Latin

Балдар фольклору - 27

Total number of words is 4074
Total number of unique words is 1757
37.5 of words are in the 2000 most common words
50.9 of words are in the 5000 most common words
56.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
балдары атасы айткан акылды укпай, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт
кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, кичинеси чоңуна акырая
карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетет, атасы
балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эң айла болбогон соң, чал өзү
тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгыны көтөрүп келди, балдарын чогултуп
алып: — Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мына бул табылгыны тобу
менен сындыргылачы — деди.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган табылгыны эч
кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты. Карыя табылганын
боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө, — деди.
Балдары табылгыны ошол замат чарт-чурт бөлүп:
«Мына, сындырдык» деп мактанышты.
Абышка балдарды отургузуп алып, нускалуу сөз баштады.
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп, капа болом, душманыңар көп, эгер
ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз табылгыдай бырча-бырча
сындырып кетет. Ал эми боолагаң табылгыдай бирдиктүү болсоңор, сындырмак
түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтарым ушул, — деди.
Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, касташкан душманды
жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечарага берип ынтымактуу турмуш
өткөрүптүр. «Ырыс алды — ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.
АКЫЛДУУ БАЛА
Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен.
Баласы чоңойгондо атасы чакырып алып:
— Балам, мени сыйласаң, — УУРУ бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, —
деди, баласы капаланып:
— Ата, эгер мени адам кылам десең — уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө
адал эмгек кылайын, — деди.
Ууру аябай ачууланды:
— Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!..
Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпаймын. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы
Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй ошондон
ары жогол!
Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге
сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен»,
— деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты.
— Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө
кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, — деди бала.
Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бир эки жума өткөндөн кийин
эт түгөндү. Экөө таразага дагы түшүштү, атасы мурункудан эки-үч кадак арыктап
калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кадак семирген экен. Бул ишке атасы
аң-таң калып баласынан жөнүн сурады.
— Таң кала турган эч нерсе жок, — деди баласы. — Сиз эт жеп жатканда,
уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем,
ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана
семире алат.
Ошондо атасы баласына:
— Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго
түшкөнүң жакшы болуптур, — деди.
МАНАТ
Бир падыша аял алам деп өзүнө караштуу элдин бойго жеткен кыздарынын
баарын чакыртып, «үч ооз табышмак айтам, тапканыңарды аялдыкка алам. Эгер
таппасаңар башыңарды алдырам», — деп табышмакты айтат:
Биринчи табышмагы: «Ачуунун эң ачуусу эмне?»
Экинчи табышмагы: «Жамандын эң жаманы эмне?»
Үчүнчү табышмагы: «Таттуунун эң таттуусу эмне?»
Кыздар үйлөрүнө барат.
— Ачуунун эң ачуусу эки киши урушса, же чатак көп чыкса ошол болот.
— Жамандын эң жаманы — эл катары оокат кыла албаса ошол болот.
— Таттуунун эң таттуусу кант менен набат. Андан башка таттуу барбы? —
дешти кыздардын ата-энелери.
«Падыша, табышмактын чечилиши туура эмес» — дейт. Анда кыздар
убайымдан ыйлап бара жатканда бир кедей чалдын Манат деген кызы:
— Мен табамын. Мени падышага алып баргыла. Баарыңарды өлүмдөн
куткарамын. Мага сүйүнчү бергиле, — дейт.
Эртеси кыздар менен кошо Манат да падышага келет.
— Ким тапты, табышмакты? — деп падыша сурайт.
Ошондо бир кыз айтат:
— Манат деген кедейдин кызы табамын дейт. Башкабыз табалбадык, — дейт.
— Кана, айтчы, — дейт падыша.
— Суроочу жерде туруп сурайт, жооп берүүчү такка чыгып жооп берет, — деп
Манат айтат.
Падыша макул болот. Манат такка чыгып, падыша айткан табышмакты эл
алдында айтып берүүсүн сурайт. Падыша кыздарга берген үч табышмагын айтат.
Манат мындай деп жооп берет:
— Ачуунун эң ачуусу өзүңдөй падыша болот. Бирөөнү өлтүрүүгө, өкүм кылууга
жарайсың.
— Жамандын эң жаманы — өлүм.
