Latin

Балдар фольклору - 12

Total number of words is 4231
Total number of unique words is 1848
37.6 of words are in the 2000 most common words
51.7 of words are in the 5000 most common words
58.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жөнөтүп жатып: «Жүрүп олтуруп бир узак чөлгө туш келесиңер, анда жалгыз
булак бар, суусасаңар дагы булакка карабай өтүп кеткиле» деп бек эскертип,
батасын берип, узатып жиберди.
Жигиттер бир канчалык күн жүрүп олтуруп, баягы Сокурбай айткан чөлгө
жетишти. Баланын өтүп кетем дегенине кербен башы болбой жатып, булакка
кондурду. Кербендер жүгүн түшүрүп жатканда бир кемпир жыла басып келип
кыңылдаган үнү менен: «Жетим балдарым бар, багар-көрөөрү жок жетиммин.
Ары-бери өткөн, силерге окшогон мырзалардын кайрымы менен эптеп жан
сактап турабыз» деп, ыйламсырап олтура калды. Кербен башы кемпирдин
курсагын тойгузуп, балдарына өрүк-мейиз жана ар түрдүү тамактарды берип
узатып жиберди да, өзү көрүнбөй артынан ээрчип барды. Кемпир үңкүрүнө кирип
беш баласына: «Баягы көзүн мен сокур кылган байдын балдары мына бул
булактын башына келип конушту. Уу талканды жасап ошолорго берейин» деп
балдарына кеңеш салды, балдары макул болду. Кемпир арыдан бери уу талканды
жасап, сарала тулупка салып, үңкүрдүн төбөсүнө илип койду. Кербен башы
болгон жигит кемпирдин тулубуна окшош тулупка талкан салып келип ордуна
илип, кемпирдин тулубун талканы менен уурдап алып кетти.
Эртеси жүк артып жатса, кемпир жанына келип: «Айланайын балдарым,
кечеги силердин жакшылыгыңарды кантип унутайын, менин колуман келгени
ушул, ооз тийип кеткиле» деп колундагы талканын берет. Кербен башы сыр
билгизбей: «Ыракмат, энеке, муну балдарыңыз менен өзүңүз бөлүп жеңиз» деп
уурдап алган талканын өзүнө кайра берди. Кемпир талканын алып барып,
балдары менен чогуу жеп сокур болуп калышты. Артынан аңдып барган кербен
башы жигит булардын баарысын өлтүрүп, үңкүрдүн ичин оодарып, эки жүз
жыйырма төөнүн дүнүйөсүн таап, оозун бекемдеп бекитип коюп, кайра келди.
Алар жүрүп олтуруп беш күнчүлүк жерге келгенде кербенчилердин алдынан
бир адам чыгып: «Бул жерден алысыраак кетпесеңер болбойт, бөөдө өлүм
болосуңар» деп безеленди. Сокурбайдын баласы кетели деп кербен башчыга
жалынды. Кербен башчы анын айтканына болбой, ошол жерге жүктү түшүрүп
кондуруп, эки жагын караса, жакын жерде бир ак өргөө тигилип турганын көрдү,
өргөөгө келсе, бир жак керегесинде кырк кыз, бир жагында кырк кой көгөндө
байланып, төрдүн башында бир сулуу кыз ыйлап олтурат. Кербен башы тиги
кыздан: «Мында эмне кылып олтурасыңар?» деп сурады.
Кыз: «Биздин шаарды ажыдаар сормок болгондо, элибиз кеңешип, жылына
кырк кыз, кырк кой бермек болушкан, убада боюнча бизди ажыдаарга беришти.
Эртең ажыдаар келип сорот. Жаш бала экенсиң, мында турбагын бекер өлүм
болосуң» деп боздоп ыйлады.
«Ажыдаар келгенде кандай түрдүү болуп келет».
«Мурун шамал болуп, андан кийин мөндүр жандырып, заарын чачып, тилин
чыгарып ышкырып келип, бизди сорот» деди. Кербен башчы жигит белин бекем
байлап, таң атканча бутун серппей уктады. Эртеси түшкө чейин ажыдаарды күтүп
олтурду. Түш болгон убакта кыздын айтканындай заарын чачып ышкырып
ажыдаар келди. Башы эшикке кире бергенде кылыч менен башын жара чаап
ажыдаарды өлтүрдү. Кырк кыз менен кырк койду бошотуп, «белги кылып
баргын» деп, кыздын белине ажыдаардын терисин ороп берди. Кырк кыз, кырк
кой аман-эсен шаарга чубап кирип барганда шаардын эли аң-таң калышты,
«кантип аман калдыңар?» деп чурулдап жиберишти.
«Бир жигит ажыдаарды өлтүрүп бизди куткарды» деп, ажыдаардын терисин
көрсөтүштү. Кан ажыдаардын терисин көргөн соң ошол жигитти кайдан болсо
дагы таап келүүгө буйрук кылат. Анткени, кан ажыдаарды өлтүрсө, кызымды
берем деп ант берип койгон экен. Жигит: «Бир жумуш менен шаарга баратат элек,
кайра келе жатканда алармын деп коштошуп жүрүп кетти.
