Latin

Семетей - 07

Total number of words is 4301
Total number of unique words is 2207
27.3 of words are in the 2000 most common words
40.3 of words are in the 5000 most common words
47.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен туйганды туйдуңбу?
Алдымдан өттү ак балык,
Канатынын үстүндө,
Карала сыйа каты бар.
Как төбөнүн үстүндө
Бармак басым жеринде,
Алтындан сырмак меңи бар.
Мен Семетей болголу,
Мындай балык көрбөдүм.
Айланайын, Гүлчоро,
Сууга айанбай киргиниң,
Сууда жаткан балыкты,
Ууртуна колуң салгының,
Тилинен кармап алгының,
Канжыгыга чалгының,
Үйдө калган долуга,
Камчы чаптым сооруга,
Алып барып тартуу кылгының, Мындай айтып турду эле
Муну уккан да Гүлчоро,
Турчу беле кабылан.
Анжийандан алдырган,
Андан келген ак өтүк,
Ийи айдай бек өтүк.
Сууга жанбай кирди эми,
Суунун түбүн тепкилеп,
Билмексен болуп турду эми.
Көп айанбай кирди эми,
Көлдүн башын тепкилеп,
Көрмөксөн болуп турду эми.
- Жан абаке кана?- деп,
Карамыш болуп турду эми,
“Арам гана акмак кул.
Арбын көр, антын көр,
Кылып турган дартын көр”.
Манастын уулу Семетей,
Сууда жаткан балыкты,
Көк шилиден алды эми,
Тышка ыргытып ийди эле,
Канчоро муну карма деп,
Канжыгага байла деп,
Чубактын уулу Канчоро,
Турчу беле эр чоро.
Жалама темир миспичак,
Жанынан сууруп алды эми,
Кардын жарып салды эми.
Сууга ыргытып жиберди:
-Айланайын абаке,
Кирген балык турбайбы,
Жеген киши өлбөйбү!
Муну укканда тим болуп,
Манастын уулу эр Семең,
Дарс окуган эр немең,
Алтоо сүннөт, төртөө парз,
Кудай таала кудурет,
Өтпөй турган кыйын карыз,
Он ирекет бешимде,
Оңдоп окуп алды эле,
Өзөндү бойлоп жүрдү эми,
Жекендүү көлдүн жээгинде,
Шабырлуу көлдүн четинде,
Укурук мойун чоң ак куу,
Куйругу менен кум сабап,
Канаты менен жер сабап,
Куукулдап оттоп калыптыр.
Муну көрүп Гүлчоро:
- Айланайын абаке,
Кечке чейин сен салдың,
Кечиндеси мен салам.
Мага бер, - деп шумкарды,
Бекем сурап турду эми.
Бербеймин деп айта албай,
Берендин көөнүн кайтарбай,
Берип койду шумкарды.
Колунан алып шумкарды,
Койо берип тулпарды,
Тура тартып качты эми,
Актелкини камчылап,
Кара жанын кашайтты.
Эр Семетей баатырдын,
Катуу ачуусу келди эми.
Качканын билди эми.
Бек ачуусу келди эми,
Бербесин атын билди эми.
“Арам гана акмак кул,
Арибин көр, антын көр,
Кылып турган дартын көр,
Көгүчкөндөй мойнуңду
Толгоп үзүп албасам,
Көрүнөө майып кылбасам,
Кекиликтей мойнуңду,
Кедери толгоп албасам,
Кеткис майып кылбасам”.
Деп, кыйкырып оолугуп,
Артынан кууп калды эми,
Ашкере күлүк Тайбуурул,
Алты арыштап жетти эле.
Азели кыйын Гүлчоро,
Арстандын жайын билди эле,
Кайра тартып турду эле:
- Айланайын абаке,
Ат чаптырып көрбөпсүң,
Же куш салдырып көрбөпсүң,
Кудай урсун абаке,
Колума куш кондуруп көрбөпмүн,
Актелкиң менен куруп кал,
Оозу катуу мал экен,
Ойду дөңдү билбеген,
Ала качма жан экен,
Омогу жок жылкы экен,
Ала качты кантейин,
Арыптык кылсам абаке,
Акыретке кетейин.
Кырды дөңдү билбеген,
Кыйгачтаган жылкы экен.
Кызып кетти кантейин,
Кыйарлык кылсам абаке,
Кыйаматка кетейин.
Шумкарды ала качып нетейин,
Не мураска жетейин.
Анттуу сөздү кылганда,
Бек ачуусу жазылды
Ардыкканы басылды.
Кайра тартып жөнөдү:
- Жолумдан чыккан аккууга,
Салбай койсом шумкарды,
Кудай мында урбайбы?
Айланайын абаке,
Мекеден келген куу окшойт,
Беш баласы бар окшойт.
Убалы бизге жетпесин,
Кесири уруп кетпесин,
Семетей анда кеп айтып,
Ачуусу келип бек айтып,
Гүлүстөн тууган чорого,
Күлбүй туруп жеме айтып:
- Катуу ачуум келгенде,
Хан Жакыпты жайладым,
Кара жерди майладым,
Канын ичип жалмадым.
Абдан ачуум келгенде,
Абыкени аймадым,
Көбөштү көргө киргиздим,
Экөөнү бирде жайладым.
Кыйын ачуум келгенде,
Кырк чорону кыйраттым,
Канын төгүп алардын,
Катын-кызын ыйлаттым.
Канакей, убалы жеткени,
Кесир уруп кеткени,
Канакей, канкоруң өлүп кеткени?”
Гүлчоронун колунан,
Шумкарды сууруп алды эми,
Узун боосун чыгарып.
Кыска боосун чечти эми,.
Жагоодон ылдый басты эле.
Тамандан өйдө какты эле.
Сыр чакчада насыбай,
Кашка тишке куйду эле.
Мурчуйуп тиктеп турду эми,
Шумкар кууну алды эле.
