Latin

Балдар фольклору - 19

Total number of words is 4155
Total number of unique words is 1850
36.5 of words are in the 2000 most common words
50.3 of words are in the 5000 most common words
55.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Карышкыр: «Сен жылтырап эле жеп чыктың, мен ачка каламбы» деди.
Түлкү: «Тамагы жаман кудай урган, мына муну жегин» деп өпкө, боорун алып
берди.
Карышкыр: «Тең жегенди теңирим сүйүптүр, тең жебегендин кепини
күйүптүр» деп, теңин түлкүгө берди. Өпкө, боорун бөлөм деп карышкырдын оозу
бүт кан болуп калат. Түлкү бары-жогун кан кылса да, жымылдата жуунуп алат.
Төөнү союп болгон соң, аюу келип, этти бөлүштүрө баштады. Аюу: «Өпкө,
боору кана?» деп сурады. Карышкыр түлкүнү карады, түлкү карышкырды карап:
«Үңүрөйгөн митаам, өзүң жеп алып, мени эмнеге карайсың?» деди.
Аюу, жолборс, карышкырды кууган бойдон кетти. Аюу менен жолборс
келгенче, түлкү акең эттин баарын жыйып катып алды.
Баягы экөө кайтып келип: «эт кана?» деп, түлкүдөн сурады: «Мени жей электе
эле минтип чыр кылып жатасыңар, силерден эчтеке өнбөйт көрүнөт деп, туруп
кетип калды» деди.
Аюу менен жолборс өкүнүп калды. Экөө кеткенден кийин, түлкү төөнүн этин
көрсөтпөй жей берди. Түлкү төөнүн этин жеп өтө семирди. Бир күнү жолборс:
«Түлкү, сен эмне жеп мынча семирдиң?» деп сурады.
Түлкү: «Ачка болгонумдан кийин ичеги-чучугумду чубап жеп жүрүп семирдим,
эң эле таттуу болот экен» деди. Жолборс менен аюу ишенип, өздөрүнүн ичтерин
жарып жеймин деп өлүштү. Ал экөөнүн этин да түлкү ээлеп калды.
Түлкү бир күнү карышкыр эмне болду экен деп издеп чыкты. Жол менен бара
жатса, бир жерге капкан салып коюптур, капкандын үстүнө килейген койдун
куйругун коюп коюшуптур, түлкү алып жей албай коркуп турду. Аңгыча болбой
карышкыр келди. «Карышкыр аке, мына бул куйрукту сага койдум эле, алып
жегин» деди. Карышкыр: «Кокустан анда капкан болуп жүрбөсүн» деди.
«Сакалдуу деп сага койсом, кудай алган жаман, жебейсиңби?» деп, түлкү тап
берип койду эле, карышкыр түлкүдөн мурун алып жейин деп, барып капканга
түшүп калды. Куйрук оозунан ыргып кетти. Түлкү куйрукту жай алып жеп: «Жат,
бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып, эртең менен болгондо, ээси менен
табышып», деп, түлкү желе жорто жүрүп кетти.
ЧОМОТОЙ САЯТЧЫ
Бир күнү кузгун Чомотой саятчыга келди, салам берип күңгөй-тескейден
көргөн билгенин айтып берип, көпкө аңгемелешти. Андан соң шашып ыйлап
жиберди. Чомотой мурун шайыр отурган эле, муну көрүп,
катуу чочуп кетти. «Эмне капаң бар, Куке, батыраак айтып жиберчи, менин
колумдан келген иш болсо жардамдашайын, кимдир бирөөдөн ыза көрдүңбү, же
байбичең көрүнбөй калыптыр сыркообу?» «Жок» деди кузгун. Ар жылда алты
балапандуу болобуз, чоңоюп темир канат болгондо эле, уянын кырына чыгамын
деп, биз жокто учуп өлүп калышат. Уяны зоого, жыгачка да салып көрдүк, эч
пайда чыкпады, Чомоке. Бүгүн кемпирим кайтарып калды, кандай айла кылабыз?
Быйыл да бирөөнөн ажырадык.
Чомотой саятчы кемпирин чакырып: «Байбиче, бир түрүм шоона 1 алып
келчи» деди. Кемпири алып келген шоонаны кузгунга берип: «Эси жок десе, ме
муну менен уянын кырына эч жакка жетпес кылып бутуна байлап койгун» деди.
Кузгун кубанып Чомотойдун акылына ыраазы болуп, алкыш айтып, шоонаны
алып үйүнө жөнөдү. Келди да, балапандарын жалгыздап бутунан байлап уяга
бекитип койду. Кайда барса да капарсыз учуп кете берүүчү болушту. Балапандар
канатын күүлөп уча турган болгондо буттарын чечип учуруп чыгышты. Кузгун
кубанып: «Эми Чомотойдун акысынан кутулуу керек» деди. Алыскы
Каухар-Төрдөн балдарынын баарына чүкөдөй каухар тиштетип келип Чомотойго
беришти. Карыя да кубанды. Балапандардын жонунан сылап эркелетти.
