Latin

Балдар фольклору - 10

Total number of words is 4222
Total number of unique words is 1679
36.4 of words are in the 2000 most common words
49.6 of words are in the 5000 most common words
55.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
уузун кер кулунга эмизип, сары уузун Көкүлгө күл азык кылып, Кер бээни алдына
салып, айдап үйүнө келди. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн казык кактырып
Кер кулунду байлатты.
Кедең дос болоттон канжар кылдырып, алтынчы күнү келди. Кер кулунга
айырмач токуп, Көкүлдү мингизип, өзү Кер бээни минип учуп кетти.
Экөө жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эки жолдун айрылышына барганда, Кер бээ
бээлик кылып жүрбөй турган болду. Ошондо Кедең дос:
— Алты чуркап койгондон, Кер бээ,
Атаң өлүп калдыбы, Кер бээ?
Жети чуркап койгондон, Кер бээ,
Жети атаң өлүп калдыбы, Кер бээ?
— деп, таш токмок менен бир, куу токмок менен бир урса:
— Айланайын, Кедең дос,
Кагылайын, Кедең дос,
Каңгыратпа башымды,
Даңгыратпа башымды,
Жаңы тууп, белимди бууй электе,
минип алдың, менин күчүмдү Кер кулундан сурагын! — деп баспай койду. Кедең
дос:
— Ай, Кер кулун, жаныбар,
Мындан ары сен барсаң,
Кулан, бөкөн көп болот.
Кулан, бөкөн көрбөгөн бала,
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң;
Кыз-келини көп болот.
Кыз көрбөгөн жаш бала,
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң,
Боорукер эле Карахан,
Кан ичме Карач деген бар.
Караханга алпарсаң,
Кер Кулун, кудайдын жалгаганы.
Кан ичмейге алпарсаң,
Кудайдын каргаганы, —
деди да, Кер кулунду учуруп коё берди. Өзү Кер бээ менен үйдү көздөй жол
тартты.
Бир күндүк жерге барганда, Кер кулунга тил кирип, Көкүлдү карай сүйлөдү:
— Төш олоңду бош тарткың,
Чап олоңду бек тарткың,
Ошондо Көкүл:
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы сала көр,
Такым этти бөлө көр,
Көкүлжан, тарак-тарак кыла көр! — деди.
Төш олоңду бош тартты,
Чап олоңду бек тартты,
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы салды дейт,
Такым этти бөлдү дейт,
Тарак-тарак кылды дейт,
Булуттуу көктүн асты менен
Муңдуу чөптүн үстү менен учуп жөнөдү.
Эми баягы желмогуз кемпир Муңдуубайга келип:
— Баламды бер! — дейт. Муңдуубай эси чыгып:
— Балаң качып кетти. Ишенбесең мынакей! — деп, Кер кулундун изин
көргөздү. Ошондо кемпир үстүңкү эрди менен көк шыпырып: «Сары изиңе чөп
салып, саргая катып куубасам. Куу изиңе чөп салып, кубара катып куубасам
желмогуз атым өчсүн», — деп кууп жөнөдү.
Желмогуз кемпир жүрүп отуруп, баланын жети күн жүргөн жерине күн
шашкеде жетип келди. Баягы Кер кулун уктабаптыр. Кер кулун кырга чыкса,
карга десе карга эмес, түлкү десе түлкү эмес, бир кааран көрүндү. Ошондо Кер
кулунга тил кирип:
— Мен көргөндү көрдүңбү, Көкүл,
Мен билгенди билдиңби, Көкүл? — деди.
Анда Көкүл:
— Түнөргөндүн көзүнө
Түн чалынкы көрүнөт.
Карайгырдын көзүнө
Кан чалынкы көрүнөт.
Түк эчтеке көрүнбөйт! — деди.
Кер кулун:
— Жыбыр-жыбыр жер бийик, Көкүл,
Жер үстүндө мен бийик Көкүл,
Тиги желмогуз кемпир көрүнөт, Көкүл,— деди.
Бала эси чыгып ыйлап жиберди. Кер кулун:
Куюшканын кыскартып, Көкүл,
Көмөлдүрүк бош тартып, Көкүл,
Катыра камчы салсаңчы, Көкүл
Коёндой этим бөлүнсүн,
Томуктай этим көрүнсүн, Көкүл
Тайгандай бутум түзөлсүн, Көкүл, — деди.
Көкүл айтканын кылып, учуп жөнөдү, желмогуз кемпир жете албай калды.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Көкүл түшүп, азыкты жеп,
атын чалдырып отурса, Кер кулунга тил кирип:
Жер-жер бийик, жер бийик, Көкүл,
Жер үстүндө мен бийик, Көкүл,
Кар шыңгыдай көрүнөт, Көкүл.
