Latin

Семетей - 25

Total number of words is 4203
Total number of unique words is 2084
30.7 of words are in the 2000 most common words
44.2 of words are in the 5000 most common words
51.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Коргонду калмак колго алган,
Койбостон түктү олжо алган.
Оодарылып токтобос,
Оруну жок бул жалган.
Кимиси баатыр, ким коркок,
Ошондойдо ылганган!
Элчи кирер эшик жок,
Кылайган шоола тешик жок.
Байрак тиктеп, туу жайса,
Серпилип калмак чыккан жок.
Чын айласы кеткенде,
Тактада калмак жатканда,
Гүлчоро турбай камданып,
Эркечтенип шаңданып.
Эрлик менен аттанып,
Эбин таап кирсем - деп,
Урма ташта жез ноого,
Бурап тартма жерине,
Чыгарып алма тээгине.
Чын эле келип ошого,
Колун салып ошондо.
Туткасынан кармады,
Тартып сууруп алганы.
Ноого түшүп зыпылдап,
Коргонго кирип алганы.
Колуна кылгыч кармады,
Коркпой кыргын салганы.
Коргондун ичин кандады,
Душман кирди дегенде,
Турбай калмак камданды.
Жай кылбайт экен бизге – деп,
Жайнап чыкты талаага.
Калың, калмак кошунун,
Айдап чыкты талаага.
Талаага чыгып Уусаңген,
Сандагап калмак кол менен,
Асаба таштап, туу тигип,
Эр майданын күзөттү.
Эрлик кылып Канчоро,
Желигип чыкты майданга.
Эл үчүн кызмат кылам - деп,
Белин чындап байларга.
Калмак баатыр Уусаңген,
Каруу жарак асынып,
Майданга чыкты камынып.
Эр Канчоро, Уусанген,
Беттешип эми барганда,
Балталашып жетерде,
Башка чаап кетерде.
Зыркырап доош угулуп,
Канчоро өңү кубулуп.
Кандай шумдук болду - деп,
Аркасын карал бурулуп.
Шыпшайдер уулу Кожожаш,
Шыпшыган жааны тартыптыр.
Зыркыраган жаа огу,
Канчорого жетиптир.
Үч кабат темир калканын,
Ок өтпөгөн олпогун,
Такыр тешип кетиптир.
Учу этке жеткенде,
Кармай алды сабынан,
Канчородон башка адам,
Жаа огун кармап албаган.
Кабылан туулган түгөнгүр,
«Эми атса сойот - деп,
Кантип тирүү койот» - деп Калмак Саңген баатырдын,
Каршы алдына тура албай,
Кайра качып калганы.
Бура тарта бергенде,
Бурултпай найза сайганы.
Канчоро калды жыгылып,
Топого башы тыгылып.
Коркконунан эңтендеп,
Жыгылып, кооп темтеңдеп,
Бура тартты Уусаңген,
Башын кесип кетсем - деп.
Ашыгып калды Байтайлак,
Батыраак ага жетсем -деп.
Өлүм менен кери жок,
Өлүмдөн коркор эби жок.
Эрдигинин чени жок,
Чендешер бенде теги жок.
Алыстан келип шаар алган,
Ал калмакта кеги көп.
Качырып жетти Байтайлак,
Камандай тиши качырап.
Маңдайда көзү чачырап,
Канчорого жеткенче,
Сайып калмак Саңгенден,
Шаштырды бала найзалап.
Кооп кетти ордунан,
Эр Канчоро анталап.
Коркуп калган түгөнгүр,
Басалбай турат тамтаңдап.
Алдындагы Карала ат,
Эми кармап минерде,
Шыпшайдар уулу Кожожаш,
Жааны тартып ийгенде.
Теминөөргө туш келип,
Темирге огу тийгенде.
Темирди тешип кыйратып,
Каралатты сулатып.
Аттан өтүп аткан ок,
Канчоронун шакшагын,
Көзөп кетти кыйратып.
Аны көрүп Байтайлак,
Аргытып атын чуратып.
Кабылан туулган чорону,
Ат куйругун карматып.
Алып кетти чогуудан,
Армандуу болбой Канчоро,
Кутулду душман колунан.
Карап турбай Кожожаш,
Жебе тартып соңунан.
Бакайдын уулу Байтайлак,
Он мөрүгө ок тийип,
Балтасы тушту колунан.
Балта жерге тушкөндө,
Эр тиреги сом билек,
Колдун иши бүткөнө.
Калмактын ханы Уусаңген,
Кайрап кылыч жетти эле.
Гулчоро чаап жеткиче,
Куйгулуктуу чунактын,
Көрүнөө башын кести эле!
Гулчоро байкуш канетсин,
Түшүрбей башты топого,
Эңип илип кетти эле.
Уусаңгенди Гүлчоро,
Көмө сайып кеткени.
Калмактын калың кошуну,
Каптап селдей жеткени.
Гүлчорону жеткирбей,
Уусаңген башын кестирбей,
Кутказып алый кеткени.
«Өлүгүн алып кетет - деп,
Абакем сөөгүн көрсүн - деп,
Жалгызынан айрылды,
Көңүлү сууп калсын» - деп, Белине бекем камынып,
Жынжырдан кемер курчанган,
Аткый кармап Гүлчоро,
Сур аттын артып жалына,
Камчы берип санына,
Калмактардан, чогуудан,
Алып чыкты Гулчоро.
Кайра жанды калмактар,
Мындай уруш болгондо,
Кан төгүлмөк наркта бар.
Эрегиштен эр өлөт,
Экөө жалгыз дебестен,
Эңишке кирсе бары өлөт
Өзү өктөм кудайдын,
Өкүмүнө ким көнбөйт.
Ушинтип келет Гүлчоро,
Кошуп ыйлап күңгүрөп.
