Latin

Семетей - 15

Total number of words is 4151
Total number of unique words is 2245
31.3 of words are in the 2000 most common words
46.5 of words are in the 5000 most common words
53.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Көшөгө кылып бетине
Кайын иниси балдарды,
Кабатына олтуруп,
Чүрөк сүйлөп кеп баштайт,
Акырын айтып бек таштайт:
- Келген душман каңгайлык,
Алп Коңурбай баштаган.
Коргонго кирип кутулдук,
Семетей баштап жалпы аман.
Атанын жыйган мал-мүлкү,
Аркасын көрүп турабыз.
Сасып кетти көл бүткөн,
Кысталып суудан турабыз
Ак куу кебим кийем – деп
Айланып чыгып асманга,
Аксакал абам карыга,
Айтып кабар берем – деп,
Ок жедим кандуу чалгынга.
Кереметтүү зор калча,
Учарымды билиптир.
Шыпшайдар уулу Кожожаш
Мергенди ала келиптир.
Түндөсү өтөр жолума,
Булуттун үстү бетине,
Жылдыздын асты ойуна,
Буктурма койуп салыптыр.
Болжоп тарткан жаасы бар,
Учуп келе жатканда,
Кез болуп калдым курган жан.
Кашка куйрук түбүнөн,
Таарып өттү тарткан жаа.
Эңкейип алдым колума,
Түшүп кетсе куйругун,
Келбейт го ишим оңуна?!
Ок жаа тарткан эмеспи,
Жандырып кайра соңунда.
Алмалуубулак, Шумкарташ,
Ашып учуп келатсам,
Жаркылдап жарык бөлүнөт,
Жакындап келип карасам,
Карааны абам көрүнөт.
Түшүп көрдүм силерди,
Эл башкарган бийлерди
Семетейдин айтканын,
Ийне жибин калтырбай,
Айчүрөк айтты аларга.
Эр Гүлүстөн камынып:
- Каны дары кытайдын,
Сууну байлап жин бердим.
Кадыр жам болгун андан, – деп,
Кабарды айтып салганы.
Тамагын кырып хан Бакай,
Кепти баштап калганы:
- Чүрөк, асыл келиним,
Мындан нары сен менден,
Качпай жүрө бергиниң.
Келген жоонун кабарын,
Гүлчорону жиберип,
Эки жолу билгенмин.
Басып жаткан Кеңколду,
Калмак, кытай жоо экен.
Катылып келген өзүнчө,
Каардуу калча Коңурбай,
Байагы Каңгайдан келген тоо экен.
Айтышында Гүлчоро,
Жарактары кыл экен.
Балбанынын мингени,
Кылыч тумшук пил экен.
Ээрчитип келген колдору,
Эбегейсиз көп экен.
Азыктын камын кылышпай,
Жегени такыр чөп экен.
Тегин карап олтурса,
Алакандай кыргызды,
Тепсеп кетчү неме экен!
Ушул жагын болжолдоп,
Жалгыз кирип бара албай,
Жакырдан өчтү ала албай.
Олтурган ушул белесте,
Жатып калдым мамындай.
Он төрт ханды чакырып,
Байтайлакты жибердим.
Жакында келип калышар,
Узакка кетпей Айчүрөк,
Кыргыз да салгылашып калышар.
Кандай уруш салабыз,
Кандай арга кылабыз?
Ойлоп, балдар, көргүлө,
Орундуу акыл бергиле,Бакай айтып салганы.
Атасындай желиккен,
Канча жылдан бер жакка,
Казатка барбай эриккен.
Кадырлуу Чубак баласы,
Канчоро айткан кеп экен:
- Аркадан кол келгиче,
Бизге көмөк бергиче,
Элебей жатсак бул жерде,
Эби жок душман көп экен,
Эндегей жаткан кыргызды,
Четинен алып кирбейби?
Жат душман элди айайбы?
Көк ичеги балдарды,
Көксөө болгон чалдарды.
Ойротто жок уздарды,
Оймок ооз кыздарды.
Келеңгир чачпак келинди,
Онду тууган баатырдан,
Очок ээси кемпирди.
Тал чыбыктай жаштарды,
Такыр кырып ийбейби?
Ичегисин чубалтып,
Итке салып бербейби?
Макул келсе силерге,
Гүлчоро менен экөөбүз,
Күн алыстап баралы.
Көңүлү бузук душманга,
Көп түйшүктү салалы.
Аркадан кол келгиче,
Манжу менен калмакты,
Маңбаш кылып туралы.
Кол киргенде кирербиз,
Коондой ичин тилербиз
Жан аманат турганда,
Коргондо жаткан абама,
Ат жеткирип берербиз,Деп, Канчоро калганда,
Абаң Бакай карысы,
Айчүрөк, Гүлүс баарысы,
“Акылга сыйат ушу” – деп,
Башын ийкеп калышы.
Эр Гүлүстөн айтты эми:
- Жеңеке, турба, кайт – деди.
Ушундай кылсак болобу,
Абама өзүң айт – деди.
Ак калпак кыргыз элиң бар,
Акырет кеткен атаңдын,
Арбагы азыр мында бар.
Кабылан Бакай абам бар,
Алп Жамгырчы карың бар.
Андан кала бергенде,
Артында чороң биздер бар.
Өлбөй тирүү турганда,
Өрөпкүгөн душманды,
Уу сепкендей кылабыз.
Уйпалап салып тынабыз,
Кеңколду тартып алабыз
Кесиреттүү душманга,
Кеткисиз балаа салабыз.
Эсирген жүржүт Коңурдун,
Эсебин эптеп табабыз.
Элөөрүгөн иттердин,
Эшектей кардын жарабыз.
Агызып канын жайабыз,
Эртеде өткөн эрлердин,
Алмамбет, Чубак шерлердин,
Эми кегин алабыз.