— Таттуунун эң таттуусу — асыл жан. Өлбөсөк деп тилейбиз.
— Энди сен табышмакты таптың. Сени мен алам. Эртең атаңды жибер. Калың
алсын. Бүрсүгүнү өзүңө араба жиберем — дейт падыша.
Эртеси Манаттын атасы падышага келет. Падыша чалга тамак берип тойгузуп,
бир тоок, кырк жумуртка берет.
— Үйүңө алып бар. Кызыңа айткын эртең бастырып, бүрсүгүнү тоок менен 40
балапанды алып келсин. Болбосо кызыңдын башын аламын, — дейт падыша.
Чал ыйлап үйүнө барат.
— Ата, эмне ыйладың? — деп Манат атасынан сурайт.
— 40 жумуртканы бастырып, бүрсүгүнү 40 балапаны менен тоокту алып
келсин, — дейт. Ошого ыйлап келдим, — дейт атасы.
Кыз амалын табабыз деп тоокту союп атасы экөө жеп ,алды.
Эртесинде бир чөйчөк тарууну жоолукка салып падышанын ордосуна барат.
— Эмне келдиң аксакал, — дейт падыша.
— Ээ, мен бир жаман иш кылдым. Тоок колумдан чыгып качып кетти. Кызым
жумуртканы басып жатат. Сизге мынабу тарууну берип жиберди. Эртең айдап,
бүрсүгүнү бышырып кап-капка салып даярдап турсун тооктун балапандары ачка
өлүп калат, — деп таруусунун уругун берген экен чал.
Падыша сөзгө жыгылып, увазирин чакырып, кыздын атасына акча берет.
— Эртең араба жиберем, кызың келсин, — дейт падыша.
Кыз келет. Нике кыйып, аялдыкка алат.
Күндөрдүн биринде:
— Ээ, Манат, үй мүлктү сен бил. Өрттөп жиберсең да өз эркиң. Мен падышалык
ишти билейин. Падышалык ишти кандай кылсам өзүм билейин. Жакшы кылсам,
жаман кылсам, өзүм билем, — дейт падыша.
Манат макул болот. Үч жыл турмуш сүрүшөт.
Күндөрдүн биринде Манаттын көчөсүндөгү бир абышка бооз бээсин минип
бир ЖЯКК9 баратып жол боюнан түшүп бээсин чалдырат. Чал уктап калат. Бээси
тууйт. Жол менен бара жаткан бир арабаны ээрчип кулун кетип калат. Бээ
кишенеп чалды ойготот. Чал бээсинин тууп койгонун көрөт. Кулуну ээрчип
бараткан арабаны кууп жетип:
— Ай, балам, кулунуң арабаны ээрчип баратат, деп эмне үчүн мага бир ооз
айтпадың? — дейт, чал.
— Сенин бээң тууса, бээңдин жанында турбайт беле. Менин арабам тууган. Бок
жебей кет, — дейт арабанын ээси.
Экөө чатакташып падышага келет.
— Сен бээңди мындай тарт, сен арабаңды мындай тарт. Кимин ээрчисе кулун
ошонуку — дейт падыша.
Арабаны ээрчип көнүп калган кулун арабаны ээрчип кете берди.
Анан чал Манаттан акыл жардам сурамакчы болуп ага барат.
— Кулунумду арабакечке алып берип койду. Балдарымды кандай кылам? —
дейт чал.
— Мен падышанын өкүмүнө киришпейм. Убадабыз бар, — деди Манат.
Чал жалооруйт.
— Балаңыз барбы бешиктеги, — деп Манат сурайт:
Чал:
— Бар, — дейт.
— Эмесе аке балаңызды алып аялың менен падышага кел, — деди Манат.
Чал баланы көтөрүп, аялы баланы меники деп падышага арызга келет.
— Он ай, көтөрүп омурткам сыздаган баламды чалым бербей жатат. Эмчегим
жарылып өлгөнү жатам — дейт аял.
Чал артынан кирип келет.
— Эмнеге бербей жатасың баласын?
— Бул катын тууса берет элем. Теректин жаракасынан этеги чыгып турган
нерсени тартып алсам ушу бала экен. Терек тууган баланы аял талашып жатат, —
дейт чал.
