Latin

Балдар фольклору - 16

Total number of words is 4178
Total number of unique words is 1802
38.7 of words are in the 2000 most common words
53.5 of words are in the 5000 most common words
59.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
келет. Кан чалдын сөзүнө уюп, «калыңына эмне аласың?» деди. Чал:
Каным сөзүмө кулак салыңыз
Сизге ылайык Канчайым
Ак никелеп алыңыз.
Канчайым касиеттүү нур балам
Кагылайын уз балам
Каным, сөзүмө кулак салыңыз,
Касиеттүү кызымды
Калыңсыз тегин алыңыз.
«Аларым гана бир баштык жамбы» деп, баштыгын көрсөтөт. Кан мыйыгынан
шылдыңдай күлүп, вазирлерин чакырып:
Чалдын карды ток бекен?
Үйүндө малы көп бекен?
Он сап ногой ичинде
Акча салып алгыдай
Эки эн дорбо жок бекен?
Баштыгын толтуруп бергиле» деди. Жети казынасын ачып салдырса, баштык
толбой калат. Бектерге салык салат, анда да толбойт. Эң аягында:
Кырма тазга кырк теңге,
Оймо тазга он теңге,
Берме тазга беш теңге,
Төбө тазга төрт теңге,
салык салат ага да баштык толбойт. Кандын айласы кетип, элине жар салат. Ошол
кезде ысык ичкен суюк чычкан, сокусун минип, сок билегин камчыланган үч жүз
жашка чыккан мастан кемпир келет. Жерден үч чымчым топурак алып, дубалап
баштыкка салса, акча ашып-ташып көчөгө толот. Көрсө баштык адамдын көз
тарамышынан токулган экен.
Адамдын көзү топуракка гана тоет экен. Кан бир баштык жамбыны берип,
чалды жолго салып, Канчайымды алат. Анын акылмандыгына таң калат. Бат эле
боюна бүтөт. Күнү толуп, төрөр маалы болгон кезде
кан: «Алтымыш аял алып, бир перзенттин үнүн уккан жок элем, жүрөгүм
жарылып кетер, төрөгөндөн кийин кабар бергиле» деп, ууга чыгып кетет экен.
Канчайым толгото баштаганда чакыртып келип бир табак дилде тартуулап:
«Баланы жоготуп бергин» дешти. Мастан кемпир толготуп жаткан Канчайымды
дубалап, көзүн байлап коет. Чынында эле, Канчайым алтын айдарлуу уул, күмүш
айдарлуу кыз төрөйт экен. Кемпир Канчайымдын алдына эки күчүк салып, эки
баланы этегине орогон бойдон алып кетет. Алтымыш аял: «Ит тууган сетер» деп
кордоп, Канчайымдын бетине түкүрүштү. Мастан кемпир балдарды сууга
чөктүрөйүн деп, дайранын жээгине алып барды эле, балдарга тил бүтүп:
«Таштабай суудан алыңыз,
Биз да сиздин балаңыз.
Башка чукак жаныңыз.
Биз да сизди багабыз» дешет. ,
Балдардын тилин алып, аларды сууга салбайын десе, кырк дилдеден
ажыраганы турат. «Эмне болсо ошол болсун» деп, экөөнү тең сууга ыргытып
жиберди. Сууга түшүрбөй кырк чилтен тосуп алып, кийинтип, кийиктин сүтүн
эмизип бага баштайт.
Тоодон алма жегизип,
Кийикти эне дегизип,
Кийик жүрдү үч убак,
Баласындай эмизип.
Мастан кемпир келип, дубасын жандырат. Канчайым көзүн ачса, астында эки
күчүк жатат. Канчайым ботодой боздоп: «Ай менен күндөй болгон эки баланы
туудум эле дейт. Алтымыш катын биригип мастанды канга сүйүнчүгө
жиберишти. Жанчаркан караанды көрүп, вазирлерине:
Шаар жактан бир адам,
Эрбең-сербең келеди.
Бизге качан жетеди?
Касиеттүү Канчайым,
Эркек тууп койдубу,
Же эзилтип мени сойдубу?
Нурдай болгон Канчайым,
Нур кызын төрөп койдубу?
Же муңкантып мени сойдубу? дейт.
Шүкүрдүү тоонун бетинен, кемпирди көздөй чаап жөнөшөт. Кан вазирлери
менен келсе, мастан талды чеңгелдеп алып ботодой боздоп:
Ой, кан балам, карт балам,
Атыңдын башын тарт балам!
Күйгөнүмдөн ыйлаймын,
Сүйүнчү кантип сураймын
Эркек эмес кыз эмес,
Адам эмес, мал эмес,
Күчүк тапты Канчайым
деп, ыйлап жатты. Жанчаркан муну угуп аттан кулап түшөт. «Элдин бетин кантип
карайм. Канчайымды адам көрбөс жерге таштагыла» деп ыйлап жатып калды.
Кандын вазирлери Канчайымды ээн чөлгө алпарып таштайт. Эки күчүк эптеп
Канчайымды бага берет.
Канчайым ушинтип жата берсин, балдардан кабар алалы. Экөө өсүп алтыга
чыгат. Кайберен, кырк чилтен кыздын атын Муңдук, баланын атын Зарлык коет.