Абама айтып барарсыз,Хан Бакайдан кеп угуп,
Кеп ушундай – деп угуп.
Токтолуп калды Айчүрөк,
Калканы жонго артылып,
Айбалта жанга байланып,
Ачалбарс колго карманып.
Сыр найзасын зыңкыйтып,
Каралатты кындыйтып.
Туулгасын жаркытып,
Асабасын жайылтып.
Каарын салып жүзүнө,
Канчоро баатыр аттанды,
- Мен кеттим – деп, жар салды.
- Кармап алып калам – деп,
Гүлчоро чуркап калганы.
Карабай кетти Канчоро,
Каардуу баатыр эр чоро.
Ашкере болдук бүгүн – деп,
Бакай абаң, Гүлүстөн,
Басып чыгып белеске,
Барып булар караса,
Күүлөнүп алган Канчоро,
“Манастап” ураан чакырып,
Кымылдаган кытайга,
Кирип барды качырып.
Сүрдүгүп кеткен киши жок,
Канчородон дайын жок,
Кайып болду ошондо,
Топ ичи болуп жалын, чок.
Эртеси күнү кечинде,
Кечки бешим кезинде.
Каралат чыкты жалтылдап,
Канатын күүлөп закымдап.
Оттоп калды түгөнгүр,
Бөксөлөп келип жакындап.
Эр Гүлүстөн күйүгүп,
Жаралуу аркар куугандай,
Этегин өйдө түрүнүп.
Эңиш тартып энтеңдеп,
Жетип барып караса,
Кол балтаны тайанып,
Эси ооп, шай кетип,
Таноосунан тер кетип,
Турган экен Канчоро
Оозунан көбүк кан агып.
Карала атты чылбырдан,
Кармады барып Гүлүсүң.
Кандай айтып түгөтөт,
Канкорлордун жумушун?
Өйдө карай ат менен,
Тепетең бирге жүрүшүн
Кызыл гүлдүн суусунан,
Сагасанын гүлүнөн,
Ичтен ага бергени.
Камдап алган дарысын,
Жыттатып ага ийгени.
Кан жыттанып демикпей,
Жаш көкүрөк баарысы,
Жандай чуркап ат менен,
Ал Бакайга барышы.
Келе элек Бакай кошуна,
Келе жаткан ушунда.
Келатып Бакай кеп салып:
- Тургузба, балам, – деп салып.
Жакын келип кабылан,
Эми түшүр, балам, – деп.
Аттан жерге түшүрүп,
Үстүнөн олпок чечтирип.
Колун салып мойнуна,
Кош колдоп Бакай жетелеп,
Чечип алган олпокту,
Ок өтпөгөн чоң тонду,
Кармап силкип салыптыр.
Мүдүрүлүп темтеңдеп,
Минтип чоро калыптыр.
Эңкейип алдын караса,
Олпокко келген жабышып,
Ок тушарга барыптыр.
Коло менен миси бар.
Коргошун бар, чойун бар,
Алты атар огу андан көп,
Жебенин огу мындан көп,
Көп жыйылып калыптыр.
Көтөрүп олпок, чоң тонду,
Ат жанына барыптыр.
Аңгыча Бакай кеп айтты:
- Турбагын, балам, – деп айтты.
Доолбасты алгының,
Сийдигин тосо калгының.
Ат сийдиги толду эле,
Эми Бакай нетти эле?
Гүлчоро, Бакай тең сийип,
Ат ишмегин кесишип,
Сийдикке кошуп, тез эзип,
Жезден найды сундуруп,
Ат тери менен сийдикти.
Най менен ага жуткузуп.
Сагаса гүлүн жыттатып,
Таштады муну жаткызып,
“Жараат түшсө ичине,
Жылдыз такта болгондо,
Жан берет – деп тим эле.
Жарааты тышта болгондо,
Тилге келет эми эле”.
Кайран Бакай кабылан,
Как ушундай деди эле.
Түн ортосу болгондо,
Оозунан көбүк буу кетип,
Кан аралаш суу кетип.
Чекесинен тер кетип,
Титиреп бойдон ал кетип.
Башын чайкап бир далай,
Ачты көзүн жарк этип.
Эсендигин сурады,
Гүлүстөн чоро барк этип.
Көшүгөндөй күлүңдөп,
Канчоро баатыр күдүңдөп,
Баштады кебин күңгүрөп:
- “Ар качандан бир качан,
Ат кардыгын тарттым “– деп.
Жаным эсен болсо да,
Сүйүнбөдүм ага мен,
Табылбай мага минер ат,
Жаным тирүү болсо да,
Болуп келдим элден кем!
Качырып барып тийгенде,
Мен Канчоро киргенде,
Кашыма келген бир жан жок,
Кача берди калмактар,
Ара жолду кең кылып,
Ача берди калмактар.
Эркин туулган курган баш,
Эрдик эмей неткеним?
Дөбөдөй болгон чатырга,
Чапкан бойдон жеткеним.
Манастын атын укканда,
Аттанган белем ушунда.
Көрбөгөнмүн укканмын,
Кундуздай Кара ат минген,
Кабаттап темир соот кийген.
Чарайнасын тартынган,
Ок-дарысын артынган.
Белине кылыч байланган.
Жоо дегенде шайланган.
Колуна балта кармаган,
Капташа түшсө тар жерде,
Козголбой жүрөк калбаган.
Алдында атын булкунтуп,
Алдыман чыкты бир адам.
Буурул сакал киши экен,
Байкасам өзү чоң балбан.
Коңур эмей кайсы – деп,
Беттештимби буга – деп.
Алдымдагы Каралат,
Айабай камчы бир салдым.
Айанып туруп калбастан,
Чоң балтаны колго алдым.
