Latin

Балдар фольклору - 05

Total number of words is 4433
Total number of unique words is 1674
31.8 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
1—9 га чейин.
дегениң — Бир кудай.
дегениң — Эки адам жол жүрсө зерикпейт.
дегениң — Үлгүлүү топ бузулбайт.
дегениң — Төрөлүү журт азбайт.
дегениң — Белгилеген буюм жоголбойт.
дегениң — Аркандалган ат алыс кетпейт.
дегениң — Жетесиз жаман оңолбойт.
дегениң — Серкесиз кой суу кечпейт.
дегениң — Тойбогон бай томояктын аялынан үмүт кылат.
БАЛДАР ОЮНДАРЫ,
КАЛПТАР, МАКАЛ-ЛАКАПТАР
IV. БАЛДАР ОЮНДАРЫ ХАН — ВАЗИР
Бул оюнду жаш балдар да, чоңдор да ойношот. Оюн башталарда тегерек
тартып отурушат. Оюнга төрттөн адам катышат: 5, 6, 7, 10 болушу мүмкүн. Үч
киши катышса, оюн болбой калат. Себеби чүкөнү өкчөгөндө айкүр (алчы) консо,
хан болот. Таа консо вазир болот. Чик консо, ууру болот. Бөк консо сопу болот.
Эгерде үч киши ойносо, бирөө ар дайым ууру боло берип, оюндун кызыгы кетип
калат. Ошондуктан көбүрөөк киши ойносо, кызыктуу болот.
Адетте чүкө айкүр, таа аз конот. Ошого карап хан, вазир жай алмашат.
Оюндун шарты боюнча биринчи хан шайланышы керек. Чүкө айкүр
турмайынча катары менен өкчөй беришет. Качан айкүр конгондо өкчөгөн киши
хан болот да, чүкөнү өкчөөдөн калат. Анын чүкөгө кол тийгизүүгө акысы жок. Ага
кол тийгизсе, жыдып калат да хандыктан түшөт. Хан шайлангандан кийин таа
тургузган киши вазир болот. Ошондон кийин оюн жандуу боло баштайт. Анткени,
андан кийин өкчөгөн кишинин чүкөсү чик болсо, дароо вазир: «Ууру кармадым»
деп, кармап келет да, ханга кайрылат.
— Ханым, дат? — дейт вазир.
— Дартың болсо айт! — дейт хан.
— Ууру кармадым.
— Эмнеңди уурдаптыр?
Вазир: — Үч же беш коюмду уурдады — дейт. Же каалаган буюмдарын,
малдарын айта берет. Бирок мында оюндун башында ойногондор тарабынан
макулдашылган санды тактап айтканда, жуп санды же так санды гана айтыш
керек. Эгерде жуп санды айтууга макулдашып, так санды айтса (мисалы: 2, 4, 6, 8,
дегендин ордуна 1, 3, 5, 7, деп алса) жаңылган катары түшүп калат. Вазир ууруну
кармаганда 3 коюмду же 5 коюмду уурдаттым дейт. Эгер ал айтпайбыз деген (4,
6) санды айтып алса, түшөт.
Ал эми хан кескенди жаңылып айтпайбыз деген жуп сандын эсебинде кессе
(мисалы: 4 билек (шап) ал десе) хан дагы түшүп калат.
Катары менен өлчөлүп жаткан чүкө айкүр же таа турса, вазир которулат.
Эгерде чүкө оңко турса, оюн бузулат. Кайта башынан ойнолот. Оюн кызыктуу
болсун үчүн, хан кармалган ууруларга ар түрдүү кесет. Мисалы: беш билек ал, беш
укуй ал, беш төөматек, ж. б. Оюн ушул сыяктуу улана берет.
БАТ АЙТУУ
Бала колунун бармактарын бирден жумуп:
— Баш-бармак,
бадал жүрөк,
Ортон оймок,
Оюу-чиймек.
— Чыйп чыпалак — чычайган арам тамак! — деп, так обон менен ырдап
ойнойт.
КОЛ ЖАШЫРМАЙ
Аты жокту башкалардан ажырата билүү үчүн жашырмай оюну ойнолот. Бир
бала колдун ар бирин орун алмаштырып, экинчи колу менен баштарын
бириктире кармайт да: — «Тап, тапкыч» — деп, экинчи балага колунун башын
көргөзөт. Экинчи аты жокту тапса тапты, таппаса кайрадан биринчи бала
жашырат. Эгер тапса, экинчи бала аты жогун жашырат.
БҮРКҮТТҮН ТУМШУГУ
Эки бала ар бири сөөмөй менен бармактарын тийиштирип, бүркүттүн
тумшугуна окшоштурат. Анан биринчиси-экинчисинин колунун сыртынан
оорутпай чымчып:
— Менин бүркүтүм бийик учат — дейт.
Экинчиси колун бошотуп, биринчисинин колунун сыртынан оорутпай
чымчыйт да:
— Менин бүркүтүм бийик учат — дейт.
Ушинтип кайталанып, балдардын бою жетпей калгандай бийиктикке чейин
жеткирилет да, оюн кайрадан башталат.
ЧАБАЛЕКЕЙ (ЧААП) ОЙНОО
Колго кармала турган жоондуктагы жыгачтан (узундугу 60 см 1 метрге чейин
болгон) чабалекей жасайт. Анын баш жагына балек токтой турган орун жасайт.