Сүйүнүп Семең калды эле:
- Бачымыраак ажырат,
Мойнун кыйып салбасын.
Бөөдө өлүп калбасын.
Аман-эсен ак кууну,
Ажыратып алалы,
Ак тайлактай өңөрүп,
Чачыкейге баралы.
Алып барып мамык кылалы,
Жаш учурган шумкарга,
Кырлап алып салалы.
Гүлүстөн тууган Гүлчоро,
Барбаймын деп айта албай,
Семетей көөнү кайтарбай,
Ак кууну көздөй ат койду.
Чамгарактуу алтын боо,
Жыйнай кармап алыптыр.
Гүлчоро жетип канаттан,
Сермеп кармай аларда,
Асмандан учуп калыптыр.
Кукулдаган чоң ак куу,
Кукулдап учуп калды эле,
Куйун шамал салды эле,
Шыңкылдаган чоң ак куу,
Шыпылдап учуп калды эле,
Шыбыргак шамал салды эле.
Бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Чапкын бороон болду эле.
Асмандан булут тутулуп,
Алты сай мөндүр куйдуруп,
Атышып асман булуттар,
Айабай кулак тундуруп.
Аш бышымча күн жаады,
Ачылып кетти чайыттай.
Караса көзгө илинбейт,
Каран калган чоң ак куу,
Кай кеткени билинбей.
Тиктесе көзгө илинбей
Түгөнүп калган чоң ак куу,
Туманда кетип билинбей.
Эр Семетей канкоруң,
Гүлчорону жемелеп,
Көктү карап бөпөлөп,
Көтөрүп алып шумкарды,
Чоң ак куу кетти көкөлөп.
Акшумкардан ажырап,
Асманды карап бөпөлөп,
Аккуу алып шумкарды,
Асмандап кетти көкөлөп.
Алмамбеттин Гүлчоро,
Адырга чапты төтөлөп.
Канчоро кетти кандырга,
Шумкарын кууга алдырды,
Кубулуп жүргөн каапырга,
Гүлчоролоп чакырды,
Ич күйгөндөн бакырды:
- Бүгүн Чоро үч кылдың,
Айагында күч кылдың,
Ак була көрдүм албадың,,
Алып барып орго салдың..
Балыкты көрдүң баспадың,,
Баса калып албадың..
Куунун жолун тосподуң.
Эртең менен Чачыкей,
Бастырбай мени торгоду,
Тил албайсың чоролор,
Чачыкей толгоп койгонбу.
Айта койгун шумкарды,
Арытпагын тулпарды.
Карыдан насаат көп уктум,
Шарыйаттан бек уктум.
Калгандардан кеп уктум,
Канча сонун мен уктум.
Көп эле уктум куу сөздү,
Мындай сөздү укпадым.
Акшумкар колдон кеткени,
Ажалымдын жеткени,
Тайбуурул арып өлгөнчө,
Семетей карып өлгөнчө,
Ак шумкар издеп көрбөсөм,
Жолунда жүрүп өлбөсөм.
Туубай туна чөгөйүн,
Тумшугу жок курган жан,
Бу көрөкчө өлөйүн.
Эр Семетей баатырдын
Ачуусунун келгени,
Эми билди Гүлчоро.
Чачыкейден кеп укпай,
Аккуунун жайын бек укпай,
Сурап алып куурабай,
Куунун жайы кандай деп,
Баш-айагын сурабай.
Байкоосуз келген жаш бала,
Өпкө оозуна капталды:
- Айланайын абаке,
Көрүп туруп айтпасам,
Көр азабын тартайын,
Ак куунун сырын билбесем,
Жесырдаш болуп жүрбөсөм,
Билбей туруп абаке,
Мен кайсыны болбоп айтайын,
Алты казды кактайын,
Акшумкардын азабын,
Бир күнү минтип тартайын.
- Айланайын, Гүлчоро,
Каралды кылган Канчоро,
Артымда жүрсөң сан колдой,
Астымда жүрсөң миң колдой.
Талаага чыксам акжолтой,
Ак шумкар колдон кетти деп,
Арызымды кимге айтайын.
Акшумкар качып кетти деп,
Уйалбай кантип кайтайын.
Бүгүндөн калбай кайтып бар,
Эрке катын Чачыкей,
Саламымды айтып бар.
Кетерин билген шумкардын,
Келерин айтып берсин де,
Качарын билген шумкардын,
Кармарын айтып берсин де.
Качарын айтып берсин де,
Качарын билген шумкардын.
Кармарын айтып бербесе,
Кетерин билген шумкардын,
Келерин айтып бербесе,
Жергенин сары талаада,
Сары абама жетип бар,
Бүгүндөн калбай келсин де.
Айттырып берсин кушумду,
Илгери кылсын ишимди.
Айтпай койсо кушумду,
Чачын кыркып алгыла,
Бетинтилип салгыла,
Чолок байтал кылгыла.
Кементайды кийгизип,
Кер байталга мингизип,
Шаатемир кандын колуна,
Эртеңден калбай салгыла.
Сары абам турсун Таласта,
Кудайыма сыйынып,
Эртеңден калбай эртелеп,
Шумкардын жообун эрте бер.
Муну уккан Гүлчоро,
Туруучу беле Канчоро.
Эки чоро дуу койуп,
Жетип барды Кеңколго.
Эрке катын Чачыкей,
Эшикке чыкты эндиреп,
Эси оогондой сендиреп,
Эки чоро келатат,
Семетей жок жанында,
Кууга кушун салды деп,
Жалгыз не үчүн калды деп,
Тиктеп калды мелтиреп.
Арка чачын кылайтып,
Тосуп чыкты муну айтып:
- Жаныңда өрдөк көп жүрөт,
Өрдөккө шумкар салдыңбы?
Суусасаң кымыз ичип ал,
Суусунуңду кандырып,
Андан кийин жолго сал.