Качырып барып чапканда,
Алдындагы Кара аты,
Жазгырып ордун салды эле,
Арам өлгөн Каралат,
Кетенчиктеп түз баспай,
Тартып туйак алды эле.
Өзүнө тийбей балтамды,
Өксүтүп аты салды эле.
Таамай чаап алганда,
Чороңдо арман бар беле?
Ар канча кыйын болсо да,
Атына тийсе чоң балта,
Айрылса аттан чоң калча,
Өлбөсө да түгөнгүр,
Өлүмчө болуп калды эле.
Балтам тийген кара жер,
Аңтарылып ор болду.
Мына минтип чороңо,
Ат кордугу чоң болду!” –
Деп, ошентип Канчоро,
Үшкүрүнүп убайда,
Жалгады кебин далайга:
“Коркуп калган чоң калча,
Андан кийин келген жок.
Бендеби – деп,– бейлебей,
Аны мен кадигиме алгам жок.
Айтсам баштан кыдыртып,
Чороңдо арман калган жок.
Сооттуусун сойлоттум,
Олпоктуусун онтоттум.
Кылычтуусун кыйраттым,
Найзалуусун сулаттым.
Мылтыктуусун бөлүнттүм,
Суудай канын төгүлттүм.
Көк түпөк кызыл найзамды,
Көп эле жанга мылгыттым.
Бетиме туура келгенин,
Көгүчкөндөй ыргыттым.
Карылуусун кулаттым,
Кан агызып сулаттым.
Эңкейиште эр сайдым,
Экөөнү катар бир сайдым.
Кечээ, жедигердин тобунда,
Эр Толтойдун колунда,
Сен экөөбүз бар элек.
Кыштын суук чилдеде,
Кыргын салып кошунга,
Кан төгүп жүрүп тынч албай,
Кылычта мизде курч калбай.
Балтанын кесер мизи жок,
Бир көрдүм эле ошондо.
Бүгүн жайдын толугу,
Тамыздын түшкөн кези экен.
Кан катып жарак-жабдыкка,
Өтпөс болчу иш экен.
Найзамдын көрсөң учу жок,
Темири жок тоголок.
Кылычымдын мизи жок,
Балтанын мизде курчу жок.
Түгөнүп калат турбайбы,
Куржун башы толгон ок!
Азууларын аркайтып,
Ат өлүгү ар жерде.
Муруттарын сербейтип,
Эр өлүгү көп жерде.
Жүзүн сайып жүдөттүм,
Тобун бөлүп тараттым.
Оңко турган кишиден,
Он бирдин алдым санатын.
Ошонгочо кеткен жок,
Тулку бойдон кайратым.
Куру кол болуп калганда,
Аркамды көздөй мен тарттым.
Бет маңдайга келгенин,
Менменсиген эрлерин.
Желкесинен кармадым,
Сүзүштүрүп жайладым.
Чуулап кирип турганда,
Мен акылдан танбадым.
Көзүмдү ачып карасам,
Абам менен Гүлчоро,
Качан келип калды - деп,
Как ушуга таң калдым.
Аттын шайы жогунан,
Ал үчүн кылган арманым!
Асманда учуп жоо алган,
Катындын иши турбайбы?
Беттешип сайып эр алган,
Баатырдын иши турбайбы?
Айланып жүрүп октогон,
Атышып жоону чоктогон,
Ажыздын иши турбайбы?
Айбалта чапса өксүткөн,
Азаматты өкүнткөн,
Аттын иши турбайбы?
Алдындагы Канчоро,
Чаптырбай кетсе душманы,
Ал үчүн арман кылбайбы?!”
Барып кайра келгенин,
Баштан айак кеп салды.
Көңүлдөгү зардабын,
Эр Канчоро деп салды.
Уктабай Гүлүс толгонуп,
Таң атканча ойлонуп.
Эртең менен эртелеп,
Суркойонду жетелеп.
“Соолуп калган кытайга,
Барамын”- деп энтелеп.
Жоо кийимин кийинип,
Атасынан калган жаа,
Оң ийинге илинип.
Бастырып чыкса ак жолтой,
Баатырдыгы билинип.
“Семетей сындуу абама,
Канчоронун артында,
Кызматым жакпай калганда,
Кесиреттүү абамдын,
Батасы кайдан тиет – деп,
Барбай койсом бааналап,
Кереминде билет – деп.
Келин менен кемпирге,
Темененин баркы бар.
Канчородон өйдөрөөк,
Тумшугу жок меники,
Хан абама жарачу,
Ошончолук баркым бар”. –
Деп ойлонуп Гүлчоро,
Жүрмөк болду ошондо.
Канчоро туруп кеп баштап,
Акырын сүйлөп, бош таштап:
- Акылга, баатыр, ушул иш,
Душманга кыйын мүшкүл иш.
Эндегей жатсак элебей,
Ээн жаткан кыргыздын,
Четинен талап кирбейби?
Тоо-тоодо жаткан көп малга,
Ойу менин тийбейби?
Ач кыйкырык угулса,
Чоң баатыры кез келбей,
Чогулган аскер, букара,
Кылычтан каны куйулса,
Олжо алууну ойлойбу?
Байлануу баш болбойбу?
Акылбы, баатыр, момунум,
Айткан сөздү ойлойлу.
- Чын айтасың баатыр – деп,
Бул айтканың акыл – деп.
Барып мен бир келейин,
Байкап тургун, баатыр, – деп.
Бастыра берди Гүлүстөн,
Күндөн бетер күркүрөп.
Көргөндүн бойу дүркүрөп,
Оозунан көбүк буу чыгып, Көзүнөн жалын чуу чыгып.
Суркойонду чуратып,
“Манастап” ураан чакырып.
Айанбады түгөнгүр,
Абдан чындап бакырып.
Барып тийди кытайдын,
Бир четинен жапырып.
Аралап кирип жоголду,
Туш келген кайдан соо болду?