Түптүү бир немедей көрүнөт, Көкүл,
Билгениң болсо айта тур, Көкүл,
Сени бир жерден кутказдым эле
Эми кан ичме Карачка туш келдик, Көкүл, — деди.
Көкүл тескери карап ыйлап жиберди. Ошондо Кер кулун: «Сен менин боорума
ач кене болуп жабыш, мен боосу жок боз турумтай болуп, асмандан «чыр» деп
алып учайын. Мени көрбөй калса, Боорукер Карахандын дал эшигинин алдына
алып барып түшөйүн. Көрүп калса, төшкө таяк салаарда, этиме тоердо салам
айтып тура кал» деди.
Кер кулун боз турумтай болуп «чыр» этип учарда кан ичме Карач качырып
калды. Төшкө таяк саларда, этине тоердо, Көкүл салам айтып тура калды. Караса
ушундай сонун бала. «Алыстан» качып келаткан бала экен, каны качып келаткан
бала экен. Үйгө алып барып, бир нече күн коюп, канын толтуруп ичейин» деп кан
ичме Карач Көкүлдү алып үйүн көздөй жөнөдү.
Ошондо желмогуз кемпир: «Ийирдим ди кийирдим да, Карач, качкынымды
сага кийирдим, Карач. Качкынымды берип кет, Карач! деп жетип келди. Анда
Карач: «Аңкылдаган желмогуз, сага кантип берейин» деди. Ошондо кемпир «оп»
деп келип жутту эле, Карач, Көкүл, Кер кулун ичине кирип кетти. Тоо каранын
төрт буту желмогуз кемпирдин бутуна илинип калды. Кан ичме Карач
жанындагы болот канжарын алып, кабыргадан жарып сыртка чыгып, кемпирдин
беш башын айра чапты. Бир башы асманга чыкты, бир башы жерге түштү. Ошодо
жерге түшкөнү: «Жети күндө, жети миң кол алып, сени чаап албасам, Карач» деп
көздөн кайым болду.
Анда Карач: «Жети күн олтуруп, жети миң ок куюп, сени сага кылбасам» деп
Көкүлдү бөктөрүп, Кер кулунду жетелеп намаз шамда үйүнө барды.
Карач баягы Боорукер Карахандын баласы эле. Баланы алып келгенин
малчысы көрүп, ханга айтып барган экен. Хан кокуйлап: «Эмдигиче канын ичип
койду го» деп, таң сүргөндө Карачтын үйүнө келди.
Карач балам, үйдөбү?
Үйдө болсоң үн бергиң.
Үйдөн чыкпай бат бергиң!
Керүүлөй чаап, кенч алдың,
Кетменчисин кошо алдың,
Мындан олжо бербедиң,
Өөдөлөп чаап, олжо алдың,
Мындан олжо бербедиң! — деди.
Карач тебетейи жок, топучан, чапаны жок, көйнөкчөн, кепичи жок, маасычан
чыга келди.
— Кечээ бир бала таап алды дейт. Ошону сурап келдим — деди атасы.
— Мен да эл четине жоо келип калган окшойт дегенмин. Эчак эле канын ичип
алгамын, — деп үйүнө кирип кетти баласы.
— Тар коргондон өтпөсөм, кең коргонго жетпесем, оозуна таш бекитип
салбасам, аскадан алыс учуп өлбөсөм, жаман аты сага калабы, маа калабы? — деп,
кайра тартты атасы.
— Айтса, айтпаса төгүнбү? — деп, Карач: — Балаңды ал! — деп, баланы
түндүктөн ыргытты.
Боорукер хан баланы жерге түшүрбөй тосуп алды. Анан «ушунун жаман
олпогу жеңиме жамаачы болобу?» деп, Көкүлдүн ак олпогун ыргытты, Боорукер
хан аны да тосуп алды. «Бир буту майрык Кер кулун мага ат болобу?» деп аны да
ыргытты. Аны да тосуп алып, хан үйүн көздөй жөнөп баратып:
Кемпирим эле, кемпирим,
Кудайың бербес баланы,
Курдашың Мен таап келатам.
Теңириң бербес баланы,
Теңтушуң мен таап келатам, —
деп кыйкырып үйүнө келди. Тоодой эт, көлдөй чык кылып той берди. Элдин
баары этти жеди. «Балага ат койгула» деди эле, чогулуп отурган эл: «Алтын
көкүлү жайнаган жаш бала экен, аты Көкүл болсун» деп эски атын коюшту.
Ошонун ортосунда алты күн өттү. Баягы Карач алты күн тынбай ок куйду.