Кошунга жакын барганда,
Башы башка Байтайлак,
Тулку бойу бир башка,
Гулчоро тура калганда.
Карыган Бакай абаңдын,
Көзү көрүп баласын,
Көрүнөө калмак чыгарса,
Чечекейдин карасын
Карып калган хан Бакай,
Канткенде буга чыдасын?!
Кызыл кандуу жөтөлүп
Бузулуп өңү көгөрүп:
«Семетей, төрө, болбой кал,
Кордукту мындай, кылбай кал!
Бала жолборс атанып,
Журт башкарып, жүрбөй кал!
Атактуу баатыр Коңурга,
Антта турбас донузга,
Бир кишиге туйгузбай,
Билинбей кетип ушуга.
Канчоро чалгын чалды - деп,
Гулчоро кабар алды - деп.
Жыргап жаткан кыргызда,
Кайдан болсун кайгы - деп.
Камынбай жүрөт алдынан,
Карыганда хан Бакай.
Күнүм каран калдым - деп,
Өзу берген жалгызды,
Өзү кудай алды - деп!
Тунжуруман айрылып,
Акырет кетер чагымда,
Күнүм каран калдым - деп!
Өңөргөн колдо найзамды,
Кара ташка мен уруп,
Жеп салдым жалгыз баламды
Жыласын тартып куурадым,
Жаш менен көзүм буладым!
Кылычым канга бойодум,
Кылымды далай жойлодум.
Кыргыйыман айрылып,
Кыйноого калган окшодум!
Мылтыгым сынды белинен,
Бузулган ишим жеринен!
Буркурап ыйлап олтурсам,
Боор ачыр бенде ким экен?!
Карыганда Бакайдын,
Көзүнүн жашы сел экен!
Тартылып түндүк, от өчүп,
Түгөнүп калган кеп экен!»
Уусаңген калмак баш кесип,
Сакалы ылдый жаш кетип.
Кайгырып Бакай кабылан,
Кайгыдан бойдон ал кетип.
Шалдырап мууну бошошуп,
Шалпыйып Бакай шай кетип.
Ыйлап турат карыйа,
Кара көздөн күйгөндөн,
Кан аралаш жаш кетип:
«Тулпарым калды минилбей,
Тунжурум калды салынбай.
Күкүгүм калды таңшыбай,
Күлүгүм калды чабылбай.
Көмүлгөн көргө калмактар,
Күйгүзүп мени наалытты, ай!»
Жамгырдай жашы төгүлүп,
Сакалы ылдый агылат.
Көрүп туруп Бакайды,
Көргөн журттун баары ыйлап.
Карыган Бакай хан ыйлап,
Калбай журту баары ыйлап.
Кайгысына Бакайдын
Караган ыйлап, тал ыйлап,
Өчпөскө бүткөн күн ыйлап,
Өсүп чыккан гул ыйлап.
Ай караңгы түн ыйлап,
Өз, жат дебей баары ыйлап.
Токтоно албай тоо ыйлап,
Топурак, таштын баары ыйлап.
Адыр ыйлап, жер ыйлап,
Адам калбай жалпы ыйлап.
Карыган Бакай тура албай,
Какшап турат жан кыйнап.
Аккан тунук суу ыйлап,
Айдыңкөлдө куу ыйлап.
Алты сан кара көп ногой,
Катын, эркек, кан ыйлап.
Салынган коргон там ыйлап,
Сайылган терек бак ыйлап.
Сакалы ылдый жаш кетип,
Сакалдуу Бакай хан ыйлап.
Элдин баары чуркурап,
Эси кетип буркурап.
Тура албады Семетей,
Журөгу күйүп бек туйлап.
Чыдай албай Семетей,
Чылбырын бекем курчанып:
«Калмактан көрдүм кордук - деп! Кабылан төрөң муңканып.
Бакайдын айткан сөздөрүн,
Мойнуна кабыл парыз алып.
Айтса айтпаса, абакем,
Айтары мага эп экен.
Гулчоро менен Канчоро,
Бузулат калкың дегени,
Ал айтканы чын экен!
Мени кудай урчубу,
Мындай кордук болчубу?
Алдын тосуп албасам,
Жалгызек мойун бурчубу?
Калкымдын баары бөлүнсө,
Карыганда Бакайдын,
Көзүнөн жашы төгүлсө
Он тогузда Байтайлак,
Бөөдө өлүп көмүлсө.
Эрдигим менин бекер - деп,
Эл бузулуп кетер - деп.
Энөөлүк кылып мен жүрсөм,,
Эли-журттан айрылып,
Эми айлам нетер -деп.
Эрдик кылып жоо сайсам,
Элим көрөт пайдасын.
Кантип элди унутам,
Кошун курап, кол жайган?!
Коңурбайга айдадым,
Кетенчиктеп тартынбай,
Зор душманга барганын.
Тайанып элдин күчүнө,
Ал душманды алгамын.
Жалгыз жүрүп жоо алып,
Жалгыз көздү сойдум -деп,
Көтөрүлүп көңүлүм,
Көйрөңдөнүп алганым,
Эл-журттан чыгып калганым,
Анык болду бүгүн эң!» Деп, Семетей ачынып,
Хан Бакайга карабай,
Караганга жарабай:
«Айланайын, Гулчоро,
Өзүң билгин калганды,
Баланы таза жууп кой,
Аруу менен бууп кой.
Абамды капа кылбагын,
Азыр кызмат кылайын.
Айтканы ката кетпеген,
Касиеттүү эр эле,
Каргап мени салбасын».
Гүлчорого тапшырып,
Жүрүп кетти Семетей.
Бастырып кете берерде,
Гүлчоро туруп муну айтат:
«Күлгүнүм, абам - деп айтат.
Жан айабас эр эмес,
Жалгыз жарым барганда,
Тирүү келчу жер эмес.