Бир канча күн жол жүрүп араң дегенде бир шаардын четине жетип конушту.
Шаардан бир аял келип: «Жаныңардан аша кечкен адамсыңарбы, бул шаардын
тышынан түнкүсүн кыбыраган жан да. мал да жүрбөйт. Мында жер бетине
атанган жети каракчы бар, береги көрүнүп турган айланасы чоң шаардын баарын
алып бүтүштү. Силерди өлтүрүп коет кеткиле» деди.
«Ал каракчылар кайсы жерде?» деп, жигит сурады эле, аял: «Жаткан жери бул
жерде, жетөөнүн жети чаар аты бар, буларга бүткүл шаардын элинин алы жетпей
койду, күн баткандан тартып эле шаарды кымкуутка түшүрөт» деди.
Кербен башы жигит жети каракчынын үйүнө барып түшүп, атын мамыга
байлап коюп күтүп олтурду. Бир убакта каракчылар келип: «Бул ким, кайдагы өлө
албай жүргөн акмак биздин мамыга атын байлаган, үйдөн чыккын» деп,
ачуулары келип ызырынып, жетөө тең катарлашып эшикте турушту. Кербен
башы жигит: «Мен» деп акырын жай айтып: «Жалгыз каракчы элем, силерге
жолдош болоюн деп келдим, жетөөң бир шаарды ала албай жүрөт деп уктум,
силер үчүн намысыма чыдабай келдим, мен бул жакта отуз эки калааны алып
келе жатамын» деди. Жети каракчы: «Жалгыз эле кандын казынасы калды, бүт
шаарды басып алып болдук» дешти. Сүйлөшүп отуруп: «Бүгүн кандын казынасын
тешели» деп кеңешти. Түн кирген соң кандын казынасын тешишти. Анда кербен
башчы жигит алты каракчынын бирөөнү алып: «Биз экөөбүз эле алып келебиз»
деп, кандын казынасынын ичине кирди да, ээрчите келген каракчыны өлтүрүп:
«Алыбыз келбей жатат, бирөөң батыраак келгиң, үнүңөрдү чыгара көрбөгүлө,
туюп калбасын» деп, экинчисин чакырды. Ошентип, улам бирин чакырып алып
олтуруп, баарын өлтүрүп, жетөөнүн тең кулактарын кесип алды. Жети
каракчынын жети чаар атын тышка айдап чыгып агытып жиберди.
Эртеси бул кабар канга жетти. Кан: «Шаарга бүлүк түшүрүп жүргөн жети
каракчыны өлтүргөн ким болсо да кызымды беремин, алдыма келсин» деп жар
чакыртты. Шаардын эли «Мен өлтүрдүм» деп бара беришти. Кан: «Белгиң кана?»
десе, белги таба албай, уят болуп кайта кете беришти. Эң артында кербен башчы
жигит барып: «Каным, жети каракчыны мен өлтүрдүм» деп, кулактарын
көрсөттү. Кербен башы өлтүргөнүнө кан ишенип: «Кыздарымдын ичинен
көңүлүңө жакканын тандап алгын» деди. Кербен башы жумуштан баратканын
айтып, кайтып келе жатканда алмакчы болуп, шаардан жүрүп кетти.
Кербенчилер бара турган шаарына барып, соода кылып бүткөндөн кийин
кербен башы Сокурбайдын баласынын колуна төрт дилде берип: «Тэтиги
жердеги ээр жасаган устага баргын да ага ушул төрт дилдени берип, «ээр жасап
бер» деп буюргун деди. Сокурбайдын баласы барып устага төрт дилдени берип:
«Бир ээр жасап бересиз» деп буюрду.
Эртеси кербен башы Сокурбайдын баласынын колуна дагы төрт дилде берип:
«Устага барып, жасаган ээрин карап олтуруп: «Мындан дагы жакшыраак жасап
бергин» деди. Уста: «Ээри да курусун, дилдеси да курусун» деп ээр менен дилдени
ыргытып жиберип, капаланып атына минип бастырып кетти. Сокурбайдын
баласы артынан ээрчип жүрө берди. Уста чоң сууну кечип ак өргөөгө түштү.
Артынан барган Сокурбайдын баласы уктабай түн ортосуна чейин олтуруп, түн
ортосу болгондо уктап калды. Көрсө, баягы өргөө кандын кыздарынын ойной
турган үйү экен. Кандын кызы уктап жаткан Сокурбайдын баласын көрүп: «Муну
өлтүрсөмбү?» деп кылычын сууруп, кайра: «Койчу алтын көкүл неме экен» деп
өлтүрбөй, баланын бир жак бетине так салып, таң атканда кетип калды.