Ошондо атасы Боорукер ханга: «Ата, менин колум тийбей жатат, баягы
Ак-Дөбөдөн кароол кара» деди. Атасы тоо Карага минип алып кароолго чыгып
барса, эчтеме жолуккан жок. Дигер шамда же кумурска экени билинбейт, же адам
экени билинбейт, жердин жүзүн каптап, бирдемелер келатат. Атасы үйүнө
келгенде, Карач: «Ээ ата, эмне көрдүң?» деди эле, «эч эчтеме көргөнүм жок балам.
Дигер шамдын ортосунда же кумурска экени билинбейт, жердин жүзүн бербей
каптап келатат» деди атасы.
«Ой ата, билбесең жанагы баланы жети баштуу желмогуз кемпирден
ажыратып алгамын. Бир башы асманга учуп чыгып, кеткен эле бир башы: «Мен
жерге кирбесем, жети күндө келбесем, сени чаап албасам, Карач» деп жерге кирип
кеткен эле. Ата, жанагы балаңды бер, эртең урушка барайын» деди Карач.
Боорукер хан: «Оо атаңдын көрү жаман арам, элиңди чогултуп урушка
барбайсыңбы, менин балама асылбай» деп баласын кагып койду.
Карач ак мылтыкка уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп, «Карач, Карач» деп
кыйкырып жоого тийди. Көрсө желмогуз Экей, Текей, Бозбармак, Бозой алптары
менен келиптир. Кылычтын мизи тийдиби, найзанын учу тийдиби, Карач араң
качып кутулду. Карач атасына келип «жаныма караан болсун» деп дагы Көкүлдү
сурады. Боорукер хан ары карап ыйлап, бери карап күлүп, Көкүлдү Карачка кошуп
берди.
Карач ак мылтыкка кош уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп, Көкүлдү
ээрчитип: «Карач, Карач!» деп жоого тийди. Калың колду жапырып кирди.
Ошондо желмогуздун Боз коен деген аты бар экен, анын тилин Кер кулун
билет экен. Кер кулун Боз коёндун тилин озунуп байлап коюп: «Карач, сен аттан
түш да, Тоо Караны жыгып эчкиче бууп, артыма бөктөр. Көкүл экөөң учкаша
мингиле да катыра камчы салгыла. Аркар ашпас Ала-Тоону аттап түшөйүн» деди.
Карач Кер кулундун айтканынын баардыгын жасады. Кер кулун асман менен
алып учуп бара жатып, туман салды». Сасык туман эч көрсөтпөй басып калды.
«Мен Көкүлдү кармадым, мен Көкүлдү кармадым» деп, бир бири менен сайышып
тумандын ичинде далайы кырылып, Бозбармак, Бозой, Экей, Текей, желмогуз
бешөө эле калды. Ошондо Боз коендун тили бошонуп: «Бешөөң беш атыңды жыга
сал, эчкиче туягын бууп сал да, салбыратып артып ал. Өзүңөр учкашып алгыла.
Буларды кууп жетелик» деди. Айтканын кылышты. Боз коен кууп жөнөдү.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Боз коен Кер кулунга жетти. Кер кулун акылы
менен каркыраган кара ташка түштү. Берки көйкөлгөн көк шиберге түштү.
Кер кулун Көкүл менен Карачка кайрылып: «Эми мени агыткыла, Боз коенду
мага кудай берсе, тигилерди силерге бергени. Силер үйүңөрдү көрөсүңөр, мен
үйүмдү көрөм. Эми мени агыткыла» деди. Баягылар Кер кулунду агытышты.
Ары башын каккылап, бери башын каккылап Боз коен шиберди жеп: — Акылы
жок, менден мурун келип түшкөн жерин көр, — деп таба кылып жата берди.
— Ээ, Боз коён, экөөбүзгө эмне жок? Силердин алптар алса, сени минип, мени
жетелеп алат. Биздин алптар алса, мени минип, сени жетелеп алат. Чөбүбүздү
оттоп, суубузду суулап бирге жүрө берели, деди Кер кулун.
— Ай, чөптү, сууну аяп жатамбы? Кел бирге оттоп, бирге суулап туралы, —
деди Боз коен.
Уламдан-улам жакындап, кашынымыш болуп алдап туруп, Кер кулун Боз
коендун ооз омурткасын сый тиштеди. Маңдайын жара тээп, баса берди. Муну
көрүп турган Карач: «Кана, бир-бирден билек түрүп, күч сынашалы» деп чыга
келди. Желмогуз: «Бозбармак, барчы» деди. Бозбармак чыкты эле, Карач аны
ары-бери жыгып башын кесип алды. Желмогуз Бозойду жиберди. Карач аны да
жыгып башын кести. «Дагы кел!» деп Карач кайта барды. Экей чыкты, Карач
анын да башын кесип ыргытайын деп жатканда: «Ойногон Карач десем, оюлган
Карач турбайбы» деп, Текей менен Желмогуз кемпир чуркап келди. Карачты
экөөлөп жатканда, Көкүл келип, Текейди шыйрактан алып туруп башын ташка
чапты. Карач экөөлөп Желмогузду да өлтүрүп, үйлөрүнө жөнөштү. Ошондо
Боорукер хан: «Балдарым аман-эсен келер бекен?» деп, жолду карап көзүнүн
жашын көл кылып, ыйлап турган экен. Көкүл: «Атам сага кейир бекен, же мага
кейир бекен? Сен мурун барып атама учурашкын» деп, Карачты алдыга жиберди.
