Latin

Семетей - 26

Total number of words is 4143
Total number of unique words is 2152
29.5 of words are in the 2000 most common words
43.2 of words are in the 5000 most common words
50.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ажал жетип күн бүтсө,
Азыркы өлүм жакында,
Көрүнүп турат дегеле,
Кудай өзүң колдой көр,
Баргын, аба, деди эле.
Караанын калмактын,
Эр Гүлүстөн ошондо:
«Кадыр алла кудурет,
Качан түрдүү жан кылдың,
Кээ бирөөнү хан кылдың,
Кээ бирөөнү зар кылдың,
Кай бирөөнү чоң кылдың,
Кай бирөөнү кор кылдың,
Бирөөнүн ишин оң кылдың,
Бирөөнүн ишин сол кылдың.
Өкүмүң ушул, жараткан,
Бул өңдөнгөн калмакка,
Менден бакыр кулуңду,
Өзүң айдап туш кылдың!
Жай ордуна кыш кылдың,
Жаз ордуна күз кылдың,
Жазында жерден өндүрүп,
Күзүндө эгин бышырдың,
Калмактардын элинен,
Качан муну чыкырдың?
Көрбөдүм, уктум укмуштан,
Хан атамдын тушунда,
Макил дөөнү чоң кылдың,
Алмамбет менен Чубакка,
Ээн талаада кор кылдың.
Эркиң менен иш кылдың,
Буга окшогон калмакты,
Карыбыңа туш кылдың,
Каары катуу күч кылдың,
Аскалуу тоону түз кылдың,
Элким жүргөн кулуңа,
Келе сооңду туш кылдың!»
Деп ошентип Гүлчоро,
Жаратканга жалынып,
Үстүнө олпок жабынып,
Суркойон минип болкойуп,
Сыр найзаны колго алып:
«Абакем болсо жаралуу,
Жалгызэк менен Канчоро Буларда жатса жаралуу,
Бакайдын ичи от болуп,
Жүрөгү болсо жаралуу,
Эр Жамгырчы абамдын,
Керээз кеби бу болсо,
Кеңгирип келе жатканда,
Мындай жанга туш болсо».
Деп ошентип Гүлчоро,
Көңүлү жашып турганда,
Жоону көздөй бет алып,
Жамгырчы атын бурганда,
Эси кетип көз жайнап,
Эми чоро турганда,
Өзүңчө туруп чоронун,
Эт жүрөгү элжиреп,
Бүткөн бойу делбиреп,
Уйкусу келип жаткансып,
Кетип барат мемиреп.
Как ошондо жанына,
Сары ала атчан бир киши,
Салып жетип келди дейт,
Келген киши кеп айтат:
- Тааныдыңбы? - деп айтып,
Тааныбайсың мени сен,
Тирүүмдө мени көрбөдүң,,
Күрпүлдүктө бир көрдүң.,
Мен Алмамбет – деп айтып,
Колунан кармап Гүлүстөн,
Колумдун күчүн бердим дейт.
Башынан сылап Гүлүстүн,
Барлык күчүн бердим дейт,
Белдүү болгун, улуум -дейт
Кубаттуу болсун мунуң – дейт –
Ошону айтып жарк этип,
Кубулу кетти жалк этип,
Көз ачылып чороңдун,
Күчкө толуп карк этип.
Эр Гүлчоро караса,
Алп Жамгырчы жетелек,
Ойунда Гүлүс сүйүнүп,
“Атакем колдоп кетти – деп,
Менменсинген Жубатай,
Жерге башы жетти – деп,
Жетпегенде нетти” – деп?
Белин байлап бекемдеп,
Жан жагын карап элеңдеп.
Жаш Гүлүс турду ошондо,
Кубанып жаны эреркеп,
Оолугуп алган карт баатыр,
Олпогун оңдоп кийди эми,
Тоодой болгон күлүккө,
Токто кылып турбастан,
Томукка камчы урду эми.
Астындан атын мойнудап,
Аксакалың койундап,
Айкайлап алга кетти эми,
Ана-мына дегиче,
Калмакты кууп жетти эми.
Алдынан утур ошондо,
Бир калмак чыга келгени,
Алиги келген чоң калмак,
Кокусунан ошондо:
“Мен Шаймамбет дегени” –
Шаймамбет атын укканда,
Кыжыры кармап Жамгырчы:
“Жүзү кара чыккынчы,
Жүзүмдү жерге караттың,
Баштап келип калмакты,
Өз журттуңду талаттың,!
Жериңди сатып калмакка,
Тууганыңды жеридиң.
Ай аламдын алдында,
Абийримди кетирдиң.
Эл саткан сендей бузукту,
Балам деген оңобу?!
Сага боору оруткан,
Киши жакшы болобу?!
Элден безген баласы,
Жамгырчы өзү өлтүргөн,
Деген журтка ат калсын,
Айкөл Манас баатырдын
Арбагынын астында
Абийрим менен акталсын!” –
Деп, ошентип Жамгырчы,
Чынарды булгап алганы,
Шаймабетти ошондо,
Жыгаа чаап салганы.
Ак болотто дат калды,
“Алп Жамгырчы баласын,
Өз колу менен сойгон” – деп –
Кылым журтка ат калды.
Баламды көргө тыктым деп –
Бадырек калмак чыккын” деп!
Тобуна кире барганы,
Токмоктоп жүрүп далайын,
Чогууга чаап салганы.
Чынары тийген калмактын,
Чыкпаган жаны калбады.
Токто кылбай топ бузуп,
Абаңдын Жубатайга барганы.
Жубатайга баргычы,
Жоонунан чыккан калмактын,
Канын суудай агызып,
Колундагы чынардан,
Чорголоп кан тамызып,
Карасы да Жамгырчы,
Калктан чыккан бузук – деп,
Жалгыз улуунун нан кылды.
Чыккынчыга момундай,
Кең дүйнөнү тар кылды.
