Latin

Семетей - 12

Total number of words is 4127
Total number of unique words is 2220
31.1 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
50.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Арстан Манас салты бар.
Ал чорону жетелеп,
Жандап алган чагы бар.
Колдоочусу чоронун,
Айтыла элек дагы бар.
Олуйа Кошой жанында,
Эки окшош сулуу кыз,
Кол куушуруп алдында.
Анын аркы жагында,
Алмамбет, Чубак эки шер,
Жаандан ашкан кеменгер.
Сыргак болуп жолдошу,
Көрүнө чыкты колдоочу.
Көп экен – деп – жазганып
Көсөм Толтой качкан жок.
Жаш баланын жанына,
Жабыркатып салды от.
Тосуп чыгып алдынан,
Баатыр Толтой атып топ.
Керип, чойуп жаа тартып,
Мылтык кезеп, ок атып.
Аз келгенсип анысы,
Сундуруп найза чунайтып.
“Чоросун сайып нетейин,
Семетейди Буурулдан,
Көмө сайып кетейин.
Аңтара сайып кулатып,
Чынкожо өчүн алайын.
Акундун кызы Чүрөктү,
Тартып алып жанайын.
Баатырсынган канкордун,
Башын кесип чалайын.
Кайра кетпей бул бойдон,
Кеңколго чейин барайын.
Баабедини колдогон,
Баланын башын кесейин.
Чымырканган Семеңдин,
Чын түбүнө жетейин.
Антымды ушул кылбасам,
Адам болбой кетейин!” –
Деп, ойлонуп эр Толтой,
Кор болом – деп – ойлобой.
Комсоо көрүп баланы,
Колдобой пири койгондой.
Качырып Толтой жөнөдү,
Маңдайлашып калганда,
Колдоочуну көргөндө,
Апкаарып алар сүрүнөн,
Жүрөгү чыгып өлбөдү.
Алдындагы Суркоен,
Ооздук тиштеп, көз жайнап.
Ооздукка кошо тил чайнап,
Ала качып алкылдап,
Жаалы кетип шалкылдап.
Төрт айактан чыккан от,
Чакмак таштай жаркылдап.
Учкан куштай закымдап,
Урган таштай зыркырап.
Гүлчорого эр Толтой,
Жетип барды жакындап.
Чабайын – деп – баланы,
Аманат жандын жайын таап.
Каршы алдына барганда,
Качырып найза сайганда,
Кимдер кайрат кыла алат,
Бул өңдөнгөн балбанга?
Балбандыгы бар Толтой,
Баатыр, күчтүү, шер Толтой.
Жалгыз турса карааны,
Сан миң кара көп колдой.
Гүлчоро андан кем эмес,
Өзүн тууган акжолтой.
Көк найзаны көрсөтүп,
Күркүрөтө сунду эле.
Томуктай кызыл баланы,
Көөдөндөн нары урду эле,
Күркүрөгөн эр Толтой,
Өтө берип турду эле.
Чылбыр бойу ыраакка,
Учуп барып түштү эле.
Багыштын уулу эр Толтой,
Мына ушундай күчтүү эле.
Гүлчоро баатыр өзү жаш,
Атка кыйын, минет маш.
Сайган найза тарткыча,
Кармап атты алгыча,
Карала атты койгулап,
Канчоро барды аңгыча.
Жандай чуркап атына,
Гүлчоро минди жабыша.
“Шай колдогон атакем,
Кубат бер – деп – өзүмө”,
Коморуп найза алды эле.
Тоодой толкун шары бар,
Толтойго жазбай салды эле.
Көк түпөк кызыл найзасын,
Көөдөнгө сайып мылгытып,
Көмө саймак нээтинде,
Эр Толтойду ыргытып.
Баатыр Толтой былк этпей,
Ээрден көчүк кылт этпей.
Эчтемени элебей,
Эрдиги артык кенебей.
Канчоро келип капталдан,
А, дагы найза урду эле.
Бит чакканча көрбөстөн,
Кайкайып карап турду эле.
Эки бала көгөрүп,
Эки найза өңөрүп.
Бири тартып, бири сайып,
Экөө бирдей тең сайып.
Кетти айласы Толтойдун,
Ачылып оозу ырсайып.
Эки чоро баладан,
Эми Толтой нетиптир,
Чочуп жаны Толтойдун,
Толгонууга жетиптир.
Ал аңгыча артынан,
Актелки менен аргытып,
Качырып катуу каргытып.
Ашыккандан Семетей,
Артынан жөнөп калганы.
Оорлоп аны Актелки,
Самагандай баспады.
Олбуй-солбуй камчы уруп
Семетей жаман шашканы:
- Катыгүн, чором, неттиң – деп,
Кайратың кайда кетти?! – деп
Алыстан Семең айтканы,
Семетей үнүн укканда,
Толтойдун эси чыкканы.
Шашып калган Толтойго,
Гүлчоро найза урганы.
Эрен тууган Толтой да,
Кайрып найза булгады.
Бой бербестен Гүлчоро,
Толтойдун урган найзасын,
Улай учтан кармады.
Кармаганда найзаны,
Куту качкан Толтойдун,
Колунан сууруп алганы.
Айтылып калды ушундай,
Гүлчоронун жомогу.
Урпактарга эрдигин,
Угузбасак болобу?
Найзасы колдон кеткенде,
Чын ажалы жеткенде.
Качып берди Толтойуң,
Каны агарын сезгенде.
Тороп алдын тогошор,
Толтойдо эми каруу жок,
Эрен Гүлүс Толтойдун,
Эрдигине салды от.
Кагыша албай кайрылып,
Эрдигинен айрылып.
Куру кол калып эр Толтой,
Кор болуп жаман шер Толтой,
Атынын башын буруптур,
Айабай камчы уруптур.
Балта алар шайы жок,
Башка чабар алы жок.
Үч беренге өкүргөн,
Далбас урар дайны жок.
Кылыч сууруп кынынан,
Кырчылдашар чагы жок.
Мылтык чоктоп, ок атар,
Милтесинде дары жок.
