Latin

Балдар фольклору - 04

Total number of words is 4183
Total number of unique words is 2198
26.3 of words are in the 2000 most common words
39.0 of words are in the 5000 most common words
46.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Жаандан кийин куралат,
Жети түрдүү түс алат.
Мунун атын ким табат?
(Асан-Үсөн)
Оймоктой жерден от чыгат.
(Мышыктын көзү)
Бүлдүр-бүлдүр бүлдүркөн,
Жер айлана жүгүргүн,
Наясаттын баласы
Мылтык алып жүгүргөн.
(Мышык, Чычкан)
Аргый-аргый жүгүрөт,
Аргымакча бүгүлөт,
Муну ойлоп ким билет?
(Тайган)
Узун кулак,
Кыйык чунак.
(Эшек)
Ача туяк, төрт казык,
Өтө кыйын жүгүрөт.
(Бугу)
Турук менен качат,
Түнү дагы тынбай басат,
Тойгон мерген болсо да,
Токтоно албай атат.
(Бугу)
Эшек кулак, уй мурун,
Жазы маңдай кургуруң,
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.
(Элик)
Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп тазасын аймаган.
(Элик)
Саксайган түрү бар,
Адам коркор үнү бар.
(Аюу)
Элең-элең, элең келер,
Этек-жеңин кыя келер,
Кон арыкка коно келер,
Коктунун суусун иче келер.
(Бөрү (карышкыр))
Капталды капталдай чапкан Байбарак баатыр,
Бирөөнүн эмгегинен пайда тапкан кайрымсыз каапыр.
(Бөрү (карышкыр))
Шылдыр-шылдыр шылайкан,
Колго түшкөн кедейкан,
Маңдайы кашка батыркан,
Кулагы чунак капыркан.
(Капкан, түлкү, каш, кулак, карышкыр)
Кырда кылайма,
Отто олоймо,
Сууда сулайма.
(Карышкыр, кыпчуур, балык)
Калдыр-күлдүр каадак,
Жаны толгон саадак,
Оттогону жылкыдай,
Отурганы кишидей.
(Кирпи)
Көпүрөнүн түбүндө
Көр эшен ийне сатып отурат.
( Кирпи )
Киймин тиккен ийнеден,
Коркуп жырткыч тийбеген.
( Кирпи )
Тумшугун бооруна катат,
Бүт денесине ийне каданып,
Топтомолок болуп жатат.
( Кирпи )
Кетмени жок жер казат,
Жер казганы эмне адат?
Өзү жүрсө түрткүлөп,
Көзү жүрөт үргүлөп.
(Доңуз (чочко))
Дүбүр-дүбүр дүбүркан,
Дүбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан,
Жаан-жаан жанаркан,
Колго түшкөн кедейкан,
Кул кулагын култуйткан
Кулагы чунак норускан.
(Чочко, жолборс, аюу, карчыга, бөрү)
Жер астында борколдой семиз.
(Чычкан )
Эл жатса да, Эсенбай чунак жатпайт.
(Чычкан)
Эй-эй десең качып чыгат,
Кендир капты тешип чыгат.
(Чычкан)
Үй ичинде уялайт,
Бирин-бири кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым,
Бири-бирин табалайт.
(Чычкан)
Бортум, бортум, бортум ай,
Караңгыда жорттум ай,
Кара көрсөм качтым ай,
Жарылганга түштүм ай.
(Сокур (көр) чычкан)
Төрт буттуу
Төөдөн күчтүү.
(Пил)
Көргүлөчү куйругун,
Куйругунан мурду узун,
Атын тап, андан соң,
Тапкылачы тумшугун.
(Пил)
Жер түбүндө жездекемдин аты кишенейт.
(Суур)
Карагандын түбүндө какаш сулу отурат,
Салпаң кулак келет деп ыйлап-сыктап отурат.
Жылмалыгы жыландай,
Оттогону куландай,
Отурганы адамдай,
Жайкысын болчу жаныбар,
Кышкысын болбойт бул кандай?
(Суур)
Кырда кылыч жаркылдайт.
(Ай)
Качса түлкү алдыга,
Калтырат экен артына,
Кайдан билет түлкү анын
Керектигин аңчыга.
(Из)
Көк торпок болуп жээктен чыктым,
Кулун болуп тээктен чыктым.
Закымданып талаадан чыктым,
Жүгөн катынбай желеден чыктым.
(Карышкыр, куюн, шамал, суу)
Австралия талаасын,
Саякаттап табасың,
Чөнтөгүндө баласын,
Көргөндө таң каласың,
Эки колун көтөрүп,
Буту менен кете алат,
Муну кимдер чече алат?
(Кенгуру)
Желбейт, баспайт,
Өкүрөңүн жазбайт,
Арткы бутунун изин
Дайым алдыга таштайт.
( Коен )
Аттаган жери атандай,
Баскан жери бармактай,
Оттогон жери оймоктой,
Качып жүрөт карматпай.
( Коен )
Төө ооздуу,
Бото көздүү,
Эшек кулактуу,
Эчки чычаңдуу,
Ат аяктуу,
Кой жүндүү,
Бул эмне табыңыз?
( Коен )
Жыл мезгилин ылгабас,
Кыштыр-жайдыр кургабас.
(Арча)
Жер үстүндө жетим бала диңилдейт,
Кар үстүндө карып бала диңгилдик,
Муз астында мусаапыр бала диңгилдик.
(Терскен, түлкү, балык)
Учарымды жел билет,
Конорумду жер билет.
(Камгак)
Кокту келсе конот,
Жел келсе желет,
Бул эмне болот?
( Камгак )
Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк,
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек,
Узун-узун бою бар,
Курамалуу тону бар.