Боор орутпай уулуна,
Чыккынчы жаман экенин,
Элине баатыр таанытты,
“Эми өлсөм арман жок,
Өз колум менен Саткынды,
Өлтөрдүм -деп – кош болуп,
Азиз султан Манастын,
Ата-журтун Таластын,
Алдында бетим агарды,
Кийинки калган урпактар,
Унутпастан нуска алсын!”
- Деп Жамгырчы жаңданды,
Кан ичме жинди кыргыз” – деп,
Калмактар коркуп таңкалды,
Алп Жамгырчы, Жубатай,
Маңдайлашып барышты,
Кезектешкен уруш жок,
Белсен ишпей туруш жок,
Жаш Жукбатай түгөнгүр,
Качырып найза сайышы,
Карыса да Жамгырчы,
Кагып ийип найзасын,
Чынар менен чабышып.
Чаптырбастан Жубатай,
Кармап алып чынарды,
Тартып алып колунан,
Айландырып имерди,
Алп жамгырчы баатырды,
Чокуга тартып жиберди.
Ачуусу келген Жубатай,
Чынар менен урганда,
Жерге барып чабылып,
Чынарга каны чачылып,
Алп Жамгырчы ошондо,
Аты менен жок болду,
Боз топурагы окшонду!
Көрүп турган Гүлүстөн,
Эми кайдан токтолду?!
Сур койонго камчы уруп,
“Манастап” деп ураан чакырып,
Сыр найзаны сундуруп.
Күүлөп Гүлүс жөнөдү,
Жубатайды качырып.
Гүлчоро жетип муштарда,
Өлүмгө жанын кыстарда,
Гүлчоронун найзасын,
Кармай калып ушунда,
Найзаны тартып алышка,
Катуу тийип намыска.
Силкип тартат Жубатай,
Койо бербей колунан,
Бекемдеп кармап соңунан,
Бери тартат Гүлчоро.
Эки баатыр тартышса,
Эми кантип чыдасын?
Ачуусу келип чыдабай,
Сабыр кылып тура албай,
Найзаны алар ташташып,
Балтаны колго алды эми,
Былчылдашып башка уруп,
Балталашып жатканы.
Бирин-бири чаптырбай,
Калкаңдашып жатканы,
Мизинен сынып балталар,
Талкаланып жатканы.
Уңгусу менен урушуп,
Утурмандай турушуп,
Жаш баладай бул экөө,
Мүдөтү жок урушуп.
Кылычты сууруп кынынан,
Мыктап карман сабынан,
От чагылып жаркылдайт,
Болоттон чыккан жалындан
Качан булар бир-бирин,
Жарак менен чаптырган?
Бири чапса бир уруп,
Кылычка кылыч урулуп.
Жалпагынан жарылып,
Кылычтын баары чагылып.
Үйдөй болгон чойун баш,
Опколжуп келип урганда,
Токто кылбай үйдө таш,
Үстүртөн ылдый чапканда,
Астыртан өөдө какканда,
Карсылдаган үн чыгып,
Көгөргөн түтүн буу чыгып,
Жарактан айла болбоду,
Жалаң бойдон колдору,
Куралдан айла болбоду,
Кургак калды колдору.
Жамгырчынын чынарын,
Алсам бы деп Жубатай,
Санасын да ойлонду.
Аңгычакты камынтпай,
Гүлчоро ала койгону.
Узун чынар солкулдап,
Ачуудан булар толкундап.
Чынар менен чабышып,
Тийгизбей кармап алышып,
Экөө тең окшош шамдагай,
Пар келишип сайышпайт,
Эч качан да эр мындай!
Үстүнө кийген олпоктор,
Колтугунан жарылып.
Ызырынып кыйкырып,
Ажыдардай ышкырып.
Ачуусу келип Гүлүстөн,
Айкөлдүн атын чакырып:
“Арбагы азыр жолдо деп,
Атакем Манас колдо – деп,
Акыретик жан досуң,
Алмамбет, Чубак колдосун.
Силерден жардам болбосо,
Ант урган чочко калмактын,
Айласын кандай кылам” дейт? –
Гүлчоро баатыр карданып,
Балтанын алып уңгусун,
Бала жолборс түгөнгүр,
Мунун маңдайына ким турсун?!
Алмамбет улуу Гүлчоро,
Үнү күндөй күркүрөп,
К өрүктүн чыккан отундай,
Көзүнөн жалын шыркырап.
Кыжырланып ошентип,
Азуулары кычырап,
Эттерине сары түк,
Соотту тешип саксайып,
Токойдон чыккан шер өңдүү,
Сакал, мурут сапсайып,
Ачып көзүн караса,
Ай тийгендей чакчайып.
Каарланып ал чапса,
Калуучудай өңдөңдүү,
Жубатай жер жазданып,
Ал Жубатай кыйын жоо,
Алдырып ага калган жок,
Азыркысын дени соо.
Атың ким – деп – сеники, Сөзгө келди так ошол.
Жубатай антип ат сурап, Дайның ким” – деп так сурап.
Имерилип толгонсо,
Суу жыландай бурулат,
Өңүнөн чыгып сарысы,
Өткөзө кең далысы,
От күйгөндөй жалыны,
Көзүнөн чыгып аласы,
Сойучудай өңдөндү,
Соо койбостон чамасы.
Гүлчоро ага кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
“Айкөл Манас атам – дейт,
Сөзүмдө жок катам дейт.
Семетейдин иниси,
Аныктап муну бил – деди!,
Өзүңдүн атың ким – деди?
Эр экенсиң сен өзүң,
Шер экенсиң баатыр, ай,
Бул кайратка чыдаган,
Тоо экенсиң баатыр, ай,
Көкүрөктө деңиң сак,
Соо экенсиң, баатыр ай.
Сага окшогон баатырды,
Көрбөгөнүм, капыр, ай!