Сокурбайдын баласы ойгонсо, күн шашке болуп калыптыр. Тура калса эч нерсе
жок, бала «кербен башчы мени бул жакка алдап жиберип, малды бир жакка алып
кеткени жүргөн экен» деп ачууланып, кайра келди. Кербен башчы баланын түрүн
көрүп: «Сенин малыңды мен албаймын, ал үйгө түн ортосунан кийин кандын
кызы келип ойнойт, мен ошону үчүн жибергенмин, сен уктап калып
билбептирсиң, күзгүгө карачы кандын кызы так салып кетиптир. Бүгүн барып,
таңга маал кыз кетеринде ичигин сурагын, ал берет» деди. Сокурбайдын баласы
кийинки күнү барып олтурса, түн ортосунан кийин кандын кызы келип бала
менен таң атканча ойноп, таң аткан соң кетмекчи болду. Бала кандын кызынын
ичигин сурады. Кыз ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп ичигин берди.
Ичикти алып бала кербен башчыга келди. Кербен башчы кыздын ичигин кийип,
кандын үйүнө конок болуп келип олтурду.
Аялы канга карап: «Бул конок кийип олтурган ичик биздин кызыбыздын
ичиги экен» дейт. Кан абайлап карап: «Менин кызымдын ичиги экен, кайдан
алдыңыз?» деди. Жигит: «Сиздин кызыңыздыкы эмес» деди. Кан: «Жок менин
кызымдыкы экен» деди. Жигит: «Туура айткан болсоңуз ичигиңизди алыңыз,
башка болуп калса эмне бересиз?» деди. «Жаңылсам кызымды берейин» деп
убада кылды. Жигит баягы кемпирдин дүнүйөсүнөн кандын кызынын ичигине
окшош кырк кызыл ичикти алып келип, ага кыздын ичигин кошуп, кырк бир
ичикти: «Кызыңыздын ичигин таанып алыңыз» деп, кандын алдына тартты. Кан
ичикти тааныбай койгон соң, убадасы менен кызын берди. Кербен башчы кандын
кызын алып кошунга келди.
Ошентип, бала менен кербен башы соода кылган мүлктөрүн алып, ичик
жөнүндө мелдешкен кандын кызын алып, жолдогу эки кызды алып, баягы
булактагы кемпирдин малын алып, эки жүз жыйырма төөнүн жүгү менен
Сокурбайдын үйүнө келип түшүшөт. Сокурбайга көз бүттү. Ал үч кызды, эки жүз
жыйырма төөнүн жүгү менен соодаланган малын көрүп аябай ыраазы болду.
Анда жигит: «Эми мага руксаат бериңиз, тапшырган кызматыңызды аткарып
келдим. Мен баягыда уулуңуз базарга бара жатып, көп дилде берип, карыздан
куткарып алып көмгөн өлүк кишимин» деп коштошуп, көздөн кайым болуптур.
КАРАЧ БААТЫР
Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур. Алардын Эгизбек Сегизбек
деген эки уулу бар экен. Жайнаган жылкысы бар экен. Эки бала эр жетип
Тайгылмандын тайгак ташы деген жерде жылкыларды жайып коюп, жата
беришет. Тайгылмандын ташына тайгаланып, эч бир адам чыгып көрбөптүр.
Ошондуктан, эки бала ээн-эркин жылкыларын жайып коюп, эртеден кечке ордо
атышчу экен. Күндөрдүн биринде Буктугул жана Шуутугул деген эки дөө баягы
тайгак ташты түбү менен омкоруп ташташып, эки баланы жылкылары менен
алып кетишет.
Балдардын атасы жылына бир келип, балдарын көрүп кетчү экен. Бир күнү
келсе, ордосу тигилген бойдон калып, балдары жок, баягы таш болсо казылып
ташталган. Абышка балдары жоо колдуу болуп кеткенин сезип, ыйлап-сыктап
үйүнө келет. Ошентип, абышка-кемпир куу баш аталып, баладан да, малдан да
ажырап, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып калышат.
Күндөрдүн биринде абышка уктап жатып түш көрөт. Түшүндө бир аппак сакал
абышка көрүнүп: «Ыйлаган менен эч пайда таппайсың, тиги жогоруда бир булак
бар, ошол булактын жанындагы мазар терекке барып, түбүнө түлөө өткөрүп,
кемпириң экөөң түнөгүлө. Түн ортосунда көктөн бир ак алма түшөт, аны өзүң
жегин. Таңга маал кызыл алма түшөт, аны кемпириңе бер. Арадан көп убакыт
өтпөй балалуу болосуңар» деп айтып, көздөн кайым болот. Абышка чоочуп
ойгонсо түшү. Ашып-шашып мазар терекке барып, түлөө өткөрүп кемпири экөө
түнөп калышат. Абышканын айтканындай түн ортосу ченде асмандан ак алма
түшөт. Аны абышка өзү жейт, бир убакта кызыл алма түшөт, аны кемпирине
берет. Эртеси үйүнө кайтышат. Арадан көп убакыт өтпөй эле кемпиринин боюна
бүтүп, тогуз айдан кийин эркек бала төрөйт.
Бала жерден боорун көтөрө баштагандан шок чыгат. Айылдагы балдарды
уруп согуп, чуу салат. Бала ошентип жүрүп, онго чыгат. Бир күнү бир кемпирдин
баласын токмоктоп коет. Кемпир баланы каргап: «Сен андай эле кыйын болсоң
эки агаңды таап албайсыңбы?» дейт.