( Камыш )
Жайында ысыкты дегдейт,
Кышында суукту сезбейт,
Кийгени жашыл жибек,
Жай-кышы түк чечпейт.
( Карагай )
Ойлонгула кандай,
Кичинекей шардай,
Жармашат тийсең,
Акысы бардай.
(Уйгак)
Жерден чыгат арып,
Супурасын жайып.
(Чүкүрү)
Тырмаак кыз,
Ыйлаак кыз,
Чыргаак кыз.
(Чычырканак, шилби, кызыл куурай)
Асты таш, үстү таш,
Орто жери жашыл аш.
( Мисте )
Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда бышкан алча.
(Мисте)
Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.
(Жаңгак)
Кап, каптын ичинде ун,
Ундун ичинде устун.
(Жийде)
Үлбүрчөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым.
( Карагат )
Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.
(Анар)
Ийип кетип сүт берет,
Байып кетип дан берет.
(Апийим )
Ыргал-ыргал ыргалган,
Ыргала басып жыргалган.
(Арпа)
Өзү кызыл, өзү кызык,
Боорунда бар жалгыз сызык,
Берекелүү балбан колдор,
Күз айында алат сузуп.
(Буудай)
Миңдеген бир тууган,
Баары окшош нурданган,
Ынтымагын карасаң,
Бир гана кур курчанган.
(Боолаган эгин)
Жерден тып чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.
(Буурчак)
Жерден жек чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.
(Жүгөрү)
Азамат акем ичкери,
Сакалдары тышкары.
(Жүгөрүнүн сотосу )
Кийгени кат-кат жашыл шайы,
Бетин ачып кишини карабайт,
Жашыл чачы саксайса да,
Эч качан жууп тарабайт.
(Жүгөрүнүн сотосу)
Абдыкалык
Мойну салык.
Ичи ток,
Көлөкөсү жок.
( Конок)
(Ороо)
Тетиктери темирден,
Тээп койсо элирген.
(Трактор)
Диң-диң чолок жер казат.
(Тамчы)
Ыргытат жерди тиштеп,
Тыныгат, иштеп-иштеп, '
Жөнөрдө жумушка,
Шап эле ийинге минет.
( Кетмен )
Асманга чыкса жаркырайт,
Жерге түшсө такылдайт.
( Кетмен )
Бири чөптү кыят,
Экинчиси жыят,
Үчүнчүсү үйөт,
Ушу үчөөнүн атын ким билет?
(Орок, тырмооч, айры)
Инисин кууп, агасы жетпейт.
(Арабанын дөңгөлөктөрү)
Төрт бир тууган сапар чегет,
Бирин-бири кууп жетпейт.
{Арабанын дөңгөлөктөрү)
Изи бар, кадамы жок аягынын,
Тийбеди учу жерге таягынын,
Колдорун айбанга арта таштап,
Анан салат экен баянын.
(Арабанын дөңгөлөктөрү)
Узун аркан,
Жыйып ала албайм.
(Дөңгөлөктүн изи)
«Соке, Соке!» десе, ишин өзү билет,
Ат-өгүзүн парлап айдап,
Артында жүрүп келет.
Боз териңди болбой ийлеп,
Тасмадай тилип берет.
(Соко)
Жер түбүндө ай көчөт.
(Соконун тиши)
Эки тартар,
Бири жыртар,
Куйругун сыйпалатар.
(Эки өгүз, омочтун тиши, мала)
Узун жыгачка туурасынан кылыч аштадым,
Кылычымды кынсыз сактадым,
Көк жайыктын чөбүн көрдүңөрбү?
Бир күндө чаап таштадым.
(Чалгы)
Тору тайды жетелеп,
Тоого чыгам энтелеп,
Тоодон ыргып мен минем,
Типтик ылдый желдирем.
(Чана)
Көк өгүзүм кол жапырып баратат.
(Орок)
Керегеде ийри кабак,
Аны табалбагандын дарты тамак.
( Орок )
Шып-шып этет.
Шылып кетет.
Төрт аягы бар,
Эки табагы бар,
Бир таягы бар.
(Орок)
(Тараза)
Көк улагым көгөндө жатып семирет.
(Дарбыз, коон)
Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.
(Дарбыз)
Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.
(Калемпир)
Токсон катар тону бар,
Тоголок келген бою бар.
( Капуста )
Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.
( Картошка )
Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.
( Күнкарама )
Жапыз бойлуу,
Тогуз тондуу.
( Пияз )
Жер астында алтын казык.
(Сабиз)
Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.
(Сабиз)
Жерге бекем түптөдүм,
Кийиз менен каптадым.
(Боз үй)
Сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.
(Боз үй)
Чыны-чыны, чыны кыз,
Чындап төө минди кыз,
Бет жабууну жамынып,
Тамашага чыкты кыз.
(Боз үй)
Атасы баласын көтөрөт.
Баласы калпагын көтөрөт.
(Боз үй)
Кабагы күндө ачык, түндө жабык,
Тартып турат жакындасаң оозун ачып,
Жолобой коё турган чамасы жок,
Жакшылап көңүл бурчу, бул эмне зат?
(Боз үй)
Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү? .
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө,
Кабырга башка сөөгү толуп жатат.
Жилик жок, бутсуз турат кабыргасын жерге матап.
(Боз үй)
Конгондо кооз,
Көчкөндө бооз.
(Чырмаган чий)
Жайсам — көлдөй,
Жыйсам — жеңдей.
(Чырмаган чий)
Жерден чыккан жек элем,
Желпилдеген бек элем,
Кырга чыгып кырылдым,
Кырк тузакка илиндим.
(Чырмаган чий)
Аркы өйүздүн жылкысы,
Шака-шука тебишет.