Күчүм дайра чалкар көл,
Кең экенсиң, баатыр, ай.
Эрмектешип алышсак,
Тең экенсиң баатыр, ай.
Жашырбай айтчы, билейин,
Ким экенсиң, баатыр ай!” –
Гүлчоро айтып калганда:
“Кара калмак элимин,
Ургу деген жеринен,
Кытай менен аралаш,
Келдим анын чегинен.
Мурун кыргыз өлтүргөн,
Улуу агамдын кегинен.
Агамдын аты Ушаң – дейт,
Ушул кең кол жериндей,
Урушта өлүм туткан – дейт.
Алдымда кеткен Уусанген,
Ортончу бул зал экен.
Өзүмдүн аты Жубатай,
Бүгүн келди мында мен.
Атамдын аты Уушанда.
Менин атым казакча,
Эжемди казак алганда,
Бакка экен ушунда,
Мен да сага таң болдум,
Күчүңдү көрүп маң болдум,
Ийилбеген чырпыктай,
Жаш экенсиң, Гүлүстөн.
Арстандай согушка,
Маш экенсин Гүлүстөн,
Бүткүл денең уйуган,
Таш экенсиң Гүлүстөн.
Аскары бийик залкайган,
Тоо экенсиң Гүлүстөн,
Адамдын көзү жетпеген,
Ай талаадай кыйрысыз,
Кең экенсиң, Гүлүстөн,
Тулку бойу туура күч,
Кара бойуң катуу күч,
Эр экенсиң Гүлүстөн,
Черден чыккан Кабылан,
Шер экенсиң Гүлүстөн,
Уйутуп койгон коргошум,
Коло менен чойунда,
Бек экенсиң Гүлүстөн.
Теңдешсе жеңип, жоо алган,
Тел экенсиң, Гүлүстөн.
Серпишерге маа өзүң,
Тең экенсиң, Гүлүстөн.
Жалгыз келип кайактан,
Кандайча мага жолуктуң,
Кабар айтып койорсуң,
Бул сапаркы жүрүштөн!”
Гүлүстөн анда шаңк этип,
Ачылып кабак жарк этип,
Башын силкип көтөрсө,
Айнектей көзү жалт этип:
“Жубатай уккун кебиңди,
Айттың ата тегиңди.
Теги, жайың билбеймин,
Агаңды айтып берейин,
Хан Коңурбай келгенде,
Как ошондой мезгилде.
Улуу агаң Уушанды,
Сойгон колум, мына ушул.
Суу ордуна кан төгүп,
Койгон колум, мына ушу.
“Гүлүстөн” – деп атанып,
Толгон күнүм, мына ушу!
Ортончу агаң Уусаңген,
Уруш кылып барганда,
Сыр Коргонду алганда,
Кыргынга элим калганда,
Ичим оттой жанганда,
Калкымды кайгы басканда,
Каарым катуу ташканда,
Баатырларды кыйраткан,
Бакайдын жалгыз баласын,
Башын кесип йлаткан,
Кожожашты мээледим,
Уусаңгенди жерледим,
Найзага илип көтөрүп,
Боорунан тепчий өткөрүп,
Кара бойун күч кылдым,
Колу, бутун түз кылдым.
Калың калмак кошунун,
Кан уруп койгулап,
Күрзү ордуна иштеттим,
Кара жерди тиштеттим!
Тараттым калмак калкыңды,
Тартып алдым зарымды.
Айдап алдым малымды,
Алдым канга канымды.
Элге бөлүп колуңду,
Энчилеп бердим баарыңды.
Келе жатсам ошондон,
Кез болуп сен табылдың,
Жамгырчыдай карымды,
Жалмап жутуп кан кылдың!
Мен алдырып койчу эр эмес,
Жеңилер сендей шер эмес,
Калмак менен кыргыздар,
Кан агызган көп эгеш.
Эрдигимиди ашырган,
Душманымды качырган,
Өзүн жуткан, касы кылган,
Өчөшкөндү пас кылган!” –
Деп, Гүлүстөн айтканда,
Козголуп аттын үстүнөн,
Комдонуп шердей Жубатай,
Бузулуп өңү сурданып:
“Айтчы анык, Гүлүстөн,
Коңурбай качан өлдү – дейт?
Гүлүстөн анда: - Коңурбай,
Өлгөнү үч ай болду – дейт.
Кара нээт Коңурбай,
Кас болду бизге башынан.
Таласка сырттан жиберип,
Уусаңгенди астыртан,
Сыр Коргон алмак болгонун,
Ачык билип ошондо,
Алптардын санын ашырып,
Жер алмак бизден болгондо,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Тилмеч болмок болгондо.
Мени көрүп Коңурбай,
Акылдан шашып корккондо.
Эр Гүлчоро колунан,
Кутулуп качмак болгондо.
Гүлүстөн кууп артынан,
Кармап суунун шарынан.
Алып башын Коңурдун,
Канын суудай агызган.
Хан Коңурбай өлгөндө,
Калмактар болду таш талкан!”
Гүлүстөн мындай дегенде,
Сел болуп жашы Жубатай,
Кылычын сууруп кабынан,
Гүлчоро менен айанбай,
Кылычташты Жубатай.
Өкүргөндөн бакрып,
Агалары өлгөнгө,
Арданып чыдап тура албай:
“Уусангеңди сойдум – деп,
талкалап сөөгүн, койдум – деп,
Талкалап сөөгүн койдум – деп.
Кожожашты аттым – деп,
Жаа тартышка машмын – деп.
Мактанасың, Гүлчоро.
Каарым кайнап баратат,
Кара жерди сен өзүң,
Жазданасың, Гүлчоро!
Жан калкалап качпасаң,
Кезектүү уруш баштайлы.
Баш аламан урушту,
Баатыр болсоң таштайлы.
Кезекке келсең Гүлчоро,
Алдыңкы кезек сеники,
Кийинки кезек меники.
