сурап туруп калды. Эли журтун
жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып: «Ата, башыма күн, аягыма Ай,
орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган түшүм ушул го» деди. Атасы кубанып
аябай ыраазы болду. Бала ата-энеси, катындары менен ошол күндөн ушул күнгө
чейин жыргап-куунап жатышкан экен.

ЧЫНАРБАЙ
Илгери бир убакта жетишпеген кембагал кишинин аялы токойдон чырпык
терип жүрүп, бир чынар теректин түбүнө толготуп, эркек бала төрөйт да, этегине
ороп, Чынар теректин түбүнө туулганы үчүн баланын атын Чынарбай коет.
Чынарбай чоңое баштаганда, баягы чынар теректин түбүндө ар күнү ойноп
жүрүүчү экен. Бала чоңойгон сайын чынар терек дагы күндө узарып өстү.
Чынарбай күндө ойногону келип, чынар теректин күн сайын бир кулачтан
узарганын сезип жүрдү. Чынар теректин өсүшүнүн сырын билүүгө айылдагылар
тегерегине кароолчу коюп, кезек менен күндө бир киши кайтаруучу болду. Бирок
эч ким эч сыр биле алган жок. Бир күнү Чынарбай өзүнүн жолдош баласы менен
чүкө талашып күрөшө кетип, жыгылып чалкасынан түшөт. Чынарбай жаткан
жеринен турбай, көзүн ачып чынар теректин башын бир карап алып, эси ооп
жатып калды. Жолдош баласы үйүнө барып кабар берди. Атасы келип
Чынарбайды тургузуп: «Балам сага эмне болду?» деп сурады эле, Чынарбай: «Мен
жыгылып кетип өйдө карасам, кырк канаттуу ат минген кыз келип чынар
теректин башына конду. Чынар терек ийилип барып бир кулач узарды. Кыз бир
аздан кийин асманды көздөй учуп көздөн кайып болду» деп атасына айтты. Бул
чынар терек «Кыздын тереги» экен деп түшүндү.
Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин Чынарбай астына ат минип, үстүнө темир
тон кийип, жанына Ашык деген досун ээрчитип, кызды издеп жолго чыкты.
Чынарбай жолдошу экөө күнү-түнү жол жүрүштү. Ээн талаа эрме чөл, как
эткен карга, кук эткен кузгун жок жерлерден өтүп аттары ыргайдай, өздөрү
торгойдой болушту. Ушул кезде балдардын алдынан бою бир карыш, сакалы миң
карыш адам чыгат. Балдар салам айтып: «Карыя, бул жол кайсы жакка алып
барат?» деп сурашты эле, анда карыя: «Балдарым атыңар ыргайдай, өзүңөр
торгойдой болупсуңар, кызыл өңүңөр самандай болуптур, ыраактан келе жаткан
окшойсуңар, издегениңер эмне?» деди. Чынарбай атынан түшө эки колун бооруна
алып, карыяга башын ийип, өзүнүн көргөн, билгенин айтып берди. Карыя
баланын сөзүн угуп туруп: «Балам жолуң болсун, жаш экенсиң, жаштын тилегин
берет, бактың ачылсын», — деп батасын берди. — Перинин аялы асман менен
учуп, жер көрүп саякат кылып жүргөндө толгоо кирип, үйүнө жетүүгө чамасы
келбей калган. Ошондо ошол чынар теректин башына конуп кыз төрөгөн. Ал
убакта сенин энең кембагалдын аялы болуп, оокаттын айласынан токойдон
чырпык терип жүрүп, толготуп сени чынар теректин түбүнө төрөгөн. Перинин
аялы астына кызын алып, кызын бир карап, сени бир карап чынар теректин
түбүндө жаткан сенин маңдайыңдан бир сылап туруп: «Тиги адамзаттын баласы
болсо дагы кызым экөө бир убакта, бир жерде кудайдын буйругу менен дүнүйөгө
бир төрөлдү. Экөөнүн бактысы, өмүрү жана өлүмү дагы бирге болсун» деп
батасын берген. Кызы чоңойгондо ар дайым чынар теректин башына ойнотчу.