-Кымызыңды ичпеймин,
Ал сөзүңө кирбеймин,
Абам мени жиберди,
Ак шумкарды издеймин.
Ак кууга кушуң салба деп,
Айтпадыңбы барба деп,
Ак кууга салып кушуңду,
Азабын тартып калба деп.
Арытпагын абамдын.
Астындагы тулпарын,
Айтып бергин шумкарын.
Чородон угуп кабарды,
Чачыкей муну айтты эми:
- Талаада эркек сен болсоң,
Үйдөгү зайып мен болсом,
Талаада качкан шумкарды,
Таап бергин дегениң,
Мени тамаша кылып келгениң,
Эркек кушун билүүчү,
Катын ишин билүүчү,
Уксаң бала кеп ушу.
Каарданып Чачыкей,
Кайра басып кенебей,
Толгомо саптуу камчыны,
Толгой кармап имерип,
Кайта баскан долуну,
Капталга тартып жиберип.
Бүлдүргөн ала көйнөгү,
Тал-талынан бөлүндү.
Бети менен жыгылып,
Берметтей жашы төгүлдү,
Кулачтай болгон кара чач,
Колуна кармап алыптыр,
Карсылдатып сулууну,
Гүлчоро сабап калыптыр.
Торпок тойдун каным жан,
Өзү ыктуу баарыдан,
Гүлчородой баатырдын,
Камчысын кармап алыптыр.
Чындап тилек кылганда,
Айтып бергин деп кыстап,
Ага дагы болбоду.
Айылбашы Сары хан,
Бу да келди жанына:
«Көргөнүң болсо айтып бер,
Билгениң болсо айтып бер”.
Колдон кармап коборду,
Буга дагы болбоду,
“Бетимди көрбөс Сарытаз,
Берметтүү колдон кармайт деп,
Жүзүмдү көрбөс Сарытаз,
Жүрмөлүү колдон кармайт деп,
Талаада качкан шумкарды,
Үйдөгү катын билеби?”
Мына ушуну укканда,
Айылбашы Сарытаз,
Абдан ачуу келди эми,
А да тилдеп калды эми:
- Төрт казыкты каккыла.
Төрт тарапка кергиле,
Койчубатып өткөрүп,
Бетин тилип салгыла.
Чачын кыркып алгыла
Тел торпокко мингизип,
Темиркандын шаарына,
Тентитип айдап ийгиле!
Төрт казыкты кагарда,
Төрт тарапка керерде,
Эжекеси Каныкей:
- Көргөнүң болсо айтып бер,
Билгениң болсо айтып бер.
Кечээ Темир хандын шаарынан,
Келдик эле башында,
Кер жорго минип шалкылдап,
Кездеме ичик жаркылдап,
Эми кантип кетесиң,
Кер байталды минип шалпылдап.
Кементай кийип салпылдап,
Шаатемир хандын шаарынан,
Келдиң эле сен долу,
Сур жорго минип шалкылдап,
Суусар кийип жаркылдап,
Суктантып элди шартылдап,
Эми кантип кетесиң,
Сур байтал минип шалпылдап.
Суусар ичик эми жок,
Сен коркутуп жаткындай,
Семетей өңдүү эриң жок,
Гүлчоро турат кайышып,
Айтпай койор эбиң жок,
Айтып бергин,- деп айтты.
Айласы кетип Чачыкей,
Айтып берди билгенин,
Акундун кызы Айчүрөк,
Эки катар келгенин:
- Кечээ күнү кечинде,
Кечки салкын бешимде,
Акундун кызы Айчүрөк,
Жүрөк эле залкайып,
Айчүрөк мага үч келди
Айтпайын десем мен бейбак,
Аманат жанга күч келди,Ачынып калган Чачыкей,
Айанбай каргап айтканы:
-Барганыңдан келбей кал,
Базар үйүң көрбөй кал,
Кеткениңден келбей кал,
Кербен үйүң көрбөй кал,
Эр Толтой ойсун бооруңду,
Бай Коңур сойсун сооруңду.
Мурадил алсын найзаңды,
Кара жер көрсүн пайдаңды.
Чынкожо кессин башыңды,
Жедигер алсын өтүңдү,
Өлгөнчө көрбөйм бетиңдиДеп ошентип Чачыкей,
Акшумкар дайынын айтты мындай,
«Катындан каргыш жетбейт» деп,
«Кой каргышы бөрүгөжетпейт»-деп,
Гүлчоро айтып чуу койуп,
Семетей көздөй жөнөдү.
Гүлчоро келе жатканын,
Алыста жаткан Семетей,
Мурун байкап алыптыр.
Аңгыча Күлүс жетти эле,
Күлүстөн чоро келдиңби,
Акшумкар жообун алдыңбы?
Ойнуңду койуп чыныңды айт,
Ойнобой, бышык сырыңды айт.
Шылдыңды койуп кебиңди айт,
Сынап көрбөй жөнүңдү айт,
Деп Семетей кеп сурайт.
Анда ашыгып Чоро кеп сүйлөйт,
Кеп сүйлөсө деп сүйлөйт:
- Аба, сага сүйүнчү
Душманга болсун күйүнчү,
Айтканымды түшүнчү.
Сымбаттуу сулуу сеники,
Суурулган күлүк меники,
Айтылуу сулуу сеники,
Ашкере күлүк меники.
Алыстан барып кеп уктум,
Акшумкарды Айчүрөк,
Алып кетти деп уктум,
Чүрөктүн жайын айтайын,
Көбүк кардай эти бар,
Кызыл кандай бети бар,
Калемдей кара кашы бар,
Кундуздай сулуу чачы бар
Берметтей таза тиши бар,
Журттан артык иши бар.
Ургаачыдан шок деген,
Укмушта андай жок деген,
Көп кишиден шок деген,
Көргөндөр мындай жок деген.
Перизаттай мелтиреп,
Нур кызындай мөлтүрөп,
Эки айактуу бендеден,
Табылбас асыл неме дейт.
