Latin

Семетей - 28

Total number of words is 4232
Total number of unique words is 2155
29.7 of words are in the 2000 most common words
41.8 of words are in the 5000 most common words
48.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Камданып журтуң, болуптур.
Той берүчү, аш берчү,
Маалы элдин болуптур.
Саргарып эгин бышыптыр,
Алманын шагы ийилип,
Кыргыек учар табы экен.
Шашылып калат күн өтсө,
Эл камыңар чагы экен.
Эп келсе, аба, өзүнө,
Кулак сал менин сөзүмө.
Жаз жаркырап келгели,
Күзгө жакын болголу,
Тайыбадык күмбөздү.
Он беши жакын болуптур,
Ортосу айдын толуптур.
Сайрап жатып, так чарчап,
Күкүктөрү солуптур.
Күмбөздү тайыр мезгили,
Байкасам анык болуптур.
Ак боз бээни алалы,
Атакемдин ак үйгө,
Биздер жетип баралы.
Ай тамактап чалалы,
Куран окуп жаналы.
Эки, үч күндө барбасак,
Капташабыз аш, тойго.
Мийзам учуп, кыш түшүп,
Окубай куран калабыз,
Эл кыштоого конгончо».
Деп, ошентип Канчоро,
Семетейге айтты эле,
Канчоро кебин укту, дейт,
Кубаттап аны тутту, дейт.
«Ак боз бээни тапкын - деп,
Ырас экен ушул кеп.
Элебепмин мурун» - деп,
Камынып Семең барарда,
Каныкей кабар алды эми.
Семетейдин айлына,
Серпилип басып келди эми.
Семетейге карата,
Каныкейдин дегени:
«Койгун, балам, тил алгын,
Сөзгө кулак сен салгын.
Жайлоонун көрүп ыраатын,
Күзгөчө балам тынч алгын!
Түшүмдө көрдүм шумдукту,
Үйүңдөн чыкчу күн эмес,
Талаада калды токумуң.
Суркойон атың токулбай,
Ак кураның, үйүңдө,
Ачылбай калды окулбай.
Аккелте ичи дат болду,
Сырнайзаң сынып бүктөлдү.
Ак күбө тонуң чечилди,
Айбалтаң мизи кетилди.
Алыстан келип көп душман»
Кармап алды түшүмдө,
Сага окшогон жетимди!
Күмбөзгө барар кез эмес,
Көргөнүм төгүн түш эмес.
Кой, кулунум, барба - деп,
Каныкей турду кан какшап!»
Кандуу жаш көздөн чубуруп,
Өңүрү ылдый куйулуп.
Ал аңгыча Айчүрөк,
Басып чыкты эшикке:
«Кулак сал, деп кекешке.
Энекем тилин алгының
Бул пейлиңен жангының
Он, он беш күндө эл көчөт,
Эл күздөөгө түшкөндө,
Элге кабар салгының
Түлөө чырак өткөзүп,
Көпчүлүк менен баргының.
Баарыбыз тегиз баралы,
Атакемдин арбагын,
Баарыбыз сыйлап жаналы».
Деп, ошентип айтты эле,
Барбас болуп күмбөзгө,
Семетей көөнү кайтты эле.
Канчоро анда кеп айтат,
Кеп айтканда бек айтат:
«Кагылайын, абаке,
Аттанып кайра жанганың.
Айынкуштап калганың,
Башынан бери калбады,
Эркектин кылган ишине,
Айчүрөк кирип алганың.
Айагансып тосоттоп,
Абакемдин бир малын.
Өзүң билип эл бийлеп,
Аз эмес сенин жыргалың.
Жүрү, абаке, бастыргын,
Катынга карап калбагын!» Деп, ошентип Канчоро,
Атын сайга салды эле,
Бура тартып алды эле.
Атка минген Семетей,
Кайра түшүп калалбай,
Бастырмак болуп калды эле.
Каныкей туруп кеп айтат:
«Кулунум, уккун - деп айтат.
Катындын тилин албадың,
Кайрылып кайра жанбадың,
Эми энеңдин сөзүн танбагын!
Оолуккан чунак баласың,
Көп кечикпей жакында,
Кеңколго көчүп барасың,
Эмне мынча шашасың?!
Ак боз бээни баш кылып,
Көбүрөөк кылсаң түлөөнү,
Кечирет кудай күнөөнү.
Алдында айттым өзүңө,
Ишенбедиң түшүмө.
Үйдөн чыкчу жакшы эмес,
Алсаң, балам, тилимди.
Бүгүн жылдыз каршы экен,
Сенин атаң Манастан,
Калган, балам, шарт экен.
Ай менен күндү эсептеп,
Жылдызга каршы күндөрдө,
Серпилип атка минчү эмес,
Үйдөн карыш жылчу эмес.
Ата кылбас иш кылса,
Бала жакшы болчу эмес!
Аттанар болсо бир жакка,
Төлгө ташка барчу эле.
Аккула менен далбайып,
Арыштап чуркап калчу эле.
Көнөктөй кара төлгө таш,
Көтөрүп көрчү ошону.
Алмадай алып ыргытса,
Айылга келбей кетүүчү,
Ала салбай таш койсо,
Аста келип жатуучу.
Атаңдан калган иш ушул,
Эч болбосо чунагым,
Төлгө ташка баргының!
Төлгө ташты алып көр,
Төлгөңдү жакшы салып көр.
Төлгө таштан сыр көрсөң,
Кайта үйүңө жана көр!
Ажал жакын адамга,
Каш, кабактын арасы,
Алды-артына карачы!»
Канчоро анда күүлөнүп,
Каныкейге сүйлөнүп:
«Карыганча какжаңдап,
Калбады сенин дүмөгүң!
Ажал келип турганын,
Ачык аны көрдүңбү?
Жебирейип келгенин,
Же көрдүңбү, билдиңби?