Берки өйүздүн жылкысы,
Бака-бука тебишет.
(Чий чырмоо)
Ал этегим беш таш,
Бул этегим беш таш,
Али тоок жеке таш.
(Чий токуган таштар, аял)
Өйүзгүнүн жылкысы,
Бүйүз өйдө куюккан,
Топчу кулак боз уюк,
Айдай албай буюккан.
(Чий токуган таштар, аял)
Кыркыраган абышка өлөм дейт,
Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт.
(Түндүк, уук)
Эки колу ичкери,
Калган бою тышкары.
( Кырчоо )
Кичине гана куу күчүк,
Үйдү айлана жүгүрөт.
(Кырчоо)
Жогорку айылдын жылкысы кайчы кулак,
Төмөнкү айылдын жылкысы топчу кулак.
(Керегенин башы, көгү, аягы)
Алтымыш кемпир ай карайт,
Жетимиш кемпир жер карайт.
(Уук, Кереге)
Ай кучак-ай кучак.
Жыйып келсе бир кучак.
( Кереге )
Абайдын алты уулу,
Төбөйдүн төрт уулу,
Кунан койдун куйругу,
Ары шалп да бери шалп.
(Үзүк, түндүк, эшик боолору)
Бир кыз бар жоолукчан,
Ичинде балдары бар от жаккан,
Күндүзү сыйрып ачылат.
Түнкүсүн кайра салынат.
(Боз үй, туурдук)
Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
(Эки босого)
Адам кирсе ачылат,
Сыртка чыкса жабылат.
(Эшик)
Чоңду-чоңду, чоңду куш,
Чоң дөбөгө конду куш,
Канаттары кайкы куш,
Мурду жаман жайкы куш.
(Чатыр)
Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Сокур кара буурасы,
Бучук кана энеси.
(Ала кийиз оймосу)
Өзү узун көлөкөсү жок,
Узун-узун уз кетет,
Көлөкөсү жок кетет.
(Жол)
Адамдын черин таратат,
Терди өзүнөн өзү жаратат,
Эриксизден ал күнү,
Күзгүнү көздөй каратат.
( Мончо )
Ичи кара,
Тышы ак,
(Мор)
Кирпиги жыгач, көзү көк,
Көзүнөн шоола төгүлөт.
( Терезе)
Тогуз төөгө жүк келсе,
Тойбоду такыр чөнтөгүм,
(Тегирмен)
Караңгы үйдө каман күркүрөйт,
Басалагы басып жатат,
Сугалагы сугунуп жатат.
(Тегирмен)
Күн күркүрөйт,
Күмөн ышкырат,
Азоо урат,
Мойнун бурат,
Акыркысы алам деп турат.
(Тегирмендин үйү, суу, ташы, капты тосуу)
Болуптур эки бир тууган,
Бирин-бири карайт,
Бирок жетише албайт.
(Үйдүн шыбы, таманы)
Келген да кол берет,
Кеткен да кол берет,
(Эшиктин туткасы)
Узун терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда,
Сагызгандар шакылыктайт,
Шагы менин колумда.
(Пахта ийре турган чыгырык)
Теңдешсиз бул заманда ага балбан,
Төө моюн, болот дене, өрдөк таман.
Сугунат таш болсо да саман өңдүү,
Ойлонуп тапкылачы ал кандай жан?
(Экскаватор)
Бир ит бар үрбөйт,
Буттары жок, жүрбөйт.
Уруксаатсыз ал иттен,
Ээси да үйгө кирбейт.
(Кулпу)
Энеси үйдө калат,
Баласы айыл кыдырат.
(Кулпу, ачкыч)
Атасынын кулагын баласы чукулайт.
(Кулпу, ачкыч)
Ар эшиктин алдында,
Бир бели байлануу кул жатат.
( Шыпыргы )
Өзүн жыйнаткан,
Бекем байлаткан,
Шиштен башканы минбейт,
Короого чыкса бийлейт.
( Шыпыргы )
Тиши темир денеси жыгач,
Айныбастан кызмат кылат,
Жумшасам жердин ичине кирип,
Ичегисин да илип чыгат.
(Темир, күрөк)
Бутун учтап,
Башка муштап,
Токмок менен койгон экем,
Буту жерге житти бекем.(Казык)
Отко бышса как болот,
Дубалга сүртсө ак болот.
(Акиташ )
Уучтаса ундан майда,
Уютса таштан катуу.
(Цемент )
Тиши болот темирден,
Тийген жерин кемирген,
Түзөп аңын-дөңүн
Түйшүктүн баарын бүтүргөн.
( Бульдозер)
Жалтырайт, көңүлдү бөлөм,
Карасам өзүмдү көрөм.
(Күзгү)
Кечеси жазылат,
Күндүзү жыйылат.
Күндүз ызаатта,
Түндө кызматта.
Төрт бир тууган,
Бир калпак кийген,
Ат сыяктуу, Адамдар минген.
(Жууркан, ( көрпө ))
(Жууркан (көрпө))
(Орундук)
Үйгө чыккан гүлкайыр,
Жайы-кышы соолубайт,
Тепсесе да бул гүлдү,
Үй ээси такыр корубайт.
( Шырдак )
Жем жебейт, суу ичпейт,
Чарчоону түк билбейт,
Колу жок уруп турат,
Буту жок жүрүп турат.
(Саат)
Олоңдоп долу келген,
От кармайт колу менен.
( Кычкач )
Ар бир үйдө от күйөт,
Чогу жок, бар жалыны,
Өзү ичте болсо да,
Тышка тиет жарыгы.
(Электр лампасы)
Жалт-жулт этет,
Жалмап жутат.
(От)
Кызыл жоолук дирилдейт,
Эскиргени билинбейт.
