Latin

Балдар фольклору - 13

Total number of words is 4215
Total number of unique words is 1714
38.3 of words are in the 2000 most common words
51.9 of words are in the 5000 most common words
57.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
келип, баланы ошол жерде күтүп жатып калды. Бала болсо дөөлөрдү аралап өтүп,
шаарга кирет. Андан шуру көздүү, бермет жаштуу кушту издеп үй-үйдү кыдырат.
Акыры чарчап, бир кооз үйгө кирсе, анда бир сулуу кыз уктап жатыптыр, кыздын
жанындагы капаста бир куш отурат. Бала көпкө ойлонуп туруп, тобокелге салып
кызды ойготту эле, кыз баланы көрүп: «Кайдан жүргөн жансың, адам баласынын
буту жетпеген жерге кантип келдиң?» деп суроо салды. Бала өзүнүн кайдан,
эмнеге келгендигин айтты. Кыз болсо аны менен кетүүгө макул болуп жөнөп
калды. Бала кушту алып, баягы үч жолдун айрылышына жеткирип коюп, кош
айтышып кайра тартты. Андан кызды ээрчитип, кушту колуна кондуруп, баягы
агалары менен коштошкон жерге келсе, эки агасы жолун тосуп отуруптур.
Ортончусу кара сакал чал болуптур, улуу агасы ак ала сакал чал болуп, карылыкка
моюн сунуптур. Эки агасы инисинин баягысынан да сулуу, мурункусунан да жаш,
күчтүү болуп калганын көрүп, аябай таң калышты. Түнкүсүн экөө акылдашып:
Атам ансыз да муну жакшы көрүүчү эле, эми энчиден чындап куру кала турган
болдук. Муну өлтүрүп, кушту «биз таптык» деп алып баралы дешти да, уктап
жаткан жеринде баланы да, кызды да өлтүрүп кудукка таштап кушту алып жөнөп
кетишти. «Кушту биз таап келдик» деп атасына барып: «Кичүү уулуң биз кой
десек болбой, барса-келбес жолго түшүп, ошол бойдон жоголду. Күтө-күтө жол
арыттык. Акыры келбегенден кийин күдөр үзүп, шуру көздүү, бермет жаштуу
кушту алып мында келдик» дешти. Атасы кичүү баласынын кайтпаганына аябай
капа болуп: «Мага кичүү баламсыз куш керек эмес, кушту силер алгыла да,
баланы таап келгиле» деп экөөнү кууп жиберет. Мындай чыгып экөө кушту
талашып чырлаша кетип, улуусун ортончусу өлтүрүп коет. Анан кушту алып,
дагы бир кандын шаарына барып туруп калат.
Муну быякка таштайлы да, баягы кичүү бир тууганга кыямат дос болгон
кыздан сөз баштайлы. Ал түнүндө түш көрүп, түшүндө өлүп, кудуктун түбүндө
жаткан кыз менен баланы көрүп, дос кызынын кырк дөөсүн ээрчитип, жетип
келет да, тогуз жолдун тоомунда өлүп жаткан кыз менен жигитти тирилтип,
жолго салып, өзү көздөн кайым бөлөт. Бала элине келип, ортончу агасын таап,
шуру көздүү, бермет жаштуу кушту атасына алып берип, өзү баягы кызга
үйлөнүп, бакты-муратка жетип, жыргап жатып калат.
АЛТЫН КУШ
Илгери бир абышканын үч уулу жана бир чоң түп алмасы бар экен. Ар жылы
анын мөмөсүн жеп, абышка жашарып турчу экен. Бир жылы быша элек кезинде
ошол алмасын белгисиз бирөө келип жеп кетет. Келерки жылы абышканын улуу
баласы күзөтүп отуруп, түн ортосу ченде уктап калып, жегизип жибериптир.
Андан кийин ортончусу күзөтүп, ал дагы уктап калат. Абышка үчүнчү жылы
кичүү баласына кайтартат, ал уктабастан, куурай ойноп отура берет. Бир убакта
алтын куш келип алмага конуп, алманы жей баштайт. Бала акырын барып,
канаттан алганда куш учуп кетип, бир канаты үзүлүп, колунда калат. Бала эртеси
атасына куштун бир канатын алып келди эле, атасы: «Канатын таапсыңар, эми
өзүн тапкыла» дейт. Кушту издемек болушуп, абышканын эки уулу келишкен ат
минип, келишимдүү курал алып жүрүп кетет. Ошондо абышканын кичүү баласы:
«Мен да барамын» деп атасынан уруксат сурайт. Атасы макул болуп, сары
кунанын балага токуп берет.
Бала жүрүп отуруп жол боюндагы кара ташка келип такалат. Кара ташта кара
жазуу турат: «Сол жакка баргандын өзү өлөт, оң жакка баргандын аты өлөт».
Ошондо сары кунанга тил бүтүп: «Өлсөм өлөрмүн, оң жакка бара бер» дептир.