Гүлчоро турса жанында,
Канчоро турса артында.
Кадамы катат эмеспи,
Кандай адам катылса?
Бастырбай тосуп алдыңар,
Бүгүн абам аттанса!
Карып калган окшойсуң,
Кайсоолойсуң көп сүйлөп.
Карылыгың эмеспи,
Ажал турат - деп сүйлөп.
Эми, энеке, ылгагын,
Сүтүңдү берип сен баксан,
Күчүн берген, абакем.
Жакшы, жаман күн болсо,
Жан айабай кошулуп,
Ээрчиген чоро биз элек.
Күмөн албас кеп кылып,
Абакемди тостуңар.
Каныкей менен Айчүрөк,
Бул кебиңди ит уксун!
Ит укпаса ким уксуң?!
Козголбостон көтөргөн,
Тепсеген кара жер уксун!
Жүрү, абаке, бастырчы,
Буларды карап ким турсун!»
- Деп, айтканда Канчоро,
Каныкей айтат ошондо:
«Айланайын, балам, - деп,
Айтайын сөзүм саган - деп,
Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай,
Саа салганда, балам,- деп.
Ошондо бойум чыйрыккан,
Кастык кылат белем - деп.
Бастыргын - деп,- шаштырып,
Тынч жаткалы койбодуң,
Бул эмине кастыгың?
Бир жакты көздөй бастырсаң,
Тил албоочу шаштыгың,!» Каныкей андай дегенде,
Ачуусу келип Канчоро,
Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн,
Бели катуу эр чоро:
«Буурул атты минбедим,
Буулум тоңду кийбедим,
Ар качандан бир качан,
Абам менен Каныкей,
Гулчорочо көрбөдүң!
Тайуучу арбак сеники,
Арбак тайып келгенге,
Эмне мынча тергедиң?!
Ачасы чыгып кебиңдин,
Гүлчорочо болбодум,
Өмүрүмчө теги мен!
Ойума түштү атакем,
Барбасаңар мейлиңер,
Өзүм барып келемин!”
Ачуусу келип арбайып,
Ант ичкендей саргарып.
Катуу сүйлөп бакырып,
Капаланып чачылып.
Канчоро жөңөй бергенде,
Арча тору буурулга,
Семетей турбай камчы уруп,
Баатыр Гүлүс көкжалың,
Артынан ээрчип бастырып.
Карап калды Каныкей,
Ээрчип карап баласын,
Эки көзүн жаш кылып!
Ээрчитип чыкты айылдан,
Эр Семетей баатырды,
Ант урган чоро аздырып!
«Каныкей тилин албадык,
Бастырып чыктык айылдан,
Төлгө ташка баралык». –
Деп, ойлонуп Семетей,
Төлгө таштын астына,
Жетип келди бастырып,
Ушу жаккы белеске,
Салып чыгып келди дейт.
Арча тору буудандай,
Секирип түшүп Семетей,
Эрлиги артык түгөнгүр,
Кара ташты көнөктөй,
Көзүнө илбей кенедей,
Аткый карман батмандап,
Кара ташты көтөрдү,
Көтөрүлбөй кара таш,
Күч келгенде жөтөлдү!
Намыс кылды чорого,
Күчүм жетпей ошого,
Деп, артына кайтарга,
Чапанын чечип ыргытып,
Кайрат кылып ошондо.
Дагы ташты кармады,
Көтөрө албай калганы.
Үзүлө турган өңдөнүп,
Козголбой жерде таш калды
Бар кайратын күч кылган,
Күч кылбаса не кылган?
Бөлөк-бөлөк кызыл кан,
Мурдунан жерге тамганы.
Артык туулган Гүлчоро,
Муну көрө калганы:
«Мен көтөрөм, аба», - деп,
Атынан түшүп чурады.
Кыймылдап кылча былк этпей,
Гүлчоро туруп калганы.
Кайта-кайта күч алып,
Кара ташка кол салып.
Ар канча кайрат кылса да,
Жерден үзө албады!
«Болбодуңар, силер» -деп,
Канчоро басып барганы!
Эки колун тең салбай,
Бир колу менен кармады.
Алмадай болуп, кара таш,
Ыраакка учуп барганы...
«Төлгө, аба, келди - деп,
Ээрчиген кишиң менмин-деп,
Сен албасаң мен алдым,
Мага болгон жакшылык,
Меники эмес сеники.
Өзүмө келген жакшылык,
Мага эле эмес Гүлүскө,
Жүргүлө, баатырлар,
Жетели эрте күмбөзгө!» Деп, ошентип Канчоро,
Буйдалбай атка минди эле.
«Барбаймын»-деп айта албай,
Баланын көөнүн кайтарбай,
Бастырып кетти Семетей:
«Ылдамыраак желели,
Атага арнап, мал мууздап,
Эртерээк кайта келели». Деп, ошентип Семетей,
Атка камчы басты, дейт,
Алдыңдагы белестен,
Эңишти карай ашты, дейт.
Буудандын баарын чуратып,
Артынан чанын чубалтып.
Күмбөзгө барды шамалдай,
Арнап алган малы бар,
Ак боз бээси дагы бар.
«Турбагыла,чоролор,
Ылдамыраак чалыңар!
Күн кеч кирип баратат,
Үйгө эрте барыңар.
Талаага жатпай келгин - деп,
Каныкей айткан кеби бар». Деп, ошентип балдарга,
Ашыктырды Семетей.
Ак боз бээсин алышып,
Айтамактап чалышып.
Атасынын күмбөзгө,
Куран окуп калышып.
Кемегесин каздырып,
Көмкөрмөлүү казанын,
Алып келип астырып.
Арам өлгөн Канчоро,
Алдап жүрүп, кас кылып.
Отту чындап жактырып,
Отту чындап жакканда,
Ошондо казан кайнады,
Бала жолборс Семетей,
Кайнаганын байкады.