— Жыгач да бала туучу беле, бок жебей бергин, — деди падыша.
Падышанын бул сөзүн угуп турган аял чалдын колунан баланы жулуп алып,
кетип калат. Анда чал олтуруп:
— Ырахмат жыгач да бала туучу беле деп менин колумдагы баланы алып
бердиң. Араба кулун тууйт беле? Араба кулун тууйт, — деп сиз деле бээм тууган
кулунду арабакечке алып берип койбодуңбу? — дегенде падыша сөзгө сынып,
увазирин чакырып кулунун арабакечтен алдырып берет.
Падыша ушул акылды ким айтып берди? — деп ойлоп чалды чакыртып
сурайт.
— Чал өзүм ойлогом, — деп айтпай жашырат.
Падыша чылгый төөнүн терисине оротуп, тамдын
үстүнө чыгартып коёт. Тери ката баштаганда чал сары зил куса баштайт.
— Айтайын, айтайын, — деп чал жалынат.
— Ким айтты? — дейт падыша.
Чал: Манат айткан дейт.
Ошентип падыша сөзгө сынат. Аялына жини келип чакыртат.
— Сени менин падышалык ишиме кийлигишпе, — дедим эле. Бир чалга сөзгө
сындырдың. Эми үй мүлкүңдөн каалаганыңды алып кеткин, — деди падыша.
Аялы айтты:
— Өлтүрбөгөнүңүзгө ыраазымын, бирок эки кесе көжө кылайын экөөбүз
бирге отуруп ичели, анан кетейин, — деди.
Падыша макул болду.
Манат көжө кылып, падышага берчү көжөгө уктай турган бир дарыны салып
коёт. Падыша ичип бүтөрү менен уктап калат. Манат бир сандыкка төшөк салып,
падышаны ичине бекитип, увазирин чакырып:
— Падыша мага бир сандык берди, — деп арабакечке сандыкты салдырып
үйүнө келди. Падышаны сандыктан чыгарып төшөккө жаткырып жанында Манат
отура берди.
Падыша ойгонуп:
— Биз кайдан келдик? — деди.
— Биз үйдөн келдик. Үй мүлкүңдөн эмне керек болсо ошону ал дедиңиз.
Сизден башканын кереги жок экен, сизди алып келдим, — дейт Манат.
— Эч ким көргөн жокпу? — деди падыша.
— Сандыкка салып келдим. Эч ким көргөн жок сизди — деди.
— Эмесе сиз менен өмүрлүк жолдош болоюн, — деп падыша үйүнө алып барды
Манатты. Ошентип экөө түбөлүккө бирге өмүр сүрүп калышты.
ЧАЛ МЕНЕН БЕКХАН
Бекхан алты вазири менен жол жүрүп баратып, жүк көтөрүп алдынан чыккан
чалга жолукту.
—Атсалоом алейкум, чалым!
— Оалейкум үч салам, ханым! — деп чал жооп кайтарды.
— Үчтү тогузга сатпайсыңбы?
— Ханым, сатар элем — ал жок, саттырар элем — мал жок.
— Эртең алдыңа алты арстан жиберем, арзан сатпай, кымбат сат, деди да, хан
вазирлерин ээрчитип жүрүп кетти.
Жолдо вазирлер кан менен чалдын сөзүнүн маанисин сурашты. Хан
жигиттерине:
— Силер вазирсиңер, ошондуктан бул сөздүн маанисин эртеңге чейин өзүңөр
тапкыла, эгер таппасаңар башыңарды алам, — деп каарданып койду.
Эртеси алты вазир чалга келди.
— Кечээ хан менен сүйлөшкөн сөзүнүн маанисин айтып бер. Айтпасаң биз
өлмөк болдук. Ушул ажалдан куткарсаң, каалаганыңды беребиз.
Чал ары ойлонду, бери ойлонду.
— Эми болбостур айтып берейин, бирок убададан тайбагыла. — Хандын
«атсалоом алейкум» дегени — «кудайымдын берер убактысы бир болсун» деген
сөз. Менин «оалейкум үч салам» деген сөзүм — «мага бир болгонду ойлосоң, сага
үч болсун» дегеним. «Үчтү тогузга сатпайсыңбы» дегени — «үч ай иштеп тогуз ай
жатпайсыңбы» дегени. «Сатар элем — ал жок, саттырар элем, — мал жок»
дегеним — «өз күчүм жетиштүү болсо сенин айтканыңды ойлонуп көрөр элем»
деген сөзүм.