Бир болбой кезек үч болсун,
Кайсы баатыр, кайсы кор,
Айагында күч болсун!” –
Деп, жубатай айтканда,
Кабыла алып Гүлчоро:
“Андай болсо макул – деп,
Алыстан келдиң жол тартып,
Алдыңкы кезек сеники,
Болсун” – деди Гүлүстөн.
Ачуудан ичи өрттөнгөн,
Тууганы өлүп өксөгөн.
Акылы качып ачуудан,
Агалары жер тиштеп,
Азалуу болуп кайгырган.
Кезек колго тийгенден,
Калмактардын Жубатай,
Өрттөнгөн арча баштанып,
Баштады уруш укмуштай.
Илгеркинин алптары,
Кезектешип урушчу.
Кезекти берген баатырлар,
Майданга кирип туручу.
Кезек алган баатыр ал,
Ат менен келип айкырып,
Жактырганы кай жарак,
Ошону менен уручу.
Кыймыл этпей, кыңк этпей,
Беркиси карап туручу.
Кезек алган Жубатай,
Кезек берген Гүлчоро,
Калдайып турду калт этпей,
Жубатайды элебей,
Бучкагына теңебей.
Калканын кармап калдайып,
Туулга кийип далдайып.
Күмбөздөй болуп дүмпүйүп,
Майданга Гүлүс турганда,
Жубатайга Гүлүстөн,
Көз жиберип калганы.
Байкап аны караса,
Бар өнөрү бар экен,
Эрдигине жараша.
Алеңгир жаа, сур жебе,
Аны алып мойнунан,
Колумсага кол салып,
Огун алып койнунан,
Камынып жаткан турбайбы?
Илгеркинин шарты экен,
Чабендес болсо эрлериң,
Жаанын огун тийгизбей,
Жаздырып кетчү салт экен.
Аленгир жаа сур жебе,
Алып колго Жубатай,
Айанбастан тартты эле.
Жаа темири кырсылдап,
Сынучудай тырсылдап.
Тартып бара жатканда,
Дары салган мылтыктай ,
Аркасынан үн чыгат,
Күүсү кыйын дүң чыгат.
Ал өңдөнгөн жебеге,
Тайманбай карап ким турат?!
Тартканда жебе карс этти,
Сүрү катуу сур жебе,
Гүлүстөнгө тез жетти.
Байкап көрсө келген ок,
Бет маңдайга болжолдоп,
Адис болгон Гүлүстөн,
Ат сооруга жыгылды.
Жаанын огун жаздырган,
Ким көргөн мындай кыйынды?
Экинчи жебе зырылдап,
А дагы жетти чырылдап.
Карап көрсө Гүлүстөн,
Как бооруна удулдайт.
Ок жетерде Гүлүстөн,
Оң жагына атынын,
Ооп түшө берди эле.
Ээрдин кашын кыйратып,
Сур жебе өтө берди эле.
Камынып турган Жубатай,
Таппай жаасын туралбай,
Баары күчүн жыйнактап,
Тартты мыктап мамындай.
Тартканда жаа кыйрады.
Как белинен сынганы.
Зыркырап келе жаткан ок,
Үнү кулак чыңдады.
Карап турса Гүлүстөн,
Туура сандын бети-деп,
Аткан экен мелжеп бек.
Адис болгон Гүлүстөн,
Жаанын огу жетсин – деп,
Жаанын огу жетерде,
Учу кирип кетерде,
Саласы менен кармады,
Калмактын огу олжо – деп,
Колумсага салганы.
Көрүп турган Жубатай,
Күңгүрөнү пмуңайды.
Жеңер пенде, болбос - деп
Жекелешкен буларды.
Карап турбай Жубатай,
Колуна балта дагы алды.
Балтасынын мизи жок,
Сырты калың болоттон,
Күркүрөгөн Жубатай,
Келе жатат күүлөнүп.
Ааламды бүткүл сооручу,
Ажыдардай түрдөнүп.
Калганды кармап колуна,
Туулгасын кийип башына.
Туруп берди Гүлүстөн,
Жубатайдын алдына.
Бет маңдайга барганда,
Беренсиген Гүлүстөн,
Белсенип балта салганда,
Аңтарылып калканы,
Оң тескери болду анда.
Жерден туман чаң чыкты,
Калың калмак журтунан,
“Кайдасың” деген чу чыкты.
Кулагы тунуп кеңгиреп,
Калган экен Гүлүстөн.
Чуркуратып укканда,
Чуратып чаңдан бул чыкты.
Турган экен Жубатай,
Балтасын оңдоп карманып.
“Талкан болуп калды” деп,
Гүлүстөндү карашып.
Аман чыкты Гүлүстөн,
Сур койон менен жарашып,
Гүлүстөндү көргөндө,
Эси чыгып Жубатай,
Серпилип катуу зарланып,
Көзү кызыл чок өңдүү,
Көңүлүң кайгы, чер алып,
Чокморун алып колуна,
Чабайын – деп чокуга.
Салайын – деп жолуна,
Ийинге арта салды эми,
Тулпарын минген секиртип,
Качырып жетти маңдайга,
Үзөнгүгө тамандап,
Кабаттап ээрдин тиштеди,
Калбай тирүү өлсүн – деп,
Акыр эт жайын көрсүн деп,
Үйдөй чойун баш менен,
Опколжуп келип урду дейт,
Гүлүстөндөй арстандын,
Көзүнөн чаар закымдап,
Чокморду тартып алганда,
Бүткөн бойу калтылдап.
Энесинен эмген сүт,
Эми оозуна татылат,
Эки киши кабышып,
Ээрге көчүк чабышып,
Удаа чыкты Гүлүстөн,
Жубатай менен жарышып,
Салмактуу чапкан чочконун,
Чокмору саптан үзүлгөн,
Кармай албай Жубатай,
Башын жерге түшүргөн,
Үч катар бирдей чабуучу,
Кезектин ишин бүтүргөн.