Колундагы найзасын,
Сууруп алган немеңдин,
Үрөйүн көрүп берендин,
Оролмо тоону бет алып,
Суркойон куйрук булгалап,
Булактап качып жөнөдү.
Кабылан Толтой качканын,
Калкынын баары көргөнү.
“Падышабыз качты – деп,
Баш кишибиз өлдү – деп.
Ким бет келип чыга алат,
Бул өңдөнгөн эрге – деп? –
Кары-жашы биригип,
Кайталы эми жерге” – деп.
Жедигер качты чубуруп,
Эр Толтойдун артынан,
Чоро кетти буулугуп.
Канчородой баатырдын,
Каары жаман ашыптыр,
Алдындагы атына,
Айабай камчы басыптыр.
Тоссо калың жедигер,
Токтоо берип болбоду.
Караңгыда бөрүдөй,
Качкан элди сойгону.
Кылычтан каны тамчылап,
Кызыл ала чаң чыгат.
Канчоронун каарына,
Калар эмес жан чыдап.
Эңкейиште эр сайып,
Экөөнү бирдей тең сайып.
Жүзүн сайып жүдөтүп,
Миңин сайып түгөтүп.
Таамай миңге толгондо,
Бирден оңко тургузуп.
Карала атты камчылап,
Калктын ичин чулгутуп,
Канжардын мизи калбады,
Кылычын сууруп алганы.
Кыйындын баарын кыйратып,
Кыргынды катуу салганы.
Ошол үчүн булардын,
Айтылып калды дастаны.
Канчоро менен Гүлчоро,
Кан ичме атка калганы.
Кылычта миз калбады,
Найзада уч калбады.
Такыр тайак сыйактуу, :
Дайар сойул болуптур.
Такат кылбай ачууга,
Такыр элди сойуптур.
Жедигер ичи бузулуп,
Жез кемпирдин жети уулу,
Чорого жардам болуптур.
Жедигердин элинен,
“Манастап” ураан чуу чыкты.
Жедигерден бөлүнүп,
Жети баатыр уул чыкты.
Жеринде булар эр экен,
Теңдеши жок шер экен.
Толтойдун көзү жоголсо,
Журт башкарат дээр экен.
Мурунтан кыргыз элдери,
Бирин бири кайсашып,
Ыркы кетип ыдырап,
Алсызды алдуу айсашып,
Кырылып келген кеп экен.
Жетисуу кетер жери жок,
Эл кайгысы көп эле.
Жез кемпирдин жети уулу,
Өз жеринде шок эле.
Бөлүнүп булар чыкканда,
Эл токтоду тим эле.
Камандай бойун күүлөшүп,
Канчоро менен сүйлөшүп.
Колду жайлап түшүрдү,
Колдун ишин бүтүрдү
Элди жайлап түшүрдү,
Элдин ишин бүтүрдү.
Качып кеткен байагы,
Эр Толтойдон түңүлдү.
Элдин баары зыркырап,
“Кошулуп кетер бекен” – деп,
Эр Толтойго чуркурап.
Кызматын көргөн Толтойдун,
Кыйланын жашы чубурат.
Сыйынышып кудайга,
Жыйылышып эл турат.
Жез кемпирдин жети уулу,
Жедигер элин башкарат,
Андан мурда Семетей,
Жерин качан көрүптүр?
Барбай туруп ал жерге,
Элин качан көрүптүр?
Жетисууну жети айрып,
Жез кемпирдин жети уулун,
Хан көтөрүп койуптур.
Толтойдон үмүт кылышып,
Кыйлалары туруптур.
Толтойдун качып кеткенин,
Кара бет Чүрөк баш болуп,
Катын-кыз баары угуптур.
Кайра качкан эр Толтой,
Байланган башы шер Толтой.
Баладан качып баратып:
“Жердин, суунун Желпиниш,
Ошого качып кетсемби?
Жалгызкөздөй баатырга,
Арзымды айтып жетсемби?
Алатоо башын кыдырып,
Анжийан кирип кетсемби?
Айланып тоонун этегин,
Ташкенден ашып жол басып,
Аралап токой, бел ашып,
Индыстан кирип кетсемби?
Куткарбаса түгөнгүр,
Деңизге кирип кетсемби?
Бээжинге кетчү беш жолго,
Аны көздөй качсамбы?
Белдүү Коңур калчага,
Арыз, абалым айтсамбы?
Алдымдагы Суркойон,
Ал калчага тартсамбы?
Кайра айланып жетсемби,
Кашкарга кирип кетсемби?
Калтырбады айакка,
Каршылашчу бектерди”. –
Деп, ошентип ойунда,
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланта санады,
Бараарга жер таппады.
Эрдигинен ажырап,
Акылынан шашканы.
Акырында Толтойуң,
Акун хан көздөй качканы.
Өөдө-өөдө жер келсе,
Өксүтүп кетет Суркойон,
Эңиш ылдый жер келсе,
Эми жетет, Тайбуурул.
Капталы катуу жер келсе,
Караансыз кетет, Суркойон.
Кара шагыл кум келсе,
Анда жетет, Тайбуурул.
Тоонун баары бүттү эле,
Түз талаага түштү эле.
Акун хан жакшы киши эле,
Тоодой Толтой баатырдын,
Ойуна ушул түштү эле:
“Арачалап койор – деп,
Алы келсе сурар –деп,
Сураганга бербесе,
Сөөгүмдү жууп көмөр” – деп.
Жумган көзүн ачпастан,
Ойлогондон кайтпастан,
Акун хан көздөй качты эле.
Аркасынан удаалаш,
Кууп келет куткарбай,
Алмамбет уулу ач арстан.
Асмандап учуп Айчүрөк,
Аларды көрүп алыптыр.
Желпинген келин-кыздарга,
Жетип кабар салыптыр:
“Жалпы кыздар тургула,
Жол бойуна баргыла,
Жолун тосуп калгыла.
Качып келет хан Толтой,
Аны шылдың кылгыла!”
Жоодурашкан келин-кыз,
Жол бойуна барыптыр.