Карач атасына келип салам айтты. Боорукер хан чоочуп: «Ой, балам, Карач,
нары жагыңды караймын, бери жагыңды караймын. Менин Көкүл балам
канакей?» деди. Карач: «Кечээ алптар менен алышып, күчтүү менен күрөшүп
жүргөндө, Көкүл уулуңа ок жаңылып калыптыр» деп жооп берди. Карахан
ишенбей сыртка чыгып караса, Көкүл көп жылкыны айдап келе жатат. Боорукер
хан калың элди жыйып, жамбы аттырып, улак тарттырып чоң той берди. Эл
Көкүлдүн эрдигине ыраазы болуп. «Балаңдын өмүрү узун болсун!» деп, жабыла
бата берип, ошону менен тынч жатып калды. Бала күндөн күнгө чоңойду. Бир
күнү Көкүл Карачтын аялына барып:
Анда жеңеси:
— Эр эрдигин бук болдук, жеңе,
Эр кумарын ким жазат, жеңе,
Ат семирип лык болду, жеңе,
Ат кумарын ким жазат, жеңе? — деди.
— Эр эригип бул болсо, уул,
Эр кумарын куш жазат, уул.
Ат семирип лык болсо, уул,
Ат кумарын туз жазат, уул. —
деп Көкүлдүн атына туз берди. «Өзүң бир куш кармап кел, ошону мен таптап
берем, эриккениң жазылар» деди. Көкүл куш кармап келди эле, жеңеси Күлайым
мүнүшкөр киши экен. Кушун бир күндүн ичинде таптап берди. Аңга чыгып, Көкүл
кушун салса, күнүгө бирден гана алат, ашык албайт.
Он беш күндөн кийин Көкүл «күнүгө бирден аласың» деп шыйрагынан кармап
ташка бир чапты эле, куш өлүп калды. Күндөрдөн күн өттү, айлардан ай өттү.
Бала чоңоюп калды. Бир күнү жеңесине дагы эриккендиги жөнүндө айтты эле,
анда жеңеси: «Ушундан жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң бети тик бийик аска бар.
Ошол жалама зооканын башында Агыйын деген бүркүт бар. Эки гана балапаны
бар. Бирөөсү эң сындуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман, ошол жаманын алып кел,
таптап берейин» деди.
Көкүл Кер кулунга болоттон така кактырып, өзүнө болоттон тай туяк
кылдырып, Кер кулунга минип баягы зооканын жанына келди. Көкүл кулжанын
буту токтобос, кудай урган как таскак. Текенин буту токтобос, теңир урган көк
тоскок зоонун башына чыкса, баягы жеңеси айткандай, бүркүттүн эки балапаны
жатат. Бирөөсү эң сулуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман. Жакшысын алайын деп
жеңесинен коркуп, жаманын алып үйүнө келди. Келсе, жеңеси кебезден уя жасап
отурган экен. Бүркүттүн балапанын көрүп: «Жумуртка чагында сары суу басып
калган турбайбы, үйдөй болгон уюткан коргошунду үстүнө алып койгула» деди.
Карач коёмун деп коё албады. Көкүл жалгыз колу менен алып койду. Карач
арданып катынынын бетин айра тепти. Көкүл жеңесине болуша албай, же
агасына болуша албай, эшикти тарс коюп, эшикке чыгып кетти. Жеңеси: «Эрдүү
катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт, токто, уул!» чуркап чыкты.
Жеңеси Көкүлдүн жанына барды да:
— Үч күндөн кийин кел, бүркүттү таптап коёюн — деди.
Жеңеси айткан күнү Көкүл бир атка кымыз жүктөп, алып келди. Баягы бүркүт
сонун болуп калган экен. Карач менен жайылмакка чыкты. Карач өз бүркүтүн
алды. Көкүл Агыйынын алды. Экөө жайылтып жүрдү. Көкүлдүн бүркүтү көзүнө
эмне көрүнсө, ошону алды. Карачтын бүркүтү эч нерсе алган жок. Кечинде үйдү
көздөй кайтып келе жатып Карач: «Көкүл сенден бир нерсе сурайын», деди
Көкүл:
— Үстүмдөгү кишмиш тон,
Сурасаң чечип берейин.