Бетине келген кор болду,
Беттешкен бенде жок болду.
Чоролордун бири – деп,
Чоң баатырлар келген жок.
Чогууда жүрсө аралап,
Чоролордо арман жок.
Чогулган кангай журтуна,
Чок төгүп чоро салды от!
Алынча жүрүп аралап,
Абалын жоонун чамалап.
Айдап жүрөт кытайды,
Ителгидей сабалап.
Кылычтын каны тамчылап,
Кайсы жакка бет алса,
Как алдынан чуу чыгат.
Эки түнү, үч күнү,
Санаты беш күн урушту.
Кандай адам кыла алат,
Салмактуу мындай жумушту?
Эрдик эмей эмине,
Беш күнү чыдап турушу?
Найзасында учу жок,
Балтасында курчу жок.
Кылычында миз калбай,
Өтөр айла болбоду,
Оңдоп чапса эч кандай.
Жакындатпай жанына,
Жаа тартып олтуруп,
Кырк-элүүдөн бир окто,
Кыйласын сыйпап өлтүрүп.
Жаанын огу түгөнүп,
Аманат жанга күч келип.
Тоону көздөй бет алды,
Эр Гүлчоро түз желип.
Ок, дарысы жоктугун,
Ошондо билип калышты.
Аламандап чуу койуп,
Ат жарышып барышты.
Балта чапкан шамдагай,
Найза сайар ылганды.
Кармаган кылыч тыңдары,
Эр Гүлчоро баатырга,
Ээрчип жүрүп чуу салды.
Уруп, сабап, талкалап,
Качып чыкты Гүлчоро,
Жалгыз жанын калкалап.
Байкап турган алыстан,
Бакай менен Канчоро,
Сур койон чыкты элирип,
Көпчүлүктөн жээлигип.
Башын жерге салбастан,
Үзүп чөптү албастан,
Келе жатат жорголоп.
Келе жатып кээ-кээде,
Текирең таскак ал салат.
Эр Канчоро турбады,
Эми да кайрат кылганы.
Кара бойу сак эмес,
Талкаланган түгөнгүр.
Ылдый карап энтеңдеп,
Этегин кайра түрүндү.
Эр Гүлчоро алдынан,
Ал Канчоро жүгүрдү.
Жете барып караса,
Калган экен Гүлүстөн,
Ээрден көчүк кыйшайып.
Үзөңгүдөн бут тайып,
Оң колун сунуп артына,
Куйушкандан кармаптыр.
Ыйык жалдан бек кармап,
Сол колу менен алыптыр.
Капталга түшүп атынын,
Салаңдап башы калыптыр.
Жете барган Канчоро,
“Эрге темир жөлөк” – деп,
Айбалтанын уңгусуң,
Колтугунан киргизип,
Темир менен көтөрүп,
Ээрге оңдоп мингизип.
Бирге өскөн түгөнгүр,
Алып келди жетелеп.
Туугандыгын билгизип,
Алмамбет уулу чорону,
Эки, үч күндүн алдында,
Эр Гүлчоро не кылса,
Канчоро кылды аны да.
Илгеркинин заманы,
Эскерип көрчү аларды.
Он күнгө кысас кетпеген,
Отуз күнгө жетпеген,
Ошондой экен абалы.
Күнү, түнү алты күн,
Көбүрөөк жүрүп калганы.
Таң агарып сүргөндө,
Эсине келди балбаны.
Эс алышып олтуруп
Күн эсебин алганы.
Он сегиз күндүк санаты,
Анда толуп калганы.
Жатар мезгил болгондо,
Жагып отту койгондо.
Дүбүртү аттын тапылдап,
Угулду бейм ошондо.
Гүлүстөн чоро эр экен,
Ар өнөрү бар экен.
Жерден кабар алуучу,
Тыңшап кулак салуучу,
Дагы өнөрү бар экен.
Жата калып кырынан,
Туруп ыргып ордунан:
“Келе жатат эки адам,
Анык байкап тыңшасам.
Боз жоргонун табышы,
Миң жылкы алса душмандан,
Жалгыз жылкы изи жок.
Тарпый басчу Жалманбоз,
Кошойдун уулу Жалгызек,
Келе жатат окшонот”.
Аш кайнамдай турушту,
Арзан бүттү жумушу.
Жалгызек менен Байтайлак,
Салам айтып турушу.
- Болдубу, балам, жолуң,– деп,
Келдиби, балам, колуң? – деп,
Бакай абаң сурады.
- Айланайын, атаке,
Он төрт хан эли бүт келди.
Кылым кыргыз калкына,
Жан кыйналып күч келди.
Эки хан мунда турат го,
Эл башкарган мыктылар,
Эр жигитин жыйат го.
Жез кемпирдин жети уулу,
Жедигердин көп колу,
Жер жайнатып бүт келди.
Жалгызек турат алдыңда,
Калбай такыр эл келди.
Үмүтөй чекке кетиптир,
Алымбай уулу Бердике,
Аскерин айдап ал келди.
Аскердин алды келди – деп,
Айтканы сага желдим – деп
Үйгө барып саламат,
Учурашып келдим, – деп.
Байтайлак жана салды кеп:
- Калбай кыргыз жан келди,
Кайраты толук карыйа,
Жүз жыйырма төрт жашаган,
Өмүрүмдүн акыры,
Бул урушту көрөм – деп,
Алп Жамгырчы хан келди.
Айтып өттү баарысын,
Бакай баатыр баласы.
Алды-артында тууган жок,
Ал чечекейдин карасы.
Баласын көрүп саламат,
Басылды Бакай санаасы.
Түн ортосу оогондо,
Айдап алып казакты,
Эр Бердике ал барды.
Бердикени көргөндө,
Бакай абаң, кеп салды:
- Канчоро, Гүлүс, Жалгызек,
Угуп тургун – деп салды.