Там башына чыгышып,
Тамаша кебин кылышып,
Кыңшылашып күлүшүп,
Кыналыша турушуп.
Кыйа тартып ортодон,
Өтүп Толтой кетерде,
Каткырышып катын-кыз,
Катуу кылды келеке:
- Топоңдоп Толтой качпай кал,
Тоомун – деп – элге айтпай кал!
Какшаттың эле калкты,
Кара жерге батпай кал!
Серектеп атың чаппай кал,
Гүлчородон качпай кал!
Кирпидей эми түйүлүп,
Кирээрге тешик таппай кал!
Хан жездебиз Семетей,
Каныңды кечер эр эмес.
Карааның тоодой болсо да,
Семетейге тең эмес.
Капырай, Толтой, не болдуң,
Кайраттан тайып жер болдуң.
Гүлчородон жеңилип,
Эмнеңе эми шер болдуң?!
Кыздардын кебин укканда,
Толтой калып пушманга.
Айабай жаман арданып,
Келеке, шылдың укканга.
Оңолуп артын караса,
Чоң ополдой эр эмес,
Ал Семетей теги эмес,
Эми билип эр Толтой,
Оңдоп атын бурду эми,
Оро-пара турду эми,
Кайрып атын бурду эми,
Карап артын турду эми.
Каба кармап сабынан,
Кылычын сууруп кабынан.
Урушууга шайланды,
Кечип кара жанынан.
Жете келген Гүлчоро,
“Токтогун” – деп бакырды.
Намыстанып Толтой да,
Гүлчорону качырды.
Маңдайлаша калышып,
Кылычташып чабышып.
Кылычтын баарын кыйратып,
Балтаны колго алышып.
Балта менен салышып,
Балтанын сабын сындырып,
Найзаны колго алышып.
Күркүрөтө сунушуп,
Муштап найза урушуп.
Тийгизбей найза кагышып,
Тик качырып сайышып.
Беттешип булар жанышып,
Бакырышып кыйкырып,
Баатырлар найза сайышып.
Колдо жарак бүткөндө,
Которуп жарак алышып.
Жарактын баарын сулатып,
Ок өтпөс олпок тондордун,
Жип аркагын булатып.
Тополоң, жерди чаң кылып,
Дөңсөө жерди түз кылып.
Ойдуң жерди дөң кылып,
Кезектешип турушуп,
Кезек менен урушуп.
Кездемдин боосун чубалтып,
Кезенип найза чунайтып.
Кез келген жан корккундай,
Кыйкырса кулак тундуруп.
Уйуткан темир чойунбаш,
Алты канат үйдөй бар.
Үшкүрүп бекем кармашып,
Ырайым шапкат анда жок,
Өлүм жагын карашып.
Күзгү кирген букадай,
Ирмебей кирпик марашып.
Азаматтар тынбастан,
Бирин бири карашып.
Тамаша кылып тургандар,
Түңүлдү жандан жадашып.
Күнү- түнү дем албай,
Оодарышып жанашып.
Жакасынан кармашып,
Бардык күчүн арнашып.
Баатырлар уруш салыптыр,
Баары журт айран калыптыр.
Жакалашты бир кезде,
Жанаша атын бурушуп.
Тарткылашып тырышып,
Колдорунан чойушуп,
Акактап булар солушуп.
Айанбастан эңишип,
Үзөңгүлөп тебишип,
Ажырап кайра келишип,
Аттары менен демитип.
Аттары солуп жүрө албай,
Тизеден жерге батканда,
Жарагын таштап талаага,
Бет алыша басканда.
Олпокторду чечишип,
Чукулдашып келишип.
Кемерди сала беришип,
Батмандап бекем кармашып,
Бардык күчүн арнашып.
Орто белден алышып,
Салмак салып тырышып.
Көтөрүлбөй тайышып,
Көпкөк болуп демигип,
Сызылды бойдон тер кетип.
Жуурулуп эттен суу агып,
Тумандап көзү тунарып,
Булак болуп суу агып.
Жарадар болгон эр Толтой,
Жаман уруш салганы.
Чыдай албай Гүлчоро,
Чыгуучудай далдалы.
Жалжылдап жаны карарды,
Сурданып өңү агарды.
Оң чекеде кыйшайып,
Баса кийген кундуз бөрк,
Басып келди ошондо,
Падыша кызы Айчүрөк:
- Бала жолборс не болдуң?
Кайратың кайда жоголду?!
Аны укканда Гүлчоро,
Арданып катуу чыйралып,
Далысынан суу чыгып,
Оозунан көбүк, буу чыгып.
Каарынан катуу Гүлчоро,
Катын-кыздан чуу чыгып.
Келиндин баары эндиреп,
Кыздардын баары кылактап,
Кырмызы көйнөк буластап,
Кыйкырыгы таш жарып,
Гүлчоро кирди кайтадан,
Бакырыгы баш жарып.
Ал аңгыча көрүнүп,
Семетей келет алыстан,
Түңүлдү Толтой эми чын,
Жаны аман калыштан.
“Акун ханга баргызбай,
Ажалым менин жетеби?
Алдыман чыкпай арачы,
Амалым менин кетеби?
Балакеттүү Гүлчоро,
Башымды менин кесеби?!”
Муну ойлонуп Толтойдун,
Акылы баштан кеткени,
Кетпегенде неткени?
Колу бошоп шалдырап,
Дарманы кетип далдырап.
“Канкордун уулу Семетей,
Капталга канжар урбасын,
Бөөдө майып кылбасын.
Өпкөмдү сууруп албасын,
Бүтүп күнүм калбасын!”;
Кыйалында муну ойлоп,
Калчылдап калды эр Толтой.
Кача турган баштанып,
Бултаңдап калды шер Толтой.
Аны Гүлүс билди эле,
Эки буттун ортого,
Эрен чалып кирди эле.
Чаткайактан көтөрүп,
Чалкасынан урду эле.
Чабандес тууган чунагы?,
Чалкадан түшкөн Толтойдун,
Көөдөнүнө минди эле.