Бала оң жакка түшүп олтуруп бир токойдун ичине киргенде бир бөрү качырып
сала берет. Бала аттан түшө качат. Бөрү атты басып калат. Аттан айрылып, бир
терекке жашырынып ыйлап отурган балага карышкыр жетип келет. Бала коркуп
кетет. Ошондо бөрү: «Коркпо, мен сенин атыңды жедим, эми тилегиңе
жеткиремин» деди. «Издегеним алтын куш эле» дейт бала. Анда карышкыр: «Эми
сен менин үстүмө минип, көзүңдү жум» деди.
Бала бөрүгө минип, көзүн жумду эле, бөрү нечен тоолорду ашып, бир убакта
«көзүңдү ач!» деди. Бала көзүн ачса, бир шаарга келиптир.
Ошондо бөрү: «Куш мына бул үйдө, акырын барып бутунан албай, канатынан
кармап алып чык» дептир. Бала киргенден кийин карышкырдын сөзүн унутуп,
куштун бутунан алса, бутундагы коңгуроосу шылдырап кетип, кандын жигиттери
ойгонуп, баланы кармап алышат. Эртең менен канга алып келди эле, кан: «Кушту
неге уурдадың?» деди. Анда бала: «Менин атамдын бир түп алмасы бар эле, ошону
жеген сайын атам жашарып туруучу эле, кушуңуз үч жылдан бери алманы жеп
кетип, атам ошондон бери карып бара жатат» деди. Кан: «Атаңдын жумушунда
жүргөн бала экенсиң, сенин каныңды кечтим ушу жакта бир кандын алтын
жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келсең, кушту беремин» деди. Бала
бөрүгө келип. «Кан бир кандын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону
алып келсең, алтын кушту беремин деп айтты» деди.
Анда бөрү: «Коркпогун, үстүмө мин да, көзүңдү жум» дейт. Бөрү бир убакта
«көзүңдү ач!» дегенде бала көзүн ачса, дагы бир шаарга келип калыптыр. Ошондо
бөрү: «Кырк сарайдан кийин бир сарай бар, ошол сарайдын ичинде алтын жалдуу
ат бар, чылбырдан кармабастан, акырын жалдан алып жетелеп чык» деди.
Бала кирип барып карышкырдын айтканын унутуп коюп, чылбырдан жетелеп
алып чыгам деп дагы колго түшүп калат. Эртеси кандын алдына алып барганда
бала эмне үчүн келгенин айтты. Анда кан: «Сен бала, атаңдын жумушунда жүргөн
экенсиң. Сени жазага тартпайм. Ушул жакта Банча деген кандын бир сулуу кызы
бар, ошону алып келсең, алтын жалдуу, куйруктуу атымды беремин деди» деп,
бөрүгө айтты эле, анда бөрү: «Дагы үстүмө мин» деди. Бала бөрүгө минип, көзүн
жумду. Бөрү жүрүп олтуруп, «ач көзүңдү» дегенде көзүн ачып эки жагын караса,
таң сүрүп калыптыр. Ошондо бөрү «сен ала албайсың, эми мен барайын» деп
баланы ошол жерге таштап, өзү жөнөп кетти. Кандын кызы эртең менен алдына
кырк кыз, артына кырк кыз, оң жагына кырк кыз, сол жагына кырк кыз алып, бак
ичине сейилдикке чыккан эле. Бөрү тамдан секирип түшүп, алма жыгачына
жашынып туруп, кыздар жанынан өтө бергенде кандын кызын илип кетти.
Жолдо келатып кыз менен бала бири-бирине ашык болуп калат. Бала бөрүгө:
«Экөөбүз айрылбайбыз, ушунун ылаажысын тапсаң экен» деди.
Ошону менен шаарга келишти. Бөрү кубулуп, баягы кыздан да сулуу кыз
болду. Бала канга айткан кызың деп кубулган бөрүнү алып келди эле, кан балага
ыраазы болуп, атын берди.
Кыз менен бала андан ары кете беришти. Кан кызды бир үйгө киргизип коюп,
бир убакта жанына барып отурайын десе, кыз жок, карышкыр турат. Кан коркуп
чалкасынан кетип, эси ооп калганда карышкыр сыртка чыгып жолуна түшөт.
Аңгыча бөрү кыз менен баланын артынан жете келди, үчөө алтын кушу бар
кандын шаарын көздөй жөнөштү. Жолдо бала бөрүгө: «Бул аттан да айрылгым
келбейт, ушуга бир амал тап» деди. Бөрү: «Макул» деп кубулду да, келишимдүү ат
болду. Бала атты канга алып барып берди эле, кан ыраазы болуп, ага алтын
кушун берди. Бала алтын кушту колуна кондуруп алтын жалдуу атты минип,
сулуу кызды алып өз үйүн көздөй андан ары жөнөп кете берди.
Кан ушул күнү уучуларын жыйнап, баягы бала алып келип берген атты минип
тоого ууга чыгат. Уучулар бир түзөңгө аттарын тушап коюп, өзүлөрү кийик өңүп
кетишет. Алар кетери менен ат болуп кубулган бөрү өз түрүнө келип, тушалган
аттардын баарын жеп алып балага жете келет. Үчөө жүрүп олтуруп, баягы
баланын атын жеген токойго келгенде токтошуп, бөрү балага бир мурутунан бир
кыл жулуп берип достошуп ошол жерде калат.