Кайберен, кырк чилтен, эне бетин көргөн жок деп Муңдукка алтымыш
өрмөктүн башын үйрөтөт. Ата бетин көргөн жок деп, Зарлыкка алтымыш эрдин
күчүн берет.
Бир күнү Жанчаркан аң уулап жүрүп, таштын үстүндө уктап жаткан алтын
айдарлуу балаңы көрүп калды. Кармай калайын десе, канды бута атым ыргытып
жиберип, Зарлык өзү качып кетти.
Кан үйүнө келип:
«Тоого да бердиң баланы
Ташка да бердиң баланы,
Менден эмне аядың,
Бир перзенттей паананы»
деп ыйлап жатып калды.
Алтымыш аял мастан кемпирди канга жиберет. Мастан кандын өзүнөн ошол
бала Канчайымдыкы экенин түшүндү да, Жанчарканды жооткотуп коюп, эртеси
жолго чыкты. Кан айткан жерге болжолдоп келсе, ай десе аркы жок, күн десе
көркү жок бир кыз чачын тарап олтурат. Кемпирди көрүп, үңкүргө кире качат.
Кемпир кызды алдай баштады: «Мен силерди багып чоңойткон кайберенмин,
агаң келсе айтып кой. Ушул тоонун ары жагында Күлбөскан деген кандын
Королой сулуу деген кызы, Күлсары деген аты бар. Эчен түрлүү кийим бар. Ошол
Жакка барып, Күлсары атты алып, кызына үйлөнүп, сага кийим алып келбейби?»
дейт. Кечке маал аркар атып Зарлык келет. Кемпирдин үйрөткөнүн айтып, кыз
ыйлай баштады. Зарлык кийик атып келип, кызга азык калтырып, Күлбөскандын
шаарына жөнөйт:
Муңдуунун үнү муңайым,
Муңдуу кылды кудайым.
Жүкүрлүү тоодо суу чайып,
Жүрөктө муңу чырмалып,
Издеди калмак элинен
Королой сулуу бир зайып
Ит ичпеген ачуу көл
Татып кетип баратат.
Какыраган кара таш
Басып кетип баратат.
Моюл-моюл моюлду,
Моюлду баскан баатырдын
Буту кантип оюлду...
Бала чарчап, бир жерге келип жатып калат. Түшүндө кайберен Күлбөскандын
шаарына жеткизип койгон болот. Көзүн ачса, бир асканын башында олтурат.
Тоодон ылдый түшүп келе жатса, астынан кырк жигити менен Күлбөскан
жолугат, Зарлык алдынан тосуп чыгып:
Көлдөн тартар курукмун
Куландан тартар бурукмун.
Ассалоом алейкум, каным,
Атыңды сурап турупмун!
дейт. Өмүр бою күлбөгөн Көлбөскан бырс күлүп жиберет, бастырып өтүп кетет.
Мындай чыкканда кырк жигити вазирлери менен «өмүр бою күлбөгөн, каным,
ушул жаман баланын сөзүнө эмнеге күлдүңүз? деп сыр сурайт.
Кан: «Бул бала жөн бала эмес, касиеттүү бала, атасы жети атасынан бери кан
өткөн, ушундай тектүү жердин баласы, тентиреп калганына күлкүм келип жатат.
Атасынын акылсыздыгына боорум ачып жатат» дейт. Кандан жооп ала албай ыза
болгон бала, чатак кыла баштады.
Зарлык Набайчыдан нан жеп, пулун бербейт. Ашпосчунун ашын ичип, акчасын
төлөбөйт. Бул кабар бат эле Күлбөсканга жетти. Күлбөскан вазирлерин жиберип,
баланы алдырып, оюн-тамаша кылдырып кызы Королой сулууну бермекчи
болот. Той тамашасы бүтүп, кызды жөнөткөнү жаткан кезде, Кара дөө келип,
кызды ала качып кетет экен. Зарлык кырк кулач аркан алып, Күлсары атын
минип артынан жөнөйт. Беш күнчүлүк жол жүргөндө алдынан көчүп жаткан тоо
көрүнөт. Тоо деп барса, дөөнүн үйү экен.
Королой сулуу Зарлыкты көрүп: «Сенин алың жетпейт, сени өлтүрүп коет,
андан көрө кет» деди. Зарлык кыздын сөзүнө ызаланып чокморуна ала коюп,
Кара дөөнү башка чапса, чымын чаккандай көргөн жок. Королойго: «Мени чымын
чагып жатат окшойт коруп койчу» дейт.
Зарлык минтип өлтүрө албастыгына көзү жетип, кырк кулач арканды
мойнуна салып, Күлсары менен сүйрөтүп чыгат.
Өйдө-төмөн жел келсе,
Ырылдатып баратат.
Дөбөт иттей ырсайып
Дырылдатып баратат.
Ошентип, беш күн, беш түн Кара дөөнү сүйрөтүп жүрөт. Ат да бала да чарчайт.
Ошондо:
Кайда кетти салмагым?
Бир тырмактай баланы
Токтото албай барамын,
Ичиме кетти арманым деп,
дөө арманын айтат экен.