Буга чейин бала эки агасынын жоголгонун билчү эмес. Кемпирдин сөзүнөн
улам капа болуп үйүнө келет. Келсе энеси үйүндө жок экен. Бала жалгыз гана
казанды калтырып, үйүндөгү идиштердин баардыгын катып коюп, энеси
келгенден кийин: «Эне мага буудай кууруп берчи» дейт. Энеси буудайды казанга
кууруп жатканда бала эшиктен: «Энеке эле, энеке! Көгүчкөндөр учуп өтүп кетмек
болду, мен буудай чачып тузакка илиндирип ала коеюн, кууруп жаткан буудайды
алып чыга кой» деп шаштырып калат. Кемпир шашкан бойдон идиш таппайт,
«Энеке, энеке, идиш жок болсо, колуңа эле уучтап чыга кал» деп, баласы дагы
кыйкырат. Энеси ысык буудайды колуна уучтап чыга калат. Бала энесинин колун
ысык буудай менен кабыштыра кармап: «Айт, энеке, чыныңды, менин эки агам
болгонбу, же жок беле?» дейт. Колу ысык буудайга күйүп чыдабаган энеси:
«Сенин Эгизбек, Сегизбек деген эки агаң болгон. Аларды жылкы багып жүргөн
жеринен Шуутугул, Буктугул деген эки дөө алып кетти деп угабыз, анык-чынын
билген адам жок дейт.
Бала энесинин сөзүн уккандан кийин: «Эмесе, энеке, мен ошол эки агамды
издеймин» дейт. Ага баланын эне-атасы: «Азыр сен жашсың, балтыр этиң толо
элек, барар чагың боло элек, койгун балам» деп болбой коюшат. Бала үч күнү
тамак ичпей таарынып жатып алат. Акыр аягында кемпир-чалдын айласы кетип,
макул болушат. Баланын онго чыкканга чейин аты коюлган эмес экен: «Эми жок
дегенде баланча балабыз бар деп айтып жүргөнгө атыңды коюп алалы» деп,
кемпир-чал элди чакырып, той берип, баланын атын коюп берүүнү элден
суранышат. Балага кандай ат коерун биле алышпай, ак сакалдар кара сакалды
карады, кара сакалы кер мурутту карады, кер муруттар боз балдарды карады, боз
балдар качып, качып тарады. Бирок эч кимиси ат тандай албайт. Ошентип
кысталып турушканда, кайдан жайдан бир абышка пайда болду. Ошондо абышка
баланы өзүнө каратып: «Баатыр болчу кебетеси бар экен, аты Карач баатыр
болсун» дейт. Элдин баары Карач баатыр болсун деп батасын берип тарап
кетишет.
Бала эли-журту, ата-энеси менен коштошуп, жүрүп кетет. Жүрүп келатып бир
аңга тыгылып жаткан даакысы түшө элек сары тайды көрөт. «Сен да бир шордуу
өңдөнөсүң» деп, ал тайды аңдан чыгарып коюп, андан ары кете берет. Тай болсо
кишенеп артынан калбай, Карачты ээрчип алат, кууса да болбойт. «Эми
болбостур» деп, тайдын башына нокто катар замат, ал кунанга айланды, тердик
салса, бышты болду, ээр токуганда жайкалган опол тоодой ат болду. Ошентип,
бала сары тулпарга минип, сары жол менен жөнөп кетти. Жолдон атка тил бүтүп
адамча сүйлөйт: «Сен ушул жол менен жүрүп отурсаң, жолдо бир терек бар, ал
терекке жеткенде менин ээр токумумду алып, аса байлап кой, ошол теректин
ылдый жагында бейит бар, бейиттин арасында күмбөз турат, ошол күмбөздүн
ичине кирип тердигиңди астыңа салып, ээриңди башыңа жаздап, күн чыгышты
беттенип, коркпой жата бер. Эртең менен бир киши келет да: «Бул жерге адамзат
келчү эмес эле деп, «ой жигит тур деп ойготот. Анда турбагын. Андан барып аяк
жагыңдан ойготот,
анда салам айтып тура кал да, ал адам менен достошуп кайра кайт» дейт.
Бала аттын айтканындай кылып, атты терекке аса байлап таштап, өзү
күмбөзгө барып жатып калат. Эртең менен бир адам келип: «Бул жерге адамзат
келчү эмес эле», деп, ойготсо ойгонбой коёт. Аяк жагына келип ойготкондо тура
калат. Белгисиз адам Карач менен достошуп, ага сырын айтат: «Мен да бир
абышка кемпирдин жалгыз баласы элем. Эртең менен «жоо келди» деген
кыйкырыктан улам шашып эшикке чыга калганымда бирөө ай балта менен жыга
чапты. Көрсө келген жоо Буктугул менен Шуутугул деген эки дөө экен. Экөөнүн
учкаштырган эки баласы бар эле, болду-болбоду сенин агаларың болуш керек.
