Latin

Балдар фольклору - 26

Total number of words is 4159
Total number of unique words is 1787
37.8 of words are in the 2000 most common words
52.1 of words are in the 5000 most common words
57.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
алчу экен. Ошондо Асан Кайгы «Жаныбек кан ар убак мени эрмектегенин
койбойт экен» деп бирин таш, бирин чалма менен Үч-Күбөктүн үч жолун бекитип
салган экен. Ошо убактан ушу күнгө Асан Кайгынын эли Үч-Күбөктө калган экен.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН
Өткөн бир заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче чечен деген киши болуп,
анын Төлөмырза деген уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала»
деген сөздү Жээренче чечен күн сайын элден угуучу болду. Бир күнү
Төлөмырзаны сынамак үчүн караңгы түндө ээрчитип келе жатып: «Балам,
менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы, мага аркарга окшош
бирдеме көрүнөт» деди. Анда Төлөмырза: «Аркар экен, козусун эмизип турат»
деди. Ошондо Жээренче чечен: «Жаның чыккан баламдын жалганчысы чын экен»
деп өкүндү. Төлөмырза карга атса кийик аттым деп элге мактанат.
Төлөмырзанын колунан эчтеке келбейт, бул иш эл үчүн да, атасы үчүн да маалым
болду. Төлөмырза бир күнү көпчүлүк элге адатынча калп айтып калды, «баягы
күнү бир кийикти атып жиберсем, кулагынын учу менен туягынын учуна тийип,
кийигим аман кутулуп кетти» деди.
Анда Жээренче чечен: «Ата балам ай, туягы менен кулагын кашынып турганда
аткан экенсиң ээ» деди. Төлөмырзанын калптыгына айран калып турган элге
Жээренче чечендин сөзү орун болуп бастырып кетти. Үйүнө келгенден кийин:
«Ата жаның чыккан балам, эпсиз жерден калп айтып, эбине келтире албай эсим
кетпедиби, мындан кийин адам болом десең, калп айтпа. Калп айтсаң өмүрүң
менен ырысыңа чоң зыян келтирет» деп, жалгыз баласынын жанына тынчы жок,
сөзүндө чыны жок, жаман бала чыгып калганына капаланды.
Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келе жатып: «Ат жалына казан ас» деди.
Төлөмырза түшө калып аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен:
«Ээ, балам, ат жалына казан ас» деген канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли
деген сөз болот» деди. Дагы бир топ узагандан кийин: «Балам, узун жолду
кыскарт» деди. Төлөмырза түшө калып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен:
«Кетмен менен кыскарта албайсың, балам, «узун жолду кыскарт» деген
өткөн-кеткенден кеп сал деген сөз. Кеп эрмек болот, адамга жолдун кандай
өткөнү билинбей калат, узун жолду жүрүштүү ат менен, кызык сөз кыскартат»
деди. «Бул боюнча калганда жалгыз уулум, Төлөмырзам, мырза да болбойт, тукум
да, туяк да болбойт экен, «аял жакшы болсо — эр жакшы болот, акыл кошот,
ырыскы жугушат» деген эл сөзү бар эмеспи. Дүйнө жүзүнөн издеп, бир жакшы
колукту алып берейин» деп, Жээренче чечен атты келтирип минип, тонду кийип,
элди аралап кыз издөөгө жөнөдү... Барбаган эли калбай, бастырбаган жери
калбай, алты ай чамасында жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин
издеген кызы жок.
Элдин баарын карап жүрүп капаланып-кайгыланып, Жээренче чечен үй
жагына кайтмак болду. «Баламдын бактысы жок жаралган экен да, ушунча
журттан бир ылайыктуу кыз табылбаганы» деп келе жатса, айылдын четинен
бир топ кыз-келиндердин отун көтөрүп келе жатканын көрдү. Ал аңгыча күн
жаады.
Келиндер алы келгендери музоосун жетелей, отунун көтөрө үйлөрүнө
качышты. Кыздардын баары музоосун эмизип, отунун таштап үйүн көздөй
чуркап кетишти. Бир кыз музоосун эмизбей кармап, отунун чапаны менен жаап,
өзү отундун астына олтуруп калды. Жээренче чечен кыздын жанына келип: «Ээ
балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйлөрүнө кетти, сен эмне себеп менен
жаанды тосуп олтуруп калдың?» деди. Кыз: «Ээ ата, ал кыздардын төрт зыяны
бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар» деди. Жээренче чечен: «Пайдаң кайсы?»
деп сурап калды. Кыз: «Музоом эмген жок, отунум кургак калды, өзүм суу
болгонум жок, энем үйгө барганда урбайт, бул үч пайдам, чапаным суу болду, бир
зыяным ушу. Кыздардын музоосу эмди, отуну суу болду, кийими да суу болду,
музоону эмиздиң деп кыздардын энеси урат, төрт жагынан тең качып кеткен
кыздарга зыян болду» деди.