Ак куу болуп кубулуп,
Асмандап асыл учат дейт,
Ак балык болуп жылат дейт.
Алла таала буйурса,
Аташканын Чүрөктү,
Абакем барып алат дейт.
Бүгүн барсак алабыз,
Бүгүндөн калсак абаке,
Чынкожого алдырып,
Армандуу болуп калабыз.
Аны Семең укканда,
Атасы Манас канкордун,
Арбагын айтып чакырып
А, кудайлап жалынып,
Жакасын кармап сүйүнүп,
Жаратканга сыйынып,
Акундун кызы Чүрөктү,
Көрбөй туруп кубанып,
Чоролорду ээрчитип,
Хан Бакай менен Каныкей,
Ал экөөнө барды дейт.
Муну мындай таштайлы,
Айчүрөктү Семетей,
Алганынан баштайлы.
СЕМЕТЕЙДИН АЙЧҮРӨКТҮ АЛЫШЫ
Кыргыз, ногой элинен,
Жыргалдуу Кеңкол жеринен,
Кайнардын кара көзүнөн,
Как чынардын өзүнөн.
Төрткөлдүн төмөн жагынан,
Төрөмдүн сайган багынан,
Баркөлдүн маңдай жагынан,
Бакайдын салган тамынан,
Жекендүү көлдүн ойунан,
Жергенин сары талаадан,
Аз олуйа Баркөлдүн,
Кыз олуйа Кеңколдон,
Алакөлдүн кашынан,
Айдын көлдүн сазынан.
Акшумкарын качырып,
Акбелести ашырып,
Алыскы жерден кеп угуп,
Акундун кызы Айчүрөк,
Алып кетти деп угуп.
Аркасынан шумкарга,
Барамын деп дем уруп.
Канча күндө барам деп,
Хан абасы Бакайдан,
Жолду сурап кеп уруп,
Жолду айткын барам деп,
Карабет Чүрөк долудан.
Шумкардын жообун алам деп,
Акшумкардан айрылып,
Куру кантип калам деп.
Өлбөй тирүү болгондо,
Бир кабарын табам деп,
Ырас болсо алганы,
Чүрөктүн шаарын чабам деп.
Төтөлөп айтып жолго сал,
Карыган Бакай абам деп.
Минтип айтып турганда,
Бу дүнүйө жалганда,
Көрбөгөн жан арманда.
Бакай кантип токтосун,
Жолду сурап атканда.
Чымырканып кеп айтат,
- Чырагым, уккун - деп айтат,Курдашым Манас барында,
Көрбөгөндү көргөмүн.
Же ошол кезде өлбөдүм,
Алла башка салган соң,
Абыкенин тушунда,
Ар жорукка көнгөнмүн.
Асылым Манас өлгөндө,
Ар кайсыны көргөнмүн.
Өзүң бойго жеткени,
Эч жамандык көрбөдүм.
Көз жаздыкта калбаса,
Барбаган жерим калбады.
Курдашымдын тушунда,
Ошондо кудай албады.
Жол маанисин менден ук,
Менден уксаң, бейлеп ук,
Калет келсе кантейин,
Атаңдын көрү дүйнө бок.
Агарбас сакал чагымда,
Болуп турган табымда,
Саадагым кырк кез экенде,
Эмне деген жакшы эле.
Өзүм баштап барганга.
Ал кездеги чагым жок,
Баштап барар алым жок,
Мына минтип бок дүйнө,
Арманды салдың ичке чок.
Ашыкпай жүрсөң чырагым,
Алтымыш күндө барарсың,
Аман болсо чырагым,
Душмандан кегиң аларсың.
Эрикпей жүрсөң чырагым,
Элүү күндө барарсың,
Эсен болсоң жалгызым,
Душмандан кегиң аларсың,
Ойлонгон жолдун азабын,
Оолуккан чунак баласың.
Эми түшүп жатпады,
Жолдун баарын каттады.
Каныкей канча кеп айтып:
Балам уккун деп айтып,
- Атаң Манас барында,
Алмамбет, Чубак жанында,
Бакай абаң алдында,
Кең кашкарга барганда.
Тумшуктун жолун тоскондо,
Баары журттан озгондо.
Коңурбай менен Жолойдун,
Миң төөдө чайын алганда.
Кебез тоону айланып,
Чоң Үргөнүчкө барганда.
Кийик уулап талаадан,
Таап келген Акун хан.
Кызынын аты Айчүрөк,
Сен бойумда бар элең,
Белкуда болгон атакең,
Кудалашкан жайың бар.
Акун хан деген кайның бар,
Кулдук уруп Алмамбет,
Кудалашкан чагы бар.
Аллам буйурса аларсың,
Айчүрөктөй зайыбың бар.
Тор этине толсун деп,
Менин айтпай жүргөн жайым бар.
Чынкожо, Толтой деп айтат,
Айчүрөктү алам деп,
Чынкожо колу барган бейм,
Акун хан кары киши эле,
Чын эле шашып калган бейм.
Чымырканып Айчүрөк,
Анан издеп чыккан бейм.
Саамай чачын сыдырып,
Тоонун башын кыдырып,
Келип кабар салган бейм.
Айталбай сага чын сөзүн,
Кушуңду алып барган бейм,
Алтымыш күнү жол жүрсөң,
Акундун шаарын табарсың,
Кекенген жоого барарсың,
Кездешсең башын аларсың.
Аллам ачсын жолуңду,
Жабдып жолго салайын,Деп ошентип Каныкей,
Казынанын ачкычын,
Алып чыгып үйүнөн,
Асталай басып Каныкей,
Казынага барышы.
Алып келди буйумун,
Ачтырды тилип куржунун.
Сыйга кийер сын тонун,
Сууруп алып берди эми,
Жакасы алтын, жеңи жез,
Эки кабат ичи бөз,
Тышы көркөм буулумдан,
Он эки катар топчулук,
Топчуланып бекиткен.