Капкара болуп келбети,
Тешиги жок түбүндө,
Ал чүпүрөк калтадай,
Аңтарылып кеткени.
Анда Семең кеп айтат:
«Аскан мобу казанга,
Байкаганым айтамын.
Капкара болуп кайнады,
Аңтарылып бу казан,
Ичинде неме калбады.
Мындай түлөө курусун,
Жүргүлө, балдар, кайталы!»
Кобо албай Семең эндиреп,
Опкоолжуп жүрөк делбиреп.
Атасынын күмбөзгө,
Куран окуп дембелеп.
Канчоро турат туйгузбай,
От жаккан болуп энтелеп.
«Кудай урган, куу Кыйаз,
Келбей калган белем» - деп?
Ал аңгыча болбоду,
Асмандан мунар буу чыкты,
Үч-Кошойдун бөксөдөн,
Көк жаңырган чуу чыкты.
Айдама кошун, калың кол,
Жабалактап дуу чыкты.
Ал кошунду көргөндө,
Күнгүрөнүп Семетей,
«Каныкей айткан сөз келди,
Ажал,өлүм тез келди,
Көрдүңөрбү» - деди эле? –
Кайгырган болуп Канчоро,
Кастыгы бар, ит чоро.
«Булкунтуп тулпар минели,
Урушпай жүргөн жоо беле,
Сапырып, кырып иели?
Жолоочубу, болбосо,
Жообун алып билели!»
«Жакын экен болжолу,
Таанымал турат колдору.
Жедигердин эли -деп,
Хан Кыйаз мында келди» - деп,
Гүлүстөн айтып жиберди.
«Атты алгыла, балдар, - деп,
Бачымыраак болгула,
Атыңарга мингиле!
Алдынан тосуп баргыла,
Айанбай уруш салгыла!» Гүлчоро шашып жүгүрүп,
Суркойонду кармады.
Кармаса да Гүлчоро,
Үмүт үзүп жанынан,
Өзү чочуп калганы.
Аңгычакты Канчоро,
Камынтпай айта салганы:
«Канчалык айтты Каныкей,
Карынын кебин албадык.
Келип калды кошун - деп,
Кейип неге зарладык?
Төлгө ташка биз бардык,
Ажыдаардай абакем,
Гүлүстөн төрө Гүлчоро,
Көтөрө албай калдыңар
Төлгө ташты көтөрсөм,
Өзүңөр карап калдыңар.
Кылбагыла күмөндү,
Мен саламын дүмөктү.
Мындан мурун көп жүрдүк,
Дабан аштык, суу кечтик,
Суу ордуна кан ичтик.
Кошун кырдык, кол кырдык,
Ок аткан жоо болбосо,
Койбой баарын биз кырдык.
Бүгүн беш күн боло элек,
Мен чалгынга баргалы.
Бул башкача бир шумдук!
Мындан мурун, абаке,
Буурул атты бербедиң,
Булкунтуп бир күн минбедим.
Мингизбей жүрүп атыңды,
Үмүтөйдүн кунуна,
Тайежеңе бергенин!
Буурул аттын барында.
Мен буулантып жоого кирбедим.
Каралат өлдү, ок тийип,
Ошондон бери жөө жүрөм,
Гүлчорочо көрбөдүң.
Гүлчоро атын көп минди,
Буулумуңду бул кийди.
Буруштуу нечен душманга,
Муңдуу күн салып бул тийди.
Бүгүн кезек келген, бейм,
Багым менин билдиңби?
Төлгө ташты мен алдым,
Көтөрө албай сен калдың.
Байкабай жүрдүң, абаке,
Бир кишиче балбанмын!
Суркойонду бергиниң,
Суурултуп жоого тийейин.
Сырнайзаңды бергиниң,
Сундурун колго илейин.
Аккелтеңди бере кой,
Асынып аны көрөйүн,
Ак албарсын байланып,
Алышуучу жоо болсо,
Айдап койдой бөлөйүн!
Ишим ондой тургансыйт,
Кырбай кантип тынайын?
Көрүп тургун, абаке,
Бүгүн кайрат кылайын!
Жоону сайсам мен сайсам,
Оорагы калат өзүңө,
Кулак сал менин сөзүмө.
Бала кезден бер жакка,
Алпештеп жүрүп сен бактын,
Кыйындык кылып ар жайда,
Кызматы менен Гүлчоро,
Кыйалы менен бул жакты.
Жакшыраак кызмат кылалбай
Жабыгып келем бул кезге.
Жайы болду ушундай,
Бүгүн берчи кезекти,
Мен кылайын кызматты!» Деп, ошентип Канчоро,
Абасына муну айтты.
«Минсең, чором, ат мына,
Арман кылба, сен анча.
Бүгүн ишиң оң турат,
Алсаң мына Сырнайза.
Айбалтанды чың карма,
Сен да өзүнчө баатырсың,
Айалуу жаның капырсың.
Ат, тонуң баары тел болду,
Асты айанып тартынба!»
Семетей кезек бергенде,
Кезек колго тийгенде,
Суркойонго мингенде,
Сырнайзаны илгенде,
Чоң балтаны колго алып,
Ак албарсты байланып,
«Кош! Эмесе, аба» - деп, Бура тарта бергенде,
Бурула тартып кеп айтат,
Анык ички сырды айтат:
«Эми жеттим, Семетей,
Суркойон сындуу бууданга.
Кошулуп кетем, Семетей,
Эми хан Кыйаздай тууганга!
Жансыз киши жиберип,
Жайынан муну чакырдым.
Жайлоодон кайра жанарда,
Чалгынчы болуп мен бардым.
Как ошондо достошуп,
Кучакташып жангамын.
Күмбөздөн кармап берем - деп,
Коп убада кылгамын.
Антымды эми актадым,
Аркалап жүрүп Семетей,
Сенин эч айыңды таппадым.