(Балек 15—20 см узундуктагы жоондугу сөөмөйдөй болгон жыгач). Чабалекейдин
баш жагына балекти коюп, көтөрүп ыргытып чабат. Андан мурда чабалекей
ойногон балдар экиге бөлүнөт да чабалекейди туттум кармашат, «туттум» деген
ойногон бала колу менен жыгачты кармайт, экинчиси андан кийин кармайт.
Ошентип экөө алмак-салмак кармап отуруп ким жыгачтын башына мурда чыкса
(кармаган жыгачтын) ошол чабалекейди мурда чабат. Оюндун шарты боюнча эки
жак белгилүү санды «тай» катарында эсептейт. Мисалы 100 же 200 «тайды» ким
мурда бүтсө, ошол уткан болот.
«Тайды» утуп алуу шарттары төмөнкүчө: Чабалекей чапканда балек элүү, жүз
метр алыс барып түшөт. Аны тосуп албаса, кайта чапкан жакка ыргытат.
Чабалекей чаап жаткан бала тосуп туруп кайта чабат. Тийсе да, тийбесе да
маарага чейин (оюндун борбору) чабалекей менен санап келет? Ошентип оюн
улана берет. Чапкан мезгилде балекти тосуп алса, же кайра ыргытканда дал
маарага келип түшсө, экинчи жаак чаап, мурдагы чаап жаткандар тосуп алат.
Ошентип отуруп кимдин «тайы» белгиленген санга мурда жетсе, ошол уткан
болот.
Уткан жак утулган жагын «чымылдатат». Мунун шарттары: Уткан бала
чабалекей менен балекти иликтейт. Ал канча жолу иликтесе ошончо жолу
(мисалы: 2—3—4) чабалекейди улап чабат. Башкача айтканда 100 же 300 метрге
чейин кээде андан алыс барат. Ошол балек барган жерден утулган бала
чымылдайт. Анын тексти:
Ак бай, ток бай,
Кара менде кашка тай
Кулду-кулду-кулду бай
Куруп калган санды бай
Акалекей, чабалекей
Чым м... м... деп чуркайт.
«Чымылдаган» бала дем албоо керек. Дем алса ошол жерден кайра чаап
узартат. Акыры «чымылдап» отуруп маарага жеткенде кутулат. Чымылдап
маарага жете албаса, уткан баланы көтөрүп маарага алып келет. Уткан бала
көтөрүп келатканда ха... хи... чү... деп мазактап ойноп күлүп келет.
БӨРҮ — КОЙ
Түндө бир топ балдар жайдын күнү чогулушуп алышып, эки жаат болушуп,
бир тарабы сырткы кийимдерин чечишип кой кылып жайып ташташат да, кой
кайтарган болушат. Экинчи тараптагы балдар бүт карышкыр болушуп, жайып
ташталган кийимдерди бирден келип, ала качышат. Койдун ээлери
карышкырларды жабыла кууп токмоктойт да кармап алышат. Бирден кармалып
олтуруп, бүт колго алынса, алар кой ээси болушуп, кийимдерин кой кылып,
жайып, беркилер карышкыр болушат.
ОРОМПОЙ
Балдар тепе-тең экиге бөлүнүшөт. Биринчи тараптан бир бала качат, берки
жааттын бир баласы оң бутун көтөрүп, алып сороктоп кууйт. Жерди тегерете
чийип, белгилеп коюлган болот. Бир тепкенде ал бала тышка чыгат, аны
үркүнчөөк байтал дейт. Ошо жааттын дагы бир баласы түшөт. Кууп жүргөн
баланын буту жерге тийсе, ал баланын оюну жыдып, калган жолдошторунан бир
бала ордун алат. Бир тараптын балдары кууп жүрүп, үч баланы тепсе уткан болот.
Кезектешишет. Уттурган жактын баласы качат. Уткан жаак кууйт да кармап,
минип келет.
ШАБИЕТ
Балдар тепе-тең эки жаат болушат да чөп жашырышат. Бир тарабы бүт
чийиндин ичине кирип, төрт аяктап турушат, берки жааттын балдары бүт бойдон
сабап чыгып турушат, чектин ичиндеги балдардын бирөө эле бир баланы тебе
алса, уткан болот да, уттургандар ичке киришет.
АКСАК КЕМПИР БАПАЛАК
Түндө бир топ балдар чогулат. Бир бала тебетей-тонун аңтара кийип ар
кандай сөздөрдү айтып, төрт аяктап басып балдарды кубалайт. Балдар качып,
тебетей жана башка нерселер менен урушат.
КООН ҮЗМӨЙ
Түндө балдар эки жаат болуп, бир тарабы кучакташып чубаша отурушат.
Турган балдардын бир баласы келип, олтурган балдарды бир баштан тартат.
Бирөөн үзүп кетсе да калгандарын тартат. Тарта албай калса, тигилер тартат.
БӨРҮ САЛМАЙ
Жайдын бир күнү бир топ балдар тайларын минишип келишет да
камчыларын теңештирип, камчысы кыска болгону тебетейин жерге таштайт да,
аны кайтарып турган болот. Бардык балдар тебетейин камчылары менен
чабышат. Тебетейдин ээси аларды кубалайт, бирөөн кармаган болсо, ал баланын
тебетейи ташталып, оюнду уланта беришет.
ЧӨӨ БӨРҮМ
Түндө бир топ балдар чогулат. Бир бала бети-көзүн боеп, эки тебетейди мүйүз
кылып, жаагын таңып, тонун да аңтара кийип, балдарды кубалайт.
Чөө бөрүм нары кач,
Чөндөлөйүм бери кач! деп балдар алышат.