Бараңдын огу батпаган,
Манастан калган ак олпок,
Тышыңан кийип ал деди,
Каныкей алып берди эми.
Кандагайы Семеңдин,
Анысы мындай жасалган:
Чоң Ополдо көп теке,
Экитишти багылага бар.
Мергенге тандап аттырып,
Чылгый тери жагында,
Аки берип ийлетип,
Алтымыштай балбанга
Анжийанга киргизип,
Алма кабык алдырып,
Жайы-кышы малмага,
Жеткилең абдан салдырып.
Хан баласы Каныкей.
Жатып алып ичтеген,
Аруукеси баш болуп,
Алтымыш келин котчу алып,
Үч айдын күнү токсон күн,
Эрикпестен тиштеген.
Кашка тиши жойулган,
Кара көзү ойулган.
Бутка кийчү бул шымын,
Кыдыр Алла буйурган.
Кармап тартса кандагай,
Аргамчыдай чойулган,
Койо берсе кандагай,
Муштумдай болуп жыйылган.
Отко салса чок өтпөс,
Мылтык атса ок өтпөс,
Милте жакса чок өтпөс.
Чапса кылыч кеспеген,
Найза сайса тешпеген.
Каныкей алып бергени,
Камдагай бутка шымданып,
Алтындан кылган чоң кемер,
Арстан белге курчанып,
- Гүлчоро менен Канчоро,
Эки балам келгин, - деп,Атаңардын белеги,
Каныкей азыр берем деп,
Хан Чубактын тону эле,
Муну балам кийгин,- деп.
Темирден кылган күрөөкү,
Чынжырдан кылган зоотун,
Бутуна кийчү кандагай,
Такыр берди тапшырып.
Жоо-жарактан эч калбай.
Алмамбеттин белегин,
Акылга тыкан асылын,
Белекке койгон нерсесин,
Кийин көрөт Гүлчоро,
Ал буйумдун керегин,
Жакасын алтын жеңи жез,
Арка этеги кызыл миз,
Эки каптал ак күмүш,
Ал тонду кийген адамга,
Арзан эмес мүшкүл иш.
Азиз хандын доорунда
Мына ошонун шаарында,
Өзүнүн көзү барында,
Падышалык чен тонун,
Балама белек болсун деп,
Падышага тапшырган.
Муну алгын колуңа,
Абакеңдин алдында.
Аллага атаң сыйынган,
Азимде турпак атаңа,
Ал Бейжинден буйурган.
Сай сагызган тилине,
Кырк эки тилдин баарысын,
Дуба менен жашырган.
Муну жегин Гүлчоро.
Алтын кемер, бото кур,
Алты айланат белиңден.
Абайлап балам кулак сал,
Энеңдин айткан кебине.
Куржунун алгын атаңдын,
Өзүң ачып карагын,
Атаңдан калган белектер,
Баары ошонун ичинде,
Муну алгын колуңа,Аманат кылган эрлердин,
Белектерин тапшырды.
- Семетей балам сенсиң деп,
Ак сүтүн берген менмин деп,
Ак батамды берейин,
Аман-эсен келгин деп,
Абалтан кудай силерди,
Душман үчүн жараткан.
Улуу атаң сенин хан Мамай.
Өз атаң сенин зор Манас,
Жердеген жери чоң Талас.
Намысыңды бек талаш,
Үргөнүчтүн жери сом деген,
Агын суусу чоң деген,
Тууганым экен жакын деп.
Чынкожо көөнүн караба.
Чынкожонун бузугу,
Толтойго кара санаба.
Жаман айтып сөз кылбай,
Кеп кеңешиң сала жүр.
Жаныңда эки балага,
Баргын балам саламат,
Кудайыма аманат.
Ат-тонуңдан айрылып,
Боло көрбө жаманат.
Жолуңда сонун жерлер бар,
Кайберендин кени бар.
Кайыбына тийбегин,
Жерди көрүп кызыгып,
Жатып алып жүрбөгүн.
Уктап жаткан шаарга,
Түн ичинде кирбегин,
Атаңа болор жаманат,
Жетимиш пирге кол берген,
Жети ирет Кызыр жол берген,
Атакең Манас колдосун,
Кожо Асан болсун жолдошуң.
Алтымыш пирге кол берген,
Алты ирет кызыр жол берген,
А дүйнө кеткен атаңдын,
Арбагы сени колдосун!
Атаң менен дос болгон,
Ак эшен болсун жолдошуң!Деп ошентип Каныкей,
Колун жайып кобурап,
Ак батасын берди эле.
Каныкейден бата алып,
Хан Бакайдан кат алып,
Жолдун баарын жат алып,
Бала жолборс Семетей,
Бармак болду аттанып.
Кас душманга шаттанып.
Манаттан кылган көрпөчө,
Кош басмайыл тарттырып,
Жоргого кошун арттырып,
Алаштан тандан Семетей,
Он төрт күлүк ат алып.
Абакеси Бакайдан,
Алдына барып бата алып.
Ичин кызыл сырдаган,
Тышын аппак бордогон,
Жүрмөк болду чунагың,
Каныкейдин ордодон.
Илгертеден бер жакка,
Ишин кудай оңдогон.
Жоготкон жогу шумкары,
Жоого минген тулпары,
Качырганы шумкары,
Казатка минген тулпары,
Айдаганы он төрт ат,
Арка кылган бир Буурул,
Ишенгени эки уул,
Издегени Акшумкар,
Асынганы Аккелте,
Эңсегени Айчүрөк,
Жоболоң тартып жок издеп,
Жоголуп кеткен кушту издеп
Ат арытып тон жыртып,
Ала качкан кызды издеп,
Аттанып чыкты Семетей,
Муну мындай койуңуз,
Ат эсебин алыңыз,
Калдуу кызыл жалдуу көк,
Тумарлуу кызыл Турнакөк,
Токтонбайдын Торала,
Токо бийдин Бозала,
Текечинин Темиркөк
Тердебеген Көкала.