“Кезек келди мага, деп,
Турууга калмак күтүнгөн,
Жубатай доңуз ант ургур,
Баатырлыгы башкача,
Балбандыгы бир башка,
Жумуру баштан кутургур,
Эр Гүлүстөн баатырың,
Эреңдигин көрөбүз,
Атадан калган сур жебе,
Жулуп алды мойнунан,
Учу кырдуу өткүр миз,
Оогун алды койнунан,
Колтугун керип жиберип,
Жааны кармап имерип,
Жубатайдын бооруна,
Окту болжоп жиберип,
Сур жебеси дүркүрөп,
Аткан октон үн чыгып,
Булуттан бетер күркүрөп,
Аркасынан түтүндөп,
Мыкты болсо Жубатай,
Эрлигин мыктап күтүнөт.
Адырайган чоң доңуз,
Адамдан башка чочкоңуз.
Жаанын огу жеткенде,
Кыйрынан жерге сулады
Сур жебе огу өткөндө,
Жан кишиге туйгузбай,
Ат үстүндө турбайбы!
Жаздырып окту тийгизбей,
Жаралган пенде турбайбы,
Айтпай койбойт жашырып,
Өнөр артык мындайбы.
Экинчи жаны бат тартып,
Эми өлдүң го – деп тартып.
Эр Гүлүстөн баатырың,
Бар күчү менен бек тартып.
Атасы баатыр Алмамбет,
Ошондон калган сур жебе,
Илгертен бери бар жебе.
Күүлөп Гүлүс тартканда,
Чыдай албай сынды эле,
Сур жебе огу чыркырап
Тундуруп кулак зыркырап.
Калмактын ханы Жубатай,
Карап турат кылтырап.
Жаанын огу жеткенде,
Жарып огу кетерде,
Бул экөөндөй жан болбойт,
Жаралган адис бул элде.
Келе жаткан жебени,
Кармап алды тим эле.
Жаасы сынып атыш жок,
Айткан сөздү кайтыш жок,
Мизи жок уңгу балтасын,
Алмамбет улуу эр Гүлүс,
Арта салып ийнине,
Майданды көздөй тартканы,
Көрүп туруп Жубатай,
Жазганбаган эр мындай.
Калганды кармап бетине,
Туулга кийип башына,
Соот кийип үстүнө,
Ат үстүндө турду эле.
Тунжур төрө баатыр,
Туш келтирип калганга,
Балта менен урду эле.
Чапканда калкан жарылды,
Жайнап оту чачылды,
Жалындай түшүп жаткан чөп,
От туташып басылды.
Ошондо да солк этпейт,
Ким көргөн мындай баатырды?!
Күчтү чапкан балтадан,
Жерден чопо чачылды,
Көрүнбөй чаңдын ичинде,
Жубатай баатыр жашынды.
“О, баатыр, кайда кеттиң” – деп, -
Калың калмак бакырды?!
Элдин үнүн укканда,
Элеңдеп көзү ачылды,
Ат ойнотуп ойкуштап,
Бастырып чыгып айкырды.
Жубатайды көргөндө,
Эр Гүлүстөн баатырың,
Карарып кары артылды.
Ирмелбей көзү чачырап,
Чын ачуусу келгенде,
Оозунда тиши качырап,
Чоң балтасы колунада,
Жубатайды чакырат.
Маңдайына барганда,
Батакай турган балбанга,
Эки үзөңгү теңейте,
Тамандап тура калганда,
Астынкы эрдин бет тиштеп,
Бар күчү менен салганда.
Калканы кетип быркырап,
Туулгасы сынып чыркырап.
Алдында минген тулпары,
Багалчеги майышып,
Үстүндөгү Жубатай,
Балта тартып алганда,
Жумаланды жер жакка,
Этек жеңи жайылып.
Балтага жуккан каны жок,
Жубатай жатат жаны жок.
Менменсиген чочкону,
Акыретке салды түз.
Элден башка бериптир,
Эр Семеңе мындай күч.
Калкандын дайны калбаган,
Туулгасы болгон ташталган,
Куткарбады Гүлчоро,
Кужуру менен чапканда,
Күркүрөгөн Гүлүстөн,
Кара жерди жазданткан.
Камыр болуп жуурулуп,
Кан ичине куйулуп.
Башы чыкпай соотунан,
Күрөккө жыйылып.
Күркүрөгөн калмактын,
Ошентип жаны тынды эле.
Аркасында аскери,
Кул кушуруп турду эле,
Кара аскерге тийген жок,
Ал аскерге зыйан жок,
Кубанып жүрөт эчени,
Коркуп жүрөт нечени.
Ичинен күйүп кан түтөп,
Кайгы тартат нечени.
Сүйлөшүп баатыр Гүлүстөн,
Калмакты калың таратты.
Семетейге кеңешпей,
Мына мындай кат жазды:
Тиан-Шандын Ала-Тоо,
Ашпагын калмак” - деп жазды,
Ошол чактан ушул чак,
Кабыл болду жазган кат.
Орто кылым болгунча,
Калмактан киши ашкан жок,
Какандын журту баскан жок.
Сур койон менен болгойуп,
Жамгырчынын өлөгүн,
Эптеп жыйнап алыптыр,
Табытка салып өңүрүп,
Таласына барыптыр,
Семетейдин Тай буурул,
Сакайып буту калыптыр.
Жалгыз эк кетти элине,
Ат башы сындуу жерине,
Жамгырчы менен бай тайлак,
Көмүлдү туулган жерине.
Муну мындай таштайлы,
Семетей менен Үмүтөй,
Серпишкенин баштайлы.
ҮМҮТӨЙДҮН ӨЗҮНЧӨ КЕЛИП ӨЛҮШҮ,
СЕМЕТЕЙДИН ТАЙБУУРУЛДУ БЕРИШИ
Казак калың журт экен,
Кадимден бери калмакка,
Аралаша турчу экен.