Мына ошондон кийин кузгун дайыма балапандарын аман-эсен учурат экен.
ТҮЛКҮ, ТАШБАКА ЖАНА ЧАПКЕНЕ
Түлкү, ташбака, чапкене үчөө шерик болуп эгин экмей болушту. Түлкү
жайлоого чыгуучу, ташбака эгин багуучу, чапкене оруучу болду.
Түлкү аштык даяр болгондо жайлоодон түшүп келип: «Буларга эгиндин эмне
кереги бар, эгинди алдап алайын» деп ойлоп: «Шериктер, мунун несин бөлүп
убара болобуз, жарышалы, кайсы мурун келгенибиз эгинди бүт алалык» деди.
Түлкү аксакалдын сөзүн ташбака менен чапкене макул көрүштү.
«Чуркайлы» деп убадалашкан жерге барышты да, үчөө катар турушту. Ал
арада чапкене түлкүгө жабышып кулагына чыгып алды. Чуркап жөнөштү.
Түлкү аштыктын жанына келип бир силкинди эле, чапкене түшүп, аштыктын
так эле төбөсүнө чыгып алды. Эми эгин меники го деп түлкү аштыкты караса,
анын үстүндө чапкене олтурат. Анын жүрөгү болк этип: «Качан келдиң?» деди.
«Мен келгенге бир далай болду, аштыктын үстүнө чыгып, силерди карап
турбайынбы?» деп койду. Ошентип, байгени кичинекей болсо да чапкене алып
кеткен экен.

Шоона — эчкинин кыл жүнүнөн жасалган жип
КЫРГЫЙ МЕНЕН ҮКҮ
Жем таап жээрге жарабай турган бир оору үкү менен бир алгыр кыргый
тааныш болот. Кыргый үкүнү өзүнөн артык кылып багат. Аягында экөө
кучакташып ынтымак дос болушат. Экөө алыска сапар жүрүшөт. Кыргыйдын
эстүүлүгү, алгырлыгы менен жакшы күн көрүшөт. Үкү оорусунан бат айыгып, өз
тамагын табууга жарап калат.
Бир күнү: «Эми ар кимибиз өз күнүбүздү өзүбүз көрөлүк» деп үкү менен
кыргый ууга чыгат. Нары учуп, бери учуп эчтеме таба албай калышат.
Анда үкү кыргыйды акырын чакырып алып, кармайт да: «Мен сени жеймин»
дейт. Кыргый акыреттик достугун жана кылган көп кызматын айтып ыйлайт.
Анда үкү: «Жакшылыкка жакшылык эшектин иши, жакшылыкка жамандык
эшендин иши». Дүнүйөдө жашамак — алышмак, күрөшмөк, алы жетишпесе
ылдыйламак, айла кылмак, иши кылып өзү жашамак» дейт да, кыргыйды
чыркыратып баса калат. Темир айры өңдүү өткүр текөөрү менен кыргыйды
мыжып өлтүрөт. Аны жеп тоюп алып, кагынып учуп кетет.
ДӨӨТҮ УСТА МЕНЕН ИТЕЛГИ
Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр.
Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп,
түркүн буюм жасачу, алтын-күмүштөн оймо-чийме төгүүчү. Баатырларга
соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга
чеп КУРДУ> желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.
Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер —
өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип, үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан
эч өнөрүн аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди шакирттерине, —
эч убакта мактанбагыла, эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат
да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар» деди.
Шакирттеринин баары устанын айтканын эске тутушту. Ошентсе да, алардын
ичинде бирөө бар экен.
Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп
калдыңбы?» дептир. Анда ала көөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым» деди, устанын
айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир
кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Ала
көөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң» деп оозун карманды.
Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип,
алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошо кезде Дөөтү уста бүт ааламды
кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле, бул устасына да кезикти, бирок,
дүкөнүнө барган жок жөн гана: «Балам, иш кандай?» деди. Бала уялып эч нерсе
айткан жок, Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да
билбейсиңби? » деди да, артын карабай жок болду. Бала эми түшүндү дүкөнүнө
келип эптеп бир кычкач сокту. Ошондо баштап иши кайра жөнөдү. Экинчи
мактанганды койду. Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп чегип
бүтүп, суу жыгайын деп жатса, чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө
салам берип өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Сиз менен мелдешейин дедим эле,
эгер мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүрүүгө жаратпай койсом, мага
алтындан текөөр салып бересизби?» деди. Дөөтү уста: «Койгун, бекер убара
болбо! Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Мелдеш башталды.
Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп, келип тегирмендин ташын
жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче
ташка кадоо салып сууну жыгып жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип
караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат, өз көзүнө ишенбей көпкө
таңыркап тиктеп турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына
түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш
толуп калган, көзүнүн жашын ушул убакка чейин аарчыбастан ителги ичиндеги
ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп кезиккенин жара тээп кете берет
экен.
Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок, эгер келсе тегирменди токтотуп
чын эле эрдигин көргөзмөк, ызасын басмак.
Дөөтү зергер да ушул күнгө чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүрөт
дейт.
ТҮЛКҮНҮН ЖУУЧУ БОЛУШУ
Илгери бир кедей дайым тузак салып, ага түшкөн аңдар менен эптеп күн
өткөрчү экен. Бир күнү токойго тузак тартып койсо, бир түлкү түшүп калат.
Түлкүнү чыгарып алайын десе адамча сүйлөп: «Мени тоок менен бак, сени бат эле
байытам, атыңды Батбайыр коем» деди. Ал киши түлкүнү үйүнө алып келип, бир
тоокту союп берди. Түлкү тоюп алып тоого чыгып оонап жатса, бир карышкыр
жанына келип: «Түкө, эмне оонап калгансың» деди. Анда түлкү: «Биякта бир кан
чоң той берип, тамаша куруп жатат. Этти аябай жедим эле, ыксырап калыпмын»
деди. Карышкыр бекер тамакка көнгөн айбан эмеспи, сүйүнүп кетип; «Анда мен
да барайынбы?» «Оой кокуй, жеке эле өзүң эмес, отуз-кырк карышкыр болуп
баргын» деди. Карышкыр ойдогу карышкырды ойдон, кырдагы карышкырды
кырдан жыйнап, бат эле отуз-кырк карышкырды ээрчитип келип калды.
Түкөм жол баштап, карышкырларды ээрчитип канга келди да: «Таксыр каным,
бу карышкырларды сизге Батбайыр деген киши жиберди. Бир үйүңүздү бошотуп
кийирип, союп талпак кылып алыңыз» деп жөнөп кете берди. Кан бир үйүн
бошотуп карышкырларды кийирип алды. Түлкү андан кедейге барып: «Азыр
отуз-кырк карышкырды канга алпарып келдим. Кудай буюрса, кандын кызын
алып беремин» деди да, бир тоокту бышыртып, жеп алып, тоого чыгып кетти.
Дагы баягы жерге барып оонап жатса, бир түлкү жанына келип: «Түкө, түкө
эмне оонап жатасың?» деди. Анда ал: «Биякта бир кан той берип, ошондон абдан
тоюп алыпмын, ичимди көтөрө албай жатам» деди. «Мени да ала барбайсыңбы?»
«Макул, ала барайын. Жеке эле сен бармак белең, барып бир топ болуп келгиле»
деди. Түлкү жүгүргөн бойдон барып, бир топ сүлөөсүн, түлкүлөрдү ээрчитип
жетип келди эле, берки түлкү жол баштап аларды ээрчитип канга алпарды да:
«Дагы бир үйүңүздү бошотуп кийирип алыңыз. Батбайырдын сиздин кызыңызга
берген калыңы» деди. Кан түлкү, сүлөөсүндөрдү бир үйгө камап коюп, жуучу
түлкүнү аябай коноктоду.
Түлкү кетерде канга «алтын ченегенге чакаңызды бере туруңуз, Батбайыр
чака менен алтын ченеймин деди эле» деди. «Чака менен алтын ченесе, бул
менден бай белем?» деп кан таң калып, чакасын берди. Түлкү аны алпарып кум
менен жышып жатып жылтыратып, эртеси түбүнө бир алтын салып алпарып
бергенде, кан: «Бул бир чириген бай экен го» деп ойлоду. «Эми Байбатырың
келип колуктусун алып кетсин» деди. Түлкү жүгүргөн бойдон жетип барып,
баягы кедейди ээрчитип, кандын кызын алып бермек болуп жөнөп калды.
Жолдогу көпүрөдөн өтө берерде түлкү көпүрөнү сууга кулатып жиберип, канга
чуркап жетти да: «Күйөө балаңар көпүрөдөн өтөйүн дегенде көпүрө түшүп кетип
сууда жатат. Кийим алпарып алып келгиле. Тойго жакшы эле кам менен чыктык
эле, баары сууга агып кетти» деп бышактады. Кан: «Кийим кийгизип алып
келгиле» деп жигиттерине буюрду. Беш-алты күнү той жасап, тамаша куруп
жатып, кан кызын узатты. Кыз дүр-дүнүйө себи, нөөкөр кыздары менен аттанып
чыкты. Күйөө баланын үй-жайын, камын көрмөк болуп, кан каныша да кошо
жөнөдү.