— Баса, алты арстан жиберем дегени кандай?
Чал булардын макоолугуна таң кала бырс этип
күлүп койду.
— Алты арстанды жибергени — силер эмессиңерби, силер арстандан
кемсиңерби... «Арзан сатпай, кымбат сат» — деди эле — көп албай аз алдым, —
деди чал.
СҮЙЛӨБӨС КЫЗ
Өткөн заманда бир хан болуптур, анын кеңеш бергич мыкты вазири бар экен.
Хан да вазир да бала көрбөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы кандын
аялы эркек, вазирдин аялы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо ата-энелери
экөөнү үйлөнтүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең,
вазирдин кызы Акылжан акыл эстүү, токтоо киши болду.
Күндөрдүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды.
— Мен сени менен тура албайм... Мен хандын гана кызын алышым керек.
Муну угуп, Акылжан да сөздү кесе сүйлөдү:
— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Эми сага бир акыл айтайын. Үзүр
шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч жолу сүйлөтсө,
ошол алат. Эгер мыкты болсоң ошого бар.
Арадан көп күн өтпөй, Жаннат кызды издөөгө Мээнетбек жалгыз аттанып
кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арып-ачып, аты ыргайдай, өзү торгойдой
болду. Күндөн күн, түндөн түн өтүп, акыры толук токсон күн дегенде Жаннат
кыздын шаарына жетти. Жаннаттын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай
деп жазылган жазууну окуду: «Кимде ким Жаннатты үч сүйлөтсө, Жаннат ошого
тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».
Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз
тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө алып келишти.
Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун
алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек өзү туулгандан берки
көргөн-билгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак
атып, боз торгой чурулдаган кезде коңгуроосу кагылды.
«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөтө алган жок, эми хан ага жаза
колдонот» деп, жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу
боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү. Ошентип бир жылдан ашык убакыт
өттү.
Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап,
эркекче кийинип, жарак-жабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн
жол жүрүп Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып,
өзүнө тамак-аш берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан
кол куушуруп таазим кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлөй
баштады:
— Жаннат кыз, мен сүйлөгөн сөзгө кулак коюп, адилеттик кылыңыз. Менин
айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал
мындай: — жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана илимпоз —
төртөө узак жолго чыгышат. Жүрүп олтурушуп, бир күнү кеч киргенде калың
токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек
менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага
ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, кадимки
кыздын кебетесин жасап, тургузуп коёт.
Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан
ал өз өнөрүн көрсөтмөкчү болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат.
Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен
булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө-билерик, сөйкө кала берсе
топчусуна чейин тагат.
Акыры кезек илимпозго келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп:
«Мен да өз өнөрүмдү
көрсөтөйүн» деп кызга жан киргизет... Эртеси «бул кыз мага тийиштүү» деп
талашып-тартышып, төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры элдеги кара кылды как
жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Муну биринчи ойлогон жыгач устага
тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?»
Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албады:
— Жок, кызга жан киргизген илимпоз алышы керек — деп, кыйкырып
жиберди.
Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип ошол замат коңгуроо кагылды.
— Эмки сөз мындай, — Акылжан дагы сөзгө кирди: — Бир кишинин үч баласы
болот. Бир кызга үчөө тең кызыгып калышат. Чатак ырбап кетпесин дейт да,
атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:
— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку — деп, балдарын
шаарга жөнөтөт.
Булардын эң улуусу кырк күнчөлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем,
ортончусу төгөрөктүн төрт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү
тиштесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго
чыгып, эмне алганын өз ара айтып өтүштү.
— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү, — деди улуусу
ортончусуна.
Үчөө күзгүдөн караса, баары эле аман-эсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын,
анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү.
Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер
замат кыз: «Оф, ушунчалык уктаган экем» деп тура келди.
Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат»
'дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сиз калыстык кылыңыз, кыз кимге
ылайык?»