Жээренче чечен: «Жарадың балам, силердин үйүңөр, кайсы?» деп сурады. Кыз:
«Ээ, ата, айылга барсаңыз эле таап аласыз, келиштирип кырк найза сайган үй
биздики» деди. «Издегеним табылды» деп, сүйүнүп, айылды аралап жүрүп кырк
найза сайган үй жок болгондуктан, кыз мага табышмак кылып айткан экен кырк
найзасы үзүгүнөн кырк уук көрүнүп турганы го» деп, Жээренче чечен ойлонуп
баягы үйгө барып түштү. Ата-энеси дагы жакшы адамдар экен. Алынча сыйлап
сүйлөшүп отурушту, аңгыча күн ачылды, отунду көтөрүп, музоону жетелеп кызы
келди. Кыздын аты — Карачач экен, конок тамагын жеп, эл жатар мезгилде
Жээренче чечен Карачачтын ата-энесине сөз баштады: «Менин жалгыз уулум бар
эле, өзүмдүн атым Жээренче чечен, баламдын аты Төлөмырза, балама элден кыз
жакпай алты ай болду жолго чыгып кыз издегениме. Ушул сиздин балаңызга
көңүлүм түштү, кудай буйруп, куда болсом, балам экөөнүн бактысы ачылса деген
талабым турат. Эгер силерге бул сөзүм эп болсо» деди.
Кыздын ата-энеси: «Сиздин айтканыңыз жакшы кеп, биз өзүбүз бечара
адамбыз, бир жаман жалгыз кызыбыз бар, сиз айтылуу Жээренче чечен деген
Жаныбек кандын чечени болсоңуз балаңыз Төлөмырза элден-журттан кыз
жактырбай тандап жүрсө менин кызым көңүлүнө жакпас бекен? Буга жоопту
кызым өзү билип берсин» деди.
Карачач атасынын сөзүнө карата: «Бул киши алыстан келген азиз конок экен,
кызым билет деп мага шылтаганыңар туура эмес, кадимден калган нускаңар,
нарк-санатыңар бар, бир кызды ата билип берет, бир кызды эне билип берет,
акыры иш ордуна келет, берер болсоңор мага шылтоо кылбай эле, абийирдүү
киши көрүнөт, түз жооп бербейсиңерби» деди. Бул кыздын айтканына Жээренче
чечендин ичи ысып сөзгө кирди. «Кана кудагый оозум батып айталбай отурдум
эле, мага балам өзү жооп берди. Карачачтын аты — Акыл Карачач болсун,
бактысы ашык болсун, жей турган калыңыңарды айткыла, эл көзүнө көркөмдүү
түшкөнүм жакшы болот, төөдөн, уйдан, жылкыдан, канча менен келейин, атабыз
кыргыз болгон соң, салтыбыз, наркыбыз орду менен өткөнү жакшы, жакшылык
талап өмүр соодасы эмеспи» деп, Жээренче чечен айтып калды. Буга кыздын
энеси: «Жалгыз кызымдын калыңын айтып, башына аркан салгансып малга
кантип, айырбаштайын, жол-жобосун, наркын-салтын кызым өзү эле билсин»
деди. Акыл Карачач: «Менин ата-энем бечара киши, кызын малга сатууга алы
келбейт. Кызы малга сатылып барбайт, орду табылса, Карачач кадыр көңүл түз
келген жерге барат, калың мал деп каржалбаңыз» деди.
Бул сөздү айтканда Жээренче чечен таң калып, үйүнө барды. Төлөмырзаны
келтирип кийинтип алып, күнү оңдуулап, кудасы Токсонбайга барып калды.
«Адам Токсонбайдын кызын Жээренче чечендин
Төлөмырза деген уулуна алып берет дейт» деп айылдагыларга кабар тарады.
«Адам, эй, Карачач атасына калың жедирбей Жээренче чечендин уулуна барганы
жатат дейт, калыңсыз кыз болсо болот, каадасыз кыз болбойт дептир, барып
жеңкетай алып, тоюн жеп келебиз» деп айыл-ападагы келиндери чогулуп
келишти.
Тойго Жээренче чечен чоң жыгылыштуу болуп, малды арбын союп, башына
той башкаруучу коюп, жети кун той берип, сегизинчи күнү Жээренче чечен Акыл
Карачачты үйүнө алып кетти. Акыл Карачач келгенден тартып Жээренче
чечендин иши оңоло баштады. Мунун кабары Жаныбек канга угулду: «Келини
келишимдүү жакшы болгон экен, баягы жаман Төлөмырза жок, атайын киши
болуп калыптыр» деп уккандан кийин барып келинин көрөйүн деп, Жаныбек кан
келди. Жээренче чечен алынын бардыгынча кызмат кылып, Жаныбектин
келгенине сүйүнүп конок кылды. Жаныбек Төлөмырзанын колуктусун үстүнө
чакыртып алып ичинен «муну алуучу аял экен» деп ойлонуп: «Келинде төрт
суроом бар. Акыл Карачач жооп бересиң» деп, кепке кармады. Акыл Карачач: «Эби
келсе сурооңузга жооп берейин, сурооңузду сураңыз» деп айтып калды.