Түлкү болсо «мен барып кам көрүп турайын» деп, алдыга тызылдап жөнөп
калды. Жолдо көрүнгөн койчу, уйчу, жылкычылардын баарына: «Жылкы
кимдики десе, Батбайыр деген кишиники дегиле, уй кимдики десе
Батбайырдыкы дегиле, төө кимдики десе Батбайырдыкы» дегиле антпесе, артта
каардуу кан, кырк жигити, кырк вазири, жер жайнаган колу менен келатат,
башыңарды алат» деп кете берди. Көрсө, жер жайнаган кой, уй, төө,
жылкылардын бардыгы жыландын падышасыныкы экен. Түлкү андан тызылдап
жүгүрүп отуруп жыландын падышасына келди да, «эй, жылан, тээ тетигинде кан:
«Жыландын падышасын таап өрттөп өлтүрчүмүн» деп миң сан колу менен келе
жатат. Жаныңдан үмүт кылсаң, тетиги жыгачтын башына жашынып кал,
антпесең жаның калчудай эмес. Ишенбесең өзүң деле башыңды өйдө көтөрүп
карачы?» Деди.
Жылан башын көтөрүп уюлгуган чаңды көрдү да, коркуп кетип жыгачтын
башына чыга качты. Түлкү жыланды жайлап коюп, канды тосуп турду. Алар
үйдүн жанына келгенде чыга калып: «Батбайырдын үйү ушул, түшүңүздөр» деди.
Кан менен Батбайыр үйдүн ичине кирип, ичиндеги алтын-күмүштү, үйдүн
жасалгасын, түрдүү тамактарды көрүп аябай таң калышты. Кан бөлмөлөрдү
аралап кеткенде түлкү Батбайыр досуна мындай деди: «Айтканымды
орундаттым. Бул үй жыландын падышасынын үйү, өзү силерден коркуп
карагайдын башына жашынып отурат. Жыланды атып өлтүрсөң үй сеники
болот» деди. Кедей тура калып карагайдын башындагы жыланды атып өлтүрдү
да, анын малынан арбын союп, кан менен канышаны эки-үч күн кетирбей аябай
сыйлады. Кан менен каныша «Кудай буюрса кызыбыз ырас жерге туш болду» деп
көңүлү жай болуп, үйүнө кайтты. Ошентип, кедей кандын кызын алып, жыргап
жатып калды. Күкдө тооктун этин жеп түлкү да сайрандады.
ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР
АКЫЛДУУ КЫЗ
Бир заманда Сарыбай деген кырк жыл кан болуптур. Күндөрдүн биринде элин
чогултуп; «Кырк жыл кан болдум, көрөр күнүмдү көрдүм, ичээр суумду ичтим,
өлөрүм калды, өсөрүм калган жок, менде аласаңар болсо айткыла, көзүмдүн
тирүүсүндө берип кутулайын. Көзүм өткөндөн кийин баарыңар чогулуп,
ичиңерден бирөөнү кан көтөрүп алгыла» деди. Эли: «Жок, сиз өзүңүз коюп
кетиңиз, сиз бизге кырк жыл кан болдуңуз, сиздин сөзүңүздү угабыз» дешти.
Сарыбай кан: «Жок, өлүүнүн сөзүн тирүү сыйлабайт дептир, мен өлгөндөн
кийин сөзүм дагы өлөт» деди. Эл көнгөн жок: «Канды өзүңүз көтөрүп кетсеңиз
экен» деп, чуулдап туруп алышты. Ошондо Сарыбай кан: «Менин он бир жыл
жолдош болгон ак шумкарым бар, мен өлгөндөн кийин үч күнгө чейин тамак
жебей, канатын какпай жатат. Төртүнчү күнү элди жыйып, шумкарга жем берип
учурсаңар ал бирөөгө конот, ошол адамды кандыкка көтөрүп; ак шумкарды канга
бергиле менин арманым артымда бала калган жок, болбосо, ак шумкар элди
айланып учат беле, бирөөнүн колуна өтүп барат беле?» деди.
Арадан көп күн өтпөй Сарыбай кан өлдү, ак шумкар айтканындай үч күнгө
чейин жем жебей, канат какпай аза күтүп жатты. Ошондо эли чогулуп төртүнчү
күнү ак шумкарга жем берип учурушту. Ак шумкар элди айланып жүрүп акыры
бир койчуга конду. Айрымдары «койчуну кандыкка көтөрбөйбүз» деп чыр
кылышты. Айылдын аксакалдары «Сарыбайдын тирүүсүндө убадабызды берип
сураган элек, айтканыңызды орундатабыз деп ишендиргенбиз, Сарыбай
өлгөндөн кийин баштагы сөзүбүз боюнча ак шумкарды учурдук, ак шумкар
койчуга конду, койчуну кандыкка көтөрөбүз» дешти. Аксакалдардын сөзүн эл
жактап, койчуну кандыкка көтөрүшүп, ак шумкарды канга берди.
Койчу адилдик менен эл сураган түзүк кан болду. Колунда жок кембагал
кишилерге мал бөлүп берип, казынадагы кийимдерден таратып берип турду.