Перинин кызы келген сайын чынар терек бир кулачтан өсүп турчу. Сен күндө
чынар теректин түбүнө келип чүкө ойночусуң» деди. Чынарбай угуп туруп:
«Карыя эми аны мен кайдан табар экемин» деди. Анда карыя: «Балам, жолуңдун
көбүн жүрүп, азы калды. Мындан ары жолуңардан ач бөрү чыгат, таман
алдыңардан кара чаар жылан чыгат, андан унчукпай өтүп кеткиле. Андан ары
көзгө сайса көрүнгүс караңгы калың токой кездешет, токойдогу жырткыч
айбандардын кыйкырыгынан кулагыңар тунат, ал убакта кайрылып карабастан,
атыңарды жыгып мууздап, жырткычтарга сала бергиле. Айбандар силерге
тийбейт. Андан өткөндөн кийин күн батышты карап, кара жерди тешилте
тырмагыла, таң агарып, күндүн нуру төгүлүп келе жатканда жер жарылып жол
ачылат. Ошол жол менен жүрүп отурсаңар, кыздын өргөөсүнүн өзүнөн
чыгасыңар» деп, көздөн кайып болду.
Чынарбай ээрчиткен досу экөө карыянын айтканындай жүрүп олтурушуп, кыз
уктап жатканда өргөөсүнөн чыгышат. Чынарбай менен Ашык дос кыздын чачын
белдерине беш айланта оролто байлашып, экөө эки ийнине минип, кызды араң
ойготушту. Кыз ойгонуп асманга үч көтөрүлүп, жерге үч конуп: «Эмине кылып
жүргөн жансыңар, максатыңар эмине, издегениңер эмине?» деди.
Чынарбай көп сөз айтпастан: «Мен чынар теректин түбүндө төрөлгөн
Чынарбаймын» деди. Кыз бул кабарды энесине угузду. Энеси Чынарбайдын
маңдайынан таанып, кызын берип жер үстүнө узатты.
Чынарбай колуктусу жана Ашык досу үчөө жер үстүндөгү эл жок, мал жок, бир
тоонун башына келип туруп калышты. Күндө Чынарбай менен Ашык дос экөө
кийик уулап мергенчиликке кетет, перинин кызы ар дайым үйдө жалгыз калат.
Кыз бир күнү эригип отуруп дарыяга барып чачын жууду эле, бир тал чачы
дарыяга агып кетти. Ал дарыянын аягына бир кан суу тегирмен салдырган экен.
Пери кыздын чачы агып отуруп, кандын тегирменин барасына оролуп тегирмен
токтоп калат. Кан тегирменин оодартып карап, жалгыз тал алтын чачты таап
алып, элин чогултуп: «Тегирменге оролгон перизаттын чачы экен, муну ким таап
келет?» деди. Элдин ичинен бир мастан кемпир чыгып: «Эгер тапсам, эмне
бересиз, каным?» деди. Кан: «Каалаганыңды беремин» деди. Кемпир сүйүнүп: «Он
бештеги балага алып бериңиз, перизатты таап келемин» деди.
Кан кемпирдин сөзүнө макул болду. Кемпир суу ылдый жүрө турган суу
кайык, суу өйдө жүрө турган жел кайык жасатып алып, суу ылдый жүрүп эч нерсе
таппады. Жел кайыкты минип суу өйдө издеп, суунун түпкү жерине барып
токтоду. Кайыгын сууга байлап коюп, өзү кызды издеди. Кечке маал кемпир
кыздын үйүн таап, ыйламсырап кирип келди. «Элибизди жоо чаап кетип, журтта
жалгыз өзүм калдым, ошондон бери тентип жүрүп, силерге дуушар болдум, багар
көрөөрүм жок, кызматыңды кылып, жаныңа эрмек болоюн, эми картайганда
кайда барамын?» деп көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлады.
Кыз: «Энеке, мында жүргөнүңүздүн ылайыгы келбес, күйөөм келгенде
акылдашып көрөйүн» деди. Кемпир: «Андай болсо акылдашып көргүн, мен
кабакка барып далдааланып жатып турайын, эриң жүрсүн десе жүрөйүн,
жүрбөсүн десе, өзүмдүн өлбөй турган оокатымды кылайын» деп кетип калды.