Келген окшойт Кожожаш,
Ал Шыпшайдардан кем эмес!
Аткан октон ал жазбайт,
Мылтык атып, жаа тартса,
Тиктегенин жер жаздайт!
Огу өтпөй калбайт - деп,
Олпогуң тоскоол болбойт - деп,
Койгун, аба, койгун - деп,
Айчүрөк жеңем, кайдасың,
Аккуу кебиң кийгин - деп!
Жайдын тилин билчү элең,
Күндү жайлап учкун -деп.
Байкап көрчү асмандан,
Жыйылган калмак калктардан.
Чогулушкан топ барбы?
Сейрек турган эл барбы?
Жалгыз турган жан барбы?
Кемеге казып, от жагып,
Түтүн салган хан барбы?
Байкап көргүн жеңе» - деп,
Гүлчоро айтып салганы!
«Бийликти бердим сага» - деп,
Эми эле айткан Семетей,
Бастыра албай калганы.
Бакайдын турбай жанына,
Канчорого барганы.
Ал Канчоро баатырдын,
Колу сынып кокуйлап,
Колтуктап колун олтурат.
Семетейди көргөндө,
Тетири артын ал карайт.
«Арбагым качкан белем» - деп,
Жалгызекке барды эле,
Жаалысы катуу Жалгызек,
Бура тартып кетти эле.
Шашылып калды канкоруң,
Журт жайкаган анткоруң.
«Сары абам көөнү жай бекен,
Көрбөгөлү көп болду,
Сагынып мага зар бекен?»
Буурул менен булкуйуп,
Сары ханга барды эле.
Салам айтса алик жок,
Сагынмак турсун Семеңе,
Сары хан көзүн салган жок.
Сары ханга кеп кылбай,
Салпыйып Семең шылпыйып.
Алдымдагы Буурулду,
Бастырганда кындыйтып,
«Хандардын баары таарынып,
Калган экен мага» - деп.
Гүлчоро сөзүн унтуптур.
«Мен кирейин, аба - деп,
Күч кылайын мында» - деп.
- Буурулдун башын буруптур,
Кылычын кындан сууруптур.
Чымындай жанын айабай,
Өлөмүн деп санабай,
Кайнаган калың калмакка,
Кара бойун уруптур.
Урганда жакшы болгон жок,
Калмактын ханы Уусаңген,
Найзасын күүлөп булгалап,
Семетейди качырды.
Уусаңген үнүн укканда,
Өзү бала Кожожаш,
Көрөгөн көздүү кара көз,
Жааны кармап, ок тиштеп,
Семетейди атты эле.
Жаанын огу жетти эле,
Ок өтпөс буулум Аколпок,
Дал болуп тешип өттү эле.
Учу этке жетерде,
Тепчий өтүп кетерде,
Шай колдогон түгөнгүр,
(Айткан сөзүм күмөндүр) Колдобосо неткени,
Колдоочусу баабедин,
Кызыл бала жылаңач,
Шашылып буга жеткени.
Кирип жаткан окту ал,
Бойунан кармап кеткени.
Жанып жерге ок түштү,
Жаанын огу бош түштү.
Жолугушар киши эмес,
Жоонун жайы эң күчтүү!
Баабедин менен иши жок,
Коруп турган киши жок.
«Ок өтпөйт экен буга» - деп,
Кезеген огун имерип,
Тай буурулга Кожожаш,
Тайсалдап туруп атты ок.
Семеңдин жаны тыныптыр,
Буурулдун буту сыныптыр.
Шыйрагынан үзүлүп,
Тарамышы кыркылбай,
Тай буурул калды тим жылбай.
Кеткенин билип Гүлчоро,
«Бул кошулуп өлөт - деп,
Анан кимди көмөм -деп,
Байтайлакты элдерге,
Муну алсаңар белем» - деп. Кечикпей Гүлүс бат жетип,
Атадан калган сур жебе,
Ага кездеп ок салып,
Атайын деп калмакты,
Эр Гүлчоро бел байлап.
«Көрүнөр бекен Чурөк» - деп,
Көктү тиктейт көз жайнап.
Көктү чолуп Айчурөк,
Баарын көрүп туруптур.
Булутту сөгүп бөлүнттү,
Гүлүстөнгө караанын,
Өзү Чурөк көрүнтту.
Элдир-селдир чогууда,
Тизилип турса сабында,
Жаман чапан бир киши,
Элдин арка жагында,
Кемегеси жанында.
Болжолдоп Чүрөк желегин,
Ошо жакка ыргады.
Семетей менен кери жок,
Эр Гүлүстөн чоронун,
Билбей турган кеби жок.
Билгени немей неткени,
Адырды көздөй бет алып,
Салып чоро кеткени.
«Канкорум кордук көрдү» - деп,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Салган бойдон жеткени,
Туугандан кечкен кызталак,
Кандуу калпак кийсе да,
Кысылганда чын карайт.
Асили кыргыз уругу,
Ал карабай ким карайт?
Калмак Саңген капырды,
Кан ичме жинди чакырды.
Кайра тарта бергинче,
Семетейге келгинче,
Сайып өтө берди эле,
Бура тартып алгыча,
Бурулуп найза салгыча,
Уусаңгендин Жалгызек,
Башын кесип алгыча,
Жаанын огу жеткени.
Оң карыга ок тийип,
Сооту жок жерге нак тийип.
Күүлөнгөн огу шак тийип,
Колу сынып жок болду,
Качырып жоого сак кирип.
Ошо кезде Гүлчоро,
Көрүп калды караанды.
Бер жагында уч саптан,
Кезеген жаадан ок тартты.
Пар келтирип тушуна,
Баатыр Гүлүс шок тартты.
Бура тарта бергинче,
Кожожаштай мергенди,
Тоңкойтуп жерге кулатты.
Бир атпады үч атты,
Айагында күч атты.