Так ошол кез Семетей:
- Койгун, чором, койгун – деп,
Айтып келет далай кеп. –
Барып сурап калсам – деп,
Жетпей келет Айчүрөк.
Айчүрөк менен Семетей,
Алыстан жетип келгиче,
“Койгун, баатыр кечкиниң”
Сурадык канын дегиче”,
Сууруп алып шамшарды,
Ооз омуртка айдарга,
Оңдоп кармап имерди.
Опол тоодой Толтойду,
О дүйнө көздөй жиберди.
Канжардап чоро сойгондо,
Канын ичип тойгондо,
Канкор келип ошондо:
“Кайраным, Толтой – деп – өксүп,
Жолборсу келип бек өксүп.
Жолдошум, Толтой – деп –өксүп,
Өлтүрбөй турган эр эле,
Өчтүү кылдың, Гүлчоро!
Кетирбей турган эр эле,
Кектүү кылдын, Гүлчоро!
Жалгыз ооз жайын сурабай,
Жалкы билдиң, Гүлчоро!
Жамандыгы жок эле,
Жайын билбей, Гүлчоро,
Жаштыгыңа жеңдирип,
Жанын кыйып бекерге,
Жай таптырдың, Гүлчоро!
Чынкожо бузуп байкушту,
Булганып калган кеп эле.
Караан болуп калкыма,
Калганы тирүү эп эле!
Жакыны эле Багыш хан,
Атам айкөл Манастын.
Жедигер элиң, калын, журт,
Жериңди качан талаштым?
Шайтандын кирип тилине,
Сырттаным, неге адаштың?
Өкүнгөн менен Толтойду,
Тирилтип алар айла жок.
Жаш Гүлчоро баланы,
Жекиген менен пайда жок”.
Атагы артык эр Семең,
Артынан камды көргөнү,
Ак кепиндеп жуудуруп,
Ак шайы менен буудуруп,
Артыкча кылып зыйнатын,
“Агам – деп – өзү көмгөнү.
Өлбөй тирүү мен турсам,
Көкөтөйдөн ашырам.
Көбүрөөк болот тамаша,
Көкө абамдын ашынан.
Быйыл туруп келер күз,
Ошондон тартып камынам”. –
Деп, ошентип Семетей,
Бек кайгырды баатырга.
Күңгүрөнүп канкоруң,
Көп кайгырды баатырга.
Катын, кыздын ичинде,
Жатып алар айла жок.
Алты жыл жатса бул жерде,
Тамактан башка олжо жок.
Ошондой күндүн биринде,
Жөн туралбай Гүлчоро,
Сүйлөп калды оозу шок:
“Сулууну алсаң, сен алдың,
Суурулган күлүк ортодо.
Чүрөктү алсаң, сен алдың
Чүмбөттүү күлүк ортодо.
Кимибизге бересиң,
Суркойон күлүк олжону?”
Кыйышып бирөөң ал десе,
Талашып балдар болбоду.
Кеңеш менен иш кылып,
Келбеттүү сулуу кызды алган.
Гүлчоро менен Канчоро,
Калыйман менен Бегимжан,
Эки сулуу узду алган.
Кызды аларда кызганбай,
Ат аларда талашып,
Бирине бири түс салган.
Көбөйгөн сайын аз болуп,
Күйгүзөт напси шум жалган!
Балдарга Семең кеп айтат,
Кеп айтканда эп айтат:
“Башында минген атыңар,
Актелки менен Суртелки.
Мен көрөмүн силерди,
Кош көзүмдөй бир келки.
Суркойонду талашып,
Суук, селкин болбогун.
Кимге тийген упаасы,
Бок дүнүйө олжонун?
Талашкан менен тарп болуп,
Болосуң акыр далбаса.
Андан көрө салалы,
Жарыш кылып тамаша.
Баш байгеси жарыштын,
Суркойон болсун талашкан.
Экинчи байге көктө учкан,
Каралат болсун канатчан.
Биринчи болуп келгениң,,
Суркойонду алгының.
Экинчи болуп келгениң,
Каралат минип калгының.
Чыгаралык, чоролор,
Көңүлдүн бугун, кумарын,
Жарышкыла экөөңөр,
Туу болуп мен турайын.
Эки чоро күйүгүп,
Энтелеп атка жүгүрүп.
Ээр токумун сүйрөшүп,
Ашыгышып дүрбөшүп.
Аттарын токуп минишип
Боз сеңирге барышты.
Биринен бири озууга,
Топулдашып жарышты.
Эки тизгин кагышып,
Келе жатат жанаша.
Чоролордун жарышы,
Элге болду тамаша.
Суулуктагы чагарак,
Тепетең болуп баратат.
Басыңкырап баатырлар,
Тулпарларын сабашат.
Актелки менен Суртелки,
Кара тер болуп арышты.
Боз сеңирге чоролор,
Чукулдап жетип барышты.
Калыс карап экөөнө,
Кара көзүн ирмебей,
“Озор экен кими” –деп,
Карап турду Семетей.
Кайчы кулак кыйчалыш,
Алдыда келет Гүлчоро.
Кайчы кулак кыйчалыш,
Артта келет Канчоро.
Алалыкты билбеген,
Ак көңүлдүү Семетей.
Канчоронун ичинде,
Кек каларын элебей.
Чычыркайдай чылбырды,
Ыргытты бейм жанаша.
Илгир болгон Гүлүстөн,
Эрдигине жараша,
Учун жерге түшүрбөй,
Илип кетти караса.
“Гүлчорону Семетей,
Менден артык көрөт – деп.
Суркойондун чылбырын,
Ага ыргытып берет” – деп.
Ат үчүн ошол таарынып,
Канчоро көөнүн иритет.
Семетей менен Гүлчоро,
Аны кийин билишет.
Алты ай жатып, күн бүтүп,
Күн айланып, түн бүтүп .
Келди кышка айланып,
Жайкы жакшы күн бүтүп.
Акун хандын шаарына,
Жаккан отун өчүрүп.
Арстан Семең жөнөдү,
Айчүрөктү көчүрүп.
Кондуруп колго шумкарды
Туйлатып минип тулпарды.