(От)
Кара өгүзүм карап турат,
Кызыл өгүзүм жалап турат.
(Казан, от)
Башына кызыл жалын топу кийип,
Соргондо кургак сүтү турат ийип.
Акырын билгизбестен орной берет,
Өмүрдүн моторуна уусу тийип.
Көк атым көктү карай жүгүрөт.
Узун узак,
Көккө тузак,
Алтын жалбырак,
Батман топурак.
Алдым толо кызыл алма,
Баатыр болсоң барып карма.
(Чок)
Отто — олойман,
Сууда — сулайман,
Кырда — кылайман.
(Чок, балык, ай)
Башына кийгени сүйрү калпак,
Бир колу бар, түбү жалпак,
Ичкени май, ичегиси пахта,
Боорунда тетиги бар бурап тартма,
Абдан керек бул буюм адамзатка.
(Лампа (чырак) )
Көзгө тааныш бир суу, бар,
Эч билинбейт акканы,
Кандай дөө кечсе да,
Өлүм болот тапканы.
(Ток)
(Түтүн )
(Түтүн, жалын, күл)
Көк коюм чыгып кетип,
Кызыл коюм жатып калды.
(Түтүн, чок)
Өмүр-өмүр, өмүрдөн,
Жаккан оту көмүрдөн,
Асманга мойнун созгон,
Адамга демин кошкон,
Кызарып чогу чыккан,
Оозунан күлү чыккан.
(Меш)
( Папирос )
Көйнөктү күндө сылайт түптүз
Жүрөгү көөдөнүндө ысып туруп.
(Утюг)
Отунсуз күйгөн,
Зым менен жүргөн,
Кызаргыча күлгөн.
(Электропечь)
Кичинекей сандыкча,
Ичи толо мыкча.
(Ширеңке)
Сонун сарай ичинен,
Чыга келет шарт этип,
Күндүз дебей, түн дебей,
Күлүп берет жарк этип.
( Ширеңке )
Илинип турат алмурут,
Жешке болбойт аны уруп,
Күндүз кечке уктап жатып,
Кеч киргенде көзүн ачат.
Бирдей карап бардыгына,
Үйгө тегиз мээрим чачат.
(Лампочка)
Кылдай ичке жолу бар,
Түгөнбөгөн оту бар,
Табы күчтүү өзгөчө,
Түгөнбөгөн отун ал.
(Электр тогу)
Кичинекей бечел,
Сүңгүп барып суу ичер.
(Кашык)
Жаркыраган кашка баш,
Жаралгандан ашка маш.
( Кашык )
Башы менен казанга түшөт,
Суюгун таштап, коюусуң сүзөт.
(Депкир)
Капталды капталдай чапкан баяк баатыр.
(Казан кыргыч)
Капкара курсагы бар,
Керең кулагы бар.
Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.
( Казан)
( Казан)
Өлөбай акем өлөм дейт,
Үч уулу үч жагынан жөлөйм дейт.
(Казан, тулга)
Киндигин бассаң, булагы аккан,
Жерде турбайт, кабарын уксаң,
Желкеси кетпейт темир мыктан.
(Кол жуугуч)
Жаңыдан демдеп кайнатпай,
Энемден ичтим кайнак чай.
(Термос)
Бирөө шуңкуюп курсагын тосот,
Бирөө койгулайт үстөккө-босток.
(Соку, сокбилек)
Үчүкөнүн үч уулу үшкү тартып отурат,
Айры сакал атасы атка минип отурат,
Тоголок кара баласы сууга тойбой отурат.
(Тулга, казан, кумган)
Уй курсак, тумшугу узун, бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп,
Чалкалап сууну берсе — ичет, кусат,
Ысапыз, оюнда Жок тоюп коймок.
(Кумган)
Эки кулагы бар,
Төрт туягы бар,
Маңдайында күйүп турган чырагы бар,
Ортосунда кайнап турган булагы бар.
( Самоор )
Тегереги от,
Ортосу —. суу,
Бир аздан соң,
Көтөрүлүп буу,
Салат чуу,
Тезинен тап,
Эмне экен бу?!
(Самоор)
Белине ак тон оронот,
Сүйрөлөңдөп тоголонот,
Тоголонуп тонун чоет,
Заматта ийлеп коет.
(Үбөлүк)
Суудан башка ашы жок,
Томпок курсак бөйтөгөй.
(Чөмүч)
Карагул аттан жыгылды,
Калкы-журту жыйылды.
( Казан-аяктар )
Жеңем жерге түштү,
Балдары аны күтүштү,
Кара катын аттан жыгылды,
Балдары апакелеп чуркады.
( Казан-аяктар )
Эки тоонун арасы,
Эбей-себей күн жаайт.
(Элек)
Жапжаңы идиш,
Бирок баары жыртык.
(Элек)
Ирегени жердеген,
Төргө басып кирбеген.
( Көлөч)
Чаң жугузбай барктайбыз,
Бассак ансыз баспайбыз,
Жат-жатууга келгенде,
Жандан оолак таштайбыз.
(Өтүк)
Капталы тилик,
Дайыма кыргызда болот,
Жүнбаскан чокуну минип,
( Калпак)
Кыйыктуу көйнөк кийген асыл таяк,
Көтөрсөм, тамчы... тамчы... этек жаят,
Көз жашын табигаттын, же аптабын
Өзүнө тосуп алат мени аяп.
( Калпак)
Беш кичине үйү бар,
Жалгыз бир эшиги бар.
(Мээлей (кол кап) )
Сүттүн сүзүп коюусун,
Казанга салып кайнатам,
Эңсеп келген адамга,
Бир-экиден чайнатам.
(Курут)
Суусу ичилет, коюусу калат.