УРУШМАЙ
Ойноочулар эки тарапка бөлүнүп, эки тараптын да башчылары болот. Анан
бир баланы четке каратып, эки колун жогору көтөртүп коюшат. Ал кайсы колун
мурун түшүрсө, ошол тарап жатышат. Каршы тарап аларды урушат. Эгерде
отургандардын бирөө урган адамды тээп койсо, алар жатышат. Ошентип ойной
беришет.
ЧИКЕЛЕК ОЮНУ
Мында да эки тарап болушат. Бир нерсени алып, эки тараптын башчылары ат
кармашат. Кимиси үстүнө чыкса, ошол чикелекти чабат. Чикелек үчүн бир
метрдей, таякты алып, бир жак узун азыраак жалпак кылышат. Ошол чикелектин
жалпак учун бир карыштай баллекти коюп, аны секиртип уруп жиберет. Оюндун
башында бир нече кадамды шерт (маара) кылып коюшкан болот. Баллекти
урганда ким ошо урулган баллекти кармап алса, же урган жерге таштап, коюлган
чикелекке тийгизсе, ошол тарап чикелекти кезектешип ура баштайт.
КУР ЖООЛУК ТАШТАМАЙ
Канча болсо да балдар тегеректеп олтурушат. Бир баланы чыгарып, курду
эшип колуна берет. Ал бала курду алып балдарды айланып, бирөөнүн артына
курду таштайт. Эгерде ал бала билип калса, дароо курду алып, кур таштаган
баланы ура берет, ал чуркап анын ордуна келгенче. Эгерде билбей калса, кур
таштаган бала аны ордуна кайра келгенче ура берет. Бирөө курду алып, аны кууп
ордуна келип олтурганча, оюн улана берет.
ЧҮКӨ САЛМАЙ
Эки бала койдун эки чүкөсүн алат да кармайт. Ар ким өз чүкөсүн билет. Алчы
чигени жейт, таба бөгөнү жейт. Ошентип ойной берет. Ким «жесе», ошол жеген,
чүкөнү ала берет.
ЧҮКӨ ӨКЧӨМӨЙ
Эки бала эки чүкөнү алып, бирден өкчөйт. Кимдин чүкөсү консо, (бири бөгө,
бири чиге түшсө) алып бекитет. Алып кармаган чүкөлөрү айрым болуп түшөт. Ал
кармаган бала ошол, айрым түшкөн чүкөлөрдүн кандайын кааласа, экинчи балага
тап деп айтат. Ал эки чүкөнү алып кармай баштайт. Мурунку баланын айтканын
тапса, алат. Алдыңкы баланын айтканын (эки чүкөнүн биринин түшкөнүн) тапса,
да алат. Таба албаса, мурунку бала алат. Алган бала эки чүкөнү да алат. Ошентип
ойной берет.
КАЛ (таз) ЭЧКИ ЧАПТЫ
Жерден чуңкур казышып, үй жасап, ал үйгө бирден бала таяктын учун
чуңкурга сайып турат. Үйлөрдүн ортосунда ордосу болот. Аны да казып коет.
Андан көр сайды деп, көздөрүн жуумп, ордого сайышат. Ким сая албай калса, эчки
деп, бир тоголок ташты ордого айдап келет. Башкалар киргизбей тоскоолдук
кылып айдап турушат. Ошентип ташты айдап келген бала үйдөгү балдар
тоскоолдук кылып турганда анын үйүнө мурда сайып алса, ал үйдү тартып алып,
ал балага ошол үйдү кайтарып турган бала эчки айдашат. Ошентип олтуруп
ордого акыры бирөө киргизет. Анда «бай көчтү» деп биринин үйүнө бири келип
кирет. Ким үй таппай калганы эчки айдайт. Бул оюнда балдардын санына бир үй
кем болот.
АК СӨӨЛМӨК, (Ак чөлмөк)
Айлуу түндө балдар эки тарап болуп, бир жерди белгилеп бир нерсе коет.
(Таш, чапан) ж. б. Андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак сөөлмөк) алып,
ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан
тарттырбай алып келип таштаса, бир оюн алган болуп эсептелет. Ошентип ойной
берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) таштаса, ошол тарапты көп таштаганы
эшек кылып минет. Ак сөөлмөктү ыргытып, ошого жеткиче айдай берет. (Минип
барат).
УЮМ ТУУДУ
Адам башына бештен чуңкур жасап, ар чуңкурга бештен коргол салат. Анан
корголду бирден алат, ким эң кийин алса, ошол жүрөт. Жүргөн адам беш
корголду алып, өзүнүкүнөн баштап, бир-бирден салып чыгат. Төрт корголдун
бирин «Уюм тууду» деп алат. Анан экинчи адам (коргол салган) корголдун
башынан жүрөт. Анын биринчи чуңкурунда беш болгондуктан ую туубайт. Анан
дагы экинчиси жүрөт. Ошентип жүргөндө төртөө болсо, ую тууйт. Эгерде
арасында бир бош чуңкур болсо, анын жанындагы чуңкурдагы корголдун
бардыгын алат. Ошентип ойной берет. Ким көп утуп алса, ошол жеңет.