Кыз менен бала андан ары жүрүп олтурат. Бир кезде кыз: «Ушул жерде ат
чалдырып, түнөп кетели» дейт. Бала макул болуп, конуп калышат. Экөө уктап
жатканда эки агасы келип: «Атабыз бул тапты, экөөң таппадың, — деп, — бизди
жаман көрөт» деп акылдашып, инисин өлтүрүп, кызын, кушун жана атын алып
кете беришет.
Бир күнү баягы токойду көздөй жүргөн желден улам бөрү баланын жытын
сезип, ага жетип келет да, досунун өлүгүн каргалар чокуп жеп жатканын көрөт.
Ал жерден бөрү каргалардын пашаасын кармап алып: «Өлбөстүн суусун алып
келгиле, же болбосо коё бербеймин» дейт. Карганын пашаасы каргаларды
өлбөстүн суусуна жиберет.
Алар өлбөстүн суусун оозуна алып жетип келишет. Бөрү карганын төрөсүнүн
канын сууга аралаштырып балага сыйпайт. Бала: «Көп уктап калыптырмын» деп
тура келет. Бөрү балага: «Сени агаларың өлтүрүп кетиптир. Менин үстүмө мин,
үйүңө алып барып коеюн» дейт.
Барса кызды улуу агасы алганы жатыптыр. Бала: «Үйгө кирип, чоор ойноп
берүүгө уруксат сурап бер» деп, бир кемпирди атасына жиберет. Кемпир тыштан
кирип: «Бир бала чоор ойноп берейин, уруксатпы деп жатат» деди. Анда атасы:
«Кирсин, балким, менин кичүү баламдын күүсүн ойноор, кирсин» деди. Бала үйгө
кирип чоор ойноп берет. Ошондо кыз: «Мени алган бала ушул, бул экөө муну
өлтүрүп, мени мында алып келген» деди. Атасы иштин жайын түшүнүп, кызды
кичүү баласына алып берди. Бир күнү баягы карышкыр кубулуп дубана болуп
балага келди. Бала аны таанып, жакшылап урматтап, коноктоп узатып жиберет.
Абышка жыл сайын баягы алманын мөмөсүн жеп, жылдан-жылга жашарат экен.
КӨЧПӨСБАЙДЫН БАЛАСЫ
Бир заманда Көчпөсбай, Көчөрбай деген эки бай болуптур. Көчөрбай ар дайым
жайлы-жайы менен жайлоого көчүп, кышты-кыштай ар кайсы кыштоого көчүп,
малын багып жүрчү экен.
Көчпөсбай жайы-кышы бир жеринде олтуруп, өмүрүндө көчпөптүр. Бир жылы
жут болуп, тегерегиндеги оту түгөнгөндөн кийин, Көчпөсбай көчмөкчү болуптур.
Көчүп көнбөгөн Көчпөсбайдын аялы бир жүгүн унаага артса, бирин унутуп,
үзүгүн таңылчакка таңса кийизин унутуп, чөмүчүн салса, кашыгын унутуп жатып,
күн чыккандан үйүн чечкен, күн батканда араң жыйнап бүтүшүптүр.
Ошентип, айдын жарыгы менен Көчпөсбай көчүп жөнөйт. Жолдо келе жатып
баласы: «Менин сакам журтта калган турбайбы» деди. Атасы: «Балам, чаап барып
алып келе койгун» деди. Бала өзүнүн кызыл бууданын минип, журтту көздөй келе
жатса, аты токтой калып балага айтты: «Эрдигиң бар эсиң жок, жаш бала, менин
көргөнүмдү көрдүңбү, менин билгенимди билдиңби? Журтта жети баштуу жез
кемпир отурат. Мен аттан жапыз, иттен бийик болгондо, сен амалын таап, эптеп
саканы алып кач» деди.
Барса кемпир мойнун жерге салып, саканы карап шылкыйып олтуруптур.
Бала: «Энеке, сакамды алып берип коюңузчу» деди. Кемпир анткорлонуп: «Ой,
айланайын балам, өзүм араң жанмын, олтурсам тура албаймын, турсам отура
албаймын, жаш бала эмессиңби, өзүң түшө калып ала койгун» деди.
Бала кемпирдин кууланып жатканын билип: «Ээ энеке, жар боорундагы
жарганатты карачы» деди. Кемпир мойнун буруп карай салганда, бала саканы
эңип алып качып жөнөдү. Кемпир такымдап артынан кууп калды. Бала качып
отуруп, кой кайтарган абышкага жолугат. Абышка баланын качып келе жаткан
жөн жайын билгенден кийин: «Мага бала болосуңбу?» дейт.
