Latin

Балдар фольклору - 28

Total number of words is 1928
Total number of unique words is 1099
33.8 of words are in the 2000 most common words
46.2 of words are in the 5000 most common words
51.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жөнүндө сабак бергенимде, кулагын шалпайтып өтө кунт коюп уккан эшек болчу.
Апенди үстүнө жаман чапан, бутуна чокой кийип, бай өткөрүп жаткан тойго
барыптыр. Тойдун ээси жасалгалуу үйлөргө жалаң бай, молдо, сопу,
соодагерлерди кийирип, кийими жамандарды эски тамга үстүүстүнө камап жаткан экен. Апендини да бай ошол эски тамдагы опур-топурга
кошот. Табакка чүйгүндөн үйүлгөн даамдуу тамактын баары жасалгалуу жакшы
үйдө отурган байларга тартылып, ал эми жарды кишилерге келген табактан
Апенди да жарытылуу эч нерсеге жетпей калат.
Эртеси Апенди үстүнө чапан, бутуна жылтыраган маасы кийип, башына селде
оронуп, ошол эле тойго дагы келет, байдын жигиттери гана эмес, өзү да муну
абдан урматтап тосуп, жакшы үйдүн төр жагына отургузуп, нечен түркүн даам
менен бирге табакка толгон палоону алдына коюшат.
Апенди үстүндөгү чапанды чечип, анын этегин палоого тыгып:
— Жегин, кадырлуу мейман, же палоону! — дейт.
— Ай, кутурган, Апенди, сага эмне болду? Киши жечү палоону кийип турган
чапаныңа бергениң кандай? — деп бай ачууланат.
— Анын себеби мындай: Кечээ күнү мен жаман чапан жана эски чокой кийип,
эч нерсе жебей калгам. Бүгүн жаңы чапан, жалтырак маасы кийип келсем,
алдымда дүйүм тамактын баары толуп калды. Демек, бул тойдун ээси өзүмдү
эмес, мен кийген кийимди сыйлайт экен.
***
Бир күнү кан кийикке чыкканда, Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
— Оо, Апенди, бүгүн биз менен бирге кийикке жүргүн, — деп Апендини
ээрчитип алды. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак
убакка кийик уулап, кечкежуук үйдү карай кайткан кезде, жаан шатыратып төгүп
жиберди. Беркилердин баарынын аты тың жана жакшы аттар болгондуктан,
чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апенди атын камчыласа эшейип баспай
койду. Эч болбосо шаарга кургак барайын деди да, үстүндөгү кийимдерди бүт
чечип, астына салынып алды. Акыры шаарга жеткенде, аларды кайра кийип,
кандыкына келди. Кан Апендинин кийими бүт кургак экенин көрүп аябай таң
калып:
— Оо, Апенди, биз аттын оозун коё берип туруп, үйгө жеткенче жаанга абдан
суу болдук, а сенин кийимиң купкургак, бул кандай? — деди.
— Каным, мен минген ат анык шумдук экен. Силерден азыраак кала түшүп,
анан шаарды карай сызган бойдон жөнөгөндө, мен муну шамалдан мурда
баратабы деп ойлодум. Шаарга тез эле жетип, жаан басылгандан кийин мында
келдим, — деди.
Кан аң-таң болуп, Апенди минген атты жакшылап бактырып койду.
Бир күнү кан кийикке дагы чыгып, Апендиге бөлөк атты мингизип, дал ошол
кашаң атты өзү минди. Булар кайра кайткан кезде асманды булут каптап, жаан
нөшөрлөтүп куюп жиберди.
Апенди минген атына камчы басып, шаарга кирип кетти. Ал эми канчалык
аракет кылса да, минген аты ордунан жылбай, жолдошторунан капкайда артта
калды. «Бул ат качан учат?» деп ойлоп көпкө күттү. Бирок, аты илкигенден илкип
олтуруп, канды шөмүрөтө суу кылды. Кан шаарга араң жетип үйүнө келсе, Апенди
купкургак гана жыргап отурат.
Кандын кыжыры кайнап:
— Сен мени неге алдадың? Мындан кийин бул адатыңды коюп жүргүн. Мен
сага ишенем деп, кийимим бүт суу болуп, өзүм да үшүп бүттүм, — деди.
Анда Апенди:
— Сен эмнеге ачууланасың? Үстүңдөгү кийимиңди чечип астыңа салып, жаан
басылгандан кийин кайра кийингенди билген жоксуңбу? — деди.