Тору кыз берген Карасур,
Чачыкейдин Койтору,
Байбиченин Боз жорго,
Бакай хандын Сурчолок,
Сары хандын Туучунак,
Ажыбайдын Карткүрөң,
Алмамбеттин Сарала,
Каныкейдин Кашка аргымак,
Абыкенин Актелки,
Көр Көбөштүн Суртелки.
Азык арткан Акборчук,
Кош жүктөгөнү төрт жорго,
Азык алган алты бээ,
Алты жууркан, беш мамык
Аны арткан Айбанбоз.
Шоошактын башын чалбаган,
Чуңкурга келсе аттаган,
Жекендин башын чалбаган,
Жейренге жетпей калбаган,
Күрүчүн күрдүк айдаган,
Күлүктөрүн карасаң,
Күрүчкө жемдеп байлаган,
Күндө жарак шайлаган,
Арпасын күздүк айдаган,
Аттарына карасаң,
Арпага жемдеп байлаган,
Айда жарак шайлаган.
Атышкан жоосун жайлаган.
Алты айга минсе талбаган.
Аттарынын баарысы,
Алтымыш асый болгуча,
Азуусун сөйкөп карыбаган,
Жети айга минсе талбаган,
Жетимиш асый болгуча,
Тилдигин сөйкөп карыбаган,
Караңгыда калт этпес,
Башка чапса жалт этпес,
Алаштан чыккан он төрт ат,
Күлүктөрүн айдатып,
Кош колоңун тарттырып,
Муну салып алдына,
Канкордун уулу чунагын,
Анда туруп муну айтып:
- Касийеттүү абам деп,
Каныкей эне, апам деп,
Хан болсун азыр Таласка,
Сары хандай абам,- деп.
Манастын уулу Семетей,
Каролуу жалгыз Гүлчоро,
Жанында баатыр Канчоро,
Гүлчоро менен Канчоро,
Экөө бирдей эр чоро,
Баатыр тууган Семетей,
Он төрт күлүк ат менен,
Жүрмөк болду Кеңколдон,
Алла өзү билбесе,
Айтканым жалган болбосо,
Айтайын бир аз канкордун,
Арбактары колдосо.
Канкордун уулу эр Семең,
Кайгырбаган эр немең,
Жолборстун уулу эр Семең,
Бала жолборс эр немең.
Жетим калып жетилген.
Эркин өсүп керилген,
Эрдиги артык теминген,
Темир хандын шаарына,
Тентип барып чоң болгон,
Ат көтөргүс зор болгон,
Кас санаган душманы,
Качып жүрүп кор болгон.
Кайраты артык кабылан,
Бастырмак болду абдан,
Кам кечесин бүтүрүп,
Аттарынын баарысын,
Куйундай кылып түйүлтүп,
Алты сан аргын көп алач,
Булардан чыкты бөлүнүп,
Сурнай үнү бек чыгып,
Добулбасын карс уруп,
Доолбасын карс уруп,
Ак асаба кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Нөөкөрү бутта чойкойуп,
Сырнайза колдо койкойуп,
Кылыч белде кыңгырап,
Айбалта жанда шыңгырап.
Аккелте жондо жаркырап,
Канчоросу ат айдап,
Аттын баарын катуу айдап,
Айалдабай бат айдап.
Гүлчоросу кош алып,
Көргөн адам таң калып,
Көк жалдар жүрдү жол тартып,
Көк жалда жүргөн жеринен,
Тополоң уйуп жол чаңдап,
Бөкөйдүн бөксө чөл менен,
Бөрү жүрбөс жол менен ,
Казылган кара шор менен,
Карышкыр жүрбөс бел менен,
Жөнөп кетти калдайып.
Кара тулаң чөп келсе,
Чалдырбай жүрүп олтуруп,
Кара булак суу келсе,
Каптырбай жүрүп олтуруп,
Оргуган аппак шор менен,
Он төрт күндүк жол менен,
Айлана кара тоо менен,
Акыл таппас жол менен,
Арыбастан жол жүрдү.
Күнү түнү алтымыш,
Санаты ошондой күндөрдө,
Аттан түшпөй мол жүрдү,
Тутумдашкан кара тоо,
Тоо түгөнүп түз болду,
Жол айрылып үч болду,
Күндү санап алмагы,
Семетейге күч болду.
Санап көрсө Семетей,
Санаты кыркча күн болду,
Токтогон жерде чунактын,
Күн кеч кирди түн болду.
Кайта артын санады.
Бакайдын катын карады,
Алаштан чыккан он төрт ат,
Сүмбөдөй болуп жарады.
Чыккан күндүн баарысын,
Эсеп кылып санады.
Бакайдын жолу болуптур,
Кат эсепке толуптур.
Тоо түгөнүп сай болуп,
Семетейдин ичкени,
Жеркендин кызыл чай болуп.
Жегени аппак май болуп,
Ат арыктап тай болуп.
Баатырдын уулу чунагың?,
Жер сонунун көрүптүр,
Түн уйкусун бөлүптүр,
Бакасы чардап көлүндө,
Булбулу сайрап чөлүндө,
Булагы агып ташыган,
Булбулу сайрап таңшыган,
Муңдуу бенде жашыган,
Күкүгү сайрап таңшыган,
Күмүшү арзан ташынан,
Күкүктүн үнүн укканда.
Күйүттү бенде жашыган,
Бетеге белден булаган.
Бедесине карасаң,
Ат боорунан жиреген,
Жарылып тулаң булаган,
Жылгадан суусу куйулган,
Жыттаса жыты бураган,
Өрүгү чирип көк болгон,
Өзөнү булак саз болгон,
Булагы менен көлүнө,
Өрдөк менен каз толгон.