КӨЗ ТАҢМАЙ
Көз таңмай деген оюн ашта, тойдо жана келин алуу бала олтургузуу чоң жоро,
шеринелерде, бала төрөлгөндө болот. Ал көз таңмайга ар бир талаптуу киши
чыгат. Мен чыгам деген кишинин көзүн баякы калыс кишилерден келип, байлап
бул урук элдин кишисинин көзүн башка бир уруктан чыккан калыс киши жоолук
менен жылчыксыз байлайт. Алардын көзү байлана электе элдин орто жерине
узун таяктын учуна жоолук байлап жерге бекем сайып койгонун көрсөтөт. Анын
байгесин жарчылар мурда угузган болот. Көзү таңылган кишилерди жанакы
таякты таап ал деп туш тараптан барып тең кое берет. Мында карап олтурган
көпчүлүк элге күлкү пайда болот. Анткени баякы кишилер ар бир жакка темселеп
кулачып жайып баса берет. Кээ бир кыраакы сымал кишилер таякты бет ала
басканда анын эли «Кургурум — эми түз баскай элең» деген сөзгө келет. Бирок
кишинин атын айтып катуу үн чыгарыш элдин калоосунда болбогон үчүн өз ара
гана акырын сүйлөп олтурушат. Баякы таякты көздөй бараткан киши өтүп
кеттимби деген ой менен кайра тартып же башка жагын көздөй бурулганда эл
күлүп калат. Башка бир кишилер бирден басып олтуруп, олтурган элди карай
келатканында болот. Кай бирлери элден озалбай тегеренип жүрө берет. Бул
ортодогу көзү таңылган 20—30 кишинин ар биринин ар бир жакта жүргөндөгү
борумун көрүп эл күлө берет. Кайсы бирлери кулачын жайып баратып бирине
бири урунуп алып, чочуп кетип экөө эки жакка жалт берип кетишет. Анда дагы
күлкү кай бирлери бирин-бири кучактап калат. Эгер арык же ийиндүү жерлери
дуушар болгондору көмөлөнүп кетет. Анда бир амал болот бир киши таякты
көздөй түз баратса анын өз тарабынан бирөөнү белгилүү киши арка жактагы
күлүк аттарды бастырып турган балдарда чакырган болуп катуу үнү менен бери
эле түз бастырып кел деп артын карап кыйкырат. Ошонун үнүн болжоп баякы
киши таякты таап алышы мүмкүн. Бирок андай амалдар мурун эле макулдашып
алгандыгы белгилүү.
АРКАН ТАРТЫШУУ
Аркан тартышуу дагы аш той жана келин алуу бала олтургузуу чоң шерине,
чоң үлүштөрдө, бала төрөлгөн тойдо ойнолот. Аркан тартышуунун тартиби;
аркан тартышууга абдан балбан жана салмактуу киши чыгат. Алардын дагы
шымдан башка кийими болбойт. Мойнуна гана бир калпак коюп коёт. Аркандын
эки учун туюктап түйүп коюп, эки кишинин мойнуна туюк жагынан илип,
боорунан алып барып эки бутунун ортосунан чыгарып кежигесине калпактын
үстүнө арканды илет. Элүү саржан жерди теңдеп туруп ортосунан чек кылып
туура чийип коет. Бул эки балбан моюндарын жикирейтип белин дүмдүйтүп,
жыңайлак буттун бармагын жерге сайылтып, эки колдоп чөптү жер болсо чөптү
мычкып чөп жулунуп кетсе жерди тырмап, алынын бардыгынча тырмышып,
айласы келсе жерге жабышып калчудай чектен чыгып кетпестин айласын кылат.
А эгерде жигит бутун бир тайдырып жерден козгоп алса, токтотпой сүйрөп
кетүүнүн аракетин кылат. Сүйрөтүп жиберген балбандын жылып бараткан түрү
— тумшугун жашырган кашкулактын көрүнүшүндөй болуп колу-буту биригип
бооруна чогулуп түйүнчүктөй болуп баратканын көрөсүң. Ошол учурларда
сүйрөп бараткан балбандын тарабы «тарта көр эле, тарта көр» деп чуулдашат.
Сүйрөткөн балбан өтө көп жерге сүйрөтпөс үчүн боюнун салмагын салса дагы эки
колу арканда болот. (Чектен алыстап кете электе мойнумдан арканды чыгарып
жиберсем деген ой менен). Анын өз тарабы дагы жымжырт болуп ызалангансып
калат.
ОРДО
Жородо, шеринеде, жай учурларда тамаша кылуу үчүн утушуу үчүн ойнолот.
Ордонун тартиби жеке оюндардын түрү төмөнкүлөрдөй болот. Эки болуштан же
эки селсоветтен же эки колхоздон эки киши ордо атышалы деп убада кылат. Анда
кайсы жерге атышарын эмне байге саярын канчадан киши болорун. Маселен 2
болуш беттешип калса, бул болушта үч күн тигил болушта үч күн конок алышып
турмак болушат. Байгеси ат же согум бээ дешет 25тен 50 киши атышабыз деп
2ден 4 калыс алып чүкө жыйууга 3 киши бардыгы 30 кишини милдеттүү конок
деп атына чөп, жем даярлап коет. Болжолдуу жерге барганда 30 же 35 таман
болсун деп борбор менен бир жак чийиндин арасын болжоп, ордонун өйүз-бүйүзү
70 таман болот. 4 калыс бир жерде отурат. Ойун санап жана жыдып калгандарды
билүү үчүн алардын колуна 25 кишини 3төн оюну 75 ташты берип коет. Бул
тараптан жыдыган оюн үчүн тигил тарапка бир таш берип турат. Бир кишиге 5
чүкөнү салып 3 оюн атасың дейт. 249 чүкөнү борборго кандын тегерегине
тийиштирип бөгөсүнөн тизип коет. Кан деп он тыйындык күмүштү же мүйүз, же
сөөктөн тыйын барабарында кылып жасап туруп ошого ченеп оюн салып коет.