Бирок кан ар жума сайын казынага кирип ыйлап чыгуучу. Эл мунун себебин
түшүнө албай, бир күнү: «Каным эмне үчүн казынага кирип ыйлап чыгасыз?» деп
сурап калышты. Ошондо кан: «Казынада көп дүнүйө бар, суйсалган түлкү ичиктер
бар, жыйылган атилес, шайы бар, алтын, күмүш баары бар, ошонун ичинде менин
койчу убагымда кийген, колго алгысыз жыртык жамачылуу эски кийимим да бар,
мен ошону көрүп ыйлап жүрөмүн» деди. Эли: «Баракелде, кан, али ошонуңузду
унутпай жүргөнүңүзгө ыракмат» дешти.
Кан бир топ жылдарга чейин эл сурап турду. Бирок аял алган жок, байлардын,
чоң кандардын кыздарын көңүлүнө жактырган жок. Эли канга келип: «Сиздин
бойдок жүргөнүңүз жакшы болбойт, артыңызда ордуңузду басар бала калсын,
бала калбаган Сарыбай канды көрбөдүкпү?» дешти. Кан бул сөзгө көнгөн жок, эли
кандын оюна койгон жок.
Ошондо кан айлындагы кыздарды чогултуп, үч ооз табышмак айтты: «Күн
батыш менен күн чыгыштын ортосу нече күндүк жол, асман менен жердин ортосу
нече күндүк жол, калп менен чындын ортосу нече күндүк жол? » жандырмагын
жандырып келүүгө үч күн мөөнөт берип, «тапсаңар да, таппасаңар да күнүгө эки
маал келип жооп айтып тургула» деди.
Кыздар табышмакты таба алышпай, күндө эки маал кандын үйүнө чубап
барып кайтып жатышты. Бир күнү талаадан отун алып жүргөн чор таман
кедейдин чолок этек кызы: «Эжекелер, күндө эки маал чубайсыңар, кайда барып
жүрөсүңөр?» деп сурап калды. Анда бир кыз: «Эминеден айланасыңбы, отунуңду
алганды билсеңчи» деди. Экинчи бир кыз: «Койчу, бул байкуш дагы угуп калсын
деп, кандын табышмагын айта кетти. Үч күн мөөнөт берди эле, үчүнчү күнү бүттү.
Таба албай бара жатабыз» деди.
Кедейдин кызы: «Эжекелер, мен дагы силерге кошулуп барайын?» деди.
Кыздар кошуп ээрчитип алышты.
Кан: «Табышмакты ким тапты?» деп сурады.
Кыздардын эч кимиси үн чыгарбастан турушту эле, кедейдин чолок этек кызы
тура калып: «Каным, табышмагыңызды мен чечтим» дегенде, кан: «Чечкениңди
айтчы?» деди. Кыз: «Күн чыгыш менен Күн батыштын ортосу күн үчүн бир
күндүк жол, анткени, күн эртең менен чыгып, кечинде батат, жолдо конуп-түнөп
жүргөн күндү көрбөдүм. Экинчи табышмагыңыз: «Асман менен жердин ортосу
каш менен кабактын ортосундай, анткени, кашыңызды көтөрүп өөдө карасаңыз
асман, кабагыңызды түшүрүп ылдый карасаңыз жер көрүнөт деди. Үчүнчү
табышмагыңыз: «Калп менен чындын ортосу төрт гана эли, кулак менен укса
калп, көз менен көрсө чын, кулак менен көздүн ортосунда төрт эли ыраактык
бар» деди.
Кан табышмагын таптырып жиберип: «Эми бир үч ооз табышмак айтайын,
ошо табышмакты тапкан кызды алам» деп, табышмагын айтты: «Кордук деген
эмине? Муңдук деген эмине? Зардык деген эмине?» Дагы үч күн мөөнөт берди.
Кыздар үйлөрүнө барып, күндө эки маал келип бир да бирөө табышмакты чече
албай убара болуп кайтып жатты. Үчүнчү күнү кан кыздардан табышмагын сурап,
табалбагандары үчүн кыздардын башын алмакчы болду. Ошондо мурунку
табышмакты тапкан кедейдин чолок этек кызы туруп: «Каным, сөзүңүзгө кулдук,
табышмагыңызды таба албай калган үчүн кыздарда эч айып жок, баарыбыздын
башыбызды алганы жатасыз, ичибизден таап кетсе, бардык кыздар ажалдан
калган турат, бирок ал кызды сиз чанганы турасыз» деди.
Кан: «Жок, бир сөзүм эки эмес, табышмакты туура тапкан кызды алам» деди.
Анда кедейдин чолок этек кызы: «Эмесе мен таптым» деп чече баштады: «Кордук
деген — оору болот, Муңдук деген — өлүм болот, Зардык деген — жокчулук
деген сөз каным» деди.
Кан табышмакты тапканына ыраазы болуп, ал кызды жанына алып калып,
калган кыздарды үйлөрүнө жиберди. Кыздар: «Ажалдан калдык» деп, сүйүнүшүп
үйлөрүнө кайтышты. Кан кедейдин кызын жакшы кийиндирип, нике кыйдырып
аялдыкка алып: «Эми ургаачы да болсоң, акылдуу экенсиң, башка бирөөгө акыл
үйрөтпө, акыл үйрөтүп койсоң, анда экөөбүз эрди-катын болбой калабыз» деди.