Бир күнү Апенди жалгыз казын союп, казанга салып бышырды да, канга
берейин деп, аны колтугуна кысып, жолго түштү. Баратканда курсагы ачып,
каздын бир санын жеп койду.
Апенди алып келген казды көрүп кан:
— Ой, Апенди, бул каздын бир саны кана? — деп сурады.
— Оо, каным, быйылкы жылы канча каз болсо, ошонун баарынын бирден гана
буту бар, ишенбесең өз корооңдогу каздарды кара, — деди Апенди.
Кандын короосунда жоон топ каз бар эле, жаандан кийин алардын баары бир
бутун көтөрүп турган экен.
Кан өз жигитине:
— Мына бул каздарды таяк менен ургулап куугун, — деди.
Жигит барып, таяк менен урганда, каздар кош аяктап кача баштады.
— Сен калп айтыпсың, Апенди. Тигилер эки буттуу турбайбы, деди кан, качып
бараткан каздарды көрсөтүп.
— Эгер ушул таяк менен ургуласа, сен эки эмес, төрт аяктап секирер элең, —
деп Апенди канды сөзгө жыкты.
***
Апендинин короосундагы жемиш бактарынын ичинде эрте быша турган
шабдаалысы бар экен. Күндөрдүн биринде Апенди андан сапсары болуп бышып
калган үч шабдаалыны көрдү. Үчөөнү тең үзүп жайпак табакка салып, кандын
үйүн карай жөнөдү. Жайпак табакта шабдаалылар ары-бери томолонуп,
бирине-бири тие баштаганда Апенди:
— Тентек кылбагыла, жемиштер, болбосо силерди оозума салып жеп коюп
жаштайыңарда соолтом, — деди.
Үч шабдаалы аны укпастан дагы эле кагылыша берди.
— Булар бирге турса, тентектигин койбойт экен, — деп Апенди шабдаалынын
экөөн жеп алып, бирин канга алып келди.
Кан шабдаалыны жегенден кийин Апендиге чоң ыракмат айтты.
Канга бериш үчүн Апенди дагы бир күнү жаңгак алып бара жатты. Жолдон
бир киши жолугуп:
— Кайда жөнөдүңүз, Апенди? — деп сурады.
— Канга жаңгак алып баратам.
— Жок, сиз жаңгакты коюңуз, андан көрө кандын абдан жакшы көргөн тамагы
— мейизди алып барыңыз, — деди ал киши.
Апенди анын тили менен жаңгакты таштап, канга мейиз алып барды.
Бирок кан мейизди эң жаман көрчү экен.
— Мындан кийин Апенди мейиз көтөрүп келгенин койсун. Аны ошол өз
мейизи менен аябай ургула, — деп кан жигиттерине буйрук берди.
Жигиттери ура баштаганда, Апенди өзүнө мейиз тийген сайын:
— Каным, мунуңузга чоң ыракмат! — деп улам ыраазы болуп турду.
— Эй, Апенди, сени бул жерде сабап жатышса, сен ага кайгырмак түгүл, кайра
ыракмат айтканың кандай? — деди ошол жердеги кишилердин бири.
Анда Апенди:
— Ээ, тууган, ар ким өз айыбын өзү билет. Булар мени жаңгак менен сабай
турган жөнү бар эле, бирок минтип кудай колдоп, жупжумшак мейиз менен сабап
жатышпайбы. Мен ошон үчүн ыракмат айтып жатам.
— Эмне дейсиң? — деп сурай калды кан.
— Мен мында жаңгак алып келе жаткам. Жолдо бир киши жолугуп: жаңгакты
коюп, мейиз алып бар деди. Эгер мында мен жаңгакты көтөрүп келсем, башыма
катуу тиймек экен. Мейизди ушунчалык жумшак жаратканы үчүн кудайга миң
ыракмат, — деп Апенди чыгып кетти.
АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРҮ
Саяпкер
Ак олпок
Көөрчөк
— күлүк таптаган киши.
— жоо кийими.
— эчкинин, койдун сүтүн кымыз же айран менен ачытып
жасаган суусундук, тамак.
Аят
— курандагы сөз, сүрө (изречение).
Нез кара
— жалдырап, эси ооп, таң калып ж. б.
Марча
— туздуу жер, шор.
Отоло
— жер которуу.