Кабыл кылбай сен койдун,
Каныкейдин айтканын.
Ажалың сенин жеттиби,
Эми амалың кеттиби?!
Азыркы нөөмөт меники,
Арка кылган Гүлчоро,
Болгонуң каруу көрөйүн,
Көрүнөө башын кесейин,
Мурадыма жетейин.
Хандык такка минейин,
Алтын таажы кийейин.
Калың кара кыргызды.
Хан болуп мен билейин!
Чачыкейди албасам,
Бооз катының Айчүрөк,
Канжарлап кардын жарбасам.
Сары ханды жайласам,
Бакайды малчы кылбасам.
Каныкейди куң кылып,
Канчоро болбой калайын,
Куйутту минтип салбасам!» Деп, ошентип Канчоро,
Бастырып жөнөй берди ошо!
«Ант урган, чоро, мейлиң - деп,
Айтканыңды кылгын -деп!
Каралыгың сеники,
Кадимтен бери бардыр - деп!
Буруп, бузук кеп кылып,
Буурул аттан айырдын.
Суркойонду дагы алдың,
Жоо жарагым дагы алдың.
Жайсыз жерде жайладын,
Капарда жок алдадың,
Жазылбай калды арманым!
Кызыталак ант ургур,
Каныкейдин сүтү ургур!
Калың ногой тузу ургур!
Кандай кастык кыласьң,
Кара нээт Канчоро,
Эмчектешкен эгизиң,
Тууганың турса Гулчоро?!
Чачыкей албай куруп кал,
Кара жүз сени көрбөйүн,
Кара жолдо улуп кал!» Деп, ошентип эңдекей,
Туруп калды Семетей.
Желип кетти Канчоро,
Суркойон алда шалкылдап,
Сырнайза колдо жаркылдап,
Аккелте жондо жалтылдап.
Ашпай турат жедигер,
Ач кайкыдан жол чубап.
Хан Кыйаздын алдынан,
Канчоро желип дал чыгат:
«Кабылан Кыйаз, барсыңбы,
Калк башкарган хансыңбы?
Кулак салып угуп тур,
Өзүңө кылган арзымды.
Өгүнгү кылган убада,
Ошол сөздө барсыңбы?
Айтканымды мен кылдым,
Азелде кайрат сен кылдың.
Мен ыраазы, хан Кыйаз,
Белиме туура бел кылдым,
Ажыратып ат, тондон,
Семетей менен чоросун,
Баары жактан кем кылдым!
Семетей калды эндекей,
Олпоктон башка кийни жок,
Ок атарга келте жок.
Оңдоп чабар балта жок,
Сундуруп кирер найза жок.
Суудай каны төгүлүп,
Акпай турган айла жок.
Аты менен жарагын,
Алдап алдым каруу жок!»
Канчоро айтса мындай кеп,
Канчоро айтса мындай кеп,
Хан Кыйаз анда мындай дейт:
“Эр Канчоро, жолборсум,
Ишиңди кудай оңдосун.
Кыйыгына тийбейли,
Кыраан Семең жолборстун.
Беттешип теги кирбейли,
Белсенишип жүрбөйлү,
Атасы айкөл Манастын
Арбагына калбайлы,
Тил алсаң баатыр барбайлы
Биз астына баралы,
Жайа салып, кеп айтып,
Жарашып алып, жаналы!
Атасы Манас шер эле,
Ага кишикатылса,
Жакшы болбойт - деди эле
Жиберип киши кат жаздың,
Сенин сөзүң кыйалбай,
Айдап кошун, мен тарттым
Убара болсом мен болдум,
Кой Канчоро жолборсум!
Өэү өткүр неме эле,
Кашкайа туулган эр эле
Кара кыргыз, казакка,
Кайда болсо бел эле
Калың элге катышпай,
Семетейден корккондон,
Калмактар жүрчү кеп эле.
Аркасында Семеңдин,
Жыргап жаткан эл эле!
Туулган адам өлбөйбү,
Акыретти көрбөйбү?
Ар кандай ажал жазылса,
Как ошондой өлбөйбү?
Атам Толтой үйдө өлбөй,
Арстангакатышып,
Өлсө, чоро өлгөндүр.
Бешэнеде бүткөнүн,
Өз кезинде көргөндүр
Барбайлы, баатыр, тил алсаң,
Жакшы сыйлап, сөз кылып,
Жарашалы кеп уксаң.
Биз тууган болуп Семеңе,
Баатыр туулган немеңе.
Жанышалы тил алсаң,
Мен барбаймын дегеле,
Мейлиң, баатыр, сен барсаң!
Кылычты кармап чаппаймын,
Кыраан баатыр Семетей,
Атасы айкел Манастын,
Арбагынан жазгандым!
Бакай абам карыбыз,
Ал кишиге балабыз,
Ушу турган баарыбыз!
Сары хан сардар карыйа,
Калыстык кылды баарыга.
Ал абалды айталы,
Жашырбастан аларга.
Же болбосо Канчоро,
Сунуп барган мойунду,
Сууруган кылыч кесчү эмес.
Өзүбүз түшүп баралы,
Өткүр эрдин алдына!»
Кыйаздын кебин укканда,
Жедигер эли чуркурап:
«Баракелди, баатырга,
Бек куралган акылга.
Бели катуу эр эле,
Бизге тийген капырга.
Чын айтасың, хан Кыйаз,
Семетейге катылба!
Көпчүлүк болуп баралы,
Көөнүн анын алалы!
Канчоро ката кылды - деп,
Хан Семетей баатырдан,
Канын сурап алалы!
Баракелди, хан Кыйаз,
Баатыр, кебин жарады.
Барбайлы», - деп баарысы, Бата кылып ийишке,
Кол көтөрүп калышты.
Каарданып Канчоро,
Ошондо кетип намысы:
«Атаңдын көрү, ит Кыйаз,
Адам болбой, кет Кыйаз!