Эгерде ошол дөөлөрдү өлтүрсөң, «Нурпери досума атадым» деп башын кесип ал.
Эки дөөнүн кырк сары ала тулпары бар, ошол кырк тулпарды тең «Нурпери
досума атадым» деп мууздагын да, аларды баккан эки кызды дагы өлтүр. Алар
тирүү калса, «адам баласына көп жабыр тарттырат, ошол эсиңде болсун» дейт.
Карач тиги адам менен коштошуп, атын токунуп, жолго чыгат. Бир жерге
келгенде аты кан сийип, баспай туруп алат. Карачтын айласы кетип, ээр токумду
шыпырып алып, көтөрүп жолго чыгат. Бир аздан кийин аты артынан жетип
келет. Аны минип алып, кайра жолго чыгат. Дагы бир топ баскандан кийин аты
артынан дагы кан сийип баспай коёт. Ээр токумун көтөрүп алып, андан ары
жөнөйт. Бир аз узагандан кийин аты артынан келди, Карач ага минбестен жөө
баса берди. Ал аңгыча ат айланып көрүнбөй алдыга өтөт да: «Бул чыныгы баатыр
бекен?» деп сынамак болуп камыштын арасынан кара чаар жолборс болуп,
Карачты качырып калат. Карач болсо, «эки агамды жоготуп өлбөгөн, сенден
өлөмбү» деп кылычын сууруп, качырып кирет. Ошондо: «баатыр сабыр кыл,
жолборс менмин» деп, өз аты алдына тура калды: «Сенин эки агаңды алып кеткен
эки дөөнүн бири — Буктугул сени издеп келе жатат. Анын аты менин тилимди
байлап коюп, мен кан сийип баса албай жаттым. Эми мен ал аттын тилин
чечилбес кылып байладым. Ал болсо менин тилимди байлай турган сыйкырын
жоготуп койду. Эми мен бир сары ала ат болоюн, сен укурук сүйрөгөн жылкычы
бол, аларды амал менен өлтүрбөсөк, жөн өлтүрүү кыйын. Сен барып салам
айткын, ал кайда баратканыңды сураса, жылкы жоготуп, издеп
жүргөнүңдү айт. Ошондо дөө: «Карач деген келатат дейт, аны билесиңби?» деп
сурайт. «Билем» дегин. «Ал жоого сексен өгүздүн этин бүт жеп, жети күнү көлдөн
башын чыгарып, кар жаадырып жатат. Жети күндө көлдүн үстү тоңот, ошондо
муздарды асманга атылтып, Карач тура калып, жоого чыгат» дегин.
Карач макул деп, жылкычынын кейпин кийип жөнөп калат.
Аңгыча Буктугул дөө астынан чыгат. Карач токтоп салам айтат.
Анда дөө:
— Кайдан келатасың? — деп сурайт.
— Байдын жылкычысы болом, жылкы издеп келатамын.
— Карач деген неме келатат дейт, билесиңби?
— Билем.
— Ал жоого чыгардын алдында эмне кылчу эле?
— Ал сексен өгүздүн этин жеп, жети күн көлдөн башын чыгарып жатат да,
анан жоого чыгат. Жоого чыгарында көлдөгү муздар чатырап жарылып, асманга
атылат.
— Андай болсо, мен да сексен өгүздүн этин жейин, өгүздү союшууга мага
жардам бер, — дейт.
Карач макул болот. Дөө экөөлөп сексен өгүздү соет. Карач этин бүтүндөй
бышырып, дөөнүн алдына коет. Бала ары-бери карап бир жилигин жегиче, дөө
сексен өгүздүн этин бүт жейт да, кар жаадырып, суук чакырып, көлгө жатып
калат. Жети күн болгондо Карачтан: «Турайынбы?» деп сурайт. Карач: «Турсаң
болот» дейт. Көлдө жаткан муздар чатырап жарыла баштайт. Анда Карач чочуп
кетип: «Кокуй, мен унутуп калыпмын. Дагы жети күн, бардыгы он төрт күн
жатат» дейт. Дөө дагы жети күн жатат. Он төрт күн болгондо муз дагы калыңдап
катып, дөөнүн мойну гана кекеңдеп, муздан чыга албай калат. Ошондо Карач
Буктугулдун башын «Нурпери досума атадым» деп туруп, кылыч менен кыя чаап
салат. Аты кубанып «сени Карач дебесем, сени Карач жутпасам» деп кыйкырып
өтөт. Өтүп баратканда Шуутугулдун жонунда ак кебез булактап бараткан болот.
Ошол жерге таамай сайсаң өлтүрөсүң, антпесең алышып алың, күрөшүп күчүң
жетпейт дейт.