Кечип Үргөнч баш болгон,
Канча дайра, сууларды.
Каракалпак, түркмөндөр,
Кастарлап каршы алышты.
Тажик менен испанга,
Конок болуп жанышты.
Өрлүк менен тартууга,
Алтын, күмүш алышты.
Качырган колдон кушту алып,
Айчүрөктөй кызды алып,
Душманга салып күйүттү.
Доско айтып сүйүнчү
Арбын олжо алышты,
Таласка келип калышты.
Жоготуп жоосун жеңген соң,
Таласка кайтып келген соң.
Хандардын баары баш ийип,
Тизгинди ага берген соң.
Манастын уулу Семетей,
Мына мындай кеп айтат,
Ырыс алды ынтымак,
Элге жаккан эп айтат:
- Атам менин эр Манас,
Жердеген жери кең Талас.
Алп көкүрөк, ак калпак,
Элдеген эл ар алаш.
Атам менин барында,
Олтурганда тагында.
Акылчы болуп хан Бакай,
Турганында жанында.
Кыргыз, казак аталаш,
Он төрт хан эли аралаш.
Тойун бирге тойлошуп,
Атага бирге берип аш.
Казатка бирге барышкан,
Кандарын бирге агызган,
Атам Манас өлгөндө,
Абыке, Көбөш болуп хан,
Элдин көөнү ооруптур,
Туш келди жакка тозуптур.
Алды-алдына ар кими,
Айрылып хан болуптур.
Алты бөлбөй алашты,
Айрыбай кыргыз, казакты.
Он төрт хан эли баш кошуп,
Бололу бирге, – деп айтты.
Чачылган эл жыйналып,
Үзүлгөнү уланып.
Таралганы куралып,
Кучакташып кубанып.
Хан көтөрүп Семеңди,
Кен Таласта тойлоду.
Ынтымак, ырыс, береке
Эл ичине орноду.
Ал аңгыча жаз болуп,
Кар, муз эрип жаш болуп.
Арпа менен Алайга,
Алажууку, Үчташка,
Күркүрөп көчүп жөнөдү,
Гүлчоро менен Канчоро,
Элге журтка баш болуп.
Келиндин тандап сулуусун,
Жигиттин тандап мыктуусун.
Кырк жупка санын толтурат,
Кыдырата кондурат.
Жибек менен чынжырдан,
Кермеге аркан чойдурат.
Кырк байталды байлатып,
Кымызга арнап салдырат.
Алты бакан, селкинчек,
Асмандатып салдырат.
Кумалак ойноп, ордо атып,
Жигиттер черин кандырат.
Жамгырчы, Бакай, Каныкей,
Самаркандын сыртында,
Жайыт алып конушат.
Береги Белсаз, Кырчында,
Көч тартып күздө сарказак.
Кең-Колдо болот кышында,
Келберсиген көп ногой.
Кудай менен иши жок,
Жыргалга батып жатышат,
Куурал тарткан киши жок.
Айкөлдүн уулу Семетей,
Эч нерсени кенебей,
Ойноп, күлүп шапар тээп,
Кызык кылат ченебей.
Сабага кымыз ачытат,
Чыкканча үркөр жеринен,
Ууз кымызга канышат.
Капилет басып буларды,
Тамашага батышат.
Гүлчоро менен Канчоро,
Жайлоодо дуулап жатышат.
Жаткандын болот жайдагы,
Артында болот айдагы.
Калмактардын Коңурбай,
Кыргызга салат калбаны.
Муну мындай таштайлы,
Токтосарттын дүйнөкор,
Саткындыгын баштайлы.
Калмактардын Коңурбай,
Карып чачы агарды.
ТОКТОСАРТТЫН САТКЫНДЫГЫ, КОҢУРБАЙДЫН ЧАБУУЛУ
Хан Манас ага калтырган,
Кастыгы күчөп карарды.
Кербендерден кеп угуп,
Кеменгер Манас эркеси
Кеңколдо жатат – деп угуп,
Соодагерден кеп угуп,
Султан Манас тукуму,
Сонундап жатат – деп угуп.
Баргандардан кеп угуп,
Баатыр Манас тукуму,
Падыша болду – деп угуп.
Чынкожо менен Толтойду,
Семетей сойду –деп угуп.
Акундун кызы Чүрөктү,
Семетей алды – деп угуп.
Семетейдин калтырбай,
Теги жайын бүт угуп.
Жин ургандай кутуруп,
Батпай бугу тутулуп.
Алгараны мойундап,
Көк кутусун койундап.
Күн батыш көздөй жөнөдү,
Куйтулук менен кулуңдап.
“Беш-Балыкка барсам–деп,
Анын жолун чалсам –деп.
Анда кербен көп өтөт,
Аныктап кабар алсам –деп.
Соодагерди тапсам – деп,
Сатып аны алсам – деп.
Семетейге жиберип,
Сырына анын кансам”– деп,
Алгара менен чайпалып,
Каспанда жаткан залкайып,
Келе жатат Коңурбай
Кербезденип чалкайып.
Кара чоктуу калмакка,
Калка болгон, чоң төрө.
Кызыл чок кытай журтуна,
Арка болгон, чоң төрө.
Баштан жүргөн камынып,
“Ылат-манат колдо” – деп,–
Ырас ага жалынып.
Арам өлгөн кутургур,
Атырайган түгөнгүр.
Ач арстандай чамынып,
Чарайнасын тартынып.
Ок, дарысын артынып.
Ополдой болгон түгөнгүр,
Кара тоо башын айланып,
Каары катуу чоң баатыр,
Бешбалык келди шайланып.
Бешбалыкта жүргөндө,
Улуктук өкүм сүргөндө,
Утур чыкты Токтосарт,
Ошол кезде бир күндө,
Кең Кашкардын четинен,
Артыш деген жеринен.
Аралап жүрсө эркинче,
Жети кыраан элинен.
Тоскоолу жок сарт эле,
Коңурбайдын алдынан,
Чыгып калды шарт эле.
Хан Коңур келип көрүшүп,
Амандашып турушуп.