Жин
— ичтеги (ичеги-карындагы) бок-жин.
Бордонду — тойду, семирди.
Малма
— тери ийлегенде керектелүүчү ачыткы.
Кандагай — тоо эчкинин терисинен тигилген шым.
Мамы
— мында тосмо үчүн орнотулган казыкты айтып жатат.
Айырмач — балдарга ылайыкталган ээр.
Дигер шам — көз байланган учур, күүгүм.
Мүнүшкөр — куш таптаган киши.
Киш тон
— Суусардын (соболь) терисинен жасалган тон.
Курмушу — эски кийизден жасалган белбоо, кур жөнүндө айтылат.
Көөрүк
— темир устанын териден жасалган (от үйлөгөн) буюму.
(көрүк)
Тулуп
— териден жасалган баштык.
Чексе
— салмак бирдиги.1 чексе 5—6 кг. чамасында болот.
Үшүнөн
— эсинен танып деген мааниде.
Жүздүк
— шакек.
Жантак
— төө жей турган тикенектүү өсүмдүк.
Кучкач
— канаттуунун аты.
Кестик
— бычак.
Сабын
— канына калба, убалына калба деген мааниде.
(забын)
Киш
— суусар тебетей, тумак.
телпек
Сетер
— жүдөгөн, араң кыймылдаган.
Текөөр
— алгыр куштун курч тырмагы.
Обозгер
— вазир.
Жамбы
— алтын, күмүштөн эритилип жасалган ар түрдүү формадагы
жана салмактагы эритме (слитка).
Кесек
— ылайдан тоголоктоп кургатылат. Дубал тургузганда
колдонулат.
Саятчы
— тор жайып куш күйгөн, куш кармаган киши.
Намыр
— буйрук, өкүм деген мааниде.
Куптан
— 1) беш убак намаздын акыркысы. 2) күн баткандан
кийин 2—3 саат өткөн убак.
Сарпай
Жуук
Кадак
Палан
Бакырыңа
Телиген
Сан, сан миң
Намаз шам
1) беш убак намаздын төртүнчүсү. 2) күн баткан
мезгил.
1) пендеңе. 2) кембагал киши.
өзүнүн эмес, башканын баласын эмизген.
эсепсиз, сандаган көп.
кийит.
жакын.
салмак бирдиги, фунт.
балан, түкүн.
ТҮШҮНҮКТӨР
Балдар ырлары.
Бешик ыры. — Кыргыз Илимдер Улуттук Академиясы, Манастаануу жана
көркөм маданияттын улуттук борборунун Кол жазмалар фондусу. Инв. 247.
Бешик ыры
Сал билек
Айланайын ай сары. М. Богданованын «Кыргыз фольклору» деген кол
жазмасы. Инв. 1292, 1808.
Уул баланы терметкенде.
Кыз баланы терметкенде. С. Токторбаев. Өспүрүмдөр оюндары. Б. 1991.
Чымчыкей, Манжалардын кеңеши, Ак терек, көк терек, Чикилдек оюну, таш
мелжөө, Так теке, Коен томук тутуу, Ууруга, Соргокко, Качаакка, Чалайга,
Бечелбай, Бечелбайга. Кыргыздар. Түзгөн К. Жусупов, IV том. Б. 1997. 419-421-6.,
428-429-6.
Каак-каак каргалар, Каркыра, Жүн таптым, Үркөр, үркөр топ жылдыз.
Торпогум, Торпогум, Турумтай Кырмычык, Мышык, Баштыгым, Тайлак, Биздин
кой, Төл, Чүкө, Улар, Тарагым, Көпөлөк, Торпогум, Кайырмак, Улагым, Төл,
Жээрде тай, — Ы. Абдрахманов жыйнаган материалдар. Инв. 1808. жана 223, 224,
335, 408.
Балдар ыры. 1949-жылы Тянь-Шандан жыйналган. Инв. 207.
Кара улак. 1949-жылы Тянь-Шандан жыйналган. Инв. 209.
Кулкуну жаман кулалы. М. Мураталиев жыйнаган материалдардан. Инв. 544.
Кырк биринчи жылында. 1941-жылы Чаткал районунан М. Мураталиев
тарабынан жыйналган фольклордук материалдардан алынды. Инв. 187.
Аскердеги агайыма. Бул ыр 1949-жылы Ысык-Көлдөн Исраилов Сыдыкбек
тарабынан жыйналган. Инв. 210. № 1 дептер.