Калмактын мерген беренин,
Кара жерге сулатты.
Калка болгон калмакка,
Кожожашты кулатты.
Күчү тоодой күркүрөп,
Күрдөлүү туулган түгөнгүр,
Кара бойун чыйратты.
Алдындагы Сур атты,
Камчы берип кырдантты.
Гүлүстөндүн камчысы,
Күүсү менен тийгенде,
Учуп кетти Суркойон.
Учпаганда неткени,
Ортодо турган Жалгызек,
Жөө калганы Семетей,
Жаралуу болгон эрлерге,
Көз ачкынча жеткени.
Жалгызек колу сынганда,
Буурулдун буту сынганда,
Жалгызек менен Семетей,
Өлүмдү алып мойнуна,.
Жалынып акка турганда.
«Экөөнүн башын тең кесип,
Алып кетсем белем» - деп,
Баатыр калча Уусаңген,
Атынын башын бурганда.
Учкан куштан Гүлчоро,
Утур келди ушуга.
Найза карма чыңдаган,
Сайганын жыкпай калбаган.
Кылыч кармап кырдаган,
Балта кармап кезгерген,
Кеткен эмес илгертен,
Кез келгеп адам тук эсен.
Күйгүлтүктүү Гүлүстөн,
Күлүгүн мыктап жүгүрткөн.
Көкүлүн көккө шүйүлткөн,
Куйругун бекем түйүлткөн.
Тилин өлчөп сөз алган,
Асманда жүргөн күңүрттөп,
Мөкүбалдуу найзасын,
Булгап колго алганы.
Бура тарта бергиче,
«Чарайнанын чети - деп,
Алтын ээр кашы - деп,
Табарсыктын башы - деп,
Кулдун, өлөр жери ушу»
Как бооруна муштады.
Муштаганда өткөнү,
Аркасынан коройуп,
Найза чыга түшкөнү.
Күүлүү найза жетиптир,
Эки кабат темир тон,
Талкалап өтүп кетиптир.
Кужурлуу туулган Гүлчоро,
Күүсү менен күркүрөп,
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Сийдиги агып бүркүрөп,
Калмактар качып сыйлыкты,
Бир четинен дүркүрөп.
Астына салып калмакты,
Айдап кетип баратат.
Күрзү кылып Саңгенди,
Жайлап кетип баратат.
Эр чырагы эки көз,
Маңдайында жалтылдап,
Жайнап кетип баратат.
Уусаңген онтоп жалынып,
Сайрап кетип баратат.
Буурулу аксак жетелеп,
Семетей басып энтелеп.
Колу сынып Жалгызек,
Мине албай атка сендиреп.
Жаралуу болгон Канчоро,
Карап турат эндиреп.
Катып турат хан Бакай,
«Жалгыз уулум өлдү - деп
Ажыдаардай бул душман,
Элге кайдан келди» - деп.
Сүрдүгө эли бергенде,
Буурулдуи буту сынганын,
Анда Бакай көрдү дейт.
«Аттын буту сыныптыр,
Арстандын жаны тыныптыр
Өлсө өлгөндүр Байтайлак,
Арстандын алы кандай» - деп? –
Байтайлакты унутуп,
Семетейге кайгы жеп.
«Караан болбой калкында,
Канчоро жатып алды - деп,
Жалманбоз турат майданда
Жалгызек кайда кеткен» - деп. –
Белине таңуу бектерди,
Эми Бакай хан эстеп.
Ырысына жараткан,
Илгеркинин карысын.
Намыс учун жараткан,
Жаш уландын баарысын.
Байтайлакка карабай,
Майдандагы чорого,
Салып Бакай баратат.
Бозжорго менен алкылдап,
Семетейге хан Бакай,
Кирип келди жакындап.
Ачуусу келген Бакай хан,
Кандуу найза салат, бейм.
Өлтүрбөсө да бул абам,
Өзүмдү жара кылат, бейм?
Семетей турат муну ойлоп,
Жалгызек дагы аны ойлоп.
Бирок жетти Бакай хан,
Жаңыдан акыл кеп ойлоп: «Канкорум, шайык нетти -деп,
Тай буурул аксак көрүнөт,
Не калба болуп кетти - деп?
Арстаным, шайың нетти - деп,
Атың аксак көрүнөт,
Азап күн кайдан жетти - деп? Жалгызекти имерип,
Каңкорго айткан сөздөрүн,
Талаага таштап жиберип.
- Кулак сал, бала, сөзүмө,
Не калба болду өзүнө?
Шалпайыңкы көрүнүп,
Калыптырсың, көзүмө.
Өлсө жалгыз, ким өлдү,
Кабылан арстан Жалгызек,
Ким көргөн мындай күндөрдү?
Каптап калмак кетпесин,
Куткаргыла көп элди!
Калың элден айрылсак,
Калганга кыйын иш болот!
Жалгызынан айрылган,
Карып калган Бакайга,
Калдайган кара кыш болот!
Эркин өткөн жыргалда,
Элдин баары кор болот.
Башканын көзүн карашып,
Балдардын баары зар болот.
Басарга жолу тар болот,
Байланып колу шал болот!
Таарынчыны койуңар,
Таарынбаймын мен Бакай!
Бузук кыйал болбосун,
Күнүмдүгүн карабай,
Түбөлүгөн ойлосун!
Айдалып кетсе байкуш эл,
Көзүнөн агып кандуу сел,
Оодарылып жата албас,
Айкөл Манас баатыр шер!
Манастан тукум бар туруп,
Карыган Бакай мен туруп,
Алп Жамгырчы хан туруп,
Жалгызек баатыр, сен туруп,
Эки чоро шер туруп,
Элди эстебей балам -деп,
Бышактап ыйлап мен туруп.
Чаптырып ийсек Таласты,
Айдатып ийсек алашты.