Кан эки оюн үчүн жүрүүгө акылуу болот. Канды тооруп албайт. Олтуруп чүкө
чертип жаткан бойдон чертпей ордунан туруп кайра олтуруп анан кан чертет.
Бир тарап канды жалгыз гана кошпой алса киши башына бирден оюн атат.
Кандын бу калыпкы жана көлөмү 10 тыйындык күмүштөн ашык болбойт. Ордо
тизип болгондон кийин калыстан чийден же жыгачтан 2 сөөм 2 эли кылып кесип
ордого таштап коет. Ал абалак менен же томпой менен чүкөгө салганда жетип
калса олтуруп чертүүгө болот. Жетпей калса абалак томпойун алып кайра атат.
Бул эрежелерин бүткөндөн кийин 2 тарап 2 сол чүкөнү ат калчашат. Кайсы аты
конгон тарап мурда ата баштайт. Ордо бузмачы аткычтар алды менен атып
чүкөнү ордонун бетине чачыратып жиберет. Балким чүкөлөрдөн наркы чийинден
чыгып кетсе кайра дагы бир жак четинен чийинди басып туруп алат. Чүкө
чыкпай калса бир оюну өлгөн болот 2 оюну калат. Чачыраган чүкөлөрдөн
чийинге жакын бир метр же жарым метр, же карыш жаткан чүкөнү чертмекчилер
кадай баштайт. Чийинди басып туруп кадаганда чүкөсү чыгып кетип, абалагы
чүкөлөрдү аралап барып жатып калса баякы калыс жыгачты салып көрөт, жетип
калса оң жак тизесин бүгүп көчүгүнө баскандай болуп, сол жак бутун тамандап
жерди басып туруп, абалакты алып черте берет. Эгер чертип жатканда же тим
турганда оозу мурдунан суу жерге тамса жыдып калат. Абалкы отурушта бир гана
чүкө чертип кайра турат. Кайра олтурушта бир канча чертип турууга эриктүү
болот. Чүкө чертүүгө олтурганда жерди басып турган бутунун тумшугу жаткан
чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп олтурган бутунун таман жак
тумшугу дагы чачырап жаткан чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп
отурган бутунун жерде тамандап олтурган, же бүктөп отурган буттарынан
биринин тумшугу жаткан чүкөлөрдү бычактын мизинчелик же андан көбүрөөк
аралашкандай болуп көрүнсө жыдып калат. Эгер жыдыганыбыз жок деп бу тарап
чыр кылса буттун учуна такай бычак сайып коюп калыстар сындап көрөт.
Бычактын мизинчелик эки чүкөнүн шаңына илинсе жыдып калат. Ар бир
аткычтар бирден жаткан чүкөнү 10—15ин бир ойноо менен атып кетет.
Чертмекчилер кырсыктабай чертсе 20—ЗОдун учу чүкөнү чертип кетет. Бир
тарабы чүкөнү көп алып бир тарабы аз алып калса, аз алган жак бир кишиге 3төн
чүкө салып 2 оюндан атат. Чукун деп бир гана атканда айтат. Ордодо кадамакчы,
торомокчу, атмакчы ордо бузду дегендер болот. Булар туруп жүрүп ата
тургандар. Чертмекчи деген чачылып жаткан чүкөнү сыңар тизелеп олтуруп
чертип чыккандарды айтат. Чүкөнү каны менен такыр алып бир тарабы куру кол
калса баякыдай кылып тизип берет. Алдырак тарап катуу чымырканып
ызалангандай болуп эң бир кылдаттык менен таамайлап атышат. Ордо жакшы
бузулуп чүкө бир өңчөй чачылып кадамак турмак жакын барып калса
чертмекчилер ичке көп түшсө чүкөнү каны менен такыр алып кетсе, тиги тарапка
байге бербей жандырып кетет. Такыр ала албаса уттурган болот. Ошонтип бир
тарапка 3төн конуп 6 күнгө чейин эрегишип ордо ата беришет. Бирок тарап кетүү
алдырган жактын эркинде болот мындай чоң мөрөйлөрдү шыктуу гана жак бир
күндө 4—5 утуп кетүүгө болот өтө кыйын чертмекчи атмакчыларды жаңылап
оюнга ала берүүгө болот.
Кадамчы деген чийимди сол буту менен басып туруп эңкейип алып атып
жиберет. Торумакчылар сол буту менен чийинди басып туруп сол колун сыртына
карай чабылта оройуп, оң бутун сол бутунун шыйрагына чалып туруп чүкөнү
өзүнүн солбак сыртын көздөй абалакты же томпойду чимирип жиберип
кайрасынан чийинден чыгарып абалагын ордонун ичиндеги чүкөнү аралатып
жиберет. Баякы калыс жыгач чүкө менен абалака жетип калса кадимкидей
олтуруп черте берет. Балким ордо бузуп жүргөндө да ичте калып черте берет.
Анан бир сөз ордочунун жыдыгандары чүкө чыгарып жүргөн киши же анын
жолдоштору ордого чүкөнү борбор жагынан өтүп кетип чүкө чийин жагында
калса жыдып калат. Чүкө чыгарып атып же чертип жүргөндө колунан же оозу
мурдунан бир нерсе ордого түшүп кетсе жыдыйт. Аткан черткен чүкөлөр чыгып
баратып өз тарабына тийип кайра ордонун ичине түшсө жыдып калат. Кыскача
ордонун шарты ушулар болуп саналат.
УПАЙ
Упайды эки киши же төрт, же алты эң көп болсо он кишиге чейин эки жаат
болуп гана ойнойт. Упайдын байгесин ойногон кишилер өздөрү сайышып ойнойт.