Бир күнү кандын бир жигити күнөкөр болуп, айласы кетти, айылдагылар
«кандын аялына барып айтсаң, акыл таап, ошол куткарат» дешти. Жигит кандын
аялына муңканып келип: «Канга күнөкөр болуп калдым» деп акыл сурады.
Аялдын боору ооруп, жигитке акыл үйрөтүп: «Кимден үйрөндүң десе, мен
экенимди айтпа» деди. Жигит аялдын үйрөткөн акылы менен кутулуп кетет. Аны
кан билип: «Ким үйрөттү, айткын, айтпасаң өлтүрөмүн» дегенде, коркконунан:
«Сиздин аялыңыз айтты эле» деп, чынын айтып берди. Кан аялына келип,
«убадабыз бар эле, мен ыраазы болоюн, сен мага ыраазы болгун, аздыр-көптүр
жолдош болуп бирге турдук, эми менин тактымды кой, тажымды кой, андан
башка сүйгөнүңдү алып кет» деди.
Аялы: «Жакшы болот, бул сөзүңүзгө ыракмат, мен бир тамак жасайын, бирге
олтуруп ичели, андан соң кетейин» деп тамакты жедирип, арак берип, канды мас
кылып уктатып, тактысын, тажысын калтырып, эки аргымакты арабага
коштуруп, канды арабага салып, даңгыр жол менен чаң ызгытып, коңгуроону
шарактатып алып, жөнөйт. Бир шаарга барганда кан көзүн ачса, аялы жанында
өзү бир башка шаарда жүрөт. Кан чочуп кетип: «Ой, мени эмне кыласың?» десе,
аялы: «Каным, сөзүңүз эки болбосун, тактымды кой, таажымды кой, башка
сүйгөнүңдү ал дедиңиз, таажыңызды, тактыңызды калтырдым, андан башка
сүйгөнүм сиз экенсиз, сизди алып келдим» деди. Кан өзүнүн сөзүнө жыгылыштуу
болуп, аялы менен бирге туруп калган экен.
ОБОЗГЕРДИН КЫЗЫ
Илгери бир кан өзүнүн обозгери менен күнүнө ит агытып, куш салып, талаага
чыгуучу экен. Күндөрдүн биринде экөө адатынча уудан келе жатканда, кан
обозгерине: «Экөөбүздө тең бала жок, кудай берип аялдарыбыздын боюна бүтүп,
бири эркек, бири кыз төрөсө, куда бололу, экөө тең кыз, же уул болсо,
достоштуралы» дейт. Обозгер макул болуп, жакшы тилекке кошулат.
Айтканындай экөөнүн тең аялынын боюна бүтүп, кандын аялы эркек,
обозгердики кыз төрөйт экен. Анан экөө молдодон окуп, кат таанып, чоң молдо
болуп чыгышат. Бала менен кыз окуп жүргөндө чатыраш ойногонду үйрөнүшөт.
Экөө тең бойго жеткенден кийин кан менен обозгер эски убадаларын эске
алышып, бала менен кызды баш коштуруп коюшат.
Күндөрдүн биринде кандын уулу ит агытып, куш салып сейилдикке чыгат.
Көлгө барып өрдөккө кушун салса, куш өрдөккө карабастан, токойдун
арасындагы чөптөн жасалган алачыкка учуп барып конуп калат экен. Кандын
уулу куштун артынан сабап келип «үйдө киши барбы?» дейт. «Үйдө киши бар»
деп, бир зайып эшикке чыга калганда, кандын уулу: «Үйдүн үстүндөгү кушту
алып бер» дейт.
Анда тиги: «Сен андай эле кушуңду кишиге алдырып ала турган мырза болсоң,
өзүңдүн кол алдыңдагы обозгердин кызын албай эле койбойсуңбу? Кандын
уулуна кан кызы ылайык. Алыскы бир шаарда Сыйпа деген кыздын, бир түндө үч
сүйлөткөн кишиге тиемин деген убадасы бар. Аралыгы бир айлык жол, ошону
барып албайсыңбы? дейт. Кандын уулу кушун алдырып, колуна кондурат да,
үндөбөстөн бастырып кетет.
Ошондон баштап кандын уулунун көңүлү бузула баштады. Катынын жаман
көрүп: «Кет эле, кет» деп, ур-бериге көп алуучу болду. Акыры бир күнү кандын
уулу жигиттерин ээрчитип, азык-түлүгүн мол алып, Сыйпа кыз деген падыша
кыздын шаарын көздөй жөнөп калат.
Жолдон азык-түлүгү түгөнүп, айлалары кеткенде, кандын баласы: «Буларды
ээрчитип жүрүп, талаада өлтүрсөм убал болор, андан көрө аты-тону аманыңда
кайтарып жиберейин» деп акыл ойлонуп, жигиттерине: «Эми мындан ары өзүм
барайын, силер элге кайткыла» деп уруксат берет.