Калмак арбын, кыргыз аз,
Калайман уруш салыштан,
Ойлонуп барың ыраак кач.
Хан Коңурбай калчага,
Буктурма тузак койолу,
Бир бирден эптеп сойолу.
Эрежени шылтоолоп,
Жер бергин – деп – ыктоолоп,
Кат жазалы Коңурга,
Бердике эптүү неме эле,
Атказалы Коңурга.
Оңой жеңип алам–деп,
Ойлоп калып Коңурбай,
Жерди берсе биздерге,
Оңунан иштин келгени,
Мунум кандай сиздерге?
Кабыл көрүп баарысы,
Белен Гүлүс кат жазды.
Төрт киши берип кошчуга,
Өзү менен беш кылып,
Бердикени атказды
Бирин бири сыйлаган,
Илгеркинин жумушу.
Жоо болсо да сыйлашкан,
Артык экен бир иши,
“Буруттан элчи келди” – деп,
Сактаган эшик сакчылар,
Кабар айтып кириши.
“Мурадилди баргын” -деп,
Элчини тосуп келгин – деп.
Өзүм менен тең эле,
Качан менден кем эле?
Акырет кеткен зор Манас,
Жол жосунун кылгын” – деп,
Коңурбай жумшап салганы,
Алып келип элчини,
Таза үйгө түшүрүп,
Тазалантып жуунтуп,
Жакшы кийим кийгизип,
Пери уулундай кулпунтуп.
Ээрчитип келди Мурадил,
Элчилерди чубуртуп.
Хан үстүнө киргизип,
Хандыгын булар билгизип.
Орундук койуп беришип,
Чай, тамакка тойушуп.
Идиштерин жыйганда,
Хандык жолун кылганда,
Алымбайдын Бердике,
Катты сунду ушунда.
Хандан келген чоң катты,
Элчиден Коңур алышы.
Алты табак алтынды,
Ошол замат Коңурбай,
Садага кылып салышы.
Каптап койгон тышынан,
Калтасын жыртып айрышы.
Каттын кебин укканы,
Айагына чыкканы.
Гүлүстөн чоро кат жазган,
Көп жазбаган аз жазган:
“Жулмалашып, чукушпай,
Эр сайышып, беттешип,
Урушалы – деп жазган.
Мурун Кеңкол биздеги,
Камоодо турат төрөбүз,
Бүгүн Кеңкол сиздики.
Калың кыргыз балдары,
Кырда калдык барыбыз,
Эп келсе жерден бериңиз,
Түзгө түшсүн элибиз.
Семетейди алам – деп,
Чоң Бейжинден келдиңиз.
Берсең дагы бербесең,
Калганын өзүң билиңиз.
Зарыктырып таштабай,
Катка жооп бериңиз”.
Жазган катты укканда,
Айагына чыкканда,
Одурайган чоң Коңур,
Ой жүгүртүп оңбогур:
“Ажалы айдап келгенби?
Бурутту бурхун бергенби?
Өз жерине ээ болбой,
Жер сурап менден келгенби?
Кырда жатса кыргыздар,
Кыйын эле эмгеги.
Семетейи жок болсо,
Калган кыргыз чекчейип,
Түзгө түшүп топтолсо,
Карыган Бакай чал болсо,
Гүлчоро менен Канчоро,
Машыкпаган жан болсо.
Эбине келген кеп экен,
Жер беришим эп экен.
Өзүнчө келип кыргыздар,
Колума түшөр жер экен.
Гүлчородон шегим бар,
Отуз эки алпым бар.
Бир кишиге тең келер,
Эми эмнеден кемим бар?”
Башканы ойлоп турбастан,
Бакайдан күмөн кылбастан,
Анда Коңур кат жазды,
Айалдабай бат жазды.
Сүйлөп ооз ачпады,
Элчилерди атказды:
“Сүйлөчү ушул кат – деди,
Элиңе жеткин бат” – деди.
Жандырып жообу келгенге,
Садага бериш наркта жок.
Калтасын жыртып кагазын,
Бейлеп баатыр окуду.
Эр Коңурбай кат жазган:
“Ырас сөзүң деп жазган,
Мурун Кеңкол сеники,
Бүгүн Кеңкол меники,
Мунуңда төгүн буруу жок.
Үч түрлүү шартты мен койом,
Койуучу шартым мына ушул.
Эртең менен болгондо,
Найзалар жерге сайылат.
Асабалар жыгылат.
Мылтыктын баарын бай тигип,
Аркасына жыйылат.
Он төрт хандын элисиң,
Чубап өтүп бересиң.
Сынап калам элиңди,
Санап калам бегиңди.
Семетейден башкаңды,
Бенде экен – деп, бейлебейм,
Адамбы – деп – элебейм,
Бучкагыма теңебейм!
Тескейине өтөсүң,
Күңгөйгө кайра кечпейсиң!
Экинчиси бул экен.
Курдашым Манас салдырган,
Ташынан чаап там кылган,
Кеңколдун күңгөй жагында,
Сыр коргонуң ал экен.
Ал коргондун ичинде,
Канкор Семең бар экен.
Күңгөй жагын бербеймин,
Үчүнчүсү бул экен”.
Катты окуп алышты,
Айабай кепке канышты.
Ошо күнү кечкече,
Түн ортосу өткүчө,
Калбай келди баары хан,
Кат жазып булар чакырган.
Эртең менен эртерээк,
Эл турбастан эртелеп.
Эр Гүлчоро баатырың,
Кайкыга чыкса энтелеп.
Найзалар жерге сайылган,
Туунун баары жыгылган,
Бай тигип мылтык жыйылган.
Он төрт жерден коо койгон,
Он төрт ханга жол койгон.
Айтканынан Коңурдун,
Эр Гүлчоро жөн койгон.
«Айалдап аскер турба – деп,
Аттанып баарың чуба – деп.