Бир кезде Ашык дос менен Чынарбай кийиктин этин артынып, үйгө келишти.
Эртеси эки дос дагы ууга чыкмак болушканда перинин кызы айтып калды: «Бир
мусапыр кемпир жүрөт, «эл-журтубузду жоо чаап кетип, талаада калдым,
силердин үйүңөрдө жүрүп оокат кылайын» дейт, буга кандай дейсиң» деди. Ашык
дос: «Кууланып жүргөн мастан болбосун, албай эле коёлу» деди эле, Чынарбай:
«Сага жалгыз отуруш көңүлсүз болор, өлө албай жүргөн бир мусаапыр,
кемпирдин колунан эмне келмекчи, жаныңа алып, эрмек кылып жүрөм десең
өзүң бил» деди. Бул сөздү уккандан кийин кыз кемпирди чакырып алды, кемпир
алар менен бирге туруп калды.
Арадан бир нече күн өткөндө кемпир пери кызды сууга ээрчитип келип, чачын
тарап отуруп, «кокуй, тетиги эмне?» деп кайыкты көргөзөт. Андан кийин чуркап
барып, байлаган кайыкты чечип алып, ичине түшүп алып ары-бери жүрдү да:
«Кел сен да түш, суу ылдый бир аз барып, тамаша куруп, көңүл ачып келели»
деди. Кыз эч жамандык ойлобостон кайыкка түшүп, суу ылдый жерди көрүп
кызыгып кете берди. Кемпир кызды кандын шаарына алып келип кандан
сүйүнчү алды. Кан эли-журтун жыйып перинин кызын алмакчы болуп мал союп,
тоюн берип, чачыла дасторконун чачып бүлүнүп калды.
Чынарбай менен Ашык дос кечинде үйүнө келип, пери кызды кемпир азгырып
кеткенин билип, суу бойлоп издешти. Алар таңга маал кандын шаарына жетип
тойдун үстүнөн чыгышты. Тойго жыйылган эл короого жык толуп, көчөгө батпай
кетиптир. Чынарбайга пери кызды көрүүгө мүмкүндүк болгон жок. Ал өзүнүн
келгенин билгизүү үчүн мылтыгын алып учуп бара жаткан кушту түшүрө атты
эле, үйдө олтурган пери кызы Чынарбайдын келгенин мылтыктын үнүнөн билип
кемпирден: «Тышка чыгып келейин» деп суранды. Мастан чыгарбай койгондо
кыздын ачуусу келип, кемпирди көкүрөккө жыга тээп, асманга учуп чыкты да,
Чынарбай менен Ашык досун жыйылган элдин ичинен чачы менен тартып алып,
көздөн кайым болду. Турган эл айран таң калышты, кан менен кемпир оозун
ачып, тоюн чачып кала беришти.
Ошентип булар айлын көздөй жол тартышты. Булардын келе жаткан кабары
Чынарбайдын атасына эки-үч күн мурун угулду. Чынарбай Ашык досу менен
«перинин кызын алып келе жатыптыр» деген сөз айылдан-айылга тарады.
Чынарбайдын өгөй атасы карасына алып, баласына кастык ойлой баштады:
«Менин баламды кудай урган экен, мен аламын деп жүргөн перинин кызын
алыптыр» деп, келинге көтөргөн өргөөгө уу сээп, уулуна камдаган куштун
боосуна уу сыйпап, Чынарбайды өлтүрүп, келинин өзү алуу аракетинде болду.
Бул убакта Ашык дос түш көрүп, Чынарбайга айтты: «Бүгүн бир түш көрдүм, сага
кийин айтып берем, бирок сенден үч нерсе сурайын, ошону аябай бергин» деди.
Чынарбай макул болду. Айлына жакындаган убакта атасынын уу сыйпап токуган
аттарын алып келишти эле, Ашык дос Чынарбайга мингизбей, аттарды мууздап,
ээр токумун өрттөп жиберди. Бир аздан кийин бир жигит Чынарбайга куш алып
келди. Ашык дос куштун боосун отко салып, кушту учуруп жиберди.