(Чай, чама) –
Өзү суудан алынат,
Суудан коркуп жалынат.
(Туз)
Суюк, бирок суу эмес,
Ак, бирок кар эмес.
(Сүт)
Тептим терекке чыктым.
(Үзөңгү)
Тап-тап, табышмак,
Тай куйругуна жабышмак.
( Куюшкан )
Жылт этти,
Жылгадан ашты.
(Ийне)
Ак дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштегени — чийден таяк.
( Ийик )
Аякка өтөт чай-чай,
Буякка өтөт чай-чай,
Муну тапкан кишиге,
Жүз жыйырма тай-тай.
Боору толгон тиши бар,
Жыгач менен иши бар.
(Араа)
(Араа )
Эсепчи башы бар,
Токсон төрт жашы бар,
Ар биринде ондон,
Бирөө гана төртөө,
Бул эмне деген нерсе?
(Чот)
Узун сайда уй мөөрөйт.
Кыска сайда кыз мөөрөйт.
(Керней, сурнай)
Айнекке жатып бир чүрөк,
Көрүп өт дейт мөлтүрөп.
Аптапта бою узарат,
Аязда бою кыскарат.
(Градусник)
Алысты жакын кылат,
Жакынды алыс кылат,
Каалагандай көрө аласың,
Көз алдыңда чагылдырат.
(Дүрбү)
Огородду араласа,
Өзүн каз моюндуу көрөт.
Эңкейген жерге,
Себелеп сууну төгөт.
(Лейка)
Сууга чөкпөйт,
Суук да өтпөйт.
Кое берсе учат,
Карматпай сызат.
Бетинде аты,
Бетинде жашы,
Ал гана түгүл,
Бетинде баасы.
(Шар)
(Тыйын)
Өзү өлчөп өз боюн,
Жазып алган бооруна,
Жакшы билет кызматын,
Кармай билсең колуңа.
(Метр)
Отто эрийт,
Ойсоң оюлат,
Оюңдагыдай чоюлат.
(Темир )
Жөпжөнөкөй жасалган,
Ысыктыкты ката алган
Бырыш-тырыш кийимдерим
Мына ошондон жасанган.
(Үтүк)
Капкара курсагы бар,
Укпаган кулагы бар
Сүйлөбөгөн тили бар.
( Казан )
Ичи ичинде,
Ичегиси тышында.
( Комуз)
Коруй, коруй, ийре тептим,
Короосуна кийре тептим.
(Футбол тобу)
Кулактарга жармашып,
Көз менен көзү жандашып,
Минип алат мурунду,
Ким билет мындай буюмду?
(Көз айнек)
Басып жүргөндө
Эки эгиз балабыз
Тамак ичкен убакта,
Столдун алдына барабыз.
Элдер уктап жатканда
Оозгу үйдө калабыз.
(Ботинка, галош)
Жайсам — түндүк жабуу,
Жыйсам — таяк баалуу.
Чакан үй дубалы жок,
Урунбайт убагы жок.
(Кол чатыр)
Жайда бар да күздө жок,
Акын деп айтат элибиз,
Гүлдүү жерде, чөлдө жок,
Кай жан бул ойлоп көр.
(Булбул)
Отуруп алып ичин ачам,
Баатырларча аралашам,
Аябаган кызыкка батам,
Аягына жеткенче шашам.'
(Китеп)
Чычкан тиш, эшек кулак, эрди жарык,
Төө карын, ит тамандуу, шайыр кылык.
Бул өзү кандай жандык ойлонгула,
Тыбыт жүн, чыпылдаган эчки куйрук.
( Коен )
Узун кулак,
Кыйык чунак,
Денеси кипкичине, күлгө ынак,
Жүргөнү кылтың-култуң жорго сымак
Туягы тыптырмактай, жаагы узун,
Кандай мал кара далы, узун кулак.
(Эшек)
Бир чынынын ичинде
Эки түрдүү суу бар,
Бири-бирине кошулбайт.
( Жумуртка )
Бышырса аш болор,
Бышырбасаң куш болор.
( Жумуртка )
Теңселип жерден туулган камыш сабак,
Чеңгелдүү таманынан тамактанат,
Кучактап, жылуу ороп кабат-кабат,
Капырай колсуз туруп бала багат.
( Жүгөрү )
Карасаң кардай,
Жеп көрсөң балдай.
Жаралбайт бирок,
Мээнетке канбай.
(Кумшекер)
Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.
(Күн карама)
Бүрүшө калат тиштесе,
Балбан экен иштесе,
Көтөрүп жөнөйт безилдеп,
Өзүндөй жүктү эки эсе.
( Кумурска )
Тарбаңдап бадал, куурай, чөп башына
Желелеп каршы-терши торун жаят,
Урунган чымын, чиркей, кумурсканы
Чыгарбай тыбыратып чырмап салат.
Кана, балдар, мунун атын ким табат?
( Жөргөмүш)
Денеси темир
Жегени көмүр
Айчылык жолго
Чуркайт жеңил.
( Паровоз )
Төбөсүндө эки сызык
Бир күлүк жүрөт сызып
Алтымыштай адамды
Алат ичине кытып.
(Троллейбус )
Үйлөрү бар катар-катар,
Чарчабай жүрөт, эң алыс сапар.
(Поезд)
Аргымактай жулунган
Ак буудайды сугунган
Тазаланган кызылдан
Барасында чубурган.
( Комбайн )
Каз тамандуу
Жираф тумшук
Алакандуу
Дыңды жарып,
Ташты оодарып,
Алат сузуп.
Өтө баалуу бир зат бар
Сүйлөгөндү билбеген
Кызыл, жашыл көздөрүн
Ирети менен ирмеген.