Жаныбек кан: «Тулпарды уйга сатса не болот?
Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот?
Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот?
Ушул сөзүмдүн жообун таап койгун, эртең кабар аламын» деп Жаныбек кан
аттанып кете берди.
Бул сөзгө Жээренче чечен капа болуп калды. Акыл Карачач: «Атаке, бул сөзгө
эмне үчүн капа болосуз, жооп табылар, «кандын пейли бузулса, калкына бүлүк
түшөт, башына чүлүк түшөт» дептир, кан Жаныбек жакшылык көрбөс, өзүнүн
жакынынан өлөр, аман болсоңуз аны көзүңүз менен көрөрсүз, мен анын сөзүнө
жооп берем» деди.
Кан Жаныбек эртеси энтелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган
Карачачтын Жаныбекке берген жообу:
«Жаныбек каным, бузулду заңың,
Бул кандай жорук, тынчыбаган жаның.
Тулпар тушунда, күлүк күнүндө, күч бербеген тулпардан — сүтүн берген уй
жакшы, пайдасы жок туугандан пайдасы тийген кыйыр жакшы.
Чабал аттан — чарчабаган эшек жакшы.
Жаш жыгач отундан — жаркырап күйгөн тезек жакшы.
Канаты жок туйгундан — канаттуу карга жакшы.
Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун
оңчубу, эртеки салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу? Каным,
менин тапканым ушу, сиздин укканыңыз ушу» деп, Акыл Карачач басып кетти.
Кан Жаныбек арданып үйүнө кайтты.
Кан Жаныбек Акыл Карачачты алууга ойлонуп, каарын төгүп, ар түрдүү
кыстоо салмакчы болуп, Жээренче чеченге желдет жиберди. «Эртең Жээренче
чечен алдыма келсин, келгенде ат минбесин, төө да минбесин, жөө да келбесин,
жол менен да келбесин, жолсуз жер менен да келбесин» деп буйрук кылды.
Желдет буйрукту угузганда Жээренче чечен убайымга түшүп, келини менен
кеңешти. Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге мындай деди:
«Эрте туруп текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыры менен
барыңыз, кан суроо сураса: ат, төө мингеним жок, теке минип келдим, жол менен
да, талаа менен да келгеним жок, кыр менен келдим деп жооп бериңиз, кан
Жаныбек сөзгө жыгылат».
Жээренче чечен тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип,
кан Жаныбектин ордосуна барды. «Каным, буйругуңузду аткарып келдим, ат, төө
мингеним жок, жөө да келгеним жок, теке минип келдим. Адам учкаштырбай
жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун
ортосундагы кыр менен келдим, каным, каарыңа калгандай көрүнөм, кайгылуу
сыр, калың чер менен келдим» деди. Жаныбек бул сөзгө токтолуп, Жээренче
чечендин алдына кырк ирик салып берип: «Кырк күндүн ичинде көзүн жоготпой
кырк козу козулатып бересиң» деди. Кырк ирикти айдап капа болуп Жээренче
чечен үйүнө келди. Акыл Карачач алдынан тосуп чыгып: «Ата, бүгүн койлуу болуп
калыпсыз го» деди. «Ээ, балам, атаңдын өлбөгөн жаны курусун, караган каны
курусун, ушул ириктин көзүн бурбай козулатып бер дейт, айла барбы, айдап
келдим» деди. «Ата, капа болбоңуз, бул арзан иш турбайбы» деп, кырк күнгө
чейин Акыл Карачач койду бирден союп бере берди. Жээренче чечен «эрте өлгөн
кулмун» деп этин жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин кан Жаныбек
салтанат менен аттанып, койдун жообун алмакка Жээренче чечендин үйүн
көздөй жөнөдү.
Келер күнүндө Карачач отун алымыш болуп кан Жаныбектин жолун тосуп
чыкты. Көңүлү кызып калган кан Жаныбек Карачачты көрө салып, бура тартып:
«Келиним отун алып жүрүпсүң, атаң эмне кылып жатат?» деп сурады. Карачач:
«Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Атам болсо үйдө толготуп төрөгөнү
жатат» деди. «Жаның чыккан Карачач, эркек киши дагы төрөчү беле» деди.
«Каным, сөзүңүзгө кулдук, кан сөзү эки эмес, сиздин эркек коюңуз да туучу беле?»