Бала жолдун жээгине Шуутугулдун келерин күтүп жатып калат. Бир убакта ач
кыйкырык салып, дөө чаап келаткан болот. Жонунан кебез булактап чаап өтүп
барат. Карач аны жонго сайып өтөт. Дөө ошо замат аттан кулап түшөт. Анын
башын да кесип алат. Шуутугулдун аты асманга уча бергенде Карачтын аты
«муну өлтүрүү керек, антпегенде Шуутугулду кайра тирилтип алат» деп
куйруктан тиштеп жерге алып түшөт. Карач эки дөөнү өлтүрүп, алардын
сарайына барса, сарайда бири-бирине коендой окшош кырк сары ала тулпар
байланып турат. Карач кыркын тең мууздап, Нурпери досуна арнайт, эки
сыйкырчы кыздын да башын алат. Ошентип эки дөөнүн катуудан казаны,
жумшактан күлү калат.
Андан эки агасын издеп келатса, бир төөгө жүк артып учкашып келаткан эки
абышка алдынан чыгат. Алардын жөн-жайын сураштырса, эки абышка жоготкон
эки агасы болуп чыгат. Бала өзүн аларга тааныштырып: «Мен силерди кармап
келген дөөлөрдү өлтүрдүм, мен иниңер болом» дейт. «Эгерде инибиз болсоң,
биздин эмне белгибиз бар экенин билесиңби?» дешет. «Экөөңөрдүн тең
далыңарда калыңар бар» дейт. Чынында эле тиги экөөнүн далысында калы бар
болуп чыгат. Ошол жерден үчөө кучакташып көрүшүп, кемпир-чалды көздөй
жөнөп калышат.
Келсе алар күйүткө чыдабай, төшөккө жатып калышыптыр. Кемпир чал
балдарын көрүп, кеткени келип, кемтиги толуп, жыргап-куунап жатып калышкан
экен.
КЕНЖЕ БАЛА
Илгери-илгери бир кан болгон экен. Ал бир күнү түш көрүптүр, түшүндө
мүшкүл иш көрүптүр. Түшүндө бир куш көрүп, куштун көзүнөн жаш ордуна шуру
агат экен. Ал эми мындай ажайыпты кан эч качан угуп көрбөптүр. Эртеси кан
ордунан турбай түш болгуча жата бериптир. Ошол кандын үч уулу бар экен. Экөө
бойго жеткен жигит, бири ойноок бала экен. Балдары келип сыр сурайт, кан
айтпайт да, сүйлөбөйт. Эртеси ошо убакта эки колун бооруна алып, чөгөлөп дагы
сурашат. Кан баягы түшүндөгү ажайыпты айтат. Эки баласы ошол кушту таап
келиш үчүн «барабыз» деп камынып, жөнөп калышат. Күн өтүп, ай алмашып,
жылдар жылат. Бирок, кандын балдары дарексиз жоголот. Алиги кичүү баласы
бой тартып жигит болот. Кан болсо, кайгыга батып, эки баласынын күйүтү жеңет
да, эл суроодон калат. Ар ким өз билгенин жасап,
чаң-тополоң башталат. Ошондо бала элдин билермандарын жыйып алып, ары
акылдуудан, ары амалдуудан, эл камын ойлогон эр жүрөк баатырдан он башыдан
миң башыга чейин шайлайт да, атасына келип, эки агасын таап келиш үчүн
уруксат сурайт.
Анда кан: «Эх-ээ, балам, эки агаң кетип келбей калды, мен көргөн нерсе
болбогон бир кыял экен, бей опо дүйнө, эми сен барба, мен өлсөм ким көмөт, элди
ким сурайт? Тирүүлүгүмдө жанымда жаша?» дейт. «Жок ата, шуру көз кушту
таппасам да, агаларымдын бир дарегин билермин. Сиз эч нерседен муктаж
эмессиз, ал эми агаларымды таап келбесем арманда өтөрсүз, уруксат бериңиз?
Кандыгыңыздан кам санабаңыз, айлалуу-амалдуудан, эр-жүрөк баатыр калыс
адамдардан журт башчысы кылып дайындадым. Мага уруксат берсеңиз экен» деп
эки ирет суранып таасим этет. Ошондо кан: «Бак карасын, Кыдыр даарысын.
Баатырдан жолдошуң болсун, ак пейил колдоочуң болсун, оомийин» — деп
батасын берет.
Бала кажыбасты минип, жыртылбасты кийип, кырк күндүк азык алып, кырк
күндүк жолду бет алып жөнөйт. Күн кырк батты, таң кырк атты, бала да уйку
даамын кырк татты. Кыйналды, аты ыргайдай, өзү куурайдай болду. Көзү соолуп
бараткан булактай үңүрөйдү. Аты арык, өзү карып болду. Ал эми кырк биринчи
күнү дегенде өзү өргүп, атын оттотуп уктап калды. Бир убакта көзүн ачса түн
түшкөн «коркок-наамарт, баатыр-жоомарт, деп атын караса, аты оттоп жүрүптүр.
Бала төшкө чыгып көз чаптырса, коргоолдой жерден кол башындай от
жылтылдайт... Бала кайраттанып кол созуп, атын токунуп, бир заматта баягы
отко жетип барды. Жакындап келип көз салса, аябай өңдөн азган, бети-башын
жүн баскан, кийиминин чалдыбары кеткен эки киши арчадан отту улуу жагып
уктап жатыптыр. Бала баягы экөөнү ойготуп, алардын ал-жайын сураштырса,
өзүнүн агалары экен. Ошентип, үчөө бири-бирин таанып, кучакташып көрүшөт.