Көкөтөй элге хан экен,
Айдаркан чыгаан бай экен
Айдаркандын Көкчөсү,
Белге таңуу эр эле.
Ал Көкчөнүн баласын,
Үмүтөй төрө дээр эле.
Үрбү менен Музбурчак,
Өлүп кеткен кези эле.
Башында казак үч төрө,
Азыр баары чогулуп,
Болуп калган бир төрө.
Көкчөнүн уулу Үмүтөй,
Баарысына хан төрө.
Кымыз ичип олтуруп,
Кыйал мас болгон кезинде,
Шылтоо кылып токтомду.
Кылыгын ойлоп Семеңдин,
Керимбайдын кептери,
Кете элек али эсинде.
Алтымыш уруу алашка,
Хан болууну ойлочу,
Эртең менен кечинде.
“Кызыталак канкордун,
Бул эмине кылышы?
Кабар кылып,сөз айтпай
Элчилешип кытайга,
Өзү токтом кылышты.
Коңурбайды сойгонун,
Мага айтпай койгону,
Мунусу кандай жумушу?!
Атасы жүрдү ашында,
Бүткүл элди башкарып.
Ээрчитип барып Бейжинге,
Кыйла элди өлтүрдү.
Кырк чоро-деп,-ат койуп,
Кырк баатырды кутуртту.
Кылым казак, кыргызга,
Кылып жүрдү зордукту.
Аз келгенсип ансы,
Анын уулу Семетей,
Мунун кандай кордугу?
Бүтүн каңгай журтуна,
Элчилешип келгенде,
Айтпай бир ооз койушу.
Кошулбады кебиме,
Мени илбеди көзүнө.
Алдап жүрүп ээрчитип,
Атасы Манас ант ургур,
Атамдын жетти түбүнө!
Калмакка кармап бердиби,
Каңгайдан кордук көрдүбү?
Көзүн көрбөй шүк болдук,
Атамдын кунун алайын,
Бербеймин десе Семетей,
Талкан кылып коргонун,
Талаа кылып ордосун,
Такыр кылып чабайын!
Семетей менден эр бекен,
Кайратым андан кем бекен?!
Эли элимен көп бекен,
Семетейге баш ийип,
Унчукпай койчу мен бекем?!
Кызыталак канкордон,
Кылымды бузган анткордон.
Атамдын кунун албасам,
Адам болбой калайын,
А көрөктү өлөйүн,
Акыретти көрөйүн!”
Намыстанып Үмүтөй,
Эл эстүүсүн чыкырды,
Төрт, беш бээни сойдуруп,
Этти тартып койдуруп.
Дасторконун жыйганда,
Үйгө кирип олтуруп.
Үмүтөй төрө кеп сүйлөп,
Көйрөңдөнүп бек сүйлөп.
Кебинен шумдук чуу чыгып,
Таноосунан буу чыгып.
Кара жаак чечен кул,
Ууртунан суу чыгып:
“Эй, ушул турган агалар,
Бала төрө Үмөтөй,
Кыла турган кебим бар,
Айткан кепке жараңар,
Барың мени караңар!
Силерге айтпай агалар,
Кимге айтам зарымды?
Ойун күлкү сөз болсо,
Келтирет экен арымды.
Эсепке албай калдым мен,
Алтын, күмүш, зарңды!
Ущул кезде Үмүтөй,
Намыс үчүн күч жыйбай,
Айдама кошун кол жыйбай,
Коркуп бирөө сөз кылбай,
Жатып калар чагымбы?
Ойлонсом кыйын ачынтат,
Өткөн иштер жанымды!
Ошол үчүн чакырдым,
Жашы менен карыңды.
Айкөл Манас башында,
Кармап жүрдү бул элди.
Кайда барса кой өңдүү ,
Айдап жүрдү бул элди.
Кайраты толук шер экен,
Калмактан алып кегиңди,
Жерлүү кылды бул элди.
Орустан барып олжо алды,
Ортого аны бир салды.
Кызыл кыйа бел ашты,
Кытайды барып бир чапты.
Кызыталак канкоруң,
Ортого салган тапканды,
Жалгыз ооз кеп болсо,
Жашырбай элге айтканда,
Жабылып ээрчип жүрчү экен,
Кайда барса басканда.
Эч кимдин көөнү оорубайт,
Как ошондой арстанга.
Манастан андай кылганы,
Ортого салып тапканды,
Элди алдаш кыйалы.
Алданып мал, пул, сөзүнө,
Өлөрүн эч ким туйбайды,
Эч болбосо Семетей,
Атасындай кылбады!
Кишини албай теңдикке,
Кишиден-киши жазганса,
Артына салып ээрчитип,
Атамды алып басканда.
Кызыталак канкоруң,
Кытайды барып чапканда.
Көзөл Көкчө хан атам,
Өлүп кетти ошондо.
Атамдын көзүн көрбөдүм,
Колум менен көмбөдүм.
Урмат кылып ыйлабай,
Арбагын анын сыйлабай,
Токтоно албай калдым мен.
Семетейден кун албай!
Арага элчи салбаймын,
Аскерди жыйып айдаймын.
Семетей кылса итчилик,
Мен, атамдын кунун албай тынбаймын!
Мал албаймын мен кунга,
Зар албаймын мен кунга.
Кан ордуна кан алам,
Алданбаймын мал, пулга!
Хан атам Көкчө өлүптүр,
Жан ордуна жан алам.
Семетейден баш алам,
Кардын жарып өт алам,
Адам сынган камкордун,
Атам үчүн өч алам!
Эркек бала тууганда,
Намыс үчүн – дейт, - экен.
Аксакалдуу кишини,
Калыс үчүн – дейт – экен.
Карыйалар турасың,
Мурункунун наркы экен.