Баатыр бол, Тогузунчу май, Агайыма, Аскердеги агама, Баатырларга ырахмат.
1949-жылы Ы. Жакыпов баштаган фольклордук экспедиция тарабынан
Тянь-Шандан жыйналган. Инв. 209.
Уулума кат. 1947-жылы М. Мураталиев жыйнаган. Инв. 186.
Фронттогу агайларга. 1947-жылы Чаткал районунан М. Мураталиев жыйнаган.
Инв. 187.
Мен жаш тилек, 1949-жылы Тянь-Шандан жыйналган. Инв. 207.
Акыйлар. Инв. 444, 78, 542, 1292.
Жаңылмачтар. Инв. 1292, 53, 43, 56, 241, 448.
Табышмактар. Инв. 53, 46, 5, 56, 241, 439, 706.
Балдар оюндары. 1947-жылы Чоң-Алай районунан К. Мифтаков жыйнаган.
Инв. 170 жана А. Тыныбеков жазып тапшырган «Кыргыздын улуттук оюндары»
деген кол жазмадан алынды. Инв. 134.
Калптар. Инв. 308, 309, 310, 358, 445, жана «Кыргыздар» IV том. Түзгөн К.
Жусупов. Б. 1997. 424-бет.
Макал-лакаптар. Инв. 34, 53, 65, 197, 285, 302, 361, 362, 437.
Жомоктор.
«Төштүк» 1940-жылы Ы. Абдракманов Ат-Башы районундагы Ак-Талаа
сельсоветиндеги «Жаңы-Күч» колхозунун мүчөсү К. Суранчиев жазып алган. Инв.
101.
«Жоодарбешим» 1940-жылы Ы. Абдракманов Ат-Башы районундагы
«Жаңы-Күч» колхозунда жашаган Суранчиев Калчадан жазып алган. Инв. 101.
«Алназар Бакы» Бул жомокту 1926-жылы Жолдошев Токчоро жазып алган.
Кимден, кайсы жерден жазып алганы белгисиз. Инв. 2.
«Муңдуубай» Бул жомокту 1926-жылы Насирдин Ботой уулу, Өмүраалы Маана
уулу Каракол кантонунан жазып алышкан. Кимден жазып алынганы белгисиз.
Инв. 348.
«Чыныбек» Л. Кошоева жыйнаган. Инв. 348.
«Чынарбай» Инв. 416.
«Жанек мерген» Бул жомок 1950-жылы Кочкор районуна караштуу «Кочкор»
совхозунун мүчөсү Б. Капаровдон жазылып алынган. Инв. 400.
«Сокурбай» Инв. 416.
«Карач баатыр» 1959-жылы Жумгал району, «Чаек» колхозунда туруучу
Шамшиев Алмасбектен жазылып алынган. Инв. 499.
«Кенже бала» 1960-жылы «Ак там» кыштагында жашоочу Сатыбаев
Ашырбектен уулу жазып алган. Фондуга Ош областы, Ала-Бука району, «Колхоз
турмушу» газетасынын адабий кызматкери Калмурат Рыскулов тапшырган.
«Алтын куш» Ж. Бейшекеев иретке келтирген. «Алтын куш» жомогу башка
номердеги материалдардан да жолугат. Инв. 416.
«Көчпөсбайдын баласы» Л. Кошоева жыйнаган. Инв. 348.
«Кемпирдин жети баласы» Ж. Бейшекеев иретке келтирген. Инв. 348.
«Атанын керээзи» 1950-жылы «Ала-Бука району, «Жапасалды» кыштагында
туруучу Эшназаров Усуптан анын баласы Сатар жазып алган. Фондуга К.
Рыскулов тапшырган.
«Жалгыз уул Жанадыл» 1959-жылы Мураталиев Кыдыралыдан жазылып
алынган. Инв. 499.
«Жаннат» 1950-жылы мурунку Тянь-Шань областы, Куланак району, «Эмгек
талаа» жети жылдык мектебинин мугалими Ыдырысов Абылкай, Фондуга
тапшырган. Инв. 400.
«Мадылген сулуу» 1959-жылы Жумгал району, Чаек колхозунда жашап
туруучу Мураталиев Кыдыралыдан фольклордук экспедициянын мүчөлөрү
тарабынан жазылып алынган. Инв. 499.