Темирге турса тийгизип,Тешип кетет күйгүзүп
(Экскаватор)
( Светофор )
(Сварка)
Болсо дагы жыгач моюн,
Баатырдын башы чоюн,
Бир койсом — күм-жам кылат,"
Салмактап сакадай боюн.
(Балка)
Чың билек, чымыр каруусу,
Чоюн баш, жалгыз азуусу —
Тиштей албайт жүгүнбөй
Келсе да катуу ачуусу.
( Балта )
Окшош-окшош тегерек,
Бирин-бири жетелеп.
Кубалашып жол тартат,
Арткысы такыр жете элек.
(Араба)
Түр-түр килем, түр килем
Түрө албадым бир килем,
Жый-жый килем, жый килем
Жыя албадым бир килем,
Сал-сал килем, сал килем
Сала албадым бир килем.
(Асман, жер)
Шар-шар этет
Сайдан ылдый кетет.
Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
(Суу)
(Суу)
(Күн )
Кырда кылыч көрдүм,
Кылычымды түндө көрдүм.
(Ай)
Жеңил бирок, көзгө көрүнбөйт,
Жара чапсаң бөлүнбөйт,
Сууга окшоп төгүлбөйт,
(Аба)
Элексиз элеп, даяр ун берет,
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек,
Ар жылда келет, бул эмне делет.
(Кар)
Карагайсыз, тактайсыз
Көпүрө салдым балтасыз.
Минсең — канат
Чапсаң — шамал,
Аны сыйлабаган,
Кишилер жаман.
Өз үйүмдүн кулагы,
Бир жаныбар бу дагы.
Жер жүзүндө жандуунун,
Эң керектүү заты бар.
Үч тамгадан куралган
Анын Кандай аты бар.
(Муз)
(Ат)
(Ит)
(Кан)
Кыш куйбай, ылай чылабай,
Ичи-тышын шыбабай,
Үй куруп алат кайсы уста,
Балта, керки кармабай.
(Чабалекей)
Дүйнөдө бир макулук бар,
Беш ай туруц үйүнө өзү кайтар,
Күндө-күндө жаңылбастан бир сөз айтар,
Ал сөздөн башка сөздү таба албаган,
Кандай Ж^Н өз баласын өзү бага албаган.
(Күкүк)
Бышырсаң аш болор,
Бышырбасаң куш болор
(Жумуртка)
Бүрүшө калат тиштесе,
Балбан экен иштесе,
Көтөрүп жөнөйт, безилдеп,
Өзүңдөй жүктү эки эсе.
( Кумурска )
Канаттары үлбүрөк,
Каалайт экен гүлдү көп.
Балдар көрүп кубанат.
Кармасак деп кубалап
Түк жеткирбей аларга,
Учуп кетет көкөлөп,
Кел табалы экөөлөп,
Бул кайсы куш эле?
( КӨПӨЛӨК )
Жеп отурсаң тил кубарткан таттуу тамак,
Аны тапкан гүлдөн соруп тентек чунак.
(Аары )
Мойну узун бою пас,
Жоону менен боору таш.
Баш, куйругун, төрт бутун,
Катып алат тийсе кас.
(Ташбака)
Жыл мезгилин ылгабас,
Кыштыр-жайдыр кургабас.
(Арча)
Үпүлдөккө кан куюп,
Үлөй талга байладым.
( Карагат )
Кош балдагын басып турат,
Кабар келсе шашып турат.
(Телефон)
Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
( Китеп )
Суусу бар, ичүүгө болбойт,
Жолу бар, жүрүүгө болбойт,
Шаары бар, басууга болбойт.
( Карга )
Ат баштуу, аркар мүйүздүү,
Бөрү куйруктуу, бөкөң сындуу,
Куш канаттуу, кумурска ичтүү.
(Чегиртке )
Төө ооздуу, бото көздүү,
Эшек кулактуу, эчки чычаңдуу,
Ат аяктуу, кой жүндүү.
( Коен )
Бир нерсе бар, учпас бийик
Жер менен көктүн бетин
Миң мертебе айланса да
Эч бир жери кетпейт отко күйүп.
( Шамал )
Төө моюндуу, уй курсактуу
Тегереги булактуу, орто жери чырактуу.
( Самоор)
Кудам кудукка түштү,
Курсагы борсое түштү,
Эки бети кызара түштү.
( Боорсок )
Ак, бирок, кар эмес,
Таттуу, бирок, бал эмес.
(Шекер)
Тамакка салса жоголду,
Анын Даамы оңолду.
(Туз)
СУРОО-ЖООП ТАБЫШМАКТАРЫ
Акыл кайда,
Кубат кайда,
Уят кайда?
— Акыл — башта,
Кубат — сөөктө,
Уят — көздө.
Ала-Тоонун боорунда,
Ат ойноткон ким экен?
— Жылкычы.
Алтын тондун жакасын
Тек кайырткан ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
— Бүркүтчү.
Көтөрүмдүүнүн көтөрүмдүүсү кайсы?
— Эл.
Таттуунун таттуусу эмне?
— Таттуунун таттуусу — жан.
Ширинден ширин эмне ширин?
Катуудан катуу эмне катуу?
Оордон оор эмне оор?
— Ширинден ширин жар ширин.
Катуудан катуу жокчулук катуу,
Оордон оор төрт түлүк мал оор.
Аяттын оозу кайсы?
Түбү кайсы?
— Оозу бысмылда,
Түбү аллоакбар.
Тарлыктын тарлыгы кайсы?
— Тарлыктын тарлыгы — өкүмү күч хандын асты.
Жердин ээси ким?
— Дөбө.
Суунун ээси ким?
— Булак.
Кептин ээси ким?