Эгерде эки район же эки селсовет эл ордо, тогуз коргоол, упай, чакмак баарын
ойноп мелдешели дешсе байгеси ошол тарабынан сайылат. Упай ойноонун
тартиби, упай деген оюндун түрү мындай болот. Упайдагы эки дубан же эки
болуш, же эки айыл, же эки эле кишиден ойноло берет. Эгерде эки дубан болсо
үчтөн же экиден киши чыгарып кыйын упайчылардан алып чыгат. Булардын
байгеси да ат же андан чоң, же аз болсун айтушууна жараша болот. Упайда үйдүн
ичине катуу калың жаңы кийизден салат көлөмү болсо чарчысы 4 же 5 метр
жерге, ал кийизди тегеректеп оюнчулар жана эл олтурат. Бир белгилүү чоң чүкө
же саканы кан деп коет. Оюнчулар экиден төрт же үчтөн алты киши болсун
чүкөнү үчтөн бир басым деп бардыгы 30 же 40, же 50 басым чүкөнү дандуулап
санап коет. Эки тараптан ат калчашат дагы кайсы аты конгон жак мурда калчайт.
Кан башка чүкөлөрдөн обочо тиштебей жатса кан жаткандай бүгө болсо, бүгө,
чиге болсо чиге, алчы болсо алчы, таа болсо таа чүкө менен атат. Аткан чүкөсү
кандан башка чүкөгө тийбей барып канга тийсе канды алып жалгыз коет. Канды
аткан чүкөнү үч чүкө атмайынча атпайт. Чүкөнү атканда сөөмөйдүн учу менен
гана атат, алганда дагы бармак сөөмөй менен алат. Кокус алып баратканда чүкөсү
колунан түшүп кетсе жыдып калат. Чүкөнү үчтөн гана басат. Андан ашып кетсе
жыдып калат. Бүгө чүкөнүн үстүндө бир чүкө чигесинен жатса ал экөө атылбайт.
Аткан чүкө башка чүкөгө тийип калса жыдыйт. Маселен кырк басым чүкө болсо
кырк басым атып алса ажыраткан болуп эсептелет. Андан кем атып жыдып калса
аткан чүкөнү кайра чүкөгө кошуп коет. Жана жыдыгандын өнөгү калчайт.
Алардагы жыдып калса тиги тарапка берет. Ал учурдагы ажыратып кеталбаса
биринен сала бири калчап олтуруп бир киши кырк бир басым алып кетсе ээ, бул
ажыратып кетти деп камынат. Калган чүкөнү дагы кыркасы менен калчап бир
басым эки басым атып алса дагы чүкөсүнө кошуп ала берет. Чүкөнүн көп бөлүгүн.
бир тарап алып кетсе, аз чүкө калган тараптын колундагы чүкөгө жараша он
басым бий, беш басым бий турушуна ылайык чүкө кошуп, ашык чүкөсүн катып
алдык деп оюнга салбай алып коет. Бул сапар мурун калчоодо канды алган жак
мурун калчайт. Алар маселен он басымдан жыйырма басым чүкө калчалып жатса
он бир басымын каны менен алса ажыратат. Бул үчөө ажырата албай калса берки
тарапка берет. Булар чүкөнү каны менен такыр алып кетсе тигилер жаңкы кыдык
алып калган чүкөсүн кайра кошот. Булар канды баштап 20 басымда алып кетсе
аларда колундагы 20 басымды бүт кошот. Кан алган мурда калчап бүл чүкөнүн
барын көбүн атып алса, калчап бир басым же андан көбүрөөк чүкөнү булар алып
койсо баякыдай аз чүкөгө жараша чүкө кошуп ойной беришет. Үч эле чүкө алган
болсо, канынан башка үч гана чүкө кошуп алты чүкө бир кан жетөөнү эле
калчайт. Бул жети чүкөнү бир киши гана бүт атып алуу керек. Мурункудай эле
абал мурда канда жалгыз атып жалгыз басып туруп алты чүкөнү үчтөн эки басып
бир эле киши алат. Чүкөсү көп жак алып кетсе, беркилер куру кол калып,
уттурган болот. Бирок кайра салып бермей бар дешип убада кылса алдырды
деген жак калчап кырк бир басым алса жандырып кеткен болот. 41 басым
алалбаса абыдан уттурган болот. Кайра салып бермей жык болот. Упайдын
жыдый боло турган иштери мындай болот. Бүгө менен чигени атса, алчы менен
тааны атса, атууга ык кылган чүкөсүнүн жанындагы тийишип турган чүкө
кыймылдап же билер билбес шек берип солк эткендей болуп калса, же огу менен
аткан чүкөсү учкашып калса, же тийишип катып аларда кыймылдап бирер шек
берсе, же огун тааныбай аткан чүкөм деп жаңылыш алса, же бир чүкөнү атайылап
кол сунуп баратып айнып башка чүкөгө бурулса атып алган чүкөсүн алам деп
колунан түшүрүп жиберсе жаткан чүкөлөрдү басып алып, же тийип алып козгоп
койсо же үч чүкөдөн ашык, же кем болсо жана башкача кокустар менен
ооз-мурдунан түкүрүк, насыбайга окшогондор чүкөгө тамса, же жолдошунан
ушундай кырсыктар болсо ушулардын бары жыдыды деп эсептелет.
ЧАКМАК
Чакмакты эки же төрт, же андан арбын кишилер болуп эки тарап болуп
чакмак алышат. Чакмакка киши башына бештен же ондон таш, же чүкөдөн
алышат эгер өтө чакмакчылар болсо байге сайып ойношот.