деди.
Кан Жаныбек өзүнүн сөзүнө өзү байланып, сөзгө жыгылып кайтты. Кан
кетери менен Акыл Карачач үйүнө келип канга берген жообун кайнатасына
айтып берди. Бул сөзгө Жээренче чечен өтө ыраазы болуп: «Бир өлүмдөн
калдым» деп кубанды. Эртесинде кандын дагы бир жигити келип: «Бул буйругум
эки эмес, отуз күндүн ичинде, таштан тарамыш кылып, кумдан өтүк тигип
берсин» деген кандын буйругун айтты: Жээренче чечен мойнуна жүк түшкөнсүп:
«Иш кыйын, таштан тарамыш кумдан өтүк болчубу, кулак угуп көз көрбөгөн
мындай иш болчубу, мындан көрө каарына албай, мынчалык азаптабай, колунан
келип турам өлтүрүп салып, бир жолу жанымды тындырбайсыңбы» деди.
Анда Акыл Карачач: «Ата, сабыр кылыңыз, сабырдын түбү сары алтын,
сабыры жок, Жаныбек саманын сапырып жатат, өз калкын өзү кыстап напсисин
бузуп жатат, аман болсоңуз, мындан арзан кутуласыз, шашпай сабыр кылып
отуруңуз, мен сизге айтпадым беле:
Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлөт мас кылат,
Тумшугу таштай катарда
Тууганы менен кас кылат.
Жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыры ашып кетти. Жетим,
жесирдин ыйлаган үнү жетер, ашыгып сабырсыздык кылбаңыз» деп, Акыл
Карачач атасы Жээренче чеченге насаат айтты.
Жаныбек убада кылган күнүнө чейин Акыл Карачач оокатын кылып жүрө
берди. Убадасы бүткөн күнү башкача кийинип, түсүн буруп жооп алмакка
Жаныбектин алдына барды: «Кан азиретим, бечарачылык кыйын экен, кумдан
бир өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбады, сиздин
казынаңызда бардыр деп сурап келдим эле», деди.
Айтканы эсинен чыгып калган Жаныбек кан: «Сен кандай акмаксың, соосуңбу,
же жиндисиңби, кумдан өтүк, таштан тарамыш болуучу беле, калжырабай кет»
деди. Акыл Карачач бетине түшүрө салынган жоолугун өөдө тартып, түсүн
көрсөтүп: «Каным, оюңузга кулдук, сиз буюрган кум өтүктүн таш тарамышынын
камында жүрдүм эле, андай болсо кандын буйругунан кутулган турбайбызбы»
деп жүгүнүп тура калды. Жаныбек айтылуу Карачач экенин билип, токтолуп
башка сөз айта албай жерди карады. Акыл Карачач үйүнө келип, Жээренче
чеченге окуяны айтып берди. Жээренче чечен Акыл Карачачтын акылына
ыраазы болуп, «кайырлуу жакшы өмүр сүргүн, канча бир өлүм ажалдан аман
алып калдың» деди.
Ал аңгыча болбоду, камынып турган Жаныбек кан Жээренче чечендин колун
байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын
уулу Миңжашарды, Асан Кайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын каны
булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге таратып, бөлүп жиберди.
Жаныбек Төлөмырзанын жан ордуна көрбөй жабыркатып, ишке салып,
Карачачты алайын деп кашына көчүрүп алды. Бирок, Акыл Карачачты ала албай
бир жыл өттү. Акыл Карачач жакшы сөз менен Жаныбектин өз иниси Бердибекти
бузуп, «Жаныбектен жан адамга пайда болбойт, бир агаңды өлтүрүп, калкыңа кан
болгун, мен сенин койнуңдагы зайыбың, колундагы айымың болоюн» деп,
Бердибекти кепке көндүрүп алды. Бул кабар тарап, Алтайдагы туткунга
байланган Жээренче чеченге угулду.
Кабарды уккандан кийин Жээренче чечен жалпы элине табышмак менен
кабар салды: «Эгиниңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум, орокчуңар шай
экен, кыштын арты кандай болот? Кышка калтырбай эрте оруп бүтүрүп алгыла.
Толубай, Токтогул Асанга кабар салыңар. Бир сокур кара кашка текем бар,
сакалынан байлап көзүн оюп, көлгө салыңар, бир тик мүйүз кара эркечим бар, кой
баштатып ала келгиле. Болор-болбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар,
унутулуп журтта калбасын» деп, жазып жиберди.
Кат тийген соң сөздүн түйүнүн казак, кыргыз жалпы түрк балдары кепке
канып келтирип, чече албай айран калышты, акырында Жээренче чечендин
өзүнүн келини айтылуу Карачач чечет го деп катты алып барышып, калктын
мыктысы, чоңдору башында карап турду.