Бул кебиңди, ит уксун,
Ит укпаса, ким уксун?!
Карарган кара түн уксун,
Кайнаган кек, ант урсун.
Семетейди көргөндө,
Айбатынан коркупсуң!
Мындай келбейт кыйамы,
Башынан тартып Семетей,
Баарыга салган зыйанды!
Тартынбастан баралы,
Кылычтап башын алалы!
Канына анын агылган,
Кара жерди жуурултуп,
Канып кумар жаналы!
Өлүп калган Манастын,
Арбагынан коркосуң.
Азыр турган жаныңда,
Менден кандай коркпойсуң?!
Хан Кыйаз, сени баш кылып,
Жедигерди кырбасын.
Жетисуу толгон элиңди,
Кырып салып тынбасын.
Өзүң алгын антыңды,
Ок өбүшкөн шартыңды!» Деп, ошентип Канчоро,
Ачууланып айкырып,
Ызырынып, шашылып.
Ирмеп көзү ачылып,
Ичи куйуп ачынып.
Кылычын кармап жалаңдап,
Кырмакчы болду качырып:
«Кырып ийип, баарыңды,
Суудай төгүп каныңды.
Мойнуңдан байлап барбасам.
Ойногон экен мени -деп,
Ойлонтуп аны салбасам,
Адам болбой кетейин,
Айтканыма жетейин!
А көрөкту, хан Кыйаз,
Айдап колуң баштагын.
Абданыраак акыл го,
Семетейди жастагын!
Кайратың качып не болдуң
Намысың кайда жоготтуң?!
Хан болдуң араң бир жылы,
Касиет конуп оңолдуң!”Деп, ошентип күркүрөп,
Канчорону көргөндө,
Жедигер эли дүркүрөп.
Кылычтап баарьн айдады,
Хан Кыйаз болуп жардамчы.
Белестен ашып алганы,
Берен туулган Семеңдин,
Үстүнө басып барганы.
Ачуусу келип арбайып,
Ант ичкендей саргарып.
Ичи ачынып Семетей,
Арча тору бууданга,
Ыргып минип албайып.
Камчысы бар колунда,
Жарагы жок бойунда.
Жараксыз өзү турса да,
Жалтаныш жок ойунда.
Качырып барып Канчоро,
Капталга найза салганы.
Канкоруң кармап калаарда
Кайра тартып алганы.
Жандап өтө берерде,
Этегинен кармарда.
Колу жетпей калганы,
Арча тору бууданы,
Баспай туруп алганы.
Кыйа тартып өтөрдө,
Камчы менен бир салды.
Кара нээт Канчоро,
Суркойондон жыгылып,
Түшүп кала тас калды.
Ал аңгыча эр Кыйаз,
Айбалтаны бек кармап,
Качырып барып Семеңди
Каңк эттире бир салды.
Илгери карай теминсе,
Баспай турат бууданы.
Аттын жайын көргөндө,
Семетей арман кылганы:
«Аргымак жыйдым, ат жыйдым,
Арча тору, сендейди,
Анык тулпар - деп - жыйдым,
Тай буурулча болбодуң.
Азамат жыйдым, эр жыйдым,
Ар кайдан жигит, мен жыйдым,
Гулчорочо болбодуң!
Башка ажал жеткенби,
Сыймыгым камып кеткенби?
Ээн талаада өлүгүм,
Кала турган кептенди!
Кар болбогон кайран баш,
Канчорого тепселдим.
Канчоронун айынан,
Тай буурулду мен бердим.
Суркойонду алдагы,
Түшүп бүгүн нээ бердим?!
Сурады - деп,- саткынга,
Калтырбай жарак бут бердим.
Кем-керчи жок бут кылып,
Канчорого куч бердим.
Куп болду бул иш мага - деп,
Өз башыма мейли эле,
Мени-деп,- жүрүп бул өлсө,
Гүлчорого убал» -деп. –
Өзүн койуп Семетей,
Гүлүстөнгө кайгы жеп.
Күңгүрөнүп турганда,
Күүлөнүп алган Канчоро,
Күжүлдөп дагы ал келет.
Эси оогандай эндиреп,
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Сөзүн таппай темтиреп:
«Э, кагылайын, Канчоро,
Кайраты толук, эр чоро,
Экөөбүз бирге тууштук,
Жылкыны бирге кууштук.
Жакшы, жаман ар иште,
Белди бекем бууштук.
Чалгынды чалсак, бир чалдык,
Чалышкан жоого бир бардык.
Адалды жесек, бир жедик,
Арамды жесек, тек жедик.
Семетейдин артынан,
Бала кезден сенделдик.
Семетей багып, алпештеп,
Сен экөөбүз эр жеттик.
Жакшылык менен жамандык,
Баарысына тең жеттик.
Куру калган жериң жок,
Катардан калып Канчоро,
Хан болуп элге тең келдик!» Гүлчоро турат кеп сүйлөп,
Башаламан кеп сүйлөп.
Айтарын билбей темтиреп,
«Баарыбызда тең, жазык,
Мен байкушта не жазык?
Биз, тууган элек бирге өскөн
Жетимдикте тең өскөн.
Сен экөөбүз өңдөнүп,
Жерде барбы бир өскөн?!
Өзүңдү өзүң зордобо,
Өз сөөгүңдү кордобо.
Семетейге теңелтип,
Койбогун мени сенделтип.
Жат душманга теделтип,
Таштап мени тепселтип.
Кар кылбагын, Канчоро,
Калган элге эңкейтип!»
- Деп, ошентип Гүлчоро,
Сөөнүп сөзүн айтканда,
Ачуусу келип Канчоро:
«Укпаймын, Гүлүс, сөзүңдү,
Көрбөймүн сенин жүзүңдү.
Сойомун сенин өзүңдү,
Сойомун сенин көзүңдү!