Айабай кеңеш кылышып,
Акылдашып олтуруп,
Хан Коңурбай кеп айтат:
- Ой, Токтосарт – деп айтат.
Кабылан Манас өлгөнү,
Сен бардыңбы айлына?
Жети кыраан жер толгон,
Жетөө менен дос болгон,
Жетик тууган эр элең.
Ачык жолуң шар болгон,
Асманда жылдыз боз элен,
Манас менен дос элен.
Ар кайда барсаң жолуң шар,
Соодагерден ыктуу элең
Кайда жүрсөң шашпаган,
Мына ушундай мыкты элен,.
Бээжинге келсең жол ачык,
Бараңга барсаң тоспогон,
Жапанга барсаң. тийбеген,
Кыргызга барсаң, сыйлаган,
Кылымда сендей болбогон.
Ушул сапар бир кызмат,
Кылып берсең – деп турам.
Бээжинде жатып кеп уктум,
Пейлимди салып бек уктум.
Манастын уулу Семетей,
Бекер жатат – деп уктум.
Сонун кепти дагы уктум,
Соолуп калган Семетей,
Сонун жатат – деп уктум.
Атасы Манас элимди,
Алганы келип башында,
Өлтүрсөм деймин ошону,
Көп өөрчүтпөй жашында.
Кылганын ойлоп кыргыздын,
Кыйналып турам азыр да!
Семетейге барып кел,
Өзүң кабар алып кел.
Кыштай жүрүп Таласта,
Жазында кайтып жанып кел.
Өзүңдү күтүп жатайын,
Камданып турса Семетей,
Катышпай ага кайтайын.
Камсыз болсо Семетей,
Как төбөдөн басайын.
Токтосарт анда кеп айтат:
- Бара албаймын – деп айтат.
Антташып койгон дос элем,
Акыретке барганда,
Анда кантем – деп айтат.
Коңурбай анда кеп айтат:
- Койгун, Токо,– деп айтат.
Сенин ачык, жолун шар,
Мусулмандык каадаңда,
Бата деген ишиң бар.
Бата кылып, өзүң бар,
Баарынын жайын билесиң
Айтып кабар өзүң сал.
Барар болсоң алыска,
Жарар болсоң. намыска,
Алтымыш нарды комдойун,
Айры өркөчтөн кошпойун.
Ком жыгачы баары жез,
Сарамжалың болсун тез.
Сага салган бир кеңеш.
Алып барчу кишинин,
Аш-азыгы өзүмдөн.
Алтын, күмүш, каухарды
Айабаймын өзүңөн.
Кош көрбөсө көңүлүң,
Казынадан соода алгын.
Торгун, жибек, далымбу,
Аркагы жибек кырмызы,
Асылдан тандап сен алгын.
Бирин тандан өзүң ал,
Андан кийин жолго сал.
Соода кылып барарсын,
Семетейди табарсың.
Жолго чыгар күнүңдө,
Учурашып жанарсың.
Нардын кебин укканда,
Алтын, күмүш, гезмалдын,
Алардын аты чыкканда,
Бармакчы болду Токтосарт.
Сегиз күнү күтүнүп,
Кемкерчисин бүтүрүп.
Сакалы ылдый көгөртүп,
Насыбайын түкүрүп.
Жол кереги бүтүптүр,
Аттанар кези жетиптир,
Эми Токоң нетиптир?
“Алтын менен күмүштүн,
Абалтан наркы окшош – деп,
Гезмал алсам, баа кошсом,
Баары жерде өтөт” – деп.
Арбын алып гезмалдан,
Эртең, менен Токтосарт,
Хан Коңурбай баатырга,
Кирип барса басып шарт.
Топтоголок камырды,
Топ табакка толтурган.
Чөптү кошуп чөкүлөп,
Коңурбай жеп олтурган.
Кирери менен тамактын,
Мурунга жыты өрдөгөн.
Айран калды Токтосарт,
Ал өңдөнгөн тамакты,
Андан мурда көрбөгөн.
Ашпоздору белен деп,
Ага да сунду табагын.
Алганча Токоң сурады:
- Бул эмине тамагың?
Хан Коңурбай кеп айтат.
- Жегин муну – деп айтат,
Уксаң, Током, бул өзү,
Индыстандан келиптир,
Чочбара деген аш экен,
Бул тамакты жасоого,
Бешбалыктык маш экен.
Бүгүн көрдүм мен – деди,
Тойгуча сиз да жең, – деди
Жешип булар тамакты,
Бошотушуп айакты.
Ат мактоого барышты,
Коңурбай менен Токтосарт,
Бир акырга байланган,
Алгара менен качырга,
Атайлап көзүн салышты.
Атайын көргөн бу качыр,
Өзү мада куу качыр.
Чечип аны Коңурбай:
- Сырын билсең Токтобай,
Сын аты болот кербендин,
Сүйгөндүктөн дос санап,
Чын сүйүп сага бергеним.
Качырым бердим алгының,
Үстү сылык жаныбар,
Жолго минип баргының.
Аман барсаң Кеңколго,
Кайра тартсаң чоң, жолго.
Пайдасы тийет ошондо.
Бешбалык менен Таластын.
Арасы алыс, жер ыраак,
Минсең өзүң чарчабай,
Алып келет кар кылбай.
Кара топо, баткак суу,
Оонатып алсаң, сууту ошо.
Сегиз күнгө барбастан,
Алты күнгө калбастан,
Жеткизет сени как ошо.
Алгарамдан өөдө эле,
Өзү кичик мал үчүн,
Начарлык жери ошо эле.
Камынып жатса Семетей,
Камынбай жатсын кенебей.
Кандай болсун, Токтосарт,
Кабар бергин кечикпей .
Токтосарт менен Коңурбай,
Кол алышып бекемдеп.
Жөнөп кетти кайран сарт,
“Семетейге жетем” – деп.
Катарлап нарды чиркетип,
Уланбайдан жөнөгөн.
Сайапу менен Дабанчын,
Карашаар, Көрлүүдөн,
Катар өтүп Токтосарт,
Башабегин өрдөгөн.