Кара кыргыз уругу,
Кабылан Кошой ханымдын,
Алмамбет, Чубак залымдын,
Ажыбай, Сыргак баатырдын,
Арбагына чет болуп,
Кантип бетин көрөбүз?
Мындай наам алгыча,
Салышып жатып өлөбүз!
Көргүлүктү көрөлүк,
Урушуп жатып өлөлүк.
Өлсө өлгөндүр Байтайлак,
Эл тынчытып көмөлүк!
Сырдаган Коргон кур калса,
Зыркырап эмчек сыздаса,
Чыркырап бала ыйласа,
Мөкчөйүуп чалдар муңканса,
Туулбай туна чөккүн - деп,
Тукум болбой өлгүн - деп,
Арстандын калып артында,
Мындай кордук көрдүк - деп.
Ак чачтуу кемпир каргаса,
Ак калпак кыргыз элим - деп,
Ак шумкар шаңшып үн салса.
Алашым кайда кеттиң - деп,
Кош жаңырык үн салса.
Ала-Тоо какшап муңканса,
Сабалаган эркиндеп,
Залкайган кыргыз элим - деп,
Асманда булут сумсайса.
Караңгыда нур чачкан,
Баскан кыргыз жол тапкан.
Кайран журт кайда кеткен -деп,
Каалгып ай чыкпаса.
Кубат берген баарыга,
Кубанткан жанды жарыкка.
Курдашым Манас баатырдын,
Кураган эли кайда - деп,
Орноткон тагы кана - деп,
Күн көшөгө тартынса.
Куу инген кетсе букулдап,
Көлдөкү куулар кукулдап.
Куу тайган кетсе кыңшылап,
Тулпарым кетсе азынап,
Ушулардын убалы,
Канткенде бизди соо кылмак?!
Эл ичинен эр туулат,
Элин сактайт туу кармап.
Эли үчүн эр өлөт,
Эбегейсиз шер өлөт.
Эр өлбөсө, эл өлөт,
Эри өлсө, эл көмөт,
Эл болбосо ким кемет?!
Кайраты толук азамат,
Ушундайда көрүнөт.
Чырпыгы сынса, чынардын,
Жаз менен жана көгөрөт.
Буурулдун бутун таңгыла,
Калмакты сайып кыйратып,
Калганды сактап калгыла!» Жалгызынан айрылып,
Кан түтөп ичтен кайгырып.
Хан Бакай турса муну айтып,
Жалгызек ойлоп муңайып:
«Кагылайын, абаке,
Карагын менин өзүмө.
Калмак Саңген баатырды,
Көмө сайар кезимде,
Учурадым кесирге.
Калмактап мерген жеткенби,
Аткан огу туш келип,
Каруумду үзүп кеткенби?
Унутпаймын, абаке,
Сенин карылык сөзүң эстелди!»
Каары кайнап кулбөгөн,
Өрттөнгөн токой түрдөнгөн,
Канкордун уулу түгөнгүр,
Күнгүрөнө сүйлөнгөн:
«Айланайын, абаке,
Буурул атка ок тийди.
Болбоду шайым тим эле,
Аттан мурун маа тийди.
Аколпок тешип өтпөдү,
Тешүүгө күчү жетпеди.
Жаанын огу жарылып,
Жерге түштү кептенди».
Канкордун кебин укканда:
«Катыгүн, балам, не дейсиң,
Тепчип кеткен ок жанып,
Билбей калган белемсиң?!
Ачуулуу келип, мас болуп,
Жаралуу калган кезиңде,
Акылыңа, Жалгызек,
Илбей калган белемсиң?!
Кайсы жерге тийди эле,
Ок тийген жерди көрөйүн?!» Олпокту барып караса,
Ок өтүптүр ушунда..
Темир соот күрөкө,
Так өтүптүр ушуга.
Бакайга даана көрүнүп,
Олуйа келди алдына,
Жылаңач бала дубана.
«Арстан эрге кайгы жеп,
Аткан ок тепчип жетерде,
Ашыгып араң жеттим - деи,
Тасмасынан чың, кармап,
Тартып салып кеттим» - деп.
Кобурап бала суйлөдү,
Семетей менен Жалгызек,
Үнүн укту баланын,
Көрө албады караанын.
Сергек туулган Жалгызек:
«Абаке, жакшы билгин - деп,
Кужурлуу туулган Гүлчоро,
Куткарып калды бизди - деп.
Уусаңгендей баатырды,
Кан ичме жинди капырды,
Найзага илип кетти - деп.
Көтөрүп алып капырды,
Чокмор кылып жакырды.
Калмактын калың кошунун,
Аралап кирип кетти - деп.
Бизге тийген жебени,
Ага да атты бекен - деп?
Эми айласы нетти - деп,
Колу сынып Канчоро,
Жарадар болуп кеткен - деп.
Арстанга жардам кыларга,
Калган эмес бектен» - деп.
Анда айтат хан Бакай:
«Баарыбызды кыйраткан,
Бел коргондо Шыпшайдар,
Калмакча аты Шыпшайдар.
Эл койгон аты Жойкара,
Ошонун уулу Кожожаш,
Келгени, бейм, ант ургур.
Эреңдерди кыйратып,
Сойгону, бейм, мант ургур.
Эми билдим баатырлар,
Башын кесип кетуучу,
Баатыр эмес Уусаңген.
Аткан экен Кожожаш,
Азапты салып бул башка.
Гүлүстөн кетсе алыска,
Гүлүстөндөн айрылсак,
Ким жарайт эми намыска?
Жарар бекен Айчурөк,
Аркасынан барышка?»
Бакай абаң муну айтып,
Эки эренге жай айтып.
Берендерди ээрчитип,
Коргонго барып кирди эми.
Өзү Бакай табыпкер,
Жалгызек менен Канчоро,
Шыпа кылып колуна,
Салгын деп кудай оңуна.