Мындан кийин бир жигит кийим алып келди. Ашык дос аны да өрттөп
жиберди. Элине келгенде атасы уулун уу сыйпаган үйүнө киргизди. Ашык дос
анын өгөй атасынын кылыгына чыдай албай, Чынарбайга айтууга оозу бата
албай жатып уктап кетти. Бир убакта ойгонуп ууктун билегине сыйпаган уунун
пери кыздын бетине тамганын көрдү да, «уу сиңбесин» деп улам соруп түкүрүп
турду.
Аңгыча Чынарбай ойгонуп, пери кыздын бетин соргон Ашык досту көрүп:
«Досум ушундай кылып жүргөн экенсиң го?» деп, көңүлүнө жаман пикир алды.
Ашык дос досунун сөзүнө таарынып, сырын айтпастан, өзүнүн үйүнө кетип калат.
Ашык досу кеткенден кийин Чынарбайга уу жайылып өлүп калды. Эртеси айылга
«Чынарбай өлдү» деген кабар угулганда, Ашык досу келип, «Сен эптеп жан сактап
тура турарсың» деп пери кыз менен коштошуп, Чынарбайды үкөккө салып,
көтөрүп алып жөнөп кетет. Пери кыз болсо «Жети кат темир үй болгун» деп жети
теменени дубалап, жерге сайды эле, айтканындай жети кабат үй болуп калды. Өзү
темир үйдүн ичине кирип, Ашык достун кайтышын күтүп жатты. Ашык дос
дөбөдө олтурса, баягы жол айтып берген сакалы миң карыш, бою бир карыш
карыя пайда болду: «Ээ балам, бул жерде эмне кылып олтурасың?» деди. Ашык
дос көзүнүн жашын төгүп, башын жерге салып: «Айланайын акебай, кичинемден
бирге жүргөн досум эле, өлүп калды, сизден пайда болор бекен деп алып келип
олтурам» деди.
Карыя: «Эмесе, тилегиң кабыл болгон экен, балам» деп сандыктан бир аттап,
таягы менен чаап койсо, Чынарбай үшкүрүп тура келди, карыяга салам айтты.
% Карыя: «Бактыңар ачылсын балдарым» деп көздөн кайым болду. Карыя
кеткенден кийин Чынарбай: «Биз бул жерге эмне келип отурдук?» деп сурады.
Ашык дос көргөнүн, атасынын кылганын айтты.
Чынарбай Ашык досун ээрчитип үйүнө келсе, атасы келинин аламын деп
темир үйдү буза албай усталардын баарын жыйып, көрүк менен үйдү ысытып
жаткан экен. Чынарбай келгенде атасы: «Келинимдин карды ачып калат го деп
темир үйдү бузуп, тамак бере албай
жатамын» деп, өлгөн баланын тирилип келгенине таң калды. Чынарбай үйдү
ачуусу менен тепкенде үй томолонуп кетип, перинин кызы чочуп кетип асманга
учуп чыкканда, Чынарбайды көрүп кайра жерге конду.
Үчөө аман-эсен кайра баш кошуп, кубанычка бөлөнүшөт. Эли Чынарбайды
кандыкка көтөрүп, ал адилеттик менен элди башкарып калган экен.
ЖАНЕК МЕРГЕН
Илгери өткөн заманда көргөнүн жаза атпаган Жанек деген мерген болуптур.
Ал бир күнү кийик атууга чыгып, бир жерге барганда самаган жерине жетпей
конуп калат.
Уктап жатса, таңга жуук түшүндөгүдөй болуп, бир адам келип: «Жанек, Жанек,
элдин баары кетип экөөбүз эле калдык. Жүрү, бат тур!» деп коюп эле, көздөн
кайып болуп жөнөп кетет.
Жанек чоочуп кетип башын көтөрүп тура калса, жанында киши жок. Жанек
туруп алып, ары-бери басып, эки жакты карап «мени кайып ойготкон экен го» деп
таң калат. Атын токуп жөнөйт. Көзүнө кечке бир да нерсе көрүнбөдү. Жанек:
«Мен эмне болуп турам. Түшүмдө киши ойготуп кетсе, күндүз жолум болбосо»
деп, өзүнчө кайгырат.