Күчөр менен Кызылды,
Катар басып ушуну.
Бай менен басып Аксууну,
Артып Ачал тумшукту,
Чоң Кашкарга түштү эми.
Чоң Кашкар жери кең эле,
Токтосартка караштуу,
Жыйырма төрт дүкөн бар эле.
Бар дүкөнү жык толгон,
Ичи бүткүл мал эле.
Мал-пулдарын эсептеп,
Андан нары өттү эле.
Эркечтамды кылаалап,
Улуучат менен аралап, :
Сымкана мекен кыдырып,
Анжыйан, Кокон, Маргалаң,
Аманшоро, Наманген,
Аралап өттү бул элден.
Алты ай кыштай жол басып,
Чын курандын айында,
Чоң Таласка ал келген.
Чогулган экен ал жерге,
Бүткүл ногой жан пендең.
Жайлоону карай бет алып,
Көчкөнү жаткан кези экен.
Токтосарттын чыкканы,
Суусамыр деген бел экен.
Аны Кашкар жолу дээр экен.
Алыстан келген Токтосарт,
Белге чыгып ошол кез,
Турнабай алып колуна,
Туш келтирип Семеңдин,
Жыйылган айыл тобуна.:
Караса Токоң алыстан,
Калкылдап ногой толуптур.
Кара кыргыз калың журт,
Каршы-терши конуптур.
Ашып түшүп жолунан,
Орун алды Токтосарт,
Аккан суунун бойунан.
Кат жазып киши жиберди,
Канкор Семей баатырга.
Кара кыргыз көп журтка,
Хан болуп жаткан капырга.
Кат алпарган бир киши,
Элчи катты алпарат.
Сактаган эшик сакчысы,
Семетейди табышты,
Алыстан келген кишинин,
Кабарын айтып барышты.
Буйрук болуп ханынан,
Келген катты алышты.
Өзү молдо шар экен,
Семетей жайы ал экен.
Катты ачып окуса,
Каңгайдан келген элчи эмес,
Же кайгуулдан келген ченчи эмес.
Соодагердин аты бар,
Жазган салам каты бар.
“Каныкей менен Бакайды,
Чакырып алып келгин” – деп,
Буйрук кылды байагы,
Хан Семетей жашыңар.
Бакай менен Канышты,
Баштап келди баргандар.
Семетей айтты кат жайын,
Салам айтып жазганын.
Кабылан Бакай камынып:
- Ой, Семетей баатырым,
Асманда жылдыз боз эле,
Салам жазган Токтосарт,
Атаң Манас көкжалга,
Акыреттик дос эле.
Жети кыраан болгонго,
Ал Токомду жиберип,
Уруштуу күнү керек – деп,
Нерсе керек алчу эле.
Кашкардын үстүн Артыштан,
Карманган ал досу эле.
Жети кыраан болгонго,
Аралап Токоң жойлогон,
Тосуп киши койбогон,
Токоңдун жайы бул эле.
Түгөнгүс дүйнө зар менен,
Жоо жарагын эң кенен.
Көргөзбөй каткан башкага,
Атаң Манас ал берен,
Ушул Токтосарт менен,
Көөнүн тапсаң, муну сен,
Таап берет баарын тең.
Каныкей кошуп кеп сүйлөйт:
- Жалгызым, Семең, – деп сүйлөйт.
Атаң көзү барында,
Кыргын салган Кырымга,
Уруш салган Урумга.
Кызылкыйа бел ашкан,
Кытайды барып бир чапкан.
Ойурма артуу бел ашкан,
Орусту барып бир чапкан,
Түгөнгүс олжо мал тапкан.
Жети кыраан болгонго,
Жеткилең, атан жойлоду.
Англис менен баранга,
Барбагандай болжолу.
Өзү барбай хан атаң
Токтосартты жойлотту.
Сан дүйнөнү топтотту,
Алдырып келген дүйнөсүн,
Асыл буйум буруудан,
Каттырып койгон ошону.
Атаңдан артып баратат,
Азыркы сенин дүмөгүн.
Аман болсоң, жалгызым,
Өлгөнчө доор сүрөсүң.
Токтосартты тосуп ал,
Кызыгын анын көрөсүң!
Бакай менен Каныкей,
Жайын айтты Токоңдун.
Кол куушуруп алдына,
Бармак болуп ошонун.
“Алты сан кара, көп ногой,
Кара кыргыз элине,
Эр бүлөсү калбастан,
Келсин баары” – деди эле.
Суусамыр менен Коргондун,
Орто жери үч күндүк,
Көчүп барчу жол эле.
Семетей колу арыштуу,
Мына ушундай чоң эле.
Ойноктогон түгөнгүр,
Ойуна келген иш үчүн,
Алыстан келген атайлап,
Айтылуу тиги киши үчүн.
Кызмат кылат экен деп,
Кыйалын тапсак биз үчүн.
Кычырып келген кыргызды,
Коо кылып жолго тизиптир.
Өйүз-бүйүз турган эл,
Үч күндүк жерге жетиптир.
Хандын кызы Каныкей,
Касиеттүү жан эле.
Ал Каныкей жасаган,
Атасы Манас олтурчу,
Бир килеми бар эле.
Жер жүзүндө кымылдап,
Ачып канат ирмеген.
Чоң, кичине дебестен,
Бирден жүнүн ылгаган.
Жыйналган ошол жүндөрдөн,
Токулган ушул чоң килем,
Артык эле кыйладан.
Алдырып келип килемди,
Кепичин буттан чечтирбей,
Таманын жерге тийгизбей,
Алып келди Токоңду,
Манастын жогун билгизбей.
Урматына кыргыздын,
Токтосарт жашын имерди.
Үн жетер жерге келгенде,
Өкүрүп Токоң жиберди.
Өзү баатыр, сом даалы,
Бойу узун далдагай,
Кара сакал, бото көз,
Бакырып келет Токтосарт,
“Баатырым” –деп, үн баспай.
Каныкейдин үйүнө,
Алып келип түшүрдү.
Урмат кылып Семетей,
Токоң жакшы күтүлдү.