Козголбой колум турба – деп,
Дуу койуп баарың чуба» – деп.
Айдап алып жөнөдү,
“Буруттун колу келет” – деп,
Алп Коңурбай көргөнү.
Сынчысы экен Нескара,
Чакырып алды жанына.
Мунардын чыкты башына,
Он төрт жерден коо койгон,
Чатырдын наркы астына.
Кыргыздын эли чубуруп,
Өтүп жатат ушунда.
Чубап аскер өткөн соң,
Өтүп такыр бүткөн соң,
Алды чыгып аскердин,
Чатырларын тиккен соң,
Алп Коңурбай кеп сурайт:
“Э, Нескара,– деп сурайт.
Не көрүндү көзүңө?
Не билинди өзүңө?
Жашырбастан, баатырым,
Байан кылчы өзүмө.
Кара кыргыз калкында,
Каш кайтарчу бар бекен?
Кыргыз, казак журтунда,
Баш кайтарчу бар бекен?
Баатыры анын ким экен?
Балбандары канча экен?!
Баарын айтчы деди эле”,–
Нескара туруп кеп сүйлөп,
Кеп сүйлөсө деп сүйлөп:
“Кечээ, Көкөтөйдүн ашында,
Көп жыйындын кашында,
Алпты сынап өткөрдүм,
Кабылан Манас баатырды,
Алты хандан тең көрдүм.
Ал өңдөнгөн жумушту,
Андан кийин көрбөдүм.
Ушу бүгүн кыргыздан,
Андай ишти бир көрдүм!
Эр Гүлчоро жалгызбы?
Көп чоробу, бириби?
Коңурбай жооп бергин”– деп,
Коңурбайдан сурады.
Мына ушуну укканда,
Калдайдын уулу капырдын,
Калк башкарган баатырдын,
Боконо сөөгү болк этип,
Ыргып кете жаздады,
Үзүлүп жүрөк болк этип:
“Э, капырай, Нескара,
Кечээ, Көкөтөйдүн ашында,
Көкжал төрө Манасты,
Алты хандын элинен,
Алты сапар көрдүм – деп,
Айттың эле ошондо.
Тең келе албай баарыбыз,
Теңдикти бердик ошого.
Бул да шумдук бир кеп го,
Бир Гүлчоро көп десең,
Он төрт жерден көрүнүп,
Өттү бирдей төп десең!
Экөө эмес бир эле,
Алмамбеттин уулу эле.
Алмамбеттей сээрчиби?
Же эл айланар ченчиби?!
Асили кытай уругу,
Абайласаң тегини!” –
Деп, ошентип Коңурбай,
Нескара баатыр сынчысы,
Айтканына кошулбай,
“Жалгыз десем, көп болсо,
Көп эле десем, бир болсо.
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Киши билбес шер го ошо!
Алда кандай болот – деп,
Нескара жаза карабайт,
Көрүнгөнү ырас” – деп,
Кала берди о жерде,
Өзүнчө Коңур күнгүрөп.
Тескейге чыгып калың журт,
Чатырларын тигишти.
Гүлүстөн көкжал баатырың
Эркечтей Сурду миниши.
Кыдыра басып хандарды,
Калтырбай кабар ал салды.
“Бир кудайдан тилеймин,
Карды калың жаадырып,
Камалтып койуп каңгайды,
Айдап сүрүп ийейин”.
Салакалуу түгөнгүр,
Аккан сууга барды эле.
Атакеси Алмамбет,
Койдон алган кызыл чаар,
Жай ташы анын бар эле.
Санжыргалуу Гүлчоро,
Салты башка жай ташты,
Салып сууга байлады.
Жерди төрт бурч ойдуруп,
Көмдү ошо орого,
Талкалатып тезекти,
Ободогу булутту,
Байлап ага бекитти.
Касийдени канча окуп,
Калмакча дуба нече окуп,
Айагынан куранды,
Өйдө карай терс окуп.
Түн ортосу мезгилге,
Булутту болжоп чакырып,
Ушалаган тезекти,
Бекем көмүп жаткызып.
Салган бойдон жай ташты,
Гүлчоро кетти бастырып:
“Ушу бүгүн өтөр түн,
Чатырыңды үч күбүн.
Эки күбүп калганда,
Эңкейип чатыр жыгылат,
Карга башын тыгылат!
Экөө болсо жуурканың,
Бирөөн атка жапкының.
Чидер салып бутуна,
Чылбырын байлап казыкка,
Азыр болуп жаткының!”
Оор эл жатар мезгилде,
Ободон зыркаар жел жүрүп,
Өзөн ылдый зыркырап,
Басылып шамал кеткинче,
Жамгырлап кирди шыбырап,
Ок өтпөс олпок тон кийип,
Ээликкен Сурду ал минип.
Он төрт хандын ордодон,
Кабар алып турду эле.
Айдап келген булуттар,
Борошолоп буркурап,
Айабай жаап куйду эле.
Алдында камын кылгандар,
Чатырды эки күбүгөн,
Эрте менен тик турган,
Бир күбүгөн чатырлар,
Кар астында көмүлгөн.
Кызыл айаз дүрүлдөп,
Шамал жүрүп күрүлдөп.
Таңга жакын болгондо,
Кардын ишин басам – деп,
Кара нөшөр койдурат.
Таң саргарып атарда,
Тараза жылдыз батарда
Ойрон болгон Гүлчоро,
Отуз эки дубаны,
Отуруп төптөп чечти эле.
Ободогу көп булут
Оодарылып кетти эле.
Буркурап шамал айдады,
Булуттан неме калбады.
Аркырап шамал айдады,
Асманда неме калбады.
Күн көрүндү жарк этип,
Кар өлчөөсүн билем – деп,
Бастырды Гүлүс шарт этип.