Жаннат шашып кетти:
— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөөнүн эч нерсеси корогон
жок, — деп жиберди.
«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды берип, коңгуроо дагы кагылды.
Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:
— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк — үчөө жол жүрүп келатса,
бир жерде ата-энеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр.
Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп үч
жолдош кызды куткарып алмакчы болот. Бирок, кантип ала качат — кызды
кайтарып калышкан.
— Мен уурдап келем, — дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын киймин уурдап
кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип
чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган
киши кууп жөнөйт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра
айдайт. Үчөө айлына келип кызды талашып, «кыз кимибизге тийиштүү» деп
калыска келишет. Калыстар «ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?
Жаннат дагы шашып калды:
— Жок, андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп, үчүнчү жолу сүйлөдү.
«Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми
үч угулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалим убада боюнча Жаннат бул
жигитке тийүүгө макул болду.
Акылжан Жаннатка сыр алдырбады.
— Сени алуудан мурда эли-журтуң менен таанышайын, шаарыңды аралап
көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди.
Бир күнү талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы
менен тырмагы аябай өскөн, этин какач басып, кийми тытылып, кейпи кетип
калыптыр. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал
өзүнө окшотту.
— Сен эми мен болуп калдың... Жаннат кыз сага тиет. Бирок ал кызга эч сөз
айтпай кирип бар, — деген акылды үйрөттү, да өзү ошол жерде үйүнө кайтып
кетти.
Мээнетбек Жаннатты алып, элине шаан-шөкөт менен келип түштү. Эл
чогулуп, чоң той болду. Мээнетбекке учурашыш үчүн Акылжан да келди.
Мээнетбек аны көрөр замат:
— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды.
Акылжан кайра басып, эми канга барды.
— Ханым, датым бар, Сиздин алдыңызда балаңыздан эки ооз сөз сурамак
элем... Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып сиз уксаңыз экен —
деди.
Хан макул болуп, жаш-карынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди.
Акылжан Мээнетбекке суроо бере баштады.
— Жаннат кызды сиз кандай аракет менен, кандай сөз менен сүйлөттүңүз!..
Сиз музоо кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?
Хандын уулу Мээнетбек моюн бергиси келген жок.
— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге
жолуккан да эмесмин.
Акылжандын ачуусу келди да:
— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар
кимдики? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди.
Жаннаттын ичи күйүп:
— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулунда турбайм, азыр кетем! —
деди.
Хан башынан макоо уулуна нааразы. Акылжанга ыраазы болуп эли менен
кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен.
Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.
АПЕНДИНИН ЖОРУКТАРЫ АПЕНДИ
Өткөн бир кылымда акылман айлакерлиги, кээде маңыроолугу менен адамды
таң калтырган бир Апенди болгон экен. Апендинин бир ую, төрт кою бар экен.
Күндөрдүн биринде Апенди багынын түбүндө бир коюн союп отурса,
алпкаракуш айланып келип, коюн илип кетет.
Эртеси, кекенип: «Ооба, саган алдырармын! Эми алып көрчү деп, дагы бир
коюн соет. Алпкаракуш дагы айланып, келип илерде койдун шыйрагын кармап
тартат. Аны күчтүү куш коёбу, көтөрүп алып асманга чыгат, бир убакта
алпкаракуш аска зоокадагы бир тектирчеге конуп кой менен Апендини эки
балапанына таштап коет.
Апенди тура калып, күтүлбөгөн жерден: «Ой алпкаракуш, менин эки коюмдун
акысын бер» деп түртүп жиберет. Алпкаракуш чочуган бойдон бир чоң ташты
мыкчый калса ал омкорулуп кетет. Өзү уча качат. Караса каухар таш. Апенди бул
коюмдун акысы экен деп койнуна катып, аскадан сыйгаланып түшөт. Коктуга
келип түшүп, кечке жатып, кечинде эс алып, шаарга барса, ар кайсы жерде эт
сатып жаткан адамдар. Апенди: «Кой, мен жанагы жилик уюмду союп сатайын»
деп ойлоп, уюн союп, эшекке жүктөп, этин базарга алпарат. Базарда этти эч бир
адам сурабайт. Кечке жуук этти кайра артып келе жатса, Апендини он чакты ит
ээрчип алды: «Капырай иттер этти алып жүрбөсүн?» деген ой менен, «эт
аласыңарбы?» деп сураса, иттерден бир көк дөбөт алам дегендей ишарат кылат.