Катты окуп, Карачач бир баштан айтып, табышмак сөзүн таап чече баштады:
«Айдаган аштыгыңар бышты» дегенди душманыңар болушунча болду,
толушунча толду — дегени. Орокчулар шай экен, кышка калтырбай оруп бүтүрүп
алыңар дегени — мынчалык кайрат кылыпсыңар, эми катылыңар, орок менен
буудайды оргондой кылыңар деп, айтканы. Кыштын арты кандай болот дегени
— иштин арты кандай болот дегени. Толубай, Токтогул, Асан Кайгыга кабар
салыңар дегени — элдин карыялары иштин убагы келди, жаштарга сөзүңүрдү
айткыла дегени. Сокур текем бар эле, сакалынан байлап, көзүн оюп көлгө
салыңар дегени — Жаныбек канды өлтүрүп, сакалын кыркып көзүн чукуп көлгө
салгыла дептир. Тик мүйүз кара эркечим бар, муну кой баштатып ала келгиле
дегени — Жаныбектин иниси Бердибекти колуңарга алып, калкка кан көтөрүп
койгула дептир. Болор-болбос бычагым деп — Төлөмырзаны айтыптыр, мизи
курч кестигим дегени Акыл Карачач — мени айтыптыр. Көчкөн журтта калып
кор болбосун» дегени — кептен-сөздөн калып кемчилик тартпасын,
кеп-кеңештен калтырбай ала жүрүңөр дептир.
Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер кайрат кылып, кара сокурга
тезинен катылыңар» деп, Акыл Карачач айтып өттү.
Бул сөздү угуп «залимдин айтканын угуп, айдаганына көнүп жүрүп да
мүйүзүбүз чыккан жок» деп элдин кыжыры кайнап Жаныбектин иниси
Бердибекке өлтүртүп, Бердибекти кандыкка көтөрүп, Алтайга айдалып кеткен
Жээренче чеченди жолдоштору менен алдыртып чоң той берип өз жеринде туруп
калышат. Ошол убакта ушу убакка чейин эл оозунда:
«Толубайдай сынчыны айт,
Токтогулдай ырчыны айт,
Жээренчедей чеченди айт,
Алдар көсөө кесепти айт»
деген сөз сакталып калган экен.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН АЯЛЫН УГУЗУУ
Илгери көрө билген көсөм, сүйлөсө чечен бир киши өткөн экен. Ал кез, бир эл
менен экинчи эл жоолашып, каршылашып, урушуп өткөн учур болгон экен.
Жээренче чечен канга акыл-насаат сөз үйрөтүп жүргөн кеменгер кишиси экен.
Күндөрдүн биринде Чечендин элине бир күчтүү душман келип кол салат.
Ошол согушта Чечен кол башчы болуп душманды кубалап өз жеринен алыс бир
жерде көпкө дейре жүрүп калат.
Чечен согушта жүргөндө Чечендин алган байбичеси каза таап калган экен.
Чечендин жеңиштүү болуп кайра элине келе жаткан кабарын угуп, өз элинин
карыя акылмандары баш кошуп отуруп жолдон угузмак болот. Түшчүлүк жерден
тосуп, Жээрен чечендин алдынан чыгат. Ары жактан чечен келет. Бардыгы
аман-эсен көрүшүп, чоң кубанычта болушуп, эли-журтунун,
барып-келгендигинин ал-абалын сурашат, мейкин талаада олтурушат. Ошондо
чеченге теңтуш бир карыясы сөз баштап, чеченден бир топ тамсил сөз сурайт.
«Чеченим көптү көрдүң, көп жашадың, ушу олтурган ага-инилериңе калгыдай сөз
айтып бер» деди да, төмөнкүдөй соболду койду.
— Атасы өлгөн не болот?
—Атасы өлгөн кишинин аскар тоосу ураган менен тең болот. Кузгундай көзүн
кызартып, сакалын аппак кубартып, жараткан алла тил ал деп, баламдан мурун
мени ал деп, атаң турса кашыңда, туу эле болор башында.
— Энеси өлгөн не болот?
— Энеси өлгөн кишинин, дарыя чалкар көлү соолгон менен тең болот. Чачы
куудай болгуча, тиши буудай болгуча, ал ак байбиче энекең, бары-жокту тең
санап, төрдө олтурса берекең.
— Агасы өлгөн не болот?
— Агасы өлгөн кишинин айтарга сөзү кем болот.
— Иниси өлгөн не болот?
— Иниси өлгөн кишинин чабарга камчысы кем болот. Бет алышып жоо келсе,
жан салышып доо келсе, жаман да болсо ага-иниң артыңда турса дем болот.
— Жеңеси өлгөн не болот?
— Жеңеси өлгөн кишинин жеңи желден жыртылат, жакасы кирден кырылат.