Бала: «Болоюн» деди. Ошентип, абышканын үйүнө барып олтурса бир кара ит
үч күчүктү ээрчитип жүрөт. Бала күчүктөр менен моюндашып уктап жатып түш
көрөт. Түшүндө жез кемпир «сени жебесем» деп кууп жүргөн болот. Бала чочуп
ойгонуп, күчүктөрүн көтөрүп жөө качып жөнөйт. Бир нече күн жол жүрүп, аябай
чарчап бир жерге келип уктап калат. Күчүктөр болсо кемпирдин келе жаткан
табышын бир күндүк жерден билип, баланы ойготушат. Ойгонсо күчүктөрү дөбөт
болуп чоңоюп калыптыр. Ошол жерден күчүктөрүнө ат коет. Чоңун «Угар кулак»,
ортончусун «Көрөр көз», кичүүсүн «Жер тыңшаар» деп атайт. Аңгыча сокусун
минип, сокбилегин камчыланып кемпир да келип калат. Кемпир жете бергенде
бала иттерин кемпирге коё берди эле, балага жалынып «иттериңди чакырып
алгың, экөөбүз жарашалык, мен сага кызымды берейин» дейт. Бала балалык
кылып, кемпирди ажыратып алып, анын кызын алып туруп калат.
Бала күнүгө иттерин ээрчитип, мергенчилик кылып жүрчү экен. Бир күнү
аялы балага: «Сен өзүң эчтеке ата албайсың, иттериңдин аркасы менен аң уулап
жүрөсүң, кыйын болсоң, иттерди үйгө таштап өзүң барып атып келчи» дейт. Бала:
«Өзүм эле атамын» деп, тоого чыгып кетсе, баягы кемпир артынан кууп келет.
Бала «эки ача терек бол, ортосунда мен болоюн» деп мылтыгын ыргытып
жиберет. Мылтыгы эки ача терек болуп, бала теректин башына чыга качат.
Кемпир келип бир тишин сууруп алып, балта менен теректин түбүн казып кирет.
Ошол кезде бир кызыл түлкү келип: «Ой, эне, сиз чарчап калыпсыз, эс алып
туруңуз, балта, арааңызды мага бериңиз, мен кесе турайын» деди. Кемпир
сүйүнүп жарагын берип, өзү барып уктап калат. Түлкү кесимиш болуп олтуруп,
жабдыгын көлгө салып, өзү качып кетет. Бир убакта кемпир туруп караса, балта,
араасы жок, түлкү да жок, кемпир ачууланып дагы бир тишин сууруп балта
кылып, бир тишин сууруп араа кылып, теректи чаап олтурса бир ак түлкү келип:
«Ой, энеке, сиз карыган киши экенсиз, чарчап калдыңыз го, теректи мен
чабайын, сиз эс ала туруңуз» деди. Кемпир: «Мени жана бир кызыл түлкү алдап,
жабдыгымды сууга салып кетти, эми жабдык кылар тишим да калбай калды»
деди. Анда түлкү: «Ой, энеке, сиз алжып калсаңыз керек, кызыл түлкүнүн сырын
ушул убакка чейин биле элек турбайсызбы, кызыл түлкү куу болот, өзүңүз
ойлонуңузчу, ак түлкү жакшыбы, кызыл түлкү жакшыбы?» деди. Кемпир: «Ак
түлкү эле жакшы» деп, жабдыгын берип, дагы уктап калды. Түлкү кесимиш болуп
олтуруп, жабдыгын сууга салып, өзү качып кетет.
Аңгыча асмандан бир карга учуп өттү эле, бала: «Ой карга менин иттерим бар
эле, ошолорго кабар берип койсоң» деди. Карга учуп барып үч итине кабар айтты.
Кемпирдин кызы иттерди терекке байлап койгон экен. Иттер теректи түп
тамыры менен жулуп алышып, балага жетип келишти. Ошол жерден үчөө кемпир
менен алышып отуруп, көлгө түшүп кетишет. Бала болсо теректен түшүп,
иттерин күтүп отурса иттери кемпирди өлтүрүп, суудан чыгышты. Бала аларды
ээрчиткен бойдон үйүнө келип, аялынын кастыгын билген соң чекеге атып
өлтүрөт.
«Эми жоомдон кутулдум го» деп, баягы багып алган атасына барып, бала атын
минип, үч итин ээрчитип, үйүнө кетмек болуп жолго чыгат. Айылга
жакындаганда чогулган элди көрүп, чуулдаган үндү угуп, бир койчудан: «Бул
эмнеге чогулуп жаткан эл?» деп сурады эле, анда койчу: «Ээ балам, анын эмнесин
сурайсың. Мен ошол үйдүн койчусумун, чуу чыккан Көчпөсбай деген байдын үйү,
өзү өмүрүндө көчүп көргөн киши эмес эле, мындан эки жыл мурун жайыты
түгөнүп, тегерегинде оттой турган чөп калбай калганда, бүт өмүрүндө бир гана
көчкөн болучу. Ошондо жалгыз баласынын сакасы журтта калып, «сакамды алып
келемин» деп кеткен эле, ошол бойдон байдын баласы кайткан жок. Көчпөсбай
ошонун ашын берип жатат» деди. Бала койчунун сөзүн угуп: «Эмесе, байга барып
сүйүнчү алгын, ошол баласы менмин» деди.