Бала кылчайып дөөнү караса, Кара дөөнүн сөөгү гана калыптыр. «Эми ушуну
менен кармашсам да жеңемин го» деп, аттан түшө калат. Экөө беш күн, беш түн
кармашат. Баланын алы кетип, жыгылмакчы болгондо, кайберен дагы алтымыш
алптын күчүн кошот. Кара дөө жеңилет. Зарлык Королойду алып, кайра
кайнатасыныкына келди. Күлбөскан чоң той берип, шаан-шөкөттө жатканда
Зарлыктын түшүнө карындашы кирип:
Аба, ит ичпеген ачуу көл,
Аны басып өткөндө,
Мен эсиңе келбедим.
Королой сулуу алганда,
Анда эсиңе келбедим.
Кара дөө менен кармаштың
Мында оюңа албадың, — деп
ырдайт экен. Зарлык эртеси канга барып, «элиме кетем» деди. Кан макул болуп,
он беш кул, он беш күн, алты вазир берип, кызы менен күйөөсүн элине жөнөттү.
Эчен күн, эчен түн жол басып олтуруп, Зарлык карындашын таштап кеткен
үңкүргө жакындайт. Ошондо бала: «Карындашым энеден туума жылаңач эле,
жеңеге жеңил баа болбосун, эртерээк барып, кийим кийгизип, жеңесин
тостурайын» деп алдыга кетиптир. Келсе үңкүрдө карындашы жок. Баланын эси
чыгып, бул тоону, ал тоону заматта арытат. Көрсө, карындашы мастандан коркуп,
экинчи тоого чыгып кеткен экен. Кийимин кийгизип, экөө Королой сулуунун
алдынан чыкты. Ошону менен үчөө тоону жердеп жатып калат.
Эртеси Жанчаркан алтымыш вазири менен ууга барыптыр. Бир жерге келсе,
алтымыш кийик алдынан чыгат экен. Жанчаркан: «Алтымышын тең атып
бересиңер, тетиги алтын баштуу кийикти ким качырса башын алам» деди.
Ошондо алтымыш вазир кийиктерди курчап калат. Алтын баштуу кийик ары
жүгүрүп, бери жүгүрүп акырында кандын башынан аттай качат. Кан артынан
кубалап жөнөйт. Кийик артын улам кылчактап олтуруп, канды жолдошторунан
адаштырат экен. Эки үч кырды эңкейгенде кийик кубулуп тура калды да, мындай
деди: «Кан, мен сенин балдарыңды аман-эсен чоңойткон кайберенмин, тетиги
үңкүргө кирсең, сенин балдарыңдын жайы ошол». Алиги кайберен ушул сөздү
айтып, ошо замат көздөн кайым болду. Аңгыча дүбүрттү угуп, үңкүрдөн бала
чыга калат экен. Экөө таанышып, кучакташып көрүштү, «Кызымды көрөйүн» деп
башбакса, кызы ыйлап үңкүрдөн чыкпай коет. «Энемди тапмайынча көзүңдү
көрбөйм» дейт. «Энеге жакын кыз күйөт» деген сөз ушундан калган экен.
Хандын айласы кетип, жигиттерин туш тарапка жиберди.
Ошол күнү Канчайымдын жанындагы бир күчүгүн каман жарадар кылат.
Анын бутун байлап олтурса, экинчи күчүгү башындагы жоолугун ала качып,
чытырман токойду аралап жүгүрөт. Аял артынан жүгүрөт. Аңгыча Жанчаркан
жигиттери менен келип калат. Кан аялын, кызын, уул-келинин алып келип, ак
боз бээ союп, чоң той берди.
Алтымыш катынды алтымыш аттын куйругуна сүйрөтүп өлтүрүп, мастан
кемпирдин кулагын кесип култуйтуп, мурдун кесип мултуйтуп тогуз жолдун
тоомуна илип коет.
АЛТЫН БАЛЫК
Илгери бир чоң шаар болуп, анын Бекжан аттуу каны болуптур.
Шаардын четинен бир чоң дарыя өтчү экен. Дарыянын жээгинде Ысмайыл
аттуу жалгыз уулу бар бир кемпир-чал жашап, жалаң балык кармоо менен
тиричилик кылчу экен. Чал бир күнү дарыяга тор салып, торун тартса
тартылбайт. Күчкө салып жатып тартып алып караса, торуна алтын балык түшүп
калыптыр. «Бул балыкты мен өзүм эле чыгарып алып койсом, кан мени соо
койбойт, ханга кабар кылайын» деп ордону көздөй жүгүрдү.
Ушул мезгилде Ысмайыл атамдын торунан бир кабар алып өтөйүн деп, дарыя
бойлоп торго келет. Торду тартып караса, алтын балык түшүп калыптыр. «Ээ,
жаныбар, атам көп балыктын убалына калды эле, сен, жаныбар, кутулуп кетчи»
деп алтын балыкты бошотуп сууга кое берди да, бир чоң ташты торго салып,
коюп, үйүнө жөнөдү. Ушул мезгилде чал канга барып: «Каным, менин торума жөн
балык түшпөстөн, алтын балык түшүп калыптыр, сизди чыгарып алсын деп
келдим» деп кабар айтат. Хан: «Болуптур» деп он чакты жигити менен алтын
балыкты чыгарып келмек болуп, чалды ээрчитип дарыяга жөнөдү. Дарыяга
жетип, торду тартып караса, балык эмес эле, таш болуп чыкты. Кандын каары
келип: «Ээ, акмак чал, сен кимди алдамакчысың, ташты алтын балык деп канды
убара кылганды сага ким койду бар, үйүңө бара бергин, эртең үй-бүлөөң менен
даргага асып өлтүрөмүн» деп, жигиттерин ээрчитип ордосуна кете бериптир.