— Келини өлгөн не болот?
— Келини өлгөн кишинин кермеден аты бошонгон менен тең болот.
— Эжеси өлгөн не болот?
— Эжеси өлгөн кишинин эркелер жери аз болот.
— Карындашы өлгөн не болот?
— Карындашы өлгөн кишинин барып конорго жери аз болот.
— Баласы өлгөн не болот?
— Баласы өлгөн кишинин өзөгүн өрт алган менен тең болот.
— Катыны өлгөн не болот?
— Ой, аттигини ай ээ!.. Кудайдын буйругу экен, менин байбичем өлгөн экен ээ!
Бир төшөктө төрт баш киши жатып калыптырбыз. Кайыр кантейин! Катын өлсө
капкалуу шаар бузулган менен тең болуп, күндө ойрон, мүлк ойрон деген ойронго
жолугат» деп камчы сабын таянганда, камчы сабы сынып кеткен экен.
Жайланышып отургандан кийин баягы киши дагы: «Чеченим, бир төшөктө
төрт баш киши жатып калыптырбыз дегениң эмнең?» деп сурады. Анда Жээренче
чечен: «Мурунку байбичем абысын-ажынга, ага-иниге, сөөк-тамырга жана өзүмө
жыты сиңишип калган киши эле. Азыр дагы бирди алармын, ошол мурунку
байбичемдей болобу?» деп, мурунку байбичемди самап жүрүп, мен оюм менен эки
баш, алганым чечендин кайсы жеринен жазып, жаңылар экенмин деп, ал өзүнүн
ою менен эки баш. Мына ушинтип, бир төшөктө төрт баш жатып калдык» деп
жооп берген экен.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕНДИН КАРА КАНГА ЭЛЧИГЕ
БАРГАНЫ
Кара кан деген кан Сырдын боюнда турган ойдун каны экен. Азиз Жаныбек
кан тоонун каны экен. Бир убакта Кара кан Азиз Жаныбек канга тийишип, каары
келип: «Ээ кызыталак Жаныбек, катындары эгизден эркек тууп, жасоолу көбөйсө,
мени менен урушууга келсин. Тоодон айгырлары кишенеп, ойдон кырк чаар
тулпар бээлерим кулун салды. Эгер уруша албай турган болсо, кырк чаар
тулпардын кулунун төлөсүн» деп элчи жиберет.
Азиз Жаныбек кан элин үч күнү кечке чогултуп, кеңеш кылып Кара канга
кандай жооп берерин биле албай айласы кетип, күндө жыйын топ кылды. Үчүнчү
күнү кандын алдынан тарап келе жаткан элди боз тумак кийген, жээрде тай
минген, эчкиси көп, кою аз бир адамдын баласы тосуп туруп: «Ой, акелер, күндө
эле эртең менен канды көздөй чубайсыңар, кечинде дүбүрөп тарайсыңар. Эмне
ишиңер бар, мага да бир айткылачы, угайын? деп сурай турган болду. Бирок бала
эч кимден жооп ала албады. Ошондо бир киши: «Бул бала үч күндөн бери
жолубуздан тосуп туруп сурай турган болду, укканыбызды айталык» деп иштин
жөнүн айтты эле, бала: «Оо кокуй, мен бул иштин жообун Кара канга оңой эле
берем» деди. Эл баланы ээрчитип Азиз Жаныбектин алдына алпарышып:
«Каным, ушул бала Кара канга жооп берем» деди, дешти. Анда Жаныбек кан: «Бул
бала барса барсын, бир билгени бардыр» деп макул болду. Бала: «Каным, мага бир
төө, бир теке жана жаа бериңиз» деп сурап алып, Кара канды көздөй жүрүп кетти.
Бала жолдо кетип бара жатса, эки адам урушуп жатат. Экөөнүн жанында жаа
менен атып алган бир коён жатат. Бала салам берип токтой калды эле, мушташып
жаткан эки кишинин бири: «Жолоочум, сага жол болсун, кайдан келе жатасың?»
деди. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин, Кара канга баратам. Сен экөөң
эмне болуп мушташып жатасыңар?» деди.
Анда экинчиси: «Эртең менен жатактагы коёнду көрүп кетип, жаа алып
келгенимче бул атып алыптыр. Көрүп кеткен коёнду аламын деп мен айтам, атып
алдым, меники деп бул айтат. Сен Азиз Жаныбек кандын элчиси экенсиң, калыс
болуп коёнду бирибизге алып берчи» деди. Жаныбек кандын элчиси: «Ой, коёнду
атып алган, сен коёнду башыңа кармап тур, көрүп кеткен сен жааң менен ат.
Коёнго тийсе сен ал, мунун башын жара атып өлтүрүп койсоң, кунун төлөйсүң»
деди. Муну укканда экөөнүн да төбө чачы тик туруп: «Ээ жолоочу, сага ишибизди
салбайбыз, Кара канга барып, калыстыкка түшөбүз» деп, элчини ээрчип жөнөп
калышты.