Арканча кылсак жакшылык,
Кан ичме жинди Семетей,
Аны билбес киши экен.
Ойлоңорчу, көпчүлүк,
Өзү барды Кытайга,
Ушунусу эп бекен?!
Кеңештен куру калганда,
Үйдө жатып алганда,
Ошол кыйын кеп бекен!
Кангайга бирге баралбас,
Кайратсыз казак эл бекен?!
Хан Көкчөнүн Үмөтөй,
Семетейден кем бекен?!
Атасы салган бушманга,
Чыгарбай Көкчө атагын.
Жолдошу болуп бир жүргөн,
Алмамбетти бузганда.
Кийин көөнүн жайлаган,
Анткен менен айкөл эр,
Менин атам Көкчөнү,
Хан көтөрүп шайлаган.
Хандык колго тийгенде,
Көөнүндө кир калбаган.
Алдап жүрүп акыры,
Бейжинди көздөй айдаган.
Ошол Бейжин жеринде,
Каптаган какан элинде,
Хан атам өлдү бейарман!
Канбады менин кумарым,
Хан атам кунун албадым.
Чыкпайт ичтен зардабым,
Семетейди чаппасам.
Теңсинбеген төрөнүн,
Деги эдебин таппасам!”
Деп, ошентип Үмү төй,
Күңгүрөнүп күүлөнүп,
Ачууланып сүйлөнүп,
Ач арстандай түрлөнүп.
Атайы беш миң кол жыйып,
Ар сабында миң кылып.
Найза сайар ыктуудан,
Жазбай атар мыктыдан,
Кылыч чабар кыйындан,
Жигиттерден ылгаган.
Балта кармар баатырдан,
Байкасаң журтта калбаган.
Беш миңге санын толтуруп,
Үмүтөй кошун камдаган.
Кара бойу катуу күч,
Карылуу кошун дайындап,
Семетейге арнаган.
Семетей сени дегенде,
“Кап” – деп оозун кармаган,
Ачууланып, арданып,
Атасын ойлоп Үмүтөй,
Ант ичкендей саргарып.
Бастырмак болду түгөнгүр,
Кең Колду көздөй кол алып.
Жоо жарагы бүткөндө,
Аттанар болгон күндөрдө,
Агеркеч туруп кеп айтат:
“Ээ, кулунум, Үмүтөй,
Акылым уккун - деп айтат.
Кабылан Манас сал эле,
Каардуу туулган жан эле.
Ал Манасты колдогон,
Кыргыз, казак эл эле,
Жердеген жерим Манастын,
Ырысына жараша,
Кең кол, Талас дээ эле.
Жер, элине кол берген,
Элдин баары жол берген,
Кылган иши оң келген,
Аны менен басташкан,
Ар качан адам кор деген.
Айкөлдүн калган тукуму,
Семетей сенин тууганың.
Тууган эмей неткениң,
Карын бөлөң эмесби?!
Каныкей мага бир тууган,
Семетейди ал тууган.
Сени, балам, мен туугам,
Ал экөөңөр бир тууган,
Түп атаңар тең тууган!
Орус менен баранга,
Оорагы кеткен далайга,
Эсиң болсо Үмүтөй,
Эрегишип Семеңе,
Жолу жок калба сен салба.
Кангай менен калмакка,
Кадыры өткөн далайга,
Көрсөткөн каарын аларга.
Сары арканы калмактар,
Атаңдан тартып аларда,
Атаңды Манас колдогон,
Бажасы менен муңдашып,
Ошондо атаң хан болгон.
Ал Манастын тобуна,
Кас санаган оңбогон!
Тим болгунуң Үмүтөй,
Тилимди албай сен койсоң,
Каныкей менен бир тууган,
Тууган энең мен болсом,
Эсим болсо Үмүтөй,
Аа, теңелбейт тим болсоң!
Чабам – деп, - аны ойлоңсуң,
Барып калсаң ал жерге,
Эзелде жакшы болбойсуң.
Кыйыгына сен тийсең,
Бейажал өлүп сойлойсуң.
Келген киши кетпеген,
Үйүнө аман жетпеген.
Өлгөн сайын өрчүгөн,
Өткүр Манас уулу ал.
Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү Манас тукуму ал,
Кулагың салам Үмүтөй,
Байкап уккун ушуну!
Акыл айтам, Үмүтөй,
Абайлап жакшы ойлосоң,
А көрөктү, Үмүтөй,
Тарынчы айтып, жүйө айтып,
Алдына киши жиберсең.
Оңдой берет олутту,
Орундуу берет конушту.
Узартат сенин колуңду,
Кыскартат басар жолуңду.
Өлгүнчөктө бек кармайт,
Жанындай көрүп колуңду.
Жайылдык кылсаң тил албай,
Сойуп койот өзүңдү.
Каргаларга чокутуп,
Ойуп койот көзүңдү.
Сөөгүңдү мында жибербей,
Койуп койот өзүңдү!
Семетей менен жарашсаң,
Сага киши кол салбайт,
Беттеп пенде келе албайт.
Келсе дагы жеңе албайт,
Семетей өзү ажыдаар,
Кол салып адам бара албайт,
Орустан сага жан келбейт,
Оолугуп сага жан келсе,
Ошондой күндө Семетей,
Урушар киши менмин – дейт.
Уктатпай элди тынч алган,
Кайдан келген душман – дейт.
Каның тартып келипсиң,
Катылып көрчү, сен ким – дейт,
Калмак, кангай жолобойт,
Семетей экөөң бирлешсең.
Этегиңдин алдына,
Элдин баары корголойт.
Бузукунун сөзүнө,
Тегеле кулак салба – дейт.
Бузулушуп бөлөңө,
Кошун курап барба” – дейт. –
Агеркеч туруп аны айтты,
Анда туруп Үмүтөй,
Агеркечке кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
“Койгун, эне, кебиңди,
Албаймын сенин тилиңди.