Берчиликтин же шооктун ойну болот. Чакмак алышуунун тартиби: чакмак деген
оюндун түрү мындай болот. Бештен он киши же үчтөн алты киши эки жаат болуп
чакмак алууга мелдешип ар бир оюн сайын бир койдон же андан азыраактан
байге сайып беттешет. Бул кишилер эки айылдан же эки топтон же бир айылдан
болсун бирден эки эле чакмак алышуга болот. Киши башына 10, 15, 20 таштан
ээлешет. Таш деп чүкөдөн алганын айтат, Чоң эмес кичине эмес орто чүкөнүн
томологурагынан алышат. Абал мурда ченешип көрүшөт. Ченешмей деп
колундагы он беш ташты алаканын өөйдө карата өкчөп жиберип колунун сырты
менен тосуп калат. Таштын баары же көпчүлүгү колунун сыртына токтоп калат.
Аны кайра өөдө экчеп жиберип колун таштын үстүнө имерилтип барып уучтап
калат. Ал таштардан уучтатпай бирде бири ыргып кетсе колундагы калган ташты
гана эсепке алат. Жана бири ошондой чегип көрүп, мунун ташы арбын болуп
калса экөөнүн ташын чогултуп алып, бул киши чакмак алмак болот. Эки колун
жанаша тосуп туруп жаңкыдай эле чегет. Колунун сыртына 7, 5, 4 чүкө токтоп
калат аны азырактан токтотуп калыш чакмакка устачылыгы болот. Себеби
жерден чачыранды жаткан таштарды ошол тобундагы ташка карай тартат
эмеспи учунда беш таш болсо жерден дагы беш ташты тартып келиш керек.
Маселен колуна бир ташты огум деп кармап туруп бир жарым же эки метр жогору
ыргытып жиберип ошол огу кайра келгенче жерден беш ташты ар кай жерден
жыйнап уучуна алып жогортон келаткан огун тосуп беш таш менен бирге кармап
келип беш ташты жерге коюп, баякы огун дагы ыргытып, жанакыдай кылып
олтуруп жерде калган чүкө бешке жетпесе тим гана чогултуп алып, бул сапар бу
ташты музоом деп алып коет. Анын жанында музоо кайтарып олтурган кишиси
болот. Кайра дагы чегин баякыдай жол менен алат, бирок колдун сыртында
канча таш токтоп калса, ошончо чүкөнү жерден алып туруу керек болот.
Ыргыткан огун кармай албай калса жыдып калат. Эгер жерден төрт таш алмак
болсо бир жерде чогуусу менен чокмороктошуп 8,9 чүкө жатса огун үч ыргытым
менен топ чүкөнүн улам бир экиден колдун учу менен бери томолотуп жатып
бешөө болгондо алып кетет. Огун үч ыргытканда кармабай гана алаканы менен
кайра кагып жиберип турат. Бирок ок жай келсин деп эки, үч метр алыс кагат. Ал
өтө адистик менен какпаса, ок башка жакка кетип калуу болот. Чакмактын
жыдый боло турган жерлери: огун кармай албай калса, жерден тартуучу ташты
артык же кем тартса, топту таштын четинен илип тартуучу таштан башкасына
колун тийгизип алса жыдып калат. Жана жердеги чачылып жаткан таштарга
тийип калса дагы жыдыйт ар бир ченеп алган сайын бирден ташты музоо кылып
олтуруп тиги тараптан арбын музоо ашык алса эле уткан болот. Чакмакты бири
жыдыганда бири алып кезек менен ойношот. Экиден, үчтөн болуп жаат болуп
ойносо бир жаат алып бүткөндө тиги жаат ойнойт.
ОРОМПОЙ
Оромпойду боз балдар, жигиттер бештен же андан көп киши болуп эки тарап
болуп оромпой тебет. Тийирип салган кишилер оюндан калып олтуруп бир
жааты утат. Оромпойдун тартиби: оромпой тебиш деген оюндун түрү мындай
болот. Балдар 10, 15тен болуп эки жаат болуп бөлүнүп алат. Бөлүнөрдө эки
тараптан эки бала ак сакал болуп чыгып бирден баланы кезек менен тандап алып
туруп балдардын барынча бөлүп алышат. Баякы башлык болгон эки бала чөп
жашырат, чөп жашырган мындай болот, элден обочорок туруп чөптү үзүп алып,
эки алаканына салып оозуна сала койгон болуп, эки колунун бирине жабыштыра
коюп, колун жумуп калат. Берки бала барып өзүнүн эки кулагын чукугансып
туруп, тигинин бир колун ачып чөптү таап алат да тигилерди баскыла жүккө
киргиле деп айдайт. Жарчысы 6, 7 че саржан жерге тегерете короо шекилдүү
тегерек тизип койгон балдардын кийимдерин айтат. Оюндун тартиби боюнча
тигилер чөптүн ичине кирип, бир бутун бүктөп алып бир буту менен сокоңдоп
оромпой тээп жүрө берет. Тиги тарап качырып кирип буларды жаакка, куйрукка,
капталга кайсы туш келген жерине алакан менен тартып жиберип качып берет.
Аны кубалап, оромпойчолдор жетип тээп калса, тигилерди чөпкө жерине кууп
барып салышат. Жанакыдай алар дагы аксаңдап жүрө берет. Кайсы бир учкаяк
күлүк балдар оромпойчондорду бөйдө чапдай деп туш тарабынан качырып
кирип, алдастатып көп уруп кетишет. Буларды жыдып калмайы эле
оромпойчоңго тептирип салганы болот. Оромпой тээп жүргөн бүктөп жүргөн.