Кандай кылсам эрким бар,
Бүгүн бийлик өзүмкү!»
- Бура тарта бергенде,
«Ант ургур айтсам болбодуң,
Жарагым жок, атым жок,
Капилет өлүп сойлодум!
Качантан бери туйгузбай,
Кар кылууну болжодуң?!
Асили сени, тугөнгүр,
Аман тирүү койбоймун!
Кадыр алла кудайдын,
Жазганына көнөрмүн.
Жаным тирүү болгондо,
Жазаңды сенин берермин!
Талашып эмдик башында,
Каныкейдин эмчегин.
Качантан бери күтүнүп,
Кан ичүүгө эңседиңн,?!
Өлбөй тирүү болгондо,
Жазанды сенин берермин.
Семетейдей беренди,
Гүлүстөндөй эренди,
Сойо алсаң мөрөйүң!
Кайра айланса кезегиң,
Капталган сенин шорундур.
Тушуп берип ат, тонду,
Таап алган шорум бул!
Кандай кылсаң, андай кыл,
Өлгүчө сени колдогон,
Хан Кыйаз болсо жөлөгүң!»
- Деп, ошентип Гүлчоро,
Күүгүмдөп козу тунарып,
Каарланып Канчоро,
Күчү күчкө уланып.
Найзасын алып колуна,
Жамандык жайлап бойуна.
Кылар ишин болжолдоп,
Ал Манастын тобуна,
Качырып кайра жетерде,
Хан Семетей баатырды,
Капталга койуп кетерде,
Кайгырбай да камыкпай,
Карап турат Семетей,
Калт этип коркуп элебей,
Көкжал туулган түгөнгүр,
Көрүнөө келген ажалды,
Бучкагына теңебей!
Качырып кирип келгенде:
«Кандай кылсаң, мейлиң - деп,
Канчоро, сенин жүзүңдү,
Мен көрбөйүн эми» - деп, Бура каран турду эле.
Уруп найза муштады,
Найзага канды чыктады.
Кайран баатыр Семеңдин,
Өпкө, боорун аралап,
Өтүп найза чыкпады.
Найзасын тартып алгыча,
Толтойдун уулу чоң Кыйаз,
Токтотпой бойун күүлөдү,
Уңгусу менен балтанын,
Айкөлдүн уулу Семеңди,
Чыкыйга тартып жиберди.
Кара оозунан кан кетип,
Кабылан кайран Семетей,
Кара жерге жалп этти!
Кара мүртөз Канчоро,
Айланып кайра жетерде,
Ач албарсты колго алып,
Арстандын башын кесерде,
Хан Кыйаз келип кармады:
«Койгун башын кеспегин.
Өлтурдук акыр канкорду,
Денинен башын айрыбай,
Башы менин койолу.
Бузбайлы мунун көркүн - деп,
Албайлы бойдун бөркүн» - деп,
Хан Кыйаз айтып болгунча,
Көйкөлө түшүп Семетей,
Коргошундай жылт этип,
Кайып болуп жоголду.
Караса көзгө көрүнбөй
Өлгөндүгү билинбей.
Семетейдин өлүгү,
Кай кеткенин биле албай,
Казып көргө көмө албай,
Кан ичме жинди утургур,
Канчоро калды туралбай.
Кылычын кармап колуна,
Гүлчорого жүгүрдү,
«Өлтүрөм» - деп уйалбай!
Тоодой болгон хан Кыйаз,
Чылбырынан кармады
«Койгун, баатыр, болду - деп, Эр Кыйаз айтып калганы. Семетей өлдү бейажал,
Теңдешкени жок кылдың,
Эми сенде не арман?!
Гүлчородо жазык жок,
Өлтүрүп муну нетебиз?
Жөн койбой канкор арбагы,
Өзүбүз өлүп кетебиз.
Мен сурадым бергин – деп,
Ошол үчүн алдыңдан,
Өзүм тосуп келдим» - деп,
Хан Кыйаз айтып ийди эле.
«Болбогон, Кыйаз, ишиңди,
Укпаймын сенин кебиңди.
Калкалайсын канат жаап,
Каныңды төкчү кишиңди!
Кабылан өзү сойбогон,
Хан Толтойду баш кылып,
Эрибес боорун таш кылып,
Өз колу менен Гүлчоро,
Ошонун баарын оңдогон.
Муну тирүү койгондо,
Оң, болбойсуң түбүндө.
Тойгузат сени акыры,
Тирүүлүктө бул күнгө!
Сойбой болбойт муну»-дөө,
Сундуруп найза жулкунуп
Өлтүрөм деп булкунуп.
Өрттөнгөн арча өңдөнүп,
Кара мүртөз Канчоро,
Карарып өңү бузулуп.
Шайы кетип Гүлчоро,
Кара тер бойдон сызылып.
Хан Кыйаз анда кеп айтат:
«Ой, Канчоро, - деп айтат!
Сураганым бир киши,
Айтканын, кылдым ар күнү.
Албай койсоң тилимди,
Көңүлүм ооруйт бир күнү!
Гүлчорону сойгуча,
Мени сойсоң болбойбу?
Теги жайын терип ук,
Келечегин ойлойлу.
Сурасам бербей койгонуң
Кошулуп сага нетемин,
Бербегениң, бир киши,
Кош, эмесе кетемин!
Тирүү киши бендеси,
Колу барар киши эмес.
Караса көзү жадырап,
Нур куйулуп өңүнөн
Ажары анын албырат.
Мунун көргөн ыраңын,
Суктанбастан тура албайт,
Бербей койсоң мага сен,
Кылдың анда чоң уйат!
Өлтүргүчө буга биз,
Көрүнө кордук салалы
Кечирин кесип алалы,
Куу далы кылып салалы,
Деп, ошентип хан Кыйаз,
Туруп алды, айла жок,
Гүлчоронун Канчоро,
Башын кесер чама жок.