«Канчага?» десе, ит куйругун кырк жолу ирмей койду. «Ээ болду, кырк дилде
оңойбу» деп, сооданы бүтүм кылып, этти түшүрүп берип, үйүнө келди да:
«Кемпир, этти итке саттым» деп кубанып, ийги сөз айткансып күлүп койду.
«Иттин дагы дилдеси болмок беле?» деп, катыны бир топ ызаланып урушууга
чейин барат.
Үч күн өткөндөн кийин Апенди иттен акча алыш үчүн таягын алып кепил
дөбөттү издеп жөнөйт. Издеп отуруп барса, бир тамдын көлөкөсүндө дардайып
жаткан көк дөбөттү көрөт да, аны таягы менен бир чабат. Уйкуда жаткан ит чочуп
кетип кыңшылаган бойдон качып жөнөйт. Апенди кууп жүрүп куйруктан кармап
алып: «акчаны бер» деп, таяк менен беш-алты чаап жиберет. Ит чуркап келип бир
жерди тырмалайт. Ошол жерде иттин бир сандык казынасы бар экен. Итти коё
берип, сандыктагы дилдеден кырк дилдени санап алып, үйүнө келет да: «Эй
катын, иттин казынасы бар экен. Санап туруп кырк дилде алып келдим» деп сөз
салат. Анда аялы ишенген жок. «Эмесе, иттин казынасын көргөзгүн» деди.
Казынаны барып көргөздү эле, катыны: «бул дилдени мен алам» деп чатак салды.
«Жок иттин казынасына тийбе, эгер алсаң мен канга барамын» дейт Апенди.
Аялы болбой дилдени алып кетет. Апенди үйүнө келери менен чечинип
коломтонун жанында отко кактанып отурат. Аялы казанга сууну кайнатып
билгизбей түндүктөн жамгыр кылып чачып жиберет. Анда Апенди: «Катын,
катын! Ысык жамгыр жаады, түндүктү тарт!» деп кыйкыра баштайт.
Ошону менен Апенди канга барат: «Каным, менин аялым иттин казынасын
үйүнө алып келип койду, муну текшерип бериңиз деп сизге келдим» деди.
«Эмесе катынды алып келгиле» деп, кан жигиттерин жиберет. Аялга келсе:
«Барбаймын, деги кайсы күнү, кайсы убакта алган экемин, ошону Апендиден
сурап көргүлө» деп жигиттерди кайра кайтарып жиберди.
Жиберген жигиттер аялдын сөзүн айтып барышты эле, кан Апендини
чакыртып: «Деги кайсы күнү, кайсы убакта алды эле?» деп сурады. Анда Апенди:
«Каным, баягы ысык жамгыр жааган күнү алып келген болучу» деди. Кан: «Оо
кокуй десе, ысык жамгыр жаамак беле?» деп Апендини үйүнө кууп жибериптир.
Ошону менен Апендинин сөзү калп болуп, аялы дилдени ээлеп калган экен.
АПЕНДИ КАЗАН САТЫП АЛГАНДА
Илгери Апенди казан сатып алайын деп базарга барган экен. Казанды алып
келе жатса, жамгыр жаап, жол тайгак болуптур. Апенди асманды карап: «А кудай,
ушул белден аман-эсен чыксам, кудайы кылып ушул казан менен бир атала
кылып берейин» деп жалынат.
Жонго чыккандан кийин: «эми мындан быягы ылдый эмеспи» кудайы
кылуунун эмне кереги бар деп кетип баратса тайгаланып жыгылып кетип,
казаны сынып калат, анда Апенди ордунан турбастан: «А кудай, мен тамаша
кылсам, сиз чыны менен эле жыгып казанымды сындырдыңызбы? Мындай
тамашаны билбесең, кудай болуп эмне кыласың?» деп кете берген экен.