Токтосарт куран окуду,
Калың кыргыз кол жайып,
Батасы тийсин мунун –деп,
Баатырга карай жол алып.
Бата дуба бүткөн соң,
Токтосарт чыгып талаага,
Ак чатырын тиктирди,
Семетейдин айлына.
“Кабылан Манас досумдун,
Казаасы жетти каапырдан,
Хан Коңурбай баатырдан.
Кантип келип бата окуйм,
Качып жүрсө Каныкей.
Эр жеткен соң сен өзүң,
Эми келдим, Семетей,
Айаш атаң токтоду,
Арамдык жок кенедей.
Ачык айткын сырыңды,
Ал кылып берем берелдей.
Анда Семең, муну айтат,
Агартып тишин кылайтат:
- Атам өлдү, мен калдым,
Тентип кетип Букарга,
Он эки жыл сандалдым.
Кайта келип чоңойуп,
Касиеттүү атамдын,
Салган ордо, сайган бак,
Сапырылып кетерде,
Салышып жүрүп колго алдым.
Асылым атам барында,
Бел куда болгон Чүрөктү,
Чынкожо менен Толтойдон,
Талашып намыс мен алдым.
Жез кемпирдин жети уулун,
Хан көтөрдүм ал элге.
Алп Жамгырчы, хан Бакай,
Карып калган кезинде,
Кар болбой үйдө жатсын –деп,
Гүлчоро менен Канчоро,
Хан көтөрдүм бу жерге.
Атам айкөл барында,
Бир жүрүпсүз жанында.
Жабдыгы менен зарларын,
Айаш атаң билет – деп,
Жайын уктум анын да.
Камсыз болом – деп – турам,
Абаке, сенин барыңда.
Ала көөдөн Семетей,
Арамдыгын элебей.
Айтып берди бар сырын,
Токтосартка ченебей!
Токтосарт туруп ордунан,
Олтурган көрпө соорундан:
“Айланайын, Семетей,
Жарабаган кепти айтпай,
Жалганы жок чынды айттың.
Жашырбастан чунагым,
Ичиндеги сырды айттың.
Атайын издеп алыстан,
Ат арытып келгенге,
Абалыңды сен айттың.
Кер сары болгон абаңдын,
Кетирип шайын муңайттың!
Өлгөнү чын атандын,
Көмгөнү чын энеңдин.
Он эки жылда чоңойдуң,
Тентип жүрүп, береним.
Атайын бата окууга,
Арстаным жоктоп Манасты,
Агып жашым мен келдим.
Муну айтып Токтосарт,
Көзүнүн жашы бурчактайт.
Сагынышкан немедей,
Сакалы ылдый жаш кетип,
Ыйлаган болуп солкулдайт.
Жанындагы жоолугун,
Сууруп алды колуна.
Белендеп койгон башынан,
Мыйаздын чылап суусуна.
Болбосо мунун боору таш,
Көзүнөн чыкпайт андай жаш.
Мейитип сөзгө калп ыйлап,
Токтосарт күрс-күрс жөтөлдү.
Билдирбестен сыр алып,
Семетей көөнүн көтөрдү.
Туйгун экен Токтосарт,
Күнүгө чыгып талаага,
Ар бир жердин бетинен,
Атасынын көп дүйнө,
Тапшыра берди четинен,
Мурун өзү бекиткен.
Кырк күн өтүп арадан,
Кыргыз эли чубуруп,
Айдап малын чогултуп,
Жайлоого көчүп жөнөдү.
Ак калпак кыргыз ал кезде,
Анык толгон кези экен.
Кара малды санга албай,
Каркып толгон кези экен.
Жамгырчы, Бакай, Каныкей
Самаркандын сыртына,
Көчтү Белсаз, Кырчынга.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Семетей - 13
  • Parts
  • Семетей - 01
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2194
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 02
    Total number of words is 4267
    Total number of unique words is 2236
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 03
    Total number of words is 4290
    Total number of unique words is 1993
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.5 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 04
    Total number of words is 4246
    Total number of unique words is 2245
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 05
    Total number of words is 4334
    Total number of unique words is 2075
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    45.8 of words are in the 5000 most common words
    53.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 06
    Total number of words is 4308
    Total number of unique words is 2152
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 07
    Total number of words is 4301
    Total number of unique words is 2207
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 08
    Total number of words is 4285
    Total number of unique words is 2282
    26.1 of words are in the 2000 most common words
    39.2 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 09
    Total number of words is 4252
    Total number of unique words is 2219
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 10
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 2230
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 11
    Total number of words is 4160
    Total number of unique words is 2197
    28.0 of words are in the 2000 most common words
    41.1 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 12
    Total number of words is 4127
    Total number of unique words is 2220
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 13
    Total number of words is 4164
    Total number of unique words is 2300
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    41.7 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 14
    Total number of words is 4208
    Total number of unique words is 2288
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    52.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 15
    Total number of words is 4151
    Total number of unique words is 2245
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    46.5 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 16
    Total number of words is 4120
    Total number of unique words is 2184
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 17
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2269
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 18
    Total number of words is 4074
    Total number of unique words is 2068
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    44.6 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 19
    Total number of words is 4046
    Total number of unique words is 2123
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 20
    Total number of words is 4188
    Total number of unique words is 2149
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 21
    Total number of words is 4093
    Total number of unique words is 2194
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    40.0 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 22
    Total number of words is 4218
    Total number of unique words is 2233
    28.8 of words are in the 2000 most common words
    41.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 23
    Total number of words is 4250
    Total number of unique words is 2146
    32.4 of words are in the 2000 most common words
    47.1 of words are in the 5000 most common words
    53.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 24
    Total number of words is 4228
    Total number of unique words is 2207
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 25
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2084
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 26
    Total number of words is 4143
    Total number of unique words is 2152
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 27
    Total number of words is 4262
    Total number of unique words is 2155
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 28
    Total number of words is 4232
    Total number of unique words is 2155
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Семетей - 29
    Total number of words is 409
    Total number of unique words is 328
    38.0 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    56.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.