Чал үйүнө келип, кемпири менен уулуна: «Бизди кан даргага асып өлтүрмөк
болду. Кудай мени урганда тордогу ташты «алтын балык» деп ханды алдап
коюптурмун» деди. Анда кемпири: «Өлсөк да биз өлөлүк, көрөрүбүздү көрүп,
ичерибизди ичкенбиз, балам, сен качып кутулгун» деп баласынын белине эки нан
түйүп берди. Байкуш кемпир канетсин, ыйлап-сыктап: «Балам жолго чыкканда ар
кандай адамга кез болосуң, жолуккан адамың мейли чоң болсун, мейли кичине
болсун оокаттанып алалы деп белиңдеги нандын бирин чоң, бирин кичине
сындырып алдына кой. Жанагы жолдошуң чоң сыныгын өзү алып, кичине
сыныгын сага калтырса, бул киши менен жолдош болбогун. Эгер кичинесин алып,
чоң сыныгын сага калтырса, аны менен жолдош болгун.
Экинчи бир айтарым: Жолдо жолуккан киши менен бара жатып, чынбы,
жалганбы, «мен бошонуп алайын» деп жолдон чыгып отургун. Эгерде сен
турганга чейин күтүп токтоп турса, аны менен жолдош болгун. Эгер күтпөсө,
жолдош болбо» деп, баласына акыл-насаат айтып коштошуп, жолго чыгарып
коюп кала берди. Ысмайыл бет алган жакка кете берди.
Кан өкүмүн бузуп, чал-кемпирди даргага тартпай бошотуп жиберет. Чал
кемпир Ысмайылды издеп таппай калышты. Ысмайыл кетип баратса, артынан
бир топ киши келип кошулат. Бала баардыгын сынап көрдү, бирок, энеси айткан
кишини таба албады. Жүрүп отуруп, башка бир кандын шаарына өтүп бара
жатканда өзү курактуу, он алты, он жети жаштагы бир бала жете келип, салам
берди. Ысмайыл алик алып бирге жүрүп отурду. Бир убакта «оокаттанып алалы»
деп белиндеги нанын чечип, экиге бөлүп, алдына койду эле, тиги бала чоңун
анын алдына жылдырып, кичинесин өзү алып жеди. Бала: «Энем айткан
жолдошту эми таптым го» деп, ойлоду, бирок, дагы сынамакчы болуп, жолдон
чыгып алып калп эле «бошонуп алайын» деп отуруп калды. Бир топ убакыт
өткөндөн кийин артына караса, баягы бала дагы эле күтүп отуруптур. Энемдин
айткан кишиси «ушул экен» деп, Ысмайыл жолдошуна келип «кеттик» деп жолго
түшүштү. Жолдо артынан келген бала: «Атың ким, жашың канчада?» деп сурады.
«Атым — Ысмайыл, жашым он жетиде» деди. Ысмайыл: «Сенин атың ким, жашың
канчада?» деп сурады эле алиги бала: «Атым — Ысрайыл, он алтыдамын, сиз мага
ага болот экенсиз, мени иним деп жүрүңүз» деди.
Экөө жүрүп отуруп, бир кандын шаарына барышты. Базар аралап жүрүшсө,
бир топ көпкөн балдар: «Ээ самтыраган байкуштар, ушулар да жашадым деп
жүрөт ээ» деп боорун тырмап шылдыңдап күлүштү. Ысрайылдын ачуусу келип,
биринин бутун, экинчисинин колун жулуп биринин башын кандап, дагы биринин
көзүн чыгара чаап, базардан кетип калышты. Баягылардын кырк чактысы
чогулуп: «Эки баланын кылганы ушул болду» деп канга арызданып барышты.
«Тынч жаткан шаардын тынчын бузган кандай немелер» деп кандын ачуусу
келип, бир вазирине он жигитти кошуп, «ошол эки баланы таап келгиле» деди.
Алар издеп келип, эки баланы жуунуп жаткан жеринен табышат. Базир: «Бери
келгиле» деди эле, тиги экөө: «Биз барбайбыз, өзүңөр келгиле» деп болбой
коюшту. Вазирдин ачуусу келип: «байлагыла» деп жигиттерине буйрук берди. Он
жигит аттарынан шатыр-шутур түшө калып, эки баланы карай жөнөгөндө:
«Жакын келбегиле, келсеңер башыңар кесилет» деп Ысрайыл ордунан тура
калды.