ДҮМПҮЛДӨК
Дүмпүлдөк боз бала жана келин-кыздардын оюну болот. Көпчүлүгү түңкү ай
жарыкта ойнолот, күндүз эркек балдар гана ойнойт. Дүмпүлдөктүн тартиби:
дүмпүлдөк деген оюнда дагы балдар эки бөлүнүп алып чөп жашынмай кылып
чөптү таба албай калса ошол тарап жатат. Жатканда балдардын бир тарабы
чокмороктоп, баштарын катып, көчүгүн томпойтуп берет. Алардын үстүн
чапандары менен жаап коюп бир күлүк бала аркандын бир учун жаткан балдарга
карматып коюп, бир учун колуна кармап алып, жаткан балдарды кайтарып коруп
турат. Тигилер туш-туштан бөйдөй чайдай деп качырып кирип кийиз пайпак,
эшкен жоолуктар менен чогулуп жаткан балдарды токмоктоп кетет. Аркан
кармаган бала улам бирин кубалап тап берип кайра чуркап жатып ал кара сууга
түшүп, жинигип калгандай болуп, жүрүп кабылта түшүп, тигилердин бир
кашаңырак баласына жетип тээп калса жабыла чурулдап тура калып чүкө байтал
деп тигилерди жаткырат. Бул таяк жеп калгандар жанын аябай кашаңдарын
аркага коюп, өтө күлүк балдар буларды токмоктоп кирет. Булардын аркан кармап
коруп жүргөн баласы өтө шамдагай күлүк бала болсо, жаткан балдарын көп
урдурбайт. Бул аркан кармаган баланы бет алып жүрүшү жагынан жана
аркасынан кетпей эң бир сак болуп жүрөт. Камалып турган балдардын энөөрөгүн,
кашаңырагын байкап туруп, качырып сала берип, байкоосуз турган баланы
шамдагайлык менен барып оң буту менен тээп калса, чөктө жаткан балдарын
куткарып алат. Бирок чөктөн чыгып барып тебишке болбойт. Чөккө жатпаган
балдар чөптүн тышында жүрө берет. Жаткан балдар эч кандай аракет кылууга
болбойт. Таяк жебей жатканына эле маашыралып жата берет. Бул эки тарап
өчөгүшүп калса, же алардын арасынан бир эки баланын эрегишип жүргөн жери
болсо пайпакка таш салып алып чабат. Ал чабуучу баланын кайсы жерде
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Балдар фольклору - 06
  • Parts
  • Балдар фольклору - 01
    Total number of words is 3686
    Total number of unique words is 1871
    23.5 of words are in the 2000 most common words
    35.0 of words are in the 5000 most common words
    41.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 02
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1946
    24.2 of words are in the 2000 most common words
    36.4 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 03
    Total number of words is 4283
    Total number of unique words is 2315
    24.6 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 04
    Total number of words is 4183
    Total number of unique words is 2198
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    46.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 05
    Total number of words is 4433
    Total number of unique words is 1674
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 06
    Total number of words is 4523
    Total number of unique words is 1825
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    52.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 07
    Total number of words is 4200
    Total number of unique words is 1980
    34.6 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    54.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 08
    Total number of words is 4165
    Total number of unique words is 1753
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 09
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1727
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    56.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 10
    Total number of words is 4222
    Total number of unique words is 1679
    36.4 of words are in the 2000 most common words
    49.6 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 11
    Total number of words is 4276
    Total number of unique words is 1698
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    54.7 of words are in the 5000 most common words
    61.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 12
    Total number of words is 4231
    Total number of unique words is 1848
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    58.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 13
    Total number of words is 4215
    Total number of unique words is 1714
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    51.9 of words are in the 5000 most common words
    57.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 14
    Total number of words is 4174
    Total number of unique words is 1814
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    48.8 of words are in the 5000 most common words
    55.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 15
    Total number of words is 4330
    Total number of unique words is 1635
    39.4 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 16
    Total number of words is 4178
    Total number of unique words is 1802
    38.7 of words are in the 2000 most common words
    53.5 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 17
    Total number of words is 4287
    Total number of unique words is 1701
    38.8 of words are in the 2000 most common words
    52.6 of words are in the 5000 most common words
    59.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 18
    Total number of words is 4111
    Total number of unique words is 1902
    34.4 of words are in the 2000 most common words
    47.8 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 19
    Total number of words is 4155
    Total number of unique words is 1850
    36.5 of words are in the 2000 most common words
    50.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 20
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 1737
    37.6 of words are in the 2000 most common words
    52.8 of words are in the 5000 most common words
    58.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 21
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 1845
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    54.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 22
    Total number of words is 4209
    Total number of unique words is 1710
    37.2 of words are in the 2000 most common words
    51.6 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 23
    Total number of words is 4124
    Total number of unique words is 1859
    35.6 of words are in the 2000 most common words
    49.8 of words are in the 5000 most common words
    56.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 24
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1827
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 25
    Total number of words is 4118
    Total number of unique words is 1672
    36.7 of words are in the 2000 most common words
    49.7 of words are in the 5000 most common words
    55.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 26
    Total number of words is 4159
    Total number of unique words is 1787
    37.8 of words are in the 2000 most common words
    52.1 of words are in the 5000 most common words
    57.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 27
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 1757
    37.5 of words are in the 2000 most common words
    50.9 of words are in the 5000 most common words
    56.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Балдар фольклору - 28
    Total number of words is 1928
    Total number of unique words is 1099
    33.8 of words are in the 2000 most common words
    46.2 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.