Тай буурулдун шыйрагын,
Буулум менен чырмады.
«Чиритпей өзү сактайт» - деп,
Алтындан шакшак кылганы.
Каде менен оротуп,
Хан Бакайдын таңганы.
Алдырып келди талаадан,
Арстан Тайлак баланы.
Айчүрөк учуп асмандап,
Гүлчоро кеткен кол айдап,
Андан кабар ким алат?
Барарга киши жок болуп,
Баралбай кыргыз токтолуп.
Жүз отузда бул кезде,
Барууга турду камданып,
Эр Жамгырчы козголуп.
Ал Жамгырчы баатырдын,
Минген аты Уларбоз,
Салынганы байандоз.
Саадагын алып байланбай,
Колуна кармап найза албай.
Кайда терек, тал болсо,
Жулуп алчу тайманбай.
Ошону менен жоо алган,
Илгертен берки адаты.
Карылык менен кери жок,
Ойуна түшүп санаты.
Уларбоз менен аргытып,
Алчактап кетип баратты.
Муну мындай таштайлы,
Жубатай менен Гүлчоро,
Жоругунан баштайлы.
ГҮЛЧОРО МЕНЕН ЖУБАТАЙДЫН КАРМАШУУСУ
Калмактын иши тез болгон,
Алп жамгырчы баатырга,
Бир бала жолдо кез болгон.
“Өзүң чоочун баласың,
Кайсы жакка барасың?
Кабыландай жаш бала,
Кабарың айта саларсың”. –
Анда бала кеп айтат:
“Өзүң кары аксакал,
Жүрдүң кайда – деп айтат?” –
“Мени койуп сен бала,
Өзүңдүн айтчы кабарын,
Чыныңды айтпай сен койсоң,
Көмө чаап саламын!”
Бурулбай бала бастырып,
Бура тарта берерде,
Эр жамгырчы баатырың,
Шамдагай эле эң эле,
Бура тарта бергинче,
Этегинен кармады.
Карыса да эрлик чоң,
Камгактац эңип алганы.
Коркконунан чыдабай,
Колго түшкөн байкуш жан,
Бала сөзүн баштады,
Бар сырын айтып таштады:
“Алдыга Саңген кеткен – деп,
Алып кегин кабар – деп, Жубатай мени жумшады.
Айдама кошун кол келет,
Ар жагында бул кырдын,
Калмактын колу мол келет.
Келип калса кыргыздан,
Кимиси ага тең келет?!” –
Жашырбай баарын чын айтып,
Жаш бала тилин безенет.
Баланы кармап ныктады,
Кулагын кесип алганы,
Жаагын канган чыктады.
“Колуңа, бала, алгын – деп,
Алп Жамгырчы кылды – деп,
Жубатайдай баатырга,
Жашырбай айтып баргын” – деп, Кулагын берип колуна,
Баланы салып жолуна.
Алласына сыйынып,
Баштагын кудай оңуна,
“Мурун мындай жок эле,
Жаңы чыккан эр окшойт,
Жабуу болгон Жубатай,
Кадайын найза бооруна”.
Эки жагын каранып,
Эр Жамгырчы карыйа,
Ээрди-башын жаланып.
Түптүү турган чынарды,
Түбү менен бут бойдон,
Сууруп колго аны алып.
Нуру кетип бетинен,
Кубат кетип белинен.
Кайрат кылып чыкса да,
Карылыгы билинген.
Кайкалаган кайран эр,
Кабыргадай ийилген.
Оозунда жалгыз тиши жок,
Алдыңкы ээрди келпийип.
Эрликти бербей колунан,
Эр Жамгырчы диңкийип.
“Бала алдыга кетти – деп,
Кабарды айтып жетти” – деп.
Өзүнө берип кайратты,
Келип калган окшонот,
Кайрат кылар убакты.
Такоол кылган Буурулдун,
Талкалап бутун кыйратты.
Ээн талаага таштады,
Семетейдей чыйракты.
Карып калган Бакайдын,
Башын кесип уулунун,
Кайгыга салып ыйлатты.
Уусаңгендей баатырды,
Гүлчоро сайып кулатты.
Кожожаштай мергенди,
Жебелеп жерге сулатты!
Баарын алып ойуна,
Карысаң да Жамгырчы,
Эми кылгын кайратты!
“Гүлчоро келер бекен – деп,
Элди көрөр бекен – деп?
Келип калса Коргонго,
Изимди кууп келер – деп.
Өлбөй калса Кожожаш,
Гүлчородой чунактын,
Табар бекен убактын.
Гүлүстөн жерди тайанса,
Тагдыр ошол, кудурет,
Баарыбызды куураттың!” –
Деп, ошентип Жамгырчы,
Түптүү чынар өнөрүп,
Эрлигин бербей колунан,
Карыса да күркүрөп,
Өргө келсе күрс этип,
Демик алып жөтөлүп.
Жөтөлгөндө күч келип,
Карылык эмей неткени,
Токтоло калып, дем чыгып,
Антип-минтип Жамгырчы,
Белге келди тер чыгып.
Үч-Кошойдун алкым таш,
Алды бөксө, жери саз,
Жаткан экен калың кол,
Жайбаракат каз канат.
Кайкыдан чыгып караса.
Байакы бала баратат.
Барып бала буркурап,
Жубатайга зыркырап:
“Буйрунуңа тез болдум,
Наркы каптал бөксөдө,
Карыган чалга кез болдум,,
Жолуккан чал кеп сурайт,
Барасың кайда, - кеп сурайт.
Түз жообумду бербедим,
Салам айтып койбодум.
Карып калган абышка,
Канчалык – деп – ойлодум.
Көзүмө илбей ал чалды,
Кордук көрүп сойлодум!
Бура тарта бергинче.