Чобур эмес тулпарды,
Жоого минчү байагы,
Жылкыдан чыккан бууданды.
Карга салып бастырса,
Колоңсодон тыгылып,
Үзөңгү карга чийилип.
Үч чыйыр болуп көрүнүп,
Бура тарта бергенде.
Төрт эли жери муз болгон,
Жайдын күнү кыш болгон.
Астынан эрип жааган кар,
Ат жүрө алгыс иш болгон.
Бура тартса тулпарды,
Чөлдүн кара шорундай,
Казандай болгон ак муздар,
Каңтарылып баса албай.
Ал аңгыча болбоду,
Жердин жүзү ачыла,
Күндүн нуру чачыла,
Каңгайга кылдым деп туруп,
Байкап көрсө Гүлчоро,
Башкача шумдук баштады.
Кыйналып келген кыргызды,
Кырып койо жаздады!
Эр Коңурбай кат жазып,
Элчилерин атказып:
“Кечикпей ылдам баргын – деп,
Катка жооп алгын – деп.
Кечеңдеп кийин калганда,
Балаага башың салдың – деп!”
Алп Коңурбай камдантып,
Алты киши жиберди.
Сактап турган сакчылар,
Четте турган кароолчу,
Жетип кабар кылды эле.
Гүлүстөн чыгып эшикке,
Баштап келип элчини,
Асыл үйгө түшүрүп.
Тазалап бойун жуудуруп,
Тарантып белин буудуруп.
Алды менен элчиге,
Май томоруп, эт берип,
Арт жагынан чай берип.
Баштап кирди ошондо,
Абасы Бакай карыйа,
Падышалык тактада,
Элчилерге керебет,
Элден мурда келтирген,
Падышалык зыйапат,
Ал үйүнө бердирген.
Кытайча чыны жыйганда,
Жол жосунун кылганда.
Катты берип элчилер,
Калдайтып сунуп турганда.
Катты алып ошондо,
Хандан келген кат үчүн,
Кадимки калктын наркы үчүн.
Башынан алтын чачтырды,
Карып, мискин, начарлар,
Карк алтынга көмүлдү.
Калтасын жыртып каттын ал,
Калдайган мөөрдү көрдү дал.
Алп Коңурбай кат жазган,
Алда канча сөз жазган.
“Баракелде, Гүлчоро,
Шерлигиңе – деп жазган!
Мындан мурда жүргөмүн,
Жалгыздыр – деп,– Гүлчоро.
Акылдашар киши жок,
Карыгандыр хан Бакай,
Көөдөнүнө дарт толо.
Ойлогом журтум кеткиче,
Чоң Кеңколдун үстүнө,
Томуктай булут келбейт – деп,
Ойумда түк жок эле,
Сени арам бербейт – деп.
Эр Гүлчоро баатырдын,
Өнөрүнө ыраазы.
Шердигине кол койдум,
Эрдигине жол койдум.
Жалгыздыгы мына бу,
Чагы менен жаадырбай,
Кар жаадырып салышы!
Өнөрүң менден ашканда,
Жаадырсаң күндүз болбойбу?
Аткан мылтык ургаачы,
Ооз отуну суу кылып,
Калтарытсаң болбойбу?
Ойдуңда туулуп, түздө өскөн,
Аралап тоону көрбөгөн,
Ушундай биздин журтубуз,
Айдап сүрсөң болбойбу?
Талап кылдың сен мурун,
Кенколдун бердим тескейин.
Жибердим элчи мен бүгүн,
Кар ачылып, жер кургап,
Калк жайма жай болгуча,
Жайбаракат бололу.
Асаба жайып, туу тигип,
Анан уруш кылалы.
Уруштун ханы Нескара,
Кабар бизден бул дагы.
Башкарчу уруш ханыңды
Кабар кылгын биздерге,
Мындан башка кебим жок,
Баракелде сиздерге”.
Жазган каты ал экен,
Ал кыргызды башкарган,
Аксакал Бакай кары экен.
Кабылан Бакай кеп айтты:
“Хандар, уккун – деп айтты.
Эрдик менен шердикти,
Эки киши тең көрөт.
Эл башкарган эр үчүн,
Эр Гүлчоро кызматын,
Коңурбай баатыр эп керет.
Мурун Кенкол биздин жер,
Кечээ алдык суранып.
Элчилешип конушту,
Алп Коңурбай баатырдан,
Элчи келип турушу.
Азырынча Коңурдун,
Айтканын кабыл кылалы,
Бүтөт анын жумушу”,
Аксакал Бакай кат жазды,
“Уруштун ханы менмин” – деп,
Элчилерди аткарды.
“Жүржүттүн ханы Коңурбай,
Илгертен сени билемин,
Бейжинди бузган оңдурбай,
Жериме тепсеп келгидей,
Элимди бөлүп кеткидей,
Атаң жүржүт Алооке,
Сакалын анын жулдумбу?
Сен колдуу өлгөн эрлердин,
Же барып кунун куудумбу?!
Кыргызды чаап алам – деп,
Кандуу колун сунгандай,
Чай тооңду тартып алдымбы?
Чатакты бизге салгыдай,
Иркитиңди төктүмбү?
Же эне-атаңды сөктүмбү?
Бурканыңды чактымбы?
Буулумуңду чечтимби?
Не келесиң тийишип,
Сен, тирүүлөй жандан кечтиңби?
Артыңды ойлоп, Коңурбай,
Чыга бергин жайма-жай!
Айдап келген колуңду,
Артып келген пулуңду,
Тартып алып, кайнатам,
Тарпчы жүржүт шоруңду!
Семетей баатыр төрөнү,
Коргонго камап алгансып,
Коржоңдобо, Коңурбай,
Канчоро, Гүлүс уулум бар,
Кайнаган кыргыз журтум бар,
Кошойдон калган тукум бар,
Талкалайм сени оңдурбай.