Эртеси саарда туруп оокаттанышып, үчөө баягы шуру көз кушту издеп жөнөп
калышат. Андан жүрүп отуруп, «Барса келер», «Барса келер-келбеси арсар»,
«Барса келбес» деген үч жолдун айрылышына келишет. Чоң агасы «Барса келер»
деген жолго, ортончусу «Барса келер-келбеси арсар» деген жолго түштү, Ал эми
эң кичүүсү «Барса келбес» деген жолго түшүп, эки агасы менен кайыр кош
айтышып, ашуу ашып суу кечип, токой аралап, чөл кезип, аскалуу тоого кез келди.
Бир кезде бала сайды өрдөп, асканы аралап баратса, бет маңдайынан түрүлүп
сансыз кийик чыгып, бура бастырбай каптайт. Бала ажыдаарча ышкырып
жибергенде бир аз токтоп калат да, кайра жапырып жолун тосот. Акыры бала
жолборсчо качырып киргенде, кийиктер тең жарыла берет. Бала андан күн
баткан жерге конуп, таң аткан жерде жолго чыгып жүрүп отуруп, как эткен карга,
кук эткен кузгун жок бир жерге туш келет. Аңгыча көздөрү чакырайган, чачтары
саксайган бир кемпир пайда боло калып: «Как этип карга учпаган, кишинин буту
баспаган жерде адамзат эмне кылып жүрөсүң? Сүф, кийик бол!» деп баланы
кийик кылып койду.
Бала так секирип кийиктерге аралашып кетти. Ал жүрүп отуруп устундары
жез, сараптары күмүш, торсундары тилла, увасалары каухар, бир ажайып
заңгыраган айвандуу үйгө кез келди. Үйдүн далисинде күмүш толгон жаван
жаркырайт. Увасалардагы каухар шам чырактай жаркырап күйүп турат. Бала
айрантаң калып төркү үйгө кирсе, ай десе ардак, күн десе кымбат, бир перидей
сулуу кыз олтурат. Сүйлөйүн десе сөзү жок, баланын ичи жалын чок, эки көзүнө
жаш буурчактай томолонуп, санаасы сайдын ташындай, арманы аттын башындай
арбын, перизатты буту менен секирип чапчып, бышкырып зорго ойготту:
Перизат бир толгонуп көзүн ачып ойгонуп:
«Как баш апам ай, дагы бир маңкайган жигитти тикчийген кийикке
айландырып койгон тура, таш боор» деди, ичинен күбүрөп. Челектеги сууга ак
ташты салып, андан кара ташты алып, балага жети мертебе дем салып, мурунку
калыбына келтирди да: «Кандай жумуш менен жүргөн жансың? деди. Бала бермет
баштуу кушту издеп келгенин айтты эле, кыз мындай деди: «Ошо атаң түшүндө
көргөн куш меники эле, аны перилердин каны зордук кылып алып кеткен.
Перинин шаары өтө алыс, барсаң өлөсүң, барба» деди. Бала буга макул болгон
жок: «Өлсөм мейли, барамын, атам боорун көтөрбөй жатат. Антип жата берсе
ажалынан мурун өлүп калышы мүмкүн, барбасам болбойт» деди. Кыз баланы
сынап: «Бери жагы кырк күнчүлүк жол, аягы чаң-тополоң шор, мындан өтө
албайсың, Ар жагында кырк күнчүлүк кыя ашуу, андан аша албайсың, ашсаң түшө
албайсың, ашуудан түшүү кырк күнчүлүк жол. Эгер булардан өтсөң, асман
мелжиген чынар бар, анда алпкара куштун уясы бар, ал жылыга тууйт, жылыга
балдарын ажыдаар жеп коет. Эгерде ажыдаарды өлтүрүп, алпкара куштун
балдарын аман алып калсаң гана оюң орундалат. Ошонун баарын аткарууга
күч-кубатың жетпейт, бөөдө өлүм болуп жүрбөгүң» деди. Бала: «Ал жагынан кам
санаба, алышууга алым, күрөшүүгө күчүм бар» деди. Ошондо баланын
айтканынан кайтпасына кыздын көзү жетип, ага бир кутуча берди да: «Болуптур
ак жолуң ачылсын, ушу кутучаны эч жоготпо, курсагың ачса, ичиндеги гүл
азыктан бир чымчым жесең, ошол замат калыбыңа келесиң» деди. Бала кыз
менен кыянаттык дос болду да, жөнөп кетти. Карды ачканда кутучадагы гүл
азыктан бир чымчым жеп, чарчаганын жазып, чырым этип уйку албай, эч жакка
буйдалбай жол жүрдү. Кыз берген гүл азык уйкусун кандырып — уктатпай,
чарчоосун жазып — чарчатпай аттан тез, куштан ылдам жүргүзөт экен, кырк
күнчүлүк жолго төрт күндө жетти, кырк күнчүлүк ашуудан төрт күндө өттү,
ашуудан ары кырк күнчүлүк ылдыйга төрт күндө түштү. Аңгыча асман мелжиген
чынар көрүндү, ага жетип барса, жоондугу теректей ажыдаар чынарга оролуп
чыгып баратыптыр. Чынардын башында алпкара куштун балдары чыркырап
туруптур. Бала гүл азыктан жеп, кылычын кынынан сууруп, керилип туруп чапты
эле, ажыдаар тең бөлүнүп жатып калды. Бала ажыдаарды барча-барча туурап,
чынардын башына чыгып барса, алпкара куштун үч балапаны сүйүнүп, ага
канаттарын саябан кылып беришти да: «Сен эми жерге түшпөгүн, энемдин келе
турган маалы болуп калды. Энем келеринде катуу бороон жүрөт да, анын
эпкинине эч нерсе туруштук бере албай койдой таштар кодураңдап, аттай таштар
аңыраңдап, үйдөй таштар үңүрөңдөп учат, мындан эч коркпогун. Учуп келип
конгондо чынар үч мертебе жерге тийип, үч мертебе асманга чыгат. Мындан да
коркпогун» деп баланы канаттарына катып жашырып коюшту.