Өзүмдү алып өңөрүп,
Такымына басканы,
Ээрге башым жаздады.
Кордукту салып башыма,
Кулагым кесип таштады.
Кулакты берип колума,
Баргын – деп, - бала жолунда,
Жашырбай, бала, айтып бар,
Жубатай деген чоңуна.
Деп, чунак чал кутурган,
Койо берди жолума.
Таап келген кебим бул,
Кулагыман айрылып,
Алдыңа келген ишиң бул.
Карыдан келип бел жакка,
Көз жиберсем ал жакка.
Кудай урган ал чалдын,
Кылбаган иши калбады,
Өнүп турган чынарды,
Кармап туруп белинен,
Түбүнөн жулуп алганы.
Өңөрүп алып чынарды,
Атын жолго салганы.
Келе жатат артыман,
Салам-деп - биз калбаны!”
Жоонун жайын укканда,
Жубатай турбайт кубанбай,
Анын жайы момундай,
Алп туулган Жубатай,
Кытай менен калмактын,
Кошулушкан жеринде,
Койбой баарын жыкчу эле,
Күрөш кылган кезинде,
Балбанды жыгып, байге алган,
Эрди сайып даңк алган.
Коңурбай менен Эсен хан,
Жеңилип андан таң калган.
Ошол эрдигине ишенип
Жоо дегенде кубанган,
Жамгырчы жайын укканда,
Камынбай буу да турбаган:
“Кошуну жок бир чалдын,
Өпкө, боорун тешейин,
Көрсөтүп туруп өзүнө,
Бөйрөк майын эзейин,
Чоң кесеге толтуруп,
Жүрөк канын ичейин,
Айтканымды кылбасам,
Жубатай болбой кетейин,
Уусаңгендей баатырдан,
Анан кабар албасам.
Жебе тартса жазбаган,
Кожошаш баатыр бар болсо,
Уусангең менен Жубатай,
Биригип экөө баш кошсо.
Томкорулат Семетей,
Болсо да аскар, бийик тоо!”
- Деп Жубатай күүлөнүп,
Ачууланып сүйлөнүп.
Доолбасы кагылып,
Калмактар атка жабылып.
Жебе, жасын асынып,
Дүрдүгүшүп калышты,
Орчун колу камынып.
Ал аңгыча жакындап,
Карыса да Жамгырчы,
Жетип барды чамынып.
Жамгырчынын көргөнү,
Көк чынарды өнөргөн,
Эрдик артык көгөргөн.
Элден башка дөө экен,
Байкап көрсө Жамгырчы,
Киши эмес дөө экен,
Келе жатса ыраактан,
Аты жок өзү жөө экен.
(Өңүрүп алган чынары,
Көрсөтпөй атын далдалап,
Жөө сыйактуу көрүндү).
Каранын аны көргөндө,
Жубатай көөнү бөлүндү.
Талдужал деген аты бар,
Өөрчүп турган Жубатай,
Жаш баладай салты бар.
Бастырып чыкса түгөнгүр,
Найза колдо жалтырар,
Карыса да Жамгырчы,
Кайдан мындан тартынар?
Маңдайлашып жатканда,
Кылычтап кырып калмакты,
Айдап койдой кырдыртып,
Алып башын сыдыртып,
Гүлчоро келген чагы бар.
Ошол жерде Гүлчоро,
Учурашкан жайы бар.
Усаанкеңдин колунан,
Эр көкүрөк зорунан,
Тирүү койбой сойуптур,
Кишинин жеп ич майын,
Ал Гүлүстөн тойуптур,
Калган журттун бөлүптүр,
Атпай уулу кыргызга,
Малай кылып бериптир.
Ошондой кылып таратып,
Кенколду көздөй бет алып,
Кайра жаанып бериптир,
Аз күн болгон кеткени,
Арада өргүп күн өтпөй,
Ал кошунга жетиптир.
Калмактын элин таныбай,
Кайсы экенин биле албай,
Карап турдуп мамындай,
Кыйа тартып өткөндө,
Жамгырчыны тааныды,
Муну ойлоп налыды.
“Уусангең сайдым эр бүктөп,
Кожошаш өлдү жер жыттап,
Колун айдап кыргынга,
Калган колун калмактын,
Кыргызга бөлүп тыңгынча.
Дагы артынан калың кол,
Келген экен кыргызга.
Алп Жамгырчы келиптир,
Караса да ал мында,
Эр Семетей Жалгыз эк,
Кайраттуу баатыр Канчоро,
Карыйа Бакай абакем,
Өлгөн белем чынында?!
Калган элем ал элде,
Алп Жамгырчы карыйа,
Жалгыз өзү ырымга?”
- Деп, ойлонуп Гүлүстөн,
Уруш десе күч алып,
Күүсү жанбайт бир иштен.
Тамак ичсе ичпесе,
Тамай отуз күн жүрсө,
Карды ачканын билбеген.
Кара суу келип оозунан,
Өзөгү ооруп жүрбөгөн.
Өткүр туулган чунагың,
Өрчүй берет дембеден,
Жоону көрсө Гүлчоро,
Кара бойун чыйраткан,
Пендеде мындай берең жок,
Кайраты чыйрактан,
Канжыгага калдайтып,
Уусаңген башын байланган.
Беттешип келген пендени,
Бекер койбой жайлаган,
Чынкожонун сойгон кул,
Чын кан кумар болгон кул.
Толтойдун ичин жарган кул,
Боорунан өтүн алган кул.
Уусангендей калчанын,
Башын кесип келген кул,
Кожожашты жайлаган,
Атып көзгө кандаган,
Калың колун калмактын,
Жуушатып койдой жалмаган,
Катылышкан ушуга,
Тирүү пенде калбаган,
Кайраты артык эң чыйрак,
Карылуу баатыр, бир балбан.