Жедигердин көп эли,
Тегеректеп келишти.
Тебелешип калышты,
Гүлчоронун күч менен,
Колун байлап алышты.
Акыл кетип, эс кетип,
Кара бойдон шай кетип,
Оозу менен мурдунан,
Бөлөк-бөлөк кан кетип.
Кыймылдарга чама жок,
Тирүү, өлүүсү билинбей,
Түлкү бойдон жан кетип.
Кыймыл этпей, солк этпей,
Гүлчоро жатты былк этпей.
«Кокуй», - деп, айтып койгон жок,
Кылымда мындай болгон жок,
Терисин тилип сойушту,
Далысын алар ойушту.
Көнөктөй этин кескилеп,
Карга, кузгун тойушту.
Далысынын кечирин,
Таарып кесип алыптыр.
Шайы кетип шалдырап,
Гулчоро жатып калыптыр.
Гүлүстөндү караса,
Далысынын үстүндө,
Казандай кара калы бар.
Аркасында укмуштуу,
Айдар кара жалы бар.
Соорусунда карасаң,
Сонун иши дагы бар.
Теңдешип бенде чыкпайт - деп,
Тирүү арбак, машайык,
Колдоочусу Алмамбет,
Белги кылып сылаган,
Беш колунун тагы бар.
Бала жолборс Гүлүстөн,
Билсең, жайы мамындай.
Кечири кемик кесилип,
Жонунан аккан каны бар.
Көөдөндөн чыгып, кеткен жок,
Мыдырап кирпик жаны бар.
Хан Кыйазы баш болуп,
Канчоронун ант урган,
Эрибей боору таш болуп.
Тузу урат ко бир күнү,
Тууганына кас болуп.
Алмамбет уулу Гүлчоро,
Калды белем ушунда,
Канчородон пас болуп!
Жедигер эли камынып,
Атына минип жабылып.
Хан Кыйаз анда кеп айтат:
«Эй, Канчоро - деп айтат!
Айкөл Манас тукумун,
Канын ичип тойдук - деп.
Киши кылбас иш кылып,
Семетейдин кайратын,
Өз башына күч кылып,
Теңдик менен сойбодук.
Алдап алдык ат, тойун,
Амал менен оңдодук.
Козголбой турбайт, эт жүрөк,
Түбү жакшы болбодук!
Өлүгүн жерден ала албай,
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Өкүрүп ыйлап, кеме албай,
Табалбай аны биз койдук.
Өлгөн жерге баралы,
Өлүгүн издеп табалы.
Табылып калса өлүгү,
Ногойду такыр жыйалы.
Көрүн терең каздырып,
СЫЙ зыйнатын кылалы.
Өлүгүн мунун кектебей,
Ошентип көөмп тыналы!»
- Деп, ошентип хан Кыйаз,
Баштап алып барганы
Баарысы барып караса,
Канчоро, Кыйаз жанаша,
Өлүк тургай каны жок,
Басып кеткен изи жок.
Кайда анын кеткенин,
Билип калган киши жок.
Тирилип басып жургөнүн,
Көрүп турган киши жок!
Акылы айран турушту,
Аттын башын бурушту.
Алдына тартып, чуу койуп
Белести ашып, дуу койуп,
Бастырып жөнөй берерде,
Гүлчоро башын көтөрдү.
Бүткөн бойдо дарман жок,
Кыймыл этер айла жок.
Тура калды айактап,
Шилтесе колу ирмелбей,
Эки колу шалактап.
«Тирүү койбой сойбой» - деп.
Канчоро турат далактап.
Күңгүрөнүп Гүлчоро,
Канчорого кеп айтат:
«Ант урган, чоро кордодуң,
Кордобой эмне койгонуң.
Семетей абам өлгөн жок,
Өлгөнүн бенде көргөн жок.
Кайыберен, кырк чилтен,
Алып кетти окшонот,
Ичкен тузга кас кылдың,
Как ушул мендей болорсуң,
Өлбөй жаным болгондо,
Акыры бир күн оңдормун.
Сен өңдүү мен иш кылбаймын,
Бастыргын ары, түгөнгүр,
Артты кудай оңдосун!»
- Деп, ошентип айтканда,
Ачуусу келип Канчоро,
Алы жок турган немени,
Жалпагы менен балтанын,
Далыдан ары чапканда,
Үстөмөндөп жыгылып,
Мурдуна топо тыгылып,
Оозунан каны куйулуп.
Коргонду көздөп, кол тартып,
Жедигер эли чубуруп.
Жазгы келген келгиндей,
Коргонду көздөй күйүлүп
Канчоро менен хан Кыйаз,
Кара шаар калаасын,
Калдайтып басып өттү эле.
Эл чогулган коргонун,
Кара кыргыз борборун,
Жалпайта басып өттү эле.
Сары хан көрүп шашты эле,
Акылды кайгы басты эле.
Атаңдын көрү дүйнө бок,
Куп турган колум жок.
Жайлоодо калды калың журт,
Жыйнап алар жолум жок!
Алыскы жерде эл калды,
Армандуу биздей эл барбы?!
Күжүрмөн туулган Гүлчоро,
Көрүнөө жаздым болгон, бейим?
Ант урган капыр Канчоро,
Канын ичип тойгон, бейим?
Арстандан калган жалгызды,
Ай баткандай кылган, бейим?
Ант урган ит Канчоро,
Аны жайлап тынган, бейим?
Эркине койбой айдактап,
Нээтинде ишин кылган, бейим?!
Не кыларын биле албай,
Казып жерге кире албай,
Басып элге бара албай,
Же чапкылап элин жыйа албай,
Кайрат кылып Сары хан,
Качырып кирди тура албай.
«Атаңдын көрү, Канчоро,
Адам болбой, кет, чоро,
Алдыңкы жерге, жет, чоро!