Койчу тебетейин көккө ыргытып, таягын алыс ыркытып, байдын астынан
чыгып: «Сүйүнчү байым, сүйүнчү!» деди. Бай ачууланып: «Мен уулума аш берип
жатсам, сен сүйүнчү дейсиң, кана айтчы, эмнеге сүйүнөм, жалгыз баламдан
айрылганыма сүйүнөмбү?» деди. Анда койчу: «Байым, сүйүнчү!.. Ачууңду тыйгын,
эл-журтуңду жыйгын, тойго айланткын, жалгыз уулуң кайтып келди» деди. Бай
сүйүнүп, уулу менен көрүшүп, ашын тойго айландырып, жыргап жатып калган
экен.
КЕМПИРДИН ЖЕТИ БАЛАСЫ
Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу бар экен. Балдары жетөө
жети түрдүү өнөр билиптир. Энеси эң мыкты жаа жасатып аны кимисине берерин
билбей: «Балдарым, баарың өнөрүңөрдү айткыла, кимиңдин өнөрүң артык болсо,
ошонуңа берейин» деди. Балдары өздөрүнүн билген өнөрүн айта башташты.
Эң чоңу: «Эне, алпкара куш асманда торгойдой болуп көрүнүп калганга чейин
бийик учса да ыргыта атамын» деди. Экинчи баласы: «Энеке, мен жети жыл мурун
кеткен кумурсканын изин билемин» деди. Үчүнчү баласы: «Мен эки дүнүйөнү
алаканга салып койгондой көрүп турам» деди. Төртүнчү баласы: «Мен ачка
болгон жерде бардан жок кылып, канча адам болсо тойгузууга жараймын» деди.
Бешинчи баласы: «Мен дарыя-деңиздерден көз ачып жумгуча кеме жасап
өтөмүн» деди. Алтынчы баласы: «Мен дарыя-деңиздерден чуркасам, таманымдан,
чаң чыгат» деди. Жетинчиси: «Жоо жакындап кирип келгенде кара жер жарыл
десем жарылып, түбүнө түшүп, өзүм сүйгөн жерден чыгып, душманымдан
кутуламын» деди.
Энеси балдарынын өнөрлөрүн уккандан соң кимисинин өнөрү артык экенин
биле албады. Ошондо балдардын колуна жасаган жаасын берип: «Балдарым,
мына муну алып барып, Болбос канга өнөрүңөрдү айткыла, кимиңердин
өнөрүңөр артык болсо, ошонуңа берсин» деп, балдарын Болбос канга жиберди.
Кемпирдин жети баласы Болбос кандын шаарына келсе, шаардын ичи
кыйкырык, чуу, калайман болуп дүрбөп жатыптыр. Булар таң калышып: «Эмне
болду, шаарыңарга жоо тийдиби? » деп бир абышкадан сурашты. Анда абышка:
«Ботом түндө эл жатарда кандын жалгыз кызы жок, кайда кеткени белгисиз, эми
кан кызымды таап бергиле же болбосо баарыңдын башыңды аламын деп чаң
салып жатат, балдарым» деди.
Жети баатыр кеңешип, кандын кызын таап бермек болушту. «Айтса айтпаса
төгүнбү, жүргүлө» дешип бара жатып: «Ой биз олуя болбосок, кайдан табабыз»
деди бирөө. «Жинди го, бая энем өнөр сураганда жети жыл мурун кеткен
кумурсканын изин билемин дебедиң беле, кайда кетиптир?» деди. Жети жыл
кеткен кумурсканын изин билчү баатыр ары-бери карап: «Асман менен
кетиптир» деди. Анда бирөө туруп: «Энем өнөр сураганда эки дүйнөнү
алаканымдагыдай билемин дебедиң беле, билбейсиңби?» деди дагы бирөөнө. Бул
баатыр ары-бери карап, алаканын ачып-жуумп туруп: «Тойбос кан деген кандын
алп кара кушу алып учуп бара жатат» деди. Алар кызды куткарып алууга жүрүп
кетишти. Бара жатып бир чоң дарыяга капталып калды. Бир жагынан курсактары
да ачып, балдардын көңүлдөрүнө кайгы түштү. «Эми дарыядан кантип өтөбүз?
Анын үстүнө ачка кайда барабыз?» деп турушканда, алардын бирөө: «Ой,
жиндилер, энем өнөр сураганда бардан-жоктон тамак таап, канчалык адамдарды
тойгузам дебедиң беле, кана батыраак тамак тапчы?» деди.
Бул баатыр асманды карап, алаканын жайып койду эле, эки кой маарап түшүп
келди. Анын артынан көп токоч түштү. Булар кубанып, токочторун жеп, койлорун
союп жатканда, «дарыя, деңиздерден көз ачып жумганча кеме жасап өтөм»
дегени эт бышкыча эле бир чоң кемени жасап даярдап койду. Баарысы кубанып
кемеге түшүп алып, дарыянын үстү менен жүрүп кетишти. Балдар күн-түн жүрүп
отурушуп Тойбос кандын шаарына келди. Көрсө, Тойбос кан, Болбос кандын
кызын түшүндө көрүп, ага ашык болгонунан алпкара кушка алдырган экен. Жети
баатыр барып жеткен убакта Болбос кандын кызы кырк кыз менен сууга түшкөнү
келе жатыптыр. Баягы балдардын «дарыянын үстүнөн чуркасам таманымдан чаң
чыгат» дегени көл үстү менен барып Болбос кандын кызын, Тойбос кандын
кызына кошуп, көтөрүп келип, кемеге салды.