Кетип бара жатып, кечке жуук бир жерге атын откоруп, эки жакты карап
турса, тоонун башындагы зоонун арасында бир ээр токулган кийик турат, атып
жиберсе, таштын жараңкасына кире качат. Жанек кийиктин кирген жерине кошо
кирет. Кирип барса бир сулуу кыз: «Алда Жанек ай мени бекер атпадыңызбы?
Эми кантейин аксап калбадымбы? Отуруңуз» дейт. Жанек кыздын сулуулугунан
эсинен танып калат. Кыздын караган жагы жарык болуп тургандыгын көрөт.
Үйдүн эки жагында жыбыраган улактар байланып турат. Кыз тура калып,
эчкинин туягынан жасалган идишке Жанекке айран куят. Жанек ичип түгөтө
албайт. «Ичтим» деп кайта берсе, кыз: «Түгөтө ичиңиз» деп аякты албай коет.
Жанек туякка куйган айранды кечке араң түгөтөт. Ал күнү кыз Жанекти
кетирбей кондуруп калат. Көрсө, баягы таңга маал Жанекти ойготуп, кеткен
кайып ушул кыз экен. Эртең менен кыз Жанекке бир жайнамазын берип: «Тиги
көрүнгөн кырдын ары жагында дагы эки кыр бар, ошол кырларды ашсаң, бир
ээрди
желки сары кыз, бир ээрди желки кара кыз келип: «Жанек жездем келиптир, деп
тосуп алат» дейт да көздөн кайып болот.
Жанек эки кырды ашып, үчүнчү кырдын башына чыкканда эле, ойдогудай
аппак тигилген үйлөрдү, шарактаган кыз-келиндерди алыстан көрүп таң калат.
Баягы айткан эки кыз келип: «Жанек жездем келиптир» деп эки жагынан жөлөп
алып кетишет.
Жанек баягы кайып берген жайнамазды башына коюп кыйшайып отурса,
кыз-келиндер келишип: «Бизди аралап киши келчү эмес эле. Бул адамды ээбиз
жиберген экен го, жайнамазын бериптир» деп өздөрүнчө сүйлөшөт.
Жанек болгон окуяны айтып берет. Ошентип, өргөө көтөрүлүп шаан-шөкөт
менен Жанек баягы кайыптын кызын алат. Барган түнү колуктусу: «Сен таң
аппак атканча кирпик көзүңдү какпай чык, эгер көзүңдү ирмеп койсоң эле,
менден айрылдың?» дейт. Жанек ал түнү таң сүргөнгө чейин уктабай жатып,
аялы таң сүрүп келе жатканда түндүк тартканы эшикке чыгып кетсе уктап калат.
Аялы үйгө кирсе Жанек уктап калган. Кайыптын кызы чыркырап: «Көзүңдү
ирмебе десе, уктап калган тура» деп көздөн кайып болуп көккө учуп кетет.
Эртең менен Жанек көзүн ачса аялы жок. Жанек: «Мени кудай урган экен го,
уктаба дебеди беле, мен айрылган экенмин» деп кайгырып, суунун жээгине
барып, сууга түшүп, жээкте отурса, көктөн чыңырган бир үн чыгат.
Жанек байкап тыңшап калса: «Жанек, Жанек, менин убалыма калдың го,
көзүңдү ирмебе десе, аз калганда сени кудай урдубу» деп кыйкырат. «Эмдиги
жылы так ушул жерге келип этегиңди тос» дейт. Мергенчинин айласы кетип:
«Ушунча жашка чыкканча аялым жок, же балам жок болсо, мага эч нерсе айткан
эмес экен го» деп үшкүрүнүп үйүнө кайтат.
Келе жатса, эки коктунун ичи толгон аркар-кулжа, эчки-текелер. Араласа, бир
да бирөө мергенчи деп сезип койбостон жуушап жата беришти. Анда мергенчи:
«Бул жаныбарлар эмне үчүн менден сезденишпейт. Мени кайып колдогон экен.