Ага болбой он жигит тиги экөөнү байламакчы болгондо, Ысрайыл бир нерсени
кончунан сууруп алып тигилерге карап шилтегенде беш-алтоонун башы үзүлүп
түшүп, калгандары канга барышты. «Акылман таксыр ханым, ал эки бала адам
эмес, бир желмогуз көрүнөт. Бир нерсени шилтеди эле, беш-алтообуздун
башыбыз үзүлүп түшүп, калганыбыз зорго качып кутулуп келдик. Буларга башка
бир айла кылбасак, алышып алыбыз, күрөшүп күчүбүз жетпей турган көрүнөт»
дешти. Анда хан каарына алып: «Эки баладан качып келдик дегенден уялсаңар
боло, акылсыз акмактар! Бардык кошунду алып барып, колу-бутун байлап
келгиле» деди. Анда акылман вазир: «Таксыр ханым, бул балдардын бизге
жардамы тийчүдөй. Андан көрө буларга жакшы айтып алып келели да, өзүбүзгө
эл кылып алалы» деди. Хан: «Андай болсо өзүң бил» деп, акылманга макулдугун
берет. Акылман эки атты жасалгалап тиги экөөнө барды да: «Сиздерди хан
мейманга чакырып жатат, сүйлөшөйүн дейт» деди. Ысмайыл менен Ысрайыл:
«Макул, барсак баралы» деди. Бирок аны ат көтөрө албай, бели сынып калды.
Анда акылман: «Ой тобо, бул кандай укмуш. Өздөрү кичине эмелер эле!» деп таң
калып: «Сиздер токтоп туруңуздар» деп «чү» койгон бойдон ханга келди: «Ой,
ханым, укмуштун үстүнө укмуш болуп, эки баланы ат көтөрө албай койду, эми
кандай кылабыз?» деди.
Анда хан: «Кырк ат кошулган арабаны алып баргыла» дейт. Акылман кырк ат
кошулган арабаны алып барып, алыстан таазим этип, жүгүнүп: «Түшүңүздөр,
мырза жигиттер, отуруңуздар» деп отургузуп алып, кырк атты «чү» дегенде, кырк
ат алка-шалка терге түшүп араңдан зорго арабаны сүйрөп, хандын ордосуна
келишти.
Аттарынын түрүн көргөндө хандын үрөйү учуп, тактысынан түшүп эки колун
көкүрөгүнө алып, эки бала менен көрүшүп, гүл багынын ичиндеги
мейманканасынын ичине алып барып киргизди. Кан өз колунан даам сунуп, тиги
экөөнү аябай сыйлап отуруп: «Он жигит отунчуңар, он жигит оюнчуңар болсун,
гүл бак сейилге чыгып эс ала турган жайыңар болсун, ичкен-жегениңерден кам
санабай, эс алып жата бергиле» деди.
Айдан ай, күндөн күн өттү, эки жигит сайрандап жата берди. Күндөрдүн
биринде кандын ордосуна тополоң түшүп, ызы-чуу болуп калды. Бул: «Кандай
окуя, барып билип келчи» деп Ысрайыл вазирди жиберди. Акылман барып көрүп
келип: «Ээ улугум, иш чатак. Тетиги тоонун нар жагында көп замандан бери бир
ажыдаар жашайт. Ошол ажыдаарга жыл сайын бир кой, бир кыз салык төлөп
турчу элек. Айдан ай, жылдан жыл өтүп отуруп, бүгүн кезек биздин каныбызга
келиптир. Кан жалгыз кызы Гүлжамалды ажыдаарга алып барып бергени жатат.
Ошондуктан, бүткүл кандын ордосу ызы-чуу түшүп, ыйлап-сыктап бүлүнгөнү
ошол» деди. Анда Ысрайыл: «Каныңызга барып айтыңыз, кыздын ордуна экөөбүз
баралы» деди. Акылман барып канга айтты эле, ал сүйүнүп: «Эгерде колдорунан
келип, ошол ажыдаарды өлтүрүп берсе кимиси болсо да Гүлжамалды берер элем»
деди. «Андай болсо биз кеттик» деп эки бала жолго чыкты. Кан «жарым күн болсо
да Гүлжамалдын жаны калды» деп сүйүнүп турат. Экөө жүрүп отурушуп тоонун
түбүнө келишти.
Ошондо Ысрайыл: «Биринчи мен барайын, сен тирүү кал» деди. «Жок, мен
барайын, сен тирүү кал» деп Ысмайыл болбоду. Экөө жол талашып, биринчи
Ысрайыл бармак болду да: «Мен тоонун башына чыгып көрүнөөрүмдө ажыдаар
бир чыңырып оп тартат, оозунан жалын чыгып, тоону каптап кетет. Ошондо мен
да бакырам. Ажыдаар экинчи бакырат. Мен экинчи бакырам. Ошол кезде чыгып
баргын. Эгер экинчи бакырбасам, менин өлгөнүм. Анда барбагын, кайта элиңе
кеткин» деп ажыдаарга бет алып жөнөп калды.
Тоонун башына чыкканда ажыдаар бир чаңырды эле, тоону жалын каптады.