Колумдагы Агыйын,
Сурасаң муну берейин,
Астымдагы Кер кулун,
Сурасаң түшүп берейин, — деди.
Анда Карач: «Астындагы Кер кулун, аны сурап, сени кантип жөө коёюн.
Үстүндөгү кишмиш тон, аны сурап, сени жылаңач кантип коёюн? Алдагы
колундагы Агыйын бүркүттү сурайын» деди. Көкүл кыя албастан кыңырылып
туруп берди. Эки бүркүттү Карач эки колуна кондуруп, Көкүл анын атынын
тизгинин мойнуна түрүп жетелеп алды. Үйгө барганда эшикке чыгып: «Эки колуң
байлоодо, эки көзүң жайлоодо, төрөм, эри өлгөн катындай эмне болдуң?» деп
сурады.
Карач: «Көкүл сурасам эле берди» деди.
Бир күнү Кер кулун: — «Жүрү атам боз айгыр, энем кер бээ көзүн кан басып,
жылкыга жетпей калыптыр. Сенин атаң Муңдуубай, энең Ак байбиче жүктүн
алдынан турбай калыптыр» деди.
Көкүл Боорукер ханга келип:
— Мага уруксат кылыңыз. Менин да ата-энем бар эле, эмне болгонун бир
билип келейин — деди.
— Уруксат, балам, мени эсиңден чыгарбай, бир кайрылып келип кет, — деди
Боорукер хан.
Көкүл жүрүп отурса, жүрүп отурса бир тоо турат, жөн турбай жылып турат.
«Оо бияктын тоосу жылып турат экен ээ» деп жанына барса, Көк дөө экен. Аны
менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, көтөрүп чаап, өлтүрдү да, ошону
менен Көкүл дагы жөнөдү.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп, Көкүл Ак дөөгө жолугат. Аны менен үч күн, үч
түн кармашып, акыры Көкүл жеңет.
Көкүл дагы жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Кызыл дөөгө туш келет. Муну менен
он беш күн, он беш түн күрөшөт. Кер кулун он беш күн, он беш түн чөп жебей, суу
ичпей карап турат. Алышып алга толо элек, күрөшүп күчкө толо элек Көкүлдүн
каруусу кетип шалдырап калганда, Кер кулун биле коюп, Кызыл дөөнүн
омурткасын бириктире тиштеп койду эле, Көкүл көтөрүп чапты. Кызыл дөөнүн
денесинин жармысы жерге киргенде ал: «Ой, Көкүл, менин батегимдин астында,
байпагымдын башында жети бүктөм ак болот бар, ошону алып, типтик көтөрүп
бек шилтесең, ошондо башым аласың, антпесең башымды кесе албайсың» деди.
Көкүл баягы жети бүктөм ак болотту алып, шилтээрде Кер кулун:
— Болотту чаппай кармап турсаң, дөөнүн башы өзү түшүп калат деп токтотуп
коёт. Көкүл: «Болотту чапса эмне болот эле» десе, «анда өз башыңды кошо ала
кетип, акыр кыямат болмок» — дейт. Кер кулун Көкүл болотту дөөгө
жакындатканда Кызыл дөөнүн башын алып түшөт. Көк дөөнүн башы: —
Жүрөгүңдү жүрөгүмө бас — дейт. Көкүл: «Кой, бул мени дагы өлтүргөн турат
окшойт» деп дөөнүн жүрөгүн Ит Ичпестин ала көлүнө салып жиберсе, көл соолуп
калды. Дөөнүн башы:
— Ичегимди алып белиңе курчап, балбан болоруңа жакшы, — дейт.
Көкүл дөөнүн ичегисин алып курчанайын деп жатса, Кер кулун:
— Ичегиси менен курусун, үйдөй кара ташка ыргыт, — деди. Көкүл Кызыл
дөөнүн ичегисин ыргытты эле, кара таш как жарылып, таруудай быркыранып
кетти.
Көкүл атын токуп минип алып, дагы жолго чыкты. Күндөн күн өтөт, айдан ай
өтөт. Бир жерден кетип бара жатса, бир айыл турат, Көкүл «Бул кимдин айлы
болду экен?» деп барса, баягы атасы Муңдуубайдын айылы. Муңдуубай Көкүлдү
таанып:
«Башымдагы куу булут кеттиби?» деп, баласын басып жыгылат. Кемпир, чал,
карындашы Көкүл менен көрүшүп, коргошун болуп эрип кетерде кырчоосун үзүп,
Кер кулун үйгө кирип, бир чака сууну ортосуна куюп жиберди. Төртөө төрт башка
болуп үшкүрүп отуруп калышты. Ошентип Көкүл эне-атасын таап, эли-журту
менен жыргап-куунап жатып калышкан экен.