Кыздарды алып кеткенин Тойбос кан угуп, алпкара кушту жиберди. Алпкара
куш асмандан торгойдой болуп көтөрүлгөндө баягы «Алпкара куш асманда
торгойдой болуп көрүнсө да атып түшүрөм» дегени атып жиберсе, алпкара куш
буту сынып, Тойбос кандын эшигинин астына барып түштү. Балдар кыздарды
алып жүрүп кетишти.
Тойбос кан муну көрөр замат кеме менен көп аскер жиберип куудурду. Бул
убакта баягы «Кара жер жарыл десем жарылып кетет» деп айтканы тебетейин
жерге кое коюп: «Кара жер жарыл» дегенде жер жарылып кетти. Балдар жердин
түбүнө түшүп кетишти. Арт жагынан жете келген боз атчан аскер башчысы
балдар менен кошо жер алдына түшүп кетти. Аскерлер кайра тартып, Тойбос
канга көргөндөрүнүн баарын айтышты: «Таксыр, каным, кыздарды алып качкан
адам эмес, азирейил экен, адам болсо дайранын үстүнөн чуркаганда кантип
таманынан чаң чыксын, тоодой болгон алпкара куш торгойдой болуп калганча
бийик учканда кантип ыргыта атсын, адам баласы кантип бүтүн жерди
жарылтып кирип кетсин? Азирейилдер менен бирге биздин эң баатыр аскер
башчыбыз өзүнүн ак боз аты менен кошо жерге кирип кетти» дешти.
Тойбос кан мындай сөздөрдү угуп, экинчи бирөөнүн кызына ач көздүк
кылбаска ант берип, өзүнүн кызынын үчүлүк, жетилик ашын берип, экинчи кыз
ала качпаска кудайга тобо кылып жатып калды. Жети баатыр Болбос кандын
коломтосунан чыгып келе жатса, шаардагы элдер коркуп: «Бая күнү Болбос
кандын өзүн жутканы келе жатат ушинтип баарыбызды кырып түгөтөт экен»
дешип, бүт бойдон тоого чыга качышты. Жети баатыр жер үстүнө чыкса, адам
деген немеден таптакыр эчтеке жок, артынан кууп келген боз атчан аскер
башчыны босогого байлап, эки кызды окшоштуруп, төргө олтургузуп бир койду
союп казанга салып, отту жагып жатканда, үйүнөн чыккан түтүндү көрүп: «Ким
барып көрүп келет?» деп кан жар салды. Эч адам чыкпаган соң кан: «Өлсө кунсуз,
сатса пулсуз» деп ата-энеси өлгөн бир жетим баланы барып келүүгө буюрду. Бала:
«Барбасам башымды алат го» деп, коркконунан айласыз макул болуп келип
караса, баягы кемпирдин жети баласы этти салып, отту жагып жатышат, төрдө
эки кыз ойноп олтурат, улагада бир жигит байланып турат. Буларды көрөрү
менен кубанып, Болбос канга келип сүйүнчүлөдү. Болбос кан көп ишенбестен,
«дагы ким барып билип келет?» деп жар чакырды.
Анда бирөө: «Уруксат бериңиз, мен барып билип келейин» деди. Ал киши:
«Баланын айтканы ырас экен, каным, сүйүнчү? Бир кызыңыз эки кыз болуп
келиптир» деп, кандын үйүнөн чыкпай жатып эле бакырды. Болбос кан
эли-журту менен келип, кызына учурашты. Жети баланын кутказгандыгын кыз
атасына түшүндүрдү. Жети бала өзүлөрүнүн өнөрлөрүн айткандан кийин, Болбос
кан тактысынан түшүп, кандыгын жети балага берди. Өзүнүн кызы менен Тойбос
кандын кызын эки улуусуна берип, калган бешөөнө бүт элден тандатып жүрүп
беш кыз алып берди.
Балдар үйлүү-жайлуу болуп, карыган энесин алдырып туруп калышты. Бирок,
«булардын ичинен эң кыйын өнөрлүүсү ким?» деп ошол убактан ушул убакка
чейин Болбос кандын башы катып жүрөт экен.
АТАНЫН КЕРЭЭЗИ
Ач экен, ток экен, бар экен, жок экен, бир чал-кемпир бар экен. Чалдын үч уулу
болуптур. Чал бир күнү ооруп дарманы куруп акыры өлүмгө моюн сунуптур.