Ажыдаар дагы бир чаңырганда таштар кулап, жер титиреди. Бирок Ысрайыл
экинчи жолу бакыра алган жок. Аны угуп көрүп турган Ысмайыл: «Ысрайыл өлдү,
ажыдаар жутуп койду» деп ойлоп, ал өлгөндө мен калып, не кылмак элем? Мен да
барып кошо өлөйүн» деп тоонун башына чыгып барса, тоодой болгон ажыдаар
эки бөлүнүп, куйругунан арыктагы суудай бөлүнүп кан агып жатат. Ажыдаардын
куйругунун алдында басылып, колуна кырк кес кылыч кармаган Ысрайыл өлүп
жатыптыр. Ысмайыл ыйлап-сыктап Ысрайылды чоң суунун боюна көтөрүп
барып, үстү-башын жууп, сууга алып жатканда үч жолу чүчкүрүп, көзүн ачып:
«Өлбөсөм сенин да ишиңе жарармын, ыракмат досум» деп тура калды.
Экөө канга көрсөтмөк болуп, ажыдаардын бир кулагын кесип алып, араңдан
зорго сүйрөшүп, кандын ордосуна келишти. Кан менен вазирин чакырып:
«Ажыдаарды өлтүрүп, кулагын сүйрөй келдик» дешти. Кан уккан кулагына
ишенбей, кырк жигитин чакырып: «Ажыдаардын өлгөнү чынбы, же калппы
барып билип келгиле, эгер өлбөсө, кыркың тең ошол жакта өлүп калгыла» деди.
Кырк жигиттин жандары чыгып, тоонун түбүнө келишти да: «Адегенде сен бар,
мен бар» болуп, бир топко кажылдашты. Акырында арасындагы бир эр жүрөк
баатыр атынын куйругун шарт түйүп, басмайылын бек тартып кылычын колуна
туура кармап: «Эгер мен кайтпасам, силер кайтып кете бергиле» деп
жолдошторуна керээзин айтып, кайрат кылып тоонун башына чыгып барса,
ажыдаар эки тоодой болуп экиге бөлүнүп өлүп жаткан экен. Анан баатыр жигит:
«Ой, келе бергиле, ажыдаар өлүп калыптыр» деп кабар берди эле, калгандары
чыгып барып, өлүп жаткан ажыдаарды көрүшүп, кудайлап жакаларын кармашты.
«Кан ишенбей дагы убара кылат» деп дагы бир кулагын кесишип, кырк атка
сүйрөтүп араң ордого жеткизишти. Кан эми чындап ишенип: «Мен Гүлжамалды
ушул эки жигитке бердим» деди. Биринчи ажыдаардын өлгөнүнө, экинчи
кызынын аман калганына кан кырк күн той берди. Кандын эл-журту сүйүндү.
Той узагандан кийин кан бир күнү эки жигиттин алдына келип: «Гүлжамалды
кимиң алсаң, ошонуң ал» деп шаштырып калды. Ысмайыл Ысрайылды:
«Сен ал» деди. Ысрайыл: «Жок, менден улуусуң сен ал, мен ыраазымын» деди.
«Болуптур, андай болсо мен алайын» деп Ысмайыл макул болду. Кан кырк күн
той берип, улак чаптырып жатып, Гүлжамалды Ысмайылга нике кыйды.
Ысмайыл жаш аялы менен сүт көл, май көлдүн ортосунда заңгыраган ак өргөө
тигип, кырк кыз, кырк жигит жумшап, эчтемени ойлобой жатып калды. Ошентип
арадан бир канча айлар өттү. Гүлжамалдын жамалына мас болуп, Ысрайылды
эсинен чыгарып жиберди.
Күндөрдүн биринде Ысрайыл: «Бул Ысмайыл агам өз эл-журтун кала берсе
мени да эсинен чыгарып, кандын дүнүйөсүнө, Гүлжамалдын жамалына мас болуп
жатып алганы кандай? » деп ойлоду да, мен мунун эсине салбасам болбойт деп,
көчөгө чыкты. Аңгыча үймө-үй кыдырып келе жаткан дубананы көрдү. Ысрайыл
кандын казынасынан бир табак дилде, бир сыйра жаңы кийим алып чыгып,
дубанага берди да, кийимдерин чечтирип алып өзүн жолго салды.
Ысрайыл бул дубананын кийимин кийип, таягын алып, куржунун асынып,
Гүлжамал менен Ысмайыл жаткан өргөөнүн жанына барып: «Ата-энесин,
эли-журтун унутуп, башка элге келип жашап жүргөн адамдар араңарда барбы, бар
болсо, аны ары наадан, ары жаман деп билгиле» деп көпкө ак урду. Ысмайыл
балким дубананын сөзүнө көңүл бөлбөйт беле. Гүлжамал дароо сезе коюп: «Эй,
Ысмайыл, мына бул дубана туура айтып жатат. Сенин да ата-энең, эли журтуң бар
болсо керек. Эгер болсо, өз элибизге кетелик. Бирөөнүн эли эл болбойт, жери жер
болбойт» деди. Ысмайыл ойлонуп туруп: «Анда мейли, кетсе кетелик» дептир.
Гүлжамал акылман вазирди чакыртып, «Атама барып айтыңыз, Ысмайыл
ата-энесине, эл-журтуна кетем деп уруксат сурап жатат, атама эп келсе бизди
тезирээк жөнөтсүн» деди. Акылман канга барып айтты эле: «Мейли, кетсе кетсин.
Уйдан миң, койдон миң, жылкыдан миң, төөдөн миң ак баш беремин, миң
жигитти алсын» деди. Ошентип, Ысмайыл менен Гүлжамал жөнөмөк болуп
камынып калды. Кан төрт түлүк малын айдатып, миң жигитке баштатып,
кыз-күйөөсүн жолго чыгарды.