— Кулак.
Жумшактын жумшагы эмне?
— Кебез.
Катуунун катуусу эмне?
— Таш.
Ачуу менен таттууну бирдей берген ким экен?
— Туз.
Суунун атасы ким?
Жолдун атасы ким?
Сөздүн атасы ким?
— Суу атасы — булак.
Жол атасы — туяк.
Сөз атасы — кулак.
Суунун атасы ким?
— Булак.
Соонун атасы ким?
— Жан.
Сөздүн атасы ким?
—Кулак.
Жолдун атасы ким?
— Туяк.
Дүйнөдө ким берекелүү?
— Жер.
Эмне отсуз күйөт?
— Күн.
Кезектешип жарык берген эмне?
— Күн, Ай.
Асман, жерди бүркөгөн күңүрт нуру не болот?
— Булут.
Мээрими менен нур берип, жылытып турган не болот?
— Күн.
Дүйнөдө эмне күлүк?
— Ой.
Дүйнөдө эмне кызык?
— Турмуш.
Дүйнөдө эмне күлүк?
— Кыял. (Санаа).
Дүйнөдө эмне күчтүү?
— Илим.
Дүйнөдө эмне таттуу?
— Уйку.
Дүйнөдө баарынан эмне семиз?
— Баарынан семиз — жер.
Эмнеде каймак жок?
— Кара сууда каймак жок.
Эмнеде тамыр жок?
— Ташта тамыр жок.
Эмнеде көпүрө жок?
— Көлдө көпүрө жок.
Эмнеде тирөөч жок?
— Асманда тирөөч жок.
Эмнеде жан жок?
— Дөңгөчтө жан жок.
Эмнеде тил жок?
— Балыкта тил жок.
Эмнеде кан жок?
— Чөптө кан жок.
Эмнеде өт жок?
— Жылкыда өт жок.
Эмнеде сүт жок?
— Кушта сүт жок.
Эмнеде түк жок?
— Жыланда түк жок.
Эмнеде кыр жок?
— Кыңырыкта кыр жок.
Эмнеде сыр жок?
— Чыңырчакта сыр жок...
Аркайган кара тоо өлөбү?
— Бетин туман басканы.
Тийип турган күн өлөбү?
— Бетин булут чалганы.
Калдайган кара жер өлөбү?
— Кар астында калганы.
Аккан суу өлөбү?
— Муз астында калганы.
Чекилдектин түбүндө чекилдеткен ким экен?
— Ийикчи.
Асман менен жердин ортосу канча?
— Каш, кабак.
Төгөрөктүн түбүндө төкүлдөткөн ким экен?
— Кырманчы.
Ким сүйлөбөй окутат?
— Китеп.
Кара тоонун боорунда карап жаткан ким экен?
— Саятчы.
Кап оозу кийиз
Карга оозу мүйүз.
Кой баласы шишек,
Аны таппаган киши эшек.
— Кап оозу кийиз эмей эмне,
Карга оозу мүйүз эмей эмне,
Кой баласы шишек эмей эмне,
Аны таппаган киши эшек эмей эмне.
Муун-муун мундуз,
Муун ала кундуз,
Аба кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Кап оозу — кийиз,
Карга оозу — мүйүз
Кой баласы — шишек.
— Муун-муун мундуз
Мундуз эмей эмне?
Муун ала кундуз?
Кундуз эмей эмне?
Аба кийик териси
Териси эмей эмне?
Алты кочкор мүйүзү?
Мүйүзү эмей эмне?
Кап оозу — кийиз,
Кийиз эмей эмне?
Карга оозу — мүйүз
Мүйүз эмей эмне?
Кой баласы — шишек
Шишек эмей эмне?
Ай аяктай болгону, ал эмине болучу?
Күн күрөктөй болгону, бул эмине болучу?
Тоо томуктай болгону, бул эмине болучу?
Сууң сукан тартканы, бул эмине болучу?
— Ай аяктай болгону, ай тийгени эмеспи,
Күн күрөктөй болгону, күн тийгени эмеспи.
Тоо томуктай болгону, күн жааганы эмеспи.
Сууң сукан тартканы, суу киргени эмеспи.
Асмандан бийик эмне?
— Асмандан бийик текебер.
Суудан терең эмне?
— Суудан терең — окуу.
Октон күлүк эмне?
— Октон күлүк — санаа.
Уудан ачуу эмне?
— Уудан ачуу — жокчулук.
Кардан муздак эмне!?
— Кардан муздак — калган көңүл.
Оттон ысык эмне?
— Оттон ысык жан.
Казана деген эмне?
— Көпчүлүк калк.
Мүлк деген эмне?
— Кадыр-көңүлү калбаган сөөк.
Эр эгиз деген эмне?
— Бирин бири сыйлаган, эли-журтуна пайдасы тийген аял-эркек.
Эмгектүү жалгыз деген эмне?
— Бири-биринен ажырашып калган аял-эркек.
Канат эмнеден болот?
— Жакшы санаган ага-ини, сөөк-тамыр.
Манат эмнеден болот?
— Манат койдун жүнүнөн болот.
Санат кайдан чыгат?
— Нускалуу карыялардан чыгат.
Бир карыядан бир жигит суроо сурайт:
Экөө менен кандайсың?
— Экөө үчөө болду. (Бутка таяк кошулганы).
Алыс менен кандайсыз?
— Алыс дагы алыстан ары кетти — дейт. (Көзү көрбөй калганы).
Жакын менен кандайсыз?
— Күндө үч убак карсылдашабыз. (Тиш менен жаактын тамак чайнаганы).
Кабарчы менен кандайсыз?
— Нез кара болгон дарттайбыз? (Кулактын укпаганы).
Жол узуну не болот?