Өзүючө чыгып кетпесең,
Соо болбойсуң, Коңурбай!
Алмамбет, Чубак шерлердин,
Музбурчак, Көкчө эрлердин,
Серек, Сыргак эрендин,
Ажыкем баштап бир канча,
Акылга дыйкан тереңдин,
Кунун бүгүн бересиң.
Бербеймин – деп, Коңурбай,
Кутулуп кантип кетесиң?!
Сен короого кирген карышкыр,
Кутулар жериң калбады,
Бергели ырас келипсиң,
Нескара баштап хандарды.
Абалтан элим макалы,
Айылдуу жоо жеңдирбес,
Угуп алгын жакшылап,
Арам жүржүт, жөн жүрбөс!
Ойлосоң артың Коңурбай,
Тууңду эртең жык – деди,
Өжөрлүк кылсаң, Коңурбай,
Өзүң мурун чык – деди.
Каңгайдан келген канча хан,
Манжудан келген мынча хан.
Балакет баскан бул Коңур,
Каныңды суудай агызган,
Көз каранды болосуң,
Өлсөңөр боло намыстан!
Ойун эмес, чын айтам,
Ойумдагы ишти айтам.
Нескара менен Мурадил,
Коңурду ээрчип өлбөгүн,
Менден кордук көрбөгүн!
Айдалып жүрүп жүржүткө,
Алда качан эр өлдүң.
Жакшылык андан көрбөдүң,
Колума түшсөң кокустан,
О дүйнөнү көргөнүң,
Бул менин, силерге,
Көңүл бөлгөнүм!”
Карыйа Бакай ушинтип,
Чокудан алыс таш уруп,
Катты алып колуна,
Элчи чыкты баш уруп.
Элчилер чыгып узашып,
Бурулбастан барышты,
Бакайдын катын беришти.
Чоң Коңурбай калчанын,
Молдолору кат ачып,
Айалдабай бат ачып.
Шагырата окуду,
Айагына чыкканда,
Кептин баарын укканда,
Бузулуп өңү Коңурдун,
Казандын кара көөсүндөй,
Коңурдун айткан сөзүн көр:
“Сакалы күнгө агарган,
Карып көзүн кал баскан,
Бакайдын жазган катын көр!
Шамалдан бетер күбүрөп,
Өлүмүш болуп бүжүрөп.
Жата калып шыйпактап,
Кырчаңгыдай кыйшактап.
Алдында мага кат жазып,
Жер сурадым, бергин –деп,
Алдаган Бакай турбайбы?
Алдыңкы өткөн заманда,
Анжу, манжу, туңшага,
Атактуу Бейжин чоң шаарга,
Алпарган Бакай турбайбы?
Кар ачылсын, токто сен,
Эбиңе келген кез экен,
Сакалың бирден тербесем!
Тиши жок калган Бакайды,
Жүлмүш ээк кылбасам!
Коргонуңду талкалап,
Корголор кыргыз жери жок,
Жыпжылма, түптүз кылбасам!
Бу бадирек Бакайдын,
Коргошун куйуп оозуна,
Кыргызды такыр кулданам,
Өлгөндөрдүн доосуна!
Жамгырчы, Бакай дегенин,
Гүлчоро менен Канчоро,
Эрдемсиген немесин,
Алмамбет менен Чубактын,
Аркасынан жиберип,
Анан жаным тынбасам!
Мен Таластан кечпесем,
Айбан баскыс кор кылып,
Өрттөп таштап кетпесем.
Бакайдан баштап баарынын,
Уйдай мурдун тешпесем.
Жетелеп алып буларды,
Бейжинге алып кетпесем!
Гүлчоро деген неменин,
Көрүнө кардын жарбасам. .
Жүрөгүн сууруп албасам,
Ачуу чыктап, кууруп жеп,
Мен кумардан чыкпасам!
Кытайдан безген кысталак,
Атасынан баласы,
Кыргызда жүрөт кыйшаңдап.
Нескара менен Мурадил,
Уктуңарбы экөөңөр,
Мени жүржүт дегенин.
Куу сакал Бакай баштаган,
Баарысы бокту жегенин!
Ичин жарып, боор жеймин,
Уругу кыргыз дегендин!
Жеринен айдап баарысын,
Таштаймын белге карысын!
Уландарын кул кылып,
Кыз, катынын күң кылып,
Жерин өрттөп, кул кылып.
Жан бастырбай бетине,
Күнөөлөп жерин салбасам,
Чоң буйрукту бир кылып,
Кенколдун суусун бурбасам.
Кыргыздын борбор жери – деп,
Кууратып жерин тынбасам!
Жайчыдан миңди тургузам,
Күн жаадырбай үч жылы,
Кенкол менен Таласын,
Күйдүрүп күнгө шор кылам!
Куу тулум асып мойнуна,
Ай ааламдын баарысын,
Нан тилетип кыдыртам.
Өлбөй тирүү турганда,
Айтканымды бир кылам!
Манастын көрүн ачпасам,
Айрыкчасы Бакайдын,
Жилигин бирден чакпасам!
Кутурган экен куу сакал,
Кулу Гүлүс экөөнүн,
Умачтай көзүн ачпасам!
Айтканым кылып Коңурбай,
Анан болот көөнүм жай!”
Деп оолугуп Коңурбай.
Сакалы тал-тал бириндеп,
Зор калча жатат күрүлдөп.
Көрүп турган каңгайлык,
Этек, жеңи дирилдеп.
“Жагла, буркун, жагла” – деп,
Сийдиги агып бүркүрөп.
Баш урушуп калышты,
Жай жайына жанышты.
Алты күн өрүүн алышты,
Айланып токтоп калышты.
Күн бешимге жеткенде,
Төбөдөн ооп кеткенде.
Кыргыз эли жабылып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 16
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.