«А-бу» дегиче болбой, аалам алай-дүлөй болуп, жандуудан эч нерсе көрүнбөй
калды. Чынында да алпкара куштун каары анын балапандары айткандай экен,
үйдөй таштар үңүрөңдөп, аттай таштар аңтарылып, койдой таштар коңторулуп
учту. Аңгыча алпкара куш чынар терекке учуп келип конду эле, анын башы жерге
үч тийип, үч түзөлдү. Балапандарынын аман экенин көрүп, алпкара куштун
көңүлү тынды. Бир паста борошо басылып, күн ачылып, жай күнү кадимкидей
жаркырады.
Ошондо алпкара куштун балапандары энесине: «Жамандыкты көрсөтөлүбү,
же жакшылыкты көрсөтөлүбү?» деди. Алпкара куш: — «А дегенде жамандыкты
көрсөткүлө» деди. Балапандар төрт бөлүнгөн ажыдаарды көрсөтүштү эле,
алпкара куш баарын бир сугунуп туруп, күкүм кылып кайрадан бүркүп жиберди.
— «Эми жакшылыкты көрсөткүлө, балдарым» деди. Балапандар баланы
көрсөтүштү эле, алпкара куш баланы белине чейин сугунуп калганда,
балапандары энесинин канатын тыткылап, алкымын апчылап, чый-пыйы чыгып
кетти. Алпкара куш баланы кусуп жиберип: «Эй шашма тентектерим, бир пас
аяңдасаңар го, баланы ок өтпөс, кылыч кеспес, отко күйбөс, сууга чөкпөс кылат
элем» деп үшкүрүп отура кетти. Ал баланын ал-жайын сурады. Бала шуру көздүү,
бермет жандуу кушту издеп чыкканын айтты. Алпкара куш: «Жакшылыкка
жакшылык, жардам берейин. Мен ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон терем.
Сен терилерин сыйрып, чанач кыл, эттерин шылып ага сал, анан учабыз» деди.
Алпкара куш өзү айткандай, ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон терди.
Бала болсо, алардын терисин сыйрып, этин миң чаначка салып, миң чаначка суу
куюп, оозун бууп, алпкара куштун үстүнө арта иреттеп койду да, өзү анын үстүнө
отуруп алып, асманга көтөрүлдү. Бала алпкара куш оң жагын караганда бир чанач
эт, сол жагын караганда бир чанач суу берип жүрүп отурду. Бир убакта алпкара
куш баладан: «Жер көрүнөбү?» деп сурады. Бала: «Жер токум бетиндей гана
бүлбүлдөйт» деди эле, алпкара куш: «Али жете элек экенбиз» деп кайрадан уча
берди. Алпкара куш эт сурап кайрылганда, бала өз такымынан эт шылып бере
салды. (Ошондон кийин адамдын такымы чуңкур болуп калган экен). Бир убакта
алпкара куш: «Жер көрүнөбү?» деди. Бала: «Жок көрүнбөйт» деди. Бир топ
убакыттан соң алпкара куш: — «Жер көрүнөбү?» деп дагы сурады. Бала «көрүндү»
деп жооп берди. «Анда жеткен экенбиз деп, учуп келип конуп калды да, «эми
мындан ары өзүң бар, мына бу чокунун ар жагын дөөлөр мекен кылышат. Алар
кырк күн уктабайт, кырк күнү уктайт. Чокуга чыгып карагын, эгер дөөлөр ар
кайсы жерде төөдөй, таштай томпоюп жатса уктаганы. Уктаган болсо, мени
чакыр. Уктабаган болсо келе бер» деди.
Бала чокуга чыгып барса, тоодой-тоодой дөөлөр күн күркүрөгөндөй коңурук
тартып уктап жатыптыр, алпкара кушту жандап чакырды эле, ал чокуга чыгып
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 13
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.