Чөп узуну не болот?
Элдин чоңу ким болот?
Токтобостон агуучу,
Суунун чоңу не болот?
Оңой ушул нерсени,
Кана тапчы сен ойлоп?
— Жол узуну — кыя-адыр.
Чөп узуну — мыядыр,
Элдин чоңу — карыя,
Токтобостон агуучу
Суунун чоңу — дарыя.
Кана айтчы табышмак,
Оозуң минтип жабылмак.
Долононун топ бутак,
Такылдаткан ким болду?
Эки жыгач боорунан
Эптей турган ким болду?
Жарты жыгач боорунан
Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду?
Ала-Тоонун боорунан,
Ат ойноткон ким болду?"
Кара-Тоонун боорунан,
Казан аскан ким болду?
— Долононун топ бутак,
Такылдаткан токмокчу,
Эки жыгач боорунан,
Эптей турган комузчу,
Карагай менен ыргайдын
Башын бууган түндүкчү.
Жарты жыгач боорунан
Жарып алган челекчи.
Ак жамынчы жамынып
Кериге чыккан жылкычы.
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон мергенчи
Кара-Тоонун бооруна
Казан аскан саятчы.
Табышмагың таптымбы
Оозуңду жаптымбы?..
Сапар шаанын (хандын) элине айткан,
7 табышмагын кызы Анвар шаа тапкан экен.
Дүйнөдө ким күчтүү?
Дүйнөдө учкул кайсы?
Баатыр деген эмне?
Коркок деген эмне?
Жакшы деген эмне?
Жаман деген эмне?
Жаманга даба кайсы?
— Эл күчтүү, элди-журтту баш ийдирип турган падыша күчтүү.
Ой, санаа учкул.
Баатыр — жүрөктүү тайманбас адам.
Баатыр болмок жүрөктөн,
Балбан болмок билектен.
Эки көзү бар — сокур кулагы бар — дүлөй,
Тили бар — дудук, элге пайдасыз адам — коркок.
Даанышмандын булагынан суу ичкен,
Эл үчүн камкордук көргөн адам.
Өз башын көккө ыргытып мактанган,
көйрөң, элди эмес өз жанын жакшы бакпаган адам.
Жаманды алдап катарга кошуу, окутуу, тарбиялоо
Ошондой болсо да эл оозунда
«жаманга даба жок дейт».
Анвар шаага агасы Алхактын айткан табышмагы:
Он сегиз миң ааламдын энеси ким?
Эмчеги кайсы?
Он сегиз миң ааламдын атасы кайсы?
Ардагы кайсы?
— Он сегиз миң ааламдын энеси — жер.
Эмчеги — эл-журт.
Атасы — күн
Ардагы — суу.
Куу карагай башынан,
Куулап өткөн ким болду?
Жаш карагай башынан.
Жалап өткөн ким болду?
Жашты кууну аралап,
Сурап өткөн ким болду?
Кара-Тоонун боорунан,
Капталдай көчкөн ким болду?
Кара чоку башынан
Ат ойноткон ким болду?
Эки жыгач боорунан
Эптеп алган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан
Жамап алган ким болду?
Узун сая жыгачтын
Учун кескен ким болду?
Эки кырга конорбу,
Эмки айткан сөзүңдү
Эптебей тапсам болобу?
Жалгыз кырга конорбу?
Жаңкы айткан сөзүңдү
Жамабай тапсам болобу?
— Куу карагай башынан,
Сурап өткөн Алмамбет.
Кууну жашты аралап,
Жалап өткөн Алмамбет.
Жаш карагай башынан
Жашты кууну аралап,
Сурап өткөн Алмамбет
Кара-Тоонун боорунан,
Капталдай көчкөн жылкычы,
Кара чоку башынан
Жамап алган комузчу,
Акыны элем ырчынын
Ар жыйындын ичинде,
Сен өңдөнгөн балдарды
Албарсты баскандай кылчу элем,
Торусу элем жылкынын
Торгою элем ырчынын
Жээрдеси элем жылкынын...
Сөздүн башы эмне?
Суунун башы кайсы?
Жолдун башы эмне?
Күндүн батышы менен чыгышы нече күндүк жол?
Асман менен жердин ортосу нече күндүк жол?
Калп менен чындын ортосу нече күндүк жол?
— Сөздүн башы — кулак.
Суунун башы — булак.
Жолдун башы — кыя.
Күндүн чыгышы менен батышынын ортосу — бир күндүк жол, эртең менен
чыгып, кечинде батат.
Асман менен жердин ортосу — каш менен кабактын ортосундай.
Калп менен чындын ортосу — төрт эли; көз менен
көргөн чын, кулак менен уккан калп.
Төбөңдөгү төрт жылдыз,
Батар жери кайда экен?
Төрт авлия, бир азиз
Жатар жери кайда экен?
Пешенеңде беш жылдыз,
Батаар жери кайда экен?
Беш авлия, бир азиз,
Жатар жери кайда экен?
— Төбөңдөгү төрт жылдыз,
Батар жери кыбыла,
Төрт авлия, бир азиз,
Жатар жери Медина.
Бешенеңде беш жылдыз,
Батар жери кыбыла.
Беш авлия бир азиз,
Жатар жери Медина.
Ташын алып салбаган
Сууда бүтүн бар бекен.
— Ысык-Көл.
Бооруна кетмен чаппаган,
Тоодо бүтүн бар бекен?
— Берик таш ата.
Темингисин тер кылбай,
Жорго минген бар бекен?
— Баба өмүр.
Эшик башы түргөндөн,
Эңип алган бар бекен?
Жылкы башы төргөндөн
Жылкы тийген бар бекен?
— Эр Манас.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 05
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.