Бул жаныбарларга тийбеймин» деп, ошол жерге түнөйт да, жуушаган
кийиктердин эң аягындагы бир аксак кийикти атып алып карагайдын түбүнө
барып, этти бышырып жей турган болгондо, аты кошкуруп калды. Аңгыча болбой
эки колун тумшугуна каткан бир аял келип, отура кетти. Жанек болсо бычагын
кайраштырып койсо баягы аял:
— Болотту да болотко кайрайбы? — деп үн чыгарды.
— Эт жеңиз — деп, Жанек бир кесим эт кесип берди эле, баягы аял жемиш
болуп, жеңине катып жөнөп кетти.
— Токойдо жез тумшук болот дечү эмес беле. Бул мени соо койбойт — деп
ойлоп, Жанек ээр-токумун башына жаздап чепкенин айкарасынан үстүнө жаап
киши сыяктуу кылып карагайдын сыныгын жаткырып коюп, отту өчүрүп,
мылтыгын октоп, карагайдын башына чыгып кетти. Түндүн бир оокумунда баягы
жез тумшук: «Жанек мерген сенсиңби?» деп, кементайды жамынган карагайды
мыкчып жыгылды. Жанек мерген: «Менмин» деп атып жиберди.
Жез тумшук бир чыңырды да чала жан болуп, каны чубуруп, үйүнө келет.
Жанек мерген чубурган канды кубалап, из кууп жүрүп отуруп, жез тумшуктун бир
таштын жараңкасына кирип кеткенин байкайт.
Караса таштын алдындагы үңкүрдө баягы жез тумшук аял, абышка кемпир
олтурат. Жаралуу аял бутунан кан агып ыйлап жатат.
Жанек мерген үңкүрдүн жараңкасынан туруп баягылардын баарын атып
өлтүрүп, жез тырмактарын кесип алып кайтат.
Антип-минткиче арадан бир жыл убакыт өтүп, баягы аялы айткан суунун
жээгине барып этегин тосуп олтурса, балтайган эркек бала этегине түшөт.
Ал бала баягы алган аялы кайыптын кызынан экен. Жанек баласын багып
жүрүп чоңойтот. Баласы чоңоюп көзгө атар мерген жана акылдуу, балбан болуп,
элине кереги тиет. Ошентип, Жанек мерген эл-журту, баласы менен
жыргап-куунап жатып калыптыр.
СОКУРБАЙ
Илгери өткөн заманда көзү сокур, кыялы чукул, дүнүйөгө атагы чыккан, төрт
түлүгү шай, бир чоң бай болгон экен. Күндөрдүн биринде Сокурбай баласына миң
дилде берип, базарга жиберет. Баласы базарга бара жатып, бир топ киши чогулуп
алып, бир өлүктү сабап жатканын көрүп: «Эмне уруп жатасыңар?» десе «биздин
эки жүз дилдебизди карыз алып, төлөп бере элегинде өлүп кетти, ошол карызы
үчүн уруп жатабыз» дешет. Бала: «Силердин эки жүз дилдеңерди мен берейин»
деп, өлүктү бошотуп алат.
Өлүктү кепиндетип көмдүрүп, дилдесин бүт зарп кылды. Кечинде үйүнө
кайтканда атасы: «Эмне алып келдиң, балам?» деп сурайт. Баласы жолдогу
көргөндөрүн, дилдесин өлгөнгө зарп кылгандыгын айтты.
Сокурбай баласынын жоругуна капаланып: «Шаарга жиберейин, жакшы жигит
таап келгин» деди. Баласы базардан он эки жигит алып келди эле, Сокурбай ар
биринин колунан кармап көрүп: «Булар жолдоштукка жарабайт, балам» деп,
чогуусу менен кетирип жиберди. Бала дагы бир күнү шаарды карай келе жатса,
астынан бир жигит чыгып салам берет. Бала алик алып, жолдош боло турган
жигит издеп жүргөнүн айтты эле, «эмесе мен жигит болоюн» деп, алиги чоочун
жигит ээрчип келди. Сокурбай жигитти колунан кармап олтуруп «ушу жигит
жарайт» деп урматтап, сыйлуу кабыл алды.
Беш-алты күндөн кийин кырк төөгө жүк артып, баягы жигитти кербен башы
кылып, өзүнүн баласын, дагы бир канча жигиттерди кошуп, соода кылып келүүгө
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 12
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.