Булар кетип бара жатса, жолдун боюнда калың эл чогулуп турат. Бала салам
берип токтоп тура калып, чырдын жайын сурады эле: «Ээ, жолоочум, мына бул
адамдар калың жылкы айдап айылдын үстүнөн өтүп, боюнда бар катындарды
боюнан түшүрдү, ошонун чатагы болуп жатат, өзүң кайдан келе жатасың?»
дешти. Бала: «Азиз Жаныбек кандын элчисимин» деди эле, кандын элчиси
болсоң, биздин ишти сага салдык дешти. Анда бала: «Казанга толтура суу куюп
тулгага аскыла да, жылкыларды айылдын четинен айдап өткүлө. Казандагы суу
жылкылардын дүбүртүнөн чайпалып төгүлсө, боюнан түшкөн баланын кунун
берсин, төгүлбөсө буга эмне кун болсун?» деди. Ээ балам, сага ишибизди
салбадык. Кара кандын өзүнө салабыз деп, булар да кошо жөнөдү. Топ адам жүрүп
отуруп Кара кандын капкасына кирип барды. Бала капканын ортосунда желип
бараткан кара тайганды көрүп: «Бу кимдин тайганы?» деп сурады. Турган
адамдар: «Кандын тайганы, жылына алтымыш түлкү, кыркы бөрүдөн тиштейт»
деп жооп беришти эле, Жаныбек кандын элчи баласы тайганды жаа менен атып
өлтүрүп салды. Карап тургандар: «Кандын тайганын өлтүргөн бул кандай эме»
деп таң калышты. Ошентип элчи бала топ адам менен кандын сарайына кирип
барды. Анын кабарын Кара канга айтышты эле: «Бул кимдин элчиси, ким экен?»
деди. Жигиттери: «Азиз Жаныбек кандын элчиси экен» деп жооп беришти.
Кара кан: «Элчи болсо мейманканага алпарып киргизип койгула» деп буюрду.
Эртеси элчини кандын алдына алып келишти эле, Кара кан балага карап: «Ээ
бала, Жаныбек кандын бул кандай шылдыңы. Менин алдыма элчи кылып
аттуу-баштуу чоң киши жибербей, бала жибергени эмнеси, айлыңарда чоң киши
жок беле?» деди. Бала тура калып кулдук уруп: «Каным, сизге чоң керек болсо төө
жетелеп келдим» деди. Анда кан: «Жаныңды жеген бала, айлыңда сакалдуу
карың жок беле?» деди. «Сакалдуу десең, теке жетелеп келдим, кеп-сөз билген
адам керек десең, өзүм келдим» деди. Кара кан баланын жөн бала эмес экендигин
биле калды, жөн ийги суроо салды: «Эй бала, тайганымды не атып салдың?». Анда
бала: «Мен биякка чыгардын алдында сиздин тайганыңыз тоодогу аңды ойго
кууп, ойдон тоого кууп жүрүп кырды. Ой-тоо кыйкырык, ызы-чууга толду.
Ошондон биздин иттерибиз күчүк таштап койду. Ошон үчүн тайганыңызды атып
салдым» деди. Өзүнүн айтканы эсинен чыгып кеткен Кара кан: «Ээ, кызыталак
бала, менин жеримдеги ызы-чууну сенин тоодогу иттериң кайдан угат?» деп
чочуп кетти.
Элчи ордунан тура калып: «Таксыр, сөзүңүзгө кулдугум бар, биздин тоодогу
айгырыбыздын кишенегени сиздин ойдо жаткан кырк чаарыңызга кантип
угулат?» деди. Кара кан сөзгө жыгылып: «Ээ чунак бала, келген дооң ошол беле,
кечтим» деди. Андан кийин Кара кан берки чатактуу эки иштин жөнүн сурап,
«баланын жолдогу чечкени туура» деп тапты да, келгендерди кайтарып жиберди.
Кара кан баланы жактырып: «Балам, атың ким?» деди. Бала: «Атым Жээрен»
деди. Анда кан: «Балам, сен чечен экенсиң, сенин атың мындан ары — Жээрен
чечен болсун» деп ат мингизип, тон кийгизип, эки элдин чатагын басып, айлына
жиберди. Ошондон улам бала Жээрен чечен аталып, кепке-сөзгө алынып, эки эл
арасында доо болсо да, жоо болсо да, Жээрен чечен арага түшүп, ыраакты жуук
кылган чечен болот дешет.
ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН МЕНЕН АЛДАР КӨСӨ
Күндөрдүн биринде Жээренче чечен жана Азиз Жаныбек вазирлери болуп
ордонун ичинде отурганда Алдар Көсө эшиктен кирип, «Ассалоом алейкум, кан
ордосу» дейт. Жээренче чечен: «Алекима ассалам, эл жоргосу» дейт. Алдар Көсө
отургандан кийин Алдар Жээренче чечен ишарат кылып колу менен башын
кагат. Алдар көсөө колунун учу менен тилин кагат да, эшикке чыгып кетет.
Ал чыгып кеткенден кийин Жээренче чечен Жаныбек канга: «Мени эч ким
жыга алуучу эмес эле, ушул кирген Көсөө жыгып кетти» деди эле, кан: «Жээренче
чечен сени Көсө кантип жыкты», Көсө эшиктен кирип «кан ордосу» деп салам
айтты, сен «эл жоргосу» деп жооп бердиң. Андан башка эч кандай жыгылыш боло
турган сөз болгон жок го деди.
Анда Жээренче чечен: «Көсө эшиктен салам айтып кирип отурганда колум
менен башымды кагып, «балаа башка кайдан келет?» деп сурадым эле, Көсө колу
менен тилин кагып, «балаа башка тилден келет деп жеңип кетти» деди.
Жээренче чечендин бул сөзүн угуп кандын кыйынсынган бир вазири: «Алдар
Көсөнү мен жеңем» деп кан менен убада кылышат. Жеңип келсе, кандан
тилегенин алмакчы. Жеңилсе, «жеңем» деп барган кандын кыйынсынган вазири
жанынан айрылып дайнын таппай калмакчы. Аттан тандап минип алып, Көсөнү
издеп чыгат. Колуна таягын таянып алып, Көсө шыпылдап бара жатканда вазир
аркасынан жетип, салам айтты эле, Көсө алик алып: «Ээ балам, кайдан келе
жатасың?» деди. Вазир: «Сизди издеп келе жатам» дейт. Көсө: «Жумушуң бар беле
менде?» дейт. Анда вазир: «Жер ортосун таба албай сизден сурайын деп келдим,
— бул бир суроом, акыр заман качан келет, ал экинчи суроом?» деди.
Көсө токтолбостон туруп: «Арзан эле жумуш турбайбы, балам» деди да,
таягын колуна алып, көзүн алаңдатып эки жакты караган болду. «Атаганат ай,
боюм жапысыраак болуп жатат» деди эле, вазир: «Эмесе менин атымды минип
алып караңыз? деп атын бере койду. Көсө атты минип алып, таягы менен шарт
камчыланып: «Атаа балам ай, көпкөн убагың экен, акыр заманды да сураган
турасыңбы?» деди. Анда вазир: «Кыйын болсоң экөөн тең таап берчи» деп
демитти. Көсө ары-бери чапкылап, алак-булак эки жагын караган болуп, «таптым,
таптым» деп вазирге кайта чаап келди. Вазир: «Тапсаң айтчы?» деди эле, Алдар
Көсө: «Отурган жериң жер ортосу, акыр заман атынан айрылган кишиде» деп,
чапкан бойдон кете берди.
АЛДАР КӨСӨНҮН ЖИН-ШАЙТАНГА
ЖОЛУККАНЫ
Алдар Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан, адам десе адам эмес, айбан
десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар Көсө: «Кимсиң?» деп сурады эле:
«Жин-шайтан дегенди уктуң беле, ошол мен болом» деди. Алдар Көсө: «Укканым
бар, мага жолдош бол, эки киши бирге басканда жол кыскарат дечү эле» деп
ээрчитип алып, жүрүп отурду. Келе жатып шайтан кол башындай алтын таап
алды да: «Мен таптым бөлүп алалы» деди. Көсө: «Жалгыз мен алам» деп макул
болбой койду. Шайтан: «Эмесе жарышып чыкканыбыз алалы» деди. Жарышып
шайтан чыгып келсе, Көсө, «мен бир жерде буйдалып калсам, чыгып кеттиң» деп
дагы болбой койду. Шайтан: «Эми эмне кылалы» деп сураса, Көсө: «Кимибиз жаш
жагынан улуу болсок, ошонубуз алалы» деди. Шайтан бул шартка да макул болду.
Кезекти биринчи Көсө алып, шайтандан «кайсы убакта туулдуң эле?» деп сурады.
Ага шайтан: «Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде
төрөлгөмүн» деп жооп берди.
Аны укканда Көсө өңгүрөп ыйлап кирди. Шайтан: «Эмне ыйлайсың?» деди эле:
«Так сен төрөлгөн убакта менин алты жашар балам өлүп калган, ошого ыйлап
жатам» деди. Анда шайтан: «Эмесе, сен улуу экенсиң» деп, алтынды ага берип,
Көсөдөн коркуп кетиптир.
ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК
Качандыр бир акылман карыя болуптур, анын тогуз уулу бар экен. Бирок
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 27
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.