Бирок Ысмайыл Ысрайылды оюнан чыгарып жиберет. Эки-үч күн өткөндөн
кийин Ысмайыл бир күлүктү минип, бир күлүктү жетелеп артынан жете барды.
Алар андан ары жүрүп отуруп, ээн талаа, эрме чөлдөгү бир жалгыз түп чынар
терекке кез келишти.
Теректин түбүнөн кичине булак суу ага турган. Ошондуктан ушул жерде бир-эки
күн ат тыныктырып, кошун эс алдырып жатмак болушту. Үй тиктирип, Гүлжамал
менен Ысмайыл уктап калышты. Ысрайыл уктабастан карап жатса, чынар
теректин шагына жети кара кептер келип конду. Булар ажыдаардын арбактары
экен. Аңгыча адамча сүйлөп: «Ысмайыл менен Гүлжамал ушул үйдө уктап
жатышат. Кептердин тумшугу тийсе ууланып өлөт. Муну ким «угуп туруп» айтса,
таш болуп калат» деди. Анда бирөө: «Мен барып уулантып келейин» деп дыр учуп
түштү. Муну угуп көрүп турган Ысрайыл жүгүрүп үйгө кирсе, Гүлжамалдын
бетине кептердин тумшугу жаңы гана тийген экен. «Денесине тарап кетпесин»
деп, ууну соруп жатканда, Ысмайыл ойгонуп калып: «Ой, сен эмне менин
катынымды өөп жатасың?» деп, чатак чыгарды. «Башында эле өзүң ал десе,
болбой жатып алып бердиң эле, эми кылган ишиң бул!» деди. Ысрайыл аныгын
айтайын десе, таш болуп калат, айтпайын десе Ысмайыл таарынып жатат. Акыры
айласы кеткенден кийин айтмакчы болот. Жарымын айтканда белине чейин, бүт
айтканда бүтүндөй таш болуп да калды.
Ысмайыл менен Гүлжамал ыйлап-ыйлап, эч натыйжа чыгара алышпады.
Ошондо Гүлжамал: «Токто мен ак тулпарды минип, кептерге жетейин. Эгер
кептерлерден колума түшсө, каны менен Ысрайылды жуунтайын айыкса ошондо
айыгат» деп ак тулпарды минип кууп жөнөйт. Ак тулпар күнчүлүк жолду бир
саатта басып жетти. Аңгыча алдынан бир кара кептер «дырр» учуп өтүп
караганга конду. Акырын билгизбей туруп кармап алды да, койнуна салып, бир
аш бышкыча кайта келди. Дароо кептерди союп, каны менен Ысрайылдын башын
жууп жиберди эле, үч чүчкүрүнүп кайта мурунку калыбына келди. «Кана эми
камынгыла» деп, Ысрайыл жол баштап жөнөп калышты.
Ысмайылдын ата-энеси жашаган шаарга жакын келгенде бир жигитин:
«Барып Бекжан ханга айткын: же кандыкты берсин, же бери чыгып согушсун.
Ысмайыл, Ысрайыл деген жоо келди «дегин», деп, элчи кылып жиберди. Аны угуп
Бекжан хандын ачуусу келип вазирлерин чакырып: «Бардык колду баштап барып
согуш ачкыла, көпкөн немелерди жер менен жексен кылгыла» деп буйрук берди.
Миңден ашык аскер жарак-жабдыгы менен согуш майданына барса, бир жалгыз
аттуу турат. «Согуша турган ким?», десе, ал жалгыз аттуу: «Мен» деди. Анда кол
башчысы: «Жалгыз адам менен согушуп отурабызбы, байлап туруп, канга алып
барып бергиле» деп буйрук кылды. Жигиттер байлап алмак болуп жабылып
калды эле, Ысрайыл кончунан бир нерсени сууруп ала коюп шилтегенде бир нече
жүздөгөн адамдардын башы жерге түштү. Калгандары качып, Бекжан хандын
ордосуна кирип барышты. Ошондо Бекжан кан тактан түшүп: «Мына, керек болсо
тактыны алсын да, менин жанымды соо койсун» деп, элчи жибергенден кийин,
Ысрайылдар эч чатаксыз гана ордого кирип келип, Ысмайылды такка
отургузушту.
Бир нече күндөн кийин Ысмайыл ата-энесин таап, ордого көчүрүп келди.
Бардыгы жайгашып, көңүлдөрү тынч алгандан кийин Ысрайыл отуруп:
«Ата-энеңди таап, көңүлүң жай таптыбы?» деп сурады эле, Ысмайыл: «Көңүлүм
жай тапты» деди. «Андай болсо бардык дүнүйө-мүлктү дарыянын боюна
топтогун» деди.