Текчеден гүлү ачылган,
Жемиши жерде чачылган,
Жойлогон жери доңуздун,
Кемегедей казылган.
Төшүнө кайып жайылган,
Кай бирден келип жыйылган,
Чөптүү жерге капташса,
Капталдан келип жиреген,
Кайыңы көктү тиреген,
Чырпыгы бар чынардай,
Чынары бар мунардай,
Чымчыктары улардай,
Чымчыктардын үнүнө,
Чыдап бенде тура албай,
Талдары бар түркүктөй,
Таранчысы өрдөктөй,
Жалган айтып койбосом.
Бүркүттөрү үзүктөй,
Чычкандары күчүктөй,
Жекендери челектей,
Балтырганы билектей,
Маралдарын карасаң,
Мала кашка инектей,
Ор койону улактай.
Куландары кунандай.
Кунандарын карасаң,
Куруп салган дубалдай.
Кескелдирик жойлосо,
Кере кулач жыландай,
Жыландары жойлосо,
Жылдырып аркан тарткандай.
Жерди көрдү аркандай,
Жергелүү бенде конгудай,
Желени тартып койгудай.
Үйдү тигип салгыдай,
Семетей төрө чунагың,
Жерди көрдү ар кандай,
Кетип барат канкоруң,
Кабагын салып зарланбай,
Адеме төрө көкжалың,
Атынын башын бурганы,
Аркасын карап кылчайып,
Чорого айтып турганы:
- Кештелүү калпак кең шалбар,
Кеңешим айтам жаш балдар,
Саймалуу калпак көк шалбар,
Санаамды айтам жаш балдар,
Алты күнү болгунча,
Ат сергитип алалы,
Анан Чүрөк баралы,
Жети күнү болгуча,
Бой сергитип алалы,
Жетип Чүрөк баралы.
Жеткилек тууган Чүрөктөн,
Шумкардын жообун алалы.
Жолукса Толтой, Чынкожо,
Айанбай найза салалы,
Атабыз Манас болгон соң,
Айанып кантип калалы.
Уурданып барганда,
Уктап жаткан шаарды,
Уйалбай чаап алганда,
Атага наалат жетпейби.
Абийирибиз кетпейби.Чоролорго кеп айтып,
Кошту түшүр деп айтып,
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Төбөсү бийик чоң чатыр,
Танаптарын тарттырып,
Жез бурама казыгын,
Жерге мыктап кактырып,
Кермелерин чойдуруп,
Кемегесин ойдуруп,
Кер байталдан сойдуруп,
Аттын барын кермеге,
Алып келип астырып,
Кемегесин каздырып,
Көмкөрмөлүү казанын
Алып келип астырып,
Арчадан кылган чөмүчүн,
Эт котортуп бастырып,
Эки чоро бир төрө,
Жата турсун белесте,
Муну мындай койуңуз,
Эми Чүрөктөн кабар алыңыз.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Абанын жели зыркырап,
Үйдөгү кулун чуркурап.
Асмандагы жылдыздар,
Кезеги менен бир кырып.
Камыштын башы шуудурап,
Кара каш торгой чулдурап.
Чөптүн башы куудурап,
Теректин башы дирилдеп.
Жандын баары кыбырап,
Намаз маалы болгондо.
Чүрөк турду кашкайып,
Алмадай бети тастайып,
Колун сууга салды эми.
Кол дааратын алды эми,
Бутун сууга салды эми.
Бут дааратын алды эми,
Экөө сүннөт, экөө парз,
Кудай таала кудурет,
Өтпөй турган кыйын карз.
Өзүң көргөн багымдат,
Өткөрбөй окуп алды эми.
Кайкалаган кара бет,
Кырк кызга жетип барды эми.
Кара бет барып кеп айтат,
Улуусунуп деп айтат:
- Кел эжекелер, – деп айтат,
Кичүүсүнүп кеп айтат,
Ой курдаштар деп айтат,Түндө жатып түш көрдүм.
Бир ажайып иш көрдүм,
Байланды буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирди,
Байлоодон туруп семирди.
Бул эмне болуучу!
Бул түшүмдү жоруучу!
Буудайык конду туурума,
Булбул-булбул конду талыма.
Сайрабай бойум эриди,
Бул эмне болуучу?
Бул түшүмдү жоручу?
Көсө куйрук көк даңгыт,
Көчөнүн ичин жойлоду.
Көргөн иттер кыңшыды,
Бул эмне болуучу?
Бул түшүмдү жоручу.
Кара чаар кабылан.
Калаанын ичин жойлоду,
Карс этип иттер каппады.
Бул эмне болуучу?
Бул түшүмдү жоручу?
Ажыдаардай ак жылан,
Айбаттанып келгенде,
Асман менен тең болду,
Аргыган шамал жел болду.
Кара чаар сур жылан,
Күчүркөнүп келгенде.
Кара тоо менен тең болду,
Какшаган шамал жел болду.
Калаадагы биздин эл,
Карап туруп дал болду.
Күндүн көзүн чүмкөдү,
Күн көрсөтпөй бүркөдү.
Кандуу суулар бүгүлдү,
Калаадагы биздин эл,
Кара жандан түңүлдү,
Бул эмне болуучу?
Бул түшүмдү жоруучу?
Жедигердин Толтойу,
Жер майышкан көп колдун,
Жетимиш жорго ат алып,
Жергелей тартып жүгүндү.
Желек төшөп бүгүлдү,
Катын-балам алсын деп.
Кара жаным калсың деп,
Жан соогалап жүгүндү.
Амал кылып турушту,
Алты күндөй урушту,
Көктөн арбап түшүрдү,
Душмандын ишин бүтүрдү.
Бул эмне болуучу?
Бул түшүмдү жоруучу?
Минтип айтып калганда,
Ошондо болбой арманда.
Отуз келин, отуз кыз,
Ойротто жок Калыйман.