ЧЫНЫБЕК
Бар экен, жок экен, Миңбай менен Жүзбай бар экен. Миңбайдын миң кою, бир
баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү
коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду ээн жайкын
эртеден түшкө чейин кырат. Бала болсо ойгонбостон уктап жата берет.
Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып
жатканын көрүп: «Кудай куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби» деп
баланы ойготот.
Миңбайдын баласы тура калып: «Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби,
менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым эле,
түшүмдү таап бер» деп, Жүзбайдын баласын жаака бир салат. Жүзбайдын баласы
карап турсунбу, а да жаака бир салат. Ошентип экөө түштөн урушкан бешимге
чейин урушушуп аябай чарчашат. Акырында Жүзбайдын баласы: «Эмне түш
көрдүң? Айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?» деди. Миңбайдын баласы: «Каадалуу
түш дейт тура. Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жерине Чолпон жылдыз
чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде карышкыр кырган кой каадалуу
бекен? — деди.
Жүзбайдын баласы: «Сатасыңбы түшүңдү? деди. Миңбайдын баласы
«сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын» деп
убадалашты. Жүзбайдын баласы: «Карышкыр канча коюңду кырды экен деп
санаттырса, Миңбайдын баласынан туура жүз
коюн кырыптыр. «Жүз коюмду өлтүрүптүр, жүз коюңду бердиңби?» деди. Экөө
«алдым, саттым, береке» деп кол алышып, кечинде үйлөрүнө кайтып келишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды эле, атасы тура калып «кокуй балам,
коюң кайда?» деди. Баласы: «Атаке түшкө сатып жибердим», деди. Жүзбай: «Ал
эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?» деди. Анда баласы күлүп:
«Башыма күн тууп, аягыма Ай тууп, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган»
түшкө саттым, атаке деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жерине келтек
менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп, баласын кубалап жиберди. «Эгер
койду таап келбесең ичиңди жарып, башыңды итке салбасам, Жүзбай атым
өчсүн» деп, ачууланып кала берди.
Бала айлап-күндөп жүрүп отурду. Башы ылжыраган таз болду, курсагы ач
болду. Ошондо асманда учуп бараткан каргага кайрылып: «Карга аке, ынтымакка
келеличи, бир табактан жешели, ачка өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун
каргага сунду эле, карга: «Ошондой бол, таз балам, коюңа салган чөптөн жейин
деп барсам, жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, дагы сага
чала болуптур» деп өтүп кетти. Мындан кийин үстүнөн бир көгүчкөн учуп өттү.
Бала буга да кайрылып: «Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели,
ачкадан өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун сунду. Көгүчкөн: «Ошондой
бол, таз балам, кар жаап, борошо урганда корооңдон тамак жейли деп барсак,
тузак тартып, ата-энемди, бала чакамды, кармап алгансың, ата-энең: «Кое бер,
убал болот» десе «убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу» деп, шишкебек
кылуучу элең, эми мусапыр болдуңбу? деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондон кийин бала «өлсөм дагы адам жетпес дөбөгө
жетип өлөйүн, этимди карга кузгун жесин» деп, илкий басып андан ары жүрүп
отурду. Акыркы бутун шилтей албай каруусу калбай калганда дөбөгө келип,
башына таяк жазданып, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп жатып үлгүрөп уктап
кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: «Ой бала, тургун, атка мингин, деп
мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артына айланып карап
түрү суук бир таз баланын атына минип келе жатканын көрдү да, атып салмак
болуп саадагын сууруп алды. Бирок кайра ойлонуп, «буйрук ушул болсо бул
бечаранын канына сабын болбоюн» деп кыз сабыр кылып жүрүп отуруп бир
тоого келишти.
Эмки сөз кыздын тазга кандайча жолукканы жөнүндө болсун. Кыз өзү
Күлгаакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Ал Сейит чалдын Өмүраалы
деген уулуна качмак болуп убадалашыптыр. Ушу түндө адам жетпес дөбөгө
Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи экен. Жигит ал күнү дөбөгө жетпей
калып, буйрук менен кыз тазга дуушар болду. Кыз таздын башына дары сыйпады
эле, жети күндө кундуздай кара чач чыкты. Ошентип Айым сулуу «кудайдын
буйругу» деп таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек эле.