«Куп болот» деп, Ысмайыл бардыгын жыйдырып койду. «Бул дүнүйөнү
экөөбүз таптык, ошондуктан тең бөлүп алабыз» деп бардыгын теңме-тең кылып
бөлүп, «нааразылыгың жокпу?» деди. Ысмайыл «жок деди. Анда Гүлжамалды
алып кел. Гүлжамалды да тең бөлүп алабыз» деди. Ысмайыл тең бөлгөндө өлөт,
сен эле ала бер! деп чырылдады. «Жок, мен теңин аламын» деп, «оң жагын
аласыңбы, сол жагын аласыңбы» дегенде, Ысмайыл ойлонуп туруп: «Оң жагын
аламын» деди. «Андай болсо оң колун карма» деп, өзү сол колунан кармап
кончунан баягы кырк кес кылычты сууруп алып: «Мына чаптым» деп,
шилтегенде, Гүлжамал коркуп кетип эси ооп жыгылып калды. Аңгыча
Гүлжамалдын мурдунан чычканга окшогон бир кара нерсе чыга калып качып
берди. Ысрайыл жүгүрүп барып кескилеп өлтүрдү да: «Мына ушул зыяндуу
макулук ажыдаардын чымыны эле, эми Гүлжамал таптаза болду. Элдүү-журттуу
тактуу кан болуп, максат мурасыңа жеттиң. Сенин кылган жакшылыгыңды
актадым. Менин кылган жакшылыгыма сен да ыраазы бол. Мен Ысрайыл эмес,
баягы сен бошоткон алтын балыкмын. Кош, эми аман бол» деп, алтын балык
сууга секирип түшүп, сүзүп кетип калды. Ысмайыл ушунда гана түшүндү...
АКЧҮКӨ МЕНЕН КУУЧҮКӨ
Илгери бир кан болуптур. Ал кандын Акчүкө, Куучүкө деген эки баласы бар
экен. Күндөрдүн биринде кан кырк жигити менен ууга чыгат. Ошол убакта аялы
үйүндө отурса, үйүнүн чамгарагына чабалекей уя жасап, балапандарын чыгарат
экен. Чабалекей балдарына жем издеп кетсе, башка бир чабалекей келип, ал
чабалекейдин балдарынын башын үзүп кетет. Аны кандын аялы көрүп: «Эгерде
биз жок болсок, же өлүп калсак, башка дагы бирөөлөр биздин балдарды да
ушинтет го» деп капа болуп ыйлап отурса, кан келип, аялына: «Эмне капа болуп
отурасың?» деп сурайт. Аялы: «Биздин үйгө чабалекей уя жасап, балапан чыгарды
эле, ал балапандарды башка дагы бир чабалекей келип өлтүрүп кетти. Кокустан
биз жок болуп калсак биздин балдарды да бирөөлөр ушинтет турбайбы деп
ошого капа болуп отурам» деп, оюндагысын айтат. Анда кан: «Сен андай ойлобо,
эгерде мен өлсөм, сен барсың, сен өлсөң, мен бармын» деп аялынын көңүлүн
жооткотот.
Күндөрдүн биринде кандын аялы өлөт. Кан башка аял алат. Кан дагы эле куш
салып, ит агытып, сейилдикте жүрөт. Кандын аялына бир соодагер: «Сен мага
кандын кушун союп бер, сен экөөбүз башка шаарга кетебиз» дейт. Аял макул
болот да, канга: «Кушуңду таштап эле, ит агытып чыккын» дейт. Кан макул болуп
кушун үйүнө таштап, ит агытып жигиттери менен кетет. Ошол убакта баягы
кандын эки баласы тамак ичкени келсе, өгөй энеси эшикке чыгып келе жаткан
экен. Балдарга: «Ушундай тургула, мен кайра келип тамак берем» дейт да сыртка
чыгып кетет. Балдар энеси кеткенден кийин казанда бир нерсе кайнап жатканын
көрүшөт да, Куучүкө казандын капкагын ача салат. Ачса, куштун эти бышып
калыптыр. Куучүкө бөтөгөнү алып жеп, агасы Акчүкөгө башын берет. Аңгыча
энеси соодагерди ээрчитип келип куштун этин чыгарса, бөтөгө менен башы жок.
Анда соодагер: «Мага артыкча бөтөгөсү менен башы керек болучу» деп, этти
жебей чыр салат. «Бөтөгө жегени кимиси экен, ошону алдап сурап өлтүр, азыр
бөтөгө эрий элек» дейт. Тигилердин сүйлөшкөнүн угушуп балдар качып кетишет.
Жүрүп отурушуп, жүрүп отурушуп, «эки адам бир жолго түшүүгө болбойт
деген эки айрылыш жолдогу кара ташты көрүшөт. Балдар жазууну окуп, эмне
кыларын билбей турушат. Бөтөгө жеген Куучүкө алтын түкүрүп калган. Эки
айрылыш жолдун бири «бири барса келгис, бири барса келүүчү жол» эле.
Ошентип эки бир тууган туруп кеңешет да, Куучүкө: «Барса келгис жолго мен
түшөйүн, шилекейимди сатсам да, жан багармын» дейт. Барса келүүчү жолго
Акчүкө түшөт. Акчүкө жүрүп отурса, алыстан чаңдатып келе жаткан көп караан
көрүнөт. Акчүкө чочуп, кокус мага бир зыян кылбасын дейт да, жолдун боюндагы
чолок терекке чыгып отурат. Теректин башында бир куш конуп олтуруптур. Аны
кармап алат. Баягы көп киши келип эле бала отурган теректи кыя башташат.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 17
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.