Жамгырчыны көргөндө,
Жаны чыгып абыдан,
Ачууланып айкырып,
“Абакелеп” бакырган,
Укпаганда абышка,
“Жамгырчы – деп чакырган,
Алдындагы Сур атка,
Эңкейишти камчы уруп.
Жакын жетип барганда,
Жалт этип карап Жамгырчы,
Гүлүстү көрө салганда
Жиберди күлүп борсулдап:
“Айланайын Гүлүс, ай,
Билесиң кыйын жумуш, ай.
Буурулудун буту сыныптыр,
Семетей жаны тыныптыр,
Хан Кошойдун жалгыз эк,
Колу сынып карыдан,
Тынды жаны абыдан!
Карала атка ок тийди,
Канчоронун колуну,
Шакшагынан сындырып,
Жаанын огу бек тийди!
Өзүң барсың ал кезде,
Байтайлак баатыр өлгөндө.
Өзүң кирип ортого,
Өткөрүп найза бооруңа,
Күрзү кылып Уусанген,
Аралап калмак кеткенде,
Артыңан издеп келе атсам,
Алды жаккы бөксөдө,
Алдыман чыкты бир пенде.
Атымдын башын бурадым
Анын дайнын сурадым.
Карыган чал дегенсип,
Мага жооп кылбады,
Кармап алып колума,
Аны басып боорума.
Кесип алып кулагын,
Карматып койуп колуна,
Анан сөзүн сурадым.
Корконунан чын айтты,
Уусангендин артынан,
Келатам деп сыр айтты.
Келе жатат кошун – дейт,
Жубатай менин чоңум дейт.
Баркына пенде чак келбес,
Баарынан ашкан зорум – дейт.
Койо берип баланы,
Колума алдым чынарды,
Арбак оңдоп ишимди,
Жолуман сени чыгарды.
Кагылайын, Гүлүстөн,
Кабагың ачык пендеден,
Белиңди салып, бекем ук,
Айткан абаң кебин сен.
Кой – деп, мени торгобо,
Алп Жамгырчы, тирүү деп,
Тегеле, балам, ойлобо!
Үйдө жатып өлгөндө,
Катындар олжо бөлгөндө.
Жамгырчы жакшы болобу?
Жараткандын өкүмү,
Жашырган менен болобу?
Үч ай мурун түшкөрдүм,
Түшүмдө жаман иш көрдүм.
Айдама кошум кол көрдүм,
Алп чынар өңөрдүм.
Элди козгоп сүргөмүн,
Айдап колун жүргөнмүн,
Как ошентип жүргөндө,
Көөдөнгө найза аралап,
Көкүрөктөн кызыл кан,
Көп куйулган салалап,
Ал аңгыча көп дөбөт,
Туш тушуман камалап.
Актан кийдим кийимди,
Акырет жакын болуптур,
Анык билдим өлүмдү,
Эштектер элим болголу,
Жамгырчы атка конголу,
Тоодой кылдым талапты,
Колума албай жаракты,
Капыр менен мусулман,
Кошул жерди жаратты,
Кечээ кең Бейжинге барганда,
Карымдан кытай жадашып,
Калганга атым дайындуу.
Беш сапар сайдым калмакты,
Элге кылдым санатты,
Бүгүн кылып турамын,
Акыреттик талапты,
Үйдө жатып өлбөйүн,
Кордукту балам, койбойун.
Өмүрүмдүн акыры,
Шейит болуп өлөйүн!” –
Деп, ошентип Жамгырчы,
Атынын башын бурбастан,
Айал кылып турбастан,
Бастырып түз чыккан,
Камынган калмак турбады,
Кара бойун чыңдады:
“Калың калмак эл өлбөй,
Карагай найза өңөрбөй,
Же, карыган чал, сен өлбөй,
Же кан жүткүрүп мен өлбөй...” –
Деп, ошентип Жубатай,
Кайрат менен жөнөдү,
Көп найза алыптыр,
Күркүрөгөн Жубатай,
Күүлөнүп жөөнөп калыптыр.
Ал аңгыча алдынан,
Гүлчоро жете барыптыр:
“Койгунуң, аба, койгунуң,
Сабырды азыр кылгының!
Алдыңдагы чорого,
Бата берип тургунуң,
Атыңдын башын бургунуң!
Ушул жерде сен өлсөң,
Таштай албай сөөгүңдү,
Айланып сага өкүрсөм,
Жаштан өлсө Байтайлак,
Карыдан, аба, сен өлсөң,
Кандай болот алыбыз,
Кары жашңн тең өлсөң?!
Жаздыктанып жай жатып,
Жакшы болот өлгөнүң.
Кудай ажал бербесе,
Күн жарыгың көргүнүң!”
А а Жамгырчы болбоду,
Жолун тосуп торгоду.
Жоокер кары болбоду:
“Менден бата алганда,
Беш болобу бир жаның?!
Он болобу бир башың,
Өмүрүң узун болсун – деп,
Эми да бата берейин.
Өлсөм да арбагым,
Жөлөк болуп жүрөрмүн,
Кыйын болсо Жубатай,
Кыйындыгың көрөйүн,
Ажал келсе кудайдан,
Акыретке жөнөйүн,
Кой, балам тоспо жолумду,
Шейит болуп өлөйүн!
Болбой койду Жамгырчы,
Күүлөп найза өңүрөп,
Күркүрөгөн Жубатай,
Көз жиберсе Гүлчоро,
Мурун жоону көп көргөн,
Сүрдүү экен Жубатай,
Адамдан башка айбаты,
Түрдүү экен Жубатай.
Кийгени темир үч кабат,
Ал тышынан кийгени,
Адамдан башка жети кат,
Ошонун баарын көтөргөн,
Күчтүү экен Жубатай.
Атасы чыккан эр эле,
Ал Коңурбай баатырга,
Арка болгон бел эле,
Качан буга тең эле?
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 26
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.