Чымын элең, дөө болдуң,
Чын дөөлөрдү өлтүрүп,
Хан Кыйазга бел болдуң!
Өзөктөн чыккан өрт болдуң,
Өздөн чыккан жат болдуң,
Канчоро бүгүн хан болдуң,
Кан ичип жолуң шар болдуң.!
Карансыз дүйнө шум жалган,
Башым жерге киргенче,
Тизем жерге тийгенче,
Тим эле кантип берем - деп,
Канкор Манас баатырдын,
Катын, бала бүлөөсүн,
Кармап турсам керээз - деп!» Сырнайзасын колго алып,
Сызып келет, Сары хан.
Кыйрын бузбай сулатып,
Кызып келет, Сары хан.
Антип-минтип турушуп,
Мылтык атып, чабышып,
Удаа он күн урушуп,
Өрүшүнө Коңдурбай,
Өрүүн берип Коңдурбай,
Далай салды кыргынды,
Беттешкенин соо кылбай.
Чыркыраган чоронун,
Чын айласы кетти эле.
Чапкан бойдон Канчоро,
Эр Кыйазга кетерде,
Сары хан туруп кеп айтат:
«Шашпагын, салбар - деп айтат.
Баатыр болсоң, Канчоро,
Бастырып чыккын жекеге.
Карыганда абаңды,
Семетейдин артынан,
Узатып ийгин Мекеге!
Кыйын болсоң, Канчоро,
Бөлүнүп чыккын жекеге,
Чогуудан чыккын чекеге.
Адамсынган ант ургур,
Татыймын өзүм жеке эле!»
- Деп, ошентип Сары хан,
Жан тура албай каарынан.
Качырып барып жетти эле,
Найзанын учу жетерде,
Капталга койуп кетерде,
Кыйын экен Суркойон,
Кыйа тартып жалт берип,
Коктудагы койондой,
Аркасынан кылт берип,
Уйалбастан Канчоро,
Өкүргөндөн бакырып,
Хан Кыйаздап чакырып,
Кыйазга жетип барды эле:
«Катыгүн, Кыйаз, болбоду,
Сары хан, элди оңдоду.
Сабын бузбай кыйратып,
Санаты жок сулатып,
Сойо жазды өзүмдү,
Сайа жазды кулатып.
Араң жеттим мен сага,
Алдымда атым чуратып!
Суркойон күлүк болбосо,
Сойуп койо жаздады.
Беттешкен менен соо койбойт,
Башкача уруш баштайлы.
Келе турган жолуна,
Ор каздырып таштайлы.
Ошол ордун ичине,
Өзүм кирип жатсам, бейим?
Атактуу мылтык Аккелте,
Как башына атсам, бейим
Сары дөөнү өлтүрүп,
Зардаптуу жүрөк бассам, бейим?!»
Ары жок чоро ант ургур,
Каныкейдин сүтү ургур,
Намысы жок кутургур.
Майданга орду каздырып.
Сарпоштоп устун жаптырып.
Аккелтеге ок салып,
Жолду тосуп жатты, бейим!
Ачуусу келип Сары дөө,
Каарланган бой менен,
Калтылдап кара жол менен.
«Канчоро менен Кыйазды,
Калың колдун ичинен,
Карман альт чыксам - деп,
Кардын жарып кылычтап,
Канжарлап башын алсам»
Бек ачуусу келиптир,
Бетинде орду көрбөстөн,
Салып кирип келиптир.
Сары хан келди жакындап,
Салып уруп закымдап.
Каздырган орду Канчоро,
Жаңыдан ойлоп акыл таап.
Билгизбей койгон Канчоро,
Антип-минтип устун жаап.
Аккелтеге ок салып,
Мелжеп карап жатыптыр.
Карыган Сары абаңды,
Как башына атыптыр!
Айактай бол гон коргошун,
Айабай башка мылк этип,
Жыгылды жерге Сары хан,
Минген аттан жалп этип.
Башынан агып кан кетип,
Боло албай өөдө шай кетип,
Бүдөөгө келбей жан кетип.
Сары ханды жайлады,
Антип-минтип ант ургур,
Айла менен алганы!
Сары абаң сапар кеткенде,
Салтанаттуу бул элдин,
Түбүнө чоро жеткенде.
Кабар кылар киши жок,
Тоодо жаткан элдерге.
Ордо баккан эрлерди,
Оорукта жаткан элдерди.
Хан Кыйаз менен Канчоро,
Бастырбай тосуп салыптыр,
Тушалып буту калыптыр.
Кайгынын кара булуту,
Канаттуу тулпар миниптир,
Кара нээт Канчоро,
Канжарлап элди кириптир.
Үч берен майып болгонун
Калган журт эми билиптир.
Кайгыга салып калганды,
Тишин чагып чанданды.
Көзүн ойуп ташташты,
Күнөөсүз нечен жандарды!
Кирип алды Коргонго,
Ээ болду алтын ордого.
«Каран тун башка тушту - деп,
Кара кыргыз калкынан,
Таалайдын кушу учту – деп
Бул арам өлөгөн Канчоро,
Арстандан калган бууданды,
Эмчектеш болгон тууганды,
Салылуу коргон дубалды,
Залкар тоодой буларды,
Салбар чоро кулатты!
Салтантаттуу эреңдер,
Сарасы эле адамдын,
Сардары эле балбандын.
Сакасы эле чүкөнүн,
Аркар тил эле бүлөөнүн.
Өткүрү эле экөөнүн,
Оорутпас көөнүн бирөөнүн
Көркөмү эле тулпардын,
Кумпайы эле шумкардын
Бушманы эле душмандын,
Медери эле туугандын.
Азуулуу жолборс эр эле,
Куткарбаган кууганын!
Алп кара куш каары бар,
Беттешкен жоого ажыдаар
Бели катуу эрлерди,
Кайда алпарып сойгондур?
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 29
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.