«Кандын баласы» 1959-жылы Мураталиев Кыдыралыдан жазылып алынган.
Инв. 499.
«Муңдук менен Зарлык» 1963-жылы Тил жана адабият институтунун
Жети-Өгүз районуна уюштурулган фольклордук экспедициянын катышуучулары
С. Байходжоев, С. Закиров, С. Жумадылов, Э. Аманбаев, А. Токомбаевалар «Победа»
колхозунда жашаган Байболотов Дүйшөмбүдөн жазып алышкан. Инв. 150
«Алтын балык» Баткен району, «Бужум» кыштагында туруучу Салиев
Пайзилладан Сабиров жазып алган.
«Акчүкө менен Куучүкө» 1951-жылы Тогуз-Торо районундагы Атай орто
мектебинин окуучусу Сатылганова Күмүштөн жазылып алынган. Инв. 400.
«Өнөрлүү бала» 1950-жылы Кочкор району, «Кочкор» совхозунда жашаган Б.
Капаровдон жазылып алынган. Инв. 400.
«Мендирман» 1966-жылы Тил жана адабият институтунун Калинин районуна
уюштурулган фольклордук экспедициянын катышуучулары: С. Закиров, А.
Токомбаев, П. Ирисов «Кызыл-Дыйкан» айылдык советинде жашаган
Рыскулбеков Бейшебайдан жазып алышкан. Инв. 535.
«Ажыдаар аял» Бул жомок 1969-жылы Ысык-Көл районуна караштуу «Өрүктү»
айылдык советинде жашаган Урдөөлөтов Орозбайдан жазылып алынган.
«Талкамыш» «Ала-Бука» району, «Колхоз турмушу» газетасынын адабий
кызматкери К. Рыскулов 1959-жылы Карл Маркс атындагы орто мектепте тил,
адабият мугалими болуп иштеп жүргөн кезинде «Ала-Бука» району, «Жапасалды»
кыштагында туруучу Эшпазаров Усуптан анын уулу Сатарга жаздырып, фондуга
тапшырган.
«Төргөй». 1922-жылы 25-июлда Молдобасан Мусулманкул уулунан
Нарын-Шоро болушунда Каюм Мифтаков жазып алган. 1925-жылы Ыйманбек
Шамен уулу жыйнаган материалдын арасынан да жолугат. Бирок кайсы жерден,
кимден жазып алгандыгы белгисиз. Инв. 348.
«Абышка менен түлкү». 1922-жылы Нарында Осмонаалы Дордой уулунан
жазылып алынган. Инв. 346.
«Мышык, түлкү, аюу, карышкыр». 1927-жылы Насирдин Ботой уулу жазып
алган. Инв. 7.
«Айбандардын достугу». 1922—23-жылдары жыйналган, кимден жазылганы
белгисиз. Инв. 70.
«Чомөтөй саятчы». Бул жомок Түп районунда жашаган О. Урманбетовдон
жазылып алынган.
«Түлкү, ташбака жана чапкене».
«Кыргый менен үкү». 1927-жылы Насирдин Ботой уулу жазып алган. Инв. 7.
«Дөөтү уста менен ителги». Түп районунда жашаган О. Урмамбетов жазып
тапшырган.
«Түлкүнүн жуучу болушу». 1951-жылы Тянь-Шань өрөөнүнөн Жаманкулова
Таалайкан жазып алган. Инв. 400.
«Акылдуу кыз». Л. Кошоева иретке келтирген. Инв. 348.
«Обозгердин кызы». Бул «Сүйлөбөс кыз» аттуу жомокко жакын,
айырмачылыгы да бар. «Чаек» сельсовети, «Чаек» колхозунда жашап туруучу Т.
Чомбаевден жазылып алынган. Инв. 301.
«Зар менен Мээр». Качан, кайсы жерден жана кимден жазылганы белгисиз.
Инв. 64.
«Жеке таз менен жети таз». Ысмайыл Малыевден жазылып алынган. Инв. 60.
«Сары таз». Б. Кебекова бала кезинде агасы Б. Кебековдон уккан. 1975-жылы
«Кыргыз эл жомоктору» деген жыйнакка чыккан.
«Аккөңүл менен Каракөңүл». Бул жомок «Аксанатай менен Карасанатай» деген
жомоктун варианты. Инв. 180.
«Кыдыр, акыл, ырыс». Борбордун фондусундагы № 180-инвентардан алынды.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.