АПЕНДИНИН ЭШЕНДИ АЛДАГАНЫ
Апенди үйүнүн жанында отуруп алып: «А кудай, жүз дилде бер. Эгер андан бир
дилде, ашык болсо да албайм, кем болсо да албайм» деп айта берчү экен. Аны
кошунасы болгон эшен угуп эле жүрөт. Бир күнү эшен «чын айтабы же жалган
айтабы» деп Апендини сынамакчы болот да токсон тогуз дилдени баштыкка
салып үйүнүн үстүнөн таштап жиберет. Апенди аны алып санаса, токсон тогуз.
«Мына бу баштыгы менен туура жүз экен» деп катып алды.
Эшен жүгүрүп келип: «бул дилдени кудай эмес, мен эле сени сынап таштагам.
Сен токсон тогуз дилдени албайм дечү эмес белең» десе, «Жок муну мага кудай
тилегиме тууралап туруп баштык менен туптуура жүз кылып бериптир,
Ишенбесең кудайдан сура» деп Апенди эшенге бербей койгон экен.
АПЕНДИНИН ТҮШҮ
Апенди короозун базарга соодалап жүрүптүр. Бир киши тогуз сом берсе: «жок
он сом бергин» дейт. Ошентип соодалашып жатып ойгонуп кетет. Ойгонсо корооз
да, сом да жок. Кайта көзүн жуумп колун сунуп: «Мейли, 9 сом болсо деле бергин»
деген экен.
АПЕНДИ МЕНЕН КАН
Апенди бир күнү кан жана кандын уулу менен бир жакка жөнөдү. Жолдо кан
ысып кеттим деп Апендиге кийимин көтөртүп койду. Атасын туурап баласы да
кийимин Апендиге берди. Ошондо кандын уулу атасына карап: «Ата, Апенди бир
эшектин жүгүндөй жүк көтөрүп келе жатат» деди шылдыңдап. Анда Апенди:
«Балам, мен бир эшектин жүгү эмес, эки эшектин жүгүн көтөрүп келе жатамын»
дептир.
АПЕНДИ ЖИГИТТЕР МЕНЕН
Бир күнү жигиттер Апендини алдайлы деп чогулуп келип: «Апенди бүгүн
алдагы жалгыз козуңду сой, эртең кыямат кайым болот экен дешти. Апенди:
«Айтканыңар жакшы, балдар, каякка алпарып соёюн» деди эле, «биякка» деп,
бирөө көлдүн жээгине ээрчитип барды. Балдар козуну союп, Апендини
«бышырып тур» деп кийимдерин чечишип, өздөрү сууга түшүүгө кетишти.
Апенди алардын кийимин бүт отко жагып, этти бышырып койду. Балдар келип,
киели дешсе кийимдери жок. «Апенди кийимдерибиз кана?» деп сурашты. Анда
Апенди: «Кийимди эмне кыласыңар? Эртең кыямат кайым болгуча бул этти
жегиле, эт бышпай калганынан кийимди отко жактым, анын эмне кереги бар!
Эртең кыямат болот, кийимге кайгырбагыла» деди.
АПЕНДИ АЛТЫН ТАПКАНДА
Апенди бир күнү кош айдап жатып чоң бүлөөдөй болгон алтын таап алат.
Шашылып үйүнө келип, бирдемени чапанына ороп таштап коюп, өгүзүнө чөп
салды. Аялы алтын экенин таанып, алып туруп ордуна ошондой кайрак таш
салып койду. Апенди байкабай эле кандын алдына чуркап барды да: «Чогулуп
келгиле, мунун эмне экенин билели» деп кыйкырды. Кан вазирлери менен
чогулуп келсе, чапандан тултуйган кайрак таш чыкты. Апенди: «Ии мына ушуну
айтам» деди. «Мунун эмнесин айтасың, бул таш» деди кан. «Жок, таксыр биздин
айылдын жартысы 4 кадак, жартысы беш кадак дейт кимисиники туура, таксыр?»
деди Апенди. Кан Апендинин бирдеме тапканын билип: «Муну жалгыз камап
койгула, акырын тыңшап, шыкаалап тургула» деди вазирлерине карап. Апенди:
жалгыз үйдө камалып туруп: «Ой тобоо, узуну, туурасы, чоңдугу куду эле ушундай
эмес беле» деп, колу менен көлөмүн ченеп, кыймылдап кобурай берди.