Бузуп айткан киши жок,
Бузугу менен уулуңдун,
Бузулушар иши жок.
Семетейдин кыйалы,
Ичиме салды кызыл чок!
Менин атам хан Көкчө,
Бардашы журттан бөлөкчө.
Алдап жүрүп атамды,
Атасы сойуп жоготту.
Атам кылган экен – деп,
Баласы качан сооротту?!
Семетей бербейт конушту,
Оңдоп бербейт олутту.
Мени менен кеңешпей,
Өзү барып калмакка,
Коңурбайды сойушу,
Кылган иши жолбу ушу?!
Кайратым андан кем эмес,
Семетей менден эр эмес.
Калың казак журтум бар,
Калкым андан кем эмес.
Атамдын кунун кубалап,
Албай койчу мен эмес!
Бөлөлүктө жалган жок,
Коңурбайга барганда,
Бирге жүрүү – деп – айтса,
Барбай койсом өзүмө,
Мен жетимде арман жок!
Кандуу душман Коңурдан,
Сойуп кегин аларда,
Куру калдым ушундан.
Ошондон бери козголтуп,
Жаткызбайт мени зор бушман!
Койгун дейсиң, энеке,
Эми казактан ылгап кол жыйсам,
Барбай койсом канкорго,
Намыска кантип чыдаймын?
Атаңдын кунун ала албай,
Тамтаңдаган төрө - деп,
Тамашалап эл айтса,
Ага кантип чыдаймын?
Аманат жанды сактасын,
Алла-таала кудайым.
Жарашсам да жоолашсам,
Жанбай барып көрөйүн,
Жамандашып калганда,
Кантип тирүү койойун,
Куруу оорак камкорду,
Аман койбой сойойун!”
Энесинин айтканын,
Эп көрбөдү Үмүтөй.
Айдаркандын элинде,
Алтынкан деген бар эле.
Өзү узак жашаган,
Ак сакалдуу кары эле.
Калыс сөзүн Алтынкан,
Али айтты эп эле:
“Койгун, балам, желдебе,
Кармашам – деп – дегдебе!
Энеңдин тили албасаң,
Элиңди жыйып алдасаң,
Узакка сапар жол тартып,
Ушундан жүрүп сен барсаң.
Алып келсең жолуңдур,
Алдырып койсоң шоруңдур.
Албай койбойт ойлосом,
Арстандын уулу ант ургур.
Беттешкенин соо койбойт,
Белдүү Семең кутургур.
Эрсынесиң үйүңдө
Теңебейсиң түгүңө.
Үстүмдө темир кийимим,
Эрмин дейсиң ойуңда!
Эрди, балам көрбөдүң,
Эрегишип эр сайып,
Эр согушун көрбөдүң,
Кармашып кандап, жоо сайып,
Кармашы чоң көрбөдүң,
Элөөрүп барсаң тил албай,
Эми эле кордук көрөсүң.
Эрегишсе Семетей,
Эсен келбей өлөсүң.
Канчоро сенден кем эмес,
Ойлонуп көрчү Үмүтөй
Сен Гүлчородон эр эмес,
Ырасын айтсам укканың,
Сен Семетейге тең эмес!
Кыйыгына тийгенде,
Сойбой койчу неме эмес.
Тынч жатпай барып темтеңдеп,
Теңдешчү душман ал эмес!
Чын кожо, Толтой кол салды,
Качан алар соо калды?
Жети суу толгон жедигер,
Кырылышып аз калды.
Кытайдан Коңур козголду,
Кектешип жүрүп акыры,
Семетей колдуу жок болду.
Коңурбайды өлтүрсө,
Сенин бөлөң өлтүрдү,
Атаңдын куну бүткөндүр?
Койгун, балам желденбе,
Куру намыс кылбасаң,
Колуңдан келбейт дегеле,
Арданткан сени кеп эмес,
Адамзат бендеси,
Арстандын уулу Семеңе,
Азыркысы тең эмес.
Калмактан барды калың көл,
Тартып алды коргонду,
Журт башкарган, жакшысы,
Жумуру баш кесилди,
Кул кылып алды каратып,
Кудайсып келген кечилди.
Беттеше келген душманды,
Качан аман кетирди?
Кара кыргыз,казакты,
Башында Манас жеткирди.
Эмкисин баш бьолуп,
Семетей суудан кечирди,
Дөөлөтүңө мас болуп,
Кылбагын,балам,кесирди.
Айткан тилди алсаңчы,
Ырайыңан жансаңчы.
Эмики дөөлөт аз эмес,
Хандык кылып жатсаңчы!» Деп, карылык кептерин,
Алтынкан канча айтса да,
Ынабады Үмүтөй.
Ого бетер чыйралып,
Кара боюн бекитип,
Чыңап алды, үмүтөй.
«Казактын колу жөнө» - деп,
чубап алды, Үмүтөй.
белсенип алган үмүтөй,
Бекемдеп белин байлады.
Беш миң кошун айдады.
Арада нечен бел алып,
Агыны катуу суу кечип,
Араңдан зорго кыдырып,
Ал Кеңколго барганы.
Кеңколдун алкым ташынан,
Үч-кошойдун сазынан,
Бөксөнүн аяк куюштан,
Кол көрөндү ушундан.
Сары хан абаң кеп айтат:
«Кандай шумдук болду бу,
Кол көрүндү – деп айтат?
Кайсы экени билинбейт
Ким экенин билсекчи,
Беттешип келген жоо болсо,
Белсенишип көрсөчү.
Бирдеше келген кол болсо,
Бир сүйлөшүп көрсөкчү»Деп, айтканда Сары хан,
Макул көрдү Бакай хан
Анда баатыр Гүлчоро,
«Өзүм кабар алам,»- депСуркоен башын чулгутуп,
Туяктан чаңын бургутуп,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 27
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.