Өлөөр алдында кичи уулун чакырып: «Сен балдарымдын кенжеси, жүрөгүмдүн
эркеси элең. Мына бул канжарды алгын да, агаларыңдын бирине билгизбей бек
катып ал. Канжардын жашыруун мындай сыры бар: «Кындан сууруруң менен:
«Тиле тилегиңди» деп үн салат. Тилегиңди айтсаң, алеки саламда кабыл кылат.
Ошентип канжардын жардамы менен бакыт-муратка жетесиң деп, осуятын
айтып, касиеттүү канжарды кенже уулуна калтырып чал бу дүйнөдөн өтүп кете
берет.
Күндү кубалап түн, түндүк кубалап күн келе берет. Агалары балага кой
кайтартып коет. Бала атасынан калган канжарды кыя байланып, кайгысын
талаага даттанып жүрө берет. Бир күнүн саардан туруп кой жайып кеткени жатса,
көчөдөн бир аттуу киши:
«Мен жарчымын, жарчымын
Кан кабарын салчумун,
Кандын кызы күйөөгө чыгат.
Баргыла мөөрөй алуучуң!»
деп, жар чакырат. «Кандын кызы күйөөгө тиет турбайбы, андан мага эмне пайда»
деп бала канжарын кыя тагынып, коюн жайып кете берет. Агалары шашкеде
тойго жөнөйт. Бала кечинде тойдун кандай өткөндүгүн алардан сурады эле, улуу
агасы: «Тойдун сага эмне кереги бар, андан көрө жакшылап коюңду кайтар,
ууру-бөрүгө сак бол» деп кагып салды. Бала агасынын жашырып айтпай
жатканын билип: «Мында бир сыр бар көрүнөт, уктабай жатып угайынчы» деп оң
жамбашына оодарылып, уктамыш болуп коңурукту кош тартты. Бир убакта агасы
жайын катынына баяндады: «Тиги уктаган чыгар, эми кулак сал, толуктап айтып
берейин. Анын көзүнчө «айт эле айт» деп беймаза кылдың. Ал укса кетип калат,
анан койду ким кайтарат. Кандын кызы Эркеайым атасына: «Ким миң тепкичтүү
шаты менен менин мунарама сепилдин сыртынан чыгып барса, атам мени ошого
берсин, мен ошол жигитке тиемин» деп айттырыптыр. Кан да ал шартты
орундаткан кишиге Эркеайымды бермек болуп, элине жар салыптыр. Бирок
кандын кызын алууга ынтызар адамдар көп болсо да, анын койгон шартын
аткаруу оңой көрүнбөйт. Шатынын элүү тепкичине чыгып барып, эки адам башы
айланып кулап өлдү. Мен отуз тепкичине чыгып, коркуп кайрадан түштүм».
Бала муну угуп түнү менен уктай албай чыгат. Таң да супа салып атат. Агалары
тойго, бала койго жөнөйт. Түш ченде койлорун суу жээгиндеги дарактын
көлөкөсүнө жуушатат да, тойго жөнөйт. Жолго чыга берип, канжарын кынынан
сууруду эле, канжар жарк этип: «Тиле, тилегиңди?» деди. «Бир ажайып ат бер!»
Аңгыча алдына ажайып тулпар ойдолоп тура калды. Бала атты минет да,
тойго чаап жөнөйт. Ал алеки саамда кашаң аттары менен өпөңдөп келе жаткан
агаларына жете келет. Бала аларды көрүп четке чыгып, канжарын кынынан
сууруп алат. Канжар жарк этип: «Тиле тилегиңди!» деп үн салат. «Кандын
баласыныкындай жарак-жабдык бер!» Ошол замат сураганындай жарак-жабдык
пайда боло калат. Бала жасалгалуу кийинип, жарак-жабдыгын асынып, агаларын
көрмөксөн болуп жандарынан бастырып өтүп тойго барат. Элдин баары эле
жарданып аны карайт, агалары да көзүн албайт. Бала аттан түшүп, сегиз жүз
тепкичке чыгып барып, кайра жерге түшөт да атына минип, чапкан бойдон артын
карабай кете берет. Эл анын артынан «балилеп» кыйкырып калат.
Кечкурун өзүнүн мурунку кейпине түшүп, жаргак шымын кийип тай туягын
тартынып коюп, айдап үйүнө келет. Агалары болсо кашаң аттарын теминип,
чаалыгып-чарчап жаңы эле келишкен экен. Бала алардан кайда барганын сураса,
бүгүн да тойго барганын айтышат. «Мен дагы барайын?» деп суранды эле, «кой,
коюңду кайтар, сага эмне бар, кызыктуу эч нерсе жок» деп коюшту. Бала:
«Болуптур эмесе, коюмду кайтара берейин» деп, тим болот. «Шатыга чыккандар
болдубу?» деп сураса, кичүү агасы: «Экөөбүздөйлөргө жол кайда? Ажайып
аргымак минип, асемдүү жарак жабдык асынып бир кандын баласы келди,
атаганат, сөөлөтүн коё кал! Сегиз жүз тепкичке чыгып барып, кайра түштү,
көргөн эл «кожо Кыдырдын баласыбы?» деп, айран таң калышты, көбүнүн колу
жакасынан али кете элек» деди.