Кыркы келин, кыркы кыз,
Кымбат баасы Калыйман.
Эки колу боорунда,
Эжеси Чүрөк жанында.
Ийни салык мойну кез,
Издеп тапкын кара көз.
Жумуру жылан ак шак-шак,
Кирсиз тиши бар аппак.
Кош каркыра олоң чач,
Орто бойлуу алма баш.
Кырдуу мурун кара көз,
Кызыл беттүү кыйгач каш.
Эжеке Чүрөк деп айтып,
Эптүүсүнүп кеп айтып.
Апаке Чүрөк деп айтып,
Аңкосунуп кеп айтып.
- Мен жоруймун түшүңдү,
Оңдосун кудай ишиңди.
Кудай колго бериптир,
Ашык болгон кишиңди.
Байлантса буудан мамыга,
Тартынбай жерди кемирсе,
Байлоодо туруп семирсе,
Булчуңу бука мойнундай,
Буурул ат келе турганы.
Мунун несин айтасың,
Буудайык консо тууруңа,
Булбул консо талыңа.
Талпынбай күндү бүркөсө,
Арка жүнү ак бедер,
Акшумкар турат колуңда,
Анын несин айтасың.
Булбул өңдүү эр жезден,
Семетей келе тургандыр.
Мунун несин айтасың,
Көсө куйрук көк даңкыт.
Көчөнүн ичин жойлосо,
Көргөн иттер кыңшыса,
Күлгөнү кыздын үнүдөй,
Гүлчоро келе тургандыр.
Анын несин айтасың,
Кара чаар кабылаң,
Калаанын ичин жойлосо,
Карс этип иттер каппаса,
Кандуу кылыч жалдуу шер,
Канчоро келе тургандыр,
Ажыдаар ак жылан,
Асман менен тең болсо,
Аргымак шамал жел болсо,
Анын баарын сен көрсөң,
Келе турган эр жездем.
Ажыдаардан кем беле,
Толтой менен Чынкожо,
Жүгүнтпөй турган эр беле?
Кара чаар сур жылан,
Карданып келгенде,
Кара тоо менен тең болсо,
Какшаган шамал жел болсо,
Калаадагы биздин эл,
Карап туруп дал болсо,
Семетей жездем булардан,
Кайсы убакта кем эле.
Беттешкен жоого жездекем,
Жыландан сүрү кем беле.
Канкордун уулу хан жездем,
Мен уккамын карыдан,
Эрди түйрүк кең курсак,
Ногойлордун баарынан.
Темир хандын шаарынан,
Тентип барып келгели.
Тентек чыкты деп уктум,
Темир кийген душманын,
Жеңип чыкты деп уктум,
Келе турган хан жездем.
Жолун тосуп баралы,
Азык-түлүк алалы.
Астынан тосуп калалы,
Келе турган жолуна,
Кең Үргөнчтүн бойуна,
Дайар болуп калалы.
Калыймандан кеп келди,
Кара бет Чүрөк баш болуп.
Катын-кызга эп келди,
Ак чатырын бүктөшүп,
Ак дөнөнгө жүктөшүп,
Көк чатырын бүктөшүп,
Көк дөнөнгө жүктөшүп,
Кол чатырды колго алып,
Коногуна жорго алып,
Түштүгүнө бээ алып.
Түндүгүнө кара бет,
Сүт бото тайлак төө алып,
Калаадан арак алдырып,
Каркытган көөкөрүн,
Жибектен боосун чалдырып,
Кол куржунга салдырып,
Кагаз-кагаз чай алып,
Капакка салып бал алып,
Каймакка бышкан нан алып,
Сары мейиз кишмиштин,
Сабактарын тердирип,
Шекер-шербет кыйын аш,
Дайындатып бердирип.
Чаначка кымыз алдырып,
Күчүү жанып калат деп,
Күч ала туурап салдырып,
Ак кыйанын ойуна,
Чоң Үркөнүчтүн бойуна,
Манастын улуу чунактын,
Келе турган жолуна,
Өлөң айтып жеңишип,
Селкинчегин тебишип,
Чатыраш ойноп даң салып,
Чай кайнатып бал салып,
Казыга кошуп жал салып.
Отуз келин, отуз кыз,
Ортосунда Айчүрөк.
Шаардан чыкты бөлүнүп,
Жаркыны күндөй көрүнүп.
Канкордун уулу келет деп,
Чатырды тигип белендеп.
Чалкалаган кара бет,
Кең Үркөнүчтүн бойунда.
Жата турсун ойунда,
Муну мындай койуңуз,
Белесте калган канкордон,
Кайтып кабар угуңуз.
Таң агарып көрүнүп,
Тараза жылдыз бөлүнүп,
Талаада шамал аркырап.
Асмандагы жылдыздар,
Кыбыла көздөй бир карап.
Камыштын башы шуудурап,
Кара каш торгой чулдурап.
Теректин башы дыбырап,
Жандын баары кыбырап.
Капчыгайы коолдоп,
Карагайы шуулдап.
Таң агарып атканда,
Тараза жылдыз батканда.
Манастын уулу эр Семең,
Дарс окуган эр Семей,
Чукуранып ойгонуп,
Оң жагына толгонуп.
Жанындагы эки кул,
Кошо турду ойгонуп.
Дааратка суусун дайарлап,
Аптаваны колго алып.
Артык төрө көк жалың,
Ак жыландай толгонуп,
Колун сууга салды эми,
Кол дааратын алды эми.
Бутун сууга салды эми,
Бут дааратын алды эми.
Мекеден келген беш ажы,
Белек берген жай намаз,
Кең талаага жаздырып,
Жай намаз бетин ачтырып.
Экөө сүнөт, экөө парз,
Эгем таала пендеден,
Өтпөй турган кыйын карыз,
Төрт ирекет багымдат,
Төптөп окуп алды эми,
Мекеден келген ак теспе,
Седептен кылган чоң тесме,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 08
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.