Күндөрдүн биринде Айым сулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке айтты:
«Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду
таап аламын деп жолго чыгыптыр» деди. Чыныбек: «Андан коркпо, түшүң жакшы
түш экен, мен аны өлтүрөт экенмин» деп жаман сары курумшу курчанып жүрүп
кетти. Барып Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк
кулактуу казандын ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Аңгыча Өмүраалы
кырк жигити менен келип: «Кокуй, куйка таз ушу, тегеректен карсылдатып
сабагыла» деди эле, жигиттери: «Таксыр, куйка тазыңыз адамбы?» деп сурашты.
Өмүраалы: «Ооба, адам» деди. Анда жигиттер: «Адам болсо кантип тигилүү үй,
жагылган от, кайнаган эт болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин
тамагынан жебей кетсек, жолубуз болбойт» деп, түшө калып, кырк кулактан
кармап чыгаралы дегенде казан жарылып кетип, Өмүраалы баштап кырк бир
киши күйүп өлүп калды. Чыныбек таз аларды кандайча айла менен өлтүргөнүн
Айым сулууга айтып берди.
Арадан бир жума өтүп, жуманын түнүндө Айым сулуу түш көрүп, эртең менен
тура калып: «Түндө түшүмдө Сейит чал баламды тиргизип, келинимди тапкызып
алып, Чыныбекти өлтүрөм деп келе жатыптыр» деди. Чыныбек таз муну угуп,
«экинчи үйүн көргүсүз кылайын» деп, курумшу курун курчанып жүрүп кетти.
Барып Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп боздоп жүрдү.
Сейит чал көрөрү менен куйка таз экенин билип, кармап алды.
Үйүнө алып барып чөгөрүп коюп, темир казыкты өркөчүнө кагып;
«Келинимди таап бергиң, баламды тирилтип бергиң» деп боздотуп кыйнай
баштады. Куйка таз тайлак болуп муңданып эки көзүнүн жашын мончоктотуп,
төгүп ыйлап турганда, Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип:
«Айланайын атаке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын
кыйнабасаңар, бул деле кудайдын бир макулугу турбайбы» дешти.
Сейит чал: «Жок баламдын түбүнө жеткен чунак ушу» деп, ансайын ура
баштады. Таз тайлак андан бетер көзүнүн жашын мончок-мончоктотуп төккөндө,
эки кыз: «Атаке, ушу тайлагыңды бизге бериңиз» Ит Ичпестин ала көлүнөн
сугаралы, эгер суудан ичсе төө экени, ичпесе адам экени, анык куйка таздын өзү.
Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз, бербесеңиз мойнубузга аркан
салып муунуп өлөбүз» дешип коркутушту. Чал: «Баламдын үстүнө кыздарымдан
айрылбайын» деп корккон бойдон бере салды. Эки кыз жетелеп алып, көлдү
көздөй жөнөп калды. Тайлак жолдо секирип, ойноп тамаша салды. Кыздар
каткырып күлүшүп, кумарга канды. Ошентип, Ит-Ичпестин ала көлүнө жетишип
тайлакты сугарайын деди эле таз акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп
кетти. Эки кыз тилдерин жебиретип, бойлорун кибиретип, алаканын шак коюп,
көчүгүн жерге так коюп, атасына: «Ырас эле куйка таз экен, суунун түбүнө
коргошун болуп чөгүп кетти» деп ыйлап барышты. Сейит чал «эчак эле айтпадым
беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн
көрсөтүп бергиле» деп, эки кызын ээрчитип сууга келди. Суунун баарын ууртап,
коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек таз жөргөмүш болуп кубулуп, бир
теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп
жөргөмүштү эми тиштейин дегенде Чыныбек асманга турумтай болуп учуп
жылкычы чымчыкты тырпыратып басып, мээсин чукуп өлтүрүп, учуп кетти.
Чыныбек келип, Сейит чалды кантип өлтүргөнүн айтты эле, Айым сулуу кубанып:
«Эң жакшы кылыпсың, эми эл-журту бар жерге барып оокат кылалы» деди.
, Булар жүрүп отуруп, Кара хандын жерине келип, кандын айлынын жанына
чөптөн алачык жасап туруп калышат. Бир күнү хан кырк жигитин ээрчитип, куш
салууга чыкты. Кушун бир түлкүгө салса албастан айланып учуп, таздын чөп
алачыгына барып конуп олтуруп алды. Кан келип: «Ой, үйдө адам болсо, чыгып
кушумду алып бергилечи» деди. Айым сулуу тазды карап: «Кан келди, баатыраак
чыгып кушун алып берчи» деди. Таз: «Өзүң эле алып бере салбайсыңбы, кан
жутуп коймок беле» деп урушуп койду. Айым сулуу кушту алып берейин деп чыга
калганда кан аялдын сулуулугунан эси ооп, аттан кулап түштү. Айым сулуу:
«Ушунчалык кан болуп туруп, киши көрбөгөн экенсиз» деп алтын жоолук менен
аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Кан Айым сулууну көргөн жерден ашык болуп калат. Айым сулууну кантип
алуунун амалын таппай, бир күнү тазды чакырып алып: «Чыныбек баатыр, сага
эп болсо бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да эриккендирсиң,
көптөн бери тим жатып мен да эриктим» деди. Чыныбек таз: «Кандай тамаша
салсаңыз да мени качат экен деп ойлобоңуз» деди. Кара хан: «Катын сайышып,
жашынмак ойнойлу» деди. Таз: «Макул нече күндөн жашыналы, кимден
башталсын?» деди. Кан: «Үч күндөй болсун, менден башталсын» деди. Биринчи
болуп кан жашынды. Таздын ары-бери күйпөлөңдөп жүгүрүп жүргөнүн Айым
сулуу көрүп: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди эле, «Канды карап жүрөмүн» деди.