Жигиттери элине кайтып, өзү андан ары тобокелге салып жалгыз жөнөйт.
Бала жүрүп отуруп, азык-түлүгү такыр түгөнүп, акыры минген атын союп жейт.
Эки этекти кайра кыстарып, жөө-жалаңдап жүрүп отурат. Арып-ачып, өңдөн азат.
Аңгыча бел ашып, бир дөңгө
чыкса, бир шаардын чети көрүнөт. Ал күнү талаага конуп, эртеси керели кечке
жүрүп отуруп, өлдүм-талдым дегенде шаарга араң жетип, шаардын четиндеги уй
баккан бир чалга кездешет. Чал:
— Ээ балам, кайдан жүрөсүң, эрдиң кеберсиген, этегиң түрүлгөн, сен ыраак
жерден келе жаткан баласың го?
— Ооба, ата ыраактан келе жатамын. Мен бир кандын баласы элем. Сыйпа кыз
деген падыша кыз бар дейт, ошону алайын дедим эле.
Чал баланы тамакка тойгузуп: «Оо, кокуй, аны сен ала албайсың, тетиги
Мунараны көрүп турасыңбы? Ал жалаң кишинин башынан куралып чыккан
Мунара. Эки-үч күн эс алып ал да кайра кет. Балам, тил алсаң койгун, бөйдө өлүм
болосуң, ал кызды бир түндө үч сүйлөткөн киши гана алат. Бир түндө үч сүйлөтүп
алабыз деп, нечен кандын сен өңдөнгөн балдары келип сүйлөтө албай, баштары
алынып, жалаң баштан бир Мунара болгонун көрүп турбайсыңбы? Сен аны
сүйлөтө албайсың» деди. Анда бала: «Ошонун кабарын угуп, сүйлөбөс Сыйпа
кызды сүйлөтүп, аны аялдыкка алууга атайын келдим».
«Сыйпа кызга беттешпей кайра элге кантип барамын» деп чын сырын айтты.
Чал: «Айткан тилимди албай койдуң, эми кандын дарбазасынын алдына барып
унчукпай тура бер. Бир убакта «эмне кылып жүргөн жансың» деп, ары жактан
желдеттер келет. Ошондо өзүңдүн жумушуңду айт» деди.
Бала дарбазанын алдына барып турары менен эле эки желдет келди: — «Ой,
бала эмне кылып турасың? Сөзүң болсо айт? — Сыйпа кызды сүйлөтүп алайын
деп келдим! — Желдеттердин бири Сыйпа кызга келип: — «Таксыр каным, тиги
турган кандын баласы экен, сизди үч сүйлөтүп алмакка келиптир» дейт. Сыйпа
кыз:
— Мейманды үйгө кийирип, төшөк салып, ар түрдүү тамак аштардан алдына
койгула. Жакшы оокаттанып, ошол жерде эс ала берсин.
Желдеттер баланы ээрчитип барып, падыша Сыйпа кыздын айтканындай
жайгаштырышты. Болжолдуу убакыты болгон кезде «баланы чакырып кел» деп,
Сыйпа кыз бир желдетти жиберди. Баланы Сыйпа кыздын алдына алып келет.
Бала ар түрдүү сөздөрдөн кеп урат, кыз унчукпайт. Ошентип, бала менен кыз таң
атканча отура беришти. Баланын жини келип: «Жиндисиңби? Дудуксуңбу?
Келесоосуңбу? дейт. Кыз такыр унчукпайт. Бала сүйлөтүүгө аракет кылып:
«Сенин ата-тегиң ким? Сени ким падыша койду? Кудай үчүн бир сүйлөсөң боло»
дейт. Кыз такыр сүйлөбөй таң атырат.
Сыйпа кыз таң аткан соң желдеттерин чакырып: — Бу баланын башын алып
Мунарага кошкула, тулкусун баягы өргө таштагыла, — деп буйрук кылды. Эки
желдет баланы эки колунан алып дегдеңдетип баш алчу жерге алып бара
жатканда падыша кыздын музоо кайтарчу кемпири көрүп: — Муну кайда
алпарасыңар? деп сурайт. Желдеттер: «Өлтүрөбүз» дегенде кемпир:
«Айланайындар, кичине токтоп тургула, мен Сыйпа кыздан сурап музоо
кайтартып алайын, — деп жүгүрүп кетти. Кемпир Сыйпа кызга келип: «Ушу
баланы мага бер, музоо кайтартып алайын» дейт. Сыйпа кыз макул болот.