Тыңшоочулар канга Апендинин таң калып жатканын айтышты. «Бирок эмне
буюм экенин айтпайт» дешти. «Эшикке алып чыгып башына улпакты сууга чылап
илип койгула, анан айтат», деди кан. Апенди улпак салынган жембаштыкты алып
таштайын десе, колу байлалуу, «бери кел» деп, канды ымдап чакырды. «Эми мага
шыбырап айтат экен» деп, кан кулагын тоссо, тилдеп туруп: «Колумду чечип кой»
деген экен.
АПЕНДИ ЖАНА АЧ КӨЗ КОЖО
Илгери, илгери бир заманда бир Апенди менен ач көз кожо деген болгон экен.
Күндөрдүн бир күнүндө Апенди кожого келип: «Казаныңды берип тур, оокат
бышырып ичейин» дейт.
Оокат бышырып эртеси Апенди кожонун казанына дагы бир кичине казан
кошуп кожого келип: «Ой тобоо, кожом куданын кудурети менен казаныңыз
төрөдү. Ишенбесеңиз мына» деп, эки казанды тең кожого берет. Ач көз кожо,
Апендинин эки казан бергенине ичинен тынып, сүйүнүп алып калды.
Күндөн күн өтүп дагы бир күнү Апенди кожого келип: «Ой кожом,
казаныңызды дагы берип туруңуз» деп сурап алып үйүнө барганда казанды
сындырып таштайт. Эртеси кожого келип: «Ой кожо, казаныңыз төрөй албай,
өлүп калды» дейт. Анда кожо: «Эмне себептен казан төрөй албай өлүп калды?
Кандай болсо да таап бересиң. Таппасаң казыга чакыртам» деп ачууланып кетет.
Казы жигиттерин жиберип, Апендини чакыртат. Казы: «Кожо, кана, эмне арызың
бар?» дейт. Кожо «өх!» деп жөлөнүп, чөктүшүп отура калып: «Таксыр, иштин
башталышы мындай. Бир күнү Апенди келди да, казанымды сурап алып кетти.
Эртеси казаның сынып калды деп, казанымды бербеди» дейт.
Анда казы: «Ай Апенди, сен айт» деди. Анда Апенди мындай деди: «Кожонун
казанын алдым да, эртеси казаны төрөдү эле алып бардым. Кош. Андан дагы бир
күнү казанды дагы алып келдим эле, казан төрөй албастан өлдү» деди.
Анда казы: «Ай кожо, казандын тууганы ырас беле?» деди.
«Ооба казанымдын тууганы ырас» деди кожо. Казы: «Аа, анда казаның
тууганы ырас болсо, өлгөнү да ырас» деп Апендинин сөзүн сөз кылып коёт.
Ошентип, Апенди кожону жеңген экен.
АПЕНДИНИН АҢГЕМЕЛЕРИ
Бир күнү Апенди жолдо келе жатып, күзгү таап алат. Ал күзгү менен өзүн
караса, сакал-муруттары өскөн, чачы алынбаган бир кишини көрөт да: «Бул өзү
киши эмес эле, маймыл бейм» деп күзгүнү ыргытып жиберген экен.
***
Апендинин зайыбы төрөмөк болуп толгото баштады. Бирок, толгоосу узарып
эки күнү төрөй албай жатты. Апенди бакты аралап, үч-төрт чымчыкты кармап
келди да, зайыбынын алдына таштап койду.
— Ай Апенди, бул эмнең? — деп зайыбы сурады.
— Балдар чымчыкты жакшы көрөт. Булардын чыйылдаган үнүн укканда
ичиңдеги балаң «ойнойм деп жүгүрүп чыксын», — деди Апенди.
Апенди эшегин жоготуп, аны издеп келатып, жолдо бир кишиге жолукту:
— Эшек жоготтум, көрдүңбү?
— Көрдүм. Эшегиң палан шаарда бий болуп, азыр өкүм чыгарып отурат, — деп
жолуккан киши жооп берди.
— Сен туура айтасың, тууган, — деди Апенди, — ал акыры ошондой чоң бий
болот деп, өзүм да үмүт кылып жүргөм, себеби мен бийлик иштерин жүргүзүү
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 28
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.