«Кайдан карайсың?», «Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын» деди.
Анда Айым сулуу: «Булардан таба албайсың, ат байлаган сарайда чоң ак эркеч
турат. Ошону сакалынан алып бакылдатып сабасаң, өзү туруп келет» деди.
Чыныбек келип эркечти бакылдатып сабады эле, кан: «Мөөрөй сеники, Чыныбек
баатыр» деп тура калды.
Экинчи күнү кан дагы жашынды. Таздын ары-бери карап таба албай жүгүрүп
жүргөнүн Айым сулуу көрүп чакырып алып: «Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө
чейин кессең, кан өзү туруп келет» деди. Таз чуркап барып, теректин өзөгүнө
чейин кести эле, «мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» деп кан ордунан туруп келди.
Үчүнчү күнү кан дагы жашынды. Айым сулуу таба албай жүргөн күйөөсүн
чакырып: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди. Таз: «Канды таба албай жүрөмүн» деди.
Анда Айым сулуу: «Кандын эшигинин алдында өсүп турган жалгыз гүлдү үзүп
алсаң өзү туруп келет» деди. Таз кандын эшигинин алдына барып: «Жалгыз сага
эмне бар?» деп, гүлдү үзүп алды эле, кан: «Таз мөөрөй сеники» деп тура келди.
Кан үч жашынып үчөөнү тең таптырып койгон соң: «Эми бир жашынайын,
меники төрт болсун» деди. Таз макул болду. Кан төртүнчү жолу жашынды.
Таздын дагы ары-бери чуркап жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып
жүрөсүң?» деп сурады эле, таз: «Канды карап жүрөмүн» деди. Айым сулуу:
«Кайдан табасың?» деди. Таз анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти
сабасам, жардын алдындагы теректи кессем, эшигинин алдына чыккан гүлдү
үзсөм, туруп келбейби» деди. Анда Айым сулуу: «Ай кудай алгыр, кан бүгүн
жакын арада жок. Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп жатат. Он эки четин
таякты суусунан кесип алып, ошол жыйырма төрт таягын сынганча сабасаң, кан
өзү туруп келет. Болбосо канды алты издесең да таба албайсың» деди. Таз Айым
сулуунун айтканындай он эки четин, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда
жаткан кара буураны бакылдатып, жыйырма төрт таягы сынганча сабады эле:
«Чыныбек баатыр, мөөрөй сеники» деп ордунан тура келди.
Кан: «Эми Чыныбек баатыр, сен жашын», деди. Таз макул болуп чуркап кетти.
Катыны караса, бир кап менен кементайды көтөрүп чуркап жүрөт. Айым сулуу:
«Эмне кылып жүрөсүң» деди. «Кандан жашынганы жүрөмүн». «Кайда
жашынасың?» — «Кементай жамынып бир жерге жата каламын» деди. Анда
Айым сулуу: «Атаны каран күн ай, бер кел, кууратканы жүргөн турбайсыңбы», деп
чакырып алып, оймок кылып сөөмөйүнө салып, таздын көрпөчөсүн кайып отуруп
алды. Кан ары карап, бери карап таба албай айласы кетип акырында: «Мөөрөй
сеники, бери кел» деп чакырды. Анда Чыныбек: «Каным, канткенде мунун сулуу
катынын алам деп, жүрүп көзүңүз боз ала болуп калган экен го? Мен ушу жерде
катынымдын жанында отурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды. Экинчи күнү
жашынганда Айым сулуу тазды колундагы ийне сапталган жиптин учундагы
түйүнгө кошо түйүп жашырды. Кан ары-бери карап таба албай айласы куруп:
«Чыныбек баатыр мөөрөй сеники» деп чакырды. Таз: «Мен катынымдын
жанында отурсам, мени көрбөйсүз» деп тура калды. Үчүнчү күнү жашырганда,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 11
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.