Кемпир баланы үйүнө ээрчитип келип, музоо кайтартып койду. Бала өлбөй,
аман калганына сүйүнүп, музоо кайтарып жүрүп: «Мен катын чанганды эмне
кылам, ит агытып, куш салып жүрө бербей эмне болдум?» деп, өз башын өзү
койгулап арман кылат. Бала ошентип, музоо багып жүрө турсун, эми сөз баягы
обозгердин кызы жөнүндө болсун. Баланын аялы бир күн ойлонуп отуруп: «Мени
күйөөм жаман көрсө да, аз күнү жолдош болуп калдым эле, ошонун өлүүсүн же
тирүүсүн билейин» деп, чачты төбөсүнө түйүп, эркекче кийим кийип, күлазыкты
мол алып, бир жакшы атты минип алып, күйөөсүн издеп жөнөйт.
Обозгердин кызы нечен күн, нечен ай жол жүрүп, акыры аттан ажырайт да,
жарагын колуна көтөрүп алып, жөө жүрүп отуруп бир бийик белге чыгып эс алат.
Ошол жерде эки жакты карап отурса, чоң өзөндүн боюнда бүлбүл болуп бир
шаардын чети көрүндү. Ал күнү керели кечке жол жүрүп, күн батканда бир
терекке коноюн деп кайрылса, анын түбүндө алтындан оюп жасалган төрт
орундук, ортосунда бир чатырташ турат. «Эмнеси болсо да ушунда бир чоң окуя
бар го, байкап билейин» деп ойлоп, теректин башына чыгып кетет. Жылдыз
толгон убакта көлдөн эки эркек жанаша коюлган орундукка, кыз жалгыз
орундукка келип отура кетишет. Аңгыча кыз: «Адам ээй, адамзаттын жыты
жыттанат да», деп калды эле, анда берки экөө: «Адамзат биерге кайдан келмек
эле, кудай тиккен чатырташ» деп коюшту.
Ошентип, баягы экөө чатырташка киришти. Бир канча убакыт өткөндөн
кийин, көпкө ойноп отурушуп, кыз эки эркекти утуп алат. Бирок тиги экөө
чырдашып, «оюндун шартын туура аткарган жоксуң» деп моюн беришпей турган
болгондо обозгердин кызы:
— Ой, жигиттер, чырдашпагыла, кыз оюндун шартын туура аткарды, — дейт.
Үчөө чочуп кетип, теректин башын карай коюшса, бир адам отурат. Анда үчөө:
«Түш бери, сен эмне болгон жансың?» дешти.
— Мен адамзатмын, — деп обозгердин кызы теректен түшүп, үчөөнүн жанына
келет: Мен жайымды түшүндүрдүм, силер өзүңөр кимсиңер?
— Биз жиндин падышаларыбыз, үчөөбүз менен чатыраш ойнойсуңбу?
— Ии, ойносо ойнойлу, байге эмне?
— Биз утсак, башыңды алабыз, сен утсаң, тилеген тилегиңди айт, ошого
жеткиребиз.
Төртөө ойной башташат. Көпкө ойноп отуруп, баягы баланын аялы үчөөнү
чатыраштан утуп алат. Анда берки үчөө: — Эмне максатың бар, айткының,
орундаталы, — дешти.
— Сыйпа деген падышаны бир түндө үч сүйлөткөн киши алат деген кабарды
угуп, аны алсам деп, алыстан келдим эле, ошол кызды үч сүйлөтүүгө жардам
бергиле.
Тигилер: «Макул, жардам берели, сен бир табышмактуу окуя айтып, Сыйпадан
сура, ал сүйлөбөйт, ошондо биз тактанын астына жашынып жатып, тескерисин
айтабыз, калыс кан эмеспи, чочуп кетип туурасын айтат. Ошондой акыл менен
сүйлөтпөсөк, ал сүйлөбөйт, керек мезгилде биз даяр болобуз» дешип көлгө кирип
кетишти.
Баланын келинчеги дагы бир күн жол жүрүп, араңдан зорго өлдүм-талдым
дегенде шаардын четине жетип, баягы чалдын чөп алачыгына кайрылат. Чалга
салам айтат.
— Балам, бул элдин баласындай эмессиң, алыстан келаткандай түрүң бар, жол
болсун.
— Ата, Сыйпа деген падыша кыз бар экен. Ошонун шаары кайда ошол кызды
үч сүйлөтүп туруп алайын деп келе жаттым эле.
— «О, уу-у балам, ал кыздын керемети да, касиети да көп, Сыйпанын шаары
ушул, сен аны да ала албайсың, сага окшогон нечен төрөнүн, кандын өздөрү жана
балдары келип сүйлөтө албай, жалаң баштан Мунара
жасалды. Кой, балам, тил алгын, да, бир топ күнү эс алып, кайра кет».
Аял чалга болбостон кан дарбазасынын эшигинин алдына барып турду эле,
бир убакта эки желдет чыга келди:
— Эмне кылып жүргөн жансың? Жумушуң болсо айт, анчейин жүрсөң айлыңа
кайт. Эркекче кийинген келинчек келген жөнүн айтып, Сыйпага жолуксам деп
суранды. Эки жигит дарбазанын алдындагы чоочун адам сүйлөтөм деп алыстан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 20
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.