Эртеси бала койго, агалары тойго кетти.
Чоң шашкеде койлорун дарактын түбүнө жуушатып коюп, канжарын
кынынан сууруду эле: «Тиле, тилегиңди» деди. Кечээги атым менен кийимимди
азыр даяр кыл!» Көз ачып жумганча кечээги кийими менен тулпар аты дароо
даяр болду. Бала алкынтып атын минди, жаркынтып киймин кийди бургутуп
жолго кирди. Тойго так жетерде кашаң ат минген агалары жол бошотуп,
улам-улам аттын жалына өбөктөй жүгүнүп, кала берди. Кайнаган эл баштарын
ийин «Кулдук канбача, кандын Эркеайымы сизге ылайык» деп, жол бошотуп
жүгүнүп калат. Бала каада менен аттан түшүп, бу сапар шатынын миң тепкичине
чейин чыгып барып кайра түшөт. Эл айран-азыр калат. Аны туурап алакөөдөк
бир жигит шатынын отуз тепкичине чейин чыгып барып, башы айланып кулап
өлөт. Эл баланы тегеректеп мурункудан бетер жарданат. Ошондо ал четке чыгып,
канжарын суурду эле, «тиле, тилегиңди!» деп үн салды. «Ушул элге бир чекседен
жеткидей күрүч даяр болсун.
Аш-паш дебей бир дөбө күрүч пайда болду. Бала канжарына: «Ар бир кишиге
бир чекседен бөлүнсүн, идишине салынсын» деп буюрду. Алеки саламда ал
айтканы да орундалды. Кандын кызы да айран-азыр калып, баланын жанына
басып келип: «Жүзүңдү бир көрсөтчү?» деди. Ал тетири карап болбогондо:
«Жүздүгүмдү берейин, жүзүңдү көрсөтчү» деп дагы сурады. Бала «эми болбостур»
деп, ага караганда, кыз үшүнөн кеткенсип сендиректей түштү да: «Мына бул
жүздүктү менден белек алгын. Жоготуп, же майыштырып койсоң, менден үмүт
үз» деди. Бала жүздүктү алып, атка шап минип, келген жолуна түштү. Артынан
ызгып чаң гана көрүнүп, бир заматта көздөн кайым болду. Бала мурунку кейпине
түшүп, кечинде коюн айдап, адатынча үйүнө келсе, агаларынын кубанычы
койнуна батпайт. «Ээ иним, биз сага палоолук күрүч алып желдик, палоо басып
беребиз, чеңгелиң айрылганча чеңгелдеп, курсагың жарылганча жейсиң, бол
тезирээк отун камдап, от жак» деп шаштырышат. «Күрүчтү ким берди акелер?»
Анда улуу агасы: «Сурап эмне кыласың, кожо Кыдырдын баласы да анчалык
мыкты болбойт, чынында кудайдын уулубу деп ойлодук. Кечеги жигит миң
тепкичтүү шатыга чыгып барып, кайта түштү. Кандын кызы өзү куштар болуп
колуна жүздүк салды. Күрүчтү да ошол март бала берди. Эртең Эркеайымдын тою
башталат» деди. Бала ууртунан жылмайып, алардын айтканын аткарып тим
болду. Оокат желип жатаарда: «Ушунча күн силер, той тойлодуңар, мен кой
кайтардым. Кудайыңарды карасаңар, эртең тойго мен барайын, койго силер
баргыла?» деди. Агалары макул болушуп: «Ээленип калыпсың, барсаң бар, бирок
кан баласы келгенде делдейбей жүгүнгүн да, элге бергенинен сен да куру калбай
ала кел» дешти. Бала «макул, ошентейин» деди.
Ал эртеси тойго, агалары койго жөнөдү. Бала жолдон кадимки канжарын
сууруп буйрук берип, боз аргымакты минип, буулумду кийип, тойго барды.
Аңгыча кан: «Айткан шартым аткарылды, күйөө болчу адам алдыма келсин» деп
жар чакыртты. Бирок кандын күйөөсү табылбады. «Күйөө болчу менмин» деп
баргандарды Эркеайым карабады. Акыры кыздын акылы менен элди колун
жайдырып, Эркеайымдын алдынан чубатууга салды. Бала «эмне кылар экен» деп
далдаада тура берди. Бешимге чейин бардык эл чубап бүттү. Акыры кезек балага
жетип кыздын нөөкөрлөрү анын да колун жайдырып, Эркеайымдын алдынан
алып өттү. Кыз колундагы өзү берген жүздүктөн баланы таанып, отуз күн оюн
курдуруп, кырк күн тоюн кылдырып, балага тийди. Шаан-шөкөт менен бала
Эркеайымды үйүнө көчүрүп келип, ортончу агасына кыздын эжесин алып берип,
бакты-муратына жетип жашап калыптыр.
ЖАЛГЫЗ УУЛ ЖАНАДЫЛ
Байым-байым бай экен, төрт түлүгү шай экен. Кочкордун күңгөй-тескейине
атагы чыккан Кожомберди деген бай бар экен. Анын болгондон Жанадыл деген
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 14
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.